Өлүмтүк.
Адам табигатында өз колу менен
сойбогон жана табигый өлгөн
жаныбарлардын этин жегенден
жийиркенет.
Анын илгертен эле
өлүмтүк жебегени тарыхый
булактарда көп айтылат. Ислам
шариаты өлүмтүктү тактап
түшүндүрд жана ага болгон
мамилени да тартиптеди.
Аллах:
«Силерге өлүмтүк, кан,
чочконун жана Аллахтын аты
аталбай союлган жандыктын
эти, же муунтулган,
же уруп
өлтүрүлгөн,
же кулап өлгөн, же
сүзүлүп өлгөн, же эгер аны
тирүүсүндө сойгону
үлгүрбөсөңөр жырткыч
өлтүргөн, буттарга жана пал
ачуу үчүн союлган малдын
этине тыйуу салынат. Мунун
баары булганч» [3] -дейт. Бул
аятта дагы алты зат
(муунтулган,
уруп өлтүрүлгөн,
кулап өлгөн, сүзүлгөн, жырткыч
тийген, буттарга арналып
союлган) кошулуп, мурдагы
аяттарда аталган арамдар
толуктады. Чындыгында бул
толуктоону өлүмтүктүн
чечмелениши десе болот жана
аны үй, жапайы, туяктуу,
кепшөөчү, канаттууларга ж.б.
жаныбарларга бирдей
тийешелүү.
Бирок, шариат жогорудагы
абалдагы жандыктар али тирүү
кезинде мусулман Аллахтын аты
менен сойгону жетишип калса –
анын этин жегенге уруксат
берет. Андай абалдагы
жандыктын тирүү кезин Али
инб Абу Толиб: «Урулган,
кулаган же сүзүлгөн жандыктын
буту кыймылдап турган
учурунда сойгонго
жетишсеңиздер,
анын этин
жегенге уруксат» -деп
түшүндүрөт.
Ад-Дахак муну:
«...жандыктын көзү, куйругу
кыймылдаса» -деп толуктайт.
Ошондой эле бир катар
окумуштуулар жандыкты
сойгондогу кандын атылуусу
анын тирүүлүгүн далилдээрин
айтышат.
- (2 )
-
- 1
- 2
Адал эт.
#21 01 August 2014 - 00:20
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#22 01 August 2014 - 00:26
Ошондой эле пайгамбарыбыз
с.а.в.: «Тирүү жаныбардан
кесип алынган эт да өлүмтүк
болуп эсептелет» [4] ,-деп,
тирүү жандыктан кесип, үзүп же
жулунуп алынган эттин да
арамдыгын белгиледи.
Өлүмтүктүн эти табиятта башка
жаныбарлардын ырыскысы үчүн
каралган жана аны жеөө
адамдын татыктуулугун
төмөндөтөт. Ошондуктан Аллах
өлүмтүккө тыйуу салуусу менен
бир тараптан адамдын баркын
бекемдемдесе, экинчи тараптан
анын кол астындагы жан-
жаныбарларга камкордук
кылуусуна шарт түздү. Анткени,
мусулман малы арам өлүп,
керектөөсүн алдын алып, кол
астындагы малга сарамжалдуу
жана аяр мамиле жасоосуна
түрткү болот. Бул да болсо
Жаратуучунун адам ырыскысына
жаратылгандардын да акысын
кастарлаган дагы бир
даанышмандыгы.
Анын үстүнө заманбап медицина
да өлүмтүктүн көп зыяндарын
айтат. Жаныбардын жаны
кетээри менен анын
денесиндеги клеткалар заматта
чирип, өлүк уусуна (трупный
яд) айлана баштайт. Анын адам
затына зыяндуулугу сасык
жытынан да байкалат.
Тилекке каршы, дээрлик
көпчүлүк светтик
мамлекеттердин техникалык
регламенттери эт өндүрүшүндө
шариат талаптарынан оолак
жана тетирисинче ток менен же
муунтулуп өлтүрүлгөн малды
таза деп карайт жана анын
өлүмтүк экенин эске албайт.
с.а.в.: «Тирүү жаныбардан
кесип алынган эт да өлүмтүк
болуп эсептелет» [4] ,-деп,
тирүү жандыктан кесип, үзүп же
жулунуп алынган эттин да
арамдыгын белгиледи.
Өлүмтүктүн эти табиятта башка
жаныбарлардын ырыскысы үчүн
каралган жана аны жеөө
адамдын татыктуулугун
төмөндөтөт. Ошондуктан Аллах
өлүмтүккө тыйуу салуусу менен
бир тараптан адамдын баркын
бекемдемдесе, экинчи тараптан
анын кол астындагы жан-
жаныбарларга камкордук
кылуусуна шарт түздү. Анткени,
мусулман малы арам өлүп,
керектөөсүн алдын алып, кол
астындагы малга сарамжалдуу
жана аяр мамиле жасоосуна
түрткү болот. Бул да болсо
Жаратуучунун адам ырыскысына
жаратылгандардын да акысын
кастарлаган дагы бир
даанышмандыгы.
Анын үстүнө заманбап медицина
да өлүмтүктүн көп зыяндарын
айтат. Жаныбардын жаны
кетээри менен анын
денесиндеги клеткалар заматта
чирип, өлүк уусуна (трупный
яд) айлана баштайт. Анын адам
затына зыяндуулугу сасык
жытынан да байкалат.
Тилекке каршы, дээрлик
көпчүлүк светтик
мамлекеттердин техникалык
регламенттери эт өндүрүшүндө
шариат талаптарынан оолак
жана тетирисинче ток менен же
муунтулуп өлтүрүлгөн малды
таза деп карайт жана анын
өлүмтүк экенин эске албайт.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#23 01 August 2014 - 00:29
Уруксат берилген өлүмтүк
жана андан алынган заттар
Ошол эле учурда шариатта кээ
бир өлүмтүктөргө уруксат
берилген. Буга Кураандын:
«Сиздерге деңиз жандыктарын
жана азыктарын кармоого
(уулоого) уруксат» [5] ,-деген
аяты далил. Умар «деңиз
жандыктары» дегенди анда
кармалгандарды, ал эми
«азыктары» деп деңизде өлүп
жээкке чыгып калгандарды
түшүндүргөн. Ибн Аббас да
«азыктары» дегенди деңизде
өлгөн жандыктар деп айткан.
Абу Хурайра р.а. пайгамбарыбыз
с.а.в.га бирөө келип: «Оо,
Аллахтын Элчиси! Биз деңизге
чыкканда өзүбүз менен аз эле
суу алып чыгабыз жана ага
даарат алсак, ичкени калбай
калат. Деңиз суусу менен даарат
алсак болобу?»,-деп сураганда,
пайгамбарыбыз с.а.в.: «Деңиз
суусу тазаланганга жарайт
жана андагы өлүмтүккө да
уруксат» [6] ,-деп жооп бергенин
айтат.
Имам ас-Санааний: «Бул
хадистен келбети ит жана
чочкого окшогонуна карабай,
бүт деңиз жаныбарларынын
өлүмтүгү адал экендиги анык
болду» [7] -деген.
жана андан алынган заттар
Ошол эле учурда шариатта кээ
бир өлүмтүктөргө уруксат
берилген. Буга Кураандын:
«Сиздерге деңиз жандыктарын
жана азыктарын кармоого
(уулоого) уруксат» [5] ,-деген
аяты далил. Умар «деңиз
жандыктары» дегенди анда
кармалгандарды, ал эми
«азыктары» деп деңизде өлүп
жээкке чыгып калгандарды
түшүндүргөн. Ибн Аббас да
«азыктары» дегенди деңизде
өлгөн жандыктар деп айткан.
Абу Хурайра р.а. пайгамбарыбыз
с.а.в.га бирөө келип: «Оо,
Аллахтын Элчиси! Биз деңизге
чыкканда өзүбүз менен аз эле
суу алып чыгабыз жана ага
даарат алсак, ичкени калбай
калат. Деңиз суусу менен даарат
алсак болобу?»,-деп сураганда,
пайгамбарыбыз с.а.в.: «Деңиз
суусу тазаланганга жарайт
жана андагы өлүмтүккө да
уруксат» [6] ,-деп жооп бергенин
айтат.
Имам ас-Санааний: «Бул
хадистен келбети ит жана
чочкого окшогонуна карабай,
бүт деңиз жаныбарларынын
өлүмтүгү адал экендиги анык
болду» [7] -деген.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#24 01 August 2014 - 00:33
Кайсыдыр жүрүштө
сахабалардын деңиз жээгине
чыгып калган анбар (кашалот)
балыгынын эти жана майы
менен азыктанышып, Мадинага
кайтканда пайгамбарыбыз
с.а.в.га бул тууралу
айтышканда, ал: «Аллах
сиздерге насип кылганынан
жегиле жана аныңардан
калган болсо, мага да
бергиле» [8] ,-дегенин Жабир
айтат.
Ошондой эле пайгамбарыбыз
с.а.в.: «Бизге эки өлүмтүк
жана эки канга уруксат
берилген. Эки өлүмтүк- балык
жана саранча, ал эми эки кан-
боор жана көк боор» [9] ,-деген.
Шариат өлүмтүктүн этин
жегенге гана тыйуу салат, бирок
анын терисин, мүйүзүн, сөөгүн
жна жүнүн иштеткенге уруксат
берет. Ибн Аббас пайгамбарыбыз
с.а.в.дын жубайы Маймуна
кызматкерине берилген бир кой
өлүп калып, анын жанынан өтүп
бараткан пайгамбарыбыз с.а.в.:
«Эмнеге мунун терисин
шылып, ашатып иштеткен
жоксуң?» -сураганын жана ага
«Ал өлүмтүк да»-деп жооп
бергенде, пайгамбарыбыз с.а.в.:
«Анын этин гана жегенге
болбойт» [10] -дегенин айтат.
Пайгамбарыбыз с.а.в. ошондой
эле: «Терини ашатуу
тазалайт» [11] ,
«Ашатылган
тери тазаланган» [12] -
дегендери да айтылат.
сахабалардын деңиз жээгине
чыгып калган анбар (кашалот)
балыгынын эти жана майы
менен азыктанышып, Мадинага
кайтканда пайгамбарыбыз
с.а.в.га бул тууралу
айтышканда, ал: «Аллах
сиздерге насип кылганынан
жегиле жана аныңардан
калган болсо, мага да
бергиле» [8] ,-дегенин Жабир
айтат.
Ошондой эле пайгамбарыбыз
с.а.в.: «Бизге эки өлүмтүк
жана эки канга уруксат
берилген. Эки өлүмтүк- балык
жана саранча, ал эми эки кан-
боор жана көк боор» [9] ,-деген.
Шариат өлүмтүктүн этин
жегенге гана тыйуу салат, бирок
анын терисин, мүйүзүн, сөөгүн
жна жүнүн иштеткенге уруксат
берет. Ибн Аббас пайгамбарыбыз
с.а.в.дын жубайы Маймуна
кызматкерине берилген бир кой
өлүп калып, анын жанынан өтүп
бараткан пайгамбарыбыз с.а.в.:
«Эмнеге мунун терисин
шылып, ашатып иштеткен
жоксуң?» -сураганын жана ага
«Ал өлүмтүк да»-деп жооп
бергенде, пайгамбарыбыз с.а.в.:
«Анын этин гана жегенге
болбойт» [10] -дегенин айтат.
Пайгамбарыбыз с.а.в. ошондой
эле: «Терини ашатуу
тазалайт» [11] ,
«Ашатылган
тери тазаланган» [12] -
дегендери да айтылат.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#25 01 August 2014 - 00:36
Пайгамбарыбыз с.а.в.дын
жубайы Сауда: «Биз бир койубуз
өлүп, анын терисин ашатып суу
чанач жасап алдык жана ага
курма менен таттууланган суу
куюп ичип, ал жараксыз болуп
калганга чейин колдонуп
жүрдүк» [13] -деген.
Ушундан улам бардык
жандыктардын ашатылган
терисин иштетүүгө уруксат
берилгенин байкаса болот.
***
Кан.
Шариатта жаныбардан чыккан
кан жана андан даярдалган
тамак, азыктарга тыйуу
салынат. Ибн Аббастан көк боор
тууралу сурашканда, ал: «Көк
боорду жесеңер болот» -деген.
«Көк боор кан го»-деп кайра
сурашканда, ал: «Жаныбар
союлганда аккан канга гана
тыйуу салынган» -деп жооп
берген.
Ушундан улам уруксат
берилген жана туура союлган
малдын аккандан калган каны
[20] адал.
жубайы Сауда: «Биз бир койубуз
өлүп, анын терисин ашатып суу
чанач жасап алдык жана ага
курма менен таттууланган суу
куюп ичип, ал жараксыз болуп
калганга чейин колдонуп
жүрдүк» [13] -деген.
Ушундан улам бардык
жандыктардын ашатылган
терисин иштетүүгө уруксат
берилгенин байкаса болот.
***
Кан.
Шариатта жаныбардан чыккан
кан жана андан даярдалган
тамак, азыктарга тыйуу
салынат. Ибн Аббастан көк боор
тууралу сурашканда, ал: «Көк
боорду жесеңер болот» -деген.
«Көк боор кан го»-деп кайра
сурашканда, ал: «Жаныбар
союлганда аккан канга гана
тыйуу салынган» -деп жооп
берген.
Ушундан улам уруксат
берилген жана туура союлган
малдын аккандан калган каны
[20] адал.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#26 01 August 2014 - 00:46
Мал соердо Аллага багыштап,куран окугандан кийин союш керек.Илгерки ата-бабаларыбыз,
,сенде жазык жок,енде азык жок''деп сойчу экен.Мууздап жатканда жаны чыккыча,,,бисимилла,
аллоху акбар''-
деп туруш керек.Адал эмес жандыкты(чочко,
эшек,мышык)мин жолу куран окусан да арам болот.Жогорудагы зебра жонундо айтсам,зебра эшек тукумунан болгону учун адал деп эсептелбейт.
Качыр да эти арам болуп эсептелет.Сагызган,
каргаларды да арам деп эсептешет.
#27 01 August 2014 - 00:52
Чочконун эти.
Чочко башка үй жандыктарынан
жеген тамагынын
жийиркеничтүүлүгү менен
айырмаланат жана адамга
табиятында жийиркеничтүү
жандыктардан. Анын үстүнө
заманбап медицина илими
чочконун зыяны тууралу көп
ачылыштарды
жасады. Айтмакчы, бир катар
элдердеги аборттордун өсүүсүнө,
эркектердин табигый кызганыч
сезими мокоп, аялдардын
бузулуусуна чочко этин көп
жегендиги зор таасирин
тийгизгенин айткан
окумуштуулар бар.
Чочко башка үй жандыктарынан
жеген тамагынын
жийиркеничтүүлүгү менен
айырмаланат жана адамга
табиятында жийиркеничтүү
жандыктардан. Анын үстүнө
заманбап медицина илими
чочконун зыяны тууралу көп
ачылыштарды
жасады. Айтмакчы, бир катар
элдердеги аборттордун өсүүсүнө,
эркектердин табигый кызганыч
сезими мокоп, аялдардын
бузулуусуна чочко этин көп
жегендиги зор таасирин
тийгизгенин айткан
окумуштуулар бар.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#28 01 August 2014 - 00:54
Аллахтын аты аталбай союлган
жандык
Ислам акыйдасы жалгыз
кудайлуулукка (таухидке)
негизделген жана тамактануу
адамдын негизги муктаждыгы
болгондуктан аны Аллахтын аты
менен канааттандыруу башка
ибадаттардай эле диндин
негизги түркүгү катары каралат.
Өзгөчө, эт өндүрүү
маселелеринде бул талапка зор
маани берилет. Т.а. жандык
Аллахтын аты менен союлуусу
негизи талап. Ал эми Аллахтын
аты аталбай, же караңгылык
салттарындай жалган
кудайларга, айкелдерге, «ыйык»
жер-сууларга, олуя, бакшы, көзү
ачыктарга, арбактарга ар кандай
аталыштагы арбактарга,
жиндерге арналып союлган
жандыктын этин жегенге катуу
тыйуу салынат.
Бул маселе мусулман үчүн
өзгөчө мааниге ээ. Т.а.
мусулман ар бир аракетин
атайын ниет - Аллахтын аты
менен ишке ашырууга, өзүнүн
ырыскысына жаратылган
жандыкты Жараткан заттын аты
менен гана тамак кылууга
милдеттүү. Ислам шариаты
боюнча Аллахтын аты аталып,
мусулман тарабынан союлган
жандык гана Жаратуучусу
алдында адамга ырыскы болуп
каралган өз милдетин аткарган
болот. Антпесе, ал бөөдө
өлтүрүлгөн деп эсептелет. Анын
үстүнө Аллахтын атын укпай
мууздалган жаныбар өтө
кыйналып жан берет жана
акыретте өчүн сурайт. Аллахтын
аты менен мууздалган жаныбар
бир караганда кыйналгандай
көрүнгөнү менен, аны жан берүү
кыйынчылыгынан Жараткан
Өзү куткарат.
жандык
Ислам акыйдасы жалгыз
кудайлуулукка (таухидке)
негизделген жана тамактануу
адамдын негизги муктаждыгы
болгондуктан аны Аллахтын аты
менен канааттандыруу башка
ибадаттардай эле диндин
негизги түркүгү катары каралат.
Өзгөчө, эт өндүрүү
маселелеринде бул талапка зор
маани берилет. Т.а. жандык
Аллахтын аты менен союлуусу
негизи талап. Ал эми Аллахтын
аты аталбай, же караңгылык
салттарындай жалган
кудайларга, айкелдерге, «ыйык»
жер-сууларга, олуя, бакшы, көзү
ачыктарга, арбактарга ар кандай
аталыштагы арбактарга,
жиндерге арналып союлган
жандыктын этин жегенге катуу
тыйуу салынат.
Бул маселе мусулман үчүн
өзгөчө мааниге ээ. Т.а.
мусулман ар бир аракетин
атайын ниет - Аллахтын аты
менен ишке ашырууга, өзүнүн
ырыскысына жаратылган
жандыкты Жараткан заттын аты
менен гана тамак кылууга
милдеттүү. Ислам шариаты
боюнча Аллахтын аты аталып,
мусулман тарабынан союлган
жандык гана Жаратуучусу
алдында адамга ырыскы болуп
каралган өз милдетин аткарган
болот. Антпесе, ал бөөдө
өлтүрүлгөн деп эсептелет. Анын
үстүнө Аллахтын атын укпай
мууздалган жаныбар өтө
кыйналып жан берет жана
акыретте өчүн сурайт. Аллахтын
аты менен мууздалган жаныбар
бир караганда кыйналгандай
көрүнгөнү менен, аны жан берүү
кыйынчылыгынан Жараткан
Өзү куткарат.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#29 01 August 2014 - 00:56
Ошентип,
биз жогоруда ислам
шариаты шарттаган негизги
арамдарга азын оолак токтолдук
арамдын негизги
көрсөткүчтөрүн белгилегени
аракеттендик. Мусулман
арамдан качуу менен ибадатын
толук аткара алат жана ага
колунан келишинче шарт
түзүүсү ага милдет. Бул маселеде
мусулман коомунун мүчөлөрү
бири-бирине өтө жардамдашуусу
зарыл. Ошондуктан ислам
коомунда арам жегенге шарт
жок.
Ал эми колунда адалы туруп,
арам жегенге аргасыз болгон
мусулман бир тууганы менен
бөлүшпөгөн - Аллах алдында чоң
күнөөкөр деп каралат. Ибн
Хазм: «Мусулман жанында
колунда адал тамагы бар
мусулман турганда арам жегенге
уруксат жок. Анткени, ал
колундагы тамагын муктаж бир
тууганы менен бөлүшүүгө
милдеттүү. Эгер ал аны
бөлүшүүдөн баш тартып, берки
менен мушташа кетип, өлүп
калса Аллах алдында бир
тууганын акысын бербеген
кылмышкер катары, Анын
каарына дуушар болуп тирилет.
Ал эми андан адал тамак
талашып жатып, же жөн эле
ачкадан өлсө, андан тамак
аяган, адам өлтүргөн катары
(кысас) айыпка тартылат» [21] -
деген.
шариаты шарттаган негизги
арамдарга азын оолак токтолдук
арамдын негизги
көрсөткүчтөрүн белгилегени
аракеттендик. Мусулман
арамдан качуу менен ибадатын
толук аткара алат жана ага
колунан келишинче шарт
түзүүсү ага милдет. Бул маселеде
мусулман коомунун мүчөлөрү
бири-бирине өтө жардамдашуусу
зарыл. Ошондуктан ислам
коомунда арам жегенге шарт
жок.
Ал эми колунда адалы туруп,
арам жегенге аргасыз болгон
мусулман бир тууганы менен
бөлүшпөгөн - Аллах алдында чоң
күнөөкөр деп каралат. Ибн
Хазм: «Мусулман жанында
колунда адал тамагы бар
мусулман турганда арам жегенге
уруксат жок. Анткени, ал
колундагы тамагын муктаж бир
тууганы менен бөлүшүүгө
милдеттүү. Эгер ал аны
бөлүшүүдөн баш тартып, берки
менен мушташа кетип, өлүп
калса Аллах алдында бир
тууганын акысын бербеген
кылмышкер катары, Анын
каарына дуушар болуп тирилет.
Ал эми андан адал тамак
талашып жатып, же жөн эле
ачкадан өлсө, андан тамак
аяган, адам өлтүргөн катары
(кысас) айыпка тартылат» [21] -
деген.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#30 01 August 2014 - 01:00
Алкоголь
Аллах: «Эй, ыйман
келтиргендер! Чындыгында,
арак, кумар оюндары, таш
буттар, жана пал жебелери
жийиркенич жана шайтандын
амалдарынан. Андан четтегиле-
балким ийгиликке
жетээрсиңер. Чындыгында,
шайтан арак жана кумар менен
ортоңорго кастык жана жек
көрүү киргизип, Аллахты
эстөөдөн, намаздан азгыргысы
келет. Чын эле
токтотпойсуңарбы? !» [22] -дейт.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Мас
кылуучунун баарына тыйуу
салынган! », «Мас кылуучунун
баары арак жана арак
арам» [23] ,-деген.[/i]
Аллах: «Эй, ыйман
келтиргендер! Чындыгында,
арак, кумар оюндары, таш
буттар, жана пал жебелери
жийиркенич жана шайтандын
амалдарынан. Андан четтегиле-
балким ийгиликке
жетээрсиңер. Чындыгында,
шайтан арак жана кумар менен
ортоңорго кастык жана жек
көрүү киргизип, Аллахты
эстөөдөн, намаздан азгыргысы
келет. Чын эле
токтотпойсуңарбы? !» [22] -дейт.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Мас
кылуучунун баарына тыйуу
салынган! », «Мас кылуучунун
баары арак жана арак
арам» [23] ,-деген.[/i]
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#31 01 August 2014 - 01:06
Муктаждык жана аргасыздык
Аллах Кураанда: «Эгер кимдир
бирээ аны аргасыздан,
атайлабай жана чектен чыкпай
жесе күнөө эмес. Чындыгында
Аллах-Кечиримдүү,
Ырайымдуу» , [14] «...кимдир
бирөө ачкалыктан,
күнөөкөрлүгүнөн эмес, арамды
жегенге аргасыз болсо, Аллах-
Кечиримдүү, Ырайымдуу» [15] -
дейт жана шариат адам муктаж
болгон учурда, аргасыздан
арамдан азыктануусуна уруксат
берет. Муктаждык менен
аргасыздыкты окумуштуулар
жегенге же ичкенге адал азык
такыр табылбай, өлүм
коркунучу турса гана деп
түшүндүрүшөт. Шейх Абдур-
Рахман ас-Саади бул
аятты: «Аллах жогоруда аталган
заттарга тыйуу салуу менен
адамдарды зор зыяндан куткарчу
жакшылык кылды. Буга карабай
адам жегенге башка тамак
таппай ачкадан өлгөнү калса же
аны буга зордошсо, бул
арамдарды жегени күнөө эмес.
Анткени, адамга ачкадан же
башка себептен өз өмүрүн
кыйууга жана ага коркунуч
туудурууга уруксат берилген
эмес. Тирүү калуунун себебин
издебесе адам өз жанын өзү
кыйгандай күнөөкөр болот.
Бирок, ал ошондо да ал
өлбөстүн өлчөмүнөн ашпоосу
зарыл. Ошондо гана ал жегени
үчүн жоопкер эмес, анткени,
Аллах керегинче жеп, ичкенди
буюрган. Ал эми башка азыгы
бар же ачкалыкты жеңүүнүн
башка жолу туруп, ал
арамдарды каалаганы туура
эмес. Ушундан улам
жогорудагы аяттан өтө зарыл
«муктаждык арамды жегенге
уруксат берет» [16] деген өкүм
келип чыгат», [17] -деп
чечмелеген. Имам Ибн аль-
Мунзир : «Окумуштуулар
муктаждыктан өлүмтүктү
жегенге уруксат беришкен» , [18] -
дейт жана ар бир
муктаждыктын чеги жана
айласы өз алдынча каралат.
Ошентип, бир топ аалымдар
жегенге уруксат берилген
арамдын өлчөмүн: «адал тамак
табылганганга чейин өлбөскө
жетээрлик гана жана андан
алдыга камдоого уруксат жок
дешсе», имам Малик: «Тойгончо
жегени жана адал табылганча
жетээрлик камдап алууга да
уруксат»-деген.
Аллах Кураанда: «Эгер кимдир
бирээ аны аргасыздан,
атайлабай жана чектен чыкпай
жесе күнөө эмес. Чындыгында
Аллах-Кечиримдүү,
Ырайымдуу» , [14] «...кимдир
бирөө ачкалыктан,
күнөөкөрлүгүнөн эмес, арамды
жегенге аргасыз болсо, Аллах-
Кечиримдүү, Ырайымдуу» [15] -
дейт жана шариат адам муктаж
болгон учурда, аргасыздан
арамдан азыктануусуна уруксат
берет. Муктаждык менен
аргасыздыкты окумуштуулар
жегенге же ичкенге адал азык
такыр табылбай, өлүм
коркунучу турса гана деп
түшүндүрүшөт. Шейх Абдур-
Рахман ас-Саади бул
аятты: «Аллах жогоруда аталган
заттарга тыйуу салуу менен
адамдарды зор зыяндан куткарчу
жакшылык кылды. Буга карабай
адам жегенге башка тамак
таппай ачкадан өлгөнү калса же
аны буга зордошсо, бул
арамдарды жегени күнөө эмес.
Анткени, адамга ачкадан же
башка себептен өз өмүрүн
кыйууга жана ага коркунуч
туудурууга уруксат берилген
эмес. Тирүү калуунун себебин
издебесе адам өз жанын өзү
кыйгандай күнөөкөр болот.
Бирок, ал ошондо да ал
өлбөстүн өлчөмүнөн ашпоосу
зарыл. Ошондо гана ал жегени
үчүн жоопкер эмес, анткени,
Аллах керегинче жеп, ичкенди
буюрган. Ал эми башка азыгы
бар же ачкалыкты жеңүүнүн
башка жолу туруп, ал
арамдарды каалаганы туура
эмес. Ушундан улам
жогорудагы аяттан өтө зарыл
«муктаждык арамды жегенге
уруксат берет» [16] деген өкүм
келип чыгат», [17] -деп
чечмелеген. Имам Ибн аль-
Мунзир : «Окумуштуулар
муктаждыктан өлүмтүктү
жегенге уруксат беришкен» , [18] -
дейт жана ар бир
муктаждыктын чеги жана
айласы өз алдынча каралат.
Ошентип, бир топ аалымдар
жегенге уруксат берилген
арамдын өлчөмүн: «адал тамак
табылганганга чейин өлбөскө
жетээрлик гана жана андан
алдыга камдоого уруксат жок
дешсе», имам Малик: «Тойгончо
жегени жана адал табылганча
жетээрлик камдап алууга да
уруксат»-деген.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#32 01 August 2014 - 01:08
Арам дары-дармекке
муктаждык
Ал эми аргасыз колдонулган
дары дармек тууралу
окумуштуулардын пикири
кайчылашкан учурлар бар.
Алардын бир тобу
пайгамбарыбыз
с.а.в.дын: «Чындыгында Аллах
тыйуу салганынан силерге
шыпаа бербейт» [19] -дегенинин
негизинде: «Дары тамакка
кирбейт жана аны колдонуу
аргасыздыкка жатпайт»-дешсе,
бир тобу шариатта эркектерге
жибектен кийүүгө тыйуу
салынганына карабай,
пайгамбарыбыз с.а.в.дын
котурдан кыйналган Абдур-
рахман Ибн Ауф менен аз-
Зубайр Ибн аль-Аввамга жибек
кийгенге уруксат бергенин
кармап, ал арам дарыдан башка
дары табылбаса, билимдүү
дарыгердин көрсөтмөсү боюнча
аны ичпесе, оорукчандын ден-
соолугуна жана өмүрүнө зыян
келсе гана уруксат дешет. Бирок,
кудайга шүгүр азыркы
медицинанын өнүккөн доорунда
адалдан шыпаа табылбай калган
учур жокко эсе.
муктаждык
Ал эми аргасыз колдонулган
дары дармек тууралу
окумуштуулардын пикири
кайчылашкан учурлар бар.
Алардын бир тобу
пайгамбарыбыз
с.а.в.дын: «Чындыгында Аллах
тыйуу салганынан силерге
шыпаа бербейт» [19] -дегенинин
негизинде: «Дары тамакка
кирбейт жана аны колдонуу
аргасыздыкка жатпайт»-дешсе,
бир тобу шариатта эркектерге
жибектен кийүүгө тыйуу
салынганына карабай,
пайгамбарыбыз с.а.в.дын
котурдан кыйналган Абдур-
рахман Ибн Ауф менен аз-
Зубайр Ибн аль-Аввамга жибек
кийгенге уруксат бергенин
кармап, ал арам дарыдан башка
дары табылбаса, билимдүү
дарыгердин көрсөтмөсү боюнча
аны ичпесе, оорукчандын ден-
соолугуна жана өмүрүнө зыян
келсе гана уруксат дешет. Бирок,
кудайга шүгүр азыркы
медицинанын өнүккөн доорунда
адалдан шыпаа табылбай калган
учур жокко эсе.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#33 01 August 2014 - 01:11
Арам дары-дармекке
муктаждык
Ал эми аргасыз колдонулган
дары дармек тууралу
окумуштуулардын пикири
кайчылашкан учурлар бар.
Алардын бир тобу
пайгамбарыбыз
с.а.в.дын: «Чындыгында Аллах
тыйуу салганынан силерге
шыпаа бербейт» [19] -дегенинин
негизинде: «Дары тамакка
кирбейт жана аны колдонуу
аргасыздыкка жатпайт»-дешсе,
бир тобу шариатта эркектерге
жибектен кийүүгө тыйуу
салынганына карабай,
пайгамбарыбыз с.а.в.дын
котурдан кыйналган Абдур-
рахман Ибн Ауф менен аз-
Зубайр Ибн аль-Аввамга жибек
кийгенге уруксат бергенин
кармап, ал арам дарыдан башка
дары табылбаса, билимдүү
дарыгердин көрсөтмөсү боюнча
аны ичпесе, оорукчандын ден-
соолугуна жана өмүрүнө зыян
келсе гана уруксат дешет. Бирок,
кудайга шүгүр азыркы
медицинанын өнүккөн доорунда
адалдан шыпаа табылбай калган
учур жокко эсе.
муктаждык
Ал эми аргасыз колдонулган
дары дармек тууралу
окумуштуулардын пикири
кайчылашкан учурлар бар.
Алардын бир тобу
пайгамбарыбыз
с.а.в.дын: «Чындыгында Аллах
тыйуу салганынан силерге
шыпаа бербейт» [19] -дегенинин
негизинде: «Дары тамакка
кирбейт жана аны колдонуу
аргасыздыкка жатпайт»-дешсе,
бир тобу шариатта эркектерге
жибектен кийүүгө тыйуу
салынганына карабай,
пайгамбарыбыз с.а.в.дын
котурдан кыйналган Абдур-
рахман Ибн Ауф менен аз-
Зубайр Ибн аль-Аввамга жибек
кийгенге уруксат бергенин
кармап, ал арам дарыдан башка
дары табылбаса, билимдүү
дарыгердин көрсөтмөсү боюнча
аны ичпесе, оорукчандын ден-
соолугуна жана өмүрүнө зыян
келсе гана уруксат дешет. Бирок,
кудайга шүгүр азыркы
медицинанын өнүккөн доорунда
адалдан шыпаа табылбай калган
учур жокко эсе.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#34 01 August 2014 - 01:17
Жаныбарларга жана канатууларга тиешелүү өкүмдөр.
Тоок.
Тоок тырмактуу болгонуна
карабай анын этин жегенге
уруксат, анткени, Абу Муса аль-
Ашаарий: «Мен пайгамбарыбыз
с.а.в.дын тооктун этин жеп
жатканын көргөмүн» [25] ,-деген.
Таранчы.
Уруксат берилген канаттууларга
таранчы, көгүчкөн сымал
канаттуулар кирет.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Ким
таранчы сойсо да боорукердик
кылсын, Аллах ага кайра
тирлткен Күнү боорукердик
кылат» [26] ,-деген.
Үй эшеги.
Жабир р.а.: «Пайгамбарыбыз
с.а.в. Хайбар күнү үй
эшектеринин этин жегенге
тыйуу салып, жылкы этине
уруксат берген» [27] ,-деген.
Жапайы эшек (зебра).
Жапайы эшектердин эти
тууралу Абу Катада
пайгамбарыбыз с.а.в.га: «Оо,
Аллахтын элчиси, биз ууда
жапайы эшек кармап алдык эле
жана анын бир аз эти калган» ,-
деп кайрылганда, ал:
«Калганын да жегиле» [28] ,-деп
жооп берген.
Качыр.
Жабир ибн Абдуллах: «Хайбар
күнү пайгамбарыбыз с.а.в. үй
эшектеринин, качырдын,
жыркыч тиштүү жапайы
айбандардын, тырмактуу
канаттуулардын эттерин
жегенге тыйуу салды» [29] ,-деген.
Маймыл.
Хафиз Ибн Абдуль-Бар:
«Маймылдын этин жегенге жана
сатканга салынган тыйуу
боюнча окумуштуулар арасында
кайчы пикир табылбайт» [30] -
деген.
Пил.
Имам Ахмад: «Пил
мусулмандардын тамагы
эмес» [31] ,-деген.
Тоок.
Тоок тырмактуу болгонуна
карабай анын этин жегенге
уруксат, анткени, Абу Муса аль-
Ашаарий: «Мен пайгамбарыбыз
с.а.в.дын тооктун этин жеп
жатканын көргөмүн» [25] ,-деген.
Таранчы.
Уруксат берилген канаттууларга
таранчы, көгүчкөн сымал
канаттуулар кирет.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Ким
таранчы сойсо да боорукердик
кылсын, Аллах ага кайра
тирлткен Күнү боорукердик
кылат» [26] ,-деген.
Үй эшеги.
Жабир р.а.: «Пайгамбарыбыз
с.а.в. Хайбар күнү үй
эшектеринин этин жегенге
тыйуу салып, жылкы этине
уруксат берген» [27] ,-деген.
Жапайы эшек (зебра).
Жапайы эшектердин эти
тууралу Абу Катада
пайгамбарыбыз с.а.в.га: «Оо,
Аллахтын элчиси, биз ууда
жапайы эшек кармап алдык эле
жана анын бир аз эти калган» ,-
деп кайрылганда, ал:
«Калганын да жегиле» [28] ,-деп
жооп берген.
Качыр.
Жабир ибн Абдуллах: «Хайбар
күнү пайгамбарыбыз с.а.в. үй
эшектеринин, качырдын,
жыркыч тиштүү жапайы
айбандардын, тырмактуу
канаттуулардын эттерин
жегенге тыйуу салды» [29] ,-деген.
Маймыл.
Хафиз Ибн Абдуль-Бар:
«Маймылдын этин жегенге жана
сатканга салынган тыйуу
боюнча окумуштуулар арасында
кайчы пикир табылбайт» [30] -
деген.
Пил.
Имам Ахмад: «Пил
мусулмандардын тамагы
эмес» [31] ,-деген.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#35 01 August 2014 - 01:19
Чөө
Ибн Абу: «Бир жолу мен
Жабирден: «Бул мергенде
атылган чөөбү?»,-деп сурадым.
Ал: «Ооба»,-деп жооп берди. Мен:
«Пайгамбарыбыз с.а.в. буга
уруксат бергенби?»,- деп кайра
сурадым. Ал: «Ооба»,-деп жооп
берди» ,-деген [32] . Ал эми ат-
Тирмизийде келтирилген
пайгамбарыбыз с.а.в.дын
чөөнүн этине тыйуу салганы
тууралу хадисти
тастыкталбаганын Ахмад, аз-
Зайляяий жана хафиз Ибн
Хажарлар айтышат.
Коeн
Ошондой эле кол жана жапайы
койондун этин жегенге да
уруксат. Анас р.а.: «Бир жолу биз
Мар аз-Захранда койонду
чочутуп жибердик жана адамдар
аны кууп чарчашты. Акыры аны
мен кармап алдым. Аны Абу
Тальхага апкелгенимде ал
койонду союп, арткы бутун
пайгамбарыбыз с.а.в.га жиберди.
Пайгамбарыбыз с.а.в. андан ооз
тийди» [33] ,-деп эскерет.
Кирпи чечен
«Бир жолу пайгамбарыбыз
с.а.в.дын алдында кирпи чечен
тууралу сөз болгондо, ал аны
жийиркеничтүү» ,-дегени
тууралу хадисти Ахмад, Абу
Дауд, имам аль-Байхаки жана
хафиз Ибн Хажжарлар алсыз
дешет.
Имам ас-Санааний: «Кирпи
чечендин этин жегенге уруксат
берген окумуштуулардын пикири
күчтүү. Анткени, ага тыйуу
салган өкүм жок. Демек,
алардын пикири арамдан
башканын баары адал дегенге
незизделген» [34] ,- деген.
Крокодил
Крокодил [35] сууда гана эмес
кургакта да жашай алгандыктан
аны аалымдар арам дешкен.
Бирок, жер шарындагы баардык
жан жабырларды жана
канаттууларды бир тизмеге
камтуу мүмкүн болбогондуктан
(мүмкүн болсо да аны колдонуу
алда канча ыңгайсыз) шариат
алардын адал жана арамын
аныктоочу так критерийлерди
бекиткен. Бул мыйзамдар ар бир
окумуштуунун изденүүдөгү
өзгөчөлүгүнө карабай, сакталып
келет. Төмөндө ал
критерийлердин негизгилери
каралып өтүлөт:
Жырткыч тиштүү жаныбардын
эти
Абу Хурайра р.а. пайгамбарыбыз
с.а.в: «Жапайы
жаныбарлардын жыркыч
тиштүүлөрүн жегенге тыйуу
салынат» [36] ,-дегенин айтат.
Бул хадисте жолборс, карышкыр,
түлкү, аюу сымал жапайы
жаныбарлар туурасында
айтылып жатат.
Тырмактуу куштар
Ибн Ааббас р.а.:
«Пайгамбарыбыз с.а.в. ар
кандай жырткыч тиштүү
жана тырмактуу жаныбарды
жегенге тыйуу салган» [37] ,-
деген. Буларга бүркүт, шумкар,
ителги жана башка алгыр
куштар кирет.
Курт-кумурскалар
Имам аш-Шафий, Ахмад жана
жоон топ окумуштуулар: «Ал
жакшыга уруксат берип,
жийиркеничке тыйуу
салат» [38] ,-деген аятка негиздеп,
чымын, чиркей, аары, жөргөмүш
ж.б.у.с.ларды арам дешет.
Саранчага уруксат берилет.
Анткени, Абдуллах ибн Абу Ауф:
«Биз пайгамбарыбыз с.а.в. менен
жети (алты) жүрүштө чогуу
болдук жана аны менен чогуу
саранча жегенбиз» [39] ,-деп
эскерет.
Ибн Абу: «Бир жолу мен
Жабирден: «Бул мергенде
атылган чөөбү?»,-деп сурадым.
Ал: «Ооба»,-деп жооп берди. Мен:
«Пайгамбарыбыз с.а.в. буга
уруксат бергенби?»,- деп кайра
сурадым. Ал: «Ооба»,-деп жооп
берди» ,-деген [32] . Ал эми ат-
Тирмизийде келтирилген
пайгамбарыбыз с.а.в.дын
чөөнүн этине тыйуу салганы
тууралу хадисти
тастыкталбаганын Ахмад, аз-
Зайляяий жана хафиз Ибн
Хажарлар айтышат.
Коeн
Ошондой эле кол жана жапайы
койондун этин жегенге да
уруксат. Анас р.а.: «Бир жолу биз
Мар аз-Захранда койонду
чочутуп жибердик жана адамдар
аны кууп чарчашты. Акыры аны
мен кармап алдым. Аны Абу
Тальхага апкелгенимде ал
койонду союп, арткы бутун
пайгамбарыбыз с.а.в.га жиберди.
Пайгамбарыбыз с.а.в. андан ооз
тийди» [33] ,-деп эскерет.
Кирпи чечен
«Бир жолу пайгамбарыбыз
с.а.в.дын алдында кирпи чечен
тууралу сөз болгондо, ал аны
жийиркеничтүү» ,-дегени
тууралу хадисти Ахмад, Абу
Дауд, имам аль-Байхаки жана
хафиз Ибн Хажжарлар алсыз
дешет.
Имам ас-Санааний: «Кирпи
чечендин этин жегенге уруксат
берген окумуштуулардын пикири
күчтүү. Анткени, ага тыйуу
салган өкүм жок. Демек,
алардын пикири арамдан
башканын баары адал дегенге
незизделген» [34] ,- деген.
Крокодил
Крокодил [35] сууда гана эмес
кургакта да жашай алгандыктан
аны аалымдар арам дешкен.
Бирок, жер шарындагы баардык
жан жабырларды жана
канаттууларды бир тизмеге
камтуу мүмкүн болбогондуктан
(мүмкүн болсо да аны колдонуу
алда канча ыңгайсыз) шариат
алардын адал жана арамын
аныктоочу так критерийлерди
бекиткен. Бул мыйзамдар ар бир
окумуштуунун изденүүдөгү
өзгөчөлүгүнө карабай, сакталып
келет. Төмөндө ал
критерийлердин негизгилери
каралып өтүлөт:
Жырткыч тиштүү жаныбардын
эти
Абу Хурайра р.а. пайгамбарыбыз
с.а.в: «Жапайы
жаныбарлардын жыркыч
тиштүүлөрүн жегенге тыйуу
салынат» [36] ,-дегенин айтат.
Бул хадисте жолборс, карышкыр,
түлкү, аюу сымал жапайы
жаныбарлар туурасында
айтылып жатат.
Тырмактуу куштар
Ибн Ааббас р.а.:
«Пайгамбарыбыз с.а.в. ар
кандай жырткыч тиштүү
жана тырмактуу жаныбарды
жегенге тыйуу салган» [37] ,-
деген. Буларга бүркүт, шумкар,
ителги жана башка алгыр
куштар кирет.
Курт-кумурскалар
Имам аш-Шафий, Ахмад жана
жоон топ окумуштуулар: «Ал
жакшыга уруксат берип,
жийиркеничке тыйуу
салат» [38] ,-деген аятка негиздеп,
чымын, чиркей, аары, жөргөмүш
ж.б.у.с.ларды арам дешет.
Саранчага уруксат берилет.
Анткени, Абдуллах ибн Абу Ауф:
«Биз пайгамбарыбыз с.а.в. менен
жети (алты) жүрүштө чогуу
болдук жана аны менен чогуу
саранча жегенбиз» [39] ,-деп
эскерет.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#36 01 August 2014 - 01:28
Деңиз жандыктары жана
өсүмдүктөрү.
Кураанда Аллах: «Сиздерге
деңиз жандыктарын жана
азыктарын кармоого (уулоого)
уруксат» [40] -дейт. Бирок,
окумуштуулар Кураандагы:
«Өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө,
чындыгында Аллах силерге
ырайымдуу» [41] -деген аятка
негиздеп уулу жана токтуу ,
деңиз жандыктарын жана
өсүмдүктөрдү жегени тыйуу
салат.
***
Сууда жана кургакта жашаган
жаныбарлар.
Андан тышкары ислам шариаты
жаныбарлар жана канаттууларга
болгон мамилелерди бир катар
принциптер менен да жөнгө
салат. Аларды да карап чыккан
оң.
***
Өлтүрүүгө буйрулганды
жегенге да тыйуу салынат.
Айша р.а. пайгамбарыбыз
с.а.в.дын: «Жаныбарлардын
беш түрү адамга өз алдынча
зыян келтирет. Ошондуктан
аларды ыйык жерде (Мекке)
болобу же андан сырттабы
өлтүрсө болот. Алар: чаян,
коршун, карга, чычкан жана
кутурган ит»[42] ,-дегенин
айтат.
Саад ибн Абу Ваккас:
«Пайгамбарыбыз с.а.в.
кескелдириктерди өлтүрүүгө
буюрган» [43] -деген. Бул хадисте
кеп кичинекей (вазг)
кескелдириктер тууралу
айтылып жатат. Ал эми
эчкемерге (варан) уруксат
берилген. Ибн Умар
пайгамбарыбыз с.а.в.дан
эчкемер тууралу сураганда: «Мен
өзүм жебейм, бирок силерге
тыйуу салбайм» [44] ,-дегенин
айтат.
өсүмдүктөрү.
Кураанда Аллах: «Сиздерге
деңиз жандыктарын жана
азыктарын кармоого (уулоого)
уруксат» [40] -дейт. Бирок,
окумуштуулар Кураандагы:
«Өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө,
чындыгында Аллах силерге
ырайымдуу» [41] -деген аятка
негиздеп уулу жана токтуу ,
деңиз жандыктарын жана
өсүмдүктөрдү жегени тыйуу
салат.
***
Сууда жана кургакта жашаган
жаныбарлар.
Андан тышкары ислам шариаты
жаныбарлар жана канаттууларга
болгон мамилелерди бир катар
принциптер менен да жөнгө
салат. Аларды да карап чыккан
оң.
***
Өлтүрүүгө буйрулганды
жегенге да тыйуу салынат.
Айша р.а. пайгамбарыбыз
с.а.в.дын: «Жаныбарлардын
беш түрү адамга өз алдынча
зыян келтирет. Ошондуктан
аларды ыйык жерде (Мекке)
болобу же андан сырттабы
өлтүрсө болот. Алар: чаян,
коршун, карга, чычкан жана
кутурган ит»[42] ,-дегенин
айтат.
Саад ибн Абу Ваккас:
«Пайгамбарыбыз с.а.в.
кескелдириктерди өлтүрүүгө
буюрган» [43] -деген. Бул хадисте
кеп кичинекей (вазг)
кескелдириктер тууралу
айтылып жатат. Ал эми
эчкемерге (варан) уруксат
берилген. Ибн Умар
пайгамбарыбыз с.а.в.дан
эчкемер тууралу сураганда: «Мен
өзүм жебейм, бирок силерге
тыйуу салбайм» [44] ,-дегенин
айтат.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#37 01 August 2014 - 01:31
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Жылан
жана чаяндарды намазда
турсаңар да өлтүргүлө» [45] -
деген. Бирок, үйгө кирген
жыланды дароо өлтүрүүгө
болбойт. Анткени, ал жин
болуусу ыктымал. Ага алгач
үйдөн чыгып кетүү буйрулат,
чыгып кетпесе гана өлтүрүлөт.
***
Өлтүрүүгө тыйуу салганды
жегени болбойт.
Шариатта аарыны, кумурсканы,
сасык үпүнү, сагызганды,
бакаларды өлтүрүүгө болбойт.
Ибн Аббас р.а. пайгамбарыбыз
с.а.в. төртөөнү: кумурсканы,
аарыны, сасык үпүнү жана
сагызганды өлтүрүүгө тыйуу
салганын айтат [46] .
Абд ар-Рахман ибн Усман:
«Кайсыдыр табып
пайгамбарыбыз с.а.в.дан бакадан
жасалчу дары тууралу
сураганда, ал аларды өлтүрүүгө
тыйуу салды» [47] ,-деп эскерет.
Абдуллах ибн Амр: «Бакаларды
өлтүрбөгүлө, алардын
чарылдаганы Аллахты
улуктаганы» [48] ,-деген.
***
Булганыч менен азыктанган
жаныбардын этин жегенге
тыйу салынат (жалляля).
Ибн Умар р.а.: «Пайгамбарыбыз
с.а.в. булганычтан азыктанган
жаныбардын этин жегенге
тыйуу салган» , [49] -дейт. Ал эми
дагы бир хадисте
пайгамбарыбыз с.а.в. мындай
жаныбарларга минүүгө да тыйуу
[50] салганын айтат. Мындай
жаныбарларга төө, уй, ат, кой,
тоок ж.б. кирет. Буларды таза
азык менен тазаламайынча
жегенге, сатканга жана
мингенге тыйуу салынат. Ибн
Умар мындай тоокту үч күн таза
жем менен кармап анан
сойдурган [51] . Ири малды
тазалоо кырк күн деген
окумуштуулар да бар [52] .
жана чаяндарды намазда
турсаңар да өлтүргүлө» [45] -
деген. Бирок, үйгө кирген
жыланды дароо өлтүрүүгө
болбойт. Анткени, ал жин
болуусу ыктымал. Ага алгач
үйдөн чыгып кетүү буйрулат,
чыгып кетпесе гана өлтүрүлөт.
***
Өлтүрүүгө тыйуу салганды
жегени болбойт.
Шариатта аарыны, кумурсканы,
сасык үпүнү, сагызганды,
бакаларды өлтүрүүгө болбойт.
Ибн Аббас р.а. пайгамбарыбыз
с.а.в. төртөөнү: кумурсканы,
аарыны, сасык үпүнү жана
сагызганды өлтүрүүгө тыйуу
салганын айтат [46] .
Абд ар-Рахман ибн Усман:
«Кайсыдыр табып
пайгамбарыбыз с.а.в.дан бакадан
жасалчу дары тууралу
сураганда, ал аларды өлтүрүүгө
тыйуу салды» [47] ,-деп эскерет.
Абдуллах ибн Амр: «Бакаларды
өлтүрбөгүлө, алардын
чарылдаганы Аллахты
улуктаганы» [48] ,-деген.
***
Булганыч менен азыктанган
жаныбардын этин жегенге
тыйу салынат (жалляля).
Ибн Умар р.а.: «Пайгамбарыбыз
с.а.в. булганычтан азыктанган
жаныбардын этин жегенге
тыйуу салган» , [49] -дейт. Ал эми
дагы бир хадисте
пайгамбарыбыз с.а.в. мындай
жаныбарларга минүүгө да тыйуу
[50] салганын айтат. Мындай
жаныбарларга төө, уй, ат, кой,
тоок ж.б. кирет. Буларды таза
азык менен тазаламайынча
жегенге, сатканга жана
мингенге тыйуу салынат. Ибн
Умар мындай тоокту үч күн таза
жем менен кармап анан
сойдурган [51] . Ири малды
тазалоо кырк күн деген
окумуштуулар да бар [52] .
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#38 01 August 2014 - 01:33
Жегени тыйуу салынганды
сатканы да болбойт.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Аллах
адамдарга жегени тыйуу
салганын сатканга да тыйуу
салган» [53] -деген. Абу Зубайр:
«Мен Жабирден ит жана
мышыкты сатуу тууралу
сураганымда, ал:
«Пайгамбарыбыз с.а.в. буга
катуу тыйуу салган»-деп жооп
берди» , [54] -деген.
Жабир ибн Абдуллах Мекке
ачылган жылы пайгамбарыбыз
с.а.в. Меккеде туруп:
«Чындыгында Аллах жана
Анын пайгамбары арак,
өлүмтүк, чочко жана
буттарды сатып соода
кылууга тыйуу салды» [55] ,-
дегенин айтат.
***
Ден-соолукка зыяндууга тыйуу
салынат.
Аллах: «Өзүңөрдү өзүңөр
өлтүрбөгүлө, чындыгында
Аллах силерге ырайымдуу» [56] -
дейт.
Убада, Ибн Аббас, Абу Сааид,
Аиша Абу Хурайра жана
Жабирлер р.а. пайгамбарыбыз
с.а.в.дын: «Өзүнө жана
өзгөлөргө зыян келтирүүгө
болбойт» , [57] -дегенин
айтышат.
Имам Ибн Хазм: «Ден-соолукка
зыяны жокту жегени уруксат,
ал эми зыянды жегени тыйуу
салынат» , [58] -деген.
***
Булганычты (нажас) жегенге
тыйуу салынат.
Имам Ибн Хазм:
«Окумуштуулар, булганычты
жегенге жана ичкенге тыйуу
салуу боюнча бирдей пикирде» ,
[59] -деген.
сатканы да болбойт.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Аллах
адамдарга жегени тыйуу
салганын сатканга да тыйуу
салган» [53] -деген. Абу Зубайр:
«Мен Жабирден ит жана
мышыкты сатуу тууралу
сураганымда, ал:
«Пайгамбарыбыз с.а.в. буга
катуу тыйуу салган»-деп жооп
берди» , [54] -деген.
Жабир ибн Абдуллах Мекке
ачылган жылы пайгамбарыбыз
с.а.в. Меккеде туруп:
«Чындыгында Аллах жана
Анын пайгамбары арак,
өлүмтүк, чочко жана
буттарды сатып соода
кылууга тыйуу салды» [55] ,-
дегенин айтат.
***
Ден-соолукка зыяндууга тыйуу
салынат.
Аллах: «Өзүңөрдү өзүңөр
өлтүрбөгүлө, чындыгында
Аллах силерге ырайымдуу» [56] -
дейт.
Убада, Ибн Аббас, Абу Сааид,
Аиша Абу Хурайра жана
Жабирлер р.а. пайгамбарыбыз
с.а.в.дын: «Өзүнө жана
өзгөлөргө зыян келтирүүгө
болбойт» , [57] -дегенин
айтышат.
Имам Ибн Хазм: «Ден-соолукка
зыяны жокту жегени уруксат,
ал эми зыянды жегени тыйуу
салынат» , [58] -деген.
***
Булганычты (нажас) жегенге
тыйуу салынат.
Имам Ибн Хазм:
«Окумуштуулар, булганычты
жегенге жана ичкенге тыйуу
салуу боюнча бирдей пикирде» ,
[59] -деген.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#39 01 August 2014 - 01:34
Жегени тыйуу салынганды
сатканы да болбойт.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Аллах
адамдарга жегени тыйуу
салганын сатканга да тыйуу
салган» [53] -деген. Абу Зубайр:
«Мен Жабирден ит жана
мышыкты сатуу тууралу
сураганымда, ал:
«Пайгамбарыбыз с.а.в. буга
катуу тыйуу салган»-деп жооп
берди» , [54] -деген.
Жабир ибн Абдуллах Мекке
ачылган жылы пайгамбарыбыз
с.а.в. Меккеде туруп:
«Чындыгында Аллах жана
Анын пайгамбары арак,
өлүмтүк, чочко жана
буттарды сатып соода
кылууга тыйуу салды» [55] ,-
дегенин айтат.
***
Ден-соолукка зыяндууга тыйуу
салынат.
Аллах: «Өзүңөрдү өзүңөр
өлтүрбөгүлө, чындыгында
Аллах силерге ырайымдуу» [56] -
дейт.
Убада, Ибн Аббас, Абу Сааид,
Аиша Абу Хурайра жана
Жабирлер р.а. пайгамбарыбыз
с.а.в.дын: «Өзүнө жана
өзгөлөргө зыян келтирүүгө
болбойт» , [57] -дегенин
айтышат.
Имам Ибн Хазм: «Ден-соолукка
зыяны жокту жегени уруксат,
ал эми зыянды жегени тыйуу
салынат» , [58] -деген.
***
Булганычты (нажас) жегенге
тыйуу салынат.
Имам Ибн Хазм:
«Окумуштуулар, булганычты
жегенге жана ичкенге тыйуу
салуу боюнча бирдей пикирде» ,
[59] -деген.
сатканы да болбойт.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Аллах
адамдарга жегени тыйуу
салганын сатканга да тыйуу
салган» [53] -деген. Абу Зубайр:
«Мен Жабирден ит жана
мышыкты сатуу тууралу
сураганымда, ал:
«Пайгамбарыбыз с.а.в. буга
катуу тыйуу салган»-деп жооп
берди» , [54] -деген.
Жабир ибн Абдуллах Мекке
ачылган жылы пайгамбарыбыз
с.а.в. Меккеде туруп:
«Чындыгында Аллах жана
Анын пайгамбары арак,
өлүмтүк, чочко жана
буттарды сатып соода
кылууга тыйуу салды» [55] ,-
дегенин айтат.
***
Ден-соолукка зыяндууга тыйуу
салынат.
Аллах: «Өзүңөрдү өзүңөр
өлтүрбөгүлө, чындыгында
Аллах силерге ырайымдуу» [56] -
дейт.
Убада, Ибн Аббас, Абу Сааид,
Аиша Абу Хурайра жана
Жабирлер р.а. пайгамбарыбыз
с.а.в.дын: «Өзүнө жана
өзгөлөргө зыян келтирүүгө
болбойт» , [57] -дегенин
айтышат.
Имам Ибн Хазм: «Ден-соолукка
зыяны жокту жегени уруксат,
ал эми зыянды жегени тыйуу
салынат» , [58] -деген.
***
Булганычты (нажас) жегенге
тыйуу салынат.
Имам Ибн Хазм:
«Окумуштуулар, булганычты
жегенге жана ичкенге тыйуу
салуу боюнча бирдей пикирде» ,
[59] -деген.
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
#40 01 August 2014 - 01:38
Түшүндүрмө.
[1] Кураан, «Бакара», 2: 172.
[2] Кураан, 2: 172-173
[3] Кураан, «аль-Маида», 5: 3
[4] Абу Дауд 2841, Ибн Маджах
3216. Сахих хадис
[5] Кураан, 5:96
[6] Абу Дауд 1/83, ат-Тирмизий
1/69, ан-Насаи 1/176, Ибн Можжа
1/386. Имам Ибн Хузайма, ат-
Тирмизий, ан-Науауи жана шейх
аль-Альбанийлер бул хадисти
чын деп тастыкташкан.
[7] «Субулю-Ссалям» 1/23
[8] «Сахих», аль-Бухарий
[9] Ибн Можжа, аль-Хаким, аль-
Байхакий. «Сахихуль-джамии»
210
[10] Абу Дауд, ан-Насаи
[11] Аль-Хаким
[12] Муслим
[13] Аль-Бухарий
[14] Кураан, 2:173
[15] Кураан, 5:3
[16] «Ад-Дарурату тубихуль-
махзурат» - муктаждык арамды
адал кылат
[17] «Тайсируль- Каримир-
Рахман», 68
[18] «Аль-Ижмаа», 102
[19] Аль-Бухарий, Ибн Масуудтан
[20] «Сахих фикху-Сунна» 2/338
[21] Ибн Хазм, «Аль Мухалля», 6-
том, 159-бет
[22] Кураан, «аль-Маида», 5:
90-91
[23] Муслим 2002
[24] Кураан, 2:168
[25] Аль-Бухарий 5517, Муслим
1649
[26] Ат-Табараний «аль-Кабир»
7915. Шейх аль-Альбаний бул
хадисти жакшы деген.
[27] Аль-Бухарий 4219, Муслим
1941.
[28] Аль-Бухарий 1824, Муслим
1196.
[29] Ахмад 3/323, ат-Тирмизий
4/61. Бул хадистин иснады
жакшы.
[30] «Шархуль-кабир» 11/68
[31] «Ахкаму-ззабаих» 139
[32] Абу Дауд 3801, ат-Тирмизий
851, ан-Насаий 5/191. Имам аль-
Бухарий, ат-Тирмизий, Ибн
Хиббан, аль-Байхаки жана шейх
аль-Альбанийлер бул хадисти
сахих дешкен.
[33] Аль-Бухари 2672,
Муслим1953
[34] «Субулю-Ссалям» 4/108
[35] «Тафсир Ибн Касир» 3/197
[36] Муслим 1933
[37] Муслим 1934
[38] Кураан, «Арааф», 7: 157
[39] Аль-Бухари 5495, Муслим
1952
[40] Кураан, 5:96
[41] Кураан, «ан-Ниса», 4: 29
[42] Аль-Бухари 3314, Муслим
1198
[43] Муслим 2238
[44] Аль-Бухарий 5536, Муслим
1943
[45] ат-Табараний. Жакшы
хадис. «Сахихуль-джамии» 1151
[46] Ахмад 1/332, Абу Дауд 5267.
Имам Ибн Хиббан жана аль-
Альбани бул хадисти
тастыкташкан.
[47] Ахмад 15197, ад-Дарими
1998. Жакшы хадис
[48] аль-Байхакий «Сунануль-
кубра» 19166
[49] Абу Дауд 3719, ат-Тирмизи
1825, аль-Хаким. Чын хадис
[50] ан-Насаий 4337, Абу Дауд
3769, Сааид ибн Мансур 2816
[51] Ибн Аби Шайба 4660
[52] «Сахих фикху-Сунна» 2/344
[53] Абу Дауд 3488
[54] Муслим 1569
[55] аль-Бухарий 2236, Муслим
3/71
[56] Кураан, «ан-Ниса», 4: 29
[57] Ахмад 5/326, Ибн Мажжах
2340, ат-Табараний 1/163
[58] «Аль-Мухалля» 7/430
[59] «Маратибуль- иджма» 39
[1] Кураан, «Бакара», 2: 172.
[2] Кураан, 2: 172-173
[3] Кураан, «аль-Маида», 5: 3
[4] Абу Дауд 2841, Ибн Маджах
3216. Сахих хадис
[5] Кураан, 5:96
[6] Абу Дауд 1/83, ат-Тирмизий
1/69, ан-Насаи 1/176, Ибн Можжа
1/386. Имам Ибн Хузайма, ат-
Тирмизий, ан-Науауи жана шейх
аль-Альбанийлер бул хадисти
чын деп тастыкташкан.
[7] «Субулю-Ссалям» 1/23
[8] «Сахих», аль-Бухарий
[9] Ибн Можжа, аль-Хаким, аль-
Байхакий. «Сахихуль-джамии»
210
[10] Абу Дауд, ан-Насаи
[11] Аль-Хаким
[12] Муслим
[13] Аль-Бухарий
[14] Кураан, 2:173
[15] Кураан, 5:3
[16] «Ад-Дарурату тубихуль-
махзурат» - муктаждык арамды
адал кылат
[17] «Тайсируль- Каримир-
Рахман», 68
[18] «Аль-Ижмаа», 102
[19] Аль-Бухарий, Ибн Масуудтан
[20] «Сахих фикху-Сунна» 2/338
[21] Ибн Хазм, «Аль Мухалля», 6-
том, 159-бет
[22] Кураан, «аль-Маида», 5:
90-91
[23] Муслим 2002
[24] Кураан, 2:168
[25] Аль-Бухарий 5517, Муслим
1649
[26] Ат-Табараний «аль-Кабир»
7915. Шейх аль-Альбаний бул
хадисти жакшы деген.
[27] Аль-Бухарий 4219, Муслим
1941.
[28] Аль-Бухарий 1824, Муслим
1196.
[29] Ахмад 3/323, ат-Тирмизий
4/61. Бул хадистин иснады
жакшы.
[30] «Шархуль-кабир» 11/68
[31] «Ахкаму-ззабаих» 139
[32] Абу Дауд 3801, ат-Тирмизий
851, ан-Насаий 5/191. Имам аль-
Бухарий, ат-Тирмизий, Ибн
Хиббан, аль-Байхаки жана шейх
аль-Альбанийлер бул хадисти
сахих дешкен.
[33] Аль-Бухари 2672,
Муслим1953
[34] «Субулю-Ссалям» 4/108
[35] «Тафсир Ибн Касир» 3/197
[36] Муслим 1933
[37] Муслим 1934
[38] Кураан, «Арааф», 7: 157
[39] Аль-Бухари 5495, Муслим
1952
[40] Кураан, 5:96
[41] Кураан, «ан-Ниса», 4: 29
[42] Аль-Бухари 3314, Муслим
1198
[43] Муслим 2238
[44] Аль-Бухарий 5536, Муслим
1943
[45] ат-Табараний. Жакшы
хадис. «Сахихуль-джамии» 1151
[46] Ахмад 1/332, Абу Дауд 5267.
Имам Ибн Хиббан жана аль-
Альбани бул хадисти
тастыкташкан.
[47] Ахмад 15197, ад-Дарими
1998. Жакшы хадис
[48] аль-Байхакий «Сунануль-
кубра» 19166
[49] Абу Дауд 3719, ат-Тирмизи
1825, аль-Хаким. Чын хадис
[50] ан-Насаий 4337, Абу Дауд
3769, Сааид ибн Мансур 2816
[51] Ибн Аби Шайба 4660
[52] «Сахих фикху-Сунна» 2/344
[53] Абу Дауд 3488
[54] Муслим 1569
[55] аль-Бухарий 2236, Муслим
3/71
[56] Кураан, «ан-Ниса», 4: 29
[57] Ахмад 5/326, Ибн Мажжах
2340, ат-Табараний 1/163
[58] «Аль-Мухалля» 7/430
[59] «Маратибуль- иджма» 39
Аллах знает, что в твоем сердце, о чем ты думаешь, к чему стремишься, о чем мечтаешь и в чем раскаиваешься. ..
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео










