Назгүл Калмамбетова
"Бейтаалай"
Сен жакшылап ойлондуңбу,
ай келин? - деди жашы кырктан өтүп калган медсестра аял, жанында ыйламсырап отурган жыйырмадан жаңы гана өтүп калган келинди тикирейе карап.
- Ооба, эже. Башка аргам жок. Эгерде ата-энем менин эрсиз тууп алганымды билсе эч качан кечирбейт.
- Ата-эне баласын жамандыкка кыйбайт. Мен да энемин. Мүмкүн адегенде сенин туура эмес кылганыңды айтып, урушаар. Бирок, карачы, кандай татынакай бала төрөдүң. Балаңды көргөндө алардын ачуулары тарайт, көрөсүң го.
- Эже, сиз менин ата-энемди билбейсиз. Ата-энем динге берилген адамдар. Алар беш маал намаз окуп, шарыяттын жол-жоболору менен жашашат. Атам былтыр ажыга да барып келген. Мектепте окуп жүргөндө мен да аларга кошулуп, беш маал намазга жыгылып, жоолукту башыман түшүрбөй мусулманчылыкка берилип жашагам. А азырчы? Кайсы шайтан мени азгырды? Менин мындай шермендечилигим,
алардын бетине көө жабат, - деп көзүнүн жашын кылгыртты жаш келин.
- Өзүң бил, балаңды төрөөрдөн мурда жакшылап ойлонсоң болмок…
- Аны түшүнүп эле турам. Боюмда кантип болуп калганын билбей калыптырмын.
Ичим чоңоюп калганда гана боюмда бар экенин билбедимби.
Алдырып салайын десем, кеч болуп калды дешти…
- Балаңдын атасы каякта, ал билеби?
- Ал жөнүндө эстегим келбейт. Эже, ыймандай сырымды сизге айтып атам. Баламан баш тартам. Төрөтканага баламды таштайм.
- Анда, "баламан баш тартам" деп тил кат жазып кетишиң керек. Бул маселени мен жалгыз чече албайм, башкы врачка, бул жерде иштеген чоңдорго айтышым керек.
- Макул эже, - деген келин алиги медсестра аялдын кабинетинен чыгып өзүнүн палатасына барды.
Жанында палаталаш жаткан эки келин менен сүйлөшкүсү келбей керебетине көмкөрөсүнөн жатып алып, жүрөгү сыгыла, ушундай тагдырына наалат айтып, бет келди жакка безип кеткиси келди. Бир топко чейин көзүнүн жашын көлдөтө ыйлап жатты. Аңгыча:
- Балдарыңарды эмизгиле, - деген медсестра жаш кыз ыңаалаган эки-үч кичинекей ымыркайды көтөрүп келе калды.
- Кичинекейим менин, сени аябай сагынып кетпедимби.
Курсагың ачтыбы, ме эмегой, - деп жанындагы келин ымыркайын эркелетип астына алып отуруп эмизип калды.
- Ай-ий, аябай курсагы ачкан го, менин кызымдын… - деген экинчи келин да кичинекей кызынын саамайынан сылап, жыттап алды.
Алтынай колундагы энесинин эмчегин издеп оозун ачкан баласын аяп кетти. Ушул балдардан менин баламдын эмнеси кем эле деп ичинен сыздап алды. Палаталаш жаткан аялдар Алтынайга дүйнөдөгү эң бактылуу аялдардай сезилди. Алардын бактысына суктанды. Анан тарсайып сүт толуп турган эмчегин акырын чыгарып, оор үшкүрүнө уулунун оозуна салды. Эч нерседен бейкапар кичинекей кызыл эт наристе энесинин эмчегин чопулдата эмип кирди. "Кечирип кой, уулум. Мендей акылсыз, ташбоор энеңди кечир. Кантейин, өзүм менен эле кошо ала кетейин дейм. Бирок, мен сени бактылуу кыла албайм. Андан көрө ушундайыңда экөөбүздүн ажырашканыбыз оң. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын. Сени бул жарык дүйнөгө мен алып келгенимди бир Кудай, анан өзүм гана билишим керек. Акыркы жолу энеңдин эмчегин моокумуңду кандыра эмип ал. Мен сени Кудайга тапшырдым. Кайда болсоң да аман-эсен, бактылуу болсоң болду. Сени таштаганым менен жүрөгүмдүн түпкүрүнөн эч качан кетпейсиң. Мен сени эч качан унутпайм, кечир, күнөөнүн баары менде. Сен төрөлгөндө бактылуу жашоого жол ачылат го деп ойлогом. Бирок, сенин төрөлүшүң мага бакыт алып келген жок. Мен өз жашоомду улайын, сен өз жашооңду ула. Кудайдын көзү түз болсо, мүмкүн экөөбүз качандыр бир кездерде жолугушаарбыз.
Мага ошондо таарынарсың.
Эгерде сени өзүм менен кошо алып кеткенге мүмкүнчүлүгүм болсо, бул жерге бир мүнөт дагы калтырбайт болчумун… Акылсыз, бактысыз, шордуу энеңди кечир" деген Алтынай уулунун алкымынан жыттап-жыттап алды. Ичи уйгу-туйгу болуп, жүрөгү сыздап, тилингендей канап жатты. Анан, чопулдата эмип аткан уулунун оозунан эмчегинин үрпүн акырын чыгарып алды. Кичинекей ымыркай сүткө тойбой калды көрүнөт, оозун ачып, башын чулгуп, жаагына тийип калган жалаяктын учун соруп кирди. Алтынай уулун эмизип бүттүм дегендей, аны көтөрүп коридорго чыкты да, "ымыркайлар бөлүмү" деген бөлмөгө кирип, бош турган кичинекей керебеттердин бирине баласын жаткырды. Уулун бир топко чейин телмире ойлуу карап турду да, бир нерсени эстегендей,
ымыркайдын колундагы бирканы чечип алып, халатынын чөнтөгүнө сала койду. Чөнтөгүнөн төрт бүктөлгөн ак кагазды алып чыгып ичине "Алтынбек"
деп жазды да, кичинекей уулунун жалаягына кыстарып койду. "Жакшы кал, Алтынбегим"
деп уулунун чекесинен сүйүп, өзүнүн палатасына келди да, ал жердеги анча-мынча майда-чүйдө кийим-кечектерин пакетке салып даярдана баштады.
- Уулуңду бат эле эмизип бүтүп койдуңбу? - деди палаталаш келиндердин бири.
- Ооба, мен азыр сыртка чыгып келишим керек болуп атат. Кайра тез эле келип калам… - деген Алтынай шапа-шупа кийине калып, колуна пакетин көтөрүп сыртка чыгып кетти. Бул учурда эшикте көз байланып, караңгы кирип калган эле. Артынан бирөө кууп келаткансып,
төрөтканадан чыккан Алтынай шыпылдай баскан кадамын тездетип, артын карабай качып баратты. "Баары кандай жакшы башталды эле… Ушундай болот деп ким ойлоптур… Баламдын убалы, менин көз жашым сени уктатпай калсын, Данияр!"
деп ичинен бир кездеги сүйөм деп артынан чуркап жүргөн жигитин каргап келатты…
"Бейтаалай" Чыгарма.....
#1 06 August 2014 - 21:26
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#2 06 August 2014 - 21:30
Алтынай Кызыл-аскерде Мария деген орус кемпирдин кичинекей,кепедей болгон тамында баш калкалап батирде турчу. Төрөтканадан жашаган жерине чейин жөө-жалаңдап чуркап барды. Көзүнүн жашы тыйылбай, өз жанын өзү кыйгысы келет. Ушул дүйнө ага суук, караңгы, тар көрүнүп турду. Көчөдөн көргөн эркек аттуулардын баарын көргүсү келбей, алар көзүнө желмогуздай көрүнүп, аялдарга жакшылыгы жок душмандардай сезилип жатты.
Жашаган жерине келип, дарбазаны такылдатты. Эшикти ачкан Мария Алтынайды көрүп чочуп кетти:
- Сен каяктан келип калдың? Кана курсагың? Эмне,төрөдүңбү? - деп сурады дароо эле.
- Ооба, төрөдүм… - дегенден башка сөз айтпаган Алтынай кемпирди жөөлөп, ыйлап жиберчүдөй болуп, араң карманып, өзү жашаган короонун ичиндеги кепедей тамын көздөй дендароо боло басты. Мария Алтынайдын сүйлөшкүсү келбей атканын көрүп, унчукпай өз үйүнө ойлуу кирип кетти.
***
"Баары кандай жакшы башталды эле…" деп Алтынай ичинен сүйлөнө, ушундай тагдырга кантип кабылып калганын баштан-аяк эстеп кирди.
Алтынай алыскы райондордун биринде жөнөкөй,кадимки айылдык үй-бүлөдө чоңойгон. Үй-бүлөдө төрт кыздын экинчиси. Атасы Сулайман айылдын кадыр-барктуу ыймамы. Энеси Ширин мектепте алгачкы класстарга сабак берип, мугалим болуп иштейт. Ата-энеси мусулманчылыкты бийик тутуп,шарияттын жол-жобосу менен жашашат. Ошондуктан, балдарына да намаз окуганды үйрөтүп, атүгүл мектепте иштеген энеси Ширин да жоолук салынып, кадимки мусулман аялдарындай жүрөт. Улуу эжеси Карлыгачты ата-энеси мектепти аяктаганда эле кудалашып келген адамга кармата беришкен. Бирок, Карлыгач барган жеринен бак таап, ошол үй-бүлө менен очор-бачар болуп жашап кете албады. Күйөөсү аракеч чыгып, бир балалуу болгондон кийин эле эри менен ажырашып, төркүнүнө келип алды. Турмуштан жолу болбой калгандыгына ата-энесин күнөөлөп, "силер мени кудалап келген жерге эле берип салып, бактысыз болуп калдым" деп таарынычын айтып калчу. Ошондон уламбы, Алтынай мектепти аяктаганда эле кудалап келген адамдардан ата-энеси баш тартып, аны борборго чоң окуу жайына тапшырууга алып келишкен. Өмүрүндө өзүнүн кичинекей айылынан алыс чыгып көрбөгөн Алтынай шаарга келгенде башкача бир керемет дүйнөгө кабылгандай эле болду. Көчөдөгү боенгон, кыска көйнөк кийген кыздарды көргөндө, адегенде ага өөн учурады. Атасы Сулайман кызын ошондой кыздарга кошулуп кетпесин деген кыязда диний окуу жайлардын бири Ислам университетине тапшыртайын деп чечкен. Бирок, Сулаймандын шаарда көптөн бери жашаган эжеси Сагын ага каршы болуп, "жаш кыздын убалына калбай, эл окуган эле окуу жайда окуткула" деп болбой койгон.Сулайман эжесине кызы Алтынайга көз салып жүр деп үйүнө таштап, айылына кетти.Сагын Алтынайды чоң окуу жайлардын бирине тапшыртып, өткөрдү. Баягы айылдагыдай болуп, башына жоолук салынбай, шаардын турмушуна Алтынай кичинеден көнө баштады.
Алтынай окуган окуу жай эжесинин үйүнөн бир топ алыс болгондуктан, жарым жылдан кийин көпчүлүк кыздар жашаган жатаканалардын биринен бөлмө алып жашап калды. Эжеси Сагын да "мейли, кыздар менен аралашып, студенттик кызыктуу турмушту башынан өткөрсүн" деп койду. Өзү деле бир кездерде айылдан келип, Алтынай окуган окуу жайдын жатаканасында жашап, билим алган.
Адегенде, Алтынай жалаң окуу менен эле алек болуп, көңүл ачуу, сүйүү менен иши деле жок болчу. Бирок, "адамды адам бузат" дегендей, жанындагы кыздары жигит күтүп, ар кандай кечелерге барышып, белек алгандарын көрүп, кызыга баштады. Бөлмөдө чогуу жашаган кыздары жигит күтүп, ар кандай кечелерге, туулган күндөргө да бара калчу болду. Ошондой күндөрдүн биринде бөлмөлөш Гүлнара деген кыздын классташынын туулган күнүнө барып, Данияр деген шаардык жигит менен таанышып калды. Ушул убакка чейин бирда шаардык жигит менен таанышып көрбөгөн Алтынайга Данияр дүйнөдөгү эң сулуу,айтылуу жомоктогу ханзадалардай эле көрүндү.

#3 06 August 2014 - 21:38
Орусча-кыргызчаны аралаштыра сүйлөгөн, акжуумал шаардык жигитти Алтынай бир көргөндө эле жактырып калды. Бирок, кеченин көркүн ачып, баардык кыздардын көңүл борборунда турган Данияр мени карамак беле деген ниетте, Алтынай бери жакта эч ким менен сүйлөшпөй тынч олтура берди. Аңгыча жай музыка башталып, кыз-жигиттер эки-экиден жупташа кучакташып бийлей баштады. Алтынайды эч ким бийге чакырган жок. Кечеде Данияр өздөрү жабышып аткан кыздардын улам бири менен бийлеп атып, капысынан ары жакта өзүнчө тынч олтурган Алтынайга көзү түштү. Музыка токтоор замат эле Данияр Алтынайдын жанына жетип келди.
- Сенин атың Алтынай беле?.. - деди ал.
- Ооба…
- А эмнеге бийлебей отурасың?
- Жөн эле… - сүрдөгөнүнөн Алтынайдын беттери албырып кызарып кетти.
- Жүр, анда экөөбүз бийлейли. Жанагы музыкага коюп койгулачы! - деди Данияр тигилерге кожоюндан бетер.
- Бийлебей эле коелучу… - деген Алтынай адегенде тарткынчыктап, уялып атты.
- Жок, экөөбүз бийлейбиз. Жүрү… - деп Данияр Алтынайдын ой-боюна койбой тургузду да, белинен кучактап, экөө жай музыканын каалгыган ыргагына ортого бийге түшүштү. Буга чейин эркек аттуулар белин кармамак түгүл, колун тийгизип көрбөгөн Алтынайга Даниярдын кучактап бийлегени абдан жагымдуу сезим калтырып атты. Анын кучагынан чыккысы келбей, өзүн ошол жердеги кыздардын ичинен эң бактылуу сезип турду. Анткени, Алтынай башка кыздардай болуп Даниярга өзү жабышкан жок да. Данияр Алтынайды өзү бийге чакырды. Жанатан Даниярды айланчыктап жүргөн кыздар Алтынайды жаман көздөрү менен карашып, аны жактырбай атышты.
Бий бүткөндөн кийин Данияр:
- Сен ничего экенсиң… - деп койду. Жигит менен бийлегенине эс-мас болуп, төбөсү көккө жетип, делөөрүп калган Алтынай анын бул сөзү кандай мааниде айтылганын түшүнгөн жок.
***
Ошол кече аяктаганча Данияр Алтынайдын жанына улам-улам келип, башкаларга караганда ага өзгөчө көңүл бөлүп атты. Алтынайдын бөлмөлөш курбусу Гүлнара да Даниярдын бир заматтын ортосунда башкача боло түшкөнүн байкады.
Түн ортосунда кече аяктап, ар кимиси өздөрүнүн жашаган жерине кетүүгө кам урушту. Жатакана түнкү саат 12де эле жабылып калчу. Ошондон улам Гүлнара менен Алтынай бара турган жери жок, кече болгон үйдө түнөп калууну чечишти. Жанатан үйүмө кетем деп даярданып аткан Данияр Алтынайдын калаарын билип, "анда мен деле эртең менен кетем" деп курткасын чечип, жайланып отуруп калды. Шынаарлап Алтынайдын жанынан чыкпай, аркайсыларды айтып ырсактап күлүп аткан Даниярды Гүлнара эмнегедир жактырбай отурду. Бир маалда, Данияр эшикке чыгып кеткенде Гүлнара Алтынайды карап:
- Шаардык балдар жаман болчу эле, абайласаңчы, эртеңки күнү ыйлап калба. Мага эмнегедир Данияр жакпай калды. Өтө эле шуулдаган бала экен. Анүстүнө ата-энесин бай деп атышат. Байдын балдары көпкөн, каалаганын жасаган эрке талтаң болушат. Данияр бул жерде бир да кыз менен чын ниети менен жүрбөйт. Биздей болгон карапайым, айылдык кыздарды ата-энеси ага алып берип коймок беле. Ар ким өзүнүн теңи менен жүрөт да, - деди.
- Койчу, менин деле башым бар го. Кантип эле Даниярга алданып, ыйлап калайын. Мен азыр эле Даниярга күйөөгө тийем деп аткансып сүйлөйсүң да. Кудай сактасын, Даниярга башкалардай болуп өзүм жабышкан жокмун, атүгүл аны караган да эмесмин. Өзү эле жаныман чыкпай атпайбы, - деди Алтынай.
- Мен сага эскертип атам, - деди Гүлнара.
Анткени менен Алтынай Даниярды тымызын сүйүп турган, ичинен. Гүлнаранын тигинтип айтып атканын Алтынай ичкүйдүлүктөн улам го деп ойлоду.
***
Конок үйдө жатып калгандар таң атканча уктабай, сүйлөшүп, каткырып күлүп отурушту. Таңга жуук гана ар кимиси жашаган жерлерин көздөй бет алышты.
- Мен бир күнү силердин жатаканаңарга барам, - Данияр үйүнө кетип баратып, Алтынай менен Гүлнаранын жашаган дарегин алып калды.
Жатаканасына келгенден тартып Алтынайдын оюнан Данияр такыр кетпей койду. Анын мүнөзүнүн өзгөрүп, ойлуу болуп калганын байкаган Гүлнара:
- Даниярды сүйүп калсаң керек, ээ? - деди тамаша-чыны аралаш.
- Анын эмнеси бар экен? Данияр кыздар сүйбөй турган жигитпи? Силер деле жигит күтүп, сүйлөшүп жүрбөйсүңөрбү. Эмне, мага болбойбу, же силерден менин бир жерим кемби? Эгер Данияр келип мага сөз айтса, макулдугумду берем. Ачыгын айтсам, ал мага аябай жагып калды, - деди Алтынай.

#4 06 August 2014 - 21:39
Арадан эки-үч күн өтпөй эле Данияр капкара болгон жапжаңы "Мерседес"
айдап, колуна роза букетин көтөрүп, Алтынай менен Гүлнара жашаган жатаканга келип калды. Анын келээрин кыздар күтүшкөн деле эмес. Данияр колундагы гүлдү Алтынайга берип атып:
- Көрдүңбү, мен сага окшош супсулуу гүл алып келдим, - деди. Гүлдү алган Алтынай толкунданганынан бети албырып, өзүн бактылуу сезип, эмне кылаарын билбей калды. Гүлнара шыпылдап чай коюп, дасторкондун үстүн даярдап кирди.
- Убара болбой эле койгула. Кыздар, мен силерди Бишкекти кыдыртып, сейилдетип, эс алдырып келейин дегем. Макулсуңарбы? - деди Данияр. Гүлнара менен Алтынай сүйүнүшө дароо эле макул болушуп, кийинип даяр болуп калышты.
Кечке чейин Данияр эки кызды машинасына салып, шаарды айлантып, кыдыртып, курсагыңар ачты го деп ресторанга киригизип, тамак алып берди. Алтынай менен Гүлнара өмүрү мындай ресторанга кирип, тамак ичип көрүшкөн эмес эле. Даниярдын жасаган мамилесине кыздар ичтеринен ыраазы болуп олтурушту.
Караңгы кирип, көз байланып калганда гана жатаканаларына келген кыздар машинасынан чыгып баратышканда Данияр:
- Алтынай, сен бир азга мени менен олтуруп турасыңбы, сүйлөшө турган сөз бар эле, - деди.
- Анда сен кете бер, Гүлнара. Мен азыр артыңан кирем, - деп Алтынай машинанын кабинасынан чыкпай олтуруп калды. Гүлнара унчукпай жатаканага кирип кетти.
- Жүрү, эми экөөбүз кечки Бишкекти кыдыралы, - деп Данияр Алтынайдын жообун укпай эле машинасын от алдырды. Буга чейин, бир чети, эртеден бери Даниярдын кылганына чексиз ыраазы болуп, экинчиден, өмүрү мындай жигит күтүп көрбөгөн айылдык карапайым кыз анын кандай гана өтүнүчүн болбосун аткарууга даяр эле.
- Кечки Бишкек кооз бекен? - деди Данияр "Мерседестин" рулун өпкөлөнө толгоп, Алтынайды жылмая карап.
- Аябай кооз экен! Кечкисин минтип машина менен сейилдеп көргөн эмесмин…
- Кааласаң күнүгө кечинде келип, сага кечки Бишкекти көрсөтүп турам, - Данияр кызга сүйкүмдүү тигилип койду, макулсуңбу дегенчелик кылып.
Алтынай уялып кетти. Унчукпай терезени карап, сүйүүгө мас боло өзүн бул дүйнөдөгү эң бактылуу кыздардай сезип, кыялдана кетип баратты.
Ушул кечте, айылдык карапайым кыз, анын жашоо-турмушун түп-тамырынан бери өзгөртүп жибере турган кандай окуя күтүп турганын али биле элек эле.
***
Бир аздан соң Даниярдын машинасы шаардан чыгып, ээн жерге барып токтоду.
- Бул жерде экөөбүзгө эч ким тоскоолдук кылбайт. Ээн-эркин сүйлөшүп олтурсак болот, - деген Данияр Алтынайдын колунан аяр кармады. Жигиттин мындай мамилеси Алтынайга аябай жагып турган. Кыз Данияр анын колу-башынан этиеттеп сылаган сайын, унчукпай, эки бети албыра, мемирей олтуруп берди. Кыздын каршылык көрсөтпөгөнүнөн пайдаланып жигит:
- Алтынай, машинанын арткы сидениесине отуралычы, - деди. Анын сөзүн эки кылбай Алтынай машинадан түшүп, экөө арткы орундукка олтурушту. Артка олтураары менен эле Данияр Алтынайды кучактап, өпкүлөп кирди. Кыз каадасын кылып, Алтынай Даниярга анча-мынча каршылык көрсөтүмүш болгону менен, өбүшкөн ага жагып, денеси от менен жалын болуп атты.
- Сен мурда жигиттер менен өбүшкөн эмессиң го, ээ? - деди бир маалда Данияр өбүшүп атып.
- Жок, өбүшмөк түгүл, колумду да карматкан эмесмин, - деди энтиккен кыз.
- Мен сенин ушундай таза экениңди бир көргөндө эле билгем. Сенин башка кыздардай болуп кылыктанып, жасалма сүйлөбөсүңдү дароо эле байкагам. Мага мурда эч ким менен жүрбөгөн, сендей таза кыздар керек. Буга чейин чынын айтсам канча кыздар менен жүрдүм. Баары тең эле тамеки тарткан, ичимдик ичкен немелер. А сен алардын бирине да окшобойсуң. Алардай боенгон сулуу эмессиң. Сендей кыздарды нукура сулуу дешет… - деп Данияр Алтынайга ого бетер жагымдуу сөздөрдү айтып, бал тили менен жаш кыздын башын айлантып атты. Мындай сөздөрдү өмүрүндө эч бир жигиттен угуп көрбөгөн Алтынай, Даниярдын ар бир сөзүнө ишенип, бакытка балкып турду.
Бир убакта шаардык жигит Алтынайдын тизесинен ылдый келген юбкасына колун сойлотуп, кыздын сандарын сылап кирди

#5 06 August 2014 - 21:42
- Койчу, эмне кылып атасың?! - деп Алтынай адегенде чочуп кетти.
- Я тебя хочу, любимая!.. - деген Даниярдын сөзүнө Алтынай анча түшүнө бербей, элейе карады. Айыл жеринде эч ким бири-бири менен орусча сүйлөшпөгөндүктөн Алтынай шаарга келгенде орус тилинен аябай кыйналып жүргөн. Шаарда жүргөнүнө жыл айланып калса да кээ бир сөздөрдүн маанисин баары бир анча түшүнчү эмес. Даниярдын "любимая" деген сөзү Алтынайдын кулагына өтө жагымдуу угулду. Бирок, кыз Даниярдын сандарын сылап, юбкасын өйдө түрүп атканынан чочулады. Жигиттин колдорун ары түртөйүн деди эле бирок, эркек тананын карылуу колдоруна күчү жетпесин түшүндү.
Буга чейин, ушул эле машинасынын арткы салонунда, дал ушул жерде далай кыздар менен дене кумарынын лаззатына баткан Даниярдын мындайга тажрыйбасы чоң экенин сүйүүгө мас болуп олтурган айылдык кыз кайдан билсин. Ал кызга өмүрү укпаган жагымдуу сөздөрдү айтып, жалынып-жалбарып атып кантип энеден туума жылаңач кылып чечиндирип койгонун Алтынай байкабай да калды. Жаш кыздын назик денесине Даниярдын жылаңач денеси тийгенде Алтынайдын бүткөн бою дүркүрөсө дагы, жигиттин эркине баш ийүүгө аргасыз болду. Данияр оюн ишке ашырууга киришти. Капысынан Алтынайдын көзүнөн от чагыла түшкөнсүп, "апа-а!" деп бир ирет катуу кыйкырып алды.
- Коркпо жаным... Эми оорубай калат... Мына, экөөбүз бириктик... Сен мендиксиң, мен сендик болдум... Жаным!.. Алтыным!.. - деп Данияр Алтынайды эркелетип, өөп-жыттагылап атты...
Машинада эки жаш таң атканча кайра-кайра сүйүү кумарына балкып атышты. Таң жаңыдан бүлбүл ата баштаганда гана кумарлары дагы эле кана элек Алтынай менен Данияр арга жок кийимдерин кийинишип, "Мерседес" ордунан козголду.
Жолдо келатканда Алтынай:
- Менин эмне иш кылганымды ата-энем билчү болсо... - деп келатканда, Данияр анын сөзүн бөлдү:
- Ушул айылдыктарды түшүнбөйм. Алар дагы эле жапайы бойдон жүрүшөт, цивилизациядан артта калышкан. Эскиче түшүнүк менен жашашат. Ошонусу мага жакпайт. Мунун эмнеси бар экен? Шаарда керек болсо, мындайды мектеп окуучулары да жасашат. Сүйүүнүн да өзүнүн этикасы, маданияты болот, - деди акылдуусунуп. Жигиттин сынын уккан Алтынай "чын эле жапайыланбайынчы" деп унчукпай калды. "Эми Данияр менден эч жакка кете албайт. Мен аныкы, ал меники болду. Мен аны эч жакка кое бербейм" деп бекем ишенген кыз, тагдыр ага келечекте кандай катуу сокку уруп, ый-муң, көз жаш алып келээри менен кенедей да иши жок эле, азыр.
Күндүн нуру жаңыдан жерге чачырай баштаганда гана Алтынай жатаканасына келди. Машинадан түшүп атканда Данияр Алтынайдын алкымынан жыттап, кан болуп калган салондун артындагы олтургучту көрсөтүп:
- Мен сага ыраазымын, биринчи жолу сендей таза кыз менен жаттым, - деди. Анан Алтынайдын колуна 1000 сомдук жалгыз купюрду карматты. Жигиттин бул кылыгына анча түшүнө бербеген Алтынай эмнегедир ал акчаны алгысы келбей, өзүн көчөдө денесин саткан сойкулардай сезип жиберди.
- Жок, мен албайм! Кереги жок! - деди таарына түшкөн кыз.
- Кантип кереги жок болсун, сен деген студентсиң да. Жаман ойлобо, мен сага ушинтип дайыма жардам берип турам. Албасаң, капа болуп калам. Алтынай, мен сени сүйөм! - деди Данияр, кара күчкө жылмайып. Жигиттин жадырап карап турганын көргөндө гана Алтынай акчаны алып, ичи элжирей Даниярды өөп-өөп ийип, өзүнө-өзү ыраазы боло машинадан түштү да, сүйгөнүнө кол булгалап жатаканага кирип кетти.
Алтынай бөлмөсүнө киргенде Гүлнара сабакка даярданып, чыкканы атыптыр.
- Таң атканча кайда жүрдүң, кызык кызсың го... Мен сарсанаа болуп, уктай албай чыктым. Бир эле көргөн жигитиң менен ушинтип таң атканча жүрүп аласыңбы? Алдагы кебетең кантет, уйпаланып... Күзгүдөн өзүңдү карачы... Эмне болуп калгансың?.. - деди Гүлнара Алтынайды жактырбай, жаман көзү менен карап...
- Эч нерсе болгон жок... Эмне болмок эле, таң атканча Бишкекти кыдырып жүрдүк, - деген Алтынай ары жакта, дубалда илинип турган кичинекей күзгүдөн өзүнүн кебетесин карады. Гүлнара чочугандай эле бар экен. Чачтары уйпаланып, саксайып, ирээтсиз эле. Көздөрү да шишимик тартып, чарчаганы аябай билинип калыптыр.
- Бизге акыл үйрөтүп, шарыят айтып турчу эмес белең. Жигиттер менен сүйлөшүп койсок, жаман көрчү элең го, "Күнөөгө батып атасыңар, мусулман болгондон кийин таза болуш керек" деп какшанып. А өзүңдүн бул кылганыңды кандайча түшүнсө болот? Кошуна бөлмөдөгү кыздардын балдар менен кучакташып, өбүшкөнүн көрүп канча күнгө чейин аларды жаман көрүп жүрдүң эле... Деги сен соо эле келдиңби? Данияр шаардык, бай үйбүлөдөн чыккан көпкөн жигит. Ага ишенич жок, өзүнүн кумарын кандырып, сени кайдан көрдүм кара эшек деп басып кете турган немелерден. Кебетесинен эле көрүнүп турбайбы! Же сокур болуп калдыңбы, ошону көрбөй?! - деди жаны кашайган Гүлнара.
- Гүлнара, мени көчөдө жүргөн жеңил ойлуу кыздардай көрүп атасыңбы. Менин деле мээм ордумда. Кечээ күнү кечке сен деле биз менен Бишкекти кыдырдың го. Анын акчасын коротуп, көңүл ачып, тамагын ичкенден кийин, артынан кайра ушундай сөз сүйлөйсүңбү? Бул деген күнөө болот. Данияр сен ойлогондой жигит эмес. Эгерде билгиң келсе, ал мага сүйүүсүн билдирди. Силер деле жигит күтүп жүрбөйсүңөрбү. Бир эле убакта бир нече жигит менен сүйлөшүп, алардын башын айлантып алдап жүрөсүңөр го. А мен жалгыз гана Данияр менен сүйлөшөм. Өзүң билесиң, буга чейин эч бир жигит менен сүйлөшкөн эмесмин, - деди Алтынай. Гүлнара Алтынайдын Даниярды мактап-жактап атканына жини келип, сыртка чыгып баратып:
- Бүгүн сабакка барасыңбы? - деп сурады.
- Экинчи парга барайынчы. Уйкум келип атат, кичине эс алып алайын, - деген Алтынай кийимин чечпей эле керебетине бүк түштү да, уйкуга кетти.
***
Убакыт билинбей эле учкан куштай зымырап өтө берди. Данияр менен Алтынай күн алыс кечке маал жолугууну адатка айландырышкан. Баягы биринчи күнкү шаардын четиндеги жолугушкан жерди "ыйык жерибиз" деп атап алышты. Дайыма ушул жерден жолугушкан эки жаш махабаттын лаззатын бирге татышып, анан үйлөрүнө кайтышат. Күн алыс жатакананын жанына келген кара "Мерседести" ошол жерде жашаган студенттердин баары таанып калышты. Атүгүл бир-эки жолу Алтынайдын институтта сабак берген мугалимдери да көрүштү. Бирок, жаш эмеспи дегендей ага көңүл деле бурушпады. Жатакананын комменданты, жашы алтымыштарга чукулдап калган аял бир курдай кечке маал адатындай жасанып, куурчактай болуп кийинип сыртка Данияр менен жолугушууга чыгып бараткан Алтынайды көрүп, кызды токтотуп алып, акыл-насаат айтымыш болду:
- Алтынай, сен күндө эле кечинде кетип, түнкү он экилерге чукул келесиң. Каякта, ким менен жүрөсүң?
- Эже, менин жигитим бар, аты Данияр. Экөөбүз көптөн бери сүйлөшүп жүрөбүз. Кудай буюрса күзүндө үйлөнөбүз, - деди Алтынай шар.
- Ошондой эле болсун. Бирок, сен жаңы келгенде аябай жоош кыз элең, акыркы эки-үч айдын ичинде катуу өзгөрүп кеттиң. Жигитиң жанагы кара машине минген балабы? Билбейм, ал мага бир көргөндө эле анча жага берген жок. Сендей болгон менин деле кыздарым бар. Жаман көрбө, "кызга кырк жерден тыюу" деп илгери ата-бабаларыбыз айткандай, сени жакшы болсун деген эле ой, - деди.
- Эже, жаман көрбөйм. Сиздей болгон менин да айылда апам, атам бар. Кечинде кечирээк келип калсам эшикти ачып коюңуз, ээ? - деп Алтынай сыртка чыгып кетти.
Эки жаш баягы жерине келишти. Сүйүү
кумарына баткандан кийин Алтынай:
- Ата-энеңе мени качан тааныштырасың? - деп сурады.
- А эмнеге сени тааныштырышым керек? - деди Данияр.
- Кызыксың го, экөөбүз жөнүндө аларга айттың беле?
- Жок, айткан эмесмин. Ата-энем менин сага чейинки сүйлөшүп жүргөн кыздарым менен деле иши жок болчу. Мен кайсы кыз менен сүйлөшөм, эмне иш кылам, аларга отчет бербейм. Алар менден сурашпайт, кызыгышпайт дагы.
- Экөөбүздүн ушинтип жүргөнүбүзгө үч айдан ашып калды го...
- Анын эмнеси бар экен. Сага чейин деле менин бир жыл, эки жыл сүйлөшкөн кыздарым болгон.
Алтынай уккан кулагына ишенбей, башка чапкандай болуп, селейип отуруп калды.
- Сага эмне болду? - деди Данияр Алтынайдын көңүлү чөгө түшкөнүн байкап.
- Сен мени сүйөсүңбү?
- Ооба, сүйөм. Сага дайыма айтам го...
- А мага качан үйлөнөсүң?
- Мен сага үйлөнөм деп айткан эмесмин.
- Эмне?! Сен мени сүйөм деп атпайсыңбы? !
- Сүйөм деген сөз, "мен сени алам, сага үйлөнөм" деген сөз эмес да. Же эмне, мен сага сөз бердим беле, үйлөнөм деп. Сени сүйөөрүм чын. Сен мага аял катары, кыз катары жагасың, - деп Данияр адатынча эркелетмекчи болду, кызды.
- Болду! Жетишет! Эгер сен мени сүйсөң эмне үчүн үйлөнгүң келбейт?! - кыз ызасына мууна баштады.
- Мага али эрте... Анын үстүнө ата-энем мени баары бир сага үйлөнтүшпөйт, ачыгын эле айтып коеюн. Бир тааныштарынын кызына кичинекей кезинде эле сөйкө салып, кудалап коюшкан, - деди Данияр, кызды жубатууга аракеттенип.
- Эмне үчүн сен мени алдадың?! Эмне үчүн?! Көрсө, сен өзүңдүн моокумуңду кандырып, күнүмдүк көңүл ачуу үчүн пайдаланган турбайсыңбы? Мен сага ишенбедим беле?! - деп жаны күйгөн Алтынай токтоно албай ыйлап жиберди.
Кыздын бетин жууган жашты көрүп, Данияр эмне деп айтаарын билбей, бир азга буйдалана түшкөндөй туюлду Алтынайга.
- Сен кызык немесиң го. Мен сени алдаган жокмун. Сени сүйөм, бирок, мен сага качан сени алам, экөөбүз үйлөнөбүз деп айттым эле? Экөөбүз тең жыргалга бирдей батып жүрдүк. Жалгыз мен эмес, сен деле көңүл ачып жүрбөдүңбү. Мен сени зордуктаган жокмун, баары өз каалооң менен болгон. Мени эмне күнөөлөп атасыңбы? Эгер, сен башында эле "мен сенин аялың болушум керек" деп айтсаң, анда мен сага тиймек эмесмин. Эмне трагедия жасап жатасың мындан. Эмнеси бар экен, экөөбүз бир убакта ушундай жакшы күндөрдү өткөрдүк. Мындай учур адамдын жашоосуна дайыма эле келе бербейт. Кийин баары бир эстейбиз. Сен өз жашооңду көрөсүң, мен өз жашоомду көрөм. Эгерде кыздыгымды алдырдым деп кейип атсаң, мен сага акча берем, барып тиктирип алсаң болот. Акча бербей жүрдүм беле, мен сага. Азыр кыздардын баары эле адегенде жыргап-жыргап алышып, анан күйөөгө тийерде тиктирип коюп атышпайбы кыздыгын. Эч нерседен кем болбой, жакшынакай окуп, жакшынакай кийинип, жакшынакай жашап атасың мен берген акчага. Сага каалаганыңдын баарын сатып берип атам, же калппы? Сага акча берип атам деп доомат кылып аткан жокмун. Аны мен сени сүйгөнүм үчүн берип атам, түшүнсөң. Экөөбүз үйлөнбөй калат экенбиз деп капа болбо. Жашоо ушундай экен, турмушта сен өз теңиңди, мен өз теңимди табам. Сага үйлөнөм деп айтсам, ата-энем айылдык кызга үйлөнөсүң деп чалкасынан кетишет. Анын үстүнө сен баары бир айылдыксың, шаардыктардын адатын, турмушун жакшы билбейсиң

#6 06 August 2014 - 21:43
- Эми түшүндүм, шаардыктарга,
- деди кыз солуктап.
- Жолдошторумдун баары орусча сүйлөшөт, кыргызчаны жакшы түшүнүшпөйт. А сен орусчаны жакшы билбейсиң. Үйрөнүп деле аласың дечи. Бирок, баары бир өмүр бою айылдык бойдон кала бересиң. Ошон үчүн экөөбүз үйлөнгөн күндө деле мени менен жашоо сага кыйын болуп калат. Анткени, менин чөйрөм таптакыр башка, сен ойлогондой чөйрө эмес, - деди Данияр.
Ушул убакка чейин Даниярдын ар бир айткан сөзүнө ишенип, анын "сүйөм" деген сөзүнө делөөрүп алган Алтынай эмне кылаарын билбей, жашын төгүп олтурду. Чын эле, эстесе Данияр Алтынайга "сүйөм" дегенден бөлөк "үйлөнөлү, баш кошолу" деген сөздү дегеле айтпаптыр. А анда анын эмнесине ишенди? Сүйөм деген куру сөзүнө ишендиби? Ачуу жашка жүзүн жуудурган Алтынай ушуларды ойлоп отуруп, эми гана өзүнүн чоң жаңылганын билди. Буга чейин Данияр экөөнүн сүйүүсүнөн жаралган болочок үйбүлөсүн, балдарын элестетип алып кыялга батып, жанындагы курбуларына да мактанып калчу. Эми ошол кыялдарынын баары талкаланып, кайдадыр учуп жок болгонсуду. Жанатан бери жанында шакылдап сүйлөп отурган Даниярдын акыркы сөздөрү анын кулагына да кирген жок. Башы деңгиреп, көзү караңгылап кетти. Анан:
- Данияр, мени жатаканама жеткирип койчу, - деди зорго.
- Макул, бирок сен мени алдап кетти деп жаман көрбө. Мен сени алдаган жокмун. Мени да туура түшүн, экөөбүздүн келечегибиз жок, - деди Данияр, дагы эле түшүндүрүүгө аракеттенип.
- Түшүндүм... - деди солуктаганы басыла элек кыз, оор улутунуп.
Жатаканага жеткенде, машинадан түшүп баратып Даниярды карап:
- Экинчи мага келбе! Мамилебиз дагы тереңдей электе, ушундайыбызда ажырашалы. Мени унут! Жакшы кал... - деди да, ыйлаган бойдон эшикти жаап чыгып кетти. Данияр унчукпай, Алтынай жатаканага киргенче узата карап олтурду, "Мерседесинин" ичинде...
- Ой, тез эле келип калдыңбы? Бул убакта келчү эмес элең го?... - деди Гүлнара Алтынайдын эртерээк келгенин көрүп.
- Ооба, бүгүн эрте келдим... - деди сырттан эле көз жашын тыйып кирген Алтынай, эч нерсени билгизбөөгө тырышып.
- Эмне, жигитиң менен урушуп кеттиңби? - деп сурады дароо эле Гүлнара, Алтынайдын өңү кубарып, көзү киртейип турганын көрүп.
- Таарынышып кеттик...
- Бүгүн таарынышсаңар, эртең элдешесиңер. Көрөсүң го, ал сага эртең эле келет, белегин көтөрүп алып... - деди курбусу Алтынайды көңүлүн жайгарууга аракеттенип.
- Жок, ал экинчи келбейт! - деди Алтынай так кесе.
- Кой, антип айтпа. Сен аны менен сүйлөшкөндөн бери тамак-аштан, акча-тыйындан кыйналбай, кенелип жашап калбадыкпы. Андай бай жигиттерди колдон чыгарбаш керек да, - деди Гүлнара чын ниетинен.
- Гүлнара, экинчи анын атын кулагыма угузбачы, макулбу? Болду, экөөбүз экинчи жарашкыс болуп ажыраштык, ушуну менен сүйүүбүз да токтоду... - деп Алтынай көзүнүн кычыгына толо түшкөн жашты Гүлнарага көргөзгүсү келбей ары бурулуп кетти. Экөөнүн ортосунда чындап эле катуу таарыныч болсо керек деген кыязда Гүлнара Алтынайдын ыйлагысы келип турганын көрүп, унчукпай калды.
Алтынай таң атканча кирпик көзүн какпай, ушул убакка чейин "сокур сүйүүсүнө" ишенип келгенине ичи тызылдап өкүнүп атты. Эмне үчүн жанындагы курбуларынын сөзүн укпады экен? Данияр менен жатсам эле ал меники болуп калат деген ою кыска акыл экенин эми гана түшүндү. Ушунча убакыттын ичинде Даниярга көнүп, аны жүрөгү менен чындап сүйүп калганын эми гана даана түшүнүп, ансайын өзүн жек көрүп атты. Бирок, Данияр айткандай экөөнүн келечеги жок экенине көзү жетип, ичи туз куйгандай ачышып турду. Эми, аны менен ажырашуудан башка эч арга жок экенин билди, кыз.
Эртеси күнү сабакка барса, денеси салмактанып, оор тартып калыптыр. Акыркы күндөрү кез-кез жүрөгү айланып, уйкусу келе бермей адат таап алган. Сабак учурунда лекция укпай эле, аудиториянын эң артына олтуруп алып үргүлөп уктап калчу. Бүгүн күндөгүдөн да шалдырап, кускусу келип атты. Эч нерсеге табити тартпайт. Ашкананын жанынан кетип баратып, тамактын жыты мурдуна келгенде окшуп, сыртка чуркап чыкты. Анын мындай абалын жанында жүргөн курбусу Гүлнара да билген жок.
- Эмнегедир акыркы күндөрү ашказаным ооруп жүрөт, - деди Алтынай. Эмне себептен кусуп атканын билген жок.
- Сенин боюңда жокпу? - деди бир топтон кийин Гүлнара аны шектүү карап.
- Койчу, каяктагыны айтпай... - деп Алтынай чочумуш эткени менен коркконунан анын жүрөгү болк эте согуп алды.
Буга чейин канткенде бойго бүтүп калат, бойго бүткөндө аялдар кандай болоору тууралуу таптакыр маалыматы жок эле. Анан:
- А эмнеге антип сурап атасың? - деди.
- Билбейм, менин айылдагы жеңем да так эле сендей болуп, боюнда барда тамак-аштын жытына жүрөгү айланып куса берчү, - деди Гүлнара.
Гүлнаранын сөзүн уккандан кийин Алтынай чийки май жегенсип, санааркап калды. "Чын эле менин боюмда болуп калдыбы?" деген суроону өзүнө өзү берип, эмне кылаар айласын билбей атты. Жанындагы курбулары менен мурдагыдай шаракташпай көңүлү ачылбай койду. "Мүмкүн боюмда бар болсо, Данияр мага кайра келээр. Кантсе да экөөбүздүн сүйүүбүздөн жаралган наристе да. Эмнеси болсо да адегенде доктурга текшерилип көрөйүнчү" деп чечти Алтынай, кечинде төшөгүндө ойлонуп жатып.
Эртеси күнү сабакка барбай, түз эле бейтапканага барды. Гинекологго текшерилип, УЗИден өтсө, үч айлык боюнда бар болуп чыкты. Боюнда бар экенине көзү жеткенден кийин Алтынай кайгыраарын, же сүйүнөөрүн билбей турду. Бала деген эки адамды жакындатат эмеспи, боюмда бар десем Данияр кайра келээр деген илгери үмүткө жетеленди. А эгерде ал таптакыр баш тартып койсочу, бул баланы каалабасачы? Анда эмне кылам деп да ойлоду. Бирок, жаман нерсени ойлогусу келбей, Даниярга өзү телефон чалып, ага болгон иштин чоо-жайын түшүндүргүсү келди. Түштөн кийин Даниярдын кол телефонуна чалды. Мурда Данияр тынбай телефон чалып, ал-жайды сурап турчу. Экөө таарынышып кеткенден бери бир да жолу телефон чалып, сурап койгонго жараган жок. Алтынай анын телефон чалышын тымызын ичинен күтүп жүргөн. Өзү да бир нече ирээт Даниярга телефон чалайын деп барып, кайра намыстана ал оюнан баш тарткан. Эми аны менен сүйлөшкөнгө шылтоо бар. Азыр Даниярдын телефону эмнегедир жооп бербей койду. Көп жолу чалды, бирок эч жооп алган жок. Акыры анын үйүнө чалып көрөйүнчү деп чечти. Буга чейин кол телефон менен сүйлөшүп жүрүшкөндүктөн бир да жолу үйүнө телефон чалган эмес эле. Анткен менен керек болуп калбасын деп үйүнүн телефон номерин жазып алганынын пайдасы азыр тийди. Телефондун трубкасын аял алды. Даниярдын сен айылдыксың деген сөзү азыр да Алтынайдын эсине түшүп, телефонду алган аялдын үнүнөн эле сүрдөп кетти.
- Эже, саламатсызбы, Данияр барбы?..- деп сурады мукактана.
- Ал жок. Кол телефонуна чалбайсыңбы, аны үйдөн табуу кыйын, - деди ары жактагы аялдын үнү.
- Кол телефонуна чалсам албай атат…
- Анда анын сени менен сүйлөшкүсү келбей жатат да. Болбосо, алмак.
Аялдан мындай сөз угам деп күтпөгөн Алтынай мукактанып:
- Эже, анда сиз менен сүйлөшсөм болобу? - деди.
- Эмне жөнүндө?..
- Данияр экөөбүз жөнүндө эле…
- Данияр сени эмне кылды?
- Эч нерсе, бирок… Экөөбүз үч айдан бери сүйлөшүп жүргөнбүз, анан…
- Анан?
- Анан… экөөбүз таарыныша кеткенбиз… Ошондон бери сүйлөшө албай…
- Даниярдын сага окшогон сүйлөшкөн кыздары үйгө дайыма эле телефон чалып тажатышат. Эми таарынышсаңар ал экөөңөрдүн ишиңер. Мени ортоңорго аралаштырбагыла.
- Эже, сиз Даниярдын апасы болосузбу?
- Ооба…
- Данияр мен жөнүндө сизге эч нерсе айткан жок беле?
- Чоң кыз, уулумдун сүйлөшкөн кыздары мени кызыктырбайт. Ал азыр жаш. Башы бош. Ойноп-күлө турган убагы. Кийин учуру келгенде биз айткан кызга үйлөнөт. Анын кудалашып койгон кызы бар. Ошондуктан үйгө телефон чалып, биздин тынчыбызды алба!..- деди орой.
Шагы сынган Алтынай туттуга түштү. Өзүн кармап телефондон дагы сүйлөйүн дегиче болбой, трубка коюлуп калды. Эмне кылаарын билбей, көзүнөн аккан жашты тыя албай, ары жактагы отургучка отура кетти. "Эми эмне кылам? Боюман алдырамынбы? Мени кайсы шайтан азгырды? Ата-энемдин, биртуугандарымдын бетин кантип карайм? Байкуш атам жакшы эле чырылдап, жаман кыздарга кошулбасын деп мени диний университетте эле окусун дебеди беле. А менчи, эмне кылдым? Курбуларымдын шаардык балдарга ишенбе деген сөзүн эмне үчүн укпадым болду экен? Эмне үчүн Даниярдын жалган сүйүүсүнө ишендим экен?" деп өзүн-өзү жемелеп бир топко чейин ыйлап, кейип отурду. Анан эмнеси болсо да Даниярга бир жолу жолугуп, ага баарыбир боюмдагы бала тууралуу айтышым керек деп чечти.

#7 06 August 2014 - 21:44
Жатаканасына келип, бөлмөлөш курбусу Гүлнаранын кол телефонун сурап Даниярга телефон чалды. Мүмкүн менин телефонумдун номерин көрүп, алгысы келбей аткан чыгаар деген кыязда. Гүлнаранын телефонунан чалганда гана Данияр алды. Анын үнүн угуп, Алтынай ага сөзсүз жолугушуп сүйлөшүш керектигин айтты. Данияр мурдагыдай болбой, керсейип калгандай туюлду, Алтынайга. Аны менен жолуккусу келбей, улам бир шылтоону айтып, жалдыратып атып акыры макул болду. Кечинде жатакананын жанынан жолугушмай болду.
Данияр Алтынайдын өзү телефон чалып атканына бир чети сүйүнүп да кетти. Бирок, сыр бербей, өзүнүн баасын көтөрүп, баарыбир менден эч жакка кете албайт деп ойлоду. Кечинде жолуксак, баягы жерге барып, дагы махабат кумарына батабыз, ал мени сагынып атат деп койду өзүнчө. Болжошкон убакытта "Мерседесин" айдап, Данияр жетип келди. Алтынай аны чыдамы түгөнө күтүп аткан болчу. Экөө суз учурашышты. Даниярдын машинасына түшүп:
- Экөөбүз сүйлөшө турган сөз бар, - деди Алтынай.
- Мен билгем, ушундай болоорун... - деп Данияр кытмыр жылмая машинасын айдап, баягы экөө жолугушчу шаардын четиндеги жерге барды. Жолдон Алтынай эми Даниярга боюмдагы бала тууралуу кантип сөз баштап, кантип айтам деп санаага батып, ойлонуп баратты. Ал эми Данияр азыр Алтынай экөөбүз дагы махабат кумарына батабыз, ал мени сагынып, өзү чакырды деп ойлонуп баратты. Машина токтогондо эле Данияр Алтынайды кучактап, эч нерсе болбогондой аны өпкүлөп кирди. Алтынай ачуусу келе анын колдорун катуу кагып жиберди:
- Мен сени менен бул жерге ушул үчүн келген жокмун! - деп кесе айтты.
- Анда эмне үчүн чакырдың! ?.-деп керсейе карады Данияр, Алтынайдан шагы түшкөнгө.
- Экөөбүз сүйлөшө турган сөз бар.
- Эмне сөз?
- Менин боюмда бар экен...
- Мм... Сенин ушин-тээриңди баягыда эле билгем. Ыйлап, сен мага үйлөнүшүң керек дегенде эле шектенип, эми мени ушинтип коркутпаса болду дегем өзүмчө. Кыздар күйөөгө тийгиси келген эркектерди ушинтип кармап калам деп ойлошот...
- Мен сага калп айткан жокмун...
- Калп айтып атасыңбы, же чын айтып атасыңбы, баарыбир экөөбүз үйлөнө албайбыз. А эмне үчүн убагында боюмда болуп калса эмне болот деп өзүң сактанган жоксуң. Бул сага керек. Эркектер эмне, катындар менен жатып-туруп кете беришет...
- Сен мени антип катын деп кемсинтпе! -деп Алтынай ызалана жашка муунган үнү менен каргылдана сүйлөдү.
- Мен сени кемсинткен жокмун. Буга чейин далай эле кыздар менен жүргөм, алар менен жаткам. Бирок, бир да кыз боюмда болуп калды деп артымын ээрчип келген эмес. Сенин сабатсыздыгыңды, айылдык экениңди ушундан эле билсе болот. Буга чейин шаардык кыздар менен жүргөм, алар баарын билишет.
- Жетишет! Сен мени жакшы эле кемсинттиң!
- Сага эмне керек?
- Боюмдагы баланы эмне кылам? Бул бала сенин да балаң...
- Койчу каяктагыны айтпай... Башымды оорутпачы. Бул жерге сени менен жакшы сүйлөшүп, экөөбүз мамилебизди улантабыз го деп ойлоп келсем, каяктагыны айтасың. Боюңда болуп калса, алдырып сал, ошол дагы кыйынбы.
- Сенин акыркы сөзүң ушулбу?
- Ооба, боюңдагы баланы алдырып сал. Айылдагы ата-энең да сени эрге тийбей тууп салдың деп урушушат. Алардын деле сен сыяктуу сабаты жок да, баарыбир түшүнүшпөйт, - деген Даниярдын сөзүнө Алтынайдын ачуусу келе:
- Кантип мен сенин ушундай акмак экениңди билбедим экен?! Кантип?! Мен сени жек көрөм! Сен адам эмес экенсиң! Айбан! - деди да машинадан түшүп, ыйлаган боюнча жөө бери басты.

#8 06 August 2014 - 21:46
Буга чейин далай кыздар
менен жүрүп, мындай
сөздү эч кимден угуп
көрбөгөн Даниярга Алтынайдын айткан сөзү катуу тийди. Бирок, өзүн-өзү колго алып, ыйлаган боюнча жөө кетип бараткан кыздын артынан машинасын жай айдады.
- Эмне болуп атасың!?-деди кекете. - Эч нерсе…
- Түш машинага! ..
- Түшпөйм! Рахмат! Жолуң бош, кете бер!
- Азыр караңгы кирип кетти, жатаканаңа жеткирип коеюн…
- Жеткирбей эле кой! Сенсиз деле жетип алам…
- Анда өзүң бил!..- деп Данияр машинасын чымын-куюн кыла катуу айдап, кыздын жанынан зуулдап өтүп кетти. Анын кетиши Алтынайга жеңилденүү алып келген жок. Тескерисинче, ичи туз куйгандай ачыша, ээн жерде кыйкырып, бугун чыгарып ыйлап алды. Өзүн-өзү ушунчалык жек көрүп, Даниярды каргап-шилеп атты. Жолдун жээгинде бир топко чейин ыйлап отурду. Көзү шишип, бети ысып, кызарып чыкты. Ушинтип отура бербейин деп, бир топтон кийин гана өзүн-өзү колго алды. Азыр бул кебетеси менен жатаканага баргандан, курбуларынан уялды. Бирок, каякка барат? Башы катып бир топко чейин ойлонуп турду да, ары жакта арыкта агып аткан муздак суу менен бетин жууп, айла жок жатаканасына жол тартты.
х х х
Жатаканасына түнкү саат он бирлерден өтүп калган кезде келди. Күзөттө турган аял анын кебетесин көрүп:
- Акыркы күндөрү сага эмне болду? Аябай жүдөп кеттиң го?-деди.
- Эже, ооруп жүрөм… - дегенден башка сөз айткысы келбей, Алтынай бөлмөсүнө кирип кетти. Гүлнара да Алтынай менен сүйлөшкүсү келип ар кайсыларды сурады эле, анын суроолору жоопсуз калды. Алтынай эч ким менен сүйлөшпөстөн керебетине барып жатып алды. Эртең менен таң атпай доктурга барып, боюмдагы баламдан тезирээк кутулайын деп ойлонуп чыкты түнү бою.
Эртеси күнү ооруп атам деп лекцияга барбай, түз эле бейтапканага жөнөдү. Бирок, Алтынайдын курсактагы баласын текшерген врач аял:
- Боюңдагы балаң үч айдан ашып, чоңоюп кетиптир. Азыр алдыруу сенин денсоолугуң үчүн опурталдуу. Эртерээк келсең болмок, - деди. Алтынай анын тияк-биягына чыгып, жакшылап сүйлөшүп көрдү эле, врач акырында аны кагып салды:
- Сен бир нерсе болсоң, эртеңки күнү биз керт башыбыз менен жооп беребиз! Буга чейин эмнени ойлонуп аттың! Кудайга шүгүр азыр презерватив дегендер толтура! Эркектер менен жатканды билген, сактанганды да билбейсиңерби! Мындай жоопкерчиликти мойнума ала албайм! - деди кесе.
- Эже, анан мен эмне кылам?.. - деди айласы куруган Алтынай жалдырап.
- Курсактагы балаңдын атасына айт! Бала жасаганды билген, эми аны баккандан, сени алгандан баш тартабы! Же, төрөп ал. Башка айла жок! - деди. Доктурдан эч майнап чыкпасын түшүнгөн Алтынай эмне кылаарын билбей, кыжаалат боло бейтапканадан чыкты. Эч нерсеге көңүлү чаппай, өзүн-өзү жемелеп, айласы түгөнүп турду. Жатаканага барып, өз жанын өзү кыйып, муунуп өлгүсү да келди. Бирок, анын минтип өз жанын өзү кыюусу, бир чети мусулманчылыкта чоң күнөө экенин айылдын молдосу, өзүнүн атасы далай кулагына куйса, экинчиден, анын минтип жөндөн-жөн эле өлгөнү айылдагы ата-энесинин бетине көө жабаары турган иш эмеспи. "Кандай акмакмын! Эми эмне айла кылам? Мени ким түшүнөт? Мага ким жардам бере алат? Курбуларыма айтсам алар мени аямак түгүл "ушуну көрмөк, көзүн май басып калган эле" деп тескерисинче табалашат. Чынында Данияр менен жүргөндө көзүмдү май басып, эч кимдин сөзүн укпай калбадым беле. "Көп баскан аяк, чок басат" деп апам мектепте окуп жүргөндө дайыма айтчу эле го деп эзилип, санааркай көчөгө чыкты. Анан ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры курсактагы балам чоңоюп, билине электе айылдагы ата-энемдин көзүнө бир жолу барып көрүнүп келейин деп чечти.

#9 06 August 2014 - 21:48
Бөлмөсүнө келсе эч ким жок экен. Гүлнарага "Мени айылдан тез келсин деп чакыртып жатышыптыр.
Айылга кеттим" деп кат жазып, кийим-кечектерин алып, чыгып кетти. Түштөн кийин каттоочу жеңил машиналардын бирине түшүп, айылын көздөй жол тартты. Жолдо кетип баратып, мүмкүн апама акырын түшүндүрүп айтып көрсөмбү деген ойго да жетеленди. Кантсе да ал аял эмеспи, мени түшүнөөр деди. Ар кайсы ойлордун кучагында баратып, айылга караңгы кирип калганда жетти. Ата-энеси Алтынайдын беймаал убакта капысынан келип калганына адегенде чочуп да кетишти.
- Мага акча керек болуп калды, анан силерди дагы сагынып кеттим, биротоло учурашып келейинчи деп сабагыман суранып келип калдым, - деп калп айтты ата-энесине Алтынай. Ата-энеси кызын аябай сагынып калышыптыр. Эртеси күнү Алтынайдын урматына деп короодогу козудан бирди союп, жаш шорпо ичсин деп эт асышты. Бирок, Алтынай тамактын жытына жүрөгү айланып, жарытылуу эч нерсе жей албай койду.
- Ашказаным ооруп атат. Бирде ачка, бирде ток болуп жүрүп көпчүлүк студенттер ашказанын ушинтип бузуп алышат экен, - деп койду. Кызынын сөзүнө ата-энеси ишенип калышты. Алар аны менен сыймыктанышаарын айтып макташты. Эки-үч күндөн кийин Алтынай ата-энесинен акча-тыйын, тамак-аш алып, шаарга жол тартты.
- Эми жакшы жүр кызым. Акыркы күндөрү сен жөнүндө ар кандай түштөрдү көп көрчү болдум. Жаман кыздарга кошулба. Өзүң деле эстүү кызсың. Бизди уят кылбай, жакшы оку, - деп энеси акыл-насааттарын айтып, автобуска салып жиберди.
х х х
Шаарга келген Алтынай түз эле бир жолу капысынан таанышып калган Тамара деген Кызыласкерде жашоочу эженин үйүнө барды. Аны менен Ош базарында азык-түлүк алып жүрүп таанышкан. Көтөргөн көтөрүнчүсү оор, жашы кырктан өтүп калган айылдык аялга жардамдашып, үйүнө чейин жеткирип барган болчу. Орус кемпирдин үйүндө батирде жалгыз жашаарын айтып, базарда майда-чүйдө сатып, акча табаарын кобураган. Алтынай кетип баратканда келип тур деп ыраазы болуп калган эле.
Тамара жаңы эле базардан келиптир. Айылдан алып келген эт-аштарын коюп, Алтынай Тамарага иштин чоо-жайын түшүндүрдү да, мен төрөгөнчө сиздин үйүңүздө баш калкалап жашай турсам кантет деп маселени кабыргасынан койду. Анын ыйламсырап, айласы кетип турганын түшүнгөн Тамара Алтынайдын суранычына макул болду. Ошентип, экөө орус кемпирдин кепедей болгон бир бөлмөлүү үйүндө чогуу жашамай болушту. Эртеси күнү Алтынай окуган жерине барып, бир жыл академиялык отпуска алам деп арыз жазды. Жатаканасындагы курбуларына Россияга иштегени кеткени жатам деп алдап, кийим-кечектерин көтөрүп Кызыласкерге жөнөдү.
х х х
Алтынай көчөгө чыккандан уялып, үйдө камалып жатты. Эртеден-кечке Тамара базарда соода жасап, кечинде чарчагандан бутун тарта албай келет. Бул убакта Алтынай тамак жасап, үйүн жыйнап, кирин жууп, Тамараны күтүп отурат.
Убакыттын өтүшү Алтынай үчүн тозок болду. Үйдө калганда көңүлү чөгүп, бир сыйра ыйлап да алат. Күн өткөн сайын курсагы чоңоюп, атүгүл кыймылдап да калды. Эшикке чыкса эле аны бирөө-жарым көрүп койчудай чочулап, дарбазанын сыртына да баш бакпайт. Ата-энеси шекшип калбасын деген кыязда анда-санда кол телефону менен айылга чалып, сүйлөшүп, окуп атам деп калп айтат. Кез-кезде Даниярга да телефон чалып, сүйлөшкүсү келет. Ал азыр эмне кылып жүрөт болду экен, ал мени эстейт болду бекен деп ойлойт. Бирок, андан дагы жүрөк ооруй турган сөз угуп калбайын деп өзүн-өзү аяйт. Жанындагы чогуу жашаган Тамара да күйөөсүнөн ажырашып кеткен экен. Төрт баласы айылда, төркүнүндө калыптыр. Бул жактан акча таап, айылга жөнөтүп турат. Анын үйүндө бир тыйын таппай, Тамаранын тапкан-ташыган акчасы менен жашап атканына уялат. Тамак ичип отурганда дайыма:
- Эже, мен сиздин ушул жакшылыгыңызды эч качан унутпайм. Бир күнү менин да колуман келээр. Өмүр бою ушинтип ыйлап, элден жашынып өтүп кетпесмин. Эртеби-кечпи сиздин ушул жакшылыгыңызды актаармын, - деп калат. Тамара болсо, андан көрө аман-эсен төрөп ал дегенден башканы айтпайт. Ошентип, убакыт өтүп Алтынайдын төрөөр мезгили да жетти.

#10 06 August 2014 - 21:50
Бир күнү эртең менен турса Ал-
тынайдын ичи ооругансып ка-
лыптыр. Тамара да балдарымды
көрүп, акча-тыйын жеткирип келейин деп айылга кеткенине эки күн болгон. Анын айтымында дагы үч күндөн кийин келмек. Мурда төрөп көрбөгөндүктөн, Алтынай ичинин улам ооруп, басылып калганынан анын толгоо экенин билбей, башы катты. Кожойке орус кемпирге айтайын деп, бирок, аны менен орусча жакшы сүйлөшө албагандыктан, тартынып турду. Түшкө чейин ичинин ооруганы улам-улам катуулай баштаганда гана толгоо экенин түшүндү. "Ка-ап, азыр Тамара эже болгондо үйдөн эле төрөп, анан баламды эптеп бир жерге таштасам да жок кылбайт белек. Эми кантем?" деп ойлонуп башы катып атты. Ичинин ооруганы катуулагандан катуулап, чыдатпай баратканда гана төрөтканага барышым керек деп чечти. Антпесе, төрөй албай өлүп калсам, ата-энеме, тааныштарга шерменде болом деп ойлоду. Анын үстүнө төрөгөн баламды каякка алып барам деп да чочулады. Төрөтканага барып, төрөөр замат эле качып кетем деген ойго жетеленди да, кийим-кечектерин даярдап, сумкага салып, көчөгө чыкты. Тамара эжеси мен келгенче тамак ичип тур деп акча таштап кеткен эле, ошол акчасын алып, көчөдөн такси жалдап түз эле төрөтканага жөнөдү. Ичинин ооруганына чыдай албай улам онтоп, кыйналып баратканын көргөн таксист:
- "Тез жардам" эле чакырсаңыз болмок экен, - деп кейип да алды. Алтынай унчуккан жок. Анын кыйналганын байкаган таксист төрөтканага жеткирип, боору оорудубу, айтор, Алтынайдан акча алган жок.
- Аман-эсен көз жарып ал, - деди. Алтынай ага ыраазычылыгын билдирип, төрөтканага көтөрүнчүсүн алып кирип кетти.
х х х
Алтынайды кабыл алган врачтар анын документтеринин жок экенин көрүшкөндө бир сыйра урушуп алышты. Жаны көзүнө көрүнүп, эти ооруп аткан Алтынай алардын урушуна деле кайыл болчу. Толгоосу бышып-жетилип калгандыктан врачтар дароо эле аны аялдар төрөөчү палатага киргизип, креслого жаткырышты. Өмүрүндө мындай ооруну башынан кечирип көрбөгөн Алтынай чыдай албай, Кудайга үнү жетип турду. Жаны кыйналганда сүйгөнү Даниярга да ачуусу келип, мен биякта азап тартып атам, ал азыр эч нерсе менен иши жок кыздар менен жыргап жүргөндүр деп каргап-шилеп атты. Акыры кыйналып атып көз жарды. Ыңаалаган кичинекей наристенин үнү чыкканда жаны жай алып, эс ала түштү. Баланын эркек-кыз экенине да кайыл болуп, жанынын аман калганына сүйүндү. Антпесе, төрөттөн бир нерсе болсом, абийирим аштай төгүлүп, мени менен сыймыктанып, мага ишенген ата-энемдин бетине өмүр бою көө жапмакмын деп жаны кыйналып атып да ойлоно берген.
- Ай-ий, балканактай болгон эркек бала төрөдүң, салмагы да чоң экен. Карачы, төрт жарым килограмм тура. Атасына аялың Манас төрөдү деп сүйүнчүлөйлү, - деди жашы элүүлөргө чукулдап калган акушерка аял, Алтынайды эмне дээр экен деген кыязда аны карап. Алтынай мелтиреп, бир жерди тиктеген боюнча унчукпай жата берди. Азыр ага балканактай төрөлгөн баласынын бир тыйынчалык да кереги жок болчу. А түгүл аны көргүсү да келбеди. Көңүлү суз, курсагындагы баласынан бошонгонуна бир чети сүйүнсө, экинчиден ымыркайын таштап кетээрин билип, ичи туз куйгандай ачышып турду. Анын минтип мелтиреп, көңүлсүз жатканына алиги акушерка аял шектүү карап алды.

#11 06 August 2014 - 21:51
Төрөгөндөн кийин үч-төрт саат өткөндө, Алтынайды палатага которушту. Палатада эки келин кичинекей ымыркайларын эмизип, сүйлөшүп отурушуптур.
Алтынайды көрүшүп:
- Кыз төрөдүңүзбү, же эркекпи? - деп сурашты жарыша.
- Эркек...- деп көңүлсүз жооп берди Алтынай. А түгүл алар менен сүйлөшкүсү да келбей, керебетине ары карап жатып алды. Ыйлагысы келип, буулугуп, уулумду көрбөй, азыр эле качып кетсемби деген ой да келди. Бирок, шайы ооп, кыйналып ордунан кыймылдаганга да дарамети жетпей турду. Аңгыча, ыңаалаган кичинекей ымыркайды жаш кыз көтөрүп келип Алтынайга карматты.
- Бул сиздин биринчи төрөтүңүз да, балаңызды туура эмизиңиз. Азыр сүт чыкпашы ыктымал. Эмчегиңиздин үрпүн жууп, сүт жок болсо да бала каалаганча эмизе бериңиз. Эки-үч күндөн кийин сүт келет, азыр ууз сүтүңүздү бериңиз,- деди. Колунда ыңаалап ыйлап аткан кичинекей кызыл эт наристесин көрүп, Алтынайдын энелик сезими ойгонду. Жанатан аны көргүсү келбей, жек көрүп, наристесинен кантип кутулууну ойлонуп атты эле, азыр бир заматтын ортосунда ал ойлору кайдадыр учуп жок болду. Эмчегин чыгарып, уулунун оозуна салды эле, наристе жанталаша чопулдатып соруп кирди. Ымыркай Алтынайдын эмчегин канчалык соргон сайын, эненин мээрими наристеге ошончолук өтүп, анын ушунчалык таттуу экенин сезип атты. Уулунун чекесинен өөп, алкымынан жыттап, оор улутунуп алды. Жанындагы келиндер балдарын эркелетип, ар кимиси жаңы төрөлгөн ымыркайларына ат тандашып, бактыларында чек жок. Аларга улам бирөө куттуктап келип, тамак-аштан үзгүлтүк кылышпай, эч нерседен кем кылбай, күйөөлөрү жүрүшөт. Жанындагы келиндердин бактысына суктанып, мен да ушулардай бактылуу болсом, сүйгөнүм баласына келсе кана деп кейип алды. "Азыр уулум экөөбүздүн эч кимге керегибиз жок. Каргыш тийген атасы балканактай уулдуу болгонун билбейт, билгиси да келбейт. Бул уулумдун тагдыры эми кандай болот болду экен, кандай адамдардын колуна кабылат. Кудай ушул уулумду бактылуу кыла көр. Кайда болсо да аман болсунчу" деп кудайдан тиленип жатты. Алтынайды бирөө да сурап келбегенине кысынып, уялып, тартынып да атты. Жанындагы келиндер менен сүйлөшкүсү келбей, өзү менен өзү болуп атты. Арадан үч күн өтүп, өзүнүн денсоолугу оңоло баштаганда гана минтип баласын таштап, артын карабай үйүнө келбедиби.
"Баламдын атын Алтынбек деп жазып, жалаягына ороп койдум. Не бар, не жок, мүмкүн аны качандыр бир кездерде табаармын" деп өзүн-өзү алдап, солуктап ыйлап, көзүнүн жашын тыя албай, керебетинде жатты. Анын эси-дартынан, көз алдынан уулунун чопулдатып эмчегин эмип аткан элеси кетпей койду. Баарына кайыл болуп, төрөтканага барып, уулун кайра алсамбы деп да ойлоду. Бирок, ата-энесинен гана тартынды, коркту, уялды, аларды аяды. Өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн ымыркайынын тагдырын, анын келечегин ойлобой, таштап кеткенине ызаланды, арданды, жүрөгү сыздады. Үч күн ымыркайынын жанында болуп, аны эмизгенде эмчегинен жарытылуу сүт чыккан эмес эле. Эми минтип үйүнө качып келгенде эки эмчеги зыркырап ооруп, чымырап сүт толуп чыкты. Эмне кылаарын билбей, төрөтканадагы аялдардын эмчегин саап отургандарын көргөн эле, ошолорду туурап, сүтүн саай баштады. Эмчегин саап атып да, ушул сүттү ымыркайым эмип, кичинекей курсагын тойгузбайт беле деп кейип, сыздап көзүнүн жашын тыя албайт. Өзүн-өзү жемелеп, жек көрүп, дүйнөдөгү эң жаман, таш боор адамдай сезип атты. Эшикке чыкпай, эки күн үйдө солуктап ыйлап, улам толгон эмчегин саап жүрдү. Үчүнчү күн болгондо гана айылдан Тамара келип калды. Керебетте көздөрү шишип, боюнан бошонуп жаткан Алтынайды көргөндө эле Тамара:
- Эмне төрөдүңбү? - деп сурады. Буулугуп, буга чейин арыз-арманын айтаарга адам таппай турган Алтынай буркурап-боздоп ыйлап жиберди. Бир топко чейин ыйлап, эч нерсе сүйлөй албай отурду. Анан көзүнүн жашын көлдөтө ага болгон ишти төкпөй-чачпай айтып берди.
- Ыйлаба, өзүңдү колго ал. Бала деген ушундай таттуу болот. Эгерде сен төрөгөндө мен бул жерде болсом, балаңды сага көргөзбөй, эмиздирбейт да болчумун. Анда сен азыркыдай кыйналбайт элең. Эне баласын эмизди дегиче болду, ал сенин боор этиңден жаралган бир бөлүгүң, жүрөгүңдүн жарымы экенин туясың. Чынын айтканда эне үчүн бала ата-энесинен, биртуугандарынан да кымбат болуп калат. Кудай эненин жүрөгүн ушинтип назик, сезимтал кылып жаратып койгон тура. Болду, эми ыйлагандан пайда таппайсың. Андан көрө, ошол балаң кайда болсо да аман болуп, бактылуу болушун кудайдан тиле. Башка арга жок, же аны кайра багып алсамбы деген оюң барбы? - деди.
- Колумдан келсе, чечкиндүү болсом, баарына кайыл болуп, баламды багып деле алмакмын. Элдер айтса айта берсин, бирок, боор этимен жаралган балам, энесинин жанында болмок. Мен шордуу ошенте да албай атпаймынбы. Ата-энем динге берилген, шарыятты туу туткан адамдар. Алар мени баарыбир түшүнүшпөйт. Арга жок, уулумду бага албайм, - деп боздоп отурду Алтынай. Ушундай азапты көргөнчө, мектепти аяктаарым менен эле турмушка чыгып кетсем болмок, шаарга кайсы шайтан азгырып келди болду экен деп сыздап атты.

#12 06 August 2014 - 21:53
Алтынай төрөтканадан качып кеткенден кийин анын артынан эч ким издөө салган жок. Себеби, палатага улам кирип-чыгып аткан медсестра аялга өзүнүн абалын түшүндүргөндүктөн Алтынайдын баласы таштанды экенин ошол замат төрөтканадагылар билишти. Атүгүл палаталаш эки келинге да алиги медсестра келип, айтып кетти.
- Ай - ий, ушундай да таш боор болобу? Баласын таштаганга кантип дити барды? Эми анын тагдыры кандай болот? Өзү токтоо, жакшы эле келин өңдөнбөдү беле, көрсө, жеңил ойлуу аял турбайбы, - дешип, палатадагы эки келин Алтынайдын кылыгына таң калып, шыпшынып олтурушту.
Кичинекей ымыркайдын жалаягын алмаштырып атып, анын ичинде "Алтынбек" деген жазуусу бар бүктөлгөн кичинекей кагазды көргөн медсестра башкы врачка алып барып берди. Мындай окуяларды далай баштарынан өткөрүп көнүп калышкан төрөткананын доктурлары ымыркайдын атын Алтынбек коюшуп, балдар үйүнө жөнөтүштү. Ошентип, бул жарык дүйнөгө жаңы келген кичинекей Алтынбектин эң алгачкы үйү, өзүндөй таштанды балдар чоңоюп аткан балдар үйү болду. Ал жердеги көпчүлүк кичинекей балдар сыяктуу эле ага үзүлүп түшүп, энесиндей мээримин төгүп, эмчегин эмизген эч ким деле болгон жок. Убактысы менен тамак берип, жалаягын которуп, ыйласа деле кичинекей керебетте жатып, көпчүлүк балдардын бири болуп чоңое берди.
Убакыттын өтүшү менен катар Алтынбек да күндөн-күнгө торолуп, көзгө көрүнө баштады. Ошондой күндөрдүн биринде балдар үйүнө эркек бала багып алат элек деген эрди-катын ээрчишип келишти. Колунда бала багып алууга толук мүмкүнчүлүгү бар деген даяр документтери менен келгендиктен, балдар үйүнүн башчысы аларды ээрчитип, кичинекей балдар жаткан бөлмөгө киргизди. Эки-үч кыргыз балдардын ичинен болтойгон, жылдыздуу наристени тандап алышты. Ал Алтынбек эле.
- Бул баланын аты Алтынбек. Өзү да аябай жоош, тынч, чыры жок бала. Баланын атын өзгөртүп алууга акыңар бар. Бирок, алгачкы аты, биз берген фамилиясы биякта архивде сакталуу болот, - деп балдар үйүнүн башчысы Алтынбекти багып алган жаңы үйбүлөгө түшүндүрүп айтып атты.
***
Ошентип, Алтынбек жаңы ата-энелүү болду. Аны багып алган үйбүлөнүн да өзүнчө бир тарыхы бар. Күйөөсү Алмаз аялы Замирадан бир топ жаш улуу. Алмаздын чоң бизнеси бар, күркүлдөрдүн бири. Ал эми Замира бир кездерде Алмазга секретарша болуп орношуп, арадан жарым жыл өтпөй, үйлөнүп алышкан. Алмаз биринчи аялын төрт баласы менен таштап, Замиранын жаштыгына, сулуулугуна азгырылып үйлөнүп алды. Буга чейин Замира сүйлөшкөн жигитинен боюнда болуп калып, алгачкы наристесин аборт жасаткан эле. Замираны сүйөм-күйөм деп артынан чуркап жүргөн жигити анын кош бойлуу болуп калганын билгенден кийин куйругун түйүп жоголгон. Айла жок, Замира биринчи баласын бойдон алдыруу канчалык коркунучтуу болсо да тобокелге салып аборт жасатып салган. Сүйүүдөн көңүлү калган Замира эч кимге ишенбей көпкө чейин жанына бир да эркектананы жуутпай жүрдү. Алмаздын фирмасына секретарша болуп орношкондон баштап өзүнө өзгөчө көңүл бурган шефин кантип сүйүп калганын билбей калды. Арадан жарым жыл өтпөй ачыкка чыгып, бир бүтүн үйбүлөгө айланышты.
Кичинекей баланы жакшы көрөөрүн Алмаз дайыма айтып, Замираны төрөп бер дей баштады. Канчалык аракет кылса да Замиранын боюна бүтпөй койду. Көрүнбөгөн доктуру, барбаган табып-бакшы калган жок. Экөөнүн үйлөнгөнүнө үч жыл болуп калган кезде, Алмаз кайра биринчи үйбүлөсү менен мамиле түзүп, балдарын ээрчитип келип, аялына көбүрөөк барчу болду.
Замира эрин биринчи аялынан, балдарынан кызганып, Алмаз менден кетип калса кантем деп корко баштады. Ортодо экөөнүн сүйүүсүнөн жаралган балдары болбогондуктан Алмазды кармап калуу кыйындай сезилди, Замирага. Анан ошентип жүрүп, акыры бала багып алалы деген сунушун Алмазга айткан. Башында анча көңүлдөнбөй жүрүп, акыры жаш аялынын сунушуна моюн сунуп, экөө балдар үйүнө келип, минтип Алтынбекти багып алганы ошондон эле. Замира кичинекей баланы үйрүлүп түшүп жакшы деле көрчү эмес. Алмазды кетирбей кармап калуу үчүн, Алтынбек ага колундагы пайдалана турган куралы катары үчүн керек болчу.
Үйүнө келген кичинекей баланы Алмаз өз баласындай жакшы көрүп, тууган-туушкандарын чакырып, бешик той берди. Багып алган баласынын атын Актан койду. Баланын баркын билсин, энелик мээримин төксүн деп, Замираны үйгө отургузуп салды. Күйөөсүн кармап калуу максатында Замира анын айтканына көнүп, баарына кайыл болуп, бала багып үйдө отуруп калды. Бирок, ээн басып, ээн туруп, каалаганын жасап, өз боюна гана карап көнүп калган Замирага бала багуу ушунчалык кыйындай туюлду. Эки жума боло электе эле бала баккандан тажай баштады. Убагында тамак берип, жалаягын которуп, киринтип, кийимдерин алмаштырып кийгизип, айтор, баланы багуу түйшүктөрүн тартып атып, мурдагыдай өзүнүн кебетесине караганга да үлгүрбөй калчу болду. Кичинекей бала ыйласа кадимкидей кыжыры келип, аны уктоочу бөлмөдөгү керебетине жаткырып, эшикти жаап, кулагым укпасын деген кыязда өзү ашканада жүрмөй адат таап алды. Ушинтип бала багып, жүдөбөй өзүм иштейин да, акча төлөп, башкага бактырсакпы деген оюн эрине айтты эле ал:
- Эгерде бала баккандан тажап атсаң, анда сенде энелик мээрим, аялдык касиет деген жок турбайбы! Таш боор, мерез, өзүмчүл болуп кетиптирсиң. Бул баланын кереги жок дей турган болсоң, анда экөөбүз ажырашабыз! - деп маселени кабыргасынан койду. Эринен мындай сөздү уккандан кийин, айла жок, унчукпай отуруп калды.
Бирок, бала бакканга көңүлү жок болгондуктан, Алтынбек ыйласа, аны чоң кишидей сабачу болду. Кечинде Алмаз жумуштан келээрде таза кийимдерин кийгизип, жуунтуп-тазалантып, баланы жакшы карап, багып аткан аялдай түр көргөзүп, эркелетип, шыпылдап калат. Эри үйдөн чыкты дегиче болду, бала ыйлап атса карап, көңүл бөлүп да койбойт. Замиранын баланы көңүлсүз багып атканын байкаган Алмаз бир жолу:
- Эгерде ушул бала бир нерсе болсо, же ооруп калса таарынба! .. - деп эскертти.
- Баланы жакшы эле багып атпаймынбы, мындан артык кантип багам? - деп Замира эрине таарынгандай болду. Бирок, эринин ачуусу жаман экенин, бир көгөрсө оңой менен жазылбай, айткан сөзүнөн кайтпаган көкбет экенин эң жакшы билчү. Байлыктын кулу болуп калган Замира кандай жол менен болсо да эрин эч кимге бербей өзүнө кармап калууну максат кылып койгон. Ошондуктан баладан канчалык тажаса да, чыдап, аны багыш керек эле.
Ошентип убакыт өтө берди. Бир күнү конок тосчу бөлмөгө кичинекей баланы отургузуп коюп, өзү кол телефон менен сүйлөшүп, ашканада көпкө жүрдү. Аңгыча конок тосчу бөлмөдөн тарс эткен катуу үн чыгып, ага удаа эле Алтынбектин чырылдап ыйлаган үнү угулду. Жанталаша чуркап барса, шкафтын ылдый жагында жыйылып турган хрусталь ваза, стакандары менен жерде сынып жатыптыр. Алтынбек идиштерди сындырып салат деп Замиранын оюна келген эмес эле. Атүгүл жаңыдан жөргөлөп, эмгектей баштаган Алтынбектин бир орундан экинчи орунга жылаарын да байкай элек болчу. Кымбат баалуу идиштердин сынып калганын көргөн Замиранын ачуусу келип, Алтынбекти башка-көзгө койгулап, сабап кирди. Аны баардык күчү менен катуу чапканга баланын мурду да канап кетти. Анан чыркырап ыйлап жерде жаткан баланын желкесинен көтөрүп уктоочу бөлмөгө керебетине жаткырып, каргап-шилеп урушуп атты. Берки бөлмөгө келип, жерде сынып жаткан идиштерди тазалап, ушул баланы багып алганына өкүнө аны жек көрүп, өзүнчө күбүрөнүп жүрдү. Денеси катуу ооругангабы, Алтынбектин жаагы басылбай, ыйлаганын токтотпой, солуктап, төшөгүндө жатты.

#13 06 August 2014 - 21:57
Замира чоң киши менен урушуп аткансып кичинекей Алтынбекке:
- Жаагың сынгыр! Басасыңбы жаагыңды, же жокпу? Ыйлаба дейм! Азыр барчу болсом, өз колум менен өлтүрүп коем! Какшанган кандай бала эле! Өлүп кеткир десе! Ушуну багам деп куурамай болдум! Какшангырды каяктан багып алдым эле! Бул шүмшүктүн ушундайын билип, энеси таштап кетсе керек! - деп кыйкырып, каргап-шилеп берки бөлмөдө урушуп атканда сырттан Алмаз кирип келип калды.
- Эмне болгон ызы-чуу?! Сенин кыйкырганың тээтиги көчөгө чейин угулуп атат!..- деген эринин үнүн уккан Замиранын өңү бузула түштү. Заматтын ортосунда жойпулана, эринин моюнуна асылып, эркелей:
- Жаным, аябай чарчадым… Бала ыйлаак болуп кетти… Мага бир жардамчы алсаң жакшы болот эле. Эгерде ушинтип баланы жалгыз баксам, эрте эле карып кетем го, - деди.
- Бала эмнеге ыйлап атат? Аны эмнеге карабай биякта жүрөсүң? - деп Алмаз уктоочу бөлмөнү көздөй басты. Эринин артынан кирген Замира актана:
- Мен ашканада буламык жасап жүрсөм, жыгылып кетиптир. Сооротуп, керебетине жаткырып койгом. Ыйлабай жакшынакай эле турган, сен келатканда ыйлап кирди…-деди.
Бала жаткан бөлмөгө кирген Алмаз кичинекей Алтынбектин канжалаган мурдун, жаагындагы беш манжанын кызарып калган тагын көрдү да, жини келип, артында актанып, какылдап сүйлөнүп келаткан аялын, ашата сөгүп, кыйкырып, урушуп ийди. Буга чейин эринен мындай жаман сөздөрдү угуп көрбөгөн Замира ызаланып, ага таарынып эшикти тарс жаап чыгып кетти. Керебеттеги бала Алмазды көрүп жакын адамы келгендей ага колун сунуп, эреркеп ого бетер ыйлап жиберди. Баланы көтөрүп оозгу үйгө чыкса, Замира кийимдерин кийип, кетем деп даярданып алган экен.
- Эмне, кетейин деп атасыңбы?! Эгерде кете турган болсоң биротоло кет! Экинчи бул үйгө кайрылып келбейсиң! - деди Алмаз. Мен кетип калсам Алмаз артыман кетпе деп жалдырайт деп ойлоп алган Замира эринин азыркы түрпөтүн көрүп, анын чын ниетинен айтып атканын сезди. Жакшы эле эрин коркутуп, бир сыйра таарынып эки-үч күн кетип калайын деп ойлоп аткан Замира босогодо үйдөн чыгып кетээрин, же калып калаарын билбей эки анжы болуп туруп калды. Эгерде азыр сыртка чыгып кетсе, ошол боюнча бул үйгө кирбей калышы бештен белгилүү эле. Эри да айткан сөзүнөн кайтпаган, байлыгына чиренген неме эртең эле сүлкүлдөгөн жаш кызды киргизип алаары ажеп эмес болчу. Ушунча чыдаганга жараша, дагы чыдайын деп ойлоно, аргасыздан бут кийимин чечип, эри отурган бөлмөгө кирди:
- Сен мени түшүнгүң келбейт… Ушул баланы кандай азап менен багып атканымды билбейсиң… Буга чейин бала багып көрбөсөм, мени деле аяп койсоң боло…- деп бышактап ыйлап, мүмкүн мурдагыдай эркелетип, оюмдагымды аткараар деп ойлоду. Бирок, Алмаз жанына келип ыйлап аткан аялына боору оорумак түгүл кыжыры келип, аны менен сүйлөшкүсү келбей, баланы көтөрүп ары басып кетти. Эгерде баланы дагы ушинтип ыйлатып, урушуп, сабап, карабай кое турган болсо, аны менен биротоло кол үзүшүп, ажырашаарын эскертти. Эринин сөзүн унчукпай угуп отурган Замира кичинекей Алтынбекке жини келе, азыр Алмаз кеткенде ага көргүлүктү гана көргөзбөсөм элеби деп чоң кишиге өчөшкөндөй ичинен кекенип атты. Алтынбек сооронуп, ыйлаганы басылып, алаксып ойноп калган кезде Алмаз аны Замирага берип, жумушка кетмекчи болду. Кичинекей бала Алмаздын колунан Замирага баргысы келбей чырылдап качып, ыйлап туруп алды.

#14 06 August 2014 - 21:58
Ушул бала келгени үйдөн кут кетти, күнүгө уруш-талаш. Баары бир өзүң төрөбөгөндөн кийин башка бирөөнүн баласын багуу кыйын экен. Аябай кыйналып, жүдөп кеттим. Ушул бала үчүн көп уруш чыгат. Өмүрү мени урушуп, өйдө карап сүйлөбөгөн күйөөмөн жаман сөздөрдү укчу болдум. Кайсы шайтан азгырып ушул баланы багып алдым экен деп өкүнөм, - деди Замира. Анан астында тыбырчылап,
тынч отурбай аткан баланы уктоочу бөлмөгө киргизип, керебетине жаткырып, эшикти жаап бери чыкты. Наристенин ыйлаган үнүн уккан Алтынай ордунан атып туруп:
- Баланы мен көтөрүп турайынчы… - деди.
- Жөн кой, ал ошентип ыйлай берет, - деп кайдыгер кол шилтеген Замира Алтынайды отура бер деп болбой койду. Баланын ыйлаган үнүн угуп, Алтынай ал жерге отура албай, чыйпылыктап, жалдырап жиберди:
- Мен алаксытып, ойнотсом басылып калат. Кичинекей баланы аябай жакшы көрөм…- деди.
- Кой, сен сырттан келдиң. Эгерде ал ооруп калса, азабын дагы мен тартам. Күйөөм сырттан келген кишилерге баланы бербе, оорутасың деп көп айтат. Азыр анын жумуштан келээр маалы болуп калды. Сенин көтөрүп турганыңды көрсө, дагы чыр чыгат.
Замиранын сөзүн уккан Алтынай шаабайы сууп отуруп калды. Аңгыча сырттан машинанын үнү угулду. Замира ордунан тура калып, жанатан ыйлап аткан баланы көтөрүп келип, сооротуп, эч нерсе болбогондой эшиктен келген күйөөсүн жадырап-жайнап тосуп алды.
- Биздин атакебиз келди, балам экөөбүз сени сагынып күтүп отурганбыз, - деп шыйпаңдап, эрине эркелей, баланы анын колуна карматты.
Алтынай Гүлнаранын таекесин биринчи жолу көрдү. Чыкыйып кийинген, галстукчан кишини көрүп, баш ийкешип учурашып, өзүнөн-өзү уялып, сүрдөп кетти. Жанындагы курбусуна шыбырай:
- Эртерээк эле кетеличи, - деп ийди.
- Азыр кетебиз, шашпай тур. Таекем аябай жакшы киши, азыр сени тааныштырам, - деп Гүлнара таекеси менен учурашып, курбусу менен тааныштырды.
Кийин экөөнүн тагдыры бир болуп калаарын Алтынай кайдан билсин. Ал эми Алмаз жаш, сулуу кыздарды башынан эле жакшы көрчү. Алтынайды бир көрүп, ыйманы ысык, татынакай, маңдайы жарык кыз экен деп ичинен ойлоп койду.
***
Кичинекей наристени көргөндөн баштап, Алтынай ого бетер өзүнүн баласын көргүсү келип, сагынып, куса боло баштады. Менин балам каякта, кимдин колунда болду экен деген ой анын башынан кетпейт. Жатаканага келгенде көңүлү чөгүп, керебетине жатып ыйлап да алды. Боюнда болуп калганда таштап кеткен Даниярды каргап-шилеп, баламдын убалы атасына жетсин деп кудайга үнү жете сыздап жатты. Анын ыйлап жатканын жанындагы курбусу Гүлнара байкаган жок

#15 06 August 2014 - 22:00
Убакыт билинбей зымырап өтө берди. Бир күнү окуудан бөлмөсүнө келсе, курбусу Гүлнара:
- Алтынай, сени качан келет деп күтүп атпадым беле. Сага бир өтүнүчүм бар. Аткарасыңбы, мен үчүн аткарып койчу, суранам, - деп жалдырады.
- Эмне болду, колуман келсе аткарайын, - деди Алтынай.
- Өткөндө таякемдин үйүнө барбадык беле. Замира тажеңем мага телефон чалып, бүгүн баламды карап берчи деп менден суранып атат. Эртең менен таякем алыска командировкага кетиптир. Тажеңем тааныштарынын туулган күнүнө бармакмын дейт. Баланы алып барсам, отургузбай убара кылат деп наалып атат. А мен барайын десем, жигитим менен жолукмакмын. Эмне кылаарымды билбей, айлам кетип, тажеңеме Алтынай барса болобу десем, макул болду, - деди Гүлнара.
Алтынай курбусунун сөзүн укканда сүйүнгөнүнөн күлүп жиберди.
- Тажеңеңе айта бер. Баласын оюндагыдай карап берем. Камсанабасын, кичинекей баланы жакшы көрөм, жакшы да карайм, - деди шыпылдай. Гүлнара дароо эле кол телефонун алып, тажеңесине чалып, Алтынай бара турганын айтты. Алтынай сабактан ачка келген. Азыр кичинекей баланы багарын укканда кардынын ачканын да сезген жок. Шашып кийинип, дароо эшикке чыгып кетти.
х х х
Кичинекей наристени аябай көргүсү келген Алтынай тез эле жетип барды. Барса, Замира ойсоктоп, кычырап кийинип, анын келишин чыдамсыздык менен күтүп турган экен. Ал эми кичинекей бала адаттагыдай эле уктоочу бөлмөдө ыйлап отуруптур. Алтынайды көргөн Замира баланы алып келип колуна карматты. Кетип баратып балага кандай тамак бериш керектигин айтып, түшүндүрүп, "кечирээк келип калышым мүмкүн, жакшы карап тур" деп эскертти.
- Бөбөктөрүмдү мен эле баккам. Баланы жакшы карайм, сарсанаа болбой, шашпай эс алып келиңиз, - деп узатып калды Алтынай.
Замира кетээри менен кичинекей наристени өпкүлөп, аны ушунчалык жакшы көрүп, эркелетип, ойнотуп, курсагын тойгузуп, көтөрүп жүрдү. Наристе да Алтынайдан чочуркабай, аны менен кыткылыктап күлүп, ойноп отурду. Курсагын тойгузгандан кийин наристени уктатып, үйлөрдү жыйнап чыкты. Анан наристенин жанына келип үстүн кымтылап жаап атканда, эшиктин коңгуроосу кагылып калды. Коңгуроонун үнүнөн ойгонгон наристени көтөрүп, Замира келип калды го деген ниетте эшикти шарт эле ачып жиберди. Маңдайында турган Алмазды көрүп Алтынай ууру кылган адамдай коркуп кетти. Алмаз да Алтынайды карап "бул эмне жүрөт" дегендей таңгала тиктеди. Экөө баш ийкешип учурашкандан кийин эле Алтынай актангандай:
- Замира эже туулган күнгө кетип, баланы карашып, жардам берчи деп суранганынан келгем… - деди.
- Кимдин туулган күнүнө кетиптир?! Эртең менен мен кетип атканда эч жакка барбайм деп атпады беле?!. - деп аялынын кылыгына кыжыры келген Алмаз өзүнчө бурк этип алды.
- Билбейм… Гүлнара мени жардам берип койчу деп суранганынан эле келгем… - деди мукактанган Алтынай. Алмаз жаш аялына жиндене кол телефонун алып чыгып, чала баштады. Телефонду биртоптон кийин алды Замира.
- Бала кандай, жакшы элеби? Эмне кылып атасыңар? - деди билмексен болгон Алмаз аялын эмне дээр экен деген кыязда.
- Жаным, баары жайында. Актанчик экөөбүз сени сагына баштадык. Ал уктап атат. Мен үйдө тамак жасап атам, бизге камсанабай эле кой, - деди Замира шыпылдап. Аялынын калп сүйлөп атканына Алмаздын канчалык кыжыры келсе да, дагы канча калп айтаар экен деп сынап унчукпай, билмексен боло телефонду өчүрүп койду. Ары жакта өзүн коерго жер таппай ыңгайсызданып, баланы көтөрүп жүргөн Алтынайдын жанына келип:
- Замиранын кеткенине канча болду? - деди.
- Үч-төрт саат болуп калды. Кабатырланбай эле коюңуз, азыр келип калат… - деди Алтынай эмне айтарын билбей

#16 06 August 2014 - 22:02
Алмаздын жини келип, конок тосчу бөлмөдө ары-бери басып жүрдү. Ал эми Алтынай кичинекей баланы көтөрүп, ашканада дасторкон даярдап, бир убакта Алмазды чайга чакырды. Адамдын көзүн тик карай албаган, айылдын тарбиясын көргөн, ыймандуу илбериңки жаш кыздын чай куюп берип отурганы Алмазга башкача көрүндү. Бир заматта аялы Замира менен чай берип отурган Алтынайды салыштырып жиберди. Алмаз маңдайында отурган жупуну кийинген, жөнөкөй айылдык кыздын өмүр-баянын,
таржымалын бир сыйра сурап өттү. Алтынай сүрдөп, бир чети уялып, Алмаздын берген суроолоруна араң жооп берип атты. Демейде, кичинекей бала Замиранын астына тынч отурбай, ыйлап, тамак ичирчү эмес эле. Азыр Алтынайдын астында кыткылыктап күлүп, ойноп көңүлдүү отурду. "Бул бала бизге тынчыраак тамак ичирбейт"
деп наалыган Замира кээде баланы көтөрүп, сыртка чыгып кетчү, Алмазды өзүң эле тамактана бер деген кыязда. А кээде баланын ыйлаганына карабай, уктоочу бөлмөдөгү керебетине отургузуп койчу. Аңылдап ыйлап аткан баланын үнүн угуп, Алмаз тынч отуруп тамак иче алчу эмес. Жүдөтсө да астына алып отуруп, тамактанчу.
Тамак ичип отуруп да кичинекей бала үчүн экөө кер-мур айтышып, кыжылдаша түшүшчү. Бирок, Алмаз кичинекей бала менен азыр Алтынай кантип тамак берип отурса, Замира болуп ушинтип чогуу тамактанганды кыялданчу. Антип үчөө чогуу отуруп бир да жолу тамактанышпаптыр,
азыр эстесе.
Жанатан аялынын кылыгына кыжыры келип аткан Алмаздын Алтынай менен чай ичкенден кийин жини тарай түштү. Алтынайдын ар бир кыймылына, балага болгон өзгөчө мамилесине баа берип, аны уурдана карап отурду. Аялы Замира жаш, сулуу болгону менен жеңил ойлуу, шайкелеңирээк экенин байкачу. Калпты чындай айткан өнөрүн да билчү. Ал эми азыр көзкөрүнөө калп айтып атканын угуп, анын мурдагы айтып жүргөн сөздөрүнө дагы ишенбей калды. Аны качан келээр экен деп, телефон чалбай, тим койду…
l
Алмаз бир жумага алыска командировкага кетем дегенден баштап, үйдө буулугуп, бала багып, жүдөп отурган Замира да курбу кыздары менен телефондон сүйлөшүп, тымызын даярданып алган. Күйөөсүн командировкага жөнөтүп коюп, дароо эле Гүлнарага телефон чалып, ал аркылуу Алтынайды чакыртып алган болчу. Алтынайга айтып кеткендей курбусунун туулган күнүнө эмес, бойдок достору менен саунага түшүп, андан ары ресторанга, дискотекага барып бийлеп, анча-мынча эс алып, көңүл ачып келгени кеткен. Баланы жакшы карайм деп айткан Алтынайдын сөзүнө ишенип, үйгө эрте келүүгө ашыккан жок. Ансыз деле эч жакка чыкпай, бала бакканым аз келгенсип, күнүгө бир маал эримен жеме угам деп Замира таң атканча көңүл ачып жүрдү. Атүгүл бойдок курбуларынын жигиттери менен да таанышып алды. Үйгө бир жолу телефон чалып, баланын ал-акыбалын сурап коеюн деп эстеди. Бирок, үйдөгү телефонду күйөөм чалып, текшерип калбасын деген кыязда өчүрүп кеткен болчу. Ал эми Алтынайдын кол телефонунун номурун сурабай калыптыр. "Эртең мененкиге чейин Алтынай баланы карап турса, ага акча берип, күйөөмө айтпа" деп кетирип жиберем деп ойлоп койду. Күйөөсүнүн кол телефонуна чалганына жооп берип, ал алыста жүрөт, билбейт деп ойлоду. Таңга жуук гана көңүл ачып, уйкусу келип, чарчап үйүнө келди. Азыр Алтынайды кетирбей, баламды каратып, өзүм уктап эс алып алайын деп план куруп атты…
l
Замиранын келишин күтүп, Алтынай кичинекей баланы кучактап, креслодо отурган боюнча конок тосчу бөлмөдө уктап кетиптир. Бир маалда аны бирөө ойготкондой болду. Көзүн ачып караса маңдайында Алмаз жылмайып турган экен.
- Баланы керебетине жаткырып, өзүң диванга жатып эс ал, - деди.
- Замира эже келе элекпи?..- деп сурады Алтынай.
- Келе элек, аман болсо эртең келээр, анан сүйлөшөбүз… - деди Алмаз уктоочу бөлмөгө кирип баратып.

#17 06 August 2014 - 22:04
Конок тосчу бөлмөдөгү диванда Алтынай биртопко чейин уктай албай жатты. Ар кайсыны ойлоп, Алмаздын аялы Замиранын бактысына суктанды. "Бала төрөбөсө да түшүнүктүү,
жакшы адамга туш болуп, башка жактан багып алышты. А менчи, төрөгөн баламды багалбай, көчөгө таштап кеттим. Таштаган балам ушундай мээримдүү атага, жетиштүү үйбүлөгө туш болсо го, анда жакшы. Мүмкүн баланын баркын билбеген, ичкен адамдардын колуна туш болуп калса, анын тагдыры кандай болот. Эки көзүн жалдыратып,
эч нерсе менен иши жок калып калбады беле" деп ичинен сыза, көзүнөн аккан жашты улам-улам аарчып атты. Аңгыча уктоочу бөлмөдөн кичинекей баланын ыйлаганы угулду. Алтынай ордунан атып туруп, баланын үнү чыккан бөлмөнүн эшигинин астына барып тык токтоду. Алмаздын баланы соорото албай, кыңылдап ырдап аткан үнүн укту. Анүстүнө кирип баргандан тартынып, бир паска турду да, эшикти тыкылдатты.
Бөлмөдөн Алмаз ыйлап аткан баланы көтөрүп чыкты.
- Бала ыйлап атабы?.. Берсеңиз, мен көтөрүп көрөйүнчү, мүмкүн басылып калаар, - деди Алтынай.
- Минтип ыйлачу деле эмес. Кээде эле ушинтип калмайы бар. Карды ачты окшойт, сүт жылытып бериш керек го, - деп Алмаз баланы Алтынайга берип, өзү ашканага кирип, бөтөлкөгө сүт даярдап келе калды. Алтынай ыйлап аткан наристени силкилдетип, көтөрүп, ары-бери басты. Бала мурдагыдай аңылдабай, Алтынайдын колунда кайрадан көшүлүп уктап кетти. Сүт даярдап келген Алмаз Алтынайга таңгала карап, уктатып койдуңбу дегендей жылмайып койду. Баланы бир аз колуна көтөрүп уктаткандан кийин Алтынай аны керебетине жаткырды. Таң атканча Алмаз менен Алтынай ашканада чай ичип, ар кайсыларды сүйлөшүп, укташкан жок. Эртең мененки саат жетиден өтүп калган кезде эшик тыкылдап калды. Алмаз ордунан туруп, Замиранын келгенин сезе, эшикти ачты.
Замира күйөөсүнүн келип калганын билбегендиктен, уйпаланган чачын тарап, кебетесин караган деле эмес. Чарчагандыктан үйгө келип эле төшөккө жатып, уктайм, эс алам деп келген. Эшикти ачкан күйөөсүн көрүп, коркконунан жүрөгү оозуна тыгыла түштү.
- Ой, сен качан келдиң? - деди үнүн акырын чыгарып.
- Эмне болду?! - деп кекете сурады Алмаз.
- Эч нерсе болгон жок, сени келет деп ойлогон эмесмин. Баягы Бурул деген классташым бар эмес беле, ошонун туулган күнү болуп…
- Болду, жетишет! Алдагы кебетең кантет?! Кир үйгө, анан сүйлөшөбүз! - деп буюра сүйлөдү Алмаз. Замира унчукпай үйгө кирди. Ашканадан чыга калган Алтынайды көрүп, көзүн кысып, ары жакка чакырып кетти да андан эринин качан келгенин сурап билди.
- Эже, мен кетейин. Эгерде баланы караганга керек болуп калсам, чакыртыңыз. Келип, жардам берип кетем, - деди Алтынай. Сумкасын алып Замира менен коштошуп чыгып баратканда, ары жактан Алмаз чыгып:
- Ыракмат Алтынай, үйгө келип тур, - деп анын колуна миң сомдук бүкүлү акчаны албайм дегенине болбой карматты. Алтынай бул жерге акча табайын деп эмес, кичинекей баланы көрүү үчүн келгендиктен өзүн ыңгайсыз сезди.
***
Алтынай кетери менен Алмаз Замирага барып:
- Кийимдериңди ал да, үйдөн чыгып кет! Башка сөз жок, - деп уктоочу бөлмөгө кирип кетти. Анын артынан кирген Замира:
- Жаным, мени түшүнчү, мен да адаммын го. Чарчадым, же сен мени эч жакка чыгарбайсың. Жок дегенде анда-санда эс алдырып турсаң, минтип эч жакка кетпейт болчумун. Азыр туулган күнгө барып, кыздар менен кармалып калдым. Кечирип кой, экинчи кайталанбайт, күнөө менде. Сага айтып, суранып кетейин дегем. Бирок, сен баарыбир мени жибербейт болчусуң, - деп ыйлап, чөгөлөп кечирим сурап, жалдырап ийди. Анын минтип кечирим сураганы Алмаздын кыжырын ого бетер келтирди.

#18 06 August 2014 - 22:06
Күйөөсүнүн көңүлүн алуу үчүн Замира анын тияк-биягына чыгып, жагалданып,
эркелетип, өзү да эркелеп атты. Бирок, аялынын кечээки кылыгына кыжыры келген Алмаз ага көңүл бурбай, сүйлөбөй койду. Аңгыча ары жакта ыйлап аткан баланын жанына келип:
- Какылдабай, тигил жакта ыйлап аткан баланы карасаң боло. Жадагалса бала бакканды да билбейсиң. Көчө таптап, көңүл ачканды гана жакшы көрөсүң. Кечээки кызды карачы, баланы ыйлатпай кандай жакшы бакты... Таптакыр чоочун эле кыз, өзүнүн баласындай мээримин төгүп карайт. Сени оозуңду, көзүңдү боегондон башка эч нерсе кызыктырбайт. Эр сыйлаган аялдардын катарына кирбейсиң. Баланын баркын билбейсиң... - деп урушуп, жемелеп кирди. Анын сөзүн аягына чейин уккан Замира:
- Жаным, эгерде жанагы кыз баланы жакшы караса, жардамчы кылып, акчаны жакшы төлөп жалдап албайлыбы. Сенин айтканың туура, мен бала бакканды билбейм. Ал мага үйрөтөт, - деди жалдырай.
- Ал кыз биринчиден окуйт, сенин балаңды бакканга убактысы жок. Экинчиден, эгерде ал кыз баланы караганга макул болуп келип калса, сен ага таштап коюп көңүл ачып, артыңды карабай кетесиң да, бизге таптырбай. Мен анча-мынча убакытка эле жок болсом, түнү менен жоголдуң. Таң атканча сенин кимдер менен эмне кылып жүргөнүңдү каяктан билем!
- Мен сенин, анан өз абийиримдин астында тазамын. Ошентсе да экинчи мындай иш кайталанбайт… Кечирип койчу… Суранам… Кечээки кыз сага жакса, ал мага да жаккан. Мен өзүм сүйлөшүп, бала бакканга жардам бер деп көндүрөм, сен макулсуңбу? ..- деп Замира шыпылдай эрин макулдатууга аракет кылды. Алтынайды бала бакканга жалдаса, үйдөгү баардык маселелер тез эле чечилип калчудай туюлду. Бирок, бала бакканга жалданып келген Алтынайдын азабынан баркын баалабай жүргөн үйбүлөлүк бактысы бузулаарын кайдан билсин.
l
Алтынай сабакка анча көңүлү чаппай, эси-дартынын баары таштап кеткен баласында болуп атты. Канча убакыт өтсө да уулун унута албай, жүрөгү зыркырап, өңүнөн асып кетти. Бир күнү сабакта отурса Замира кол телефонуна чалып калды. Анын үнүн уккан Алтынай өзүнөн-өзү сүйүнө бир заматта сабактан суранып чыгып, сырттан сүйлөштү. Замира ага баласын бакканга жардам бербейсиңби деген сунушту айтты эле, ушуну эле күтүп жүргөнсүп, Алтынай эч ойлонбостон дароо макул болду. Сабактан чыгып жатаканасына келсе, бөлмөдө Гүлнара отурган экен. Ага Замиранын кичинекей баласын бакканга жардам бер деп суранганын айтып, сүйүнчүлөдү.
- Замира жеңем мага да айткан. Бирок, мен сабактан жетише албайм деп макул болгон эмесмин. Сени сураганда да баарыбир көнбөйт деп койгом. Көрсө, жеңем сага өзү чалган турбайбы. А окууңду кантесиң? Эмнеге макул болуп койдуң, жеңем өзү баксын. Ансыз деле аны туугандар жаман көрүп атышат. Сага баланы бактырып коюп, өзү эмне кылат экен?- деп бир топ сөздөрдү айтып, Гүлнара Замираны бир сыйра жамандап өттү. Анан - өзүң бил, сабактан кыйналбайм десең бар. Бирок, ал жеңем сени сызга отургузуп кетпесе болду. Акчаңды да төлөбөй коюшу мүмкүн. Жакшылап ойлон, - деди.
- Мен жакшылап ойлондум. Мейли, сабактан кыйналсам деле барып жардам берип турам. Эгерде таптакыр эле болбой баратса, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп кетем, - деген Алтынайдын сөзүн уккан Гүлнара ага таң калып, бир чети эч нерсени түшүнбөй туруп калды. Алтынай бир сыйра кийимдерин алып, Замиранын үйүн көздөй шаша жөнөдү.
l
Алмаз керээлди-кечке иштери менен жүрүп, үйдө Замира кичинекей баланы кантип багып атканына көңүл бөлалбай калды. Мурда бир маал үйүнө келип, эмне кылып атышат деп текшерип кетчү. Бир күнү түштө капысынан үйүнө келип, Замира кичинекей баланы сабап атканын көрүп, экөө дагы катуу урушуп кетишкен. Ошондо Замира Алтынайды бала бакканга жардам бер деп чакырталы, жүдөп атам деген кыязда ыйлактаган. Алтынайды бир көрүп эле Алмаз ичинен тымызын жактырып калгандыктан, мейли деп аялынын айтканына бул жолу макул болду.

#19 06 August 2014 - 22:07
Алтынай үйгө кийчү бир сыйра кийимдерин көтөрүп алып, бала багууга Замираныкына тез эле жетип барды. Аны Замира кучак жая, жадырап-жайнап тосуп алды. Жанатан жаагы басылбай ыйлап аткан кичинекей баланы Алтынайдын колуна кармата салып:
- Мен эки саатта келип калам, Алмаз жаңы эле кетти. Азыр келбейт болуш керек. Баланы жакшылап карап тур. Акчаңды Алмазга айтып, жакшы төлөтүп берем. Үйдөгү телефон чырылдаса, мени ваннага түшүп атат деп кой, - деди да, ойсоктоп көчөгө чыгып кетти. Алтынай кичинекей баланы бакканга тагдырына чексиз ыраазы боло, анын айтканына макул болуп отуруп калды.
Замира бойдок курбулары менен жүрүп, Рашид деген жаш, сулуу жигит менен таанышып алган. Өткөндө аны менен дискотекада бийлеп, сыртынан өзү да жактырып калган эле. Кол телефонунун номерин берип, эри жокто анда-санда сүйлөшүп турчу. Үйдө отуруп буулугуп, жаштыгын өзүнөн улуу адам менен кор болуп өткөргөнү аз келгенсип, көчөдөн таап келген баланы бактырып, күнүгө кыжылдап урушуп эле турат деп эрине нааразы боло берчү. Күйөөсү менен урушканда "карап тур, сенин көзүңө чөп салып, өчүмдү гана албасам элеби" деп ичинен кекенип алчу. Аны менен айтышып, уруша албайт. Эгерде ага ашыкча сөз айтып, баш көтөрсө эле барагой деп чемоданын көтөртүп, үйүнөн чыгарып салары айдан ачык. Эринен жеме угуп үйдө отурган Замирага жаш жигит сүйүүсүн арнап, жакшы сөздөрдү айтып, телефон чалганы башын айлантты. Кары деп эсептеген эрин таштап, баарына кайыл болуп басып кетейин дейт, бирок Алмаздын акчасы, байлыгы, бийлиги гана кармайт. Рашид Замирадан эки жаш кичүү, өң десе өңү, бой десе бойу, ой десе ойу бар, далай кыздарды артынан чуркаткан келбеттүү жигит. Анын сулуулугуна суктанып ашык болгон кыздардын катарына Замира да кирет. Рашид Замираны жолукпайлыбы деп бир нече жолу телефон чалып чакырган. Бирок, кичинекей баладан бошонуп кете албай, андан телефон аркылуу гана сүйүүсүн угуп жүргөн. Эми Алтынайдын жардамга келгени, Замиранын убактысын анча-мынча болсо да бошотуп койду.
Замира түз эле Рашидге жолугууга жөнөдү. Экөө эч ким көрбөгөн жерден жолугушуп, эки сааттай сүйлөшүп отуруп, эри билип калбасын деп коркуп, кайра үйүнө шашып келди. Бул убакта Алтынай баланын курсагын тойгузуп, аны уктатып, үйүн мизилдете жыйнап коюптур. Эри да телефон чалбаптыр. Замиранын жүрөгү ылдыйлап, дагы анча-мынча Рашид менен отура турсам болмок экен деп ичинен өкүнүп алды. Алтынайдын жасаган оокаты Замирага майдай жакты. Баягыдай үй жыйнайм, баланы багам деген түйшүктөн кадимкидей алыстап, жону сергий түштү. Кечке маал Алтынай жатаканага кетейин деп атканда Алмаз ишинен келип калды. Эринин астынан чыккан Замира жойпулана, Алтынайды мактап кирди. Анан:
- Алтынай биздин үйдө эле жашап, сабагына ушул жерден эле барып турбайбы? - деди эри эмне дээр экен деген кыязда.
- Бул жактан окууга баруу алыс болуп калат го. Мен бала баккандан тажаган жокмун, керек болсо таң атканча деле өзүм менен алып жатып бакмакмын. Бирок… - деп Алтынай андан ары сүйлөйүн дегенде Алмаз:
- Эгерде бул жакта жашаганга макул болсоң, айдоочум сени машине менен окууңа жеткирип турат. Макулсуңбу? - деди. Алтынай сүйүнүп, Алмаздын айтканына дароо көндү.
- Анда кийимдеримди алып, бул жакка көчүп келейин, - деп ошол күнү жатаканасына кетти.

#20 06 August 2014 - 22:10
Алтынайдын Алмаздын үйүндө баласын багып, жашап, окуурун уккан Гүлнара аны айнытууга аракет жасап көп сөздөрдү айтты. Бирок, эси-дартынын баары кичинекей балада болгон Алтынай окуган окуусуна деле кайыл. Эртеси кийим-кечектерин алып, Алмаздын үйүнө көчүп барды. Алтынай жашаганга өзүнчө бир бөлмө бошотуп берди Замира.
???
Алмаз айткандай эле Алтынайды таң атпай айдоочусу окуусуна жеткирип атты. Түшкө чейин бала менен калган Замира Алтынайдын сабактан келишин күтүп, эч нерсе жасабайт. Үй түйшүктөрү, бала бакмай бүт Алтынайдын мойнуна жүктөлдү. Анын ушундай тың экенин көрүп, Замира да ичинен ыраазы боло, майда-чүйдө кийимдеринен берип, эри келгенде аны мактап калчу болду. Кечинде Алтынай жасаган тамакты ичкен Алмаз даамдуулугун баса белгилеп, Замирага мисал келтирип, үйрөн дей баштады. Эринин Алтынайга жасаган өзгөчө мамилесин байкаса да, Замира айылдык кыздын эмнесин жактырып, сүймөк эле деп кош көңүл болуп койду. Анүсүтүнө Замира билимсиз, орусчаны да тыңыраак сүйлөй албайт, интеллеги да меникинен төмөн деп аны теңсинчү эмес. Алтынай сабактан келери менен Замира "мени кетти деп эч кимге айтпа" деген боюнча Рашидге жолугуу үчүн кетип калат. Алмаз бир-эки жолу телефон чалып, Замираны сурады эле Алтынай аны сыртта жүрөт, же ваннага түшүп атат деген сыяктуу сөздөрдү айтып, жашырып койду. Күналыс жолуккан Замира менен Рашиддин мамилеси тереңдеп, ортолорундагы сүйүү күндөн-күнгө күч ала баштады. Улгайган эринен жаш жигитке кеткиси келген Замира айла издеп табалбайт. Күнүмдүк көңүл ачуудан тажап, бир күнү Замира Рашидге "үйлөнүп албайлыбы" деген сунушун айтты. Бирок, Рашид "азыр үйлөнүүгө али эрте, ата-энем макул эмес" деген. Ошондон кийин Замира ал темага экинчи кайрылган жок. Рашидге турмушка чыгып жашасам, жашоом кызыктуу болуп, жаштардай жашайм деп ойлоду. Эринин дискотекага, көңүл ачуучу жайларга барбасы Замирага жакчу эмес.
???
Ошентип күндөр өтө берди. Керээлди-кечке бала багып, үй оокаттары менен алек болуп, окуусун карабай калган Алтынай сабактан начарлай баштады. Атүгүл сессиясы башталганда экзамен тапшыралбай кыйналды. Сабак окуюн десе үйдөгү түйшүктөн бошобойт. Гүлнара анын кыйналганын көрүп, "бала баккандан баш тартып, окубайсыңбы, сага эмне жетпейт, ата-энең деле айылдан акча берип атышат го" деген сыяктуу сөздөрдү айтты. Бирок, Алтынай көгөрүп, курбусунун сөзүн уккан жок. Бир күнү Гүлнара таякеси Алмазга өзү телефон чалып, Алтынайдын сабактан кыйналып атканын айтып, аны бошотпойсуңарбы деген кыязда түшүндүрдү. Кечинде Алмаз жумуштан келип, Алтынайдын окуусунан кыйналып атканын сурады эле, ал жашырып эч нерсе айтпай койду. Мүмкүн мени кетирип жибереби деп чочулады. Күнү-түнү жанында жүргөн балага аябай көнүп алгандыктан, андан алыстоо Алтынай үчүн тозокко тете көрүндү. Анүстүнө кээде эч кимге көргөзбөй Алтынай балага сүт чыкпай, байып калган эмчегин эмизип, өзүнүн баласындай элестетип, эркелетип отурчу. Кичинекей бала да Алтынайдын эмчегин чочуркабай чопулдата соруп алчу. Бир жолу кечинде кичинекей бала Алмаздын көзүнчө Алтынайдын боорун тытмалап, эмчек эмем дегендей ыйлай баштады. Баланы ары-бери алаксытып көтөрсө да болбойт. Анын эмчек сурап атканын Алмаз билгени менен түшүнбөй таңгалды. Алтынай келгенден бери бала Алмаз менен Замирадан алыстай түшкөн. Эч кимге барбай, Алтынайдын артынан калбайт. Баланы жакшы карагандыктан Алтынайга көнүп кетти деп эч ким андан шек санабай, тескерисинче, Алмаз аялын ушинтип багыш керек деп бир сыйра жемелеп алат. Ошентип, күнүгө бала багып, үй түйшүктөрү менен жүрүп, Алтынай экзамендерин толук бере албай, окуудан чыгып калды. Айла жок, окуудагы жетишпегендерин Алмазга айтып, жардам суроого туура келди. Алтынайдын айткан сөзүн уккан Алмаз институттагы тааныштарына телефон чалып, окуусун улантууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Бирок, Алтынайдын өтүнүчү менен сырттан окуу бөлүмүнө которултуп алды. Мурда түшкө чейин сабакка кетчү Алтынайды күткөн Замира эми анын дайыма үйдө болгонуна сүйүнүп, каалаганын жасап калды.
Ошондой күндөрдүн биринде эртең менен эрин жумушка узаткан Замира жаш сүйгөнү Рашидге телефон чалды. Экөө түшкө чукул дайыма жолугушчу жерден кезигишмей болду. Адаттагысындай кычырап кийинип, ойсоктоп, баланы Алтынайга калтырып, Замира Рашид менен жолугушуу үчүн чыгып кетти. Мурда кетип баратканда дайыма Алтынайга эскертип, "эгерде Алмаз келип калса, жаңы эле чыккан, азыр келет деп айт" деп үйрөтчү. Азыр эмнегедир Алмаз баарыбир келбейт деген кыязда унчукпады. Анын каякка, эмнеге кетип атканын Алтынай да сураган жок. Замира кетери менен Алтынай баланы көтөрүп, үй жыйнай баштаган. Аңгыча эшиктин коңгуроосу кагылып, Алмаз кирип келди

Супер-Инфо
super.kg
видео