Суперстан: Өзбекстан мигранттарын күчтөп чакыртууда - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Өзбекстан мигранттарын күчтөп чакыртууда Каримов мигранттардан өтө катуу коркууга түштү

#1 Пользователь офлайн   Ala-Tooluk.Jigit   05 Август 2014 - 22:42

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 262
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 29 Авг 2014 08:02
  • Жынысы:Эркек

Өзбекстанда тышка чыгып кеткен эмгек мигранттарын мекенине кайтаруу үчүн атайын өнөктүк башталды. Милиция үймө-үй кыдырып, ата-энелерден мигрант балдарын артка чакырууну талап кылып, буйрукка баш ийбегендерди ири айып пул менен коркутууда.

Акыркы кездерде «Азаттыктын» өзбек кызматына Орусиядагы жана Казакстандагы өзбекстандык мигранттардан ар кандай каттар түшө баштады. Казак жергесинде эмгектенип жаткан ферганалык мигрант минтип жазат:

- Бүгүн мага Өзбекстандан чалышып, шашылыш үйгө чакырышты. Көрсө маале комитетинин активдери менен участкалык милиция үйлөрдү кыдырып, Орусияга же Казакстанга иштеп кеткендердин тизмесин түзүп атыптыр. Мигранттарды 10 күндүн ичинде кайтарып келип, аларга иш орундарын түзүп берүү тууралуу буйрук түшүптүр. Менин жакын таанышым, коллеждин мугалиминин айтымында, жакында эле район акими жыйналыш өткөрүп, баарын артка кайтарууну талап кылыптыр.

Орусияда иштеп жүргөн дагы бир мигрант анын досунун ата-энесин чоң айып пул менен коркутушканын айтат:

- Мен Фергананын Алты-Арык деген жериненмин. Кокондук досумдун ата-энесинин үйүнө милиция келип “Эгер балаңар үч күндүн ичинде кайтпаса, андан кийинки ар бир күнгө 700 миң сумдан төлөйсүңөр», - деп айтыптыр. Азыр эми ал жигит айласын таба албай жүрөт.

Атын атабаган кокондук укук коргоочу мигранттарды мекенине кайтаруу кампаниясынын башталганына эки жумага жакындап калганын билдирди:

- Бир эле Кокондо эмес, жалпы Фергана облусунда башталды. Жакында эле премьер-министр Мирзияев Ферганага келип 6 сааттык чогулуш өткөргөн. Ал жергиликтүү бийликтегилерге чет жерде иштегендердин тизмесин түзүп, аларды кайтарып келип, мекенинен жумуш менен камсыздап берүүнү буйруду. Ушундай эле буйрукту бардык ишканаларга берип, кайтып келген мигранттарды ишке алууга чакырды. Алар сырттан айына 2-3 миллион сум табышат. Бул жакта маянасы кандай болору белгисиз.

“Азаттык” радиосу Фергана облусунун акимчилиги менен байланышып, бирок бул боюнча маалымат ала албады. Ал арада ушундай эле иш-чаралар Анжиян облусунда да башталганы маалым болду.

Орусияда иштеген анжияндык мигрант анын кичи мекенинде да үгүт кампаниясы жүрүп жатканын кабарлады:

- Азыр бизде – Коргон-Төбөдө айыл аксакалдары менен участкалык инспекторлор үйлөрдү кыдыра баштаптыр. Менин ата-энем да кел деп чакырып жатышат, азыр карыздарым көп, алардан кутулмайынча бара албайм.

Казакстанда жүргөн дагы бир мигранттын айтымында, анын атасы балдарды артка чакыруу зарылдыгын мечит имамынан уккан.
Окунуп кийин калба,

Бул кундор откон чакта,

Кеч болот анда сага!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Ala-Tooluk.Jigit   05 Август 2014 - 22:47

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 262
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 29 Авг 2014 08:02
  • Жынысы:Эркек

Президент Ислам Каримов былтыр 20-июнда өлкөнүн Жиззах жана Сырдарыя региондоруна барганда сыртка иш издеп кеткен мигранттарды“жалкоо, даңгеселер” деп атаган.

Ислам Каримов: “Москвада көчө шыпырган өзбек - даңгесе"

Ташкенттик көз карандысыз журналист Абдурахмон Ташановдун айтымында өзбек президенти Ислам Каримов 18-июлда Жиззак облусуна болгон иш-сапарында сүйлөп жатып, эмгек мигранттарын “бекерпоздор” деп атаган. Ошондон кийин дароо президент администрациясынын жана министрлер кабинетинин буйругу менен чет жакка кеткен эмгек мигранттарынын санын кыскартуу максатында үгүтөөчү топтор түзүлүп, эл арасында түшүндүрүү иштери башталган:

- Ал топторго мугалимдер жана башка чыгармачыл иштер менен алектенген коом өкүлдөрү киришет. Азыр алар Фергана облусунда иш жүргүзүшүүдө. Ата- энелер менен сүйлөшүп, балдарын чет жактарга жөнөтпөөнү айтып жатышат. Менимче бул кампаниянын эки себеби бар. Биринчиден, акыркы жылдары Орусияга жана Украинага чыгып кеткен 3 миллионго жакын өзбек жарандарын көзөмөлдөө кыйын болуп калды жана алар кандайдыр бир коркунуч жаратышы мүмкүн. Экинчиден, өкмөт жарандарынын ар кандай диний агымдарга тартылып кетишинен чочулайт. Чынын айтканда, өкмөт сырттан башка жашоону көрүп келген мигранттар, өз өлкөсүнө кайтканда жумуш таба албай олуттуу суроолорду көтөрүп чыгышынан коркушу керек.

29 миллион калкы бар Өзбекстанда сегиз миллиондон ашуун адам чет жакта мигрант болуп кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда, Казакстанда, Украинада жана Түштүк Кореяда иштешет.

"Даңгеселердин" Каримовго белеги

WhatsApp аркылуу "Азаттыктын" өзбек кызматына жолдонгон ушул видеодо президент Каримов айткан "даңгеселердин" бир тобу иштен кийин чыгармачылыкка да убакыт таап жатканы белгиленген. 26.06.2013
Окунуп кийин калба,

Бул кундор откон чакта,

Кеч болот анда сага!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   MIRlan   05 Август 2014 - 23:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Мм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Aikoo2014   06 Август 2014 - 00:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Ии десе
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   XAH-007   06 Август 2014 - 08:57

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 07 Авг 2015 21:33
  • Жынысы:Эркек

Өзбектердин жашоосу бизге эмне кызыкчылыгы бар? Кандай максат менен тема ачып жарыяладың? Тема ачпай эле саясат күндөлүгүнө илип койсоң болбойбу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   momyn_jygyt   06 Август 2014 - 09:15

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 328
  • Катталган: 10 Апрель 14
  • Соңку аракети: 28 Мар 2015 04:28
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сыноо майданы...

Ушу сен Али узбекстандын жараны эмессинби деги??? Башка мамлекттин саясатына аралашпай жон эле журсон ар нерсеге эле башынды тыга бербей!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Talant79   06 Август 2014 - 10:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 66
  • Катталган: 27 Март 13
  • Соңку аракети: 22 Авг 2014 20:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Яkyтck

Айланадагы жанылыктарды да билип койгон ашыктык кылбас. Автор жаза бер, окуй беребиз жакшы жанылык экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   samar55   06 Август 2014 - 10:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 151
  • Катталган: 19 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Сен 2021 13:47
  • Жынысы:Эркек

Кечее тактап айтканда 05.08.2014.биздин фирмага фмс басып кирип 60 тай эле озбек .армян .украиндерди кармап алышты копчулугу качып улгурушкон. Фирманын жетекчилери кандай вариант кылса да созго келишкен жок.Азыр ишке келсем фмстин кызматкерлери заводдун алдында машиналарында бурушуп уктап атышыптыр .Балдардан сурасам танкы 5ке чейин текшерип ит кылышты деп отурушат.сыягы депорт кылат го аларды.Откон ишемби .жекшенбиде эле ушул фмсчилер 840 узбекти айдашыптыр уйлоруно...Молдова. узбекистандыктарды катуу текшерип кетире баштады менин оюмча украин качкындарына иш ордуларын бошотуп атат окшойт.Директорго донецк.луганскиден келген украиндерди ишке аласынар дегендей кылышыптыр. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Talant79   06 Август 2014 - 10:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 66
  • Катталган: 27 Март 13
  • Соңку аракети: 22 Авг 2014 20:41
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Яkyтck

Просмотр сообщения samar55 (06 Август 2014 - 13:31) жазган:

Кечее тактап айтканда 05.08.2014.биздин фирмага фмс басып кирип 60 тай эле озбек .армян .украиндерди кармап алышты копчулугу качып улгурушкон. Фирманын жетекчилери кандай вариант кылса да созго келишкен жок.Азыр ишке келсем фмстин кызматкерлери заводдун алдында машиналарында бурушуп уктап атышыптыр .Балдардан сурасам танкы 5ке чейин текшерип ит кылышты деп отурушат.сыягы депорт кылат го аларды.Откон ишемби .жекшенбиде эле ушул фмсчилер 840 узбекти айдашыптыр уйлоруно...Молдова. узбекистандыктарды катуу текшерип кетире баштады менин оюмча украин качкындарына иш ордуларын бошотуп атат окшойт.Директорго донецк.луганскиден келген украиндерди ишке аласынар дегендей кылышыптыр. ..

Кыкемдерге тийишпесе керек. Эгер тийишсе ТСга кошулбайбыз деп чыгышат деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Saiha.84   06 Август 2014 - 10:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 953
  • Катталган: 29 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2014 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения samar55 (06 Август 2014 - 10:31) жазган:

Кечее тактап айтканда 05.08.2014.биздин фирмага фмс басып кирип 60 тай эле озбек .армян .украиндерди кармап алышты копчулугу качып улгурушкон. Фирманын жетекчилери кандай вариант кылса да созго келишкен жок.Азыр ишке келсем фмстин кызматкерлери заводдун алдында машиналарында бурушуп уктап атышыптыр .Балдардан сурасам танкы 5ке чейин текшерип ит кылышты деп отурушат.сыягы депорт кылат го аларды.Откон ишемби .жекшенбиде эле ушул фмсчилер 840 узбекти айдашыптыр уйлоруно...Молдова. узбекистандыктарды катуу текшерип кетире баштады менин оюмча украин качкындарына иш ордуларын бошотуп атат окшойт.Директорго донецк.луганскиден келген украиндерди ишке аласынар дегендей кылышыптыр. ..


Демек кыргыз жарандарына кысым корсотулгон жок деп тушунсок болобу?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   samar55   06 Август 2014 - 11:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 151
  • Катталган: 19 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Сен 2021 13:47
  • Жынысы:Эркек

Кыргызстан менен армениянын жарандарына тийишпейт эгерде документтери туура болсо ...Себебин баарынар эле билип калсанар керек.Ошондой болсо да сактыка кордук жок дегендей документеринерди тууралап жургуло мекендештер. Мени деле откон ызы чууда станциядан кармап алып катуу текшеришкен .Озум орусиянын жараны болгонум менен пропискам иркутскиники эле кана москвада врем рег-н деп 2500 админ штраф салып кетиришти.Ал чыныгы фмс кызматкерлерине илинип калбасан кочодогу ппс тер ерунда эле.Паспортту ачып кайра жаап ак жол тилеп кала беришет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Aikoo2014   06 Август 2014 - 18:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Ооба Алла Кудай менен иштеп журобуз,ансыз деле чыныгы законуна салса биздин чыныгы работа на разршениябызданда ката табат. Себеби регистрация болгон жерде эч ким жашабайт,ар кандай фирмалар жасап берет регистрацияны. Кээ бирлер кай жерге регистрация болгонун деле билбейт.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   MOMyH   06 Август 2014 - 21:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Фев 2016 15:30
  • Жынысы:Эркек

Хизбуттардын иш алып баруусу учун Узбекстан катуу тыя салган. Ошон учун жамандай албай отурат. Кыргызстан да ошондой козомол кылыш керек. Узбекстан оз билгенин кыла берсин. Узбекстан АКШ менен жакшы мамиледе, ошондуктан Россия кысым корсотот.
Ар ким өз көмөчүнө күл тартат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Жолоочу_Kosmopolitka_* 06 Август 2014 - 21:50

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Президенттин даанакерлигин карасанар. Ажо деген ушундай болуш керек,созу да отот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   bessmertnyi   06 Август 2014 - 22:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 412
  • Катталган: 11 Январь 14
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2016 19:36
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кемпиримдин журогу.

Бир убактарда Озбектердин урпактары Каримовго рахмат гана айтат. Каримов Озбекстандын аймагын 1 метрден болсо да кенейтип барат. 1 см кичирейген жок. Тартип бар. Каримовдун бир созу жерде калбайт. Кана бизде да ушундай президент болсо. Корот элем ошондо жеке кызыкчылыгы учун митинг кылып, жол тосуп элдин убалы менен каргышынан коркпогондорду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   killer-star   06 Август 2014 - 22:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 267
  • Катталган: 19 Март 13
  • Соңку аракети: 06 Мар 2018 20:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кр.гы озбектерди да чакырып албайбы буржолу
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   MIRlan   08 Август 2014 - 01:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Автор бул маалыматты кайсы булактан алдыныз? Купуяма шилтемесин жазып коюнчу. Рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Daud   08 Август 2014 - 11:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения killer-star (06 Август 2014 - 22:21) жазган:

Кр.гы озбектерди да чакырып албайбы буржолу


Сүрөт Алар Өзбекстандын жарандары болсо чакырып алса керек эле. Бирок алар биздин өлкөнүн жарандары да.

Тема боюнча: Минтип чакырып алуунун максаты кандай болду экен? Кандай божомолдор бар? Кайсы күнү интернеттен Каракалпакстан Өзбекстандан бөлүнүү үчүн аракет көрүп жатат деген маалыматтарды окудум эле. Каракалпактар Крымга окшоп Россиянын курамына өтөбүз дегендей кылып жатышкан экен. Ага тиешеси жок бекен?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Nargiza.kb.90   08 Август 2014 - 11:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 12 Январь 14
  • Соңку аракети: 23 Янв 2015 11:23

Депорт басып эле жатат кырг. жарандарына деле...канчасы ыйлап кайра уйлоруно жоноп атышат(((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Aikoo2014   08 Август 2014 - 21:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 401
  • Катталган: 16 Март 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2018 23:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан.

Узбекстандын саясатын соз кылып бизге эмне,башка кылаарга ишибиз жокбу?
" Мен дуйнону апам менен тааныгам "
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 17 Авг 2025 23:20

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: