Суперстан: Жаңылыктар, имиштер сыяктуу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаңылыктар, имиштер сыяктуу. Чын же калп экенин талкуулайбыз.

#261 Пользователь офлайн   Daud   22 Апрель 2014 - 01:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Холодильник боюнча айтылган создор жалган экен. Уюштурулган афера. Андыктан абайланыздар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#262 Пользователь офлайн   kanat4ik   01 Июнь 2014 - 20:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ысык-Ата районунда 30-май күнү саат 18:23 чамасында Бишкек- Нарын- Торугарт айлампа унаа жолунда жол кырсыгы болду.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#263 Пользователь офлайн   kanat4ik   01 Июнь 2014 - 20:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек
Жээнбеков 30-майда Орусиянын
Федералдык миграция кызматынын
жетекчиси Константин
Ромодановскийди кабыл алды.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#264 Пользователь офлайн   kanat4ik   01 Июнь 2014 - 20:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

30-майда болгон катуу шамалдан улам Бишкектин Москва -Үмөталиев
көчөлөрүнүн кесилишиндеги
аялдаманын үстүнө чоң дарак кулап
түшүп, бир адам каза болду.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#265 Пользователь офлайн   kanat4ik   01 Июнь 2014 - 20:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Манасчы Жусуп Мамайга «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#266 Пользователь офлайн   kanat4ik   01 Июнь 2014 - 20:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

30-майда Президент Алмазбек
Атамбаев «Көзөмөлчүлүк кеңеши
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына кол койду.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#267 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   19 Июль 2014 - 23:09

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

ИИМдин маалыматына ылайык,
соңку учурда курал
колдонулган кылмыш көбөйдү.
Айрыкча жаштар арасындагы
чатакта курал, анын ичинде
травматикалык тапанча кеңири
колдонулууда.
Өткөн айда Жалал-Абад шаарында
жаштар арасындагы чатакта
травматикалык тапанча
колдонулган эки факт катталды.
Биринчи окуя 6-июнда түнкүсүн
шаардагы көчөлөрдүн биринде
орун алды. Экинчиси 24-июнда
болду. Облустук милициянын
оперативдүү кызматкеринин
билдиришинче, бул эки окуяга тең
катышкан балдар аныкталды:
- Жалал-Абад шаарында “Тянь-
Шань” эс алуу борборунда Бектур
Маматеминовду Баястан Караев
деген бала Мунарбек Бабаев деген
досу менен келип травматикалык
тапанча менен эки ирет атып,
денесине залал келтирген. Бул
факт боюнча шаардык ички
иштер бөлүмү тарабынан “адам
өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси
менен кылмыш иши козголгон.
Бул бир эле факт эмес. 6-июнда
шаардагы Красина көчөсүндө да
ушул эле жаш балдар бири-бирин
травматикалык тапанча менен
атышкан.
Оперативдүү кызматкер мындай
кылмыш иштер болоор-болбос
нерседен, кайым айтышуудан
тутанып жатканына токтолду:
- Жыйырма жаштардагы, эч
кимиси үйлөнүп, үй-жай күтө элек
мектепти жаңы эле бүткөн балдар.
Эмне себептен бири-бирин атты
деп анализдей келсең, болбогон
бир-эки сөз боюнча чатакташып,
“сен эмнеге бул жакта мындай деп
койдуң, эмнеге ошондо мындай
деп жооп бердиң” деп ушундай
чоң окуяга айланып кетип жатат.
Азыр бул фактыларды иликтөө
уланууда. “Тянь-Шань” эс алуу
борборунда травматикалык
тапанча колдонгон деп шектелген
Баястан Караев 14-июлда үй
камагына чыгарылды. “Адам
өлтүрүүгө аракет кылган” деген
айып тагылган Караевдин үй
камагына чыгышы
нааразылыктарды да жаратты. Бул
ишти карап, баш коргоо чарасын
өзгөрткөн Жалал-Абад шаардык
соттун төрагасы Сулайманкул
Атакулов “Азаттыкка” түшүндүрмө
берди:
- Мен аны актаган жокмун, үй
камагына чыгардым. Сот процесси
башталганда биз бул ишти
карайбыз. Экинчиден, кылмыш
иштин ичинде жабыр тарткан
тараптын арызы жок. Ошону
менен бирге эле жабыр тарткан
эки адам тең дароо эле тосмо
арыз жазып беришиптир. Иштин
ичинде ушундай болгон үчүн мен
үй камагына чыгарып койдум.
Ошол эле факт боюнча кылмышка
шектелгендин шеригин алып
келишти. Бирок анын
камалышынын мыйзамдуулугун
гана текшерүүгө алып келишти .
ИИМдин маалымат катчысы
Жоробай Абдраимов курал
колдонулган кылмыштар боюнча
маалымат берди:
- Быйылкы жылдын алты айында
Кыргызстанда курал колдонуу,
анын ичинде сайлуу мылтык,
сайсыз мылтыктар, бычак өңдүү
куралдарды колдонуу менен 22
кылмыш катталды. Сайлуу курал
колдонулган кылмыштар былтыркы
жылдын ушул убагына
салыштырмалуу 22,2 пайызга
азайган. Бирок сайсыз куралдарды
колдонгон кылмыштар былтыркыга
салыштырмалуу 50 пайызга көп.
Ок атпай турган куралдар
колдонулган кылмыш 16,6 пайызга
көп.
Айрым байкоочулар куралга үйүр
жаштар көбөйүп жатканына
камтама болуп жатышат. Быйыл
жыл жаңырган түнү Бишкектеги
кафелердин биринде жаштар
арасында чатак чыгып, анда
“Алтын үн” ыр фестивалында
Гран-при алган 17 жаштагы
Темирлан Мукашевди
травматикалык тапанча менен
көзгө атып кетишкен. Желим октун
айынан ырчынын сол көзү агып
калган эле.
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#268 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   21 Июль 2014 - 01:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

Израил армиясы Газадагы
согушкерлер топтолгон деп
шектелген жайларды кайрадан
бутага алды. Палестинанын
медицина өкүлдөрү чабуулдан 87
адам өлгөнүн билдирүүдө. Израил
жана “Хамас” уюму жекшембиде
эки сааттык гуманитардык
тыныгуу, ок атышууну токтотууну
макулдашышкан, бирок андан бир
нече мүнөт өтпөй аскердик
эрегиш кайра улантылды.
Израилдин премьери Беньямин
Нетаньяху анын өлкөсү аскердик
аракеттерди өз аймагына
урдурулган ракеталык
чабуулдардан улам баштоого
аргасыз экенин кайталады.
Израил армиясы бардыгы 18
аскерин жоготконун билдирди.
Палестина тараптын өкүлдөрү
Газа тилкесинде өлгөндөрдүн сөөгү
көчөлөрдө жатканын, чабуул
улантылып жаткандыктан аларды
алып кетүү кыйындыгын
айтышууда.
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#269 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   21 Июль 2014 - 18:03

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

Баткен облусунун Жылуу-Суу
аймагында авиабомба табылды.
Бул тууралуу бүгүн Чек ара
кызматынан кабарлашты. Учурда
ал жерде ыкчам топ иштеп жатат.
Фугастык авиабомба «Кожо-Ачкан»
чек ара тозотуна караштуу жерден
табылганы айтылды.
Авиациялык бомба учактан
ыргытылат.
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#270 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   23 Июль 2014 - 01:58

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк
коалицияны түзгөн Социал-
демократтар, “Ата Мекен” жана
“Ар-Намыс” фракцияларынын
лидерлери өкмөт башчы Жоомарт
Оторбаевге кайрылып Ош жана
Жалал-Абадды калыбына келтирүү
дирекциясынын мурдагы
жетекчилеринин жоопкерчилигин
кароону суранды. Бул тууралуу
коалиция бүгүн тараткан
билдирүүдө айтылат.
Андагы маалыматка ылайык, буга
чейинки коалиция экс-премьер-
министр Жантөрө
Сатыбалдиевдин дирекцияны
башкарып тургандагы мыйзамсыз
иштеринен улам тараган. "Бирок
буга карабай Сатыбалдиев менен
бирге дирекцияда жооптуу
кызматтарды ээлеп турган 12 адам
азыр да жогорку кызматта экенин"
коалиция өкүлдөрү тынчсыздануу
менен билдирген. Мисал катары
өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү
Жусупжан Жээнбеков, өкмөт
аппаратынын жетекчи орун
басары Кадаңбай Бактыгулов жана
Каржы министрлигинин баалуу
металлдар департаментинин
башчысы Молдобазар
Эркебаевдин ысымдары
келтирген. Мындан улам фракция
лидерлери Оторбаевден аталган
жетекчилерди кызматтан алууну
жана жоопкерчилигин кароону
суранды.
Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды -
ынтымак” коалициясы 18-мартта
таркаган. Ага “Ата Мекен”
фракциясынын "өкмөт башчы
Жантөрө Сатыбалдиев бул
кызматты аркалоого моралдык-
саясий укугу жок" деген жүйө
менен коалициянын курамынан
чыгып кетиши себеп болгон.
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#271 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   09 Август 2014 - 22:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

Мамлекет башчысы Алмазбек
Атамбаевдин бир тууган агасы
Калыйбек Шаршеновго
жыйырма жыл мурун козголгон
кылмыш иши кыскарды.
Президент буга кийлигишкен соң,
ал иш кайра жанданып,
Шаршенов үй камагына алынган.
Андан соң ал көптөн бери өнбөй
келген доону жабырлануучуларга
кайтарып берген. Бул тууралуу
жергиликтүү маалымат
агенттиктери Ички иштер
министрлигине шилтеме берип
жазып чыгышты. Президенттин
бул кадамын айрымдар
мыйзамдуулукту сактоодогу үлгүлүү
сапат катары карашса, кээ
бирлери саясий беделин
көтөрүүгө жасаган популисттик
кадам катары баалашууда.
Президент тууганчылыктын
“туусун сындыра” алдыбы?
Президенттин бир тууганы
Калыйбек Шаршеновду орусиялык
чек арачылар Москвадан
Бишкекке учарда кармашкан. Буга
20 жыл илгери козголгон иш
боюнча анын издөөдө экени негиз
болгон.Териштирүүдөн соң ал
бошотулуп, ошол күнкү рейс
менен Бишкекке учуп келген.
Кийин ал маалымат Ак үйгө
жетип, Атамбаев ишти
териштирип, агасына мыйзам
чегинде чара көрүүнү буюрган.
Эске сала кетүүчү жагдай, 1994-
жылы “Адис” фирмасынын
кожоюну ири суммадагы карызды
кайтарбай койгон факты боюнча
шаардын Октябрь райондук
милициясы Калыйбек Шаршеновго
иш козгогон. Көп жыл унутта
калган мына ошол иш кайра
жанданып, президенттин тууганы
соттун чечими менен бир ай үй
камагында отурду.
Бишкек шаардык ички иштер
башкы башкармалыгынын
башчысы Мелис Турганбаев
тууганчылык менен
жердешчиликтин кесепеттерин
жеңүүдө президенттин бул кадамы
көп жетекчилерге үлгү болорун
кошумчалады:
- Өлкө башчынын ушундай кадамы
кеңири жайылса . “Бөтөндөр
коркуш үчүн, өзүңдүкүлөрдү
биринчи ур” деген принцип
иштеш керек. Анан эми
бардыгыбыз тууган-туушкан деп
жашырып отура берсек,
оңолбойбуз да. Кайсы бир чоңдун
тууганы кандайдыр бир кылмыш
кылса, аны аяп отуруштун кереги
жок. Тууганчылык менен
жердешчилик жыйырма жылдан
бери чырмалышып отуруп, чегине
жетип калыптыр да. Бирдеме
болсо эле эл чогулта коюп эле,
соттун ордуна чечим чыгарып
жатышпайбы. Анан эми
кылмыштуулук менен күрөш
баштасаң эле аяк-быяктан
чалдырып, ишке киришкенди
токтотсок болот эле.
Доонун себеби кыйынчылыкпы
же шылуунчулукпу?
Жакында үй камагындагы
Калыйбек Шаршенов мурунку
соода өнөктөштөрүнө карызын
кайтарып берген. Андан соң
жабырлануучу тарап доодон баш
тартып, аталган кылмыш иши
кыскарды. Атамбаевдин бир
тууганы Калыйбек Шаршенов
“Кыргыз жер” деген фирманын
башчысына 56 миң сом, ысымы
белгисиз Кытай жаранына 10 миң
доллар карызын жыйырма жылдан
бери бербей жүргөн. Шаршенов
тергөөдө айыбын моюнга
албастыгын айтып, карыздын
топтолуп кетиши боюнча өзүнүн
жүйөсүн келтирген. Айыпталуучу
ал иштин жабылбаганын жана
издөөдө жүргөнүн бир ай мурун
Москвадагы аэропорттон гана
билген.
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#272 Пользователь офлайн   Aygul   10 Август 2014 - 09:19

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 700
  • Катталган: 06 Апрель 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 12:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Супер"Кыргыз"стан

Мунун баары имишпи же чын элебы?
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#273 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   13 Август 2014 - 01:14

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

Эбола вирусунун алдын алуу
боюнча Кыргызстандын
Мамлекеттик санэпидем
кызматынын алдындагы өзгөчө
коркунучтуу карантиндик
жугуштуу оорулар бөлүмү да
атайын иштерди аткарууда.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо
уюму кабарлагандай, Батыш
Африкада жайылып жаткан бул
вирустан каза тапкандар саны 11-
августка карата 1013кө жетти.
Алар - Гвинея, Либерия, Сиерра-
Леон, Нигериянын жарандары.
Бул өлкөлөрдүн бийликтеринин
эсебине караганда, эбола вирусун
дагы 1850дөй киши жуктурду деп
шектелүүдө.
Европа жана Америкада Африкада
саякаттап келген кишилер катуу
көзөмөлгө алынып, ооруп
калгандары карантинге
жаткырылууда.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо
уюму эбола вирусунан сактануунун
жол - жобосу айтылган
видеотасманы интернет сайттарда
массалык түрдө таратып жаткан
кези.
Бул вирустун алдын алуу боюнча
Кыргызстандын Мамлекеттик
санэпидем кызматынын алдындагы
өзгөчө коркунучтуу карантиндик
жугуштуу оорулар бөлүмү да
атайын иштерди аткарууда.
Аталган бөлүмдүн жетекчиси
Абдыкадыр Жороев чек ара
бекеттеринде вирусту текшерүү
иши күчөтүлгөн режимде жүрүп
жатканын маалымдады:
-Ушул ооруну Кыргызстандын
аймагына алып келбөө жаатында
акыркы айда эле бир топ иштер
жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө
мамлекеттик чек ара
бекеттериндеги санитардык
көзөмөл кызматкерлеринин
жумушун күчөттүк. Бардык жерде,
авиа, авто жана темир жол
байланышынын кесилиштеринде,
өтмөктөрүндө биздин
кызматкерлер күчөгөн тартипте
иштешүүдө.
Эболаны жуктурган адамда алгач
дене табы капилет көтөрүлүп,
шалдырап, булчуӊдар сыздап
ооруп жана тамактын сезгенүүсү.
Лабораториялык анализде кандагы
ак клеткалардын азайып кетүүсү
жана боордогу иштеп чыгаруу
затынын төмөндөөсү байкалат.
Оорунун инкубациялык, же
жуккандан кийин билинбей турган
убактысы 2-21 күн. Дартка
чалдыккан киши менен тыгыз
байланышта болгондо бул илдет
аба аркылуу жугат. Эболанын так
диагнозу лабораториялык
анализден кийин гана билинет.
Сактануунун жолдорун адис
Жороев мындайча эскертти:
- Жарандарыбызга Африка
өлкөлөрүнө өтө зарыл иши
болбосо барбай турса деп
сунуштайбыз. Эгер кокус барып
калган болсо, эл көп чогулган
жерлерден оолак болуп, беткап
кийип, өздүк гигиенаны сактап
жүрүшсө. Эгерде ооруп калса
сөзсүз түрдө ошол жерде болобу,
же Кыргызстанга кайтып келип
калса өз убагында медицина
мекемелерине кайрылышы зарыл.
Дүйнөдө азырынча вируска каршы
лицензияланган вакцина жок
жана аны дарылоонун ыкмалары
да иштелип чыга элек.
Бирок бейтаптардын үчөө
тажрыйба иретинде даярдалган
дарыны алышты. Либерия сынала
эле тажрыйба дарынын дозалары
өлкөгө ушул аптада келерин
билдирүүдө.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо
уюму эбола вирусун саламаттыкты
сактоо чөйрөсүндөгү глобалдык
коркунуч катары баалап жатат
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#274 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   13 Август 2014 - 01:16

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

Просмотр сообщения Aygul (10 Август 2014 - 09:19) жазган:

Мунун баары имишпи же чын элебы?

Чын маалыматтар.
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#275 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   15 Август 2014 - 14:52

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

Экономика министрлиги
Кыргызстанга ташылып жаткан
машиналарга бажы төлөмүн
жогорулатуу боюнча долбоорду
коомчулукка сунуш кылды.
Ага ылайык, бажы төлөмү
сентябрдан баштап ар бир
автоунаа үчүн азыркыга караганда
орточо 200 долларга кымбатташы
мүмкүн. Ал эми жаңы жылдан
тарта бажы төлөмдөр эки эсе
жогоруламакчы. Бул өз кезегинде
машина базарды дүрбөлөңгө
салып, алармандардын катарын
калыңдатты. Экономика
министрлиги бажы төлөмүн
баскыч-баскыч менен көтөрүүнү
Кыргызстандын Бажы
биримдигине киргени жатканы
жана төлөмдөрдү бара-бара
уюмдун ички ченемине теңөө
катары түшүндүрүүдө. Башкача
айтканда, Кыргызстан Бажы
биримдигине кире турган болсо,
унаалар үчүн бажы төлөмдөрү
аталган уюмдун ченем-шарттары
менен алына баштамакчы.
Ош облусунун тургуну Каныбек
Искаков Бишкекке атайын келип,
өзү үчүн сатып алууга автоунаа
издеп жүргөн чагы. Ал унаа
базардагы байкоолорун ортого
салды.
- Бажы биримдигине кирсек,
машина кымбаттап кетет, азыр
алып калалы деген адамдар көп.
Чындыгында эле бааны мурдагыга
караганда кымбаттатып
жиберишиптир. Сентябрда бажы
төлөмү 10 центке кымбаттайт
турбайбы. Биз ошого чейин
машина алып калалы деп
жатабыз.
Кыргызстанда жай мезгилинде
тыным алып, соодасы солгундай
түшчү машина базар адатта
сентябрга барып кайра жанданчу.
Бирок быйыл али жай мезгили
экендигине карабай, унаа
базардын соодасы кызып турган
учур. Жубайына машина издеп
жүргөн бишкектик Мирлан да
базарда машина кымбаттаганын
байкаган. Бирок ал бажы төлөмүнө
байланыштуу чайкоочулук кылып
жаткандар бар деген ойдо.
- Көп адамдар бажы төлөмү
кымбаттаса машинанын баасы да
өсөт деп айтып жатат. Бирок бажы
төлөмүнө байланыштуу
имиштерди көбүртүп, бааны
жасалма да көтөрүп жатышат
окшойт. Мындан эки-үч жумага
караганда эч кандай себеби жок
эле бааны 200-300 долларга
көтөрүп жиберишиптир.
Базарда машина кымбаттаганын
сатармандар да белгилешүүдө.
Алардын айтымында, буга
өкмөттүн 1-сентябрда
машиналарга бажы төлөмүн
көбөйтүү демилгеси жана 1-
январдан тарта Кыргызстан Бажы
биримдигине кирет деген сөздөр
себеп болууда. Сатарман Улан
Кабылбеков 1-январга карата
бажы төлөмү эки эсе көтөрүлсө,
карапайым элдин машина алуусу
кыйын болот деген ойдо. “Ошон
үчүн учурда машина сатып алууга
шашкандар бар”,- дейт унаа
сатуучу.
- Базарда машинанын баасына
байланыштуу дүрбөлөң түшкөндөр
бар. Анткени машинанын бажы
төлөмү эки эсе көтөрүлөт деп
жатышат. Анда карапайым эл эле
кыйналат. Малын, эгин-тегинин
сатып, бир машинага акча
топтосо, бул жакта болсо бажы
төлөмүнө байланыштуу
машинанын баасы көтөрүлүп
кетсе. Байларга болсо айырмасы
жок, алар ала берет.
Экономика министрлиги 1-
сентябрдан Кыргызстанга
ташылып жаткан машиналардын
бажы төлөмүн ар бир кубуна 10-15
центтен көтөрүү демилгеси менен
чыкты. Маселен, 2005-жылы
чыгарылган, кыймылдаткычынын
күчү 200 миң куб болгон унаанын
бажы төлөмү азыркы учурда 800
доллар, 1-сентябрдан тарта ал
1000 доллар болот. Ал эми 1-
январдан кийин ушул эле
унаанын бажы төлөмү 2 миң
долларга чыкмакчы. Бажы
төлөмүнүн жогорулашы
унаалардын баасына таасир этери
бышык.
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#276 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   16 Август 2014 - 20:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

Миңдеген адамдын өмүрүн
алган эбола вирусунан улам
Кыргызстандын Тышкы иштер
министрлиги өз жарандарын
Африка өлкөлөрүнө убактылуу
каттабай турууга чакырды.
Бул аралыкта дүйнөнүн башка
бурчунда бүлүк түшүрүп жаткан
вирустан Кыргызстанда туруп
чочулаган жарандарыбыз да бар
экен.
Эбола тууралуу маалымат
коомчулукка тарагандан тарта, эл
арасында аталган вирус банан
аркылуу жугат деген имиш пайда
болгон. Бул тууралуу Ош
базардагы сатуучулардан сурап
көрдүк.
- Банан 20 сомдон, 15 сомдугу да
бар. Меники Кытайдыкы эмес,
Эквадордуку.
- Банан Африкадан келет, оору
жугузуп алам деп албай койгондор
барбы?
- Мындан 10-15 күн мурда банан
алгандар чындыгында азайган.
Сатып алуучулар бири-бирине
банан алба, оору жугат деп айтып
жатканын уккам,- деди атын
атагысы келбеген сатуучу.
10 жылдан бери бул тропикалык
жемишти саткан Ракыя болсо
суроо-талаптын азайышын
Африкада күчөп жаткан жугуштуу
илдетке эмес, жайкы сезонго
байланыштырууда:
- Эл жакшы эле алып жатат. Эми
азыр сезон жок, ошон үчүн баасы
төмөндөп кетти. Күздөн тарта
кайрадан сатып алуучулар
көбөйөт. Бир кутусу азыр 1500 сом
болсо, сезон учурунда 2000 миң
сомго чейин жетет.
Эбола жаныбарлар аркылуу
жугат
Кыргызстандыктар үчүн эбола
вирусу азырынча коркунуч
туудурбаганы менен, бир топ
тийиштүү чаралар көрүлүп
жаткандыгын Саламаттыкты сактоо
департаментинин Карантин жана
өзгөчө кооптуу оорулар
борборунун башчысы Нурболот
Үсөнбаев билдирди:
- Азырынча Кыргызстандан күмөн
санаткан бир да учур каттала
элек. Бирок ага карабай биз
"Манас" аэропортунда туруп
Кыргызстанга вирус тараган
өлкөлөрдөн келген турист,
студенттерди текшерип жатабыз.
Андан сырткары, атайын
туристтик агенттиктер менен
сүйлөшүп, тыштан келгендерди
Кыргызстандагы даректеринен
бери алып текшерүү жүрүп жатат.
Ошондой эле дарыгерлерге да
вирус тууралуу маалыматтарды
берип, түшүндүрүү иштери
жүрүүдө.
Аталган департаменттин
маалыматына караганда, жер-
жемиш алууда эч кандай
кооптонуунун кереги жок. Себеби,
вирус адамдарга жаныбарлардан
же алардын этин жегенде жукканы
аныкталган. Ал эми бейтаптан соо
кишиге кан, шилекей, идиш,
тамак-аш аркылуу жугат. Ошондой
эле, вирус тараган өлкөлөрдөн
жер-жемиш, азык-түлүктөрдү
импорт кылууга тыюу салынган,
атүгүл эбола вирусу катталган
өлкөлөрдүн спортсмендери чет
мамлекеттерде өткөн мелдештерге
катыша албайт.
Мындан бир жума мурун Дүйнөлүк
cаламаттыкты сактоо уюму
Женевада шашылыш өткөрүлгөн
эки күндүк жыйындын
жыйынтыгында, эболанын мындан
ары жайылышы олуттуу
кесепеттерге алып келерин айтып,
коңгуроо каккан. Мындан улам,
Кыргызстандын Тышкы иштер
министрлиги өз жарандарына
вирус тараган өлкөлөргө убактылуу
чыкпай туруусун эскертти. Бул
тууралуу аталган министрликтин
маалымат катчысы Турдакун
Сыдыков мындай деп билдирди:
- Тышкы иштер министрлиги
вирус тараган мамлекеттерге
барып жаткан биздин
жарандарыбызга бардык
санитардык жана гигиеналык
нормаларды сактоого, жергиликтүү
калк менен болгон байланышты
кескин түрдө кыскартып, же
убактылуу Батыш Африкадагы
эболанын очогу болгон Сьерра-
Леоне, Либерия, Нигерия жана
Гвинея мамлекеттерине баруудан
баш тартууну сунуштап, эскертет.
Эпидемиологдордун тыянагына
караганда, эбола вирусу
экваториалдык Африканын
тропикалык токойлорунда
жашаган жарганаттардан жугуп,
бир учурда эле чума сыяктуу тез
тарап кеткен. Биринчи жолу бул
жугуштуу илдет 1976-жылы Заирде
чыгып, кийинчерээк Конго, Уганда,
Түштүк Судан сыяктуу өлкөлөрдүн
санитардык акыбалы начар
аймактарында катталган. Батыш
Африкада быйыл биринчи жолу
катталды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо
уюмунун маалымдашынча, эбола
вирусунан быйылкы февралдан
бери 1050дөн көп адам апаат
кетти. Вирус жукту деп
шектелгендердин саны 2 миңге
чамалайт.
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#277 Пользователь офлайн   AZIK01   17 Август 2014 - 13:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Мен сыйлаган саясатчылардан бири Грузиянын мурдакы президенти Михаил Саакашвили' ге мамлекет ичинде кыдыруу жарыяланыптыр. Ал өткөн жылдагы президент инаугурациясидан кийин мамлекеттен чыгып кеткен. Ошондон кийин ага үч кылмыш иши козголгон.
Ал мамлекетке кайтып келип, айыбы далилденсе 10 жылдын 15 жылгы чейин камалышы мүмкүн экен.
Коюлган айыптар:
1) 5млн долларды мыйзамсыз иштеткениги үчүн;

2) 2007-жылдын 7-ноябрындагы Тбилисте митинке чыккан чыккандарды күч менен бастыргындыгы үчүн;

3) Грузиянын экс депутаты Валерий Гелашвилини токмоктогону үчүн;

Бирок, экс президентти эл аралык издөөгө берген эмес. Ошондуктан чет элде кеңири эле жүрөт.
Ушунчасына да шүгүр кылбай, издөө салганы кыжырюы келтирди. Ал адам улуу реформатор, мамлекетин ушул даражага көтөрүп койду. Эми артынан мындай шылтоолорду жабыштырып жатышат.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#278 Пользователь офлайн   medina.   26 Август 2015 - 19:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

....
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#279 Пользователь офлайн   medina.   26 Август 2015 - 19:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

БШК быйылкы парламенттик
шайлоого катышчу
партиялардын
документтерин кабыл алууну
аяктады.
Боршайком башчысы
Туйгуналы Абдраимов
биометрикалык каттоонун
негизинде шайлоочулардын
тизмесин түзүү милдети
жүктөлгөн Мамкаттоо
кызматы ишти жакшы
уюштура албагандыктан БШК
кийлигишүүгө аргасыз
болгонун билдирди.
"Канча жылдан бери шайлоо
жараяндарына уюштуруучу да,
талапкер катары да катышып
келатам, шайлоочулардын
тизмеси азыркыдай сапатсыз
түзүлгөнүн көргөн эмес элем",
- деди​ ал журналисттерге
берген жыйында.
Туйгуналы Абдраимов
Мамлекеттик каттоо кызматы
кетирген алешемдик айынан
6-августтан тарта Боршайком
өзү ишти колго алууга аргасыз
болгонун, ошондон бери 800
миң жаран ID картасындагы
белги боюнча тизмеге туура
киргизилгенин маалымдады.
Учурда биометриканы
Бишкектен тапшырган, бирок
борбордо катталбаган 200
миңден ашуун жаран
республиканын башка
аймактарында, катталган
жериндеги тизмелерге кирип
калган. Бул өз кезегинде чоң
көйгөй жаратууда. Эми алар
үчүн Бишкектеги 204
участокко кошумча дагы 39у
ачылганы турат.
Туйгунаалы Абдраимов бул
добуш берүүнүн жалпы
жыйынтыгына терс таасир
тийгизбейт деп ишенет:
- Эми биз аларды шайлоого
чейин участокторго
“отургузабыз”. Ким кай
жерден добуш берсе, ошо
боюнча жыйынтык кете
берет. Негизгиси – шайлоого
чейин жетишип калуу керек.
Жетишебиз.
Бирок бул демилгенин
мыйзамдуулугунан күмөн
санагандар да жок эмес. Алар
шайлоодон кийин соттук
териштирүүлөрдүн бир түрү
дал ушул жагдайдан улам
чыгышы ыктымал дешүүдө.
Боршайкомдун мурдагы
башчысы Акылбек Сариев
Мамлекеттик каттоо
кызматынын жарандарды
тизмеге паспортто
көрсөтүлгөн дарек боюнча
киргизүүдөн башка жолу
жоктугун, демек, буга мекеме
күнөөлүү эместигин, ошол эле
учурда кошумча участок
ачуунун өзү мыйзамга каршы
келерин айтты:
- Мыйзамда участкалык
комиссиялар туруктуу негизде
эки жылга түзүлөт деп
жазылган. Убактылуу
комиссия тууралуу эч кандай
жобо жок. Шайлоочу каалаган
жеринен добуш бере алат деген
ченем бар. Эгер жаран шайлоо
күнү ушул жерде добуш бергим
келет деп арыз менен
кайрылса, шайлоо
комиссиялары аны милдеттүү
түрдө кабыл алышы керек.
Парламенттик шайлоого
катышам деп чыккан 34
партиянын ичинен 14ү гана
белгиленген мөөнөткө карата
тиешелүү документтерин,
талапкерлер тизмелерин жана
күрөөгө 5 миллион сом
төгүлгөнү тууралуу кагазын
тапшырууга жетишти.
Алардын катарына илинбей
калганы үчүн “Эгемен
Кыргызстан” партиясынын
теңтөрагасы Бектур Асанов
Боршайкомду күнөөлөп
чыкты:
- Биз 700 миң сомун төктүк.
Калганын 10 күндүн ичинде
тапшырсак болот. Мыйзамда
ошондой деп жазылган. Бирок
алар толук сумма жок деп
жатат.
Бирок Борбордук шайлоо
комиссиясынын башчысы
Туйгуналы Абдраимов
“Эгемен Кыргызстан”
партиясынын дооматтарын
четке кагып, мөөнөт 25-август
күнү 18:00дө аяктаганын
айтууда:
- Алар мыйзамды бир аз
башкача айтып жатат “силер
текшерип бүткөнчө” деп.
Ошол жер бир аз эки башка
маани бергендей болуп калган,
бирок документтерди
текшерүү үчүн алар күрөөнү
төктү деген кагазы колунда
болушу керек.
5 миллион сомун төгүп,
документтерин текшерүү үчүн
чогултуп келгенге жетишкен
14 партияны атай кетсек, алар
– “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Ар-
намыс”, “Өнүгүү - Прогресс”,
“Азаттык”, “Республика - Ата-
Журт”, “Аалам - партияда
жоктор партиясы”, КСДП,
“Бүтүн Кыргызстан – Эмгек”,
“Замандаш”, “Улуу
Кыргызстан”, “Кыргызстан”,
“Мекен Ынтымагы” жана
“Кыргызстан элдеринин
конгресси”.
Учурда республика боюнча
ачыла турган 2 миң 374
шайлоо участогунда 2
миллион 417 миң
шайлоочунун тизмеси илинип
турат. Чет мамлекеттегилер
үчүн 26 өлкөдө 36 участок
уюштурулууда. Шайлоону
чагылдырууга 204 ММК
аккредитациядан өттү, 23
интернет басылма менен БШК
ортосунда меморандум кабыл
алынган.
Шайлоону уюштурууга
жалпысынан 224 миллион сом
талап кылынары эсептелип
чыккан, бүгүнкү күнгө карата
өкмөт бул сумманы толугу
бойдон бөлүп бергенин
Туйгунаалы Абдраимов
кошумчалады.
29-августта Боршайком
талапкер партиялардын
лидерлери менен “Этика
кодексине” кол койгону
жатат.Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: medina.: 26 Август 2015 - 19:54

Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#280 Пользователь офлайн   medina.   26 Август 2015 - 19:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 366
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2016 22:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Борбор

Жаңы окуу жылынын башталаарына саналуу гана күндөр калды жана сарамжалдуу ата-энелер мектепке эң эле зарыл болгондорду сатып алыш үчүн камынып жаткан кез. Эгерде канцтоварларды сатып алып тынчтанып отуруп кала турган болсок, мектеп формасын сатып алуу бир катар маселелерди жаратууда. Учурда базардагы кээ бир сатуучулар "кочкул кызыл күрмөсү бар форма гана милдеттүү түрдө кийгизилет экен",- деп ата-энелерди адаштырып жатышат.

Буга чейин белгилүү болгондой, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып республикадагы жалпы билим берүү мектептери милдеттүү түрдө мектеп формасын киргизиши керек. Бирок буга чейин киргизилет деп жаткан, өткөн жылы добуш берүү аркылуу тандалып алынган бирдиктүү мектеп формасы быйыл кийгизилбей калды. Анын ордуна жаңы стандарттар менен мектептер өзү тандап алган форма киргизилиши керек. Бекитилген стандарттарга ылайык төрт түс: кара, көк, боз, кочкул кызыл түстөгү атайын форманы кийүү сунушталган


Министрликтин буйругу кандай аткарылып жатканын билүү максатында биз баш калаадагы мектептерге телефон чалдык. Бишкектеги № 6 мектепте мектеп окуучуларынын формасы алардын жаш курагына жараша өзгөчөлөнмөкчү. Гимназияда окуган окуучулардын ата-энелери маселенин баардык жагын кылдат билүүлөрү үчүн ушул жылдын апрель айында эле мектеп формасынын үлгүлөрүнүн сүрөттөрү тартылган жана алардын болжолдуу баасы, ошондой эле сатып алуучу жайлардын дареги жазылган маалымат стенди илинген экен.

№ 28 мектептегилер уюштуруу иштерин андан ары дагы өркүндөтүп жиберишкен. 25-августтан тартып мектептин аймагында мектеп формасы сатыла баштайт. Бир комплектин баасы кийимдин өлчөмүнө жараша 2 миң сомдон жогору бааланмакчы.

№ 26 мектепте баасы ар түрдүү болгон үч форманы тандап алууну сунуш кылышкан, муну ар түрдүү социалдык абалдагы ата-энелердин чөнтөгүнө туура келиш үчүн уюштурушканын айтышты.

Ал эми Бишкек шаарынын айланасындагы мектептердин биринде окуучулардын ата-энелеринин материалдык абалын жакшы түшүнүп, мектеп окуучусунун кийими тыкан болсун деген гана талапты коюшкан.

Билим берүү министрлиги: Ар бир мектеп форманы өзү тандашы керек

Өзүңүздөр баамдагандай, ар бир мектепте ар кандай даярдык болуп жатканы белгилүү болду. Ал эми Билим берүү министрлиги буга чейин эскерткендей, жаңы окуу жылында ар бир мектеп формасын өзү тандамакчы. Буга чейин Министрлик КРдин өкмөтү мектеп формасынын кеңейтилген стандарттары тууралуу токтом чыгарылганын маалымдады.

"Ата-энелер паника болбошу керек, мектеп жетекчилиги 10-сентябрга чейин ата-энелер менен биргеликте форманы аныктап, ата-энелер менен балдарга жаккан форманы тандашы зарыл. Чечим бир форма боюнча гана кабыл алынат. Мисалы, кочкул кызыл күрмөсү бар форма стандартка дал келет, бирок аны сиздердин балдар окуган мектептин ата-энелер жана мугалимдер кеңеши тандап алса гана сатып алсаңыз болот",-деп билдирди Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева.

Министр ошондой эле 30-сентябрга чейин баардык мектеп окуучуларына эркин форма кийүүгө уруксат берилгенин эскертти. Бул мөөнөт ата-энелер форманы тандап алышына убакыт бериш үчүн тандалган.

Министрликте бул маселе боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Аталган жумушчу топ жер-жерлердеги мектептерди кыдырып, бирдиктүу форманы тандап алуу жана киргизүү менен иш алып бармакчы. Бирдиктүү мектеп формасын кийгизүү пландуу түрдө жүргүзулөт. "Эгерде мектеп формасынын стандартын жаңылоо боюнча кошумча сунуштар түшө турган болсо андан министрлик стандартка тиешелүү өзгөртүү киргизет" ,-деп белгиледи министр Сариева.

Ошол эле учурда министрликтен мектеп формасы классикалык мүнөздө болушу керектигин, жалпы билим берүү мекемелерине окуучулар спорттук, джинси, үй кийимин кийип барбашы керектигин кошумчалашты. Буга байланыштуу министрлик тарабынан ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын 1-июлунда SMS добуш берүүнүн жыйынтыгы мене мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасы тандалып алынган. 300 миңдей кыргызстандык окуучулардын формасын тандап алууга добуш беришкен. Улуттук колорит камтылган үлгүдө тигилген форма быйылкы 2015-2016-жаңы окуу жылында бирдиктүү мектеп формасы катары милдеттүү түрдө киргизилмей болгон. Бирдиктүү мектеп формасы өткөн окуу жылынын 1-сентябрынан тартып киргизилмек, бирок бир катар, каржылык, социалдык маселелерден улам былтыр окуучуларга форманы милдетүү түрдө кийгизүү сунушталган эмес.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 04:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: