Жыл сайын Латвиянын Юрмала шаарында өтчү «Жаңы толкун» сынагына Кыргызстан акыркы жылдары активдүү катышып келет. Быйыл аталган музыкалык сынакка таланттуу, позитивдүү кыз-жигиттерден түзүлгөн «Style Mix» триосу Кыргызстандын атынан барышмакчы.
Сизге топтун аты тааныш эместей туюлса чочулабаңыз,
анткени бул топтун мүчөлөрү таланты менен сиздин күмөн оюңузду толугу менен жокко чыгарууга даяр. Анда суроолорубузга көңүлдүү жооп берип, гитаранын коштоосунда ырдап-бийлеп,
айтор, мыкты маанай тартуулаган топтун мүчөлөрү менен болгон маекти тартуулайбыз.
Калк арасында «бул жылы сынакка күчтүү команда кетип жатат» деп жеңиштен үмүт кылгандар көп. «Style Mix» триосу Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп келет деген үмүттөбүз.
"Style mix" тобу "Жаңы толкунда" жеңишке жетеби? Юрмалада
#2 24 July 2014 - 11:50
Латвиянын Юрмала шаарында жыл сайын өткөрүлчү “Жаңы толкун” эл аралык сынагына 12-июлда мекенибиздин атын коргоо үчүн быйыл “Style Mix” триосу жана аларды колдоп ырчы Омар, продюсери Миргүл Эсеналиева кетти. Сынак 22-июлдан 27-июлга чейин жүрөт, ага чейин чогулган катышуучулардын репетициядан башы чыкпай, кызуу даярданып жатышкан кези...
– Салам! Юрмаладагылар силерди кандай тосуп алышты?
Миргүл Эсеналиева , топтун продюсери:
– Салам, аябай жакшы тосуп алышты. Азыр сынактын бардык катышуучулары менен чогуу мейманканада жашап жатабыз.
– Жалпы канча өлкөнүн өкүлдөрү бар?
– 13 мамлекеттен катышуучулар келди.
– Кантсе да бул сынак да, тымызын атаандашуу байкалса керек?
– Азырынча баарыбыз доспуз (күлүп). Атаандаштыкты байкай элекпиз.
– Атактуулардан кимдер менен таанышуу мүмкүнчүлүгү болду?
– Орусиянын шоу-бизнесиндеги атактуулар 20-июлда келишет экен.
– Топтун мүчөсү Илиманын сынак алдында тамагы ооруп калганын көргөнбүз. Бул маселе кандай чечилди?
– Кудайга шүгүр, доктурлар жазып берген дарыларды ичип жакшы болуп калды. Аталган триону колдоп барган ырчы Омарды да кепке тарттык.
– Кандайсыз? Сиз бул сынактын мурдагы катышуучусу катары кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыз? Бул жылы кандай артыкчылык же кемчиликтер бар экен?
– Жакшы, рахмат. Негизи “Жаңы толкун” өзү жогорку деңгээлдеги сынак эмеспи. Баары эң сонун уюштурулган. Мындан артык болушу мүмкүн эмес.
– Биздин өлкөнүн жеңишке мүмкүнчүлүгү канчалык деп ойлойсуз?
– “Style Mix`те” чындап жакшы ырдаган жаштар чогулган. Бирок башка өлкөнүн катышуучулары дагы жөнөкөй эмес. Ар бир өлкөнүн өкүлү күчтүү атаандаш. Албетте, биз жеңүү үчүн келдик, тилегибиз ошол. Бирок бул сынакка катышканыбыздын өзү деле чоң жеңиш деп эсептейм.
– Сизден башка дагы колдоочулар барыштыбы?
– Азырынча топтун продюсери Миргүл экөөбүз эле. 20-июлда Анжелика менен Арсен учуп келишет.
Сынак деп толкунданып, күн сайын 8 сааттык репетицияны башынан өткөрүп жатышкан “Style Mix” триосунун мүчөлөрүнө да кезек жетип, алар толкундануулары менен бөлүшүштү.
– Даярдыктар кандай?
Илима: – Эртең мененки саат 10дон тартып кечке чейин репетициядабыз. Кызуу даярдык жүрүп жатат.
– Чет элдик атактуулардан кимдерди чыдамсыздык менен күтүп жатасыңар?
– Мен Рики Мартинди жана Валерий Меладзени чыдамсыздык менен күтүүдөмүн. Адилет менен Талас болсо Лара Фабианды күтүп жатышат, анан сөзсүз түрдө Алла Пугачёваны көргүбүз келет.
– Жеңүүгө мүмкүнчүлүгүңөр кандай деп ойлойсуңар?
– Азырынча айта албайм, себеби бардык катышуучулар күчтүү экен.
– Силерге дем-күч берген дагы кимдер болууда?
– Тааныбаган эле адамдар интернет аркылуу жазып бизге ийгилик каалашууда, бул биз үчүн чоң колдоо. Анан Израилден, Америкадан келген катышуучулар атаандаш болгонуна карабай бизге колдоо көрсөтүүдө.
– Талас, Адилет, чет өлкөлүк кыздарга да көз кысып жетишип жатсаңар керек?
Талас: – Жо-ок (күлүп). Таң атпай репетиция башталат, чарчап келебиз, оюбуздун баары сынакта.
– Жан дүйнөңөрдө эмне болуп жатат?
Адилет: –Азырынча баары тынч, бирок ошол эле учурда толкундануу бар. Себеби мекенибиздин намысын коргоо биздин колубузда экенин түшүнүп турабыз. Кыргызстан үчүн биз жеңишке умтулабыз.
– Буга чейин да башка чоң сынактарга катыштыңар беле?
– Бул биздин алгачкы жолу ушундай деңгээлдеги сынакка катышып жатканыбыз.
– Силерге ийгилик каалайбыз!

#6 24 July 2014 - 12:12
БИРОК...
Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу "Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүндө 10-орунду ээледи
23-июлдан 24-июлга караган түнү Латвиянын Юрмала шаарында "Жаңы толкун" Эл аралык сынагынын биринчи күнүндө катышуучулар дүйнөлүк хит ырларын аткарышты. Сынактын биринчи күнүнүн көрсөткүчүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу 61 упай менен 10-орунду ээледи.Катышуучулардын таланттарына Игорь Крутой баш болгон калыстар тобу баа беришти. Алардын катарында Леонид Агутин, Лайма Вайкуле, Филипп Киркоров, Игорь Николаев, Валерий Меладзе жана Константин Меладзе бар. Катышуучуларга калыстардын ар бири максималдуу 11 упай бере алышат. Кыргызстандын намысын коргоп жаткан топко көпчүлүгү 8 упай берсе, ага-ини Меладзелер 10 упайдан беришти. Ал эми биринчи орунду 76 упай алган грузиялык ырчы Нуца Бузаладзе ээледи. Экинчи орунга 73 упай алган үч ырчы: украиналык Виктория Петрик менен Вячеслав Рыбиков жана казакстандык Алишер Каримов ээ болушту. Үчүнчү орунда 72 упай менен Орусиянын атынан катышып жаткан Нодар Ревия келе жатат. Сынактын ачылыш аземинде орун алган чүчү кулактын жыйынтыгында кыргызстандык "Style Mix" триосу биринчи болуп сахнага чыгары белгилүү болгон. "Style Mix" триосунан башка 3-номур менен сахнага чыгып Германиянын намысын коргогон Гледис Дамарис да 61 упай алган. Бул биринчи эле күндүн жыйынтыгы. Алдыда дагы эки конкурстук күн бар. Анда катышуучулар өз өлкөсүнүн хит ырларын жана жаңы чыгарылган ырларды аткарышат. Мекендештерибиздин алдыга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. 22-июлда старт алган "Жаңы толкун" Эл аралык сынагында Кыргызстан, Орусия, Украина, Армения, Литва, Казакстан, Италия, Грузия, Германия жана Латвия мамлекеттеринен келген 16 жаш аткаруучу ат салышууда.
http://www.super.kg/ kabar/news/76333/

#10 24 July 2014 - 13:39
Сынактын биринчи кунундо эле акыркы орунду алып калышыптыр.
Дагы 2 кун бар экен, баары алдыда
Мага формалары анча жакпады, Ким тандаса дагы

#12 24 July 2014 - 15:56
Женишке жетууго дагы мумкунчулукторубар экен.Ийгилик.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#14 24 July 2014 - 16:45
Иий эми алдыга жылышса экен, биринчи күнү эле акыркы орунга түшүп калганы жаман болду.
Дагы убакыт барго, ,ийгилик.
Дагы убакыт барго, ,ийгилик.
#15 24 July 2014 - 18:39
Дагы видеолору болсо жүктөгүлөчү.
Азаматсыңар ийгилик!
Азаматсыңар ийгилик!
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.

Супер-Инфо
super.kg
видео