Мусулман кыз-келиндер эмне үчүн узун көйнөк кийип жоолук салынышы керек?
Себеби бул кийим аларды эркектердин жаман назарынан сактайт, жаман назардан сактангандан кийин, зордукталуу сыяктуу жаман нерселердин алдын алат дегенди билдирет. Мындай бир мисал берели, базардан 2 килограмм койдун этин сатып алып, бирок баштыкка салбай жөн эле эндей көтөрүп алып, үйдү көздөй бараталы дейли. Эгер этти пакетке ороп, көрүнбөй турган баштыкка салбасак, ал этке ар кимдин сугу түшөт, назары тиет. Өзгөчө көптөн бери эт жей элек ачка кишилердин шилекейи чууруп, жегенге аракет кылбаса да ичинен ойлоп коет. Эгер базардын айланасында жолбун иттер бар болсо, анда ээрчип алат. Эптеп бир айласын таап, иле качышты ойлошот.
Же дагы бир мисал, чоң суммадагы акчаны көтөрүп, же өтө баалуу алтын-күмүш жасалгаларды тагынып элдин көзүн кычыштыра көчө бойлой бассак, аны көргөн ниети бузуктар эптеп амалын таап алууга аракет кылат. Эгер биз бул баалуу нерселердин сакталышын кааласак, анда буларды эч кимге көрсөтпөшүбүз керек.
Аялзатын этке же жасалгага салыштыргыбыз келбейт, аялзаты булардан миң-мертебе жогору турат. Андай болсо, аялзат бул кымбат баалуу өзгөчөлүктөрүнөн ажырагысы келбесе жана эркектерди күнөөгө түрткүсү келбесе, сакташ керек.
Негизи, абийири болгон ар бир аялзат өзүн сыйлагандай эле, эркектерди сыйлап, аларды бузгусу келбейт. Ошондуктан денесин белгилүү кылбай тургандай кылып жамынса, үй-бүлөсүн да сактап калат. Себеби, жоолук салынган аялга эч ким жаман, бузуку ой менен карабайт.
Хиджап кийген кыздар барбы форумда?
#242 23 July 2014 - 23:23
Узун кийинип, жоолук салынуунун сырлары
Куран буйрук кылган кийимдин көптөгөн сырлары, негиздери бар:
1. Узун кийим кийүү, жоолук салынуу жалгыз мусулман аялзаты үчүн гана эмес, бүткүл аялзаты үчүн табигый нерсе, анткени муну табияттары талап кылат. Анткени аялдар жаратылышынан эле назик жана алсыз болгону үчүн өздөрүн жана жандарынан да артык көргөн балдарын коргой турган күйөөнүн коргоосу менен жардамына муктаж болгону үчүн, өзүн сүйдүрүп, жек көрдүрбөш жана суук мамилеге дуушар болбош үчүн узун кийишти өзү эле табияты каалап турат.
Адам баласы өзү жактырбаган, сүйбөгөн кишисинин назарынан жаман абалда калгысы келбейт. Албетте, ачык кийинген он аялдын эки-үчү чоочун эркектердин назарынан лаззат алса, жети-сегизи тартынат. Эгер аялдын жүрөгү бузула элек болсо, сөзсүз түрдө бушайман болот. Курандын, аялдардын кийими тууралуу кылган буйругу табигый болуу менен бирге мээримдүү жана түбөлүктүү өмүрлүк жолдош болгон аялдарды узун кийим аркылуу ыпылас, сук көздөрдөн, эң төмөнкү даражага түшүштөн жана рухий туткундуктан куткарат.
Ошондой эле, аялдар чоочун эркектерден табигый түрдө коркушат. Бул коркуу болсо табигый түрдө денени көрсөтпөгөн кийимди талап кылат. Куран буйрук кылган кийим аркылуу чоочун эркектердин делебесин козгобоону, алардын зордукташына тоскоол болушту алсыз табияты буйрук кылат. Куран буйрук кылган кийим болсо – аялдын бул коркунучтардан коргоно турган чеби. Ачык кийинген тигил, же бул бардык кызга жаман ниеттүү, сук көздүү эркек тийишпей койбойт, муну баарыбыз эле билебиз. Андай болсо, жарым-жылаңач кийинүү аялдын табиятына карама-каршы келет, ал эми денени көрсөтпөй кийиниш аялдын табиятына абдан туура келет. Демек, «Жоолук салынуу – бул, туткунчулук» - дегендердики туура эмес.
2. Аял менен эркектин ортосундагы ысык мамиле, сүйүү жалгыз дүйнөлүк жашоонун муктаждыгы үчүн гана бар эмес. Ырас, аял күйөөсүнүн дүйнөлүк жашоого гана тиешелүү өмүрлүк жубайы эмес. Тескерисинче, түбөлүктүү жашоодо да өмүрлүк жубай.
Аял тигил дүйнөдө да өмүрлүк жолдош болгондон кийин албетте, түбөлүктүү жолдошу жана досу болгон күйөөсүнүн назарынан башка назарлардын өзүнүн сулуулугуна тартып, аны кызгандырып, таарынтпашы керек. Момун мусулман болгон күйөөсү ыймандуу болгону үчүн аны менен болгон байланышы дүйнөлүк жашоого гана тиешелүү, убактылуу болбогондон кийин, сүйүүсү түбөлүктүү жашоого чейин уланат. Ошондой эле, жаштыгында, сулуу кезинде гана эмес, карылыкта, сулуулук кеткенде да сүйүшү керек. Бул адамгерчиликтин талабы. Антпесе, көп нерседен ажырайт.
3. Үй-бүлөнүн бактылуу жашоосу жубайлардын ортосундагы урмат, сүйүү аркылуу уланат. Денени белгилүү кылып кийинүү ошол сүйүүнү бузат.
Адам баласы махрам (никеси түшпөгөн аялзат, карындашы, кызы, эжеси, эмчектеши ж.б.) аялзатына сугун артып карабайт. Тууган катары көрүшү мүмкүн, мындай жагдайда напсиси анын айбандык сезимдерине тоскоол болот. Бирок буттар сыяктуу шарият уруксат бербеген дененин мүчөлөрүн ачык калтыруу абдан ыпылас сезимдердин ойгонушуна себепкер болушу мүмкүн. Анткени махрам аялзатынын жүзү махрам эмес аялзатына окшош эмес. Бирок мисалы жылаңач буттар махрам болбогон аялзаты менен бирдей деңгээлде. Демек, жылаңач буттар махрам болуу чегинен чыккандыгы себептүү эркектин айбандык сезимдерин ойготуп жибериши толук мүмкүн. Муну далилдештин деле кереги жок, гезиттерден окуй калып жүрөбүз, өз карындашын, өз эжесин зордуктаган эркектер, өз кызына аңги болгон аталар коомубузда жок эмес, тилекке каршы... Курандын аялзатынын кийими тууралуу берген буйругу тамаша эмес. Ал буйрукка баш ийбеген коом төбө чачты тик тургузган ыпылас окуяларга күбө боло бермекчи!
4. Калктын санынын көп болушу бардык мамлекеттер тарабынан талап кылынган негиз. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) дагы бир хадисинде «Үйлөнгүлө, көбөйгүлө. Акыретте мен силердин көп сандуулугуңар менен сыймыктанам. » - деген.
Ал эми аялдардын мусулманча кийиминин жоюлушу үйлөнүүлөрдү көбөйткөндүн ордуна азайтат. Анткени эркек канчалык жаман болбосун, канчалык заманбап болбосун, өмүрлүк жарынын намыстуу болушун каалайт. Өзү сыяктуу заманбап, тагыраак айтканда, жарым жылаңач кийинген кыз менен үйлөнүштү каалабагандыктан бойдок калат, балким зынаакордукка барат.
Аял болсо андай эмес, күйөөсүн башкара албайт. Анткени аялдын (үй-бүлөлүк жашоодо үйдөгү турмушту жөнгө салган жагы менен алып караганыбызда күйөөсүнүн бүткүл мал-мүлкүн, балдарын сактай турган кызматчы болгондугу себептүү) эң маанилүү артыкчылыгы – күйөөсүнө берилгендиги. Жарым жылаңач кийинүү бул берилгендикти жоет, күйөөсүнүн назарында аял коопсуздукту жоготот, анан абийирин азабын тарта баштайт. Эркектердеги эки өзгөчөлүк, эр жүрөктүк менен жоомарттык аялда болсо, ушул коопсуздукка жана берилгендикке зыяны тийгени үчүн жаман ахлак болуп саналат. Бирок күйөөсүнүн милдети – аны коргоо, урматоо жана мээримдүү мамиле кылуу.
Анын үстүнө, Кыргызстандын 80 пайызы мусулман, күн санап мусулмандардын саны көбөйүп баратат. 70 жылдан ашуун коммунизмдин, материализмдин таасиринде калса да, мусулманчылык көбүнесе салт катары калса да сакталып калган. Мамлекетибизди Европадагы мамлекеттер менен салыштырганга болбойт. Европа Азияга салыштырмалуу суук келет, Азия болсо ага салыштырмалуу ысык климаттуу. Ал эми климаттын адам баласынын адеп-ахлагынан таасирин тийгизет. Ошол суук мамлекеттерде жарым жартылай ачынуу адамдын айбандык сезимин ысык мамлекеттерге салыштырмалуу анча ойготпошу мүмкүн. Ойготсо да анчалык чоң зыян келтирбейт. Бирок ысык мамлекеттерде жарым жылаңачтанып кийинүү көптөгөн кырсыктарга жол ачышы мүмкүн.
Анан да, ислам эч качан бир улутту башка улутка үстөм көрбөйт. Ошондой эле, эгер исламга карама-каршы келбесе эч бир каада-салтты тыйбайт. Буга таянып, Кыргызстандагы мусулман аял Арабиядагы, же Пакистандагы аялдардан үлгү албай койсо болот. Маанилүү болгон нерсе – Куранда кандай буйрулса, ошондой кийинүү. Куранда кандай буйрулса, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) кандай айтса, ошого карап кийиниш керек, бир улутка тиешелүү өзгөчөлүктөрдү ээрчий берген болбойт.
Кээ бир аялдар «Күн ысык тийип турса, кантип тумчуланып алабыз?» - дешет. Бирок тумчуланган башка нерсе, тумчулануу – бул, жүздү да көрсөтпөстөн жамынуу. Бирок мусулман аялдардын жамынышы тумчулангандыкка жатпайт.
Кудайга шүгүр, Алла Таала аялдардын жамынышы тууралуу буйругун эң ысык өлкөлөрдүн бири болгон Арабияда жүзөгө ашырган. Арабиянын ысыгы Кыргызстандыкынан эки эсе ысык, анда аердеги аялдар кантип чыдап жүрүшөт? Бул жөн эле психологиялык таасир. Негизи, узун кийим кийип, жоолук салынган аялзатына караганда ачык кийинген аялзаты көбүрөөк ысыйт. Анткени шарият боюнча кийинген аялзатынын денесинин температурасы эшикке чыкканда да сакталат. Медиктер муну далилдеп чыгышты.
Кээ бир жаш кыздар «Мага узун кийим кийген, жоолук салынган жарашпайт» - дейт. Бирок кечиресиздер, бул жерде бүткүл ааламды жараткан Алла Тааланын буйругу бар. Мусулман аялзаты кийимди жарашканы үчүн эмес, Кудай буйрук кылганы үчүн киет.
Сөздүн кыскасы, аялдардын шарият боюнча кийинишинде жогоруда саналган көптөгөн жеке инсандык, үй-бүлөлүк жана коомдук пайдалары бар. Тилекке каршы, буга каршы чыккандар көптөгөн зыяндарга учурайт.

Ак ийилет, бирок сынбайт.
#243 23 July 2014 - 23:29
Оой туугандар тынчтык сактайлы?!
Орозонун куттуу кундорундо жаман айтышпайлы.
Эркеги да, аялзаты да бири бирибизди сыйлайлы. Анан теманы да башка нукка буруп жиберипсиздер,
чыгалы бул жерден,атайын дин болуму бар. Керектуу маалыматтар ошол жакта эмеспи.
#244 23 July 2014 - 23:29
Теманын нугу бурулуп кетти окшойт. "Хижаб"
жөнүндө бөлөк тема бар.
Кийиш колундан келбейби? Сындаба!
Жанагы, "сооп иш кылуу колдон келбесе, күнөө да кылба" дегендей.
Форумчулардан "janylka" атту форумчу кызды көргөнмүн.

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#245 23 July 2014 - 23:36
Оронгон айымдардан Бермет эжени билем. Ички дуйносу да,сырткы келбети да бап келет. Аябай сылык,боорукер,
жузунон нур тамат...чын ыкласы м.н Алланын ыраазычылыгы учун оронгон адамдарга суктанам,анткени аларда ыйман, эрк, куч, сабыр деген касиеттер бар. А хиджапты башка максатта жамынган адамдарга, биздей эрки жетпеген алсыздарга ошондой ыйман ынсап, кайрат, эрк тилейм. Менде да ниет бар.
#246 23 July 2014 - 23:38
Ай ай жоолукчандардын жаманын коро койуп, жон жургондордун жаман жургондору козго корунбой калыптырда.
Же аларга боло береби? Жонокой мисал: негизи бардык нерсенин жакшы жаманы бар, ошо сынары жоолук салгандардын жакшысы сооп алат, жаманы куноосуно жараша жаза тартат. Ал эми оронбой жургондун озу куно болгондон кийин анын жакшы журобу жаман журобу айырмасы эмне? Оронбой жакшы жургондон эмне пайда?
Журоктор ыйманга толсун.
#247 23 July 2014 - 23:41

Ошол силер оронуп чулганып жургондор эле бейишке киргилечи деген эле ак ой... Андан башка жаман ой делееее жооооок....
Три вещи никогда не возвращаются обратно - время, слово, возможность.
Поэтому не теряй времени, выбирай слово, не упускай возможность
.
#248 23 July 2014 - 23:42
Оронгон айымдардан Бермет эжени билем. Ички дуйносу да,сырткы келбети да бап келет. Аябай сылык,боорукер,
жузунон нур тамат...чын ыкласы м.н Алланын ыраазычылыгы учун оронгон адамдарга суктанам,анткени аларда ыйман, эрк, куч, сабыр деген касиеттер бар. А хиджапты башка максатта жамынган адамдарга, биздей эрки жетпеген алсыздарга ошондой ыйман ынсап, кайрат, эрк тилейм. Менде да ниет бар.
Салаллоху алейки уа саллам! (Бироо сени мактаса Пайгамбарыбызга салават айтыш керек экен)
Алла ыраазы болсун синдим! Ниетин болсо тездет эми! Сен хиджаб кийсен тобом кокко жеткичекти суйунсом керек! Озун сонун кызсын бир гана жоолук салынган жетишпей турат да сага
Убакыт даарылайт деген созго ишенбей бараткандаймын.
..
#249 23 July 2014 - 23:44
Оронбой жакшы жургондон эмне пайда?
Биз пайда коздобогондордонбуз
Пайдасы деле жок. Озумон тээ "Аялдар тозокко отун болушабы?" деген темадан сон эле тунулгом. Бири болбосо бири тозокко суйросо, хиджапчан барамбы, же оронбой элеби, айырмасы жок (мен учун).
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#250 23 July 2014 - 23:45
Ошол силер оронуп чулганып жургондор эле бейишке киргилечи деген эле ак ой... Андан башка жаман ой делееее жооооок....
Ин шаа Аллаh бейиштен умут кылабыз. Силер бул дуйнодон умут кылган пенделер болсонор Жараткан кечиримдуу зат, силерди кечирсин. Озунордун абалынарга каткырбасанар да белгилуу.
Журоктор ыйманга толсун.
#251 23 July 2014 - 23:45
#252 23 July 2014 - 23:52
Урматтуу хиджап кийген кыздар жана аялдар динден тушунугу жок адамдардын созуно эч бир кулак салбагыла булар уро беришет силер журо бергиле.Силердин коргоочунар Аллах булардыкы ким экенин оздору билишет. Так что башынарды бийик которгуло силер ар дайым женесинер тенелбегиле динден кабары жокторго.!
!!!
#253 23 July 2014 - 23:57
Алла Тааланын убадасы бар ошондон умут кылып, ошол нерсеге амал кылып атабыз да Салтанат. Сен да аракет кыл! Бейиште чоогуу болсок жакшы да!
Убакыт даарылайт деген созго ишенбей бараткандаймын.
..
#254 24 July 2014 - 00:00
Хиджапты сыртта, чоочундардын козунчо кийилгени катабы? "Каапкара"
деп итиркей келтирген туурабы? Башка соз айтпадым окшойт.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#255 24 July 2014 - 00:07
Хи жап кийсе,намаз окуса баары озу учун.Чын журогунордон кийсенер буерде озунорду реклама кылбай Сестра дн айымга окшоп так так болуп журо бергиле.
#256 24 July 2014 - 00:08
Менин озумо асылсанар эч качан чычалабайм динге асылгандарга созсуз менден жооп болот ким кандай ойлосо ойлой берсин мен эч качан башка темаларга кирип алып мини юбка лямкачандарга асылган эмесмин асылбаймындагы бирок хиджапчандарды ар дайым колдоймун!
!!!
#257 24 July 2014 - 00:08
Абдуллах 16 байкенин созуно кошулам,орозодо айтышуунун кереги жок,достоор.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#258 24 July 2014 - 00:14
Менин озумо асылсанар эч качан чычалабайм динге асылгандарга созсуз менден жооп болот ким кандай ойлосо ойлой берсин мен эч качан башка темаларга кирип алып мини юбка лямкачандарга асылган эмесмин асылбаймындагы бирок хиджапчандарды ар дайым колдоймун!
!!!
Улуу урматтуу колдоочу, суроолор дагы калып кетиптир. Жооп болобу?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#259 24 July 2014 - 00:24
Мончого от жагып даярдап жатам, эки-экиден айтышкандарды,
колуна самынын карматып жонотом, ошол жактан улантасынар!
Тема тазаланды!
Simonetta провакация жаратканыныз учун беш кунго бан!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#260 24 July 2014 - 00:46
aijan, Abdullah16 жеке айтышуудан алыс болгула!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев

Супер-Инфо
super.kg
видео