Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#1401 24 Июль 2014 - 09:23
Ужассс го,жаман ыстрашныйлар экен
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ.
.
#1402 24 Июль 2014 - 20:33
Жаш чыгаруучу дептер чыгарылды. Аны ачканда адам баласы пияз аарчыгандай эле болот. Бактыга жараша, аны жаратуучулар пияздын жагымсыз жытын дептерге орнотушкан жок. Директордун айтымында, күндөлүк толтуруучулардын басымдуусу такыр эмоциясы жок жазышат. Аа бул болсо, аларды жаш чыгарып турууга түртүүчү каражат болот.

#1403 24 Июль 2014 - 20:34
Америкалык Эндри Льюис эки асман тиреген имараттардын ортосунда жип аркылуу 170 метр басып өттү. Бул көрүнүш 55-кабаттын деңгээлинде жүрүп жатты. Экстремал жарым жолго жеткенде жыгылып кете жаздады. Бирок карманып, кайра жолун улай алды. Жалпысынан 170 метрди басып өтүүгө ага 1 сааттай убакыт талап кылынды.

#1404 24 Июль 2014 - 20:36
#1405 25 Июль 2014 - 01:04
Алдыңкы жаагынан 232 тиш чыкты.
Медицина тарыхына кирчү мындай окуя, Индиянын Мумбай шаарында 17 жаштагы Ашик Гаваинин чыдатпаган тиш оорусунан башталды. Аны ооруканага алып келип, 6 саатка созулган операцияда, анын алдыңкы жаагынан 232 тишти сууруп чыгышты.
Сэр Jamsetji бейтапканасынын дарыгеринин айтымына караганда, баланын оң жак жаагы өтө шишип кеткен. Бардык анализдер алынгандан кийин баланын алдыңкы жаагында майда-майда сансыз тиштер өсүп кеткендиги байкалган. Ушуга чейин болуп көрбөгөндөй өөрчүгөн тиштер, биринин үстүнө бири катарлашып чыга берген. Алдыңкы жаагын толугу менен каптаган майда тиштерди дарыгерлер 6 саат бою алып чыгышкан. Алынган тиштерди санаганда эч ким ишенген эмес. Баардыгы болуп 232 тиш чыгартылган. Операцияны жүргүзгөн дарыгерлер мындай окуя буга чейин медицина тарыхында болуп көрбөгөндүгүн жана Гиннесс рекорддор китебине кайрылууну чечишкендигин билдиришкен.

#1406 25 Июль 2014 - 01:26
Дүйнөдөгү эң провокациялуу модель Мелани Гайдос келбетине карата жагымсыз сөздөрдү укса да, ишмердүүлүгүн улантып келет. 25 жаштагы Мелани Гайдос журнал беттерине чыгып келген моделдерден кескин айырмаланат.
Көпчүлүк адамдар аны көргөндө эмоциясын жашырышпайт.
Бирок ал кыз менен сүйлөшүп көргөндөр анын укмуштуу энергетикасына,
харизмасына жана ички дүйнөсүнүн сулуулугуна баа беришет.
Чет элдик маалыматтарга таянсак, Мелани Гайдос АКШда жашайт жана иштейт. Ал көптөгөн фотосессияларга активдүү катышып келет. Белгиленген сулуулук стандартты четке каккан Мелани белгилүү жана бай болууга жетишип, бир кадам менен өзүнө жана "сулуулук" деген талаштуу түшүнүккө элдин мамилесин өзгөрткөн.
Мелани Гайдос эктодермологиялык дисплазия (гендин бузулушу) менен жабыр тартат. Бул дарт - теринин, чачтын, тырмактын, кээде сөөктүн калыптануусуна залалын тийгизет. Эктодермологиялык дисплазия ар кимге ар түрдүү таасир этет. Анын оор түрүнө чалдыккан Гайдоско элдер жагымсыз сөздөрдү айтышып, корккондор да бар.
Кебетесине карабай Мелани учурда нормалдуу жашоо кечирип, досторду тапкан. Алардын арасында белгилүү фотографтар, режиссёрлор, музыканттар бар.

#1407 26 Июль 2014 - 00:26
Алты жаштагы кыз мышыкка айланууда.
Кытайда сейрек кездешүүчү оорууга чалдыккан 6 жаштагы кыз мышыкка айланууда.
Маалыматка ылайык кыздын денесинин көпчүлүк бөлүгүн бир жыл ичинде түк басып кеткен. Мындан улам "Мышык кыз" атка конгон кичинекей Чжао Хинруи көчөгө чыга албай жашырынып жашап келет. Атасы болсо бир жыл мурун кызынын далысына бир чоң мең пайда болгонун, ошол чоңоюп отуруп, бүт денесин каптап калганын билдирген. Энеси кызынын мындай жүн баскан денесинен чоочулап, таштап кеткен. Азыр кызды атасы ооруканада операция жасатууга каражат топтоп жүргөн убагы. Чжаонун 45 жаштагы атасы азыр кызын карашууга чоң энеси жардамдашып жаткандыгын айтып, жалгыз кызынын мындай азап чегип жатканына чыдабай жаткандыгын билдирген. Белгилүү суммада каражат топтолсо, дарыгерлер кыздын таза жеринен терисин алып, жүндүү жерлерине тигишет. Жергиликтүү ММКна маек курган кичинекей кыз, башка кыздар сыяктуу жеңил кийинип, эч кимден тартынбай жашагысы келгендигин билдирген.

#1408 26 Июль 2014 - 02:21
Дүйнөдөгү эң чоң ат. Боюнун узундугу - 2.17см. Салмагы - 2600кг.
#1409 26 Июль 2014 - 14:08
#1411 27 Июль 2014 - 00:04
Кытайда дүйнөдөгү эң чоң чиркей табылды.
Кытайдын Сычуань провинциясындагы энтомологдор канаты 21,01 сантиметрге чейин жайылган чиркейди аныкташты. Аталган табылга учкан чиркейлердин чоңдугу боюнча коюлган рекорддон ашат. Буга чейин 19,1 сантиметр чегиртке дүйнөдөгү эң чоң чиркей деп саналып келген. Коридалида чиркейи музейге өткөрүлүп берилди. Сырткы көрүнүшү боюнча чегирткеге окшошкону менен коридалида чоң канаттуу чиркейлерге кирет. Алар Кытай, Вьетнам жана Индияда жашашат. Таза суулардын айланасында гана жашаган чиркейлер суу булгана баштаганда жер которушат. Буга чейин Сычуань провинциясында табылган эмес.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 27 Июль 2014 - 00:14
#1413 27 Июль 2014 - 23:08
....
Билдирүүнү түзөткөн: Begim_4: 27 Июль 2014 - 23:08
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#1417 29 Июль 2014 - 19:00
Маска эже бул жак солгундап калды го?Сиз жазбасаз эч ким жазбайт экен.Бул жака.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#1418 29 Июль 2014 - 19:25
Сүйүү тууралуу кызыктар:
БЕЙТААНЫШ ЖАНДЫ КӨЗ МЕНЕН СҮЙСӨҢҮЗ... КӨЗ - ЖАН ДҮЙНӨНҮН КҮЗГҮСҮ ДЕГЕН КЕП ТЕГИН ЖЕРДЕН АЙТЫЛБАЙТ. МЫНДАЙ ДЕГЕНИБИЗ, КӨЧӨДӨ БАРАТКАНДА СУЛУУ БИЙКЕЧТИ ЖЕ МЫРЗАНЫ КӨЗ МЕНЕН СҮЙӨ БИЛГЕН АДАМДЫН ОРГАНИЗМИНДЕ КОКАИН ӨҢДҮҮ ФЕНИЛЭТИЛАМИН ЗАТЫ ИШТЕЛИП ЧЫГААРЫН ОКУМУШТУУЛАР АНЫКТАШКАН. АНДЫКТАН СЕКСУАЛДУУЛУК КААЛОО, ТЕК ГАНА ЖУБАЙГА ЭМЕС, БӨТӨН БИРӨӨГӨ КӨЗ-КАРАШ АРКЫЛУУ ДА ИШКЕ АШААРЫН БИЛГЕНИҢИЗ ОҢ.

#1419 29 Июль 2014 - 19:38
Сезимди кол жазмага карап бил.
КОЛ ЖАЗМАНЫН ТИГИЛ ЖЕ БУЛ ЖАККА ЭҢКЕЙИП ТУРУШУ - ЖАЗГАН АДАМДЫ СЕЗИМДЕРИ ЖЕ АКЫЛ-ЭСИ БАШКАРААРЫН БИЛДИРЕТ. ИШЕНБЕЙТ ЧЫГААРСЫЗ, БИРОК КЫЙШАЙТЫП ЖАЗУУ МЕНЕН СЕЗИМДЕР ЧЫНДАП ЭЛЕ ТЫГЫЗ БИРИ-БИРИ МЕНЕН БАЙЛАНЫШТА. АЛ БОЮНЧА АДАМДЫН ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮСҮН БИЛДИРЕ АЛАБЫ ЖЕ ЖОКПУ БИЛСЕ БОЛОТ.
Эгер кол жазма оңго кыйшайса, ал жазма ээси өзүнүм сезимдерине баш ийет жана өтө эле боорукер келет. Эгерде аябай эле кыйшайса, демек, ал адам өтө эмоционалдуу. Мындай адамдар ойлонбостон сүйүү антын берип да жибериши мүмкүн, алардын жашоосунда кумар маанилүү орунда турат. Ага кошумча, алардын ачуусу да бат келет.
Тик кол - жазма оор салмактуу, ойлонуп анан сүйлөгөн, токтоо, өжөр адамды мүнөздөйт. Алар жүрөгүн эмес, акылын угушат. Сүйүү маселесинде да бардык "оң" жана "терс" жактарды таразалап, сезимдерин жана логикасын салыштырган соң, акыры логикага баш ийишет. Сүйүү мамилесин түзөөрдөн мурда шашпастан аябай ойлонот. Алар конфликт болуп жаткан жерде эч эмоциясын билдирбей чет жакта турат.
Солго эңкейтип жазган адам өзүнүн сезимине каршылык көрсөтө алган, ойлонбостон эч нерсе кылбаган, өзүн ойлогон, таш боор, бирөөгө баш ийбеген мүнөздөмө туура келет.
Дагы бир түрү - кол жазманын бир оңго бир солго кыйшайып, өзгөрүп турушу. Бул эмоционалдык туруксуздукту айгинелейт. Мындай кол жазманын ээси тарбиясыз, ишеничтен чыккан, туруксуз, дайыма шектене берген, бат жинденген адам. Кээ бир учурларда кол жазманын бир оңго, бир солго кыйшаюусу убактылуу эмоционалдык бузулуу болушу да мүмкүн.
Эгер адам дайыма ушундай таризде жазса, демек кайсы тармакта болбосун, чечим кабыл алуусу өтө кыйынга турат. Сүйүү жаатында да чыныгы сүйүүбү же убактылуу сезимдер экенин түшүнбөй, чечим кабыл алууну созуп жүрө берет.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 29 Июль 2014 - 19:40