Достошуунун шарттары.
Бул достуктун шарттары –
теңдик, нафстан эркиндик,
караңгылыктын жоктугу.
Теңдик –акыйдада, ибадатта,
жазада, улуттук маселеде да тең
болуу. Мисалы, акыйдадагы
теңдик - адамдардын кожоюну
бир жана Анын мыйзамдарына
баш ийүү - баарына милдет,
баары Адамдын балдары жана
ал топурактан жаралган деген
түшүнүктү эки жак тең билүү.
Бадр согушунда Абу Убайда
өзүнүн атасы каапырлардын
катарында болгондуктан анын
башын өзү апкелди.
Пайгамбарыбыз с.а.в. токтотуп
койбогондо Абу Бакр улуу менен
кылычташат эле.
Пайгамбарыбыз с.а.в.дын
туугандары дөөлөттүү
болгондуктан фидя салыгын
көбүрөөк төлөшөт эле. Алар
акыйда негизинде өз
туугандарын да аяган эмес.
Анткени, момундарды
караңгылар менен акыйда
байлай албайт, алар
анатомиялык тууган болгонуна
карабай, Аллах ортого махабат
бербегендигинен бири-бирине
жек көрүү пайда болду.
Ибадаттагы теңдик – кедей,
байлыгына карабай намаз,
орозо, ажылык ж.б. бүт
ибадаттарда тең болуу.
Жазадагы теңдик – Аллахтын
мыйзамын бузган
кылмышкердин ээлеген
мансабы, мертебеси, байлыгы
же такыбалыгы куткара албайт.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Уурулук
кылса кызымдын да колун
кесем» -деген.
Абу Зарр исламды абалкылардан
болуп кабыл алган. Белгилүү
сахаба – Билал менен айтыша
кетип, аны: «Кара катындын
баласы»- деп ийет. Билал
чындыгында кара түстүү – негр
эле, Абу Заррдын сөзү сөгүнүү
эмес эле. Бирок, пайгамбарыбыз
с.а.в.: «Мен апкелгенде ак
аялдын баласы кара аялдын
улуунан артык эмес. Өлчөм
туура эмес алынды»- деп,
пайгамбарыбыз с.а.в. динде
адамдар түсүнө, улутуна карап
өзгөчөлөнбөсүн белгиледи.
«Өлчөмдүн туура эмес
алынганы» - пайгамбарыбыз
с.а.в.дын өзүнөн айтылып
жаткандыктан Абу Зарр дароо
тообо келтирди, бетин жерге
коюп: «Аллах менен ант ичем,
Билал бетимди баспаса
башымды көтөрбөйм»-
деп касам
ичти.
- (2 )
-
- 1
- 2
Аллах жолундагы достук жана душмандык тууралуу.
#21 28 July 2014 - 18:41
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#22 28 July 2014 - 18:44
Негизги шарт.
Ошентип, пайгамбарыбыз с.а.в.
ыймандын кубаты үчүн - Аллах
жолундагы бурадарына болгон
махабатты – ар кандай
жакшылыкты өзүнө караганда
бурадары үчүн ыраа көрүүнү
шарт кылды. Кыямат – өтө оор
жана ал күнү адамдар капилетке
түшүп, нес абалда болушат.
Аллах Таала ушул оопатта жети
тайпага Өзүнүн саясында
көлөкөсүн насип этет. Алардын
бири - Аллах жолундагы достор
жана аларга Аллах эч кимге
бербеген убаданы берди.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Кыямат
күнү Арштын тегерегине ар
кандай тайпалар үчүн
курсилер коюлат жана андан
орун алгандардын эч
кыжаалатчылыгы - камы
жок. Ал тайпалардын бири -
Аллах жолунда
достошкондор» - деди.
Пайгамбарлардын көбү адамга
дүйнөнү дос тутпоону насыйкат
кылышкан. Бул насыйкатка
кулак салбагандар адатта,
адамдардын бийлигине,
байлыгына же башка
материалдык
кызыкчылыктардан улам
достошушат. Ал эми Аллах
жолундагы достукту туу
кармагандар – пайгамбарлардын
жогорудагы насыйкатына
ээрчигендер.
Аллах кыямат күнү пендесинен:
«Мен үчүн эмне амал
кылдың?»- деп сураса, адам –
«Сени дос туткан менен
достоштум жана Сенин
душманың менен душман
болдум»-деп жооп берсе, Аллах
пендесине карап: «Ал менин
акым эле»- дейт. Ошондо Аллах
аларга берген убадасына
пайгамбарлар, шейиттер да
суктанышат. Аллахты дос туткан
менен достошуу жана Аллахтын
душмандары менен жоолашууга
- Аллах жолунда достошуу,
Аллах жолунда чогуу отуруу
жана Аллах жолунда бирин-
бири зыярат кылуу да кирет.
Төмөнкү үч сезим - Аллахтын
элчисин ар кимден артык
сүйүү, бурадарын Аллахтын
жолунда жакшы көрүү жана
куфрду чын ыкластан жек
көрүү - ыймандын ырахатын
таткан адамдан гана табылат.
Бул сезимдер табылбаган адам -
балдын шириндигин угуп бирок
жебей өтүп кеткенге окшош
болот.
Ошентип, пайгамбарыбыз с.а.в.
ыймандын кубаты үчүн - Аллах
жолундагы бурадарына болгон
махабатты – ар кандай
жакшылыкты өзүнө караганда
бурадары үчүн ыраа көрүүнү
шарт кылды. Кыямат – өтө оор
жана ал күнү адамдар капилетке
түшүп, нес абалда болушат.
Аллах Таала ушул оопатта жети
тайпага Өзүнүн саясында
көлөкөсүн насип этет. Алардын
бири - Аллах жолундагы достор
жана аларга Аллах эч кимге
бербеген убаданы берди.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Кыямат
күнү Арштын тегерегине ар
кандай тайпалар үчүн
курсилер коюлат жана андан
орун алгандардын эч
кыжаалатчылыгы - камы
жок. Ал тайпалардын бири -
Аллах жолунда
достошкондор» - деди.
Пайгамбарлардын көбү адамга
дүйнөнү дос тутпоону насыйкат
кылышкан. Бул насыйкатка
кулак салбагандар адатта,
адамдардын бийлигине,
байлыгына же башка
материалдык
кызыкчылыктардан улам
достошушат. Ал эми Аллах
жолундагы достукту туу
кармагандар – пайгамбарлардын
жогорудагы насыйкатына
ээрчигендер.
Аллах кыямат күнү пендесинен:
«Мен үчүн эмне амал
кылдың?»- деп сураса, адам –
«Сени дос туткан менен
достоштум жана Сенин
душманың менен душман
болдум»-деп жооп берсе, Аллах
пендесине карап: «Ал менин
акым эле»- дейт. Ошондо Аллах
аларга берген убадасына
пайгамбарлар, шейиттер да
суктанышат. Аллахты дос туткан
менен достошуу жана Аллахтын
душмандары менен жоолашууга
- Аллах жолунда достошуу,
Аллах жолунда чогуу отуруу
жана Аллах жолунда бирин-
бири зыярат кылуу да кирет.
Төмөнкү үч сезим - Аллахтын
элчисин ар кимден артык
сүйүү, бурадарын Аллахтын
жолунда жакшы көрүү жана
куфрду чын ыкластан жек
көрүү - ыймандын ырахатын
таткан адамдан гана табылат.
Бул сезимдер табылбаган адам -
балдын шириндигин угуп бирок
жебей өтүп кеткенге окшош
болот.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#23 28 July 2014 - 18:47
Бурадардын
акысы.
Бурадардын умумий жана
хусусий акысы бар. Умумий
акысы – мусулман Аллах-
Раббым, диним -Илам, китебим-
Кураан десе – диндеш бир
туугандары алдында салам
айтуу, чакырса баруу, насыйкат
сураса калыс масилет берүү,
чүчкүрсө жооп берүү, ооруса
зыярат кылуу, өлсө жаназасына
туруу сымал укуктары күчүнө
кирет. Бир шаарда жаназасыз
көмүлгөн мусулман үчүн
ошердеги бүт мусулмандар
күнөөкөр болот.
Хусусий акысы – умумий
акылардан бийигирээк. Т.а.
өзүнө каалаганды Аллах
жолунда жакшы көргөн
адамына өзүнөн мурда ыраа
көрүү. Сахабаларды Аллах
Кураанда: «Өздөрү муктаж
болуп туруп өзгөлөрдүн
муктаждыгын ойлошот» –деген.
Ухуд согушунда суу ташыган
аялдар жарадар болгондордун
бирөөсүнө суу берет, ал ары
жактагы бирөөнүн абалын
көрүп, сууну ага алып барууну
буйурат. Ага алып барса ал
сахаба тили күрмөөгө келбей
атса да жанында жаткан башка
сахабага берүүнү ишара менен
көрсөтөт. Ага суу жеткенде –
анын көзү өтүп кеткен болот.
Сууну кайра, андан мурдагы
сахабага апкелсе ал да, кийин
калгандары да каза болушкан
экен. Сахабалардын жан
алпурушуп, өлүм кургагы
тамагын муунтуп жатса да
бурадарларына ыраа көрүүсү -
тарыхта достуктун үлгүсүн
көрсөтүп кетти.
акысы.
Бурадардын умумий жана
хусусий акысы бар. Умумий
акысы – мусулман Аллах-
Раббым, диним -Илам, китебим-
Кураан десе – диндеш бир
туугандары алдында салам
айтуу, чакырса баруу, насыйкат
сураса калыс масилет берүү,
чүчкүрсө жооп берүү, ооруса
зыярат кылуу, өлсө жаназасына
туруу сымал укуктары күчүнө
кирет. Бир шаарда жаназасыз
көмүлгөн мусулман үчүн
ошердеги бүт мусулмандар
күнөөкөр болот.
Хусусий акысы – умумий
акылардан бийигирээк. Т.а.
өзүнө каалаганды Аллах
жолунда жакшы көргөн
адамына өзүнөн мурда ыраа
көрүү. Сахабаларды Аллах
Кураанда: «Өздөрү муктаж
болуп туруп өзгөлөрдүн
муктаждыгын ойлошот» –деген.
Ухуд согушунда суу ташыган
аялдар жарадар болгондордун
бирөөсүнө суу берет, ал ары
жактагы бирөөнүн абалын
көрүп, сууну ага алып барууну
буйурат. Ага алып барса ал
сахаба тили күрмөөгө келбей
атса да жанында жаткан башка
сахабага берүүнү ишара менен
көрсөтөт. Ага суу жеткенде –
анын көзү өтүп кеткен болот.
Сууну кайра, андан мурдагы
сахабага апкелсе ал да, кийин
калгандары да каза болушкан
экен. Сахабалардын жан
алпурушуп, өлүм кургагы
тамагын муунтуп жатса да
бурадарларына ыраа көрүүсү -
тарыхта достуктун үлгүсүн
көрсөтүп кетти.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#24 28 July 2014 - 18:52
Пайгамбарыбыз с.а.в.дын
доорунда бир киши Абу
Хурайранын алдына келип:
«Мен сиз менен Аллах жолунда
достошкум келет»- деди. Абу
Хурайра: «Мени менен дос
болсоңуз өзүңүздүн мал-
мүлкүңүзгө болгон укугуң
меникинен ашпай калат.
Балким, ал мүлккө менин
укугум көбүрөөк болуп калат.
Бурадардык чоң жоопкерчилик
экенин билесизби?»- деп кайра
өзүнөн сурады. Келген киши
даяр эмес экен. Кайтып кетти.
Абу Сулайман Давроний: «Аллах
жолундагы досума бар оокатым
алып барам, ага тамак жедирем.
Анын тоюп жатканынан ырахат
алам» –деген.
Хасан аль-Басрий: «Биздин үй-
бүлөбүздөн Аллах жолундагы
досторубуз артыгыраак. Бүлөөбүз
бизден дүйнөнү үмүт кылат.
Досторубуз акыретте
аскатуучулардан» деген. Насип
кылган Аллах жолундагы сүйүү
- мамилелердин эң асылы.
Аллах жолунда малын
сарптагандарга Аллах 700
мертебе көп кылып кайтарууну
убада кылды. Мындан үмүткөр
болгон Абдрахман ибн Аффан -
кербендеги малын Мадинадагы
кедейлерге таратып жиберди.
Айша үстүндө эски кийимине
карабай 80 000 теңгени
момундарга таратып салат.
Анткени, алар ыйман лаззатын
таткан. Ыйман лазатынан кийин
аларга башка лазаттар маанисиз
болуп, Аллах аларга медет
берди. Дүйнөнүн достугунан
бошоо – эки дүйнө бактылуулук
даамынан.
доорунда бир киши Абу
Хурайранын алдына келип:
«Мен сиз менен Аллах жолунда
достошкум келет»- деди. Абу
Хурайра: «Мени менен дос
болсоңуз өзүңүздүн мал-
мүлкүңүзгө болгон укугуң
меникинен ашпай калат.
Балким, ал мүлккө менин
укугум көбүрөөк болуп калат.
Бурадардык чоң жоопкерчилик
экенин билесизби?»- деп кайра
өзүнөн сурады. Келген киши
даяр эмес экен. Кайтып кетти.
Абу Сулайман Давроний: «Аллах
жолундагы досума бар оокатым
алып барам, ага тамак жедирем.
Анын тоюп жатканынан ырахат
алам» –деген.
Хасан аль-Басрий: «Биздин үй-
бүлөбүздөн Аллах жолундагы
досторубуз артыгыраак. Бүлөөбүз
бизден дүйнөнү үмүт кылат.
Досторубуз акыретте
аскатуучулардан» деген. Насип
кылган Аллах жолундагы сүйүү
- мамилелердин эң асылы.
Аллах жолунда малын
сарптагандарга Аллах 700
мертебе көп кылып кайтарууну
убада кылды. Мындан үмүткөр
болгон Абдрахман ибн Аффан -
кербендеги малын Мадинадагы
кедейлерге таратып жиберди.
Айша үстүндө эски кийимине
карабай 80 000 теңгени
момундарга таратып салат.
Анткени, алар ыйман лаззатын
таткан. Ыйман лазатынан кийин
аларга башка лазаттар маанисиз
болуп, Аллах аларга медет
берди. Дүйнөнүн достугунан
бошоо – эки дүйнө бактылуулук
даамынан.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#25 28 July 2014 - 18:54
Ошондой эле Аллах жолунда
бирөөнү жек көрмөйүнчө да
Аллах жолунда бирөөнү сүйүү
сезими ойгонбойт. Демек,
ыйман толук болбойт. Аллах
жолунда жек көрүүчү сапаттар,
салттар, жорук-жоболор,
бузукулуктар жана алардын
зыяндуулугун билип туруп
тараткандар толтура жана
мусулмандар кайдыгерлигинен
аларды жек көрүүдөн алыс.
Кайдыгерлик бара-бара
мусулмандарды ды өздөрүнө
тартып, сиңирип алды.
Азыр, Аллах жолундагы
сүйүүнүн жана жек көрүүнүн
дүйнөлүк негиздеги сезимдерден
артыкчылыгын баамдай албай,
ал сезимдерди сахабалар
даражасына жеткире
албагандыктан мусулман коому
кыйынчылыкта жашоодо.
Анткени, Ислам жамааты Аллах
үчүн сүйгөн жамаат болмоюнча
жунгли бойдон калып,
күчтүүлөр алсыздарды жей
берет.
Аллах жолундагы
жоопкерчиликти сезүү менен
достошкондор гана коомдун
ширеси болгон ишеничтүү
катмар болуп, коомду алдыга
жетелей алат. Мусулмандын
намазы, ажылыгы, орозосу ж.б.
ибадаттары – түшүнгөн адамга
- анын өзүн гана жамандыктан
сактап калуу усулу. Бирок, бул
усул бүт коомдун пайдасына
иштемейинче анын чыныгы
пазилети ачыла бербейт.
бирөөнү жек көрмөйүнчө да
Аллах жолунда бирөөнү сүйүү
сезими ойгонбойт. Демек,
ыйман толук болбойт. Аллах
жолунда жек көрүүчү сапаттар,
салттар, жорук-жоболор,
бузукулуктар жана алардын
зыяндуулугун билип туруп
тараткандар толтура жана
мусулмандар кайдыгерлигинен
аларды жек көрүүдөн алыс.
Кайдыгерлик бара-бара
мусулмандарды ды өздөрүнө
тартып, сиңирип алды.
Азыр, Аллах жолундагы
сүйүүнүн жана жек көрүүнүн
дүйнөлүк негиздеги сезимдерден
артыкчылыгын баамдай албай,
ал сезимдерди сахабалар
даражасына жеткире
албагандыктан мусулман коому
кыйынчылыкта жашоодо.
Анткени, Ислам жамааты Аллах
үчүн сүйгөн жамаат болмоюнча
жунгли бойдон калып,
күчтүүлөр алсыздарды жей
берет.
Аллах жолундагы
жоопкерчиликти сезүү менен
достошкондор гана коомдун
ширеси болгон ишеничтүү
катмар болуп, коомду алдыга
жетелей алат. Мусулмандын
намазы, ажылыгы, орозосу ж.б.
ибадаттары – түшүнгөн адамга
- анын өзүн гана жамандыктан
сактап калуу усулу. Бирок, бул
усул бүт коомдун пайдасына
иштемейинче анын чыныгы
пазилети ачыла бербейт.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#26 28 July 2014 - 19:36
Көчүрүлдү.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#27 18 December 2014 - 20:36
Кайсы бир мусулман башка бир адамды сыйлап журсо ал дагы сый корот. Ошон учун мусулман бир туугандар келгиле бул кыска дуйнодо бир бирибизди капа кылбай бактылуу болуп оз жашообузду туура багытта откоролу. Ушул тууралуу оюнарды болушкуло. Канткенде арабызда ынтымак болот? Деген суроонун негизинде уланталы...
#29 18 December 2014 - 22:12
Маашаа АЛЛААХ. Жакшы тема ачыптырсын.
Ооякта бизге окшоп гажышып жургондорго сабак болот иншаа АЛЛААХ...
#30 18 December 2014 - 22:30
Аллах ыраазы болсун. Ыплас создордон, гыйбаттан алыс болгонго аракет кылам.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#31 28 December 2014 - 12:43
Бул темада жакшы ниеттер жазылган экен жакшы, келгиле бири бирибизди капа кылбай кыска омурде бактылуу жашайлы деп. тааныбасты сыйлабас болбойлу.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#32 16 January 2015 - 17:40
"Мусулмандарды ызалантып жана аларды сөгүп урушуу" темасы менен бириктирилди.
#33 19 January 2015 - 10:58
Абу Хурайра р.з риваят.Пайгамбар с.а.в айтты.Кучтуу кучту эмес ачуусу келгенде ачуусун жене билген кучтуу
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео














