
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#1362 21 Июль 2014 - 04:08
Израилдин 3 жараны палестиндик 16 жаштагы өспүрүмдү тирүүлөй өрттөп жиберишкендиктерин моюндарына алышат. Тергөөдөгү маалыматка караганда, шектүү саналган 3 израиль жараны Чыгыш Иерусалимдин араб кварталына атайын курмандык издеп чыгышкан. Көчөдө жалгыз келе жаткан Мухаммед Абу Хдейр ысымдуу 16 жашар баланы күч менен автоунаага салышып, токойго алып барышып, монтаждоо аспабы (монтировка) менен сабап, андан соң, бензин чачып өрттөп баса беришкен.
Ал эми 16-июлда Израилдин аба соккусу деңиз жээгинде бейкапар жүргөн төрт бир тууганды жан таслим кылды. Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында айтылгандай, булар 18 жашка толо элек өспүрүмдөр болгон. Асман, жерден сокку кылган Израилдин зөөкүрлүгү күн санап артып баратат. Куралсыз элге кылган үстөмдүктөрүн "эрдик" катары көрүшүүдө.

#1363 21 Июль 2014 - 04:21
#1364 21 Июль 2014 - 05:00
#1365 21 Июль 2014 - 14:32
Кытайдын түштүк батышындагы Сычуань аймагында эргежээлдер өзүнчө айылда жашашат.
Бул айылдын калкынын 40%ы эргежээл адамдар. Алар орточо бойлуу адамдын жарымынан келишет. Боюунун эң узуну 117 см, ал эми кичинеси 63,5 см. Маалыматка караганда, буларды атайын бөлүп койгон эмес. Бирок ушундай бирге жашап калгандарына, тагыраак эч ким түшүндүрмө бере албай келишет. Бул кыштакты болсо "Эргежээлдер айылы" деп атап алышкан. Айыл башчысынын айтымына караганда, бир кезде бул аймакта өтө коркунучтуу оору пайда болуп, түшүнүксүз илдеттен бир топ адамдар каза болгон. Ал эми 5-7 жаштагы балдардын буту баспай, өсүүсү токтоп калган. Алар ошол бойдон майып катары карыганча жашап келишкен. Окмуштуулар келип, бул аймактын суу, топурак жана өсүмдүктөрүн изилдеп көрүшкөн. Бирок ал оорунун аныгына чыга алышкан эмес. Бул айылдагы эң соңку калкты каттоо 1985-жылы өткөрүлүп, эргежээл адамдардын саны 119 болгон. Андан бери бул оорунун тукум куугандыгы айтылууда.



#1366 21 Июль 2014 - 17:59
#1367 21 Июль 2014 - 18:08
#1368 21 Июль 2014 - 18:15
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 21 Июль 2014 - 18:17
#1369 22 Июль 2014 - 01:28
MACKA (21 Июль 2014 - 05:00) жазган:
Мына баатыр деп ушуну айт.
#1370 22 Июль 2014 - 02:14
MACKA (21 Июль 2014 - 18:08) жазган:
Ушу кылганы учун кийин наркы дуйного барганда кантип жооп берет экен.
#1371 23 Июль 2014 - 02:27
#1372 23 Июль 2014 - 02:29
- Бир чымындын ылдамдыгы саатына 8 км.
- Жылкылар 1 ай бою бутунда тик тура алат, жатпай.
- Кумурскалар өзүнүн салмагынан 50 эсе оор салмакты көтөрө алат.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 23 Июль 2014 - 02:40
#1373 23 Июль 2014 - 02:31
- Кумурскалар эч качан уктабайт экен.
- Сахара чөлүнө бир гана жолу, 1979-жылы 18-февральда кар жааган.
- 4 тизеси бар жаныбарлардан жалгыз бул - Пил.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 23 Июль 2014 - 02:40
#1374 23 Июль 2014 - 02:37
Скорпион бир жыл тамактанбай жашай алат экен.
Бегемоттун терисинин калыңдыгы 4 см. экен. (Адамдардыкынан 8 эсе калың).
Жарганаттардын бирөөсү оорулуу болуп, ууга чыга албай калганда - жанындагы жарганаттар тамактандырат экен.
Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 23 Июль 2014 - 02:40
#1375 23 Июль 2014 - 02:38
#1376 23 Июль 2014 - 02:39
#1377 23 Июль 2014 - 02:42
Сингапурда сагыз чайноого, сатууга жана өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынат. Бул үчүн 400 доллар айып каралган.
Ирландияда болсо, 29-февраль күнү гана бийкеч сүйгөнүнө сунуш киргизе алат. Эгер мырза баш тартса, ал дагы айыпка тартылат.
Италияда жасалма буюм сатып алсаңыз, 10000 евро айып төлөөгө аргасыз болосуз.

#1378 23 Июль 2014 - 02:53
Жергиликтүү тургундун айтымында, ал өзүнүн чоң атасына чакырык кагазын алды. Эгер ал военкоматка келбесе, айып төлөп, эркиндигинен да ажыратылышы мүмкүн деп жазылган.
Кызыгы, чоң атасы Биринчи дүйнөлүк согушка катышып, дүйнө салганына көп убакыт болгон.
Белгилүү болгондой, оператор каттап жатып, туулган күндөрүнө катачылык кетирип, жыйынтыгында көптөгөн тиешеси жок адамдарга аскерге чакырык кагазы жөнөтүлгөн.

#1379 23 Июль 2014 - 02:55
АКШда болсо, жергиликтүү жаран ар кимдин чачын чогултууга кызыгат. Айрым маалыматтарга таянсак, анда Мэрилин Монронун бир тал чачы да бар.
Дагы бир айымда 6000 барби куурчагы бар.
Россияда болсо, мугалим окуучуларынын шпаргалкаларын чогултуп, учурда алардын саны 10.000 ге чукулдап калды.

#1380 23 Июль 2014 - 02:57
