Камбартепке кызыгып жаттым эле,кеңири маалымат алдым. Авторго менден ыраазычылык.
- (2 )
-
- 1
- 2
Камбартеп Чыныгы кыргыз жоокери....
#22 21 July 2014 - 01:13
Манасчынын рухий-магиялык онору.
Манасчылык өнөрдүн жа-кынкы эле мезгилде акылга сыйбачудай көрүнгөн керемет-сыйкыр жактары элибиздин рухий боштондук-желаргысы менен кошо аз-аздан ачыла баштады. Ошого карабай манасчылык өнөрдүн аян, сыр, керемет аркылуу айтуучуга берилиши, мухиттей чалкыган кең дастандын ар бир жолу ар башка, кайталанбай ондогон, жүздөгөн варианттарда айтылып калыш сырлары материализм жөрөлгөлөрүнөн эми гана кичине козголуп, жыла баштаган биздин илим үчүн дагы эле табышмак… Манасчынын көзүнө көрүнүп, закымдай желип-жортуп, биздин физикалык ааламдан башка дүйнөлөрдүн, Манас дүйнөсүнүн бар экенинин далили катары түгөнгөн сайын түтөп, чачылган сайын толуп, оролуна келип, Чексизден Чексизге керилген жаадай бүтүн Баарлыгыңды ээлеп алып агып турган не деген керемет!? Азыркы жаңы фундаменталдык космофизика ааламдын кат-кабатынын, бүктөм сырларынын чексиздигин жарыялаган учурда, Манасчы ааламы дагы көп кабат, көп өлчөм, бирин сыйрысаң улам кийинкиси ачыла берген ченсиз-чексиз көрүнөт. Аалам дүйнө менен Адам дүйнөнүн бир-бири менен чексизге созулган алака-мамилесинде манасчылык өнөрдүн, “Манастын” жана Манастын орду каерде, башаты каерде?! Аалам жөнүндөгү эң соңку фундаментал түшүнүктөргө таянсак – Назик дүйнөлөрдө (Тонкий мир)! Ааламдык эфирдин ар кандай катыштарынан турган ментал, эмо-ционал алкактарда. Кыргыз улутунун коллективдүү аң-сезиминде (Юнг), кыргыз арбактар дүйнөсүндө (Эгрегор системи), Жер адамзатынын ааламдык аң-сезим банкында. “Манас” эпосунун жана манасчылык өнөрдүн улут үчүн эң баалуу жана талуу жери – бул өнөрдү угуп жаткан ар бир адам (албетте, кыргыз адамы) аз-аздап Чыгыштын улуу рух системаларында миңдеген жылдардан такталып бүткөн медитативдик (сүкүт) абалдарынын Жогорку чектерине баш багып, жануюу (концентрация – дхьяна) деңгээлине кирип кеткендигинде. Бул абалда – улуу окуулар йога, дзэн, сопулук-тарикат системаларындагы окуучунун бир нече ондогон жылдык жан машыктар менен жеткен абалдарына окшош. Улуу манасчылар угуучуларын жануюунун жогорку чектерине алып чыгып, керемет-сыйкыр дүйнөлөргө алып кирип кете алышкан. Атүгүл дастандын каармандары көзгө көрүнүп, ат туяктарынан издер калып, угуучулар жакасын кармап, тобо кылган учурлар тууралуу аңыздар эмгиче эсти оодарат. Демек, Манас дүйнөсү биздин ааламга параллель жашаган жана ачкычын таап бураган кезде ачылып, кыргыз баласына жаназык берип турган рухбашат аалам. “Манасты” угуп отуруп Айкөлдүн тирүү Арбагына таазим этип, сүкүткө кирген кыргыз адамы, биздин оюбузча, рух ааламдарына накта кыргыз жолу аркылуу бир каргуу менен жетет.
Айкөлдүн үрөйүнө жан уютуп, көңүл топтоонун жогорку медитативдик абалдарынын практикасы Кайталайбыз: адамрух менен ааламрухтун байланышы тээ түп башаттан, аны Жараткандан башка эч ким үзө албайт. Азыркы адамзаттын максаты: ошол солгундап калган байланышты кайра калыбына келтирип чыңдоо. Тоо адамы калаа тургунуна караганда алда канча чымыр, дени-карды соо, жан дүйнөсү да тазараак. Бул – аксиома. Таза суу, тоо, көмкөрүлгөн Көк астында, табият менен аралаша жашаган адамдын ой пикири да жөнөкөй, баёо, таза. Бабалар ошон үчүн сөз кереметине, сөз тунугуна уюшуп, Айкөлдүн арбагына арасында жүргөн тирүү инсандай сыйынып, таазим кылышкан. Бирок акыркы 150-200 жылдагы темир замандын арышы баёо кыргыз баласын да аруулук, тазалыктан ажыратып, алдамчы, эки жүздүү, ынсапсыз, ыймансыз болууга мажбурлады.

Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...

#23 21 July 2014 - 01:28
Андыктан акыр заманда байыркы тунук башаттан нап алып, бабалардын үрөйлүү жолуна кайрылып, алардын таза, баёо практикасынан сабак алууга туура келет.
Муну кыргыз баласы жөнөкөй эле жолдор менен, мисалы, улуу манасчы Саякбайдын көп кырлуу, көп сырлуу үрөйүнө көңүл топтоп, жан уютуп сыйынып баштап, анан дастан дүйнөсүнө кирип, айкөлдүн кыргыз үчүн жасаган нарктуу-салттуу эмгектерине көңүл топтоп, жан уютуп, көрө билүүгө, көз ачылууга үйрөнсө болот. Эгерде Манас Ата арбагына, манасчы үрөйүнө көңүл топтоп, баш оту менен кирсе сүкүттөгү адам өзгөрүлгөн аң-сезим абалдары (измененное состояние сознания) деп аталган таң каларлык абалдарга туш болот. Көзачыктык, керемет көрсөтүү келип чыгышы мүмкүн. Сүкүттөгү адам акылды тунутканда ааламдык Теңдешсизге (буддизмге-Боштук: Будда, Теңирдин абалы) кабылып, өзгөрүлмө дүйнөнүн оюндарынан чыгып кетет. Албетте, сүкүт үчүн таза, тынч, өтө ысык же өтө суук болбогон орун тандалат. Сүкүткө кирген Чоро баарынан канагат жана ырахат алып, напсисин агытпай, болгонго шүгүр кылып, жаман сөз, жаман көздөн качык болууга тийиш. Өрнөктүүлөрдү (манасчыны) угуп-эшитип, ойлонуп, ал акырындап акыл тунугуна келет. Ач көздөнүп эңсөө, туруксуздук – жанүрөй максаты үчүн өлүмгө тете экенин билүү зарыл.
Бейпилдикке жетишүүгө тоскоол болгон беш ката төмөнкүлөр:
1. Жалкоолук – сүкүт-жан уюуга негизги тоскоол;
2. Унутчаактык – сүкүттөө объектти бир чордонго келтирүүгө тоскоол;
3. Уйкучулук, элөөрүү же энөөлүк – көңүл топтоону бөлүндү кылат;
4. Эмдары колдонбоо – уйкуга же элөөрүүгө алып келет;
5. Же ашкере көп колдонуу да көңүлдү бузат.
Беш катага каршы сегиз эм бар. Кыргыз баласы бул жаатта элестүү кабылдап жана ойлоно билет. “Манасты” көп уккан адам аң-сезими тазаланып жана бир жерге уюй баштаганын байкайт. “Манастын” үстүндө ойлонуп, анын окуяларына көңүл топтоо – биздин мектептин сүкүт практикасынын өзөгү.

#24 21 July 2014 - 01:31
Манастын кырк чоросунун кайра жаралуусунун руху демилгечилерди Күнчыгыш өлкөсүнө (Жапон), кишинин руханий жана денелик аруулануусунун эң эски булактарынын бири болгон айкидо өнөрү өсүп-өнгөн жерлерге зыярат кылууга түрткү болду. Самурай үрөйүнүн жаңырып аруулануу системасы болгон Будо мектебинин негиздөөчүлөрүнө таазим кылып, таалимине кулак төшөп келишибиз бекеринен эмес чыгар, анткени байыркы кыргыздын атчан кармашы Эр эңиш менен Айкидонун түбүндө жаткан биримдик, эки системадагы ажырым-айырмачылыктарга карабастан түбүндө кыймылдын түбөлүк гармониясын камсыздаган Куюн принцибине баш иет. Кармаш өнөрлөрүнүн Башыйыгы О Сенсей Кисшомару Уесиба менен болгон рухий жакындык жана ал кишинин акбатасы Камбартептин филосо-фиялык-
эстетикалык тарабын бекемдөөдө маанилүү кадам болгонун айтып коюшубуз парз. Камбартеп өнөрү айкидо сыяктуу эле катаалдыкка каршы, душманды биротоло кырып-жоюуну көздөбөйт; шакирт-чоролордо айлана-чөйрөгө Манастын чыныгы айкөлдүгү менен аяр, этият, сүйүп мамиле жасоону көздөйт. Камбартеп – Манас жоокеринин өзүн коргоп алуу жана руханий кемелтесин толтуруу өнөрү. Манасчылык сырдуу өнөрдөгү абсолюттук акыйкат учурларын тааный билүү, Эр эңиштин атчан кармаштын эң жетилген түрү экенин ажыратып кароо – Камбартеп өнөрүнүн заманбап концепциясын жаратууга мүмкүндүк берди. Мекенди сүйөр атуулдук бул кыймылдын башатында системанын жаратуучусу Назаров Кубанычбек менен катар белгилүү ойчулдар Болот Мамат, Өмүралиев Чоюн, ушунун «Ак Каркыра» мектебинин негиздөөчүсү Исаков Макетай, ушул эле мектептин кармаш устаттары Орозалиев Аскар, Маатов Жапарали, Орозов Байыш, маркум Юнусов Байыш, Сатыбалдиев Дүйүмбек жана аты аңызга айланган атоюнчу (каскадёр) Үсөн Кудайбергенов,
улуттун баатыры Сүймөнкул Чокморовдор турганын айта кетсек ашык болбос. Улутту бириктирип ойготуучу бул улуу идеянын логикалык жыйынтыгы – Манастын кырк чоро ыйык орденинин түзүлүшү болуп калды.
Бүгүнкү күндө эркин жана эгемен кыргыз эли жашоосунда жаңы көч барагын ачты. Акыл калчап көч баштаган бул жолдун башатында касиеттүү Айкөл Манастын ыйык кырк чоро орденинин устаканасы Камбартеп мектебинин турушу огобетер жүрөктү жарытып, дилди марыткан иш. Бул жакшылык иш ошокездеги Ош облусунун аксакалдары жана жетекчилери Баатыралы Сыдыков, Стамакун Асаналиев, Санабар Бахапова, Рустам Анарботоевдердин тилектештиги жана ак баталары менен башталгандыгы ого бетер кубанычтуу. Алардын ысымдары Камбартеп өнөрүнүн кайра жаралуу тарыхында түбөлүк калат. Элибиз айткандай, таза жүрөктөн таза ойлор, таза ойдон таза иштер жаралат.
Камбартептин ахлактык жана эстетикалык мааниси Кыргыз элинин байыркы цивилизациясынын башатында адеп-ахлак, боорукерлик, жоокерчилик жана даанышмандык турган. Кытай жазмалары кыргыздарды бактылуу жана өмүр сүйгөн шатман эл катары сүрөттөшөт. Улут мүнөзүндөгү бул өзгөчөлүктөр – жаратылышында курчап турган айлана-чөйрөгө, адамзатына жана жаныбарларга карата болгон мээрим менен боорукердиктен башат алган маданият, рухий дөөлөттөрдөн түптөлөт. Кыргыз адамына таандык ички момундук жана кубаныч сезимдери бабалардын миңдеген жылдардагы бейпил жашоосунан келип чыккан. Көңүл күүсүнүн бул деңгээли кыргыз баласына аргандай тышкы сыноолордо ачууга жеңдирбей, ички жыргал туюмдан ажырабай туруп, акыл-эстүүлүк жана сабырдуулук менен чечүүгө мүмкүндүк берген. Бул – өтө маанилүү касиет. Мындай ички жыргал жана бейпил туюмдарсыз ал – өмүр тарыхындагы миңдеген сыноолордо таруудай чачырап, «Манас» сыяктуу алп дастанды жаратмак түгүл, түшүндө да көрбөй калмак. «Манас» – бүгүн кыргыз улутунун биримдигинин жана руханий жаңылануусунун, ошондой эле улуттун маданияты, наркы, өзүн аңдоосунун символу жана жаркыраган туу чокусу. Кыргыз жүрөгү Манас деп согуп турганда – ал өлбөс, ал түбөлүк! Айкөл Манастын Аалам руху – кыргыз элин улуу келечекке баштоочу түгөнбөс күч!
Бүгүнкү күндө эркин жана эгемен кыргыз эли жашоосунда жаңы көч барагын ачты. Акыл калчап көч баштаган бул жолдун башатында касиеттүү Айкөл Манастын ыйык кырк чоро орденинин устаканасы Камбартеп мектебинин турушу огобетер жүрөктү жарытып, дилди марыткан иш. Бул жакшылык иш ошокездеги Ош облусунун аксакалдары жана жетекчилери Баатыралы Сыдыков, Стамакун Асаналиев, Санабар Бахапова, Рустам Анарботоевдердин тилектештиги жана ак баталары менен башталгандыгы ого бетер кубанычтуу. Алардын ысымдары Камбартеп өнөрүнүн кайра жаралуу тарыхында түбөлүк калат. Элибиз айткандай, таза жүрөктөн таза ойлор, таза ойдон таза иштер жаралат.
Камбартептин ахлактык жана эстетикалык мааниси Кыргыз элинин байыркы цивилизациясынын башатында адеп-ахлак, боорукерлик, жоокерчилик жана даанышмандык турган. Кытай жазмалары кыргыздарды бактылуу жана өмүр сүйгөн шатман эл катары сүрөттөшөт. Улут мүнөзүндөгү бул өзгөчөлүктөр – жаратылышында курчап турган айлана-чөйрөгө, адамзатына жана жаныбарларга карата болгон мээрим менен боорукердиктен башат алган маданият, рухий дөөлөттөрдөн түптөлөт. Кыргыз адамына таандык ички момундук жана кубаныч сезимдери бабалардын миңдеген жылдардагы бейпил жашоосунан келип чыккан. Көңүл күүсүнүн бул деңгээли кыргыз баласына аргандай тышкы сыноолордо ачууга жеңдирбей, ички жыргал туюмдан ажырабай туруп, акыл-эстүүлүк жана сабырдуулук менен чечүүгө мүмкүндүк берген. Бул – өтө маанилүү касиет. Мындай ички жыргал жана бейпил туюмдарсыз ал – өмүр тарыхындагы миңдеген сыноолордо таруудай чачырап, «Манас» сыяктуу алп дастанды жаратмак түгүл, түшүндө да көрбөй калмак. «Манас» – бүгүн кыргыз улутунун биримдигинин жана руханий жаңылануусунун, ошондой эле улуттун маданияты, наркы, өзүн аңдоосунун символу жана жаркыраган туу чокусу. Кыргыз жүрөгү Манас деп согуп турганда – ал өлбөс, ал түбөлүк! Айкөл Манастын Аалам руху – кыргыз элин улуу келечекке баштоочу түгөнбөс күч!
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#25 21 July 2014 - 01:35
Акыркы жүз жылдарда биз «аттан түшүп» отурукташтык.
Илим жана техниканын керемет ачылыштарынын күбөсү болуудабыз.
Бүгүнкү жалпы кыргыз элинин сабаттуулугу жана билимдүүлүгү,
сөзсүз, кубантат. Бирок ушул жетишкендиктер менен катар эле адамзаттын чечилбеген көптөгөн проблемалары өкүнтөт. Жалпы журттун билим деңгээлинин өсүшү азыркы адамдын ахлактык деңгээлин көтөрө алган жок, тетирисинче,
бейтынчтык жана канааттанбагандык күч алды. Биз мекендештерибизге толук бейпилдик, чыныгы бакыт, кайгысыз, бакубат жашоо тартуулай албадык. Өкүнүчтүүсү:
азыр башка бир да мезгилде болуп көрбөгөндөй ыймансыздык,
ахлаксыздык адам акылын бийлеп алды; асылзаттык,
шерлик сапаттар жеке пайдакечтикке орун бошотууда, айрыкча бул көрүнүш саясатчыларда жана саясатта ашкере жүз берүүдө; саясаттын өзү ыйман-ахлаксыздыктын синоними болуп калды. Саясый маданият каражаттары бийик идея, асыл ойлорду ишпалдасын чыгара бузуп элге жеткиргендиктен асылдык, идеалдуулук деген түшүнүктөр журт эсинен сапырылып кетти. Этикасыз саясат адамдардын жыргалчылыгын көтөрө албайт, ал эмес ахлаксыз жашоо адамдарды айбан кылат. Бул балээнин өзөк тамыры миңдеген жылдар тең салмакта келген ички жана тышкы экологиянын – табият, тоолордун жашоо экологиясы менен адамдын рух экологиясынын ортосундагы гармониянын бузулушунда жатат. Улуттун нарк-салт баалуулуктарынан жылмышып, заманбап аталган жашоо-шарт усулуна баш ийип берүү (бу жерде биздин күнөөбүз жок экенине карабай) акырындап жалпы адамзаттык адеп-ахлактын кыйрашына апкелүүдө. Бөрү замандын лабиринт сокмокторунда закымданган бакыттын артынан кубалаган биз, аласкар тоонун аскасындагы айрылышта түбөлүк бейпилдикке алпарчу чыйырын табалбай башы каткан барс сымалбыз… Азыркы дүйнөлүк цивилизациянын кан жолуна түшкөн биздерге комфорт менен материалдык дүйнө билимдеринен багыттанган илим-техника-
физикалык аалам менен шартталган гана бакыт түшүнүгүн берет да, ал жолдогу адам ички мамырчылык менен жыргалга негизделген жеке өз ааламынан ажырап калат. Ичибизден жыргал менен бейпилдикке тунуп турганда, биздин айланабыздагы ким болсо да аларга аруулук, ак дилдик менен карап, тынчтыкта кол кармашып жашай алабыз. Бардык жандар умтулган текши бактылуулук – ар бирибиздеги тынчтык менен мамырчылыкта турат. Чыныгы бакытка ар бир инсан өз эли, өз журту, өз үй, өз чөлкөмүн жана өзүн курчаган ыйык тоолорунун арасында гана жете алат, анткени өз Мекениңен атылып турган ыйык күчтөр – түбөлүк баарына күч-кубат берип, баарын бапестейт. Ушуну түшүнгөндөн соң биз бардык пикир-зикирибизди Улуттук Руханий тикелөөгө багыттап, Айкөл Манас атабыздын ааламдык үрөйүнө бет буруп, кайрадан ыйык тоолорубуздагы ыйык түтүндү булатып, калаа турмушу менен тең салмакта жа-шоого аракеттенишибиз – улут катары урпактар алдындагы ыйык милдетибиз.
Тоодон ажыраган кыргыз тамырдан ажыраган дарак сыяктуу куурап, акыры үлп эткен желаргыга туруштук бере албаган камгактай калдаңдап, дүйнө элдеринин чокортосундагы орун-баркын жана улут катары касиет-кудуретин жоготот. Тоолордогу катаал, бирок тунук жашоо, момун, баёо ак дил кыргыз адамын жаралгандан бапестеп, ызат-ыйманы менен сактап келди, эгер эне коюн ыйык тоолору менен мурункудай тил таап, жашоосун уласа – кыргыз эли түбөлүк!
Рухандын жаңырып-көкөлөшү миң жылдар унутулган уңгулуу башатыбызга кайрып, келечек багытыбызга туура жол ачат: өткөнкү менен болочоктун ортосундагы бузулган тең салмакты тикелеп, тышкы экономика, саясат, глобалдаштыруу менен өнүгүүнүн ички аспекттериндеги бузулган гармонияны калыбына келтирет.
Рухандын жаңырып-көкөлөшү миң жылдар унутулган уңгулуу башатыбызга кайрып, келечек багытыбызга туура жол ачат: өткөнкү менен болочоктун ортосундагы бузулган тең салмакты тикелеп, тышкы экономика, саясат, глобалдаштыруу менен өнүгүүнүн ички аспекттериндеги бузулган гармонияны калыбына келтирет.
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#26 21 July 2014 - 01:36
Камбартеп жана философия Байыркы кыргыз коомдук түзүлүшүндө абсолюттук демократиялуу үчилтик принцип – Манас, Бакай, кырк чоро мамлекеттик жашоонун негизин түзгөн. Бул теңирчилик философиясында Көкө Теңир Көк Дүйнөдөгү негизги күчтөр – Күн, Жер, Айды ишаралап, түпбашат (элемент) символикасында – ат, жер, металлды билдирет да, алар өз кезегинде инсандагы үчилтик: аң сезим, дене жана ички кубатты түшүндүрөт,
булар болсо адамзат жамаатында бийлик, даанышмандык,
күч кубат катары чагылып, ал схема кыргыз коомунда элдин абсолюттук калыс бийлигинин жеке символу болгон кандардын каны Манасты, журт карысы, даанышманы жана көзачыгы көсөм Бакай абаны жана себилдүүсү сексен төрт, серп алган жагы кызыл өрт болуп элдин баарынын жеңип-кыйратуучу жана тикелөөчү куч кубатын билдирген кызыл кыраан кырк чорону туюнтат. Кыргыз коомунун түзүлүшүндөгү бул үчилтик анын кылымдар кыйрата алгыс алтын туур негизи болгон. Кыргыз эл болуп, журт болуп жаралгандан бери коомдук, ички жана тышкы жашоосунда мындан мыкты, мындан артык сыналган түзүлүштү баштан өткөрбөгөн.
Коомдун жеке мүчөсү инсан менен элдин ортосундагы адилеттүү теңсалмактын сакталышы миңдеген жылдар бою элибиз абак-түрмө, кулпу-кароолу жок эле жашоого мүмкүндүк берген. Эне табигаттын алпештеген койнунда, асман менен жериңдин теңсалмак чок ортосунда жашоо кечирген баёо журттун улуттук мүнөзүндө да эркин ойлоо, адилеттик жана эгемендик деп аталган принциптер түбөлүктүү чегеленген.
2005-жылдын 24-мартында жүзберген окуялар дал ошол байыркы кыргыздын баатыр рухунун улуттун өнүгүшүнө каршы Сатаний күчтөрдүн ыйманды унутуп, ченөлчөмдү билбей башкарган бийлигине урган соккусу болду. Бийлик ээсинин эрки менен эл эркинин ортосундагы гармониянын бузулушу – тоо турмушунун экологиясынын бузулушуна алып келди. Жакырчылыктан кыжыры кайнаган байыркы көчмөндөрдүн урпактары тоолордон куюлуп түшүп, алеки саатта чириген алсыз да арсыз бийликти алмаштырып салышты. Саясатчы төбөлдөрдүн адеп-ахлак принциптеринен оолакташы эмнеге алып келээрин көрсөткөн бул уникалдуу тарыхый сабактын жыйынтыгы – калк экономикасынын жана туруктуулуктун төмөндөшү болуп жатат. Дүйнөлүк цивилизацияга толуккан аралашуу үчүн нукура улуттук идеология зарыл экени түшүнүктүү болуп калды. Акырзаман катаклизмдеринде улуттун аман калуу, өзүн сактоо системалары ишке түшүп, алар эми элдин кызыкчылыгында иштеш керек. Ушу тапта кадимден реалдуу натыйжа бере келген эки нерсе: жан дүйнө тынчтыгына жана эс-акылга келишибиз зарыл. Бул үчүн элдин ар бир атуулу ички бейпилдикке уюп, өзүн кемелге жеткирүү жолунда айлана-чөйрө менен гармонияда жашоо керек. Экономика менен кошо жан дүйнө теңсалмак өнүгүшү шарт. Жалпы адамзат менен бир үй бүлөдөй ынтымак жашоо зарыл. Бул – жашообуздагы туруктуулуктун кепили. Ал эми тоолордун турмушунда ички-тышкы экология теңдештигине жетишүү үчүн коомдук түзүлүштүн байыртан өзүн актап келген – Манас, Бакай, кырк чоро идеясынын мате-риалдык модели Айкөл Манастын аалам тоопканасы (храмы) же Манастөр – рух-дене машыгынын сыйынты курулуш керек.
Улуттун өзүн сактоо жана өркүндөтүү стратегиясы коомдогу элдик-демократиялык күчтөрдүн биригишине, анын күжүрмөн авангарды болгон кан Манастын кырк чоро ыйык орденинин түзүлүшүнө, кыргыз элин ынтымак-ырашкерликке, бейпил турмушта жашоосуна алып келет.
Улуттун өзүн сактоо жана өркүндөтүү стратегиясы коомдогу элдик-демократиялык күчтөрдүн биригишине, анын күжүрмөн авангарды болгон кан Манастын кырк чоро ыйык орденинин түзүлүшүнө, кыргыз элин ынтымак-ырашкерликке, бейпил турмушта жашоосуна алып келет.
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#27 21 July 2014 - 01:42
"Жал сылама” туруштагы кыймыл
Камбартепте жылып кыймылдоонун негизин жоргонун жүрүшүн элестеткен майин, бат-бат алмашкан кайчылаш кадамдар түзөт.
Кыймылга жараша дене спи-раль боюнча бир калыпта айлана термелет: ага алакандары ачык, кенен жайылган колдордун айланма тең салмактоочу кыймылдары аркылуу жетишилет. Жапайы аттын жалын сылаган ыкмасы канатын жайып, ар кандай кокустук өзгөрүүлөргө даяр турган шумкар сымал чукул коргонууга да, же тулку бойду керек багытта буруп жиберип, каршылаштан демилгени тартып алып, кагып ийүүгө ылайык кыймыл. “Жал сылама” – Чоро азоонун жалын абай кыймылдап сылаган учурун элестетет. Тең салмакты, дене ийкемин жана туругун жеткире бышыруу үчүн “Шумкар канатын жаят” деген кыймыл колдонулат. Бул машыкта жоокер денеси спираль боюнча тез кыймылдап, атаандаштын артына чыгып, оорутма алып-салыш же көтөрүп урууну колдонот. Кармаш учурунда кыймылдоо белгилүү команда менен жүргүзүлөт. Чабуулда: – Камбар, чу! делинет, ал эми бүтүр же токто деген команда: – Камбар, тек!

#28 21 July 2014 - 01:47
“Темир жал” комплекси
“Темир жал” комплекси Камбартеп кармаш системасынын өзөгүн түзөт. “Темир жал” байыркы кармаш-коргонуу системасынын жаңыланышы – азыркы ат минилбей калган учурдагы бөксөнү толуктап, чыдамкай жана ийкемдүү болууга үйрөтөт.
Комплекс биоэнергетикалык дем алуу гимнастикалык көнүгүүлөрдүн тобунан туруп, “таштаман” деп аталган – таман, согончок, тизе, чыканак, баш, алакан, тулку бой менен жасалчу каршылаш соккуларды өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Жакшы машыккан адам катуу соккуларды оңой эле көтөрүп, ат үстүнөн оңтойлуу жыгыла берет. Комплекс “Канжаркол тизгин тартат” жана “Канжаркол тоголок таш түртөт” деп аталган эки түрдүү биоэнергетикалык дем алуу – дене машыктарынан турат.

#29 21 July 2014 - 01:50
Канжаркол тизгин тартат.
Биоэнергетик дем алуу – дене көнүгүүлөрү – “таштаман” бет алма соккусун иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. “Тизгин” тартуу, анан аны “түйүн” кылып түйүү, бүтүн дене бойдогу кубатты шар сымал күч уюлуна айлантат да, дененин сокку уруучу мүчөлөрү жыйырылып, ошол энергия уюлунун борборуна умтулушат. Анан топтой тоголок серпил- гич күч чу! деген тыбыштын коштоосу менен атаандашты жарып ийчү сокку жасайт. Кайчы соккулар “темир атчан” турушунда жасалат. Дем алуунун тула-бой жана кыймыл менен байланышы атайын жабдууларда, бошоңдоо менен коштолгон эки-экиден бет келген учурда аткарылат. Термелген дене төмөнтөн жогору көздөй серпилгич сокку урат. “Камбар, ур!” – дегенде кол менен согуп, “Камбар, теп!” – дегенде бут менен тебет.

#30 21 July 2014 - 01:53
Комплекс – дене тулку менен түрткөндө – “камбар түртүш” – кубат агымды чордонго топтойт; чоро аттын тула бою менен чар көпөлөк айланып, “Айлампа” деп аталган акробатик кыймылдарды жасаганда; “жабышып калуу” жана “сыйгалануу” (“жылмышуу”) принциптери менен катуу тегиздикте аракеттенгенде иштейт. Комплексте машыгуу үчүн “ат” деп аталган атайын аттын түспөлүн элестеткен манекендер,
ийилчээк шар сымал маттар менен батуттар керек болот.
Бошоңдоо
Бошоңдоону – бүтүн тула бойду бошоңдотуп, психикалык тазалануу катары түшүнүш керек. Сүкүт абалда жекече, атайын жана эки-экиден коргонуу боюнча техника, ыкмаларды үйрөнгөндө колдонулат. Дененин кол-бут мүчөлөрү бошоңдоо аркылуу ички күч топтоп жана согууга үйрөнөт. Мисалы, ички күч толгон ий-кемдүү бут сенейген катуу буттан алда канча коргонууга жана чабуулдоого ыктуу, таасирдүү болот. Тепкенде – таман, тамандын кыры, өркөчү, кетмени, согончок, бүтүн шыйрак, тизе, жамбаш бөлүктөрү менен согулат. Кол менен коргонуунун толгон-токой варианттары бар, себеби кол эволюция жолунда мээ менен түздөн-түз байланыш жана узак сыноодон өткөн. Кол – каалаган учурда, каалаган багытта сокку урууга жөндөмдүү. Кол менен иштөөдө: кирип, качып, чумкуп, чапчып, түрдүү-түмөн тосмо-соккулар аркылуу “Чапчыма” деп аталган каршылаштын башына, тулкусуна жасалчу соккулардын сериясына чыгылат. Ошону менен катар “Камбар чалыш” аталган оорутма алыш, чалыштар колдонулат. Азыркы өзүн-өзү коргоо – каршылаштын ар кандай айла-амалына туруштук бере турган универсалдуу психофизикалык каражаттардан турат.
Бошоңдоо учурунда манасчы “Манас” айтуудан жаралган аалам сыйкыр керемет – жоокердин жан дүйнөсүн көкөлөтүп, ар кадамын, ар-бир соккусун, тула боюн асманга учурган өнөрдүн касиети ашкере зор. Камбартеп кармаш өнөрүндө бошоңдоо – дене менен рухту өркүндөтүүнүн чексиз мүмкүндүктөргө ээ жан куралы.
Бошоңдоо
Бошоңдоону – бүтүн тула бойду бошоңдотуп, психикалык тазалануу катары түшүнүш керек. Сүкүт абалда жекече, атайын жана эки-экиден коргонуу боюнча техника, ыкмаларды үйрөнгөндө колдонулат. Дененин кол-бут мүчөлөрү бошоңдоо аркылуу ички күч топтоп жана согууга үйрөнөт. Мисалы, ички күч толгон ий-кемдүү бут сенейген катуу буттан алда канча коргонууга жана чабуулдоого ыктуу, таасирдүү болот. Тепкенде – таман, тамандын кыры, өркөчү, кетмени, согончок, бүтүн шыйрак, тизе, жамбаш бөлүктөрү менен согулат. Кол менен коргонуунун толгон-токой варианттары бар, себеби кол эволюция жолунда мээ менен түздөн-түз байланыш жана узак сыноодон өткөн. Кол – каалаган учурда, каалаган багытта сокку урууга жөндөмдүү. Кол менен иштөөдө: кирип, качып, чумкуп, чапчып, түрдүү-түмөн тосмо-соккулар аркылуу “Чапчыма” деп аталган каршылаштын башына, тулкусуна жасалчу соккулардын сериясына чыгылат. Ошону менен катар “Камбар чалыш” аталган оорутма алыш, чалыштар колдонулат. Азыркы өзүн-өзү коргоо – каршылаштын ар кандай айла-амалына туруштук бере турган универсалдуу психофизикалык каражаттардан турат.
Бошоңдоо учурунда манасчы “Манас” айтуудан жаралган аалам сыйкыр керемет – жоокердин жан дүйнөсүн көкөлөтүп, ар кадамын, ар-бир соккусун, тула боюн асманга учурган өнөрдүн касиети ашкере зор. Камбартеп кармаш өнөрүндө бошоңдоо – дене менен рухту өркүндөтүүнүн чексиз мүмкүндүктөргө ээ жан куралы.
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#31 21 July 2014 - 02:01
"Темир жал" машыгы.
“Камба-ар, аттан!” деген чакырык боюнча чоро болгон көңүлүн кубат ортого уютуп, темир атчан турушта терең дем алып, “жапайы аттын тизгинин” кош колдоп толгоп, эки капталына кере тартат. Соңунан сөөмөйдөн баштап манжаларды жазып, керилген боюнча килейген “таштарды” колго алат. Таштын бүткүл оордугун сезген чоро, аны акырын башына коёт да, арка булчуңдарынын чыңалган күчү менен өйдө карай түртө берет. Анан эрк менен демди кошо чымырканып, эки алаканды жакындатып, “шардын” оордугу астында энергетикалык таяныч пайда кылат. Ошол чыңалган бойдон, көкүрөк деңгээлинде “шарды” түртө берет да, “дубалга” жабыштыра түртөт. Алакандар катуу назар бири-бирине горизонталь бет келип турат. Анан “шардан” кутулуп, бирок чымырканган бойдон манжаларды кезек менен катуу муш кылып түйө баштайт. Кайрадан “жапайы аттын тизгинин” колго алып, колдорду каршы багытка толгоп алат. Тула бойдун булчуң тарамышын кычырата жыйырып, тизгинди кайрадан капталга тартып келет да “жапайы атты” токтотот. Баштапкы “темир атчан” турушка турат. Ушул көнүгүү комплекси бир демде аткарылат. Комплекс аткарылып бүткөндөн кийин “темир атчан” турушта “бошоңдоо” машыгы аткарылат.
“Кымыз кесе” деми шыпаа машыгы
Комплекс балдардын ден соолугун чыңоо, туруктуулук жана тең салмактык сезимдерин күчөтүү үчүн колдонулат. Кымыздын көпчүлүк сыркоолорду айдап чыгып, дене менен жанды кубатка нык толтураарын бабаларыбыз байыртадан билишкен. Кымыз сунуу машыгын үзбөй аткарып, организмди кымыздын гүлүнө шыкап, тоонун мүрөк абасынан кана жуткан Камбартептин жаш чоросу жашоосунда бет келген түрдүү сыноолорго кебелбей чыдап көнүгөт. “Кымыз кесенин” сунулушу Чоро кымыз мелт-калт кесени колго алып, “Темир атчан” турушта. Көңүл – кубат ортодо (ортолук даньтянь). Терең дем алып, колдору менен түрдүү багытта айланма-чоюлма кыймылдарды жасап, кесе сунат. Ошого жараша тулку бой да термеле айланат. Колдордон кийин буттар менен түрдүү багытка айланма, сокмо кыймылдар жасалат. Буттун учу же согончок менен жан жакка, бет маңдайга тебилгенде “чу-чу” деген тыбыш коштойт.
Камбартеп кармашында орой алып ыргытуу – “Камбар алыш”, чалуу – “Камбар чалыш” колдонулат. Каршылашты бет алып шыйракка, тулку бойго тийген “таш таман” сокку жылкы жаныбардын шак эттире күтүүсүз тепкенин элестетет.
“Таштаман” – болушунча бош, бирок тамандын керектүү түйүнүнө кубат топтолуп, бут булчуңдар кескин кыскарып жасалат.

#32 21 July 2014 - 02:33

#33 21 July 2014 - 02:36

#34 31 July 2014 - 20:20
Эр сайыш
Эр сайыш — жооокерчилик замандан бери аш-тойлордо ойнолуучу оюн-шоок, баатырлардын жекеме-жеке ат үстүндөгү эрөөлү. Аскердик демократия мезгилинде согуш маселеси негизги орундардын бирин ээлеп, ар кандай пикир келишпеген маселелердин көбү куралдын күчү менен гана чечилген. Натыйжада, аскердик дене тарбия берүү жоокерчилик коомунун негизги талабы болгон.
Баатырлардын Эр сайышты согуш мезгилинде гана эмес, атайын эрежеси иштелип чыгып аскердик оюн катары да аш-тойлордо өткөрүлгөн. "Манас" эпосунда :
Күлүктөн тандап минишип,
Күрөөкө тондон кийишип,
Күчү менен тийишип,
Айтканына көнүшсүн
Ажалдуусу өлүшсүн,
Найза колго алышсын,
Арага сайыш салышсын (Сагымбай Орозбаков, 3. 229, 290), — деп эпосто сүрөттөлгөндөй аш-тойлордун шаан-шөкөттөрүнүн бири болгон. Эр сайыштын жүрүшүн Көкөтөйдүн ашындагы Манас менен Коңурбайдын сайышынан көрүүгө болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео