Суперстан: Бишкектеги маршруттук таксилердин иш таштоосу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Бишкектеги маршруттук таксилердин иш таштоосу.

#1 Пользователь офлайн   MACKA   28 Июль 2014 - 23:25

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары күйүүчү майга болгон баа төмөндөбөсө, жол кирени 15 сомго чейин көтөрүшөрүн айтышты (фоторепортаж)
Сүрөт Бүгүн, 28-июлда Бишкектеги кичи маршруттук таксилердин айдоочулары күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу иш ташташып, күйүүчү майга болгон баа төмөндөбөсө, жол кирени 15 сомго чейин көтөрүшөрүн айтышты. Ал эми маршруттардын каттамы токтотулганына байланыштуу шаар тургундары жумуштарына бара албай аялдамаларда турушат.

Айдоочулар майдын кымбатташына жана жол эрежесин бузгандарга айып пулдун көтөрүлүшүнө нааразы болушууда. Ошондой эле күйүүчү май кымбаттап, эмгек акталбай жатканын айтып жатышат. Шаардагы №286-каттамдагы маршруттук таксинин айдоочусу Төлөгөн Кабылов мына буларды билдирди:

“Күйүүчү майдын баасы кымбаттап кеткендигине байланыштуу биз өз ишибизди бүгүн токтоттук. Анткени майга кеткен каражат өзүн актабай жатат. Маселен, 470 сомго май куйсак, тү шкөн киреше 360 сом болуп жатат. Тескерисинче, биз үйдөн кайра акча коротуп жатабыз. Биз өкмөттөн майга болгон баанын төмөндөтүш үн талап кылабыз. Эгер талап аткарылбаса, жол кирени жогорулатууга мажбур болобуз. Андан сырткары эл аялдамадан башка жакка туруп алып маршрут тосушат, албай өтүп кеткенге да болбойт, токтосоң МАИ кызматкерлери 500 сомдон айып салып жатышат. Бул нерсеге да чара көрүү талабын коёбуз”.

Ал эми жүргүнчүлөр бул маселени өкмөт эки тараптуу кылып чечүү керектигин айтышууда. Шаар тургуну Майрамгүл Карыбекова маршруткалар жол кирени жогорулатса, өкмөт айлык акыларды да көтөрүш керек деген пикирин билдирди.

“Мен жумушка башкалар сыяктуу эле маршруттук такси менен барам. Эгерде айдоочулар “май кымбаттады” деп жол акысын 12 же 15 сом кылса, биз да өкмөттөн айлыкты эки эсе жогорулатууну талап кылабыз. Ошон үчүн өкмөт эки тарапка тең маселе жаралбашы үчүн Казакстан, Орусия менен жакшылап сүйлөшүп бул маселени чечиши керек. Айлык көтөрүлбөй туруп эле жол акы кымбаттап кетсе, карапайым элдин жашоосу кандай болот? Анан, албетте, базардагы азык-түлүктүн баасы да эки эселеп өсөт”,- дейт Карыбекова.

Учурда шаардагы кичи маршруттар токтотулганы менен, өкмөт карамагындагы автобустар өз иштерин улантышууда.

Айта кетсек, жүргүнчүлөр үчүн кичи маршруттарга жол кире күндүз 10 сомдон болсо, кечки 21:00 дөн кийин 12 сомдон төлөшөт. Ал эми автобус жана троллейбустарда жол кире үчүн 8 сомдон төлөнөт.


Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 28 Июль 2014 - 23:34

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   MACKA   28 Июль 2014 - 23:28

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Силердин оюңар...?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Tentek_kyz   29 Июль 2014 - 00:11

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 20 Июн 2016 16:21

Доллардын курсу которулгондон бери баалар асмандай которулду. Тушунуш керек аларды,кор тирилик да эми.
Alhamdulillah...La ilaha ilallah...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Chuin   29 Июль 2014 - 00:13

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 266
  • Катталган: 11 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Дек 2014 00:17

Ушуну кымбат деп жатышат экен. Күйүүчү май 8 сомго кымбатташы мүмкүн экен. Өзү маршруттардын баасы кечээ эле көтөрүлдү. Азыр каникул студент аз. Киреше аз болуп жатса керек да. Атак айдоочулар норм эле табышат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   MAPKC   29 Июль 2014 - 00:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 391
  • Катталган: 27 Март 14
  • Соңку аракети: 23 Ноя 2021 20:40
  • Жынысы:Эркек

Шашпасын, медиктердин айлыгын көтөрүшпөсө биз дагы митинг кылабыз. А то митинг кылбаган медиктер эле калды окшойт...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   MACKA   29 Июль 2014 - 01:08

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кээ бир айдоочулар жол кирени 25-30 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышууда! Андай боло турган болсо жүргүнчүлөрдү эшигинин оозуна чейин шыкап тыгып албай, орундуктар толгон соң, ашыкча жүргүнчү албай калкты маданияттуу тейлегенди үйрөнүшсүн. Жол боюнда кол көтөргөндүн баарын эле кыдырата терип алып; "Эй артка жылгыла! Жылып алсаңар, арты бош элего!" деп одураңдап, анча-мынча жүргүнчүлөрдүн; "Эми каягына жылалы, бири-бирибизди минип алалыбы?!" деген нааразычылыктарына да карабай жүк тыккандай эле түрткүлөп, батырып алат. Жүк жүктөп бараткансып, аңгыл-дөңгүл айдап, эреже бузуп, жарым жолдон МАИ кызматкерлери тосот анан! Анысы менен 5-10 мин. жоголуп кеткендин аралыгында баягы тыгын эл, бир сыйра тердеп-кургап желпинип, бири-бири менен түрткүлөшүп, "орундук" таап, ыңгайлуу "жайланышып" алышканга да үлгүрүшөт. Ар биринин тилеги, "эптеп тыгылсам да, сыгылсам да ишиме, үйүмө аман-эсен жетип алсам боолду!"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kg.lady   29 Июль 2014 - 01:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Тема оз болумуно жылдырылды!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Bad-boy   29 Июль 2014 - 03:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 017
  • Катталган: 28 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Авг 2024 22:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл. Ош р. Ноокат

Өтө жакшы маселени көтөрүп чыгышыптыр. Күйүүчү майды арзандатыш керек, болбосо карапайым калктын пенсия, пособия, айлык маяналарын жогорулатышы керек. Калкты кыйнагандан башкага жарабай калды бийликтегилер. Эки тарапты тең көзөмөлгө алып, бир жыйынтык чыгаруусу зарыл.
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   realliver   29 Июль 2014 - 12:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 958
  • Катталган: 09 Февраль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Sant'yago Bernabeu

Маршрутниктер жаман 'кобушту' мындайча айтканда. 1 же 2 сом эмес дароо 10 сомго чейин кошобуз дегендери кантет?
Бишкектин любой линиясында бир конечныйдан экинчи конечныйга чейин 7 литрден ашык солярка кетпейт. Ошондо бир рейсте орточо эсеп менен 70 киши кирип чыгат. Бир кундо бир маршрурка 5 рейс жасап коет. Ошондо 7*45=315сом*5=1575сом- чыгаша.
70*10=700*5=3500сом- 1575сом=1925сом киреше. Бир кундо орточо эсеп менен 2000мин сом киреше Кыргызстандын айлык акысына салыштырганда мыкты акча эмеспи. А жанагы МАИнин айып пулдарынын олчому кобойду дешет, ага оздору куноолуу. Жол эрежесин бузбай айдашса аларды ким тосмок эле.
Реал чемпиооон!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   rumaika5544   29 Июль 2014 - 17:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Биз бул жакта какшагныбыз менен тиги жакта айдоочулар оз билгендерин кылып жатышат!
Бугун эрте мененби эле окуяны айтып берейин,Бугун эртен менен 9га жетчу жериме чынында 12де жетип келдим,себеби маршрут жок,бир автобусга чыктым эле,бир аял айдоочуга аялдамадан токтоосун отунсо ал болсо,эки-уч аялдамадан кийин,токтоду, себеби ага тушо турган адамдар ондон ашып кетти эле,автобустун ичи уруш ииий тажап кеттим,айдоочунун токтобой койгонунун себеби бензин кымбат,бир адамды тушуруш учун токтой албайм дейт.Мен дагы тушчу жериме бир топ эле жетпей тушуп калып калганына жоо жеттим.Эми болсо келатып,кудай жалгап маршрутка чыгып калды эле,айдоочусу орус экен,ал 15 сомдон алып жатат,анан бир байке чонураак сумка алып тушту эле аны болсо сумкага 20 сом толо дейт эй тообо,тигил байке алдыма эле алып алам десе анда туш деп тушуруп салды.Арттагы эки-уч бала кыйкырып бир нерселерди суйлошту эле,тиги орус магнитафонун эми болушунча унун чонойтуп,кулагыбызды жарып салайын деди,ошол жерде эки уч бала ыргып туруп,орусту жакалашып калышты,аялдар чурулдап токтотуп калышты,аялдар айтат бул орусту урсанар, орустар бизге точно бензин бербей койот деп.Ой тообо чынында жашоо кымбаттадыбы же орустарга коз каранды болдукпу белгисиз!

Оз олкобуздо бироого коз каранды кылбаса экен ылайым.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Vazir   30 Июль 2014 - 11:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Элди абдан эле кыйынчылыктын тупигине туртуп судуроп бараткан сыяктуу, Айдоочуларды да туура тушуном Бишкекте жашоо кымбат, жергиликтуу бийлик чечим чыгарардан мурун прогноздош керек эле, Мамлекетик Автобустар менен толук камсыздаш керек болчу.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Gulnazz93   30 Июль 2014 - 11:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 404
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2020 20:58
  • Жынысы:Белгисиз

Мамлекет баарын козомолдош керек эки тараптын ой пикирин угуп шарт тузуп бериш керек айдоочуларга деле кыйын алардын да уй булоосу бала чакасы бар мамлекеттин бийлиги такыр иштей албайт ар ким оз кызыкчылыгын ойлойт!



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Fatally   30 Июль 2014 - 17:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 51
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 31 Май 2017 12:04

Монополияга каршы агенттик жол кире акысын көтөрүүгө жол бербөө максатында комиссия түзүүнү сунуштап жатат

Бүгүн, 30-июлда Монополияга каршы агенттиктин директору Болсунбек Казаков маалымат жыйында борбордогу маршруттук таксилердин жол кире акысын негизсиз көтөрүүгө бөгөт коюу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүү керектигин билдирди.

Анын айтымында, тарифтик бааны жогорулатуудан мурун бул тармакты мыйзамдаштыруу керек. “Тарифке таасир этүүчү факторлор деталдуу талданышы керек. Биз баа тарифин белгилөөнү иликтөө боюнча мекемелер ортосунда комиссия түзүүнү сунуш кылабыз. Ал эми маршруттук таксилердин айдоочуларын мыйзамсыз төлөмдөрдөн арылтуу зарыл. Ошондой эле айдоочулардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо механизми, ишинин сапаты боюнча мониторингдин тартиби жеткиликтүү болбогондуктан, жолун издөө керек”,- деди Казаков.

Айта кетсек, 28-июлда Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары күйүүчү майдын кымбаттап жаткандыгына байланыштуу жол кире акысын 15 сомго чейин көтөрүү керектигин айтышкан.





http://www.super.kg/ kabar/news/76749/



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   rumaika5544   30 Июль 2014 - 23:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Жол кире кымбаттадыбы? туугандар айтып койгулачы,Бугун 15сом толоп журдум го,?!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   realliver   31 Июль 2014 - 13:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 958
  • Катталган: 09 Февраль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Sant'yago Bernabeu

Просмотр сообщения rumaika5544 (30 Июль 2014 - 23:51) жазган:

Жол кире кымбаттадыбы? туугандар айтып койгулачы,Бугун 15сом толоп журдум го,?!

Кымбаттаган жок толобо андай. Бар эми кайра барып калганын бер де))
Реал чемпиооон!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   MORAL   29 Август 2014 - 12:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 13 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2016 21:08


Бишкекте маршруттук таксилердеги шартты ыңгайлуу кылуу үчүн жол кирени 35 сомго чейин көтөрүү сунушталды
Бишкекте бүгүн, 29-августта МАИнин жетекчилигинин менен жолугушууда маршруттук такси кызматтарынын башчылары тарифти 35 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Алар шаардын жарандар маршруттук таксилерде ыңгайлуу жүрүүнү талап кылышканын айтып, ал үчүн туруучу орун жок болуш керектигин белгилешти. Бирок мындай болсо күйүүчү майга болгон акча каражат акталбашы айтылып, тарифти 35 сомго көбөйтүү керектиги сунушталды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Bad-boy   29 Август 2014 - 19:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 017
  • Катталган: 28 Март 14
  • Соңку аракети: 14 Авг 2024 22:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Обл. Ош р. Ноокат

Не баляя эле болуп жатат. Жол киренин тарифин көтөрүп алышса, эртең Сентябрьдын аяктарына күйүүчү майдын, баасы төмөндөйт деп жатат. Күйүүчү төмөндөсө да, айдоочулар жол кирени төмөндөтпөй коюшу ыктымал. 15 сом деле нормально актайт, Расход доходдорун.
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Elvira Karaeva   18 Февраль 2015 - 11:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 408
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Окт 2020 09:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Актуалдуулугу жоголду. Жабылды.
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,

Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Авг 2025 04:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: