Уйдо отурсам бироо кирип келди:
-Уйдо ким бар? Айт маарек болсун!
-Уйдо эч ким жок,- дедим мен. Мен кайдан билейин анын арам оюн. Оюн билсем, алдап эшикке чыгып, качып кетсем болот эле. Мен 1-2 жолу коргон байке экен.
Жаныма басып келип дагы сурады:
-Уйдо эч ким жокпу?
-Жок...
-Жалгызсынбы? Байкелерин кайда?
-Билбейм...Апам айттап кеткен.
-Мм...Кел чай ичебиз.
-Мен куя албайм.
-Мен куям.
Экообуз чай ичип баштадык. Мен, мен кичинекей, жаман оюм жок, аны менен чай ичип, суйлошуп отурдум. Бир маалда ал мени кытыгылады. Мен атамдын кытыгысына окшоштурсам керек кулуп жибердим. Ал ого бетер кытыгылады, мен аябай каткырып ордуман тура качтым. Аттин! Ошондой катуу каткырыктын артын билсемчи... Артынан мага кандай жамандык келерин билсемчи...
Ал менин аркамдан кубалай тушуп, кытыгылап, колун кийимимдин астына салып жиберди. Озумду жаман сезип, "Байке, кытыгылабанызчы" дедим. Ал менин оозумду жаба калып шымымды чечип, ар кайсы жагымды карамлап, катуу дем алып жатты. Мен эч нерсени тушунбой, анын коздорун карап, коркуп ыйлап жаттым. Аба жетпей, козум карангылап эсимди жоготтум.
Бетиме катуу нерсе тийгенин сезип, чочуп ойгондум. Ал эшикти жаап чыгып кетти. Мен ордуман туруп, шымымды кийип, ыйлап отуруп калдым.
Кечке маал апам, байкелерим келишти. Аларга айта алган жокмун. Уялдымбы же ишенишпейт дедимби, билбейм...

Супер-Инфо
super.kg
видео















