Наристелүү апаларга жардам Жаңы төрөгөн жаш балалуу энелер үчүн кеңештер
#301 26 Июль 2014 - 23:09
#302 28 Июль 2014 - 11:49
Жерге жаткырылган наристени ары-бери аттап өткөнгө болбойт. Бат-баттан ооруп, начар өсүшү мүмкүн.
Баланы жуунткан дагараны караңгыда эшикке таштабаш керек. Ымыркай түнү бою уктабай кыйналат.
Башка бирөөнүн көзүнчө баланы эмизсе, эненин сүтү жоголуп кетиши ыктымал.
Эң алгачкы ирет баланы эмизээрден мурун кайнак сууга бал салып оозуна кашык менен куюп коюу керек.
Наристе тынымсыз ыйлабаш үчүн түнкүсүн сууга барбаңыз, алып келген күндө да суу тазаланыш үчүн чакага ширеңке чагып таштап коюңуз.
Эгерде эмчектеги баланын тиши жарылбай кыйналып жатса, нандын катуу жерин колуна карматыңыз.
Баланы эмчектен чыгаргандан кийин кайра ошол эле замат эмчегиңизди оозуна салбаңыз. Айрым ишенимдер боюнча андай балдардын көздөрү кылый болуп калышы мүмкүн.
Эгерде баланын тынчы кетип, уйкусу качып жатса, жаңы туулган музоонун шилекейи менен ымыркайдын денесин сүртүп чыгыш керек.
Баланы таманынан кайра-кайра өпкүлөй берсе кеч басат.
Наристенин шымын жууганда баш-аягы кылып илбеш керек, өзгөчө үстүңкү кийимин ийнинен кыпчытып жайган болбойт.
Жаңы төрөгөн эненин сүтү чыкпай ар кимге эмизе берсе кийин наристенин көзү кылый болушу мүмкүн, мындай учурда бир эле аялга эмизген оң.
Үйдө бир жашка чейинки ымыркайлар бар болсо күн баткандан кийин таштандыларды, жугундуларды эшикке алып чыкпаңыз. Караңгы киргенде сурагандарга эч нерсе бербеңиз. Болбосо бала тынымсыз оорушу ыктымал.
Күн баткандан кийин наристени күзгүгө көрсөтүп, айнектин сыртынан караганга болбойт, таң аткыча уктабай ыйлап убара кылышы мүмкүн.
Баланын уктаган жерине, бешигине ашыкча кийимдерди, буюмдарды илбеңиз. Ал нерселер баланын үстүнө баскан жүк болот.
Баланын бешигин, кийимин эч убакта өрттөп, ыргытпаңыз, келечекте балалуу болбой калуу коркунучу күтүлөт.
Айрымдар баланы башынан алыс ыргытып ойноп же уктатаарда бутуна жаздык коюп терметишет. Мындай абалда наристелер тынчымак тургай ого бетер жүрөгү түшүп, уйкусу качат.
Айызы келген айымдар бала көрүп барбай эле койгону оң, болбосо наристе тери оорусуна чалдыгышы ыктымал.
Баланы күн күркүрөгөндө эмизбейт.
#304 28 Июль 2014 - 14:33
Жакшы кенештер экен Фейжи эсте болот ар дайым...
#305 28 Июль 2014 - 15:18
Мен дагы ото ырымчыл эмесмин го.. бирок балага байланыштуу ырымдарды колдонот экем.
Тункусун баланын кийимин эшикке калтырбоо..
Карангыда баланы эшикке алып чыкпоо,
Кур бешикти терметпоо,
Баланын устунон аттап отпоо,
Айта берсе коп эле го бирок эсимде ушулар эле экен...
Кудай буйруса балалуу болсок , ушул кенештер чон жардам берет деген умуттомун.
#307 29 Июль 2014 - 02:28
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#308 30 Июль 2014 - 13:04
#309 30 Июль 2014 - 15:43
#310 30 Июль 2014 - 17:44
#311 31 Июль 2014 - 17:21
Баары балага байланыштуу…
Жерге жаткырылган наристени ары-бери аттап өткөнгө болбойт. Бат-баттан ооруп, начар өсүшү мүмкүн.
Баланы жуунткан дагараны караңгыда эшикке таштабаш керек. Ымыркай түнү бою уктабай кыйналат.
Башка бирөөнүн көзүнчө баланы эмизсе, эненин сүтү жоголуп кетиши ыктымал.
Эң алгачкы ирет баланы эмизээрден мурун кайнак сууга бал салып оозуна кашык менен куюп коюу керек.
[size="3"]Наристе тынымсыз ыйлабаш үчүн түнкүсүн сууга барбаңыз, алып кP
Шумдук го. Ушулардын баардыгын аткарбайм деле балам жапжакшынакай эле.Ошондуктан ишенбейм.Куру соз.
#312 03 Август 2014 - 23:05
#313 03 Август 2014 - 23:15
bermet104 (03 Август 2014 - 23:05) жазган:
Бермет кандайсын.
Андан кийин текшердим, тилекке каршы 1 гана сызык.

Бирок умутумду узбой келем. Анан да азыр гинекологдун козомолундо
болуп даарыланып жатам. Буйруса жакшы жанылыгым болсо
эле бул жакка суйунчулойм :

Билдирүүнү түзөткөн: Nariste...12: 03 Август 2014 - 23:16
#314 04 Август 2014 - 18:23
#315 04 Август 2014 - 23:20
samaro4ka (04 Август 2014 - 18:23) жазган:
Ойиий эже куттуктайм. Наристениздин омуру узун,ден-соолугу чын болсун.Сиздерди сыйлаган,акылдуу, боорукер уулдардан болсун.
#316 05 Август 2014 - 01:23
samaro4ka (04 Август 2014 - 18:23) жазган:
Ай ий Самара куттуктайм.
Кыйналбай коз жарып алдынбы?
Уулундун ден соолугу жакшы болуп, омуру узуууун болсун ээ. Озун жакшы элесинби?
#317 05 Август 2014 - 02:31
samaro4ka (04 Август 2014 - 18:23) жазган:
Бешик боонуздар бек болсун.
Такыр эмизе элек болсо сут келбейт. Чыкпаса да торогон аялдын тамагына да байланыштуу болот. Ысык женил тамактардан бат бат тамактануусу зарыл. Озу ошентип айрымдарда кеч келет.
Билдирүүнү түзөткөн: Lilia11: 05 Август 2014 - 02:33
#319 05 Август 2014 - 11:33
samaro4ka (04 Август 2014 - 18:23) жазган:
Ооо, бешик боонор бек болсуун! Кудайым омурун берсин!

Кошуна келиндин койгойуно келсек, аптекада 1. Сут саагыч- молокоотсос бар. Ошо менен сааса суту да чыгат, урпу да чыгат. Бир, эки саап туруп эле, урпу чыкканда шарт баласына эмизе койсун. 2. Атайын урпу жокторго эмизуу учун накладки сатылат. Ошолорду коюп эмизсе болот.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#320 05 Август 2014 - 13:43