Чарльз дарвиндин тузгон эволюциясын азыркы окумуштуулар четке кагышты го? Адам кантип, качан кандайча жаралган, дегеле, жаратылыш кантип бирдиктуу системада тузулуп калган, убакыт жана мейкиндик (время и простанство) тушунуктору,
ж.б.суроолор илгертен эле актуалдуулугун жоготпой, ар заманда ар кандай жооптор менен тушундурулуп келинген туурабы? Анан, Дарвиндин тузгон системасы копчулуктун купулуна толуп, ошол замандын тагыраак жообу болуп кала берген да эч ким четке кага алган эмес. Дарвиндин эволюциясы теория эмес аксиома болуп саналат.
Адам качан жаралган?
#62 14 May 2014 - 00:57
Ар ким озунун кызыкчылыгы менен жашай берсин, динде зордук жок, Айсулуу туура айтат эскертуу биздин милдет! Муну коркутуу деп тушунбогуло!
Акыры тубу бараар жерибиз бир, маймылдан тараган дегенге ишенгендер маймылдын урпактары болуп журо беришсин. Инна лиллахи уа инна илайхи роджиун
#63 18 July 2014 - 02:30
Чексиз мактоолорго татыктуу Аллах Таала өз пендеси Адам (а.с.) дын жаратылуусунан мурда эмнелер болгону тууралуу Өз Сөзү Ыйык Куранда мындай деп кабарлайт:
“Роббиң өзүнүн периштелерине:
“Мен Жер бетинде (Өзүмө) орун басар жаратамын”,
- деди. Алар: “Анда (Жер бетинде) бузукулук кылуучу жана кан төгүүчү немени жаратасыңбы?
(Алардын ордуна) биз (эле) Сага мактоо айтып, улуктап жана Сени даңазалайбыз (го)”, - дешти. (Ошондо Аллах Таала аларга мындай деп жооп берди): “Чындыгында,
Мен силер билбегенди билемин!” (22:30).
Бул аятты чечмелеген Ибн Касирдин айтуусу боюнча: жалпылай алганда, бул аят - Адам (а.с.) дын кандай максатта бул дүйнөгө бина кылынганын айкындап, тагыраак айтканда, Адам (а.с.) жана анын урпактары Жер жүзүнө Аллахтын сөзүн жайылтуучу,
мыйзамын орнотуучу орун басар-халиф кылып жаратылганын баяндап, ошону менен катар эле Адам (а.с.) дын урпактары катары кийийн дүйнөгө келүүчү бүткүл адамзаты Жер бетинде биринин жолун экинчиси жолдоп, биринин кылганын экинчиси туурап жашай тургандай таризде жаратылгандыгына ишаарат берип, бирок мунун артында Аллахтын чексиз даанышмандыгы менен ченемсиз Кудурети жашырылып коюлгандыгын Өз периштелерине айкын түрдө туюнткан Жаратуучунун жарыя буйругу болгон.
Чексиз мактоолорго татыктуу Аллах Таала башка аятта мындай дейт: «...же (дубалар менен Мага) кайрылган кезиңерде запкы чеккен инсанга жооп берген, жамандыкты (башыңардан) кетирген жана силерди жер үстүнө (Өзүнө) орун басар (халиф) кылып жараткан (Ким)?! (Же) Аллах менен бирге башка да кудай барбы?! Силер (чындык тууралуу акыл калчабайсыңарбы деги? Чындыгында,
Аллахтын силерге жасап жаткан сан-миң жакшылыктарын силер, инсандар менен жиндер, өтө чанда гана эстейсиңер жана Аллахтын улуулугу, даанышмандыгы,
берешендиги,
нэматтары жөнүндө абдан) аз акыл калчайсыңар!
» (27:62).
(Ошентип),
Аллах Таала муну, башкача айтканда, (“Бакара” деп аталган) номур экинчи сүрөнүн 30-аятында Адам (а.с.) дын жана анын урпактарынын жаратылуусуна ишаарат кылган маалыматты,
ошол кабардалган окуянын болоорунан кыйла мурда эле периштелерге ачык айтуу аркылуу келечекте болуучу ушул улуу окуяга кыртыш даярдаган...
Ошондуктан Аллах Таала тарабынан мындай деп айтылууда:
“Ошондо Роббиң өзүнүн периштелерине:
“Мен Жер бетинде (Өзүмө) орун басар жаратамын”,
— деди. Алар : “Анда (Жер бетинде) бузукулук кыла турган жана кан төгө турган жанды жаратасыңбы?
(Алардын ордуна) биз (эле) Сага мактоо айтып, улуктап жана Сени даңазалайбыз (го)”, - дешти. (Ошондо Аллах) айтты: “Чындыгында,
Мен силер билбегенди билемин! (Ошондуктан силер сыяктуу махлуктардын каалаганы эмес, Менин каалаганым ишке ашып, Адам жаратылат)!
” (2:30).
Ибн Касирдин пикири боюнча: Периштелер тарабынан берилген бул суроо ар бир нерсенин артына кудуреттүүлүгү чексиз Субхан Аллах Таала ар дайым жашырып коюучу улуу хикмат - даанышмандыктын сырларын тереңирээк билип алууга умтулуу максатында жана боло турган окуянын түпкү маңызын жакшыраак аңдап-билүүгө аракет жасоо ниетинде гана айтылган. Болбосо, көптөгөн наадандар божомолдоп жүргөндөй, бул сөз, периштелердин Аллахтын эркине каршылыгы да, адамзаттын кадыр-баркын төмөндөтүүгө аракети да, инсандарга көралбастык кылуусу да эмес эле.
Атактуу салих улама Катада (р.а.) минтип айтат: “Адам (а.с.) жаратылганга чейин жашаган жиндердин Жер бетинде кандай бузукулуктарды кылгандыгын көрүшкөн периштелер эми жаңыдан жаратыла турган (“инсан” деп аталуучу) жандар да кандай амалдарды кылышат болду экен деген ойго кетишкен”.
Атактуу сахаба Ибн Умар (р.а.) мындай дейт: “Адам (а.с.) жаратылганга чейин жиндер эки миң жыл Жер бетинде жашашып, далай кан төгүшкөндүктөн улам Чексиз мактоолорго татыктуу Аллах Таала аларды Жер бетинен кууп чыгып, аралдарга сүргүн кылып кууп жиберүү максатында жазалоочу периштелерди жиберген. (Ошентип жин-шайтандар аралдарга түбөлүккө сүргүнгө айдалган)”.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!

#64 18 July 2014 - 02:31
Ибн Касир (рахм.а.) анын сөзүн минтип коштойт: “Периштелер өз сөзүн андан ары улантышып: “(Инсандардын ордуна) биз Сага (сансыз) мактоолорду айтып, Сени (чексиз) улуктап жана Сени теңдешсиз даңазалайбыз,
Сага эч качан коошпос (ширк) нерселердин баарын чечкиндүү түрдө четке кагабыз; Сенин жакшылыктарыңа эсепсиз шүкүрлөрдү келтиребиз”,
- дешип, мындайча айтканда, Аллахка ар дайым моюн сунушарын, Анын айткан буйруктарынан эч качан чыкпай тургандыктарын туюнтушуп: “Эгерде инсанды жаратуунун максаты - бир гана Сага ибадат кылдырып, Өзүңө сыйындыруу болсо, анда, оо, Жараткан Зат Эге-Робби, биз (эле) Сага чаалыгып-чарчабастан түнү-күнү ибадат кылалы” - деген пикирлерин айтышат. Ошондо Аллах Таала аларга минтип жооп берет: “Чындыгында,
Мен силер билбегенди билемин!”.
Бул илахий даанышман сөздүн түпкү мааниси, карапайым тил менен айтканда, кыязы, мындай болуп чыгат: “Инсанияттын чыныгы Жараткан-Кожоюну Мен Өзүм болгон соң анын жаратылуусунун силерге белгисиз болгон кайып сырдуу максаттарын да Мен Өзүм гана эң мыкты билемин. Ошондуктан аларды жаратуу же жаратпай коюу - бул Менин жеке Өз ишим, силер Менин илахий иштериме кийлигишпегиле!
” Ошентип келечекте жаратылуучу ошол
инсанияттын ичинен көптөгөн пайгамбарлар,
Аллахтын элчилери, шахиддер, ошондой эле такыба, салих, момун адамдардын чыгышаары Аллахка абалтан айкын болгон. Ошондуктан,
Аллах Таала Адам (а.с.) га Өзү илим-билим берээрин периштелерге мындайча кабарлайт: “(Пендени Аллах жаратып, анан анын турмуш-тиричилигинде зарыл болгон) баардык нерселердин аталыштарын ага үйрөттү”. Ибн Аббастын (р.а.) айтуусу боюнча: бул жерде “аталыштар” делип нерселерди жана заттарды инсандын аныктай алуусуна кызмат кылуучу аталыштар тууралуу сөз болууда, мисалы: эркек, аял, жаныбар, жер, өрөөн, деңиз, тоо, төө, эшек, кум, аба, булут, кудай, мекен, жер, өлүм, өмүр, тагдыр, ажал, сооп, жаза ж.б.у.с... Бирок ал “аталыштар” сан-миңдеген нерселердин жөн эле аталыштары гана болбостон ошол нерселердин касиет-сыпаттары,
пазилет-пайдалары,
зыян-залалдары тууралуу маалыматтар да алардын ичине камтылганын да туюнтуп, ушундай зор касиет-нэмат-
жакшылык Аллах тарабынан бүткүл махлуктардын ичинен бир гана Адам (а.с.) га берилгендигин жана бул сыпат Адам менен кошо дароо эле жаратылгандыгын да далилдеп турат.
Ошентип,
Аллах Та’ала ошол нерселерди,
заттарды периштелердин алдына коюп туруп: “Эгер силер чынчыл болсоңор, кана, Мага булардын аттарын атагылачы!
? - деди (2:31).
Залкар уламалардын бири Хасан Басри мындай деп айтат: “Аллах Таала инсанды жаратууну каалаган кезде периштелер бири-бирине минтип айтышат: “Ар дайым Аллах Таала кайсыл бир макулукту жараткан кезде, ал макулуктарга караганда биз билимдүү-илимдүүрөөк экендигибизди байкап келе жатабыз”. Алардын минтип айтканынын себеби: Чындыгында,
Адамдын жаратылышы - алар үчүн да чоң сыноо болгон. Муну Аллах Тааланын: “Эгер силер чынчыл болсоңор” - деген сөзү тастыктап турат. Ошондо периштелер эмне дешкени тууралуу Аллах Таала мындай деп кабарлайт: “Алар айтышты: “(О, Аллах)! Сени (гана) улуктайбыз!
Биз Сен өзүң бизге үйрөткөн нерселерди гана билебиз. Чындыгында,
Сен - (баарын) Билүүчүсүң,
(баарынан) Даанышмансың!
” (2:32).
Ибн Касир (рахм.а.) бул тууралуу мындай дейт: Периштелер ошондо, минтип айтышкан: О, Роббибиз, Сага Чексиз жана түбөлүктүү даңазалар менен улуктоолор болсун! Илимдин да, билимдин да кени бир гана Сенде! А биз, периштелер болсо, Сен Өзүң бизге үйрөткөндөн ашыкча кымынчалык нерсени да билбейбиз, Сенин алдыңдагы кайып сырларды билүүгө эч кимдин чамасы эч качан жетпейт. Ошондуктан Сен - Улуулугуң чексиз жана Кудуреттүүлүгүң шексиз!”.
Бул сөздүн түпкү мааниси Ыйык Курандын “Бакара” сүрөөсүнүн 255-аятында келтирилип,
ал жерде минтип айтылат: «Аллах (гана Чыныгы Кудай)! Андан башка кудай жок. Ал -Тирүү, Түбөлүк! Аны уйкусуроо да, уктоо да баспайт. Асмандардагы жана жердеги (баардык) нерселер Ага (гана) таандык. Анын алдында Анын уруксатысыз (кана) ким колдоочулук кыла алат (экен)?! Алардын алдындагыларды да, артындагыларды да (Аллах жакшы) билет. Алар Аллахтын каалоосунан сырткары эч нерсени биле алышпайт. Аллахтын (чексиз улуу илими менен ченемсиз мол билими камтылган) күрсүсү асмандар менен жерди (жана бул экөөсүнүн ортолугундагы баардык нерселерди ар качан толугу менен) камтып турат. Аллахка бул экөөсүн (кыйроолордон) сактап туруу - (кымынчалык да) кыйын эмес. Ал (Аллах) -абдан Бийик, өтө Улуу!» (2:255).
Ошондой эле, Аллах Таала мындай дейт: «Ал (Аллах) айтты: “Оо, Адам, буларга тигил нерселердин аталыштарын атап бер”. Аларга (Адам-Ата) аттарын айтып бергенде, Аллах айтты: “Мен силерге Асмандарда жана Жерде болгон кайып нерселерди,
(анын ичинде) силердин ашкере кылган нерселериңерди да, жашыруун жасаган нерселериңерди да билемин - деп айтпадым беле?!” (2:33).
Муну Саид ибн Жубайр (р.а.) мындайча ачыктайт: «Аллах Тааланын: «силердин ашкере кылган нерсеңерди да...» -деген сөзү периштелердин:
«жер бетинде бузукулук кылып, кан төгуүчүлөрдү жаратасыңбы?
» - деген сөзүнө карата айтылып, ал эми Анын: «жашыруун жасаган нерсеңерди да билемин” -деген сөзү болсо текеберлигин ачык айтуудан жашырып, өзүн Адамга караганда мыктыраак махлук деп санаган Иблиске багытталган.
Ушул эле сөз тууралуу улуу улама Катада (р.а.) мындай деп айтат: «Аллах Тааланын: «силердин ашкере кылган нерсеңерди да» - деген сөзү периштелердин:
«Ар дайым Аллах Таала кайсыл бир макулукту жараткан кезде, ал макулуктарга караганда биз билимдүү-илимдүүрөөк экендигибизди байкап келе жатабыз” - деген сөзүнө карата айтылган жооп болгон. Ал эми ошондогу Иблистин тоң моюндугу менен көк беттиги болсо анын түбөлүккө каргышка калуусуна алып келген”.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#65 18 July 2014 - 02:32
Ошол окуя тууралуу Аллах Таала Ыйык Куранда дагы мындайча кабарлайт: “Мына ошондо Биз периштелерге:
“Адамга сажда кылгыла!” - дедик эле алар, (периштелер) Иблистен башкасы (баары) Адамга (дароо) сажда кылышты. Ал (Иблис болсо Адамга сажда кылуудан) баш тартып, менменсинди да, (ашынган текеберлигинен улам түбөлүктүү) каапырлардан болуп калды» (2:34).
Ушул аят тууралуу Ибн Касир (рахм.а.) айтат: “Аллах Таала Адам (а.с.) га абдан зор ырайым көрсөткөн, анткени ал аны Өз Колу менен жаратып, Өз рухунан жан салып, анан баардык нерселердин ысымдарын үйрөтүп, анан баардык периштелерди ага сажды кылууга буюрган. Бул, чындыгында, абдан зор нэмат”.
Ушул эле окуя тууралуу Аллах Таала “Хижр” сүрөсүндө мындайча кабарлайт: “Чындыгында, Биз шыңгыраган келишимдүү кургак чоподон инсанды жараттык. Жиндерди андан мурун түтүнсүз оттон жаратканбыз. Ошондо Роббиң периштелерге айтты: “Мен шыңгыраган, келишимдүү кургак чоподон инсанды жаратамын, (ошондо) Адамдын
турпатын (жасоону) аяктап, Өз рухумдан (жан) киргизген кезимде ага12 сажда кылгыла! Ошентип (Адам жаратылып болуп, жан салынган кезде ага) Иблистен башка баардык периштелер (Адамга) сажда кылышты. Иблис болсо сажда кылуудан баш тартты (да, ошонун айынан каргышка калган каапырга айланды)» (15:26-31).
Ошентип, Аллах Таала Адам (а.с.) ды көркөм жана келишимдүү келбетте, баардык махлуктардан сулуу кылып жаратып, ага абдан жарашыктуу кейип-турпат, кебете-сымбат берип, анан периштелердин баарын Адамга сажда кылууга буюруп, периштелер ага сажда кылышкан кезде бир гана Иблис (Шайтан) ага сажда кылуучулардын катарында болууну каалаган эмес. Чексиз мактоолорго татыктуу Аллах Та’ала мына ушул окуя болгон учурда Иблистин Адамга сажда кылуусунан эмне үчүн баш тартканын төмөнкүдөй сүрөттөйт:
«(О, инсандар! ) Биз силерди жаратып, силерге жакшы (сымбаттуу) келбет тартуулап (туруп, анан) периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” - дедик. Периштелердин баарысы (Адамга) сажда кылышып, бир гана Иблис сажда кылуучулардан болгон жок. (Ошондо Аллах Иблис-Шайтандан
“Сага Мен буйрук кылган учурда, сажда кылуудан сени эмне тосту?!” - деп сурады. Ал (Иблис болсо): “Мен андан мыктымын: Мени оттон, аны ылайдан жараттың” - деди. (Ошондо Аллах
“Анда, бул жайдан (Бейиштен) түш! Сенин текеберленгениң (абдан) жаман! Чык (Бейиштен)!
Сен (түбөлүк) кор болуучулардансың”,
- деди» (7:11-13).
Мындайча айтканда, Иблис өз оюнда өзүн Адам (а.с.)дан артыкмын жана андан даражам да улук деп санагандыктан улам, өзүнүн ошол менменсинген текеберлиги аны Жаратуучусу Аллахтын буйругуна каршы чыгарып, каапырлык кылдыруу менен Адам (а.с.) га сажда кылуудан кармап калган.
Чексиз мактоолорго татыктуу Аллах Таала ошол факты жөнүңдө башка жерде мындай деп айтат:
«Ошондо Роббиң периштелерге айтты: “Мен шыңгыраган, келишимдүү кургак чоподон инсанды жаратамын. Анын турпатын (жасап) бүтүп, Өз рухумдан жан киргизгенимде, Адамга сажда кылгыла!» Ошондо Иблистен башка баардык периштелер (Адамга) сажда кылышты. Ал (Иблис болсо Адамга) сажда кылуудан баш тартты. (Ошондо Аллах андан): “Оо, Иблис! Сен эмнеликтен сажда кылуучулар менен бирге болбодуң?! ” - деди. (Иблис болсо): “Мен шыңгыраган кебетелүү кургак чоподон жасалган инсанга сажда кыла албайм”, - деп айтты. (Аллах айтты): “Сен мындан чыккын, анткени сен (Бейиштен түбөлүккө) куулдуң”, - деди. “Сага (эми) Кыямат Күнгө чейин каргыш (болсун)!” (15:28-35).
Ошентип Жараткандын “Адамга сажда кыл” деген буйругуна моюн сунуудан баш тартуунун себебинен улам Иблис-Шайтан Аллахтын каргышына калып кетти. Улуулугу шексиз, мартабалуулугу чексиз, кудуреттүүлүгү күмөнсүз жана кубаттуулугу талашсыз Аллах Таала Өзүнүн даанышмандыгы акылды тамшандырган, көркөмдүгү көңүлдү суктандырган Улуу Сөзүн андан ары минтип улантат:

#66 18 July 2014 - 02:34
«Биз периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” -дедик. Ошондо Иблистен башкасы сажда кылышты. Иблис мындай деди: “Сен топурактан жараткан немеге (Өзүң оттон жараткан мен) сажда кылмак белем?! (Оо, Жараткан Роббим) айтчы: Менден артык көргөнүң (чоподон жасалган) ушул (инсан) беле? Эгер Сен мага кайра тирилчү Күнгө чейин мөөнөт берсең, алардын урпактарынын абдан азынын башкасынын баарын (туура жолдон) азгырам (да, хидаят жолдо бирин да калтырбаймын)» (Ошондо Аллах) айтты: “Жогол мындан! (Инсандардын ичинен) ким сенин артыңан ээрчисе, анда силердин (баарыңардын) жазаңар - азабы мол Тозок (болот)!” Алардын ичинен күчүң жеткендерин (инсандын дилин көкүтүп, бирок пенде кулагына угулбас) үнүң менен азгырып, кыйроого учурат, аларга каршы атчан дагы, жөө да (күрөшкө) чык; мал-мүлкүнө, бала-чакаларына орток бол; жана (адатыңча) аларга (өзүңдүн эч качан ишке ашпас жалган) убадаларыңды бере бер”. Бирок, (о, инсан, билип койгун,) шайтан убада кылган нерселердин баары -азгырыктан башка эч нерсе эмес! (О, шайтан, билип койгун): “Менин чыныгы (салих, момун) пенделеримдин үстүнөн сен (эч кандай) бийликке (эч качан) ээ боло албайсың! Роббиң (момундар үчүн) Жетиштүү Коргоочу” (17:61-65).
Ошондой эле дагы башка аятта Аллах Таала мындай дейт: “Ошол убакта периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” - дедик. Иблистен башка баардык периштелер (Адамга) сажда кылышты. (Түтүнсүз) жалындан жаратылган ал (шайтан гана) Роббисинин буйругун аткаруудан баш тартты. (О, инсандар! ) Эми (Ырайымдуу Жаратуучуңар болгон) Мени коюп, (элдешкис душманыңар болгон) шайтанды жана анын урпактарын дос тутасыңарбы? ! Алар - силерге (элдешкис жана түбөлүк) душман! (Шайтанды дос тутуу) заалымдар үчүн кандай жаман өзгөрүш!” (18:50).
Атактуу залкар сахаба Ибн ‘Аббас (р.а.): “Иблис - (эң) ылдыйкы асмандан орун алган жана периштелердин “жин” деп аталган тобуна кирген периште болгон” - деп айтат. Бирок Хасан Басри болсо анын сөзүнө: “Иблис эч качан периштелердин эч бир тобуна таандык боло да алмак эмес” -деп каршы чыгат. Бирок акыйкатты Аллах гана мыкты билет. Ал эми момундардын энеси Айша (р.а.) болсо Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегенин кабарлайт: “Периштелер - нурдан, ал эми жиндер болсо - түтүнсүз жалындан жаратылган, а Адам (а.с.) болсо силерге (Ыйык Куранда) кандай кабардалган болсо, дал ошондой (чоподон) жаратылган”. Андан ары Улуу Аллах Та’ала минтип кабарлайт:
“Роббиң периштелерге айтты: “Мен инсанды ылайдан жаратамын. Качан аны жасап бүтүп, ага өз рухумдан (үйлөп) жан киргизгенимде, ага сажда кылгыла!” (Ошондо) Периштелердин баары чогуу (Адамга) сажда кылышты. Иблистен башкасы. Ал текеберленип, каапырлардан болуп калды. Аллах: “Оо, Иблис! Мен Өз Колум менен жасаган нерсеге сажда кылуудан сени эмне тосту? Сен текеберлендиңби, же мартабалуу болуп калдыңбы! ?” - деди. (Иблис айтты): “Андан мен артыгыраакмын. (Анткени) мени оттон жараттың, а аны болсо - ылайдан”, - деди. Аллах айтты: “Мындан чык! Анткени сен куулдуң! Менин каргышым сага Кыямат күнгө чейин (тийет)!” (Ошондо Иблис): “Оо, Роббим! Алар кайра тирилүүчү күнгө чейин мага (аларды азгырууга) мөөнөт бер”, — деди. Аллах айтты: “Албетте, сен (убактылуу) мөөнөт берилгендерденсиң. (Бирок) белгилүү бир убакытка чейин (гана).” Иблис айтты: “Сенин Улуулугуң менен касам ичемин: Мен Сенин (чыныгы) ыкластуу пенделериңден башка баардык инсандарды (хидаят жолдон) азгырамын.” Аллах айтты: “Акыйкатты эскертемин: (билип койгун): Тозокту сени(н урпактарын) менен жана сенин артыңдан ээрчиген инсандардын бардыгы менен толтурамын! ” (38:71-85).
Иблистин Адам (а.с.) га абдан өчөгүшүп калган айоосуз душманы экендиги тууралуу Аллах Таала Өз Китебинде мындайча баяндайт:
«(Иблис
Мындайча айтканда, Иблис Адам урпактары эмне гана кылышпасын, кайда гана багыт албасын, ар дайым жана ар качан алардын жолунан тозуп чыгып, көлдөлөң туруп алып, Туура Жолдон, Хидаяттан тайдыруу үчүн болгон күч-кубатынын, куулук-шумдугунун, митайымдыгынын баардык амалдарын жасай тургандыгын айтууда. Ошондуктан, Адам (а.с.) дын урпактарынын ичинен Иблистин улуу азгырыктарына каршы тура алгандары гана (Тозоктон) кутулууга чындап татыктуу момундардан болушуп, ал эми Адам (а.с.) дын Иблистин жолун жолдогон урпактарынын баарынын башынан шор кетпей, көзүнөн кан агаары шексиз...
Имам Ахмад бин Ханбалдын айтуусу боюнча Абу Хурайра (р.а.) Мухаммад (с.а.в.) пайгамбарыбыздын мындай дегенин кабарлайт: “Адам перзенттеринен кимдир бирөө Курандан сажда аятын окуп, (Аллахка) сажда кылган учурда Шайтан артка секирип, өзүнө-өзү наалат айтып, каргыштап: “Адамдын бул урпагына сажда кылуу буюрулуп, ал өз Роббисинин буйругуна (дароо) моюн сунгандыктан эми буга Бейишке кирүү важиб болуп калды, а мага (Аллахтын алдында) сажда кылуу буйрулган кезде мен (Аллахка) сажда кылбай койгонмун, ошондуктан, эми мен Тозокто түбөлүккө каламын!” - деп, (озондоп ыйлап) айтат”.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#67 18 July 2014 - 02:50
Сансыз мактоого, чексиз даңктоого татыктуу Улуу Аллах Таала Адам (а.с.) дын эки уулу тууралуу мындай деп кабарлайт:
“(О, Мухаммад)! Адамдын эки уулунун курмандыктары тууралуу чындыктуу баянды айтып бер: Алардын биринин курмандыгы (Аллах тарабынан) кабыл кылынды да, экинчисиники кабыл кылынган жок. Ошондо ал: “Сөзсүз, мен сени өлтүрөм!” - деди. Ал айтты: “Чындыгында, Аллах такыбаалардан гана кабыл кылат! Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол көтөрсөң да, мен сени өлтүрүүгө кол көтөрбөймүн. Мен ааламдардын Роббиси Аллахтан коркомун. Мен, менин жана өзүңдүн күнөөңдү мойнуңа жүктөлүшүн, сенин Тозок элинен болушунду каалаймын. Заалымдардын жазасы — ошол”! Анын напсиси өз инисин өлтүрүүгө азгырды да, аны өлтүрүп, өзү (эки дүйнөдө тең абдан чоң) зыянга учуроочулардан болуп калды. Ошондо Аллах ага бир тууганынын өлүгүн жашырууну көрсөтүү үчүн жиберген карга жерди каза баштаганда: “Аттиң, мага эмне болду?! Тууганынын денесин көмгөн каргачалык болбодум”, - деп, өкүнүүчүлөрдөн болуп калды” (5:27-31).
Көптөгөн риваятчылар Адам (а.с.) менен Хава энеден төрөлгөн балдар бир кыз жана бир уулдан болуп, баары жуп төрөлгөндүгүн белгилешет. Бул тууралуу Ибн Касир (рахм.а.) да сөз кылат. Аллахтан түшкөн буйрук боюнча Адам (а.с.) менен Хава эне өздөрүнөн туулуп, бир кыз, бир уулдан турган ар бир жуптун кыздарын башка жуптун балдары менен, жана да, тескерисинче, экинчи жуптун балдарын үчүнчү жуптун кыздары менен баш коштуруп, ошентип, бир жуптун балдарын башка жуптун кыздары менен үйлөндүрүү аркылуу өз тукумдарын улантышкан. Бирок бир жуп болуп туулган кыз менен уулду үйлөндүрүүгө тыюу салынган болчу.
Суддинин, Ибн Аббастын, Ибн Масуддун жана башка тафсирчилердин сөзү боюнча Абыл үйлөнөөр кези келгенде Кабыл менен бир жуп болуп чогуу төрөлгөн жана өзүнө эже болгон кызга үйлөнүүнү каалап - ошондой кылууга анын толук укугу бар болчу - бирок, жаш курагы жагынан улуу болгон Кабыл болсо Абылдын бул оюна каршы чыгып, ал кызга өзү үйлөнүүнү каалайт. Ошондо Адам (а.с.) уулу Кабылга карындашын Абылга күйөөгө берүүгө буюрат. Бирок (атасына да моюн сунбаган) Кабыл андай кылуудан баш тартат. Ошондо Адам (а.с.) Кабылга да, Абылга да Аллах ыраазылыгы үчүн курмандык чалууну буюруп, алар ошондой кылышат. Бир короо малы бар Абыл семиз уюн курмандыкка чалат. А Кабыл болсо чирип калган (дан) түшүмүн курмандыкка чалат. (Ошол доордун тартиби боюнча) асмандардан от түшүп, Абылдын курмандыгын өрттөп кетет да, Кабылдын курмандыгына от жакындап да койбойт.
Абу Жафар ал-Бакирдин айтуусу боюнча Кабыл Адам (а.с.) га минтип айтат: “Аллах Таала Абылдын курмандыгын кабыл кылды, анткени сен анын курмандыгын кабыл кылуусун суранып Аллахка дуба кылдың да, бирок менин курмандыгымды кабыл кылуусу үчүн дуба кылганың жок!”. Ошондой эле, ал өз иниси Абылды “өлтүрөм" деп коркутат. Бир жолу Абыл өзү багып жүргөн койлорун (кечинде) айдап келүүдөн эмнегедир кеч калат. Адам (а.с.) Абылды чакырып келүү үчүн Кабылды жиберет. (Ошентип) Кабыл (талаага барып) Абыл менен бетме-бет келген кезде Абылга айтат: “Сенин курмандыгын; кабыл болду, ал эми меники болсо кабыл болгон жок”. Абыл ага: “Аллах салих, момун, такыба адамдардын гана курмандыгын кабыл кылат” - деп айтат. Ошондо (шайтандын тилине кирип) ачууга алдырган Кабыл айтат: “Сен менин карындашыма үйлөнбөшүң үчүн мен сени - өлтүрөмүн”. Абыл минтип жооп берет:
“Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол көтөрсөң да, мен сени өлтүрүүгө кол көтөрбөймүн. Мен ааламдардын Роббиси Аллахтан коркомун” (5:28).
Бул окуя Абылдын мыкты адеп-ахлактуу, такыба, салих инсан болгондугун жана ал ар бир ишти Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасап, күнөө кылууда Аллахтан корккондугун көрсөтүп турат. Ошондо Кабыл аны темир таяк менен сабап өлтүрөт. Ошондой эле, ал аны муунтуп өлтүргөн деп да айтылат. Абдуллах бин Умар (р.а.) мындай дейт: “Аллахка мен касам ичемин: Кабылга караганда Абыл күчтүү (инсан) болгон, бирок ал өзүнүн бир тууганына кол көтөрүүдөн уялган жана ага зыян кылууга колу барган эмес”.
Ибн Касир (рахм.а.)нин пикири боюнча бул тарыхий окуя Бухари менен Муслимдин “Сахих хадистер жыйнагы” аркылуу да тастыкталат жана ошол китептерде мындай сахих хадис бар: Абу Бакра Нуфай бин ал-Харис ас-Сакафи (р.а.) нун мындай дегени кабардалат:
“(Бир жолу) Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламдары жана салаваттары болсун) мындай деди: “Эгерде эки мусулман бири бирине кылыч көтөрсө, анда өлгөнү да, өлтүргөнү да Тозокко түшөт”. (Ошондо) Мен сурадым: “О, Аллахтын Элчиси, өлтүргөн (түшсө адилет болот), а эмне үчүн өлгөн да (түшөт)?” Ал айтты: “Анткени ал да өз жолдошун өлтүрүүнү каалаган! ” (Бухари; Муслим).
Улуулугу чексиз, даанышмандыгы ченемсиз Аллах Таала мындай дейт:
“(Абыл) айтты: “Мен (сага окшоп, сени өлтүрүү максатында кол көтөрбөймүн, анткени мен Аллахтын жазасынан коркомун, ошондуктан), менин күнөөм менен сенин өзүңдүн күнөөңдүн баары сенин мойнуңа жүктөлүп, ошентип сенин Тозок элинен болуп калышыңды каалаймын. Заалымдардын жазасы - ошол!” (5:29).

#68 18 July 2014 - 02:51
Мужахид (рахм.а.) бул аятты чечмелеп, тафсирлөө менен, минтип айтат: “Абылдын бул сөзү мындай деген маанини туюнтат: Сага караганда мен өзүм алда канча күчтүү жана кубаттуу болгонум менен мен сени менен согушпаймын.
Эгер сен мени өлтүрсөң, анда оор күнөөгө батасың да, (ансыз деле мурдатан жасап келе жаткан) күнөөлөрүңө дагы бир оор күнөө кошулат”. Ибн Касир (рахм.а.) ушул аятты чечмелеп-айкындап жатып, минтип айтат: “Көптөгөн адамдар ойлоп жүрүшкөндөй,
өлгөн адамдын күнөөсү өлтүргөн адамга өтүп кетпейт, башкача айтканда андай болуусу ислам мыйзамы болгон шариатта каралган эмес, бирок, киши өлтүргөн адам пенде канын төккөнү үчүн кун төлөп, же башка жол менен ошол күнөөсүнөн арылууга милдеттүү. (Кыямат Күнү күнөөкөр адамдар өздөрү кыянат кылган же зыян келтирген адамдарга өз соопторунан берүү аркылуу “кайтарым-акы” төлөшүп кутулушат, ал эми сооптору жетишсиз же сообу жок калган күнөөлүү пенделерге кыянатка же зыянга учураган адамдын күнөөлөрү жүктөлүү менен эсеп-кысап жүргүзүлгөн сот болот). Адам өлтүргөн канкор адамдын бул дүйнөдө жасаган жакшы, салих амал-сооптору өлтүрүлгөн адамдын “кунун” акыретте төлөп кутулуу үчүн жетишсиз болуп чыгуусу толук мүмкүн болгондуктан өлтүрүлгөн кишинин күнөөлөрү өлтүргөн кишинин күнөөлөрүнүн тизмесине киргизилет.
Бул көз караш, эң ыплас адам өлтүрүү болгон начар амалдар менен күнөөлөр тууралуу баяндалган ишенимдүү-сахих хадистерде да далилденген.
Имам Ахмад бин Ханбал, Абу Дауд, Тирмизилер (аларга Аллах ьфайым кылсын) Сад бин Абу-Ваккастын (р.а.) сөзү менен баяндашкандай, Усман бин Аффан (р.а.) халифаттык кылып турган кезде чыккан козголоң учурунда, Усман бин Аффан: “Мен күбөгө өтүү менен айтамын: Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегенин укканмын: “Менден кийин фитналар болуп, ошондо, тике турган адамга караганда олтурган адам жакшыраак болот; басып бара жаткан адамга караганда тике турган адам жакшыраак болот; чуркап бара жаткан адамга караганда жай басып бара жаткан адам жакшыраак болот”. Ошондо Сад (Аллахтын. Элчисинен) сурады: “Эгерде кимдир бирөө мени өлтүрүү үчүн үйүмө келсе эмне (кылсам туура) болот?” Аллахтын Элчиси (с.а.в.) айтты: “Адам (а.с.) дын уулу Абылдын жолун жолдо (б.а. ал кандай кылган болсо, дал ошондой кыл)”. Имам Муслим менен “Сунан” китебинин түзүүчүлөрү да ушул окуяга маанилеш баянды келтиришет.
Аллах Таала Абылдын такыбаалыгы менен Кабылдын карасанатайлыгы тууралуу мындай деп айтууда:
“Ошондо Аллах ага (Кабылга) бир тууганынын (Абылдын) өлүгүн жашырууну көрсөтүү үчүн жиберген карга жерди каза баштаганда: “Оо, мага азап болсун! Мага эмне болду?!! Тууганынын денесин (жерге) жашырган каргачалык да болбопмун”, — деди да, (түбөлүк) өкүнүүчүлөрдөн болуп калды” (5:31).
Имам Ахмад бин Ханбал, Абу Дауд, Тирмизилер (аларга Аллах ьфайым кылсын) Сад бин Абу-Ваккастын (р.а.) сөзү менен баяндашкандай, Усман бин Аффан (р.а.) халифаттык кылып турган кезде чыккан козголоң учурунда, Усман бин Аффан: “Мен күбөгө өтүү менен айтамын: Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегенин укканмын: “Менден кийин фитналар болуп, ошондо, тике турган адамга караганда олтурган адам жакшыраак болот; басып бара жаткан адамга караганда тике турган адам жакшыраак болот; чуркап бара жаткан адамга караганда жай басып бара жаткан адам жакшыраак болот”. Ошондо Сад (Аллахтын. Элчисинен) сурады: “Эгерде кимдир бирөө мени өлтүрүү үчүн үйүмө келсе эмне (кылсам туура) болот?” Аллахтын Элчиси (с.а.в.) айтты: “Адам (а.с.) дын уулу Абылдын жолун жолдо (б.а. ал кандай кылган болсо, дал ошондой кыл)”. Имам Муслим менен “Сунан” китебинин түзүүчүлөрү да ушул окуяга маанилеш баянды келтиришет.
Аллах Таала Абылдын такыбаалыгы менен Кабылдын карасанатайлыгы тууралуу мындай деп айтууда:
“Ошондо Аллах ага (Кабылга) бир тууганынын (Абылдын) өлүгүн жашырууну көрсөтүү үчүн жиберген карга жерди каза баштаганда: “Оо, мага азап болсун! Мага эмне болду?!! Тууганынын денесин (жерге) жашырган каргачалык да болбопмун”, — деди да, (түбөлүк) өкүнүүчүлөрдөн болуп калды” (5:31).
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#69 18 July 2014 - 02:57
Судди муну минтип ачыктайт: (Абылды Кабыл өлтүргөн жерге) Аллах Таала эки карганы жиберет да, алар ошол жерде чокулашып кетишип, бири экинчисин өлтүрүп коёт. Анан өлтүргөн карга тырмактары менен жерди тытып өлгөн карга үчүн көр казат да, ошол көргө өлгөн карганын денесин салып, үстүнө топурак таарып, үймөк кылып көмүп коёт. Карганын кандай кылып жатканын көргөн Кабыл:
“Оо, мага азап болсун! Мага эмне болду?!! Тууганынын денесин (жерге) жашырган каргачалык да болбопмун”, - деди да, (түбөлүк) өкүнүүчүлөрдөн болуп калат” (5:31).
“Оо, мага азап болсун! Мага эмне болду?!! Тууганынын денесин (жерге) жашырган каргачалык да болбопмун”, - деди да, (түбөлүк) өкүнүүчүлөрдөн болуп калат” (5:31).
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#70 18 July 2014 - 03:00
АДАМ (А.С.) МЕНЕН ХАВА ЭНЕНИН БЕЙИШТЕН ЖЕРГЕ ТҮШҮРҮЛҮШҮ
Аллах Таала мындай дейт:
"Ошентип ал (Шайтан) (Адам менен Хава) экөөсүн азгырып, экөөсү дарактан (мөмө) алып жешип, (дароо) уяттуу жерлери ачылып калды да, экөөсү Бейиш жалбырактарынан үстүлөрүнө жамына башташты. (Ошондо) Роббиси (Аллах ал) экөөсүнө айтты: "Экөөңөрдү ушул дарактан (мөмө жештен) тыйбадым беле?! Шайтан -силерге ачык душман экенин айтпадым беле?!” (7:22).
Ошондой эле, Аллах Та’ала айтат:
"Ошондо алар экөөсү ал дарактан жешээр замат уяттуу жерлери көрүнүп калды да, ошондуктан экөөсү Бейиштин жалбырактарынан жамына башташты. Ошентип, Адам Роббисине каталык кылып, (Туура) Жолдон тайып кетти” (20:121).
Ибн Касир (рахм.а.)нин айтуусу боюнча: Адам (а.с.) менен Хава эне Бейиште жашашкан кездеринде алар өздөрү каалаган баардык тамактардын түрлөрү менен азыктанышкан. Анан алар Аллах аларга арам кылып, жешке тыюу салган дарактын мөмөсүнөн жешкен соң, абалтан аларга насип кылынган (кооз) кийимдеринен ажырап, жер бетиндеги жашоого айдалышкан. Ислам уламалары алардын Бейиште канча убакыт бою жашашканы жана алар эң оболу кайсыл жерге түшкөндүгү тууралуу бирдей пикирде эмес. Ошондой эле, алар Адам (а.с.) менен аялы Хава эне Бейиште жашап жүрүшкөн кезде алардын балдары болгонбу-жокпу деген маселе боюнча да ар түрдүү көз карашта. Аллах гана баарын эң мыкты билет! Айтымдарга караганда жогоруда аталган дарактын мөмөсүнөн эң биринчи болуп Хава эне жеп, анан ал Адам (а.с.) ды да жешке көндүргөн. Бирок Аллах баарын эң мыкты Билүүчү!
Ал эми Аллахтын: "Ошондуктан экөөсү Бейиштин жалбырактарынан жамына башташты” - деген сөзүнө келсек, Саври (р.а.) Ибн ‘Аббас (р.а.) нун мындай дегенин кабарлайт: "Жогоруда аталган жалбырак - анжир дарагынын жалбырагы”. Ибн Касир (рахм.а.)нин пикири боюнча: мындай ой жоруу жана мындай чечмелөө, кыязы, "китеп ээлери” саналган христиандардан жана яхудий-жөөттөрдөн келген
"Роббиси (Аллах) экөөсүнө айтат: "Экөөңөрдү ушул дарактан (жешти) тыйбадым беле?! Шайтан - силерге ачык душман экенин айткан эмес белем?! (Адам менен Обо): "Оо, Эгебиз! Биз өзүбүзгө өзүбүз зулумдук кылып алдык. (Эми) эгерде Сен бизди кечирип, ырайым кылбасаң, анда биз, -албетте, (түбөлүккө) зыянга учуроочулардан болуп калабыз!” - деп айтышты” (7:22-23).
Бул ый - алардын өз күнөөлөрүн моюнга алып, Аллахка кыйшаюусуз моюн сунуп, Жаратканга биротоло баш ийип, Роббиге толук тообо келтирип, Ырайымдуу Жаратканга жалбарып кайрылып турган чыныгы арманы болчу. Анан, ошол ый Адам (а.с.) дын бүткүл урпактары Аллахка тообо келтирүү учурунда катуу карманууга тийиш болгон бузулгус бекем эрежеге айланды да мына ушул тообо утурумдук мүшкүлдүү жана опосуз бул дүйнөдө да, түбөлүк жыргалдуу акырет жашоосунда да бүткүл адамзатты чыныгы бак-таалайларга жеткирүүчү каражат, ыкма, жол жана салт болуп кала берди.

#71 18 July 2014 - 03:02
Ошондо Аллах Таала аларга айтат:
"(Жыргалга бай) Бейиштен бири бириңерге душман болгон абалда (түйшүгү мол Жерге) түшкүлө! (Эми Биз) силерге Жерде белгилүү мөөнөткө чейин жашоону жана пайдаланууну (насип кылып койдук) (7:24).
Бул сөздөр бири-бирине душман болгон абалда Бейиштен Жерге түшүүгө жана Жер бетинде ар дайым душман боюнча калууга буюрулган Иблис менен Адам (а.с.) жана Хава энеге, ошондой эле алардын кыяматка чейинки урпактарына багытталган.
Андан кийин эмне болгону тууралуу Аллах Та’ала мындай дейт:
"Адам өз Роббисинен (тообо келтирүүчү) сөздөрдү алды жана (ал ошол сөздөрдү айткандан кийин) Аллах анын тобосун кабыл кылды. Чындыгында, Аллах - тоболорду Кабыл Кылуучу жана Мээримдүү” (2:37).
Са’ид бин Жубайр жана башка сахаба разияллаху анхумдардын айтуусуна караганда төмөнкү аятта келтирилген сөздөрдү Адам (а.с.) Аллахка тообо келтирген кезде айткан (жана азыркы үммөт да тообо келтирген кезде аны айтууга тийиш):
"(Адам менен Хава) айтышты: "Оо, Робби-Эгебиз! Биз өзүбүзгө зулумдук кылып алдык. (Эми) эгерде Сен бизди кечирип, ырайым кылбасаң, анда биз, - албетте, (түбөлүккө) зыянга учуроочулардан болуп калабыз!” (7:22-23).
Бул жөнүндө Ибн Касир (рахм.а.) минтип айтат: бул аят Курандын 20-(То-ха) сүрөсүндөгү 121-122-аяттар менен үндөш:
"Ошентип, Адам Роббисине ката кетирип, (Туура) жолдон тайып кетти. Андан кийин Роббиси аны (пайгамбарлыкка тандап) Өзүнө жакындатып, тобосун кабыл кылып, (кайра) Туура Жолго салды!” (20:121-122).
Мухаддис Ал-Хаким өзүнүн "Мустадрак” аттуу китебинде Ибн ‘Аббас (р.а.) нун сөзү менен ошол учурда Адам (а.с.) мындай деп айтканын кабарлайт: "О, Роббим (Аллах)! Сен мени Өз Колуң менен жараткан эмес белең?” - Ошондо (Аллахтан) ага: "Ооба (Мен сени Өз Колум менен жаратканмын! ” - деген жооп болот. Ошондо Адам (а.с.) сөзүн улантат: "Сен мага Өз Рухуңдан үйлөп (денеме) жан салбадың беле?” Ага дагы "ооба (Мен сага Өз Рухумдан үйлөп жан салганмын)” деген жооп болот. Адам айтат: "(Сен мага жан салып жаткан кезде) мен чүчкүрүп жиберген учурумда Сен: "Ярхамукумуллах [Аллах силерге ырайым кылсын]”- деп, Сенин каарыңа караганда ырайымың мурдараак жетээри тууралуу айтпадың беле?” Ага дагы "ооба” деген жооп болот. Адам сөзүн улантат: "Ошентип, Сен Өзүң менин тагдырыма эмне кылаарымды жазып койбодуң беле?” Ага дагы "ооба” деген жооп болот. Анан Адам (а.с.) сөзүн улайт: "Андай болсо эгер мен күнөөлөрдөн толугу менен баш тартсам, кайра Бейишке киргизилеминби? ” Ага дагы "ооба” деген жооп айтылат”.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#72 18 July 2014 - 03:03
Бухари (ага Аллах ырайым кылсын) Абу Хурайра (р.а.) нун сөзү менен Мухаммад (с.а.в.) пайгамбарыбыздын мындай дегенин кабарлайт: "Муса (пайгамбар) Адам (а.с.) га айтты: "(О, Адам!) Сенин кемчилик кетирип койгондугундан улам бүткүл адамзат Бейиште жашоо бактысынан айрылып калды!” Ага Адам (а.с.) минтип жооп берди: "Оо, Муса, Аллах Таала Өз Сөзүн жана Кабарын элге жеткизүү үчүн пайгамбар катары тандап алган сен дагы, мен жаратылгандан алда канча мурда эле Жараткан тагдырыма жазып койгон иш үчүн мени айыптап жатасыңбы?!
”
Айрым уламалар айтышкандай, Адам (а.с.) дын жообу -Аллахтын Каалоо-Ыктыярын Анын Өзүнө моюн сунбай коюунун шылтоосу катары эмес, тескерисинче, балээлердин түпкү себеби тагдырда жазылуу болоорун туура катары кабылдоого зарылдыгын далилдеп турат. Бул тууралуу Ибн Касир (рахм.а.) мындай дейт: "Эгерде Адам (а.с.) дын Муса пайгамбарды айыптаган жообун - напсисинин жетегинде жасалган күнөөлөрдү Аллахтын тагдырга жазганына шылтоолоо аркылуу күнөөнү актоочу себеп катары чечмелеген болсо, анда бул катуу адашуу бүткүл күнөөкөрлөргө да жайылтылган болоор эле да, анын тыянагы катары сооп-сыйлык дагы, кайтарым-жаза да болбостон, ошонун кесепетинен улам Жер бетиндеги фитналуу бузукулуктар пендезаттын төбө чачын тик тургузуп, аза боюн дүркүрөткөн азаптуу баш-аламандыктарга алып келип, бүткүл дүйнөнү жар башына алда качан такамак!..
Айрым уламалар айтышкандай, Адам (а.с.) дын жообу -Аллахтын Каалоо-Ыктыярын Анын Өзүнө моюн сунбай коюунун шылтоосу катары эмес, тескерисинче, балээлердин түпкү себеби тагдырда жазылуу болоорун туура катары кабылдоого зарылдыгын далилдеп турат. Бул тууралуу Ибн Касир (рахм.а.) мындай дейт: "Эгерде Адам (а.с.) дын Муса пайгамбарды айыптаган жообун - напсисинин жетегинде жасалган күнөөлөрдү Аллахтын тагдырга жазганына шылтоолоо аркылуу күнөөнү актоочу себеп катары чечмелеген болсо, анда бул катуу адашуу бүткүл күнөөкөрлөргө да жайылтылган болоор эле да, анын тыянагы катары сооп-сыйлык дагы, кайтарым-жаза да болбостон, ошонун кесепетинен улам Жер бетиндеги фитналуу бузукулуктар пендезаттын төбө чачын тик тургузуп, аза боюн дүркүрөткөн азаптуу баш-аламандыктарга алып келип, бүткүл дүйнөнү жар башына алда качан такамак!..
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#73 18 July 2014 - 03:05
АДАМДЫ АЗГЫРУУГА ТҮРТКӨН ИБЛИСТИН КЫЛЫГЫ
Аллах Таала айтат:
“Оо, Адам! Силер жубайыңар экөөңөр Бейиштен орун алгыла! Экөөңөр каалаганча жегиле, береги даракка гана жолобогула, (эгер жолосоңор) – заалымдардан болуп каласыңар”, - дедик” (7:19)
Ибн Касир (рахм.а.)нин айтуусу боюнча: Аллах Та’ала Адам (а.с.) менен Хава энени Бейишке киргизген кезде, Курандын тафсирлеринде түс-түрү кандай экендиги тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылып, бирок бүгүнгө чейин бирдей пикир болбой келе жаткан кайсыл бир белгисиз мөмөлүү дарактан башка баардык мөмөлүү дарактардын мөмөлөрүнөн жей берүүгө Адам (а.с.) менен Хава энеге Жараткан Өзү уруксат берет. Уламалардын айрымдары “ал жүзүм” болгон дешсе, башкалары “ал курма” болгон дешет, үчүнчүлөрү болсо булардан башка да мөмөлүү дарактардын атын аташат. Ыйык Куранда болсо анын кайсыл дарак экендигин Аллах Таала так айткан эмес. Ошондо, каргышка калган Иблис Адам (а.с.) менен Хава эненин бактысына ичи тардык кылып, аларды Аллахтын Бейиштеги ырайымдарынан жана көз тайгылткан кооз кийимдеринен ажыратуу максатында арамза-куулук менен арамес-митайымдыкка толгон ыплас планын иштеп чыгат. Бул тууралуу Аллах Та’ала мындай деп айтат: “Ошондо Шайтан ал экөөсүнүн уяттуу жерлерин ачып салуу максатында (Адам менен Хаваны) азгырды да: “(Аялың) экөөңдү периште болуп, же түбөлүккө (Бейиште) калып кетпесин деген Роббиңер силерге ушул дарактан (мөмө) жешке тыюу салды. А мен болсо чынында экөөңөргө (жакшылык каалоочу) насыятчыларданмын”, - деп, (ашынган жүзү каралык менен калп жерден) касам-ант ичти!” (7:20-21).
Ошентип, каргышка калган кара ниет Шайтан Адам (а.с.) менен аялы Хавага өзүн чынчыл кеңешчи кылып көрсөтүү аркылуу аларды катуу алдоого ниеттенген жана акыры ошол арам оюн айлекерлик менен ишке ашырган
Башка бир аятта болсо Аллах Таала ошол окуя тууралуу мындай деп кабарлайт: “Акыры аны шайтан азгырып: “Эй, Адам! Түбөлүктүүлүктүн дарагын жана түгөнбөй турган жыргалды көрсөтөйүнбү? ”,–деди. (20:120)
Бул жерде “Түбөлүктүүлүктүн Дарагы” деп аталган дарак, балким, Ахмад бин Ханбал келтирген хадисте Абу Хурайра (р.а.) тарабынан, ал эми Муслим менен Бухари (аларга Аллах ырайым кылсын) келтирген хадистерде болсо Абу Саид Худри (р.а.) тарабынан кабардалган дарак болуусу да ыктымал: Абу Са’ид Худри (р.а.) Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегенин кабарлайт:
“Чындыгында, Бейиште (бир) дарак бар, анын (саябанынын бир четинен экинчи четине чейинки аралыктын узактыгы) тапталган күлүк ат менен жүз жыл (чаап) жүрүп (олтурса да) аягына чыга албай тургандай (кенен)”
Бул хадистин Бухари менен Муслимдин, экөөсүнүн тең “Сахихтеринде” кабардалгандай, Абу Хурайра (р.а.) нун сөзү менен келтирилген башка версиясында (Аллахтын Элчиси (с.а.в.) дын мындай дегени кабардалат):
(күлүк) атчан адам жүз жыл бою (чаап) жүрүп олтурса да анын көлөкөсүнөн чыгып кете албайт”.

#74 18 July 2014 - 22:25
окугам
кыргызча переводун окугам, орусчасы тушунуктуурок.
Мен Куранды арабча оозеки окуй алам мисалы стандартный бизде куран окугандагы фатиха, ихласты.
Бирок албетте ишенбейм. Более того бизде кыргыздар арабча окушат куранды, озу деле тушунбойт эмне деп окуп атканын
Бирок, ошону менен бирге, менде претензия жок мусулмандарга же ишенгендерге.
Ишене бергиле, маага баары бир лично. Болгону ошондойлор озунун догмасын башкаларга окута баштаганда, жиним келет, анан аларга жооп берууго аргасыз болом, а так мне ...
Сен эч бир динге ишенбейсинби ошондо Мысыкыкыкж88 ?
#75 19 July 2014 - 01:41
Менимче адам маймылдан жаралбаса да, маймыл сыяктуу болгон болсо керек. Илгери, илгери, илгери, илгери азыркыдай жылуу уй, жылуу кийим жок болгон. Жаздын кунундо да кийимсиз муздап каласын го. Андыктан алар качан сууктан озуну коргоп калганга чейин, денеси жундуу, тээриси маймылга окшош ысык суука чыдамдуу болуп жаратылса керек. Бирок, ал маймыл эмес акылы бар адам эле. Бара бара жундору тушуу менен тээрилери биздин териге окшошуп жатып кара, ак, сары деген тустор чыгышы мумкун. Анткени билесинер кун корбой бети жабылып турган нерсени кунго алып чыксан ал ар турдуу туско айланат.
Азыр эстей албай жатам куранда маймылга айлантырдык деген жери бар беле же адаштымбы? Билгендер тактап жазып койсонор.

#76 19 July 2014 - 03:22
Бизди бир гана Аллах таала топурактан жараткан ким ага ишенбесе куноо болот.
#77 11 January 2015 - 11:48
Тушунукту туура жеткиргиле,
бизди топурактан жаратты дебей адамды десенер туурарак болот, силердин жаралуунарга ата эне себепкер болбосо кайдан топурактан жаралдым дейсин.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#78 11 January 2015 - 11:59
Жин шайтандардын "доору"
бутуп, Аллахым Адам атаны топурактан жаратат да Периштелерге сажда кылгыла деп буйрук берет,ошондо шайтан буйруктан баш тартып мен оттон жаралсам топурактан жаралган Адамга эмнеге сажда кылам деп туболуктуу бейишин Кыяматка чейинки пендени азгырууга алмашып,Аллахтын каргышына калат. Андан сон Жаратуучу Адамдын кабыргасынан Обо ( Ева ) энени жаратып, Бейишке тушурот. Ал жерден шайтандын азгыруусуна кабылып, Бейиштен бул жалган сыноо дуйносуно тушурулот. Кыскача "жалпак"
тил менен айтканда ушундай. Пенденин жаралуу тарыхы.
#79 11 January 2015 - 13:02
Менимче адам маймылдан жаралбаса да, маймыл сыяктуу болгон болсо керек. Илгери, илгери, илгери, илгери азыркыдай жылуу уй, жылуу кийим жок болгон. Жаздын кунундо да кийимсиз муздап каласын го. Андыктан алар качан сууктан озуну коргоп калганга чейин, денеси жундуу, тээриси маймылга окшош ысык суука чыдамдуу болуп жаратылса керек. Бирок, ал маймыл эмес акылы бар адам эле. Бара бара жундору тушуу менен тээрилери биздин териге окшошуп жатып кара, ак, сары деген тустор чыгышы мумкун. Анткени билесинер кун корбой бети жабылып турган нерсени кунго алып чыксан ал ар турдуу туско айланат.
Азыр эстей албай жатам куранда маймылга айлантырдык деген жери бар беле же адаштымбы? Билгендер тактап жазып койсонор.
Азыр эстей албай жатам куранда маймылга айлантырдык деген жери бар беле же адаштымбы? Билгендер тактап жазып койсонор.
Газинин жаны теориясыбы?
#80 11 January 2015 - 13:04
Мыктыбек Арстанбек агабыздын берген жообу " Аллах адамды бир эле Адам алейхи салам менен Обо энени эле жаратып кою эмес, бугунку кундо да эненин жатынында тогуз ай бою ар бир адамды жаратып жатат!"

Супер-Инфо
super.kg
видео