Салам достор! Бүгүн мен силерге дагы бир оо жүрөгүмдүн түпкүрүндө жашаган сырымды айтайын деп чечтим... Башынан эле айтып койоюн мен атамды да, апамды да абдан жакшы көрөм алардын бар экенине шүгүр кылам, бирок бул нерсени унута албадым, суранаарым туура кабыл алып кеп-кеңешиңиздерди айтып кетиңиздер.
Анда эмесе тээ мындан 10 жыл мурунку кезге кайтайын. Ал кезде мен 7чи класста окучумун. Куз айы болчу, ошол күнү кандай аба-ырайы турганы да эсимде... Атам борборго командировкага кеткен эле үйдө биз ойноп жатканбыз бирөө келип апамды эшике чакырып чыгып кеткен, бир ааз убакыттан кийин апам келип эле өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти артынан улуу эжем кирип кеткен, мен бир аз убакыттан кийин сабака кийинип жөнөй баштагам анан апама кирип койоюн деп бөлмөсөнүн эшигине жеткенде эле апамдын ыйлаган үнү угулду, "мен канча чыдадым, канчасына көз жумдум, балдарды атасыз калтырбайын деп эч нерсе болбогондой болом, а бул дагы деле 6 балалуу болсо да койбоду, анан да кантип менден тиги аялын, андан балдарын жашырып жүрөт" деп ыйлап жатты. Мен билишим, угушум биринчи болчу, дароо эшикти ачып кирип келдим. Эжем "сабака кечигесиң, эмне жүрөсүң" деп кайра чыгарып салды. Жолдо кетип баратам, ыйлап алгам ойлор басты кантип эле? ата эмнеге? бизчи? эми бизди таштап кетесиңби? деген суроолор түгөнбөй койду. Сабака барып да ойлорумдун баары ушуга бурулат, ошентип уйго келдим. Келсем атам келиптир, "кайдагыны айтпагын, андай эмес, ар кимдин кебине ишене бересиң" деп кайра апамды урушуп жатыптыр, апам болсо ыйлап алган мени көрүп атам "балдарга деле уят кылдың" деп сыртка чыгып кетти. Мен атамын сөздөрүнө ишенип сүйүнүп алдым, демек бул жөн эле кеп экенда деп. Көрсө апама бир аял келип "жолдошуңуздун экинчи аялы бар, ал шаарда турат, ага да үй алып берген, андан 1 уул, 1 кызы бар, мен алардын кошунасы болом, сизди аяп айтып койууну чечтим" деп айтып кетиптир. А бир жолу анда 9ду бүтүп калдым эле, атамдын машинасын жууп, багажын жыйна жатып ак, сүрөт салган конвертке көзүм урунду, илгери ошентип пленкадан чыгарып алчу элебизго, мага кызык болду ойумда биздин сүрөттөрго деп ача калсам эле атам... мен тааныган эле бир аял менен паркта түшүптүр. көп экен, карап чыктым, алыстан атам келатканын угуп дароо ордуна салганга шаштым. Сыр билгизбедим,
эч кимге ошондон бери айтпадым, эжеме дагы, ага - инилериме дагы, озүмдүн ойумда эле сактап, эстеп алып ыйлап жүрдүм. Ал эже менин курбумдун атасынын карындашы болчу, бир турмушунан ажыраган эже болчу, ошондон кийин курбум билетда деген ой менен андан уяла берчүмүн, андан алыстап да кеткем. Чоңойгон сайын көп нерсени түшүнө баштадым, апамдын аракети чоң бизде, атамды азыр элдин арасында кадыр барктуу кылган да апам, эсимде биз кичинебизде баарыбызды уктатып койуп жумуштарын бүтүрчү, атам түнкү саат 3тө кишилер менен келседа кабагым кашым дебей, күлүп-жайнап,
ак дастаркон менен тосуп алчу. Ал окуядан кийин деле мен кообун уктум "тигил аял менен, бул аял менен" деген сөздөрдү андан да улуу эжеме "сага куйуп койгондой бир кызды көрдүм, бирок ал кичинерээк экен" деп көп айтышат. Бирок атама бир да жолу көзүмдү көтөрүп айта алган эмесмин. Апамды азыр түшүнөм алтообузду атасыз калтырбайын деп жашап келгенин, мен болсом деле балдарым үчүн ошол жорукка бармакмын. Атам ак көнүл, шайыр, алаканы ачык киши. Бизге мыкты эле ата, бирок бул нерсе жүрөгүмдө калып калган, эжем да "баарына ыраазымын, бирок атамдын ошол жоругуна капа болом" дейт. Бир жагынан сүйүнчүмүн ичип келип, кол көтөрүп турса эмне кылмак элек деп, тескерисинче атам бир да жолу кол көтөргөнүн көргөн эмесмин. Анан да ой басат ошол балдары кайда экен деген, бул жөн эле кеп экенине жөрүгөм ишенбейт. Бул сырымды бул жака жазаардан мурда көп ойлондум анан баары бир ушунча жашка чейин эч кимге айта албасамда бул жака жазып жеңилдөөнү чечтим. Билем меникинен да кыйын тагдырлар бар, кантсе да болгон сырымды жазып койдум..... Катуу сын-пикирге албаңыздар.
Ата сиз мыкты атасыз, бирок..........
#2 18 July 2014 - 11:18
акылай эже амансызбы? ооба атанызды жакшы корунуз, жаман корсонуз сизге жакшы атаны ким берет эле. сабырдуу кыз экенсиз ошончо нерсени билип туруп эчким менен сырдашпасаныз.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#3 18 July 2014 - 11:43
Сыр сактап жургонунуз бул эн соонун аял киши амалдуу деген соз чында аялдар эркекетин башын оной эле айландырып алат.Ата Эне бул табылгыс бакыт сылап сыйпаласанда таппай турган адамдар баары артты калыптыр эн башкысы атаныз озунуздор менен экен ушуга суйунунуз ошон учун айтатда эшендуу жынжырлар бир болсун деп
#4 18 July 2014 - 11:59
Каттуу сын пикирге албаймго.Бирок апакенди аяп кеттим.Байкуш тун уйкусунан ажырап ,6 баланы тарбыялап жатса,атандын ага кылган жакшылыгы ушул экендааа.
Бирок апанды урбай сокпой силерди таштабай бакканы жакшы экен.Жашоодо кандай гана окуялар болбойт,ошон учун пендебиз ката кетиребиз.
Автор алтындай болгон апакенди ошол эле атандыда сыйла,алар силер учун баарына даяр.Ата-энесиз жашоомду бир мунотда элестете албайм.
Бирок апанды урбай сокпой силерди таштабай бакканы жакшы экен.Жашоодо кандай гана окуялар болбойт,ошон учун пендебиз ката кетиребиз.
Автор алтындай болгон апакенди ошол эле атандыда сыйла,алар силер учун баарына даяр.Ата-энесиз жашоомду бир мунотда элестете албайм.
#5 18 July 2014 - 12:03
Атанар силерди эч нерседен кем кылбаса, урушпаса, жаман сөз сүйлөбөсө, силерге мыкты ата болсо бул теманы козгоонун кажети жок. Жаңылбаган ким бар? Эң негизгиси атаңар силер менен экен го, апаңардын сабырына береке, азамат аял экен!
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#6 18 July 2014 - 12:18
Не кыжылуй, ойлоно турган нерсени эч эле көргөн жокмун. Бирок, эгер чын болсо ачыгын айтып силерди катташтырып койсо дале болмок экен.
#7 18 July 2014 - 12:26
Менин айтаарым кыргыз элибизде бир жакшынакай макал бар го "Ат айланып казыгын табат"-деген.
Баарибир кайра келет. Азыркы кундо коп эле эркек изменага барып атпайбы. Албетте мудурулбогон туяк,жанылбаган жаак болбойт. Акырында акылына келгени бул чон жетишкендик.
Кеч болсо да Аллахтын аны ондогону. Куннолорун Аллах озу кечирип, туз жолго салуучу.
Тиги апанызга айткан аял, балким ал шуркуянын озу эле болгондур. Ошентсем аялы ажырашат деп ойлогондур. Эмнеси болсо да апаныз акылдуулук менен, сабырдуулук менен женип, 6баланы аман-эсен эрезеге жеткириптир. Атанызды да жек корбой урматын жайына коюнуз.Ал да адашкан.Кээбирки жиркенч,ичкич аталарга караганда жакшы эле ата экен.Ата-энебиз биздин байлык.Ошондуктан алардын ыраазычылын алууга шашыныз.
Тиги апанызга айткан аял, балким ал шуркуянын озу эле болгондур. Ошентсем аялы ажырашат деп ойлогондур. Эмнеси болсо да апаныз акылдуулук менен, сабырдуулук менен женип, 6баланы аман-эсен эрезеге жеткириптир. Атанызды да жек корбой урматын жайына коюнуз.Ал да адашкан.Кээбирки жиркенч,ичкич аталарга караганда жакшы эле ата экен.Ата-энебиз биздин байлык.Ошондуктан алардын ыраазычылын алууга шашыныз.
Не скажи Аллаху что, у тебя есть проблемы. А скажи проблемам что, у тя есть- Аллах!
#8 18 July 2014 - 12:31
Жок атамды жек көрбөйм, атам "кызым"
деп сүйлөгөн сайын кубанам атам бар экенине. Ушул убака чейин эч кимге айтпай келгенмин, ошондуктан жазып койдум.
Жашоо уйкуну сүйгөндөр үчүн эмес!
#9 18 July 2014 - 13:05
Апандын сабырына береке. Сен да азамат кыз экенсин. Ушунча жыл бул сырды сактап жүргөн. Эң негизгиси атаң башкага бүтүндөй кетпегени. Демек, сыйлоого татыктуу. Ал эми тиги балдары жөнүндө ойлобой эле койгонуң оң. Эгер чын эле бар болсо кези келип атаң озү айтаар.
#10 18 July 2014 - 13:23
Жогорку кенешке депутат болсом уй булолуу эркектер менен жашап алган аялдарга каршы мыйзам чыгармакмын.
#11 18 July 2014 - 13:48
Атан бар экенине ыраазы бол! Атан ошол аял деп силерди таштабаганына шугур кыл. Атанды жаман коргонун менен эч нерсени озгорто албайсын. Кээ бирлери экинчи аялы учун биринчи аялын балдары менен таштап кетип жатпайбы, андайларды угуп эле журобуз го. Атан эки жакты тен кем кылбай, багып жатканы жакшы. Ал сыры бир кун болбосо, бир кун баарына билинет. Туура эле кабыл алып, атаны тушунгонго аракет кыл. Ата-энен бирге болсо силердин бактынар!
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#12 20 July 2014 - 09:59
Балким курбунуздун эжесин териштирип,
бул сырдын туйуно жетээрсиз, сыр билгизбей. Адресин билип, жон эле барып караштырып коюнуз, бул жонундо эчкимге айтпай эле коюнуз!
#13 20 July 2014 - 10:31
Эгер атан ал алган аялын адалдап алса эн соонун корунуш буга эч кандай кайгыруунун кереги жок деп ойлойм. Анан да баягы бир эле аялы менен жашап аны да жакшы карабагандан коро мин эсе артык эгер чындап эле сен айткандай уй булоосун жакшы караса.мындай эркекти жакшы жагын айтыш керек.Эми аялзаты ошондой болуп кызганып турбаса жашоо кызыксыз болуп калат.
#14 20 July 2014 - 11:17
Атаң жакшы адам ,апаң акылдуу аял экен . Жашоодо эмнелер гана болбойт
. Убакыт сааты келип , балким баары ачыкка чыгат .
Аял катары , апаңдын ошол аялдан уккан мезгилдеги абалын элестетип аяп кеттим . Жүрөгү тызылдап алса керек
. Эң негизгиси атаң силер менен турбайбы , мына ошонун өзү жетиштүү .
Эгер ал аялынан чын эле балдары болсо , балдары сумсайып жүрүшкөндүр :
- эмне үчүн атам биз менен жашабайт - деп жатышкандыр ? ! ......
Көрсө мына ушул ТУРМУШ турбайбыыыы , - деп гана кала беребиз .
Аял катары , апаңдын ошол аялдан уккан мезгилдеги абалын элестетип аяп кеттим . Жүрөгү тызылдап алса керек
Эгер ал аялынан чын эле балдары болсо , балдары сумсайып жүрүшкөндүр :
- эмне үчүн атам биз менен жашабайт - деп жатышкандыр ? ! ......
Көрсө мына ушул ТУРМУШ турбайбыыыы , - деп гана кала беребиз .
#15 20 July 2014 - 13:47
Эч нерсе деп кенеш бере албайм,анткени менин атамдын кылгандарынын астында сиздин атаныздын кылганы эч нерсе болбой калат. Сизге озумдо тилеген нерсени сабырдуулук жана кечиримдуулук тилейм.
Внешность - это козырь , но не туз…
#16 21 July 2014 - 00:34
Жок атамды жек көрбөйм, атам "кызым"
деп сүйлөгөн сайын кубанам атам бар экенине. Ушул убака чейин эч кимге айтпай келгенмин, ошондуктан жазып койдум.
. " Акылай акылдуу кыз жана озун озу башкара билет. Эрки кучттуу аял заты" мынаке сага берген муноздомом. Озуно бап келди.
. Уй булолук бакыт каалайм!
#17 21 July 2014 - 08:47
Рахмат баарыңыздарга!
Мага убактыңыздарды бөлүп, кеп-кеңешиңиздерди берип кеткениңиздерге чооң рахмат. Көптөн бери эч кимге айта албай келген сырымды айтып, жеңилдеп анан да ар түрдүү кеңештерди алдым рахмааат.
Жашоо уйкуну сүйгөндөр үчүн эмес!
#18 21 July 2014 - 11:21

Супер-Инфо
super.kg
видео


















