Суперстан: АХХ! Биз сүйгөн жыпар жыттар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

АХХ! Биз сүйгөн жыпар жыттар Биз суйгон жыпар жыттар

#161 Пользователь офлайн   Feijipiao   10 Июль 2014 - 17:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Атыр - сиздин басып жүргөн биографияңыз
Атыр - сиздин басып жүргөн биографияңыз. Себеби, сиз жактырган, табитиңиздеги жыпар жыт сиз ойлогондон да көптү айтып берет. Жыпар жыттарды даярдоо адистери ар бир адам өзүнүн да, башкалардын да колдонгон атырынан т.а. жытынан анын кандай адам экенин тааный ала турганын айтышат. Аны үчүн болгону атырдын аңкыган жыты кайсыл топко багытталганын билүү керек. Ал үчүн төмөндө көрсөтүлгөн жыттардын тобун жакшылап билүү зарыл.

Чыгыш жыты
Негизи: ваниль, амбра, жыттуу диптерикс, мускат жаңгагы жана кара мурч. Чыгыш жыттарын жактыргандар чыгармачылыкка жакын, салт, үрп-адаттарды баалай билген, жалгыздыкты жакшы көргөн адамдар. Ошондой эле бир нерселерди коллекция кылып топтоону сүйүшөт жана сырткы көрүнүшү менен айырмаланып, жылдыздуу келишет. Өзүнө жакшы көңүл бөлүп карай билет жана билимдүү болушат.

Цитрус жыты
Негизи: цитрус өсүмдүктөрү. Бул түрдөгү өсүмдүк, гүлдөрдүн жытындагы атырларды тандагандар уюштуруучулук жагынын жакшы жана тартипти бекем кармаган адам экенинен кабар берет. Алар майда-чүйдөгө чейин пландоону жактырган жана кемтиксиз, мыкты болууга умтулган кишилердин тобуна кирет.

Мөмө-жемиш жыттары
Негизи: малина, шабдаалы, кара карагат. Мындай жемиштин жытындагы атыр колдонгондор көңүлдүү отуруштарды жактырган, ишенимдүү, жамаат менен иштей билген ошону менен бирге тамашага бат эле ишенип алган адамдар болушат.

Ак гүлдөрдүн жыттары
Негизи: лилия, фрезия, гардения, жасмин. Эгер сиз бул түрдөгү гүлдөрдүн жытынан атыр колдонсоңуз, анда сиз менен мамиле куруу абдан оңой. Ишенимдүү курбу, чыныгы дос боло аласыз.

Жыпар гүлдестелер
Негизи: роза, жасмин. Эгер сиз чогултулган гүл жыттарынан даярдалган атыр колдонсоңуз анда айланаңыздагылардын да шаңдуу, шайыр жашоосун жактырасыз. Ошондой эле көңүлүңүзгө жаккан нерселерди топтоп, коллекция кылууну да сүйгөн жана жылуу жүздүү адамдардын катарына киресиз.

Жыгач сыңары жыттар
Негизи: сандал жана кедр дарагы (ийне жалбырактуулар). Мындай дарактын жытындагы атыр колдонгондор сабырдуу, токтоо, сыпайы жана салтты бекем кармаган, көп китеп окуган, билимдүү адамдар. Ошондой эле этият болуп, кыйын учурларда да өзүн жоготпостон кармана билишет.

"Жашыл" токой жыты
Чөптүн, жалбырактын, эртең мененки шүүдүрүмдүн, мохтун жыттарын элестетет. Мындай түрдөгү жытты тандагандар спорт менен алектенгендер же бак өстүрүүнү жактыргандар же болбосо өзүнүн дене түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурган адамдар.

Океан же деңиз жыттары
Деңиз балырларын, дарыяны же жамгырдын жытын эске салат. Бул муздак жыттын сүйүүчүлөрү жабык мейкиндиктен коркушат. Ошол себептүү, алар муну менен чексиз деңиз мейкиндигин элестетишет. Алар ашыкча жасалгаларды жактыра беришпейт. Токтоолугу жана жөнөкөй, жупуну кийингендиги менен айырмаланышат.

Таза, "жеңил" жыттар
Абасы таза тоону элестетет. Мындай жыттардын сүйүүчүлөрү жамааттан айрылбоого аракет кылышат. "Эрежеге ылайык" шаарда жашайт, бирок шаар сыртына чыгып сейилдегенди абдан жактырган кишилер. Мындай адамдар калаа менен айыл ортосундагы гармонияны кармай билишет. Алардын өзгөчөлүгү жаңы нерселерге, модага аябай кызыкканында.

"Тамак" жыты
Анжир, курма, күрүч, быштак, кофе, вино, шампандын жытын элестетет. Мындай жытты жактыргандар кайраттуулугу, чечкиндүүлүгү жана көп нерсеге шыктуулугу менен өзгөчөлөнүп турушат. Ошондой эле өзү менен өзү болуп жүрө берген адамдарда болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#162 Пользователь офлайн   kuu-1005   23 Июль 2014 - 14:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 135
  • Катталган: 18 Февраль 14
  • Соңку аракети: 05 Июл 2025 22:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстандан алыыс жерде....

Просмотр сообщения orhideya (04 Июль 2014 - 08:14) жазган:

"COCO CHANEL MADEMOISELLE. " колдоном. Бирок (жидкостьту) эки турдуу болот. Бири сары , бири пуштуу кызыл сыяктуу. Жыттары да ар башка.
Сары (жидкосьтогусу) аябай сонун. Жыты 3-4 кунго сизди кыжаалат кылбай жетет. :crazy-girl: А кийимде сакталган жыты жуумайынча кетпей тура берет.


Магада ушул духи аябай жагат.Сүрөт

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: CHA_COM_big.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 23 Июль 2014 - 14:06

"Бактылуумун" !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#163 Пользователь офлайн   Feijipiao   27 Июль 2014 - 19:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Атырды кантип
пайдалануу керек?
Айланадагы адамдардын көңүлүн ирээнжитпей, аларга жакшы таасир калтырганга атырдын да кандайдыр бир деңгээлде жардамы тиет. Албетте, табитке туура тандалган атыр эч кимди кайдыгер калтырбайт.
Атырды кайсыл жерге барарда, кийимге, жыл мезгилине ылайыктап тандаганыңыз оң. Мисалы, кандайдыр бир кечеге бара жаткан болсоңуз "салмактуу" атырларга басым жасаңыз. Ал эми жаратылыштын койнуна эс алганы баратсаңыз жеңил, көңүлдү көтөрө турган атырлар ылайык келет.
Ишканада, жумуш ордуңузга бараарда кесиптештериңизди да эске алыңыз. Анткени, өтө кескин жыт иштөөгө тоскоол болуп, башты оорутушу мүмкүн.
Спорт менен машыгууларда атыр себүүнүн кереги жок. Денеден чыккан тер менен атыр аралашып көңүлүңүздү айнытат.
Эртең менен кечке чейин жыты тарап кетет деген ойго салып өтө көп атыр колдонууга болбойт. Андан көрө, жаныңызга атырды салып алганыңыз оң. Аябай себилген, мурунду жарган атырдын жыты илгертеден бери туура эмес көрүнүштөрдүн бири катары каралып келген.
Сууга түшкөндөн кийин себилген атыр денеге жакшы сиңет. Синтетикага караганда башка материалдар өзүнө жытты жакшы кармайт. Эсте Лаудердин атырды кантип себинүү тууралуу берген төмөнкүдөй кеңеши бар: "Жыт жакшы сиңип, көпкө сакталууну кааласаңыз алгач атырды абага сээп алып, ошол жытка умтулуу керек. Атырды эч качан өзүңүздөн аябаңыз. Ар кайсы жерге кичинеден сээп коюудан эч нерсе өзгөрбөйт" .
Дагы бир белгилей кетчү маанилүү көрүнүш - атырды себээрде кымбат-баалуу жасалгаларды чечип турганыңыз оң. Себеби, бермет, янтарь сыяктуу асыл таштарды атыр бузуп, керектен чыгарат. Жумшак шубанын көрүнбөгөн жерине сепкен туура. Анткени, мехтин өңү бат өчөт, шайы, ачык түстөгү материалдарга кеткис так пайда болушу мүмкүн. Адам себинген атыры менен айланадагы адамдарга болгон мамилесин билдирет экен. Чектен чыга себилген атырды көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бургусу келгендер колдонушат. Атыр менен кошо чачка лак себинүүгө болбойт.

Дененин кайсы бөлүгү
атырды көпкө сактайт?
- Моюн, желке
- Чыканактын ички бети
- Кулактын арты
- Ийин, колдун билектери
Андан сырткары, чач да жытты бир топко чейин кармайт. Атырды себээрде денеңиздин ошол жерине жыты анчалык сезилбеген бет май сүйкөп туруп сепсе да жакшы жыйынтык берет. Эгерде денеңиз жыттан аллергия болсо кийимге же бет аарчыга эле сепкен туура.

Атырды тандоонун жолдору
Ар бир адамдын денесиндеги химиялык курамдар ар түрдүү, темирлер башкача иштейт. Ошондуктан башка бирөө себинип жүргөн атыр сизге жагып калса сөзсүз ошону колдонуунун зарылчылыгы жок. Анткени, сиздин денеңизде ал атыр такыр башкача жыттанып калышы мүмкүн. Бир эле атырды узак убакытка колдонууга болбойт, улам-улам алмаштырып турган дурус. Сатып алып жатканда дароо эле чыканактын ички жагына сээп көрүңүз, бир аздан кийин этиңиз кызарбай, жыты ойдогудай болсо алсаңыз болот. Жаз мезгили жаңылануунун, сүйүүнүн символу болуп саналат. Жаз айында көбүнчө жеңил жыттарга ыктаганыңыз оң. Гүлдөрдүн жытына түспөлдөш роза, лаванда, лилия, фиалка, жасмин жыттанган атырлар эң жакшы вариант.
Жайында көпчүлүгү атыр колдонбой эле жүрүшөт. Эгерде сиз алардын катарына кирбесеңиз апельсин, мандарин, лимон жыттанган жана парфюм майы азыраак атырларга басым жасаңыз. Анткени, алар энергияны көтөрүп, чарчаганды көп сездирбей, көтөрүңкү маанай тартуулайт.
Күз айларында көбүрөөк таттуу, жумшак жыттар жакшы. Өрүк же карагаттын жытын эске сала турган атырлардан колдонуу сунушталат. Кыш мезгилинде экзотикалык жыттар делебени көбүрөөк козгойт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#164 Пользователь офлайн   Aimeerimka   28 Июль 2014 - 01:39

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 492
  • Катталган: 28 Февраль 14
  • Соңку аракети: 17 Ноя 2015 20:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтуу кыргыз жери.

Сосо shanel аябай жагатда суйомго бул атырды кийимдерге себип койсом 3 4 кун жыты кетпей журо берет болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#165 Пользователь офлайн   Angel92   29 Июль 2014 - 12:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

212 vip алдым эле,жакпай калды эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#166 Пользователь офлайн   s.sladka9   30 Июль 2014 - 01:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 112
  • Катталган: 19 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 30 Июл 2020 19:01

<p>Баардык аял затында духинин туру болушу керек деп ойлойм,негизи менин полкамда орифлейм,эйвондун духилери.Ананда мен духи алганда крем для тело,спрей,талыктарын кошуп комплект кылып алам.Духинин туру болсо экономда болот.</p> <p><br>& nbsp;</p>
Ооба баары акылдуу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#167 Пользователь офлайн   Gulnazz93   30 Июль 2014 - 08:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 404
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2020 20:58
  • Жынысы:Белгисиз

Mary kay дин духисин колдоном анан Oriflame дин Lusia деген духиси жагат



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#168 Пользователь офлайн   Lady_smile   30 Июль 2014 - 21:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 24 Июнь 14
  • Соңку аракети: 21 Июн 2016 01:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:London

Мындай нерселерден кийин туулгам. Атыр самын м.н жуунуп коём жетиштуу.
И в радости и в горе, какой
бы ни был стресс, держите под
контролем – мозги, язык и вес!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#169 Пользователь офлайн   Nariste...12   02 Август 2014 - 14:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Орифлейм дин Eklat колдончумун. Дивайн жакшы дегенинен аны да колдондум.
Духим тугонуп баратат , ошого кандай духи алсам деп ойлонуп жатам....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#170 Пользователь офлайн   Nariste...12   02 Август 2014 - 14:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Дагы кошумчалай кетчу нерсе,Mary Kay дин кайсы духилери жакшы?
Билгендер болсо, аттарын жазып койсонор сонун болмок да??
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#171 Пользователь офлайн   meerim8793   02 Август 2014 - 14:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 976
  • Катталган: 02 Февраль 14
  • Соңку аракети: 07 Янв 2022 16:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:ТАЛАС

Такыр колдонбойм, кызыкпайт экем. Кээде мусулманскийден сүртүп коём.
Оо мурда фаберликтин бир духисин жыттап көрүп жактырып калган элем, анда акчам жок болчу.
Андан башка бирда атырды анчалык жактырган эмесмин,эми ошол атырды таппай жүрөм,атын деле билбейм,көк түстө болчу, жыты холодный,морской. Алтау,же Алтай болсо кк, билгендер айтып койгулачы аталышын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#172 Пользователь офлайн   Aikoo2014   02 Август 2014 - 15:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Мен баякы кичине мусулманский атырдан колдонсом жумушта бир орус ваай аябай соонун жыт экен дегенда. Бул моондай флакондо болот деп сыртын коргозсом ушул кичине эле экен ээ дегенде,100р дан сататго ошонон. Кайнатам ажылар келгенде,даваатка чыгып келгенде ошол кичинекей атырдан ала келчу силерге берди ажылар деп.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#173 Пользователь офлайн   Aikoo2014   02 Август 2014 - 15:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Мен баякы кичине мусулманский атырдан колдонсом жумушта бир орус ваай аябай соонун жыт экен дегенда. Бул моондай флакондо болот деп сыртын коргозсом ушул кичине эле экен ээ дегенде,100р дан сататго ошонон. Кайнатам ажылар келгенде,даваатка чыгып келгенде ошол кичинекей атырдан ала келчу силерге берди ажылар деп.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#174 Пользователь офлайн   Baktyluumun   06 Август 2014 - 05:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Июл 2025 23:10
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Baktyluular olkosundo!!!

CUCCI FLORA koldonup atam. Jyty jakty... Сүрөт
Лучше быть счастливыми, чем гордыми. Пишите, звоните, говорите в глаза .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#175 Пользователь офлайн   cholpona90   08 Август 2014 - 14:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 156
  • Катталган: 23 Август 13
  • Соңку аракети: 05 Фев 2015 17:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Азыр мага Орифлеймдин Eclat Femme деген атыры жакты.Ошону заказ кылыш керек.Анан дагы Фаберликтин ЮНЫЙ ОСМАНТУС деген суусу сонун.
Чолпона
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#176 Пользователь офлайн   cholpona90   08 Август 2014 - 14:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 156
  • Катталган: 23 Август 13
  • Соңку аракети: 05 Фев 2015 17:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Просмотр сообщения meerim8793 (02 Август 2014 - 14:44) жазган:

Такыр колдонбойм, кызыкпайт экем. Кээде мусулманскийден сүртүп коём.
Оо мурда фаберликтин бир духисин жыттап көрүп жактырып калган элем, анда акчам жок болчу.
Андан башка бирда атырды анчалык жактырган эмесмин,эми ошол атырды таппай жүрөм,атын деле билбейм,көк түстө болчу, жыты холодный,морской. Алтау,же Алтай болсо кк, билгендер айтып койгулачы аталышын.

ALATAU деген атыр,баасы 800 сом.Бирок жыты жакпайт
Чолпона
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#177 Пользователь офлайн   Giza   24 Сентябрь 2014 - 17:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Кензуну аябай жакшы көрөм анан Дольче Габаннанын 3 императрица дегени сонун да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#178 Пользователь офлайн   saltanat.   25 Сентябрь 2014 - 21:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Просмотр сообщения Giza (24 Сентябрь 2014 - 17:31) жазган:

Кензуну аябай жакшы көрөм анан Дольче Габаннанын 3 императрица дегени сонун да

Мен да ушуну колдоном. Бир жыл колдонуп, эми кайра жаңысын алперди жанусям.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#179 Пользователь офлайн   hihikayu   25 Сентябрь 2014 - 21:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 807
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 20 Янв 2022 16:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!

Chanel колдончуумун өзүм,майрамда женем oriflame divine алып берди эле жакты аябай
Сен бар учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#180 Пользователь офлайн   Giza   25 Сентябрь 2014 - 22:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения saltanat. (25 Сентябрь 2014 - 21:04) жазган:

Мен да ушуну колдоном. Бир жыл колдонуп, эми кайра жаңысын алперди жанусям.


Меники түгөндү бирди алып салып ийбейсинбиСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 20:46

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: