Суперстан: Курбан айт - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Курбан айт

#1 Пользователь офлайн   zarifa_love   07 Июль 2014 - 21:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 407
  • Катталган: 21 Февраль 13
  • Соңку аракети: 08 Апр 2017 08:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:якутя

Саламатсыздарбы? Курбан айт майрамы буйруса 3 айдан кийин кирип келет деген умуттомун .Илимдуулордон кенеш суроону чечтим ,КУрбандыкты кандай адамдар откорушот?менин билишиме караганда карызы бар адам курбандык откорбойт деп билем ,эгерде карызы барлар курбандык сойбосо .кыргызстанда 100% кридит алган ,бири биринен карыз болгон адам ,бул жашоонун агымы дегендей ,эми кридит карыз болсо Курбандык откорбой журо беребизби ?же кандайдыр бир жолдору барбы?кенениреек маалымат бере кетиниздерчи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   08 Июль 2014 - 10:33

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

100% деп ар бир адам менен суйлошкондой айтыпсызго. Кыргызстанда таза иштеген адамдар ото коп.Кредит предит жок эле бир жакшына соода сатык жана башка иштерди кылганга толук мумкунчулук бар кыргызстанда. Эми кеп Курбандыкка келсек халал пешене тер менен тапкан байлыгыныздан курбандык чалас. Анан кредит менен иштейсин банктарда адамдарда карыз болсо курбандык чалбай эле ошо карыздарды бериш керек. Харам нерседен курбандык чалынбайт мисалы кредит аласын аны айландырып жатасын ошол Аллах тъйуу салган процент пайыздан курбандык чалынбайт. Азыр тан калбайм деле муну да болот дегендер чыгышы мумкун далил эле далил деп кыйкырып .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   08 Июль 2014 - 11:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Анан да курбандык чалалбаса ал адам такыбачылыкты бекем кармасын. Себеби такыба болгон адам тез жетет Аллагха.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   zarifa_love   11 Июль 2014 - 21:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 407
  • Катталган: 21 Февраль 13
  • Соңку аракети: 08 Апр 2017 08:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:якутя

Просмотр сообщения Nurmuhammad (08 Июль 2014 - 15:39) жазган:

Анан да курбандык чалалбаса ал адам такыбачылыкты бекем кармасын. Себеби такыба болгон адам тез жетет Аллагха.


Ото эле куйуп бышып алыпсында .мен мындай туура жооп алгым келип жазгамСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   12 Июль 2014 - 02:00

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

:макоо:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июль 2014 - 00:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Адамзат тарыхында курбандык кылуу тээ Адам атанын заманынан бери карай уланып келе жатат. Бир жолу Адам атанын балдары Кабыл менен Абылдын ортосунда келишпестик болуп калат. Экөө атасына даттанап келишкенде, атасы: «Талашыңарды Аллах чечет» деп коёт. Экөө тең Аллах Таалага курбандык кылуунун чечишет. Аллах Таала кимисинин курбандыгын кабыл кылса, ошонусу туура болмок. Дыйканчылык менен алектенген Кабыл бир боо будайды алып келет. Мал-чарба менен алектенген Абыл бир коюн жетелеп келет. Ошол заманда, Аллах Таала кимдин курбандыгын кабыл кылса, аны от жалмап күйгүзүп кетчү экен. Асмандан түшкөн от Абылдын курбандыгын күйгүзүп кетет. Анткени, ал Аллахка жагуу максатында «Аллах улуу жана таза зат» деп, койлордун ичинен өзүнө жаккан семиз койду алып келген болчу. Ал эми Кабыл болсо, «баары бир күйүп жок болот» деп эгиндин арасындагы даны түшүп калган эң жаман саманды алып келген эле. Демек курбандык кылууда эң биринчи Аллахка ыклас кылуу керек. Чын ыклас менен аткарылган курбандыкты Аллах Таала кабыл кылат. Ошондой эле аткарылган курбандыктын каны да, башкасы да Аллахка жетпейт. Аллах Таалага пенденин ыкласы гана жетиштүү болот. Бул туурасында Кураанда: «Аллах Таалага курмандыктын кандары да, эттери да жетпейт. Бирок силердин такыбаңар менен ыкласыңар (таза ниетиңер) жетет» деп айтылган. (Хаж. 37-аят).
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июль 2014 - 00:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Тарыхтагы дагы бир чоң курбандык Иброхим пайгамбардын заманында болгон. Иброхим пайгамбар Аллахтын ыраазылыгы үчүн эл-журтунан, атасынан кечип кетти. Өмүрүн Аллахка арнады. Анын Аллахка болгон ишенимин дагы бир жолу сынап көрүү үчүн Аллах Таала ага баласын курбандык кылууга буйруду. Баласы Исмайил, Иброхим пайгамбардын картайганда көргөн перзенти эле. Өзүнүн сүйүктүү уулун курбандык кылуу канчалык оор болсо да, Аллахтын буйругун кыйшаюусуз аткарган пайгамбар баласын курбандык кылууга даяр болду. Ыймандуу атанын ыймандуу баласы да Аллах үчүн жан берүүгө даяр эле. Ата баласын курбандык кылуу үчүн бычак тартканда бычак кеспей койду. Анткени кулунун ыкласына ыраазы болгон Аллах Тааланын сыноосу бүткөн эле. Аллах Таала Иброхим пайгамбарга бир кочкорду жиберди. Пайгамбар аны курбандык кылды.


Хижраттын үчүнчү жылы, Зул хиджа айынын тогузунда Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Савук жортуулунан Мадинага кайтып келип, эртеси күн чыккандан кийин Айт намазын окуган жана намаздан соң курбандык кылуу жөнүндө баян кылган. Ушул күнү өзү да эки курбандык чалган.


Курбандыктын мааниси. «Курбандык» сөзү араб тилиндеги «Курбан» деген сөздөн алынган. «Аллахка жакын болуу» деген маанини туюндурат. Демек, кайсы бир малды Аллахты ыраазы кылып, Ага жакын болуу үчүн союу курбандык кылуу болуп эсептелет.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июль 2014 - 00:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Курбандык чалуунун өкүмү. Ханафий мазхабынын (Имам Аьзам) аалымдарынын пикири боюнча, курбандык чалуу зекет берүүгө кудрети жеткен ар бир мусулманга ваажиб (милдет). Кээ бир аалымдар «Зекет бере албаса да кыйналбай курбандык кылууга күчү жеткен адамдарга милдет» деп айтышкан. Бул өкүмдөрдүн баары Аллах Тааланын: «(Оо, Мухаммад) Роббуң үчүн намаз оку жана мал сойгун» деген аятынын негизинде чыгарылган. (Кавсар. 2-аят).
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июль 2014 - 00:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Курбандык чалуунун пайдалары: Курбандыктын көптөгөн пайдалары бар. Аларды Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) төмөнкү хадистеринен байкоого болот.

«…Курбандык күндөрү Аллах Таала үчүн адам баласы жасаган амалдардын ичинен кан чыгаруудан сүйүктүүрөк болгон амал жок…» - деп айткан Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун). (Ибни Мажа, Тирмизий).

Курбандык эмне? - деп Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) сурашканда:

«Ал атаңар Иброхимден калган сүннөт» - деп жооп берди.

Андан бизге кандай сооп бар - деп сурашты.

«Курбандыктын ар бир кылы үчүн бирден сооп берилет» - деп жооп берди Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун). (Ибни Мажа, Тирмизий).

«Мууздалган мал Кыямат күнү мүйүздөрү, туяктары, жүндөрү менен далил болот. Курмандыктын каны жерге тама электе, Аллах Тааланын алдында даражасы көтөрүлөт. Андыктан, жайдары көңүл менен курмандык чалгыла» деген хадистер айтылган. (Аттабараний).
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июль 2014 - 00:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Курбандыкты чалуунун сырлары: 1) Аллах Таалага жакындоо. 2) Иброхим пайгамбардын сүннөтүн тирилтүү. 3) Айт күндөрү үй-бүлөөгө жакшы маанай тартуулоо жана бей-бечараларга ырайымдуулук кылуу сезимдерин жаратуу. 4) Коомчулукта бир туугандыкты жаратуу. Курбандык кылган адам менен курбандыкты алган адамдын ортосунда сөзсүз түрдө жакындык пайда болот. 5) Малдарды бизге моюн сундуруп бергени үчүн Аллах Таалага шүгүр кылуу. Аллах Таала Кураанда: «Эми андан жегиле жана кембагал, бей-бечараларды ырыскыландыргыла. Аны силерге ушинтип моюн сундуруп койдук, кана эми шүгүр кылсаңар…» - деп айткан. (Хаж. 36-37-аяттар).
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июль 2014 - 00:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Курбандык чалуунун убактысы: Курбандык чалуу айт күнү Айт намазы окулуп бүткөндөн кийин башталып, үчүнчү айт күнүнө чейин уланат. Имам Аьзам мазхабы боюнча айт намазына чейин жана төртүнчү айт күнүнө өтүп кеткенден кийин союлган жандык курбандык эсебине кирбейт. Ал жөн гана союлган мал катары эсептелинет. Ошондуктан курбандыктын эң жакшы убактысы айт намазы окулган соң союу болуп эсептелинет.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июль 2014 - 00:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Курбандыктык чалуунун жолу: Курбандык кылынуучу малды кыблага каратып жаткырып, бычак тарткан мезгилде «Бисмиллахи Аллаху Акбар» же «Бисмиллахи валЛооху Акбар, хаза минка ва лака» деп айтуу керек. Экинчи дубанын мааниси: «Аллахтын ысмы менен, Аллах эң Улуу! Оо, Аллахым. Бул (курбандык) Өзүң тараптан жана Өзүңө арналган». Курбандыкты ар ким өзү сойсо жакшы (мустахаб). Өзүнүн атынан башка кишилерди өкүл кылып сойдурса да болот.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июль 2014 - 00:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Курбандык кылууга жарактуу мал-жандыктар: Аллах жолуна курбандык кылуу кой, эчки, уй жана төө сыяктуу жандыктардын бирин союу менен аткарылат. Кой менен эчки бир жашка толгон болуусу керек. Эгерде кой семиз жана чоң болсо жарым жашка толсо да курбандыкка жарай берет. Ал эми койдон башка жандыктар «саний» болууга тийиш. Эчки бир жылдыктан экинчи жылга өткөндө, уй экиден үчкө өткөндө, төө төрттөн бешке өткөндө «саний» болуп эсептелет. Курбандыкка аталган жандык сопсоо жана денелик айыптардан таза болуусу керек. Көзү көр, чолок, мүйүзү түбүнөн сынган, кулагы түбүнөн кесилген, өзү баса албай тургандай арыктаган, ылаңдаган ж.б.у.с. жандыктар курбандыкка жарабайт. Курбандык үчүн эң абзели – бул эки көзүнүн тегерегине жана буттарына кара түс аралашкан мүйүздүү ак кочкор.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июль 2014 - 00:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Курбандыктын эти. Эт үч бөлүккө бөлүнүп, бир бөлүгүн өз үй-бүлөөсү менен жеп, экинчисин кошуна, дос-бурадарларга, ал эми үчүнчүсүн колунда жок муктаж адамдарга таратып берүү жакшы. Анын териси жана шыйрактарына чейин садака кылынууга тийиш. Курбандык кылууда кой менен эчкини бир адам, ал эми төө менен уйду жети адамга чейин кошулуп курбандык кылууга болот.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июль 2014 - 00:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Курбандыкты сойгон касапчыга курбандыктын этинен эмгек акы берилбейт. Анткени курбандык толук бойдон садака болуусу керек.


Пенденин ар бир жасаган амалы Аллах Тааланын алдында сакталуу. Эртедир-кечтир Анын алдына барган кезде ал амалдардын же пайдасын, же зыянын көрөбүз. Ошондуктан ата-энең да, бала-бакыраң да, мал-мүлкүң да, байлык-бийлигиң да пайда бербей турган күндө пайдасы тийчү, Аллахка жакындатуучу амалдарды аткарып, көбүрөөк курбандык кылууга аракет кылалы. Жаратканга жакын болсоң жашооңдун жарык болору шексиз.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   22 Июль 2014 - 00:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения zarifa_love (11 Июль 2014 - 21:54) жазган:

Ото эле куйуп бышып алыпсында .мен мындай туура жооп алгым келип жазгамСүрөт


Туура жооп алдыңыз окшойт менимчеСүрөт

Просмотр сообщенияNurmuhammad (12 Июль 2014 - 02:00) жазган:

:макоо:


Сүрөт
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   zarifa_love   23 Июль 2014 - 14:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 407
  • Катталган: 21 Февраль 13
  • Соңку аракети: 08 Апр 2017 08:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:якутя

Просмотр сообщения Muslimka_Muslimka (22 Июль 2014 - 04:58) жазган:

Курбандыкты сойгон касапчыга курбандыктын этинен эмгек акы берилбейт. Анткени курбандык толук бойдон садака болуусу керек.

Пенденин ар бир жасаган амалы Аллах Тааланын алдында сакталуу. Эртедир-кечтир Анын алдына барган кезде ал амалдардын же пайдасын, же зыянын көрөбүз. Ошондуктан ата-энең да, бала-бакыраң да, мал-мүлкүң да, байлык-бийлигиң да пайда бербей турган күндө пайдасы тийчү, Аллахка жакындатуучу амалдарды аткарып, көбүрөөк курбандык кылууга аракет кылалы. Жаратканга жакын болсоң жашооңдун жарык болору шексиз.


АЛЛАХ ЫРААЗЫ БОЛСУН .карыз болгон адам курбандык сойсо болот экен да э ошондо ,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   rumaika5544   23 Июль 2014 - 14:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Просмотр сообщения Nurmuhammad (08 Июль 2014 - 10:33) жазган:

100% деп ар бир адам менен суйлошкондой айтыпсызго. Кыргызстанда таза иштеген адамдар ото коп.Кредит предит жок эле бир жакшына соода сатык жана башка иштерди кылганга толук мумкунчулук бар кыргызстанда. Эми кеп Курбандыкка келсек халал пешене тер менен тапкан байлыгыныздан курбандык чалас. Анан кредит менен иштейсин банктарда адамдарда карыз болсо курбандык чалбай эле ошо карыздарды бериш керек. Харам нерседен курбандык чалынбайт мисалы кредит аласын аны айландырып жатасын ошол Аллах тъйуу салган процент пайыздан курбандык чалынбайт. Азыр тан калбайм деле муну да болот дегендер чыгышы мумкун далил эле далил деп кыйкырып .



Силер абдан эле кызык экенсинер го?! Баардык нерсеге "далили" менен ишенебиз да,же сиз далили жок нерсеге ишене бересинерби?
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Nurmuhammad   23 Июль 2014 - 14:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 527
  • Катталган: 04 Июнь 14
  • Соңку аракети: 07 Сен 2016 04:06

Просмотр сообщения rumaika5544 (23 Июль 2014 - 14:35) жазган:

Силер абдан эле кызык экенсинер го?! Баардык нерсеге "далили" менен ишенебиз да,же сиз далили жок нерсеге ишене бересинерби?

Муну менен эмне дегиниз бар???
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   rumaika5544   23 Июль 2014 - 15:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Просмотр сообщения Nurmuhammad (23 Июль 2014 - 14:53) жазган:

Муну менен эмне дегиниз бар???


Эч нерсе, далил деп кыйкырып чыгышат дегенинизден айттым да.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 4 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 4, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 03 Авг 2025 03:32

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: