Кыргыз элинин тарыхындагы окуялар, элдин жашоо турмушу, маданияты, тарыхый инсандар ж.б. түркүн маалыматтарды камтыйт.
А
АБАЛАК – ордого салынган чүкөлөрдү, канды атууга, чертүүгө колдонулчу курал. А-ка чейин ордодо томпой колдонулган.
А. тоо теке, кулжа мүйүздөрүнөн жасалган. Болжол м-н уз. укум (10–12 см), калыңдыгы жоон элиден астам (2,5–3 см), туурасы төрт эли (8–9 см) болгон 4 бурчтуу курал. Атканда, черткенде колдон жылмышпас үчүн А-тын кырларынын четтерине каршы-терши,
жик-жик сай салып, быдырлап койгон.
АБД АР-РАШИД ХАН, А б д у р а ш и д х а н – 1533–60-ж. Моголстанды бийлеген хан. Султан Саид хандын уулу. Атасынын көзү барында ал Мухаммед-Кыргыз м-н Борб. Теңиртоону бийлеген. Алар Моголстан биримдигин калыбына келтирүү максатында,
Моголстандын эң алыскы жерлерине чейин барып, чачыранды кыргыз ордолорун чогултушкан.
А. а-Р.х. калмактарга каршы жеңиштүү жүрүш жасап, «Гази» (б.а. капырларга каршы) атка конгон. Атасынын өлүмүнөн кийин (1533) тактыга отуруп, кыска убакытка Жетисууда моголдордун бийлиги орногон. Кыргыз ж-а казактарга каршы күрөшүү үчүн өзбек шейбаниддери м-н союз түзгөн. Өзбек шейбаниддерин казактардын кол салуулары тынчсыздандырып турган. 1537-ж. А. а.-Р.х. казак- кыргыз биргелешкен күчүн кыйроого учураткан. Ага карабастан казактар Ташкенге, кыргыздар Кашкарга коркунуч туудурган.
АБДРАХМАН АПТАБАЧЫ – кыргыз-кыпчак урууларынын төбөлү, мамл. ишмер ж-а кол башчы. Мусулманкул миң башынын уулу. 1845-ж. 14 жашар Кудаяр белгилүү бий Мусулманкулдун жардамы м-н такка олтурган. Мусулманкул хан тукуму м-н туугандашуу үчүн кызын Кудаяр ханга турмушка берген. Ошол кездеги жаш Абдрахман Кудаярдын бир тууган кайниси катары ордодо чоңоюп, курбалдашы Кудаяр м-н теңтуш болуп өскөн. Атасы 1852-ж. Кудаяр хандын буйругу м-н өлтүрүлгөндүгүнө,
көз алдында кыпчак туугандарын кырдыргандыгына карабай, баарына чыдап, акырындык м-н жөнөкөй «аптабачылык» кызматтан (хан колуна суу куюучу бала) ордодогу негизги бийлик – миң башылыкка чейин жеткен. А. а. зордук-зомбулук,
алдым-жуттумга аралашкан эмес. Өзүн сак кармап, ажылык такыбалыгын так аткарган киши болгон. 1870- жылдардын башында ал кыргыз бийлери м-н байланышып,
Кудаяр ханды алмаштырууну көздөгөн. Аптабачы лейлектик кыргыздардын чапкылык уруусунун бийлерине көтөрүлүшкө чыгуу зарылдыгы ж-дө кат жазган. Натыйжада, лейлектиктер кокон хандарынын Кожент ш-нда жашап жаткан урпактарынын бири – Садыкбектин уулу Абдыкеримбекти чакырышып, хан көтөрүшкөн.
Көтөрүлүшчүлөргө каршы Кудаяр хан 7 паңсаттын башчылыгында чоң кошуун жиберип, кыймылды аёосуз баскан. Кыргыздар тоого качып кетишкен. Ошол мезгилде Россиянын карамагында турган Кожентке кайткан Абдыкеримбекти орус бийликтери Кудаярдын сунушу б-ча Кокон ордосуна туткун катары тапшырышкан.
1873–74-ж. ал Кудаяр ханга каршы көтөрүлгөн Полот хандын, Мамыр Мерген уулунун, Абдылдабектин ж. б. кыргыз бийлеринин көтөрүлүшчүлөрүнө каршы турган (к. Искактын 1873–74-жылдардагы Аксы көтөрүлүшү).
Бирок, 1875-жылдын августунан баштап ал Россия баскынчылыгына каршы күрөшкө чыгып, Кокон хандыгын сактап калуу үчүн Полот хандын элдик- боштондук кыймылына жигердүү катышкан. Россия баскынчылыгын токтотуп калууга көзү жетпеген А. а. 1876-ж. январдын акырында М. Д. Скобелевге Анжияндан 8 чакырым түштүктө турган Индукыштакта багынып берген. А. а. м-н кошо кыймылдын белгилүү жетекчилеринен болгон 26 бий ж-а бектер, 400 жигит багынган. Аптабачы Ички иштер министринин чечими м-н Екатеринбург ш-на жөнөтүлүп, жылына 3000 рубль көлөмүндө маяна алып жашап турган. 1881-ж. 1-январдагы буйрук м-н орус падышачылыгы А. а-га милициянын полковниги деген чин ыйгарып, полициялык көзөмөлдөн куткарган. 1881-ж. 25-февралда Абдрахман Мекеге барууга уруксат сурап, борб. бийликке кат жазган. Бирок каттын жообун алууга үлгүрбөй, 1881-ж. 25-майда көз жумган.
АБДРАХМАНОВ Жусуп (Юсуп) (1901, Күнгөй-Аксуу болушу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысыккөл р-ну, Жаркымбаев айылы –1938, Бишкек, сөөгү 1991-ж. Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган) – саясий ж-а мамл. ишмер; эл тарыхын объективдүү изилдөөчү. 1911–16-ж. Сазанов (азыркы Ананьев) айылындагы үч жылдык орус- жергиликтүү мектебинде,
Каракол ш-ндагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган. 1916-жылкы үр-күндө эл м-н кошо Кытайга качып, 1917-ж. кайтып келген. 1918-ж. кызыл гвардиячылардын катарына кирген ж-а Жетисуу-да Совет бийлигин чыңдоого катышкан. 1919-ж. Верный (Алматы) ш-нда командирлик курста окуган. 1919-ж. РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун ж-а РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. 1920-ж. Москвада өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин м-н сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920–24-ж. партиялык жооптуу кызматтарда,
1924-ж. мартта Түркстан АССРинин Борб. аткомунун президиумунун мүчөсү ж-а жооптуу катчысы болуп шайланган. 1924-ж. Кара Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген.
1925-ж. майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор.
1926-ж. октябрда Кыргызстанга келип, облустук аткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-ж. марттан РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук БАКтын ж-а РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, 1933-ж. сентябрда компартияга каршы аракеттенген деген жалаа м-н ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган.
Андан кийин Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1935-жылдан Оренбург облустук аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык б-ча орун басары болуп иштеген. 1937-ж.0-июнда А. контрреволюциячыл Алашордо уюмунун катышуучусу деген жалаа м-н камакка алынган. 1938-ж. 5-ноябрда атылган. 1958-ж. акталган. А. өз элинин тарыхын изилдөөчү катары респ-нын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын респ-нын тарыхы б-ча алгачкы эмгеги 1928-ж. «Кыргызстан» деген ат м-н жарык көргөн. 1916-жылкы көтөрүлүш ж-дө чындык ж-а акыйкат өңүтүнөн жазылган «Күндөлүгү» ж. б. китептери белгилүү. А-дун ысымы м-н Ысыккөл р-нундагы айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл кеңеши), Бишкек ш-нын бир көчөсү аталган. Туулган айылына ж-а Каракол ш-нда эстелик тургузулган.
АБДЫРАХМАН Кучак уулу – элчи, сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр орус императору Екатерина IIге жиберген элчилердин башчысы. Элчилер 1785-ж. сапарга аттанып,Омск – Петропавловск – Челябинск – Екатеринбург – Москва – Петербург маршруту б-ча жол кезишкен. Алар Екатерина IIге Атаке бийдин атынан үч илбирс, беш сүлөөсүн терисин тартуулашкан.
Екатерина II элчилерди жакшы сыйлап, Атаке бийге 800 сом күмүш акча бердирип жиберген. Элчилер 1789-ж. 2-январда Омскиге жетишкен. А. 1789-ж. 20-июнда дүйнөдөн кайткан.
АБДЫРАХМАНОВ Ыбырайым, ылакап аты Ак Молдо (1888, Ысыккөл облусу, Жетиөгүз р-ну, Чырак айылы – 1967, Атбашы р-ну, Казыбек айылы) – манасчы, этнограф, педагог; кыргыз фольклорун жыйноочу ж-а изилдөөчү. 1905-ж. Караколдо татар мектебин бүтүрүп, мугалим болуп иштеген. 1916-ж. Атбашыга келип мугалимчиликти уланткан. 1939-ж. Бишкектеги пед. ин-тун 2 жылдык мугалимдер курсунун кыргыз тили ж-а адабияты факультетин бүткөн. 1922–26-ж. Сагымбайдын «Манасын» кагаз бетине тү-шүргөн. А. 1926–35-ж. Нарын облусунда билим берүү тармагында мугалим, 1935–60-ж. Кыргызстан ИАнын Тил ж-а адабият ин-тунун ил. кызматкери болуп иштеген. Ал 1930–44-ж. Саякбай, Шапак Рысмендеев,
Жаныбай Кожек уулу, Багыш Сазанов, Акмат Рысмендеев,
Молдобасан Мусулманкуловдордон да «Манасты» жазып алган. Келдибек, Балык, Акылбек, Тыныбек, Чоюке, Сагымбай, Саякбай ж. б. манасчылардын өмүр баяндарын жыйнап, тартипке келтирген. Элдик оозеки чыгармаларды,
акындар поэзиясы б-ча көптөгөн материалдарды жыйнаган. Тоголок Молдонун өз оозунан көптөгөн фольклордук чыгармаларды,
«Манасты» жазып алган. 1962-ж. кыргыз макал-лакаптарын топтогон жыйнак түзгөн. А-дун ар кандай жанрдагы фольклордук чыгармалар м-н тарыхый- этногр. макалалары 100 басма табакты түзөт. «Манас» эпосунун варианттары б-ча кара сөз түрүндөгү сюжетин жазган. Медалдар м-н сыйланган.
АБРАМЗОН Саул Матвеевич (1905, Орлов губерниясы,
Дмитровск ш. – 1977, Санкт-Петербург) – этнограф, тарых ил-нин доктору (1968). 1926-ж. Ленинград мамл.ун-тинин геогр. факультетин бүтүргөн. 1926–31-ж. Кыргызстанда иштеген. Кыргыз этногр. ил-н негиздегендердин бири. 1926–28-ж. Кыргызстанда Край таануу музейинин директору. 1929–31-ж. Кыргызстандагы Край таануу ил. изилдөө ин-тутунун директорунун орун басары, Эл агартуу комиссариатына караштуу маданий курулуш ил. изилдөө ин-тунун директору. 1931-ж. СССР ИАнын Этногр. ин-тунун Ленинграддагы бөлүмүнүн улук ил. кызматкери,
сектор башчысы болуп эмгектенген.
1927-жылдан Кыргызстандын аймагында этногр. экспедицияларды уюштуруп, кыргыздардын тарыхын, маданиятын,
үрп-адатын изилдеп, 100дөн ашуун ил. эмгектерди жараткан. «Кыргыз элинин маданиятынын очерки» (1946), «Түндүк Кыргызстандагы кыргыздардын этностук курамы» (1960), «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары» (1971) ж.б. эмгектеринде кыргыз этногр-нын көп проблемаларын чечмелеген.
Кыргызстанда этногр. илиминин өнүгүшүнө, этнограф адистерин даярдоодо чоң эмгек сиңирген. А. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.
АБРУЙ КӨТӨРҮЛҮШҮ – 6-к-дын 80-жылдарында төмөнкү Согда аймагында жергиликтүү жер ээлерине ж-а соодагерлерге каршы чыккан көтөрүлүш. Анын башында Абруй турган. Наршахинин маалыматы б-ча Абруй Пайкенд аймагын басып алган. Ошондон кийин бай дыйкандар Жетисууга качып барышып, түрк каганы Кара- Чордон жардам сурашкан. 585-ж. аны Кара-Чордун колу келип баскан, Абруй өлтүрүлгөн.
АБСЕНТЕИЗМ (лат. аbsentra – баш тартуу, катышпай коюу) – мамл-тин өкүлдүк органдарын,
мамл. башчысын ж. б. шайлоо мезгилинде шайлоочулардын добуш берүүдөн баш тартышы.
АБУ ДУЛАФ – орто кылымдагы (10-к.) белгилүү араб окумуштуусу ж-а акын. Медин уруусунун хазрадж тегинен чыккан. Ал Кызыл деңиздин жээгиндеги Йанбуй ш-нда туулган. Саманийлердин Бухарадагы хан сарайында Эмир Насыр IIнин (914–943) учурунда кызмат өтөгөн. А. Д. 942-ж. Бухарага келген Кытай өкүлчүлүгүн коштоп, Орто Азия, Чыгыш Түркстан, Тибет, Кытайды, Индияны басып өтүп, Седжестан аркылуу «Ислам өлкөсүнө» кайтып келген. А.Д. 952-ж. түрк элдери тууралуу баалуу эмгектерди жараткан. Анда кыргыздар, о. эле Борб. Теңиртоодогу чигил ж-а карлуктар ж-дө да кызыктуу маалыматтарды берген. А.Д-тын маалыматтарында Караханийлер мамл-нин алгачкы тарыхы, алардын аймактарынын Чыгыш бөлүгү ж-а ал жерде жашаган уруулардын жашоо шарты чагылдырылган.
АБУ-Л-ГАЗИ Бахадур хан (1603–1663) – Хива ханы ж-а көрүнүктүү тарыхчы. 1643-ж. көчмөн өзбек урууларынын жардамы м-н такка отуруп, өз бийлигин чындоо үчүн түркмөндөргө,
калмактарга,
Бухара хандыгына каршы күрөшкөн. Өз мезгилинин билимдүү адамдарынан болгон, эски кол жазмаларды көп окуган, түрк элдеринин тарыхын дурус билген инсан болгон. Анын «Шажарай-йи-
таракима» ж-а «Шажарай-и-түрк» («Түрк элдеринин санжырасы»,
«Түркмөндөрдүн санжырасы») аттуу эки эмгеги белгилүү. Эмгектерде Борб. Азиянын элдеринин тарыхы б-ча баалуу тарыхый, этногр. маалыматтар кездешет. А.-л.-Г. бул эмгектерди жазууда Рашид ад-Диндин «Жами ат-Таварихин» негизги булак катары пайдалангандыгы байкалат. Анын маалыматтарын кыргыз тарыхчылары Осмоналы Сыдык уулу м-н Б. Солтоноев кыргыздардын тарыхын изилдөөдө пайдаланышкан.
- (2 )
-
- 1
- 2
Кыргыз тарыхы( кыскача энциклопедия) Кыргыз элинин тарыхындагы окуялар, жашоо турмушу, маданияты... ж.б
#1 23 July 2014 - 20:51
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...

#2 23 July 2014 - 20:59
АБШЫРСАЙ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР – Ноокат р-нундагы Көкжар кыштагынан 5 км түштүк тарапта Абшырсай капчыгайында жайгашкан байыркы археол. эстелик. Асканын бооруна эчки-текелердин,
даңазалуу дабан аргымактарына окшош жылкылардын сүрөттөрү тартылган. Архео-лог Ю. А. Заднепровский изилдеген.
АБЫЛКАСЫМ Жутаке уулу (1888, Нарын облусу, азыркы Акталаа р-ну, Жанбулак айылы–1933) – жазгыч акын. Он бешинде Буудайчы деген молдодон кат тааныган. 1920-ж. Алматыдагы алты айлык мугалимдердин даярдоо курсун бүтүргөн. 1920–23-ж. айылында мугалим, 1923-ж. Нарын уездинде «Кошчу» союзунун жергиликтүү уюмунун төрагасы, кийин жаңыдан уюшулган «Акжар» колхоз башкармасынын төрагасы болуп иштеген. Анын «Качак турмуш», «Кайран эл», «Эркин Тоо» ж. б. ырлары белгилүү.
АВАРЛАР, а п а р л а р. Күлтегин каза болгондо маркумдун элесине арналган жазууда кыргыз, табгач, тибет, курыкан элдери м-н катар эскерилет. Улуу көч доорунда А. Евразия талааларында, Карпат м-н Дунайдын аралыгында орун алышкан. 9-к-да А. тарыхый аренадан кетип, Европадагы башка элдердин арасына сиңишет. Европада А. көрүстөндөрү жакшы изилденген. Алардын көпчүлүгү монголоиддик тектеги көчмөн калктар болушкан. Айрым окумуштуулардын пикири б-ча А. жуан-жуандардын тукумдары, экинчи бир божомолдоолордо А. Орто Азиядан чыгышкан. Венгрияда ж-а ага коңшу мамл-де А-га таандык 20 миңге жакын көрүстөн табылган. Көрүстөндөгү буюмдарга ылайык А-дын башкаруу системасын баамдаса болот. Бийлик башында каган туруп, анын улуу аялы катун деп аталган. Мамл-теги бөлүнгөн жерди башкаруучуну тудун ж-а югур деп аташкан. Кагандын буйругу б-ча салыкты тархандар чогултушкан. А-дын көпчүлүк бөлүгүн аскерлер түзгөн. Көрүстөндөрдө согуштук куралдар көп. Анткени, А-дын аскери ондук система б-ча түзүлгөн. Ак сөөктөрдү ж-а алардын бир туугандарын көрүстөндүн өзгөчө жеринде көмүшкөн. Мындай көрүстөн-дөрдөн алтындан жасалган буюмдар көп кездешет. А-дын негизги чарбасы – жарым көчмөн мал чарбачылыгы. Тиричилигинде жылкынын ролу жогору болгон, о.эле ири мүйүздүү мал, эчки, тоок багышкан. А. византиялыктардын алтын тыйындарына окшотуп тыйын чыгарышкан. А. руна жазуусун билишип, айрым буюмдарга өз белгилерин (тамгаларын) түшүрүшкөн. Тили ж-дө маалыматтар аз. Ал тууралуу кабарды жеке аттары, титулдары аркылуу болжойбуз. А-да бакшычылык, бутка сыйынуучулук, табынуучулук өкүм сүргөн. Эркин аскерлер 6–9-к-да металл бастырмалар м-н кооздолгон кемер курларды курчанышкан. Ушудай эле ыкма м-н ат жабдыктары кооздолгон. Кемер курдун алкагына өсүмдүк орнаменти, адам, алышып жаткан жаныбарлар келбети түшүрүлгөн. Жол башчылардын кылычтары алтын, катардагы жоокерлердики күмүш м-н кооздолгон. Кээ бир үзөңгүлөрдүн сыртынан күмүш чабылган. Кыргызстандын аймагында хунн ж-а байыркы түрк мезгилине таандык айрым табылгалар Европада изилденген А-дын буюмдарына жакындыгы аныкталууда. Мис., Бишкек ш-нын түндүгүнөн табылган буюмдар м-н Венгриянын Кунбабоны жергесинде табылган буюмдардын мезгили, жасалышы ж-а мүнөзү жакын. Теңиртоодогу жылкы м-н бирге көмүлгөн жоокерлердин көрүстөндөрү, европалык А-дын жылкы м-н көмүлгөн жоокер көрүс-төндөрү м-н көп тараптуу окшоштуктарга ээ. Мындай жалпы окшоштуктар хунн, түрк мамл-тери учурунда элдердин Улуу көч доорунда жалпы Евразиялык тарыхый, этномаданий процесстерге катышкандыгын белгилейт.
АДАМ АТА – Библия ж-а Куран б-ча кудай жараткан эң алгачкы киши, адамзаттын атасы. Библиянын «Жаңы осуятында» А. а-ны кудай топурактан жууруп жасаганы, жан киргизгени айтылат. Куранда болсо А. а. чоподон, башка бир сүрөөсүндө топурактан жасалган делет. А. а-ны жалгызсыратпоо үчүн кудай Обо энени (Библияда Ева, Куранда Обо) жараткан имиш. Шайтандын (башка бир аты – Ибилис) тилине кирип, А. а. м-н Обо эне бейиштеги дарактын үзүүгө тыюу салынган мөмөсүн жеп «күнөөгө батышкандыгы» үчүн кудай аларды жазалап «бу дүйнөгө» түшүргөн имиш. Ар кыл расаларга, тилдерге, этностук топторго кирген элдердин бардыгынын тең ата-теги А. а-га барып такалат. Мусулман уламыштарында А. а. – алла-тааланын пайгамбарларынын алгачкысы, Мухаммед пайгамбар – акыркысы деп айтылат.
АДАМКАЛЫЙ Байбатыров (1895, Чүй облусу, Кант р-ну, Атбашы айылы – 1953, Бишкек) – белгилүү кыргыз өнөрпозу, тунгуч куурчак оюнчусу, темир комузчу, имитатор (тууроочу). Кыргыз Респ-нын эмгек сиңирген артисти (1941). 1937-ж. Кыргыз филармониясынын солисти. Октябрь революциясына чейин эле (1912) эл арасына куурчак оюнун көрсөтө баштаган. Чүй, Ысыккөл, Нарын өрөөндөрүндө «Куурчак катын Курунтай», «Теке сүзгөн келин», «Жарын тапты» сыяктуу кыска куурчак спектаклдерин көрсөткөн (1921–25). А. темир комузда «Күйгөн», «Күңөтай», «Кыздарай» аттуу обондорду, «Тагылдыр тоо», «Турумтай», «Булбул», «Карача-Торгой», «Көк музоо», «Чоор күүсү», «Арман күү» деген күүлөрдү аткарган. А. тунгуч темир комузчулардын ансамблин түзгөн (1938).
АДЫЛ БААТЫР, А д ы л С у б а н уулу (болжолу 1815\20–1860) –19-к-дын 1-жарымындагы түндүк кыргыздардын саясий чөйрөсүндөгү таасирдүү инсан. Атасы Субан Ныязбек бийдин уулу, атактуу «Ныязбектин сегиз бегинин» бири болгон. А.б. Ормон ханда аскер башчысы катары кызмат кылып, баатыр атка конгон. 1847-ж. Кенесары Касымовдун аскерлерине каршы согушта көрсөткөн эрдиктери м-н белгилүү болгон. 1855–59-ж. бугу м-н сарыбагыштын чабышына катышкан. Орус бийлигине моюн сунууну каалабагандыгы үчүн, 1860-жылдын жазында Ысыккөлгө келген капитан Венюковдун жазалоочу кошууну тарабынан Ысыккөлдүн күнгөйүндө туткундалып, Верный чебине камалган, ошол жерде өлгөн. Сөөгү Атбашыдагы Каракоюн деген жерге коюлуп, күмбөз тургузулган.
АДЫРГЫ – өрмөк согууда колдонулуучу курал. Уз. 40–50 см, жазылыгы 15–18 см, калыңдыгы 3–6 см, баш- аягы бирдей, эки кыры жукартыла жумурланган жалпак тактай. Эки четинин ортосунда сабоонун ичке жагы өтүп, жоон башы такалып калгандай эки көзөнөгү болот. Күзүктүн жардамы м-н А. аркылуу өрмөктөгү эриш жиптердин астынкы жарымын үстүнө, үстүнкү жарымын астына өткөрүп, ар бир өтүшүндө аркакты эриштердин арасына кысып калтырып турат.
АЖО – Енисейдеги Кыргыз кагандыгынын бийлик ээсинин чини, о. эле 8–9-к-дагы кыргыз башкаруучуларынын үйүнүн кландык аты.
АЖЫ БИЙ, Тилеке бий уулу (туулган ж-а өлгөн жылдары белгисиз) – 18-к-дын 2-жарымындагы сая-сий ишмер; Алай-Фергана аймагындагы саясий окуяларга жигердүү катышкан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруусунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булактарында 1759-ж. июнь айында А. б. баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон ш-н бийлеген Ирдана бий м-н тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган достук келишим түзгөндүгү ж-дө айтылат. 1759-ж. сентябрь айында А.б-дин конуштарына Кытай императорунун элчиси Доктан келип, ага Кытай империясы м-н саясий-дипломатиялык ж-а соода-сатык келишим түзүү ж-дө чакырык-жарнама ж-а кытай мөөрүн тапшырган. Ошол эле жылдын аягында А.б. өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кашкардагы Кытай империясынын башкаруучусу Чжао Хойго жиберген. 1760-ж. Ирдана бий Алайда тонолгон Кокон көпөс-төрүн ишин шылтоолоп Ош, Өзгөн ш-на че-йин жортуулга келген. А.б. жооп иретинде 1761-ж. Коконго жасалган ийгиликсиз жортуулдан кийин, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи Элэтаодини жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндү-гүндөгү кыргыздардын кол башчысы Маматкул бийден Ирданага каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Арзыматты жиберген. Маматкул бий жардам кылуу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы черик ж-а саяк уруу-сунун бийи Темиржандын жигиттерин жортуулга даярдаган. Бирок саясий кырдаал татаалдашып, кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Ирдана бий Ош ж-а Өзгөндөн өз ыктыяры м-н чыгып кеткен. 1764-ж. жазында Ирдана бийдин Оротөбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, А. б. Коконго жортуул уюштурган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган А. б. Ирдана бийге туткунга түшкөн, бир маалымат б-ча коё берилген, экинчиси б-ча даргага асылган.
АЖЫРАШ АЯК – коңуш которуп, бир жакка көчөөрдө коңшуларын чакырып, колунда болгон тамак-ашын берип, коштошуп кетүү салты. А.а. берип жаткан киши алар м-н кошуна турган мезгилде өөдө-төмөн болгондорду кечирүүнү, жаманды ичке сактап, жакшыны сыртка чыгарууну өтүнгөн. А.а. берген адамды кошуналар жаңы жерге чейин көчүрүшүп, жайгаштырышып келишкен. А.а. бербей көчүү коңшуларын сыйлабагандык, теңсинбегендик, таарынгандык, коңшу турууга татыксыз деп эсептегендик, а түгүл касташкандык болуп саналган.
АЗА – 1. кайтыш болгон адамдын үй-бүлөсүнүн, бир туугандарынын, жакындарынын кайгыргандары, күйүп– бышып ыйлагандары; маркумдун жакшы сапаттарын, иштерин, мамилелерин, сөздөрүн эскерише кейип капалангандары. 2. бейиши болгон адамдын түгөйүнүн бир жылга чейин кара кийип, милдетүү түрдө ар күнү үч маал эскерип, келгендерди күтүп, үйүндө болуу салты.
АЗАМАТ АЛТАЙ, К о ж о м б е р д и е в Кудайберген (1920-ж.т., Тоң р-ну, Корумду айылы) — журналист, коомдук ишмер. Токмоктон комсомолдук курсту (пионер бөлү-мүн жетектөөчүлөрдүн) бүтүрүп келген соң, Тоң райком комсомолунда бөлүм башчы болуп иштеген. 1940-ж. Армияга чакырылып, Ата Мекендик согушка катышат. 1941-ж. кышында Великие Луки ш-нын жанында туткунга түшкөн. Туткундан эки жолу качып чыкканга аракеттенген. 1945-ж. 3-жолу качып чыгып, француз партизандарына кошулат. 1951-ж. Германияда «Түрк эли» деген журнал уюшулуп, А. А. анын баш редактору болуп шайланган. 1953-ж. журналдын ордуна «Азаттык» радиостанциясы ачылып, анда кабарчы, диктор, директору болуп иштеген. 50-жылдардын аяк ченинен Нью-Йорк ш-ндагы (Америка) Колумбия ун-тинин китепканасынын Чыгыш адабияты бөлүмүн жетектеген. Библиянын «Жаңы осуят» бөлүмүн кыргызчага которгон.
АЗАН – ислам дининде намаз учурун жарыя-лаган чакырык. А. чакырган адамды А-чы деп аташат. А-ды адатта бийик жерден, секичеден, мечиттин мунарасынан, намаз маалы жакындаганда кыбыланы карап, бармактары ж-а сөөмөйлөрү м-н кулактарынын учун кармап үнүн катуу чыгарып чакырат. А. мечит ичинде намазга жыгылаар алдында дагы бир жолу кайталанат. Жаңы төрөлгөн балдарга да А. чакырып, баланын оң кулагына атын шыбырап ат коюлган.
АЗДАР, а з б у д у н – орто кылымдагы жазма булактарда, руна жазууларында кездешкен калктын аты. Жазма булактарда түргөштөр тухси ж-а аз деп экиге бөлүнгөн. Тоң-Йокукка арналган жазууда Көгмөн тоо-сун ашып, кыргыздарды чабаарда, өздөрү мурда багындырган талаа тилкеден келген аз уруусунун бир адамын жол көрсөткүч катары алышат. Тексттин кийинки саптарына карап болжогондо, жергиликтүү жол көрсөткүч жолдон адашканы (адаштырганы – К.Табалдиев) үчүн сайып өлтүрүлгөн. Л.П.Потаповдун пикири б-ча аздар мурун Туванын батышында жашап, 716-ж. Чыгыш Түрк кагандыгы тарабынан талкаланган соң, басымдуу бөлүгү түштүк-батышка ооп, Жетисуудагы түргөштөргө кошулган. Калгандары Саян-Алтай элинин ичинде өзүнчө топту түзүп калышкан. Күлтегинге арналган жазууда А. кыргыз элин курап келдик «аз кыркыз будуныг йарат келтимиз...» деп, Барсбектин эли аталат. В.Я.Бутанаев Енисейдеги Кыргыз мамл-нин башкаруучу уруу- су А. аталган деп болжойт.
АЗЫК ТҮЛҮК КОШУУНДАРЫ эгин, азык-түлүктүн башка түрлөрүн даярдоо үчүн 1918–20-ж-нда түзүлгөн. Бул кошуундарга жумушчулардын, кедей-дыйкандардын ыктыярдууларынан партиялык, сов. уюмдар сунуш кылгандары кабыл алынып, эгиндүү райондорго жөнөтүлгөн. Кийинчерээк А.т.к. РСФСР Азык-түлүк Эл Комиссариатынын Бирдиктүү азык-түлүк реквизиция армиясына кошулуп, 1919-ж-дан ички тартип сактоо аскеринин карамагына өттү. А.т.к. тарабынан туруктуу баа м-н сатып алынган же кулактардан тартып алынган эгин мамл-тин карамагына өткөрүлгөн. Түркстан АССРде мындай кошуундарда 1920-ж. 4 миңден ашык киши иштеген. Эгин даярдоо м-н саясий-агартуу иштерин да жүргүзүшкөн. Кыргызстандын айрым ра-йондорунда мамл-ке эгин даярдоодо, азык-түлүк саясатын жүргүзүүдө, кедей-дыйкандардын чарбасын уюштурууда, кулактардын ж-а бай-манаптардын каршылыгын жоюуда жарды-жалчы комитеттери м-н бирге көп иштерди аткарган. А.т.к. граждандык согуштан кийин жаңы экон. саясатка өткөндө жоюлган.
АЙБАЛТА – жоокерчиликте колдонуучу курал. Көрүнүшү б-ча жарты ай сымал келип, курч миздүү темирден ар түрдүү өлчөмдө жасалган. А. ар бир жоокердин тулкусуна чактап, урушта колдонууда эптүү кылып даярдалат. Сабын ыргай, четин, кайың ж.б. катуу жыгачка сапташкан ж-а колго токтомдуу болуш үчүн быдырланып, бүлдүргө тагылган. Душманды ууландырып өлтүрүү максатында А-нын мизин ууга сугарышкан. А. ат үстүндө да, жөө калганда да урушууга эң жакшы ылайыкталган жаргыч мүнөздөгү согуштук куралдардын катарына кирет. Анын мизинин жогору жагына кээде оюу түшүрүлгөн. Урушта колдон чыгып кетпес үчүн саптын учуна кайыштан боо тагылган.
АЙБАНАТТАР СТИЛИ – байыркы темир доорунда көркөм өнөрдө кеңири тараган стилдин шарттуу аталышы; сак-массагет, скиф-сармат көчмөн урууларынын сүрөт өнөрүнө өзгөчө мүнөздүү. Археол. илиминде А. с. деп б. з.ч. 1-миң жылдыктагы Евразия чөлкөмүндөгү көчмөн, жарым көчмөн калктардын көркөм өнөрүн атоо кабыл алынган. Моңголияда, Алтайда, Түштүк Сибирде, Орто Азияда ж-а Кара Деңиздин түндүгүнө чейин кеңири кездешет. Адамдар реалдуу ж-а мифологиялык айбанаттардын келбеттерин аска-таш бетине, жыгачка, металлга түшүрүшкөн. А.с-нин келип чыгышы тууралуу мындай делет: адамзаттын келип чыгышын ар кайсы жаныбарларга байланыштырышкан (тотемизм), ошондуктан, байыркы ата-бабанын образын тигил же бул урууда кандайдыр бир жаныбар же кушка жакындаштырышкан. Мис., карышкыр, жолборс, бугу, тоо теке, карга, бүркүт ж. б. ошолорго табынып күч-кайрат, эрк, жардам алууга үмүттөнүшкөн. Кээде алардын келбеттерин жасап, тумарча сыяктуу асынып же ыйык курал катары алып жүрүшкөн. Жаныбарлардын сүрөттөрү, сөлөкөттөрү ритуалдык коло казандарга, курмандык чалынуучу алтарларга, жыттуу нерселер жагылып, жагымдуу жыт тарата турган идиштерге (курильница), чырактарга, атжабдыктарга, кооздук буюмдарга, куралдарга, чопо идиштерге, аска бетине түшүрүлгөн. А. с-не таандык үлгүлөр көбүнчө Кетментөбө өрөөнүнөн табылган.
АЙВАН – там үйгө бириктирилген, чатыры жайык, түркүктөр м-н тирелген бир капталы ачык жай. Ал Кыргызстандын түштүк, түштүк-батыш аймактарына мүнөздүү. А-да жайкысын эс алып, тамактанышкан. Дубалдарга атайы жасалган текчелерге буюмдар, жүктөр жыйналган. Жайкысын эркек-тер А-га түнөшкөн. Кышкысын чарба эмеректерин сактоо үчүн колдонулган.
АЙГЫРЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ – 1–5-к-да Теңиртоо аймагында жашаган көчмөн кыргыздарга таандык археол. эстелик. Көрүстөндөр байыркы ж-а орто к-дарга таандык. Анын курамына 100гө жакын дөбө-мүрзөлөр кирип, Нарын ш-нын батыш тарабында (7 км) жайгашкан. Адамдар казанактуу ж-а жарма көрлөргө коюлган. Көрүстөндөн карапа, жыгач идиштер, бычак, жебенин учу ж.б. табылган. Ба-йыркы түрк дооруна таандык жоокердин ээр-токумдуу жылкысы м-н кошо көмгөн кө-рүстөндөрү ж-дө маалыматтар бар. 1954-ж. А.К. Кибиров изилдеген. Бүгүнкү күндө эстелик толук сакталган эмес.
АЙГЫР ЖЫГАР – үйлөнүү үлпөтүндө аткарылуучу жөрөлгө. Кызды күйөөгө узатууда анын сиңдилери күйөө баланын жолун тороп, кетирбей убара кылышкан. Күйөө алардан белек берип кутулган. А.ж. кыргыздардын түндүк урууларынын үйлөнүү үлпөтүндө орун алган.
АЙДАРБЕКОВ Иманаалы (1894, Бишкек уезди – 1937) – Совет бийлигин орнотуу ж-а чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдөн. 1909-ж. Бишкектеги а. ч. техникумун бүтүргөн. 1918– 20-ж. Бишкек уезддик-шаардык кеңеш аткомунун, 1920–21-ж. Каракол уезддик ревкомунун мүчөсү, 1921–23-ж. Бишкек уезддик аткомунун төрагасы. 1924-ж. Кыргыз автономия облусунун ревкомунун төрагасы. 1925–26-ж. Ташкенде «Орто Азия» кеңсесинде башкармалыктын мүчөсү болгон. 1927–29-ж. Кыргыз АССРнин жеңил өнөр жай ж-а соода эл комиссары, 1930–31-ж. Кыргыз а.ч. банкынын башкармалыгынын мүчөсү, Кыргыз АССР Юстиция эл комиссары, Кыргыз АССРнин башкы сотунун төрагасы. Аксуу козголоңун, Нарындагы контрреволюциячыл көтөрүлүштү басууга катышкан. Жалган жалаа м-н атылган. 1991-ж. сөөгү Атабейит көрүстөнүнө кайра коюлган.
АЙТИЕВ Гапар (1902, Карасуу р-ну, Төлөйкөн айылы – 1986, Бишкек) – кыргыздын тунгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук сүрөт өнөрүн негиздөөчүлөрдүн бири. Соц. Эмгектин Баатыры (1982). СССР эл сүрөтчүсү (1971), СССР Сүрөт академиясынын корр. мүчөсү (1973). Бишкектеги Агартуу ин-тун (кийин пед. техникуму) бүтүргөн (1932). Москвадагы сүрөт окуу жайынан билим алган. Анын чыг. 1934-жылдан респ., 1944-жылдан жалпы союздук, 1958-жылдан эл аралык көргөзмөлөргө коюлуп келе жатат. 1970-ж. Москвада, 1973-ж. Бишкекте анын чыг-нын өзүнчө көргөзмөсү чоң ийгилик м-н өткөн. Эң мыкты чыг. Кыргызстан мамл. сүрөт музейинин, Третьяков галереясынын, Чыгыш маданият музейинин, Алматы ш-ндагы Шевченко атн. сүрөт галереясынын, Львов ш-ндагы сүрөт музейинин менчигине айланган. 1947–77-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, 1971–77-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиу-мунун төрагасынын орун басары. 1969-ж-дан Кыргыз ССР Токтогул атн. Мамл. сыйлыгы комитетинин төрагасы болуп иштеген. Ленин, Октябрь Революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар м-н сыйланган.

#3 23 July 2014 - 21:09
АЙТМАТОВ Төрөкул – (1903, Олуяата уезди, Күркүрөө болушу, азыркы Карабуура р-ну, Шекер айылы – 1938, Бишкек) – партиялык ж-а мамл.ишмер. 1917-ж. орус-тузем мектебин бүтүргөн. 1920–21-ж. болуштук ревкомдун, Грозный кыштагындагы кедейлер уюмунун катчысы болуп иштеген. 1924-ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик ун-тин бүтүргөн. 1924–29-ж. партиянын Кыргыз обкомунун агитация ж-а пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары ж-а башчысы, Нарын округдук комитетинин,
Жалалабат кантондук комитетинин катчысы, 1929–31-ж. Кыргыз АССРинин өнөр жай, соода эл комиссары ж-а Эл чарбасынын борб. кеңешинин төрагасы, 1931–33-ж. Араван-Буура райкомунун 1-катчысы, 1934–35-ж. Кыргыз обкомунун 2-катчысы болуп иштеген. 1935–37-ж. Москвадагы Кызыл профессура ин-тунда окуган. 1937-ж. 1- декабрда жазыксыз камакка алынып, 1938-ж. 5-ноябрда атылган. А. 1957-ж. акталган. Сөөгү 1992-ж. Чоңташ айылындагы Атабейит көрүстөнүнө кайрадан коюлган. Шекер айылындагы мектепке А-дун ысымы коюлуп, мектеп алдына эстелиги орнотулган (1992).
АЙТМАТОВ Чыңгыз (1928-ж. т., Талас облусу, Карабуура р-ну, Шекер айылы) – жазуучу, коомдук ж-а мамл. ишмер. Кыргыз эл жазуучусу (1968). Соц. Эмг. Баатыры (1978), Кыргызстан ИАнын академиги (1974). А. Кыргыз Респ-нын жогорку мамл. сыйлыгы – «Кыргыз Респ-нын Баатыры» артыкчылык даражасына ээ болгон. 1956–58-ж. Москвадагы Жогорку адабий курстун угуучусу, 1959–60-ж. «Литературный Киргизстан» журналынын редактору, 1960–65-ж. «Правда» гезитинин өз кабарчысы, 1965–86-ж. Кыргызстан кинематографисттер союзунун башкармасынын төрагасы, 1986–91-ж. Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы, о.эле 1988-жылдан «Иностранная литература» журналынын башкы редактору, СССР президентинин кеңешчиси. 1991–93-ж. СССРдин (1992-жылдан Россиянын) Люксембургдагы, 1994-жылдан Кыргызстандын Бельгия мамл-деги атайын ж-а ыйгарымдуу элчиси. А. кыргызча ж-а орусча жазат. Чыгармачылык иши 50- жылдары башталган. Адам мүнөзүн, психологиясын ачууда кыргыз прозасына жаңылык катары кирген «Бетме-бет» повести (1957) автор тарабынан «алгачкы адабий дебют» катары аталган. Андан кийин «Жамийла» (1958), «Делбирим» (1961), «Ботокөз» (1961), «Биринчи мугалим» (1962), «Саманчынын жолу» (1963), «Гүлсарат» (1966), «Ак кеме» (1970), «Эрте жаздагы турналар», «Деңиз бойлой жорткон Ала Дөбөт» повесттери үстү-үстүнө жарык көрүп, жанрды ичкериден байытты. Кыргыз прозасында повесть жанрын дүйнөлүк деңгээлге чейин көтөрдү. А-дун повесттери – курулушу татаал, сыйымдуу мазмундагы проблемалуу чыг.; алардын философиялык ж-а психологиялык татаалдыгы – чыг-да реалдуу турмуш ж-а мифология жанаша жашап, жуурулушуп, өтмө катар байланышып турган өзгөчө композициясы м-н шартталган. А-дун «Кылым карытаар бир күн» (1980), «Кыямат»(1986), «Кассандра тамгасы» (1995) романдарында учурдун көйгөй проблемалары камтылып, коомду ичкериден изилдейт. «Духтун улуулугу жө-нүндө ода» (1991) А. м-н япон философу Д.Икеданын диалог түрүндөгү чыг-сы: адам баласынын өткөн тарыхына, бүгүнкү жашоо-суна, келечек тагдырына синтетикалык көз караш м-н ой жүгүртүшкөн философиялык- публицистикалык чыг. А-дун чыг-на таандык көркөм шарттуулук, символдуу образдар, пейзаждык сүрөттөөлөр, психологизм, трагедиялуулук, диндик мотивдер чыг-нын лирикалуулугун, философиялуулугун арттырып, аларды дүйнөлүк адабияттын эң бир көркөм үлгүлөрүнүн катарына кошту. Бишкекте А. атн. китепкана, Шекер айылында музейи ачылган. 1993-ж. Эл аралык Айтматовдук Академиялык коом уюштурулуп (демилгечиси, президенти А. Акматалиев), анын ардактуу академиктери шайланган. А-дун чыгармалары дүйнөнүн 100дөн ашык тилине которулуп, 330 жолу басылган, нускасы 20 млнду түзгөн (1993). Чыгармаларынын басылып чыгышы ж-а нускасы жагынан ЮНЕСКОнун эсеби б-ча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлейт. А. респ-лык, дүйнөлүк көптөгөн коомдук-саясий ж-а чыгармачылык уюмдардын мүчөсү, «Ысыккөл» форумун (1986) уюштуруунун демилгечиси ж-а президенти. «Этрурия» (Италия, 1980) адабият сыйлыгынын, эл аралык Жавахарлал Неру атн. (1985) ж. б. көптөгөн сыйлыктардын ээси. ГДР Искусство академиясынын корр. мүчөсү (1978), Европа искусство ж-а адабият ИАнын (Париж, 1983), Бүткүл дүй-нөлүк илим ж-а искусство академиясынын (Стокгольм, 1987) анык мүчөсү «Повести гор и степей» китеби үчүн Лениндик сыйлыктын (1963), «Гүлсарат» повести (1968), «Ак кеме» кинофильминин сценарийи (1977), «Кылым карытаар бир күн» романы (1983) үчүн СССР мамл. сыйлыктарынын, «Эрте келген турналар» повести үчүн (1976) Кыргызстан Токтогул атн. мамл. сыйлыгынын лауреаты болгон. 1966–79-ж. СССР Жогорку Советинин, 1995-жылдан Кыргыз Респ-сынын Жогорку Кеңешинин депутаты, эки Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери ж-а көптөгөн медалдар м-н сыйланган. Чыгармачылыгы үчүн Түркия ж-а Австралия, Австрия мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты.
АЙЫЛ – көчмөн турмушка ылайыкташтырылган социалдык, аймактык бирикменин түрү. А. туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. А-га бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү аталарынын аты м-н аталган. А-дын жайыты, кыштоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп-көчкөндө айылдагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук-саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде А-дар жакын-жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырылган. Тынчтык мезгилде А-дар бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. А-дын башкаруу бийлиги бир нече баскычты басып өткөн. Адегенде А. бир гана уруктун түтүндөрүнөн тургандыктан жогорку бийлик А. аксакалынын колунда болуп, А. ичиндеги бардык маселелерди чечкен. Кийинчерээк А-га чоочун, башка уруктун мүчөлөрү кошула баштагандан кийин бийликти бай, оокаттуу бүлөлөр ээлей баштаган. Манаптардын катмары пайда боло баштаганда А-да өзгөрүүлөр күч алып көчмөн шартта жаралган салттар көз көрүнө бузула баштаган. Көчмөн А-дар 20-к-дын 40-жылдарынын башында толугу м-н отурукташкан.
АЙЫРТАМОЙ ЖАЗУУЛАРЫ. 1896– 98-ж. Орто Азия б-ча биринчи жолу түрк руна жазуулары Талас өрөөнүндө табылган. Жазууну жергиликтүү аймак таануучу В. А. Каллаур Дмитриев кыштагынын (азыркы Талас ш.) жанынан тапкан. 1898-ж. ошол эле аймактагы Айыртамой деген жерден Г. Гейкел жетектеген фин экспедициясы дагы эки ташты табышкан. А.ж. ж-а андан кийин табылган жазуу эстеликтери аткарылышы жактан окшош. Түргөш каганы Сулук Чабыш-чордун ж-а анын мурасчыларынын учурунда (716–766) жазылган. Бул эпитафиялар Талас өрөөнүндө Сулук негиздеген түргөш династиясынын бир бутагы болгон жергиликтүү Кара Түргөштөрдүн бийлик жүргүзгөндүгүн ырастайт.
АКАЕВ Аскар ( 1944-ж.т., Чүй облусу, Кемин р-ну, Кызылбайрак айылы) – мамл. ишмер; Кыргыз Респ-нын Президенти (1991-жылдан). Техника ил-нин доктору (1981), проф. (1983), Кыргызстан ИАнын академиги (1987). 1968-ж. Ленинград так механика ж-а оптика ин-тун бүтүрүп, ошол эле ин-тта улук лаборант, аспирант, инженер. 1972–73-ж. Бишкек политехника ин-тунда ассистент, улук окутуучу. 1973–76-ж. Ленинград так механика ж-а оптика ин-тунда улук ил. кызматкер, улук окутуучу. 1976-ж. кайрадан Бишкек политехника ин- тунда улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 1986–87-ж. Кыргызстан КП БКнын илим ж-а окуу жайлар бөлүмүн жетектеген. 1987-ж. Кыргызстан ИАнын вице-президенти, 1989-жылдан президенти. 1989-ж. А. СССР эл депутаты болгон. 1990-ж. 27-октябр-да Кыргызстан Жогорку Кеңешинин сессиясында альтернативалуу негизде, ал эми 1991-ж. 12-октябрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлгөн жалпы элдик шайлоодо суверендүү Кыргыз Респ-нын Президенттигине шайланган. Илимпоз катары ал эсептөө техникалары ж-а кванттык радио физика жаатындагы маселелерди чечүүгө көрүнүктүү салым кошту, жаңы ил. эмгектери биздин өл-көдө ж-а чет өлкөлөрдө кеңири маалым. 200дөн ашык ил. эмгектери, а.и. 16 монографиянын автору. Анын «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» эпосу» аттуу эмгегинде Кыргызстан тарыхынын орчундуу маселелерин көтөргөн. А-дин тарых илиминин ролун көтөрүүдө зор салымы бар. Латын Америкасынын Биримдик Ассоциациясы тарабынан илимге, демократияга, элдердин ортосундагы боордоштук мамилелерди ж-а адам укугун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Гранд Кросс (Чоң Крест) ордени м-н сыйланган (1992). Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын (1976), Эл аралык Дж. Неру атн. биримдик фондусунун (1995), Түрк тилдүү дүйнөнү жакындаштырууга кошкон салымы үчүн ж.б. эл аралык сыйлыктардын лауреаты.
АКБЕЙИТ ЭСТЕЛИГИ Атбашы өрөө-нүнөн Арпа өрөөнүнө өтүүчү Акбейит ашуу-сунда деңиз деңгээлинен 3286 м бийиктик-те жайгашкан байыркы, орто к-дарга таандык көрүстөндөрдөн, 17–18-к-га тиешелүү күмбөз ж-а мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөн-дөрдүн бир бөлүгү жол куруу учурунда бузулган. 13–14-к-га таандык күмбөз тегерек формада, жан-жактарына эшик сыяктуу анча баамдалбаган кырлар жасалган. Күмбөздүн төбөсү түшкөн. 17–18-к-да курулган күмбөз архитектуранын кайталангыс үлгүсү катары эсептелет.
АКБЕШИМ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 6–12-к-дагы шаар калдыгы. Токмок ш-нан 6 км түштүк-батыш тарапта. Түзүлүшү жагынан алгачкы орто кылымдагы Түндүк Кыргызстан үчүн мүнөздүү шаар. Шаардын борборуна туташ жайгашкан аймакта кол өнөрчүлүк, соода, а.ч. м-н кесипчилик кылган шаардыктардын үйлөрү болгон. Негизинен турак-жай имараттарынын калдыктары, тиричилик шаймандары, тыйындар, көркөмдөлгөн буюмдар , о.эле шахристандын түштүк тарабында жайгашкан 6–8-к-га таандык эки будда храмынан архитектура, скульптура, живопись, курулуш техникасына тиешелүү бай материалдар табылган. Бул шаарды Батыш Түрк ж- а Түргөш кагандыктарынын байтактысы – Суйаб деп эсептешет.
АКБОТО БИЙ, А к б о т о Рахимбий у у л у (болжолу 17-к-дын аягы – 18-к-дын 30-ж-нын ортосунда жашаган) – саясий ишмер; Кокон хандыгынын Хожент вилайетин бийлеген. Кыргыздын саруу уруусунун кырк уругунан. Тарыхый маалыматтар б-ча ал Бухара ханы Убайдулланын (1702–11-ж. башкарган) ишеничине ээ болуп, Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгышындагы Хоженттин аймагын калмак баскынчыларынан коргоочу кошуундун башчылыгына дайындалган. Бул аймакта А.б-дин саясий аброю өскөндүктөн, Кокон хандыгынын негиздөөчүсү Шахрух бийдин кызына үйлөнүп, өзүнүн кызын анын уулу Абд ар-Рахим бийге турмушка берип, Коконду башкарган Миң династиясы м-н кайчы куда болгон. Хожентти башкарууну Абд ар-Рахим бийге тапшырган. Бул аягында күйөө бала м-н кайын атанын ортосундагы ачык тирешүүгө алып келген. Эрегиште Рахим бий кайын атасын өлтүрүп, Хожентке өзүнүн иниси Абд ал-Карим бийди дайындаган.
АКДӨБӨ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 9–12-к-га мүнөздүү эстелик. Бакайата р-ндагы Акдөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, Тараз – Талас автожолунан 75 км аралыкта жайгашкан. Шаар чалдыбары үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан ж-а рабаттан турат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жалпы уз.1080 м. Ал дубал чеп м-н коргондолуп, мунаралар м-н бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийиктиги 2,5 м. Шаарга түндүк жагындагы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шахристандын чыгыш тарабында жайгашып, айланасы турак-жайлар м-н курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак-жай курулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археол. казууда чийки кыштан тургузулган имарат урандылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачылган. Темир эритүүчү мештин ж-а металл калдыктары, чопо казан, кумара, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карапа идиштери оймо-чиймеленип, сыр м-н кооздолгон. А. ш. ч-нын калдыгын орто кылымдагы жазма булактардагы Кул ш-нын орду м-н байланыштырышат. В.В. Бартольд, М.Е. Массон, А.Н. Бернштам тарабынан изилденген.
АКДӨБӨ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 9–12-к-га таандык шаардын калдыгы. Москва р-нунун Степинское айылынын түндүк тарабында Аксуу жээгиндеги аянтчада жайгашкан. Ал аскер ж-а админ. маанидеги шаар болгон. Ш-дын негизги бөлүгү Аксуунун сол өйүзүндө жайгашып, 7500 м аянтты ээлейт. Сырткы дубалынын уз. 15 км, бийиктиги 3–3,5 м, туурасы 18–20 м. Дубалдын сырткы айланасы 10 м жазылыктагы казылган аңгектер ж-а жал тосмолору м-н бекемделген. А.ш.ч-нын борб. бөлүгүнүн маданий катмарынын калыңдыгы 1,5 мди түзгөн. Ал жерде көптөгөн турак-жайлар жайгашкан. Темир бычак, жаа, жебе, көркөм кооздук буюмдарынын калдыктары табылган. А.Н. Бернштам, Н.П. Кожемяко ж.б. тарабынан изилденген.
АКИМ (ар. «хаким» – ойчул, философ) – бийлөөчү; атайын дайындалган же шайланган башкаруучу. Кыргыздар Кокон хандыгына баш ийип турган мезгилде акимдик аймактардын башында турган адам А. аталып, кушбек, бек, датка сыяктуу чиндерге ээ болгон. Кийинчерээк А. деп тек гана бийликтин кайсы бир баскычын ээлегендер аталып калган. Учурда админ-аймактык бирдик – райондун мамл. админ. башчысы да А. аталат.
АКИНАК – кыска, түз, кош миздүү металлдан жасалган кылыч. Б. з. ч. 1-миң жылдыгынын ортосунда перс ж- а сак жоокерлери колдонгон. Анын уз. 40–60 см. Сабы колго кармоого ылайыктуу ж-а ага колду сактоо үчүн туурасынан жасалган жалпак калканычтар бекитилген. Сабынын учу жүрөк, жарым ай ж-а жаныбарлардын элеси түшүрүлгөн толтолор м-н кооздолгон.
АКСАКАЛ – коомдогу уруунун же уруктун башкаруучусу, кадырман, билерман, тажрыйбалуу адам. А. көптү көргөн, көптү билген, иш м-н сөзгө кадик ж-а уруунун ички-тышкы мамилелерин жөнгө салып турган. Патриархалдык- феодалдык мамилелер өнүккөн учурда А. башкаруу укугунан ажырап, айылдын кеңешчиси, калыс кишиси катары гана кызмат өтөгөн. Мындай шартта ар бир карыя адам А. деп аталса да, кадыр-баркка ж-а урматтоого баары бирдей ээ боло берген эмес. Кимдин колунда мал ж-а байлык болсо же балдары, туугандары таасирлүү болсо, ошол адам гана айыл А. деп аталчу. Кийинчерээк жалаң эле карыялар эмес, мансаптуу, колунда бар кишилер да, жашына карабастан А. аталып кеткен.
АКСАКАЛДАР БИЙЛИГИ (геронтократия). 20-к. башында бул түшүнүк англ. этнограф У.Риверс тарабынан киргизилген. Анын айтымынында коомдун алгачкы мезгилинде бийлик аксакалдардын колунда болгон. Ал А. б. австралиялыктар ж-а Океаниянын айрым элдери үчүн мүнөздүү деген жыйынтыкка келген. Чындыгында, аксакалдардын таасирдүү абалы алгачкы общиналык коомдогу айрым элдердеги жогорку бийликтин бир элементи болгон.
АК САРЫ БАШЫЛ – адамдар өз башына оор иш түшкөндө (кыйын оору, кырсык ж.б.) же сүйүнгөндө, тилек тилеп кудай жолуна аталчу мал. Алдына коюлган максат орундалса, аталган мал союлуп, түлөө өткөрүлгөн. А.с.б-га союлчу жандыктын өңү ак, боз болуп, бара-бара анын түсү ылганбай калган.
АКСУУ КОЗГОЛОҢУ – Чүй өрөөнүндөгү ак гвардиячылар Совет бийлигине каршы уюштурган козголоң. Башында солчул эсерлер м-н айрым ордочулар турган. Максаты – сов. уюмдарды жоюу, көп партиялуу демократиячыл түзүлүштү киргизүү, Жетисуу аймагында убактылуу өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү болгон. Козголоңчулар 1918-ж. 6-декабрда Аксуу кыштагындагы почтаны, телеграфты басып алышып, «Элдик аскер советин» түзүшкөн. 14-декабрда Пишпек ш-нын батыш бөлүгүн ээлеп алышкан. Козголоңду басууга 22- декабрда Жетисуу фронтунан Я.Н. Логвиненко жетектеген 1-Пишпек полку келип, 28-декабрда козголоңго чыккандар ырайымсыз түрдө кызыл аскерлер тарабынан талкаланган.
АКСЫКЕТ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – ба-йыркы шаар калдыгы. 10-к-да Фергана өрөөнүнүн борбору болгон. А.ш.ч. Сырдарыянын оң жээгинде, азыркы Наманган ш-нын жанында жайгашкан. Аксыкет ш. моңголдор мезгилине чейин ж-а Амир Темирдин тушунда да чоң шаар болуп, көчмөн кыргыздар үстөмдүк кылып турушкан, шаар катары соода-сатык, илим-билимдин да борбору болгон. Орто кылымдагы тарыхчы, Сайпидин Аксылык (Мажму-ат-Таварихтин автору) ушул шаарда туулуп өскөн. 1510-ж. жер титирөөдөн кыйрап, калкы анын жанындагы Наман айылына көчүп кеткен, кийин анын ордуна Наманган ш. пайда болгон.
АКТАШ КӨРҮСТӨНҮ – эрте темир доору, орто к-дарга таандык көрүстөндөр тобу. Соңкөлдүн чыгыш тарабында, Калмакашуудан түшө бериште жайгашкан. Алгач археолог А.К.Кибиров (1953), кийин Кыргыз тарыхчылар жамааты м-н Түрк тарых курумунун биргелешкен экспедициясы (1997) изилдеген.
АК ТЕРЕК-КӨК ТЕРЕК – балдардын оюну. Чогулган балдар, кыздар акты-каралы болуп эки тарапка бөлүнүп, маңдай тескей эки бөлөк тизилип, бири-биринин колдорун бекем кармашат. Тутум б-ча оюн баштоого укук алган тарап жапырт үн м-н «А.т.-к.т., бизден сизге ким керек» дешет. 2-тарап бир баланын же кыздын атын аташат. Аты аталган бала жүгүрүп келип каршы тарапта кол кармашып тургандардын бош же алсыз деген жеринен үзүп кетүүгө аракеттенет. Кол кармашып тургандардын колун бөлө албай калса өзү ошол тарапка кошулат. Эгерде кармашып турган колду бөлүп кетсе, бөлүнгөн балдардын бир тобун өз тарабына кошуп алат. Ушундай эле аракетти 2-тарап жасайт. Белгиленген убакыт бүткөндө кайсы тараптын балдарынын саны көп болсо ошол тарап уткан болот.
АК УУЛ – элдик санжырадагы оң канат урууларынын атасы; оозеки генеологиялык билдирүүлөрдө кыргыз элине негиз салуучу уламыштуу Аналхиктын (Ана-л-Хакк) тукумдары. А.у-га жеткенде А.у. ж-а куу уул болуп экиге бөлүнөт. А. у-га адигине, тагай ж-а моңолдор уруулары кирет. Санжырадагы А. у. ж-дөгү маалымат тарыхый булактарда алгач Сайф ад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-Таварих» (16-к.) аттуу эмгегинде эскерилет. Элдик санжырада А.у-дун аталышы тууралуу бир нече мифтик, уламыштык түшүндүрмөлөр кездешет. Ил. өңүттөн караганда, кыргыз элинин уруулук курамына кирген оң канат уруулары байыркы көчмөн түрк-моңгол элдеринде кеңири колдонулуп келген түстүк-семантикалык сыпаттоо аркылуу А.у. аталган деп жыйынтык чыгарса болот.
АК ҮЙЛҮҮ – орто кылымдардагы кыргыз дипломатиялык термини. А. ү. түшүнүгү орто кылымдардагы түрк тилдеринде барымта, о.эле тектүү жерден барымтага кармалгандар дегенди туюнтат. Урууну, элди баш ийдирип кармап туруу максатында, же болбосо эки мамл-тин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишимдин кепили катары тектүү адамдардын балдарын барымтага кармоо байыркы ж-а орто кылымдар мезгилдерине мүнөздүү көрүнүш. Бул саясий-диплома- тиялык ыкманы кытай династиялары да пайдаланышкан. Көчмөн элдерде барымтага кармалгандар (же берилгендер) хан сарайына жакын жердеги ак боз үйлөрдө сыйлуу туткун денгээлинде, терең көзөмөл алдында турушкан. А. ү-нүн экинчи мааниси түркмөндөрдө, о. эле, каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй бүлө күтө элек боз уландардын тобун түшүндүрөт. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан эзелки барымта салты «Манас» эпосунда да чагылдырылган.
АК ЧӨЛМӨК, а к а ч ө ө л – түн ичинде ойнолчу улуттук оюн. Уз. сөөмчө бодонун шыйбылчагы же жонулган жыгач А. ч. деп аталат. Ойноо тартиби: жаштар 2 топко бөлүнөт. Тандалып алынган түз аянттын бир четине А.ч. ыргытчу мара белгиленет. Ыргытылган А. ч-түн кайсы жерге түшкөнүн баамдоого 2 жак тең даяр турушат, түшөөр замат ал жакка бардыгы жапырт чуркашат. Максат – А. ч-тү биринчи таап, каршы жакка тарттырбай, буйтай качып же жазгырып, өнөктөрүнүн бирине бере салып марага алып келүү. А. ч-тү алып келген жак кайра ыргытат. А. ч. – жаштарды шайдооттукка, ийкемдүүлүккө, кыраакылыкка тарбиялоочу элдик оюн.
АКЧИЙ-КАРАСУУ КӨРҮСТӨНДӨРҮ – б. з. ч. 6–4-к.–б. з. 1–5-к-га таандык сак ж-а гунн урууларына тиешелүү археол. эстелик. Кетментөбө өрөөнүндө, азыркы Токтогул суу сактагычынын алдында калган Акчий ж-а Карасуу кыштактарынын ордунда жайгашкан. Алардан карапа идиштер, айбанаттар стилиндеги сүрөттөрү бар асем буюмдар, айрымдарынан арча табыт табылган. Антропологиялык маалыматтар б-ча ошол доордогу адамдар монголоидддик аралашмасы бар европеоид тибине кирген.
АКЧУҢКУР ҮҢКҮРҮ – неолит дооруна (б. з. ч. 6–5 миң жылдык) таандык археол. эстелик. Ысыккөл облусунун Аксуу р-нунун Эчкилиташ айылынын чыгышынан 7 км аралыкта Сарыжаз суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 3150 м бийиктикте жайгашкан. 1953-ж. В. И. Рацек тарабынан ачылган. Үңкүр эки ярустан турат. Үңкүр-дүн боорунда кызыл жошо м-н тартылган теке ж-а жыландын сүрөттөрү, о. эле кара боёк м-н түшүрүлгөн несториан крести, тамга жазуулар (орто кылымга таандык) табылган. Жаныбарлардын сөөктөрү, неолит дооруна таандык иштетилген таштар ж-а көңдөйүндө жошо сакталып калган текенин мүйүзүнүн сыныгы табылган.
АКШАК – дан өсүмдүктөрүнөн даярдалган азык. А. таруу, күрүч, жүгөрү, арпа, сулуу, буудай ж-а буурчактан жасалат. А. алыш үчүн адегенде данды тазалайт, кургатат. Сокуга салып, кабыгынан ажыратып, элек аркылуу эленет. Электен өтпөгөн майдаланган дан А. деп аталат. А-тан ботко, атала тамактары жасалган.
АКЫЙНЕК, а к ы й – эки тарапка бөлүнгөн кыздардын жаакташып ыр түрүндө айтышканы. Жек көрүшкөн же бирин бири көрө алышпаган эки кыз өз курбулары м-н экиге бөлүнүп же бай-кедей, айыл-айыл, уруу-уруу болуп бөлүнүшүп, экиден же жалпы айтышкан. А-те өз тарабынын жакшы жактарын айтып, каршы тарабынын бүт кемчилигин (өздөрүнүн, ата-энелеринин, ага-туугандарынын), быкыйларын чукушкан, жооп табалбай айласы кетчү суроолорду беришкен. Каршы тараптын кыжырын келтирүү, ичин күйгүзүү үчүн үндөрүн укмуштантып чыгарышып, кабыргасын койгулап, кекиртегин чойгулап, оозун алаканы м-н тийер-тийбес каккылап, жагымсыз обондорду же үндөрдү чыгарышкан. А-те байге, мөрөй, калыс болгон эмес. А-ти атайы бир жерди болжошуп же жөн гана чогуу жолугушканда, той-тамашада айтышкан. Айрым учурда А-тен башталган жек көрүүлөр күчөп отуруп, чоң чыр-чатактарга себепкер болгон.
АЛА БАКАН, а д а л б а к а н – 1. азыктар салынган баштыктар, чаначтар илинүүчү атайын темир, жез, күмүш илгичтери бар билектей жоондуктагы, 2–3 м узундуктагы түз жыгач. А.б. 2ге бөлүнөт: жыгач А.б., күмүш А.б. Жыгач А.б. илгич болууга ылайыктуу четин, арча, балаты, тал ж.б. жыгачтардан жасалган. Мындай А.б. жалпы элге таандык. Күмүш А. б. көп кырдуу, сайлуу же жумуру түз жыгачтын бир нече жерине жез, темир же күмүш илгичтери бекитилип, оймо-чиймелер м-н кооздолуп жасалган. Мындай көрктөлгөн А.б-дар кооздук буюм катары жүк бурчтарына орноштурулуп, баалуу кийимдерди, буюмдарды илүүгө да колдонулган. 2. А. б. формасында жасалган түр, оймо, сайма, терме, чийме. Анын ар бир ачасынын башы башка түрлөр м-н айкалыштырылган. Мындай көчөттөр чырмалып согулган чыгданда, туш кийиз жээктеринде, ала кийизде, тегиргич, кылдырооч таарларында басымдуу колдонулган.

#4 23 July 2014 - 21:21
АЛАЙ, ОШ АЙМАГЫНДАГЫ ЭЛДИК КЫЙМЫЛ – 19-к-дын 40-жылдарындагы Кокон хандыгына каршы элдик көтөрүлүш. 1845-ж. алайлык кыргыздар Кокон бийли-гине каршы күрөшкө көтөрүлгөн.
Кыска мезгил ичинде элдик кыймыл Ош аймагына чейин жайылып, ордонун коопсуздугуна коркунуч туудурган. Ошол кезде хан сарайды бийлеп турган Мусулманкул миңбашы аскерлери м-н Ошко шашылыш жөнөгөн. Көтөрүлүшчүлөр Кокон аскеринин жолун тороп, катуу каршылык көрсөткөн. Курал-жарак жагынан кыйла артыкчылык кылган, такшалган, атайын даярдыгы бар аскерлерге туруштук берүү мүмкүн эмес эле. Душмандын бир нече жолку чабуулдарынын мизин кайтарып, жан аябай кармашкан соң чегинүүгө туура келген. Мусулманкул көтөрү- лүштү күч м-н басып, кыймылга катышкан кыргыздарды аёосуз жазалаган.
АЛА КИЙИЗ – колдонмо кол өнөрчүлүктүн бир тармагы. Түр салынып жасалган кийизди А.к. деп аташкан. Ал кара койдун жүнү-нөн жасалат. Сабалгандан кийинки майда тытылган жүн чийдин үстүнө текши төшө-лүп, калың, жука жерлери текшиленип чабакталат. Түрүлүп түйдөктөлгөн жүндөн түр (сайма, кеште) салынат. Түр салынган жактары бузулбас үчүн четинен этияттык м-н түрүп турат. Түр салынган жүнгө ысык суу себилип, чий м-н кошо оролот; анын эки башына кап же башка нерсе кийгизилет. Оролгон чий сыртынан жип м-н бекем чырмалып, аны аласалдырып тебе башташат. Жүнү кирген кийиз чийден этияттык м-н чыгарылып, түрүлөт. Оңду-солду басылат. Бышырылганда гана А. к. бүттү деп эсептелет. А. к-ди аялдар жасайт, тебүү ж-а сүйрөө иштерине эркектер катышат.
АЛАМҮДҮН ТУРГУН ЖАЙЫ – коло доо-руна таандык турак-жай калдыгы. Бул жерден чопо идиштин сыныктары ж-а күлдүн калдыктары табылган. Табылган эстеликтердин мүнөзүнө караганда бул жердегилер отурукташкан чарба шартында жер иштетип, мал багып, жашоо тиричилигин өткөргөн. 1929-ж. россиялык археолог А. И. Тереножкин тарабынан изилденген.
АЛАМЫШЫК КӨРҮСТӨНҮ Нарын ш-нын күн батыш тарабында, Нарын дарыясынын оң өйүзүндө, Аламышык тоосунун этегинде жайгашкан. Жалпы саны 150дөн ашык; б. з. ч. 1-миң жылдыктан б. з. 13–14-к-на чейинки мөөнөттү өз кучагына алат. Көмөөр алдында көрдүн ичи өрттөлүп, андан кийин маркум жаткырылган. Көрүстөндүн үстү жагынан 40 см тереңдикте үзөңгү, ооздук, темир того көмүлгөн атайын чуңкурча табылган. Маркумду көмүүдө отту колдонуу ж-а көрүстөндүн бир жерине чуңкурча казып буюм жашыруу енисей кыргыздарына да мүнөздүү. Көрүстөндүн чыгыш тарабынан байыркы мезгилде иштетилген темирдин калдыгы табылган. Байыркы түрк доорундагы балбал таштар ж-а алар орнотулуучу төрт чарчы коргончолор да бар. А.к- н 1945–49-ж. А.Н.Бернштам, 1954-ж. А. К. Кибиров, 1989-ж. К. Табалдиев ж-а Ю. С. Худяковдор изилдешкен. АЛАСТОО – отко сыйынуудан чыккан ырым-жырым; ооруган сасык тумоологон же бир жерин мертинтип алган кишини түтөтүлгөн арча же чекенде м-н эмдеген, ырымдаган, баланын бешигин, төшөнчү, кийимин ыштаган. А-до шайтан-шапат, азезилдерден алыс болсун, алар ага жолобосун деген тилектер айтылган. А-ну жыл жаңырганда айылдын ортосуна арча жагып өткөрүшкөн. Чогулган эл кийимдерин отко силкип, бири- бирине «эски жыл кетти, жаңы жыл келди, айдан аман, жылдан эсен бололук, алас-алас ар балаадан калас» деген тилектерин айтышкан.
АЛА ТАМАК – акак, шуру, бермет, тор сайма, курак, чачы оймо ж.б. азем буюмдарын бири-бирине айкалыштыра колдонуу м-н жасалган баалуу кооздук. Аны кыз-келиндер төшүнө тагынган. А.т-тын асты жагында жамбы же тыйын кадалган кыюсу болгон. Желке жакка байлап, көкүрөккө жая тагынышкан. 19-к-дын аягы–20-к-дын башына чейин мындай кооздук Кыргызстандын бардык жеринде болгон. Азыр эл ичинде өтө сейрек кездешет.
АЛАЧЫК – көчүп-конуп жүрүүдө колдо-нуучу жупуну турак жай. А-тын жапма А., буума А., сайма А., деген түрлөрү бар. Аңчылыкка чыкканда чөп А-ты пайдаланышкан. Жапма А. түндүк ж-а ууктардан туруп, анын үстүнө үзүк жабылат. Буума А. бир нече жыгачтардын учун бууп, анын үстүн кийиз, тери ж. б. м-н жабат. Сайма А. уукка окшогон бир нече узун таякчаларды жерге сайып, баштарын жип м-н бириктирип түндүккө тешик калтыра байлап, үстүнө кийиз, терилерди жабышкан; эгерде чөп м-н жапса чөп А. деп аталган. «АЛАШ» ПАРТИЯСЫ – 1917–20-ж. Казакстан м-н Түндүк Кыргызстандагы саясий партия. Жаңыдан калыптанып келе жаткан жергиликтүү майда буржуазиянын кызыкчылыгын коргогон. Кадет партиясынын Казакстандагы тобу катары 1905-ж. пайда болгон. Пишпекте 1917-ж. жайында «Алаш» уюму түзүлгөн. 21–26- июнда Оренбургда «Бүткүл кыргыз» («Бүткүл казак») съезди өтүп, «А.» п. уюшулган. Анын программасында казак, кыргыз элин өз алдынча мамл-ке бөлүү мүдөөсү каралаган. 5–13-декабрда «Аралаш Ордо өкмөтү» түзүлүп, куралдуу кошуундар топтолгон. Алар ак гвардиячылар м-н бирдикте совет бийлигине каршы күрөшкөн. Орол, Торгой, Семей, Жетисуу облустарында «А.» п-нын бөлүмдөрү түзүлгөн. 1918-ж. Жетисуу ревкому «А.» п-нын облустук, уезддик уюмдарын жоюуга токтом чыгарганына карабастан, Пишпектеги «Алаш» уюму өзүн «Кыргыз револю-циячыл совети» деп атап, 1920-ж-га чейин иш жүргүзгөн. Бул партиянын бир катар өкүлдөрү кийин сабатсыздыкты жоюуда, соц. маданиятты, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө зор эмгек сиңиришкен.
АЛГАЧКЫ СОВЕТТЕР – Февраль революциясынан (1917) кийин түзүлө баштаган жумушчу ж-а солдат депутаттарынын шайланма саясий уюмдары. Социал-демократиялык топтор м-н бирдикте иштеген. 1917-ж. март-та Кыргызстанда Кызылкыя кенчилери алгачкы жумушчу депутаттар советин түзү-шүп, төрөгалыгына И.И.Едренкин шайланган. 16-мартта сүлүктүлүк кенчилер өзүлө-рүнүн жумушчу депутаттар советин уюштурган (жетекчиси – Д.Т.Деканов). 1917-ж. март айынын ортосунда Пишпек ш-нын жумушчуларынын алгачкы совети түзүлгөн. Негизинен Улуу Октябрь революциясына чейин Кызылкыя м-н Сүлүктүдөгү алгачкы совет гана большевиктештирилген. Ноябрь айында Сүлүктүдө, декабрда Кызылкыя м-н Ошто, 1918-ж. январь– февралда Пишпекте, май–июнда Караколдо советтердин бийлиги орногон. Советтер элдик бийликтин органы катары иштеп, падыша өкмө-түнүн мурдагы буйруктарын жокко чыгарып, жумушчулардын эмгек акыларын жөнгө салган, 8 сааттык жумуш күнүн киргизип, калкты азык-түлүк м-н жабдуу ж.б. экон. маселелерди чечкен. АЛДАШ МОЛДО, Алдаяр Жээнике уулу (1874, Аккочкор айылы, азыркы Жетиөгүз р-нунун аймагы – 1930, ошол эле жер) – агартуу ишин баштоочулардын бири, жазма акын; «замана» агымынын өкүлү. 19-к-дын 90- жылдары Каракол ш-ндагы медреседен окуган. Аны бүткөндөн кийин айлында көчмө мектеп уюштуруп, балдарды окутууга киришкен (1904–06). Октябрь революция-сынан кийин 1919-ж. Жетиөгүздүн Талды-булак коктусунда мектеп ачкан. 1921–22-ж. Алматыдагы мугалимдерди даярдоо курсун бүтүрүп, мугалим болуп эмгектенген. 1905-ж. «Шайлоо» аттуу поэма жазып, анда бийлөөчүлөрдүн болуштук талашып чабышып, чыгымын элге тарттырып, калкты бүлүнткөнүн ашкерелеген. «Баракан жө-нүндө баян» (1912) аттуу чыгармасы да эзүүчүлөргө каршы багытталган. А. М-нун көрүнүктүү чыг-нын бири – «Хал заман» (1914). Анда Кыргызстан Россияга бириктирилгенден кийин кыргыз жергесинде болуп жаткан тарыхый кырдаалдарга ой жүгүртөт, коомдун өнүгүүсүнө Россиянын тийгизген таасирин, прогрессивдүү жактарын көрсө-түүгө аракеттенет. Ошону м-н катар падыша өкмөтүнүн колониялык саясатынын тескери жактарын, орус чиновниктери м-н жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү биригип, калкты эзип жаткандыгын да көрсөтөт. 1916-ж. «Үркүн» аттуу көлөмдүү поэма жазып, анда кыргыз элинин муң-зары бир кыйла реалдуу сүрөттөлөт.
АЛИЕВ Осмонкул (1903, Чүй облусу, Жа-йыл р-ну, Чолокарык айылы – 1938, Бишкек) – мамл. ж-а саясий ишмер. 1916-ж. орус жергиликтүү мектебин бүтүргөн. 1917-ж. Олуяатада (Жамбыл), 1919–22-ж. Ташкенде казак-кыргыз агартуу ин-тунда окуган. 1924-ж. РКСМ Кыргыз обкомунун 1-катчысы, РКП(б) Кыргыз обкомунун катчысы болуп иштеген. 1924–26-ж. «Эркин-Тоо» гезитинин, 1926-ж. «Коммунист» журналынын редактору болгон. 1927–30-ж. Москвадагы Свердлов атн. Коммунисттик ун-тинде окуган. 1930–31-ж. Кыргызстандын эл агартуу комиссары, 1932–33-ж. ВКП(б) Ош округкомунун 1-катчысы. 1937-ж. Кыргыз ССР эл агартуу комиссары болуп турганда күнөөсүз жерден айыпталып, 1938-ж. атылган. Сөөгү кайрадан (1991) Атабейит көрүстөнүнө коюлган.
АЛИЕВ Эргеш (1905, Жалалабат облусу, Ноокен р-ну, Сакалды кыштагы – 1994, ошол эле жерде) – Кыргызстанда совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкандардын бири. Милициянын генерал-майору. 1927- ж. Кызыл Армияга чакырылып, Кыргыз атчандар дивизионунда кызмат кылган. Мили-циянын Базаркоргон, Токмок р-ндук бөлүм-дөрүн жетектеген. 1934–41-ж. милициянын Алай-Гүлчө р-ндук, Ош ш-дык бөлүмүнүн начальниги, милициянын Тяншань облустук башкармасынын начальнигинин орун басары. Согуш жылдары (1941–45) ички иштер эл комиссариатынын 107-аткычтар дивизиясынын бөлүмүнүн начальниги, милициянын Ош облустук башкармасынын начальнигинин орун басары, 1946–47-ж. милициянын Жалалабат облусунун башкармасынын начальнигинин орун басары. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Милиция башкармалыгынын начальнигинин орун басары, милициянын Жалалабат, Ысыккөл, Талас облустук башкармалыктарынын начальнигинин орун басары, 1956–59-ж. милициянын Жалалабат облустук башкармалыгынын начальниги, милициянын Ош облустук башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп иштеген. Ленин, Кызыл Туу, «Кызыл Жылдыз», 2 «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. ИИМдин Академиясы, райондогу мектеп, Жалалабат ш-ндагы көчө анын ысмы м-н аталган. АЛИЕВ Юсуп Али Мухаммед (1898–1970) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкө катышуучу. 1917–18-ж. Ош мусулман жумушчу ж-а чайрыкер депутаттар советинин төрагасы, 1918-ж. март айынан компартиянын Ош уезддик–шаардык советинде, 1920-ж. Ош ревкомунда ж. б. кызматтарда иштеген. АЛИМ ХАН – 1798–1810-ж. Кокон хандыгын бийлеген хан. Өзбектин Миң сулалесинин (династиясынын) өкүлү, Нарбото бийдин уулу. Анын мезгилинде Кокон ээлигинин аймагы бир кыйла кеңейип, хандык атала баштаган. Фергана аймагы толук каратылып, Ташкенди ж-а Чымкентти ээлеген. Кетментөбө, Ош аймактарындагы кыргыздарды баш ийдирүү үчүн жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган. Бийлик үчүн күрөштө козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн.
АЛМАЛЫК – Жетисуу аймагындагы орто кылымга таандык шаар. Биринчи жолу 13-к-дын башталышында эскерилет. 13-к-дын башталышында А-ты каңгылар уруусунан чыккан каракчы Озар ээлеп алган. Ал Чыңгыз хан м-н Күчлүккө каршы союз түзгөн. Бирок Күчлүк аны аң уулап жүргөн жеринен кармап алган. Күчлүк шаарды камоого алган, бирок моңгол аскерлери жакындап келгендиктен чегинип, туткунун өлтүрүүгө буйрук берген. Чыңгыз хан А-ты Озардын уулу Сукпак тегинге берген. Чагатайдын буйругу м-н асканы бузуп, 48 жыгач көпүрө салышкан, ал көпүрөлөр жанаша эки араба өткүдөй кенен болгон. Шаар Иле суусунун түндүк тарабынан орун алып, капчыгайдын оозунан А-ка чейин бир күндүк жол болгон. Моңголдордун үстөмдүгү мезгилинде Иле өрөөнү аркылуу Батыш Азиядан Чыгыш Азияга эң маанилүү соода жолу өтүп, А-тын жогорулашына түрткү болгон. Чагатай улусунун ханы Кебектин учурунда (1318–26) улустун борбору. А-тан Мавераннахрга көчүрүлгөн. 1335-жылдан кийин А. кайрадан Чагатай улусунун борборуна айланган ж-а чагатайлар ээлеген аймактагы көпчүлүк мезгилдерде хандар жашаган негизги шаардын бири болгон. Женкнши хандын учурунда (1338–39) А-та Европадан келген католик миссионерлеринин ж-а жергиликтүү буддалык жрецтердин ишмердиги күч алып, католиктердин чиркөөсү болгон. 1340-ж. хрис-тиандарды куугунтуктоодон улам А-тагы алардын ишмердиги токтогон. 14-к-дын 2-жарымынан А. Моголстан мамл-нин борбору болгон. Моголстандын 1-ханы Тоглук Темирдин (1348–63) сөөгү А.ш-нын жанына коюлган.
АЛП СОЛ, Т а б у Х э ц з у, Т а п у – 9-к-да-гы кыргыз кол башчысы ж-а элчиси. 840-ж. кыргыз каганынын Уйгур мамл-не жасаган чоң казатында анын колунун сол канатын жетектеген ж-а Енисейдеги Улуу кыргыз империясын негиздөөгө зор салым кошкон. 843-ж. март айында Кытайдын Тан династиясынын императоруна элчи катары барган. Кытай жыл баяндарында: «841-ж. такка олтурган император Вуцзун алыскы кыргыз каганынан келген элчиге абдан ыраазы болуп, Бо-Хайдан келген элчиден жогору, төргө олтургузду» – деп баяндалат. Кыргыз каганынын аскер башчысы, ишенимдүү элчи Кытайдан жеңилген уйгурлардын тагдыры ж- дөгү саясий иштерден сырткары, соода-экон. карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн барган. Буга жооп катары кытай императору өзүнүн элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн.
«АЛТАН ТОБЧИ» – 17-к-да лама окумуштуусу Лубсан Данзан тарабынан жазылган моңгол тилиндеги кол жазма. Анда 1240-ж. жазылган «Моңголдордун тымызын тарыхы» («Моңголын ничуга тобчийан») баяндалат. «А.Т.» жылнаамасынын басымдуу бөлүгү Чыңгыз хандын балалыгы, жаштык курагы, мамл. ишмердүүлүгүнө ж-а ал ж-дө кийинчирээк пайда болгон уламыштарга арналган. Жылнаамада енисейлик кыргыздар, ойроттор, кыпчактар ж-дө да маалыматтар кездешет.
АЛТЫГАТ – баркыт, бейкасам ж.б. кездеме капталып, жээгине төрт эли кызыл же кара манат кыйылган бир түрдүү кийиз. Уз. 3 м, туурасы 1,5 м жасалып, эки-үч кабатка бүктөлөт. А. төшөнчү катарында пайдаланылат, жүккө кездеме жагы сыртка каратылып жыйылат. А. айрым жерлерде меймандын алдына салынат.
«АЛТЫН АДАМ» – Иле Алатоосунун түндүк этегинде жайгашкан Эсик көрүс-төнүнөн табылган эрте темир дооруна таандык археол. табылга. Алматы ш-нын чыгыш тарабында 50 км аралыкта жайгашкан көрүстөндөр тобу (45 көрүстөн) 1969–70-ж. ачылып, проф, К.Акишев, А.Акишев тарабынан изилденген. «А.а.» табылган көрүс-төндүн диаметри 60 м, бийиктиги 6 м болгон. Казуу учурунда табылган карагайдан жасалган табытта 18–25 жашар, европеоиддик ж-а монголоиддик аралаш расалык белгилери бар, алтындан жасалган кийимчен жигит көмүлгөн. Маркумдун жанында согуш куралдары, өздүк буюмдары жаткан. Идиштер күмүштөн, жезден, чоподон, жыгачтан жасалган. Баш кийиминде алтындан жасалган аркар статуэтка ж-а рельефтүү түшүрүлгөн илбирс, жылкы, теке, куш ж-а геометриялык фигуралар болгон. Кийимдин жээктери кабылан кейиптүү штамптоочу ж-а басып түшүрүү ыкмасы м-н даярдалган алтын бастырма кооздуктар м-н жээктелип ж-а түрдүү формадагы алтын кооздук-бастырмалар м-н кооздолгон. Маркум териден жасалган жакасыз кыска кафтан кийгизип жаткырылган. Кээ бир сакталган айрындыларына караганда ал кызыл же күрөң түскө боёлуп, сыртынан алтын бастырмалар м-н текши кооздолгон. О. эле куру, маасы-өтүгү дагы алтын бастырмалар м-н капталган. Күмүш идиште 2 катар тизилген 26 белгиден турган өтө курч курал м-н оюлуп жазылган жазуу бар. 16–17 так жазылган тамгалардын ичинен 8–9у арамей алфавитиндеги тамгаларга окшош келип, бирок, арамей тилинде окулбайт. Кээ бир белгилери байыркы түрк руна жазуусундагы тамгаларга окшош. Айрым изилдөөчүлөрдүн болжолунда, Жетисуу сактары арамей жазуусунун негизинде түзүлгөн алфавитти колдонушкан. Бул табылга б. з. ч. 5–4-к-да жашаган байыркы сак элинин тарыхы, маданияты, көркөм өнөрү, руханий маданияты б-ча маалыматтарды берет. Алтын кооздуктарды жергиликтүү уздар жасаган. Ысыккөлдүн Барскон айылынан ушуга окшош колодон жасалган кооздуктар табылган. Жасалыш ыкмасы б-ча кабылан сымал жаныбар баштуу бастырма Эсикте ж-а Барскондо бири-биринен эч айырмаланбайт.
«АЛТЫН ЙАРУК» – буддизм динин жа-йылтуу үчүн кытай тилинен түрк тилине которулуп, уйгур жазмасында жазылган 10-к-га таандык чыгарма (сутра). 1909–11-ж. С. Е. Малов Чыгыш Түрк-стандан ж-а Гансудан байыркы уйгур жазмасындагы кол жазмаларды тапкан, а.и. өзгөчө баалуусу уйгурлардын арасында кеңири тараган буддизмдин жазма эстелиги «А. й.» («Алтын жарык») болгон. Чыгарманын бир нече нускасын Турпан оазисинен прусс экспедициясы да тапкан. «А. Й-ту» алгач Бешбалык ш-нын тургуну Сыкоку Сели Тудунг которгон. Сутранын сактап калуучулук күчү бар деген ишеним буддизмди тутунган уйгурлар тарабынан аздектелип, бир канча ирет көчү-рүлгөн. Сутрада кол жазманын качан ж-а кайсыл жерде көчүрүлгөнү, соопчулук үчүн көчүрүп берүүнү суранган ж-а көчүргөн адамдын аты-жөнү жазылган. Мис: «26- жы-лы жогорку даражалуу Кан-синин башкаруу мезгилинде (1687) мен бактысыз Ратка Вачир Шаби, менин ата-энелеримди (ар-ба-лээден) кутултуу жана куткаруу үчүн жазып бүтүрдүм» – деген маалымат жазылган. Бул маалыматтар 17–18-к-да уйгурларда буддизмдин таасири бекем сакталып тургандыгын ырастайт.
АЛТЫН ОРДО – 13-к-дын 40-ж-нын башында хан Батый негиздеген феодалдык мамлекет. А.о-нун бийлиги батышта – Дунайдын аягы м-н Фин булуңуна чейинки, чыгышта – Ыртыш м-н Обь суусунун аягына, түштүктө – Кара, Каспий ж-а Арал деңиздери м-н Балхаш көлүнө, түндүктө орустун Новгород жерлерин камтыган. А.о- нун борбору оболу Сарай-Бату (Астраханга жакын), кийин Сарай-Берке (Волгоградка жакын) болгон.Мамлекет катары түпкү негизи бош, ар кошкон элден куралган, күч м-н гана сакталып турган бирикме болгон. Анын курамына Итиль дарыясынын аймагындагы болгарлар, мордвалар, орустар, гректер, түркий тилде сүйлөгөн айрым элдер кирген. Көчмөн калктын басымдуу бөлүгүн кыпчактар, каңгайлар, татарлар, түрк- мөндөр, кыргыздар ж.б. түзгөн. А.о-нун карамагында жашаган элдин коомдук ж-а маданий өнүгүү деңгээли да түрдүүчө болгон. Көчмөндөрдө чала феодалдык мамилелер, отурукташкан райондорунда феодалдык мамилелер өкүм сүргөн. Хандар карамагындагы калктарга талап-тоноо саясатын жүргүзүп, мыкты жерлерди ж- а жайыттарды моңгол феодалдары ээлеп, калктан үзгүлтүксүз салык алып турушкан. Шаарларда кол өнөрчүлүк өнүккөн. Алар маданияттын да борборуна айланган. Шаарларда чет жактан келген усталар иштешкен. Мамлекеттин башында Батыйдын тукумунан чыккан хандар турган. Ал эми мамл. иштерди «беглер беги», айрым аймактарды вазирлер башкарган. Элден жыйналуучу салыкты даругдар же баскактар жыйнашкан. Мамл. түзүлүшү жарым аскердик мүнөздө болгон. Анткени аскердик ж-а админ. кызмат бөлүнгөн эмес. А.о- нун аймагын Жучунун 14 уулу улустарга энчилеп бөлүп алган. Мис., Ак ордо улусун Жучунун уулу Ордо- Ежен башкарган. Кийинчерээк А. о. мурасчыларынын ортосунда феодалдык согуштар чыккан. 1357–80-ж. ич ара согуштардын натыйжасында 25 хан орун алмашкан. 14-к-дын 60-ж-нда А.о-дон Хорезм бөлүнүп чыгат. Бир аз өтпөй Астрахань бөлүнүп кетет. Биригишкен орус княздары 1380-ж. Куликовдогу салгылашууда чоң ийгиликке жетишет. 1395–96-ж. Тимур А. о-нун аскерлерин толук талкалап, Сарай-Беркени басып алат. 15-к- дын 20-жылдары А.о. биротоло ыдырап бузулуп, мурдагы бирикмеден Сибирь хандыгы, Ногой ордосу, Казань ж-а Крым хандыктары өз алдынча бөлүнүп кетет. 1480-ж. орустар моңголдордун зомбулугунан биротоло бошогон, 16-к-дын башында чоң ордо толугу м-н жоюлган.
АЛТЫН-ХАН МАМЛЕКЕТИ – Моңго-лиянын түндүк-батышында 16-к-дын аягында түзүлгөн мамлекет. 16- к-дын 80-ж. Дзасахту хандык ээлигинен бөлүнүп чыгышкан. Анын негиздөөчүсү Шолой Убаши (1567–1627) Чыңгыз хандын урпактарынын бири. А-х. мамл-нин ордосу Убсу-Нур (Моңголия) көлүнүн айланасында жайгашкан. 17-к-дын башында өз ээликтерин енисейлик кыргыздар ж-а алардын кыштым капчыгайларынын эсебинен кеңейткен. Салык төлөөгө мажбур болгон кыргыздар иш жүзүндө көз каранды болушкан эмес. Кыргыздардын үстүнөн бийлигин кармап туруу үчүн А-х. м. барымта кармоо адатын пайдаланган. Хандыктагы ич ара күрөштөрдө кыргыздар четте турушкан эмес. Кыргыздардын каардуу мүнөзү моңголдордогу каймана түрдө айтылган «харгис» (кыргыз) – каардуу жырткыч, кекчил деген сөздөрдүн келип чыгышына алып келсе керек. Жуңгар ханы Сенге Тайши тарабынан талкаланган. Азыр да мурдагы А-х.м-нин аймагында (түндүк– батыш Моңголия) хара хиргис, шара хиргис, модон хиргис сыяктуу моңгол уруулары, кыргыздарга байланыштуу жер-суу аттары учурап, орто кылымдагы кыргыз-моңгол тарыхый–этностук байланыштарынан дарек берет. 1663-ж. енисейлик кыргыздардын бир бөлүгүн А-х. м. азыркы Тува аймагына көчүрүшөт. Ошол кыргыздардын урпактары тувалардын курамында «кыргыз» уруктары катары белгилүү.
АЛТЫР УЛУСУ, О л т ы р у л у с у – 17–18-к. енисейлик кыргыздардын башкаруусундагы админ. аймактык бирдик. Улус Абакандын сол жээгинен, Уйбат ж-а Таштын дарыяларынын ортосунан орун алып, түштүгүндө Енисейдин жогорку агымындагы аймактарды камтыган. Улустун жашоочулары орус документтеринде «жогорку кыргыздар» деп аталган. А.у-нун чегине Сагай, Четипүүр, Сарыглар, Ичеги, Белтир, Табын, Саян, Чыстар, Иргит, Хахпына ж.б. аймактар, кыштым жерлери – Том, Мрассу, Кондом дарыяларынын, Кузнецк Ала-Тоосунун токойлуу–тоолуу өрөөндөрү, Түндүк Алтайдан Төлөс (Телец) көлүнө чейинки аймактар кирген. АЛТЫСАР УЛУСУ, А л т ы н з а р х ы – 17–18-к. енисейлик кыргыздардын башка-руусундагы админ. аймактык бирдик. Кыргыз жеринин түндүгүндөгү Июс ж-а Теңир-көл өрөөндөрүндө А.у. жайгашкан. Орус документтеринде алтысарлыктарды (алтынсары) Енисейдин төмөнкү агымында жашаган «төмөнкү кыргыздар» деп аташкан. Моңгол жеңип алууларынан баштап, кыргыз жериндеги саясий борбор Абакан өрөөнүнөн түн- дүккө көчкөн эле. Ак ж-а кара Июс дарыяларынын ортолугундагы жерлерде тектүү кыргыз бектеринин өргөөлөрү жайгашкан. Ошондон улам, алтысарлыктар «Чоң кыргыздар» деген экинчи атка да ээ болушкан. Кыргыз улустары Кызыл, Шуй, Камлар, Ачин, Исар деген аймактардан турган.
АЛЫМБЕК Жапалак уулу (19-к-да жашаган) – орус падышалыгына элчиликке барган өкүлдөрдүн бири. Бугу уруусунун желдең уругунан чыккан бий; түндүк кыргыздарынын 1824–25-ж. Россияга жиберген үчүнчү элчилигине катышкан. Элчилик эмгеги үчүн 1827-ж. орус өкмөтү тарабынан Андрей тасмасына тагылуучу алтын медаль ж-а аты жазылган кылыч м-н сыйланган.
АЛЫМБЕК ДАТКА Асан бий уулу, Алымбек п а р в а н а ч ы (1799–1862) – кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамл. ишмер. 27 жашында Кокон ханы Мадалиге кызмат өтөй баштаган. 31 жашында ага датка наамы ыйгарылган. 32 жашында Анжиян вилайетинин беги болуп дайындалып, Кокон хандыгынын ордосунда таасирдүү саясий роль ойногон. 1842-ж. Шераалыны хан (к. Шераалы хан) көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош ш-на көчүрүп, бул шаардын социалдык-экон. өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн медресе курдурган. 1845-жылдагы ордого каршы Ош көтөрүлүшүн жетектеген. Хандыктагы саясий ж-а мамл. 30 жылдык (1831–62) ишмердигинде журт кызыкчы-лыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга кой-гон. 1862-ж. 24-февралда Малла ханды өлтү-рүү үчүн кутумга (заговорго) катышкан. Тактыга Шераалы хандын 12 жаштагы жээни Шах Мурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп турган. Кокон хандыгынын акыйкатсыз, баскынчы саясатын колдогон эмес. А. д. бүткүл кыргыздарды баш кош-туруп, өз алдынча кыргыз мамлекетин тү-зүүгө далалаттанган. 1862-ж. хан сарайындагы кезектеги кутумда курман болгон.
АЛЫМКУЛ АТАЛЫК, М о л д о Алымкул (1829–1865) – түштүк кыргыздардын феодал төбөлдөрүнүн ж-а саясий ишмерлеринин бири. Ичкилик тобундагы кыргыз-кыпчак уруусунан. Бала чагында Бужум-Баткендеги мусулман мектебинен билим алып, кийин Анжиян, Кокондогу медреседен окуган. Ал жездеси Тагайкул датканын жардамы м-н аскер ишин өздөштүргөн. Кезегинде ал Алымбек даткага кошулуп, Кудаяр хандын ордуна Мала ханды көтөрткөн. 1862-ж. Мала хан өлтүрү-лүп, тактыга Шаамурат олтурат, ал эми А.а. хандыктын башкы вазири болуп дайындалат. 1863-ж. жазында А.а. төңкөрүш уюш-туруп, тактыга Мала хандын уулу Султан Саидди отургузат да иш жүзүндө хандыкты өзү башкарган (1863–65). 1865-ж. Ташкендин жанында орус падышалыгына каршы согушта жаракат алып, каза тапкан.
АЛЫМКУЛ Үсөнбай уулу (1896, Талас өрөөнү, Карарча айылы – 1963, Бишкек) – төкмө акын, кыргыз оозеки поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз ССР эл артисти (1939). А-дун акындык шыгынын ойгонушуна атасы м-н энесинин таасири тийген. 11–12 жашында эле ыр чыгарып, комуз чертип, эл арасына тааныла баштаган. 25–26 жашка келгенде бүтүндөй Талас өрөөнүнө таанымал болгон. Ошол курагында улуу ырчы Токтогул м-н жолугушуп, андан таалим алган. Ал 1931-ж. «Арал» колхозуна мүчөлүк-кө өтүп, ыры м-н да, иши м-н да колхоз курулушун чыңдоого активдүү катышкан. 1936-ж-дан Кыргызстан мамл. филармония- сында солист- импровизатор (төкмө ырчы) болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда А. элди жеңишке үндөп, советтик жоокерлердин эрдигин даңазалаган патриоттук ырларды чыгарган. А. кыргыз элинин эпикалык чыгармаларын эң жакшы билген. Андан «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бөкөй», «Кожожаш» дастандары жазылып алынып, жарыяланган. А. чебер комузчу ж-а уккулуктуу үнү бар мыкты аткаруучу да болгон. Өзгөчө ал өзүнүн устаты Токтогулдун обон-ырларын өтө мыкты аткарган. Токтогул ж-дө жазылган бир нече баалуу эскерме калтырган. А-дун «Ырлар» (1938), «Ырлар жана поэмалар» (1940), «Согушуп жаткан эрлерге» (1942), «Ырлар жыйнагы» (1947), «Комуз» (1949), «Улуу дос» (1950), «Тынчтык жана эмгек тууралуу ырлар» (1955), «Тоо булбулу» (1956), «Биринчи бригада» (1957), «Тандалган чыгармалар жыйнагы» (1960) ж. б. болуп отуздай китеби жарык көргөн. Бир нече ыр китеби орус тилине которулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1938–1963) болгон. Респ-да А-дун ысмына коюлган көчөлөр, 3 мектеп бар. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
АМАН Алымкул уулу (1909, Атаке болуштугу, Жарбаң айылы – 2003, Чүй р-ну, Маданият айылы) – кыргыз санжырачысы, сов., партиялык кызматкер, тарыхчы-педагог. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1930-жылдары Фрунзедеги педтехникумду, мугалимдер ин-тун, КМУну бүтүргөн. Токмок рабфагында, орто мектепте мугалим, колхоздо башкарманын төрагасы, комсомолдун Кыргызстан БКнын дыйкан жаштар бөлүмүнүн башчысы, Панфилов р-ндук аткомунун төрагасы, Чүй р-ндук гезитинин башкы редактору, 40 жылдан ашык Чүй р-нундагы Дүр орто мектебинде директор болуп иштеген. «Жарбаңдардын санжырасы», «Агартуу мурастарыбыз», «Манап бий таржымалы» деген китептердин, санжыра б-нча 50дөн ашуун макалалардын автору. Орден, медалдар м-н сыйланган.
АМАНАТ – 1. зарыл учурда (алыс сапарга, соодага, жоокерчиликке, абакка, мал оторлотууга, ж.б. кеткенде) байлыгын, буюмун, куралын, малын, үй-жайын, а түгүл үй-бүлөсүн ишенчиликтүү бирөөгө убактысынча таштап кетүү. А. калтырылган кишинин зоболосу гана көтөрүлгөн. Кокустук болсо ага калтырылган буюмдар толугу м-н өткөн. Кокустук болбосо А. достошуунун, сөөктөшүүнүн башаты болгон. 2. кыргыздардын өкүлү же элчиси катары башка элдердин арасында убактылуу жашаган киши. А. 19-к-дын аягында жоюлган. АММОСОВ Максим Кирович (1897–1938) – партиялык ж-а мамл. ишмер. Кыргызстан КП(б) БКнын 1- катчысы (1937). 1916-жылдан революциячыл ишке аралашкан. Яку-тияда ревкомдун төрагасы, 1922-жылдан РКП(б)нын Якут облустук бюросунун катчысы, 1923-жылдан Москвада Якут өкүлчү-лүгүнүн төрагасы, 1925– 28-ж. Якут АССР Эл Комиссарлар Советинин ж-а борб. аткомдун төрагасы, 1928–30-ж. партиянын Батыш Казакстан обкомунун катчысы, 1934–36-ж. партиянын Караганда, Казакстан, Кыргыз обкомунун 1-катчысы болуп иштеген. Репрессия мезгилинде өлүмгө дуушар болгон.
АНГЛИЯНЫН ОРТО АЗИЯГА ИНТЕРВЕНЦИЯСЫ (1918–1920) – Советтик Россиянын курамынан Түркстан аймагын бөлүп, Англияга колониялык мамл-ти түзүү үчүн куралдуу күрөш. Англичандар мындай мүдөөнү 17-к-дан башташкан. Россияда жаңы бийликтин келиши м-н өз мүдөөсүн конкреттүү түрдө ишке ашырууга киришкен. Түркстан АССРнин 1918-ж. 30-апрелде түзүлгөн куралдуу күчтөрүнүн аракеттери англиялык империалисттерге ж-а алардын жардамчыларына 4 фронтто: Жетисууда – ак гвардиячыл казак- орустарга ж-а «алаш ордочуларга», Оренбургда – Дутов м-н Толс-товдун ак казак-орустардан турган бандаларына, Ферганада – «Кокон автономиясына», Закаспийде – Англия интервенттерине, орус ак гвардиячыларынын ж-а контрреволю- циячыл түркмөн улутчулдарынын кошмо күчүнө каршы жүргүзүлгөн. Интервенттердин күчтөрү четинен жеңилип турган. М. В. Фрунзенин командачылыгы м-н Түркстан фронтунун түзүлүшү (1919-ж., август) абалды жакшырткан. 1920-ж. 6-апрелде Красноводск бошотулуп, 2-февралда Кызыл Ар-миянын жардамы м-н Хивада хандын бийлигин кулатышып, 26-апрелде Хорезм Сов. Эл Респ. жарыяланды, апрелде Жетисуу фронтунда актардын аскерлери талкаланды. Бухара эмиратында революция жеңип, 1920-ж. 8-октябрда Бухара Сов. Эл Респ. жарыяланган.

#5 23 July 2014 - 21:30
АНДРОН ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ БИРИКМЕСИ, а н д р о н м а д а н и я т ы – коло доорундагы археол. маданият. Маданият Ачинскиге жакын жердеги Андронов кыштагынын аты м-н аталган. Уралдан Енисейге, Иртыштын ортоңку агымынан Чыгыш Түркстанга чейинки аймакта таркаган тектеш маданият эстеликтери үчүн колдонулган шарттуу аталыш. Анын тургундары негизинен суу жээктериндеги турак-жайларда жашашкан. Кыргызстанда А. т-м. б-не тиешелүү эстеликтер,
турак-жай орундары аз изилденген.
Кетментөбө,
Карабалта, Кайыңдыда табылган археол. маалыматтарга таянып, алардын тамак-ашынын мүнөзүн аныктоого болот. Палеозоологдордун эсеби б-ча Казакстанда изилденген эстеликтерде тамак-аштын 60–70%ин уй эти, 10 %ин кой эти, 20–30%ин жылкы эти түзгөн. Чопо идиш калдыктарына карап сүт азыктарынын молдугу болжонот.
АНЖИЯН КӨТӨРҮЛҮШҮ – Фергана өрөөнүндө кыргыз, өзбек калкынын Россия падышачылыгынын Орто Азиядагы отор саясатына ж-а феодалдык эзүүсүнө каршы багытталган улуттук-боштондук кыймылы (1898). Көтөрүлүштүн чыгышына орус падышалыгынын орусташтыруу саясатынын күчөшү, өкмөт салыгынын оордугу, кыргыз-өзбек дыйкандарынан кунардуу жерлерин тартып алышы ж.б. себеп болгон. Көпчүлүк эл булардын баарына каршылык көрсөтө баштайт. Кыймылдын демилгечилери негизинен Көгарт өрөөнүндөгү Чыйбыл болуш баштаган кыргыздар болгон. Алар 1895-ж. алгачкы жыйын уюштуруп, көтөрүлүшкө жетекчилик кылууну кырк беш жаштагы Мухаммед-Али Халиф Мухаммед-Сабыр Суфиев Мадали («Ийикчи») эшенге сунуш кылышат. Ал Фергана өрөөнүнө кеңири таанылган, 1887-ж. Мекеге барып ажы болуп келген эшен эле. Мадали эшен бир нече жолу өткөрүлгөн жыйындан кийин (1897) макулдугун берет да, көтөрүлүшкө даярдыктар башталган. 1898-ж. 17-май күнү кечинде Миңдөбөгө (Араван р-ну м-н Өзбекстандын чегиндеги кыштак) кыргыз, өзбек ж-а кыпчактан 2000 чамалуу адам чогулуп, алар Мадали ж-а дөөлөс уруусунан чыккан молдо кыргыз Зиябидин Максымдын жетекчилиги м-н 2 ротадан турган Анжиян гарнизонуна кол салат. Падыша аскерлери бир аз гана жоготууга учурап (22 киши өлүп, 24 киши жарадар болгон), көтөрүлүш ырайымсыздык м-н басылган. Көтөрүлүштүн жетекчилери Зиябидин Максым Анжиянга кол салуу учурунда каза болгон, Мадали эшен 19-майда колго түшкөн. Көтөрүлүшчүлөрдөн 417 киши (соттолгондордун улуттук курамы: кыргыздар – 257, өзбектер – 112, түрктөр – 20, уйгурлар – 17, кыпчактар – 3, тажиктер – 5, каракалпак – 1) соттолуп, Сибирге айдалган, Мадали баш болгон 22 киши дарга асылган. Оморбек датка, Чыйбыл болуш алгач өлүм жазасына өкүм кылынып, кийин бул жаза сүргүнгө айдоо м-н алмаштырылган. Миңдөбө болуштугуна караштуу Кашкар, Кутчу кыштактарынын калкы башка жактарга айдалып жиберилген. Көтөрү- лүштүн борбору болгон Миңдөбө кыштагы о. эле Тажик, Дөңкыштак айылдары жер м-н жексен кылынып, ал жерге орус дыйкандарын көчүрүп келип отурукташтырып, Мархамат аттуу орус кыштагы пайда болгон. Мадали дарга асылгандан кийин да көтөрүлүш токтобостон, Фергана өрөөнүнө жайылган. Көтөрүлүшкө Ош, Анжиян, Маргалаң, Наманган уезддеринин калкы жигердүү катышкан. Суусамыр болушундагы Кетментөбө өрөөнүндө да А. к-нө кошулууну көздөшүп, эл чогула баштаган. Алардын башында Шадыбек Шергазы уулу турган. Буларга каршы жүздөн ашуун куралдуу аскерлерден турган кошуун жиберилип, алар Шадыбек баштаган 50дөн ашуун адамды Наманганга айдап келишкен. Шадыбек Шергазы уулу өмүр бою сүргүнгө айдалган. Булардан тышкары 54 адам жети жылга айдалган. Алардын ичинде душмандарынын жалаасы м-н кармалган Т. Сатылганов да болгон. А. к-нүн ырайымсыз басылышы Кыргызстандын түштүгүндө ж-а Орто Азия-дагы улуттук-боштондук күрөшүнүн күчө-шүнө түрткү берген.
АНЖИЯН УЕЗДИ – 1876–1924-ж. Түркстан генерал-губернаторлугуна караштуу Фергана облусундагы акимдик-аймактык бирдик.
АНТ – сөзгө, ишке, кыймыл-аракетке бекем туруу убадасы. А. жоопкерчиликте, достошууда, жашырын иштерде колдонулат. А-ты бузуу жүзү каралык, наадандык катары каралган. Эл ичинде «Ант урсун» деген каргыш өкүм сүргөн. А-ташууда кылычтын мизин өөп: «эгерде А-ты бузсам, көк кирип, кызыл чыксын» деп убадалашкан. Эгерде А-ты аткарууга көзү жетпесе андай адам А. берүүдөн качкан.
АНТРОПОЛОГИЯ (гр. anthropos – адам, logos – окуу, илим)– адамдын келип чыгышы ж-а өнүгүп өсүшү, расалардын пайда болушу, адамдын дене түзүлүшү ж-дөгү илим. Колдонгон ыкмалары жагынан биологиялык илимдердин тармагына кирет. Бирок, адамдын социалдык өзгөчөлүгү антропологдорду тарыхый изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына кайрылып, тарыхый маселелерди чечүүгө жардам кылат. А-нын тарых м-н байланышкан тармагын тарыхый А. деп аташат. Тарыхый А. айрым аймактардагы адамзаттын байыркы мезгилден азыркы учурга чейинки өнүгүү тарыхын, ба-йыркы миграциялар, расалык типтердин калыптанышын изилдейт. Адамдын баш сөөк-төрү (краниологиялык материал) аркылуу байыркы мезгилдеги калктардын миграциясы аныкталса, ошол маалымат тарыхый жазма булактар аркылуу такталышы мүмкүн. Мис., байыркы түрк доорундагы краниологиялык материалдар аркылуу Теңиртоодо жашаган калктардын Алтай, Түштүк Сибирь м-н генетикалык байланышта экендиги аныкталган. Мындан тышкары, А-нын маданий А., этностук А., пед. А., популяциялык А., мед. А., экологиялык А., палеоантропология, физиологиялык А. деген тармактары да бар.
АҢЧЫЛЫК – кыргыздардын салттуу чарбачылыгынын бир багыты. А. жапайы жаныбарлардын этин, терисин, баалуу мүйүзүн ж.б. алуу максатында уюштурулган. Атайы кесипчиликтин түрү болуп, мал чарбачылыкка, дыйканчылыкка кошумча мүнөзгө ээ болгон. Кыргыздарда А-тын капкан, тузак салуу, мүлүшкөрлүк, мергенчилик, тайган агытуу, бүркүт салуу деген түрлөрү болгон. А. объектилерине жапайы эчки, теке (жалпы жонунан кийиктер) илбээсин, түлкү, карышкыр, майда жандыктар, канаттуулар (улар, тоодак, кекилик, кыргоол ж.б.) кирген. Жаныбардын түрүнө карата А-тын тосуу, өңүү, айдоо, из куу, сонорлоо сыяктуу ыкмалары болгон. Кыргыздарда А-ты жүргүзүүнүн 2 түрү болгон: топ м-н жүргүзүү ж-а жалгыз чыгуу. Топ м-н А-ты кийиктерге, жырткыч айбанаттарга жүргүзүшкөн. А-ка тиешелүү куралдар болгон. Ыңгайына жараша жаа, мылтык, тутма кылтак, капкан, тор, тузак ж.б. колдонушкан. Мылтыктар сайсыз болуп, милте м-н атылган. Бүркүт, куштар м-н А. кылуу кеңири тараган.
АРАБАЕВ Ишенаалы, туурасы Эшенаалы (1882, Кочкор болуштугу, Күнбатыш айылы – 1933, Ташкен) – туңгуч кыргыз илимпоз-агартуучусу. 1900-ж. орус-жергиликтүү мектебин бүткөн. 1900–10-ж. кыргыз айылдарында мугалим (молдо) болуп иштеген. 1910–13-ж. Оренбург ш-ндагы «Медресе Кусейиниядан» бир жыл окуп, анан Уфадагы жогорку диний мектеп– «Медресе Галиядан» окуп билим алган. 1911-ж. Молдо Кылыч Шамыркановдун «Кысса зилзаласына» – кыргыз тилиндеги эң биринчи китепке өзү алгы сөз жазып, Казан ш-нан чыгарган. Кыргыз, казак балдарына арнап «Алиппе жаки төтө окуу» аттуу тунгуч окуу китебин К. Сарсекеев экөө жазып, Уфадагы «Шарк» басмасынан бастырган (1911). 1912-ж. «Жазуу өрнектери» (таза жазуунун үлгүлөрү) аттуу китепти Оренбургдан чыгарган. Бул 35 беттен туруп, мында жазуу эрежелери, каллиграфия, тамгаларды кооз жазуу үлгүлөрү берилген. Ошол эле жылы «Оренбургдан Ташкенге келе эскерүү» аттуу жол очерки «Айкан» журналынын 1-санына басылган. Уфадан келгенден кийин Ысыккөл, Нарын аймактарында бала окутуп, мектептерди ачкан. Ал Боогачынын «Секетбайын» ж-а фольклордук материалдарды жыйнаган. 1916-жылкы көтөрүлүштө Кытайга качкан, 1917-ж. кайтып келип Совет бийлигин орнотууга ж-а чыңдоого жигердүү катышкан. 1918–22-ж. Жетиөгүз ревкомунун мүчөсү, облустун «Кошчу» союзунун төрагасына орун басар, Россия Советтеринин 9-съездине делегат болгон. Жетиөгүздө 1-мугалимдер курсун уюштурган, Алматыда жооптуу кызматта иштеген. 1922–24-ж. Түркстан Эл комиссарлар Советинде (Ташкен) иштеп, анын ил. комиссиясын жетектеген. А. жетектеген ил. комиссия кыргыз тилинин алфавитин түзгөн, башталгыч класстардын окуучулары үчүн алиппени, окуу ж-а усулдук куралдарды, мугалимдер үчүн усулдук сунуштарды даярдашкан, кыргыз терминологиясынын маселелерин изилдешкен ж. б. 1922-ж. Сагымбай Орозбак уулунан «Манас» эпосун жазууну уюштурган. 1924-ж. июнда Оренбургда өткөн казак- кыргыз илимпоздорунун 1-съездине катышып, доклад жасаган. 1924-ж. Кыргыз АОсу түзүлгөндө ал облустук ревкомдун мүчөсү, илим комиссиясынын төрагасы, «Эркин-Тоо» гезитинин редколлегия мүчөсү болгон. 1924- ж. араб графикасынын негизинде тунгуч кыргыз алфавитин түзүп, «Кыргыз алиппесин» жазган. Грамматика ж- а табият таануу б-ча 1-кыргызча окуу китебин түзгөн. 1925-ж. Тыныбектин айтуусунда «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү» деген эпизодду жазып алган ж-а аны китепче кылып Москва басмасынан чыгарган. О. эле кыргыздын тунгуч гезити «Эркин-Тоону» уюштурууга катышкан ж-а 1-санына «Эркин-Тоо» деген макала жазган. 1925-ж. «Сабатсыз чоңдор үчүн алып-бээни» түзгөн. Окуу китептерин, колдонмолорду жазган ж-а көп китептерди которгон. А. бүт респ-ны кыдырып, жаштарды окууга, билим алууга чакырган. 1926-ж. Бакуда өткөн 1-түркологиялык съездге катышкан. А. 1933-ж. 11-майда жалаа м-н улутчул деп камакка алынып, ошол эле жылы 7-июнда Ташкендин түрмөсүндө каза болгон. 1958-ж. толугу м-н акталган.
АРАБ МАДАНИЯТЫ – 7–10-к-да Араб халифатындагы арабдардын ж-а алар жеңип алган Чыгыш м-н Батыштын, Түндүк Африка м-н Түштүк-Батыш Европанын элдеринин маданий карым-катнаштарынын негизинде түзүлгөн маданият. Ил. адабиятта шарттуу түрдө мусулман же А. м., ал эми акыркы жылдары аны Чыгыш Ренессансы деп да аташат. Анын өнүгүүсүнө айрыкча Орто Азия, Иран, Закавказье элдери да чоң салым кошкон. А.м-нын өнүгүшү эки чоң багытта: табият таануу илимдери, коомдук гуманитардык илимдерди камтуу м-н өнүккөн. Анын мүнөздүү белгиси – бул маданиятка салым кошкон аалымдар көп тармакты өздөштүргөн энциклопедиялык мааниге ээ болгон окумуштуулар. Көп учурда алар философия, тарых, мед., математика, физика, биология тармактарын өздөштүрүү м-н акын-жазуучу, адабиятчы ж-а тилчи да болушкан. Ошол доордогу улуу даанышмандар – Жами, Ибн Сина, Фараби, Беруни, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари (Барскани) ж.б. маданиятты байытып, алдыга жылдырууда чоң салым кошкон. Араб тили илим-билимдин тили катары эсептелип, араб сөздөрү илим аркылуу дүйнө жүзүнө жайылган, башка элдердин лексикологиясына сиңип калуу м-н азыркы күнгө чейин сакталып келүүдө. Мис., алкоголь, алгебра, азимут, тариф, адмирал ж.б. Европа элдеринин тилинде, ал эми адабият, маданият, китеп, мектеп, калем, дептер ж.б. араб сөздөрү түркий тилде сүйлөгөн элдерде сакталып калган. Араб жазуусун көп элдер өздөштүрүп, айрымдары ушул күнгө чейин колдонууда. Кыргыздарга бул жазуу орто кылымдардагы Караханийлер кагандыгынын доорунда (960-ж. тартып) белгилүү. Жусуп Баласагын «Куттуу билим» (1069) аттуу эмгегин араб тамгасы м-н жазган. Кыргыздар бул жазууну Совет доорунда да колдонушкан. Араб тилиндеги же араб тамгасын пайдаланып жазылган тарыхый булактар Орто Азия элдеринин өткөн доордогу жашаган жерлери, тиричилиги, турмушу, салты, үрп-адатынан кабар берет.
Т а б и я т и л и м и. Табият илимдерин өнүктүрүүдө аалымдар байыркы грек окумуштууларынын (мис., Птоломей, Архимед, Евклид ж.б.) эмгектерин араб тилине которуп, аларды өздөштүрүшкөн. А.м-нын Европага өтүшү техникалык жаңылыктарды (саат, компас, парустары кыйгач кайык, алгебра, алгоритм теориясы ж.б.) берди. Кол өнөрчүлүк ж-а соода м-н байланышкан математика, астрономия, геогр. илимдери өнүгөт. Орто Азиялык окумуштуу Абу Райхан Бируни биринчилерден болуп жердин шар түрүндө экендигин, жер күндүн айланасында ж-а өз огунда тегеренип тургандыгын далилдеген. Абу Али ибн Сина көп ооруларды биринчи жолу сыпаттап жазып, аларды эмне м-н кандайча дарылоо жолдорун, ыкмаларын көрсөткөн.
К о о м д у к и л и м д е р. Философияны өнүктүрүүдө, айрыкча грек окумуштуусу Аристотелдин (Чыгышта аны Аристу дешкен) философиялык ой жүгүртүүлөрү, тыянактары ж-а божомолдоолору кенен жайылган, окуп үйрө-нүлгөн. Аристотелдин ил. мурасын калк арасына жайылтууда Абу Наср Фараби чоң роль ойногон. Ал биринчи болуп Аристотелдин философиялык эмгектерине түшүндүрмө (комментарий) жазган. Тарых илимин өнүктүрүүдө да чоң ийгиликтер болгон. Көрүнүктүү тарыхчы аз-Зухра, араб халифатынын тарыхын жазган Мукаддаси, Дулаф, Истахри, Абу Райхан Беруни өз эмгектеринде Карахан дөөлөтү, кыргыз аймагы, кыргыздар ж-дө да баалуу маалыматтарды калтырган. Арабдардын оозеки көркөм чыгармачылыгында башка элдердин таасири анчалык эмес. Арабдар жарым көчмөн дыйканчылык м-н жашагандыктан, оор турмушту чагылдырган эмгек, бешик, көч ж.б. мазмундагы элдик поэзия өнүккөн. Сирия ж-а Ирак араб поэзиясынын борбору болуп калган. Бул аймактан ал-Ахраль, ал-Жарир, ал-Фараздак сыяктуу көрүнүктүү акындар чыккан. Ойчул Башшар ибн Бурд (783-ж. өлгөн) фольклордук чыгармаларды чогулткан, аларды сирия, пехлева, грек тилдерине которуп, араб поэзиясын өркүндөткөн. Араб прозасынын үлгүсү катары «Миң бир түн» чыгармасы дүйнө элдерине кеңири белгилүү. Рухий турмуш, ой толгоо, айрым диний тыянактар ж-дө «Куран» китеби маалымат берет.
Архитектура жана сүрөт өнөрү.Архитектураишиөркүндөтүлүп, шаарлар,жаңыүлгүдөгү үйлөр, мечиттер, медреселер, мектептер, мунаралар салынып, ири шаарлар Рабат, Марракеш, Фуста, Гранададагы Аль-Гамбра двореци курулган. Сүрөт искусствосу 10–12-к-да айрыкча Египетте өркүндөгөн. Көрүнүктүү орунду арабеска, китеп миниатюрасы ээлейт. Ал эми араб музыкасы арабдардын өзүнүн ж-а алар басып алган өлкөлөрдүн таасири м-н калыптанган. Вокалдык-аспаптык жанр айрыкча кеңири тараган, мында башкы роль ырчыга таандык болгон.
АРАБ ЦИФРАЛАРЫ – санак жүргүзүү үчүн берилген система; 0,1,2,3,4,5.6,7,8,9 түрүндө жазылуучу математикалык белгилер. Бул белгилердин жардамы м-н эң кичине ж-а чоң сандарды жазуу мүмкүн. Цифралар алгач 5-к-да Индияда пайда болгон. Арабдар тарабынан өздөштүрүлүп, кийин Европа өлкөлөрүнө тараган. Кыргызстандын аймагында 10-к-да эле белгилүү болгон.
АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТ-ТӨР – б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы – б. з. 1-миң жылдыктын башына таандык археол. эстелик. Араван суусунун оң өйүзүндөгү бийик эмес асканын түндүк-батыш бооруна аркардын, тоо эчкилердин, адамдардын ж-а жылкылардын сүрөттөрү тартылган. Алардын арасында тартылган 4 жылкынын турпаты дабан аргымактарына окшоштурулат. Чоподон жасалган байыркы идиштердин сыныктары ж-а күмбөздүн урандылары табылган.
АРБАК – адам өлгөндө анын жаны денесинен бөлүнүп, тигил дүйнөдө жашоосун улантат деген анимисттик идеянын исламда өзгөртүлүп алынышы. Кыргыздар өлгөн ата-бабаларынын А-тарынан колдоо ж-а жардам алууга умтулушуп, алардын А-тары артында калган укум-тукумдарынын бейкут жашоосуна жардам бере алат деп ишенишкен. А-тардын көңүлүн алууга, аларды таарынтпоого аракеттенишкен. А-ка арнап адам өлгөндө кара ашын, үчүлүгүн, жетилигин, кыркын, ашын өткөрүшкөн, убагында жыт чыгарып, куран окушкан. Кээде өлгөн киши м-н кошо курал-жарактарын, күндө колдонуп жүрүүчү буюмдарын коюшкан, бейит башына барганда тамак-аш калтырышкан. Кыргыздарда А-ка сыйынуу ислам динине чейин орун алып, уруулук- патриархалдык мамилелер күч алып турганда айрыкча таасирдүү болгон.
АРГУ – 11–12-к. Караханийлер мамл-не караган азыркы Кыргызстан, ага чектеш Казакстан аймактарындагы дубан. Махмуд Кашгаринин «Сөздүгүндө» өз алдынча тили (диалекти) бар элдин аты катары чагылдырылат. 11-к-дын орто ченинде Жетисуу аймагынан Мавераннахрга А-лар м-н бирге карлук, халадж, тухси ж.б. уруулар көчүшкөн. Махмуд Кашгари бул топонимди: 1. эки тоо ортолугу; 2. Баласагын ж-а Тараз, Баласагын ж-а Исфиджиабдын ортолугундагы жайгашкан шаарлардын жалпы аталышы экендигин ж-а бул аймакты кийинки мезгилдерде (11-к-га чейин) түрк тилдүү уруулар мекендей баштаганын белгилеген. Жемал Карши (13-к.) А. өлкөсүнө бүткүл Жетисуу аймагы кирерин жазат. 1253-ж. Или өрөөнү аркылуу өткөн Гильом Рубрук бул аймактын «Органум» деп аталарын эскерген. Аталган аймак ж-дө Рашид ад-Дин (14-к) «Жами ат- таварихте» эскерип өтөт. А-лардын чыгыш тегинин башаты Саян-Алтай аймагы м-н да байланышы бар экендигин азыркы Тожу-Тувадагы (Тува Респ.) Оргу топониминин сакталып калышы тастыктайт. О.эле Оргу Аргу этнотопоним катары Чыгыш Түркстанда да сакталып калган.
АРДЫЛАНКЕТ – 10–12к-га таандык шаар. Фергананын чыгыш тарабында жайгашкан. 10-к-дагы араб географтарынын эмгектеринде эскерилет. Чаткал өрөөнүндөгү Күлбөсхан шаар чалдыбары А. ш-нын урандысы деп божомолдонот.
АРИСТОВ Николай Александрович (1847– өлгөн жылы белгисиз) – орус чыгыш таануу-чусу ж-а этнографы. Казан ун-тин бүтүп, 1864-жылдан Тобольск губерниясында админ. кызматтарда иштеген. 1868-ж. Жетисуу облусунун башкармалыгынын иш алып баруучулугуна дайындалгандан тартып, А-дун ишмердиги Түркстан генерал-губернаторлугу м-н тыгыз байланышта болгон. 1869–82-ж. Түркстан генерал-губернаторлугунда ж-а анын курамында кайрадан түзүлгөн Жетисуу облусунда аскердик ар кандай кызматтарда, 1882–88-ж. Степное генерал-губернаторлугунда иштеген, Түркстан чөлкөмү б-ча топтогон бай материалы А-го ошол аймак б-ча изилдөө иштерин жүргүзүүгө түрткү берген. Орус синологу Н.Я.Бичуриндин, немис классикалык тарыхый- геогр-нын өкүлү К.Риттердин ж-а орус изилдөөчүлөрү П.П. Семеновдун, В.В.Григорьевдин эмгектерине да таасирленген. 1893-ж. «Усундар ж-а кыргыздар же кара кыргыздар. Батыш Тяньшандын калкынын тарыхынын ж-а турмушунун ж-а анын тарыхый географиясынын очерктери» («Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Очерки история и быта населения Западного Тянь-Шаня и его исторической географии») деген эмгегин жарыкка чыгарат. Бул эмгектин биринчи бөлүгүндө б. з. 5-к-на чейинки усундардын тарыхы, алардын Дабан ж-а Каңгүй мамл-тери м-н болгон байланыштары, Теңиртоо аймагындагы аларга таандык эстеликтер ж.б. тууралуу тарыхый кабарлар, енисей кыргыздарынын келип чыгышы ж-а тарыхы ж-дө маалыматтар берилген. Бул эмгектин «Батыш Тяншань, кыргыздар ж-а каракыргыздар» деген бөлүгүндө 6–8-к-дагы кыргыздар тууралуу тарыхый кабарлар, Батыш Теңиртоодогу карлуктардын, кара-кидандардын учурундагы тарыхы, чагатай, калмак, кытай ж-а Кокон үстөмдүктөрүнүн учурундагы абалы, орус бийлигинин карамагына өткөн доорго чейинки узак тарыхый мезгили баяндалган. А. 1894–96-ж. «Живая старина» журналына жарыяланган «Опыт выяснения этнического состава киргиз-казаков Большой орды и каракиргизов на основании родословных сказаний...» деген көлөмдүү макаласында кыргыздардын уруулук түзүлүшү ж-дө этногр. маалыматтар ж-а легендалар келтирип, алардын негизинде кыргыздардын этностук түзүлүшүн көргөзгөн ж-а келип чыгышын далилдөөгө аракет кылган. Императордук Орус геогр. коомунун анык мүчөсүнө шайланган ж- а Кичи алтын медалы м-н сыйланган.
АРИСТОКРАТИЯ (грек. аristos – эң жакшы, kratos – бийлик) – 1. коомдогу таптардын ж-а социалдык топтордун өзгөчө укук берилген чөйрөсү, катмары; 2. уруу ак-сөөктөрү.
АРКАН – материалдык маданиятта бай-лоочу, таңуучу, тутуучу ж.б. милдеттерди аткаруучу буюм. А. бир нече жипти бириктире чыйратып же өрүп жасалган жоон жип. Кыл А. (жүнгө жылкынын жал-куйругунан, топоздун кылынан кошуп эшилет); жүн А. (койдун, эчкинин жүнүнөн эшилген жоон жип). Кыл А. бодо малды тейлөөдө (жылкыны сыйыртмак же укурук м-н кармаганда, жыкканда) көбүрөөк колдонулат. А. күндөлүк тиричиликте малды отко коюу (аркандоо), козу-улактарды көгөндөө, кулундарды желеге байлоо, үй буюмдарын таңуу, боз үйдүн айрым бөлүктөрүн бириктирүүдө ж.б. кеңири колдонулат. Аркан тартмай, алты бакан ж. б. оюн-зооктордо А-ды колдонушкан.
АРКАН ТАРТЫШ – эки тараптан бирдей санда чыккан балдар же жигиттер белгиленген сызыктын эки жагына чубай турушуп, баары бир арканды кармашып, бирдей мезгилде өз тарабын көздөй тартышкан мелдеш оюну. Калыс адам белги берери м-н А.т. башталат. Каршысындагы оюнчулардын алдыңкысын белгиленген чек сызыктан өткөрө тартса сүйрөп кеткен тарап утат. Мындай оюн күрөш, бука тартыш, оодарыш сыяктуу чоң жыйындарда, тойлордо, аштарда өткөрүл-гөн. Азыр деле өткөрүүлүдө. Кээ бирде арканды жекеме-жеке да тартышат.
АРПА КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 2-миң жылдыктын ортосуна таандык археол. эстелик. Атбашы р-нунун Арпа суусунун оң өйү-зүндөгү Жалгызүй деген жерден 1944-ж. 2 көрүстөн табылган. Көрүстөндүн диаметри 12–18 м., бийиктиги 0,40–0,60 м. 1-көрүс-төндүн көлөмү төрт чарчы, капталындагы жалпак таштары кырынан орнотулган. Ичинен чопо идиш табылган. 2-көрүстөндөн чоподон жасалган 3 идиш табылган. Экөөнүн бетинде оймосу болгон. Идиштерден тышкары, өрттөп көмүлгөн адамдын сөөк калдыктары табылган. 1945-ж. дагы төрт көрүстөн казылып, алардан өрттөлгөн адамдын сөөк калдыктары табылган. Көрүстөндүн биринин ич жагындагы коргончосунан күлдүн калдыктары, өрттөлгөн адамдын сөөгү, жылдызча түрүндөгү 36 шуру, 2 оюусу жок чопо идиш, 2 коло билерик ж-а шурулар табылган.
АРСЛАН ХАН – 13-к-дын баш чендериндеги карлуктардын Жетисуудагы мамл-нин башчысы, хан. Ал Кайалык (Каялык) ш-н ордо кылган. Карлуктардын кара кытайлардын Тур-ханына, найман элинин ханзаадасы Күчлүккө каршы күрөшкөн. 1210–1211-ж. Чынгыз ханга баш ийип берген.
АРСТАНБАП КҮМБӨЗҮ – 16–18-к-га таандык археол. эстелик. Жалалабат облусунун Базаркоргон р- нундагы Арстанбап кыштагынын аймагында, Арстанбап суусунун сол өйүзүндө. Күмбөздүн туурасы 5,7 м, уз. 9,9 м; кумпа чатырлуу. Күмбөздүн дубалына жалбырактардын, бутактардын сүрөт-төрү, оймо-чиймелер түшүрүлгөн. А. к. Орто Азия элдеринин соңку феодализм дооруна таандык курулуш үлгүлөрүнө кирет. АРСТАНБЕК Буйлаш уулу (1824, Ысыккөлдүн сырты, Эки Нарын жери – 1878, Ысыккөлдүн тескейи, Чычкан конушу; сөөгү Жуукудагы Ташкыя бейитине коюлган) – кыргыздын төкмө акыны ж-а ойчулу; комузчу, күүчү ж-а обончу. «Замана» агымынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Калк ага «булбул» деген атак берген. Бугу уруусунун тынымсейит уругунан. Атасы Буйлаш бийдин кичи токолунан төрөлүп, баркталбай кой, козу кайтарып өсөт. А. ырчы катары 16 жашында таанылган. Кокон ханы кыйкымдап Буйлаш, башка дагы тынымсейит билермандарын ордого айдатып кеткенден кийин, А. алардын артынан барып, ырдап, өз өнөрү м-н даткалардын, ордо бийлөөчүлөрүнүн купулуна толуп, атасы баштаган манаптарды куткарып келет. Ал Фергана тарапта бир жылча жүрүп, Наманган, Анжиянды аралап, көптөгөн ырчы, комузчулар м-н беттешип, өз жерине чоң ырчы атыгып кайтат. Кокон бийлигинин зордук-зомбулугунан калктын каржалганын баяндоодо ал өзүн чоң сүрөткер катары көрсөткөн (тилекке каршы, ал ырларынан айрым үзүндүлөр гана бизге жетти). Бугу м-н сарыбагыштардын чатагы мезгилинде да көп ыр чыгарган. Айрыкча, Ормон хан өлтүрүлгөндөн кийин анын уруулаштары тарабынан бугулар катуу кысмакка алынып, калк чабылып туш-тушка качканда бугулардын турмуш акыбалын сүрөттөп, эки урууну ынтымакташууга чакырып ырдаган ырларынан айрым үзүндүлөр белгилүү. А-тин чыгармачылыгында орчундуу теманы замана ырлары, эң бараандуу «Тар заманы» түзөт. «Тар заман» акындын турмуштук, коомдук-социалдык көз карашынын жыйындысы. «Тар замандын» окуясы шарттуу түрдө эки бөлүктөн турат: 1. орустар басып келе жатат деген кабардан улам ырдалган ырлар; 2. орус колонизаторлору кыргыз жергесине орношуп, бийлигин бекемдеген мезгилде акын күбө болгон окуялардын чагылдырылышы. А. ал заманды «азуулууга бар заман, бечарага тар заман» катары мүнөздөгөн. Ал орустардын чарбалык ишиндеги, аскер кызматындагы жакшы жактарын да туура байкаган. Бирок, кантсе да, А. айрым маселелер б-ча патриархалдык- феодалдык нарк-нусканын чегинде бек туруп, аны коргоого алган. Орустардын келиши м-н кыргыз коомчулугунун башкаруу иштерине, турмуш-тиричилигине, элдин каада-салтына, кулк- мүнөзүнө кирип жаткан өзгөрүүлөргө ой жүгүртүп, ал жылыштарды көбүнесе ата-бабанын нускасынын бузулушу катары кабыл алган. Ал кошок, арман, санат, терме, керээз, ар кыл багыттагы ырларды, поэмаларды жараткан. Элдин айтымында өзүнүн 200дөй күүсү болгон. Айтыш өнөрүнүн ири устаты. Анын «Арстанбектин арман күүсү», «Кербез», «Кет Букасы», «Ат чубатар ботою» залкар күүлөрдүн катарында турат. Кыргыз маданиятынын тарыхында А-тин мурасы чоң из калтырган. Анын улуулугу – өз доорунун курч проблемаларын козгоп, элдин турмуш-жагдайы, келечектеги тагдыры, коомдун социалдык ал-абалы ж-дө терең ой жүгүртүү- сүндө. А. эскичил ырчы катары сындалып, иликтөө, изилдөө алкагынан четтетилип, чыгар. жыйналбай, акын туура баасын албай келди. А-тин мурасына кайрылуу 90-жылдары гана колго алына баштады.
АРХЕОЛОГИЯ (грек archaios – байыркы, logos – илим же сөз) – адам баласынын ба-йыркы тарыхын зат түрүндөгү булактар б-ча таанып, изилдөөчү илим. Алгачкы археол. казуулар тууралуу маалыматтар орто кылымдарда белгилүү боло баштаса да, коомдук ж-а табигый ил-дер м-н салыштырып караганда археол. илим катары кийин гана калыптанган. А. тарых ил-нин бир тармагы. Кыргызстанда алгачкы археол. изилдөө иштери 19-к-дын 2-жарымынан жүргүзүлө баштаган.
АРХЕОЛОГИЯЛЫК БУЛАКТАР – алгачкы адамдардын турак-жайлары, шаар чалдыбарлары, эмгек куралдары, көрүстөндөр, аска-таштардагы сүрөттөр, жазуулар ж.б. А. б. байыркы элдердин, коомдордун социалдык-экон. , саясий тарыхы, этногенези, элдердин байланышы, руханий маданияты, каада-салты б-ча маалымат берет. Бул маалыматтарды бекемдөө, тактоо үчүн материалдык калдыктардын үстүндө иштөөнүн өзүнчө ыкмасы иштелип чыгат. Мис., типологиялык изилдөө, классификациялоо, доорун аныктоо, археол. маданияттарды бөлүү, салыштырма анализ жүргүзүү. Натыйжада калдыктардан археолог үчүн зарыл маалымат алынат. Ушундан кийин археол. табылга-буюм материалдык калдыкка айланат. Ошол «материалдык калдыкты» А. б. деп атоо орундуу. А. б. илимден тышкары күн көрүшү мүмкүн эмес. Ал эми археол. эстелик ил-ден тышкары деле күн көрө берет (изилдөөгө объект болгонго чейин).
АРХЕОЛОГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ бир канча баскычтан турат: археол.чалгындоо, эстеликти казуу, табылгаларды иреттөө, доорун аныктоо ж. б. Археол. казуу мезгилинде буюмдарды аныктоодо, диний ырым- жырымдарды археол.табылгалардын негизинде иликтөөдө, эстеликтин этностук тиешелүүлүгүн тактоодо тарыхый, этногр., лингвистикалык, фольклордук маалыматтар м-н салыштыруу археол. изилдөөнүн зарыл баскычы. Буюмдун кайсы доорго тиешелүү экендигин тактоодо табигый ил-дин жетишкендиктерин колдонуп, калий-аргондук, радиоуглероддук, дендохронологиялык аныктоо анализи жүргүзүлөт; ар кайсы жерден алынган металл буюмдар тобун спектрдик анализден өткөрүп, металлдагы кошулмалардын составын, кайсы жердеги кенден жасалгандыгын билүүгө болот. Адамдын баш сөөгүнүн өзгөчөлүгүнүн негизинде антропологдор жынысын, жашын, расасын так аныктай алышат, айрым учурда кайсы тараптан ооп келген этномаданий топ экендигин аңдоого да болот. Тарыхты окуп-үйрөнүүдө археол.изилдөөлөрдүн мааниси зор. Адамзат коомунун алгачкы баскычынан тартып орто кылымдарга, жаңы мезгилге чейинки өнүгүү баскычтары, материалдык ж-а руханий маданияттын өнүгүшү, байыркы ж-а орто кылымдардагы этностор, кыргыз элинин этностук тарыхынын проблемалары ж-а алардын коңшу аймактардагы элдер м-н болгон көп кырдуу байланыштары өңдүү маселелерди чечмелөөдө А. и-нүн зарылчылыгы айкын.
АРХЕОЛОГИЯЛЫК МЕЗГИЛДЕРГЕ БӨЛҮШТҮРҮҮ. Археол. илиминде колдонгон эмгек куралдарына жараша тарыхый мезгил таш, коло, темир доору деп бөлүштүрүлөт. Таш доору үчкө бөлүнөт: палеолит – байыркы таш доору (б. з. ч. 2 млн. 600–10 миң жылдыктар), мезолит – ортоңку таш доору (б. з. ч. 10–7 миң жылдыктар), неолит – жаңы таш доору (б. з. ч. 6–4 миң жылдыктар). Байыркы таш доору – төмөнкү таш доору (2 млн. 600 миң ж-тар), жогорку таш доору (40–10 миң жылдыктар аралыгы) болуп экиге бөлүнөт. Төмөнкү таш доору олдувай, ашель, мустье доору болуп үчкө бөлүнөт. Таш доорунан кийин жез таш доору (энеолит) деген өткөөл мезгил бар. Ал б. з. ч. 4–3 миң жылдыктарды, коло доору б. з. ч. 3-миң ж-тан 1-миң ж-ка чейинки аралыкты камтыйт. Эрте темир доору 1-миң жылдыктан б. з. ортосуна чейинки учур. Кийинки А. м. б. тарыхта орто кылымдар доору деп уланып кетет. Археол-да айрым аймактар үчүн этностордун аты м-н аталган шарттуу мезгилдерге бөлүштүрүү да колдонулат. Мис., Орто Азия археол-нда сак доору (б. з. ч. 8–3-к.), Борб. Азия археол-нда байыркы түрк мезгили (б.з. 6–10-к-ры), Түштүк Сибирь археол-нда кыргыз мезгили (840-ж.–10-к- дын ортосу), моңгол мезгили (13–14-к.) ж.б. Археол.маданияттын аты м-н колдонулган шарттуу аталуучу мезгилдер да кездешет. Мис., андрон мезгили.

#6 24 July 2014 - 20:07
АРХЕОЛОГИЯ СҮЙҮҮЧҮЛӨРДҮН ТҮРКСТАН ИЙРИМИ 1895-ж. 11-декабрда чыгыш таануучу, академик В. В. Бар-тольддун ж-а Ташкендеги эркектер гимна-зиясынын директору Н. П. Остроумовдун демилгеси м-н Орто Азияда ачылган ил. коом. 1917-ж-га чейин Орто Азиянын археол-н, материалдык маданиятынын тарыхын окуп-үйрөнүү,
байыркы эстеликтерди сактоо б-ча иш жүргүзгөн. Ийрим жыйналыштарын Түркстан генерал-губернаторунун резиденциясында өткөргөн; жер-жерлерден алынган байыркы эстеликтер тууралуу маалыматтар,
тарых, археол-га байланыштуу ил.ачылыштар табылгалар тууралуу ой-пикирлер талкууланган,
чет элдик ил. коомдор м-н байланыш түзүшкөн. Басма беттерине макала жарыялашкан.
Ийримде улуу державалык шовинизм идеяларын тараткан барон Б. А. Вревский, Сибирь, Жетисуу, Фергана аймактарын славяндардын байыркы бабаларынын жери, сак-массагеттер славяндардын бир тамыры, чыгыш элдеринин тамыры арий-славяндарынан тараган деген пикирди айткан. В. М. Флоринский Түркстанга келүү м-н орус падышачылыгы славяндарды байыркы мекенине алып келүүдө деген идеяны тараткан. Ийримдин «Протоколы заседаний и сообщений членов Туркестанского кружка любителей археологии» аттуу журналы чыгып турган. 1919-ж. ийрим Россия геогр. коомунун Түркстан бөлүмүнө секция катарында кирген. Ийрим ачылгандан кийин, 1896-ж. Таластагы биринчи байыркы түрк руна жазуусу тууралуу Олуяата уездинин начальниги В. А. Каллаур кабар берген. 1903-ж. 15-январда ийрим Н. Г. Хлудовдун Саймалыташ ж-дө алгачкы билдирүүсүн угуп, И. Т. Пославский ошол эле жылы Фергана тоо кыркасынын Көгарт ашуусундагы Саймалыташ сүрөт галереясын изилдеген.
АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕР – адам баласынын турак-жайлары (алгачкы адамдардын турагы, алар жашаган үң-күрлөр, кийинки доорлордогу кыштакчалар, шаар чалдыбарлары), колдонгон буюмдары (эмгек ж- а согуш куралдары, кийим-кече калдыктары, ат жабдыктары, идиштер), өндүрүш ишмердигин чагылдырган жерлер (кол өнөрчүлүк, тоо-кен ишканалары), көр-көм өнөрүн чагылдырган эстеликтер (кооздук буюмдары, аска-таш бетине, териге, металлга түшүрүлгөн сүрөт-оюулары), өлгөн адамдын сөөгү коюлган жерлер, маркум- га тургузулган эстеликтер (көрүстөндөр, күмбөздөр, балбалдар, кенотафтар, менгирлер), диний ырым- жырымдар аткарылуучу жерлер (храм, мазар, мечит), эпиграфикалык эстеликтер (ташка, жыгачка, металлга ж. б. түшүрүлгөн жазуулар) нумизматикалык табылгалар (тыйындар), атайын жерге көмүлгөн кенчтер ж. б. Алар археол. маданий катмарда сакталат. Кыргызстанда аталган А. э-дин бардык түрү кездешет.
АРЫК-БУКА – 13-к-дын 60-ж. Чыңгыз хан династиясынын өкүлү. Тулуйдун баласы, Муңкэ хандын кенже иниси. Муңкэ хандын (1251–59) тушунда кыргыздар жашаган Саян-Алтай, Моңгол Алтайы, Чыгыш Теңиртоо аймактары А.-Б-нын башкаруусу алдында болгон. Муңкэ хан өлгөндө убактылуу тактыны ээлеген А.-Б. 1260- ж. Хубилайдан күзүндө жеңилип, анын аскерлери кыргыздардын аймагына качып келген. 1262-ж. А.-Б. өз аймагындагы элдерден, а. и. кыргыздардан түзүлгөн кошуунга таянып, Теңиртоодогу Чагатай улусунун башкаруучусу Алгуга каршы жортуул жасаган. 1264-ж. А.-Б. Кытайда моңголдук Юан сулалесин негиздеген Хубилай ханга (1260–94-ж.) баш ийээрин билдирген. 1266-ж. дүйнөдөн кайткан. Ушул доордон тартып чыгыштагы (Түштүк Сибирь, Моңгол Алтайы) кыргыздар Юан сулалесине (1260–1368-ж.) карап калышкан, ал эми батыштагы (теңиртоолук) кыргыздар 1269-жылдан Хайду мамл-не караган.
АСАН КАЙГЫ – ойчул, акылман ж-а акын. Түрк элдеринин (кыргыз, казак, каракалпак, ногой) оозеки чыг- нда анын ысмы легендага айланган. А. К. болжолу 14-к-да жашаган. Акындын өмүрү, жашаган жери, окуялары аңыз-уламышка айланып, калк арасында ага тиешелүү деп айтылып жүргөн айрым чыгармалары тууралуу гана маалыматтар сакталган. Маалыматтардын басымдуу бөлү-гүн акын тууралуу аңыз-аңгеме, уламыш сөздөр ж-а акылмандын философиялык ой жүгүртүүлөрү, учкул сөздөр түзөт. Кыргыз элинде А. К-нын айтылып жүргөн аңыз-окуялары Алтын ордонун хандарынын бири Жаныбектин заманы м-н байланыштыруу, анын адилетсиз бийлигинен жабыркаган калктын оор турмушун, кайгы-муңун тең бөлүшкөн акын, ойчул адам катары мүнөздөлүп, элдин мүдөөсүн, кызыкчылыгын коргоо анын чыг-нын негизги мазмунун түзөт. Эл оозунда айтылган маалыматтарга караганда А. К. Сырдын (Сырдарыя) боюн жердеп, Толубай сынчы, Токтогул ырчы, Жээренче чечен, Алдар Көсөөлөр м-н бир заманда жашаган. Жаныбек хандын заманында калк азып-тозуп турганда, А. К. баласы Төлөндүнү ханга жөнөтүп «Теминдидей жер, жырындыдай суу, башыбызга эркиндик сура» деген экен. Хандан уруксат алган акылман эли-журтун ээрчитип, Сыр боюнан Алатоо тарапка көчүп келген. А. К-нын философиялык, турмуштук көз карашынын негизин жандууну жана жансызды аёо – асанкайгылык түзөт. Бүтүндөй жан-жаныбарлар дүйнөсү акылмандын көз алдына тартылып, катуу суукта боорун жерден көтөрө албаган бака, басууга буту жок жылан, кышка камы жок доңуз ж.б. кантти экен?-деген убайымды чегет. Мындай жагдайда адамдардын турмушу тууралуу да акылман отун, суусу жок жесир кантти, башында киери, ичээрге тамагы жок, жеңеден жеме угуп күн көргөн жетим кантти, боюн токтото албай калчылдаган карынын, кепичин кийе албай, келини тил албай, айласы куруган кемпирдин күнү не болду? – деп кейиген. А. К-нын мурасы толугу м-н жеткен жок. Көпчүлүгү аңыз-аңгеме, уламыш түрүндө эл ичинде сакталып келген.
АСАНОВ Дайыр (1922-ж. Нарын облусу, Атбашы р-ну, Баш-Кайыңды айылы) – Советтер Союзунун Баатыры (1943), генерал-майор (1994). Ленин ордени, эки I-даражадагы “Ата Мекендик Согуш” ордени, үч “Кызыл Жылдыз” ордени, III-даражадагы Манас ордени, “Ардак Белгиси” ордени, үч “Аскердикке сиңирген эмгек үчүн” медалы, ж-а башка 26 СССРдин ж-а Болгариянын медалдары м-н сыйланган.
АСПЕРДИ Чот уулу (1780–1852) – кыргыздардан чыккан таасирдүү мамл. ишмер, саруу уруусунун бийи. Фергана өрөөнүндө мектепте, Кокондун медреселеринен билим алган. А. датка көп жылдар бою Фергана өрөөнүндө аскер кызматында, жогорку даражалуу орундарда иштеген. 1797-ж. Нарбото бийдин буйругу м-н Маргалаңга бек, 1800-ж. Алим хандын буйругу м-н башкы вазир болуп дайындалган. 1806–07-ж. Алим хан м-н болгон пикир келишпестиктердин натыйжасында ханга каршы тарапка өткөн. 1810-жылдан саруу уруусунун бийи. 1819–20-ж. Меккеге, Мединага зыяратка барып, ажы болуп кайткан. 1826-ж. Мадалы хан (Кокон ханы) тарабынан датка наамын, Талас өрөөнүн башкаруу укугун алат. Ошондон баштап эл арасында «Ажы бий», «Ажы бек», «Ажы датка» аталат. 1842-жылдагы элдик көтөрүлүштө, бир тууган жээни Шераалыны хан көтөрүүдө чоң роль ойногон. А. датка өмүрүнүн акырына чейин Талас өрөөнүндөгү Карабуура суусунун жээгинде жашаган ж-а ошол доордо кыргыз элинде гана эмес, Кокон, Хива хандыктарында ж-а коншулаш казак ж.б. элдерде чоң кадыр-баркка ээ болгон. Кокон хандыгынын түп-төлүшүнө ж-а калыптанышына өз салымын кошкон. Хандык м-н кыргыз элинин ортосундагы карым-катнашты, достукту ж-а ынтымакты чыңдоого аракетин жумшаган. Датка динди бекем тутуп, бийлигин калыстык м-н жүргүзгөн.
АСЫЙ – бодо малга карата айтылган малдын жашы. А. 5-жылга караган мал. Аны А. чыкма, жаңы А. же бир А. деп атаган; 6-жылга караганы эки А. деп аталган.
АТА – адам коомундагы жакындыкты түшүндүргөн сыймыктуу сөз. А. түшүнүгү тууганчылыктын, жакындыктын көп жеринде колдонулат. 1. балалуу болгон эркек. А-нын атасы – чоң А., энесинин А. – тай А.; чоң А. – буба; бубанын А. – баба; анын А. – жото; анын А. – кубаары; кубаарынын А. – жете; анын А. – тек. Андан ары урук, уруу, улут болуп кетет. Тай А. м-н тай энесинин А-лары ж-а өз А-нын тай А. – чоң тай А., атасынын досу же энесинин досунун күйөөсү ж-а алардын А-лары – аяш А. делет. Бала төрөлгөндө киндигин кескен аялдын А. м-н күйөөсү киндик А., багып алган киши же энесинин кийинки күйөөсү – өгөй А., аялынын А. – кайын А., аялынын чоң А. м-н тай А. – чоң кайын А., жаңыдан никелешкенде ата-энесинин ж-а өздөрүнүн каалоосу б-ча, жаңы үйлөнгөндөрдүн ата-энесиндей эле кайгы-кубанычына ортоктош болучу (күйөөсүнө өзүнчө, аялына өзүнчө дайындалган) калыс өкүлдөр – өкүл А. деп аталат. 2. Чоң А-нын А. – бубадан аркы А- лар жалпылана А. же жете деп аталат. Жети А-н билбеген киши тексиз, жетесиз киши катары эсептелген. Жети А. өтмөйүнчө кыз алышууга тыюу салынат. 3. Ар кандай зарылчылыкта – энчи бөлүштүрүүдө, сакалдуулук ылгоодо, алыс-жакынды аныктаганда – тең А., кем А., бир же эки А. улуу же кичүү деген түшүнүктөр бар. 4. Көп жашаган, көптү көргөн нускалуу карт адамдарды урматтоо (баланча А., түкүнчө А., бастанча А-лар). 5. Өнгөн жерге тиешелүү А.конуш, А.журт, А.мекен. 6. Ар кандай ишенимдер б-ча, айрым айбандардын колдоочулары – Чолпоната, Камбарата, Ойсулата, Чычканата ж.б. 7. Айрым учурда коркутуу, кекетүү, каардануу иретинде А-сын тааный элек ж.б. делип колдонулат. 8. Көп учурда адил, улуу, сыймыктуу деген мааниде эмгекке, өнөргө, акылга, билимге байланыштуу А. деген түшүнүк колдонулат. Мис., күү А. Камбаркан, эл А. алп Манас, калк А. эр Бакай, сын А. Толубай, ыр А. Токтогул ж.б.
АТАБЕЙИТ – саясий репрессиядан курман болгон атуулдарга арналган мемориалдык комплекс. Аламүдүн р- ндагы Чоңташ айылынан орун алган. Комплекстин архитектору К.Алымкулов. Эстелик 2000-ж. 14-июлда ачылган. Анда 1938-ж. ноябрда «эл душманы» деген жалган айып м-н атылган 137 адам көмүлгөн. Алардын ичинде белгилүү саясий жетекчилер: Юсуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Эркинбек Эсенаманов, Султанкул Шамурзин, Иманалы Айдарбеков, «кызыл профессор» Касым Тыныстанов ж.б. болгон. Бул инсандардын белгисиз бейити тууралуу Таштөбө айылынын тургуну Г. Кыдыралиева баяндаган. Тарыхый чындыкты калыбына келтирүүгө салым кошкондугу үчүн, Кыдыралиева «Эрдик» медалы м-н сыйланган. АТАЙ Огомбаев (1900, азыркы Талас р-ну, Көккашат айылы – 1949, Талас ш.) – ырчы, комузчу, күүчү ж-а обончу, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Токтогулдан таалим алган. 20-жылдары алгачкы обон-күүлөрүн чыгарып, Талас дубанына атагы дайын өнөрпоз болгон. 1935-ж. Кыргыз мамл. драма театрына кирип, 1936-ж. Кыргыз мамл. филармониясына солист катары которулат. 1939-ж. А. филармонияда комузчулар ансамблин уюштурган. Ансамбль Москвада өткөн эл аспапчыларынын Бүткүл союздук кароосуна катышып, лауреа-ты болгон. 1940-ж. СССР композиторлор союзунун уюштуруу комитети ачкан демилгелүү композиторлордун (элдик күүчүлөрдүн ж-а обончулардын) курсунда окуган; музыканын теориясы м-н таанышып, С. С. Прокофьев, В. М. Глиэр сыяктуу белгилүү композиторлордон сабак алган. 1947-ж. өз айлында жаштардан комузчулар ансамблин уюштурган. А. элдик обондордун салттык негизинде бир канча лирикалык ырлар жараткан. Анын «Күйдүм чок», «Эсимде», «Гүл», «Ой, булбул», «Жаштар» сыяктуу лирикалык ырлары угуучуларга кеңири малым; «Ак Зыйнат», «Куралай», «Майчач» сыяктуу элдик ырларды да чеберчилик м-н аткарган. А. Токтогул, Ныязаалы, Айдараалы ж.б. күүлөрүн чеберчилик м-н аткарып, элге жайылткан. Аткаруучулук бай техникасы, таасирдүү ыкмалары, оригиналдуу музыкалык ыргактарды таба билиши өнөрүн өзгөчө түскө ээ кылган. Композиторлор В. В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере А-дын «Күйдүм чогун» «Айчүрөк» операсында Айчүрөктүн лирикалык темасына пайдаланышкан, ал эми «Эсимденин» обону В.Ференин «Кыргызстан» аттуу симфониясына лейтмотив катары кызмат кылган. Композитор А.Түлеев залкар комузчунун күүлөрү м-н обондорунун негизинде «Атай» аттуу симфония (1962) жазган. А.О. Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар м-н сыйланган. А-дын ысмы айрым кыштак, мектеп ж-а шаар көчөлөрүнө берилген.
АТАКЕ БААТЫР, Атаке Тынай бий уулу (болжол м-н 1738 – өлгөн жылы белгисиз) – 18-к-дын 2- жарымында Чүй өрөөнүндөгү сарыбагыш уруусунан чыккан бий. Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыз урууларын башкарган. Орус тарыхый булактарында «князь» делет. 1718–22-ж. кыргыздардын көл кылаасындагы Чүй, Талас дарыяларынын бойлорундагы жерлерди Жуңгар хандыгы басып алган. Атакенин атасы Тынай бий жетектеген кыргыз уруулары Түштүк Кыргызстанга Анжиян ш-на жакын чөлкөмгө жер которууга мажбур болушкан. Алар мал багышып, дыйканчылык кылышкан. Атакенин жетекчилиги м-н чабылган арык азыр да бар, «Атаке же Асаке арык» деп аталат. 40-жылдардын башында жуңгарлардын айрым урууларынын ичара чыр-чатактарынан пайдаланып, кыргыздар мекенине кайта баштаган. Туулган жерин бошотуу үчүн жуңгарларга каршы согушууга туура келген. Жуңгарлар м-н чечүүчү салгылаштан кийин А.б. м- н Бердике баатыр Токмоктун түштүк тарабындагы Көкжар капчыгайында Жуңгар аскер башчысы Доргул м-н кездешишет. Салгылашта А.б. Доргулду найза м-н са-йып өлтүргөн. Жуңгарлар кача баштаган. А.б. жоокерлери м-н Чүй өрөөнүн душмандардан толук бошоткон. Согуш аракеттерин улантуу м-н А.б. жетектеген жоокерлер Чоңкеминди бошотуп, Торуайгыр ашуусу аркылуу Ысыккөл өрөөнүнө түшүп, көлдүн түндүк тарабын душмандардан тазалаган. А. б. Россиянын борбору Санкт-Петербургга алгачкы элчилик жиберип (1785–88), Россия м-н дипломатиялык байланышты баштаган. Элчилери Абдырахман м-н Шергазы аркылуу Россия императору Екатерина IIге кайрылып, кыргыз элине жөлөк болуусун өтүнгөн ж-а кыргыз жергеси аркылуу өтүүчү Россиянын кербендеринин коопсуздугун камсыз кылуу милдетин ала тургандыгын билдирген. Орус падышасына бир кул, 3 илбирстин, 5 сүлөөсүндүн терисин тартуулаган. А.б. 1787-ж. орус элчиси Муслим Агаферовду коңшу элдердин (өзбек, уйгур ж.б.) өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу кабыл алган. Орус мамлекети м-н байланыш түзүүгө чоң маани берген. 1788-ж. жазында Абдырахман (1-элчиликтин жетекчиси) уулу Сатынбайды баш кылып, Омск ш-на элчилик жиберген. А. б-дын Россия бийлигине жазган (араб алфавитинде) 2 катынын түп нускасы Омск облустук мамл. архивинде сакталып турат. Катка А. б-дын жеке мөөрү басылган. Мөөр тамчы түрүндө болуп, ичине «Тынай би абу (уулу) Атаке батур» деген жазуу оюлуп жазылган. Атаке казак хандары, султандары м-н кырдаалга жараша мамиле түзгөн. Өзгөчө Бүкөй төрө м-н өтө жакын болгон. Кыргыз санжырасында Атакенин Кокон башчысы Нарбото бийге жолукканы ж-дөгү аңыз кептер сакталып калган. Ошол кездешүүдө А. б. акылман башкаруучу, дипломат экенин көрсөткөн. Айрым маалыматтарда А. б. тубаса коёнээк төрөлгөн деп айтылса, экинчи бир маалыматта, салгылашта үстүңкү эрдине найза тийип, эрини экиге бөлүнүп, тиши ачылып, ыраңы бузулуп калгандыктан, оозу-мурдун жаап жүргөн деп айтылат. 1825-ж. Кокон хандыгынын кысымынан Атаке сарыбагыш уруусунун бир бөлүгү м-н Ысыккөлгө убактылуу журт которуп кеткен. Атакенин баласы – Карабек, Карабектен Жантай, Жантайдан Шабдан. Кийинчерээк кыргыздар Россиянын курамына бириктирилгенден кийин А.б-дын укум-тукуму Атаке болуштугун түзүшкөн.
АТАЛА – акшак, ун, талкандан жасалган жарма. Акшактан жасалган А-ны жарма А., ал эми ундан, талкандан жасалганын жылма А., кант кошулганын кече А. деп аташат. А-ны көбүнчө жардылар тамак-аш катары ичип колдонушкан.
АТАЛЫК (кеңешчи, регент) – мамл-ти башкарууда жашы жете элек жаш ханзаадаларды тарбиялоочу адамга ыйгарылган жогорку мансап. Кокон хандыгында тактынын мурасчысы эрезеге жете электе хандын милдетин А. аткарып турган. Ордодо А. мансабын ээлеген Мусулманкул, Алымкул сыяктуу бир катар кыргыз-кыпчак төбөлдөрү белгилүү. Кээде ордодогу таасирин бекемдөө үчүн атайылап бийликке жаш ханзаадаларды коюшуп, өзүлөрүн А. деп жарыялоо м-н хандык бийликти толук колго алышкан.
АТАНТАЙ – Нарын аймагындагы кыргыздардын Цинь династиясынын аскерлерине ж-а Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш-төрүнүн кол башчысы. Тайлак баатырдын агасы. А. м.н Тайлактын колу 19-дын 20- жылдары Жааңгер Кожону кууп келген кытайлык баскынчыларды толугу м-н талкалашкан. 1831-ж. кыргыздардын Кокон хандыгына каршы күрөшүндө да А. м-н Тайлак жетекчилик кылган.
АТБАШЫ КӨТӨРҮЛҮШҮ – 1931-ж. Атбашы р-нунда болгон көтөрүлүш. Атбашыдагы черик уруусунун негизинен акчубак тукумундагылар катышкан. Ошол мезгилде айрым чегарачылардын элге жасаган шовинисттик мамилелерине, совет бийлигинин кулакка тартуу, мал-мүлктү ортолоштуруу саясатына нааразы болушкан жергиликтүүлөр Акбейит сакчылар пунктунун (застава) начальнигин өлтүрүшкөн (эстелиги азыр да Атбашы айылында), Чечдөбөдөгү сакчылар пунктуна кол салууга аракеттенишкен (союл, камчы, кетмен, күрөк, шылкэтме м-н куралданышкан). Чегарачылар замбирек м-н тоону карай бир-эки жолу атканда эле алар кайра качышкан. Чегарачылар артынан түшүп, көтөрүлүшчүлөрдү аёсуз кырган, айрымдары Кытайга кире качып кутулушкан.
АТБАШЫ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ , к. Кошойкоргон шаар чалдыбары
АТ ЖАБДЫКТАРЫ – атка минип жүрүүгө керектелүүчү буюмдар ж-а шаймандар. А. ж-нын курамына ээр, үзөнгү, канжыга, көмөлдүрүк, куюшкан, басмайыл (боосу, көрпөчө бастыргычы, тогоолору м-н), желдик, тердик, ичмек, жүгөн (тизгини м-н), нокто (чылбыры м-н), көрпөчө, ат жабуу ж. б. кирет. Аталган буюмдардын ар бири өзүнчө кызмат аткарат. Мис., үзөнгү жүр-гүнчү атка минип, түшүш үчүн керек ж-а атчан жүргөндө, кишинин бутуна таканч болуп, тең салмактуулугун сактоо үчүн пайдаланса, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл ээрди ат жонунда бекем кармап, оодурбайт, алдыга же артка жылдырбайт. А. ж. эркектердики ж-а аялдардыкы болуп 2ге бөлүнөт. Аялдардын ээри атайын кооздолуп, күмүш чаптырып, чиймелер м-н жасалгаланат. А. ж-ды кызга арнап атайы жасатып, күйөөгө чыкканда, сеп катары беришкен. Мис., кең тамандуу, панжаралуу, жогору жагында боо өткөзө турган атайын көзөнөгү бар күмүш жалатылган темир үзөнгүлөр жасалган. Кээде үзөнгүнү жыгачтан же мүйүздөн жасап, үстүнөн күмүш алкак же калкан м-н капташкан. Мындай үзөнгү накер үзөнгү деп аталат. А. ж-н темир усталар, зергерлер, өрүмчүлөр ж-а уз аялдар жасашкан. А. ж-н жасоодо кайыш (үзөнгү боо, жүгөн, нокто, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл ж. б.), кийиз (ичмек, тердик, желдик, ат жабуу ж. б.), жүн ж-а пахта (көрпөчө же көпчүк, ат жабуу, шалча); кооздоодо жез, күмүш, алтын, асыл таштар кеңири колдонулат. Жүгөн, басмайыл, куюшкан, көмөлдүрүк, тердикти купа, сүзмө, гүл, мык, чор, тумарча сыяктуу күмүштөн жасалган оймо-чиймелер м-н жасалгалашкан.
АТ ЖАБУУ – ат жабдыктарынын түрү. А. ж. формасы, колдонулушу, жасалышы б-ча бир нече түргө айырмаланат. 1. дикек – өрмөкчө согулган терме, кажары же пиязы таардын чети асемделип (саймаланып, кыргагына чачы тагылып), ич жагына кийиз тигилип аттын соорусуна жабылат; 2. эңиш, байге, кыз куумай ж. б. оюндарга минилген күлүк атка атайын үртүк даярдалган. Ал жогоруда аталган таарлардын түрлөрүнөн жасалып, ич жагына кийиз кабатталып, аттын башынан куйругуна жеткидей кенен тигилет. Анын кулакчыны, көзүлдүрүгү, куйруктугу, ат буттугу болот. Кээде үртүк кымбат кездемеден өзгөчө кооздолуп, саймаланып, ичтелип жасалган. Ал кыздын атайын себи катарында берилген.
АТКА МИНЕР – өзүндө бийлиги жок, бий-болуштун жан-жөкөрү. Ал күч эмгегинен качып, ат үстүндө жүрүп оокат кылган кошоматчы, мансапкор деген мааниде айтылган. Болуш, бий ж-а старчындарды шайлоону уюштурууда өзүн бийлеген кандидатурасынын жеңип чыгышы үчүн көмөк көрсөткөн. Өз тарабы жеңип чыкса анын да кадыр-баркы өскөн.
АТ КОЮУ – жаңы төрөлгөн наристеге ысым же ат коюу. А.к-нун белгилүү убактысы болгон эмес, ал төрөлгөн күнү, 1–2 айдан кийин деле коюла берген. А. к-ну аксакал, баатыр, кадыр-барктуу, атактуу адамдар иш жүзүнө ашырышкан. Наристеге А.к. үчүн чакырылган адамга сый көрсөтүп, үстүнө чапан жапкан. Азан чакырып ат койгондо, молдо курандан үзүндү окуп, токтогон жериндеги сөздү ат кылып койгон. А. к. кыргыз үй-бүлөсүндө жооптуу иш болуп, магиялык маанидеги идеологиялык көз караштар м-н тыгыз байланышкан. А. к-чу адегенде наристени бир сыйра карап, денесиндеги мүнөздүү белгилерди байкап, ошого жараша ат тандаган. Мис., калдуу болсо Калмырза, коюу каштуу болсо Каракаш ж.б. Балалуу болгондугу тууралуу кабарды укканда атасынын көзүнө кайсы буюм биринчи көрүнсө ошонун атында коюшкан. Мис., Камчыбек, Балтабай; төрөттүн үстүнөн чыккан коноктун атынан, башка уруктун айылында төрөп калса ошол уруктун же уруунун атынан, той-тамашаларда төрөлсө ошолордун атынан да коюшкан. Балдары токтобой жаткан үй-бүлө болсо Турдубек, Токтосун; кыздар көп төрөлсө эркек төрөлсүн деп Бурулсун, Бурул, Уулкелди, Жаңыл ж.б.; көз тийбесин деп Итибай, Итэмген, Бокбасар, Кулкөтөн ж.б. аттарды коюшкан. Бала токтобогон үй-бүлөдө кезектеги наристе төрөлөөр замат журт которгон; баланы эски журтта ырымдап таштап кайра алганда Таштанды, Салбар, Табылды сыяктуу аттар м-н аташкан. Эркек балага кыздын, кызга эркектин атын коюу да кеңири тараган. Булардын баардыгы магиялык маа-ниде болуп, негизги максаты жин-шайтандарды адаштыруу, тукумду аман-эсен сактап калуу аракети болгон.
АТКЫ – алгыр куштардын ичин тазалоочу көңдөй түтүк. Ал жыгачтан же жорунун жото жилигинен жасалат. Алгыр куш семирип кетсе же салар алдында жем жеп койсо, анын ичи А. м-н тазаланат. Алгыр куштун оозун ачып, ага А-нын жардамы м-н туздуу суу куюулат. Бир аздан кийин алгыр куштун ичи өтүп, ичи тазаланат. АТЛАХ – орто кылымга таандык Талас өрөөнүндөгү ири шаарлардын бири. Талас суусунун боюнда жайгашкан. Шаар тегерете чеп м-н курчалып мечит, базарлары бар, жүзүмзарлуу ж-а бак-шактуу шаар болгон. А. ш. кытай аскерлери м-н араб, карлук күчтөрүнүн ортосундагы салгылашуусу болгон жер катары тарыхта белгилүү. к. Атлах салгылашуусу.
АТЛАХ САЛГЫЛАШУУСУ – 751-ж-дагы Тан династиясы ж-а Араб халифатынын аскерлеринин согуштук беттешүүсү. 748-ж. Тан династиясынын аскерлери Суяб ш-н ж-а Шашты (Ташкен оазиси) басып алган. Арабдар Таразды ээлешкен, бирок кытайлардын курчоосунда калган. Араб аскер башчысы Саил ибн Хумейд Абу-Муслимден жардам сураган. Ушундай эле сураныч м-н Шаштын кытайлар тарабынан өлтүрүлгөн шаар башчысынын уулу да кайрылган. Абу-Муслим Таразга Зияд ибн Салихтин башчылыгы алдында аскерлерин жиберген. Алардын алдынан Суябдан Чао Сянджи башкарган жүз миңдей Тан аскерлери тосуп чыккан. Алар Талас суусуна жакын Атлах ш-нын жанында беттешкен. Бир нече күндүк кармашуудан кийин Тан аскерлеринин ооругунан (тыл) карлуктар, согуш майданынан – арабдар сокку берген. Тан аскерлери чоң жоготууларга учураган. Араб тарыхчысы Ибн Ал-Асирдин маалыматы б-ча Атлахта кытайлардын 50 миңи өлтүрүлүп, 20 миңи туткунга алынган. Талкаланган аскерлердин калганы Талас дарыясын бойлой тоого качкан. Туткундардын көпчүлүгү Самаркан ж-а Иракка айдалган. Бул тарыхый салгылашуу жергиликтүү калктардын арабдар тарабында согушкандыгынын гана күбөсү болбостон, Кытайдын толугу м-н артка чегинишинин ж-а Орто Азиянын Тан империясынан көз карандысыздыгын бекемдеген.
АТТИЛА, А д и л х а н (т.ж. белгисиз–453) – Борб. Азиядан Европага чейинки аймакты басып алган хунн уруулар союзунун кол башчысы, Мундцуктун уулу. Аны европалыктар «Кудайдын каары, ааламдын токмогу» деп аташкан. 433-ж. Ругилас өлгөндөн кийин бир тууганы Бледа менен бирдикте хунндарды башкарат. 445-ж.
24 Бледаны өлтүрүп, жеке өзү кол башчы болуп калат. Сармат ж-а герман урууларын баш ийдирип, өз өлкөсүнүн аймагын зор өлчөмгө кеңейтет. А. остготтордун, гепиддердин, тюрингиялыктардын, герулдардын, ругилердин ж-а хазарлардын күчтүү союзун түзөт. Анын резиденциясы жогорку Венгриядагы Токайда жайгашкан. А. алгач Чыгыш Рим империясына өзгөчө коркунуч туудуруп, император Феодосий IIни зор өлчөмдөгү салыкты төлөөгө мажбурлаган ж-а төмөнкү Дунайдын оң жак жээгин бүт бойдон өзүнө баш ийдирип алган. Мидияны, Фракияны ээлеп, Константинополдун чет жакаларына чейин чабуул коюп турган. 450-ж. Батыш Рим императору Валентиан III карындашы Гоно-рияны бербей койгондугуна ызаланып, 500 миң жоокери м-н Рейн дарыясына чейинки аймакты ээлейт. Трир, Мец, Аррес, Орлеан ш-ларын курчоого алып, жоокерлерин Каталаун түздүгүнө Труа ш-на жакын жерге жайгаштырат. Ушул жерде 451-ж. күзүндө элдердин эбегейсиз зор кагылышуусу болот. Хунн-дардын 2 жолку чабуулунун мизи кайтарылат. А. жоокерлерин Вагенбург чыңдоосуна жайгаштырат. Бул салгылашууда 200 миңден ашык жоокер курман болот. Кийинки жылы А. жаңы согушка аттанат. Чыгыш Альпы аркылуу Италияга өтүп, Аквилеяны, Альтинумду, Пазуяны, Миланды өз курамына кошот. Бүткүл Италияга коркунуч туулат. Бирок, А. күтүлбөгөн жерден жеңиштүү жүрүшүн токтотуп, сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирет. Себеби, Папа Лев Iден чоң суммадагы акчаны алган эле. А. Паннонияга кайтып келет. 453-ж. бургундиялык Ильдико м-н никелешкен түнү каза болот. А-нын катуу соккудан же өз эли үчүн өч алгысы келген Ильдиконун колунан ажал тапкандыгы ж-дө божомолдор бар. А. өлгөндөн ки-йин хунн падышачылыгы тараган.
АТ ЧАБЫШ – саяпкерлер атайын таптап даярдашкан күлүк жылкыларды (ат, кунан, тай) белгилүү аралыкка жарыштыруучу элдик оюн. А.ч. майрамдарда, аш-тойлордо өткөрүлгөн. Ат чаптырган уруктун же айрым адамдын марттыгына жараша алдыда келген үч же беш атка байге коюлган. А.ч-ты чырсыз, калыс өткөрүүгө атайы калыс, жай билги, кадырман аксакал кишилерден бокобул (калыс адам) дайындалган. Чоң А.ч-тар 40 кмден ашуун аралыкка чабылган. Мис., 1912-ж. Шабдандын ашында өткө-рүлгөн А.ч. 40,5 кмге чабылып, 25 атка байге ыйгарылган.
АХМЕД ХАН, А л а ч а – Моголстан мамл-нин башкаруучусу. Моголдордун ханы Йунустун 2-уулу. Кыргыз төбөлдөрү тарабынан чакырылып, аны Чыңгыз хандын урпагы катары хан көтөрүшкөн. Бийлик кылган он жыл аралыгында (1484–1504) А. х. бардык моголдорду өзүнө баш ийдирүүгө жетишкен. Баш ийбеген арлат, калучи сыяктуу урууларды кырып салган. А. х-ды Алача хан деп да аташкан (моңгол тилинен «өлтүргүч», «кан ичер» дегенди билдирет). Анын бийлиги Чыгыш Түркстандын батыш бөлүгүнөн тышкары Моголстандын бардык аймактарына тараган. 1501-ж. Самарканды ж-а Бухараны чаап алган. Көп узабай Шейбани хан А.х-дын бир тууганы Махмуд ханды каратып алат. А. х. Моголстанга улуу баласы Мансур ханды калтырып, Махмуд ханга жардамга кеткен. Алар Фергананы кайтарып алууга аракеттенишип, Аксыкентти камоого алышкан. Бирок Шейбани хандын аскерлери аларды талкалап, Махмуд хандын кыздарынын бирин Шейбани ханга,бирин Жаныбек ханга бергенден кийин гана хандар туткундан бошотулган ж-а Аксуга келишкен. Көп узабай А.х. 1504-ж. шал оорусунан каза тапкан. Анын Кыргызстандагы күч-кубаттанган мамл-н мурастаган уулу Султан Халил «кыргыздардын падышасы» катары ошол доордогу булактарда эскерилет. 1508-ж. кашкардык могол төбөлдөрү бир тууганы Мансур хан, аталаш агасы Махмуд хан м-н салгылашууда Султан Халил жеңилүүгө учурап, Ферганага келип баш калкалаган ж-а ал жердин беги Жаныбек тарабынан өлтүрүлгөн. Мындан соң кыргыз уруулары могол төбөлдөрүнөн хан чакырбастан, өздөрүнүн Мухаммед Кыргыз аттуу бегине баш ийип калышкан.
АЧАКЕЙ-ЖУМАКЕЙ – 1. эки же бир нече балдар бир чүкө м-н ойноочу балдар оюну. Кыркалата өкчөшүп алчы консо эки, таа болсо бир манжасын жумушуп, конбой калганда оюн кезегин башкага өткөрүшкөн. Ким мурда беш манжасын бүт жуумп, кайра ачып бүтсө, ошол утат да, макулдашуу б-ча утулгандан оюн жазасын (шап, матек, чертүү) алат; 2. кичине балдар ойногон оюн. Бир бала эки колу м-н көзүн басат, экинчиси анын колун чертип, каалаган манжасын ачат. Көзүн жаап турган бала 2-баланыкына окшош манжаларын ошол замат ача көрсөтүш керек. Ачкан манжалары черткен манжаларга туура келсе ал черттирүүдөн кутулат, эгерде туура келбесе, анда ал өз жазасын тартат.
АЧЫК КАГАЗ. Кыргыз Респ-нын «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо ж-а пайдалануу жөнүндө» мыйзамынын 33-статьясына ылайык, археол. изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн археолог-адиске берилүүчү расмий документ. Кыргыз Респ-нын УИАнын Тарых ин-ту тарабынан берилип, Билим ж-а маданият министрлигинин эстеликтерди коргоо бөлүмүндө катталат. А. к-дын төрт түрү бар: 1. археол. эстеликтердин бардык түрүн казууга, изилдөөгө берилет; 2. археол. чалгындоо иштерин жүргүзүүгө ж-а айрым гана эстеликтерди изилдөөгө укук берет; 3. археол. чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берет; 4. курулуш иштери же ж.б. себептер м-н бузулуп жаткан эстеликтерди изилдөөгө укук берет. Археол. казуудан чыккан буюмдар мамл. музейге өткөрүлөт, Кыргызстандын сыртына чыгарууга тыйуу салынат. А. к. жок археол. казуу иштерин жүргүзгөн адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
АШ – аза күтүү салтында маркумду эскерүү жөрөлгөсү. А. түрк-моңгол элдеринде байыртадан келе жаткан салт. А. кыргыз элинин салттуу турмушунда татаал, идеологиялык көз караштарга бай, уруулук-жамааттык мамилелерди даана көрсөтө ала турган туюнтма. Маркумдун арбагына арнап А. берүү, өлүк коюу ж-а арбакты эскерүү салттарынын бир бутагы. Элдин анимисттик маанайдагы түшүнүктөрү б-ча адам өлгөндөн кийин анын денесинен жаны бөлүнүп, арбакка айланып, жашоосун улантат. Ишеним б-ча өлгөн адамдын арбагы өзүнүн журтуна кайтып, өз бала-чакасын, туугандарын, досторун колдоп, кадимкидей тамаксырайт. Арбакка багыштап жыт чыгарбаса, тамак бербесе анда маркумдун арбагы нааразы болуп калышы ыктымал. Мына ошондуктан, арбакка багыштап, аны эскерүү иретинде мал союп, элге тамак беришкен. А-тын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: кара А., кырк А., А. же чоң А. (кээде жылдыгы деп аталат). Алардын өткөрүүлүчү мезгили, катышкан элдин саны, жасалуучу жөрөлгөлөрү бири-биринен айрымаланат. Кара А. сөөктү койгон күнү берилген. Кырк А. (кээде жөн эле кыркы) адам өлгөндөн кырк күн өткөндөн кийин берилген. Чоң А-тын мөөнөтү келгенде маркумдун жакындары чогулуп, кеңеш курушат. Уруулук мамилелердин салты б-ча А. өткөрүү ошол өлгөн адамдын жакын туугандарынын иши гана эмес, ал бүт уруунун, ал эми маркум тирүү кезинде элге эмгеги сиңген адам болсо, анда жалпы элдин милдетине айланат. Кеңеште А-ка кимди чакыруу, келген адамдарды кандай жайгаштыруу, унааларына атты ким даярдайт, А-ты ким башкарышы керек деген маселелер чечилет. Чоң А-тын жүрүшүндө жамбы атуу, балбан күрөш, эр сайыш, ат чабыш ж.б. өткөрүлгөн. Элдик салт б-ча А. бүткөндөн кийин өлгөн адамдын тулу боз үйдөн бейитине алып барып ташталат. Жесирдин кара кийими чечилип отко жагылат, ага жакын туугандары алып келген кийим жабылат. Кыздарынын башындагы кара жоолук чечилип, ак жоолук салынат. Балдарынын бел курчоолору жаңырат. Ушундан баштап аза күтүү токтойт.
АШЕЛЬ ДООРУ – таш доорунун экинчи мезгили. Доор Франциядагы Амьен ш-на жакын Сент-Ашель жергесинен табылган байыркы эстеликтин аты м-н аталган. А.д. б. з. ч. 800–120 миң жылдыктарды өз кучагына камтып, байыркы, ортоңку ж-а кеч ашель эстеликтерине бөлүнөт. А.д-нда архантроптор, палеоантроптор ж-а алгачкы HOMO SAPIENSтер жашашкан. Ашель эстеликтери Африкада, Алдыңкы ж-а Түштүк-Чыгыш Азияда, Батыш Европада (Франция, Англия, Бельгия, Испания, Италия) көп кездешет. Ортоңку ж-а Чыгыш Европада, КМШ б-ча Кавказ, Молдавия, Борб. Азияда белгилүү. Көлөмдүү жаныбарларга аңчылык кылуу биримдикти ж- а жакшы куралданууну талап кылган. Таш куралдары ар кандай иштерди аткарууга багытталып жасала баштаган (мис., кесүү, кыруу, сүрүү, жаруу, майдалоо). Турак жайлардын ар кандай чарбалык иштерге багытталган түрлөрүн айырмалоого болот (мис., аңчылык турак жайлар, таш иштетүүчү устаканалар). Ашель адамдары отту колдонушкан.
АШТАРХАНИЙЛЕР ДИНАСТИЯСЫ – 1599–1765-ж. Бухарадагы Шейбанийлердин бийлиги кулагандан соң бийлик кылган хандардын династиясы. А. д-нын тарыхы көчмөн өзбек уруулары, каракалпак, казак, калмактардын саясий күрөштөрү м-н тыгыз байланыштуу. Айрым бир тарыхый маалыматтарда династиянын саясий иштерине кыргыз уруу төбөлдөрү да катышканы айтылат. Мир Мухаммед Салим ажынын «Султандардын санжырасы» («Силсилат ас-Салатин») деген эмгегинде (1730–31) А. д-нда таасирлүү бийликтеги Назар бий ж-а анын уулу Хосров бек буруттардан (кыргыздар) болгондугу эскерилет.
АЯК, к е с е – арча, жаңгак, тал, терек, катыраң, кайың, кара жыгач ж.б. жыгачтардан оюлуп жасалган идиш. Анын оймо-чиймеленип, сырдалып кооздолгонун – сыр аяк, жөн жасалганын – кара аяк, саптуу жасалганын – жан аяк деп аташат. А-ты жөнөкөй түзү-лүштөгү чат, ийди, кырма деген аспаптар м-н кырмачылар жасашат. А. чоң, кичине, жайпак болот. Чоң А-тын диаметри 20 смге чейин жеткен. Азыркы учурда мындай идиштер сейрек кездешет.
АЯК КАП – идиш-аяктарды салуу үчүн ооз жагы түз кесилген, төрт бурч формасындагы териден, кийизден, таардан, кездемеден, баркыттан жасалган чоң баштыкча. Анын оозу үч, төрт бурч же жарым айлана капкалдырыгы м-н жабылат. А. к-тын бет жагы м-н капкалдырыгы оймо, саймалар, четтери торлуу чачылар м- н кооздолгон. Керегенин башына илип коюу үчүн эки четине илгич тагылган. А.к. көчмөн турмушка ылайыкталган. Ал боз үйдүн эпчи жагындагы керегеге илинген. Азыр А. к. сейрек кездешип, кооздук үчүн гана жасалат.

#7 24 July 2014 - 20:19
Б
БААБЕДИН (Бахауддин ысмынын кыргызча айтылышы) – 1. диний уламыш б-ча Бухара ш-нын пиринин аты. Кыйынчылык убакта Б-ге кайрылып жардам суроо Орто Азия калкына мүнөздүү; 2. салтка айланып кеткен табынуу, сыйынуу. Чоң коркунуч, алаамат (өрт, көчкү, сел, катуу оору, жер титирөө, жоо тийген, жырткычтар камаган, адашкан ж. б.) учурда аман-эсен кутулууну тилеп Б. өткөрүшкөн. Айтылган Б-ди (9 токоч, кой, эчки, тай, торпок, бээ ыроолоп) ошо замат же кийинчерээк сөзсүз ишке ашырышкан. Антпесе «бат эле дагы бир коркунуч, кырсык болуп, андан чоң зыянга учурап калабыз» деген ишенич күч болгон.
БААТЫР – 1. түрк, моңгол элдеринде жоокерлик эрдиги ж-а кызматы үчүн айрым кишилерге берилген атак; 2. согушта көрсөткөн эрдиктери, о. эле өндүрүштө, илимде, маданиятта ж-а эл чарбасынын башка тармактарында иштегендердин артыкча ийгиликтери үчүн берилген наам. Революцияга чейин кыргыздын ири манаптарынын көбү өздөрүн Б. деп аташса, алардын мүдөөсүн коргоп уруу намысын талашкан жоокер адамдар да Б. аталган. Советтик доордо Б. деген түшүнүктүн мааниси өзгөрүп, Совет мамл-нин мүдөөсүн жактап, эрдик көрсөткөн жарандарга Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наам берилген. Граждандык ж-а Улуу Ата Мекендик согушта, о. эле бейкут күндөрдө космос мейкиндигин изилдөөдө эрдик көрсөтүшкөн жоокерлерге, учкуч-космонавттарга да Советтер Союзунун Баатыры наамын беришкен. Азыркы убакта Кыргызстанда граждандардын өзгөчө эмгектери үчүн «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылат. Бул сыйлык Кыргыз Респ-нын Президенти тарабынан бир гана жолу берилет. Эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамга «Ак шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылат. Белги сол төшкө Кыргыз Респ-нын ордендери м-н медалдарынын үстү жагына тагылат.
БАБА – 1. бубанын атасы, б. а. чоң атанын чоң атасы. Бирөөлөр Б-лашпыз дешсе, биз алардын төртүнчү атадан кошулуучу туугандары экенин түшүнөбүз; 2. чоң атадан аркы аталарды түшүндүрүү маанисинде айтылат; 3. өз балдарына гана эмес, бүтүндөй элге аталык эмгек өтөгөн, акылман адамдарды Б-быз деп урматтап аташат; 4. адамдан башка нерселердин мыктыларын, баалууларын, көп жакшы жактарын салыштырган, теңеген мааниде Б. аталышы колдонулат. Мис., малдын Б-сы кой. Жыгачтын Б-сы арча, анын бекемдиги – суу кезде ийилчээк, жумшактыгы – кургаганда катуулугу, ным тартпай чирибестиги м-н айырмаланат.
БАБА ДЫЙКАН – дыйканчылыктын пири, атасы, пайгамбары. Адегенде бутпарастык, кийин диндик ишенимде пайдаланган. Б. д. канаттуу (көгүчкөн, кыргоол) түрүндө көрүнөт экен деп ишенишкен. Эгерде Б.д. эгинди араласа, анын даны мол болот деген түшүнүк болгон. Түшүм болсун үчүн Б. д-дын урматына ырымдарды (сыйынуу, түлөө) өткөрүшкөн. О. эле Б.д. мыкты дыйкан деген мааниде да колдонулат.
БАБУР ЗАХИРЕДДИН МУХАММАД (1483–1530) – Индияда Моголдор мамл-нин (1526) негиздөөчүсү; мамл. ишмер, акын ж-а жазуучу. Тимурилер тукумунан; Омор-Шайыктын уулу. Б. 12 жашында атасынан Фергана тагын мурастап калган. Көп жылдар бою башка хандар ж-а бектер м-н таймашып келген. 1504-ж. өзбектер Б-ду бир азыраак аскери м-н Алтынбешик тоосу аркылуу Ооганстанга кетүүгө аргасыз кылган. Бул окуя Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романында даректүү материалдар м-н сүрөттөлгөн. Ошол эле жылы Б. азыркы Кабул ш-н каратып алган. Ал 1512-жылга чейин Бухара м-н Самаркан аймактарын кайра алуу үчүн күрөшүн токтоткон эмес. 1519-ж. Б. Индияга жортуул жасап, 1525-ж. Делиге аттанган. Делинин башкаруучусу Ибрагим Лоди м-н 1526-ж. Панипата талаасында, 1527-ж. Раджпут князы Сангра Сингхти жеңип чыгып, 1529- ж-га чейин ал Чыгыш Ооганстанды, Пенджабды, Ганг өрөөнүн Бенгалиянын чегине чейин өзүнө каратып алган. Анын жаңы мамлекети – Улуу Моголдор империясы Индияны англичандар басып алганга чейин (1856) өкүм сүргөн. Ал өмүр баяны, саясий ишмердиги тууралуу атактуу «Бабур-наама» китебин жазган. Б. лирикалык ырлардын, аруз ж-дөгү трактаттын (ыр жазуу өнөрү тууралуу), бир канча китептердин автору. Көп эмгектери кыргыз тилине да которулган.
«БАБУР-НААМА» – султан Бабурдун өмүр баянын ж-а 1493–1529-ж. Орто Азия, Ооганстан, Түндүк Индиядагы тарыхый окуяларды камтыган Бабурдун эмгеги. Ал эмгекте Кыргызстандын саясий тарыхына ж-а тарыхый геогр-на байланыштуу маанилүү маалыматтар кездешет. Ошондой эле Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймагын мекендеген чогорок уруусу тууралуу да айтылган. Кол жазма толук бойдон сакталган эмес. 1857-ж. ж-а 1905-ж. жарыкка чыккан.
БАГА, б а г – байыркы Кыргыз мамл-ндеги админ.-аймактык башкаруу бирдиги; аскердик-админ. титул; каган тарабынан дайындалган аймактын башкаруучусу. Кыргыз мамл. 9-к-дын орто ченинде админ.-аймактык алты бирдикке бөлүнгөн; аларга азыркы Хакас-Минусин ойдуңу, Краснояр крайынын түштүгү, Тува, Тоолуу Алтайдын бир бөлүгү, Моңголия ж-а ага чектеш аймактар кирген. Тувадагы Өөк Тарлактан табылган байыркы кыргыздарга таандык эстеликте: «...атым Эл Туган Тутук бен (мен). Теңири элимке элчиси эртим. Алты баг будунгка [элге] эр [тим]...» – деген саптар жазылган. 840-ж. кийин азыркы Туванын аймагы Кыргыз кагандыгынын курамына кирген.
БАЗАРБАЕВ Чолпонбек (1949, Нарын облусу, Кочкор р-ну, Чолпон айылы – 2002, Бишкек) – балет артисти, Кыргыз Респ-нын эл артисти (1979), СССРдин эл артисти (1982). 1967-ж. М. Күрөңкеев атн. Кыргыз мамл. музыкалык ж-а хореографиялык окуу жайын бүткөн. 1966–93-ж. А. Малдыбаев атн. Кыргыз мамл. академиялык опера ж-а балет театрынын солисти, генералдык директору, 1993–96-ж. Кыргыз Респ-нын
27 маданият министри, 1996-жылдан Кыргыз Респ-нын билим берүү, илим ж-а маданият министринин 1-орун басары, ошол эле учурда 1987-ж-дан Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти болуп иштеген. Б. улуттук ж-а классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү м-н балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берген. Кыргызстан Ленин комсомолу (1977), эл аралык «Мин Ои» (Япония, 1995), эл аралык Ч. Айтматов атн. сыйлыктардын лауреаты.
БАЗАРЛЫК – базарга барган адам өзү сыйлаган, жакшы көргөн кишилерине атайылап белек катары алып келген буюм. Кыргыздар базарга, шаарга жакын болбогондуктан айда, жылда 1–2 жолу, 5–10 кишиден бирөө базарга барган. Базарлар Бишкек, Токмок, Каракол, Ош, Жалалабат, Анжиян, Ташкен, Кашкар, Турпан, Аксуу, Жаркен ш-ларында болгон. Базарга барып келүүгө кудурети жоктор барчуларды кулактап, мал, акча ж.б. беришип, керектүүлөрүн ала келүүнү өтүнгөн. Базарга баруу оңой-олтоң иш болбой, ага аттуу, малдуу, жолдуу, сооданы билген тың кишилер гана барган. Мына ушундай сыймыктуу иштен Б. алып келүү салты пайда болгон.
БАЙ – Октябрь революциясына чейинки малдуу, мүлктүү, жери, кыштоосу, жайлоосу бар социалдык топ. Б- лар өндүрүшкө катышпай, букаралардын эмгегинен байлыгын арттырып, малын көбөйтүп, жерин иштеткен. Мис., Солтонсары м-н Каракужурду ээлеген Калча байдын 10000 кою, 1000 жылкысы, 200 топозу болгон. Анын малын 21 койчу, 15 жылкычы багышкан. Дыйканчылык өнүккөн аймактардагы Б-лар ири жер ээлери болушкан. Куршабдык Ташмамат бай 250, алабукалык Калмабай 270 танап (1 танап – 1,6 га жакын) жер ээлешип, ар бири ондогон кедейлердин ж-а чайрыкерлердин эмгегинен пайдаланышкан. Соц. мезгилинде Б. тап катары жоюлган. Бирок, жеке менчикке негизделген азыркы коомдук өзгөрүүлөрдүн шартында Б-дын жаңы түрү пайда болду.
БАЙБУЛАТОВ Бегалы (1906, Ысыккөл облусу, Каменка айылы–1981) – тарых ил-нин доктору (1968). ВКП (б) БКга караштуу Кызыл профессура ин-тун (1937), Кыргыз мамл. пед. ин-тун (1947) бүтүргөн. Кыргызстан КП(б) обкомунда үгүтчү, райкомдун катчысы, бөлүм башчы, Эл комиссарлар советинин радиокомитетинин төрагасы, Жалалабат мугалимдер ин-тунун директору, Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы ин- тунун улук ил. кызматкери болуп иштеген. 200дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 4 монографиянын автору. Эмгектери негизинен Кыргызстан Коммунисттик партиясынын тарыхын изилдөөгө багытталган
БАЙГЕ – элдик оюндарда жеңгендерге берилүүчү мал, мүлк, пул, кийим, буюм, кооздук ж.б. сыйлыктар; ат чабыш, жорго салуу, эр сайыш, оодарыш, балбан күрөш, жөө жарыш, ордо, бука тартыш, бута, жамбы атыш, кыз куумай, тыйын эңмей, көк бөрү, сундуй көтөрүү ж.б. оюндарга Б. коюлган. Мис., Шабдандын ашындагы чоң ат чабыштын 1-байгеси 5000 сом болгон. Азыркы учурда Б-ге автомашина ж.б. буюмдар, о. эле акчалай сыйлыктар берилүүдө.
БАЙТЕШЕ – уста шайманы. Чот түспөлдүү, жазы миздүү, жыгач сап ашталат. Б. жыгач устачылык ишинде жумуру, жоон жыгачтардын бетин түздөп чабууда кеңири колдонулат.
БАЙТИК БААТЫР, Б а й т и к Канай у у л у (1817, Чүй өрөөнү – 1886, Чүй өрөөнү, өзүнүн кыштоосу, азыркы Байтик өрөөнү) – солто уруусунун чоң манаптарынын бири. Байтиктин түп аталары Тагай бийге барып такалат. Байтик Орто Азияда Кокон хандыгы үстөмдүгүн жүргүзүп турган доордо жашаган. Тентектигинен атасынын Таластагы бир тууганы Сатылгандыкында жүргөн. Таластан кайтып келгенден кийин тың чыккан Байтик Чүйдөгү солтолордун манабы Жаңгарачка жагып, акыры солто уруусун башкарууга жетишкен. Байтик адегенде Кокон хандыгы м-н өз ара ыңгайлуу дипломатиялык мамиледе болгон. Б.б. Пишпектин үстүн-дөгү Басбөлтөктү жердеп турган. Бийлигин бекемдөө үчүн Чүйдөн Таласка көчүп барып жашап калышкан чоңчарыктардан чыккан манасчы Балыгоозду өзүнө чакыртып алган. Көчмөн турмуштун шартында сабаты ачылбаган элге Балыгооз сыяктуу адамдардын кадыры кандай экендигин туура түшүнгөн. Көп маселелерди аны м-н кеңешип турган. Ошол мезгилде Кокондун ханы Малла хан Жаңгарачты өз таасиринде кармап туруу үчүн кысмакка алып, жылкыларын салык катары айдап кетип, зордук көрсөтүп турган. Пишпек чебинин (к. Бишкек чеби) беги Рахматулла даткага каршы 1862-ж-дагы көтөрүлүштүн башында Байтик турган. Солтонун баатырлары Дуулат, Көкүм ж-а Чойбек Рахматулланы жок кылган. Чүй өрөөнүндө өкүм сүргөн саясий кырдаалды туура баалаган Б.б. жигиттери м-н Пишпек чебин курчап алып, бир тууганы Сатылган аркылуу Верныйдагы орус генералы Г.Колпаковскийге жардам сурап кайрылган. Бул күрөштө Байтикке кеминдик сарыбагыштардын чоң манабы Жантай жардамдашкан. Пишпек чеби талкалангандан кийин Байтик 200 жигити м-н Россиянын аскерлерине кошулуп, Кокон хандыгынын үстөмдүгүнөн Олуяата, Мерке, Чымкен чептерин бошотууга катышкан. Олуяатада багыш уруусунун манабы Сарымсак баштаган 1000 кыргыз Байтиктин жигиттерине кошулган. Байтик 19-к-дын орто ченинде Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын Россия импе-риясынын карамагына өтүүсүнө ж-а Россия м-н Кыргызстандын байланышын чыңдоого түздөн-түз салым кошкон. 1867-ж. солто, сарыбагыш, саяк ж.б. кыргыз урууларынын өкүлү катары падыша Александр IIнин Кеңешине катышуу үчүн Санкт-Петербургга барган. Россия империясына кылган кызматы үчүн ага аскердик капитан даражасы ыйгарылып, Анна тасмасына тагылуучу Чоң алтын медаль, ыйык Станислав ордени ж-а каухар чөгөрүлгөн шакек м-н сыйланган. Байтик элди уюштурууга жөндөмдүү, саясий маселелерди туура чече алган, өзүнүн алысты көздөгөн максаттарын ишке ашы-рууда элге алымдуу, кадыр-барктуу инсандарды колго ала билген адам болгон.
БАЙТУР Анвар (1933, Чыгыш Түрк-стан, Аксуу ш-нын (Кытай Респ.) жанындагы Боздөң кыштагы –1991) – кытайлык кыргыз тарыхчысы. 1953-ж. Аксуу ш-нда пед. окуу жайын (Дар ал-мугалимин), Үрүмчүдөгү Шинжаң ин-тунун тарых-география факультетин (1956) бүтүргөн. 1956-жылдан ар кыл ил. мекемелерде иштеген. 70-жылдардын акырынан Пекиндеги Кытай КП БКнын партиялык жогорку мектебинде, Адистерди кайра даярдоо борб. ин-тунда, Аз улуттардын борб. ин-тунда, Үрүмчүдөгү Шинжаң ун-тинде ж. б. жогорку окуу жайларында иштеп, Кытайдагы элдердин өз ара алакаларынын тарыхы, Чыгыш Түркстан элдеринин тарыхы, кыргыз эл тарыхы, уйгур эл тарыхы б-ча лекция окуган. Кытай Коомдук ИАнын аз улуттарды изилдөө ин-тунун доценти. Кытайдагы Орто Азия маданиятын изилдөө, майда улуттар тарыхын изилдөө, Байыркы элдердин тилин ж-а жазмасын иликтөө, Түркий элдерди изилдөө, Кыргыз тил, адабият, тарыхын изилдөө коомдорунун мүчөсү. «Шинжаң менен ички өлкөлөрдүн тарыхый байланыштары», «Кыргыз адабиятынын жалпы абалы», «Кыргыз тарыхы лексийалары» сыяктуу эмгектердин автору. Осмоналы Сыдык уулунун эки эмгегин 1986-ж. «Мухтасар тарых-и кыргызийа» деген ат м-н бир китеп кылып чы-гарткан.
БАЙТЫБУЛАК КӨРҮСТӨНҮ – эрте темир дооруна таандык Төлөк-Куртка жолунун жээгинде жайгашкан сегиз таштуу көрүстөндөр. Эстеликтин диаметри 7 м.
БАЙЫРКЫ АКЧА-ТОВАР МАМИЛЕЛЕРИ. Алгачкы жамааттык бирикмелердин ортосунда өзүлөрүндө болгон буюмдарды башка бирикмеде даярдалган буюмга алмашышкан. Мындай жөнөкөй алмашуу акча-товар мамилелеринин алгачкы белгилеринин пайда болушуна түрткү болгон. Уруулар арасында тери, сөөк ж-а курал жасоого ыңгайлуу таш тектерин алмашышкан. Кийин алмашууда көп колдонулган товарлардын түрлөрү келип чыккан. 18-к-га чейин Инд океанынын жээктеринде алмашуу товары катары каури үлүлдөрү кызмат кылган. Алардын негизинде өзгөчө акча системасы иштелип чыккан. Мис., Африка аймагында жипке тизилген 40 кауриден турган шнур (боо) деп аталган акча системасы болгон. 50 шнур бир «башты» (2000 каури) түзгөн. Тышкы соодада 3 баш бир долларга тете болгон. Меланезияда акча кызматын акула тиши, Калимантанада уйдун башы, Түндүк Америка индеецтеринде вампун (раковинадан, үлүлдөн тизилип жасалган) курлары, Африкада пилдин сөөгү, кырдуу туз сыныктары, Моңголияда таш чай (такта чай), ба-йыркы кыргыздарда тыйын чычкандын териси (тыйын деген ушундан калган) өз ара байланыштарда колдонулган. Адамзат тыйын чыкканга чейин тыйындын милдетин аткарган жүздөн ашык нерсени пайдаланышкан. Ар кандай көлөмдөгү куйма металлдар товар алмашууда тез орун алган. Себеби, ал бузулбайт, көп орунду ээлебейт, сактаганга ж-а алып жүргөнгө өтө ыңгайлуу. Кийинчерээк соодада орчундуу орунду алтын, күмүш ээлейт. Алардан алгачкы тыйындар жасала баштайт. Тыйындын мекени Кичи Азиядагы Лидия эсептелет. Биринчи тыйындар б. з. ч. 7-к- дан белгилүү. Кыргызстанда эң байыркы товар алмашуу мамилесин коло доорунун айрым эстеликтери аркылуу баамдайбыз. 1958-ж. Сокулуктан б. з. ч. 2-миң жылдыкка тиешелүү 17 коло орогунун тобу табылган. Орокторду жергиликтүү уста жасаганы эч талашсыз ж-а алар алмашуу үчүн жасалган деп болжоого болот. БАЙЫРКЫ ИРРИГАЦИЯЛЫК КУРУЛМАЛАР К ы р г ы з с т а н д а г ы. Кыргыз жергесинин тоо этектерине жакын түздүк-төрү коло доорунан тартып өздөштүрүлүп келген. Фергана, Чүй өрөөндөрүндөгү эстеликтер байыркы дыйканчылык, суу бойлоп жайгашкан алгачкы турак-жайлар тууралуу кабар берет. Дан азыктарынын, маданий өсүмдүк-төрдүн гүлдөп өсүшү абасы жылуу жерлерде сугат ишкердиги м-н тыгыз байланыштуу болгон. Орто Азияда алгачкы сугат арыктары ж-а суу топтой турган жерлер энеолит (б. з. ч. 4–3 миң жылдыктар) доорунан тартып белгилүү. Кыргызстанда ирригациялык курулмалар Чүй жергесинде (Төкөлдөшарык, Ташарык, Жыламышарык, Өтөгөнарык, Сайарык) орто к-дардан баштап ишке киргизилген. Кээ бир жерлерде жер астынан чыккан суу үчүн майда арыктарды пайдаланышкан. Кийинки жылдардагы окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда мындан 2000–2700 жыл мурун эрте темир доору мезгилинде Жетисуу аймагында жашаган калктын бир бөлүгү отурукташышып, жер иштетишкен. Кыргыз жергесиндеги б. з. ч. арыктар, турак-жай орундары жеткиликтүү изилдене элек.
БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАР – байыркы кытай жыл баяндарында б. з. ч. 201-жылдан бери эскерилип келген түркий тилде сүйлөгөн эл; Теңиртоодогу, Түндүк-Батыш Моңголиядагы, Ички Азиядагы (лобнорлуктар, сары уйгурлар) түрк элдеринин байыркы түпкү теги.
БАЙЫРКЫ ТОО-КЕН, МЕТАЛЛ ӨНДҮ-РҮШҮ Кыргызстандагы. Кен казып алуу, металл эритүү ж-а тиричиликке керектүү буюмдарды жасоону ичине камтыган металл өндүрүшү байыркы мезгилден тартып эле чарбанын негизги тармагынын бирине айланган. Металл өндүрүшү коомдук мамиленин мүнөзүнө да таасирин тийгизет. Металл өндүрүшүнүн калыптанышы ж-а өнүгүшү ар кайсы аймакта жашаган уруу-лардын байланышын кеңейтип, товар алмашууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн. Окумуштуулардын пикири б-ча, Кыргызстанда тоо-кен өндүрүшү мустье доорунан башталган. Байыркы адамдар таш доорунда таштын сапаттуу тектерин атайын издеп таап, курал жасашкан. Керектүү таш теги жайгашкан жерде байыркы адамдардын таш курал жасай турган жайы – устаканалары орун алган. Мындай устаканалар Түштүк Кыргызстандын Капчыгай, Юрташсай жергелеринде табылган. Бир тектүү, чапканда курч миздүү, курал жасаганга ылайыктуу таш теги байыркы адамдар тарабынын миңдеген жылдар бою пайдаланылган. Алгач жезди пайдаланышкан. Кенден жезди бөлүп алуу б. з. ч. 8–6-миң жылдыктарга, күмүш ж-а коргошунду колдонуу 7–6-миң жылдыктарга, алтынды пайдалануу б. з. ч. 5-миң жылдыктарга, колону колдонуу б. з. ч. 4- миң жылдыктарга туура келет. Байыркы адамдар жез м-н калайдын биригишинен колону алышкан. Коло доорунда металл өндүрүү ж-а андан калыпка куюу жолу м-н сапаттуу эмгек куралдарын жасашкан. Коло буюм-дар чарбачылыкта, үй-тиричилигинде, согуш ишинде кеңири колдонулган. Чүй өрөөнүндө, Ысыккөлдүн чыгышында, Кочкор өрөөнүндө табылган коло буюмдарынын кенчтери коло доорунда металл иштетүүнүн өзгөчө ыкмалары болгондугун далилдеген. Мындай археол. өзгөчөлүк «Жетисуу металл иштетүү очогу» деп аталган. Чуст маданиятында коло күзгү, орок куя турган таш калыптар ж-а курамына калай, мышьяк кошулган жез, коло буюмдары табылган. Кыргызстанда байыркы мезгилден эле калай өндүрүү болгондугун Сарыжаздагы Атжайлоо, Жыланды деген жерлерден табылган эстеликтер далилдейт. Байыркы мезгилден кен байлыкты кеңири иштеткен жерлер Талас өрөөнүндө да көп ачылган. Коло доорунда коргошун өндүрүлгөн. Таштөбө көрүстөнүнөн табылган алтын жергиликтүү алтынга окшош болгон. Эрте темир доорунан Кыргызстандагы тоо-кен байлыктарын казуу кыйла өздөштүрүлгөн. Жазма булактар ж-а археол. маалыматтар темир, күмүш, алтын, коргошун, калай, сымап, цинк, туз кендери иштетилгендиги ж-дө даректүү кабарларды берет. 9–10-к-дагы кытай жазма булактарында кыргыздарда алтын, темир, калай болгондугу баяндалган. Алардан сапаттуу куралдар жасалып, түрктөргө сатышкан. 10–12-к-га таандык темир иштеткен көлөмдүү комплекс Балыкчы ш-на жакын жердеги Сарыбулуң жергесинде жайгашкан. Темирдин көп өлчөмдө иштетилиши Жумгал жергесиндеги орто к-га таандык Түгөлсай шаарчасынан баамдоого болот. Талас өрөөнүндөгү Киров суу сактагычы турган жердеги Садыркоргон шаар чалдыбарынан 9–12-к-га тиешелүү 70тен ашуун кен казган жерлердин орду табылган. Бул жерде күмүш казып алуу биринчи кезекте турган. Кыргызстанда байыртадан бери металл өндүрүшү топонимикада сакталып келет. Топонимия байыркы калктардын чарбалык турмушу, маданияты, пайдалуу кен байлыктары, аларды иштетүү тууралуу маалыматтарды топтойт. Мис., Жезказган, Күмүштаг ж. б.
БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ – 7–12-к. түрк уруулары ж-а элдери колдонгон жазма. Ташка, кагазга руна, уйгур, брахма, согда, манихей, сирия (эстрангело) жазуусунда, араб тамгасы м-н түрк тилинде жазылган чыгармалардын кеңири түрү. Негизинен байыркы түрк эстелигин руна сымал жазма түзөт. Кыргыз ж-а түрк калктарынын тарыхын изилдөөдө мааниси зор. Б. т. ж. э. пайда болгон мезгил 7–8-к. деп эсептелип, жогорку чеги 11–12-к-га чейин созулат. Жазуу эстеликтеринин тили – байыркы түрк тили. Б.т.к.ж. эрте орто к- да Орхон, Енисей жээктеринде, Чыгыш Түркстан аймагындагы көчмөндөрдүн арасында жаралган. 6–7-к-да Борб. Азиянын түрк тилиндеги калктары, түрк кагандарына баш ийген калктар, төмөнку Волгадагы, Дон, Түндүк Кавказдагы түрк калктары өз жазуулары катары колдонушкан. Алгач руна жазуулары бири-бири м-н байланышпаган 37 же 38 белгиден турган. Алар согду жазуусуна караганда жыгачка ж-а ташка түшүргөнгө жакшы ылайыкташкан. Руна жазмасы түрк тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүн так берген. Үнсүз белгилер үндүү тамганын алды же арт жагына келишине жараша эки түрдө, оңдон солду карай горизонталдык абалда жазылган. О. эле тик жазылган учурлары да кездешет. Руна жазуулары гот же скандинавия руна жазуулары м-н салыштырылган. Руна жазуулары деп аталып калышы ошол себептүү. Руна жазууларынын келип чыгышы ж- дө окумуштуулардын арасында төмөндөгүдөй ойлор өкүм сүрөт: 1) кель-гот урууларына таандык; 2) енисей кыргыздарынын жазуусу; 3) грек-гот алфавити м-н түздөн-түз байланыштуу; 4) унутулган орус жазуусунун үлгүсү; 5) угро-фин аска бетине жазылган тамгалардын үлгүсү; 6) грек, түндүк финикий, түштүк семит алфавиттери м-н жакындыгы бар; 7) ирандык тамгаларга окшоштугу бар; 8) грек алфавитинин византиялык, эфталиттик формалары колдонулган; 9) б. з. ч. 8–5-к-дагы Казакстандагы Эсик көрүстөнүндөгү «алтын адамдын» жанынан табылган күмүш идиш түбүндөгү жазуу байыркы түрк руна жазуусунун башаты; 10) С. Г. Кляшторныйдын пикиринде руна жазуусу согду жазуусунун негизинде жаралган. Руна жазуусун негиздөөчүлөр согду алфавитинин тамгаларын ж-а ага мүнөздүү үндүү тамгаларды белгилөөдөн баш тартышып, силлабарий (муун эсебине жараша түзүлгөн сөз) иштеп чыгышкан. Дж. Клосондун изилдөөсү б-ча согду жазуусунан тышкары гректердин кол жазмага окшош ариби ортоперсия (пехлеви) жазуу-су пайдаланылган. Байыркы руна алфавитин 7–9-к-да Орто Азиянын көптөгөн мамл-тери пайдаланган. 10-к-да руна жазуусу Моңголияда эски жазуу катары сакталган. Ал эми Енисейде, Алтайда, Орто Азиянын түндүк- чыгышында 10–11-к-га чейин пайдаланган. С.Г.Кляшторный байыркы руна жазмасынын колдонгонуна, мезгилине, аймагына ж-а жанрына карата төмөндөгүдөй тизмектештирет: 8–11-к-да Кыргыз кагандыгынын жазуулары (Енисей бою); 7–8-к-дагы Чыгыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Моңголия, Алтай); 8–10-к-дагы Курыкан уруу союзунун жазуулары (Лена, Прибайкалье); 8–9-к-дагы Уйгур кагандыгынын жазуулары (Моңголия); 8-к-дагы Батыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Жетисуу, Фергана); Хазар кагандыгынын жазуулары (Таласта табылган жыгачтагы жазуу); 9–10-к-дагы Кимак мамл-нин жазуулары. Жазуу эстеликтери жанры жагынан 6 топко бөлүнөт: 1) тарыхый-библиографиялык тексттер; 2) эпиграфикалык лирика поэзиясы; 3) аска бетиндеги, таштардагы, курулуштардагы орчундуу окуяны белгилеген жазуу; 4) диний, адабий тексттер; 5) Дунхуандагы ж-а Мирандагы иш кагаздары; 6) тиричилик буюмдарындагы белгилер (буюм ээсинин ысмы, каалоо). 8–11-к-да Енисей боюнда жаралган руна жазуулары Таластагы жазуулар м-н жакындыгын түркологдор баса белгилешет. Бул жазууларынын мүнө-зүнө караганда атайын жазмакерлерден башка, калктын бир бөлүгү аны жаза билишкен. Жазууларда сөз чеберчилиги кыйла өздөштүрүлгөн.
БАЙЫРКЫ ЧУСТ МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮ-ШҮ. Фергана өрөөнүндө кен-байлыктардын молдугу металл өндүрүү ж-а андан буюмдарды жасоонун жогорку деңгээлде өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Фергананын Тентексай, Капыррават, Төөмоюн деген жерлеринен жез алынган. Болжолу, Чуст тургундары Чаткал тоо кыркасынын түштүк этегинен, Гава дарыясынын өрөөнүнөн жезди алып келишкен. Өзгөчө Фергана тоо кыркасында калай кенинин болушу металл өндүрүүгө жакшы шарт түзгөн. Чуст ж-а Дальверзин эстеликтеринен металл өндүрүүнүн кыйла деңгээлин чагылдырган металл уюткулары, шлаг, татаал түзүлүш- төгү кооздуктарды куюш үчүн даярдалган таш калып табылган.Чуст маданиятына таандык металл буюмдарынын көпчүлүгү колодон куюлган. О. эле калай, мышьяк кошулган буюмдар да кездешет. Фергана өрөөнүндө колого коргошун, висмут, сурьманын кошундусунан даярдалган буюмдардын болушу мүнөздүү. Колодон эмгек (орок, көзөөч, бычак ж.б.), согуштук куралдар (найзанын башы, жаанын жебеси), ат жабдыктар (ооздук ж-а анын төңөлүгү), кооздук ж-а тиричилик буюмдары (күзгү, шуру, асынып жүрүүчү кооздуктар) жасалган. Ошол эле учурда жерди иштетүү үчүн колдонулуучу таш кетмендер, орок сымал таш бычактар, жаргылчактар, кенди майдалоо үчүн пайдаланылуучу таш балкалар кездешкен, о.эле металл буюмдарды куюш үчүн чегип даярдалган калыптар, чопо идиштердин бетин жылмалоочу таштар, металл курчутуучу бүлөөлөр, чокмордун башы катары колдонулуучу таштар табылган.
БАКАН,ача бакан, түндүк бакан–жыгачтанжасалгантирөөч. Жоондугу15–20см, уз.3–5мкелген бир учу ачакей, экинчи учу мукур учталган жыгач. Б. узун, түз өскөн четин, арча, балаты ж.б-дан жасалат. Ачакейлери көбүрөөк Б. тамак-аш илгенге колдонсо, учу ачалуу узунураак Б-ды түндүк көтөрүүдө, жабууда пайдаланылат. Кийим илинчү Б. темир, күмүш м-н кооздолот.
БАКИЕВ Курманбек Салиевич (1949-ж. т., Жалалабат облусу, Сузак р-ну, Масадан айылы) – коомдук-мамл. ишмер. Кыргыз Респ-нын Премьер-министри (2000), Президенти (2005). 1972-ж. Куйбышев политехника ин- тун бүтүргөн. 1972–91-ж. Куйбышев балык заводунда жумушчу, Куйбышев ш-ндагы Масленников атн. заводдо электр-механик, инженер-электроник, эсептөө борборунун начальниги, башкы инженердин орун басары, Көкжаңгак ш-ндагы «Профиль» заводунун директору, партиянын Көкжаңгак шааркомунун 1-катчысы, шаардык кеңештин төрагасы, эл депутаттарынын Жалалабат облустук кеңешинин төрагасынын орун басары, Тогузторо р-ндук мамл. админ. башчысы (1992–94), Кыргыз Респ-нын мамл. мүлк фондусунун төрагасынын орун басары (1994–95), Жалалабат облустук мамл. админ. башчысынын орун басары, губернатору (1995–97), Чүй облусунун губернатору (1997–2000), 2002-жылдан Кыргыз Респ-нын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты.
БАКТЫГУЛОВ Жумадил Сапалович (1936, Тажикстан, Жергетал р-ну, Жергетал айылы–2000, Бишкек) – тарых ил-нин доктору (1975), проф. (1978). 1962-ж. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1965–74-ж. ошол эле ун-ттин тарых факультетинде окутуучу, доцент, 1974-жылдан Кыргызстан ИАнын Тарых ин-тунда улук ил. кызматкер, Кыргыз мамл. дене тарбия ин-тунда кафедра башчысы, Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы ин-тунун директорунун орун басары, 1983-жылдан КМУУда кафедра башчысы болуп эмгектенген. 450дөн ашык ил. эмгектин (а. и. 18 монография, 10 окуу китеби) автору. Анын ил. эмгектери көчмөн кыргыздарды отурукташтыруу проблемаларын, Кыргызстан тарыхынын историографиясынын маселелерин, кыргыз элинин калыптанышын ж. б. изилдөөгө багытталган. Кыргыз Респ-нын илимге эмгек сиңирген ишмери (1991), эл агартуу отличниги (1986). Медалдар м-н сыйланган.
БАКШЫ – кыргыздын исламга чейин туткан дининде (шаманизм) ооруган адамды ар түр-дүү айла-амал м-н дубалап дарылоочу адам. Кыргыздар, казактар эмчи-домчуларды, шамандарды Б. деп аташкан. Эркек ж-а аял Б-лар эки башка – Б. ж-а бүбү, же бүбү Б. деп аталышкан. Б-ны эл көзү ачык деп эсептешип, алардын Б-лык кыймыл-аракеттерине зор ишеним м-н мамиле кылышкан. Ислам дининин тарашы м-н Б-лык биротоло жоголуп кетпестен исламдын суфизм (сопулук) агымынын элементтери м-н аралашып, синкретикалык татаал көрүнүшкө айланган. Б. бир жерде туруктуу жашабастан дубаналык кылган. Ак куунун жүнүнөн жасалган гүлө баш кийимин, үстүнө ар кандай түстөгү кездемеден иретсиз бычылып, этек, жеңи кенен тигилген чапан сыяктуу узун жабуу кийген. Жанында алкагына көптөгөн темир шакекчелери илинген добулбасын ала жүргөн. Добулбасты кагып жин-шайтандарды кууган.
БАЛАСАГУН (туурасы Баласагын) – Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар; Караханийлер мамл-нин борбору. Шаар ж-дө алгач маалымат берген араб автору Мукаддаси Б.ш-н башка шаарлардан чоң болгондугун, эли өтө көп экендигин баяндаган. Махмуд Кашгаринин «Китаб диван лугат ат-түрк» сөздүгүндө Б-дун 2-аты Кузордо деп да берилген. Б. ш-нда «Кутадгу биликтин» автору, акын, илимпоз, ойчул Жусуп Баласагуни туулуп-өскөн. Тарыхчылар В.Бартольд, А.Бернштам ж-а кыр-гыз окумуштуулары А. Абетеков, Ө. Караев, З. Эралиев тарыхый жазуу маалыматтарга ж-а археол. табылгаларына таянышып, ба-йыркы Б. азыркы Токмок ш-нын жанындагы Бурананын аймагында болгондугун, Акбешимди шаардын калдыгы, бир бөлүгү деп эсептешет. Шаардын ортосунда ири ак сарай, анын жанында бийик мунаралуу жамы мечит, кийинчерээк жамы мечиттин жанына сулалелик көрүстөн орун алган ж-а соода-сатык, мектеп, окуу жайлары, дүкөндөр, мончолор ж.б. болгон, о.эле элчиликтер жайгашкан. Шаардын сырты чоподон согулган дубал м-н курчалган. 14-к-да ич ара узакка созулган согуштардын натыйжасында жок болушу ыктымал.
БАЛБАЙ БААТЫР, Балбай Эшкожо уулу (1797–1867) – бугу уруусунун токойлуу уругунан чыккан беделдүү манап. Ал Боромбай м-н бирдикте 1855-ж. Омскиде Россиянын букаралыгына өтүү ж-дө бугу уруусунун атынан ант кармаган. 19-к-дын 50–60-жылдарында болгон бугу м-н сарыбагыш ортосундагы жаңжалда Б. бугу тараптын кол башчыларынын бири катары белгилүү. Андагы чабыштардын биринде туткунга түшкөн Ормон ханды Б. катуу жарадар кылып, ал ошондон каза болгон. Россиядан алган сыйлыктарына карабастан ал орустарга баш ийгиси келбей өз айылы м-н Шинжандагы Текес суусунун боюна көчүп кеткен. 1864-ж. Чыгыш Түркстандагы цин-манжур эзүүсүнө каршы боштондук кыймылга катышкан. Көтөрүлүштөн пайдаланып, Сүмбөдөгү калмактардын бутпарастык кечилканасын чаап, калмактарды талоон кылууга катышкан. 1867-ж. жазында полковник В.А.Полторацкийдин кошууну Текеске келип, Б-ды туткунга түшүргөн. Верныйдагы түрмөгө камалып, күзгө маал ошол жерден каза тапкан.
БАЛБАЛДАР, б у р к а н т а ш т а р – ба-йыркы ж-а орто к-га таандык көчмөн түрк тилдүү уруулары мүрзө үстүнө коюучу таш айкелдер (скульптура). Бийиктиги 0,5–4 м. Алардын көпчүлүгүнө адамдын айкели, ки- йим–кечесинин деталдары, канжары, кылычы же колуна кармаган чөйчөгү м-н кошо чегилген. Чөйчөк молчулукту, ырыскыны чагылдырган. Б-дан көчмөндөрдүн антропологиясын, аскердик жашоо салтын байкоого болот. Айрым учурларда Б. жеңилген жоонун башчысына карата да жасалган. Б. Моңголиядан, Европанын түштүк-чыгыш та-лааларынан, Борбордук Азиядан, Түштүк Сибирден, Алтайдан кездешет. Алгачкы Б. байыркы көчмөн элдерге (скиф, хунн, авар ж. б.), көпчүлүгү 6–13-к. кыргыз, огуз, кыпчак ж.б. түрк тилдүү элдерге таандык. Мындай Б. Кыргызстандын Талас, Чүй, Ысыккөл өрөөндөрүнөн көп табылган. БАЛДАК – 1. кылыч, канжар, кездик куралдарынын бир тарабы бириктирилген же эки жагы тең ачык кош толтолуу сабы; 2. аксак кишилер колтугуна такап, басууга ылайыкталган, орто ченинде кармагычы бар, төмөн жагы бириккен, жогорку жагы эки ача болуп барып бир карышча туура жыгачка ашталган таяк; 3. атчан жүргөндө бүлдүргөлүү учун ээрдин кашына такай илип, ачакей же туура жыгачтуу учуна бүркүттү кондуруп, туур ордуна колдонулчу эки укумча жыгач; 4. оймо, сайма, чиймелерде колдонулчу бир же эки башы ачакейленген кыска же узун сызыкчалар түшүрүлгөн көчөттөр. Шырдак оюуда, чий чырмоодо, аяк кап, табак кап оймолорунда көчөттөрдү байланыштыруучу жерлерде көбүрөөк колдонулат.
БАЛТАБЕЙИТ ЭСТЕЛИГИ Каракужур өрөөнүндөгү Туурасуу ж-а Жеркөчкү айылдарынын ортосундагы дөңсөөгө жайгашкан. Бейиттин күн батыш тарабындагы түздүктө байыркы түрк дооруна мүнөздүү (6–10-к.) маркум болгон адамга арналган төрт чарчы таш коргончолор жайгашкан. Ар бир коргончонун аянты 3,4–3,8 м. Маркумга арналган ырымдар ушул коргончонун ичинде аткарылган. Күлдүн калдыктарына ж-а малдын сөөктөрүнө караганда, ырымдарды аткаруу учурунда отту колдонушкан ж-а малды маркумга арнап садага чабышкан. Коргончолордун күн батыш тарабына адамдын бет келбети түшүрүлгөн таш балбалдар орнотулган (кээсинде сүрөтү жок, жөн гана таш мамы). Балбалдардагы ар бир адамдын бет келбети бири-биринен айырмаланат. Болжолу ар биринде маркумдун сүрөтүн түшүрүүгө аракет кылышкан. Көбүнчө муруттуу эркектин сүрөтү арбын. Кыргызстанда ж-а ага коңшулаш аймактарда буга чейин кездешпеген аял келбеттүү, үч мүйүздүү баш кийими бар балбал табылган. 1990-ж. К. Табалдиев археол. изилдөө ишин жүргүзгөн. БАЛЫГООЗ,Бекмурат Кумар уулу–(1799,Кетментөбөөрөөнү–1887, Чүйөрөөнү,Басбөлтөктүн этегине коюлган) – манасчы, ырчы. Атасынан эрте ажырап, байларга жалданып күн көрөт. Колунан бардык иш келген, сокбилек м-н соку жанчканда, бир кап тарууну бир заматта актап койгон балбан болгон. Б. 13–14 жашынан ырларды, кенже эпосторду ж-а «Манасты» айыл арасында айта баштаган. 20 жашынан жамактап, ырчы болуп чыккан. Ал негизинен «Манасты» айткан. Бирок анын өз айтуусундагы «Манастын» варианты бизге жеткен жок. Айрым үзүндүлөрү гана Найманбай, Сулайман, Сокур Калча сыяктуу ырчылардан жазылып алынган. Б. санжыра да айткан. Б-дун ырчылык, манасчылык даңкы бүт кыргызга таанылганда, солтонун манабы Байтик аны өзүнө Чүйгө чакыртат. Б. Таластын элин, Ажыбек датканы, Бүргө баатырды таштап кете албай кыжалат болот. Байтик экинчи жолу чакырганда, ал Таластан Чүйгө көчүп келип, өмүрүнүн акырына чейин ушул жерде жашайт (к. Байтик макаласын). Башка манасчылардан айырмаланып, ал кыргыз санжырасын ж-а тарыхын «Манас» эпосуна байланыштуу айткан. Эпикалык арымдагы чоң акын болгон. «Манастан» тартып, «Эр Төштүк», «Сен – Саринжи, мен – Бөкөй», «Кан Шырдакбек», «Эр Табылды жалгызым», «Кытайлардын кыл муруттуу Кожожаш» деген кенже эпосторду да билген. Б. сөзгө чечен, өктөм, ачуу тилдүү, ырдаганда ж-а акындар м-н айтышканда өзүнчө бир сыйкырдуу дүйнөгө аралашып кеткендей, токтоно албай буркан-шаркан түшүп, күркүрөтүп айткан зор өнөрпоз адам болгондугун С. Азизберди уулу, Ш.Рысмендиев эскерген. Б. башка манасчылардан айырмаланып «Манастын» башаты катары «Оторкан» деген эски эпосту айтуучу экен. Ал чыгарма санжыра катары гана келип жетти. Чыгармада 10-к-да арабдардын Орто Азияны басып алган мезгили чагылдырылат. Б. Чүйдө да чоң манасчы аталып кадырлуу, сыйлуу жүрөт. Байтик өлгөндөн кийин Кочкорго көчүп барып, ал жерден Шамен м-н араздашып, кайрадан Чүйгө, Аларчага көчүп келген.
БАНЬ ГУ (б. з. 32–92) – байыркы кытай тарыхчысы. Кытайдын эзелки жылбаяны – «Цинь хань Шу» («Алгачкы династиясынын тарыхы») эмгегинин авторлорунун бири. Бул тарыхты атасы Бань Бяо баштап, бүтпөй калган. Б. Г. 20 жыл эмгектенип, б.з. 82-ж. жылбаянды жазып бүтүргөн. Анын маалыматы б-ча б. з. ч. 1- к-да түндүк хунндардын бийлик башчысы Чжичжи шанүй аскерлерин батышка (б. з. ч. 48-ж.), оболу усундарды, андан соң уцзуларды моюн сундурган. Шанүйдүн батышка жөнөткөн аскерлерине цзяньгундар (кыргыздар), динлиндер моюн сунууга аргасыз болушкан. Чжичжи шанүй багындырган үч ээлик (Уцзу, Цзяньгун, Динлин) ж-а ага баш ийген кыргыздар (цзяньгундар) Чжидеги (Турпан аймагы) батыш тарапта байырлашары ж-дө маалыматтар берилет. Хунндардын бийлиги начарлаган мезгилде кыргыздар өз мамлекеттүүлүгүн кайрадан калыбына келтире алышкан. Кытай жылбаяндарында кыргыз (цзяньгун), динлин, уцзулар жашаган аймактар «үч падышачылык» деп аталганы маалым. Б. з. ч. 56-ж. саясий көз карандысыздыкка жетишкен кыргыздар Чыгыш Теңиртоону ыктай жашаган.
БАПАКОВ Жолаалы (1890, Чүй облусу, Кемин р-ну, Каралдөбө айылы – 1918, Бишкек) – Совет бийлиги үчүн жигердүү күрөшүүчүлөрдөн. 1914-ж. Токмоктогу орус-жергиликтүү мектебин бүтүрүп, Верный (Алматы) гимназиясынын даярдоо курсуна кирген. 1916-ж. үркүндө Турпанга барып, кайра келген. 1917-ж. Пишпекте уюшулган «Букара» союзуна мүчө болгон. Пишпекте Совет бийлигин орнотууга катышкан. Пишпек солдат ж-а жумушчу депутаттарынын уезддик Советинин 1-съездинде Советтин катчылыгына шайланган. 1918-ж. коммунисттик баштапкы уюмдарды түзүүгө катышкан. 1918-ж. декабрда эсерлер колдуу болуп өлгөн. БАРАКАН КҮМБӨЗҮ – Тогузторо өрөөнүндөгү 19–20-к-дын башына таандык архитектуралык эстелик. Көгарт ж-а Атай сууларынын кошулган жердеги секиде курулган. Күмбөз Борб. Азия аймагында колдонулуучу жука, жалпак бышкан кыштан тургузулган. Усталар кышты күмбөздүн жанына бышырышкан; ага арча, акиташ, темир ж.б. курулуш материалдары колдонулган. Сөөк бузулбасын үчүн аны коё турган жайга арча колдонулган. Эл арасында күмбөзгө атактуу Тайлак баатырдын небереси Баракан ж-а анын укум-тукуму коюлгандыгы айтылып жүрөт.
БАРАҢ, ч о т а л а – огу, дарысы оозунан дүрмөттөлчү, калың, узун найлуу, шыйрактуу, сайлуу ж-а сайсыз милте м-н от коюп атылчу мылтык. Б. 14-к-да пайда болуп, мергенчилер, жоокерлер пайдаланышкан. Б-ды кыргыз даркандары колдо жасай алышкан. Азыркы учурда Б. музейлерде гана кездешет.
БАРГУЖИН ТОКУМ – байыркы ж-а орто кылымдардагы кыргыздар жашаган тарыхый-этногр. аймак. Баргу – учурда Моңголия аймагындагы топонимикалык аталыш катары да белгилүү. 13-к-да Рашид ад-Дин «Кыргыз жана Кэм-Кэмжиут кошуна, жакын турган аймактар, бул жерлер мамлекеттин (Кыргыздар мамл.) курамына кирет....Кэм- кэмжиуттун бир тарабы наймандар, андан ары Баргужинтокум деген жерде кори, баргу, тумат, байаут уруулары жашашат, алардын айрымдары моңгол тилинде сүйлөшөт» – деп белгилеген. Фарсы автору Иранда баргулардан чыккан белгилүү мамл. ишмерлер болгондугун жазат; «Баргут, кори, төөлөс, тумат уруулары тектеш элдер, аларды Селенга дарыясынын аркы жээк тарабында жашагандыгы үчүн баргуттар, алар турган аймак ушундан улам Баргужинтокум деп аталат». Баргулар түрк (кыргыз) тилинде сүйлөшкөнүн тарыхый булактагы адам аттары, алардын мансап наамдары айгинелеп турат. Кыргыз өлкөсү жайгашкан аймактарды мекендешкен, кыргыз этносунун курамына жуурулушкан. Энесайдын чыгыш тарабына жайгашкан жерлер моңголдордо 12–13-к-дарда Б. деген ат м-н белгилүү болгон. Баргуттар Чыңгыз ханга ж-а анын мураскорлоруна кызмат өтөшкөн. Баргу, төөлөс, туматтар башкаруучуларын инал деп аташкан, теги кыргыз болгон. Учурда Бурятияда Баргузин аталган админ-аймактык бирдик бар.
БАРПЫ Алыкул уулу (1884, Сузак р-ну, Ачы кыштагы –9. 11. 1949, Бишкек) – кыргыз ырчылар поэзиясынын классиги, көп кырдуу ойчул акын. Кедей үй-бүлөдөн. Сегиз жашынан жергиликтүү кыргыз байларынын малын карашып, он бирге чыкканда өзбектердин бадасын багып, Мадалы ажынын үй жумушун аткарып, он төртүндө Азирети Эшендин колунда кызмат кылууга өткөн. Андан Макаторпоктогу тайы-журтуна качып барып, он бешинен эл алдына ырдап чыккан. Адегенде Семетей найыпты жандап (болуштукка талапкер болгон), анан жети жыл Кара-бий м-н жүргөн («Беш бала»). Атасы дүйнөдөн өткөндөн (1904) кийин туулган жерине кайтып келген. Октябрь төңкөрүшүнөн соң Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышып, «Кошчу» союзунун, өз ара жардамдашуу топторунун жооптуу кызматтарында иштейт. 20-жылдарда Жарды-жалчы комитетинин төрагасы, кийинчерээк Жалалабат кантонунда Чаңгет айыл кеңешинин төрагасына орун басар болот. 30-жылдардын башында катуу ооруп, 2-көзү да жакшы көрбөй калат. Ошондон тартып коомдук турмушка жалаң ырчылык өнөрү, нускалуу сөз күчү м-н гана катышып чектелет. Б. – Ааламга ой жүгүртүп, Аалам курулушу ж-дө ырдаган даанышман санатчы («Айт! Айт! десе, Ааламды айт!», «Күн», «От», «Жер», «Аккан суу», «Шамал»).; Б. – «Ааламдагы адамды»; анын көп түрдүү, көп мүнөздүү, көп кырдуу келген кармалбас табиятын ырга салган акын («Адам», «Адамзаттын балдары», «Напси», «Жоомарттык», «Питина», «Ач көз», «Болор жигит», «Болбос жигит», «Аялдын жакшысы», «Аялдын жаманы» ж. б.).; Б. – айтыш өнөрүнүн бардык түрлөрүн чегине жеткире өнүктүрүп, түрдүү формалар м-н күтүүсүз-күтүлүү ыкмаларга салып таймашууга ашкере машыккан чыныгы универсал талант (Бекназар, Жеңижок, Эшмамбет, каражаак Калмырза, Нурмолдолор м-н болгон айтышы).; Б – махабат ырларын Чыгыштын Хафиз, Ша Машриптай көсөм акындары жеткирген эң жогорку деңгээлде ырдаган улуу акын («Мөлмөлүм», «Гөзал кыз», «Коноюн» ж. б.).; Б. – бир нече элдин руханий байлыгын бир адамдын жандүйнө стихиясына айландырып, Чыгыш маданияты м- н кыргыз, кыпчак, ичкилик, өзбек маданиятын эркин туташтырып турган жандуу көпүрө.; Б. – кыргыз тилинин алтын хорун түрдүү маани, атама, түрдүү боёк, угум, туюмдар м-н байытып келаткан жандуу таасири түгөнбөс казына. Б. эки доор, эки түзүлүш көрүп жашаган акын. Өз замандаш, өнөрлөштөрү сыяктуу эле жаңы заманды, Ленинди, партияны, социалисттик курулуштун жүрүшүн ырга салат. Өзүнүн ички турмушун, жеке тагдырын келтире ачып
көрсөткөн ырлары да көп.
БАРСБЕК, Ы н а н ч у А л п Б и л г е – 7-к-дын аягы–8-к-дын башында Енисейдеги Кыргыз кагандыгынын башкаруучусу. Анын тушунда кыргыздардын элчилери Кытайга, Тибетке, Түргөш кагандыгына жиберилип турган. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын кагандары да Б-ди өзүнө ийитүү максатында оболу анын кагандыгын таанышкан ж-а Элтерис кагандын кызын ага канышалыкка беришкен (Күл тегинге арналган эстеликтин маалыматы). Б. каган табгачтар (кытайлыктар), «он ок (элинин) каганы» (түргөштөр), чик, аз сыяктуу түрк уруулары м-н Орхондогу түрктөргө каршы согуштук ынтымак түзүүгө жетишкен. Бирок, Тоң- Йокук ж-а Күл тегин жетектеген кошуун озунуп, бул ынтымактын өкүлдөрүн бириндетип талкалоону көздөшүп, 710-жылдан 711-жылга караган кышта алар Көгмен (Саян) тоосун ашып, капысынан кыргыздарга кол салган. Суңга деген чертокойлуу жерде Б. баатырларча согушуп, курман болгон. Орхон түрктөрү аны каармандарча күрөшкөн жоосу катары аздектешкен. Енисей кыргыздары өздөрүнүн руна сымал бир катар жазма эстеликтеринде Б-ке жоктоо, кошок сөздөрүн багышташкан. Бул эстеликтердин (кошоктордун) жазылышынын өзү да «кыргыз бодун» деп Орхон жазмаларында аталган кыргыз элинин ички биримдигин айгинелейт.
БАРСКАН , Б а р с х а н – орто кылымдагы (8–13-к.) шаар. Ысыккөлдүн түштүгүнөн орун алган. Шаар аркылуу Улуу жибек жолунун бир тармагы өтүп, Чыгыш м-н Батышты байланыштырган түйүн болуп, түргөш, карлук, караханий ж-а кидан мамл-теринин саясий, экон. ж-а маданий турмушунда маанилүү роль ойногон. 9– 13-к-дагы мусулман жазма даректеринде эскерилет. Б-да туулган улуу түрк окумуштуусу Махмуд Кашкаринин «Диван лугат ат-түрк» эмгегиндеги дүйнөнүн тегерек картасына Б. ш-н да түшүргөн. Моңголдордун жапырыгынан талкаланган.
БАРСКАН ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 6–13-к-га таандык шаардын урандысы. Ысыккөлдүн тескейинде, азыркы Барскон кыштагынын түндүк-батышында. Бул шаар орто кылымдардагы Барскан ш-на туура келет. БАРТОЛЬД Василий Владимирович (1869, Петербург ш. – 1930, Ленинград ш.) – чыгыш таануучу түрколог; асыресе Орто Азия м-н Борб. Азиядагы элдердин тарыхын изилдөөчү; академик (1913), проф. (1901). 1891-ж. Петербург ун-тин (чыгыш тилдери факультетин) бүтүргөн. Эки бөлүктөн турган «Моңгол эзүүсүнүн доорундагы Түркстан» аттуу эмгеги (1898–1900) үчүн ага «Чыгыш тарыхынын доктору» деген ил. наам берилген. Түрк элдеринин тарыхын жалпылаштырып жазган эмгектеринен тышкары, айрым түрк элдеринин тарыхын байыркы доордон жаңы ж-а соңку доорлорго чейин ырааттуу жазган. Б. «Жетисуу тарыхынын очерки» (1898), «Түрк элдеринин тарыхы боюнча 12 дарек» (1927) аттуу эмгектердин автору. Анын «Кыргыздар» (1927; 1943-ж. 2-жолу басылган) аттуу монографиясы кыргыздардын байыркы замандардан соңку жаңы доорго чейинки тарыхынын кыскача мүнөздөмөсү болуп эсептелет.
БАРЫМТА – кыргыздын салттуу турмушунда орун алган уруулар, уруу бирикмелеринин ортосундагы арыздашууларды чечүүнүн каражаты. Б-нын себеби ар түрдүү – өч алуу, жайыт талашуу ж.б. Кээде чоң уруш чыгарууну көздөшүп, бир уруу-нун мүчөлөрү 2-уруунун мүчөлөрүн атайы Б-лаган. 18–19-к-да өз ара Б-чылык күч алып, элге бир топ бүлүк салган, айылдар талоонго учурап, мал кырылган. Анткени, Б-га келген мал эсеп- чотсуз союлуп, сатылган. Б-чылар, өзгөчө жылкыга тийген. Ошондуктан, жылкыны Б-чыларга сокку бере ала турган эр жүрөк адамдар кайтарышкан.
БАСМАЧЫЛЫК (түрк. басмак – кысымга алуу, кордук көрсөтүү) – Орто Азияда Совет бийлигине каршы чыккан реакциячыл кыймыл. Бул кыймыл улуттук-боштондукту көздөгөн максатта жүргүзүлгөн деген да пикирлер бар. Орто Азияда Б. 1917-ж. ноябр-дын аягынан башталат. Большевиктердин «ар бир улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугу» деген ураанынын негизинде Түркстандын улуттук ж-а клерикалдык партиялары («Шура-и Ислам», «Алаш», «Шура-и-Улеми») аймакка автономия статусун берүү м-н акырындап, Сов. Россиядан чыгарууну көздөшкөн. Ушундай максат м-н жалпы мусулмандардын 4 курултайы (26–29-ноябрь 1917-ж.) М. Тынышпаев, кийин М. Чокоев башында турган Кокон автономиялуу өкмөтүн ( өкмөткө М. Тынышпаев, ж-а М. Чокоев мүчө болгон ) түзгөн. Түркстанда кош бийлик орнойт: биринчиси, большевиктер башында турган Ташкендеги Совет өкмөтү, экинчиси, ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн ж-а «Шура-и Ислам», «Алаш» ж.б. партияларынын мүчөлөрүнөн турган Кокон автономиясы. Крайлык Советтин 4-съезди Кокон автономиясын мыйзамсыз деп эсептеп, анын өкмөт мүчөлөрү 1918-ж. февралда камакка алынат. Кутулгандары совет бийлигине каршы күрөшкө чыгышат. Ошентип, Кыргызстандын түштүгүндө граждандык согуш башталат. Басмачылыктын негизги кыймылдаткыч күчтөрүн бийликке умтулган жергиликтүү байлар, буржуазиянын өкүлдөрү, мусулман дининин төбөлдөрү түзгөн. Большевиктик партиянын ж-а совет өкмөтүнүн динге каршы жаңылыш саясаты, дин ж-а оокаттуу адамдарды куугунтукташы эл массасынын бир бөлүгүнүн кыжырдануусун туудурган. Карапайым калктын улуттук эркиндик, өзүнүн диний ишенимин коргоо үчүн жүргүзгөн күрөшүн басмачылар билгичтик м-н пайдаланган. Басмачылардын куралдуу күчтөрүнө алданган же жазалоодон корккон дыйкандар да Басмачылардын катарына киришкен. Совет бийлиги тарабынан киргизилген «Аскердик коммунизм» саясаты б-ча дыйкандардын ашыкча малын, эгинин тартып алуу эрежеси да айрым дыйкандардын басмачылар тарабына өтүшүнө түрткү болгон. Б-тын демөөр-чүлөрү бул кыймылга саясий багыт бериш үчүн панисламизм ж-а пантүркизм идеяларын пайдаланышкан. Түштүк Кыргызстанга кеңири жайылган Б. к-н Калкожо, Мадаминбек, Мойдунбек, Эргеш, Рахманкул, Көршермат, Аман палван ж.б. корбашылар жетектеген. Аларга каршы атайын Фергана фронту түзүлгөн. Кызыл Армиянын бөлүк-төрү м-н бирге жергиликтүү сов. уюмдар түзгөн ыктыярдуу аскердик кошуундар басмачыларга каршы күрөшкөн. 1923– 24-ж. Кыргызстандагы басмачылардын ири бөлүктөрү негизинен жоюлган.

#8 24 July 2014 - 20:21

#9 24 July 2014 - 20:32
БАТКЕН ОКУЯСЫ. Диний экстремисттердин тобу 1999-ж. август айынын башында эгемендүү Кыргыз Респ- нын түштүгүнө басып киришип, Баткен р-нунда өздөрүнүн лагерлерин курган ж-а аларды чыңдоого аракет кылышкан. Өздөрүн Өзбек Респ-нын мамл. бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу,
тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн. Өз максаттарына жетүү үчүн алар милициянын,
райондук админ. кызматкерлерин,
ал жакта иштеген япондук төрт геологду ж-а карапайым адамдарды барымтага алышкан. Бир катар кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн.
Динге жамынган террорчулардын бул аракети Кыргыз Респ-нын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү катары бааланып, аларды талкалоо, респ-нын чегинен сүрүп чыгуу ж-дө чечим кабыл алган. Региондук деңгээлдеги терроризмге каршы күрөштө Кыргызстанга «Шанхай бешилтигинин» келишимдерине ылайык Өзбекстан, Россия, Армения ж-а Казакстан аскердик-техникалык жактан көмөк көрсөтүштү.
Кыргызстандык жоокерлер, ыктыярдуу аскердик топтор бандиттердин бирикмелерин талкалоодо күжүрмөндүктү көрсөтүшүп,
айрымдары бул кармашта Ата Мекен үчүн курман болушту. Кыргызстандын түштүгүндөгү куралдуу кагылышуулар Кыргызстандын жалпы элинин биримдигинин,
душманга каршы сокку уруу жөндөмдүүлүгүн сыноодон өткөрдү. Респ-нын көптөгөн жаштары Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо, бандиттик топторду талкалоо үчүн өз ыктыяры м-н аттанышкан.
Респ-нын түштүгүндөгү баскынчылардан жапа чеккен элдерге, аскерлерге жардам берүүгө Кыргызстандын эли колунан келген жардамдарын көрсөтүштү.
Кыргызстандын түштүгүндөгү бул окуя респ-нын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу ишинде чоң сабак болгон. Мында респ-нын куралдуу күчтөрүндөгү кемчиликтер,
аскердик техниканын,
курал- жарактын жетишсиздиги ж. б. айкын көрүндү. Кыргызстан Өкмөтү бул кемчиликтерге жеткиликтүү баа берип, тийиштүү чараларды көрө баштады. Куралдуу кагылышуулар болгон чөлкөмдүн стратегиялык ж-а социалдык- экон. маанисин эске алып, Кыргыз Респ-нын Президенти А. Акаев 1999-ж. 13-октябрда Баткен облусун түзүү ж-дөгү мыйзамга кол койду. Бул облуска Ош облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек р-ндору ж-а Кызылкыя ш. киргизилип,
жаңы облустун борбору Баткен айылы болуп белгиленди.
БАТМАН – чен бирдиги. Фергана өрөөнүндөгү кыргыздарда 4–16 пудга чейинки салмак чени, Талас өрөөнүндөгү кыргыздарда 12 пудду билдирген. Калган аймактарда Б. так эмес салмак ченин билдирген. БАТЫЙ, Б а т у (1208–1255) – моңгол ханы. Жучунун экинчи баласы, Чыңгыз хандын небереси. Атасы каза болгондон кийин Батый анын жерлерин ээлеп калат, кийин Чыңгыз хан аны улуска хан кылып дайындайт (1255). Россия ж-а Чыгыш Европага жасаган жүрүштүн негизги уюштуруучуларынын бири (1236–41). Үгөдөй хандын өлүмү ж-дө кабар алып, Батышка жасаган жүрүшүн токтотот да, улуу ханды шайлоого катышуу үчүн Моңголияга кайтып келет. Батыш аймактарын басып алгандан кийин Б. жерлерин өз бир туугандары м-н бөлүшүп алат. Б-га Карпат тоолорунан чыгыштагы Жайыкка (Уралга) чейинки; Шейбанга – Жайыктан Сырдарыяга, Орды-Иченге – Саян, Байкалга чейинки аймактар тиет. Б-дын улусу – Алтын ордо, Орды- Ичендики – Ак-ордо, Шейбандыкы – Көк ордо аталган.
БАТЫЙ ЖАПЫРЫГЫ – башында Батый хан турган моңголдордун Чыгыш ж-а Борбордук Европага жасаган баскынчылык жортуулу. 1236–41-ж. Волга боюндагы булгарларды басып алган. 1237–38-ж. орустардын түштүк-чыгыш аймагына, 1238–40-ж. кыпчак, алан уруулук бирикмелерине жортуул жасап, 1240-ж. түштүк орус аймагын басып алган. 1241–42-ж. Адриат деңизине чейин жортуул жасаган. Борб. Европаны бекем кармап тура албай кайра артка кайткан. Чыгыш Европа жерлери бүлгүнгө учурап, Русь мамл-нде моңголдордун эзүүсү башталат.
БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ – 581–704-ж. азыркы Кыргызстан, Казакстан ж-а Чыгыш Түркстандын аймагын ээлеген мамлекет. Түрк кагандыгы 581-ж. жиктеле баштап, 603-ж. биротоло Батыш ж-а Чыгыш Түрк кагандыктарына бөлүнгөн. Б.Т.к-нын борб. Чүй өрөөнүндөгү Суйаб ш. болгон. Мамл-тин башында каган турган. 7-к-дын. башында Батыш Түрк кагандыгы абдан гүлдөп, ага Самаркан м-н Бухараны ээлеген Согду мамл. ж-а Чыгыш Түркстандын эли (дулу ж-а нушиби уруулук бирикмелеринен турган «он ок эли») кирген. Б. т. к. 704-ж. Түргөш кагандыгынын курамына кошулган.
БАЧАЙЫ – жибек кездеме. Ал Ташкен, Анжиян, Фергана, Ош ж.б. кол өнөрчүлүгү өнүккөн ш-ларда токулган. Б-дан жууркан, алтыгат капташып, туш кийизге ортолук жасашкан; кыз-келиндер көйнөк, күрмө; улгайган аялдар, балдар чапан кийишкен.
БАШКАРУУ – салттуу коомдук мамилелер мезгилинде элдин жашоо-тиричилигин иретке келтирүү. Кыргыздардын тарыхый өнүгүшүндө Б-нун ар кандай түрү өкүм сүргөн. Патриархалдык мамилелер мезгилинде урууну, урукту, патриархалдык чоң үй-бүлөнү жашы улуу, нускалуу, көптү көргөн аксакал башкарган. Согуштук демократия күч ала баштаганда Б. элдин катмарынан чыккан баатырларга өтүп, бара- бара алардын арасынан хан ж-а аны м-н кошо хандык бийлик өкүм сүрө баштаган. Көчмөн шартта мамлекеттүүлүктүн белгилери ушул системада түзүлүп, уюшкан аскердик көчмөн аристократиясынын келип чыгышына өбөлгө түзгөн. Кыргыздардагы Б. көчмөн ж-а жарым көчмөн жашоо шартына толук ылайыкташтырылган. Б. системасына бийлер, манаптар, баатырлар киришкен. Кыргыз коомунда бийлердин ролу күчтүү болгон. 18-к-дын аягынан тартып Кыргызстандын түндүгүндө бийлердин бийлиги манаптарга өтө баштаган, натыйжада башкаруу системасы – манапчылык пайда болгон. Бийлер сот бийлигин жүргүзүп калган.Манаптар бир нече социалдык катмарларга бөлүнгөн. Бир атанын балдарынан түзүлгөн туугандык топту эркек киши башкарган. Кыргыздардын Б. системасында аялдар да көрүнүктүү орунду ээлеген. Тарыхтын тигил же бул кырдаалында алар бүтүндөй элдин башында турган, жортуулдарга башчылык кылган.
БАШКЫР, БАШКОРТОСТАН КЫРГЫЗДАРЫ. Бүгүнкү башкырлардын курамындагы кыргыздар Башкортостандын түндүк-батыш ж-а чыгыш аймактарында 9–10-к. жашап келишүүдө. Башкортстандын батыш аймагындагы кыргыздар 9–10-к. кыпчак толкуну м-н (Сырдарыя аркылуу журт которуп келген байыркы башкыр уруулары), ал эми чыгыш бөлүгүндөгү кыргыздар 16–17-к. Енисейден журт которуп келген «кыргыз» этнокомпоненттери экендигин изил-дөөчүлөр белгилешкен. Кыргыз этнонимдери бүгүнкү башкырлардын курамында табын, кудей, миң урууларынын курамында кездешет. Табын этнониминин удаалаштары (параллелдери) хакастардын жана фуйу кыргыздарынын (хакастарда – табхын, фуйу кыргыздарында – табындар) курамдарынан кездешет. Кыргыз уругу кирген кудейлер-дин бүгүнкү кыргыздарда кудайлат (басыз уруусу) аттуу удаалашы бар. Худалат Хакасияда топонимикалык аталыш катары да маалым. Санжыра б-ча башкырлардагы кадыкей, танкей кыргыз уруктары өздөрүнүн баштапкы мекени катары Сибирь аймагын, теги жагынан Чыңгыз ханды, түпкү бабаларынан Төнөк бийди аташат. Алардын этногенезисинде Мөңгүсуг (Минусин) чөлкөмү өзгөчө орунду ээлери шексиз. Моңгол баскынчылыгына чейин башкырлар 12 уруудан турган бирикмени түзүшүп, алардын жетөө мурдагы Уфа провинциясында, Ика дарыясынан батышка карай болярлар, Ика ж-а Деме дарыяларынын жогорку агымдарында кыргыздар турушкан. П. И. Рычковдун «Топография Оренбургская» аттуу эмгегинде (1730) кыргыздар өз алдынча 4 уруудан турган эл катары чагылдырылат. 19-к-да Башкортостандагы кыргыздар өздөрүнүн бирдиктүү жашоосун уланта беришкен.
БАШ ТАҢМАЙ – ата-энеси үйдө жокто балдары (кызы, уулу, келини) өзүнүн теңтуштарына (айрым учурда коңшуларына, туугандарына) атайы жасап берген тамак-ашы.
БЕГЕЛДИНОВ Талгат Якубекович (1922-ж. т., Бишкек) – Советтер Союзунун эки жолку Баатыры (1944, 1945). 1940-ж. Сов. Армия-нын катарына чакырылат. 1942-ж. Чкалов (азыркы Оренбург) атн. аскердик авиациялык мектепти бүтүрүп, учкуч укугун алат. 305 жолу учуп чыгып, душмандарга каршы согушкан. Б. 1950-ж. Авиация академиясын бүтүрүп, полктун командиринин орун басары ж-а штабдын начальниги болуп 1956-ж-га чейин иштеген. СССР Жогорку Советинин 2–3-чакырылышынын депутаты. 2 Ленин, 2 Кызыл Туу, 1-, 2-даражадагы Невский, Кызыл Жылдыз, 3-даражадагы Даңк ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Б. «305 жолу учуу» (Фрунзе, 1966), «Илдер чабуул коюшат», «Асмандагы беттешүү» (Алма-Ата, 1966, 1967) мемуарларынын автору.
БЕЙШЕКЕ ТУРГУН ЖАЙЫ – 10–12-к-га таандык эл отурукташкан жайдын калдыгы. Талас өрөөнүндөгү Бейшеке кыштагында. Эки бөлүктөн туруп, экөө тең чеп м-н курчалган.
БЕЙШЕНАЛИЕВА Бүбүсара (1926, Чүй облусу, Аламүдүн р-ну, Ташдөбө айылы – 1973, Бишкек) – белгилүү балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири. Кыргыз ССР эл артисти (1954), СССР эл артисти (1958). 1936–41-ж. Ленинград хореографиялык окуу жайында окуган. 1941-жылдан Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрынын солисти. 1949-жылдан Бишкектеги хореографиялык окуу жайынын педагогу. Сахнада В. Ференин «Селкинчек» (1943, балетмейстер Л. М. Крамеревский) балетинде Зайнуранын ролун аткаруу м-н зор бийчилик жөндөмү, профессионалдык даярдыгы бар экенин көрсөткөн. Ал катышкан «Чолпон» балет-фильми дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө коюлган. Бий өнөрүндө көптөгөн образдарды жараткан. СССР Жогорку Советинин (1962–70), Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1955–62). Кыргыз Респ-нын Токтогул атн. мамл. сыйлыгынын лауреаты (1970). Анын ысмы м-н Кыргызстан мамл. искусство ин-ту ж-а Бишкек ш-ндагы көчө аталган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
БЕК, б е г, б е й, б и й (түрк. бийлөөчү, төрө; эмир дегендин синоними) – Жакынкы ж-а Орто Чыгыш өлкөлөрүндө уруу башчыларынын, о. эле феодал ак сөөктөрүнүн титулу. Б. Орто Азияда 14-к-дан тартып кезигет. Алтын ордонун ханы мусулман динин кабыл алган моңгол нойондоруна Б. титулун берген. Кыргызстанда Кокон ханы үстөмдүк кылып турган учурда пайда болгон. Хан тарабынан дайындалып, бир вилайетти башкарган адамды Б. деп аташкан. Ал түздөн-түз ханга баш ийип, вилайетте бийликти өз колунда кармап турган, элден алык-салык жыйнатып хандын казынасына өткөргөн, хандын аскерине толуктоо жиберип, өз вилайетиндеги жоокерлерге башчылык кылган. Кыргыз Б-тери Кокон хандыгынын тиреги болгон. Мансаптан ажыраса деле Б. наамы сакталып калган.
БЕКМУРАТОВ Саид (1901, Ош облусу, Карасуу р-ну, Жылкелди кыш. – 1966, Бишкек) – кыякчы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1939). Совет бийлигин чыңдоодо басмачыларга каршы күрөшкө, жер-суу реформасын ишке ашырууга, коллективдештирүүгө катышкан. Кыяк тартып, комуз черткенди чоң атасы Калымбеттен үйрөнөт. Кийин Нармат, Айдараалы, Ашыр сыяктуу чоң кыякчылардан таалим алган. 1933-ж. Бишкекке чакырылып, музыкалуу драма театрында, 1936–61-ж. филармонияда иштеген. «Сырдаш», «Кер өзөн», «Бекарыстан Тайчы», «Ак токту», «Ат кетти», «Шырдакбек», «Паризат», «Бери чык» ж. б. күүлөрү бар. Кыргыз адабияты м-н искусствосунун эки жолу Москвада өткөн он күндүктөрүнө (1939, 1958) катышкан. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар м-н сыйланган.
БЕКНАЗАР КУУДУЛ, Б е к н а з а р Арзымат у у л у (1881, Жалалабат облусу, Токтогул р-ну, Ничкесай айылы – 1953, ошол эле жерде) – эл куудулу, жамакчы. Б. К. томаяктын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы жокчулуктун айынан жалданып иштеш үчүн Арстанбапка жакын Кызылсуу кыштагына байыр алып калат. Жети жашында энесинен ажырап, өгөй эненин каарынан 9 жашында үйүнөн безип, Арстанбап мазарына келип, андагы шайыктарга кумганчы (дааратка суу даярдап бергич) болуп 7 жыл иштеген. Бул жерде ал кожо- молдолордун алдамчы экенине көзү жетип, аларды жек көрүү сезими пайда болгон. Алардын «Мусулманчылыктын азабы», «Мусаллага тойгондогу зикир», «Молдолор тооруганда», «Жума намаз эмне үчүн каза болду?», «Жалгыз көздүү жан алгыч» сыяктуу оозеки аңгемелери эл ичинде кеңири тараган. 30- жылдары Токтогул р-ндук театрында иштеген. Ал сагызган, чакчыгай, күкүк, карышкыр, мышык, теке, бука, ит (бөтөнчө күчүктөрдүн) ж. б-дын дабышын куду өзүндөй туурай алган. Б. К. Токтогул акындын шакирттеринин бири болгон.
БЕЛБОО – белге курчана турган буюм. Көбүнчө көп түстүү жоон жиптерден чалып токуу, өрүү жолу м-н колдо жасалган. Б. жиптери жүндөн, кебезден, жибектен түрдүү түстө, түрдүү жоондукта даярдалган. Чачы жиптери жибектен болгон. Б. учтары, төмөнкү чети, айрым учурда жогорку чети да түрдүүчө чачылган. Б-нун уз. белге бир же эки оролуп, учтары алды жака илмек байланган. Б. чепкендин, ичиктин, тондун, кемзелдин, көйнөктүн сыртынан курчалган. Алтын, күмүш жипчелери аралаш согулган, чачыланган баалуу Б-лор да болгон. Кийин Б. кездеме кур, кемер кур м-н алмашылган.
БЕЛДЕМЧИ – 1. аялдардын белден ылдый тартынчу кийими. Б. баркыт, нооту кездемелеринен этеги жазы, жогорку бөлүгү белге кынаптала жасалып, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Б. кебез, жүн, жука жасалган кийиз, ара туулган козу-улактын өңдөлгөн терилери м-н ичтелет. Кашаты башка жактарына караганда тыгыз шырылып, калыңыраак келет. Жээктери саймаланып, кундуз карматылып, чачыланып кооздолот. Б-нин эки түрү кездешет. 1-түрүнүн алдыңкы жээктери биригип тигилет (түндүк ж-а түндүк-батыш аймактарга мүнөздүү). 2-түрү Алай, Памир аймактарында кеңири тараган. Б-нин алды жагы ачык тигилет. Б-нин кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү ж-а түсү аны кийүүчү кишинин жашына, өңүнө, тулкусуна жараша жасалат; 2. жоокерлердин кийимдеринин бир бөлүгү. Анын алды ачык, арт жагы, капталдары калың кийизден жасалып, бетине майда темирлер капталган.
БЕЛОЦКИЙ Морис Львович (1895–1938) – партиялык ж-а мамл. ишмер. 1933–37-ж. Кыргыз обкомунун 1- катчысы. 1919–20-ж. Украинада партиялык кызматкер, 1920–24-ж. жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын 1- аткычтар армиясында комиссар, Москвадагы Аскер академиясынын аскер комиссарынын жардамчысы. 1924– 25-ж. СССРдин Бухара Эл Респ-ндагы консулу, РКП(б)нын Түндүк Кавказ крайкомуна жооптуу инструктор; 1929–33-ж. Түндүк Кавказ крайында партиянын Миллерово округдук комитетинин, Түндүк Осетин обкомунун катчысы, СССР Осоавиахиминин төрагасынын орун басары. 1937-ж. жазыксыз жерден репрес-сияга учураган. БЕЛСАЗ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИГИ – б. з. ч. 1-миң жылдыктан орто кылымдын аягына чейинки мезгилге таандык кө-рүстөндөр. Кочкор р-нундагы Карасуу ж-а Карасаз айылдарынын түштүк тарабындагы дөбөдө жайгашкан. Булардын ичинен «муруттуу» деп аталган көрүстөндөр өзгөчө мааниге ээ. Көрүстөндүн күн чыгыш тарабында уй мүйүз сымал атайын тизилген таштардын негизинде аталган. Мындай эстеликтер Казакстандын түштүгүндө кеңири белгилүү. Байыркы түрк доорундагы көрүстөндөрдүн басымдуу көпчүлүгүндө маркумдун жанына жылкынын кошо көмүлгөн учурлары арбын. 11–14-к-га таандык көрүстөндөрдө жылкынын ордуна маркумдун бут жагына ат жабдыктары жайгаштырылган. Маркумдун жаш өзгөчөлүгүнө, жынысына жараша буюмдар кошо көмүлгөн. Мис., аялдын жанына чоң темир кайчы коюлса, коңшу көрүстөндөгү кыздын жанынан кичине кайчы табылган. О. эле кыздын баш жагында ж-а эки колунда 3 жез тыйын болгон. Ар бир маркумдун баш жагына койдун жото жилиги (чүкөлүү жилик) коюлган. Салтка айланган мындай жөрөлгө маркум болгон адамга тиги дүйнөдө күч берүүчү ишеним м-н байланыштырылат. 1990-ж. археолог К. Ш. Табалдиев, 2002-ж. М.И.Москалев ж-а О.А. Солтобаев тарабынан изилденген. БЕЛТИР – хакастардын курамындагы эт-ностук топ; 18-к. чейин Абакандын оң жээгинен Арбат ж-а Табатка чейинки жерлерди байырлашкан кыргыздын бир уруусу. Орус жазма булактарында Б. аймагы 1635-жылдан белгилүү. Кяхта келишимине (1727) Б. катышышып, чегараны көзөмөлдөөгө укук алышкан. Учурда Б-лер тарыхый санжыраларды жакшы билишет ж-а 15–18 муунга чейин айтып бере алышат. БЕРДИКЕБААТЫР, Бердике Сырдыбай уулу(18-к-дынортосу, азыркыТаласр- ну,Бешташ капчыгайы – 18-к-дын аягы, Анжиян ш.) – түндүк (аркалык) кыргыздардын Жуңгар хандыгына каршы күрөшүн уюштуруучулардын ж-а жетекчилеринин бири. Саруу уруусунун алакчын уругунан. Кушчу, жетиген урууларынын башчысы Эр Солтоной, Итим баатыр, солто элинен Жа-йыл м-н Кошой, саяктардын эр Садыр, сарбагыштан Атаке баатыр ж. б. м-н бирдикте кыр-гыз жергесин жуңгарлардан бошотууда айрыкча таанылган. Санжырачылардын айтуусуна караганда Б. б. жоого киргенде жайдак ат минип, кылыч чаап, айбалта соккон. Жогоруда аталган баатырлар м-н Талас өрөөнүнөн, Чүйдөн, Кеминден баскынчыларды сүрүп, Ысыккөлдүн тескейин бошотушкан. Б. б. үч жыл көл боюнда туруп, хан Б. аталган. Б. кийин Таласка келип, кокон бийи Эрденеге каршы аттанган. Ушул жортуулунда Б. б-ды Анжиянда Эрдене бийдин тыңчылары ууланган жебе м- н капысынан атып өлтүрүшкөн.
БЕРНШТАМ Александр Натанович (1910, Керчь ш. – 1956, Ленинград ш.) – археолог, тарых ил-нин доктору (1942), проф. (1946-52). 1933-ж. Ленинград мамл. ун-тин бүтүргөн. Жетисуу, Теңиртоо, Памир-Алай, Фергана аймагында археол. иштер жүр-гүзгөн. Б-дын эмгектеринде Орто Азиядагы, айрыкча Борб. Теңиртоо, Памир-Алай, Талас, Чүй өрөөндөрүндөгү көчмөн элдердин ж-а уруулардын этногенези, коомдук түзү-лүшү, чарбасы, о. эле маданияты м-н искусствосунун тарыхы, эпиграфикасы ж-а нумизматикасы баяндалат. Кыргызстанга арналган негизги эмгектери: «Кыргызстандын архитектуралык эстеликтери» (1950), «Чүй өрөөнү» (1950), «Байыркы Фергана» (1951), «Борбордук Тянь-Шандын ж-а Памир-Алайдын тарыхый-археологиялык очерктери» (1952), «Талас өрөөнүнүн байыркы эстеликтери» (1941) ж. б. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар м-н сыйланган.
БИРУНИ,Бируни Абу Райхан(979,ХорезмденалысэмесКятдегенжердетуулган–1048)–орто азиялык илимпоз-энциклопедиячы, ойчул. 160тан ашуун ил. эмгектери болгон. «Геодезия», «Минерология», «Хронология», «Индия», «Масуд Канону» ж. б. «Хронология» деген эмгегинде дүйнөдө биринчилерден болуп, Батыш ж-а Чыгыш өлкөлөрүндө колдонулган жыл санактар сис-темасы, алардын өзгөчөлүгү, түрдүү элдердин үрп-адаты, салт-санаасы терең изилденген. Б. грек, латын, араб, фарсы, түрк, хинди, ж.б. тилдерди өздөштүргөн. Байыркы замандын окумуштуулары (Пифагор, Сократ, Платон, Аристотель, Гален, Птоломей) ж- дө ил. эмгектерди жазган. Анын эмгектери табият таануу ж-а коомдук илимдердин тармактарын изилдөөгө багытталган. Б. поляк окумуштуусу Николай Коперниктен дээрлик 500 жыл мурда эле асман телолорун, аалам түзүлүшүн, күн системасын окуп үйрөнүп, жер шар формасында экендигин ж-а ал өз огунда айлануу м-н күндү тегеренип жүрөт деген тыянакты ил. түрдө далилдеген. Д. Менделеевден 1000 жыл мурда көптөгөн металл, минерал ж-а химиялык заттардын салыштырмалуу салмагын изилдеп, так эсептеп чыккан. Биринчилерден болуп жер шарынын радиусун эсептеп чыгып, ал 40 миң км түзөт деп жазган ж-а Жер шарынын глобусун жасаган. Анын пикири б-ча, күн бул жанып турган от. Ал бөлүп чыгарган нурдун ылдамдыгын билүү өтө кыйын, аны үндүн гана ылдамдыгына теңеп билүүгө мүмкүн. Бирок ал андан да чоң ылдамдыкта жүрөт деп эскерткен. Тарых илими б-ча да бир канча эмгектеринде 7-к-дагы Муканнанын көтөрүлүшү, карматтар кыймылы ж-дө маалыматтар камтылган. Кыргыздарды тили б-ча түрк элдерине кошуларын ж-а өздөрүнүн падышасын кан же хан деп аташарын эскерткен. Анын эмгектери англис, араб, орус, өзбек тилдерине которулган.
БЕХИСТУН АСКАСЫ түндүк-батыш Ирандын Керманшах ш-нан 80 км алыстыкта жайланышкан. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү аска летописи. Б. з. ч. 516-ж. Дарий Iнин буйругу б-ча жерден 152 м бийиктикте, уз. 20 м, бийиктиги 8 м келген тик аскада байыркы перс клинопись жазмасы аркылуу элам ж-а вавилон тилдеринде Орто Азия ж-а Теңиртоо аймагын байырлашкан көчмөн элдер тууралуу алгачкы маалымат берилет. Жазмада Дарий Iнин Орто Азияга жасаган жортуулу ж-а ал басып алган элдер (өзгөчө сактар) тууралуу кабарлар берилет. Бул байыркы жазууларды 1835–47-ж. Г. Роулинсон которгон.
БЕШБАЛЫК (түркчө «Беш шаар») – Чыгыш Түркстандагы орто кылымдарга таандык шаар. Азыркы Синьцзянь Уйгур автономиялуу р-нунун Үрүмчү ш-на жакын жайгашкан. Кытай даректеринде Бэйтин деген ат м-н да белгилүү. 7-к-дын 40-жылдары Чыгыш Түркстанда кытай аскер гарнизондору уюштурулуп, 658-жылдан Б. чөлкөм-дөгү Кытайдын коргонуу борборуна айланган, аны башкаруу кытай акимдерине, кээде түрк акимдерине тапшырылган. Б. ж-а Аньси гарнизондору Түргөш кагандыгы-нын түштүк-чыгыш чектерине коркунуч келтирип турган. 714-ж. Кытай коменданты түрк урууларынын чабуулунун мизин майтарган. 8-к- дын 2-жарымында Кочо, Карашаар ж-а Б. ш-лары Моңголиянын түн-дүгүндөгү Уйгур мамл-нин протекторатына айланган. 788–89-ж. тибеттиктер м-н карлуктардын биргелешкен күчтөрү Бейтинге чабуул коюшкан. Андагы уйгурлар м-н бирге алардын союздашы кытайлыктар шаар-ды таштап качышкан. 791-ж. күзүндө уйгурлар абалды оңдогонго аракет кылып, 60–70 миң аскерлерин жөнөткөн, ал жүрүш ийгиликсиз аяктаган ж-а Б. карлуктардын колунда калган. 840-ж. Уйгур кагандыгы кыргыздардын соккусунан кыйраган. Алардын Яглакар Пантегин баштаган бөлүгү Чыгыш Теңиртоонун этектерине көчүп келген. Буку Чин башында турган уйгурлардын жигердүү тобу Б-ка бекем орноп, 866-ж. Турпанды басып алышкан ж-а тибеттиктерди кыйратып, аймакка толук кожоюндук кылышкан. Натыйжада, Чыгыш Теңиртоонун этегиндеги Кочо ж-а Б. ш. кайрадан түптөлгөн Уйгур мамл-нин борб. болуп калган. 840-жылдан кийин уйгурлардын артынан түшкөн кыргыздар Аньсин ж-а Бэйтинге чабуул коюп, убактылуу ээлешкен. 982-ж. Кытайдын Сун сулалесинин элчиси Вань Янь-дэ Б-та кабыл алынган ж-а шаар ж-дө анын жазгандары сакталып калган. Б. тууралуу автору белгисиз «Худуд ал-Ааламда» (982–983) ж-а Гардизинин «Зайн ал-ахбар» («Кабарлардын аземи») эмгегинде эскерилет. «Худуд ал-Ааламда» Тофкан (Теңиртоо) тоолорунан түндүктөгү Панжиканс ш. (Б-тын персче которулушу) эскерилет ж-а ал уйгур падышасынын жайкы резиденциясы экендиги көрсөтүлөт. Гардизинин кабары б-ча «тогуз гуздардын падышасынын» ордосу Арк (Карашаар) эсептелинген, ал эми Пенжикент (Бешбалык) өлкөдөгү шаарлардын бири болгон. Хакандар м-н кан төгүлгөн салгыла-шуудан кийин Б-тан чыккан династия бийликти алган. 13-к-да Б-ка Моңголиядан качкан уруулар, кийин моңголдор өздөрү келишкен. Моңголдордон кийин Б. Чагатай улусунун карамагында турган. Чагатай тукумдарынын ич ара согуштары да шаар турмушу үчүн тескери таасирин тийгизген ж-а 14-к-да Б. өзүнүн жашоосун токтоткон. 15- к-да Б. аймактын аты катары гана пайдаланылган. 14–15-к-да Темирдин небереси Искендер Моголстанга кол салып, Алмалыктын ж-а Хотандын сулууларын, о. эле Б-тагы кыргыз чүрөктөрүн колго түшүрүп, чоң атасына тартууга жөнөткөндүгү айтылат. Демек, 14–15-к-да кыргыздар Чыгыш Теңиртоонун этектерин, б.а. Б-тын айланасын байырлашкан.
БЕШБАРМАК – майда тууралган эттен жасалган кыргыздын эң сый тамагы. Бышкан эт тууралып, эттин сорпосуна бышырылган кесме ж-а майлуу чык аралаштырылып Б. жасалат.
БЕШИК – бала бөлөнө турган жыгач терметме. Б. көчмөн жашоого ыңгайлуу болгон. Б-тин тулкусу толугу м- н жыгачтан жасалган. Жеңил ж-а бышык жыгачтарды тандашып, жоондугу 15–20 см, уз. 1,20–1,50 см келген эки жыгачты алкак түрүндө ийип кургаткан. Алкактардын учтарын (буттарын) көзөп, жарыш чабактар (таякчалар) бекитилген. Жарыш чабактарга узун-туурасынан аркы-терки сызма тартылып, ага оюгу бар олпок, жалаяк төшөлгөн. Бала булганбас үчүн олпоктун оюгуна шимек (койдун жото жилиги же жыгач) коюлуп, алдына күлтүк кыстарылган. Бала Б-ке кыпчыктардын (жаздыкчалар же бүктөлгөн чүпүрөктөр), боортколордун (жаза сызмалар), чарчы ороолордун жардамы м-н бөлөнүп, жабуу (төшөк) м-н жабылган. Көчмөн чарбалар отурукташа баштаган мезгилден Б-тин өркүндөтүлгөн түрү жорго Б. деп аталган. Ал тал же тыт жыгачынан жасалат. Мындай Б-те сызмалардын ордуна туташ жука тактайчалар кагылып, күлтүк үчүн гана тешик калтырылат. Б-тин эки капталына (башына ж-а аягына) жаа сымал жыгач ашталып, Б-тин термелишин жеңилдетет. Жорго Б-тин жыгачтары сырдалып, оймо-чийме түшүрүлүп кооздолот. Б. баланы таза кармаганга, тез уктатканга ыңгайлуу. Б-тин дагы бир сейрек учуроочу түрү – асма же жел Б. Ал керегелердин башына байланган аркандан жасалып, төмөн жагына бала жатканга ыңгайлуу орундук даярдалган.
БЕШИК ТОЙ – наристени кундактан чыгарып, 1-жолу бешикке салар күнү айылдагыларды, туугандарды чакырып берилген тамак. Көбүнчө байбичелер, аялдар чакырылат. Б.т-го чакырылгандардын ар кимиси өз алыш-бериштерине жараша, баланы бешикке бөлөөгө керектелчү нерселерди (мамык олпок, саймалуу жаздык, асемделген боортко, түрдүү ороочтор ж.б.), баалуу буюмдарды, мал алпарышат. Сый ортологондо бешикти сакалдуулап жасап, шимеги, чулгоолору жылытылат. Алардын бардыгы арча түтөтүү м-н аласталып, бешиктин алкак, буттарын, туткасын майлап наристени бешикке бөлөшөт. Чогулгандар тамактарын ичип, жакшы каалоо, баталарын берип тарашат.
БЕШМАНТ – сырт кийимдин түрү; аялдар, эркектер кийишчү жеңил тыш кийим. Кыргыздарда анын эки түрү белгилүү – жеңи узун Б. ж-а жеңи кыска Б. Тигилиши б-ча тизеге жетип, ичи жүн салынбай ичтелген. Б-тын бели кыпча, этеги кең, жакасы тик чыгарылган.
БЕШ ТАШ, т о п т а ш – жаш балдардын, көбүнчө кыздардын чакмакка окшогон оюну. Аны ойногонго 2ден көбүрөөк балдар катышат. Оюнга катышкандардын 1-тарабынан бирөө колундагы таштарды жерге чачат. Арасынан бир ташты алып аны жогору ыргытып, ал жогортон келгенче жерден бир таш алып ыргытылган ташын тосуп алат. Жыдыбай жердеги төртөөнү бирден алып, оюнун улантып, экиден, үчтөн, акыры төртөөнү чогу бир жолу алып утат. Эгерде макулдашуу узак ойноо болсо, Б.т-ты көкөлөтө акырын ыргытып, анын бирөөсүн колунун сыртына тосуп, анан аны кайра жогору ыргытып, ташты ыргыткан колунун алаканы м-н тосуп алат. Жерге түшкөн таштарды сол колунун бармак, сөөмөйүн жерге такап, экөөнү алдынан өткөрө бирден шилтейт. Жыдыбай баарын өткөрсө, оюнун улап экиден, үчтөн, акыры төртөөнү бир шилеп өткөрөт. Жыдыса, оюнду атаандашынын кезектегисине берет.
БЕШТАШКОРОО КӨРҮСТӨНҮ ЖАНА ПЕТРОГЛИФТЕРИ Кочкор өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы Каратоонун этегинде жайгашкан. Байыркы түрк дооруна (6–8-к.) таандык. Аска бетине түшүрүлгөн тоо текелердин, ритуалдык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү арбын. Тоо текелерге жаа м-н аңчылык кылуу көрүнүштөрү кездешет. О. эле жылкы, түлкү, карышкырлардын чегип түшүрүлгөн келбеттери да бар. Коло дооруна таандык көрүстөндөр изилдене элек. Сак-усун доорлоруна тиешелүү көрүс-төндөр изилденген. Маркумдун аты м-н ко-шо көмүлгөн салт басымдуулук кылып, көрүстөн-дөрдөн жоокердин, аялдын, жаш баланын жандарынан жылкынын сөөгү, ооздугу ж-а токулган ээрлер табылган. Жылкысы жок өзү гана көмүлгөн көрүстөндө- гүлөрдү тирүү кезинде социалдык абалы төмөн адамдар болгон деп болжоого болот. Маркумдун баш жагына койдун жото жилигин коюу салты ошол мезгилде калыптанып, 13–14-к-га чейин уланган. Үзөнгүлөрдүн бир канча түрү табылган. Көрүстөндөрдү 1991–94-ж. К.Табалдиев жетектеген археологдор тобу изилдеген.
БЕШТАШ КӨРҮСТӨНҮ Талас өрөө-нүндөгү коло дооруна таандык эстелик. Көрүстөндөрдүн чекелерине чоң жалпак таштар тикесинен орнотулган да, ортосу таштар м-н төшөлгөн. Н. П. Кожемяко изилдеген. БЕШТАШ ШААР
ЧАЛДЫБАРЫ – 10–12-к-га таандык шаардын калдыгы. Талас р-нундагы, Бешташ капчыгайында жайгашкан. Археол. табылгалары б-ча Б.ш.ч. 3кө бөлүнөт. 1-шаар чалдыбары Козучак айылынан 0,7 км түштүктө жайгашып, 120х165 м аянтты ээлейт. Дубалдын бийиктиги 3 м. Дубалдары мунара м-н бекемделген. Түштүк-чыгыш ж-а түндүк-чыгыш жагында эки дарбаза курулган. Чыгыш бурчунда 36х50 м аянтта цитадель жайгашкан. Карапа сыныктары табылган. 2-шаар чалдыбары 2 бөлүктөн турат. Курчалган бөлүгү тик бурчтуу планда. Дарбазасы чыгыш бөлү-гүндө. Түштүк-чыгыш бөлүгүндө 10х12 м келген курулуштун изи билинет. Түндүк-батыш жагында тереңдиги 1,5 мге жеткен атайын казылган чуңкурлар бар. Алардын эмнеге кызмат кылганы белгисиз. Дубалдын түндүк ж-а түштүк сыртында аң казылган. Дубалдын түндүк жагында 60 мге созулган атайын жасалган тектирче жайгашкан. Андан карапалардын сыныктары табылган. Алар 1-шаар чалдыбарынан табылган материалдарга окшош. 3-шаар чалдыбары 2-шаар чалдыбарынан 12 км алыстыкта жайгашып, чарчы формадагы 2 бөлүктөн турат. Сырткы бөлүгү 45х45 м. Ички бөлүгү 25x25 м. Сырткы бөлүгүндөгү маданий катмар 0,4 м, ички бөлүгүндөгү 0,6 м. Дарбазанын ордун билүү мүмкүн эмес. Карапа сыныктары табылган.
БИЙ – уруу башчысынын мансап наамы же даражасы. Патриархалдык- уруулук мамилелер мезгилинде Б-дин орду бийик деңгээлде болгон. Анын бийлик жүргүзүүсү адатка негизделген. Б. үй-бүлөлүк, чарбалык иштерден согуштук-саясий иштерге чейинки маселелерди чечкен. Ал мурас катары атадан балага өткөн. 19-к-дын 1- жарымында манапчылык ин-ту тарай баштагандан Б. мансабы орто ж-а майда манаптарга, үрп-адаттарды жакшы билген барктуу аксакалдарга, эл арасында даңкы чыккан чечендерге өтө баштайт. Алар чоң манаптарга баш ийип, алардын кызыкчылыгын жакташкан. Б-лер мүлк талашы, үй-бүлө маселеси, ууручулук, киши өлтүрүү сыяктуу кылмыштарды карап, өзүлөрүнө тиешелүү маянасын алышкан. 1865–66-ж. Россия падышачылыгы Түрк-станда башкаруунун тартиби ж-дө чыгарган жоболорго ылайык үч баскычтуу Б-лер соту уюштурулат. Б-лер соту 3 жылдык мөөнөткө шайланып, кылмыш иштери б-ча бир жарым жылга чейин камак жазасын берүүгө же үч миң сомго чейин штраф салууга укуктуу болгон. Б. мансабы айылдык Б-ге, болуштук Б-ге бөлүнгөн. Б-лердин атайын чакырылган курултайында кыргыз урууларынын, коңшулаш жашаган башка элдердин талаш-тартыштары каралган. Октябрь революциясынан кийин айрым жерлерде казы м-н болуш соту убактылуу калтырылып, алар ж-дө атайын жобо чыгарылган. Б. соту сов. сот органдарынын көзөмөлү астында иштеген. 1927–28-ж. казы ж-а Б. соту жоюлган.
БИЛГЕ КАГАН, М о г и л я н (683–734) – 716–734-ж. экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын каганы. Кутлуг хандын тун уулу, Күл тегиндин агасы. 716-ж. Күл тегиндин демилгеси м-н ордо төңкөрүшү жасалат да, Билге такка отурат. Б. к. бийликке келгенден кийин эки-үч жылдын ичинде көтөрүлүш чыгарган урууларды басып, өлкөнү тартипке келтирген. Ал Кытай м-н мамилени жакшыртууга аракеттенген. Бирок, Тан императору анын аракетине каршы чыгып, чоң армия топтогон. Армиянын негизги сокку уруучу атчан аскерлери басмыл, кидан, татаби ж-а башында Кытайга качып барган Капаган-кагандын кичүү уулу Бек тегин турган түрктөрдөн куралган. Алдын ала сүйлө-шүүлөр б-ча түрктөрдүн ордосуна чыгыштан татаби ж-а кидандар, түштүктөн кытайлар, батыштан басмылдар чабуул жасамак. Муну билип калган Б. к. ж-а Тоң-Йокук 720-ж. күзүндө армиясы м-н басмылдар-ды тосуп чыгып, аларга катуу сокку уруп, чегинүүгө аргасыз кылат. Андан кийин Тоң- Йокук ж-а Күл тегин аскерлери м-н Бешбалыктан Бансу аймагына жортуул жасап, ага каршы коюлган аскерди талкалап, Лянчжоу аймагын багындырган. Ордосуна кайтып келе жатканда Б. к. кидандарды, андан кийин татабилерди катуу жазалаган. Император Сюанцзян айласы куруп, 721-ж. Б. к. м-н келишим түзөт. Андан кийин Кытай м-н Чыгыш Түрк кагандыгынын ортосунда кагылыштар болгон эмес. Алардын ортосунда мезгил- мезгили м-н товар алмашуулар жүргөн. Б.к. императорго аргымактарды жөнөтүп, андан алтын, күмүш ж-а жүз миң таңгак жибек алып турган. 734-ж. Б.к-ды төрөлөрүнүн бири уу берип өлтүргөн.
БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ) – эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту колдоо ж-а бекемдөө, мамл- тер аралык тынчтык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында суверендүү мамл-дин ыктыярдуу биригүү-сүнүн негизинде түзүлгөн эл аралык уюм. БУУну түзүү антигитлердик коалициялык негизги мамл-дин демилгелери м-н ишке ашырыла баштаган. БУУнун аткара турган негизги иш чаралары ж-а түзүлүшү 2-дүй-нөлүк согуштун убагында эле [(Москвадагы СССР, АКШ, Улуу Британия мамл-нин тышкы иштер министрлеринин жыйынында (1943-ж.), Думбартон – Оксфорд конференциясында (1944-ж.), Крым (Ялта) конференциясында (1945-ж.), Сан-Франциско конференциясында (1945-ж.)] талкуулана баштаган. Сан-Франциско конференциясында 51 мамл-тин өкүлдөрү кол койгон (анын ичинен 5өө Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү). БУУнун уставы күчүнө кирген 24-октябрь (1945-ж.) – жыл сайын БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет. БУУнун Уставында бекиген башкы максаттары: эл аралык тынчтыкты ж-а коопсуздукту коргоо, мамл-тер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү; дүйнө элинин бейкуттугун буза турган ар кандай агрессиялык актыларды, эл аралык талаш-тартыш маселелерин тынчтык жолу м-н чечүү ж-а жөнгө салуу; улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу м-н улуттар арасындагы достукту, тең укуктуулукту өнүктүрүү; адам укуктары тилине, дилине, расасына, жынысына карабастан бардык адамдарга бирдейлигин бекемдөө ж-а эл аралык маданий, социалдык, экон. проблемаларды чечүүдө эл аралык кызматташууну камсыз кылуу. БУУнун Уставында эл аралык кызматташуунун бир нече демократиялык принциптери каралган ж-а бекитилген: мис., баардык мүчөлөрдүн суверендүү тең укуктуулугу; – кабыл алган Уставдагы милдеттерди ак ниеттүүлүк ж-а жоопкерчилик м-н аткаруу; – эл аралык талаш-тартыштарды чечүүдө эл аралык тынчтыкка, коопсуздукка, адилеттүүлүккө коркунуч алып келбей тургандай негизде чечүү. 2002-ж. БУУга мүчө болуп 192 мамл. кирген. БУУнун башкы органдары: 1. Генералдык Ассамблея; Коопсуздук Совети; 3. Экон. ж-а социалдык Совет; 4. Кам көрүү Совети; 5. Эл аралык Сот; 6. Секретариат же Башкы секретарь, Адам укугу б-ча Жогорку комиссар.
БИРИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ (1914–18) – Борбордук (Германия, Австрия-Венгрия, Түркия, Болгария) ж- а Антанта (Россия, Франция, Улуу Британия, Сербия, кийинчерээк Япония, Италия, Румыния, АКШ ж.б. бардыгы 34 мамлекет катышкан) коалицияларынын ортосундагы согуш. Сараеводо австрия-венгриялык тактынын мураскери Франц-Фердинанддын өлтүрүлүшүнө байланышкан Балкан кризисинен улам келип чыккан. Германия Англия м-н Франциянын эсебинен жаңы колонияларды басып алууну, Франция м-н Россияны начарлатууну, Европада өз үстөмдүгүн күчөтүүнү көздөгөн. Австрия-Венгрия Балканда өз таасирин кеңейтүүгө ж-а өзү эзип жаткан элдердин улуттук-боштондук кыймылын басууга умтулган. Англия Германияны начарлатууга, анын колонияларынын бир бөлүгүн басып алууга үмүттөнгөн. Франция 1871-ж. Германияга тарттырып жиберген Эльзас м-н Чыгыш Лотарингияны кайтарып алууну, о. эле Германиянын Саар ж-а Рейн облустарынын жарымын басып алууну каалаган. Россия Балканда ж-а Босфор м-н Дарданэлль кызыктарында өз үстөмдүгүн орнотууга, о. эле Германияны экон. жактан начарлатууга ж-а Австрия- Венгриянын Балканда үстөмдүк кылуу коркунучун жок кылууга умтулган. Б. Д. С. Антантанын жеңиши м-н аяктады. Б. Д. С-тун жүрүшүндө согушуп жаткан тараптар 74 млн. кишини аскерге мобилизациялашты. 10 млнго жакын киши курман болду, 20 млнго жакыны жарадар, 10 млнго жакын киши ачарчылыктан ж-а эпидемиядан каза болду. 1919-ж. 28-июнда Б. Д. С-тун бүткөндүгү ж-дө Германия м-н Версаль тынчтык келишимине кол коюлду. Герма-ниядан Европадагы биртоп жерлер алынып, Франция, Бельгия, Польшага берилди. Германиянын колонияларын жеңип чыккан мамл-тер өз ара бөлүп алышкан. Жеңилген мамл-тер, а. и. Түркия көп жеринен ажырап калган. Австрия-Венгриядан Австрия, Венгрия, Чехославакия өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыккан. Австрия-Венгрия жеринин бир бөлүгү кайрадан түзүлгөн Польша ж-а Югославия мамл-терине кирген.
БИТИР (ар. фитр) – диний түшүнүк: 1. орозодо ооз ачуу; 2. орозо айынын аягында ооз ачканда берилүүчү садага же орозо учурунда ар бир мусулмандан жыйналып алынуучу салык. Курандын талабы б-ча Б. төлөө – мусулмандардын ыйык милдеттеринин бири. Б. тили чыга элек балага да берилиши керек. Дин кызматкерлеринин түшүнүгүндө Б-ди орозо кармагандар да, кармабагандар да төлөөгө тийиш. Мечиттерге Б- ден зор киреше түшүп турат; жыйналган каражаттар дин үгүттөрүн, соопчулук иштерин жүргүзүүгө жумшалат. БИЧУРИН Никита Яковлевич, И а к и н ф (1777–1853) – орус чыгыш таануучу, саякатчы, миссионер. 1799-ж. Казандагы диний академияны бүтүргөн. 1802-ж. кечилдикти кабыл алган. 1807-жылдан Пекинде 14 жыл христиан дин миссиясына башчы болуп, кытай тилин үйрөнгөн. Кечилдердин үгүт-насыят иштерине көңүл кош мамилеси үчүн 1823-ж. Ваалам кечилканасына камалган. 1826-ж. бошотулуп, Россиянын тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинде тилмеч болуп иштеген. 1828–51-ж. бир нече ил. эмгек жарыялаган. 1828-жылдан Петербург ИАга мүчө-корр., 1831-жылдан Париждеги Азия коомуна мүчө. Анын кытай тилиндеги даректерди орусчага которуп жазган эмгектериндеги байыркы ж-а орто кылымдардагы кыргыздар ж-а аларга коңшу хунн, динлин, түрк, уйгур, карлук, түргөш ж.б. түркий элдер, моңголдор ж-дөгү маалыматтары Борб. Азиянын тарыхы үчүн өтө баалуу. Кытай тарыхына, маданиятына ж-а философиясына арналган эмгектери да бар.
БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ (БГУ) – 1992-ж. Орус тили ж-а адабияты пед. ин-тунун негизинде түзүлгөн. Ун-тте чыгыш таануу ж-а эл аралык мамиле; герман филологиясы; маалыматтык, социалдык иш ж-а психология; кыргыз-россиялык; түркология, экология ж-а менежмент; социология ж-а башкаруу факультеттери иштейт. Ун-ттин 33 кафедрасында 40 адистик б-ча кесип ээлери даярдалат. Студенттерди окутуу англис, япон, араб, иврит ж. б. тилдеринде жүргүзүлөт.
БИШКЕК ЧЕБИ, П и ш п е к ч е б и – Кокон хандыгынын Чүй өрөөнүндөгү чыңдоосу. 19-к-дын 20–30- жылдары Кокон хандыгынын күч-кубаты артып, ээлиги кыйла кеңейет. Ушул жылдарда Түндүк Кыргызстанды да каратып алышкан. Кокон хандыгы өз үстөмдүгүн бекемдөө ж-а кыргыздарды башкарып туруу үчүн бир катар чеп-коргондорду курган: Чүй өрөөнүндө – Бишкек, Токмок, Аксуу, Чалдыбар, Карабалта, Мерке чептери; Теңиртоодо – Атбашы, Куртка, Тогузторо, Кочкор, Жумгал, Суусамыр чептери; Ысыккөлдө – Тоң, Жаргылчак, Тамга, Барс-коон, Каракол чептери Б. ч-нде ж-а Куртка чебинде Кокондун бектери турушкан. Азыркы «Ысыккөл» кинотеатры турган жерде жайгашкан. Б. ч. 1825-ж. негизделген. Уламыш б-ча чеп курулган жерде кербендер м-н жолоочулар үзүлбөгөн жолдун боюндагы дөңсөөгө солто уруусунун чыгаан жолбашчысы Жоочалыштын урпактарынын бири Бишкек баатырдын сөөгү коюлуп, төбөсү бийик заңгыраган күмбөз тургузулган. Адегенде ал Бишкектин күмбөзү, бейити делчү, кийинчерээк күмбөз жайгашкан жер Бишкек аталып кеткен. Чүй өрөөнү кийин Россиянын карамагына киргизилгенде, орус төрөлөрү өз тилине ыңгайлаштырып, Б-ти Пишпек деп өзгөртүп алышкан. Б. ч-нин улугу бек же датка наамын алып жүрчү. Ага Аксуу, Токмок чептери да баш ийген. Адатта чепте 150–170 сарбаз турган. Согуш маалында алардын саны 700гө жетчү. Чеп Аламүдүн суусунун сол жээгинде төрт бурчтуу кош кабат коргон түрүндө курулуп, сырткы дубалынын бир ыптасынын уз. 150 саржанга, калыңдыгы 4 саржанга барабар болгон (1 саржан 2,13 мге барабар). Аны айланта туурасы 2 саржан терең аң казылган. Б. ч. Кокондун Кыргызстандын түндүгүндөгү башкы таянычы болгон. Түндүк Кыргызстанды, о. эле Иле чөлкөмүн ушул чепте топтолгон аскерлер көзөмөлдөгөн. Сарбаздардан тышкары Б. ч-нде кокондук акимдер, бектер, салык-зекет жыйноочулар, ташкендик, маргалаңдык, анжияндык соодагерлер, кол өнөрчүлөр турушчу. Алар кыргыз айылдарында соода- сатык жасашып, жергиликтүү эл м-н алакада болушкан. Чептин калкынын жалпы саны 1000 түтүнгө жакын болгон. Б. ч-н орус аскерлери алгачкы ирет 1860-ж. 31-августта басып алган. Ошондо Атабек датка ж-а Алишер датка баш болгон 627 сарбаз орус аскерлеринин замбиректен ок атуулар м-н коштолгон чабуулуна туруштук бере албай, багынууга аргасыз болушкан. Б. ч-н 1862-ж. орус аскерлери биротоло ээлеген. Буга Байтик баатырдын көтөрүлүшү да түрткү болгон.
БИ ЯН ХУ, Б а й Я н х у (туулган жылы белгисиз – 1882) – 1862–77-ж. Түндүк-батыш Кытайдагы дуңгандардын цин-манжур эзүүсүнө каршы көтөрүлүшүн жетектегендердин бири. Көтөрүлүш жеңилген соң, дуңган эли жазалоодон качып, Чыгыш Түркстанга журт которушкан. Б. Я. х. жетектеген шэнсилик дуңгандар 1877-ж. Торугарт ашуусу аркылуу Нарынга келишкен. Качкындарга кыргыз эли жардам көрсөткөн. Б. Я. х. үчүн кытай-манжур бийликтери 200 миң лан (акча) сунуш кылышкан. Алар Россиядан Б. Я. х-ну кайтарып берүүнү талап кылышкан. Пишпек ш-нда каза болгон.
БОЗ ҮЙ – кыргыздардын турак жайы. Кээ бир аймактарда аны кыргыз үй деп да аташат. Б. ү. Борб. Азиянын көчмөн элдеринде жаралып, түрк-моңгол элдери тарабынан жакшыртылган. Б.ү. көчмө турак жайлардын түрүнө кирип, жөнөкөй алачыктардын негизинде өнүккөн. Жыгач, жүн, терини иштетүү жакшырган сайын Б.ү. сапаттуу болуп, ички, сырткы жасалгалары кооз боло баштаган. Эң негизги сапаты тез жыйнап-тигүү; аны негизинен түз жерге тигишкен. Арабанын үстүнө тигилген Б. ү-лөр Борб. Азиянын көчмөндөрүндө, болжолу байыркы кыргыздарда белгилүү болгон. Мындай ыкманы алыскы жортуулдарга чыкканда гана колдонушкан. Б. ү. толугу м-н жыгачтан туруп, үстү кийиз м-н жабылган. Кыргыздарда Б.ү-дүн шуштугуюраак ж-а жайыгыраак түрлөрү жолугат. Б. ү. жыгач, кийиз, чий, боолордон турат. Жыгачына түндүк, уук, кереге, босого кирип, алар талдан, кайыңдан жасалат. Түндүк жабуу, үзүк, туурдук, эшик жабуу кийизден жасалган бөлүгүн түзөт. Боолору – түндүк жабуу боосу, жел боо, канат боо, үзүк боо, туурдук боо, кырчоо, эшик боо, уук тизгич, кереге чалгыч ж. б. Б. ү-дүн сырткы боолору жүн м-н кылдан эшилсе, ичкилери атайын терип согулат. Кереге м-н туурдуктун ортосуна чий каланат. Б. ү-дүн көлөмү керегенин канатынын санына жараша болот. Эң кичинеси 4, эң чоңу 12 канат. Кээ бирде 40, 60, 80, 100, 120 баштуу Б.ү. деп да аталат Б.ү-дүн орточо диаметри 5м, коломтодон түндүккө чейинки бийиктиги 4– 8 м. Б.ү-дү аялдар тиккен. Эркектер түндүк көтөрүүгө ж-а үзүк жабууга жардамдашкан. Адегенде кереге жайылып, канаттары бири-бирине кыналып, баштары кереге чалгыч м-н чалынып, таякка бекитилген босого коюлат. Ача бакан м-н түндүк көтөрүлүп, ууктардын учталган башы түндүккө сайылып, аягы керегенин башына уук тизгич м-н байланат. Керегенин сыртынан чий каланат. Эшиктин боосу түндүктүн алкагы аркылуу баш босогого байланат. Туурдук м-н үзүк жабылып, түндүк жабуу салынат. Б. ү-дүн ички түзүлүшү элдин турмушу, салт-санаасы м-н аныкталган. Б.ү-дүн ортосуна коломто жайгашкан. Калган аянты эшиктин жайгашышына карата улага, эпчи жак, төр ж-а эр жагы болуп бөлүнгөн. Улага – үйдүн кире бериши. Ага адатта үйдүн майда эмеректери (отун, ээр-токум) коюлган. Эпчи жак – чыгдан м-н тосулган үйдүн кире беришинин оң тарабы. Анда тамак-аш азыктары, идиш-аяк сакталып, аяк кап, чыны каптар илинген. Төр – үйдүн эшикке карама-каршы тушу. Ала кийиз, өрө кийиз, шырдак, көлдөлөң салынып, жүк жыйылган. Үйдүн тургундары ж-а коноктор тамакты ушул жерден ичишкен. Эр жагы – үйдүн сол тарабы. Анда эркектердин кийими, куралы, ат жабдык ж.б. буюмдары коюлган. Б.ү. жасалгаларына жараша ак үй, кара үй деп бөлүнөт. Кара үйдү кедейлер, ак үйдү бай – манаптар, оокаттуулар тигишкен.
БОЙЛА – орто кылымдардагы Кыргыз мамл-ндеги жогорку даражадагы мансаптык башкаруу титулу. Байыркы түрктөрдө да белгилүү болгон. 7-к. руна жазмаларында Тоң-Йокуктун демилгеси м-н Кутлуг өзүн Илтериш-каган деп жарыялап, Тоң-Йокук бойла бага тархан, ал эми Мочжо ж-а Дусифу аталган кенже инилери шад, ябгу (жабгу) наамдарына ээ болушкан. Демек, бойла бага таркан – кагандын башкы кеңешчиси, иш башкаруучу башкы министр, мамл. аппараттын жетекчиси титулуна дал келген. Моңголиянын Сужа жеринен табылган руна жазуу эстелиги баалуу тарыхнаамалык мааниге ээ. Анда мындай маалыматтар берилет: «Мен келдим, Уйгур жергесинде Яглакар-ханды жаа менен атып өлтүрдүм. Мен кыргыздын уулумун. Мен Бойла Кутлуг Ярганмын. Мен башкаруучу Кутлуг Бага Таркандын өкүмүн аткаруучумун. Менин даькым кън чыгыштан кън батышка чейин угулду...». Демек, Бойла Кутлуг Ярган (Таркан) – кыргыз аскер башчысынын мамл. башкаруу иерахиясындагы титулун чагылдырган. Кыргыздын көрүнүктүү аскер башчысы Бойла Кутлуг Таркан (Тархан) кыргыз тартиби Борб. Азия аймактарына орношуна жетекчилик кылган.
БОЛУШ (орус. волость, власть – бийлик) – 1. Совет бийлигине чейинки падышалык Россиядагы админ. аймактык бирдик. Кыргызстанда 1865-ж. августта чыккан «Убактылуу жобонун» негизинде аймактар уезддерге, уезддер Б-га бөлүнгөн. Б-тар 1000–2000 түтүндөн турган. Жер которуп келгендерден өз алдынча жамааттар (общиналар) түзүлүп, алар кыштак Б-тары деп аталган. Калкты аймакташтырып бөлүштүрүү кыргыздардагы ар түрдүү уруу топторунун бир админ. биримдикке биригишине жол ачып, кезегинде жергиликтүү отурукташкан ж-а көчмөн калктын арасындагы чыр-чатактын, кагылыштардын, барымталардын азайышына алып келген, көчмөн элдин отурукташына аздыр-көптүр шарт түзгөн. Б-тук бөлүнүш 1917-ж-га чейин сакталып, Совет бийлиги орногондон кийин советтик негизде кайрадан уюштурулган. Алсак, Кыргызстанда 1926-ж. 4 округга баш ийген 72 Б-тук болгон. 1930-ж. жаңы админ. бөлүү ишке ашырылып, райондор түзүлгөн ж-а Б. жоюлган; 2. Кыргызстанда Б-ту башкаруучу (волостной) да Б. аталып кеткен. Б. шайлоо эки баскычтан турган. Б-ту шайлоодон мурун он, элүү башылар, старчындар дайындалуучу. 50 түтүн шайлоочудан бир элүү башы шайланган. Б-ка шайлоо жашыруун добуш берүү жолу м-н жүргөн. Б. ошол элүү башчылардын курултайында 3 жылдык мөөнөткө шайланып, аскер губернатору тарабынан бекитилген. Б-тук кызматка адатта колунда бар адамдар көтөрүлгөн. Б-тар өкмөттүн жарлыктары м-н сот өкүмдөрүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, жер чатагын чечүү, жер, чабынды бөлүп берүү, салык салуу, жыйноо сыяктуу иштерди аткарышкан. Б-тук башкаруучуларга – Б., Б-тун кандидаты (Б. өлсө анын ордун баса турган киши), песир (писарь) кирген. Б. ишинин көбүн песири м-н жүргүзгөн. Адатта песирлер орус улутунан болгон.

#10 24 July 2014 - 20:32

#11 26 July 2014 - 20:23
БОЛЧАР – байыркы кыргыз уруусу (6–10-к). Жазма булактарда Б-лар м-н бирге «ач», «ли» аттуу кыргыздардын башка уруулары эскерилет. Кыргыз каганынан Тибетке барган (8-к. баш чендери) Эрен Улуг аттуу элчи Б. уруусунан чыккандыгы маалым. Бул ж-дө Алтынкөлдөгү (Хакасия) кыргыздарга таандык таш бетиндеги руна сымал жазма эстеликте айтылган. Эстеликтин көлөмү 1,98 х 46 см, калыңдыгы 18 см. Бул эстелик кыргыз каганынан Тибетке элчилик сапар менен барып, белгисиз себептер м-н Ата Журтка кайтпай калган Эрен Улукка арналып тургузулган.
38 жашта болгон. Көзү тирүү мезгилинде Ынанчу алп титулун ж-а өзгөчө эрдиги үчүн элчилик даражасына ээ болгондугу айтылат.
БОЛЬШЕВИКТИК ТОПТОР К ы р г ы з с т а н д а г ы. Февраль революциясынан кийин Кыргызстанда социал-демократиялык топтор түзүлө баштаган. 1917-ж. мартта Сүлүктүдө тажрыйбалуу большевик Д. Т. Деканов большевиктик топ түзгөн ж-а башчылык кылган. Социал-демократиялык топтор апрель-июнда Пишпекте, Ошто, Кызылкыяда пайда болгон. Кыргызстандагы бул топтордун өзгөчөлүгү – адегенде алардын курамында большевиктердин, меньшевиктердин ж-а эсерлердин топтору болгондугунда. Алар социализмди ар түрдүүчө түшү-нүшүп, негизинен социалисттик платформада турушкан. Пишпектеги ж-а Оштогу топтордо меньшевиктер басымдуулук кылган. Ошондуктан большевиктер мындай уюмдардан чыгып, эл арасында өз алдынча иштерди жүргүзүшкөн. 1917-ж. майда большевиктер Пишпекте кыргыздардын революциячыл Букара союзун түзүшкөн. Аны түзүүдө К.Сарыкулаков, К.Сандыбаев, Б.Муратов ж.б. чоң роль ойношкон. Бул союз кыргыз кедейлеринин социалдык ж-а улуттук кызыкчылыктарын коргогон «Букара» союзу 1917-ж. күздө 7 миңден ашуун адамды бириктирген. Октябрь революциясынын жеңишинен кийин Кыргызстанда большевиктик топтор пайда болгон. Алар биринчилерден болуп, Сүлүктү, Кызылкыя, Ошто түзүлгөн. Оштун большевиктеринин арасында активдүү ролду М.Сарымсаков, Б.Султанов, ж.б. ойношкон. 1918-ж. 2-апрелде Пишпекте большевиктик топтордун уюштуруу жыйналышы болуп, ал М.И.Иваницын жетектеген Шаардык партиялык комитетти шайлаган. Активдүү массалык-саясий иштердин натыйжасында Пишпек шаардык партиялык комитети тез эле уезддик-шаардык комитет болуп кайра түзүлгөн. 1918-жылдын жарымында көптөгөн айылдарда большевиктик уюмдар түзүлгөн. Андан кийин Токмокто, Пржевальскиде, Нарында шаардык партиялык уюмдар түзүлгөн.
БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ АМЕРИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТ (БААУ) Борб. Азия ж-а КМШ өлкөлөрүнүн аймагында 1997-ж. ачылып, америкалык окуу планы, кредит-саат системасынын негизиндеги америкалык үлгү б-ча иш жүргүзүлөт. БААУ төмөнкү программалар б-ча билим берет: бизнес башкаруу, экон., социология, укук, программалык камсыздоо, эл аралык мамиле, журналистика, психология, англо-америкалык, кыргыз этнологиясы. БААУнун бүтүрүү-чүлөрү америкалык ж-а мамл. үлгүдөгү бакалавр дипломун алышат. БААУнун проф-окутуучулук бөлүмүндө АКШ, Улуу Британия ж. б. чет өлкөлөрдөн келген адистер эмгектенишет. Ун-тте окутуу орус ж-а англис тилдеринде өткөрүлөт.
БОРБОРДУК ТЕҢИРТОО КЫРГЫЗДАРЫН КАРАТУУ. 1863-ж. Борб. Теңиртоого чалгындоо тобу жөнөтүлүп, «Кашкар отряды» деп аталган бул кошуунга генштабдын капитаны Проценко колбашчылык кылган. Теңиртоонун чордонундагы Кочкор, Жумгал, Нарын, Атбашы, Акталаа, Тогузторо өрөөндөрүндө, Кашкар тарапта сарыбагыш, саяк, черик, моңолдор, чоңбагыш, бугу, тынымсейит ж.б. уруулар жашачу. Соңкөл, Солтонсары, Каракужур, Карасаз, Кеңсаз, Аксай, Арпа өрөөндөрү малга жайлуу мыкты жайлоолор болгон. Алардын айрымдарын Кокон ханы каратып, салык алып турса, кээ бирөөлөрү (черик, чоңбагыштар) Кашкардагы цинь-манжур бийлигинин таасиринде турган. Бирок Борб. Теңиртоодо кокондуктар туруктуу бийлик жүргүзө алган эмес. Кокон хандыгы мезгил-мезгили м-н аскер жиберип, өз үстөмдүгүн убактылуу гана орноткон. Борб. Теңиртоодо таасирин орнотуу Россияга Чыгыш Түркстан, айрыкча Кашкар м-н түз соода байланыштарын өнүктүрүү үчүн да өтө зарыл эле. Буга чейин орус көпөстөрү Кашкар м-н соода-сатыкты көбүнчө Кокон хандыгы аркылуу ж-а Верный тараптан Кулжа аркылуу жүргүзүшчү. Ал эми Түндүк Кыргызстан аркылуу түз байланыш түзүү жолду кыйла кыскартмак. Бул жол Ысыккөлдүн батыш тарабы, Кочкор, Нарын, Атбашы, Аксай аркылуу өтүп, Көлдүн чыгышындагы жолго караганда оңтойлуу, ашуу- белдери анча татаал эмес эле. Кашкарга өтө турган бул жолду өздөштүрүп, кербендердин коопсуздугун камсыз кылыш үчүн аталган аймактарды ээлеш керек болчу. 1863-ж. 3-майда «Кашкар отряды» Кастектен чыгып, Боом капчыгайы, Ортотокой ж-а Кызарттын бели аркылуу Жумгал өрөөнүнө чейин жеткен. Ал кезде Жумгалда болгону 50гө жетпеген кокондук сарбаздар турган. Алар жоого каршылык көрсөтүүгө даай албай коргонду таштай качканда, аны орус аскерлери ээлеп алган. Андан соң Проценконун кошууну Соңкөл жайлоосу аркылуу кокондуктардын Теңиртоодогу башкы тиреги болгон Куртка чебин эч каршылыксыз эле басып алган. Курткада бир топ күн тургандан кийин капитан Проценко жер чалыш үчүн кошуунунун жарымын алып, Нарындын төрүнө жөнөгөн. Кошуундун бир бөлүгү Куртка чебинде калган. Ошондо Үмөтаалы Ормон уулу, Осмон датка Тайлак уулу баш болгон кыргыздар 19-июнда Экичат деген (Куртка өзөнү өтүүчү колотто) жерде подпоручик Зубаревдун июндун башында Нарындан Балыкчыга азык-түлүк, ок- дары үчүн барып, кайра кайтып келе жаткан кошуунуна кол салышкан. Кыргыздар орус аскерлерин эки жакка жылдырбай, эки күн бою Экичатта камап турган. 21-июнда гана Проценконун казак-орустар кошууну жардамга келип, орус аскерлерин курчоодон куткарып калуу-га үлгүргөн. Буга чейин 2–3 миң жигиттен турган Үмөтаалынын колу Нарын дарыясындагы көпүрөнү бузуп салган. Экичатта кыргыздардын 18 жолу жасаган чабуулунда Зубарев ж-а 7 солдат жарадар болуп, экөө көз жумган. Кыргыздар м-н Акталаа аймагындагы кагылышуу орус кошуундарынын Борб. Теңиртоодогу андан ары жылышын кыйындаткан. Көп өтпөй Кытай чегарасындагы кырдаалдын оорлошуна байланыштуу Колпаковскийдин буйругу б-ча «Кашкар отряды» Кеген кошуунуна биригүү үчүн кайра кайткан. Ошентсе да бул кошуун өзүнө жүктөлгөн милдеттердин бир тобун чечүүгө, айрым кыргыз урууларын Россия таасирине имерүүгө үлгүргөн. Жумгал, Куртка, Тогузторо чептери кыйратылган. «Кашкар отрядынын» Борб. Теңиртоого жортуулу айрыкча черик уруусунун Россия курамына киргизилишин тездеткен. Черик уруусу ал кезде Нарын дарыясынан түштүктө Күйкөтурпан тоосуна чейин Какшаал суусунун жээктеринде, Атбашы, Арпа, Аксай өрөөндөрүнөн Кашкарга 50 чакырымга чейинки аралыкта көчүп-конуп жүрүшчү. Кокон хандыгынан тышкары чериктерден цинь-манжур төрөлөрү, кийин Кашкардын улугу Жакып бек (к. Йакуб бек) салык төлөөнү, бийлигине моюн сунууну талап кылып турган. Ушундай кырдаалда коңшулардын кысымынан кутулууну эңсеген чериктердин айрым манаптарына орус падышасынын бийлиги жеңил болчудай, Россия курамына кирүү оңтойлуудай сезилген. 1863-ж. жазында 6 миңдей түтүн черик уруусунун чоң манабы Турдумамбет Тоймат уулу, Турдуке Турдумамбет уулу баш болгон бийлер Алатоо округунун улугу Колпаковскийге атайын кат жөнөтүп, ал катта падышанын жөлөк болуу-сун өтүнүшкөн. Батыш Сибирдин генерал-губернатору Дюгамелдин согуш министрине ж-а мамл. вице-канцлерге жиберген сунушу б-ча көп өтпөй император макулдугун билдирген. 1863-ж. күзүндө Омскиге келген чериктердин элчилери (4 киши) 13-октябрда орус падышасынын бийлигине баш ийгендиктери тууралуу черик уруусунун атынан ант беришкен. Бирок 1868-ж. Нарын чеби курулганга чейин орус бийлиги чериктерге үстөмдүгүн толук орното алган эмес. Ал эми Нарын чеби негизделген кезде чериктердин көпчүлүгү Алатоо округуна карап, калганы Жакыпбектин карамагында турган. Кийин Чыгыш Түркстандагы Жакыпбектин мамлекети жоюлганда, алар Кытай императорунун бийлигине өткөн. 1864–65-ж. Нарындын башын мекендеген тынымсейит уруусу, саяк уруусунун Кочкор, Жумгал, Кетментөбөнү жердеген уруктарынын кыйласы Россиянын курамына киргизилген. Ал эми Үмөтаалы бийлеген сарыбагыштар м-н Осмон датка башкарган тогузторолук ж-а акталаалык саяктар (чоролор) орус аскерлерине багынбай каршылык көрсөтүүнү уланта берген. Акталаадан Жумгалга конуш которуп келген сарыбагыштын борукчу уругу (1000 түтүн) 1865-ж. Россиянын карамагына өтөт. Алардын башында Шамен, Кодон, Байтели ж-а Жаманак манаптар турган. 1867- ж. жайында Нарынга полковник Полторацкийдин мыкты куралданган аскерлери келгенде Каракужурдан тартып Аксай, Чатыркөлгө чейинки кең аймакты (500 чакырым аралыктагы) ээлеп, 5–6 миң түтүн элди бийлеген Үмөтаалы багынып берүүгө мажбур болду. Ал эми Осмон Тайлак уулу болсо өз күрөшү ийгиликсиз аяктаган соң, баш калкалап, Чыгыш Түркстанга качып өтүүгө аргасыз болгон. Жакыпбек көз жумган соң Осмон Теңиртоого кайтып келген. Жакып бектин уулдарынын ортосунда так талаштан чыккан чатак мамлекетти алсыратып, натыйжада Кытай аскери Кашкарды басып алган (1877-ж. декабрь). Борб. Теңиртоо Россия курамына киргизилгенден кийин орус бийликтери Үмөтаалыдан Экичаттагы кармашта өлгөн эки солдат ж-а жарадар болгон жети солдат үчүн кун доолаган, ар бир өлгөн солдат үчүн 75 тен жылкы, жарадар болгон офицерге 100 жылкы, 5 солдаттын ар бирине 25тен жылкы төлөмөк болгон. Бир жылкы 20 сомго бааланып, акчалай төлөсө 7500 сом берүүгө тийиш болгон. 1868-ж. 60 жаштагы Үмөтаалы белгиленген кундун жарымын акчалай, калганына жылкы берип кутулган. Ошентип, 1867-ж. Үмөтаалынын багынып бериши м-н Борб. Теңиртоону каратуу аяктап, бүткүл Түндүк Кыргызстан Россиянын курамына киргизилген.
БОРОМБАЙ Меңмурат уулу (1789–90-ж. чен – 1858) – Ысыккөл кылаасын жердеген бугу уруусунун ири манаптарынын бири; белек уругунан. 1843-ж. Жууку суусунун боюнда Кызылүңкүр деген жерде өз чебин курдурган. 1844-жылдан өз уруусунун атынан Россияга букаралыкка алуу өтүнүчү м-н Батыш Сибирь генерал- губернаторлугуна элчилерин жиберип, кат м-н кайрылган (1844, 1848, 1853–55-ж). Анын элчилери 1855-ж. 17- январда Омск ш-нда Россияга өтүү антын кармашкан. Б. орус армиясынын полковниги чинин алып, бугу уруусунун ага манабы катары таанылган. Бугу м-н сарыбагыш урууларынын жаңжалы маалында (к. Ормон, Балбай макалаларын) анын эл-журту Текести көздөй көчүп, Б. Чыгыш Түркстандагы кытайлык бийликтерден көмөк сураган, бирок оң жооп ала албаган. Ошондон кийин орус бийликтерине кайрадан өтүнүч м-н кайрылган. Ич ара жаңжалды тынчытууда Б-дын өтүнүчү м-н келген орус аскерлеринин чакан кошуунунун чоң жардамы тийген. Б-дын П. П. Семёнов Тян-Шанскийге да көмөк көрсөткөнү маалим. Б элинин турмушун оңдоо үчүн калкын эгин эгип, жер-жемиш өстүрүп, бак-дарак тигүүгө үндөгөн. Жерлерин кашаа м-н тостуруп, эгин эктирген, алма, өрүк, алмурут, жүзүм тиктирген, коон-дарбыз ж.б. айдаткан. Б. билимдүү адамдарды абдан урматтаган. 1856-ж. Чокон Валиханов анын айлында жүрүп, баалуу маалыматтарды жыйнаган, Б-дын портретин карандаш м-н тарткан.
БӨКӨӨЛ – бышкан этти устукандап табактарга бөлүштүрө билген адам. Тойлордо, аштарда ж.б. чоң салтанаттарда келген элдин ичиндеги сакалдууларды, кадыр-барктууларды, даражалууларды Б. жакшы билип, ошого жараша эркектерге, аялдарга текши табак жасап тарттырган. Кыргыздардын салттуу мейманчылыгында мындай иш абдан татаал иштердин бири болгондуктан, Б-дөр өтө бааланган. Себеби, табак тартууда меймандар арасында таарынычтар гана эмес, жаңжалдар да чыгып кетиши мүмкүн. Эл ичинде «Бөдөнөнү сойсо да касап сойсун, бөдөнөнү бөлсө да бөкөөл бөлсүн. Туурамчыдан тууганың болгончо, бөкөөлдөн бөлөң болсун» дешип, баалашкан. Ар бир айылда азыр деле устукандарды табактарга бөлүштүрүүнү жакшы билген адамдар бар.
БӨРҮБАЕВ Алтай Асылканович (1950-ж. т., Талас облусу, Талас р-ну, Караой айылы) – коомдук-саясий ишмер. Кыргыз Респ-нын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (2000-жылдан). Физика- математика ил-нин доктору (1991), проф. (1992). Кыргыз Респ-нын УИАнын академиги (2000). 1972-ж. КМУну бүтүргөн. КМУУда кафедра башчы, декан, проректор, Кыргыз Респ-нын билим берүү министринин 1-орун басары, Кыргыз мамл. пед. ун-тинде, КМУУда ректор. Жогорку мектептин Эл аралык илимдер академиясынын (1993), Социалдык ж-а пед. ил-нин Россия академиясынын академиги (1995), М. В. Ломоносов атн. Москва мамл. ун-тинин ж. б. жогорку окуу жайларынын ардактуу проф. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1981), элге билим берүүнүн отличниги (1983), Кыргыз Респ-нын илимге эмгек сиңирген ишмери (1995), Илим ж-а техника б-ча мамл. сыйлыгынын лауреаты (1998). Геометрия ж-а топология б-ча адис. 100төн ашык ил. эмгектин, а.и. 3 монография, 4 окуу китебинин автору.
«БРИТАНИЯНЫН АСКЕРДИК МИССИЯСЫ» – Россиядагы февраль револю-циясынан кийин англиялык империалист- тер Түркстанда түзгөн тыңчылар уюму. «Б. а. м.» 1917-ж. 10-августтан Ирандын Мешхед ш-нда иш жүргүзүп, өзүнүн чалгынчылары аркылуу Түркстанда диверсиялык иштерди уюштурушкан. Революцияга каршы чыккан «Кокон автономиясын» ж-а Дутовдун аскерлерин, Ташкендеги эсер, ак гвар-диячылардын (1919-ж. 18–21-январь) козголоңун колдогон. Ички контрреволюциячыл күчтөр талкалагандан кийин тараган. БУБЕНОВ Андрей Леонтьевич – 19-к-дын биринчи жарымында падышалык бийликтин Түндүк-Чыгыш Казакстандагы өкүлү. Семей ш-нда ар кандай мамл. кызматтарда иштеген. 1813-ж. казак-кыргыз конуштары аркылуу Чыгыш Түркстанга жөнөтүлгөн көпөс Миркурбан Ниязовдун соода кербени м-н Кыргызстанга келген. Шапак, Шералы, Эшим ж. б. бийлердин Түп суусунун боюндагы конушунда жылуу маанайда кабыл алынган ж-а Батыш Сибирь бийликтеринин катын тапшырган. Кыргыз бийлери жооп иретинде көпөстөрдү каалаган жерлерине чейин узатып бара тургандыктарын билдиришкен. Шералы бийдин уулу Ажыбай кербенди Чыгыш Түркстандагы Аксууга бараткан жолдогу Үчтурпан ш-на чейин узатып барган. Б. көпөстөр м-н Чыгыш Түркстандан кыргыз конуштарына кайтып келгенден кийин Шералы ж-а Ниязбек бийлер Сибирь линиясынын башчысы Глазенапка кат жазып, өзүлөрүнүн өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. 21-ноябрда Б. кыргыз өкүлдөрү Качыбек ж-а Жакыпбек м-н бирге Ысыккөлдөн чыгып, 1814-ж. 5-январда Семей чебине келишкен. Сибирь бийликтери тарабынан кабыл алынган кыргыз өкүлдөрү өзүлөрүнүн конуштары аркылуу Кытайдын Аксуу, Кашкар, Тибет, Жаркен ш-на ж-а Кашмирге каттаган кербендерге колдоо көрсөтөрүн айтышкан ж-а өз элинин атынан императордун бийлигине өтүүнү каалагандыктарын билдирүү үчүн Санкт-Петербургга императорго жөнөтүүнү талап кылышкан. Борбордун алыстыгына байланыштуу элчилерди Тоболдогу генерал-губернатор кабыл алган. 1815-ж. жайында кыргыз элчилери мекенине кайтышкан. Б-дун кыргыз конуштарына келиши 19- к-дын акырынан бери үзүлүп калган кыргыз-орус байланышын калыбына келтирген. 1824-ж. 31-декабрда бугу уруусунун бийлери Акымбек Олжобаев, Алгазы Шералин, Алымбек Жапалаков баштаган өкүлдөр Семейге келген, андан 1825-ж. январь айында Омскиге барышкан. Алар бугу уруусунун арык, белек, желдең уруктарынын атынан Россиянын букаралыгына өтүүнү каалагандыктарын билдиришкен. 1827-ж. 30-мартта Б. кыргыз конуштарына кайрадан келген ж-а аталган элчилерге Батыш Сибирь бийликтеринин белектерин тапшырган. Б. бир айдан ашык бугу уруусунун конушунда болуп, алардын турмушу ж-а ысыккөлдүк кыргыздардын өз ара мамилелери, саясий абалы м-н таанышкан.
БУГУ ЖАНА САРЫБАГЫШ УРУУЛАРЫНЫН ЧАБЫШЫ – 19-к-дын 50-жылдарында Түндүк Кыргызстанда өткөн саясий окуя. Анын негизин бул эки кыргыз урууларынын өз ара жер ж-а бийлик үчүн күрөшү түзгөн. Жаңжалдын чагылышына 1854-ж. Ормондун айылында (Ысыккөлдүн күңгөйүндөгү Аксуу деген жерде) өткөрүлгөн ордо оюну шылтоо болгон. Бугу уруусунун төбөлү Боронбайдын оюнчусу Чыйбыл оюнду утуш м-н бүтүп, бугулар тогуз бээден турган байгени жеңип алышкан. Сарыбагыштын оюнчулары саяктын төбөлү Алыбек манаптын оюнчусуна да жеңилип калган. Ормон хандын жазасынан чочулаган Алыбек бугу уруусуна көчө качат. Ушунун баарын шылтоолоп, Ормон хан 1854-ж. июль айынын башында аскерлери м-н жортуулга аттанып, бирок Шаты суусунун боюндагы чабышта катуу жарадар болгон. Аскерлеринин алдыңкы чакан бөлүгүнүн бир даары туткунга түшүп, бир даары качып кутулат. Ормон хан бугулардын колунда каза болгон. Анын куну үчүн сарыбагыш жоортулдары башталат. Алыбек манап качкан жеринен колго түшүп өлтүрүлгөн, бейкүнөө саяк, бугу уруулары талоонго алынган. Боронбай бир катар уругу м-н Каркыра ж-а Текес жакка чегинүүгө аргасыз болгон. Боромбай кытай бийликтеринен жардам сурап кайрылганынан пайда чыкпаган соң, орус бийликтерине букаралыкка өтүүгө дагы бир ирет кайрылууга муктаж болот. 1855-ж. 17-январда бугу уруусунун өкүлдөрү Россиянын букаралыгын кабыл алгандыгы ж-дө ант берген, алардын башчысы болуп Боромбай дайындалган. Ушундан соң Б. ж. с. у. ч-н басуу үчүн ордо бийликтери өз элчилери, өкүлдөрүн, чакан кошуундарын жибере баштаган. Ортого Жантай да салынган. Түндүк кыргыздардын Россияга бириктирилгенине байланыштуу 1863-ж. Б. ж. с. у. ч. негизинен тынчыган. Орус бийликтерине баш ийбеген Үмөөтаалы өзүнүн сарыбагыш уруусу м-н ошол эле жылы Чатыркөл тарапка көчө качкан. 1867-ж. ал да Россиянын букаралыгына өткөн.
БУГУ ТАШТАРЫ – кеч коло доорунан эрте темир доорунун башына таандык узун таш мамыларынын бетине бугу келбеттери чегилген таштар. Алар Моңголияда, Тувада, Алтайда, Казакстанда, Уралда, Түндүк Кавказда, Болгарияда, Эльбада кеңири тараган. Моңголия ж-а Түштүк Сибирде кездешкен таш мамыларында тегерек шакекче-күн, борб. бөлүгүндө бугу ж-а туяктуу жаныбарлардын сүрөттөрү тартылган. Кыргызстандын да айрым жерлеринен (Ысыккөл, Чүй Соңкөл) таш мамылар кездешет. Бирок аларда бугунун сүрөттөрү тартылган эмес.
БУЙЛА – төөнүн таноосундагы ортоңку кемирчектин тешилген жерине өткөрө турган шиш. Шиштин бир жагы жоон, тоголок бөрктүү болуп, ичке башы буйла жипти байлоо үчүн муунакталып коюлат.
БУКАРЫ, к а ж а р ы – колго терип согулган оймо-чиймелүү жука, жумшак таар. Эриштин жиптерин чөгөрүү ыкмасы м-н кажары (сайма, оюм-чийим) салынат Б-да бир калыпта жайгашкан терүүлөр кайталануу м-н кооздолот. Таардын арткы бетинде оймо-чиймени түзүүгө катышпаган, аркакка 3–4 жолу бастырылбай калган бош жиптери болот. Алар кийинки оймо-чиймени салууда оң тарабына чыгарылат. Таардын түсү кызыл, көк, сары, ак болуп, жөнөкөй кууш өрмөктө токулат, эни 5–30 см. Б. сызмалар боз үйдүн үзүк-туурдугуна, жыгачтарына боо кылынат. Б-дан ат жабуу, такта жабуу, куржун, тегирич, шалча ж.б. жасалат.
БУКА ТАРТЫШ, и т т а р т ы ш – балбандардын күчүн сыноочу элдик оюн. Ортого чыккан эки балбан туюкталган аркандын эки жагын моюндарына илип, төрт аяктап, эки кат арканды эки бутунун ортосунан өткөрүп, экөө эки жакты баштанып, аркандын дал ортосун экөөнүн ортосундагы чийинге так келтирип турушат. Калыс адам бир, эки, үч деп үн чыгарганда экөө эки жакты көздөй бирин бири сүйрөп кетүүгө аракет кылышат. Кимиси күчкө салып сүйрөп отуруп чийинден өткөрүп кетсе, ал жеңишке жетишет. Бул оюн азыр деле ойнолот.
БУЛГААРЫ – жогорку сапатта иштетилген тери. Аны алыш үчүн мал, кайберен терисин жыдытып, малмага ашатып, челдеп ийлешкен. Теринин ийи жеткен кезде бадам, ат кулак, ышкын, кымыздыктын тамырына, талдын, сары жыгачтын ж. б. кабыктарына боёшкон. Боёлгон тери тебеленип же талкууга салынып ийленген. Боёктун өңү өчпөсү үчүн ачык таш кошулуп, тоборсугандан кийин кургаганча ийленген.
БУЛУТ – буюмдун калыңдыгын билдирген чен бирдиги. Мис., союлган жылкыдан жука, боллр-болбос казы чыкса ошону Б. аташкан. Бул жылкынын арыктыгын билдирген.
БУМЫН – каган; Түрк кагандыгынын (552–744) негиздөөчүсү. Түрк уруулары Б-дын жетекчилиги м-н алтай урууларын баш ийдиришкен. Түрктөрдүн атчан аскерлери 546-ж. Жуңгарияны байырлаган күчтүү теле (телес) урууларын моюн сундурган. Б. өз аскерлери м-н 552-ж. жуан-жуандарды (аварлар) талкалаган. Ошентип, Борб. Азияда Улуу Түрк кагандыгы (552–603) түзүлгөн. Б. «илиг-каган» деген титул кабыл алган. 553-ж. көз жумган Б. кагандын ордуна такка иниси Истеми олтурат.
БУРАНА – Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик, мунара. Чүй өрөөнүндөгү Токмок ш-нан 15 км түштүк-батышта, Дөңарык айылынын чыгышында жайгашкан. Мунара Жетисуудагы түрктөргө ислам тарала баштаган мезгилде, 10-к-дын аягы–11-к-дын башында курулган. Бышкан кыш м-н төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө тургузулган мунара чептин ичинде жайгашып, сырткы бети оймо-чийме м-н кооздолгон, ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер орнотулган. Бийиктиги 14 м, түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 мге жакын. Мунара кайрак ташка чегилген жазуу ж-а ал Баласагундук мыйзамчы имам Мухаммадга коюлгандыгы тууралуу орто кылымдагы тарыхчы Мухаммед Хайдардын эмгегинде эскерет. Б. Борб. Азиядагы мунара архитектуралык эстеликтеринин эң байыркысы. Мунара Кыргызстандын аймагындагы курулуш өнөрүнүн жогорку дең-гээлде өнүккөндүгүн далилдейт. Б-нын айланасында курулуштун калдыктары, чеп дубалдар бул жерде бир мезгилде Баласагун ш. өкүм сүргөндүгүн ырастайт. 13–14-к-да шаар өзүнүн жашоосун токтоткон. 1971–76-ж. Б. оңдолуп, калыбына келтирилген. БУРАНА ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – орто кылымдарга таандык шаар калдыгы. Токмок ш-нан 15 км түштүк- батышында, Дөңарык айылынын чыгышында, Бурана суусунун өйүзүндөгү кеңири аянтта жайгашкан. Шаар урандысы сакталып калган архитектуралык мунара эстеликтин атынан шарттуу түрдө Бурана ш. деп илимге киргизилген. Жазма ж-а археол. булактардын негизинде шаар алгач араб саякатчысы Ал-Махдусинин (10-к.) ж- а М.Кашгаринин (12-к.) эмгектеринде эскертилген Баласагун ш. м-н салыштырышат. Бул шаардын экинчи аты – Куз-Ордо. Шаар алгач Бурана суусунун оң өйүзүндө негизделип, шаар башкаруучулары үчүн коргондолгон борб. сепил (цитадель) курулган. Аны шаардыктардын жыш жайгашкан турак жайлары ж-а курулуш имараттары, ички шаар-шахристан курчап турган. Сепил ж-а шахристан сыртынан бекемделген төрт чарчы сымал дубалдар м-н чындалган. Дубалдардын уз. түндүк ж-а батыш тарабынан 570 м, түштүгү 600 м, чыгышы 500 м узундукта болуп, дубалга кароол мунаралары жайгашкан. Шахристанга ж-а сепилге батыш дубалда жайгашкан дарбаза аркылуу киришкен. Шахристандын айланасына кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин, дыйкандардын ж.б. калктын турак-жайлары, имараттары жайгашып, сырткы шаар-рабат өсүп чыккан. Шаардын айланасы сыртынан уз. 15 кмге созулган кош жал м-н бекемделип, айланасына чуңкур казылган. Шахристандын аймагында аянты 100х100 м, бийиктиги 10 м келген дөбө ураандысында 10–12-к-га мүнөздүү дөөлө-ттүү адамдын турак-жайы ачылган. 13–14-к-га да мүнөздүү мүрзөлөр табылган. О.эле шаар аймактарында төрт архитектуралык мавзолей, мечит, чиркөө, мончо ж.б. курулуштар белгилүү. Курулуштарга бышкан кыш колдонулган. Шаар калкы чоподон жасалган түтүктөр аркылуу суу м-н камсыз болгон.Шахристандын түштүк-чыгышында бийиктиги 24 м, түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 м келген мунара сакталып калган. Ал бышкан кыштан курулуп, сыртына оймо-чийме түшүрүлүп, кооздолуп жасалган. Ичинде төбөсүн карай буралып чыгуучу тепкич жасалган. О.эле шахристандын ж-а рабаттын аянттарында кол өнөрчүлөрдүн, зергерлердин устаканалары, карапа ж-а кыш бышыруучу, металл иштетүүчү мештер ачылган. Шаарда базар жайгашып, тыйын чыгаруучу жайлар болгон

#12 26 July 2014 - 20:31
БУРЖУАЗИЯЛЫК РЕВОЛЮЦИЯ – феодалдык коомдук түзүлүштү жоюп, буржуазиянын саясий бийлигин орнотууга багытталган революция. Реакциячыл феодалдык өндүрүштүк мамилелер м-н жаңы өсүп жаткан өндүргүч күчтөрдүн ортосундагы карама-каршылыктардан келип чыгат.
БУРУТ. 17–18-к. чейин Цинь-манжур (Кытай), моңгол тилдүү булактарда, орус авторлорунун эмгектеринде Теңиртоо кыргыздары «бурут», «буруттар» деген экинчи бир ат м-н да белгилүү болушкан. Бирок, 1856-ж. кыргыздарды иликтеп кеткен Ч. Валиханов: «...кыргыздар кытайлар атагандай «бурут» деген атты таптакыр билишпейт, бул сөздү алар (кыргыздар) такыр угушкан эмес; «бурут» деген уруктун аталышын кыргыздардын ичинен кездештире албадым» – деп жазат. Б. кыргыздарга сырттан таңууланган кошумча ат болгон. Биздин замандын баш чендеринде Чыгыш Түркстан ж-а ага чектеш жайгашкан аймактарда кыргыздардын бир бөлүгү байырлап, «бурут» (кыт. «булу», «булутэ») деп аталган. Б. этнониминин аталышы, жаралашы, түпкү жалпылыгы, байланышы б-ча тарыхчы-окумуштуулардын (И. Я. Бичурин, В. Шотт, Ч. Валиханов, Н. Аристов, А. А. Абдыкалыков ж. б.) изилдөө-лөрүндө бир беткей айтылган пикирлер жок.
БУТАНАЕВ Виктор (Астайбек) Яковлевич (1946-ж.т., Россия, Хакасия) – тарых ил-нин доктору (1993), проф. (1996). 1968-ж. В.И.Ленин атн. Ташкен мамл. ун-тин бүтүргөн. 1968-жылдан Н.Ф. Катанов атн. Хакас мамл. ун-тинин археол., этногр. ж-а край таануу кафедрасынын башчысы. Анын эмгектери этногр., кыргызтаануу ж-а түркология маселелерин изилдөөгө арналган. 130дан ашык ил.эмгектердин, а.и. 12 монографиянын автору. Россия социалдык ИАнын академиги. Кыргыз Респ-нын «Даңк» медалы м-н сыйланган.
БУТКАНА – бутпарас динин туткандардын табынган жайы. Бул тууралуу «Зийа ал-кулуб» аттуу суфийлер ж- дөгү кол жазмада маалыматтар келтирилген: кыргыздар өзүлөрүнүн оорулуу жол башчысы Серйуктун маңдайына олтурушуп, тамак алдыга келгенде ар кимиси эттен бир тилимден кесип алышып, идишке салышкан. Эт салынган идишти дарактын түбүнө коюшуп, анын алдына ийилип турушкан. Даракта күмүш бут (идол) илинип турган, анын айланасында жыгачтан ж-а таштан чегилип жасалган эки миңге жакын буттар коюлган. Бул жер кыргыздардын Б-сы болгон. Кол жазмада буттун аты «талбийа – йижакар» деп аталган. «Бут» термини кыргыздарда «кут» түрүндө да айтылган. Кут – күмүш, коргошун же калайдан жасалып, көк же кызыл чүпүрөк кийгизилген адамдын келбетин элестеткен. Аны мал-жандыктарды ырымдаганда сууга салып, сууну малга чачышкан. Бутпарас түшүнүгү кыргыздар исламды толук кабыл алганда унутулуп калган. БУУРСУН – дыйканчылыктагы эмгек шайманы. Чыканак сымал ийрейип өскөн катуу жыгач тандалып, анын кыска ачасына коло, чоюн же темир тиш бекитилген. Узун ачасынан илмекче чыгарылып, ага унаага чиркөөчү ок жыгач бириктирилген. Б-га чегилген унааны бир адам жетелеп, экинчиси Б-дун туткасын 2 колу м-н жерге бек ныгыра кармап, жер айдоону жүргүзгөн. Б-га өгүз же ат чегилген. Кийинчерээк Б-ду темир соко алмаштырган.
БҮРГӨ БААТЫР, Бүргө Итим бий уулу (болжол м-н 1763–1831-ж. чен)– манап, элдик баатыр. Талас өрөөнүндөгү кыргыздардын кушчу уруусунан. Кыргыз элин чет элдик баскынчылардан сактоодо көрсөткөн эрдиктери үчүн баатыр атакка жетишип, кушчу уруусунан хан көтөрүлгөн. Б. б-дын эрдиги казак ханы Абылайдын кыргыз жергесине уюштурган жортуулдарында өзгөчө көрүнгөн. Казак ханынын колун Балхаш көлүнүн аймагына чейин сүрүп барган. Б. б. Кокон хандыгынын саясий окуяларына да жигердүү аралашкан. Кокон хандыгы сунуш кылган датка наамынан баш тартып, Олуяата, Сайрамдагы чептерге кол салган. Цинь императорунун чакыруусу м-н Кашкарга чейин барып, баалуу сый алган. Көз карандысыз саясаты үчүн аны Кокон ш-нын башчысы тымызын тыңчы жиберип, ууландыртып өлтүргөн. Кыргыздардын белгилүү баатырлары Атаке, Эсенгул, хан Садыр, Жаманак баатыр, Жайыл хан, Кошой баатыр, Түлөберди баатыр, Ажыбек баатыр м-н үзөңгүлөш, замандаш жашап, кыргыз элинин биримдиги үчүн кызмат кылган. Б. б. жоокерчилик м-н катар эле чарбачыл адам болгон. Азыркы Мерке облусундагы өзү жердеген жерге арык каздырып, суу чыгарткан, ал арык «Бүргөнүн Тогонду сайы» деп аталган. Б. б-дын өзүнө таандык кызыл кочкул түстөгү туусун, мөөрүн, жортуулда кийүүчү темир зоотун ж-а жоокердик кылычын урпактары азыркы кезге чейин сактап жүргөн.
БҮРКӨНЧӨК, б ү р к ө н – үйлөнүү тоюндагы кыздын кийминин бир бөлүгү. Келин күйөөсүнүн айылына 1– жолу бара жатканда жүзүн баш киймине төйнөлгөн жапырак ак чүпүрөк м-н жаап алган, аны Б. деп аташкан. Б. келин боз үйгө кирээрде бала же өспүрүм тарабынан алынган. Б–түн ак түстөгү кездемеден болушу, анын ниетинин актыгын, пейлинин тазалыгын билдирген.
В
ВАГОВ Алексей Власович (1905–71) – мамл. ж-а партиялык ишмер. 1938–45-ж. Кыргызстан КП (б) БКнын 1- катчысы болуп иштеген.
ВАЗИР – мусулман мамл-теринде хан, султан же эмирден кийинки даражаны ээлеп, алардын өкмөт иштерин аткарган төрө. Аны бийлик ээси дайындаган. В-лик мансабы мураска өткөн эмес.
ВАЛИХАНОВ Чокан (туурасы Шокан) Чыңгызович, М у х а м м е д Х а н а ф и я (1835, азыркы Казакстан Респ., Кустанай облусу, Кушмурун айылы – 1865, Казакстан Респ., Талдыкоргон облусу, Алтынэнеп кыштагы) – казак элинин тунгуч окумуштуусу, агартуучу-демократ, тарыхчы, этнограф, фольклорчу ж-а саякатчы. Абылай хандын чөбүрөсү. 1847–53-ж. Омскиден кадеттер корпусун бүткөндөн кийин Батыш Сибирь генерал- губернаторлугунда кызмат өтөгөн. Орто Азия, Казакстан, Чыгыш Түркстан эл-деринин тарыхын, этногр-н, фольклорун ж-а маданиятын, о. эле Теңиртоо аймагынын геогр-н изилдөөгө зор салым кошкон. 1860–61-ж. Петербургда жашап, орус революциячыл демократиялык идеялары м-н жакындан таанышып, алдыңкы орус интеллигенциясы м-н тыгыз карым-катышта болгон. Россия ИАнын ж-а Геогр. коомунун иштерине активдүү катышкан. Анын ил. көзкарашы көп кырдуулугу м-н айырмаланган: тарых, этногр., геогр., лингвистика, археол., саясий экономия. В. орус чыгыш таануу илимине зор салым кошкон. Ал Орто Азия, Казакстан ж-а Батыш Кытай элдеринин тарыхы, маданияты б-ча баалуу ил. эмгектерди жараткан. В. 1856-ж. май–июлда аскердик чалгындоо саякатына катышып, Ысыккөл аймагына келген. Кыргыздын бугу, сарыбагыш, солто урууларында болуп, эл м-н таанышкан. Ушул эле жылдын август айында атайын тапшырма м-н Кулжада үч ай жүрүп, элчилик мамилелерди жандандырган. 1857-ж. кайра Алатоодогу кыргыздарга сая-кат жасаган. «Манас» эпосун кагаз бетине биринчи түшүрүп, анын бир бөлүмүн орус тилине которгон. Эпос ж-а анын айтуучулары тууралуу маанилүү ил. пикирлер айткан. Кыргыз элинин тарыхына да өзгөчө көңүл буруп, кыргыздар Теңиртоодо эзелтен бери жашагандыгын, Енисей ж-а Теңиртоо кыргыздарынын тарыхый тамыры бир экендигин жазган. Кыргыздар Енисейден Теңир-тоого Чыңгыз хандын тушунда же ага чейин эле уйгурлар Орхондон журт которгон тушта бөлүнүп келишкен деп божомолдогон.
ВАМБЕРИ Арминий, Герман (1832–1913) – мажарстандык (венгриялык) көрүнүк-түү түрколог, саякатчы, этнограф. Орто Азияга саякат жасап, Октябрь революциясына чейинки кыргыз ж.б. калктар тууралуу бир катар маалыматтарды калтырган.
ВАН ЯНЬДЭ – 10-к-да Чыгыш Теңиртоого келген Кытайдын Сун династиясынын ата-йын элчиси. Ал өзү жазып калтырган маалыматтарда Турпандагы Уйгур Идикутунда («Ыйык-Кут» өлкөсү) жалаң уйгурлар эмес, башка түрк элдеринин, а. и. кыргыздардын, йагмалардын жашагандыгын маалымдайт.
ВЕРЕЩАГИН Василий Васильевич (1842, Новгород губерниясы, Череповец ш. – 1904, Порт-Артур) – орус сүрөтчүсү. Баталист. 1860–63-ж. Петербург Сүрөт академиясында А. Т. Макаровдон, Ф. А. Мюллерден сабак алган. 1864–65-ж. Парижде Ж. Л. Жеромдун өнөрканасында окуган. Россия, Батыш Европа, Сирия, Палестина, Индия, Япония ж-а АКШ өлкөлөрүнө көп саякат жасаган. Орто Азияны басып алууга, 1877–78-ж. орус-түрк, 1904–05-ж. орус-япон согуштарына катышкан. В. сүрөттөрүндө өзү катышкан окуяларды же саякат мезгилинде өз көзү м-н көргөндөрүн тарткан. Сүрөт-төрүн тематикалык серияларга бириктирген: 1871–74-ж. «Түркстан», 1877–78-ж., 1880-жылдарда «Балкан», 1887–1904-ж. «1812-жылдагы Ата Мекендик согуш» сериялары. В. этногр., турмуш-тиричилик ж-а пейзаждык живопись жаатында да көп иштеген. Ал 1869–70-ж. Кыргызстанда болгон. Кыргыз жергеси тууралуу көптөгөн эмгектери («Чүй суусунун боюндагы кыргыз боз үйү», 1869, «Кыргыз көчү», 1874, «Куш кармаган кыргыз байы», 1871, ж.б.) ж-а «Ысыккөлдүн бою», «Барскоон өткөөлү», «Алатоо аймагында» ж.б. этюддары кирген. Чыг-нда кыргыз элинин каада-салтын, турмуш-тиричилигин чагылдырган.
Г
ГАЗАВАТ, к. Жихад
ГАЗНЕВИЛЕР МАМЛЕКЕТИ (977–1186) – түркий тилде сүйлөгөн элдердин динас-тиясы. Саманилердин аскер башчысы Алп-Тегин негиздеген. Аскер кызматчылары гулямдарга таянып, Алп-Тегин 962-ж. өзүн Газна ш-нын башкаруучусу деп жарыялаган. Шаардын аталышы б-ча жаңыдан түзүлгөн мамл. Г. м. деп аталган. Г. м. Себук-Тегиндин (977–997) ж-а анын уулу Махмуд Газневинин (998–1030) тушунда абдан күчөгөн. Мамл-тин курамына азыркы Ооганстан м-н Иран, Орто Азиянын айрым аймактары, Индиянын түндүк ж-а түндүк-батыш бөлүгү кирген. Өлкөнү башкаруу үчүн чыңдалган мамл. аппарат түзүлүп, башкаруучулар өз мүдөөлөрүн аткаруу үчүн илим м-н маданиятты өнүктүрүүгө умтулушкан. Газневилердин ак сарайында көрүнүктүү окумуштуулар ж-а акындар (Беруни, Бейхаки, Фирдоуси ж.б.) турушуп, өтө маанилүү ил. эмгектерди ж-а көркөм чыгармаларды жазышкан. Г. м-нин аскерлери дайыма жортуулга чыгышып, басып алган аймактарын бүлдүрүп, калкын тоноп, кул кылышкан. Мындай жырткычтык иштер Г. м-н начарлатып, карапайым элди күрөшкө түрткөн. Масуд Iнин тушунда (1030–41) мамл. ыдырай баштаган; 1040-жылдан кийин алардын карамагында азыркы Ооганстан м-н Пенжаб аймагынын бир бөлүгү гана калган. 12-к-дын 70-жылдарында гурилер Газневиге каттуу сокку урган, аларды Түндүк Индиядан сүрүп, Лахор ш-н тартып алган. Ушундан соң Г. м. ж-а династиясы толук жоюлган.
ГАЛДАН-БОШОКТУ ХАН (1644–1697) – ойрот хандарынын бири. Батур хонтайжынын алтынчы уулу, чорос ойрот уруусунан. Бала кезинде Тибетке Далай-Ламага жеткирилет. Агасы Сенге каза болгондон кийин 1678-ж. өзүн хан деп жарыялайт. Г.-Б.х. бийлигинин алгачкы жылдарында мамл-түүлүктү чыңдоо, Россия мамл. ж-а Цин Кытайы м-н байланышты калыбына келтирүү чараларын жүргүзгөн. 17-к-дын 80-ж-нда Г.-Б. х. Ош ш-н ээлеп, Анжиянга чабуул коёт. Чыгыш Түркстандын көпчүлүк бөлүктөрүндө өз бийлигин орнотот. Орто Азияга жасаган натыйжасыз жүрүштөрүнөн кийин Г.-Б.х. өзүнүн тышкы саясатын өзгөртүп, моңгол-ойрот хандыктарын бириктирүү максатында Чыгыш Моңголияга кирет.
ГАОЧАН – Чыгыш Түркстандагы байыркы шаар. Г-дын тарыхы гунндардын доорунан башталат. Б.з. 1-к-да түндүк гунндар Чыгыш Түркстанда өзүлөрүнүн саясий таа-сирин бекемдеген. Хан империясы 2-к-да гунндардан жеңилгенден кийин батыш аймактардан узак мезгилге чейин ажырап калган. 3–4-к-да Г. аймагы бирде Кытайдын, бирде көчмөн гунн урууларынын колуна өтүп турган. 397–401-ж. хэси ж-а Г. аймагында гунндардын башчысы Цзюйцюй Менсюн Түндүк Лян династиясын негиздеген. 460-ж. бул династия жуан- жуандар тарабынан кыйратылган. Бул аймакта ошол эле учурда гунндар м-н көчүп келген ашина түрк-төрүнүн тарыхынын эрте мезгили (Ганьсу-Гаочан 3-к. 460-ж.) болуп өткөн. Кийин Г. Чыгыш Түркстандын башка ш- ндай эле Батыш Түрк кагандыгынын карамагында болгон. 9-к-дын 2-жарымында Г. Уйгур кагандыгынын борборлорунун бирине айланган. Г. ш-нын орду азыркы Турпан ш-нан 35 км түштүк-чыгышта жайгашкан. ГАРДИЗИ А б у С а и д А б д а л - Хайи (1008/1009–өлгөн жылы белгисиз) – иран тарыхчысы, окумуштуу. Газневилик султан Абдырашиттин (1049–59-ж.) тушунда Г. өзүнүн «Зайн-ал-ахбар» («Кабарларды кооздоп сүрөттөө») деген тарыхый эмгегин жазган. Бул эмгегинде Иран халифаты ж-а Хорасандын тарыхын изилдеген. Анда түркий тилде сүйлөгөн элдер ж-дө, а. и. кыргыздар тууралуу баалуу маалыматтар, даректүү баяндар жолугат. Айрыкча кыргыздар ж-дөгү маалыматтарда ибн Мустафа, ибн Хордадбек, Жайхани ж. б. орто кылымдагы окумуштуулардын эмгектерин колдонгон. Г-нин кыргыздар тууралуу маалыматтары «Худуд ал Аалам», «Мажму ат-Таварих» ж.б. булактар м-н дал келет. Г. берген далилдер кыргыздардын этностук, саясий, маданий тарыхын үйрөнүүдө өтө маанилүү.
ГЕ-ГУН, г я н ь - г у н – Кытайдын расмий тарыхнаамасынын эң алгачкы эстелиги Сыма Цзяндын «Тарых жазмаларындагы» («Ши–цзи») б. з. ч. 201-ж. эскерилген кыргыздардын энчилүү атынын кытай транскрипциясында (айтымында) берилиши. Бул терминди орустун кытай таануучусу И.Бичурин биринчилерден болуп ырастаган ж-а дүйнөлүк ил. чөйрөгө тааныткан. Сов. мезгилде хакас археологу Л. Р. Кызласов этнотерминдин кыргыздарга таандык экендигинен күмөн санап, ил. талашты туудурган. Сов. белгилүү кытай таануучу С. Е. Яхонтовдун пикири б-ча «хягас» түрүндөгү кытай транскрипциясы кыргыз деген сөздү туюндурат, ар кандай формада берилген кытай иероглифтериндеги терминдер (Ге-Гун, Гянь-гун ж.б.) фонетикалык вариант катары эсептелип, кыргыз деген атты түшүндүрөт.
ГЕНЕАЛОГИЯ (гр. genealogia – cанжыра) – 1. уруулардын тарыхын, санжырасын, үй-бүлөнүн келип чыгышын, жеке адамдардын тек-жайын, тууганчылык байланыштарын иликтеп үйрөтүүчү тарых илиминин көмөкчү тармагы (биологияда жаныбарлардын ж-а өсүмдүктөрдүн келип чыгышын үйрөтөт). Г-нын белгилери илгери эле болсо да, илим катары болжол м-н 17–18-к-да калыптанган; 2. социалдык түзүлүштү ж-а уруулардын тегин үйрөтүүгө негизделген орто кылымдагы тарых сабагы.
ГЕРАЛЬДИКА (соңку лат. herldus – жарчы), г е р б т а а н у у тарых илиминин көмөкчү тармагы. Жалпы эле гербдерди (өзгөчө тамгалары же белгилери бар тарыхый эстеликтерди) изилдеп, айрымалоочу тарыхый булак. Гербдер пайда болгонго чейин найза, желек, тыйын, медалдардын беттерине ар кандай тотемдик сүрөттөр түшүрүлгөн. Бирок бул сүрөттөр ирээтсиз, баш аламан, ар кандай абалдарда тартылган. 11–12-к-дан мындай айырмалоочу белгилердин гербге системалуу түрдө өтүшү европалык рыцарлардын арасында башталат. Буга өзгөчө крест жүрүштөрүнөн кийин чыгыштын таа-сири тийген. 14-к-дан тартып Европа өлкөлөрүндө герольдин мекемелери пайда болот. Ал мекемелер Г-нын авторлорунун укугун каттоочу мамл. органга айланган. Россияда Г. башынан эле мамл-тик болуп калыптанган (17-к.). Г-нын өнүгүшү Петр Iнин ишмердүүлүгү м-н байланышкан. 1792-ж. Герольдмейстр кеңсеси уюшулуп, кийин негизги функциясын сенаттын герб бөлүмүнө өткөргөн. 1918-ж. бул бөлүм Ленинграддын тарых архивинин гербдик музеи аталган. Европада 1-жолу Берлинде 1706-ж. Г. кафедрасы ачылат. Россияда Г. кафедрасы 1726-ж. ачылган. Г. археол., нумизматика, сфрагистика, өзгөчө генеалогия сыяктуу тармактар м-н тыгыз байланышта өнүгүүдө.
ГЕРБ (пол. herb, нем. ezbe – мурас) – символдук мааниге ээ эмблема, мураска таандык айырмалуу белги. Г. мамл-ке, жерге таандык (шаардык, облустук, аймактык), уруулук, корпорациялык болуп бөлүнөт. Г. монета (тыйын), о. эле өз менчиги экендигин белгилөө үчүн архитектуралык курулуштарга, үй эмеректерине, курал- жарактарга, искусство чыг-на, кол жазмаларга, китептерге түшүрүлөт. Байыркы дүйнөнүн монеталарында, медалдарында, мөөрлө-рүндө дайыма кайталанып түшүрүлүүчү эмблемалар алгачкы Г-дин жаралышын шарттаган. Б. з. ч. 3-миң жылдыкта көпчү-лүк мамл-тердин Г. арстан баштуу бүркүт түспөлүндө болгон. Россияда 12-к-да шаарлардын көбүнүн (Москва, Новгород, Псков ж. б.) Г. болсо, дворяндардын алгачкы Г. 16– 17-к-да пайда болуп, 18-к-да кеңири тарала баштаган. СССР мезгилинде Совет мамл-нин расмий эмблемасы ж- а анын курамындагы 15 союздук респ-лардын да өздөрүнө таандык расмий эмблемалык белгилери болгон. Кыргызстан эгемендүү-лүккө ээ болгондон баштап анын мамл. атрибуттары да (Г., гимни, желеги) жаңыланды. Кыргыз Респ-нын мамл. Г. респ-нын Жогорку Кеңешинин токтому м-н 1994-ж-дын 14-январында кабыл алынган (анын авторлору – сүрөтчү А. Абдыраев м-н милициянын генералы С. Дубанаев). Г. тегерек формада болуп, чекебели пахта ж-а буудай талдары м-н курчалган, Г-дин жогорку ж-а төмөнкү бөлүгүндө «Кыргыз Республикасы» деген жазуу бар, алдыңкы планда канатын жайган тоо бүркүтү, арткы фондо көгүш түстүү чалкыган көл, жээги ак чокулуу Алатоолор м-н курчалып, тоо башында күн нурларын чачыратып чыгып келатканы чагылдырылган.
ГИМН – салтанаттуу ыр. Мамл., револю-циялык, аскердик, диний, тарыхый окуялар м-н баатырларга арналган Г-дер белгилүү. Байыркы Грецияда Г-дер кудайлардын урматына жазылган. Б. з. ч. 7–5-к. Алкей, Алкман, Пиндар сыяктуу акындар Г. жазган. Алардан бизге «Г.» деген ат м-н эпикалык баяндоо түрүндөгү ыр-чыг. келип жетти. Улуу француз революциясы жаңы революциячыл Г-ди («Марсельеза»), революциячыл пролетариат өз Г-нин («Интернационал») жараткан. «Интернационал» 1944-ж-дын 1-январына чейин СССР мамл. Г-ни болуп келди. СССРдин кийинки Г-ни 1944-ж. жазылган ж-а 1977-ж. кайрадан редакцияланган (тексти С. Михалков м-н Г. Эль-Регистандыкы, музыкасы А. В. Александровдуку). Г. жанры хор, опера ж-а симфония чыг-да да учурайт. Бардык өлкөлөрдүн өздөрүнө таандык Г. бар. СССР мезгилинде Кыргызстандын да (тексти А. Токомбаевдики, музыкасы А. Малдыбаев, В. Ференики) мамл. Г. болгон. Эгемендүү Кыргыз Респ-нын мамл. Г. (тексти Ж. Садыков, Ш. Кулуевдики, музыкасы К. Молдобасанов, Н. Давлесовдуку) Кыргыз Респ-нын Жогорку Кеңешинин токтому м-н 1992-ж. 18-декабрда кабыл алынган.
ГИССАР МАДАНИЯТЫ – Чыгыш Тажикстандын тоолуу р-нда, Кыргызстандын Алай тоо кыркасында өнүккөн неолит дооруна таандык (б. з. ч. 6-к.) байыркы мергенчилердин маданияты. Г.м-на тиешелүү турак жайлар сууга жакын тектирлерде жайланышкан. Асты шыбалган үй, а. и. очоктордун калдыктары ж-а таш куралдары табылган. Бул учурда жаңы куралдар м-н бирге архаикалык, төмөнкү таш дооруна мүнөздүү куралдар колдонулган.
ГО – 1. байыркы кытай жазма булактарында мамл. бирикменин аталышы. Г. байыркы мезгилде ж-а орто кылымдарда чет элдик жерлер ж-дө сөз болгондо колдонулган. Мис., б. з. ч. 201-ж. байыркы кыргыздар (гянгундар) мекендеген жер Г. деп аталган. 2. Хань династиясынын мезгилинде (б. з. ч. 202–б. з. 220-ж.) башка өлкөнүн башкаруу бийлик чөйрөсүн да Г. деп аташкан. Кытайдын ички мамл. саясатына карата баа бергенде жогорку бийлик чөйрөсү коңшу чет мамл-тердин эгемендүү укуктарын тааныбай көз карандылыкта кармаганга аракет кылышкан. Себеби, алар өз мамл-н даңазалап, бүт дүйнөнүн бийлөөчүсү, эң ири башчысы деп эсептешкен. Бул терминди ил. анализ кылууда орус окумуштуусу А. Г. Малявкиндин ж-а кытай проф. Ху Чжен Хуанын салымы зор.
«ГОЛОС ПРОЛЕТАРИАТА» – 1918–23-ж. Каракол ш-нда орус тилинде чыккан гезит. Партиянын Каракол уезддик комитетинин ж-а уезддик советинин органы. 1920-ж-дын август айынан «Призыв к труду», 1922-ж- дын сентябрынан «Каракольская правда» деген ат м-н чыгып, Совет өкмөтүнүн декреттери, партиялык токтомдор, буйруктар, жергиликтүү ревкомдун чечимдери, уездеги элдин турмушун чагылдырган макалалар, жаңылыктар ж. б. жарыяланып, аймакта Совет бийлигинин орношуна көп эмгек сиңирген.
ГРЕК-БАКТРИЯ ПАДЫШАЛЫГЫ – Орто Азияда б. з. ч. 3–2-к-да өкүм сүргөн кул ээлөөчүлүк мамлекет. Адегенде анын курамына Бактрия, Согдия, Маргиана ж-а Фергананын кээ бир бөлүктөрү кирген. Б. з. ч. 250-ж. Селевкилер мамл-нен Орто Азия аймагы бөлүнө баштаган. Г.-Б. п-н Бактриянын падышасы Диодот негиздеген. Г.-Б.п-нын бийлик ээлери өз көз карандысыздыгы үчүн селевкилер м-н катуу салгылашкан. Евтидемдин ж-а анын баласы Деметрийдин бийлигинде Г.-Б.п. зор кудуретке жетип, б. з. ч. 2–к-да анын курамына Ооганстандын түндүк-чыгышы ж-а Индиянын түндүк-батышы кирет. Б. з. ч. 195-ж. Г.-Б.п. экиге бөлүнөт: Грек-Бактрия ж-а Грек-Индия. Кыргызстандын аймагы Г-Б.п-нын курамында болот. Орто Азия элдеринин улуттук боштондук кыймылы күчөп, ошол эле мезгилде Г.-Б.п-на түндүк-чыгыштан юэчжи көчмөн уруулары басып киришет. Б. з. ч. 140–130-ж. Г.-Б. п. кулап, анын ордуна Кушан падышачылыгы пайда болот.
ГРЕЧКО Прокопий Данилович (1878–1932) – Пржевальск уезддик большевиктер уюмун уюштургандардын ж- а анын жетекчилеринин бири. 1905–07-ж. революцияга катышкан. 1909-ж. Пржевальск уездиндеги Липенка кыштагында революциячыл иштерге катышкандардын кыштактык тобун уюштурган. 1914–18-ж. биринчи дүйнөлүк согушка катышкан. 1918-ж. июлда Пржевальскиде большевиктик уюмдун төрагалыгына дайындалган. Кийин Пржевальск уезддик советинин ж-а Эл Комиссарлар Советинин Нарын революциячыл комитетинин төрагасы болгон.
ГРИГОРЬЕВ Василий Васильевич (1816–1881) – орус тарыхчысы, чыгыш изилдөөчү. Чыгыш элдеринин тарыхы б-ча Россияда эң биринчи лекция окуган. 1867–73-ж. немец окумуштуусу Карл Риттердин «Жер таануу» эмгегин которуп, ага өзүнүн ил. кошумчасын жарыялаган. Ал кошумчасы азыр да өз маанисин жогото элек. 10–13-к-дын башында Теңиртоону ж-а ага жамаатташ Орто Азиядагы, Чыгыш Түркстандагы «кара хакандар», «буура хандар», «элик хандар» аймагын бийлеген династияга карата тарых илиминде «Караханилер мамлекети» деген терминди колдонууну сунуш кылган. Г. окумуштуу катары таанылганы м-н, акимдик кызматтарда падышачылыктын реакциялык саясатын жактаган адам болгон.
ГРОДЕКОВ Николай Иванович (1843–өлгөн жылы белгисиз) – орус армиясынын генерал-лейтенанты (1893). Санкт-Петербургдагы Константин аскер окуу жайында тарбияланган. 1863-ж. Польша компаниясына катышкан. Аскер академиясынын генералдык штабынын курсун бүтүргөндөн кийин, Кавказ аскер округунун штабына, бир жылдан кийин Генералдык штабга которулат. Ушул мезгилден баштап Россиянын тышкы саясатынын өзөгү болгон чыгыш өлкө-лөрүнө аскердик жортуулдардын тарыхын жаза баштаган. «Хивинский поход 1873 г.», «Действие кавказских отрядов», «Война в Туркмении», «Поход Скобелева в 1880–81» деген эмгектери бар. Айрым эмгектери англис ж-а француз тилдерине которулган. 1883–92-ж. Сырдарыя облусунун аскер губернатору болуп иштеген. Түркстан элдеринин турмушу, коомдук түзүлүшү м-н терең таанышып «Киргизы и кара-киргизы Сыр-Дарьинской области. Т. I. Юридический быт» деген эмгегин ж-а мусулман укугунун англисче түшүндүрмөсүнүн орусча котормосун «Хидая» деген ат м-н жарыялаган. Г. башка орус авторлорунан айырмаланып, «манаптар кара кыргыздардагы бийлердин тукумунан чыккан мыкты адамдар...» деп оң мүнөздөмө берген. Г-дун жогорудагы эмгектеринен тышкары, аскер өнөрүнүн, саясаттын ж-а геогр.илиминин маселелерине арналган макалалары бар.
ГРУММ-ГРЖИМАЙЛО Григорий Ефимович (1860, Петербург–1936, Ленинград) – орус саякатчысы ж-а географы, Орто ж-а Борб. Азияны изилдөөчү. 1884-ж. Петербург ун-тин бүтүргөн. 1884–87-ж. Алайга, Памирге, Теңиртоого, Кашкарга, Каракорумга саякат жасаган. 1889–90-ж. Борб. Азияга жасалган экспедицияны жетектеп, 3 томдон турган «Описание путешествия в Западный Китай» (1896–1907-ж. жарык көргөн) деген эмгегин жазган. Анда изилдеген облустарга тарыхый-этногр. мүнөздөмө берген. Экспедициянын мезгилинде Бэйшань тоолуу аймагын тапкан ж-а Турпан ойдуңун изилдеген. 1903–14-ж-дарда Батыш Моңголияда ж-а Тувада болуп, 1914–40-ж. «Батыш Моңголия Уранхай крайы» деген 2 том эмгегин жазган. Бул эмгегинде Борб. Азиянын тарыхын системалаштырган, моңголдордун түрк ж. б. калктар м-н тарыхый байланыштары чагылдырылган. 1934-ж. «Кыргыздар» деген макаласы жарыяланган. Г-Г. енисей кыргыздары Теңиртоого 9-к-дын ортосунда келген, ал эми 13-к-да Теңиртоого Түштүк Сибирден буруттар келип, кыргыздар м-н жуурулушуп кеткен деп эсептейт. Г-Г-нун ысымы Сихотэ-Алиндеги ашууга, Памирдеги өзү ачкан мөңгүлөрдүн бирине, Богдо-Ула массивиндеги мөңгүгө берилген.
ГУНМО, г у н ь м о, к ү н б а к – б. з. ч. 2–1-к-да Борб. Теңиртоо, Жетисуу аймактарын мекендеген усун уруулук бирикмесинин башчысынын бийлик наамы. Г. бийлиги атадан балага мураска өткөн. Г. бийлигин аксакалдар кеңеши чектеген.
ГУРХАН – Кара кытайлар мамл-ндеги хандын титулу. Мусулман маалымат булактары б-ча Г. «башкы хан, улуу хан» дегенди билдирет.
ГҮЛЧӨДӨБӨ – б. з-дын алгачкы кылымдарына таандык археол. эстелик. Гүлчө кыштагынын (Алай р-ну) аймагында жайгашкан. Алгач бул эстелик 1946-ж. А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Анын айланасы бекемделген төрт бурч сымал сепил түрүндө экендигин ж-а анын ичинде турак-2жайдын, чарбактын жайгашкандыгын далилдеп, реконструкциясын жарыялаган. О. эле караханийлер дооруна (10–12-к.) мүнөздүү маданий катмар аныкталып, ушул доорго мүнөздүү жез күмүш аралашмасынан жасалган тыйын табылган. Бул эстелик аскердик чеп, же мансаптуу адамдын турак-жайы болушу мүмкүн.

#13 26 July 2014 - 20:35
Д
ДАБАН АРГЫМАКТАРЫ – б. з. ч. 1-миң жылдыктын акырында – б.з. 1-миң жылдыгынын 1-жарымында Фергана өрөөнүндө өкүм сүргөн мамлекетте өстүрүлгөн аргымак аттар. Дабан мамл. өзүнүн аргымактары м-н өзгөчө даңазаланган. Аларды «асман аттары» деп аташып, бүт Фергана эли сыймыктанган. Д. а. алтындан жасалган статуясы падышанын сарайында турган. Д. а. ташка чегилген сүрөттөрү Араван р-нунан, Сулаймантоодон табылган.
ДАБАН МАМЛЕКЕТИ, Д а в а н ь, П а р к а н а – б. з. ч. 1-миң жылдыктын акыры – б. з. 1-миң жылдыгынын 1-жарымында Фергана өрөө-нүндө өкүм сүргөн мамлекет. Фарсы жазма булактарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юань (Дабан) деп аталган. Коомдук түзүлүшүндө эрте феодалдык мами-лелер үстөмдүк кылган. Саясий түзүлүшүн чектелген монархия катары мүнөздөөгө болот. Мамл-тин падыша башкарган, анын бийлиги аксакалдар кеңеши м-н чектелген. Падыша маанилүү чечимдерди кабыл алууда аксакалдар кеңеши м- н макулдашкан. Мамл-тин борб. Эрши ш. болгон. Ал азыркы Араван кыштагынын жанындагы Мархамат шаар чалдыбары болсо керек. Мамл-те 70тен ашык чоң, кичине шаарлар болгон. Ш-ларга мунаралар салынып, коргон м-н курчалган. Калкынын саны 300 миңден ашык, чыгыш иран тилинде сүйлөгөн. Отурукташкан калк дыйканчылык м-н кесиптенген. Д-дыктар күрүч, буудай, беде, пахта айдашкан. Жемиш бактарын өстү-рүшкөн, өзгөчө жүзүмдүн мыкты түрлөрү өстүрүлүп, андан көпкө бузулбай сактала турган шарап даярдашкан. Уй, кой, эчки, төө, жылкы багышкан. Өзгөчө асыл тукум жылкылары м-н даңазаланышкан. Байыркы кытай тарыхый жылнаамаларында «Дабан аргымактары жылкылардын асман тукумунан жаралган, алардан кызгылт тер чыгат» – деп айтылат. Аска беттерине түшүрүл-гөн сүрөттөрдөн Д-дыктар жылкыга табынганы да байкалат. Д- дыктар Улуу жибек жолу калыптана электе Чыгыш Түркстан м-н соода байланышын түзгөн. Кытай элчиси Чжан Цань усундар өлкөсүнөн Нарын дарыясын бойлой Д-га келген. Бул мамл-ти ал Д. деп белгилейт. Д. ж-дө кытай императорлору ушул элчиликтин маалыматтары- нан билишкен. Соода жолунун маанилүү түйүнү болгон Д. мамл-н каратып алуу ж-а даңазалуу жылкыларга ээ болуу максатында Хан императору б. з. ч. 104-ж. ж-а 102-ж. Ли Гуанлинин жетекчилиги астында эки жолу согуштук жортуулун уюштурат. Алгачкы жортуулда кытай аскерлери Д-дын чыгыш чегарасында жайгашкан Ю ш-нан ары өтө алган эмес. 2-жортуулда чыккынчынын жардамы аркылуу Эрши ш-на кире алышкан. Кытайлыктар кайткандан кийин аксакалдар кеңеши алардын койгон падышасын өлүмгө буйруп, Хан дөөлөтүнүн бийлигин тааныбай тургандыгын далилдеген. Кытайлар м-н согушта Эрши бүл-гүнгө учурагандыктан, Д-дыктар борборун Эршиден Гуйшанга көчүрүшкөн. Согуштан кийинки мезгилде Кытай м-н элчилик байланыштарын жүргүзүп турушкан. Б. з. ч. 42– 36-ж. түндүк хунндардын шанүйү Чжичжи чапкын уюштурат, бирок Д-дыктарды баш ийдире алган эмес. Б. з. 1-к-нын ортосунда Чыгыш Түркстандагы Жаркенге убактылуу баш ийген, 5-к-дын аягында Кушан империясы каратып алат. Б. з. 3–5-к-да Д. өз алдынчалыгын сактап турган. 5-к-дын ортосунда Фергана өрөөнүн толугу м-н эфталиттер каратып алган.
ДАЕК – салт б-ча бир же бир нече кишиге (байге, мөрөй, шыбага, энчи, олжо, чачыла, белек, кийит, мүчө, жыртыш, табарик ж. б.) кылдат калыстыкта бөлүнүүчү же таркатылуучу байлыктын (мүлк, дүнүйө, мал, буюм, кооздук, кийим, кездеме, акча ж. б-дын) жалпылаштырган аты. Мис., куданын алдына барганда ар түрдүү (аркан тосмой, көрүн-дүк, жылкычылык, жеңкетай, сүт акы, жүк көрүү, чылбыр тартар, кемпир өлдү ж. б.) салттарга ж-а ырымдарга таянып берилүүчү бардык чыгым (мал, мүлк, акча, кийим, кездеме, кийит ж. б.); ата- эне карыганда балдарына энчи бөлүштүрүүгө ыйгарылган нерселердин баары (жери, малы, үйлөрү, эмеректери, дүнүйөсү, байлыгы) жалпысынан Д. делет. Жоокерчиликте колго түшкөн бөлүш-түрүлүүчү олжолор да Д. деп аталат. Аны ошол жортуулга катышкандарга калыс даекчи бөлүштүрөт.
ДАЛБА – ителги, куш, ылаачынды үндөө ж-а таптоо үчүн колдонулуучу кыныктыргыч. Д. көгүчкөн, кыргоол сыяктуу куштардын канат-куйругунан жасалат.
ДАЛДАЛЧЫ, ш и р е н к а н а ч ы – базарда, көбүнчө мал соодада сатарман м-н кардардын ортосунда калыстык кылуучу соода адамы. Базарда соодалашып жаткан эки кишинин ортосуна өзү эле аралашып, экөөнү эпке келиштирип, калыстыкта соодалап жиберет. Базар салтында сатарман да, аларман да Д-га аздан акча- тыйын (ширенкана) беришкен. Алар ар күнү эртеден базар тараганга чейин жүргөндүктөн кесип катары эсептелген. Соодага шыгы жок болгондуктан, кыргыз Д-лар сейрек кездешкен. Кыргыздардын соодасын өзбек, татар Д-лары бүтүрүп беришкен. Совет бийлигинин жылдарында Д-лар өзүнөн өзү азайган. Азыркы учурда Д- лар кайрадан көбөйүүдө. Буга базар экон-сы түрткү болууда.
ДАЛЬВЕРЗИН ЭСТЕЛИГИ коло дооруна таандык Фергана өрөөнүнүн аймагында отурукташкан дыйканчылык маданиятынын ири борбору, Карадарыя суусунун сол куймасынын жээгиндеги Дальверзин кыштагына жакын жерде орун алган. Д. э. 1952-ж. Ю. А. Заднепровский тарабынан ачылып, казуу иштери 1956–60-ж. жүргүзүлгөн. Жалпы көрүнүшү тик бурчтуу, аянты 25 га. Сыртынан калыңдыгы 4–6 м, бийиктиги 2,5 м чеп м-н курчалган. Борб. бөлүгүндөгү маданий катмардын калыңдыгы 2,4–3 м. Кыштан курулган үйлөрдүн, очоктун орду ж-а чарбалык маанидеги чуңкурлардын саны арбын. Чопо идиштери, металл иштетүүчү устакана, металлдын калдыктары, чоподон жасалган чорго, 8 калып, найзанын уңгусу, шибеге, тешкич, ийне, кооздук буюмдар ж.б. табылган. Алардын айрымдарына боёк м-н түр салынган. Д.э-ндеги колодон, жезден жасалган буюмдардын молдугуна караганда бул жерде металл өндүрүү жогорку деңгээлде өнүккөн. Археол. маданий катмардын жогорку, ортоңку ж-а төмөнкү деңгээлдеринде адамдын сөөк калдыктары көп кездешкен. 50 көмүлгөн адамдын сөөк калдыктары изилденип, алардын 32синин антропологиялык түзүлүшү европеоид расасына таандык болгон. Көмүлгөн адамдар бү-рүштүрүлгөн абалда ж- а узатасынан бир капталына же чалкасынан жаткырылган. Айрым көрүстөндөргө адамдын баш сөөк-төрү гана көмүлгөн.
ДАЛЫЧЫ – таза, чийинсиз мүлжүнгөн койдун далысын жарык шоолага карап, андагы сүрөтчөлөр, жолчолор, сызыкчалар, булутчалар аркылуу келечекти болжолдоп алдын ала айткан көзү ачык адам. Д-лар айга, жылдыздарга, тогоолдорго карап көптү билген кыбачы, күзгө карап кышты, кышка карап жазды, бүгүнкүгө карап эртеңкини болжолдогон өтө баамчыл, адамдын өңүнөн, мүнөзүнөн, кыймыл аракетинен анын оюн, саламаттыгын, азыркы абалын боолгологон кыраакы, өтө тажрыйбалуу кишилер болгон. Алар өздө-рүнүн ой- пикирлерин табышмактатып, бир нече мааниде, өтө жалпылаштырып сүйлө-гөн.
ДАМБЫР ТАШ – жаз мезгилинин башталышында өткөрүлчү салттык ырымдардын бири. Жаз келип биринчи күн күркүрөгөндө, үйдөгү аялдардын улуусу эгин, чөп, сүттүн мол болушун тилеп, чаканы, көнөктү сузгу м-н калдыратып «Жер жарылып көк чык, мал тойгондой көп чык, желин жарылып сүт чык» деген каалоолор м-н үйдү үч айлана жүгүрүп чыккан. Калдыраткан идишин жаан басылганча кырчоого илип койгон.
ДАРИЙ I, Д а р а я в а у ш – б. з. ч. 522–486-ж. байыркы Персия падышасы; Ахеменилер династиясынан. Б. з. ч. 522–521-ж. «Өлбөстөр» деп аталган 10 миң армиясы м-н Вавилон, Мидия, Персия, Маржана, Элам, Египет, Парфия аймактарындагы ж-а Орто Азиядагы скиф урууларынын көтөрүлүштөрүн басып, бир катар чарбалык, маданий реформаларды жүргүзгөн. Персиянын мурунку падышасы Кир IIнин Орто Азияда жашаган сактарга каршы басып алуучулук саясатын улантып, эки жолу жортуулга чыккан. Анын тушунда грек-перс согушу (б. з. ч. 500–499-ж.) болуп өткөн. Эл аралык сооданы өнүктүрүп, Ахеменилер дөөлөтүн чыңдаган.
ДАРКАН ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 8–12-к-га таандык шаар калдыгы. Ысык-көлдөгү Жууку суусунун сол өйүзүндө. Аянты 100 га . Эки бөлүктөн – негизги чептерден ж-а алардын чет-жакаларындагы чоң аянттан туруп, узундугу 8 км келген дубал м-н курчалган. Улуу Жибек жолунун бир тармагы ушул шаар аркылуу өткөн.
ДАРООТКОРГОН – Кокон хандыгынын доорунда Чоңалай өрөөнүндө 1821-ж. курулган чеп. Ал тоолуу Алай аймагында хандык бийликтин аскердик-акимдик таяныч түйүнү болгон. Чарчы формада. Дубалынын бийиктиги 4 м. Түндүк тарабында гана жалгыз дарбазасы болгон.
ДАТКА (фарс. дадхох – адилетти сүйүүчү, адилеттүүлүктү талап кылуучу) – мансап даражасы. Бухара хандыгына чейин эле алгач фарс тилдүү элдердин мамл-ринде пайда болгон. (Бухара, Хива хандыктарында мансап даражасы катары, 18–19-к-да). Д-лар ордого түшкөн даттанууларды ханга жеткирип, арыз ээлерине хандын жообун, чечимин билдирип турушкан. Алар хан сарайда кызмат кылышып, хандын кабыл алуу бөлмө- сүндө иштешкен, о.эле катчылык ролун аткарышып кагаз иштерин бүтүрүшкөн, казылардын чыгарган чечимдерин талдап чыгышкан, ж.б иштерди аткарышкан. Кокон хандыгынын бийлик шатысында (иерархиясында) Д. тогузунчу (парваначыдан кийин, бийден мурун) орунда турган деген фактыга жаңы тактоолор киргизилген; биринчиден, Д. мамл. башкарууда «чин» же кызмат орду болгон эмес, даража (титул) болгон; экинчиден, Д. даражасын алган адамдар ар кайсы кызматтарды аткарып келишкен. Ант-кени, Кокон хандыгынын мамл. башкаруу аппаратында мамл. чиндер, титулдар, аскердик кызматтар, наамдар, админ. башкаруу кызматтары көп тепкичтүү иерархиядан тургандыктан, алардын статусу ж-а функциясы мезгилдин агымы м-н тез-тез алмашып турган. Ошондуктан Д. наамын алган адамдар жүз башыдан тартып вилайеттерге чейин башкаруу укугун алышкан. Согуш убагында ээлеген кызматы б-ча жогорку аскердик чиндерге барабар болгон. Мис., Зыйнат Д-ны генерал Д. деп аташкан. «Д.» – хандыктагы «генералга» тең жогорку «чин» – деп жазган И. Бичурин эмгектеринде. Түндүк-кыргыз Д-ларын генерал-губернаторлорго теңешкен (А. Кун); Бердыалы Д. жүзбашылык кызмат өтөсө, Кедейбай Д. парваначыдан Чартак ш-нын хакимине чейинки кызматтарда турган. Айрым убакта Д-лар хандык кызматтарда турбаса да, Д. наамы сакталып калган. Кыргызстандын түндүгүн каратып алуу м-н, бул даража түндүк феодалдарына да бериле баштаган. Мис., Чүй өрөөнүнөн Сооронбай Д., Талас өрөөнүнөн Асперди ажы Д., Жумгалдан Медет Д-ка ж.б. Д. даражасы Түндүк Кыргызстандын аймагында 19-к-да эң жогорку наам болгон. Д-лар кыргыз бийлеринен жогору турган ж-а хан казынасынан жылына 200 батман аштык, 1000 дилде алууга акылуу болушкан. Кыргыз Д-лары өзүнө караштуу аймактагы даттанууларды ханга билдирип тургандан тышкары, ошол аймакта бийлик кылуу м-н, хан ордосунун саясатын жүргүзүшкөн, элден жыйналган алык-салыкты хан казынасына жеткирип турушкан, өздөрү салыктан бошотулган. Орто Азиядагы аялдардын ичинен алайлык Алымбек Д-нын зайыбы Курманжанга биринчи жолу Д-лык даража берилген. Кокон хандыгында Д-лык даража бир эле убакта 10 инсанга берилген. Мис., 1804–76-ж. аралыгында Д. даражасын алган инсандардын саны 100гө жеткен. Кокон хандыгы Россия империясына багынып бергенден кийин, Д. мансап даражасы катары жоюлган. Бул даражаны
алган кыргыз феодалдары эл арасында Д. аталып кала берген.
ДАШТ-И-КЫПЧАК – Иртыш дарыясынан Итил (Волга) дарыясына чейинки тарыхый-геогр. аймак. 9–10-к-да бул аймакты кыпчак уруулары мекендей баштаган. Аймакта башка калктар жашаса да (огуз ж.б. тилдүү түрк уруулары, финн-угорлор ж.б.), кыпчактардын саясий ролунун өсүшүнөн улам фарсыча Д-и-К. («Кыпчак талаасы») деп аталган. Орус ж-а европа элдеринин жазма булактарында бул аймак «половец талаасы», «куман талаасы» деген ат м-н белгилүү. Моңгол жапырыгынан кийин деле бул аймак өзүнүн атын сактап калган. Урал (Жайык) суусунан чыгышыраактагы бөлүгү кийин Ак Ордого караган. Бул аймак м-н кыргыздар маданий- этностук алакада болушкан.
ДЕГЭЭ – суудан балыкты сайып кармоо үчүн атайы жасалган курал. Д-нин ачалары он экиге жетет. Ачаларынын саны, уз., жоондугу сайылчу балыкка жараша ар кандай болот. Сайылган балык чыгып кетпес үчүн Д-нин ар бир ачасына бөрү тил бекитилет. Ал жыгачтан же темирден жасалат. Д. уз. 2–3 м, жоондугу15– 20 см жыгачка сапталат. Анын 2-учуна узун, бышык ичке жип байланат. Д-ге сайылган балык аны сүйрөгөндө жиптен кармашат.
ДЕМОГРАФИЯ (гр. demos – калк ж-а grapho – жазамын) – калкты ж-а анын өнүгүш мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдей турган коомдук илимдердин бири. Д. илиминде калктын өсүшүн, толукталышын, муун алмашылып, эл жаңыланып турушун, калктын санын, курамынын өзгөрүшүн; төрөлүү, өлүм-житимди изилдөө негизги орунду ээлейт. Айрым аймактын калкына эл кошулат (иммиграция), башка жакка көчүп кетет (эмиграция). Мындан тышкары, адамдар үйлөнөт, ажырашат, балалуу болот, улгаят, билими жогорулайт, адистиги, социалдык абалы алмашат. Мындай процесстерди изилдөөлөрдүн негизинде мамл-те атайын тиешелүү мыйзамдар иштелип чыгат ж-а кабыл алынат. Д. саясий экономия, мед., этногр. сыяктуу ил-дер м-н тыгыз байланышта. Д. ил-не негиз салгандардын бири – Жон Граунт (1620-74). Ал эми Россиядагы биринчи Д- лык изилдөө Д. Бернуллиге таандык. Д. илими саясий, социалдык, экон. Д. сыяктуу бир нече тармактарга бөлүнүү м-н, Д-лык статистика, Д-лык прогноз сыяктуу түшүнүктөрдү да өзүнө камтыйт. ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ – муундардын ж-а миграциялардын табигый нугун кайра жаратууга багытталган социалдык, экон., юридикалык ж. б. иш чаралар. Мис., балдардын төрөлүшүн көбөйтүү же токтотуу ж. б. Бул үчүн мамл-те атайын мыйзамдар ж-а шарттар иштелип чыгат. Демографиялык процесс м-н саясаттын ортосундагы байланыштарга биринчилерден болуп көңүл бургандар Г. Мальтус ж-а У. Петти болушкан. Г. Мальтустун пикири б-ча жер шарында калктын санынын көбөйүшү жашоо үчүн күрөштүн курчушуна алып келүү м-н, күчтүүлөрдүн жеңип чыгышын шарттайт. Бул дүйнөлүк тынчтыкка коркунуч алып келиши мүмкүн. Бирок, калктын абсолюттук көбөйүш процессин балансылоого жаратылыштын да алы жетпей калууда. Жаратылыш адамзаттын керектөөлөрүн ж-а алардын келтирген зыяндарынын ордун толтуруу- га жетишпей калууда. Ошондуктан бул маселени мамл. деңгээлде: үй-бүлөнүн жаралышын ж-а балдардын туулушун жөнгө салуу м-н чечүү зарылдыгы келип чыгат. Дүйнө жүзүндө болуп жаткан эпидемия, ачкачылык ж-а согуш сыяктуу кө-рүнүштөрдү Г. Мальтус позитивдүү көрү-нүштөр катары эсептеген. Себеби, алар «ашыкбаш» адамдардын санын азайтууга жардам берет. Д. с-тын проблемаларынын бири – өлкөлөр ортосундагы миграциялык процесстерди ж-а алардын себептерин изилдөө. Ал эми Кыргызстандагы Д. с-тын негизги багыттары – миграция, эмгек ресурстарынын курамы ж-а структурасы, эмгекке орноштуруу, калктын иш м-н камсыз болушу ж.б.
ДЕМОКРАТИЯ ( гр. demos – эл, kratos – бийлик) – эл бийлигине негизделген саясий түзүлүштүн формасы. Д- да эл бийликтин негизги булагы, аныктоочусу катары таанылат, мамл. бийликтин негизги органдары шайланат, граждандардын тең укуктуулугу, чечимдерди кабыл алууда азчылыктын көпчүлүккө баш ийиши, азчылыктын укугунун корголушу ж. б. камсыз болот Д-нын тарыхы байыркы батыш цивилизациясынын (өзгөчө грек ж-а рим) мезгилинен башталат. Батышта Д. түшүнүгү Байыркы Грециядагы шаар-мамл-дин өнүгүшү м-н коштолот. Азыркы Д-нын калыптанышына ж-а бекемделишине адамдын табияттан берилүүчү жашоого, эркиндикке ж-а жеке менчикке болгон идеялары чоң түрткү болгон. Либералдуулукка негизделген азыркы Д. төмөнкүдөй принциптерди камтыйт: адам укугу ж-а аны мамл-тин укугунан жогору коюу; эркин атаандаштык ж-а базар мамилелериндеги эркиндик, азчылыктын үстүнөн көпчүлүктүн бийлигин конституциялык жол м-н чектөө; жеке ойго ээ болуу ж-а аны эркин айтуу б-ча азчылыктын укугун урматтоо ж. б. Либералдар жеке адамдын кызыкчылыгын жогору коюну көздөсө, Д-да тескерисинче эл бийлигин, атуулдардын саясий теңдигин, азчылыктын көпчүлүккө баш ийишин жогору коёт. Д-нын ар кандай формалары ж-а ин-тары болушу мүмкүн. Бирок Д-нын талаптарына жооп берүүчү жалпы нормалары, баалуулуктары, принциптери бар. Алар биринчи кезекте адам укуктарын жогору коёт. Тең салмактуулукту кармап турган өз алдынча, бирок бири-бири м-н байланыштуу болгон бийликтин 3 бутагы түзүлөт. Аларга мыйзам чыгаруучу, атка-руучу ж-а сот бийлиги ыйгарылат. Д-нын негизги принциптеринин бири – ар бир атуул мыйзам алдында бирдей жооптуу ж-а тең укуктуу. Маалымдуулук принциби – Д-нын алмаштыргыс шарты. Азырынча Д-нын принциптерин толугу м-н ишке ашырган бир да өлкө жок.
ДЕМОНСТРАЦИЯ (лат. demonstratio – көргөзүү) – 1. коомдук ой-пикирди ж-а талапты билдирүүгө арналган жүрүш, митинг, ар кандай карнавалдык майрамдар ж. б.; 2. бир нерсени элге көргөзүү. Мис., кинофильмди, сабакта айбанат кебин, химиялык реакциялар жүрүшүн көргөзүү; 3. башка өлкөнү басмырлоо, опузалоо аракетинде Д-лоо (өтмө мааниде – кыр көрсөтүү). Мис., башка мамл-тин жээктерине согуштук кемелерди жиберүү ж. б.

#14 27 July 2014 - 21:39
ДЕҢГЕНЕ – бир нече адамдын ортого майда жандык чыгарып жеш адаты. Д. жамааттык мамилелер өкүм сүрүп турганда пайда болгон чогуу тамактануу.
Д-ге эркектер гана катышып, ортого кой, эчки, торпок чыгарып союп жешкен. Кийинчерээк Д-ге союлган малдын баасын Д-нин катышуучулары тең төлөп беришкен да, союлган этти бирдей өлчөмдө бөлүп алышкан. Мындай көрүнүш жамааттык мамилелердин бузулгандыгын,
ар бир үй-бүлөнүн чарбасы, тиричилиги өз алдынча боло баштагандыгын билдирген.
ДИВАЕВ Абубекр Ахмеджанович (1856–1932) – Түркстан археол. сүйүүчүлөр коомунун жигердүү мүчөлөрүнүн бири. Орто Азия элдеринен лингвистика, фольклор, этногр. б-ча баалуу маалыматтарды чогулткан.
«ДИВАНЛУГАТАТ- ТҮРК»,«Түркий тилдер сөз жыйнагы»–улууаалымМахмудКашгари 1072–77-ж. жазган энциклопедиялык сөздүк. Сөздүктө түрк тилдүү элдердин (чигил, йагма, карлук, оргу, кыргыз, огуз, тухси, уйгур, кыпчак ж. б.) тилдериндеги 7500дөй сөз камтылып, арабчага которулган. 300гө жакын макал-лакап, 100 чамалуу ыр, шаар, кыштак аталыштар, уруу аттары, түрк урууларынын тарыхы, жайгашкан аймактары ж. б. маалыматтар берилген. Бизге анын 1266-ж. 1-августта Абу Бекр ас-Сави аз- Димашкы көчүргөн нускасы гана жеткен. Көчүрмө нуска Стамбул ш-ндагы (Түркия) Улуттук китепканада сакталууда. Аны килистик мугалим Рифат Билге 1915–17-ж. Стамбулда үч томдук кылып жарыялаган. Түркчө, өзбекче, англисче, казакча, уйгурча котормолору, немисче индекс сөздүгү басмадан жарык көрдү. Кыргыз тилинде айрым үзүндүлөрү жарыяланган.
ДИКТАТУРА (лат. dictatura – чексиз бийлик) – мамлекетте бийликти демократиялык эмес жол м-н ишке ашыруу. Д. байыркы Римде чексиз укук же диктатор бийликти башкарган мезгилинде пайда болгон. Д-да бийлик бир кишинин – диктатордун, же бир нече кишинин колуна топтолуп, мамл. бийликтин ин-тары тарабынан чектелбейт ж-а саясат куралдуу зомбулук, террор жолу м-н жүргүзүлөт. Бул учурда Д. диктатордук бийликтин чексиздиги, көзөмөлдөнбөстүгү м-н Конституцияда жарыяланган демократиялык укуктарга, эркиндиктерге каршы келип, өкүлдүк органдардын укуктарын чектөө ж. б. м-н мүнөздөлөт. Тарыхта диктатордук режимдин орнотулушу саясий күрөштөрдүн кескин күчөшү, социалдык-экон. кризистердин курчушу, башкаруучу режимдин социалдык базасы тарыган же бийликке күч м-н келген мезгилине туура келет (мис., Испаниядагы Франко Д., Германиядагы фашисттик Д.). Д. бийлик жүргүзүүнүн жолу катары демократиялык режимдин альтернативасы болуп саналат. Д. авторитардык, тоталитардык, согуштук ж-а реакциялык ж. б. болуп бөлүнөт.
ДИН – бир же бир нече кудай, табияттан сырткары жашаган кереметтүү күчтөр бар деген ишенимдерге таянган көз караштардын, сезим-туюмдардын, ырым-жырымдардын, каада-салттардын жыйындысы. Миф ж-а Д. бири-бири м-н тыкыз байланышта. Д-дин өзгөчөлүгү диндеги культтук системанын болушу м-н шартталган. Ошондуктан, ар кандай миф диндик системага ээ болуу м-н диндик мүнөзгө өтөт. Дүйнөгө диний көз караш Д- дин ар кандай формаларында ар түрдүүчө чагылдырылган диний түшүнүктөрдөн куралган. Д-дер тарыхый өнүгүүнүн натыйжасында жаралган. Д-дин тарыхый өнүгүүсүнүн формалары: уруулук, улуттук-мамл. (этностук), дүйнөлүк (христиан Д., буддизм ж-а ислам). Д-дер ар кандай типтеги маданияттарды чагылдырышат. Дүйнөгө диний көз караш өлкөлөр м-н региондордун массалык аң-сезимине зор таасирин тийгизип, – диний идеология учурдун өзүндө да күчүн жоготпогон притчалык, уламыштык формада жашап жатат. Д-дин жаралышын, өнүгүүсүн, жашоосун, сакталышын шарттаган себептер, жагдайлар, факторлор жалпысынан тамырлар деп аталат. Д-дин жашоосун шарттап турган социалдык, гноселогиялык коомдук- психологиялык сыяктуу 3 негизги тамырлары бар.
ДИПЛОМАТИЯ – белгилүү бир мамлекеттин тышкы саясатына байланышкан милдеттерин, максатын жүзөгө ашыруу үчүн өкмөт башчысы же атайын органдар жүргүзгөн саясат. Адатта Д-ны кээде «тышкы мамилелер жөнүндөгү илим», «сүйлөшүү өнөрү» деп да аныкташкан. Д. термини Байыркы Грецияда чет өлкөлөргө жиберилүүчү атайын адамдардын өкүлдүгүн көрсөтө турган ишеним грамотасы – «диплома» деген бүктөлмө тактайдын атынан чыккан. Д. негизинен мамл. жаралгандан кийин пайда болгон. Д-нын жолдору ж-а иш- аракети дайыма өзгөрүп турган. 15-к-да чет өлкөлөрдө туруктуу өкүлдөр пайда болуп, Д-лык иммунитет, даражалар (Д-лык рангдар) келип чыгат. 17-к-дан тартып эл аралык конференция, кон-гресстер чакырыла баштайт. Д-лык иштерди атайын элчиликтер, миссиялар же ишенимдүү адамдар жүргүзүшөт. Алар Д-лык мыйзамдардын артыкчылыктарынан пайдаланат. Эл аралык укук Д-лык өкүлдөрдүн өздөрү иштеп турган мамл-тин ички иштерине кийлигишүүсүнө жол бербейт. Д-лык иштердин негизги түрлөрү: дипломатиялык өз ара сүйлөшүү, келишим (договор) түзүү, конференция, конгресс өткөрүү, эл аралык уюмдардын иштерине катышуу. 20-к-да Улуттар Лигасы, Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу ири эл аралык уюмдар түзүлгөн. Кыргыз Респ-сы суверендүү эркин мамл-ке айлангандан бери анын тышкы мамл-тер м-н болгон Д-лык байланыштары күч алды. Кыргыз Д-сынын учурдагы максаты – өлкөнүн түпкү таламдарын чечкиндүү коргоо, эл аралык аренада, респ-да коомду жакшыртууга зарыл болгон бардык шарттарды түзүү, кыргыз элинин улуттук эркиндиги м-н көз карандысыздыгын колдоо, башка мамл-тердин чоң-кичинелигин ылгабай суверенитетин урматтоо ж-а алардан да ошондой калыс мамилени талап кылуу. Кыргыз Д-сынын багыттарын, мазмунун ж-а методдорун иштеп чыгуу м-н, ийкемдүүлүгүнө, бийиктигине умтулуу ж-а келечегине кам көрүү. ДОЛОНДОР – Кытай Эл Респ-нын Шинжаң Автономиялуу облусунда жашаган калктын бир уруусунун аты. Бүгүнкү күндө уйгурларга жуурулушуп бараткан Д. өздөрүнүн түпкү тегин кыргыз экендигин белгилешет. Д- дун материалдык маданияты ж-а антропологиялык тиби да кыргыздарга жакын. Ч. Ч. Валиханов Чыгыш Түркстандагы Барчык ж-а Маралбашы аймактарын мекендеген Д. аттуу өзгөчө уруу ж-дө жазган. Алар өздөрүнүн тегин кыргыздар м-н жалпы экендигин белгилешерин эскерген. Д. – моңгол тилинде жети санын түшүндүрөт. Этноним жети уруу, жети уруу эл маанисин берет. Кыргызстандын аймагында бул ат м-н тоодогу ашуу, айыл-кыштактар белгилүү.
ДООЛ – улуттук урма аспап. Анын тулкусу жезден, мистен жасалып, жалгыз туулгалуу келет. Д-дун жаргагы (териси) жезден же мистен жасалган алкак м-н кысылып, Д-дун тулкусуна кооздолгон куж м-н бекитилет. Кээде туулга түрүндөгү тулкудан туруп, анын чуштугуйуна каттап бекитилет да, ага шакекче тагылат. Д-дун жаргак тартылган бетинин диаметри 5,50 мм, тулкусунун бийиктиги 400 мм, жазылыгы (бети) 50 мм. Д-дун тулкусу оюулар м-н кооздолот. Аны ат үстүндө, жөө жүргөндө кармап жүрүүгө ыңгайлуу болсун үчүн тулкусунун сыртына жазы кайыш тасма бекитилет. 2-кайыш тасма Д-дун ички учу м-н тулкусунун ортосуна тартылат. Жоон таякча м-н ургулап добуш чыгарган. Д-дун тулкусун кээ бир жерлерде «чара», жаргакты «тери», тасманы «боо» деп да аташат.
ДООЛБАС, д о б у л б а ш, д о б у л б а с – кыргыздын барабан сымал байыркы урма аспабы. Төгөрөк жыгач алкактын үстүнкү бетине төөнүн ийленген териси капталып жасалган. Ал алкакка көктүн, кайыш тасманын жардамы м-н керилген түрдө бекитилген. Мурун согушта белги берүү, душмандын үрөйүн учуруу, элди жыйынга чогултуу, салтанаттуу жүрүштөрдү коштоо үчүн пайдаланган. Д-ты мүнүшкөрлүккө чыкканда кайберенди ж-а илбээсинди бир багытка айдоо, үркүтүү үчүн да колдонушкан. Д-тын үнүн таякча урма аспабы м-н чыгарган. Тарыхый маалыматтарга караганда Д-тын ар кандай көлөмдөгү түрлөрү болгон. Эң чоңдорун бир нече адам көтөргөн, ал эми бир адам көтөрө ала тургандарын жөө же аттын капшытына илип алып жүрүшкөн.
ДООЛДАЙ – жука кийиз ичтелип, таар же калың кездеме м-н тышталган узун сырт кийим. Д. эркектерге ж-а кедей зайыптарга таандык. Элдик оозеки чыгармаларда Д. кыргыздардын эң байыркы кийимдери катары сүрөттөлөт. Чынында Д-дын кементай сыяктуу этегинин кең болушу, улам жогорулаган сайын анын кууш тартып кеткени, жакасынын жөн гана кыйыкталып коюлушу, эки өңүрүнүн бир гана жеринен бүчү м-н байланышы, эки жеңи, эки өңүрүнүн учасынын сулк-сулк бычылышы анын байыркы кийимдерден экенин далилдейт.
ДООРОН – жаны чыккан адамдын сөөгүн коё электе (тажиялануудан мурда) маркумду күнөөлөрүнөн арылтуу максатында өткө-рүлчү диний ырым. Кыргыздардын салттуу турмушунда Д. үчүн молдого мал, кездеме, акча, эгин ж. б. берилген.
ДӨБӨКОРГОН ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 9–12-к-га таандык археол. эстелик. Араван суусунун сол жээгинде, азыркы Дөбөкоргон айылынын батыш тарабынан орун алган Мазардөбө шаарчасынын түштүк жагында. Тик бурч формасында, түштүк бөлүгү жогору көтөрүлүп турат. Орто кылымдарга тиешелүү керамика табылган. ДӨҢБУЛАК
ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – б. з. ч. 2-к.–б.з. 8-к-на таандык шаар калдыгы. Өзгөн р-нун аймагында, Жазы суусунун сол жээгинде, Өзгөн ш-нан 5 км чыгыш тарапта жайгашкан. Шаарча 900х970 м аянтты ээлейт, сепилинин аянты жогорку бөлүгүндө 90х50 м. Сепилдин үч жагы терең аң, түндүк жагы суунун тик жээги аркылуу өтөт, түштүк жагынан гана кирүүгө болот. Түндүк тарабында булак бар. Казууларда 7 маданий катмар ачылган. Карапа идиштер, сөөктөн, таштан жасалган буюмдар табылган. Карапа идиштери жасалышы б-ча Шоробашат, Мархамат маданияттары, Касан, Кожогарын, Белесмазар сыяктуу орто кылымдардын эрте мезгилиндеги эстеликтер м-н окшоштугу бар.
ДӨӨЛӨСБААТЫР, Дөөлөс бактыКылжыр уулу(16-к.)–кыргыздардынкалмактаргакаршы күрөшүндө кол баштаган баатыр. Тагай бийдин небереси. Д. б-дын эрдиктери Осмонаалы Сыдык уулунун, Белек Солтоноевдин, санжырачылар Э. Төрөкан уулунун ж-а А. Алымкул уулунун эмгектеринде айтылат. Ал кыргыздарга коркунуч туудурган калмактарга далай ирет жортуул уюштуруп, алардын айылдарына бүлгүн салып турган. Калмактар аны айла-амал м-н колго түшүрүп, орго салган. Санжырада калмактын хонтайжысынын Көкмончок аттуу кызы ордо жаткан Д. б-ды туткундан бошоттуруп, ага турмушка чыккан. Д. б-дын Токо, Жантай, Элчибек ж-а Манап деген уулдарынан тарагандар кыргыздын сарыбагыш уруусунун негизин түзөт.
ДӨШҮ – узануу үчүн үстүнкү жалпак бетине калың болот каптап, бир жагын жумуру, бир жагын төрт кыр учтантып атайы куюлган оор чулу темир. Темир усталардын Д-сү чоң, оор, зергерлердики кичинекей болот. Усталар металлдарды ысык же муздак түрүндө Д-гө коюп кесет, көзөйт, созот, жалпайтат, түздөйт, ийет, миздейт, жумурулайт, ширетет, кадайт ж. б. керектүү иштерди жасайт. Д. бийиктиги 70–100 см келген зор дөңгөчкө, көөрүк очогунан анча алыс эмес жерге орнотулат, анткени көөрүк очогунда ысытылган темир сууй элегинде Д-нүн үстүнө коюлушу керек.
ДУБА – мусулман дининде ар иштин башталышына, жүрүшүнө, бүтүшүнө алладан жардам, ырайым, боорукерчилик, мээрмандык ж.б. сурап кайрылуу. Д. өлгөн адамга карата куран түшүрүү, куран окуу, бата берүү м-н иш жүзүнө ашырылган. Динге ишенгендер, кырсыктап иштери илгерилебегендер Д-ны кереметтүү күч катары карашып, молдо чакырып куран окутушкан.
ДУБАНА – кыргыздардагы сопулуктун (суфизмдин) бир көрүнүшү. Аны колдогондор ислам дининин кечилдик багытын тутуп, өз алдынча же топ болуп айылдан айылга, элден-элге көчүп-конуп жүрүшкөн. Кийиминде кечилдиктин белгиси катары өзгөчө элементтер (терисинин жүндөрү сыртына карата тигилген шоңшогой топу, үстүндө жүндөн жасалган чапан) болгон. Жандарына үн чыгаруучу түрдүү аспаптарды, шалдыркандуу аса таякты алып жүрүшкөн. Өзгөчө кыймыл аракеттердин натыйжасында кудай м-н түздөн түз байланыш түзүү кудуретине жетүү Д-чылыктын негизги максаты болгон. Ага жетиш үчүн бул агымды колдогон ар бир адам шариатты, тарикатты (чындык жолу), марафатты (зикир аркылуу мааниге сүңгүп кирүү) ж-а акыйкатты (алла-тааланы толук таануу) иш жүзүнө толугу м-н аткарышы зарыл болгон. Д-лар эмчилик касиетке ээ адамдар катары оорулуу адамдарга дем салышкан.
ДУЛУ – 6–8-к-да Чүй өрөөнүндө мекендеген түрк урууларынын бирикмеси. Батыш Түрк каганатынын «он ок бодун», б.а. «он ок элинин» бир бөлүгү. Бул аймак Д. ж-а Нушиби деген эки чөлкөмгө ажыраган. 8-к-да Д. уруулук бирикмеси күчтөнүп келе жаткан Түргөш кагандыгына баш ийип калган.
ДУНКАНА Кочуке уулу (1886, Нарын облусу, Нарын р-ну Эчкибашы айылы – 1981, ошол эле жер) – семетейчи. 1930-ж. айыл кеңешинин төрагасы, кийинчирээк чабан болуп иштеген. Адегенде Тыныбек манасчынын нускасын алган. «Манас» айтуунун чеберчилигин Чоюке, Дыйканбай манасчылардан үйрөнгөн. Замандаштары Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморовдор м-н тааныш болуп, таасирлерин алган. «Семетейди» жакшы өздөштүрүп, элге семетейчи катары таанылган. Д-дан «Манас» эпосунун «Семетей» бөлүгү толук, ал эми «Манастын» өзүнөн «Манастын балалык чагы», «Кө-көтөйдүн ашы», «Чоң казат» деген салт-тык туруктуу окуялар жазылып алынган. Анын вариантын филолог-окумуштуулар С. Бегалиев, Р. Сарыпбеков кагаз бетине түшүрүп, КР УИАнын кол жазмалар фондуна 1965–67-ж. тапшырышкан.
ДУҢГАН АТЧАНДАР ПОЛКУ Түркстан Респ-нын 1920-ж. 8-февралдагы токтому б-ча Орто Азиядагы ак гвардиячыларга ж-а басмачыларга каршы түзүлгөн. Верный ж-а Пишпек уезддеринен куралган полктун кол башчысы революционер Магазы Масанчи болгон. 1921-ж. Фергана өрөөнүндө Максум, Халбут корбашылардын, Кагар молдонун бандаларын талкалаган, Уратөбө р-нун басмачылардан 3 ай коргогон. 1923- ж. басмачылардын негизги күчтөрү талкалангандан кийин таркатылган.
ДУҢГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ. 19-к-дын 60-жылдарында Чыгыш Түркстанда, Кытайдын түндүк-батыш райондорунда жергиликтүү элдер Цин империясынын үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүшкө чыгышкан. Көтөрүлүшкө дуңгандар м-н уйгурлар активдүү катышып, тарыхта дунган көтөрүлүшү деп аталып калган. Дээрлик 15 жылга созулган жалпы элдик кыймыл жеңилип калган. Эркиндикти эңсеп кан төккөн калк кытай аскеринин аёосуз жазалоосунан баш калкалап, жер которууга, кыргыз, казактардын арасына корголоого мажбур болгон. Адегенде 1866-ж. сарт калмактардын зорган уругу Жетисууга көчүп келишкен, кийин өтүнүп жатышып, 1869-ж. Россия мамл-нин букаралыгына кабыл алынышкан. Алты сумун (айыл) качкындардан эки болуштук уюшулган: бири Ысыккөлдө – Текес өрөөнүндө (1317 түтүн), экинчиси Верный уездинде (732 түтүн). 1871-ж. Россия ээлеп алган Жогорку Иле чөлкөмү 1882-ж. Кытайга кайтарылганда 5 айыл калмактар Кытайга таандык аймакта калып, ал эми алтынчы айыл (240 түтүн) каа-лоосу м-н Россиянын ээлигинде калаары туу-ралуу бүтүм чыгарган. Теги б-ча сарт калмактар моңголдордун батыш канаты ойротторго, а. и. кара-калмактарга же өлөттөр тукумуна кирген. 1882-ж. Кытай м-н Россиянын ортосундагы Капкак аркылуу (Текес өрөөнү) өткөн жаңы чегара такталгандан кийин сарт калмактар 1884-ж. гана Көл кылаасына көчүп келишет. Каракол, Ырдык өзөндөрүнүн аралыгынан конуш алышып, сарт калмактардын Бөрүбаш, Челпек кыштактары пайда болгон ж-а 1913-ж. 366 түтүнгө (2262 киши), 1916-ж. 483 түтүнгө (2,9 миң киши) жеткен. Дуңган калкы Кытайдан Жетисууга 1877–84-ж. эки этап м-н келген. 1-этапта (1877-ж.) дуңгардын көтөрүлүшү жеңилип калгандан кийин көчүп келишкен. Бул этапта дуңгандар орус-кытай чегарасынан үч багытта өтүшкөн. 1877-ж. кыш адаттагыдан өзгөчө суук болуп, кар калың түшкөн. Ганьсулук дуңгандардын Да-Сы-Фу жолбашчылык кылган 1166 кишиден турган алгачкы тобу Турпандан жөнөп, 1877-ж. октябрдын аягы – ноябрдын башы ченде Бедел ашуусун ашып Караколго келишет. Кыргыздар качкындарга тамак-аш, үй-жай жагынан каралашкан. 1878-ж. жазга маал келгиндерге Караколго жакын Ырдыктан жер бөлүнүп берилет. Кытай аскери куугунтуктаган дуңгандардын дагы бир тобуна Ма-Да-Жэнь жетекчилик кылган. Синьцзяндык ж-а ганьсулук дуңгандардан куралган бул топ (2 миңдей киши) Аксуудан чыгып, Маралбашы, Эркештам ашуусу аркылуу Түштүк Кыргызстанга өткөн. Кыйын абалда калган адамдарга жол бою кыргыздар азык ж-а унаадан жардам кылышкан. Шэньсилик дунгандардын Быянху (Бий Янху) баш болгон тобу да кыш чилдеде Торугарт, Кызылбел ашууларын ашып, 1877-ж. декабрдын башы ченде Нарынга келет. Бир аз тыныгып, кайрадан жолго чыккан 3314 дуңган декабрдын аягында Токмокко жеткен. Жол бою кыргыз айылдары жолоочуларга мал, дан, баш калкалаганга боз үй, алачык жагынан жардам беришкен. Дуңгандардын Жетисууга ооп келишиндеги 2-этап Иле чөлкөмүн Цин бийлигине кайтарып берүү м-н байланыштуу. Алардын Россияга букаралыгы абалы 1881-ж. Петербург-да түзүлгөн орус-кытай келишими м-н бекемделген. Бул келишимдин шарттарына ылайык дуңгандарга ж-а уйгурларга Ата журтунда – Синьцзянда калуу же Россия ээлигине көчүп кетүү эркиндиги берилген. Бул мурдатан эле башталган өз алдынча жер которууну мыйзамдаштыруу гана болгон. Ошондо дуңгандар ж-а уйгурлардын кыйла бөлүгү Жетисууга көчө башташкан. 1884-жылдын аягына карата Иледен Жетисууга 1147 дуңган үй-бүлөсү же 4682 адам ооп келип, баш-аягы 10 миңден ашуун дуңган, 45 миңдей уйгур Жетисуудан орун алышкан. Уйгурлар негизинен Верный (Алматы), Жаркен (Панфилов) уезддерине, дуңгандар Бишкек, Ысыккөл уезддерине жайгашкан. Ал эми Түштүк Кыргызстанга келген дуңган, уйгурлар адегенде Ошко жакын жерде (Карасуу р-ну) туруп калган. Дуңган, уйгурлар Жетисууга ооп келген кезде бул аймакта падышалык Россиянын бийлиги орноп калган эле. Падышалыктын Түркстандагы оторчул сая-саты жер-суу маселесинде даана байкалган. Мыкты жерлер келгин орус дыйкандарына, казак-орустарга бөлүш-түрүлүп, кыргыздар, казактар тоо-ташка, чөл-талаага сүрүлгөн. Колониялык бийликтер дуңгандарга убактылуу жер бөлүп берген. Токмокко келген дуңгандар Чүй суусунун оң жээгиндеги Каракоңуз өтөгүнө жайгашышкан. 1878-ж-дын аягында келгин дуңгандар үй куруп, короо-жай салып алганга (азыркы Масанчын айылы) үлгүрүшкөн. Аларга 10306 теше жер берилген. Дуңгандар жер айдап, буудай, жүгөрү ж.б. дан эгиндерин, калемпир, буурчак, сабиз, сарымсак ж.б. жашылчаларды өстүрүшкөн. Кийинчерээк сууга жакын жерлерге шалы эге башташкан. Сокулукка келген дуңгандарга Сокулук суусунун боюнан дыйканчылыкка ыңгайлуу 2064 теше жер бөлүнүп берилген. 1883-ж. Сокулукта 33 үй-бүлө өздөрү курган үйлөрдө жашап калышкан. Ошентип, Александровка деп аталган кыштак өсүп чыккан. Дуңгандардын айрым топтору шаарларда калып, өзүнчө слободкаларды (шаар четиндеги кыштак) негиздешкен. Мис., Бишкекте дуңган слободкасы 1882-ж. пайда болгон. Адеп уюшулганда анда 150 үй-бүлө турчу. Мындай слободка Токмокто да пайда болгон. Келгиндер Жетисууга көчүп келгенден кийин алар отурукташкан аймактарда Мариинск (Ырдык), Каракоңуз (кийинчерээк Николаевск) Александровка (Сокулук), Жаркен (Жаркен уездинде, Казакстан), Жалпакдөбө (Тараздан 5–6 км аралыкта) болуштуктары уюшулат. Кыштактарды болуштар, казылар ж-а старчындар башкарган. Алар айылдардан атайын жөнөтүлгөн шайлоочулардын жыйынында үч жылдык мөөнөткө шайланышкан. Болуштардын, старчындардын бийлиги улам күчөп, алык-салыктар арбыган. Падышалык Рос-сиянын Түркстандагы отор саясаты да кошул-ташыл болуп, келгиндердин жашоосуна терс таасир тийгизген.
ДҮМПҮЛДӨК – элдик оюн. Эки топко бөлүнүп, 1-тарабы чапкылоого, 2-тарабы чаптырбоого аракеттенген жаштар м-н балдардын оюну. Тутум б-ча коргонуучу тарап атайы ала келген кийизди салып, төшөктөрдү, кийимдерди калыңдай жамынып, кыска аркандын бир учун бирөө кармаган бойдон бир жерге чогуу, тыкыс жатышат. Ал тараптан күчтүү, күлүк, шамдагай бирөө сакчы болуп аркандын 2-учун кармап чогулуп жаткан өнөктөрүн туштуштан чабууга аракеттенген атаандаштарына чаптырбай, аларды кармап калууга аракеттенген. Сакчы бир жагын кубалаганда, 2-жагындагылар жаткандарды эшкен жоолугу же куру м-н чаап кетүүгө аракеттенишет. Сакчы аркан учун коё бербей тегерете чуркап өнөктөрүн кайтарат. 2-тараптагы атаандашынын бирөө сакчынын колуна түшсө, тутумдагылардын оюну алмашылат.
ДҮР Сооронбай уулу (туулган жылы белгисиз–1918) – коомдук ишмер, алгачкы агартуучу. Чүйдөгү тынай элинен чыккан. Азыркы Чүй р-нунун аймагындагы элди бийлеген Сооронбай датканын үчүнчү уулу. Верныйдагы аскердик гимназияны күмүш медаль м-н бүтүргөн. Ал окуу жайында М. В. Фрунзе м-н бирге окуган. Токмок уездинде атасы Сооронбайдын ордуна болуш болгон. Элдин таламдарын жүзөгө ашыруу үчүн күрөшкөн. Сайлык кыштагына жаңы типтеги орус жергиликтүү мектеп ачтырып, кыргыз балдарды окууга тарткан, мектепте өзү да сабак берген. 1916-жылкы көтөрү-лүштө өзүнө караган 400 түтүн элди Кытайга качырбай, жазалоодон куткарып калган. 1918-ж. Ак гвардиячы орустар тарабынан атылган. Аны өлтүрбөй, Совет бийлиги үчүн кызматка пайдалануу керектиги ж-дөгү М. В. Фрунзенин буйругу Д. атылгандан эки күндөн кийин келген. Анын ысымы Чүй р-дагы Сайлык кыштагындагы ор-то мектепке ыйгарылган. ДЫЙКАМБАЕВ Казы (1913-ж. т., Ысыккөл облусу, Түп р-ну, Талдысуу айылы) – мамл. ж-а партиялык ишмер. 1958–61-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы. Ташкендеги Өзбек эл чарба ин-тун бүткөндөн (1937) кийин, Кыргыз ССР мамл. пландоо комиссиясында ар түрдүү кызматта иштеген. 1940–58-ж. Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасына орун басар, Респ. мамл. текшерүү эл комиссары, тышкы иштер министри, Кыргызстан КП БКнын катчысы ж-а анын бюросунун мүчөсү, Фрунзе обкомунун 1-катчысы. 1961-жылдан Кыргыз ССР мамл. пландоо комитетинин төрагасына орун басар. СССР Жогорку Советинин (1947–55; 1958–63) депутаты. Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, I-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдары м-н сыйланган.
«ДЫЙКАНДАР АРМИЯСЫ» – 1918-ж. жайында Жалалабат аймагындагы Көгарт өрөөнүндө басмачылардан коргонуу максатында түзүлгөн майда кошуундар бирикмеси. «Д.а.» Фергана облустук штабына баш ийген. Бирок аскер комиссары Осиповдун көрсөтмөсү б-ча «Д.а-нын» катарына ак гвардиячы офицерлер кирип алып, Совет бийлигине каршы козголоңдорду уюштурушкан. 1919-ж. июлда «Д.а-нын» жетекчилери кулак Монстров, штабдын начальниги генерал Муханов, корбашы Мадаминбек макулдашып, сентябрда Ош м-н Жалалабатта Совет бийлигин кулатышкан. Анжиянды курчап, ала албай коюшкан. Бирок Кызыл Армиянын бөлүктөрү козголоңчуларды талкалаган.

#15 29 July 2014 - 21:43
ДЫЙКАМБАЕВ Казы (1913-ж. т., Ысыккөл облусу, Түп р-ну, Талдысуу айылы) – мамл. ж-а партиялык ишмер. 1958–61-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы. Ташкендеги Өзбек эл чарба ин-тун бүткөндөн (1937) кийин, Кыргыз ССР мамл. пландоо комиссиясында ар түрдүү кызматта иштеген. 1940–58-ж. Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасына орун басар, Респ. мамл. текшерүү эл комиссары, тышкы иштер министри, Кыргызстан КП БКнын катчысы ж-а анын бюросунун мүчөсү, Фрунзе обкомунун 1-катчысы. 1961-жылдан Кыргыз ССР мамл. пландоо комитетинин төрагасына орун басар. СССР Жогорку Советинин (1947–55; 1958–63) депутаты. Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, I-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдары м-н сыйланган.
«ДЫЙКАНДАР АРМИЯСЫ» – 1918-ж. жайында Жалалабат аймагындагы Көгарт өрөөнүндө басмачылардан коргонуу максатында түзүлгөн майда кошуундар бирикмеси. «Д.а.» Фергана облустук штабына баш ийген. Бирок аскер комиссары Осиповдун көрсөтмөсү б-ча «Д.а-нын» катарына ак гвардиячы офицерлер кирип алып, Совет бийлигине каршы козголоңдорду уюштурушкан. 1919-ж. июлда «Д.а-нын» жетекчилери кулак Монстров, штабдын начальниги генерал Муханов, корбашы Мадаминбек макулдашып, сентябрда Ош м-н Жалалабатта Совет бийлигин кулатышкан. Анжиянды курчап, ала албай коюшкан. Бирок Кызыл Армиянын бөлүктөрү козголоңчуларды талкалаган.
«ДЫЙКАНДАР АРМИЯСЫ» – 1918-ж. жайында Жалалабат аймагындагы Көгарт өрөөнүндө басмачылардан коргонуу максатында түзүлгөн майда кошуундар бирикмеси. «Д.а.» Фергана облустук штабына баш ийген. Бирок аскер комиссары Осиповдун көрсөтмөсү б-ча «Д.а-нын» катарына ак гвардиячы офицерлер кирип алып, Совет бийлигине каршы козголоңдорду уюштурушкан. 1919-ж. июлда «Д.а-нын» жетекчилери кулак Монстров, штабдын начальниги генерал Муханов, корбашы Мадаминбек макулдашып, сентябрда Ош м-н Жалалабатта Совет бийлигин кулатышкан. Анжиянды курчап, ала албай коюшкан. Бирок Кызыл Армиянын бөлүктөрү козголоңчуларды талкалаган.
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#16 29 July 2014 - 21:45
Е
ЕДРЕНКИН Иван Иванович (1890–1948) – Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкө катышкандардан. 1905-ж. Москвада революциялык иштерге катышкан. 1906-ж. Петербургда саясий адабияттарды тараткандыгы үчүн камалган. 1909-жылдан Шураб (Тажикстан), Ташкөмүр, Кызылкыя шахтыларында иштеген. 1917-жылдан Кызылкыя жумушчу депутаттар советинин төрагасы, 1920-жылдан чарба кызматтарында иштеген.
ЕЛҮЙ ДАШИ – Орто ж-а Борбордук Азияда 1170–1213-ж. өкүм сүргөн феодалдык мамлекеттин негиз салуучусу ж-а башкаруу-чусу. Түндүк Кытайдагы Ляо мамл. чжур-чжендер тарабынан талкалангандан кийин Е. Д. өз талапкерлери м-н 1121-ж. Орхон дарыясынын боюна качып келип, ал жерде Бей Ляо мамл. (Түндүк Ляо) негиздеп, өзүн хан жарыялаган. Кийин Е.Д. чжурчжендердин кысымына чыдабай Эмил өрөөнүнө сүрүлүп, бул аймакка 1040-ж. көчүп келген кидандар м-н биригип, Чыгыш Караханилер мамл-не кол салган. Азыркы Кыргызстандын түндүк бөлүгү Е. Д-ге баш ийип, ордо шаары Баласагун болгон. 1221-ж. наймандардын башчысы Күчлүк Е. Д-нин бийлигин тартып алган. Бул жылдардагы тарыхый окуялар «Манас» эпосунда чагылдырылган Е. Д. Жолойдун прототиби деген божомол бар.
ЕРЕНАК БЕК, Я р н а к, Я р а н а к, Еренек – 1660–87-ж. Сибирь кыргыздарынын башкаруучусу; Алтысар беги Ишей-Мергендин уулу, Номчи-бектин небереси. Улуу агасы Айкан Юрукту аманат туткун катары Москвада билим алып, Иван деген ат м-н чокундурулган. Ал Красноярскиге келип бир тууганы Е. б-ке каршы бир нече аскердик жүрүш жасаган. Е. б-тин Чакун, Харгин, Шам аттуу уулдары болгон. Е. б. өтө каардуу, өжөр инсан болгон. Өзгөчө чыккынчыларды катуу кыйноого алып, дарактарга кере байлап, казандагы кайнак сууга салып, көздөрүн оюп салууга ж.б. жазаларга буйрук берген. Е.б. бытыранды болгон кыргыз улустарын ж-а кыштым аймактарын «Кыргыз өлкөсү», «Кыргыз жери» этносаясий бирикмесине айланткан. Ал 20 жылдан ашуун Красноярск, Кузнецк, Томск, Енисей ж. б. орус кыштактарына коркунуч туудурган. Е. б. кыргыздардын экономикалык кубаттуулугун камсыз кылып турган кыштымдардын жерлерин өзгөчө коргогон. Ал тышкы саясатында Россияга каршы болуп, Жуңгариянын колдоосуна ыктаган. Өзгөчө, ургаалдуу түрдө отурукташып жаткан орус кыштактарына өтө ылдам, жеңил куралданган кыргыз атчандары тарабынан тез-тез сокку уруп турган. Сеңге-Тайша м-н Е. б-тин 1667-ж. Красноярска жасаган чабуулу учурунда казак-орустардын 375 кишиден турган аскер бөлүгү оор жоготууга учураган (39 адам өлгөн, 203 адам жарадар болуп, 49у туткунга алынган). Е. б. орус чындоолорунун курулушу м-н өтө зор коркунуч туудурарын түшүнүп, орус бийликтерине: «Эгерде Абаканга чыңдоо курсаңар, анда биз өз жерибизди акыркы балабызга чейин кор-гоого даярбыз» – деген билдирүү жасаган. 1675-ж. Красноярдык казак-орустар Кыргыз жеринин так ортосунда, Абакан дарыясынын куймасындагы Тагар аралына чыңдоо салышат. Е. б. Бул курулушту курчоого алып, өрттөп жиберет. Кийин Ачин ж-а Кан чыңдоолорун талкалап, Россиянын тууларын, замбиректерин колго түшүрүп алган. 17-к-дын 2-жарымында Цинь империясы моңгол хандыктарын баш ийдирип, аларды жунгарларга (калмактарга) каршы тукурган. 1687-ж. моңголдор м-н согушта Галдан Бошокту-хан Кыргыз өлкөсүнөн толуктоолор алуу үчүн аскер чакырат. Е. б. 600дөн ашуун адамдан турган кошууну м-н Алтайдагы Чулушман дарыясынын жогорку агымына жакындап келгенде, моңголдор буктурма коюп тосуп алышып, беттешүү учурунда Е. б. ж-а анын 300дөн ашуун жоокери, Алтыр улусунан 150 адам курман болот.
ЕФРЕМОВ Филипп – орус армиясынын унтер-офицери. Пугачевдун көтөрүлүшүн басууга жөнөтүлгөн кошуундун башчысы. 1774-ж. Е-дун кошууну пугачевчулар тарабынан талкаланып, башчысы Бухаранын башкаруучусу аталык Данияр бекке сатылган. Ал бат эле казакча, өзбекче сүйлөгөндү үйрөнүп алган. Аны мажбурлап исламды кабыл алдыруу үчүн кыйноого алышкан, бирок кийин жаңы кожоюнга берилип кызмат өтөөгө убадасын алуу м-н чектелишкен. Бухаралык аскерлердин курамында Самаркан, Мерв, Чаржоу, Хиванын алдында салгылашкан. Данияр бек өз туткунунун аскердик билимин ж-а шыгын баалап, гвардиясына жүзбашы койгон. Анын ар бир бешинчи аскери орус болгон. Бирок Е. өз жерине кайтуу оюн эч качан жадынан чыгарган эмес. Хивалыктар м-н согушта айрымалангандыгы үчүн жеңишти кабарлоого Бухарага жөнөтүлгөн. Катчыга пара берип, Е. Коконго чейин өтүүгө мүмкүндүк берүүчү элчиликтин грамотасына ээ болгон. Ал жерде өзүн соодагер деп көрсөтүп, туулган жерине карай узак сапарын баштайт. Түз эле Россияга качуу коркунучтуу болгондуктан, ал Алай тоолорун ашып, түштүк кыргыздардын аймагы аркылуу Кашкарга жеткен. Ал жерден Россияга кетүү аракети оңунан чыккан эмес. Мекеге ажылакка баратам деп, Е. Тибет ж-а Гималайды басып өтүп, Индияга жеткен. Ошентип, ал казак талааларын, Каракум, Кызылкум чөлдөрүн, Иранды, Бухараны, Кыргызстанды, Кашкарды, Тибетти басып өткөн бирин-экин европалыктардын бирөө болуп калган. 1774–82-ж. аралыгындагы жер кезүүсүндө Е. жергиликтүү тилдерди үйрөнүп, адат-салттарды өздөштүргөн. Индиядан Англияга (1782-ж.) кеме м-н келген, орус элчисинин жардамы аркылуу 1782-ж. 26- августта Санкт-Петербургга жеткен. Россияга келгенден кийин аны «бухар, перс ж.б. азия тилдери б-ча тышкы иштер мамл. коллегиясына» жумушка алышкан. Е-дун жазган отчету 1786-ж. китеп болуп чыккан. Китепке орустун билимдүү адамдары дароо кызыга башташкан. Ал Е. тирүү кезинде эле 3 жолу кайрадан басылган. Ушул китеп аркылуу Россияда мурда белгисиз эл – кыргыздар ж-дө билишкен. Кыргыздар м-н казактардын айырмачылыгын белгилеп, саякатчы элдин аталышынын так фонетикалык айтылышын («кыргыз»), Россиядагы киргизкайсактар – казактар деп айткан. Ошто Е. ыйык Сулайман тоого чыккан, Алайда жергиликтүү элдин турмуш-тиричилиги м-н таанышкан. Ал «кыргыздар Бухариянын өзүндө эмес, ага жанаша жайгашкан Ош шаарынын ж-а Кашкардын ортосунда жашашат» деп жазган. Кыргыздар көзкаранды эмес эл экендигин, Кокон м-н чектештигин гана белгилеген. Аларда ири феодал төбөлдөрү бар экендигин, сатуу үчүн кой, мал, төөлөрдү айдап Коконго бат-бат каттап турушарын айткан. Е. китебинин башында «Мен көргөн кордук, кыйынчылыктарым аркылуу өзүмдү даңазалагым келбейт. Көргөн, билгендеримди жазууга европалыктар билбеген жерлер, элдер бар экендиги түрткү болду. Байыркы, жаңы тарыхты окуп жатып Кытай, Индия, Персия, Бухара, Хиванын аралыгында жашаган элдер ж-дө эч нерсе билбейбиз» – деп жазган.

#17 29 July 2014 - 21:53
Ж
ЖАА – кол күчү м-н атылуучу байыркы курал. Ал үч бөлүктөн турат: Ж. жыгач же мүйүз, тептирге ж-а жебе. Жумуру же бир жагы жалпайтылган Ж. жыгачы арча, четин, сөксөөл, жаңгак сыяктуу серпилгич, катуу жыгачтан жасалат. Эгерде Ж. жыгачы тоо теке мүйүзүнөн жасалса, ал мүйүз Ж. деп аталат. Ж. жыгачтын же мүйүздүн орто жери жоонураак, эки четин көздөй ичкертилип, учтары тептирге байланганга ылайыкталып туурасынан кертмектелип жасалат. Ж. жыгачтын же мүйүздүн ортосунун сол жагына (бир тутам жерине) чийден жоонураак жипти, ширини оройт же сөөктөн, мүйүздөн эп кыят, ал Ж. тутка деп аталат. Ж. тутка Ж- чынын колуна эптүү, чак ж-а токтомдуу кылып жасалат. Ж. жыгачтын эки учун ийе тартып, катуу байланган жип же тарамыш тептирге деп аталат. Ал төө жүнүнө кыл же тарамыш кошуп ийрилген бышык жоон жипти бир нече каттап чыйратылып жасалат. Ж-нын огу – жебе. Ж-ны дүйнөнүн бардык элдери мезолит дооруна (б. з. ч. 12–2-к.) чейин колдонушкан. Ж. жөнөкөй, татаал болуп экиге бөлүнгөн. Жөнөкөй Ж. эч бир асеми жок Ж. жыгачтан, тептиргеден гана турса, татаал Ж-нын жыгачынын сырт жагынан майда таралган тарамыш жыш желимделип, ички бети жука мүйүз м-н капталып, эки учуна ж-а орто жериндеги туткасына сөөктөн эп кыйылат. Мүйүз Ж-лар алтын, күмүш, жез чөгөрүлүп, оймо-чиймелер м-н асемделет. Жоокерчиликте, мергенчиликте Ж. сол ийинге, саадагы оң далыга асылат. Ж. м-н аң улоону кесип кылган адам Ж-чы мерген деп аталган.
ЖААҢГЕР КОЖО, Ж а х а н г и р (1783–1826-жылдан кийин) – цин-манжур үстөмдүгүнө каршы Чыгыш Түркстан элдеринин көтөрүлүшүнүн башчысы. Ж. к. Чыгыш Түркстандын бийлик эгелеринин бири, «Ышкийа» соопчулук агымынын өкүлү Аппак кожонун урпагы, Бурханиддиндин небереси. Ж. к. жаштайынан тың чыгып, жакшы тарбия алган. Акылынын курчтугу, жөн билгилиги, көптү билгендиги м-н элге таанылган. Ж. к. баштаган боштондук кыймылдын алгачкы этабы «Суранчы бийдин (буруттун) козголоңу» деп аталып калган. Суранчы бийдин козголоңунан кийин Ж. к. алайлык кыргыздардын колдоосу м-н чечүүчү күрөшкө кам көрөт. 1821-ж. Ж. к. Кашкарга 2-ирет жортуул уюштуруп, жеңишке жетише албаган соң Алайга чегинет, кыргыз айылдарында 2–3 жыл туруп калат. Алайлык кыргыздар ага кошуун топтоп беришкен. 1824-жылдын кышында көпчүлүгү кыргыздардан куралган Ж. к-нун колу Алайдан Кашкарды көздөй жөнөп, Улугдагы кытай кароолуна чабуул койгон. Айыгышкан кармашта эки тарап тең көп жоготууларга учураган. Салгылашуу учурунда айтылуу Турдумамбеттин эң жакын жардамчысы жамантейит уруусунун бийи Шергазы (Сергаджы) баатырларча курман болот. Сан жагынан кыйла артыкчылык кылган кытай аскери акыры Ж. к-нун колун Кашкар аймагынан сүрүп чыгып, чегарага жакын конуштардагы кыргыз айылдарын талап-тоногон. Кашкардын кытайлык башкаруучусу Юн Цин кийинки жылдары Ж. к-ну ж-а анын жан-жөкөрлө- рүн кармап берүүсүн өтүнүп, кыргыз бийлерине тыңчыларды тез-тез жөнөтүп турган. Кыргыздарды бөлүп-жарып, Ж. к-ну негизги таянычынан ажыратуу үчүн богдыхан 1825-ж. кыймылга катышууга үлгүрө элек бир нече бийге наам, кымбат баалуу сыйлыктарды ыйгаруу ж-дө атайын буйругун жа-рыялаган. 1825-жылдан Теңиртоонун борб. бөлүгүндөгү акталаалык саяктардын билермандары Атантай, Тайлактардын айылы Ж. к-нун оорук-турагына, цин-манжур баскынчыларына каршы кыймылдын чордонуна айланган. Кожого черик, басыз, каба уруу- уруктары да кол кабыш кылышкан. Ошол жылы күзүндө Ж. к. турган Тайлактын айылына кожону туткунга түшүрүү үчүн Юн Цин нөкөрү Баянбату баш болгон 500 жоокерди Акталаага шашылыш жөнөткөн. Кошуун Торугарт, Чатыркөл аркылуу түнкүсүн гана жол жүрүп отуруп, Курткадан төмө-нүрөөк Нарын дарыясын жээктей конгон Тайлак м-н Атантайдын айлына капыстан кол салышкан. Ж.к., Тайлак, Атантайлар бөлөк айылга кетишкендиктен, издегенин таппай, кыжыры кайнаган Баянбатунун колу коргоосуз калган айылды тыптыйпыл кыйратып, 100дөн ашык аялдар м-н балдарды кырып салышкан. Кабар жетер замат кошуунун баштап, Тайлак баатыр жоонун артынан жете келет да, аларды тар капчыгайга камап, чабуул коёт. Ошол айкашта басыз уруусунун бийи Чыбылды душмандын далай аскерин мертинтип, жигиттерине үлгү болгон. Айкашта кытай аскери түгөл кырылып, жалгыз жоокери араң качып кутулган. Колбашы Баянбату да жортуулдан кайтпай калган. Ушул жеңиштен кийин Ж. к. Кашкар тарапка жаңы жортуул уюштурууга чечкиндүү камына баштаган. Ал Коконго, Оротөбөнүн акимине, Кундуздун эмирине, тажиктерге, өзбектерге, казак, кыргыз урууларына жардам сурап, чабармандарды жөнөткөн. 1825–26-ж. күз, кыш айлары Ж.к. Акталаа, Тогузтородо чечүүчү кармашка даярдык көргөн. 1826-ж. май айында Ж. к-нун колу Акбейиттин белин ашып, Арпа, Аксай аркылуу чегарадагы Ислык, Тешикташ кароолдорун жарып өтүп, Кашкар багытына сапарын улайт. Ж. к. Чыгыш Түркстанга келер замат жергиликтүү элдер цин-манжур бийлигине каршы жаңы көтөрүлүш башташкан. Ж. к-нун колу м-н кытай аскеринин ортосундагы алгачкы ири салгылаш Кашкар чөлкөмүндөгү Аппак кожо мазарына жакын жерде болгон. Ошол учурда ал Үчтурпанга жөнөткөн кыргыз кошууну калаага барчу жолду ээлеп алган. Тайлак, Атантайдын жигиттери Барчындагы кытай кароолун кыйраткан. Ж. к-нун башкы күчтөрү жайгашкан Башкирим кыштагына Кашкар дубанындагы кыштактардын калкы агылып келген. Кийинчерээк Түмөн суусунун оң жээгиндеги Давлетвах түзөңүндө илелик Цзян Цзюндун аскерин талкалап, жоонун курал-жарагын олжо кылган. Кашкарды камалоодо тажиктер бөтөнчө эрдик көрсөтүшкөн. Узакка созулган салгылашуулардан соң Кашкардагы кытай аскери сепилге бекинип, калаанын калкы Ж.к-нун кошуунун тосуп чыккан. Шаан-шөкөт м-н калаага кирген кожо «сеид Жааңгер султан» мартабасын кабыл алган. Көп узабай Жаркен, Хотан, Янысардын калкы козголуп, шаарлардагы цин аскерлерин, сепилдерди талкалап, Кашкарга жөнөшкөн. Ж. к-нун көтөрүлүшү дээрлик 1828-жылга чейин созулуп, Чыгыш Түркстандагы көпчүлүк шаарларды, кеңири аймакты камтыган. Ч. Валихановдун жазганына караганда, көтөрүлүшкө 200 миңге жакын адам катышып, айрыкча кыргыздар зор роль ойногон. Бирок курал- жарак, ок-дары м-н жакшы жабдылбаган, аскердик даярдыгы начар, машыгып такшалбаган карапайым эл өлкөнүн ичкери жагынан келген ири аскер күчтөрүнө туруштук бере алган эмес. 1827-ж. эрте жазда Жун-тан колбашчылык кылган 70 миң аскер Кашкар, Жаркент, Хотанга чабуул койгон. Мыкты куралданган душман көтөрүлүшкө чыккан калк өжөрлүк м-н жан аябай коргогон калааларга мылтык, замбиректерден окту мөндүрдөй жаадырышкан. Ж. к. Кашкарды ээлегенден кийин түзүлгөн оңтойлуу кырдаалды кылдат пайдалана алган эмес. Натыйжада, Чыгыш Түркстандын зор бөлүгү кытай төрөлөрүнүн карамагында кала берип, душман тез арада Кулжада көп аскер топтоого үлгүргөн. Кожонун жакын жардамчыларынын арасындагы ич ара талаш- тартыш да кыймылга терс таасир эткен. Кашкардын жанындагы кармашта калаанын коргоочулары жеңилип калып, Ж. к. калааны калтырып кетүүгө мажбур болгон. Кытай бийлиги дайындаган Кашкардын жаңы хакимбеги амалкөй Исак-ван чет жерлик төрөлөргө берилгендигин далилдеш үчүн айла-амал м-н элдик кыймылдын жолбашчысын кытайларга кармап берген. Ж. к-ну Пекинге алып барып, бир нече жылдан кийин өтө коркунучтуу козголоңчу катары кескилеп өлтүрүшкөн. Жеңилип калганына карабастан, бул кыймылдын Түркстан элдеринин боштондук күрөшүнүн тарыхында мааниси зор. Кыймылдын жүрүшүндө жергиликтүү калк кыйла такшалган. Цин-манжур баскынчылары олуттуу жоготууларга дуушар болуп, алардын Синцзяндагы бийлиги бошоңдогон. Боштондук кыймылын биротоло басып коюуга алардын чамасы жеткен жок. Цин үстөмдүгүнө каршы Чыгыш Түркстан элдеринин өз алдынчалык үчүн күрөшү кийинки жылдарда да уланып, аларга кыргыздар активдүү катышкан.
ЖАГДАН (фар. ягдан – кийим салуучу үкөк) – кийим, буюм, кездеме, кооздуктар салынчу үкөк. Ж. ар кандай чоңдукта, бекем жыгачтан комдолгон сынчтын сыртынан төөнүн, жылкынын, уйдун чылгый терисин же кайыш, булгаары согулган таар, жаргак капталып жасалган. Анын негизи капкагы өз алдынча жасалып, ачылчу жагынын капкагына кулпулук бекитилген. Ж-дын бурчтары, четтери түстүү жез, алтын, күмүш, асыл таштар м-н асемделген. Кептелип жасалган Ж-дар оймо-чиймеленип, кооздолуп ышталган.
ЖАЗДОО, к ө к т ө ө — жазгы мал жайыты. Кыштан чыккан малды эрте жазда, көктөмдө кыштоого жакын жайгашкан жаңы чыгып келе жаткан көккө коё берген. Күн өткөн сайын Ж-нун чөбү саргайып, отун жогото баштаганда, мал бийик тоолорго өрлөй баштаган. Элдин жайлоого көчүү камылгасы Ж-до башталган. к. Жайлоо.
ЖАЗЫКЕЧҮҮ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 2-миң ж-дыктын аягы – 1-миң ж-дыктын башына (коло доору) таандык чарчы, тегерек түрүндө тизмектелип, тегерете таш м-н курчалган мүрзөлөр. Кетментөбө өрөөнүндөгү Көкбел ашуусунун этегинде, Бишкек–Ош жолунун эки тарабында. Археолог Н. Г. Галочкина 125 мүрзөнү изилдеген. Ар бир мүрзөнүн көлөмү 3–5 мге жетип, маркумдардын сөөгү бүрүштүрүлгөн абалда же сөөгү өрттөлүп, анын күлү карапа идишке салынып көмүлгөн. Маркум м-н кошо карапа идиштер, аземдик буюмдар, коло сөйкөлөр ж. б. буюмдар коюлган. Карапалардын беттери ар кандай геометриялык фигуралар, оймо- чиймелер м-н кооздолгон.
ЖАЙЛОО — жайкы конуш, мал жайыты. Жаздоонун оту кайтып, күн ысый баштаганда мал бийик тоолуу жайыттарга которула баштаган. Уруу башчылары, аксакалдар кеңешип, Ж-го көчүүчү күндү белгилешкен. Ж. ички ж-а сырткы болуп экиге бөлүнгөн. Ички Ж. кыштоодон алыс эмес жайгашып, мал кармоого ылайыктуу оттуу, суулуу жер болгон. Сырткы Ж. 200—300 км аралыкта бийик тоолуу өрөөндөрдө жайгашкан. Ж. кыргыздардын турмушунда зор роль ойногон. Көпчүлүк салтанаттуу окуялар Ж-до өткөн. Ж-дон мал эттенип, азык-түлүк мол болгон. Кыш камылгасы да Ж-до көрүлүп, боз үйдүн жабдуулары, идиш-аяк, кийим-кече ж. б. оңдолуп жаңыланган. Ж-до элдин турмуш-тиричилигинин негизин түзгөн карым-катнаш мамилелери, той- тамашалар, оюн-зооктор ж. б. күчөгөн.
ЖАЙЛООБАЕВ Назармат (1891, Жалал-абат облусу, Алабука р-ну, Баймак айылы – 1983, ошол эле жер) – алгачкы агартуучулардан, Кыргыз Респ-нын эмгек сиңирген мугалими (1946). Кокон ш-нан арабча билим алган. 1911-ж. Мончокдөбө айылындагы мечитте имам болуп, балдарды арабча окуткан. 1932-ж. Бишкектеги пед. техникумду бүтүргөн. 1924–34-ж. Алабука р-нундагы Өрүктү, Кызылата айылдарында мектеп ачкан. 1934- ж. Кызылжар р-ндук элге билим берүү бөлүмүндө инспектор, 1934–60-ж. Алабука р-нундагы мектептерде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, мектептин директору болуп иштеген. Ал тарыхый материалдарды, эски китептерди жыйнап («Раузатул сафа», «Тарих и Надира», «Мажму ат-таварих» ж. б.). Кыргыз УИАна өткөргөн. Эл агартуу отличниги (1936). Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери м-н сыйланган. Айылындагы мектепке ысмы ыйгарылган.
ЖАЙЛОО СОВЕТТЕРИ – 1927–33-ж. Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы совет бийлигинин кыска мөөнөттүү органдары. Тоолуу р-ндордо отурукташкан калк өтө аз санда жашаган. Кыргызстандын эң ири жайлоолорунун бири Суусамыр өрөөнүнө Кыргызстандын бир катар кантондорунун малчылары гана эмес, Казакстандын айрым р-ндорунун малчылары да келишип, жыл сайын 6000 түтүнгө чейин малчылар жайды өткөрүшкөн. Алар узак убакыт өздөрүнүн туруктуу жашаган админ.-аймактык борборлорунан алыс калышчу. Аймактык бөлүнүш жагынан жайлоолор баш ийген башкаруу борборлорунан жайлоолордун алыстыгынан ж-а аларда жашаган калктын аздыгынан жай мезгилинде малчылардын бардыгына жетекчилик кылууга, аларга билим берүү, мед. жардам көрсөтүү, укук коргоо, маданий-агартуу ж. б. иштерди жүргү-зүү кыйын болгон. Натыйжада сов. ж-а партиялык органдар көчмөндөрдү өтө начар тейлешкен. Жайлоолордо, бай-манаптар кедейлерди каалагандай эзишкен, орто дыйкандарга да өз таасирлерин тийгизиш-кен. Иш жүзүндө жайлоо жайыттарын уруулук принцип б-ча бөлүштүрүп, бардык талаш-тартыш маселелерди чечип турушкан. 1927-ж. 20-февралда Кыргыз АССР БАКы «Жайлоо совети жөнүндөгү убактылуу жобону» кабыл алган. Ошол эле жылы жазында Суусамырда убактылуу Жайлоо советин уюштуруу ж-дө токтом кабыл алып, Ж. с. жайлоодо бийликти орнотуу ж-а револю-циячыл мыйзамдуулукту киргизүү максатында, о. эле көчмөн малчыларды чарбачылык ж-а маданий жактан тейлөө максатында уюштурулган. Ж. с. кантондук атком кандай укуктан пайдаланса, дал ошондой укуктан пайдаланган. Ж. с. Суусамырда, Алайда, Көкойрок, Арпа ж-а Ысыккөлдүн сырттарында түзүлгөн. Массалык коллективдештирүүнүн башталгандыгына ж-а сов. жергиликтүү органдарынын чыңдалышына байланыштуу 1933-ж. Ж. с. р-ндук-айыл советтеринин курамына киргизилген. ЖАЙЫЛ БААТЫР, Ж а й ы л К о ң у р б а й у у л у (болжолу 1703–1705-ж. чен, Алабука р-ну, Сафедбулон кыштагы – 1770, Чүй өрөөнүнүн батыш бөлүгү) – кыргыздын солто уруусунан чыккан баатыр. Талкан бийдин небереси. Жаш чагында эле атасынан ажырап, Кошой бийдин колунда чоңоёт. Баккан атасы Кошой бий диний билим алуу-суна шарт түзүп, таалим-тарбия берет. Жаш чагы калмак жапырыгына туш келип, өмү-рүнүн бир топ жылдары бөтөн жерде өткөн. Ж. б. жаш чагында Фергана тарапта жүр-гөндө отурукташкан элдин турмушу м-н жакындан таанышып, эгин эгип, дан баккандын сырын үй-рөнгөн. Аларды Ата Журтка кайтканда карапайым калкка үйрөтүп, жалаң гана малга карабай жер тилип, кол өнөрчүлүк кылып турмушун оңдоого, соода-сатыкка аралашып, тезирээк ирденүүгө, эмгекчил болууга үндөгөн. Идиреги бар уландарды Бухара, Ташкенге чейин жиберип, алардын чоң медреселерде окуп, илим-билимдүү болушу үчүн кам көргөн. Мектеп ачып, Анжиян, Наманган, Кокондук молдолорго балдарды окуттурган.
ЖАКШЫЛЫК – кыргыздардын салттуу турмушундагы кубанычтуу окуя. Ага бала төрөлүү, жентек, бешик той, үйлөнүү тою, конок күтүү, үй тою ж.б. кирген. Ж-ка чакырылгандар белеги, малы м-н келишкен. Бир үйдүн жакшылыгы бүтүн уруктун жакшылыгы болуп, конок чакырып, конок узатышкан.
ЖАКЫПБЕК – орус падышалыгына барган элчилердин бири. Бугу уруусунан. 1813-ж. 21-ноябрда 4 киши болуп (анын бири–Качыбек Шераалы уулу), Ысык-өлдөн чыгып, 1814-ж. 5-январда Семипалатинск чебине жетишкен. Андан ары Тобольск ш-на барып, Сибирдин генерал-губернаторуна жолугушуп, кыргыздардын орустар м-н соода байланышын түзүүнү ж-а кыргыздардын жери аркылуу Кытай, Тибет, Кашкар, Жаркент тарапка өтүүчү орус соодагерлерине жардам көрсөтүүнү кааларын оозеки билдиришкен. О. эле Санкт- Петербургга падыша м-н жолугушууга жөнөтүүсүн өтүнүшкөн. Бирок Санкт-Петербургдун алыстыгына байланыштуу кыргыз элчилеринин өтүнүчү ка-нааттандырылган эмес. Ал эми Ж-ке капитан наамы ыйгарылып, аты жазылган кылыч тапшырылган; акак таштуу шакек м-н сыйланган. Элчилер 1815-ж. кайтып келишкен.
ЖАЛПАКДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ – 3–4-к-га таандык археол. эстелик. Алай өрөөнүнүн Сарыташ кыштагынын түштүгүндөгү Демей колотунда жайгашкан. Ички түзүлүшү б-ча жөнөкөй тик бурчтуу ж-а жарма көр түрүндө болгон. Дөбөлөрү топурактан ж-а таш аралашмасынан турган. Ж. к-нөн оймо-чиймелүү, капталында эки арстандын башы түшүрүлгөн кооз айнек ваза, алтын беткеп, майда алтын буюмдар ж-а тыйындар табылган. Археолог А. Абетеков тарабынан изилденген.
ЖАЛПАКТАШ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 6–4-к-дагы көчмөн сак урууларынан калган дөбө мүрзөлөр. Кетментөбө өрөө-нүндөгү Узунакмат дарыясынын оң өйү-зүндө, отуздай мүрзөдөн турат. Көрүс-төндүн диаметри 8–21 м, бийиктиги 0,4–2,5 м. Эстеликтин 8 дөбө мүрзөсү изилденген. Сөөктөр төрт чарчы формадагы чуңкурга коюлган; карапа идиштер, кийимге кадалган жука алтындан жасалган кооздук буюмдар табылган. Айрыкча жука алтынга басып түшүрүлгөн адамдын башы ж-а жырткыч куштун сүрөтү түшүрүлүп, кийимге кадалуучу алтын каңылтыр кызыгууну туудурат.
ЖАМАЛКАРШИ, Абу-л-Фадлибн Мухаммад Жамалад-Дин Карши(1230–31–өлгөн жылы белгисиз) – Жетисуу тарыхчысы ж-а акын. Эл-Аларгу вилайетинин борбору Алмалык ш-нда туулган. Вилайетти бийлеген Сугнак тегиндин баласына тарбиячы болуп ак сарайда иштегендиги үчүн «Карши» («Ак сарайлык») аталып кеткен. 1264-ж. Кашкарга келген, 1282-ж. орто азиялык тилчи-илимпоз Абу Наср Исмаил ал-Жаухаринин (1002–1007-жылдардын аралыгында өлгөн) арабча жазылган «Ас-Сурах» сөздүгүн фарсы тилине которуп, араб тилинде ага кошумча «Мулхакат ас-сурах» («Дааналык эмгегине кошумчалар») деген эмгегин жазган (1302–1306).
ЖАМАНАК БААТЫР, Ж а м а н а к Рай у у л у (болжолу 18-к-да жашаган; 1775-жылдан мурдараак каза болгон). – кыргыз жергесин чет элдик баскынчылардан коргоого жигердүү катышкан кыргыз баатырлардын бири. Саяк уруусунун ыман уругунун өкүлү. Жайыл баатыр, Бердике баатыр, Атаке баатыр, Нышаа баатыр, Садыр Арзымат уулу сыяктуу инсандар м-н муундаш, үзөнгүлөш болуп, жоону бирге жоолашкан. Тарыхый булактарда 1760-жылдын аягында Ж.б. баштаган чалгындоо кошууну Иле дарыясы тарапка жортуул жасап кайткан. Ж. б-дын атасы Ырай Үркүнчү уулу өз мезгилиндеги бирден бир билимдүү ж-а элге белгилүү адам болгон. Ч. Валихановдун маалыматы б-ча 19-к-дын ортосунда Ж.б-дын уулу Байтору ыман уругунун манабы болгон.
ЖАМАНДЫК – салттуу турмушта зээнди кейитчү, кайгы, капа алып келүүчү турмуштук кырдаал. Ага өлүм, кырсык, жут ж.б. кирген. Ж. башка келсе тууган-урук тикесинен туруп, чогуу көтөрүшкөн, кайгыны тең бөлүшкөн. Үй-жайы өрттөнүп, малы жуттан кырылып калган учурда жакын туугандары ж-а урукташтары оокат-жайын курап, ортого мал чыгарышкан. Ж-ка учураган үй-бүлөнүн көңүлүн көтөрүшкөн, кайрат айтышкан. Башка Ж. келбесин деп түлөө, баабедин өткөрүшкөн, жети нан жасап кошуналарына тараткан. Ж. үстөккө-босток келсе, аларды келтирбөөчү көптөгөн ырымдарды аткарышкан. Ж-та адамдардын асыл сапаттары: адамгерчилиги, боорукерчилиги ж. б. даана байкалган.
ЖАМАНКУЛ Бөрүбай уулу (1886, Кант р-ну, Чоңдалы айылы – 1917, ошол эле жер) – төкмө акын. Солто уруусунан. Бала кезинен ырга кызыгып, кийин Осмонкул м-н катарлаш, айылдаш ырчы болуп ырдап чыккан. Кыргыз-казакка ырчы катары 1912-ж. Шабдандын ашында жар чакырганда алгач таанылган. Ондогон мыкты акындар чогулган бул ашта атаандаштарын жеңип жарчы болушу – акындык чеберчилигинин өзгөчө-лүгүнөн ж-а атчан ырдаганда үнүнүн күчтүүлүгүнөн ж-а тембринин кооздугунан улам болгон. Анын адабий мурасы бизге өтө аз санда жеткен, эл оозунда калган анча-мынча ырларынан эле, ал доордун көй-гөйлөрүн, эл мүдөөсүн көрө билген чоң ырчы экени байкалат. Буга анын 1916-жылкы көтөрүлүш учурундагы ыры айкын мисал. Ал өз мезгилинде көп акындар м-н айтышкан. Алардын ичинен Найманбай ырчы м-н айтышканы гана чакан көлөмдө сакталган. Ж. мындан тышкары «Манас», «Семетей» эпосторунун да мыкты аткаруучусу болгон экен. Совет мезгилинде Ж-дун чыгармачылыгы изилденген эмес. Себеби, Шабданды мактап ырдаган ырлары аны «эскичил, байларды мактаган акын» деп баалоого негиз болгон. Ж-дун качан каза болгондугу ж-дө да адабияттарда так маалымат жок. «Бизден мурда өткөндөр» деген ырында Осмонкул төкмө: «Жыйырма сегиз жашында, жерге сөөгү камалып», – деп эскертет. Кээ бир изилдөөчүлөр ал 1917-ж. каза тапкан деп белгилешет. Анын чыг. 1946-ж. Бишкекте басылып чыккан «Кыргыздын эл акындары» аттуу китепке киргизилген. Ж. – кыргыз оозеки поэзиясында салттык мактоо, кордоо ж-а айтыш ырларын жараткан
акын.
ЖАМБЫ (моңг. ёмба) – ар кандай чоңдукта, ар башка салмакта, түрдүүчө өлчөмдө уютулган күмүш. Ал соодада нарк өлчөмү, алыш-бериш мамилелерде белек катары колдонулган. Ж-нын бөйрөк Ж. (адамдын бөйрөгүнө окшош), туяк Ж. (майда жандыктардын туягына окшош), тай туяк Ж., чоң кулак Ж., шаңшур Ж., уй көз Ж., кой көз Ж. ж. б. түрлөрү болгон. Байлар, бийлер, болуштар, соодагерлер байлыктарды Ж. түрүндө жыйнашкан. Окумуштуулардын божомолдору б-ча Ж-ны көчмөн элдер м-н соода жүргүзүш үчүн Кытай мамл. чыгарышкан.
ЖАМБЫ (КЫЙЫК) АТУУ – мергендикти даңазалоочу элдик оюн. Тикесинен 2 узун шыргый орнотуп, ага туурасынан кулачтай жыгачты бекитишкен. Жыгачтын ар кайсы жеринен бир канча көзөнөк жасашып, ар кандай көлөмдөгү жамбыларды салаңдатып илишет. Адатта, атууга кыйын болсун үчүн чоң жамбыны эң ичке жипке, кичине жамбыны жоонураак жипке байлашат. Тамаша үчүн кийизге ороп таш, жылкынын катып калган тезегин да катар илишкен. Жамбыны атып түшүргөн киши мөрөйүнө ошол Ж-ны алган. Чоң аш-тойлордо өткөрүлгөн. Ж. а. мергендикке, шамдагайлыкка тарбиялап, жигиттерди жоопкерчиликке даярдаган. (к. Жамбы) ЖАМГЫРЧИНОВ Бегимаалы (1914, Бишкек уезди, азыркы Сокулук р-ну, Күнтуу айы-лы –1982, Бишкек) – тарых ил-нин доктору (1950), проф. (1951), Кыргызстан ИАнын академиги (1954). 1936-ж. Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөндөн кийин ошол эле ин-тта окутуучу. 1943–50-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалында улук ил. кызматкер. 1950–51-ж. ошол эле филиалдын Тарых, тил ж-а адабият ин-тунда директор. 1951–54-ж. КМУнун ректору, 1954–55-ж. Кыргызстан ИАнын коомдук илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы, 1965–76-ж. вице- президент, 1976–82-ж. Тарых ин-тунда сектор ж-а бөлүм башчы. Ж-дун ил. изилдөөлөрүн 2 этапка бөлсө болот: 1-этабы 1966–82-ж. изилдөөлөрүнө 18–19-к. ж-а 20-к-дын башталышындагы кыргыз элинин тарыхын изилдөө мүнөздүү. Эмгектеринин арасында кыргыздардын этногенезине ж-а этностук тарыхына, маданиятына («Кыргыздар Ормон хандын доорунда», 1944; «Кыргыздардын 18-к-дын аягындагы согуш мамилелеринин тарыхынан», 1945; «Кыргыздын санжырасынан», 1946 ж. б.) арналгандары да бар. Негизги ил. эмгектеринин бири Россия м-н Кыргызстандын мамилелерин изилдөөгө арналган. Илимий изденүүсүнүн 2-этабындагы эмгектери кыргыз тарыхынын ар кандай багыттарына арналган, о. эле кеңири белгилүү эмгектерди ж-а окуу куралдарын жазган. Ж. – 140тан ашык ил., окуу китептердин ж-а кеңири белгилүү эмгектердин (а. и. 8 монография, 3 китепке авторлош) автору. Кыргыз Респ-нын илим ж-а техника б-ча мамл. сыйлыгынын лауреаты
(1970). Ленин, Октябрь Революциясы, Эл Достугу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
ЖАМИ Абдурахман Нураддин ибн Ахмад (1414, Хорасандагы Жам ш-нын жанындагы Харжирд кыштагы – 1442, Герат ш.) – тажик, перс философу, акын, филолог, музыка изилдөөчү. Өмүрүнүн көбү Самаркан ш-нда өткөн. Герат ш-ндагы Дилкан медресесин аяктаган. Адегенде Самаркандагы Улугбектин медресесинде окуп, аалымдар м-н таанышкан. Кийин ислам динин бекем тутуп, адилет жүрүүгө үндөгөн. Чыг-нда элдин начар турмушуна жаны кейип, байларды жектеген. Негизги чыгармалары: «Алтын чынжыр» (1442), «Ыр кенчи» (1475), 1479–91-ж. жазылган дастандары «Чоң жетиген», «Искендердин акылмандуулугу». Аталган чыгармаларда Ж. эл-жерин сүйүүгө, өз ара ынтымакка, адилеттик м-н жоомарттыкка чакырган. Ж-нин «Саламан менен Абзал», «Жусуп менен Зулайка», «Лайли-Мажнун», «Бахарстан» ж. б. чыг. терең гуманисттик ой м-н сугарылып, бийик идеал катары кызмат кылат. Анын чыг. кыргыз элине эзелтен белгилүү, мис., «Жусуп менен Зулайкасы» эл арасына кенен тараган. 1989-ж. Ж-нин туулган күнүнүн 575 жылдык мааракеси белгиленип, ырлары кыргыз тилине которулган.
ЖАНАЗА – мусулман дининде маркум м-н коштошуу жөрөлгөсү. Шарият б-ча маркумду Ж-дан кийин гана көмүүгө мүмкүн болгон.
ЖАНГАРАЧ Эшкожо уулу (1801 же 1802, Чүй өрөөнү, Жыламыш өндүрү – 1864, ошол эле жер) – солто уруусунан чыккан чоң манап. Чүй өрөөнүнүн батыш бөлүгү м-н Талас өрөөнүн бийлеген. Ж. м-н Байтик баатыр ага-ининин балдары. 1848-ж. казак султаны Кенесары Касым уулу Чүйгө кол салып киргенде Ормон хан м-н бирдикте анын мизин кайтарып, колун талкалоого катышкан. Ал Кенесарынын кол салууларынан коргонуу максатында орус падышалыгына букаралыкка өтүү ниетин билдирген. 1862–64-ж. Алымбек, Алымкул сыяктуу кыргыз, кыпчак бектери Кокон хандыгында реалдуу бийликти өз колдоруна топтогон маалда Ж. бул хандыктын Россияга каршы коргонуу күрөшүндө Кокон мамл-не жан тарткан. 1864-ж. жазында М.Г.Черняев Чүй өрөөнүнөн кокондук аскерлерди сүрүп киргенде, Ж. Талас өрөөнүнө чегинип, орус падышалыгынын баскынчыл саясатына пассивдүү каршылыгын билгизген.
ЖАНКОРОЗ Бердикожо уулу (1830, Кетментөбө өрөөнү–1910, Бешташ өрөөнү) – коомдук ишмер. Саруу уруусунан чыккан, акылмандыгы м-н элге кеңири таанымал инсан. Бардар үй-бүлөдө туулган. Молдодон окуп, сабатын ачкан. Ал акыйкатчылдыгынан, даанышмандыгынан улам ири талаш-тартыш маселелерди чечүүгө чакырылып турган. Өзгөчө бугу, сарыбагыш, солто уруу-ларынын ортосундагы чыр-чатактарды жөнгө салууга кошкон салымы чоң. 1870-жылдардан баштап Россиядан көчүп келе баштаган орус, немис калктары м-н жергиликтүү элдин ортосунда ынтымак орнотууга көп күч жумшаган, келгиндер арасында кадыр-баркка ээ болгон. Түркстан генерал-губернатору Кауфман 19-к-дын акырында Бишкекте ж-а Токмокто өткөн кээ бир курултайларды Ж-го башкарткан. Ал Олуяата уездинин башчысы В. А. Каллаурга жолугуп, ага Талас жергесиндеги байыркы эстеликтер ж-дө кызыктуу маалыматтарды айтып, ал бай эстеликтер келгиндер тарабынан талкаланып жаткандыгын билдирген. Ушундан кийин Ташкенден экспедиция келип, Ж-дун коштоосунда Таластагы археол. эстеликтер м-н таанышкан. Ал бул экспедицияга Айыртамойдо ташка чегилген байыркы жазууну таап берген. Бул байыркы түрк (руна) жазуусу кыргыз тарыхында эң баалуу ачылыш болгон. Ж-дун дагы бир зор эмгеги – аш-тойлордо байгеге адам саюу, кул, күң кылып барымтага киши берүү сыяктуу салттардын жоюлушуна жетишкен. 1870-ж. Мекеге барып, ажы болуп кайткан. Ж. сексен жаш курагында Бешташ өрөөнүнүн оозундагы Бүлкүлдөктүн сазы деген жерде дүйнөдөн кайткан.
ЖАНТАЙ ХАН, Жантай Карабек уулу (1794–1868, Кичикемин өрөөнү, Бейшеке айылы) – сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан чоң манап. Атактуу Атаке баатырдын небереси, Шабдандын атасы. 19-к- дын 40-жылдарынын башында Ормон ханга баш ийип турган. Кийинчерээк Кокон хандыгынын бийлигине таянып, Ормон ханга көз каранды болуудан кутулган. 1850-жылдын башында Ж-га караштуу сарыбагыш урууусу Чоңкемин м-н Кичикеминди, Чүйдүн Боомдон Токмокко чейинки бөлүгүн ээлеген. Ж.х. бугу м-н сарыбагыш урууларынын чабышы учурунда аларды элдештирүүгө аракет кылып, бугу уруусуна каршы жортуулдарга аз катышкан. 50-жылдардын акырында орус бийликтери м-н ымала түзүп, Венюковдун аскердик чалгындоо отрядына жардам берген. 1862-ж орус букаралыгына өткөн. 1860-жылдардын башында Россияга карата мамилеси өзгөрүп, бирок Кокон хандыгына биротоло каршы чыккан. Анын бул саясатын уулу Шабдан да уланткан.
ЖАНУЗАКОВ Төрөкул [1893, Олуяата уезди (азыркы Талас облусу, Талдыбулак айылы) – 1921, Фергана облусу, Түркстан АССРи] – Түркстан Респ-нын Борб. аткомунун төрагасынын орун басары (1920). Орус- жергиликтүү мектебин аяктаган. 1909-жылдан Түркстан генерал-губернаторлугунда котормочу. Ал революцияга чейинки Рос-сиянын Думасына депутаттыкка кандидат болгон биринчи кыргыз. Совет бийлигин кабыл алган ж-а эркиндик м-н демократиянын ураанын колдоп чыккан. 1920-ж. сентябрь айында Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин 1-конгрессине катышкан. Ж. Түркстан аткомунун 1916-ж-дагы көтөрүлүшкө катышкан качкындардын иштери б-ча комиссиясынын төрагасы болгон. 1921-ж. сентябрда Самарканда өткөн Түркстан улуттук биримдигинин 6-конгрессине активдүү катышкан. Бирок конгресстен кийин сов. түзүлүшкө нааразы болуп, большевиктер партиясына каршы чыккан 40 делегаттын тизмесинде анын да аты болгон. 1921-ж. Ж. Исраил корбашынын Анжиан уездиндеги басмачылар тобуна кошулган. Ж. кызыл аскерлер м-н болгон уруштардын биринде каза болгон.
«ЖАНЫШ, БАЙЫШ» – кыргыз элинин 15–17-к-га таандык баатырдык эпосу. Эпосто кыргыз элинин Моголстан мамл-ндеги ж-а калмак доорундагы турмушу чагылдырылган. «Ж.,Б-та» геогр. аталыштар, чарба, соода, социалдык терминдер (хан, бек, сынчы, чечен ж.б.), кыргыздардын саясий абалы ж-а алардын коңшу элдер м-н болгон карым-катнаштары айтылган. «Ж.,Б.» мазмуну б-ча өзбек эпосу «Алпамышка», байыркы грек эпосу «Одиссеяга» окшош (мис., каармандардын өз жерлерине кайтып келиши). Алгачкы варианты 1922-ж. К. Мифтаков тарабынан М. Мусулманкуловдон жазылып алынган. Кытайлык кыргыздарда Өмүр Мамбеттин варианты китеп болуп жарык көргөн (Үрүмчү, 1988). К. Акыевдин варианты 1939-(латын алфавитинде), 1970-, 1991-ж. жарыкка чыккан. 1998-ж. «Эл адабияты» сериясынын 4-томунда «Ж., Б-тын» М. Мусулманкулов, Ж. [Шаанаев, К. Акыев, С. Дыйканбаев айткан варианттары бир китепте басылган. «Ж.,Б.» эпосунда Нуркандын (айрым варианттарда Асылкандын) Ж. м-н Б. аттуу уулдары кыргыздардын Алакөл аймагын душмандар тартып алганын угушуп, ошол жерди көрүп келиш үчүн жөнөшөт. Алар көлгө жетип куш салып жүргөндө, капысынан душмандар курчап алышат. Тең эмес салгылашууда Ж. жарадар болот, Б. туткунга түшөт. Андан кийин Ж-тын жараатынын айыгышы, Б-тын туткундагы окуялары ж-дө баяндалат. Б. 7 (кээ бир варианттарда 10, 12) жылдан кийин душмандын падышасынын кызынын жардамы аркылуу зындандан бошонот. Ошол мезгилде бир тууганы Ж. да жардамга келет. Баатырлар колдоруна аса таяк кармап, думананын кейпинде, эч кимге таанылбай элине келишет. Бирок, эл аларды таанып, салтанат м-н тосуп алат. «Ж., Б.» эпосун Ж. Таштемиров, Ж. Субанбеков, Б. Кебекова, М. Мукасов, И. Молдобаев ж. б. изилдеген.
ЖАҢЫБАЗАР ШААР ЧАЛДЫБАРЫ — мархамат маданиятына мүнөздүү археол. эстелик. Эскиноокат кыштагынан 8 км түштүк-батыш тарапта. Төрт чарчы. Аянты 10 га. Түштүк тарабындагы дубалынын жанында цитадели болгон. Дубалдарына мунаралар тургузулган. Шаарга түндүк тараптан киришкен. ЖАҢЫБАЙ Кожек уулу (1869, Жумгал өрөөнү – 1942, Токтогул р-ну, Өзгөрүш айы-лы) – манасчы. Ж. 15ке чыкканда атасы каза болот. Ал атасынан калган чарбаны колуна алып, ошону м-н оокат кылат. Өзүнүн эскерүүсүнө караганда анын жети атасы (Айдарбек, Сүйүнбай, Сөкөчүк, Теңирбай, Сары, Жаманкары, Кожек) бүт «Манас» айтышкан. Ж. жаш кезинен эле ырга шыктуу болгон, 16 жашынан «Манас» айта баштаган. Ж-дын атасы Кожекти эл семетейчи катары билишкен. Ж. да эл арасында «Манас» үчилтигинин «Семетей» ж-а «Сейтек» бөлүмдөрүн айтып, семетейчи катары таанылган. Ж-дан жазылып алынган эпостун жалпы көлөмү – 19445 сап ыр. Ал 1869-ж. Кетментөбөгө көчүп барып, ошол жерде жашап калган. Ж. жалаң эле «Манас» айтуу м-н катар, аш-тойлордо жарчылык милдетти да аткарган. Ал «Эр Төштүк», «Эр Табылды» эпосторун, «Ак Мөөр» дастанын ж-а салттуу элдик ырларды да жакшы билген. Ж. айткан «Ак Мөөр» поэмасында чындыктын нугу сакталган. Ж-дын «Семетейи» башка варианттарга салыштырмалуу айрым бир окуяларынын сүрөттөлүшү ж-а мотивдеринин берилиши жагынан өзгөчөлөнүп турат. Ушундан улам К. Мифтаков ж-а К. Рахматуллин Ж- ды чыгармачылык бө-төнчүлүгүнө карай түштүктүк манасчылар мектебинин өкүлү деп эсептешкен. ЖАҢЫНООКАТ КӨРҮСТӨНҮ, С а х а б а – М а з а р – орто кылымга таандык көрүстөн. Көрүстөнгө арабча жазуулары бар таштар (100дөн ашуун) бейит белги катары коюлган. Жазуулар 2–7 белгиден турат, датасы
көрсөтүлгөн эмес.
ЖАПАСАЛДЫ ТАБЫЛГАЛАРЫ – Алабука р-нундагы Жапасалды кыштагынын жанынан табылган коло билериктер. Учтары ийрейген конус сымал б. з. ч. 2-миң жылдыкка таандык 2 билерик. Алар Кыргызстандын түштүгүндө жашаган уруулардын турмушунан маалымат берет.
ЖАПЫРЫК КӨРҮСТӨНДӨРҮ Эрте темир доорунан орто к-га чейинки мезгилди өз кучагына алган археол. көрүстөндөр. Соңкөлдөн 25–30 км түштүк-чыгыш тарапта Жапырык тоосунун этегинде жайгашкан. Эрте темир доорундагы көрүстөндөрдүн диаметри 30–50 м, бийиктиги 4–6 м. Тегерек дөбө көрүстөндөр сыртынан таш м-н төрт чарчы коргончо кылып тизилген. Көрүстөндөрдүн күнбатыш тарабында сегиз таштан турган тегерек коргончолор жайгашкан. Ушундай эстеликтерди Атбашы өрөөнүнөн, Алтайдан, Казакстандан кездештирөөгө болот. Көрүстөндөрдөн таш бетине чегилген эчкинин, жылкынын, сууда сүзүүчү канаттуулардын, бугунун сүрөттөрү табылган. Ж.к. шарттуу түрдө Жапырык 1; 2; 3; 4; 5 деп аталат. Жарма ж-а төрт чарчы мүрзөлөр ачылып, маркум табытка же тактай төшөмдөргө жалгыздап, кээде баласы м-н коюлган. Чопо идиштер, алтын сөйкө, чач учтук, шакек ж. б. табылган. Ж.к. 1980–90-ж. археолог К.Ташбаева тарабынан изилденген.
ЖАРАМАЗАН – мусулман календары б-ча орозо айынын 2–жарымында ооз ачылгандан кийин үймө-үй кыдырып ырдалуучу салт-тык ыр. Ж-ды көбүнчө балдар, кээде чоңдор да айтышкан. Ж. айткандар 2–3төн биригип алышып үймө-үй, айылма-айыл кыдырып үй ээсинин кадыр-баркы2н, ата-тегин, үй-бүлөсүн, мал- жанын мактап ырдашкан; ага ден соолук, байлык, бакыт, орозосунун кабыл болушун каалаган жакшы тилектерин билдиришкен. Ж. учурашуу, мактоо суроо ж-а бата сыяктуу бөлүктөрдөн турган. Ж. туруктуу ыр түрмөктөрүнөн туруп, ага айтуучу ырчылык жөндөмүнө ж-а ар кыл кырдаалга жараша алымча-кошумча киргизе алган. Ж. комуздун коштоосунда да аткарылган. Ж. айткандарды үй ээси колунан келишинче сыйлап, акча, тамак-аш берген.
ЖАРАНДЫК КООМ – адамдардын турмуш шартын камсыздандырган, социалдык топтордун, инсандын ар түрдүү кызыкчылыктарын, талаптарын канааттандырган ж-а ишке ашырган формалдуу ж-а формалдуу эмес, мамл-ке көз карандысыз ж-а аны м-н бирге жашоочу коомдук турмуштун өзгөчө чөйрөсү, коомдук мамилелердин жыйындысы. Жарандык коомдун түзүлү-шүнө үй-бүлө, кесиптик биримдиктер, аялдардын чыгармачылыгы, жаштардын ж. б. өкмөттүк эмес уюмдардын бирикмелери, жалпыга маалымдоо каражаттары ж. б. кирет. Кыргызстандагы жарандык коом кыргыз элинин экон., социалдык-саясий, тарыхый-маданий өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү м-н тыгыз байланыштуу. Кыргыздардын Ж. к-на мүнөздүү белгилер байыркы мезгилде эле пайда болгон. Ал мезгилде үй-бүлө м-н бирдикте, кыргыздардын социалдык уюмунун маанилүү ин-ту, Ж. к-дун жашоо формасы жамаат болгон. Ал биринчи кезекте туугандык, кийин коңшулук ж-а аймактык байланыштардын негизинде түзүлгөн. Бирок саясий системанын авторитардык- бюрократиялык үстөмдүк кылуу мезгилинде Ж. к-до бузулуу процесси башталган. Учурдагы кыргыз коомунун социалдык-саясий ж-аэкон. трансформациясынын жүрүшүндө эски ин-ттарынын жаңырышы м-н бирдикте жаңы Ж. к. пайда болууда. Биринчи иретте, бул – азыркы мезгилде саны 2000ден ашкан өкмөттүк эмес коомдук уюмдар. 1996-ж. 78 өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын жетекчилери «Өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын форумун» негиздешкен, ал 1999-ж. өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын «Жарандык коом жана демократия үчүн коалициясы» болуп кайра түзүлгөн. Өкмөттүк эмес уюмдардын бир бөлүгү Өкмөттүк эмес ж-а коммерциялык мекемелердин ассоциациясына биригишкен. Ж. к-дун маанилүү ин-ттарынын бири жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) болуп эсептелет. Алар элдин саясий ж-а жарандык жигердүүлүгүн, коомдук аң-сезимдин өсүү деңгээлин жогорулатууга кө-мөк берет. 1991-жылдан мезгилдүү басма сөздүн саны 2 эсеге өсүп, 400дөн ашык гезит-журналдар, 10дон ашык радиопрограммалар ж-а 9 телеберүү каналдары уюшулган. Чыныгы Ж. к. көп партиялуулукка таянат. Саясий системанын негизги элементи болгон саясий партиялар бар. Кыргызстанда Ж. к-дун негизин бекемдөө үчүн реалдуу өбөл-гөлөр бар: 1. өнүккөн демократиялык Ж. к-ду курууга багыт берип жарыялаган Кыргыз Респ-нын Конституциясы; 2. Ж. к-дун элементтери болгон акционердик коомдор, чакан ж-а орто ишканалар ж. б. чарба ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүндөгү жарандардын ыктыярдуу бирикмелеринин ин-тташтырылышын шарттаган Ж. к-дун жеке менчик ин-тунун түзүлүшү. Кыргыз Респ-нда эл аралык укуктун ченемдерине ж-а принциптерине ылайык адамдардын негизги укуктары ж-а эркиндиги таанылат ж-а кепилдикке алынат. Учурдагы кыргыз коомунун социалдык-саясий анализи көргөзгөндөй, өнүккөн жарандык абал азырынча түзүлө элек.

#18 30 July 2014 - 21:41
ЖАРБАҢ БААТЫР Манап бий уулу (16-к-дын аягы–17-к-дын 1-жарымы) – калмак баскынчыларына каршы күрөштө өзгөчөлөн-гөн кол башчы. Манап бийдин тун уулу. Кыргыздын алгачкы тарыхчылары Осмо-наалы Сыдык уулунун, Белек Солтоноевдин,
санжырачылар Талып Молдонун, Тоголок Молдонун, А. Алымкуловдун маалыматтары б-ча Ж.б. 16-к-дын аягында Ортотокой деген жерде туулган. Анын энеси Кызбий-ке төрөттөн каза болгон. Энесинин курсагын жарып, баланы аман алып калышкан. Атасы Манап: «Балам ти-рүү болсо уйдун сү-тү м-н эле чоңоёт, аты Сүтүке болсун», – деген экен. Бара-бара анын өз аты унутулуп, курсактан жарып алганына байланыштуу Ж. аталып калган. Ж. жаш кезинен эрктүү, чечкиндүү болуп өскөн. Калмактарга каршы күрөштө атасы Манап бийдин колунун бир бөлүгүн баштаган. Чоң салгылаштар алдында болуучу эрөөлдөрдө ага калмактын далай баатырлары тең келе алган эмес. Эрөөлдөрдө калмактардын ондон ашуун баатырын мерт кылганы, калмактын алпы Дөнөнжөй м-н бир чай кайнам сайышып, чабышып, кармашып, акыры жеңгени, Чоң черүүгө миңбашы болгону санжырада айтылып, тарыхый булактарда жазылып калган. Ж. б. узак өмүр сүрүп, кыргыз-казак биримдигин чыңдоого, кыргыз элинин эркиндигин коргоого чоң салым кошкон.
ЖАРГАК – ийленген теринин бир түрү. Ал кой-эчкинин, жапайы эчки ж-а эликтин терилеринен жүнү жыдытылып, ашатылып, ийленип алынат. Ж-тан эркектердин шымдары, өтүк, маасынын кончтору, кол кап, ат жабдыктын кээ бир бөлүктөрү тигилген. Ж. үй-тиричилигинде супура катары да колдонулган.
ЖАРГЫЛЧАК – дандан талкан, угут тартуу үчүн беттеме таштан жасалган кол тегирмен. Ж-тын астыңкы жалпак ташы тегеренбей, анын так ортосундагы көзөнөгүнө кагылган катуу жыгач же темир шимеги болот. Шимек Ж-тын үстүңкү ташынын ортосуна кирип, аны бир окто айлантып турат. Тартылуучу дан шимектүү көзөнөккө ууч м-н салынат. Ж. үстүңкү бетинин бир жак четиндеги көзөнөгүнө кагылган жыгач туткасы аркылуу кол м-н айландырылат. Ж-ты аялдар ж-а балдар тарткан.
«ЖАРДЫ-ЖАЛЧЫ» УЮМУ – Кыргызстандагы эң кедей дыйкандардын уюму. 1920-ж. январда ВКП (б)нын Кыргыз облустук 5-конференциясынын чечими б-ча «Кошчу» союзунун ордуна түзүлгөн. Жерсиз ж-а жери аз дыйкандар м-н батрактардын кызыкчылыгын коргогон. Коллективдештирүү учурунда бай-манаптар м-н кулактарды тап катары жоюуда, көчмөн ж-а жарым көчмөн чарбаларды отурукташтырууда, кыргыз айылдарынын калкын колхоз-совхоздорго тартууда, коллективдүү чарбаларды чың-доодо чоң роль ойногон. «Ж.-ж.» у-нун 372 ячейкасы болгон. Кыргыз обкомунун 1932-ж. 5-октябрдагы чечими б-ча жоюлган.
ЖАР КӨРҮШҮҮ – салттуу үйлөнүү үлпөтүндө аткарылуучу жөрөлгө. Эки тарап кудалашкандан кийин күйөө ж-а күйөө жолдош болочок колуктусунун (кыздын) айылына келип, четирээк жерге түшкөн. Ошол жерге кыз тараптагылар атайы боз үй тигип, кыз оюнун өткөрүүнү күйөө жана күйөө жолдоштон талап кылышкан. Оюн жүрүп жатканда кыз-күйөө 1-жолу бирин бири көрүшкөн. Салт б-ча кыздын жеңелери кыз-күйөөнү далыларын тийиштире тургузушкан. Күйөөнүн сол колу кыздын ийнинен артылып төшү жакка сунулат, ошол эле мезгилде кыз оң колун удаалай күйөөнүн ийнинен артылтып толгото имергенде бири-бирин тарткандай болушат. Бир-эки жолку аракеттен кийин колдор ажырашаар маалда күйөө эпчилдик м-н имерилип кызды өбөт. Кыз-жигит тарап болушуп жар көрүү ырларын аткарышып, күйөө жолдош кыздын жеңелеринин талаптарын аткарып камдай келген белектерин тараткан.
ЖАРКЫНАЙЫМ Асперди кызы, Хаким айым (1802–1868) – Кокон ханышасы, коомдук ишмер; ордодо «Хаким айым» деген ысым м-н белгилүү болгон. Ошол доордогу кыргыз элинде гана эмес, коңшу хандыктар м-н элдерде кадыр-баркка ээ болгон саруу уруусунун бийи Аспердинин кызы. Саруу уруусунун баргы уругунан. Ж-дын бала чагы Талас өрөөнүндө Карабуура суусунун жээгинде өткөн. Ж. мүчөсү келишкен, сулуу, акылдуу, сөздү орду м-н сүйлөгөн, эли кадырлаган кыз болгон. Атасы Мекеге ажылыкка барып келгенден ки- йин, Ж-ды жээни Шераалыга алып берген (к. Шераалы хан). Ж-дын мамл. ж-а коомдук иштерге катышуусу 1842-ж. Шераалынын Коконго хан болушунан башталат. Ж. ордодо аялдардын гана эмес, мамл. жогорку башкаруу чөйрөсүндө да абройго ээ болгон ж-а бардык мамл. иштер анын кийлигишүүсү м-н бүткөн. Касым миң башынын өлүм жазасынан бошотулушунда Ж. кийлигишкен. 1853-ж. ордодогу ичара тирешүү-лөрдөн кийин, Ж-дын буйругу м-н Мусулманкул дарга асылган. О. эле көп мамл. иштер, инсандарды мамл. кызматка коюу Ж-дын көрсөтмөсү м-н ишке ашып турган. 1862-ж. Бухара эмири Музаффардын жардамы м-н уулу Кудаярга бийликти алып берген. Кокон ордосундагы саясий күчтөрдүн күч алышы ж-а алардын кызыкчылыктары үчүн уулдарынын өзара аргасыз согуштарынын натыйжасында уулдарынын, неберелеринин набыт болушу Ж-дын саясий-дипломатиялык иштерине себепчи болгон. Хан энеси жүрөгүн ооруткан ушундай иштерден улам мамл. саясий иштерге кийлигишкен. Ошол мезгилдин атактуу зайыптары Курманжан м-н Зыйнатка «датка» наамын ыйгарууда да Ж-дын эмгеги чоң. Ордодогулар Ж-га «Ханышайым» же «Хаким айым» деп кайрылышкан. Кокон тарыхчысы Мырза Алим апасынын ж-а карындашынын өлүмү Кудаяр хандын бийлигинин бошоңдошуна себепкер болгондугун жазган. Кудаяр хан күн-дө эртең м-н апасынын акыл- насаатын угуп, ошол б-ча иш жүргүзгөн ж-а ага таазим кылган. Ж. өмүр бою ордонун ортосунда тигилген кыргыз боз үйүндө жашаган. Ж. каза болгондо аза күтүү бир нече күнгө созулуп, чоң урмат-сый м-н коюлган. Кокондон гана эмес, башка жактардан дагы элдер келип, мүрзөгө чейинки жол адамдарга толуп калгандыктан, табытты жайына чейин колмо-кол узатышкан. Кийин Кудаяр хан энесинин урматына 1869–70-ж. Кокондо медресе курдурган. Хаким айым медресеси Жамы мечитинин чыгыш тарабында жайгашкан. Курулушту Мулла Төрө уулу башкарып, 1870-ж. бүткөрүлгөн. Кийинки жылы Кудаяр хандын буйругу м-н Сырдарыядан Шахрихандын чыгышына чейин арык чыгарып, андан түшкөн каражатты Хаким айымдын медресесине вакф кылып берген. Медреседен калган жалгыз эстелик – «медресенин эшиги» азыркы күндө Кокон сарайы тарыхый музейинде сакталып турат. Ал эми Кокон ш-нын борборунда Ж-дын күмбөзү Шераалы хандын күмбөзүнө жанаша бүгүнкү күнгө чейин ошол бойдон турат.
ЖАТАКЧЫ – 19-к-дын 1-жарымындагы көчмөн кыргыз жамаатындагы дыйканчылык м-н кесиптенген адамдар, малы жоктон жайында жайлоого көчө албай, кыштоодо калган кедейлер тобу. Ж-лар өз жерлерин гана иштетпестен, уруулаш бай туугандарынын да жерин кароого милдеттүү болушкан. Бир нече үй-бүлө чогуу калып, өзүнчө «жатакчылардын айылын» түзүшкөн. Ж-лар айдалган эгинди карап, сугарып, отошкон, чөбүн чабышкан. Өз эмгектери үчүн Ж-лар саан уй, күч же унаа алып калышкан. Жерди буурсун м-н айдашкан, таруу, буудай, арпа себишкен. Жайлоодон келгендер Ж-ларга айран, курут, сүзмө ала келишкен. Ж- лык жер иштетүүчү эмгек куралдарынын жөнөкөйлүгүнө, продукциясынын аздыгына карабастан, кыргыз элинин экон. турмушуна кире баштаган. Ж. өзүнчө социалдык катмарды түзүү м-н, айылдык көчмөн жамаатынын бузулушуна түрткү берген. Совет бийлиги орногондон кийин коомдук-экон. кайра куруулар, кыргыз элинин көчмөн ж-а жарым көчмөн турмуштан отуруктуу турмушка өтүшү Ж-лардын жоюлушуна алып келген.
ЖАШЫНМАК – балдар оюну. Саны чектелбестен бир топ бала ойнойт. Тутум кармашуу б-ча издөөчү болуп калганы эч жакты карабай, эки колу м-н көзүн басып, макулдашууга жараша 20 – 30га чейин санайт. Ушул учурда башка балдар туш келди жерлерге жашынышат. Издөөчү чектен анча алыстап кетпей жашынгандарды издейт. Издөөчүнү алаксытуу, жаңылдыруу максатында жашынгандар бир бияктан, бир тыяктан үн өзгөртүп «күкүк» же «зейнеп» деп алаксытышат. Издөөчү кимди биринчи таап алса, ошол бала издөөчү болот. Эгер жашынган балдардын бирөө капысынан же жашырынып келип издөөчүдөн мурда чекти ээлеп калса, издөөчү кийинки оюнга да издөөчү болуп кала берет. Бул оюн балдарды эптүүлүккө, кыраакылыкка, байкагычтыкка, шамдагайлыкка, күлүктүккө машыктырат.
ЖЕБЕ – жаанын огу. Ал табылгы, ыргай, шилби, кайыңга окшогон ийилчээк катуу жыгачтан жасалган. Тийген жерине кирип кетсин үчүн Ж-нин учуна кийгизген металл-ды (коло, жез, коргошун, темир) колок же кыма дешкен. Ж. түз ж-а алыс кетүү үчүн арткы бөлүгүнө узата Ж. канатын жабыштырышкан. Жаачылар Ж-ни оң далыга асынган саадакка сакташкан.
ЖЕГДЕ – боору ачык, жакасы чепкендики сыяктуу жээктете гана катталып тигилген узун эркек көйнөк. Ж. болотнайдан тигилген. Анын көпчүлүгүндө бүчү же топчу болбойт, шымдын сыртына чыгарып, белинен кымтылана жеңил кур же оромол м-н курчанып алышат. Ж. Кыргызстандын түштү-гүндө кеңири тараган. ЖЕДИГЕР уруусу орто кылымдардагы жазма булактарда маалымдалат. Элдик санжырада Койлондон Ж. уруусу чыгары баяндалат. 16-к-гы Сайф ад-Дин Аксикендинин «Мажму ат-Таварихинде» Ж-лер Тагай баа- тырдын Кулан (Койлон) аттуу уулунан тарайт деген санжыралык маалымат бар. Ж-лер «Манас» дастанынын дээрлик бардык варианттарында кыргыз урууларынын бири катары кездешип, Ж. уруусунун башында Багыш деген белгилүү жетекчи турганы айтылат. Андан бөлөк кыргыз санжыраларында Ж. аттуу Астрахан ханы ж-дө да баян айтылган. 1549-ж. Казан ш. Едигенин тукуму Ж. тарабынан басылып алынганы маалым. Этностук аталыш казактарда – жедигер, лакайларда – жадыгер формаларында кездешет. Айрым маалыматтар Ж-дин орто кылымдардагы печенег, кыпчак тилдүү этностук чөйрө м-н байланышы болгонун маа-лымдайт. Мис., кооз (жедигер) – кууз, гууз, окуз, уз. Мындан бөлөк этнонимди байыркы игдер уруусунун аталышы м-н тең катар кароого болот. Болжолу, Ж. этнониминин баштапкы формасы жети игдер же жети бөлүктөн турган уруулардын бирикмеси, союзу дегенди түшүндүрүшү ыктымал. Игдер (игдир) этнониминин удаалаштары азербайжандардын, Түркия түрктөрүнүн, Ирандагы түрк (огуз) тилдүү этностордун курамында да кездешет. ЖЕЛАРЫК КӨРҮСТӨНҮ – эрте темир дооруна таандык 22 көрүстөндөн турган археол. эстелик. Бишкек– Балыкчы жолунун 108 кминде Чүй суусунун сол тарабында жайгашкан. 1974-ж. археолог В. П. Мокрынин изилдеген. Үч көрүстөндө маркумдун сөөктөрү ички дубалы таш м-н кыналган чуңкур көрлөргө, калгандары жөнөкөй көр-лөргө коюлган. Сөөктөрдүн жанынан чопо идиштер, акак шурулар, коло күзгү ж-а бычактар табылган. Маркумдардын антропологиялык түзүлүшүндө европеоиддик да, монголоиддик да белгилери бар. ЖЕЛЕ – 1. кулун байлоого ылайыкталып керилген жоон аркан. Аралаштырылган ар кыл жүндөн жоон эшилип, үч-төрт катталып чыйратылат. Уз. 15–20 м. Ж-нин эки учу эки казыкка байланат. Ортосундагы аралык майда жыгач (арча, четин, кайың) казыктарга бекитилет. Бир Ж-ге 15–20 кулун байланат; 2. илбээсин кармаш үчүн жылкынын туу куйругунан, бышык жиптен же чыйратылган кылдан жасалган аңчылык куралы. Аны кылтак Ж. же тузак Ж. деп аташат. Ж. 5–6 же 10–15 көздүү (кылтактуу) жасалат. Ал көбүнчө кекилик, чил, бактек, жапайы каз, өрдөк кармоо үчүн пайдаланылган.
ЖЕНКИНСОН Антони – англиялык саякатчы, соодагер ж-а элчи. 1557–72-ж. Россия мамл-нде төрт жолу болгон. 1557–58-ж. Иранга ж-а Борб. Азияга саякатка келген. Ж-дун айтканына караганда, ал 1558-ж. Борб. Азияга келгенге чейин Кытай м-н Бухаранын ортосундагы жайгашкан көчмөндөр м-н шаарлыктардын ортосунда үч жыл бою тынымсыз согуштар болуп турган. Ж. андан ары шаарлар – Ташкен (Таскент) ж-а Кашкар (Каскайр) деп аталгандыгы, Ташкенге каршы согушкандар казактар (кассак), ал эми Кашкарга каршы согушкандар кыргыздар (киргс) экендигин белгилеген. Бул эки эл чоң күчкө ээ экендиги, алар аталган шаарларды өзүлөрүнө баш ийдиргендиги айтылган. Ж-дун түзгөн картасында кыргыздар 16-к-дын ортосунда эле азыркы ээлеп турган аймактын көпчүлүк бөлүгүн мекендешкендиги көргөзүлгөн. Алардын айрым топтору ошол учурда Каратегинге чейин кирген.
ЖЕНТЕК – бала төрөлгөндөгү той. Бала төрөлүп, ат коюлуп, оозантылгандан кийин келген адамдарга тамак- аш, эт тартылып Ж. берилген. Жакын туугандары (көбүнчө балдар) үймө-үй кыдырышып жаңы төрөлгөн баланы сүйүнчүлөп белек алышкан. Туугандары ж-а айыл ичи башка баш кошулуп жатканына сүйүнүп, баланы көргөнү келгенде наристеге, анын ата-энесине көрүндүк (буюм, кийим, жакын туугандары мал) беришкен.
ЖЕҢИЖОК (өз аты-жөнү – Өтө Көкө уулу; 1860, азыркы Карабуура р-ну, Жийде айылы – 1918, Аксы р-ну, Карасуу айылы) – төкмө ырчы. Кытай уруусунун чоодан уругунан. Бала кезинен ата-энесинен ажырап, аталаш агасынын колунда чоңойгон. Кийин оорусунан болуштун буйругу м-н куулуп, Аксыдагы таякелерине барган. Ошол жерде орун-очок алып, өмүрүнүн акырына чейин туруп калат. Аксыда Нурмолдодон таалим алган. Ж. төкмө гана эмес, жашоонун маңызы, адамдын жашоо-тиричилиги, адилеттик, адилетсиздик, адам өмүрүнүн туулгандан карылыкка чейинки басып өткөн жолу, ар бир курактын өзүнө таандык өзгөчөлүгү м-н касиети, табият м-н адамдын байланышы ж-дө териштирип ой толгогон философ акын да болгон. Буга анын «Айт, айт десе», «Дүнүйө», «Замана» деген ырлары мисал болот. Мына ушундай нары дүйнө тааныткыч, нары идеялык- көркөмдүк жагынан акындык чыгармачылыктын нукура берметтеринен болгон классикалык ырларынын бири – «Аккан суу». Ж-тун табият темасындагы дагы бир ыры – «Жалгыз тал менен сүйлөшүү». Муну өзүнүн масштабы, проблемасы, мазмуну жагынан «Аккан сууга» салыштырууга болбойт. «Жалгыз тал м-н сүйлөшүү» акындын өзүнүн каймана образы. Деген м-н ырчынын чыг-нын көлөм жагынан болсун, маани жагынан болсун басымдуу көпчүлүгү өзүнүн керт башына байланыштуу арыз-арман эмес, жалпы маанидеги терме, санат, насыят, үлгү ырлары түзөт. Ж. дүйнө, аалам, заман, өмүр, адилеттик, караөзгөйлүк ж. б. тууралуу ой жү-гүртөт. Ж. айтыш өнөрүнүн да чоң устаты болгон. Анын айтыш өнөрүндөгү туу чокусу – Эсенаман м-н айтышы. Ж. жазмачылык м-н төкмөчүлүктүн эки тизгинин бирдей алып жүргөн. Өмүр бою ырларын, дастандарын кагаз бетине түшүрүп жазып жүргөн. Өзүнүн оригиналдуу ырларынан башка элдик жомокторду, уламыштарды айткан. Аксы р-нундагы мектепке ысмы ыйгарылып, музейи ачылып, айкели тургузулган. Ж-тун ырларын көптөгөн аткаруучулар (Ж. Алыбаев ж. б.) чебер аткарып жүрүшөт. 1982-ж. анын чыгармалары китеп («Жеңижок») болуп чыккан.
ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ – Советтер Союзунун Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) фашисттик Германияны жеңгенин белгилеген дата. 1965-ж. 26-апрелде СССР Жогорку Советинин указы м-н 9-май майрам күн деп жарыяланган. Учурда жалпы КМШ өлкөлөрүндө элдик майрам катары белгиленет.
ЖЕҢИШ ПАРАДЫ – Советтер Союзунун Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгенинин урматына 1945-ж-дын 24-июнунда Москвада Кызыл аянтта өткөрүлгөн аскер парады. Ага согуштун аягына чейин катышкан аскерлер, Аскер деңиз флотунун, Коргоо эл комиссариаты- нын, аскер академияларынын ж-а Москва гарнизонунун бөлүктөрү катышкан. Ж. п-н Г. К. Жуков кабыл алып, К. К. Рокоссов-ский командалык кылган.

#19 30 July 2014 - 21:47
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ. 1991-ж. апрелде Кыргыз Респ-нын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган. 1994-ж. 18-августта Кыргыз Респ-нын Президентинин Указы м-н Ж. ө. а. б-нун шаардык, поселкалык,
айылдык органдарына алгачкы эркин шайлоолор өткөрүлгөн.
Кыргыз Респ-нда Ж. ө. а. б. жергиликтүү жамааттар тарабынан ишке ашырылат, алар мыйзамдын чегинде ж-а өз жоопкерчилиги астында жергиликтүү маанидеги иштерди башкарат. Жергиликтүү маанидеги иштерди башкаруу жергиликтүү кеңештер ж-а мыйзамда белгиленген тартипте калктын өзү тарабынан түзүлгөн башка органдар аркылуу ишке ашырылат. Жергиликтүү кеңештер: өз аймагында социалдык-экон.
өнүктүрүү ж-а калк-ты социалдык жактан коргоо программаларын бекитет ж-а алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөйт,
жергиликтүү бюджетти, анын аткарылышы ж-дөгү отчётту бекитет, алар жергиликтүү мамл. админ-га көз каранды эмес. Жергиликтүү кеңештин депутаты 4 жылдык мөөнөткө шайланат ж-а жергиликтүү кеңеште айткан пикири ж-а берген добушунун натыйжасы үчүн куугунтукталбайт.
Ар бир облуста губернатор,
р- ндордо ж-а шаарларда жергиликтүү мамл. админ., айыл-кыштактарда айылдык өкмөттөр түзүлгөн. Айыл өкмөтү аткаруу-тескөө органы катары өзүнүн аймагын социалдык-экон.
жактан өнүктүрүүнүн программасын,
жергиликтүү бюджетти түзөт ж-а анын аткарылышын уюштурат, айылдын экон-сын башкарат, калкты социалдык жактан тейлөө, айлана-чөйрөнү коргоо ж.б. иштерин тескейт.
«ЖЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ ШЕРИКТЕШТИГИ» – дыйкандардын коллективдүү чарбаларынын бир түрү. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында уюшулган. Шериктештердин кирешесине сатылып алынган машиналар ж-а а. ч. шаймандары коомдун менчиги болгон. Түшкөн киреше шериктештиктин мүчөлөрүнө коомдук өндүрүшкө жумшалган эмгек күнгө ж-а эмгектин сапатына, өндүрүш каражаттарынын үлүшүнө, кээде киши башына жараша бөлүнгөн. 1940-жылдан бул шериктештиктер колхоздорго кошулган.
ЖЕР-СУУ КОМИТЕТТЕРИ – 1918–20-ж. Түркстан АССРинде Совет бийлигинин агрардык саясатын жүзөгө ашыруу үчүн иштеген уюмдар. Ж.-с. к-не элетте жашап, 20 жаштан ашкан 500 адамдан бирден мүчө шайланган. Негизги максаты бирөөнүн эсебинен жашагандардын (бай-манап, кулак ж. б.) жерлерин жерсиз ж-а жери аз кембагалдарга бөлүп берүү болгон. Бул иш-чара жерди мурдагыдан натыйжалуу иштетүүгө, о. эле келечекте а. ч-н коллективдештирүү үчүн жакшы жагдайларды түзгөн. Ж.-с. к. 1920-ж. жергиликтүү Советтердин жер-суу бөлүмдөрү болуп кайра түзүлгөн.
ЖЕР-СУУ РЕФОРМАЛАРЫ – 20-жылдары Түркстан АССРинде ж-а Казакстанда кедей дыйкандардын пайдасы үчүн Совет бийлигинин жүргүзгөн социалдык-экон. кайра куруулар. Ж.-с. р. Кыргызстанда 2 этап м-н ишке ашырылган. 1-этапта (1921–22-ж.) падышалык бийликтен калган колониализмдин калдыктарын жоюуга багытталган иштер жүргүзүлүп, жергиликтүү элдердин ж-а орус дыйкандарынын жер м-н сууну бирдей укукта пайдалануу, кулактарды, байларды жеринен ажыратуу, оокаттуу дыйкандардын ашыкча жерлерин алуу, айылдарды мал айдалуучу жолдордон ж-а арыктардан алыс көчүрүү, дыйкандарга ж-а кедей дыйкандарга жер бөлүп берүү милдеттери коюлган. Ж-с.р-нын 2-этабы 1927–28-ж. Түштүк Кыргызстанда өткөрүлгөн. ЖЕР-СУУ ТАЮУ – табиятка сыйынуу ырымы. Кыргыз элинин салттуу руханий түшүнүгүндө жер-сууну кудайы катары эсептеп, табияттагы кубулуштар анын эрки ж-а каалоосу м-н болот деген түшүнүк кенен тараган. Ар бир адам табияттын урматына курмандык чалса, ал ырайымдуу болот, кырсыктарды келтирбей, бейпилдикти камсыз кылат деп ишенишкен. Курмандык чалып сыйынуу кургакчылыкта, жаан көп жааганда, кыян-сел жүргөндө, жер титирөөдөн ки-йин өткөрүлгөн. Ар бир боз үйдөн (кээде 2–3 кожолуктан) бирден кой, токоч, казан, идиш-аяктар алынып, суу, булак башына же айылдын четиндеги ыйык делген жерге барышып, жандыкты кыбылага каратышып, алакан жайып, кудайдан жамгыр сураган же болбосо басылбай жааган нөшөрдү токто-тууну, жердин титирегенин, көчкүнүн жүрү-шүн басууну ж. б. өтүнүшкөн. Койду мууздоодо канын сууга агызып, же жерге чачышкан, жалпы отуруп, бышкан этти жешкен. Ж.-с. т-ну эгин бышар маалда, тууттун башталышында же малды кыштан аман-эсен чыгуу үчүн өткөрүшкөн. Ж.-с.т. ырымында исламга чейинки элементтер басымдуулук кылган. Бирок, кээ бир элементтеринде исламга тиешелүү эрежелердин бар экени даана байкалат. Мис., кыбыланы карап бата кылганы, алладан жардам сураганы ж. б. (к. «Ыдук йер-суб» макаласын).
ЖЕРТӨЛӨ – казылып салынган жер там. Тереңдиги киши бою, төрт бурч же тегерек кылып казып, кырына эки катар чым тизип, ага туура жоон жыгач устун коюп, анын эки тарабына туурасынан шырык салып, үстүнө чырпык, куурай таштап, топурак м-н бастырышкан. Үйгө жарык кириш үчүн, коломтодон жагылган оттун түтүнү чыгыш үчүн төбөсүнөн тешик калтырышкан. Оозун боз үйдүн эшиги м-н жаап, ал болбосо жөн эле кийиздер м-н далдалап коюшкан. Ж. т-дө кыш чилдеде гана жашашкан.
ЖЕТЕ – орто кылымдарда Теңиртоону ж-а Жетисууну мекендеген көчмөн калк. Этностук аталыш бери болгондо 15-к-дан белгилүү. Ж. Орто Азия түрктөрүндө (Түштүк Тажикстан, Түштүк Өзбекстан) овлади жетта деген аталышта кезигет. 16-к-да Мавераннахрдын чагатайларын көчмөндөр караунас (карагунас) – аралаш тектүү, таза тектүү эмес эл деп аташса, ал эми чагатайлар өз кезегинде Жетисуу тараптагы көчмөн урууларды ордого баш ийүүнү каалабагандыгы, эркиндиги үчүн Ж. – эркин талап-тоноочулар, каракчылар деп аташкан. Төмөн Ж. – кыргыздын багыш уруусунун курамындагы урук катары маалым.
ЖЕТИСУУ ОБЛУСУ – 1867-ж. 11-июлда түзүлгөн админ.-аймактык бирдик. Сырдарыя облусу м-н чегарасы Кургаты ж-а Чүй суулары б-ча өткөн. Ж. о-на Түндүк Кыргызстандын бир катар аймактары – Ысыккөл (кийин Каракол), Токмок (кийин Пишпек) уезддери да кирген. Ж.о. 1882-жылга чейин Түркстан генерал- губернаторлугунун курамында болгон. 1882–98-ж. Талаа (Степной) – генерал-губернаторлугуна, 1899-жылдан кайрадан Түркстан генерал-губернаторлугуна баш ийген; 1917-жылга чейин «1891-жылкы Талаа эрежеси» м-н башкарылган.
ЖЕТИСУУ ФРОНТУ – 1918-ж. жазында контрреволюциячыл күчтөргө каршы түзүлгөн аскердик бирикме. ЖИБЕКЖОЛУ,Улуу жибек жолу–б.з.ч.2- к-данб.з.16-к-начейинОртоАзияныКытай, Алдыңкы Азия ж-а Европа м-н байланыштырып турган соода-сатык, кербен жолдорунун жалпы аталышы. Ж. ж. м-н кытай жибегин алып өтүшкөндүктөн, Ж. ж. деп аталып калган. Бул терминди илимге эң алгач чыгыш таануучу Ф. Рихтгофен киргизген. Ж.ж. Кытайдын борб. бөлүгүндөгү Сиандан башталып, Лань-чжоу аркылуу Дуньхуанга жеткенде экиге бөлүнгөн: түндүк жолу – Турпан, Кашкар, Памир, Фергана, Самаркан, Мерв, казак талаалары; түштүк жолу – Лобнор көлү, Такла-Макан чөлү, Хотан, Жаркен, Балх, Мерв, Бактрия, Парфия, Индия ж-а Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү. Мервден эки бутагы биригип, андан ары кербендер Ниса, Исфаган, Багдад аркылуу Жер Ортолук деңизине өтүшкөн. Ж.ж-нун негизги багыты эч качан өзгөргөн эмес, бирок түздүктүү жерлерде өзгөрүүлөр тез-тез болуп турган. 14-к-да деңиз жолдорунун ачылышы м-н Ж.ж-нун маанилүүлүгү кескин басаңдап, 16-к-да маданий ж-а экон. маанисин жоготкон. Ж.ж. байыркы убакта ж-а орто кылым мезгилинде ар кандай маданияттагы мамл-терди байланыштырып, алардын ортосунда соода ишин өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлеген. Кыргызстандагы Ж. ж. эки бутакка: Фергана – Алай ж-а Чүй – Ысыккөл болуп бөлүнгөн.
ЖИХАД (ар. күчтүү аракет: газават м-н маанилеш) – курандагы жоболордун бири (9-сүрө, 29-аят). Анда согушка жарактуу ар бир мусулман кайрыдиндерге каршы «ыйык согушка» катышууга тийиш деп көрсөтүлгөн; куралдуу күч м-н ислам динин таратуу максатында жүргүзүлгөн мусулмандардын реакциячыл «ыйык согушу». Мусулман өлкө-лөрүндөгү согуш урааны. Ж. идеясы көп-төгөн мусулман элдеринде газават деген ат м-н белгилүү.
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ – Кыргыз Респ-нын парламенти – мыйзам чыгаруу бийлигинин ж-а өз ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөлдүк кылуу функцияларын жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган. 1994-ж. 22- октябрда өткөрүлгөн референдумдун негизинде парламент эки палатага: туруктуу иштөөчү ж-а респ-нын калкынын таламдарын билдирүүнүн негизинде шайланган 35 депутаттан турган Мыйзам чыгаруу ж-а сессиялык жол м-н иштөөчү ж-а аймактык таламдарды билдирүүнүн негизинде шайланган 70 депутаттан турган Эл өкүлдөр жы-йынына бөлүнгөн. 2003-ж. 2-февралында «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө» мыйзамын кабыл алуу б-ча жүргүзүлгөн референдумдун негизинде Ж.К. 75 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөт м-н бир мандаттык аймактык шайлоо округдарынан шайланат. Алар шайлоого көрсөтүлөр алдында 25 жашка чык-кан ж-а респ-да 5 жылдан кем эмес жашаган тургундар болушу керек. Депутаттар округдар б-ча жалпы, жашыруун, тең ж-а тике добуш берүү аркылуу шайланат. Ж.К-тин депутаты Кыргызстан элинин өкүлү болуп саналат, Конституцияга ж-а өз абийирине баш иет, кол тийгис иммунитет укугуна ээ. Ж.К. Кыргыз Респ-нын Конституциясында белгиленген тартипте респ- нын Конститу-циясына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду кир-гизет, респ-лык бюджетти ж-а анын аткарылышы б- ча отчетту бекитет, өлкөнүн чегарасын өзгөртө алат, Президенттин шайлоо мөөнөтүн белгилейт. Кыргыз Респ- нын Премьер-министрин дайындоого, Респ-нын Башкы Прокурорун, Улуттук Банктын Башкармасынын төрагасын дайындоого макулдук берет, өзгөчө абалды киргизүү, согуш абалын жарыялоо сыяктуу Президенттин Указдарын бекитет же алып салат, өлкөнүн эл аралык келишимдерин ратификациялайт, аскер наамдарын, дипломатиялык даражаларды ж. б. атайын наамдарды белгилейт, шайлоо ж-а реформаларды өткөрүү б-ча Борб. шайлоо комиссиясынын төрагасы м-н мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлайт, Кыр-гыз Респ- нын Омбудсменин шайлайт ж-а бошотот ж. б.
ЖОЛДОШЕВ Токчоро [1903, Бишкек уезди, Карабулак айылы (Каражылга деген жерде), азыркы Кемин р-ну – 1937] – Кыргызстандагы алгачкы мамл. ишмерлердин бири, кыргыздын тунгуч адабият сынчысы. Алматыдагы казак-кыргыз агартуу ин-тун бүтүргөн (1925). 1925–27-ж. Москвадагы Борб. улуттук басмасынын кыргыз секциясында редактор ж-а жооптуу катчы. 1927–28-ж. Кыргызстан эл агартуу комиссариатынын академиялык борборунда төрага, 1929–31-ж. Кыргызстан БАКтын прези-диумуна мүчө, жооптуу катчы, 1931– 32-ж. Кыргызстан колхоз борборунун (азыркы керек-жарак союзу) төрага, 1933–35-ж. Кыргызстан эл агартуу комиссары болгон. «Кыргыз көркөм адабияты», «Аалы Токомбай уулунун ырлары», «Адабият майданында» (1926), «Көрктүү адабиятыбыз м-н акындарыбыз» (1927), «Касымаалынын Ажары» (1928) ж. б. көптөгөн макалаларды жазып, кыргыз адабий сынына чыйыр салган. Ж. Лениндин, марксизм-ленинизм классиктеринин чыгармаларын, кыргыз мектептерине арналган адепки окуу китептерин кыргызчага которгон ж-а редакциялаган. Адабий жыйнактардын (Тоголок Молдонун «Насыят», Боогачынын «Күйгөн», Т. Жакиев айткан «Семетейден» үзүндү ж. б.) редактору. «Кызылгүл» аттуу кыргыз тилиндеги алгачкы поэзиялык жыйнактын (1927) түзүүчүсү ж-а баш сөзүнүн автору. 1935-ж. ак жеринен жазаланып репрессияланган. 1956-ж. акталган.
ЖОЛДОШ СУРАМАЙ – жаштардын оюну. Отуруштарда, жоролордо, тойлордо, майрамдарда ойнолот. Ар кимиси экиден болуп каалаган кишиси м-н отурат. Оюнга катышуучулар тегерек тартып отурушуп, адегенде оюн башчы шайлашат. Оюн башчы көпчүлүк м-н кеңешип, оюн айыбын 5–10 шап, 5–6 куплет ыр, 3–4 жаңылмач, 2–3 төөматек, 3–4 укуй, ар бир айып саны 2–3 болсун деп макулдашат. Анан ал «кимге жолдош керек?» деген суроону берет. Туш-туштан «мага! ма-га!» деген улан-кыздардын үнү чыгып, колдорун көтөрөт. Оюн башчы алардын бирөөнү көрсөтө, «сага ким керек?» дейт. Ал керектүү кыздын же жигиттин атын атайт. Оюн башчы аты аталып чакырылган кыздын же жигиттин жанындагы жолдошунан «жолдошуңду бересиңби?» дейт, ал берүүгө макул болсо, жолдошу үчүн сураган жигит аткарчу айыпты айтат. Ал эки же үч түрлүү айып тарттырууга укуктуу. Жолдош сураган кыз же жигит аны аткаргандан кийин суралган киши ордунан туруп, сурап алган кишинин жанына отурат. Эгерде суралган жигитти же кызды жанындагы жолдошу бербейм десе, анда ага анын жолдошун сураган киши айып салат. Эгер талап кылынган айыпты аткарып, түрдүү айыптарга чыдаса, анда жанындагы жолдошун эч кимге бербей алып калат. Бул оюн жаштардын чыгармачылыгынын өнүгүшүнө ж-а алардын өзү урматтаган же сүйгөн курбусунун жанына отуруп сырдашууга, макулдашууга ыңгайлуу шарт түзгөн.
ЖОЛУМ ҮЙ – абдан кичине жеңил боз үй. Жеңил үй үч канат керегеден, ууктан, түндүктөн турат. Айрым жерлерде Ж. ү. кереге, түндүксүз эле узунураак таяктардын бир учу жерге сайылып, түндүк ордуна бир кулач ичкерээк талдын эки башы бириктирилип, көк м-н байланып тигилет. Ж. ү-дү жылкычы, койчу, жоокер, соодагерлер урунушкан.
ЖООЛУК ТАШТАМАЙ – жаштар оюну. Катышуучулар тура калып чуркоого оңтойлонуп, буттарын жүйүртө басып тегерете отурушат. Оюнду баштоочу отургандарды айлана чуркап, колундагы эшилген жоолукту же жумшак курду отургандардын биринин артына билгизбей таштайт. Жоолук ташталганын атаандашы билип калса, шарт туруп, ташталган жоолукту алып, жоолук таштаган оюнчуну өз ордун (эреже б- ча жоолукту алган оюнчунун ордун) тапкан-ча кууйт, жетсе жоолук м-н чапкылап, жоолукту берет. Эгер жоолук ташталганын сезбей калса, жоолук таштаган оюнчу отургандарды айланып келип, жоолукту алып атаандашын чапкылап, тегеректи айланта кууп, өз ордуна келтирет. Жоолук таштаган оюнчу өзү отургусу келсе, тура качкан баланы бир аз чапкылап, колундагы жоолукту кө-көлөтө ыргытып, тигинин ордуна отура калат. Жаңы оюнчу Ж. т-ды ушул тартипте уланта берет. Ж. т. жаштарды сезгичтикке ж-а шамдагайлыкка тарбиялап, тез чуркоого машыктырат.
ЖОРГО – жылкы жүрүшүнүн бир түрү. Жылкы бир жак буттарын (оң жаккы алдыңкы ж-а арткы буту) бир убакта көтөрүп, алга таштайт. Анын арымы таскакка караганда кыска, тез кайталанат. Ж. жол Ж., кой Ж., чапма Ж. болуп айырмаланат. Жол Ж. м-н кой Ж. жай, чапма Ж. катуу жорголойт. Чапма Ж. таскакка окшош болгондуктан анын Ж. жүрүш экени жылкыны арт жагынан караганда даана байкалат. Ж. саатына 10–15 км жол жүрөт.
ЖОРО БОЗО – эркектердин шерине сыяктуу чогулуп тамак ичүү каадасы. Ж.б-ну жаш курактарына карай бөлүнгөн эркектер тобу түзгөн. Топко 25–40 адам кирген. Алар күз мезгилинде Ж.б-нун уюшмасын башташкан. Ал адатта, кыш бою өтүп, жазында гана токтолгон. Ж.б-нун алдында ага кирген кадыр-барктуу адамдардан бий шайлашкан. Анын милдети Ж.б-нун кезегин сактоо, тартипке чакыруу, жазалоо. Жашыраак бирөө-нү эрке бала коюшкан. Ал түздөн-түз бийдин тапшырмаларын аткарып, оюн-зоокторду уюштуруп, тартип бузгандарды жазалаган, ойго келбес тамашалуу жазаларды ойлоп таап, элди күлдүргөн өткүр, тамашакөй болгон. Бийдин оң аталык, сол аталык деген эки жардамчысы болуп, алар оң, сол тарапта олтургандарга көз салып турган. Ж. б-нун мүчөлөрү бий м-н аталыктар аркылуу гана сүйлөшө алган. Эки адам көлбөчү болуп да-йындалып, бозо куюп турган. Бир адам кесекүл дайындалып, бозо сунган. Эки адам эшик агасы бекитилип, босогодо бийдин уруксаты м-н кирип чыккандарды тескеген. Бозону чыпкалап берип турган адам күрө-көч деп аталган. Ал жорого катышкандардын катарына кирген эмес. Калган катышуучуларды жорокеч, жорочулар деп аташкан. 1-жорону айгыр жыяр деп атап, аны бий тапшырган адам өткөргөн. Боз үйдү бошотуп, ала кийиз, туш кийиздерин гана калтырган. Үйдүн ортосуна атайын идишке бозо куюшуп, бозону бийден баштап кезеги м-н ичишкен. Ж.б-до оюн зооктор, тамаша көрүнүш-төр кенен орун алып, сармерден айтылган, комуз чертип, ыр ырдашкан. Бозо куюлган жыгач аяк эки-үч ирет айланта ичилгенден кийин дем албас ичишкен. Ж.б-го кокусунан келген адамды саламчы деп аташкан, аны бийдин гана уруксаты м-н киргизишкен. Уюшманын аягында үйдүн ээси жорокечтерге эт тарткан. 2–3 күндөн кийин Ж.б-ну кезектеги адам аткарган. Адатта Ж. б. эртең м-н эрте башталып, кечке чейин жүргөн. Ж. б-нун кезеги аяктаарда сол аталык, оң аталык, эрке бала, эң акы-рында бий өзү «бийлик жоро бозо» өткөрүшкөн. Акыркысы салтанаттуу өткөн. Ат оюндары, улак тартыш, күрөш, эңиш ж.б. уюштурулган. Буга каалагандардын бардыгы катыша алышкан.
ЖУВАЗ – өсүмдүктөрдүн уругунан май тартуу (май Ж.) ж-а шалы актоо (ак Ж.) үчүн пайдалануучу өтө жөнөкөй түзүлүштөгү буюм. Алгачкы Ж-дардын дөңгөлөгүн бир же эки киши жөө түртүп айландырышкан. Бара-бара ага өгүз, эшек, ат чегиле баштаган. Акырында Ж. тегирмен сыяктуу суунун күчү (бара) м-н жүргүзүлө баштаган. Май Ж-дын соку сымал бөлүгү бир же бир нече катуу чулу жыгачтан жасалып, айрымдарынын ичине жука темир капталган. Ж-ды чоң соку таштарды чуңкурайта терең оюп да жасашкан.Булардын жанчууру (сок билеги ) оор келип, анын учу сокусунун түбүнө текши тийгендей жалпагыраак жасалып, айрымдарына темир капталган. Ж. Кыргызстандын түштүк аймактарында колдонулган. ЖУВЕЙНИ,Ала ад Дин Ата Меликибн Мухаммед(1226–1283)–фарсытарыхчысыж- амамлекет ишмери. Хулагулар династиясы Иранды башкарып турган мезгилде жашаган. Хорасандын бийлик ээсинин атайын тапшыруусу м-н Моңголияга (Каракорумга) үч ирет барып келген. Анын 1260-ж. фарсы тилинде жазылган. «Тарих-и-жахангушай» («Дүйнөнү ээлеп алуунун тарыхы») деген эмгеги Орто Азия ж-а Борб. Азия элдеринин 12–13-к-дагы тарыхы б-ча баалуу даректерден болуп эсептелет. Бул эмгекте теңиртоолук кыргыздар туу-ралуу маалыматтар бар. Анын эмгегин толугу м-н басмага Мирза Мухаммед хан Казвини даярдап, үч том кылып чыгарган (Лондон, 1912–37).
ЖУЖАНДАР, жуан–жуандар, жуйжуйлар, жужулар–3–6- к-даМанжу-рияданТүркстанга чейинки талаа тилкелеринде жашаган көчмөн уруу союзу. Кытай жазма булактарында Ж-дын келип чыгышы тууралуу туруктуу маалымат жок. Жазма тарыхый булактарда Ж-дын келип чыгышы тууралуу төмөндөгүдөй маалыматтар өкүм сүрөт: 1. көчмөн духу элинин тукумдары; 2. сюннулардын (хунндардын) бир уруусу. Батыш изилдөөчүлөрү Ж-ды түрктөр деп эсептеп, аварлар м-н байланыштырышат, япон окумуштуулары Ж-ды протомоңголдор деп эсептешет. Кээ бир орус окумуштуулары Ж-ды моңгол тилинде сүйлөгөн калк деп божомолдошот. 5-к-дын 2-жарымында Ж. Турпан ойдуңун басышып, Гаочан мамл. негиздешкен. 6-к-дын башында Ж. түрктөрдү Чыгыш Түркстандан Алтай тоолорунун түштүк тарабына көчүрүлгөн. Себеби, түрктөр Ж-га формалдуу көз каранды болуп, гаоцзюй динлиндерине (теле) каршы согушка катышкан. Ушул кагылыштан соң Чыгыш Теңиртоодогу байыркы кыргыздар Енисейге жер которуп, енисей кыргыздарынын тарыхы башталат. Бумын кагандын учурунда түрктөр Ж-га каршы чыгып, алардын мамл-ин талкалайт. Ушул мезгилден байыркы түрк империясынын жаңы тарыхы башталат. Борб. Енисейде кыргыздардын мамл. уюшулат. Ж-дын бир бөлүгү Түндүк Кореяга, Кытайга качкан, башка бөлүгү батышка ооп, кийин авар деген аталыш м-н белгилүү болгон.
ЖУКЕЕВ Таабалды (жашырын аты – Пудовкин Александр Александрович; 1882, Каракол уезди, Жетиөгүз болушу – 1930, Нарын ш.) – кыргыздан чыккан алгачкы революциячыл- большевик, интернационалчы. Бала чагынан байларга малай жүргөн. 1899-ж. аны Анжиянга мал айдатып келген кожоюну таштап кеткен. Ушул эле жылы Ж. Ташкенге келип, темир жол курулушунда жумушчу болуп иштеген. Ташкен, Кызыларбат, Красноводскиде жумушчулар кыймылына катышкан. 1905-ж. Ташкендеги темир жол жумушчуларынын иш таштоосуна катышкандыгы үчүн 1906-ж. Закаспий крайына сүр-гүнгө айдалган. 1917-ж-га чейин ар кандай мөөнөттө Саратов, Ташкен, Варшава, Нижний Новгород түрмө-лөрүндө отурган. 1907-ж. Ж. Ташкен шаардык полициянын начальнигине кол кайырганы үчүн кайра кармалып, асып өлтүрүүгө өкүм кылынган. Кийин өлүм жазасы 15 жылдык сүргүн м-н алмаштырылган. Февраль революциясынын (1917) натыйжасында түрмө-дөн бошонуп Богородский «Электросталь» заводунда слесарь болуп иштеген. 1918-ж. өз ыктыяры м-н Кызыл Армиянын катарына өтүп, Москва губерниясында Совет бийлигин орнотууга катышкан. Урал облусунда контрреволюцияга каршы күрөшүү б-ча атайын комиссияда иштеген. 1919-ж. Түштүк фронттун 22-аткычтар дивизиясынын 197-мусулмандар полкунун комиссары, Геленжик аскер гарнизонунда кызмат өтөгөн. Граждандык согуш мезгилинде Крым, Кавказды ак гвардиячылардан, интервенттерден бошотууга катышкан. 1920-ж-дан Түркстан фронтунун оператив-дүү- тергөө бөлүмүндө иштеген. 1924-жылдан Кыргызстанда сов., чарбалык иштерде кызмат кылган. Г. Айтиев жасаган Ж-дин бюсту Нарын ш-нын гүлбагында орнотулган. К. Бектенов Ж-дин өмүрүн, ишмердигин чагылдырган «Таабалды Пудовкин» деген повестин жазган. Респ-да Ж- дин ысмы берилген көчөлөр бар.
ЖУМАГУЛОВ Апас Жумагулович (1934-ж. т., Чүй облусу, Аламүдүн р-ну, Арашан айылы) – коомдук-мамл. ишмер. Кыргыз Респ-нын Министрлер Советинин төрагасы (1986–91), Премьер-министри (1993–98), Геол.- минералогия ил-нин доктору (1999). Кыргызстан инженерлик академиясынын академиги (1992). Москвадагы И. М. Губкин атн. мунай-химия ж-а газ өнөр жайы ин-тун (1958), КПСС БКга караштуу Коомдук ИАны бүтүргөн. СССР ИАнын комплекстүү Түштүк геол. экспедициясынын лаборанты, Ош облусундагы «Кыргыз мунай» башкармасынын башкы геологу, башкы инженери (1958–73). 1973–85-ж. партиялык иште – Кыргызстан КП БКнын өнөр жай, транспорт бөлүмүнүн башчысы, КП БКнын катчысы, Ысыккөл обкомунун 1- катчысы. 1991–92-ж. Чүй облустук эл депутаттар кеңешинин төрагасы, 1992-жылдан Чүй облустук мамл. админ-нын башчысы, 1986–91-ж. СССР Жогорку Советинин депутаты. 1999-жылдан Кыргыз Респ-нын Германиядагы элчиси. Кыргыз Респ-нын Токтогул атн. мамл. сыйлыгынын лауреаты (1978). Манас, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
ЖУМАКМАТОВ Асанкан (1923-ж. т., Кант р-ну, Ысыката айылы) – дирижёр, Кыргыз Респ-нын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1958), Кыргыз ССРинин эл артисти (1969), СССР эл артисти (1977). Кыргыз Респ-нын Баатыры. 1938–42-ж. Кыргыз музыкалык драма театрынын оркестринде солист. 1942–48-ж. Москвадагы Чайковский атн. консерваториясынын улуттук студия-сынын дирижёрлук классында (В. С. Смирновдон) окуган. 1958-ж. дирижёр бөлүмүнүн (Л. Гинзбург м-н Б. Хайкиндин классы б-ча) бүтүргөн. 1958—62-ж. Кыргыз мамл. академиялык опера ж-а балет театрында башкы дирижёр, 1962–72-ж. Кыргыз мамл. К. Орозов атн. эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру ж-а көркөм жетекчиси. 1972-жылдан Кыргыз мамл. Ленин ордендүү акаде-миялык опера ж-а балет театрында башкы дирижёр ж-а директор (1980–83). 1983-жылдан Кыргыз Респ-нын телекөрсөтүү ж-а радиоуктуруу б-ча мамл. компаниясынын симфониялык оркестринин көркөм жетек-чиси ж-а башкы дирижёру. Ж. Кармен (Ж. Бизе), «Карганын маткеси» (П. И. Чайковский), «Русалка» (А. С. Даргомыжский), «Көл боюнда» (В. А. Власов, А. Малдыбаев, В. Г. Фере), «Аида» (Ж. Верди), «Борис Годунов» (М. П. Мусоргский), «Жамийла» (М. Р. Раухвергер), «Ромео жана Жульетта» (С. С. Прокофьев) ж. б. ондогон опера ж-а балет, дүйнөлүк, советтик, кыргыз композиторлорунун ар кайсы жанрдагы чыг-ларына дирижёрлук кылган. Залкар комузчулардын, обончулардын күүлөрүн, обондорун эл аспаптар, симфониялык оркестрлер үчүн иштеп чыккан, даректүү ж-а көркөм фильмдерге, циркке музыка жазган. Ж. Кыргыз Респ-нын Токтогул атн. мамл. сыйлыгынын лауреаты (1972). Эки Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
ЖУҢГАР-КЫРГЫЗСОГУШТАРЫ, Кыргыз-калмак согуштары–17- к-дынбашы–18- к-дын ортосунда ойроттордун кол салууларына каршы кыргыздардын күрөшү. Жуңгариядагы ойроттор 15-к-да эле кыргыздар жашаган Теңиртоого, Ферганага жортуулга келип турган. Ойроттордун негизги максаты жергиликтүү калктардын мал-мүлктөрүн тартып алуу, салык (алман) төлөтүү, айрыкча кыргыз, казак, өзбек ж-а уйгур жерлерин жайыт катары пайдалануу болгон. Орто Азия аймагында калмактар да жуңгарларга каршы биргелешип күрөшүүгө умтулушкан. 17-к-дан баштап күрөш улам күчөй баштаган. Алгач 1620-ж. кыргыз, казак аскер күчтөрү жортуулга келген калмактарды өз аймактарынан сүрүп чыгышкан. 1626–27-ж. кыргыз, казак жоокерлери калмактарга каршы жортуул уюштуруп, аларды Сибирге чейин сүрүп барышкан. 1633-ж. калмактар кыргыздар м-н казактарга кол салып, жеңишке ээ болушкан, казактардын ханы Эшим хандын уулу Жангыр султанды туткунга алышып, кийин коё беришкен. 1643-ж. Орто Азияга чоң жортуулду хонтайжы Эрдени баатыр өзү баштаган, ал алгач «кыргыздардын эки аймагын ээлеген», андан ары Ташкен, Түркстан тарапка бет алган. Бирок, бул жерден ага түрк тилдүү калктардын Жангыр ж-а өзбек кол башчысы Жалаңтөш аталык жетектеген биргелешкен күчтөрү каршы турган. Аларга кыргыз аскерлери да чечкиндүү жардам беришип, калмактарды өзүлөрүнүн чегарасына чейин сүрүп ташташкан. 1652-ж. кыргыздар м-н казактарга каршы Очирту Цэцэн хан жортуулга чыккан. 1658-ж. Талас өрөөнүндөгү Куланжылан деген жерде кыргыз, казак, өзбектердин Абдышкыр баштаган 38 миң жоокери калмактар м-н согушуп, жеңилүүгө дуушар болушкан. 1681–85-ж. Галдан Бошокту хандын аскерлери Кыргызстандын түштүгүнө бир нече ирет жортуулга барышып, Ош, Өзгөн, Сайрам ш-на чоң зыян келтиришкен. 1707-ж. Цебан Рабтан теңиртоолук кыргыздар м-н салгылашкан. 1718-ж. 2,5 миң адамдан турган калмак аскери кыргыз жерлерин аралап өтүп, Түркстан ш-нын жанында казактардын 3 миң жоокерине кол салган. 1718–22-ж. Кыргызстандын түндүк тарабындагы бир катар аймактар убактылуу жуңгарлардын кол алдында калган. Элдик санжырада бул аймактардагы кыргыздар калмактардын кысымынан Фергана, Каратегин, Кысар (Гисар) тарапка эки жолу жер которууга мажбур болгон. Ал тууралуу эл ичинде «Казак кайың сааганда, кыргыз Кысарга, Көлөп киргенде» деген ылакап айтылып калган. 1725-, 1727-ж. калмактар Кыргызстандын түндүгүнө жортуул жасашкан. Кыргыздар согушпастан, келишимге жараша 30 адамды ак үйлүүгө бергенге мажбур болушкан. 1729-ж. казактар Ангракай деген жерде чоң салгылашууда калмактарды жеңишкен, бирок анын үзүрүн көрө албай, ичара бийлик талашуудан бөлүнүп- жарылып начарлаган. Калмактар 1732-ж. Кетментө-бөдөгү Мааматкул бий башкарган кыргыздарга ж-а 1736- ж. же 1738-ж. Бадахшан тарапка үч ирет жортуулга чыгышкан. Анын акыркысында кыргыздар калмактардын күчүнө катуу зыян келтиришкен. 1744-ж. кыргыздар м-н калмактардын ортосунда согуш болгондугун тарыхый булактар билдирет, жыйынтыгы белгисиз. 1745–46-ж. калмактар Фергана тарапка чоң жортуул уюштурушуп, жеңилүү м-н кайтышкан. 1748-ж. кыргыздар Кашкар ш-нын тегерегинде калмактардын 10 миң жоокерлеринен 7 миңин мерт кылышкан. 1749-жылдын жай айларында кыргыздар 30 миң калмак колунун 10 миңин жок кылышып, душманды чегинүүгө мажбурлашкан. 1752-ж. Ысыккөлдүн жээгинде калмактарга катуу сокку берип, кыргыздар жеңишке ээ болушкан. Ушундан баштап кыргыздардын калмактар м-н болгон согуштары боштондук мүнөзгө ээ болуп, үстөмдүк кыргыздар тарапка өткөн. Бул согушта кыргыз, казак жоокерлери калмактарга каршы биргелешип аракет кылышып, 1755-ж. чейин душманга алдырган жерлерин толугу м-н кайрып алууга жетишишкен. 1755–58-ж. калмактардын мамл-н Цинь империясы кыйраткан.
ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ – 1635–1758-ж. өкүм сүргөн батыш моңголдордун мамлекети. Моңгол тилинде «жунгар» – «сол кол», ал эми «барунгар» – «оң кол» дегенди түшүн-дүрүп, бул аталыш саясий бирикмени туюнт-кан. Чыңгыз хандын тушунда биригиш-кен батыш моңгол уруулары бул мамл-те анын аскерлеринин сол канатын түзүшкөн. Ж. х-нын аймагы алгач чыгышта Хан-гай тоолорунун батыш кыркаларын, түштүктө Гоби чө-лүн, батышта Моголстанды, түндүк-тө Иртыш, Енисей дарыялары башталган жерлерди камтыган. Кийин Жуңгария аймагы деп аталып калган. Түрк тилдүү калктар батыш моңголдорду «калмактар» (мусулман эместер), кытайлар «элюттар», ал эми өзү-лөрү «ойроттор» деп аташкан. «Токой эли» деген маанини берет. Айрым маалымат-тарда аларды «дербен ойрот», «төрт ойрот» союзу (бирикмеси) деп аташкан, анын курамы ар кандай мезгилде ар кыл болгон. Ойрот союзу В. Бартольддун пикири б-ча 14-к-да түзүлүп, ага чорос, хошоут, торгоут ж-а хойт, Т. Бейшеналиевдин пикири б-ча о. эле элут, бахатутэ, хойт, кыргыз уруулары да кирген. 15- к-да ойроттордун башчысы Эсен тайшынын (1439–55) убагында бүткүл Моңголия анын бийлигинде болгон. Ушул мезгилдерде ойроттордун аскерлери Теңиртоо тарапка жортуулдары уюштуруп, Сырда-рыяга чейин келип турушкан. 16-к-да ойроттордун бийлиги начарлап, мамлекет чорос уруусунун өкүлү Каракулла тайшынын аракети м-н калыбына келген. Ал өлгөндөн кийин, бийлик анын уулу Баатыр хонтайжыга өтүп, 1635-жылдан ойроттордун өлкөсү Ж. х. деп атала баштаган. 17-к-дын башында торгоуттар Россия аймагына көчүп барып, Волга дарыясынын оң жээгине жайгашып, Ак калмактар хандыгын түзүшкөн. Жуңгариянын калкы негизинен көчмөн турмушта жашап, мал чарбачылык м-н кесиптенишкен. Коңшу өлкөлөр м-н саясий- экон. алакада болуп, ушул жагдайдагы маселелерди аскер күчүнө таянып чечүүгө ык коюшкандыктан, жоокерчилик турмуш кечиришкен. Ойроттор лама багытындагы сарылар динин (желтая вера) тутушкан. Хандыкта хонтайжыда чексиз бийлик болуп, ал атадан балага мураска өткөн. Анын алдында кеңешүүчү орган катары зорго түзүлгөн. Зорго – хандын жакын туугандары м-н таасирлүү уруу башчыларынан (тайшалар, зайгандар ж-а нойондор) турган. Ж. х-нын бийлик ээлери: Эрдени Баатыр хонтайжы (1635–53), Сенге хонтайжы (1653–70); Галдан Бошокту хан (1670–97); Цеван Рабдан (1697–27); Галдан Церен (1727–45); Цебен Доржи Намжил (1745–50); Эрдени Лама баатыр хонтайжы (1750–53); Даваци (1753–55); Амурсана (1755–57). 17-к-дын аягы – 18-к-дын 1-жарымында ойроттор Чыгыш Түркстанда (негизги калкы уйгурлар, кыргыздар) Кыргызстандын, Казакстандын ж-а Өзбекстандын кээ бир жерлерин ээлеп алып, калкынан салык (алман) алып турган. 18-к-дын ортосунда түрк тил-дүү калктар: казактар, кыргыздар, каракалпактар, өзбектер, уйгурлар биргелешкен боштондук кыймылдын натыйжасында калмактарды өз жерлеринен сүрүп чыгышкан. Ж. х. 18-к- дын ортосунда ички чыр-чатактан ж-а бийлик талашуудан начарлап, Цин империясына караган.
ЖУПКА – камырдан даярдалган тамактын түрү. Буудай ундан камыр жасалып, жука жайылып, казанга каттап-каттап бышырылат. Ж-ны сүткө бышырып, май кошуп жейт же болбосо шорпого, сууга бышырып сүзмө катыктап пайдаланышат. Аны кургатып, майдалап баштыкка салып алыс жолго чыкканда жол азык катары да ала жүрүшкөн.
ЖУСУП БАЛАСАГУНИ, Й у с у ф Хасс Х а ж и б (болжол м-н 1020–90) – түркий калктардын ойчулу, акын, мамл. ишмер. Чүй өрөөнүндөгү Баласагун ш-нда туулган. 1069–70-ж. он сегиз айдын ичинде өзүнүн даңазалуу «Кутадгу билиг» – «Кут берчү билим (бийлик) дастанын жазган ж-а аны Кашкардагы Чыгыш караханийлер каганы Сулайман Арслан Кара-кагандын уулу Тавгач Буура Кара-каган Абу Хасанга (1056–1103- ж. бийлеген) тартуу кылган. Караханийлик адабий тилде – «Буура хакандык түрк тилинде» жазылган бул чыгармасы үчүн ага ордо иштеринин башчысы – «атайын хажип» даражасы ыйгарылган. Өз доорундагы коомчулуктун билимкөйлөргө болгон кадырлоосун ал дастанынын төмөнкү саптарында чагылдырат:
Дагы бири – билимдүү, куттуу аалымдар болор, Илимдүү калк үчүн алар – жаркытар жол... Алардын билими болду го элине шамдай, Жаркыса шамдар, уланар түнкү жол жанбай»
Теңиртоолук билимкөй калк тек гана ислам динине таандык китептерди окуу м-н чектелбей, так илимдерди да терең өздөштүр-гөндүгү Ж. Б-нин дастанынын жылдызды иликтөөчүлөргө (астрономдор м-н астрологдорго) арналган бабындагы саптарынан айгинеленет:
«Билейин десең, сен оку эсеп илимин,
Ачылар санак капкасы ушундан кийин.
Оку көбөйтүп, бөлүүнү, түгөл бил бөлчөгүн, Түгөлүн түгөлдөгөн, ал – сынактыр, билим чегин... Дагы калса, «ал-жабр ва-л-мукабал» (алгебра) оку, Оклидистин (Евклиддин) капкасын эринбей соккун».
Көөнөргүс философиялык- дидактикалык поэма болгон «Кутадгу билиг» – теңиртоолук түрктөрдүн биздин күнгө чейин жеткен мусулмандык рухтагы эң алгачкы ири жазма көркөм адабий чыгармасы.
ЖУСУП Мамай (1918-ж. т., Кытай Эл Респ., Кызылсуу Кыргыз автономиялуу облусу, Акчий оданы, Меркеч айылы) – кытайлык кыргыздардын манасчысы. Кытай Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Жети жашынан кат сабатын жойгон. Манасчылык өнөрдү агасы Балбайдан үйрөнүп, аны чогултуп, кагазга түшүрүп жүргөн. Балбай 46 жашында Кашкар түрмөсүндө көз жумуп, ага тиеше-лүү кагаздар жок кылынган. Ж. «Манасты» сегиз урпагына чейин бүт айтат. Анын айтуусундагы эпос 500 миң сапты түзөт. Манастын Ж. айткан варианты Кытайда араб тамгасы м-н 1984-жылдан бери басмадан чыгууда. Мындан тышкары «Түштүк», «Мамаке Шопок», «Көбөөн», «Толтой» сыяктуу чакан дастандары да басмадан чыккан.
ЖУУШАҢ – кыркуучу кайчы сымал курал. Курч темирден, узун, ичке, эки жаактуу жасалган. Анын жаагынын ич жак бети жүн кыркууга ылайыкталып, курч миздүү, жүндү аралап киргидей учтуу, сабы колго өтпөгүдөй кылып жумурулантылат. Сабынын бирөө ич жагын карай имерилип, экинчисинин көзөнөгүнө киргизилет. Ж-ды ачылган кайчылаш абалында сабынан оң колго кармап, жүнгө аралата сойлотуп, сол кол м-н Ж-дын уч жактарын ичин карай кысканда жүн кыркыла баштайт. Ж. м-н жүн кырккан адам кыркмачы деп аталган.
ЖУЧУ УЛУСУ – түрк–моңгол урууларынын орто кылымдардагы мамлекети. 1224-ж. Моңгол мамл-н бөлүшкөн учурда Чыңгыз хандын улуу уулу Жучунун энчисине тийген. Иртыш дарыясынан Урал тоолоруна, батышы «моңгол атынын туягы тийген жерге чейинки» жерлер, түштүгү Чагатай улусу м-н чектешкен аймак.Батый хандын Чыгыш Европага жасаган жортуулунан кийин Жучу улусунун аймагы бир кыйла кеңейген. 13-к- дын орто ченинде Ж. у. Моңгол мамл-не көз каранды болбой калган. Калкын негизинен түрк тилдүү элдер түзгөн. Бул улус-тун аймагында кыпчак тилдүү элдердин (башкыр, казак, ногой, каракалпак) этностук калыптануусунун алгачкы этабы жүргөн. Ж.у-н 15-к-да Тимурийлер мамл. талкалаган.
ЖУЧУ ХАН – (туулган жылы белгисиз – 1227-ж. ченде өлгөн) – моңголдордун атактуу аскер башчысы; Чыңгыз хандын тун уулу. 1206-ж. Чыңгыз хан такка олтургандан соң, Ж. х. кыргыздар курамына кирген «токой элдерин» багындырууга аттанган. Моңголдордун аскердик үстөмдүгүн көрө билишкен кыргыздар Еди Инал, Алдияр, Өлөбек тегин деген нойондорун (эл башчылары) Ж. х-га моюн сунгандыктарын билдирүү үчүн элчи катары жөнөтүшкөн. Кыргыздардын бир аймагынын башкаруучу иналы элчиликти жетектеген. Кыргыз бектери наймандардын ж. б. коңшу уруулардын кайгылуу тагдырын көрүшүп, урушсуз баш ийип беришкен. Ж. х. 1218-ж. тумат-кыргыз көтөрүлүшүн ырайымсыз баскан. Кытайды (1211–15), Орто Азияны (1219–21), Дашт- и-Кыпчакты (Кыпчак талааларын) басып алууга катышкан. Басып алган жерлерди бөлүштүрүүдө Иртыштан Уралга чейинки ж-а батыш тараптагы көбүнесе кыпчак тилдүү уруулар байырлаган жерлерди алган. Ж. х. батышка жасамакчы болгон жортуулун баштоого үлгүрбөй өлгөн; айрым маалыматтар б-ча өзүмө каршы чыгат деп шексинген атасы Чыңгыз хан тарабынан өлтүрүлгөн.
ЖҮЗ БАШЫ – түрк аскер курамында жүз аскердин башчысы.
ЖЫГАЧ ООЗ КОМУЗ – улуттук музыкалык (тилдүү үйлөмө) жыгач аспап. Сары жыгачтан, бөрү карагаттын бадалынан, шилбиден, ыргай жыгачтан жасалат. Тандалып алынган жыгачты сызгычтай жукартып, оозунун ортосунан тил чыгарылат. Тилдин түп жагы ичке көзөлүп, ага жип тагылат. Ж. о. к-дун уз. 150–200 мм, ичке башы 9–12 мм келип, учу деп, экинчи жагы жазыраак 18–22 ммди түзүп, түп жагы деп аталат. Тилдин эки жак капталынан орун алган алкак аспаптын жаактары болот. Тили жазы (7–9 мм) ж-а ичке (2–3 мм) бөлүктөн турат. Жазы жагынан оюлган көзөнөккө уз. 260–300 мм келген боо жиби (какма, илме жип) тагылат. Ж.о.к-дун жаагын эриндин арасына коомай коюп, тилине бекитилген жипти кагуу аркылуу үйлөп (же дем тартып) чертет. ЖЫЙЫН – кыргыздардын салттуу коомунда маанилүү маселелерди кеңешип чечүүчү башкаруунун түрү. Ж. уруу аксакалдарынын, бийлердин, кадырлуу баатырлардын демилгелери м-н белгилүү бир мөөнөткө, алдын ала макулдашылган жерге чакырылган. Ж-дын бир нече түрү болгон. Чоң Ж-да бир нече ири уруулардын өкүлдөрү катышып, бийлик, жайыт, жер, согуш, келишүү (жарашуу) ж.б. маселелерди караган. Урук, бир атанын балдары өткөргөн Ж-да күнүм-дүк турмуш-тиричилик, конок алуу, узатуу, айыл ичиндеги чыр-чатак, талаш-тартыш ж.б. маселелерди чечишкен ж-а алардын аткарылышына көзөмөл кылышкан.
ЖЫЙЫРМА СЕГИЗ ПАНФИЛОВЧУЛАР – Улуу Ата Мекендик согушта Москва алдындагы салгылашта артыкча эрдик көрсөткөн панфиловчу жоокерлер. Волокаламск ш-нан түштүк-чыгыш тарапта Дубосеково темир жол разъездинде 316-аткычтар полкунун 2-батальонунун 4-ротасынын аткычтары душманга каршы төрт саат бою салгылашкан. 28 жоокерден турган бул топту кенже саясий жетекчи В. Г. Клочков-Диев (1911–1941) башкарган. Анын уруш алдында айткан, «Россия – кең, бирок чегинүүгө жер жок – артыбызда Москва» – деген сөзү борбор шаарды коргоочулар үчүн ураанга айланган. Жоокерлердин алтоо – Николай Ананьев (1912–1941), Григорий Конкин (1911–1941), Иван Москаленко (1912–1941), Григорий Петренко (1909–1941), Григорий Шемякин (1906–1975) ж-а Дүйшөнкул Шопоков (1913–1941) Кыргызстандан болушкан. Жоокерлер чабуул коюп келе жаткан фашисттик элүүдөй танктын он сегизин талкалап, калганын чегинүүгө аргасыз кылышкан. Ж. с. б-дын 23ү курман болгон. 1975-ж. бул салгылашуунун ордуна «Жыйырма сегиздин эрдигине» деген эстелик ансамбль тургузулган.
ЖЫЛААЖЫН – кооздук үчүн жезден жасалып, күмүш жалатылган өтө кичинекей тоголок коңгуроо. Ж-ды кичинекей балдардын жакаларына, жаш кыздардын шуру, мончокторунун, келиндердин чач учтугунун ар кайсы жерине тагышкан. Кыз минүүчү атка катылган жүгөндүн сагагына бириктиришкен. Кыз-келиндер кийүүчү бийик өкчөлүү өтүктүн такасын атайы көңдөйлөп, ага Ж. орнотушкан. Аны кийип басканда уккулуктуу үн чыккан. Ж. айрым жерлерде зыңгырооч деп аталат.
ЖЫЛ АЖЫРАШ, Н о о р у з – элдик эсеп б-ча жаңы жылдын келиши. Бул мезгил күн м-н түндүн теңелишине тура келет (19–21-март). Муну көпчүлүк убакта Нооруз, Ж. а. деп атап, жалпы майрамдашкан. Ж. а. келип чыгышы б-ча байыркы чыгыш элдеринин дыйканчылыгына түздөн-түз байланыштуу. Бул мезгилде жаратылыш жанданып, алгачкы соко жумуштары башталат. Төмөн-дөгүдөй мүнөздүү белгилерге ээ. Биринчиден Ж. а-ар мезгилге бир нече күн калганда буудайды, арпаны өндүрүп, эртеси жыл ажырайт деген күнү казанга салып, сүт, эт кошуп таң атканча бышырышкан. Даярдалган тамакты көп көжө, чоң көжө, нооруздама деп аташкан. Мындай тамакты айыл ичи чогуу бышырышкан. Тамак даярдалганга чейин ар кандай оюн-зоокторду өткөрүш-көн. Түштүктө өндүрүлгөн буудайга жети түрлүү азык (май, өрүк-мейиз, жаңгак ж.б.) кошуп кайнатып, сүмөлөк деп аталган майрамдык тамак даярдашкан. Экинчиден, бардык жерде от жагышып, анын үстүнөн чоң-кичине дебестен аттап секиришип, малды алардын ортосунан айдап өтүшкөн. Үй ичин, короону, бак-шактарды арча, чекенди, бүчүр күйгүзүшүп аласташкан. Отту тазартуучу элемент катары кабыл алышкан. Үчүнчүдөн, бул күндөрү бардыгы жаңы кийимдерди кийишип, кооздуктарды тагынышкан. Учурда Нооруз майрамы жалпы мусулман өлкөлөрүндө элдик майрам катары майрамдалат.

#20 30 July 2014 - 21:49
ЖЫЛАМЫШ КӨРҮСТӨНҮ б. з. ч. 3-к. – б. з. 5-к-нда усун урууларынан калган мүрзөлөр. Сокулук р- нундагы Жыламыш суусунун батыш тарабындагы тектирде жайгашкан. Ж.к. бир канча мүрзөлөрдөн туруп, көбү а. ч. иштеринин жүрүшүндө талкаланган.
Мүрзө дөбөлөрү таш ж-а топурак үйүндүсүнөн туруп, түндүктөн түштүктү карай тизмектешип жайгашкан. Мүрзө-лөрдүн бийиктиги 0,10–1,15 см, диаметрлери 5–16 м. Маркумдардын сөөктөрү тик бурчтуу казылган чуңкурга, жарма көрлөргө коюлган. Сөөктөр чалкасынан жаткырылып,
башы түндүк-батышка каратылган.
Антропологиялык жагынан баш сөөктөр европеоид ж-а монголоид аралашма расасында болушкан. Карапа идиштер, кездеме калдыгы, темирден жасалган канжар, бычак, сөөктөн жасалган жаа бастырмалары,
алтындан жасалган курдун тогосу ж-а маркумга багышталып союлган малдын сөөктөрү табылган.
ЖЫЛКЫ БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДА. Коло доорунан тартып жылкы кыргыз элинин турмушунда орчундуу орунду ээлеген. Алгач жапайы жылкы тамак, азык катары колдонулган. Б. з. ч. 3-миң ж-дыктан жылкы колго үйрөтүлүп мингич, унаа катары кеңири пайдалана баштайт. Арабага чегилип, унаа катары колдонулушун коло дооруна тиешелүү Саймалыташ, Алайдагы Тергенташ аска бетине тартылган сүрөттөр далилдейт. Коло доорунда жылкынын бою кыска, чыдамдуу, буттары ичке, башы кичине, моюну узун болгон. Б.з-дын башында Дабан мамл-нин жылкылары жогору бааланган. Кытайлар Дабандын борб. Эршинин аттарын алууга куштар болушкан. Ошол себептүү б. з. ч. 104, 99-ж. кытай аскерлери Дабанга кол салган. Аравандагы Дулдулата мазарындагы аска бетине тартылган сымбаттуу жылкы проф. А. Н. Бернштамдын пикиринде Эрши жылкысына кирет. 6-к-дан Евразиянын тоолуу, талаалуу тилкесинде Улуу көч доорунун улантуучуларынын арасында байыркы түрк урууларынын эстеликтери тарай баштайт. Адамдын жылкы м-н көмүлгөн көрүс- төндөрү, маркумга арнап орноткон балбал таштары, байыркы түрк руна жазуулары ж-а аска бетине тартылган атчан жоокерлердин сүрөт-төрү ушул доордун мүнөздүү эстеликтери болуп саналат. Айрым көрүстөндөрдө жоокердин, аял кишинин ж-а баланын жанында ээр токумдуу жылкы сөөгү кездешет. Айрымдарынын жанында жылкы жок. Балким, коомдун айрым мүчөлөрү жылкыны кошо көмүүгө чамасы келбесе керек. Жылкынын кошо көмүлүшү тиги дүйнөдө маркумга кызмат кылуу ишенимине байланыштуу. Байыркы түрк калктарынын чарбалык, согуштук турмушундагы жылкынын жогорку ролу алардын руханий дүйнөсүнө таасирин тийгизген. Жылкы м-н байланышкан ырым-жырымдар Саян-Алтай, Орто Азия калкында кеңири учурайт. Атчан жоокер келбети байыркы түрк калктарынан калган археол., мис., таш бетине тартылган эстеликтерде – Енисейдин Сулек деген жериндеги, Кочкордогу Көксай, Бөйрөкбулактан табылган жоокерлердин көлөмдүү сүрөттөрү көп кездешет. «Манас» эпосунда ж-а бөлөк кенже эпостордо жоокер м-н анын атынын ортосундагы үзгүлтүксүз байланыштар кенен чагылдырылат. С. Орозбаковдун айтуусунда 129 тулпардын аттары аталып, бир канча тулпардын сын-сыпаты жоокердин образы м-н бирдей даражада сүрөттөлөт. 13–14-к-дагы көрүстөндөрдө жылкы көмүлбөсө да, ордуна ат жабдыктар (ээр, үзөңгү, жүгөн, ооздук, басмайылдын тогосу) коюлган. Мүрзөлөрдөгү эстеликтерге маркумдун жылкысынын куйругун илип коюу сакталган. Адам каза болгондо жылкы союу байыркы салттарга тыгыз байланыштуу.
ЖЫЛ СҮРҮҮ – салттуу турмушта мезгилдин агымын, окуянын мөөнөтүн, кишинин жашын ж.б. эсептөө ыкмасы. Кыргыздарда Ж. с. кайталанма мүнөзгө ээ. Кыргыздын элдик Ж. с-сү 12 жаныбардын аты м-н аталган: чычкан, уй, жолборс, коён, балык, жылан, жылкы, кой, мечин, тоок, ит, доңуз. Кишинин жашын аныктаганда кайсы жылы төрөлсө ошондон баштап ирети бузулбай санала берген. Он эки жыл толук айланып, он үчүнчүгө кеткенде мүчөл жыл деп айтылган. Биринчи мүчөлдү 12 эмес, 13 деп эсептелгени адамдын курсакта жатканын кошуп эсептөөгө байланыштуу. Адамдын жашын аныктап билгендерди жыл сүргүчтөр деп аташкан. Алар төрөлгөн жылына карата жашын, жашына карата төрөлгөн жылын аныкташкан.
ЖЭЭК – оң-сол ийрилип же эшилип чыйратылган эки же үч бөлөк жиптен кошоктолуп жасалган жалпак тасмача. Анын жоондугу жээктелүүчү буюмга жараша ар башка (бир же бир нече) түстө болуп, жоон ийрилген жүн жиптерден гана эмес, ичке жибек же кебез жиптерден да жасалат. Ж. шырдак, аяк кап, табак кап, секиче, эшик тыш, үзүк, туурдук, түндүк жабуу сыяктуу кийиз буюмдардын жээгине же оймо тигиштеринин үстүнө бастырылат. Ж. жөрмөп тигилген тигишти жашыруу м-н жасалган буюмга көрк берип, анын чоюлбай ж-а кебинен бузулбай турушун камсыз кылат. Аны м-н эркек көйнөктөрдүн жака-жеңи, белдемчинин чети, салаа, мээлей тигиштери, балдар кийимдеринин кооздолуучу жерлери жээктелет. Айрым жерлерде кийимдердин, буюмдардын көбөөсү Ж. же кыйык деп аталат.
ЖЭЭН АЯК – жээндерге болгон өзгөчө мамиленин бир көрүнүшү. Таекелерине тойго келген жээнге өзүнчө табак жасалып тартылат. Ал Ж. а. кармоо деп аталат. Тартылган эт отургандар м-н кошо желет, жооп иретинде ал той ээсине (таекесине) мал, баалуу буюм тартуулаган.
ЖЭЭНБАЕВ Хасан (1902, Ысыккөл облусу, Ысыккөл р-ну, Бостери айылы –1937-ж. атылып, сөөгү 1992-ж. Чоңташтагы Атабейит көрүстөнүнө коюлган) – мамл. ж-а партиялык ишмер. 1918-жылдан балдар үйүндө тарбияланган. 1919-ж. а. ч. мектебин, 1926-ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик ун-тин бүткөн. 1926–37-ж. сов. ж-а партиялык кызматтарда. 1928–29-ж. Украина КП(б) Кадиевск р-нунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары. 1933–35-ж. Базаркоргон райкомунун катчысы, Кыргыз обкомунун уюштуруу ж-а а. ч. бөлүмүнүн башчысы, 1935-ж. Кыргыз обкомунун 2-катчысы. 1937-ж. июлда Кыргызстан КП(б) БКнын 2-катчылыгына шайланган. 1937-ж. репрессияланып, 1957-ж. толук акталган.

Супер-Инфо
super.kg
видео