Жай мезгили башталганда эле кыргыздын кереметтүү кооз жерлерине кызыгып, эс алууга чет өлкөдөн келген туристтердин саны арбыйт. Кээси Ысык-Көлдө эс алышса, кээси биздин асман тиреп, карагайга жык толгон бейиштин төрүндөй тоолорго, жайлоолорго өзгөчө көңүл бурушат.
Жакында алыскы Франциядан Кыргызстандын жайлоолоруна кызыгып келген 36 жаштагы Одри Шастон аттуу турист айымды тоногон 28 жаштагы Урмат Солтобаев кармалды. Негизинен чет өлкөдөн келген туристтерди жалгыздап, өз алдынча экскурсияга чыкпагыла деген эскертүү бар. Ошондой болсо да кээси кыргыздын кооз жерлерине кызыгып, азгырылып жалгыздап жөө кыдырып кетет.
Одри Шастон өзүнүн жердештери менен Кыргызстанга жер көрүүгө, эс алууга келген. Бирок 22-июль күнү Ысык-Көл облусундагы Тамга айылында досторун калтырып, өзү жалгыз кооз жерлерди көрүү үчүн тоо-таштарды аралап, жөө-жалаңдап Алтын-Арашан жайлоосуна чейин келет.
Ал жерде мал кайтарып жүргөн Урматка жолугуп, анча-мынча орусча сүйлөгөн Одри Шастон экөө таанышып калышат. Урмат кечке чейин Алтын-Арашан жайлоосунун кооз жерлерин француз айымга көргөзүп, кыргыздын мырзасындай эле жүргөн. Атүгүл кечинде Одри Шастонду чабандын бозүйүнө алып барып, ал жерден кыргызча сыйлап, бозүйгө жаткырышат.
Түнкү саат ондор чамасында француз айым чарчап, жаңы эле жатайын дегенде сырттан мас болгон Урмат кирип келет. Кечке мал кайтарып, талаа-түздө жүргөн койчу француз айым менен жүрүп ою бузулганбы же Одринин капчыгына кызыкканбы,
айтор көзүн кызартып шырп алдырбай жылып кирет.
Анын беймаал кирип келгенине Одри да таң калып, ордунан тура калса Урмат аны болгон күчү менен башка бир чабат. Одри ошол жерден эстен танып жатып калат. Эртеси күнү француз айым ойгонсо төшөгүндө жылаңач жаткан экен, уюлдук телефону, капчыгы, беш миң сом акчасы, кредиттик карточкасы да жок болуп чыгат. Таң аткандан кийин Одрини бозүйдүн ээси менен Урмат экөө унаага салып, Каракол шаарына алып барып, аны жалгыз калтырып качып кетишет.
Бөтөн эл, бөтөн жерде ээн талаада калган Одри кимге кайрылаарын билбейт же уюлдук телефону жок. Каракол шаарында турган таксисттерге барып, окуянын чоо-жайын эптеп түшүндүрөт да алардын кол телефонун сурап, Тамгада эс алып жаткан жердештерине чалат. Жердештери Одринин кыйын абалда калганын угаар замат жетип келишет да, дароо ооруканага жеткиришет.
Каракол шаарындагы ооруканадан француз айымды текшерген дарыгерлер милиция кызматкерлерине кабар жиберишет. Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, окуя болгон жерден далил заттар алынып, тергөөгө жөнөтүлгөн.
Одри мени Урмат зордуктады болуш керек, бирок мен эстен танып билбей калдым деген көргөзмөсүнөн улам, анын кийимдери, шейшептери соттук медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.
Ал эми арадан көп узабай эле Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде туугандарынын үйүндө жашынып жаткан Урмат Солтобаев изкубарлардын кылтагына түштү.
- (2 )
-
- 1
- 2
Француз айымды кыргыз жараны зордуктаганбы? Франциялык турист эртең менен турсам жылаңач экем, мени зордуктаса к/к
#2 06 August 2014 - 15:21
Окуп алып эмне дээримди да билбей калдым.Ушундай акмактарда болобу тобоо...
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#3 06 August 2014 - 15:20
Озуно эле эмес, жалпы кыргыз элине соз тийгиздирип,
уятка калтырган го жердешибиз.
Эми ал француздар кыргыздар жонундо кандай ойдо калды, оз жергесине эмне деп айтып барышат кудай билет.
Аллахым баарыбызга ыйман берсин!
Аллахым баарыбызга ыйман берсин!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 06 August 2014 - 15:26
Мал кайтарып журо берип озу да мал болуп калган бироо экен да.
Бычып салыш керек же дагы бир палакат кылыш керек да эл алдына алып чыгып олгучо эсинен кеткис кылып
Бычып салыш керек же дагы бир палакат кылыш керек да эл алдына алып чыгып олгучо эсинен кеткис кылып
УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
#6 06 August 2014 - 15:26
кечке жакшы еле жургон екен кооз жерлерди коргозуп анан артынан андай кылганы жаман болуптурда,
#7 06 August 2014 - 16:21
Бир карын майды, бир кумалак чиритет деген ушул да.
Эх, бир айбандын айынан , бут кыргыз жаман атка конду..
АСАН аке айтмакчы бычып салуу же болбосо башка жаза ойлоп табуу керек.
Качанга чейин ушул нерсе уланат.
Бизде азыркы убакта олтуруу, тоноо, зордуктоо аябай эле куч алууда.
Ушул нерсени токтотуу учун, мыйзамдар болоор бекен?
Эх, бир айбандын айынан , бут кыргыз жаман атка конду..
АСАН аке айтмакчы бычып салуу же болбосо башка жаза ойлоп табуу керек.
Качанга чейин ушул нерсе уланат.
Бизде азыркы убакта олтуруу, тоноо, зордуктоо аябай эле куч алууда.
Ушул нерсени токтотуу учун, мыйзамдар болоор бекен?
#8 06 August 2014 - 16:35
Бир адамдын ушундай жаман жоругунан "кыргыз эли" делинип калатда эми. Уят эле эч ким билбей калат деп ойлогонбу озунун кыска оюнда. Бирок андай жаман жорук менен алыска барбасын билетда. Анан ал аялда жалгыз бир эркекти ээрчип сейилдеп журо бериппи ээ? Анан жалгыз эркек менен бир чатырда туногону калыппы. Тем более жат адам болсо,мал арасында журуп жапайы болуп калган адамдан кутсо болот. Эмнеси болсода уят эле болуптурда.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#10 06 August 2014 - 16:38
Эгер ошончолук эле " бычып салуу керек болсо" анда баягы "озун саткан кыздарды"
да бирдемке кылыш керек. Жана ошондой эле ошол кыздарга барган "эркектерди да бычып салуу керек"!
Ошондо ошол жаман корунушторда жоюлат белее.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#11 06 August 2014 - 16:45
Уят эле.Эч ким билбей калат деп ойлосо керек да.Чокудан
бир коюп,бычып салыш керек буга окшогон эки буттуу айбандарды.
#13 06 August 2014 - 18:50
"Жинди сууну" ичкенден кийин ою бузулган го акмактын.Кыныр иш азыр кырк кундо эле билинет.
#15 06 August 2014 - 21:52
#16 08 August 2014 - 11:55
Урматтын иши туура эмес экени анык. Бирок тиги Одри деген неме да туура эмес иш кылган. Кайсы акылы соо аял биринчи жолу көрүп жаткан чоочун эректин боз үйүнө келип түнөп калат?
#17 08 August 2014 - 17:49
Ал аялзаты озунчо озунун Франциясында журом деп элестеткен го сыягы. Француздарга аралашып эле журом. Бир аз бой которгон калк келет экен.
#18 08 August 2014 - 21:52
Ар бир мамлекеттин деле жаман конулу кир адамы болотда туурабы? Эмне жайлоо айлантып койсо эле жети атасы тааныбаган кыргыз менен жалгыз туногон Одри (беле) ошого балли. Ошол аял деле бир аз мээсин иштетсе болмокда,кайдагы тааныбаган адамга эмне ишенем депчи. Андай колдо бар коёнду коё берген онобу деп,берки койчугада баарибир экенда. Иши кылса адамдардын пейили бузулуп баратат,тообо кылдым.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#19 08 August 2014 - 22:46
Эмнеси болсо аябай жаман иш болуптур...француз аял эмгиче интернетке жарыялап дуйнону дунгуротуп аткандыр.
#20 08 August 2014 - 22:55
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео




















