Ким орозо кармайт? Орозо тууралуу.
#441 29 Июнь 2014 - 22:11
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#442 29 Июнь 2014 - 22:27
#443 04 Июль 2014 - 23:52
Оболу ооз ачаарда курма менен ооз ачкан пайдалуу. Анткени адамдын ден- соолугуна оң таасирин берип, кан басымын 5-10 мүнөттө жайына
келтирери медицинада да аныкталган. Курма болбой калса суу же туз менен
менен даам татуу зарыл.
Туз кишинин
даам татымын (аппетит) ачат, суу
болсо аш казанды тазалап, тамактын
жакшы сиңишине таасир этет.
Бир эле
мезгилде тамактын өзөккө түшүп кетпешине көмөкчү болот. Андан соң
шашпастан, дастаркон четине
даярдалган тамак-аштан жесе болот.
Ач карын көп өлчөмдө муздак сууну,
жашылча-жемиштерди жеген да терс
таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан тамактан кийин ичсе
жакшы болот. Анан да аш казанды бир отуруп көп тойгузуп алса организмге күч келип, иштөө жөндөмдүүлүгүн
начарлатат. Акырындык менен жеңил
жана витаминдүү тамактарды жеш керек.
Анткени организмде
иммунитеттин төмөндөп кетүүсүнө жол бербөө кажет. Иммунитет төмөн болсо көптөгөн оорулардын пайда болушуна жол ачылат.
Стол үстүнө коюлуп
сатылган салаттар күндүн ысыгын 10-15 мүнөттүн ичинде бузулуп кетиши мүмкүн.
Андыктан тамак-ашты
муздаткычка салуу керек. Кечинде
калган тамакты муздак эле жеп алган
болбойт. Мында адам ууланышы
мүмкүн. Адам жетиштүү түрдө суюктукту алыш керек. Бирок ошол
суюктукту алганда чаңката турган
суусундуктарды ичпөө керек. Мисалы; аябай таттуу жемиш суусун ичип алса, ал адам бир сааттан кийин суу ичкиси келип, чаңкашы мүмкүн. Себеби, адамдын карынында шекер концентрациясы көбөйүп, алар сууну талап кылат.
Ошондой эле туздуу
тамактарды көп жеген болбойт.
Тамактарды туура тандоо керек.
Тамакты даярдап жатканда тузун өлчөмүнө салыштырмалуу азырак
кошуу зарыл. Эгер тузду көбүрөк
кошуп койсо, ал тамакты жеген
адамдын денеси сууну көп талап
кылат. Организмдеги суу денеден тер
болуп чыгып кетет. Натыйжада организмде суу калбай калып чаңкоону күч алдырат.
Билдирүүнү түзөткөн: kanat4ik: 04 Июль 2014 - 23:53
#444 04 Июль 2014 - 23:57
ортосунда 17-саат убакыт бар.
Андыктан ооз ачканда жеңил
тамактарды жеш керек. Он жети саат даам татпаган адам ооз ачаары менен беш бармак же эт сыяктуу күчтүү тамактарды жеген болбойт.
Тамактанганда өтө муздак эмес орто
жылуулуктагы тамактарды жеш керек.
Эгер ысык жана майлуу тамакты жеп, артынан муздак сууну ичкенде, ысык
тамак тоңуп калат. Ашказан тоңуп
калган тамакты майдалап иштеп
чыкканда көп энергия сарпталып,
ашказанга оор келет.
Ошондуктан иче
турган суюктук жылуу даражада болушу зарыл. Ал эми ооз ачаарда
ичкен суу бир ууртамга жетсе болот.
Бир бөтөлкө муздак суунун барын
ичкен туура эмес.
Мөмө- жемиштерди
көбүрөөк жеш керек. Андан сырткары
дарбыз, коон жана мөмөлөрдүн тазалыгына аябай көңүл буруу абзел.
Анткени билбей мөөнөтү өтүп кеткен
мөмөлөрдү жеп ууланып ооруканага
түшүп калыш мүмкүн.
Ошондуктан дарбыз, коонду жээрден алдыӊ муздак сууга 1-2 саат коюп койсо жакшы болот. Ар дайым таза тамактар менен азыктансак ден-соолукка чоң пайда.
#445 07 Июль 2014 - 01:10
#446 07 Июль 2014 - 10:43
maks93 (07 Июль 2014 - 01:10) жазган:
Уа' алайкумуссалаам. Айтканыныз келсин.
Орозодо бироо менен урушканга болбтйт.Ал катуу кетип жатса да"Мен орозомун„ Деп койунуз.Себеби Орозодо тилди,козду, колду тыйуу керек
кидают камень, отвечайте плодами»
#447 07 Июль 2014 - 11:13
#448 11 Июль 2014 - 20:42
#449 11 Июль 2014 - 23:45
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#450 12 Июль 2014 - 00:04
Суроо: Орозолууга макрух болгон жана болбогон нерселер эмнелер?
ЖООП
Макрух болгондор мына булар:
1- Тиштерди тиш пастасы менен щеткалоо макрух, тиш пастасы жок щеткаласа макрух болбойт.
2- Дары менен ооздуу чайкоо макрух. Эгер ооздогу жара намазда окууга тоскоол болсо дары менен чайкоо макрух болбойт, себеби, үзүр абалы бар.
3- Жунуп болуу ыктымалы болсо аялын өбүү.
4- Рамазан күнү укол алуу, өз каалоосу менен оозу толо кусуу сыяктуу бир себеп менен орозо бузулса, сапардагы жолчу адам шаарына келсе, аялдын хайзы токтосо шамга чейин орозолуу адам сыяктуу сактануулары керек, ичип-жеши макрух болот.
Макрух болбогондор:
1- Түнү ихтилам болуп (гусулу сынып) сахурга турганда имсак убактысына аз калган болсо алгач оозун жууп тамак жесе, имсак чыккандан кийин гусул алса, б.а., орозону жунуп кезде баштаган болсо сахих болот. Кийин гусул алуу жаиз.
2- Бузулса кафарат болбосун деп Рамазан орозосуна имсак убактысынан кийин ниет кылуу жаиз.
3- Рамазанда куптандан кийин аялы менен бирге болсо, кийин кеч маалда уктап бираздан кийин гусул алабыз десе, ойгонгон кездеринде күн чыгып кеткен болсо орозолоруна зыян келбейт, бирок, намаз окуу үчүн биринчи мүмкүнчүлүктө жуунуш керек.
4- Орозонун аксабоосу үчүн хайзды дары менен кечиктирүү жаиз.
Орозо кармоо үчүн жеңилдиктер
Суроо: Орозо кармоо үчүн төмөндөгү жеңилдиктерден пайдалануу жаизби?
1- Суусаганда чаңкоону азайтуу үчүн оозду суу менен чайкоо, сериндөө үчүн башка муздак суу төгүү, муздак суу менен жуунуу.
2- Тамекиге муктаждык сезген кезде тамеки пластырын жабыштыруу.
3- Оорута турган, ревматизм бар жерлерге спрей себүү же мазь сүртүү, жүрөк оорусунда көөдөнгө коюла турчу дары, пластырь колдонуу.
4- Ачкалык сезген кезде эмдөөдө колдонула турган ийнелерди батырып ачкалык сезимин кетирүү же ачкалык лентасын колдонуу (булар ачкалык сезимди дагы кетирет, ары салмак таштоого көмөктөшөт. )
5- Рамазанды аксатпоо, толук кандуу кармоо максаты менен хайзды кечиктирүү үчүн дары колдонуу.
ЖООП
Булардын бардыгы жаиз. Бирок, биринчи болуп саналган жагдай Имам азамдын өкүмүнө карата танзихан макрух, себеби, мындай аракет ибадаттын кыйнагандыгын көрсөтүшү мүмкүн. Имам Абу Юсуфка карата мунун зыяны жок, себеби, мындай кылуу менен ибадатка жардам кылынып, кыйынчылык бир өлчөмдө азайган болот. Имам Абу Юсуфтун кавлына уюлуп, жогорудагылардын бардыгын кылууга болот.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#452 22 Июль 2014 - 01:21
Жооп: Төмөнкү учурларда орозо бузулат:
• Майда ташты же данекти жутуп алса.
• Кулагына же мурдуна дары куйса.
• Ичине куюлган дары курсагына жетсе.
• Таң ата элек деген күмөн менен саарлыкта тамак жесе.
• Күн батты деген күмөн менен оозун ачып алса.
• Аялын өпкөндө же кармалаганда же уяттуу жерлерин сүрткүлөгөндө мани түшсө.
Ушул иштердин баарында орозо бузулат жана казасы кармалат, каффарат кылынбайт.
Суроо: Эркек кишинин аспабынын учуна дары тамызса орозо бузулабы?
Жооп: Имам Аьзам менен имам Мухаммадын айтуусунда бузулбайт. Имам Абу Юсуфтун айтуусунда бузулат.
Суроо: Ыхтыярсыз жана мажбур кусса орозо бузулабы?
Жооп: Кусунду оозуна келсе бузулбайт. Атайын мажбур ооз толтуруп кусса бузулат да бир күн казасын кармап берет.
Суроо: Каза да каффарат да качан важиб болот?
Жооп: Атайлап эки жолдун бирине жакындык кылса, азык же даба боло турган бир нерсени жеп же ичип алса орозосу бузулат. Бул үчүн каза да каффарат да важиб болот.
Суроо: Каффарат кандай болот?
Жооп: Бир кулду азат кылуу керек, ага күчү жетпесе катары менен эки ай орозо кармоо керек. Бул алтымыш күнгө Рамазанды жана орозо кармоого болбой турган күндөрдү (алар жөнүндө кийин айтылат) аралаштырбоо керек. Эгер ага да күчү жетпесе, анда алтымыш кембагалды тойгозуу керек.
Суроо: Рамазандан башка орозону бузса каффарат болобу?
Жооп: Жок, Рамазандын казасын бузса да каффарат болбойт.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#453 22 Июль 2014 - 01:24
Суроо: Рамазандан башка айларда да орозо кармоого болобу?
Жооп: Рамазандын орозосу парз, андан башка айдагы орозолор нафил болот, кармаган адам чоң соопторго ээ болот.
Суроо: Нафил орозолорду кармоого тыюу салынган күндөр да барбы?
Жооп: Рамазандын айт күнү, курбан айт күндөрүндө (айттан кийинки үч күн), башка күндөрдү кошпой жалгыз жума күнү кармоого болбойт.
Суроо: Нафил орозолор биринен-бири артык болобу?
Жооп: Нафил орозолордун артыкчылыктар жөнүндө көптөгөн хадистер айтылган. Мисалы: Ааиша жана Абу Хурайра(Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
- «Дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү амалдар көбөйтүлөт, амалдар көбөйтүлгөн күнү орозо болууну мен жакшы көрөмүн» - деп айткан.
Абу Хурайра: (Аллах андан ыраазы болсун)
- «Аллахтын элчиси үйдө да сапарда да айдын ак күндөрү орозо камайт эле» - деп айткан. (Айдын он үчү, он төртү, он беши).
Абу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
- « Арафа күнүндөгү орозо, андан алдыңкы жана андан кийинки жылдын күнөөлөрүнө каффарат, ал эми Ашура күнүндөгү орозо өзүнөн кийинки жылдагы күнөөлөргө каффарат болот деп үмүт кыламын» - деген.
Абу Аюб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
-«Ким Рамазандын орозосун кармап жана анын артынан Шаввалдан алты күн орозо кармаса, жыл бою орозо кармаган болот» - деп айткан.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#454 22 Июль 2014 - 18:17
#455 23 Июль 2014 - 16:03
Билдирүүнү түзөткөн: azamat1992kg: 23 Июль 2014 - 16:06
#456 23 Июль 2014 - 18:10
#457 23 Июль 2014 - 18:19
#458 23 Июль 2014 - 18:29
#459 23 Июль 2014 - 20:18
azamat1992kg (23 Июль 2014 - 16:03) жазган:
Орозо айт күнү иш күнү болбош үчүн ар бир министрликтен макулдашуу кагазында кол коюлуп чыгат да, анан мен ошондон жазган болчумун. Азыр орозо айт качан болот экенин эч ким так маалымат билбейт. Мен жүктөгөн сүрөттө деле жазылып турат. "Орозо айт" майрам күнү болжол менен 28-июль деп. Бирок бул так маалымат эмес. 27-июлда так маалыматы кечинде билинет.
Билдирүүнү түзөткөн: azamat1992kg: 23 Июль 2014 - 20:33
#460 24 Июль 2014 - 10:22
Ушул амалдарды көбөйтүңүздөр! -*Куранокуу-
*Зикр кылуу-
*Дуба кылуу-
*Намазкөп окуу-
*Истигфар айтуу