Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#1362 21 July 2014 - 04:08
ИЗРАИЛЬ ЖАРАНДАРЫ ПАЛЕСТИНАЛЫК ӨСПҮРҮМДҮ ТИРҮҮЛӨЙ ӨРТТӨП ЖИБЕРИШКЕН.
Израилдин 3 жараны палестиндик 16 жаштагы өспүрүмдү тирүүлөй өрттөп жиберишкендиктерин моюндарына алышат. Тергөөдөгү маалыматка караганда, шектүү саналган 3 израиль жараны Чыгыш Иерусалимдин араб кварталына атайын курмандык издеп чыгышкан. Көчөдө жалгыз келе жаткан Мухаммед Абу Хдейр ысымдуу 16 жашар баланы күч менен автоунаага салышып, токойго алып барышып, монтаждоо аспабы (монтировка) менен сабап, андан соң, бензин чачып өрттөп баса беришкен.
Ал эми 16-июлда Израилдин аба соккусу деңиз жээгинде бейкапар жүргөн төрт бир тууганды жан таслим кылды. Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында айтылгандай, булар 18 жашка толо элек өспүрүмдөр болгон. Асман, жерден сокку кылган Израилдин зөөкүрлүгү күн санап артып баратат. Куралсыз элге кылган үстөмдүктөрүн "эрдик" катары көрүшүүдө.

#1363 21 July 2014 - 04:21
Көзү тирүүсүндө эң көп небере-чөбүрөлүү болгон Курманжан датка (1811-1.02.1907). Датканын көзү өткөн учурда (96 жашында) анын 183 тукумунун 98и (2 уулу, 2 кызы, 31 небереси, 57 чөбөрөсү, 6 чебиреси) жашап жаткан."
#1364 21 July 2014 - 05:00
Эң зор жана узун бойлуу кыргыз - 16-кылымда жашаган алп Тобок. Анткени анын бою бизге жеткен маалымат боюнча 4 метр болгон. Ат көтөрө албай өмүр бою жөө жүргөн. Ал Ак-Талаалык Жанболот баатырдын иниси, Тайлак баатырдын бабалары болгон. Жанболот Кытайга туткунга түшүп калганда, Тобок кыргыз жергесинен Пекинге чейин жөө барып бошотуп келген."
#1365 21 July 2014 - 14:32
Кытайда эргежээлдер өзүнчө жашашат.
Кытайдын түштүк батышындагы Сычуань аймагында эргежээлдер өзүнчө айылда жашашат.
Бул айылдын калкынын 40%ы эргежээл адамдар. Алар орточо бойлуу адамдын жарымынан келишет. Боюунун эң узуну 117 см, ал эми кичинеси 63,5 см. Маалыматка караганда, буларды атайын бөлүп койгон эмес. Бирок ушундай бирге жашап калгандарына, тагыраак эч ким түшүндүрмө бере албай келишет. Бул кыштакты болсо "Эргежээлдер айылы" деп атап алышкан. Айыл башчысынын айтымына караганда, бир кезде бул аймакта өтө коркунучтуу оору пайда болуп, түшүнүксүз илдеттен бир топ адамдар каза болгон. Ал эми 5-7 жаштагы балдардын буту баспай, өсүүсү токтоп калган. Алар ошол бойдон майып катары карыганча жашап келишкен. Окмуштуулар келип, бул аймактын суу, топурак жана өсүмдүктөрүн изилдеп көрүшкөн. Бирок ал оорунун аныгына чыга алышкан эмес. Бул айылдагы эң соңку калкты каттоо 1985-жылы өткөрүлүп, эргежээл адамдардын саны 119 болгон. Андан бери бул оорунун тукум куугандыгы айтылууда.

#1366 21 July 2014 - 17:59
Адам добуштан ойгонот экен. Себеби дене уйкуга кеткенде кулак иштей берет.
Түйүлдүктө да эң биринчи өрчүгөн бул угуу сезими.
#1367 21 July 2014 - 18:08
Элейин Девидсон дүйнөдөгү денеси эң "жыртык"
адам болуп саналат. Бүгүнкү күндө бул түбү бразилиялык-
шотландиялык "темир аялдын" денесинде - ар кандай темир буюмчаларды илген 6005 тешик бар. Эгерде Элейин Девидсон денесиндеги ар түрдүү "темир буюмчаларын"
алып таштаса, ал 6 кг. арыктай түшөт. "Денем ооруп" турса мен өзүмдү бактылуу сезем, - дейт Элейин.
#1368 21 July 2014 - 18:15
Адамдарда кол алышып саламдашуу адатка айланган. Бул адат байыркы замандарда коопсуздуктун гарантиясы катарында келип чыккан. Байыркы адамдар чоочундар менен кезиккенде колунда куралы жок экендигин көрсөтүш үчүн алакандарын сунуп, кол алышкан. Байыркы Римде болсо бири-биринин билектерин кармап учурашкан. Анткени адамдар жеңинин ичине канжар катып алышы мүмкүн эле... Демек, кол алышуу - бул саламдашуу же убаданы бекемдөө эле эмес, сага канжар сайбайм деген да белгини билдирет.
#1369 22 July 2014 - 01:28
Эң зор жана узун бойлуу кыргыз - 16-кылымда жашаган алп Тобок. Анткени анын бою бизге жеткен маалымат боюнча 4 метр болгон. Ат көтөрө албай өмүр бою жөө жүргөн. Ал Ак-Талаалык Жанболот баатырдын иниси, Тайлак баатырдын бабалары болгон. Жанболот Кытайга туткунга түшүп калганда, Тобок кыргыз жергесинен Пекинге чейин жөө барып бошотуп келген."
Мына баатыр деп ушуну айт.
Адам сырткы дуйнону озгортуудон мурун озун озгортууго тийиш.
#1370 22 July 2014 - 02:14
Элейин Девидсон дүйнөдөгү денеси эң "жыртык"
адам болуп саналат. Бүгүнкү күндө бул түбү бразилиялык-
шотландиялык "темир аялдын" денесинде - ар кандай темир буюмчаларды илген 6005 тешик бар. Эгерде Элейин Девидсон денесиндеги ар түрдүү "темир буюмчаларын"
алып таштаса, ал 6 кг. арыктай түшөт. "Денем ооруп" турса мен өзүмдү бактылуу сезем, - дейт Элейин.
Ушу кылганы учун кийин наркы дуйного барганда кантип жооп берет экен.
#1371 23 July 2014 - 02:27
#1372 23 July 2014 - 02:29
- Адамдардын өлүмүнө эң көп себеп болгон жандык - чиркей.
- Бир чымындын ылдамдыгы саатына 8 км.
- Жылкылар 1 ай бою бутунда тик тура алат, жатпай.
- Кумурскалар өзүнүн салмагынан 50 эсе оор салмакты көтөрө алат.

#1373 23 July 2014 - 02:31
- Адамдын мээсинин 80 пайызы суудан турат.
- Кумурскалар эч качан уктабайт экен.
- Сахара чөлүнө бир гана жолу, 1979-жылы 18-февральда кар жааган.
- 4 тизеси бар жаныбарлардан жалгыз бул - Пил.

#1374 23 July 2014 - 02:37
Кызыктуу фактылар:
Скорпион бир жыл тамактанбай жашай алат экен.
Бегемоттун терисинин калыңдыгы 4 см. экен. (Адамдардыкынан 8 эсе калың).
Жарганаттардын бирөөсү оорулуу болуп, ууга чыга албай калганда - жанындагы жарганаттар тамактандырат экен.

#1375 23 July 2014 - 02:38
#1376 23 July 2014 - 02:39
#1377 23 July 2014 - 02:42
Ар бир өлкөдө күлкүлүү жана таң калтыруучу тыюулар бар эмеспи. Алардын айрымдарына токтолсок. Алсак:
Сингапурда сагыз чайноого, сатууга жана өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынат. Бул үчүн 400 доллар айып каралган.
Ирландияда болсо, 29-февраль күнү гана бийкеч сүйгөнүнө сунуш киргизе алат. Эгер мырза баш тартса, ал дагы айыпка тартылат.
Италияда жасалма буюм сатып алсаңыз, 10000 евро айып төлөөгө аргасыз болосуз.

#1378 23 July 2014 - 02:53
АКШнын Пенсильвания штатында 14.000 маркум аскерге чакыртылды.
Жергиликтүү тургундун айтымында, ал өзүнүн чоң атасына чакырык кагазын алды. Эгер ал военкоматка келбесе, айып төлөп, эркиндигинен да ажыратылышы мүмкүн деп жазылган.
Кызыгы, чоң атасы Биринчи дүйнөлүк согушка катышып, дүйнө салганына көп убакыт болгон.
Белгилүү болгондой, оператор каттап жатып, туулган күндөрүнө катачылык кетирип, жыйынтыгында көптөгөн тиешеси жок адамдарга аскерге чакырык кагазы жөнөтүлгөн.

#1379 23 July 2014 - 02:55
Ар кандай өзгөчө жана анча өзгөчөлөнбөгөн буюмдарды чогултуу бул, айрым адамдардын хоббисине айланып калган. Алсак, Прага тургуну Гайни бут кийим, ачкыч, тыйын жана көптөгөн башка нерселерди чогултат. Ал жаш кезинде хоккей арбитри болуп иштеп, ага күйөрмандар ар кандай нерселерди ыргыткандан,
бул хобби башталып кеткен.
АКШда болсо, жергиликтүү жаран ар кимдин чачын чогултууга кызыгат. Айрым маалыматтарга таянсак, анда Мэрилин Монронун бир тал чачы да бар.
Дагы бир айымда 6000 барби куурчагы бар.
Россияда болсо, мугалим окуучуларынын шпаргалкаларын чогултуп, учурда алардын саны 10.000 ге чукулдап калды.

#1380 23 July 2014 - 02:57
Бразилияда эң узак жашоочу карыя катталды. Маалыматтарга таянсак, Жозе Агинело Сантуш учурда 126 жашта. Бүгүнкү күнгө чейин ал таяк таянбай басып, акыл-эси ордунда. Дарыгерлердин айтымында, Жозе Сантуш ден соолугуна арызданбайт,
акыркы 50 жылдан бери ал күнүнө 1 кутуча тамеки чегет. Карыя ушул жашка келип, эч үйлөнгөн эмес жана балдары жок. Учурда аны Гиннесс рекорддор китебине каттоо боюнча тиешелүү процедуралар жүрүп жатат.

Супер-Инфо
super.kg
видео