Жакында алыскы Франциядан Кыргызстандын жайлоолоруна кызыгып келген 36 жаштагы Одри Шастон аттуу турист айымды тоногон 28 жаштагы Урмат Солтобаев кармалды. Негизинен чет өлкөдөн келген туристтерди жалгыздап, өз алдынча экскурсияга чыкпагыла деген эскертүү бар. Ошондой болсо да кээси кыргыздын кооз жерлерине кызыгып, азгырылып жалгыздап жөө кыдырып кетет.
Одри Шастон өзүнүн жердештери менен Кыргызстанга жер көрүүгө, эс алууга келген. Бирок 22-июль күнү Ысык-Көл облусундагы Тамга айылында досторун калтырып, өзү жалгыз кооз жерлерди көрүү үчүн тоо-таштарды аралап, жөө-жалаңдап Алтын-Арашан жайлоосуна чейин келет.
Ал жерде мал кайтарып жүргөн Урматка жолугуп, анча-мынча орусча сүйлөгөн Одри Шастон экөө таанышып калышат. Урмат кечке чейин Алтын-Арашан жайлоосунун кооз жерлерин француз айымга көргөзүп, кыргыздын мырзасындай эле жүргөн. Атүгүл кечинде Одри Шастонду чабандын бозүйүнө алып барып, ал жерден кыргызча сыйлап, бозүйгө жаткырышат. Түнкү саат ондор чамасында француз айым чарчап, жаңы эле жатайын дегенде сырттан мас болгон Урмат кирип келет. Кечке мал кайтарып, талаа-түздө жүргөн койчу француз айым менен жүрүп ою бузулганбы же Одринин капчыгына кызыкканбы, айтор көзүн кызартып шырп алдырбай жылып кирет.
Анын беймаал кирип келгенине Одри да таң калып, ордунан тура калса Урмат аны болгон күчү менен башка бир чабат. Одри ошол жерден эстен танып жатып калат. Эртеси күнү француз айым ойгонсо төшөгүндө жылаңач жаткан экен, уюлдук телефону, капчыгы, беш миң сом акчасы, кредиттик карточкасы да жок болуп чыгат. Таң аткандан кийин Одрини бозүйдүн ээси менен Урмат экөө унаага салып, Каракол шаарына алып барып, аны жалгыз калтырып качып кетишет.
Бөтөн эл, бөтөн жерде ээн талаада калган Одри кимге кайрылаарын билбейт же уюлдук телефону жок. Каракол шаарында турган таксисттерге барып, окуянын чоо-жайын эптеп түшүндүрөт да алардын кол телефонун сурап, Тамгада эс алып жаткан жердештерине чалат. Жердештери Одринин кыйын абалда калганын угаар замат жетип келишет да, дароо ооруканага жеткиришет.
Каракол шаарындагы ооруканадан француз айымды текшерген дарыгерлер милиция кызматкерлерине кабар жиберишет. Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, окуя болгон жерден далил заттар алынып, тергөөгө жөнөтүлгөн.
Одри мени Урмат зордуктады болуш керек, бирок мен эстен танып билбей калдым деген көргөзмөсүнөн улам, анын кийимдери, шейшептери соттук медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. Ал эми арадан көп узабай эле Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде туугандарынын үйүндө жашынып жаткан Урмат Солтобаев изкубарлардын кылтагына түштү.
Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 06 Август 2014 - 15:07