Кыямат Күнүнүн сөзсүз болооруна ишенүү – имандын алты шартынын бири жана исламдык дүйнөтаанымдын негизи. Кыямат Күнүнүн сөзсүз болоору тууралуу Аллахтын бардык пайгамбарларынын баары: Адам-Атадан баштап, Нух да, Худ да, Салих да, , Ибрахим да, Исмаил да, Шуайб да, Сулайман да, Даут да, Юсуф да, Юнус да, Муса да, Иса да... ж.б. пайгамбарлардын баары-баары кабарлашкан.
Маселен, Нух алейхи салам мындай деген: «Аллах-Таала силерди өсүмдүк сыяктуу эле жерден (топурактан) чыгарды. Кийин Ал силерди кайра топуракка кайтарып, ал жерден кайра тирилтип чыгарат» (Куран, «Нух»:17-18). Ибрахим алейхи салам: «(Жансыз нерселерден жасалган бардык эстелик) идолдор – менин душмандарым.
Менин Кудайым – мени жараткан, туура жолго багыттаган,
ичирген, тойгозгон жалгыз Кудай – Аллах-Таала!
Ал мен ооруп калсам айыктырат. Ал мени өлтүрүп, кийин кайра тирилтет. Ал Кыямат Күнү, – үмүт кылам – күнөөмдү кечирет» – деген (Куран, «Аш-шуара»: 77-78).
Кыямат кундун белгилери
#142 18 July 2014 - 02:26
КЫЯМАТ КҮНДҮН КЕЛИШИНЕ ИШЕНҮҮ
Ыймандын бешинчи шарты ушундай.
Ар нерсенин башталышы жана акыры бар. Жер үстүндөгү адамдын жашоосунун да аягы бар. Улуу периштелердин бири
Исрафил мүйүз чоору менен Акыр заман келгендигин жар салат. Анан бүткүл дүйнө жана андагы тирүү жандар жок болот. Бул — Көз ачыруу деп аталат. Ал эми Исрафил мүйүз чоорун экинчи ирет тартканда — өлгөндөрдүн баары кайрадан тирилет.
Албетте, биз көз ачыруу али боло элегин билебиз. Ал бизге кайсы күнү келе тургандыгы бир Алла таалага гана белгилүү. Бирок ал күн келбей койбойт. Мына ушундан улам: ал эми өлгөндөр Акыр заман келгиче эмне болот? деген суроо туулат. Өлгөндөр Акыр заман келген күндү бейиттеринде күтүшөт, анткени бейит — күтүүнүн жайы. Алар бейиштеги жакшылыкты (тирүүсүндө жакшылык кылгандар) же тозоктогу жазаны (жамандык кылгандар) күтүшөт.
Ал эми көз ачыруудан кийин эмне болот?
Исрафил мүйүз чоорун экинчи ирет тартканда бардыгына жан кирет, өлгөндөр бейиттеринен туруп келишет. Алардын бардыгы тең Махшар деп аталган кең жайыкка чогулушат. Күн адамдын мээси кайнагандай ысык тиет.
Махшар жайыгында Алла тааланын Кыяматынын соту болот. Биз периштелер жер үстүндө өзүбүздүн жасаган иштерибиздин бардыгын жаза турган өзгөчө китептери боло тургандыгын айтып өткөнбүз. Дал ушул китептер Кыямат күнү бизге тапшырылат.
Мында оң жолдо жүргөндөргө ал китептер бет маңдайыбыздагы оң тараптан, ал эми динсиздерге арт жактагы сол тараптан тапшырылат.
Аларды алып окуп көрүңүз — аларда сиздин жакшы-жаман иштериңиз толугу менен майда-баратына чейин катталган. Анда бардык жашырып-жабылган нерселер, купуя сырлар ачыкка чыгат. Ар бир адамга сурак жүрүп, ал жасагандардын бардыгы эске алынат. Биз жасаган бардык иштерге баа берилет жана алар Мыйзан деп аталган өзгөчө таразага салынып таразаланат.
Ошондой болсо да Мухаммед пайгамбар өзүнүн каалаган адамына болуша алат. Пайгамбардын бул укугу «шафаат» деп аталат.
Тирүүсүндө жакшылыкты карманып, көпчүлүккө пайдасын тийгизгендер Сырат көпүрөсү аркылуу кыйналып-кысталбай бейишке өтүшөт. Бул көпүрө «кылдан ичке жана канжардан курч». Алар түбөлүккө бейиште калышып, Алла тааланын ажайып көркүнө суктанышып,
ырыс-кешикке бөлөнүшөт. Ал эми ыймандуу болсо да, тирүү кезинде көптөгөн күнөө жасашкандар,
ошондой эле ыймансыздар бул көпүрөдөн өтө алышпай, тозокко түшөт. Ыймандуулар,
күнөө жасагандар тозоктон жазаланышкандан кийин бейишке өтүшөт. Алла таалага, анын пайгамбарларына ишенбегендер,
ыймансыздар тозокто түбө¬лүккө калышат.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!

#143 18 July 2014 - 02:29
Дуйнодо келме айтылбай,келме айткан адам калбай калганда кыямат кайым болот
#144 18 July 2014 - 03:17
Кыяматтын качан боло тургандыгы билдирилген эмес. «Аны бир гана Аллах билет» - деп буюрулган. (Араф: 187)
Кыямат жакындаганда алгач кичине белгилери, андан кийин чоң белгилери чыгат. Кыяматтын кичине белгилерине байланыштуу хадиси шарифтер мына булар:
«Адамдар мечиттер менен жана мечиттердин кооздугу менен мактанмайынча кыямат болбойт». (Ибни Маже)
«Фитна көбөймөйүнчө кыямат болбойт». (Бухари)
«Тарбиясыздык менен зинакорлук ачык түрдө болбой, кошуналар бири-бирин жамандабай, саткынчылар инешимдүү деп, ишенимдүүлөр саткынчы деп саналбай, туугандар арасында муздак мамиле болбой туруп кыямат болбойт». (И. Ахмед)
«Адамдарда сараңдык көбөйөт жана кыямат жамандардан башка адамдын үстүнө болбойт». (И. Нажжар)
«Ант кылам, сараңдык, зинакорлук ортого чыкмайынча, ишенимдүү адамга кыянаттык кылынып, саткын адамга ишенилбегенче, жакшылар куруп, жамандар калбаганча кыямат болбойт». (Хаким)
«Жамгырдын берекеси кетмейинче кыямат болбойт». (Абу Яла)
«Жер бетинде Аллах деген мусулман бар кезде кыямат болбойт». (Муслим)
«Убакыт жакындамайынча, бир жыл бир ай, бир ай бир апта сыяктуу, бир апта бир күн, бир күн бир саат сыяктуу кыскармайынча кыямат болбойт». (Тирмизи)
«Илим жоюлмайынча, зилзала, согуш көбөймөйүнчө кыямат болбойт». (Бухари)
«Мал көбөйүп, артмайынча кыямат болбойт. Зекетти ала турган адам калбайт. Бирине зекет берилген кезде «мага кажет эмес» дейт». (Бухари)
«Доолору бир болгон эки чоң тайпа согушмайынча, «пайгамбармын» дей турган жалганчылар чыкмайынча кыямат болбойт». (Бухари)
«Мусулмандар яхудилер менен согушмайынча, таштар дагы «эй, мусулман, мынабу артымда жашырынган яхудини өлтүр» деп кабар бермейинче кыямат болбойт». (Бухари)
«Эркектер азаят, аялдар көбөйөт». (Бухари)
«Бир эркек бала бир аял сыяктуу кызганылмайынча кыямат болбойт». (Дайлами)
«Өзүн пайгамбар кылып жарыялаган жетимиш жалганчы чыкмайынча кыямат болбойт». (Табарани)
«Балдар ачуулуу болмоюнча, улууларга урматсыздык кылынмайынча кыямат болбойт». (Хараити)
«Ливата (гомосексуалдык) мубах-табигый нерсе деп саналмайынча кыямат болбойт». (Дайлами)
«Зилзала, фитна, адам өлтүрүү көбөймөйүнчө кыямат болбойт». (Дайлами)
«Кыяматтан жүз жыл мурда жер бетинде Аллахка ибадат кыла турган эч ким калбайт». (Хаким)
«Мынабул кабырдагы адам мен болуп калсам эмне – делмейинче кыямат болбойт». (Муслим)
«Бир атадан болгон туугандар ар динде болмоюнча кыямат болбойт». (Дайлами)
«Жамандар дүнүйөдө үстөм болмоюнча кыямат болбойт». (Тирмизи)
«Жапайы айбандар адам сыяктуу сүйлөшмөйүнчө кыямат болбойт». (Тирмизи)
Кыямат жакындаганда мына булардын да боло тургандыгы билдирилген:
«Адамдар тазалыкта ашыкча дыкат болот, васваса кылып, динде чегинен ашышат». (Абу Давуд)
«Ар түрдүү ат менен шараптар чыгат, халал болуп эсептелет». (И. Ахмед)
«Ит багуу бала багуудан дагы тартымдуу болот». (Хаким)
«Жаман аялдар көбөйүп, сойкулук бир коом ичинде жайылса калк мурда көрбөгөн (СПИД сыяктуу) жугуштуу ооруларга дуушар болушат. Тараза өлчөмдө куулук кылынат жана жашоо кыйынчылыгы көрүнөт». (Байхаки)
«Музыкалык инструмент ар тарапка жайылып, коопсуздук күчтөрү көбөйөт». (Байхаки)
«Иштер ал иштин ээси болбогондорго берилет». (Бухари)
«Бул дин башындагыдай эле акырында да гарип болот». (Тирмизи)
«Куран (радио ТВ сыяктуу) музыкалык инструменттеринен окулат». (Таргиб-ус-салат)
«Бир гана тааныштарга салам берилет жана жазуучулар көбөйөт». (Хаким)
«Байга мал-оокаты үчүн таазим кылынат, сойкулук жайылат, никесиз туулган балдар көбөйөт. Улууга урмат, кичүүлөргө мээримдүүлүк кылынбайт. Карышкырлар кой терисин кийинет». (Хаким)
«Тахыййат-ул масжид намазы окулбай турган болот». (Таберани)
«Илим жоюлуп, сабатсыздык, анархия жана өлүм көбөйөт». (Ибни Маже)
«Аалымдар эл кандай кааласа ошол тарапка фатва берип, халалды харам, харамды халал дешет, Куранды соодага, жеке пайдага куралга айлантышат». (Дайлами)
«Адамдар бир гана мал-оокаттын, акчанын келүүсүн ойлоп, халалын жана харамын ойлошпойт». (Р. Насыхин)
«Бир мечитте миңден көп адам намаз окуйт, бирок, чинде бир дагы момун болбойт». (Дайлами)
«Уруксатсыз соода кылынбайт». (Муслим)
«Жапайы айбандар адамдар менен сүйлөшмөйүнчө кыямат болбойт». (Тирмизи)
«Кыяматтын белгилери бир жиптеги мончоктордун тизилип түшкөнү сыяктуу биринен кийин бири жүзөгө ашат». (И.Ахмед, Таберани)
«Кыямат Жума күнү болот». (Бухари)
Хадиси шарифтер менен билдирилген кыяматтын калган белгилеринин кээ бирлери мындай:
- Аманатка сактык жоюлат.
- Ичимдик көп ичилет.
- Зекет берилбейт.
- Жихад жасалбайт.
- Жаштар фасык (элдин алдында күнөө кылат турган) болот.
- Жакшылыкка кедерги жасалат.
- Эркектер жибек кийет.
- Коңшулук карым-катнаш начарлайт.
- Күнөөгө тартуу көбөйөт.
- Музыкалык аспаптар көбөйөт.
- Жансыздар да сүйлөйт.
- Аманатка кыянат жасалат.
- Бардык жерде музыкалык аспаптар чертилет.
- Адам өлтүрүү көбөйөт.
- Паракорлук, пайыз көбөйөт.
- Никесиз балдар көбөйөт.
- Төмөн адамдар үстөм болот.
- Кийин келгендер өздөрүнөн мурунку аалымдарды билимсиз, сабатсыз деп айыпташат.
- Аалым, билимдүү адамдарда ыйман калбайт.
- Исламды кармануу отту кармоо сыяктуу кыйын болот.
- Мечиттерде, жыйналыштарда фасыктардын үнү үстөм болот.
- Амри маруф менен нахй анил мункар жоюлат.
- Мечиттерде Куран обон менен окулат.
- Зыянынан сактануу үчүн адамдарга сый көрсөтүлөт.
- Аялына баш ийип, энесине каршы чыгат.
- Динге баш ийүү, жакшы мүнөздүү болуу уят иш болуп саналат.

Ак ийилет, бирок сынбайт.
#145 18 July 2014 - 18:44
Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. дын бул дуйного келиши кыяматтын жакындаганын белгилеринен болсо керек. Анткени, акыркы пайгамбар. Эгер, коп убакыт бар болгондо дагы пайгамбар келсе керек эле.
#146 22 July 2014 - 02:08
КЫЯМАТ КАЧАН БОЛОТ?
Акыркы күндөрү бир гана мусулман журтчулугу эмес, жалпы дүйнө жүзүндө "Акыр заман" болору тууралуу ар түрдүү сөздөр айтылып келүүдө. Ал эмес кээ бирөөлөр анын убактысын так белгилеп, "ушул жылы, ушул күндө" болот деп да айтып чыгышты. Ооба, Кыямат кайымдын башталуусу Аллахтан башка эч кимге белгилүү эмес. Ар түрдүү жалганчылардын сөзүнө ишенүүнүн зарылдыгы да жок. Ошондой болсо да, ар тараптан айтылган сөздөр эл арасында ар кандай ой-пикирлерди жаратпай койбойт экен. Жалганчыларга ишенип, ишин таштап, жер астына кирип, Кыямат кайымдан "аман" калууну көздөгөндөр да чыгууда. Ошондой эле, мусулман коомчулугунун арасында да, кыяматтын башталуусу тууралу ар түрдүү ой-пикирлер көбөйүүдө. Мына ушундай көйгөйлөрдү эске алып, элибизге туура түшүнүк берет деген ишеним менен, гезитибизге Кыяматтын белгилери тууралу маалымат берүүнү туура таптык. Кыяматтын белгилери тууралуу маалымат алуудан алдын, биз төмөнкүлөргө көңүл буруубуз зарыл:
1. Кыяматтын белгилерине далилди Курандан жана хадистен гана келтирүү керек. Себеби, бул экөөсү кайып нерселер тууралуу маалымат берүүчү булак болуп эсептелет. Аллах Таала Куранда минтип айткан: "Айт: "Асмандардагы жана жердеги кайыпты эч ким билбейт. Бир гана Аллах билет..". (Намл, 65-аят). Ошондой эле дагы бир аятта: "Кайыпты билүүчү (Аллах) Ал Өз кайыбын эч кимге билдирбейт. Бирок, Өзү каалаган пайгамбар(лар)га гана билдирет" – деп айтылган. (Жин, 26-27-аяттар). Ал эми мурдагы китептерде айтылган, же кимдир-бирөөлөрдүн түшүнө кирди деп айтылган, же эч кандай далили жок эле айтылып калган белгилерге ишенүүгө жана аны башкаларга жайылтууга болбойт.
2. Кыяматтын белгилери тууралуу айтылган хадистер мейли пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) тарабынан болсун, же сахабалар тарабынан болсун туура, шексиз хадис болуусу керек.
3. Кыяматтын белгилери тууралуу айтуучу же жазуучу адам, аны ачыкка чыгаруудан алдын, илимдүү адамдардын текшерүүсүнөн өткөрүүсү зарыл.
4. Кыяматтын белгилери тууралуу айтуудан же жазуудан алдын, алар тууралуу кеңири маалымат алуу керек. Анткени, өзүң жакшы билбеген нерсени башкаларга жеткире албайсың. Али (Аллах андан ыраазы болсун) айткан: "Адамдарга өзүңөр билген нерсени гана айткыла. Кокустан Аллахка жана Анын элчисине жалганчы болуп калбагыла" . (Имам Бухарий). Ал эми Ибн Масьуд (Аллах андан ыраазы болсун) минтип айткан: "Адамдардын акылына толук жеткире албаган сөзүң - кээ бирөөлөрдү азгырып кетүүсү мүмкүн". (Имам Муслим).
5. Кыяматтын белгилеринде, айрыкча чоң белгилеринде айтылган Дажжал, имам Махди сыяктууларды өз акылы менен "Мына ушул адам ошол" деп кимдир бирөөгө айтууга болбойт. Мисалы: "Асраарус- саат" аттуу китепте, автор Ирандын жол башчысы Мухаммад Хаатимийди Дажжал деп айтса (автор Фахд Саалим), "Алмасихуд- Дажжал" аттуу китепте, Сагдам Хусейндин Имам Махди экендиги айтылган. (Автор Саьид Аюб). Мына ушул сыяктуу жеке пикирлер, адамдардын Кыяматтын белгилерине болгон ишенимин алсыздатып, адашууга алып баруусу мүмкүн.

Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#147 22 July 2014 - 02:09
Кыяматын белгилери болуу убактысына карай үчкө бөлүнөт:
♦ Толук болуп өткөн белгилер. Мисалы: Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) пайгамбар болуп келүүсү, анын өлүмү, айдын экиге бөлүнүүсү ж.б.
♦ Азыркы учурда болуп жана уланып жаткан белгилер. Мисалы: базарлардын көбөйүүсү, өлүмдүн көбөйүүсү, жазуунун көбөйүүсү ж.б.
♦ Таптакыр боло элек белгилер. Мисалы: Дажжалдын чыгуусу, жаныбардын чыгуусу ж.б.
Ал эми өзүнүн таасири жана маанилүүлүгүнө карай экиге бөлүнөт:
♦ Кыяматтын кичине белгилери
♦ Кыяматтын чоң белгилери
Кыяматтын кичине белгилери болуп бүткөн соң, анын чоң белгилери биринин арынан бири уланып келет. Ал эми Кыяматтын чоң белгилеринин аягы Кыяматтын кайым болуусу менен бүтөт. Чоң белгилердин саны он. Алар: түтүн, Дажжал, жаныбар (Даабба), күндүн батыштан чыгуусу, Иса пайгамбардын түшүүсү, Яжуж-Мажуждун чыгуусу, батышта, чыгышта жана араб аралында болуучу жер жутуу, адамдарды Махшарга айдап баруучу оттун чыгуусу.
Урматтуу окурман! Мындан ары гезитибиздин "Кыямат качан болот?" аттуу рубрикасынан Кыяматтын белгилери тууралуу толук маалымат берүүгө аракет кылабыз. Биз берген маалыматтарга туура түшүнүп, жашоодо анын пайдасын көрө аласыздар деп ишенебиз.

#148 22 July 2014 - 02:13
1. Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) пайгамбар болуп келүүсү
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өзүнүн пайгамбар болуп келүүсү Кыяматтын жакындагандыгынын белгиси экендигин айткан. Бул - Кыяматтын кичине белгилеринин эң биринчиси. Сахл бин Саьд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сөөмөй жана ортонку манжасын көрсөтүп: "Мени менен Кыяматтын аралыгы ушунчалык" - деп айтып жатканын уктум. (Имам Бухарий, Имам Муслим).
Экинчи айтымда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Мен Кыяматтын алдында жөнөтүлдүм" - деп айткан. (Хааким).
Аллах Таала адам баласын жараткандан кийин, аларды жөн гана таштап койбостон, аларга туура жол көрсөтүүчү пайгамбарларды жөнөтүп турган. Алар ар кайсы заманда, ар кайсы коомдорго жиберилген. Аллах Таала Куранда: “(Тарыхтагы) баардык үммөттөр арасында Эскертүүчү (пайгамбар) болгон” (Фатир, 24-аят), жана “(Кыяматта) адамдардын колунда Аллахка каршы далил болуп калбоосу үчүн жакшы кабарды сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү пайгамбарларды жөнөттүк” – деген сыяктуу көптөгөн аяттарды түшүргөн. (Ниса, 165-аят).
Ошондой эле Куран жана хадисте айтылбаган да пайгамбарлар болгон. Анткени, баардык пайгамбарлардын кабары бизге айтылган эмес. Аллах Таала Куранда: “Биз сага (оо, Мухаммад) баян кылып берген жана баян кылып бербеген да пайгамбарлар бар” – деп айткан. (Ниса, 164-аят).
Биринчи пайгамбар – Адам (Ага Аллахтын саламы болсун), биринчи элчи - Нух (Ага Аллахтын саламы болсун). Ал эми эң акыркы пайгамбар жана элчи Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эң акыркы пайгамбар экендиги тууралуу Аллах Таала Куранда: “Мухаммад силерден эч бир эркектин атасы эмес. Ал – Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы” – деп айткан. (Ахзаб, 40-аят).
Адам атадан бери келген пайгамбарлардын көптөгөн окшоштуктары болгон. Ошондой эле Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мурдагы пайгамбарлардан айырмаланган өзгөчөлүктөрү болгон:
1. Ал - баардык адамдарга пайгамбар болуп жиберилген. Аллах Таала Куранда: “(Оо, Мухаммад, сен адамдарга): "Эй, адамдар! Мен силердин баарыңар үчүн Аллахтын элчисимин. Асмандар менен жердин кожоюндугу – Аллахка таандык. Андан башка кудай жок. Ал – тирилтет жана өлтүрөт. Аллахка жана Аллахтын сөзүнө ишенгиле, жиберилген сабатсыз элчисине ишенип, аны ээрчигиле. Балким туура жолду табаарсыңар - дегин” – деп айткан. (Аьраф, 158-аят).
2. Ал - бүткүл ааламды ырахмат кылуучу пайгамбар болуп жиберилген. Аллах Таала Куранда: “Биз сени бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөттүк” – деп айткан. (Анбия, 107-аят).
3. Ал - пайгамбарлардын акыркысы. Аллах Таала Куранда: “Мухаммад силерден кайсы бир эркектин атасы эмес, бирок Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын мөөрү” – деп айткан. (Ахзаб, 40-аят).
4. Ал - адамдар менен бирге эле жиндерге да пайгамбар катары жиберилген. Аллах Таала Куранда жиндердин: “Оо, коомубуз! Аллахтын чакыруучусуна жооп бергиле” деген сөзүн айткан. (Ахкаф, 31-аят). Ошондой эле: “Айткын (оо, Мухаммад) “Мага кабар берилди. Жиндердин бир тобу китептин окулганын угуп алышып, минтип айтышты: “Биз чындыгында кереметтүү Куранды уктук” - деп айткан. (Жин, 1-аят).
5. Анын кулк-мүнөзү өтө жогору болгон. Аллах Таала Куранда Пайгамбарыбызды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сыпаттап: “Сен – улуу кулк-мүнөздүн ээсисиң” – деп айткан. (Калам, 4-аят).
6. Ал кимге кечирим тилесе, Аллах Таала аны кабыл кылган. Аллах Таала Куранда: “Эгерде алар өздөрүнө адилетсиздик кылышса сага келишет да, Аллахтан кечирим сурашат, алар үчүн Аллахтын элчиси да кечирим сураганда, алар Аллахтын Тообаларды Кабыл Кылуучу, Мээримдүү экендигин табышар эле” – деп айткан. (Ниса, 64-аят).
7. Ага жана анын үммөтүнө олжо адал болду. Аллах Таала Куранда: “Олжо түрүндө алган адал, таза нерселерди жегиле жана Аллахтан корккула» - деп айткан. (Анфал, 69-аят).
8. Ал асманга көтөрүлүү даражасына ээ болду. Бул жөнүндө Аллах Таала Куранда: «Харам мечитинен белгилерибизди ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз берекелүү кылган Аксаа мечитине пендесин сейил кылдырган (Затка) аруулук болсун!» - деп айткан. (Исра, 1-аят).
9. Анын үммөтү эң жакшы үммөт болду. Аллах Таала Куранда: «Аллахка ыйман келтирген, жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйган, адамзат үчүн жиберилген жакшы коом болдуңар» - деп айткан. (Аалу Имран, 110-аят).
10. Ага Бейиштен Кавсар суусу берилген. Аллах Таала Куранда: «Чындыгында, Биз сага «Кавсарды» тартуу кылдык» - деп айткан. (Кавсар, 1-аят).
11. Ал колдоочу (шапаат кылуучу) даражага ээ болду.
Ал эми пайгамбарыбыздын эң негизги өзгөчөлүгү - анын акыркы пайгамбар болгондугунда. Пайгамбарыбыз акыркы замандын пайгамбары. Аны менен Кыяматтын ортосунда башка пайгамбар болбойт.

#149 01 August 2014 - 09:04
аз калды 3-4 жылдын ары жак- бери жагы ....
"эсиңер барда этегиңерди жапкыла" ... ИМХО

#150 01 August 2014 - 09:08
2017 жылы болот го:
видео:
ПРОРОЧЕСТВА СВЯТОЙ МАТРОНЫ МОСКОВСКОЙ о КОНЦЕ СВЕТА
http://www.[moderate. ..ZCazoq53E#t=309

#151 01 August 2014 - 09:19
.... Кыямат куну качан болушу бир гана Аллага белгилуу!
Кыямат кунуно кандай планыңар бар?
дегеним - тетиги Зетатолк сайты боюнча кыямат (сдвиг полюсов) куну адамзаттын 90 % кырылат, тирүү калган 10 % - жарымы акылынан айныйт. Ошенти акыл эси ордунда 5% адамдар тирүү калат имиш. Сиз ошошл 5% ичинде болуп калдыңыз дейли?
#152 01 August 2014 - 11:16
#153 01 August 2014 - 11:22
Кыямат куну качан болоору белгисиз.Ал кун бир гана аллахка гана белгилуу."
эрте,бурскун"
-деген бакшыларга ишенбегиле!
!
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#155 05 August 2014 - 18:56
4)- "КЫЯМАТ КУНУНУН АБАЛДАРЫ ЖАНА ДАРАЖАЛАРЫ"
1) – ТИРИЛУУ
Улуу хадистерде келгендей эгерде адам баласы олсо, буткул денеси чирип, андан бир гана жулундун аягында жайгашкан " Ажбу Занаб" аттуу кичинекей болукчо чирибей калат. Эгерде улуу Алла Таала буткул адамзатты тирилтууну кааласа , асмандан жамгыр жаадырат , ал жамгыр келип , ошол кичинекей ажбу занабка келип тийет, андан кийин улуу Алла Таала Исропил периштени тирилтип, ага экинчи сурнайды чалыштыкты буйурат, экинчи сурнай чалынышы менен буткул адамзаты тирилет, жана адамдар жер жузундо осумдуктор осуп чыккандай онуп чыгат, андан кийин улуу Алла Таала буткул арбактарды чакырып денеге кайтыштарын буйурганда буткул арбактар дуйнодогу денелерине кайтышат, ошол убакта буткул адамзат улуу Алла Таала айткандай :
(51) قالوا يا ويلنا من بعثنا من مرقدنا هذا ما وعد الرحمن وصدق المرسلون (52)
( Алар Оо биз куруп калалы , бизди кабырыбыздан ким тирилтти? деп айтышат Алла аларга жооп кылып :" мына ушул боорукер Алланын убадасы кыямат кун жана пайгамбарлардын чындык кылган кабарлары" ) деп жооп кайтарат.
Ал эми бул тирилуудо буткул маклукаттар , айбанаттар , периштелер адамзатына дуйнодогу кылган амалдарына кубо болуштары учун адамзат менен кошо тирилишет. Бул тууралуу улуу сахаба Абу Хурайра (ра) : " Улуу пайгамбарыбыз томондогу аятты окууду :
يومئذ تحدث أخبارها (
( Жер кыямат куну кабарларын айтат) , андан кийин : " Силер жердин кабарларын билесинерби ? деди , сахабалар : Жок Алла жана анын пайгамбары билуучу " дешти , анда Алланын пайгамбары : Албетте жердин кабарлары , жер устундогу ар бир пенде , кул кандай амал кылгандарын кабар берип :" ал мынчанчы куну мындай кылды , паланчанчы куну мындай амал кылды" деп кабарын айтышы " деди. Чындыгында улуу Курани Каримде тирилууну баяндаган , жана тирилууго коз чаптырган , тирилууго ыйман келтирууго чакырган аяттар аябай коп болуп , Курани Каримди толтурат , ал аяттардын биринде улуу Алла Таала :
يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنْ كُنْتُمْ فِي رَيْبٍ مِنَ الْبَعْثِ فَإِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ تُرَابٍ ثُمَّ مِنْ نُطْفَةٍ ثُمَّ مِنْ عَلَقَةٍ ثُمَّ مِنْ مُضْغَةٍ مُخَلَّقَةٍ وَغَيْرِ مُخَلَّقَةٍ لِنُبَيِّنَ لَكُمْ وَنُقِرُّ فِي الْأَرْحَامِ مَا نَشَاءُ إِلَى أَجَلٍ مُسَمًّى ثُمَّ نُخْرِجُكُمْ طِفْلًا ثُمَّ لِتَبْلُغُوا أَشُدَّكُمْ وَمِنْكُمْ مَنْ يُتَوَفَّى وَمِنْكُمْ مَنْ يُرَدُّ إِلَى أَرْذَلِ الْعُمُرِ لِكَيْلَا يَعْلَمَ مِنْ بَعْدِ عِلْمٍ شَيْئًا وَتَرَى الْأَرْضَ هَامِدَةً فَإِذَا أَنْزَلْنَا عَلَيْهَا الْمَاءَ اهْتَزَّتْ وَرَبَتْ وَأَنْبَتَتْ مِنْ كُلِّ زَوْجٍ بَهِيجٍ (5)
( Оо адамдар эгерде тирилуудон кумондо болсонор , албетте биз силерге кудуретибизди толук корсотуу учун силерди топурактан жараттык, андан кийин супермадан андан кийин коюу кандан, андан кийин бир кесим толук эттен, же толук эмес суроттолгон эттен, андан кийин силерди каалашыбызча белгилуу моонотко чейин жатында калтырабыз , андан кийин силерди кучтуу кубатка четкенге чейин бобок кылып чыгарабыз , андан кийин силерден кимдир куч кубатка жеткенге чейин дуйнодон кайтат , кимдир эч нерсе билбей калганга чейинки эн акыркы карылыка чейин жетет, жерди курук абалда коросун , эгерде жерге суу тушурсок , жер аракетке келип, кобуп кооз турду осумдуктор чыгат " деп айтат. Башка аятта :
ويقول الإنسان أإذا ما مت لسوف أخرج حيا (66) أولا يذكر الإنسان أنا خلقناه من قبل ولم يك شيئا (67)
( Инсан айтат : Эгер мен олсом , кайра тирилип чыгамбы ? дейт , Алла агы жооп кылып : Албетте инсан биз аны жоктон жаратканыбызды эстебейби ? ) деп айтат.

Окунуп кийин калба,
Бул кундор откон чакта,
Кеч болот анда сага!
Бул кундор откон чакта,
Кеч болот анда сага!
#157 07 October 2014 - 15:51
ушул болумго киргенде кадимкидей журогум оруйт,кийим,
катташ,алтын дегеле койчу бут нерсеге конулум келбей калат..корком Аллахтан корком,алдына барганда эмне деп жооп берем, ошодон корком.
#158 08 October 2014 - 02:46
Кыямат кунуно кандай планыңар бар?
дегеним - тетиги Зетатолк сайты боюнча кыямат (сдвиг полюсов) куну адамзаттын 90 % кырылат, тирүү калган 10 % - жарымы акылынан айныйт. Ошенти акыл эси ордунда 5% адамдар тирүү калат имиш. Сиз ошошл 5% ичинде болуп калдыңыз дейли?
дегеним - тетиги Зетатолк сайты боюнча кыямат (сдвиг полюсов) куну адамзаттын 90 % кырылат, тирүү калган 10 % - жарымы акылынан айныйт. Ошенти акыл эси ордунда 5% адамдар тирүү калат имиш. Сиз ошошл 5% ичинде болуп калдыңыз дейли?
Досум сен ошол зетанын сайтынан алып жазган про инопланетян, 6-7-8 жаштык, жогорку жазган билдирүүңдү өзүң бир сырттан окуп көрсөң! Мусулман адам аларга ишенбейт да. Өзүңдүн динден түшүнүгүң да болушу керек.
#159 08 October 2014 - 13:36
адамзат бул жашоодо бактылуулукту динден табышат . негизи ар бир адам жаратуучу Аллахтын бизди мусулман кылып жараткандыгына мин шугур дейли . ислам динибиздин башка диндерден жогору болушу дуйно элдери улутуна карабастан эн чон ишеним мн Аллахтын бар экенине журогу мн ишенип ислам дининде болгонунда . ал эми дуйнодо ото бай жана атактуу адамдарда байлыктан атак данктан кечип ислам динибизди кабыл алуусу Аллахтын кудурети мн пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхивассаламдын уммоторунун коп экенинен далил берет туура жолдон адашпоо учун Аллах бизди озу сактасын ардайым ыйманда бололу достор
#160 01 December 2014 - 20:05
26-белги: Базарлардын жакындашы
Абу Хурайранын (А.а.ы.б.) айтуусу боюнча Аллахтын Элчиси (с.а.в.)мындай деген: «Жер жүзүндө баш-аламандык болмоюнча, жалган айтуу адаткаайланмайынча жана базарлар жакындамайынча Кыямат Кайым болбойт» (Ахмад). Пайгамбарыбыздын бул сөзүнө ар кандай талдоолор (толкование) бар.
Биринчиден, бүгүнкү күнү адамдар түрдүү континенттердегибазарларда кайсыл товарга баарлардын канча жогорулашы жана төмөндөшү тууралуусаналуу мүнөт ичинде (мис.: интернет, ТВ, радио ж.б.у.с. аркылуу –С.Г.) билүүмүмкүнчүлүгүнө ээ. Башкача айтканда базарлардын биз жашаган үйгө алыстыгы мененжакындыгы эч кандай роль ойнобойт.
Экинчиден, бизнесмен-көпөстөр бир континенттен экинчи континенткеучактар менен товарларды ушунчалык тез жеткире алышат (доставка), базарлардыналыстыгы менен жакындыгынын эч кандай айрымсы бизге туюлбайт.
үчүнчүдөн, товарларга болгон баа дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндө анчаделе чоң айрымага ээ эмес. Мурда (товарларды ат, качыр, төө менен ташыгандоорлордо) баалардын мындай бирдейлиги же суммалык жакындыгы эч мүмкүн болгонэмес.
(Төртүнчүдөн, Интернет аркылуу Кыргызстандагы бир кабат офистеолтуруп Нью-Йорктогу бүткүл дүйнөлүк биржалык рыноктогу соодалашууга (торг)катышуу эч кандай кыйынчылыкты жаратпайт. Же интернет аркылуу, үйдөн чыкпастанкаалаган буюмду сатуу жана сатып алууга болот ). Анын үстүнө ар бир көпкабаттуу үйдүн алдыңкы кабаттары супермаркеттерге айланып, «базар» дал алдыңдаболуп калууда. Бул базарлардын жакындаганын билдирбейт бекен?
Ак ийилет, бирок сынбайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео