Кайнененин каарынан кантип кутулуу керек? Менин кайненемдин мүнөзү бир күн соо, эки күн оору.
#21 03 Июль 2014 - 13:03
#22 03 Июль 2014 - 14:29
#23 03 Июль 2014 - 18:46
asiia03 (02 Июль 2014 - 01:33) жазган:
Туура Айтасын 100% кошулам.Жолдошун жакшы мамиле кылса болду да.Чыдамкай болуу керек,Биз дагы кайнене болобуз.
#24 10 Июль 2014 - 18:10
2. "Кайнене - душман" деген "макалды" унутуңуз. Бул калп. Күйөөңүздү төрөп, аны тарбиялап жана чоңойткону үчүн сыйлаңыз жана ар дайым жылмайып туруңуз. Эч качан урушпаңыз жана тартышпаңыз.
3. Эгерде күйөөңүздүн үй-бүлөсү менен бирге турган болсоңуз, сый болууну эстен чыгарбаңыз. Алгачкы убакыттарда "көрүнбөгөндөй" болуп жүрсөңүз, сиз жеңишке жетесиз. Сиздин ал шартка көнүшүңүз кандай кыйын болсо, аларга деле сизди бат кабыл алуу жеңил эмес. Ошондуктан, байкалбай жүрүү аракетиңиз сизге чоң түшүмүн берет.
4. Кайненеңизден ар дайым кеңеш сураңыз. Колдон келсе, ашканада ал менен бирге көп убакыт өткөзүңүз. Себеби, көптөгөн эркектер апасынын колунан жасалган тамакты жакшы көрөт. Бекер убакыт өткөзгөнчө кайненеңизден кантип тамак жасаганын үйрөнүңүз. Келечекте сөзсүз керек болот.
5. Эң көп кезиккен каталардын бири - күйөөңүзгө эч качан апасын ушактабаңыз. Керек болсо, "экинчи апаңызды" сынга албоого, анын кыймыл-аракетин айтып берүүгө да болбоорун эске алыңыз. Күйөөңүзгө жамандап жатып, чын-чынына келгенде, өзүңүздү жаман көрсөткөнүңүздү кийин аңдайсыз. Жакында таанышкан күйөөңүз менен болгон мамилеңиз өтө деле узак эмес. Ал эми жолдошуңуз апасы менен төрөлгөндөн бери жашап келет жана ага ишенет. Ошондуктан далилдеп жамандасаңыз да, сизге толук ишенбейт.
6. Эч качан кайненеңиздин көзүнчө күйөөңүз менен уруша көрбөңүз.
7. Колдон келсе, бөлөк-бөлөк жашоого аракет кылыңыз. Бул жагдай сизди көптөгөн көйгөйлөрдөн куткарат
#25 11 Июль 2014 - 04:45
#26 11 Июль 2014 - 23:46
Билдирүүнү түзөткөн: morther: 11 Июль 2014 - 23:51
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#27 12 Июль 2014 - 19:03
Кайнененин көңүлү чаппаганынын бирден бир себеби жөн гана уулун кызгануусунан болушу мүмкүн. Бапестеп-багып өстүргөн уулуна башка бирөө келе калып эле кожойкелик кылып атканына ар бир апа кызганат. Эгерде сиздин жолдошуңуз үйдөгү жалгыз бала болсо, же көпкө күттүрүп төрөлгөн бала болсо, же болбосо апасы баласын жалгыз өстүргөн болсо, кырдаал алда канча оорлойт.
Анан дагы балдар чоңоюп, өз алдынча жашап калганда дагы ага көңүл буруу, мээрим жетишсиз болушу мүмкүн. Чыр-чатактын себепкери дайыма эле кайнене боло бербейт. Анын айткан сын-пикирлерин сиз кандайча кабыл аласыз, кеп мына ушунда дагы жатат. Ошол эле сынды өзүңүздүн апаңыз айтса, сиз башкача кабыл алмаксыз, албетте, анчалык капа болмок эмессиз.
Бирок, урушууну эле каалап тургандар дагы жок эмес. Же сизди жактырбай атканы жашоонун ар кандай кырдаалдарына байланыштуу болушу мүмкүн. Мисалы, ден-соолугунун акыбалы, жумушу оңунан чыкпаганы ж.б. Ар бир келишпестикте эки тарап тең күнөөлүү болот. Албетте, биз өзүбүздү актап, аяганга устабыз. Өзүбүздүн тынч жашообузду каалайбыз.
Кайненеге өз оюңузду ачык айтып, укугуңузду талашсаңыз деле болот, бирок бул учурда үйдө ар дайым "нерв" ойноп турган аба ырайы түзүлөт. А тескерисинче, дипломаттуулугуңузду көрсөтүп, мамиле түзүүдө ийилчээк болсоңуз, өзүңүздүн нерв клеткаларыңызды дагы, башкалардын тынчтыгын дагы сактайсыз.
Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 12 Июль 2014 - 19:04
#28 12 Июль 2014 - 19:05
- Дүйнөнү анын көз карашы менен караганга аракеттениңиз. Анын ордуна өзүңүздү коюп. Эмнеге ал ушундай кадамга барат деп ойлоп көрүңүз. "Ар бир кадамды адам жакшы нерсе үчүн жасайт" деген пастулатка ылайык кайненеңиздин ар бир жасаган иши жакшылык үчүн деп түшүнүңүз. Эгерде кайненеңиздин жасаган иштери, кадамдары сиздин кыжырыңызга тийип атса, жакшы сөздөр менен сүйлөшүүгө аракеттениңиз. Мисалы, алгач, сиздин үйбүлөңүзгө жасаган жакшылыктарына ыраазычылыгыңызды билдиргенден кийин өз кааалооңузду, сунушуңузду айтыңыз.
- Аны менен пикирлеш, сырдаш болуңуз. Кандай маселе болбосун андан кеңеш сурап туруңуз. Кайра-кайра сурай берген соң ал өзү дагы тажап, сизге өз пикирин таңуулабай калат. Кайненеңизди театрга, концертке алып барыңыз. Гүл берип турсаңыз болот. Комплимент айтып туруңуз, күйөөңүз жөнүндө дагы жакшы сөздөрдү көп айтыңыз. Жолдошуңуздун кайсы сапаты жагаарын (кайненеңиз тарбиялаган) сөзсүз белгилеңиз.
- Ага чын жүрөгүңүз менен мамиле кылууга аракеттениңиз. Ден-соолугуна кам көрүп, анын иштери тууралуу сурап дегендей. Сизге кызыктуу эмес тема болсо дагы кайненеңиздин айткандарын кунт коюп угуңуз.
- Жолдошуңуз менен тил табышыңыз. Кайненеңиз кандай адам болбосун эң башкы адам сиз үчүн күйөөңүз.
Жолдошуңуз ар дайым сиз тарапта болот, эгерде:
а) Ал үчүн эң сулуу, назик, боорукер болсоңуз;
б) Жок жерден уруш чыгарбай, тескерисинче, кээ бир чатактарды болтурбай койгонго аракеттенсеңиз;
в) Анын апасы тууралуу эч качан жаман сөз айтпасаңыз (айрыкча өзүнө, же ал барда);
- Жолдошуңуздун ата-энесин майрамдарда куттуктап турууну, кам көрүүнү ага эскертип туруңуз.
- Өзүнчө жашаганга аракеттениңиз!
- Өзүңүздү жакшы караңыз. Келбетиңизге көбүрөөк көңүл буруп. Аны менен бирге ички дүйнөңүздү дагы өзгөртүңүз, албетте, жакшы жагына. Жакшы маанай менен тосуп алган, татынакай аялдын шейшептерди үтүктөбөй койгонун, килемдерди тазалабаганын дагы кечиришет. Бул жагынан сизге сын айтышса дагы, жай кабыл алыңыз, тескерисинче жылмайып туруп, "көзүңүз торлоп" калганын айтып коюшканына ыраазычылык билдирип коюңуз.
- Ар дайым кабагыңызды ачып, жадырап жүрүңүз!
#29 13 Июль 2014 - 01:54
#30 26 Июль 2014 - 17:33
#31 26 Июль 2014 - 19:08
#33 27 Июль 2014 - 22:19
#34 27 Июль 2014 - 23:58
2. Ар бир эле кайнене келини өзү менен акылдашып, кеңешип иш кылса дейт. Кайненеңиз менен достошуп, тамырын тереңирээк тартууну кааласаңыз кандайдыр бир жумуштар тууралуу кеңеш сурап койгонуңуз ашыкча болбойт. Кеңеш сураңыз, бирок чечимди албетте өзүңүз кабыл алыңыз.
3. Өз алдынча иш кылуу менен уруксат суроонун айырмасын билиңиз. Мисалы, кайненеңизге "бүгүн эмне тамак жасайын?" деген суроо менен кайрылууңуз мүмкүн. Эгер ар бир беш мүнөт сайын "муну кандай кылам, тигини кандай кылам" дей берсеңиз өз алдынча эч нерсе жасай албагандай сезим калтырасыз. Ал эми өзүңүздүн ички туюмуңузга ишенип, ишти туура жасап жатсаңыз деле кайненеңизге "өзүн-өзү билип жатат" деген ой кетет. Ошондуктан майда болгону менен маанилүү көрүнүштөрдү ажырата билип, колдон келишинче кыраакы болуңуз.
4. Кайненеңизге күйөөңүздү эч убакта, эч качан жамандабаңыз. Аялдардын эң чоң катасы - күйөөсү кайнене менен келиндин ортосундагы чырды чечет деген түшүнүктө жашаганы. Жолдошуңузду орто жолдо чайналтып, өйдө тартса өгүз өлүп, ылдый тартса араба сынат абалына тушуктурбаңыз. Акылдуу эркек эч качан өз апасын аялына алмаштырбасын унутпаңыз.
5. Кайненеңиздин көзүнчө күйөөңүз менен урушпаңыз. Анткени баласына жан тартып, сизди жаман көрүп калуусу мүмкүн. Жолдошуңузга болгон нааразычылыгыңызды эл жок жерден, экөөңөр гана калганда айтканга көнүңүз.
6. Кабагыңызды чытыбаңыз, жылуу сүйлөңүз. Жайдары мамилеңизге кайненеңиз оройлук менен жооп бере албайт. Көтөрүмдүү болсоңуз ортодогу мамилени бир нукка түшүрө аласыз. Эгерде кайненеңиздин мүнөзү оор болгон күндө да, ал сиз сүйгөн адамыңызды төрөп, багып өстүрүп, тарбия берген адам экенин эсиңизге бекем түйгөнүңүз жакшы.
7. Айрым кайненелер уулун келининен кызганып, баласына "камчысы катуу болсо, катыны уяттуу" деген таризде далай сөздү кулагына куюшу мүмкүн. Бул учурда жолдошуңузду жайына коюңуз. Сизди кандай жол менен башкарууну өзү чечет. Энесинин тилине киреби же өз акылына таянабы аны убакыттын өтүшү менен байкай аласыз.
8. Чогуу жумуш жасап көрүңүз. Үйдү оңдоп-түзөп же ашканада бирге тамак жасап дегендей. Балким, экөөңөрдүн ортоңордо окшоштуктар болуп, табитиңер бирдей чыгышы ыктымал. Чогуу жумуш жасаганда жакыныраак баарлашканга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
9. Кайненеңиз да бир убакта сиздей келин болгонун, сиз да бир убакта кайнене болооруңузду элестетиңиз. Кийин келиниңизден жакшы мамиле күткүңүз келсе, сиз да ошол мамилени жасаңыз.
#35 28 Июль 2014 - 11:30
Kg.lady (02 Июль 2014 - 00:33) жазган:
Созунузго 100% кошулам. Кайненени сыйласак, биз дагы келинден сый коробуз.
Мисалы, менин чон энем келиндерге ото каардуу болбосода, казанга салып кууруп алчуулардын катарында. Апам ошол казанга куурулуп, куурулуп бышып чыккан келиндердин коч башында.

Сиз жаман деген кайын энениздинда жакшы сапаты бар. Аны коро билиш керек. Баласын суйгон сон энесинда суйууго акылуусуз, калптан болсода
Жакшы кайненелер деле бар. Кайнененин баары Онолкан десениз жанылышасыз, анткени дагы кырк жылдан сон сизда Онолкан болуп калышыныз эч кеп эмес.
#36 28 Июль 2014 - 12:02
Kg.lady (02 Июль 2014 - 00:33) жазган:
Мисалы, менин чон энем келиндерге ото каардуу болбосода, казанга салып кууруп алчуулардын катарында. Апам ошол казанга куурулуп, куурулуп бышып чыккан келиндердин коч башында.

Сиз жаман деген кайын энениздинда жакшы сапаты бар. Аны коро билиш керек. Баласын суйгон сон энесинда суйууго акылуусуз, калптан болсода
Жакшы кайненелер деле бар. Кайнененин баары Онолкан десениз жанылышасыз, анткени дагы кырк жылдан сон сизда Онолкан болуп калышыныз эч кеп эмес.
Буга кимисиженди ким куноолуу эмес бул нерсеге чон апан куноолу! Келин не асмандан тушуптурбу кетип калган женен ырасс кылыптыр ал да бироонун барктап баккан кызы тийсе кайненесине тийген жок баласына тийди ошондой каардуу кайненеден кудай сактасын! !! Баласынын бактысына балта чапкан! Бала деп жашаба ал чоноет, акча деп жашаба ал жоголот деген соз бар кыргыздарда. .... Менин кайненем оор басырыктуу тушунгон, баарыбызга билбегенин билдирип уйротуп турат.
Сага кенешим ал да бир куну каарыйт, сени куйоон тушунуп турса болду , унчукпаган тоодой баледен кутулат дейт унчукпай кутул нерв боло бербе балага зыяны тиет
#37 17 Август 2014 - 16:31
#38 20 Август 2014 - 20:22
#39 20 Август 2014 - 22:15
Giza (20 Август 2014 - 17:22) жазган:
+++