Кайрымдуулук фонду
#21 04 September 2012 - 18:35
Бул сунушту кош колдоп колдош керек.Кыргызымдын ушундай патриот уул-кыздары кобойо берсин демекчимин.
#22 05 September 2012 - 02:15
жакшы идеа экен,мен да колдойм
Ya Allah make my best day, the day i meet you.......
#23 05 September 2012 - 11:32
Айиийй соонун идеяны көтөрүп чыккан турбайбы, алтышкам десе! Мен дагы чын жүрөгүмдөн колдойм. Кана эми ушул оюбуз ишке ашып, ушул фонд иштеп калса аябай жакшы болот эле.
Балам бактым-балам базарым!
#24 08 September 2012 - 19:30
Мен да колдойм,анда аркетти тездеткиле.
Ар ким болушунча жардам корсотсо албетте тамчы-тамчы кол болор...
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#25 08 September 2012 - 20:46
Колдоо корсотконунуздорго ыраазымын. Азыр суйлошуулор болуп жатат.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#26 25 September 2012 - 20:15
Бул жак эмне болуп жатат? Фонд боюнча тынчып калдынар го
Реал чемпиооон!!!
#27 26 September 2012 - 19:14
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#28 28 September 2012 - 02:16
Men dagy koldoim Evelet.Koldon kelishinche jardam korsotoilu,beker jurboston.
Ewe kaisyl jerge,kanchasynda baarynyn spisogun tuzup azyrky kezde Kyrgyzstanda turgan ishenichtuu forumchuga tapshyrsak.

#29 10 October 2012 - 02:21

Темселеп журо берей деп кой ))).
Буюрса толук маалымат болгондо жазып коем "кимге" кошумча жиберишти.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#30 13 October 2012 - 02:37
Evelet сиз эн мезгилге керектуу иш чара уюштуруп жатыпсыз азаматсыз. Мен сиздин демилгенизди туура кором жана колдойм.
#31 13 October 2012 - 03:43
Evelet сиз эн мезгилге керектуу иш чара уюштуруп жатыпсыз азаматсыз. Мен сиздин демилгенизди туура кором жана колдойм.
Рахмат. Буюрса ишке ашат деген умуттомун.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#32 06 February 2014 - 18:44
Мен да колдооойм,анан да кайрымдуулук иштерин жургузуу учун бир идея пайда болду.Арабызда эс алуу жайларын(же болбосо кандайдыр бир элдер чогулчу жерлерди)иштеткендер болсо,ошол жакка барып жолугалы да,тушкон каражат болот эмеспи,аны (ошол жайдын ээси макул болсо) счетко киргизели...
Кандай дейсиздер?
Эгер идеям жакпаса же мындай идея каралган болсо кечирим сурайм.

Мы никогда не будем моложе,
Живи здесь и сейчас.
Живи здесь и сейчас.
#33 13 July 2014 - 20:35
Урматтуу форумчулар,
орозо айында бир кайрымдуулук кылып койсок кандай болот?
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#34 14 July 2014 - 18:03
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#35 14 July 2014 - 18:40
#36 14 July 2014 - 18:42
#37 15 July 2014 - 14:45
Кандай сунуштар бар?
Сунушуңду айт.
Менде азырынча сунуш жок, ошо сиздердин сунушуңар болсо жакшы болот эле.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#38 17 July 2014 - 00:16
azamat1992kg
, төмөнкү макаланы окуп көрчү. Анан демилгени сен колго ал, Айзаада менен кабарлашып эмне, кандай жардам керек сурап-билсең.
.. колдон келген жардамыбызды берели. Кандай дейсиң...? Башкалардын да ой-пикирин угалы. Жардамын аябаган форумчулар четтен чыгат.
АЙЗААДА: “Балалуу болгонумдан бери жашоого болгон үмүтүм пайда болуп, жашагым келип калды”
Жаңы конуштардын бири. Кире бериштеги бөлмөсүн кошкондо эки бөлмөлүү деп эсептелген чакан батир. Эки буту баспаган 1-топтогу майып Айзада ары-бери кыбырап жылып үй оокаты менен алек. Төрдө бешикте жаткан наристе “бешиктен чеч” дегендей үйдүн тынчтыгын бузуп ыңаалап ыйлайт. Энеси бешиктен чечип эмчегин салса, сүттү жутууга үлгүрбөй энтиккен наристе кичинекей көздөрүн ирмеп коюп эч нерседен капары жок. Тагдырдын оор сыноосуна далай калчанган Айзада баласынын жатына тойбой, баарын унутуп, өзүн бактылуу сезип жашап жаткан учуру. Бул кичинекей батирде эне-баланын жашоосу ушундай нукта өтүп келет...
“Тубаса майып болуп төрөлүптүрмүн. ..”
-Мен Жумгал районунун Дыйкан деген айылынан болом. Үй-бүлөдө эки уул, үч кыз болчубуз. Улуу байкем 9-классында каза болуп калып, азыр эки сиңдим, бир иним болуп төртөөбүзбүз. Мен алардын улуусу болуп калдым. Өзүм 1-топтогу майыпмын, баса албайм. Анткени апамдын курсагында беш-алты айлык болуп калган кезимде апам “Миң-Куш шаарчасына барам” деп чоң жолдун жээгине чыгып автобус күтүп турса, жеңил машина айдап келе жаткан мас киши жол жээгинде турган апамды сүзүп, сүйрөп кеткен экен. Кырсыктан апамдын бели сынып, дагы бир топ жаракат алыптыр. Дарыгерлер апамдын жанын сактап калгандары менен 2-топтогу майып болуп калат. Анын абалын көргөн жакындарынын баары “өзүң аман калсаң болду, ичиңдеги түйүлдүктү алдырып сал” дешсе, эч кимисин укпай жүрүп 1977-жылы мени төрөптүр. Бирок баягы жол кырсыгынын залакасы мага дагы тийген экен...
Бастырабыз деп атам менен апамдын мени алып барбаган табып, дарыгери калган жок. Ферганага чейин барып келгенбиз. Тилекке каршы, жыйынтык болгон жок. 3-класска чейин үйгө мугалимдер келип окутуп жүрүштү. Кийин Караколдогу Алмалуу санаториясына барып бир жума 6-классты, бир жума 7-классты окуп жатып эптеп сабатым жоюлду. Азыр китепти жакшы эле окуйм, болгону жазган жагынан ката кетирип алам. Мен көп нерсени телевизордон үйрөндүм. Ошентип бой жеткенге чейин апамдын канатында жүрдүм. Төшөк жыйып, суу ташыгандан башка иштин баарын жасачумун. Түймөнүн түрүн түйгөндү үйрөнүп алган элем, көп убактым түймө түйүүгө кетчү. Ушул өнөрүмдүн арты менен акча таап да жүрдүм. Ал арада үйдөгүлөр “операция кылдырабыз” дешти. Бирок мен дарыгерден ийгиликсиз болуп калышы мүмкүн экенин угуп, өзүм баш тарттым. Себеби такыр төшөктөн турбай жатып калганча балдак менен болсо дагы басып кыбырап турууну кааладым.
“Ал жигит мага күн сайын телефон чалып жүрдү”
- Жашым бир топко барып калса дагы турмушка чыкпай жүргөм. Апамдан бөлүнүп өз алдымча кеткениме эки гана жыл болду. Ошондон бери өз алдымча жашап, интернаттагы кыздарга түймөдөн сабак берип иштеп жүргөм. Ошол күндөрдүн биринде адаттагыдай жумуштан кийин балдак таянып алып маршруттук такси күтүп жолдун боюнда тургам. Анан эле бир бала келип “эже, эмне турасыз?” деди. Маршруттук такси күтүп турганымды айтсам “мен жеткирип коёюн” деп мага жылуу сүйлөп жаныма туруп калды. Ошентип экөөбүз тааныша кеттик, менден беш жашка кичүү 1982-жылкы бала экен. Кетеримде “эже, оор иштериңиз болсо мени жардамга чакырып туруңуз” деп өзүнүн телефон номерин берип, меникин жазып алып, мени маршруткага салып жиберген. Андан кийин ал жигит мага күн сайын телефон чалып жүрдү. Кийинчерээк жолугушууну сунуштай баштады, анан дарегимди сурады, көп өтпөй жактырып калганын айтты. Кыскасы, биздин мамилебиз уланып кетти.
“Биздин үйлөнүп алганыбызды уккан апасы каршы чыкты”
- Экөөбүз аябай ынак болуп кеттик. Жакшы мамилебиз сүйүүгө айланып, акыры нике кыйдырып алып чогуу жашап калдык. Бирок келин алды салты кылып ата-энесинин үйүнө алып барган жок. Биздин үйлөнүп алганыбызды уккан апасы “майып кызга эмнеге үйлөнүп алдың?” деп аябай каршы болду. Күйөөм мен үчүн апасы менен урушуп, бир топ убакытка чейин катташпай жүрдү. Экөөбүздүн жашообуз жакшы нукта эле өтүп жаткан. Ал жумушуна кетет, мен оокатымды кылып үйдө. Чогуу жашаганыбызга алты айдай болгондо мен “апаң менен элдеш, энени сыйлаш керек. Эненин батасын алмайынча экөөбүз бактылуу боло албайбыз” деп айтып жатып апасы менен элдештиргем. Анткени менин боюма болбой, ошого капаланып жүргөм. Ошентип апасы экөө жакшы сүйлөшүп калышкан. Анан бир күнү “апамдарга учурашып келейин” деп кеткен. Бир-эки күндөн кийин телефон чалып “апамдар мени үйлөндүргөнү жатышат, мен эртең аял алып келгени жатам” деди. Ал сөздү укканымда бирөө башыма катуу нерсе менен чапкандай эле абалда калдым. Ошол күндү, ошол учурду азыр сөз менен айтып жеткире албайм, эстегим да келбейт. Мен үчүн жашоо токтоп калгандай болду. Ошол абалымдан чыга албай нес болуп бир нече күн жаттым.
“Боюмда бар экен, бирок күйөөм баласынан баш тартты”
Жанагы окуядан кийин бутум ооруп, жылына бир жолу көрүнүп турчу ооруканага жаткам. Анан эле кан кете баштады. Текшерилсем бир жарым айлык боюмда бар экен. Кыжаалат болгонго козголуп, кан кетиптир. Кош бойлуу экенимди билген дарыгер эже “боюңдан алдыр, сен көтөрө албайсың” деди. Мен такыр болбой, аны менен урушканга чейин бардым. Менин боюмдан алдырбашыма көзү жеткен эже “эгерде ооруканадагылар сенин кош бойлуу экениңди билишсе, мажбурлап эле алып салышат” деди. Мен баламдан ажырап калбайын деп дарыларды токтотуп, башкы дарыгерге кийин келеримди айтып кетип калдым. Үйгө келерим менен күйөөмө телефон чалсам, өчүк экен. Досуна чалып “мага тез чалсын” деп айткам. Арадан бир саат өтпөй күйөөм чалып калды. Ага боюмда бар экенин сүйүнчүлөсөм алгач укканда чочуп кетти да “анан эмне кылайын деп жатасың?” деди. Төрөрүмдү айтсам “кыйналбайсыңбы? ” дейт. “Кыйналсам дагы төрөйм” десем унчуккан жок. Кийин угушума караганда күйөөм үйлөнбөптүр, мага “үйлөнөм” деп калп айткан экен. Бирок мага кайра келген дагы жок. Чалбай да койду, мен чалсам “ал планда жок бала болчу, мага кереги жок. Ал бала шариятка туура келбейт” деп баладан баш тартты. Абдан ачуум келип телефонду коюп салгам, ошондон кийин такыр сүйлөшпөй калдык.
“Балам ден соолугу чың, алты саны аман болуп төрөлдү”
-Чынын айтсам, кош бойлуу кезимде абдан кыйналдым. Бутум болсо шишип кеткен. Төрөрүмө бир ай калганда кан басымым көтөрүлүп ооруканага жатып калдым. Ал жакта бир ай жатып 28-майда кесарево жолу менен уул төрөдүм. Балам ден соолугу чың, алты саны аман болуп төрөлдү. Кудайдын мага берген белеги деп атын Белек койдум. Биринчи колума алганда өзүмдү абдан бактылуу сезип, абдан кубандым. Азыр баламды куурчактай кылып карап олтурам. Мени менен батирде чогуу жашаган кыз бар, мага азыр ошол жардам берип жатат. Эшиктен суу алып келип, суу төккөн жагынан кыйналам. Үйдөгү иштердин болсо баарын өзүм жасай берем. Бактыма жараша балам жоош, кыйнабайт, бешикке бөлөп койсом жата берет. Атасына абдан окшош. Атасы болсо баланын төрөлгөнүн уккан, бирок басып келген жок. Бирок мен ага деле капа болбойм, эң негизгиси балам бар, бактылуумун. Эч нерсеге өкүнбөйм дагы. Кудай мага күч- кубат берсе өзүм эле багып чоңойтом. Азыр эң башкы максатым эле үйлүү болуу. Анткени “кыш келсе бул шарты жок батирде кантип жашайм?” деп башым катып турат. Полу жок, кышкысын болсо жарык көп өчөт. Суукта баламды оорутуп алсам кантем. Суу алып же төгүү үчүн, дааратканага баруу үчүн эшикке чыгуу керек, ушундан абдан кыйналам. Үй маселеси менен Темир Сариев, Роза Отунбаева сыяктуу мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып көргөм, бирок алардын жардамчыларынан “эч кандай жардам бере албайбыз” деген жоопту уктум. Президент Атамбаевге кантип кирүүнү билбей жатам. Үй маселеси эле чечилип калса, 3 миң сом пенсиям менен эптеп күнүм өтө берет эле. Азыр кээ күндөрү нан алганга дагы акчам жок калат, тамак-аш жагынан кыйналып жатам. Менин курсагым тойбосо эмчектеги баламдыкы кантип тоймок эле. Учурда максатым эле баламды эптеп чоңойтуп алуу. Ойлосом бул учурга чейин күнүмдүк эле жашоом өткөнүнө кубанып, максатсыз эле жашап жүрүптүрмүн. Кыйналган учурларда жашагым дагы келбей кетчү. Балалуу болгондон бери жашоого болгон үмүтүм пайда болуп, жашагым келип калды.
Урматтуу окурман, бул эне-баланын тагдыры сизди кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз. Эгерде жардам берүүнү кааласаңыз Айзада менен байланышыңыз.
Байланыш телефону: 0778 76 80 86, 0705 76 91 94
Банктык эсеби: 1280016012584044 алуучу: Кожобергенова Айзаада Жумадиновна

#40 17 July 2014 - 02:15
Макул. Мен эртең байланышып көрөйүн ин ша Аллах. Колдон келген жардамыбыздай аябайлы урматтуу форумчулар!
Ак ийилет, бирок сынбайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео