Жогорку Кеңешке «Ата Мекен» фракциясы менен келген депутат Карганбек Самаков өз алдынча партия түзүп, «Ата Мекендин» курамынан чыкканын жарыя кылды. Бул боюнча аталган партиянын өкүлү Артур Жээнтаевге собол салдык.
- Артур мырза, «эски» партиялашыңыздын мындай кадамын кандай кабыл алдыңыз?
- Карганбек Самаковдун башка партия түзүп кетиши бизге күтүүсүз болгон жок. Божомолубузда бар эле. Анткени, акыркы төрт жылда Самаков партиябыздын башкаруу органдарынан чыгарылган.
120 адамдан турган Саясый кеңешке да, саясый бюрого да мүчө эмес. Эч бир аймак, облуска жооптуу болуп дайындалган эмес. Себеби, кураторлор бизде жергиликтүү партиялык уюмдардын сунушу менен бекитилет. Жергиликтүү уюмдар башка адамдарды сунуш кылышты. Самаков башка адамдар анын тагдырын чечишин каалаган жок. Кийинки шайлоодо тизмеге киргизеби-киргизбейби деп тынчсызданып атса керек, муну биз түшүнөбүз. Ишенимдүүлүк үчүн ал өзүнө партия издеп атканы бизге белгилүү болчу. Кесиптеш катары анын ишине ийгилик каалап узатабыз деп ниеттенип жүргөнбүз. Бирок, жөн кетпей, партияны жамандап кеткени бизге күтүүсүз болду.
- Эмнеге Карганбек Самаковду партиядан оолак кармап келдиңер?
- Жолугуушулар,
түз эфирлерде жер боюнча нааразы болгон Чүй аймагынын жашоочуларынан бизге көп кайрылып, жүздөгөн гектар жер сатылып, ал жакта үйлөр башаламан курулуп аткандыгын айтышчу. Бул акыры чоң чатакка айланарын билгенбиз. Партия өз катарын тазалоого милдеттүү жана укуктуу.
- Карганбек Самаковдон өч алуу үчүн жер маселесин тымызын көтөрүп чыгууда деген сөздөр чынбы?
- Жер маселесин алгач Чүй аймагынын тургундары көтөрүп чыккан. Ата-бабаларынан калган жерлерди башкалар ээлеп, үйлөр ырааты жок салынып атканына нааразы болуп, айыл өкмөтүнүн үстүнөн сотко кайрылып, Жогорку сотко чейин барып, пикет-митингдерди уюштуруп жүрүшкөн. Коомчулукка көп белгилүү болбогону менен мындай окуялар тынымсыз болуп келген. Акыркы кезде расмий түрдө Чүй облусунун кулуну, «Ата Журт» фракциясынын ошогездеги лидери Мыктыбек Абдылдаев көтөрө баштаган. Облус жетекчилиги да буга көз жумган жок. «Ата Мекен» фракциясы жер темасын атайын көтөрүп атат дегенге макул эмеспиз. Ошондой эле бул маселенин жабылып калышына да аракет көргөн эмеспиз. Себеби, бул принципиалдуу маселе.
- Жаңы түзүлгөн партиянын келечегин кандай божомолдоп атасыз? Анткени, Карганбек мырзанын айтымында, ал Нарындан эле 30 миң добуш алып берген экен. Мындай сандагы добуштан ажырап калабыз деп чочулабайсыздарбы?
- Ооба, биз да мындай апыртылган маалыматтан гезиттеги маектен кабардар болдук. Нарындан эч бир партия анчалык добуш ала алган эмес. СДПК, андан кийин «Ата Мекен» 18000 тегерегинде добуш алган. «Туулганына эмес, турганына сүйүн» дегендей, чыгаан бир партия чыкса, биз кубанабыз. Парламентке келип калсак, мурдагы партиялаш катары кызматташууга даярбыз. Кыргызда: «Ээрге олтурганда эле кыйшак олтурду» деген сөз бар. Партия идеяга негизделип,
чын ниет менен түзүлүп, элге ачык айтылышы керек. Карганбек Садыкович «Пикирлештерим менен жаңы партия түптөдүм» деп лидер катары жарыялады. Бирок, «Биримдик» («Единство») демократиялык партиясы 2005-жылы 19-августта каттоодон өткөн «Кыргызстан аялдары» партиясынан жаралган экен.
- Ал партия кимдер тарабынан түзүлгөн?
- Ош шаарындагы аял лидерлер Алтыбаева Айнура Тойчиева, Ахматбекова Кулукан, Маматкадырова Карамат Токторбаевна,
Манапбаева Патилла, Заирова Айнуру, Алтыбаева Дилбара Тойчуевна, Аскаралиева Аписа Океновна, Закирова Толгонай Адинабаевна,
Садыкова Индира Тофиковна, Абдурахманова Дилбар Амановна негиздешкен.
2010-жылы 12-апрелде депутат Айнуру Алтыбаева өзүнө каттатып, Кыргызстан демократиялык «Биримдик» партиясы деп атаган. 2013-жылы 8-майда бул партияны бир жер участогуна алмаштырышып,
Самаковдун жардамчысы болгон Таштанбеков Абай Таштанбековичтин ысымына жаздырышкан.
Ал эми быйыл 5-марттан тарта партия Урумканов Асейин Турдукеевичтин наамында. Укуктук жактан Карганбек мырзанын аталган партияга эч кандай тиешеси жок.
Мындан улам, мага бир окуя эске түштү. Бир кытай жакында аялын сотко берди. Аялы татынакай, бирок, балдары ырааңы суук. Мындан улам шекшинген күйөөсү изилдеп, качандыр бир кезде аялы пластикалык операция жасатканын билет. Мындан улам аялын алдамчылык үчүн сотко берди. Партия жакшы ниет менен түзүлүшү керек дегеним, элди башынан алдабаш керек. Карганбек Садыкович жаңы деген партия мурдагы аялдар партиясы. Пластикалык операция сымал, ал ысымын өзгөрткөн. Элди алдап тарыхын бурмалаган,
соода менен чечилген саясаттын аягы жакшылыкка алып барбайт.
К.Самаков "Биримдик" партиясын бир жер тилексине сатып алганбы? К.Самаков "Биримдик" париясын бир жер тилексине сатып алганбы?
#2 18 July 2014 - 17:47
Мыйзам ченемдүү көрүнүш.Сандан сапатка өтүү. АТА МЕКЕН эң ишенимдүү, күчтүү партия.
Лидери интеллектуалдуу, такшалган саясатчы. Өткүрлүүгүн СССР учурунда эле, КПССке каяша айтканынан билебиз. Кыйын болсоңор баш кесерлерге муунуп ал, өлүп ал деп көргүлөчү? Деш үчүн ЖҮРӨК БОЛУШ КЕРЕК. Анча-мынча пендечилиги кечиримдүү нерсе, себеби анын залалы жеке керт башына, жашоосуна гана тийиштүү.
Жигитчилик сапат Эркинде абдан күчтүү, АЗАМАТ. Равшанга ишенбейм, Маммүлктө чогуу иштеген эң жакын адамдарымдын айтуусу боюнча. Өмүрбек Абдрахмановду сыйлайм. Ширин Айтматова абдан таза, ой-тилеги тунук, популизден алыс, калыптана баштаган саясатчы .Интеллигент, интеллектуал , ак сөөк. ОБОНдон чыккан КЛОН аялдардан эмес.
АТА МЕКЕН чыныгы элдик партиянын БРЭНДи болуп калаарына ишенем. Алга, АТА МЕКЕН !!!
Лидери интеллектуалдуу, такшалган саясатчы. Өткүрлүүгүн СССР учурунда эле, КПССке каяша айтканынан билебиз. Кыйын болсоңор баш кесерлерге муунуп ал, өлүп ал деп көргүлөчү? Деш үчүн ЖҮРӨК БОЛУШ КЕРЕК. Анча-мынча пендечилиги кечиримдүү нерсе, себеби анын залалы жеке керт башына, жашоосуна гана тийиштүү.
Жигитчилик сапат Эркинде абдан күчтүү, АЗАМАТ. Равшанга ишенбейм, Маммүлктө чогуу иштеген эң жакын адамдарымдын айтуусу боюнча. Өмүрбек Абдрахмановду сыйлайм. Ширин Айтматова абдан таза, ой-тилеги тунук, популизден алыс, калыптана баштаган саясатчы .Интеллигент, интеллектуал , ак сөөк. ОБОНдон чыккан КЛОН аялдардан эмес.
АТА МЕКЕН чыныгы элдик партиянын БРЭНДи болуп калаарына ишенем. Алга, АТА МЕКЕН !!!
#3 18 July 2014 - 18:06
Ата - Мекен мурунку шайлоо алдындагы убадаларын канчалык денгелде аткара алды? Тагыраак, далилдеп жаза кетсениз..
Бесит, когда меня судят те, которые
вообще понятия не имеют кто я. (!)
вообще понятия не имеют кто я. (!)
#4 22 July 2014 - 13:53
Ак үй алдында Чүй облусунун Аламүдүн районунун 35 жараны депутат Карганбек Самаковго каршы нааразылык акциясын өткөрдү. Акцияга чыккандар депутат Самаков аталган райондогу Кара-Жыгач айылынын карамагындагы жер тилкесин мыйзамсыз кестирип алып, аны сатып жатканын айтышты. Эми нааразы тарап депутатка "ал жерди кайра айылдын карамагына кайтарсын"
деген талап коюп жатышат.
Карганбек Самаковго каршы митингге чыккан 35 жаран Бишкектеги Биринчи Май РИИБинен бошотулду. Наразычылык акциясына чыккандар эч кандай уруксат кагазын алышкан эмес, ошондой эле коомдук тартипти бузушкан. Бирок эч кандай айып пул салынган жок.
Карганбек Самаковго каршы митингге чыккан 35 жаран Бишкектеги Биринчи Май РИИБинен бошотулду. Наразычылык акциясына чыккандар эч кандай уруксат кагазын алышкан эмес, ошондой эле коомдук тартипти бузушкан. Бирок эч кандай айып пул салынган жок.
МЕН ДАЙЫМА ЖАНЫҢДА БОЛОМ!

Супер-Инфо
super.kg
видео








