айран менен жуусам эле 1 кундон кийин чачым майданышып жатып калат
Тери,чач,тырмак ж.б. кам коруу
#102 27 Июль 2014 - 18:37
Чач тууралуу
Эркектердин 66%, айымдардын 38% чачтары көп түшкөндөн жапа чегишет.
Чач күндүз бат өсөт, ал эми кышка караганда күзүндө бат өсөт. Орто эсеп менен бир айда 1 1,5 сантиметрге өсөт.
Бир күндө 60 - 100 тал чач адамдын акылдуу башынан ажырайт. Бул көрүнүш
норма болуп саналат.
Негизинен чач белгиленген убакытта түшөт. Мисалы, 10 жаштан 15 жашка чейин
жыныстык жактан жетилүү маалында, 18 - 22 жаштар аралыгында төрөттөн
кийин, жашаган жеринин абасы жакпаганда, дененин температурасы 39 градустан
ашканда.
Адамдын денесинин 95% чач менен капталган.
Ымыркайдын чачы энесинин жатынында жатканда эле 4-5 айлык кезинде өсө
баштайт.
Айымдардын 84 % чачтарачка барып маанайын көтөрүшөт.
Өсүү стадиясында 90% чач катышса, түшүү стадиясында 10 % чач катышат.

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 27 Июль 2014 - 18:38
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#103 28 Июль 2014 - 10:31
Тырмактын ден соолукка зыяны
Таза, тыкан алынган тырмак алда канча көзгө жакшы көрүнөт. Медиктердин далилдөөсүндө эң кир микробдорду алып жүргөн адамдын денесиндеги бөлүк- анын тырмагы. Тырмак тери, көз, чач сыяктуу эле абага зар. Тырмакты лак менен боёгондо жөнөкөй сөз менен айтканда тырмак "тумчугуп, дем албай" калат. Лак менен капталган тырмак күйүп, саргарып көрүнүшү начарлап, адамдын иммунитетинин алсызданышына да өбөлгө түзөт. Айрым айымдар "мен тырмагымды өстүрсөм да дайыма тазалап жүрөм" деген жаңылыш ойго жетеленишет. А чынында тырмактын өзү канча микроб экенине маани беришпейт. Тырмак өзү микроб болуп жатса анын асты кантип таза болсун?

#104 28 Июль 2014 - 10:32
Тырмак оору микоза деп аталат
Буттун, колдун тырмак оорусу илимий тилде - микоза деп аталат. Бул оору менен жер шарындагы адамдардын төрттөн бир бөлүгү жапа чегип келет. Тырмактын астына кирген инфекция өөрчүп отуруп бүт денени каптап, адамдын жашоосун алда канча татаалдатышы мүмкүн. Аталган дарттын алдын алууга төмөнкү ыкмалар жардам берет:
- Бирөөнүн бут кийимин эч убакта кийбеңиз. Өзгөчө жылаңач бутка дүкөндөрдөн бут кийимдерди өлчөп көрбөңүз. Анткени сиз бутуңузга кийип көрүп жаткан туфлини же өтүктү бир күндө бир нече адам кийиши мүмкүн.
- Бассейндерде, спорт залдарда жылаңач баспаңыз. Жада калса душка түшөөрдө да атайын резинка бут кийим кийип алганыңыз оң.
- Колуңузду боёордо, тырмактын түбүндөгү эттерди кесээрде бөлөк адамдардын куралдары менен колдонбоңуз.

#105 28 Июль 2014 - 10:33
Тырмак оорунун белгилери:
- Тырмактын сырткы өңү өзгөрөт, башында өтө агарып же саргарып, айрым учурда кара-күрөң тартып кетиши да ыктымал.
- Тырмактын түбү жооноюп, учунан баштап түлөп кирет.
Эгерде жогорудагы белгилер сизде байкалса анда:
- Уксус кислотасы менен бут кийимдин ичин чүпөрөк менен сүртүп, кургатыңыз.
- Маникюр жасаган шаймандардын баарын медициналык спиртке жарым саатан кем эмес чылап чыгыңыз.
Тырмакка байланышкан ырымдар
- Жума же жекшемби күнү тырмак алсаң келе жаткан жума түйшүктүү, оор болот.
Англияда бир жашка чыга элек ымыркайдын тырмагын кайчы менен эмес, энеси тиши менен кырчып алат. Себеби, тырмакты кайчы менен алса бала чоңойгондо ууру болуп өсөт деген ырымга катуу ишенишет.
Британияда кыркылган тырмак менен чачты кошуп жердин түбүнө көмүшөт. Анткени, алардын түшүнүгүндө тырмакты жин-шайтандар алып кетип, тырмактын ээсине чоң зыян алып келет.
Соломон аралында Угу уруусунда кыркылган тырмакты алачыктын кире беришине босогого көмүп коюшат. Себеби, босогого көмүлгөн тырмак үйдөн ынтымакты ыдыратпай, эшиктен жаман нерселерди киргизбей, үйдөгү "аба ырайды" бир калыпта кармап турат.
Орус элдеринин кээ бир кыштактарында кары-картаңдар кыркылган тырмактарды өлөөр-өлгөнчө чөнтөгүнө салып жүрүшөт. Эмнеге дейсизби? Кийин алар тиги дүйнөгө барганда тоого чыгабыз деп эсептешет, ал эми тырмак тырмышып чыкканга чоң жардам берет.

#106 28 Июль 2014 - 10:34
Пайдалуу кеңештер Лимон тырмакка кам көрүүгө жардам берет
Лимондун ширеси колдун кургап, жарылышын алдын алат. Кандай жумуш кылбаңыз, лимонду тең жарымынан кесип алып колуңузду сүртсөңүз жакшы жыйынтык берет. Картошка аарчып кол карарганда да лимондун ширеси карарган такты бат кетирет. Андан сырткары тырмактын түбүндөгү никотинди кетирүүгө лимондун маңызы жардам берет. Ал үчүн бир күндө үч-төрт маал лимонду ширеси менен сүртүп туруңуз. Эгерде тырмагыңыз сынып жатса анда сизге С витамини менен кальций жетишпейт. Кальцийди көбөйтүп, тырмактын сынышын токтотуш үчүн лимондун маңызы менен тырмакты сүртүп, томаттын, сабиздин ширесин ичип туруңуз. Эң негизгиси лимондун маңызы тырмактын көрүнүшүн жакшыртат, Эстен чыгарбоочу эң негизги эреже-лимондун маңызын ашыкча колдонсоңуз тырмак жарылып кетиши мүмкүн.

#107 01 Август 2014 - 01:06
Менин чачым тегеле өспөй койду го,
кичине гүлдөсө эле кырка берип. Дайыма бир калыптамын.
Менен кичинелердики уу уже азыр узуун болууп өрүп алып жүрүшөт адамдын көзүн күйгүзүп. Чач тезиреек өсүш үчүн кандай ыкмаларды билесиздер кыздар айта кеткилечи?

Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине,
у меня есть собственное мнение.
#108 01 Август 2014 - 11:29
Чачыңды өстүргүң келсе турмушка чык, күүүндө жууна берип чачың өсөт. Хе-хе тамаша.
Бирок,мен ошондой болгом мурда деле через день жууйт элем бирок өспөйт эле, кийин өзүнчө эле өсүп кетти.

#109 01 Август 2014 - 11:54
Жогоруда жакшы кенештер экен. Мен да билгенимди жаза кетейин.
Эгерде такай лак кобп журсонуздор ортодо тырнакты эс алдыруу керек. Кантип? Эки кун лак менен журсон эки кун очуруп эч нерсе койбой эс алдыр.Такай лак коюп журуу зыян, айрыкча ласьон для снятия лака зыян. Илгери бир жака бараарда жасалма тырмактанле жармаштырып алчумун. Азыр антпейм калганмын. Тырмакты омурумдо остуруп корбоптурмун.
Жаш баланын тырмагын алып , жерге комушот го. Чон адамдар деле тырмакты алып отко таштабаг керек де шыпырынлыга кошпош керек. Тебелендиде да калбаш керек. Адам башпаган жерге ташташ керек.
Чачты бат бат краскалаган жана бат бат утуктогон ото зыян. Чач сапатын жоготот. Краска миниумум уч айда бир. Утукту болсо кунуго колдонуу зыян. Менде уч шампунь журот. Бир кургап кеткенде бири майланыгканда бири норм убагында жууйм. Бир кондиционер колдоном. Баары уч айга 6 айга чейин кенири жетет. Краскага келсем Гарниер колдоном дайыма.уч жылдан бери.

#110 01 Август 2014 - 15:02
Мен тырмак остургонго жокмун чачым кудайга шугур красканын такыр кереги жок капкара чачым бар шампун ылгабайт экен.чачты жуугуча жакшылап тарап алуу керек чачты суу бойунча тарабаш керек
#111 01 Август 2014 - 17:59
Чачымды бир да краска м.н боегон эмесмин, табигый нерселерди баалагандыктан хна м.н анда санда боейм, а тырмакка кээде кызыгып лак коюп алчумун. Краска, лактардын айынан алынган даарат отпойт экен, эске туйуп алдым.) адамдын организми керектуу витаминдер м.н азыктанса, чач м.н тырмакта маселе жаралбайт. Андыктан биринчи кезекте туура тамактануу керек.
#112 08 Август 2014 - 16:05
Кеңештер үчүн рахмат
:guldeste2:

Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)

#113 21 Август 2014 - 14:02
Чач – бул баардык аялдардын чыныгы көркү. Ошондуктан ал алсыз болуп, көркүн жоготуп койгондо, аны дароо калыбына келтирүү зарыл.
Чачтын түшүшүн кантип токтотуш керек?
Чачтын көп өлчөмдө түшүшү өтө деле коркунучтуу маселе эмес. Бирок, сөзсүз аялзатын тынчсыздандырбай койбойт. Эмне кылыш керек ? Эгер сиз чачым жыдып калат деп коркуп жатсаңыз, чачтын түшүшүн кантип токтотуш керек?
Биринчиден, чачтын көп өлчөмдө түшүшү - бул адамдын организминде кандайдыр бир бузулуу болгонунан кабар берет.
Чачтын түшүшүнүн себептери:
• Эгер чач түшө баштаса, демек организмде темир жетишпейт. Мындай көрүнүштөр көпчүлүк учурда туура эмес диетадан жана диеталык кошулмалар бар зыяндуу заттардын айынан келип чыгат.
• Көп нервденгенде, нерв системасы бузулат. Ошондуктан дайыма нервденип жүргөндөр чачы жок калышы мүмкүн. Мындай адамдардын чачынын түшүшү өнөкөткө айланып калат.
• Адамдын ар кандай оорулар менен оорушу да чачка таасирин берип түшө баштайт. Мисалы, тери оорусу, жыныстык жактан жугуштуу оорулар чачтын жыдып калышына алып келет.
• Оорулардан башка ар түрдүү дарыларды колдонуу да себеп боло алат. Мисалы, кан басымга каршы, бойго бүтүүдөн сактануу жана башка оорулардын дарылары.
• Чачты бат-бат боёсо, түзөө, кайруу, тармалдатуу, чач кургаткычты дайыма колдонуу – мунун баары чачтын көп өлчөмдө түшүп, жукарып, алсырап жоголушуна алып келет.
• Алкоголь жана кафеинди көп колдонуу да чоң таасирин берет.
Элдик ыкмалар менен чачтын түшүшүн токтотуу
Аялзатынын чачы түшө баштаганда эле, дароо кымбат баалуу косметикалык каражаттарды колдоно башташат же дароо эле косметологго жардамга чуркашат. Бир чети кээ бир аялдар бул маселени оңой эле үй шартында чечип коюшат. Жыйынтыгында акчасын да үнөмдөп, чачын да сактап калат. Анткени, алар элдик ыкмаларды туура, так колдонгонду жакшы билишет.
Үй шартында чачка кам көрүү көп деле кыйынчылык туудурбайт. Болгону дарыканага барып керектүү каражаттарды сатып алышыңыз керек. Ошондуктан жалкоолонбой убагында чачыңызга кам көрүңүз.
Касторово майы
Чач түшкөндө касторово майы жардамын жакшы берет. Бул масканы чачка ыңгайлуу колдонуу үчүн аны суунун буусуна жылытып алыш керек. Майды өтө ысытып албаңыз же болбосо баардык керектүү заттарын жоготуп алат.
Жылуу майды чачыңыздын тамырына чейин сүйкөп чыгыңыз. Маска колдонгондо дайыма түптөрүн да дарылаганды унутпаш керек. Аны сүйкөгөндөн кийин чачта бир саатка чейин кармап туруш керек. Эгер эки саатка чейин кармасаңыз андан да жакшы болот. Керек болсо аны түнү бою коюп, эртең менен жууп койсо да болот.
Лопухтан жасалган маска чачтын түшүүсүн токтотот
Лопух чөбү чачты жакшы дарылай алат. Ал чачтын түшүүсүн аз убакытта токтото алат. Чачты бул чөптүн кайнатмасы менен бат-бат жууп туруу пайдалуу. Мындай кайнатмага 50 граммга 10 грамм коньяк жана пияз ширесин кошуп койсо болот. Даяр болгон аралашманы чачка сүйкөп, жылуу сүлгү менен кымтылап, эки саатка коюп коюш керек.
Чачка коюлган маскалар арзан, жеткиликтүү жана оңой жасалат. Эң негизгиси чачты кулпунайдай кылып көркүнө чыгарат. Өзү аялдын сулуулугун ачкан ушул чач экенин да унутпаш керек. Адамдын көркүн чындап эле чач анан тиш ачып тургандыктан, ага кам көрүү канчалык зарыл экенин өзүңүздөр да жакшы түшүнүп жатсаңыздар керек.
Чачты чыңдоо үчүн каражаттар
Биздин заманда соода тармактарынан чачка кам көрүү үчүн баардык керектүү каражаттарды тапса болот. Бирок, аларды тандап жатканда курамындагы табигый заттарга көңүл буруңуздар. Алардын курамында канчалык өсүмдүк майлары көп болсо ошончолук таасирдүү. Эгерде каражаттарды дайыма туура тандап туура колдонсоңуз, чачыңыз ошончолук кулпунайдай кулпунуп көркүнө чыгат.
Майдын жардамы менен чачты чыңдоо
Чачтын чың болуп, көркүн жоготпошу үчүн репей майы таасирдүү. Ал кымбат дагы эмес, ошондуктан, бат-бат колдонуп туруңуз. Аны колдонгондо бир аз майды чачыңыздын бардыгына сүйкөп, үстүнөн душтун салафан баш кийимин кийип алыңыз (эгер андай жок болсо, сүлгү менен кымтып алыңыз). 30-40 мүнөттөн кийин жакшылап жылуу суу менен жууңуз, таза чайкаңыз. Мындай жөнөкөй жана оңой ыкма чачыңызды көп убакытка чейин сулуу жана калың боюнча кармап турат.
Чачтын чың болушуна эмне тоскоол болот?
Азыркы заманбап жашоодо чачын боёбогон кызды кезиктирүү мүмкүн болбосо дагы, боёк бул – жакшы жол эмес. Анткени, табигый чачка бир дагы боёлгон чач жетпейт. Эгер чачка башынан туура кам көрүп жүрсө, анда сулуулугун дайыма сактап калмак. Кам көрүүдө аз убакыт сарпталат. Ал эми ар түрдүү кылып боёп алган чач көрктүү дечи, бирок ага кам көрүү канчалаган убакытты талап кылат. А бардык эле аялзаты убакытын жалаң гана чачына бөлө албайт. Заманбап боёктор чачтын структурасын бузат, түшүшүнө алып келет, гүлдөтөт, жүн сыяктуу чыныгы өңүн бузуп салат.

#114 21 Август 2014 - 18:03
Чачка кам көрүү үчүн каражаттар
“Чач – аялзатынын сулуулугу” деп бекеринен айтылбайт. Андыктан бул сулуулуктун белгисине кам көрүшүбүз керек. Кыйын эмес, күнүмдүк тамак-аш азыктары менен эле чачыңызды да азыктандырып турсаңыз болот.
Чач үчүн каражаттар билгичтик менен даярдалып колдонулушу керек. Таасир этүү убактысы 15 мүнөттөн аз болбойт. Каражатты сүйкөгөндөн кийин полиэтилен шапкасын кийип, жылуу сүлгүнү ороп алган жакшы. Бул жылуулукту сактап, пайдалуу заттардын таасирин күчтөндүрөт. Каражатты чачка тегиз сүйкөө үчүн щетка жардамга келет.
Аябай жабыркаган чачтар үчүн:
3 аш кашык каймак, 1 чай кашык май, 1 чай кашык лимондун суусун аралаштырып, чачыңызга сүйкөңүз. 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жакшылап жууп салыңыз.
Өңү өчкөн чачтар үчүн:
200 гр тимьяндын кайнатмасына 1-2 жумуртканын сарысын кошуп, чачыңызга сүйкөңүз. 20 мүнөттөн кийин жууйсуз.
Чарчаңкы чачтар үчүн:
1 авокадону майдалап, ботко абалына келтирип, ага 2 аш кашык зайтун майын аралаштырып, чачыңызга сүйкөйсүз. Бир канча убакыттан кийин жакшылап жууп коюңуз.
Абдан кургак чачтар үчүн:
1-2 жумуртканын сарысына 1 аш кашык зайтун майын (оливковое масло) кошуп, чачыңызга сүйкөйсүз. Чачтын түбүнө көбүрөөк басым жасаңыз. Таасир бериши үчүн жарым саат күтө туруңуз.
Майлуу чачтар үчүн:
1 жумуртка менен 1 / 2 стакан чалкандын тундурмасын аралаштырып, чачыңызга сүйкөйсүз да башыңызды баштык менен, анын үстүнөн жылуу сүлгү менен ороп, бир саат жүрөсүз. Анан суу самын (шампунь) менен жакшылап жууп саласыз.
Морт чачтар үчүн:
200 гр пивого 1-2 жумуртканын сарысын кошуп, чачыңызга сүйкөйсүз. Чачыңыз узун болсо каражаттардын өлчөмүн көбөйтүңүз.
Бардык чачтар үчүн:
Кефирди чачка жана баштын терисине сүйкөп койсо болот. Ал майдын бөлүнүп чыгышын жөнгө салып, кургак чачтар үчүн да, майлуу чачтар үчүн да пайдалуу болот. Андан сырткары азыктандыруучу заттарга бай.
Чачты күчтөндүрүү үчүн:
20 мл бадамдын майы, 20 мл ромашканын тундурмасы жана 1 аш кашык балдын аралашмасын сүйкөйсүз. Бир аз сүт же жумуртканын сарысын кошуп койсо да болот. Жылуу суу менен жууп саласыз.
Чачты жаркыратуу үчүн:
1 байлам майдаланган петрушка, 1 чай кашык арак жана 2-3 чай кашык зайтун майынын аралашмасын чачтын түбүнө сүйкөп полиэтилен шапкасын кийип, үстүнөн жылуу сүлгүнү ороп аласыз. Бир сааттан кийин суу самын менен жууп, анан 1 литр сууга 1 аш кашык уксус кошулган аралашма менен жууйсуз

#115 19 Сентябрь 2014 - 11:55
Чачка маскалар
Алма. Бир алманы кыргычтан өткөрүп ширесин марля менен сыгып аласыз. Ага 1 чай кашык балды, 1 чай кашык оливка майын, 1 жумуртканын сарысын кошуп жакшылап аралаштырып, чачка сиңире сыйпоо керек. Анан башка целлофан кийип, сүлгүнү орогон абалда 40 мүнөт кармаган соң жууп салсаңыз, чачыңыз жалтырап жакшы көрүнүп калат. Муну менен бирге анын түшүүсү токтойт жана В, С, А витаминдери менен азыктанат.
Чычырканак майы. 1 аш кашык чычырканак майы менен 1 жумуртканын сарысын, 1 чай кашык балды аралаштырып чачыңызга сүйкөйсүз. Анан полиэтилен баштыгын кийип жарым саат жүрүп башты жууп коюу керек. Жумасына мындайдан бир жолудан жасап турсаңыз, чачыңыз тез эле коюу тартат, түшпөй калат жана жандана түшөт.
Дарбыз. Дарбыздан жасалган масканы чачты кургактыктан, какачтан арылтуу үчүн колдонсо болот. Ал үчүн 3 аш кашык дарбыздын ширесине 1 стакан йогуртту, 3 аш кашык оливка майын жана 3 аш кашык лимон ширесин кошуп жакшылап чалуу зарыл. Андан соң жуулуп-чайкалган чачка сыйпап, 10-15 мүнөттөн кийин жөн гана жылуу суу менен чайкап саласыз.
Ашкабак. Чоң эмес бир кесим ашкабактын маңызын блендерде майдалайсыз. Пайда болгон ширеге 2-3 чай кашык өзүңүзгө жаккан косметикалык майдан (оливка, бадам, шабдаалы) аралаштырып чачка сүйкөйсүз. Целлофан, үстүнөн сүлгү оролгон абалда 40 мүнөт кармап жууп салса, чач жумшак сапатка ээ болот жана түшпөй калат.
Сабиз. Сабиздин курамы витаминдерге жана микроэлементтерге бай болгондуктан, андан жасалган масканы чачтын сапатын жакшыртуу, өзүн түшүрбөө жана жандуу көрсөтүү үчүн колдонууга болот. Бул үчүн алгач 1 аш кашык сабиз ширесине ушунча көлөмдөгү лимон ширесин, 1 аш кашык коньяк, 1 жумуртканын сарысын жана 1 аш кашык өсүмдүк майын кошуп чачтын түптөрүнө, анан сабактарына сиңире сыйпоо кажет. Мындан 10-20 мүнөт өткөн соң жылуу сууга жууп саласыз.
Банан. Банан менен коондун маңыздарын теңме-тең кылып аралаштырасыз. Анан ага 1 чай кашык каймакмай менен суюк Е витамининин бир капсуласын кошосуз да чачыңызга сүртөсүз. 40 мүнөт кармап отурган

#116 31 Октябрь 2014 - 12:17
Күндүн ысыгы баштын кан тамырын ичкертип, чачтын түшүшүн тездетет
- Учурда чачым түшүп жатат. Кантип чачтын түшкөнүн токтотуп калам деп кабатырлангандар бизге байма-бай кайрылышат. Мурун бала талпынганда энесинин чачы түшөт деп коюшчу. Азыр болсо аба ырайдын начардыгынан, радиациянын күчтүүлүгүнөн кары-жаш дебей баарынын чачтары түшүп, көпчүлүктү бушайман кылып жаткан учур. Анда эмесе чач эмне үчүн түшөт деген суроого жооп издеп көрөлү.
Биринчиден, чач түшүү да урук кубат. Эгер ата-энесинин чачы көп түшсө, уул-кызынын да чачы түшөт.
Экинчиден, чач аба ырайынын алмашышынан түшөт.
Үчүнчүдөн, чач стресстен түшөт. Анткени, бүгүнкү күндө ар бир адам нервтенет. Нервтенүү дагы чачтын түшүшүн тездетет. Ал түгүл таздай болуп, тегерек болуп түшөт.
Төртүнчүдөн, чач организмде витаминдин жетишсиздигинен түшөт. Анткени, чачка да витамин керек. Кышында витаминдүү тамактарды аз жегендиктен организм жабыркап, жазында көпчүлүк адамдардын чачы түшө баштайт.
Бешинчиден, чачка шампунду да туура тандаш керек. Эгер химикаты көп шампундарды колдонсоң, чачтын түшүшүнө чоң себеп болот. Ошондуктан жакшы фирмалардын түрлүү майлар, чөптөр кошулуп жасалган, шампундарды колдонуу зарыл экенин эсибизге түйүп коюшубуз керек. Антпесе көп шампундарда соода, чачка терс таасирин берчү химикаттык заттар көп кошулуп, чачты кургатып, морт кылып, сындырып, түшүрүп, ал түгүл чачка какач да пайда кылып салат. Ошондой эле чачты күндүн ысыгынан да, жаандан да, кардан да сакташ керек. Анткени, күндүн ысыгы баштын кан тамырын ичкертип жиберет. Кан тамыр ичкергенде кандын жүгүрүшү начарлап, чач түшө баштайт.
Чачты жумасына бир жолу жууш керек
- Колдон келсе чачты жумасына бир эле жолу жууш керек. Анткени, кээ бирөөлөр күнүгө баш жууганды адат кылып алышып, башым шампунь жыттанып турбаса, маанайым чөгөт, өзүмдү жаман сезем деп калышат. Ал туура эмес. Себеби, шампунь түгүл биз баш жууган сууда дагы хлор бар. Ал да чачка терс таасирин берет. Биз бала чакта жаандын суусуна, же карды эритип баш жуучу элек. Чачыбыз үлпүлдөп, шуудурап калчу. Ал кездеги кар апапак суу болуп чыкчу. Азыр карды эритсең андагыдай аппак суу болбойт. Кокус жаанда калсаң, чачың оорлошуп, кирдеп калганын туясың. Керек болсо жааган жаандын таза эместигинен роза гүлдөрдүн жалбырагы тешилип калганын көрөсүң. Ошондуктан чачты жаандан, ал түгүл кышкы кардан да сакташ керек. Колдон келсе, шляпа кийип жүрүш керек.
Фен чачты өтө кургатып, түшүшүнө да себеп болот.
Чач түшкөндү токтотуучу маскалар
Ц Чеснокту эт туурагычтан өткөрүп, чачтын түбүнө шыбаса, кандардын жүгүрүшүнө жакшы жардам берет. Эгер чачыңыздын түшкөнү токтобосо, анда ушул ыкманы колдонгонуңуз оң.
Ц Пияздын кабыгын сууга чылап, кайнатып, суусу менен чачты жууса, чачтын түшкөнүн токтотот.
Ц Ачуу калемпирди дагы эт туурагычтан өткөрүп, маңызын чачтын түбүнө шыбап, 20 мүнөттөн кийин жууса, бул ыкма дагы чачтын түбүн бекитет.
Ц Ак капустанын 6-7 жалбырагын алып, туурабай бүтүн бойдон кайнак сууга салып, жумшап калган учурда башка кабат-кабат кылып кийгизип, тышынан цолофан менен ороп, 5-6 саат же таң атканча башка койсо, чачтын түшкөнүн токтотуп, өсүшүн тездетет.
Ц Жумуртканын сарысын, бир аш кашык коньякты "косторовой" майга аралаштырып, башка сүйкөп, тышынан целлофан кийгизип, таң атканча жатса, чачка жакшы таасир берет. Бул ыкманы баняга барганда колдонсо, ысыктын күчү менен башка жакшы таасир берет. "Косторовый" майдын өзүн дагы башка сүйкөсө, какачтан арылтып, чачты бекемдейт.
Ц Чачка организмге кандай витамин зарыл болсо, ошонун баары керек. Маселен, В витамини, оскарбинка, калций, калий, микроэлементтердин түрү талап кылат.

#117 31 Октябрь 2014 - 12:18
Сабизден жасалган маска, карып бараткан бетке жакшы. Аны сүргүчкө үбөлөп алгандан кийин - бетке жарым саатча коюп, андан кийин ыкчам сууда жууйт. Артынан муздак суу менен чайкап, ылайыктуу бет майдан сүртүп коет.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#118 31 Октябрь 2014 - 12:22
Өңү өчүп бараткан орто жаштагы кургак бетке төмөнкүдөй балмаскалары жардам берет:
- 1 кашык балды бир жумуртканын сарысына аралаштырып, абдансүрткүлөйт да улам кургаган сайын үстүнө жаңы коюп олтуруп, бир нече катмарсыйпайт, катып баратканда сыйрып таштайт;
- бир аш кашык балды отко эритет да, 1 жумуртканын сарысынакошуп чайып, ага 1 чай кашык камыр ачыткы, 1 аш кашык сүт кошуп аралаштырыпкоет.
- 1 кашык балды бир жумуртканын сарысына аралаштырып, абдансүрткүлөйт да улам кургаган сайын үстүнө жаңы коюп олтуруп, бир нече катмарсыйпайт, катып баратканда сыйрып таштайт;
- бир аш кашык балды отко эритет да, 1 жумуртканын сарысынакошуп чайып, ага 1 чай кашык камыр ачыткы, 1 аш кашык сүт кошуп аралаштырыпкоет.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#119 05 Ноябрь 2014 - 11:35
Эгер чачыңызга эрте эле ак түшө баштаса, чалканды пайдалансаңыз болот. Анүчүн 50 г чалканга (жалбырагы, тамыры) 0,5 литр суу жана ушул эле көлөмдө уксус кошуп, 30 мүнөттөй кайнатуу керек. Алынган кайнатманы бир нече жума бою күнүгө чач түбүнө сүртүү пайдалуу. Ошол эле маалда 1 аш кашык чалканды 400 мл сууга кайнатып, эртең менен, кечинде тамак алдында 1 аш кашыктан ичүү керек.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#120 05 Ноябрь 2014 - 11:36
Чачыңыз түшүп тынчыңыз-ды алса, күнүгө кечкисин 5 мүнөт башыңызга массаж жасаңыз. Бул үчүн, манжаларыңызды олив майы менен лимон ширесинин аралашмасына малып алууңуз керек. Ал эми эртең менен чачыңызды тароодо катуу таракты пайдаланууңуз кажет/