Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#1424 29 Июль 2014 - 20:04
Шугур эй тообо шугур!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#1426 30 Июль 2014 - 19:26
Италияда иттер үчүн “тез жардам” кызматы пайда болду. Венециядан алыс эмес жерде жайгашкан Бибионе курорту - иттер үчүн эң соонун жай десек жаңылышпайбыз.
Ушул жайда ал жерде үй-жаныбарлары үчүн пляж ачылса, эми мына ветеринардык “тез жардам” кызматы да ачылды. Эгер пляжда иттерге күн өтүп кетсе, же алар жабыркаса, ээлери кызматтын өкүлдөрүн чакырта алышат.

#1427 30 Июль 2014 - 19:29
Бейтааныш адамдар менен баарлашуу - пайдалуу. Америкалык окумуштуулардын далилдөөсүндө,
коомдук транспортто бейтааныш адамдар менен сүйлөшүү өтө жагымдуу. Алар менен баарлашуу күнүмдүк маселелерди унутуп, жеңил жана эч нерсеге байлабаган диалог түзүп, бактылуу болсо болот. Андыктан, маршруттук таксилерге түшкөндө кимдир бирөөнү бактылуу кылып, сүйлөшүп койсоңор болот.

#1428 30 Июль 2014 - 19:36
Кызыктуу фактылардан:
Жер бетинде эң чоң температура - чагылган түшкөн жерде. Секунда ичинде чагылган түшкөн жерде температура көрсөткүчү 30.000 градуска жетет.
Бийик таканы алгач эркектер өздөштүрүшкөн. Перс согушу маалында кавалериянын аскерлери бутуна сөзсүз түрдө бийик така кийишкен.
Унаадагы коопсуздук жаздыкчаларынын чыгуу ылдамдыгы 300 чакырымды түзөт.

#1429 30 Июль 2014 - 20:30
Эки колу жок майып оозу менен теннис ойноодо.
Египеттик эки колу жок майып Ибрагим Хамато дүйнө чемпионатында теннис ойноодо.
Жапонияда өткөн дүйнө үстөл теннис чемпионатында эки колу жок майып оозу менен ракетканы тиштеп, баардыгын таң калтырууда.
Маалыматка ылайык Ибрагим Хамато майып болгондугуна карабай ийгиликке жетишип, дүйнөнүн "алгачкы майып теннисчиси" аталып калды. 2010-жылында өткөн Африка майыптар чемпионунда Ибрагим Хамато экинчи орунга жетишкен. Кичинекей кезинде жол кырсыгына кабылып, эки колунан ажыраган Хамато эркин жоготпогондугун билдирген. Оозу менен ракетаны тиштеп, үстөл теннисинде ийгиликке жетишкен Ибрагим Хамато өзүнүн абалы туурасында мындай деди: "Мен 10 жашымда кырсыктан эки колумдан ажырадым. Арадан үч жылдан кийин ракетканы бутумдун бармагы менен илүүгө аракет кылдым. Бирок ал оюмду ишке ашыра алган жокмун, анан башка вариаттарды ойлонуп жатып, ракетканы тиштеп, ойноого өттүм. Мага бул жашоодо башымды бийик көтөрүп, өзүмдү колго алуума аялым жана үстөл тенниси себепчи болду. Бүгүнкү Жапонияда өтүп жаткан дүйнөлүк үстөл теннис мелдештерине катышканыма бактылуумун. Балким, менин үлгүм менен канчалаган адамдар бактылуу жолду табышат," - деп айткан.

#1430 30 Июль 2014 - 20:41
Маска эже бул жолкусунда только инвалид адамдарды чыгаргансыз го дейм. Ушунчалыгына кдайга шугур кылып келем. Бир бутумду кокустатып алып, буго албай мен кандай болуп атам. Эки буту жок, эки колу жок адамдарга кудай озу жар болсун. Маска эже акыркы кундору ото ото шумдуктарды баяндап жатасызбы дейм да...
#1433 31 Июль 2014 - 03:06
Айымдарлын кокурогун элестеткен укмуш коондор турбайбы. Коргондон корбогонубуз,
билгенден билбегенибиз коп да....
#1435 31 Июль 2014 - 17:05
Аргентинада сот ажырашкан жубайларга өзгөчө чечим чыгарды. Өкүмгө ылайык, алар 1 ай бою сот залына келип, балдарына китеп окуп берип турушу керек. Соттун пикиринде, бири атасы менен бири апасы менен калган балдар ата-энесинин ажырашуусун оор кабыл алууда. Эгер ата-эненин бирөөсү келбей калса, айыпка тартылып, күч менен сот залына алынып келинет.

#1436 31 Июль 2014 - 17:06
#1437 31 Июль 2014 - 17:14
Дүйнөнүн дагы бир эң чоң арбузу өстүрүлдү.
Дүйнөнүн дагы бир эң чоң арбузун испан дыйканы өстүрүп, салмагы 88 килограмм болду. Буга чейинки ааламдын эң чоң арбузу 2005-жылы Америкада өстүрүлүп, 120 килограмм салмагы менен Гиннесс рекорддор китебине кирген.
Маалыматка караганда, Испанияда салтка айланган арбуз жана коон конкурсу өткөрүлдү. Конкурстун жыйынтыгында Бадахос аймагынан келген баба-дыйкан Антонио Гонсалеса Касильясанын өстүргөн 88 килограмм салмактагы арбузу биринчиликти жеңип алды. Бул дыйкан былтыркы жылы дагы алдыга чыккан. Экинчи орунду 80,75 килограмм, үчүнчү орунга 80,61 килограмм салмактагы арбуздар көрсөтүлдү. Ал эми эң чоң коонду Хуан Висенте Мачадо өстүргөн. Анын салмагы 23,75 килограмм болгон. Саамалыктын уюштуруу комитетинин жетекчиси Фиесты Сан-Бартоломе Хесус Рамос айтымында быйылкы конкурстун жеңүүчүсү Испанияда теңдеши жок рекордсмен болуп эсептелет. Анткени өлкөдө ага тең келген арбуз өстүрүлө элек.
Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейинки ааламдын эң чоң арбузу 2005-жылы Америкада өстүрүлүп, 120 килограмм салмагы менен Гиннесс рекорддор китебине кирген.

Нравится

#1438 31 Июль 2014 - 22:59
Ошол эле Америкада кызыктуу жана күлкүлүү мыйзам тыюулар көп экени баарыбызга маалым болсо керек.
Жергиликтүү тургун Гарри Харрингтон бир ай түрмө жазасын алды. Кызыгы, ал болгону жаан суусун чогулткан. Анткени АКШнын Орегон штатында жаратылыш суусу кайра жаратылышка кайтырылсын деген мыйзам аракетте.