Суперстан: Ди-джей, телеалпаруучу Айпери Суранчиева - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ди-джей, телеалпаруучу Айпери Суранчиева "Эхо Манаса" & Муз Обо.

#1 Пользователь офлайн   aikow92   31 Июль 2014 - 12:32

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Сулуу, акылдуу, эстүү тыкылдаган теле алып баруучулардын катарын толуктаган Айпери Суранчиеванын журналистикадагы иштерине баа беребиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   aikow92   31 Июль 2014 - 12:36

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

1991-жылы 20-сентябрда Талас шаарында жарык дүйнөгө келген.

Үй-бүлөдө төрт бир тууган, үч уулу жалгыз кыз.

2009-жылы Талас шаарындагы чет тилдер багытындагы лицейин бүтүргөн.

2014-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин Экономика жана Финансы бөлүмүн аяктаган.

Окуп жүргөн учурунда, көкүрөктөгү көксөөсүнүн бири бул телеалыпбаруучу болуу эле, «Пенденин оозунда болсо, периштенин кулагында» «жаштын тилегин берет» деген кыргыздын макалдарын баалайт.

Ал эми эмгек жолун 2008-жылы Талас шаарындагы «Радио Мост» уналгысынан баштаган.

КТРКнын босогосун 2013-жылдын 17-ноябрда аттаган.

6-декабрдан тарта КТРКнын Жаштар студиясынын «Муз Обо» теледолбоорунун алып баруучусу катары элге тааныла баштады.

Жашоодогу урааны: "Корксон баштаба, баштасан коркпо, кол батыр көз коркок".


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   realliver   31 Июль 2014 - 12:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 958
  • Катталган: 09 Февраль 12
  • Соңку аракети: 25 Дек 2018 17:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Sant'yago Bernabeu

КТРКга чейин эле НБТ, Эхо Манаса каналдарында иштечу эмес беле
Реал чемпиооон!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Arinsa   01 Август 2014 - 01:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 926
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 02:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Татынакай,сулуу. Бирок эч сүйлөгөндөрү купулума толбойт,дагы такшалыш керек.
Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   merez_jurok   01 Август 2014 - 18:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 141
  • Катталган: 02 Август 11
  • Соңку аракети: 31 Май 2016 13:03
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Периштелер дуйносу

Келечеги алдыда, мен оюмча алпбаруучулар ушундай козго жагымдуу болушу керек. А суйлогонун келечекте онуктуруп алат го деймин
Прежде чем судить ошибки других, обратите внимание на себя.У того, кто бросается грязью не могут быть чистые руки, душа и ум.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   aikow92   01 Август 2014 - 19:57

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 454
  • Катталган: 07 Февраль 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2017 09:11
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Белгисиз

Айпери алып баруучулукка келгени тууралуу... – Алып баруучулук ке­сипке кокусунан аралаштым де­генден такыр алысмын. Себеби, алып баруучулук менин бала ке­зимден берки көкүрөктөгү көк­сөөм эле. Анын үстүнөн атамдын да кесиби журналист болгондук­тан “алма сабагынан алыс түш­пөйт” дегендей, мен деле бул чөй­рөдөн алыс кете албадым көрүнөт. Анан калса бул кесипке болгон каалоомдун күчөшөнө атамдын таасири да абдан чоң. Анткени, мен мектепте окуп жүргөн учурда эле атам­дын жаз­ган мака­лаларын үн чыгарып окуп, өзүм­дү диктор катары, алып ба­руучу ката­ры элесте­тип, бала­лык кыял­дарым тээ алыстарга кетээр эле. Менин кы­зыгуумду, каалоомду, шыгымды байкаган атам шаа­рыбызда­гы "Радио Мост" де­ген үнаал­гыга ор­ношту­руп койду. Ошентип журна­листик ке­сипке бол­гон алгач­кы када­мым ошол радиодон башталды, ошол жерден сабак алып, бийик­тиктерди багындыруучу багытым­ды таап, пайдубалымды түптөдүм десем болот. 2007– жылдын 19– майдан бери бул кесипке арала­шып келе жатам.

– Түз эфир, алгачкы жолу эфир­ге чыкканы жөнүндө...


– Алгачкы гана эфиримде эмес, ар бир эфиримде жазып даярда­нам, китептерди окуп изденем. Жакшы маанилүү сөз тапсам ку­дуңдап сүйүнөм. Журналисттик кесиптин дагы бир артыкчылыгы, ар дайым изденүүнүн, өсүштүн, билимди тереңдетүүнүн үстүндө болосуң. Ар кандай адамдар менен баарлашып бара– бара психолог да болуп калат экенсиң. Мен кеси­бимди өзгөчө жакшы көргөндүк­төнбү же өзүмдүн табиятым ушун­дайбы ким билет, ар бир эфирге алгачкы чыгып жатканда аябай даярданып, ар бир сөзүмө, ар бир кыймылыма кылдатык менен ма­миле жасайм.

– Алпаруучулар тойлордо та­мада болушканы боюнча...

– Азырынча тойлорду алып ба­руу туурасында ойлоно элекмин. Баардык нерсенин убакыт сааты бар эмеспи. Азырынча ушул ке­сипти мыкты өздөштүрүп алсам деген гана аруу максатым бар. Ан­дан кийин тамадалык иш боюнча ойлонуштурса болот. Кошумча жумуштун зыяны тийбейт эмеспи.


– Учурда ичкилик ичип, тамеки тартып коймойу бар кыздар тууралуу көз карашы...


– Албетте терс. Бетке айткан сөздүн заары жок дешет. Каттуу айтсам алдын– ала кечирим су­райм. Орус оюндагысын кыл­са, кыргыз көргөнүн кылып дал ушундай терс көрүнүштөрдү мо­дага айлантып алышты. Мындай жаман сапаттар секелек жаш кыз­дарды жакшылыкка алып барбайт. Ошондуктан биз кыргыз кыздары илгерки ата– бабаларыбыздан калган жакшы акыл насааттарды угуп, кылымдардан бери кыргыз элинде калыптанып калган мен­талитетти сактап, көзгө өөн кө­рүнгөн адаттан алыс болуп, кыр­гыз кызына гана тиешелүү болгон уяң, илбериңки, назик сапатарга ээ болсок. Батыш мамлекеттери өнүккөн мамлекеттер деп эле ба­тышты туурап, кереги барын, жо­гун деле кабыл ала бермей адаты­бызды токтотсок. Жаман адаттан, жеңил ойлуулуктан жогору бол­сок. Убагында баркталбаган мү­нөттөр эртедир– кечтир өз жаза­сын берет. Андыктан ар мүнөттү туура ишке, жакшы жолго жум­шасак... ..

– Аял заты үчүн бакыт эмнеде...


– Аял заты үчүн бакыт бул – үй– бүлө болсо керек деп ойлойм. Учурда өзүм үй– бүлө күтө элек­мин, бирок ал күн да алыс эмес болсо керек. Үйүңдө кичинекей наристелердин шыңгыр күлкүсү жаңырып, кыздарың апалап тур­са, жолдошуң жеңилинди жерден, ооруңду колдон алып бапестеп турса, ата– эне, бир туугандарын колдоп турса мындан өткөн аял киши үчүн бакыт болбосо керек. Ылайым кудайым ар бир аял заты­на ушундай бакытты кут кылсын.

– Жеңилгенди билген адам­сыңбы. ..?

– Жашоодо жеңгенди да, жеңил­генди да көтөрө билиш керек деп ойлойм жана жеңилгенди билем (күлүп). Бирок абдан тырышчаак­мын. Уттулуп калсам кийинки са­пар утканга аракет жасай беремей өжөрлүгүм бар. Эсимде мектеп­те окуп жүргөн мезгилде кыргыз тили боюнча сынак болуп мен 3– орунду алып калгам. Кийинки жы­лы кайра катышып дал ушул эле сынакта биринчиликке ээ болгом. Ар дайым атаандашып жашайм. Атаандашууну кээ бир адамдар кө­рөалбастык менен алмаштырышат экен. Чындыгында атаандашуу эки же үч адамдын жемиши, а көрөал­бастык бир гана адамдын жемиши.

– Киного тартылууну сунушса... – Кино жаатына бир мезгилде абдан кызыктым эле, азыр эмнеге­дир мурункудай каалоо жок. Эгер терс каарманды сунуштап калса ал каармандын тагдырын окуп чы­гып, сценарий менен таанышмак­мын. Эгер биздин менталитетке туура келбеген жагдайлары бол­со, албетте ойлонбостон каршы болмокмун.

– Кыргызстандын келечеги...

– Кыргызстандын келечеги кең эл болсунчу. Бирок мен Кыргыз­станды тумандан өз жолун таппай жүргөн жолоочуга салыштырам. .. Кудай буюруса тумандуу түндөр бүтүп, жаркырап тийген күнгө жетээрибизге ишенем...

Маектешкен: Наргиза КОЗУБАЕВА





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Жолоочу_n73_* 20 Август 2014 - 18:39

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Менин билишимче Айпери такшалган эле алып баруучунун катарын толуктайт себеби эч тартынбай коркпостон ээн эркин суйлойт, кээ бир алып баруучулардай болуп кысынып оз оюн айта албай калбайт, оз оюн кыска нуска билдирет. Азамат тажырбасы коп бирок эмнегедир пиар менен такыр иштебейт, маек куруу максатта чалганыбызда бош эмесмин деп койгон, кээ бирлер жан талашып мени чыгарчы деп суранышса бул тескеринче экен тан калгам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   jass00   27 Ноябрь 2014 - 21:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 939
  • Катталган: 06 Июль 13
  • Соңку аракети: 08 Апр 2016 14:27
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Keremettuu ow jergesinde

Просмотр сообщения n73 (20 Август 2014 - 18:39) жазган:

Менин билишимче Айпери такшалган эле алып баруучунун катарын толуктайт себеби эч тартынбай коркпостон ээн эркин суйлойт, кээ бир алып баруучулардай болуп кысынып оз оюн айта албай калбайт, оз оюн кыска нуска билдирет. Азамат тажырбасы коп бирок эмнегедир пиар менен такыр иштебейт, маек куруу максатта чалганыбызда бош эмесмин деп койгон, кээ бирлер жан талашып мени чыгарчы деп суранышса бул тескеринче экен тан калгам.

ozunuzdu ozunuz bayandapsyzgo?
Адилет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   AzaNiga   27 Ноябрь 2014 - 23:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 305
  • Катталган: 30 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 06 Дек 2014 13:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения jass00 (27 Ноябрь 2014 - 21:31) жазган:

ozunuzdu ozunuz bayandapsyzgo?

Чын эле өзүбү же подружкесиби же тууганыдыр
,...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   jass00   28 Ноябрь 2014 - 13:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 939
  • Катталган: 06 Июль 13
  • Соңку аракети: 08 Апр 2016 14:27
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Keremettuu ow jergesinde

Oa ozu ekenda
Адилет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Feijipiao   28 Ноябрь 2014 - 13:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Просмотр сообщения jass00 (28 Ноябрь 2014 - 13:35) жазган:

Oa ozu ekenda


Ошоо добуш берип коюнузчу деп кат келген экенТобоо аны мен чынын айтсам тааныбайтда экенмин....
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   jass00   28 Ноябрь 2014 - 13:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 939
  • Катталган: 06 Июль 13
  • Соңку аракети: 08 Апр 2016 14:27
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Keremettuu ow jergesinde

Oa maga da keliptir ele,menda taanybasam kantip doobuw bermek elem.
Адилет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   FREZIYA   29 Ноябрь 2014 - 17:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 08 Дек 2014 06:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Гулдор олкосундо...

Пиар кылгысы келбегени ушул болсо,башкасы бүттү го анда
Көкүрөгүм мыкчып турат сезим бир.Көп ыйладым, кирпикте жаш шүүдүрүм.Неге атың жаздым экен жүрөккө?Махабаттын көрдүм кандай үзүрүн? У.Амираева

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   kandaisyn   29 Ноябрь 2014 - 21:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 17 Июнь 14
  • Соңку аракети: 24 Сен 2019 03:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сары адамдар жашаган жерде

мага да смс келиптир. бирок мен тааныбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   beshinchi   29 Ноябрь 2014 - 21:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 113
  • Катталган: 31 Январь 08
  • Соңку аракети: 12 Дек 2021 21:21
  • Телефон:0555580818,0551590901
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:BISHKEK

Жароокер жакшы кыз...
КУДАЙ ДЕГЕН КУР КАЛБАЙТ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Ky6a   29 Ноябрь 2014 - 21:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 437
  • Катталган: 12 Июль 14
  • Соңку аракети: 02 Авг 2015 15:06

"Канча төлөйсүз" десем жок болуп кетти го %)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   kamil1985   05 Декабрь 2014 - 00:04

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 26 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 17 Дек 2014 11:54

Tobo kyzdar nege myn4a biri birinerdi koro albaisynar ai ai. Internetten miz obo taap kordum beruusyn jakwyna ele alyp barat eken go koro albastykty syndagandy toktotsok onolmokbyz. Ozubuzdun koldon kelbeit a kelgenderdi koro albaibyz.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   gerakl   05 Декабрь 2014 - 09:00

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 99
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2015 09:45
  • Жынысы:Эркек

Жакшынакай кыз экен:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Nursss_Real_Madrid   05 Декабрь 2014 - 09:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 434
  • Катталган: 04 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Фев 2016 01:16
  • Жынысы:Эркек

Биринчи жолу коруп жатам, тааныбайт экенмин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Nariste...12   05 Декабрь 2014 - 15:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Мен дагы тааныбайт экем. Биринчи угушум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жылдыздар жана биз
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 11:47

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: