Бисмилахир рахманир рахиим
ИМАМ АЛЬ-БУХАРИНИН ӨМҮР БАЯНЫ (810-870 / 194-256-жж.)
Имамдын толук аты-жөнү ~ Мухаммад бин Исма’ил бин Ибрахим бин аль-Мугийра аль-Бухари аль-Жу’фи; ал эми куниясы[2] - Абу ’Абдуллах.
Төрөлүшү жана балалык чагы
Имам аль-Бухари хижраттан кийинки 194-жылдын шаввал айынын он биринде жума күнү Бухарада дүйнөгө келген. Ал- атасынан эрте ажырап, наристе кезинде көзү көрбөй калган, бирок көп өтпөй анын апасынын түшүнө пайгамбар Ибрахим алейхиссалам кирип, ага: «Эй баланча, сенин көптөгөн жалбарууларың менен Алла уулуңдун көзүн ачып койду» - дейт.
Алла ага тырмактайынан эле хадистерди эске тутуу жөндөмүн атаа эткен. Абу Жафар Мухаммад бин Абу Хатим аль-Варрак айткан: «Бир жолу мен Абу Абдуллах аль-Бухариден:
«Сен хадистерди кантип үйрөнүп баштадың?» деп сурадым. Ал буга мындай деп жооп берди: «Хадистерди жаттоо керектиги жөнүндөгү ой мага жаңыдан окуй баштаганымда эле келген, анда мен ондо же андан да кичирээк жашта элем. Кийин мен мектепти бүтүрүп бирде тигил, бирде бул окутуучулардан таалим ала баштадым. Он алтыга киргенимде мен Ибн аль-Мубарак менен Вакианын китептерин жатка билчүмүн. Андан соң апам, бир тууганым болуп Меккеге жол алдым, аерде жашоодогу максатым - хадистерди топтоо эле. Он сегизге чыкканымда сахабалар менен табиундар жөнүндөгү маалыматтарды,
ошондой эле алардын айткандарын топтоп, иретке сала баштадым».
Аль-Бухари өзүн толугу менен илимге жана ибадат кылууга арнаган. Ал көп айтчу: «Мен өмүрүмдө эч качан эч кимден бир дирхемдик да нерсе сатып алган жокмун жана эч кимге бир дирхемдик нерсе да сатпадым». Бир жолу андан нанды кандайча сатып алып жүргөнү жөнүндө сурашканда ал: «Мен ал ишти бирөөлөргө тапшырчумун,
нанды мага алар сатып алып беришчү», - деп жооп берген.
Аль-Бухари (Алла аны мээримине бөлөсүн) өтө уят-сыйыттуулугу,
эр жүрөктүүлүгү,
марттыгы, такыбаалыгы,
бул жалган дүйнөгө көңүл коштугу жана Акырет дүйнөсүнө умтулуусу менен айырмаланган.
Бир жолу ал мындай деген: «Акыйкат, Алла тааланын алдына барганымда эч ким мени бирөөлөрдү жамандоодо айыптабасын каалайм».
Аль-Бухариге өз нарк-аброюн сезе билүү жана сыймыктуулук мүнөздүү. Бир жолу балдарын ага окуткусу келген бир өкүмдар аны чакыртып чабарман жибергенде аль-Бухари билим издегендер аалымдарга өздөрү келүүгө тийиш экендигин айтып, ага баруудан баш тарткан.
Ал көп убактысын, айрыкча куттуу рамазан айында күндүзү намаз жана орозо, ал эми түнкүсүн намаз жана Куран окуу менен өткөргөн. Абу Бакир аль-Багдадинин айтуусунда Масих бин Саид мындай деген: «Рамазандын биринчи түнү башталаары менен Мухаммад бин Исмаил аль-Бухаринин үйүндө анын жолдош-жоролору чогулаар эле жана алар менен ал ар ракааты жыйырма аяттан турган намазды Куранды толугу менен аягына чыкканга чейин окуй турган».
Андан тышкары, Аль-Бухари ар күнү ооз ачаар маалына чейин Куранды толук окуп чыкчу жана: «Куранды окуп бүткөндөн кийинки намаз жоопсуз калбайт» -дечү.
Бир жолу намаз окуп жатканда аны он жети жолу аары чаккан. Намазын окуп бүтүп ал: «Намаз убагында мени эмне кыжаалат кылды экен, карап койгулачы»,
- дегенде адамдар карашса, анын денесинде аары чаккан он жети из калыптыр, бирок ошого карабастан ал намазын токтоткон эмес экен.
1 Нисба - адамдын уруусун, тегин, туулган шаарын же аймагын билдирүүчү кошумча ат.
2 Куния - атасына же баласына карап адамга коюлуучу кошумча ат. Мисалы, Абу Абдуллах (Абдулланын атасы) же Ибн Мухаммад (Мухаммаадын уулу).
Имам Бухаринин өмүр баяны
#1 18 July 2014 - 15:29
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#2 18 July 2014 - 15:38
Аль-Бухаринин таң каларлык эске тутуу жөндөмү
Алла ага эң мыкты эске тутуу жөндөмүн атаа эткендиги анын бала кезинде эле байкалган. Хашид бин Исмаил мындай деген: «Ал убакта Басрада Абу Абдуллах Мухаммад бин Исмаил аль-Бухари улан кези эле. Биз менен хадис билермандары делген ар кыл шейхтердикине барып, бирок алардын айткандарын жазып алчу эмес. Бир нече күндөн кийин биз ага: «Сен биз менен бирге түрдүү шейхтердикине барып жүрөсүң, бирок эч нерсе жазбайсың, мунуң эмнең?» - деп жаалай баштадык. Акыры он алты күн өткөн соң ал бизге: «Чынын айтсам, силер көп сүйлөй берип көкөйгө тийип бүттүңөр!
Өзүңөр эмнелерди жаздыңар экен, көрсөткүлөчү!
» - деди. Биз он беш миңден ашуун хадис жазылган барактарыбызды алып чыктык эле, ал алардын баарын жатка айта баштады, биз болсо анын айтканына карап жазууда кетирген каталарыбызды оңдоп кирдик. Анан ал бизге: «Силер мени дагы эле шейхтерге азил-тамаша үчүн барып, убакытты бекерге өткөрүп жүрөт деп ойлойсуңарбы?
» - деди, ошондон кийин эч ким андан өтө албастыгы бизге дайын болду.
Аль-Бухари али боз улан кезинде эле хадис уккусу келген Басралыктар анын артынан калышчу эмес, ошондо аны кайсы бир жолго эле отургузуп алып, миңдеген угуучулар тегеректеп алышчу, анын али эринине түк чыга элек жаштыгына карабай, көбү анын айткандарын жазып да алышчу.
Аль-Бухаринин эске тутуусунун күчтуүлүгүнө жана кынтыксыз тактыгына анын Самаркандга келип, аерде төрт жүз хадис билермандары менен жолугушкандыгы жөнүндөгү кабар дагы бир далил боло алат. Алар өз ара Шамда (Сирия) жана Иракта жазылган хадистердин исиадцарын аралаштырып,
айрым хадистердин иснаддарын башка хадистердин матндарына кошуп, анын баарын аль-Бухариге окуп беришет, ошондо ал кайсы иснадга кайсы матн туура келерин көрсөтүп, баарын керектүү тартипке салып койгондо, тигилердин эч кимиси бир да иснаддан же матндан эч кандай ката таба алган эмес. Ушундай эле окуя Багдадда да болгон. Дагы бир айтууларга караганда, ага китепти жаттап калуу үчүн аны бир сыйра окуп чыгуу жетиштүү болгон, мындай маалыматтардын көбү белгилүү.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#3 18 July 2014 - 18:04
Аль-Бухаринин белгилүү шейхтери жана шакирттери
Имам аль-Бухари өзү барган жерлерде миңден ашуун шейхтерге жолугуп, хадистерди алардан сөзмө-сөз жазып алган. Бул жерде анын шейхтери менен шакирттеринин ар бири жөнүндө айтуу быякта турсун, алардын аттарын бирден атап чыгуу да мүмкүн эмес, ошол себептүү алардын эң атактууларын гана атоо менен чектелебиз.
Аль-Бухаринин атактуу Шейхтерине Хаммад бин Шакир, Тахрф бин Махлид, имам Ахмад бин Хамбал, Али бин аль-Мадини, Макки бин Ибрахим аль-Балхи, Абдуллах бин Муса аль-’Абси, Абу Бакир аль-Хумай-ди, Ибрахим бин Ма9кил, Абу Тальха бин Али аль-Баради ан-Насафи, Ибрахим бин аль-Мунзир, Адам бин Ийас, ’Абдан бин 'Усман аль-Марва-зи, Абу ’Асим аш-Шайбаани жана Иахйа бин Му’ин киришет.
Аль-Бухари топтогон хадистердин белгилүү айтуучулары - имам Муслим бин аль-Хажжаж (ал ааарды өзүнүн «Сахихине» киргизген эмес), ат-Тирмизи (ал өз айткандарын өзүнүн «Жамисине» киргизген), ан-Наса'и (айрым уламалардын пикиринче, ал өзү айткандарды өзүнүн Сунаи» жыйнагына киргизген), Ибрахим аль-Харби, Ибн Абу-д-Дунйа, Абу Хатим, Абдуллах бин Мухаммад бин Нажих, аль-Хусейн бин Исмаил аль-Махамили жана көптөгөн башкалар.

#5 19 July 2014 - 23:55
Уламалардын аль-Бухари жөнүндө айткандары
Имам аль-Бухари жөнүндө анын замандаштары болгон уламалардын көбү мактоо сөздөрүн айтышкан. Хадистерди изилдөөчү илим тармагында ал «момундардын өкүмдары» деген наамга татыктуу болгондугун жана ал наамга эч ким шек келтирбегендигин айтуу жетишерлик.
Бир жолу имам Муслим имам аль-Бухаринин маңдайынан өөп, ага: «Бутуңду да өбүүгө уруксат эт, эй устаттардын устаты, мухаддистердин кемчиликтеринин шыпаакери»,
- деп, андан соң кезиккендик үчүн кечирим сурап тобо келтирүү[1] жөнүндөгү хадис тууралуу суроо бергенде, аль-Бухари ага бул хадистин кемчиликтерин көрсөтүп берген. Ал сүйлөп бүткөндө Муслим ага: «Көрө албас (адам) гана сени жек көрүшү мүмкүн! Күбөлүк берем, бул дүйнөдө сага теңдеш жок», - деген. Биндар айткан: «Мухаддистердин эң мыктылары төртөө: Рейлик Абу Зур’а, Нишапурлук Муслим, Самарканддык ад-Дарими жана Бухаралык аль-Бухари».
Имам Ахмад айткан: «Хорасанда ага тең келе турган али боло элек». Али бин аль-Мадини айткан: «Аль-Бухари өзүнө теңдешти эч качан жолуктурган эмес». Исхак бин Рахавийа айткан: «Эгерде ал аль-Хасандын [2 ] тушунда жашаганда да баары бир адамдар анын хадистерине,
анын даанышмандыгына жана фикх боюнча билимине сөзсүз муктаж болушмак». Абу-ль-Аббас ад-Далаави Багдаддыктардын аль-Бухариге жазган катында мындай сөздөр барлыгын айткан: «Сен мусулмандар менен бирге экениңде алардан жакшылык кетпейт. Сенден кийин жакшыраагы табылбайт, сенин баркың мына ошондо билинет». Абу Хатим ар-Рази айткан: «Акыйкат, ал Багдадка келгендердин ичинен эң билерманы».
Ибн Хузайма айткан: «Асман алдында мен Алланын элчиси алейхиссалам жөнүндөгү хадистер жаатында аль-Бухариден көбүрөөк кабардар да, хадисттерди андан көбүрөөк жат билген да (адамды) жолуктура элекмин». Ат-Тирмизи айткан: «Иракта да. Хорасанда да тарыхты аль-Бухариден жакшыраак билип, хадистердин жана алардын иснаддарынын кемчиликтерин көбүрөөк түшүнгөн адамды көрө элекмин».
1 Мында адамдар бири-бирине жолукканда Алланы эстебестен пайдасыз сөздөрдөн сүйлөшкөндөн кийин айтууга тийиш болгон келмелер назарда тутулууда. Айтууларга караганда, момундардын энеси* Аиша (Алла ага ыраазы болсун) мындай деген: «Алланын элчиси алейхиссалам бирөөлөргө жолуккандан кийин Куран же намаз окуп, аягында бул сөздөрдү айтчу эле: «Сага даңазалар болсун, я Алла, жана да Сага мактоолор болсун, Сенден башка кудай жок деп күбөлүк беремин, Сенден кечирим сурап, Сага тобо келтиремин /Субхана-ка,
Алахумма, ва бихамди-ка, ашхаду аллаа илааха Анта, астагфиру-ка,
ва атубу илай-ка/».
*Момундардын энеси - мусулман адабиятында пайгамбар алейхиссаламдын жубайларына карата колдонулуучу ардактуу сыпат сөзү.
2 Мында сөз өз замандаштарынын арасьшда өтө чон абройго ээ болгон кеңири белгилүү табиундардын* бири аль-Хасан аль-Басри (642-728) жөнүндө болуп жатат.
Табиундар -пайгамбар алейхиссаламдын сахабаларын көргөн, алар менен баарлашкан жана Исламга чын жүрөгү менен берилген адамдар.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#6 19 July 2014 - 23:56
Аль-Бухаринин эң орчундуу жана белгилүү эмгектери
Имам аль-Бухари көптөгөн эмгектерди жазып калтырган, алардын ичинен эң маанилүүсү жана кеңири тараганы - «Аль-жами’ ас-сахих». Андан тышкары «Аль-асма’ ва-ль-куна», «Ат-тарих аль-кабир», «Ас-сунан фи-ль-фикх», Халк аф’аль аль-’ибад», «Аль-адаб аль-муфрад» жана «Аль-кира’а халфа-ль-имам» деген китептер да аль-Бухаринин калемине таандык. Бул жерде алардын ар бири жөнүндө айтып отуруу мүмкүн эмес, ошондуктан «Аль-жами’ ас-сахих» жана анын пайгамбар алейхиссаламдын хадистеринин арасындагы ээлеген орду жөнүндө сөз кылуу менен чектелүүгө туура келет.

#7 20 July 2014 - 00:01
Бул жыйнакты түзүүгө эмне себеп болгондугу жөнүндө
Аль-
Бухарини ишеничтүү хадистерди гана камтыган «Сахихти» түзүүгө алып келген негизги себеп - анын замандаштары тарабынан түзүлгөн жыйнактарга ишеничтүү хадистер менен бирге начар, башкача айтканда, ишеничтүүлүгү шектүү хадистердин да киргендиги.
Бул жагдай Шейх Исхак бин Рахавайхинин ишеничтүү хадистерди гана топтоону каалагандыгын жана өз шакирттерине:
«Силер Алланын элчиси алейхиссаламдын хадистеринин кыскача жыйнагын түзгөнүңөрдө эң сонун болмок» - деп ошого үндөгөнүн унутпаган аль-Бухариге жаккан эмес. Ал сөздөр имам аль-Бухаринин жүрөгүнөн түнөк таап, ошондон кийин ал өз «Сахихине» материал топтой баштаган.
Андан тышкары, аль-Бухаринин түшүнө өзү Алланын элчиси алейхиссаламдын алдында туруп, колундагы желпигич менен аны коргоп жатканы кирет, муну ал Алланын элчиси алейхиссаламга жалганды жолотпоого буйрук катары жоруйт. Бул түш анын чечкиндүүлүгүн бекемдеди. Мына ушул айтылып өткөн себептер бул улуу имамдын эмгектеринин эң мыктысынын жаралышына түрткү берүү менен аль-Бухаринин ээлеген жогорку ордун тастыктап. Ислам динине үлкөн эмгек сиңирди. Бул иштин жүрүшүндө имам аль-Бухари алты жүз миңге жакын хадисти текшерип чыкты, натыйжада анын эмгеги Кудуреттүү жана Улуу Алланын Китебинен кийинки эң мыкты китеп болуп калды, бул аны жазылып бүткөн күндөн эле кабыл алган жана ошол күндөн ушул кезге чейин жогору баалап келген мусулман коомунун мүчөлөрүнүн бирдиктүү пикирине толук дал келет. Имам аль-Бухари өз китебинин үстүндө он алты жыл эмгектенген.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!

Супер-Инфо
super.kg
видео