Мен Айзада эже менен байланыштым.
Үйдүн ичи ысык болуп атат вентилятор болсо жакшы болот эле дейт. Анан дагы газ балону түгөнүп атыптыр. Газ балон да керек экен. Мага ушуларды айтты.
Акчаны биз кандай кылып чогултабыз?
Рамазан айынын бүтөөрүнө аз калды. Кайдыгер карабай колдон келген жардамыбызды аябайлы Аллахтын ыраазычылыгы үчүн.
Кайрымдуулук фонду
#42 17 July 2014 - 16:50
Мен Айзада эже менен байланыштым.
Үйдүн ичи ысык болуп атат вентилятор болсо жакшы болот эле дейт. Анан дагы газ балону түгөнүп атыптыр. Газ балон да керек экен. Мага ушуларды айтты.
Акчаны биз кандай кылып чогултабыз? Рамазан айынын бүтөөрүнө аз калды. Кайдыгер карабай колдон келген жардамыбызды аябайлы Аллахтын ыраазычылыгы үчүн.
Акчаны биз кандай кылып чогултабыз? Рамазан айынын бүтөөрүнө аз калды. Кайдыгер карабай колдон келген жардамыбызды аябайлы Аллахтын ыраазычылыгы үчүн.
Атыңа затың тең келген азамат жигитсиң да сен иним. Азаматсың! Ушу мен Казакстандан атайын вентилятор алдырганы алдырып алып, сквозняктан корккон жаным кайрале бирөөлөргө жөн эле берип салдым эле...
Ошондо газ алабыз, вентилятор алабыз, (азыр өзүм да сүлөштүм, тел аркылуу) палас дейт. Балама азырынча баары жетиштүү деп койду. Мен кечке чейин даярдап коём. Газ баллон 500 сомдук анан 1000 сомдугу болот экен. Айзаада мага кичинекей 500 сомдугу керек деп атат.
Газ баллонду үйүнө чейин жеткирип беришет экен. тел.№ 63-04-04 же 157 ге чалыш керек. Мен азыр палас алганы базарга кеттим.
Азамат, мага тел.№ ди купуяма жазып койсоң жакшы болот эле, кабарлашабыз.
Сен айткандай соопчулук ишибизди Рамазан айынын бүткөнүнө чейин аткарып койсок жакшы болот эле...
#43 17 July 2014 - 17:57
Маска эже мен сотка менен кирип купуя кат жазганга ыңгайсыз болуп атат. Бул жака эле калтырайын тел: 0707-77-10-44
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#44 17 July 2014 - 19:38
[quote name='azamat1992kg'
date='15 Июль 2014 - 14:45' timestamp='1405413920'
post='1851169'
]
Менде азырынча сунуш жок, ошо сиздердин сунушуңар болсо жакшы болот эле.
[/баардыгыбыз акча чогултсак дагы уй алганга жетпеерин тушуносуздор! !!!ошондуктан жаштар министри аркылуу президентке кайрылуу жасалса деген ойдомун!! !!!жыйынтык чыкмайынча кайра кайра талап кылсак!! !ага чейин тамак ашына кийим кечек квартирага акча чогултуп берсек!! !!

#45 17 July 2014 - 20:17
Таа-
ак... Газ баллон алдык, палас алдык, вентилятор,
баласына кийим алдык (көрүндүк).
azamat1992kg, Sagy үчөөбүз Айзааданын үйүн көздөй жөнөгөнү калдык. Сагынын бир иштери бүтсөле жөнөйбүз. Калган кеп-сөз кечинде.
#46 17 July 2014 - 22:49
Sagy алыстан, Таластан жол жүрүп келип, чарчаганына карабай, бизди көржөр-мөржөрлөрүбүз менен жүктөп алып, Ак-Босогону көздөй жөнөдүк. Бири-бирибиз менен таанышып, кобурашканча Ак-Босогого да тез эле кирип барып калдык. Чүй көчөсү 21/39-үй. Ошоо... Урматка Аллах ыраазы болсун!
#48 17 July 2014 - 23:01
Кирип барганыбызда эле бизди Айзаада, дагы бир келин жадырап-жайнап тосуп алышты. Учурашып, ал-акыбал сурашкан соң, белек-бечкектерибизди берип жатканда Айзаада бизге аябай ыраазы болду. "Алла ыраазы болсун!"
деп кайра-кайра айтып, ыраазычылыгын айтса, биз апкаарып эле, өзүбүздү жоготуп, сүрөткө да тартып алганды унутуп коюптурбуз.
Ошентсе да назарыңыздарда 1-2 сүрөт. Азамат вентиляторду орнотуп берип жатат.
#49 17 July 2014 - 23:07
Төркү үйдө бешикте Белек эч нерседен капарсыз мемиреп уктап жатат. (Ай Азамат ай, мен Белектин мурдунан чоюп өөп атканда мени неге сүрөткө тартып албадың экен а?)
#50 17 July 2014 - 23:11
Азамат бешикте уктап жаткан Белекти көрүп алып, кубанып кеттиби 1000 сом көрүндүк карматты энесине.
#52 17 July 2014 - 23:58
Маска, Сагы, Азамат1992 жакшы иш баштаган турбайсыздарбы.
.. Азаматсыздар,
Ыйык Рамазан айында кылган жакшылыгыныздар эселеп кайтсын! Айзада эже ширинтайы Белек менен ар дайым аман болуп, баласынын сый-урматын корсун!
Эл бар бекен Көк-Жардай,
жигиттери Көк жалдай?!
Күлүп койсо кыздары,
электр шамы жангандай...
)))
#53 18 July 2014 - 00:06
Дуйно ушундай инсандар менен дагы эле турат!
Азаматсынар!
Айтышиыбы,аткарышыптыр эки кундо эле,тан бердим,супер, Кудайым силерге биринерди он,жуз,мин кылып кайтарсын!
Азаматсынар!
Айтышиыбы,аткарышыптыр эки кундо эле,тан бердим,супер, Кудайым силерге биринерди он,жуз,мин кылып кайтарсын!
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
#54 18 July 2014 - 00:35
Мен дагы 1000 рубль салат элем, же андан көбүрөөк, кимге салсам болот?
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#55 18 July 2014 - 00:36
Кылган жакшылыктарыңар Кудайдан миң эселеп кайтсын. Алла ыраазы болсун...
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#56 18 July 2014 - 01:39
Азамат, ушундай кичипейил мүнөзүңдөн жазбай жүрө бер, Аллах ыраазы болсун. Ниет кылып тутунган орозоң кабыл болсун.
#57 18 July 2014 - 01:40
#58 18 July 2014 - 01:42
Азамат, ушундай кичипейил мүнөзүңдөн жазбай жүрө бер, Аллах ыраазы болсун. Ниет кылып тутунган орозоң кабыл болсун. 
Ааминь ажмаинь! Сизге дагы Аллах ыраазы болсун!
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#59 18 July 2014 - 11:09
Байланыш телефону: 0778 76 80 86, 0705 76 91 94
Банктык эсеби: 1280016012584044 алуучу: Кожобергенова Айзаада Жумадиновна.
Банктык эсеби: 1280016012584044 алуучу: Кожобергенова Айзаада Жумадиновна.
Рахмат!
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#60 18 July 2014 - 15:37
Иии баса, бизди дарбазага чейин узата чыккан келин бизден: Силер бул кабарды кайдан уктуңар, кайсы организациядан келдиңер?"
деп сурады. Мен: "Биз Супер-Инфонун форумчуларыбыз"
- деп жооп берсем, тааныш адамдарына жылуу жылмайгандай жүз менен узаткан боюнча кала берди...

Супер-Инфо
super.kg
видео