Сырттан кирип келген Алмаз дароо эле:
- Замираны чакырчы, - деди Алтынайга карап.
- Ал үйдө жок…
- Каяка кетти?!.
- Билбейм, жаңы эле чыгып кеткен. Азыр келип калат болуш керек, - деп Алтынай Замиранын кылыгын жашырууга аракет жасады.
- Каякка кеткенин айткан жокпу?!.- деди ызырынган Алмаз.
- Айткан жок…
Аялына ачуусу келген Алмаз бир сыйра сөгүнүп алды да кол телефону менен Замирага чалды. Бул учурда ал Рашид менен жаңы эле жолуккан. Эри жумуштан телефон чалып атат го деген кыязда аны менен демейдегидей эле жайбаракат,
үй жыйнап, тамак жасап атам деп калп айтууга үлгүрдү. Алмаз Замираны сынап:
- Паспортумду унутуп коюптурмун,
жолдо келатам. Үйгө кирбей эле коеюн, сыртка документтеримди алып чыга калчы, - деди эле Замира:
- Үйгө келип убара болбой эле койбойсуңбу.
Мен азыр жумушуңа жеткирип бара калам, - деп чыйпылыктап жиберди. Бирок, Алмаз Замиранын андан-аркы сөзүн уккусу келбей телефонду өчүрүп койду. Рашидге жолугуп, көңүлүмдү ачып, эс алайын деген Замира эмне кылаарын билбей, эрине кайра-кайра телефон чалып кирди. Анын телефон чалганына кыжырланган Алмаз да атайы албай койду. Айласы кетип, үйүнө кетүүгө камына баштаганда аны жанынан кетиргиси келбеген Рашид:
- Күйөөңөн эмнеге мынча коркуп атасың? Андан көрө бир жакта жүрдүм деп жакшы шылтоо тап, - деген кеңешин айтып, экөө Алмаз урушпай турган шылтоо издеп киришти. Ары ойлонуп, бери ойлонуп акыры жакшы шылтоо табышты да, Замира үйүнө кетүүгө ашыкпай, жаш сүйгөнү менен көңүл ачууну андан-ары улантты.
***
Алмаз азыр аялы шашып чуркап келип, калп айтып, актанып кирет деген кыязда, жини келе күтүп отура берди. Бирок, Замира келмек түгүл телефон да чалбай койду. Анын мындай мамилесине ого бетер ачууланган Алмаз сыртта баланы көтөрүп жүргөн Алтынайды чакырып:
- Замира ушинтип көп кетеби? - деп сурады. Алтынай эмне дээрин билбей кайпалактап:
- Жо-ок, эч жакка деле чыкчу эмес, - деди. Анын калтырап коркконун байкаган Алмаз:
- Эмнеге калп айтып атасың? Ал дайыма ушинтип кетет турбайбы. Күндүз башка жакта жүргөнүн көргөндөр бар экен. Алар мага калп айтышпайт. Замиранын кийген кийимдеринен бери айтып беришти, - деди эмне дээр экен деген кыязда Алтынайды сынай карап. Алтынай унчукпай, мукактана, бозоруп туруп калды. Анын мындай абалын көргөн Алмаз аялынын минтип биринчи жолу кетпегенин билди. Анан:
- Алтынай, чыныңды айтчы, Замира каякка кетти? Башкалардан укпай сенден угайын. Мен сага көбүрөөк ишенейин. Калп айткан адамдарды аябай жек көрөм. Бир эле жолу калпын кармасам, ал адамга экинчи ишенбей калам. Кана, чыныңды айтчы…- деди ага жумшак сүйлөп, жылмая карап.
- Алмаз байке, мен сизди, Замира эжени да сыйлайм. Бирок, ортодогу үйбүлөлүк маселелерге мени аралаштырбай эле коюңузчу, суранам… Менин милдетим бала багуу, үй тиричилигине жардам берүү…- деп Алмаздын берген суроосуна жооп бергиси келбей Алтынай ыңгайсыз абалда калды.
- Мени Замира кетирип жиберет деп чочулабай эле кой. Чынын айтсам, мен сени эч жакка кетиргим келбейт. Сенин жүрүм-турумуң,
токтоолугуң,
баланы караганың, бизге жардам бергениң жагат. Сен келгенден бери үйүбүзгө кут киргендей эле болду. Мурда Замира экөөбүз тынч отуруп тамак иче алчу эмеспиз. Отурган жерден эле кыжылдашмай адат таап алганбыз. Сен келгени үйүбүзгө тынчтык орноду. Бирок, ошентсе да азыр баарынан чарчадым. Жок дегенде сен мага жардам берип, көзүмдү аччы. Замиранын дайыма калп айтаарын билем. Канчалык ишенбесем да, колум менен кармап албагандан кийин эч кандай далилим жок. Сенден уктум деп Замирага айтпайм, мага башкалардын айтканы деле жетиштүү…- деди. Алтынай эмне айтаарын билбей, мукактана түштү. Ал Алмазды ичинен жактырып жүрчү, бирок, ушундай супсулуу, жаш аялы турса, мендей айылдык кызды карамак беле деп ойлоп койчу. Алмаздын көңүлүн өзүнө бурдуруп алайын деген деле ниети жок. Анткен менен Замиранын күн алыс үйдөн ойсоктоп кийине кетип атканынан шектенип, ушундай жакшы күйөөсүн чанып атабы деп калчу ичинен. Бирок, "кулда кулак жок" дегендей, ага көңүл бөлбөгөнгө аракет жасачу. Азыр Алмаздын оор үшкүрүнө, баарынан чарчадым дегенин угуп, аны аяп кетти. Анан:
"Бейтаалай" Чыгарма.....
#21 06 August 2014 - 22:12
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#22 06 August 2014 - 22:14
- Эгерде тааныштарыңыз Замира эжени көргөнүн айтышса, алардыкы туура. Бирок, мен Замира эжени күнөөлөгөнгө акым жок. Эң негизгиси - бул жерден мени кетирбесеңиз эле болду. Багып аткан кичинекей баладан алыстагым келбейт… - деди улутуна. Алтынайдан уккан сөздөн кийин Алмаз Замиранын жашыруун көңүл ачып, соо жүрбөгөнүн билди. Каякка, качан кетээринен бери Алтынайдан такып сураган Алмаз андан өзү ойлогондой оңчулуктуу деле жооп ала албады. Замиранын көчөгө жөндөн-жөн чыгууга деле муктаждыгы жок болчу. Башкалардай кызматта иштеп, же көчөгө чыгып азык-түлүк албайт. Баардыгы даяр. Үйдө отуруп тажабасын деп анда-санда экөө ээрчишип театрга, киного, ресторанга,
конокко барып турушчу. Бирок, минтип күндүз жашыруун башка жакка кетип жүргөнүн билчү эмес.
Баланы көтөрүп сыртка чыгып кеткен Алтынайды Алмаз терезеден бир топко чейин көзүн албай карап турду. Аялы Замиранын жүзүндө баланы багып аткан Алтынайдыкындай мээримдүүлүк жок. Мисирейе бой көтөрүп, акылдуусуна текебер сүйлөгөн аялынын ар бир кылык-жоруктарын эстеп отурду. Анын жаштыгына, сулуулугуна азгырылып, үйлөнүп алганына өкүндү. Азыр Замиранын калп айтканы аз келгенсип, тоготпой үйгө келбей атканына ого бетер кыжырданды. Ушинтип үйдө отура бербейинчи деген кыязда машинасын айдап жумушуна кетүүгө кам урду. Алмаздын кетип баратканын көргөн Алтынай анын жанына келип:
- Замира эже келип калса эмне дейин? - деп сурады.
- Мени келип кетти деп эле айт. Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүз тууралуу эч нерсе айтпа, - деди да Алтынайдын саамайынан сылап, көтөрүп турган баланын чекесинен сүйүп, машинасын айдап кетип калды. Эмнегедир Алтынайдын жүрөгү азыр бир башкача согуп алды. Мени карамак беле деген адамдан өзгөчө жылуу мамилени көрүп, сүйүп калдымбы деп ойлоп, ал оюн бирөө билип койгонсуп коркуп кетти.
Арадан анча-мынча убакыт өткөндө эч нерсе болбогондой Замира келип калды. Ал Алмаздын келип кеткенин Алтынайдан сурап билди. Камаарабай, жайбаракат чечинип, креслого чалкалай отуруп, Рашид менен телефондон ээн-эркин сүйлөшүп кирди. Оозгу бөлмөдө жүргөн Алтынай Замиранын сүйлөшкөн сөзүн бүт укту. Мурдагыдай болуп жашырынбай, азыр эч кимди көзгө илбей, кимдир-бирөө менен сүйүү жөнүндө сүйлөшүп отурган Замиранын кылыгын Алтынай туура көргөн жок. Бүгүн Замиранын көңүлү демейдегиден көтөрүңкү эле. Телефон менен сүйлөшүп бүтүп, сыртка чыгып, Алтынайдын жанына келди да:
- Алтынай, мен сага бир сыр айтайынбы. Эми сен аялсың, мени туура түшүнөт болушуң керек деп ойлойм. Мен башка жаш жигит таап алдым. Ал күнүгө мага сүйүүсүн айтат. Эримен укпаган жакшы сөздөрдү, жакшы мамилени ошол жаш жигиттен көрүп атам. Алмаз экөөбүздүн мамилебизди көрүп-билип эле атасың. Андан тажадым. Күнүгө эле урушуп турат. Анүстүнө ортобузда балабыз болбогондуктан, экөөбүздү жакындата турган эч нерсе жок. А бул багып алган баланы чынын айтсам жакшы көрбөйм. Мен төрөбөгөн баланы таңуулап бак деп канча кыйнады. Дагы жакшы, сен келип калып, бала баккан азаптан арылдым. Бирөө менен сырдашпасам, баарын ичиме катып, буулугуп кеттим. Бул экөөбүздүн ортобуздагы сыр болсун. Эч кимге айтпа, ээ…- деди жылмая.

#23 06 August 2014 - 22:15
Алтынай Замирадан уккан сөзүнө таңгала, эмне дээрин билбей:
- Сизди Алмаз байке сүйөт го… - деди.
- Койчу ошонун сүйүүсүн! Ал сүйүү жөнүндө эмнени билет экен. Эгер чындап сүйсө, менин төрөбөгөнүмө деле карабайт болчу. Каяктагы арам сийдик, ким тууганы белгисиз, таштанды баланы мага бактырып, үйдө отур дейт. Ушул бала Алмаз экөөбүзгө бакыт, ынтымак, сүйүү алып келет го деп ойлогом. Бирок, ушул желмогузду багып алганым чоң жаңылыштык болуптур… - деген Замира Алтынай көтөрүп турган кичинекей баланын чекесин нукуп койду. Анын жаман көргөнүн сезген бала терс бурулуп, Алтынайды кучактап калды.
- Карасаң, ушул да мени жаман көрөт! Берчи мага, атасы жокто жакшылап тарбиялап коеюн! - деп Замира кичинекей баланы алмакчы болгондо Алтынай:
- Замира эже, бул балада эмне күнөө? Жөн эле коюңузчу… - деп ары басып кетейин деди эле, Замира анын ой-боюна койбой, чырылдап баргысы келбей ыйлаган баланы колуна алды. Алтынай чыйпылыктап, канчалык бергиси келбесе да, ага үстөмдүк кылган Замирадан жаман сөз угуп каламбы деген кыязда аргасыз унчукпай калды.
- Эмне, мени унутуп койдуңбу?! Баягы менден жеген таягыңды сагынып калгансың го, ээ? Атасы келсе эркелеп кутуруп кетет, а сени ким багып атат! Балакеттин баарын билесиң ээ, шайтан! Мына сага! - деп башка-көзгө чапкылап, эч себепсиз эле баланы чырылдата ыйлатып, сабап кирди. Алтынайга колун созгон кичинекей бала Замиранын ар бир чапканына чучуктай чаңырып атты. Баланын ыйлаганына Алтынай чыдабай кетип, Замиранын колунан жулуп алды. Алтынайдан мындайды күтпөгөн Замира:
- Сага эмне болду? Балага да ушунча болушасыңбы? Бул сага да, мага да эч ким эмес. Буга убал-сооп жок. Ушунун айынан мен бактысыз болуп отурам. Ушул шүмшүктүн азыртадан эле биротоло көзүн тазалап салыш керек, - деди.
Алтынай анын сөзүн чыдап уга албай, ыйлаган баланы көтөрүп сыртка чыгып кетти. Азыр гана Замираны ушунчалык жек көрүп турду. Ыйлап, өпкөсү көөп турган баланы аяп кетти. Менин баламды да бирөөлөр ушинтип ыйлатышат турбайбы, баарыбир баккан бала өз бала болуп бербейт экен да деп жүрөгү сыздап, көзүнүн кычыгына толо түшкөн жашты аарчыды. Эшиктин астында баланы эркелетип, өпкүлөп, жалынып-жалбарып сооротуп көтөрүп жүргөн Алтынайды терезеден Замира мисирейе карап турду. Эмнегедир Алтынай менен көтөрүп жүргөн баланын ортосундагы окшоштукту байкады. Экөөнү таңгала шектүү карап алды. "Капырай, экөө окшошуп кетеби?.." деп сүйлөнүп, бирок, жөн эле адамдардын ортосунда боло берчү окшоштук деген ойго кетти.
Аңгыча дарбазанын коңгуроосу кагылып, Алмаз кирип келди. Эшикти ачкан Алтынайдын колундагы баланын алкымынан жыттап өптү да:
- Замира келдиби? - деп сурады Алтынайдан.
- Ооба, келди… - деди Алтынай суз. Эринин келгенин терезеден көргөн Замира ары басып кетти. Үйгө кирген Алмаздын астынан тосуп чыгып, эч нерсе болбогондой анын моюнуна колун арта адаттагысындай анткорлоно эркелейин деди. Бирок, кабагын чытып кирген Алмаз анын колун силкип салды.
- Жаным, сага эмне болду? Мага таарынып калдың го ээ…Таарынчагым менин. Сага айтпай эле, сюрприз кылайын дедим эле. Бирок, билип калдың. Эми айтпаска чарам жок… - деп сүйлөй баштаганда, Алмаз:
- Жетишет! Сенин калпыңды уккум келбейт! - деди.
- Адегенде менин сөзүмдү ук, анан чечим чыгар. Сага билгизбей, доктурга көрүнүп, дарыланып, балалуу болсокпу деген эле ниетим болчу. Экөөбүздүн сүйүүбүздөн, каныбыздан жаралган бала болсо жаманбы. Мен сага окшош балтайган бала төрөп берсемби деген оюм бар. Моминтип башка бирөөнүн баласын бакпай, өзүңдүн балаңды баксаң кандай жакшы… - деп шыйпалаңдап эрин кучактап эркелеп кирди.
- Буга чейин мен кыйынмын деген доктурларга көрүнбөдүң беле. Эч жыйынтык чыккан эмес эле го. Эмне, азыркы текшерген доктуруң сени туудурам деп атабы! - деп кыжыры келди эри. Алмаздын ушул сөзүнө Замира боору эзилгенче каткырып күлдү. Анын оюна жаш жигити Рашид келди.
- Эмне ырсалактайсың, антпей эле бала баккандан тажап, көңүл ачып жүрөм деп айтпайсыңбы. Мени менен жашагың келбейби, азыр эле чыгып кет. Ансыз деле катындай болуп баланы бакпайсың. Карачы, баланы багып аткан Алтынайды. Сенин колуңан ошол нерсе келбейби? Сен ташбоорсуң, атүгүл баланы да жаман көрөсүң! Ошон үчүн Кудай сага бала бербейт, - деп кесе айтты Алмаз.
- Алтынай деген айылдык кыз. Мен шаарда өсүп-чоңойгом. Андай кара жумуштарга көнгөн эмесмин. Айылдык кыздарды тың деп жактырсаң, ошондой кыз албайсыңбы, менин бактымды байлабай. Сен деп доктурга көрүнүп, балалуу болоюн десем, аны да жаман көрөсүң… - деп өзүн кара күчкө сала бышактап ыйлап кирди.

#24 06 August 2014 - 22:16
Замиранын ыйлаганына кыжыры келген Алмаз унчукпай басып кетти. Азыр аялынын айткан сөздөрүнүн бирине да ишенген жок. Эринин көңүл бөлбөй койгонуна Замира ызалана, долулана баштады:
- Сен мени сүйбөй калдың. Акыркы күндөрү мени менен ишиң жок. Мурдагыдай көңүл да бөлбөйсүң. Бирдеме десем эле "жанагы баланы жакшы бак" дейсиң. Эми болсо "Алтынайды карачы" дейсиң. Менден да сага Алтынай жакын болуп калдыбы? Менин кандай экенимди көрүп-билип туруп эле үйлөнбөдүң беле, же… - Алмаздын ажылдап аткан аялына кыжыры келе анын жанына барып, ызырына чаап жиберчүдөй тап берип токтоду. Азыр Замира дагы эле кыжылдай берсе, чаап жибермек. Бирок, эринин ачуусуна тийгенин билген Замира жалтанып, ыйлаган боюнча уктоочу бөлмөгө кирип кетти. Үйдөгү кыжылдакты уккан Алтынай сыртта баланы көтөрүп, киргенден заарканып жүрдү. Аңгыча Алмаз үйдөн чыгып, Алтынайга:
- Чай берчи, башым ооруп чыкты… - деди оор үшкүрүнө.
***
Замира эрине таарынып, уктоочу бөлмөдөн чыкпай койду. Кечки тамак бышканда Алтынай анын жанына келип:
- Эже, тамак ичиңиз, - деп чакырды эле, унчукпай керебетине көмкөрөсүнөн жата берди. Рашид менен өткөргөн жагымдуу учурду эстеп, эринин көзүнө чөп салып атканына чала болот сага деп, ичинен өзүнө-өзү ыраазы болуп атты.
Ашканада Алтынай менен Алмаз экөө тамак ичип отурушту. Дасторкон үстүндө:
- Замира бала багып чарчап атат деп сени алсак, анын кылганын кара. Эртеңден баштап баланы Замира өзү баксын, - деди Алмаз.
Мени кетирип жибереби деген кыязда Алтынай чоочуп кетти:
- А мен кантем?.. Кетемби?.. - деди дароо эле.
- Жок, кетпейсиң. Сени өзүм иштеген фирмага киргизем. Биздин үйдө жашай бересиң.
- Мен баланы эле багайынчы… Ал мага аябай көнүп алды. Анүстүнө баланы жалгыз багуу чынында эле кыйын. Замира эжени кечирип коюңузчу… - деген Алтынай Замиранын башка жигит менен көңүл ачып жүргөнүн билсе да, аны аяган кишидей сүйлөдү. Анүстүнө, эгер Замира баланы бага турган болсо, ага күн көргөзбөй сабаарын билди.
Алмаз Алтынайды биртопко чейин ойлуу карап турду. "Айдай болгон ырайыңды иттей болгон кыялың бузду" дегендей, Замиранын сулуулугун анын эрке, өзүмбилемдик кыялы бузат деп ойлоп отурду. Же болбосо Замираны кандай жакшы көрүп, сүйүп алды эле. Келечекте экөөбүз бактылуу болобуз деп кыялданганын эстеди. Анткен менен үйлөнө электе эле Замиранын терс кыялын далай көргөн. Бирок, "жаш эмеспи, токтолот, өзүм тарбиялап алам" деп ойлочу. Акыркы күндөрү Замиранын баарына кайдыгер болуп, өзүнүн боюн эле карап калганын байкап жүргөн. Өз көзү менен көрбөсө да, башка бирөөндө көңүлү болуп калганын шектенип атты. Анын оюн маңдайында жадырап-жайнап чай берип, баланы эркелетип отурган Алтынай бузду.
- Бала сага аябай көнүп алыптыр. Сен кетсең сагынат го, - деп калды Алмаз.
- Мындан мурун мен сагынам го. Өзүмдүн баламдай эле көрөм… - деп жылмайды Алтынай.
- Замира баланы сендей караса кана. Мен төрөгөн жокмун дейби, айтор, Замира ушул балага анча көңүлдөнбөйт. Ошондуктан бала да Замираны анча жакшы көрбөйт. А сени карачы, экөөңөр эне-баладай бири-бириңерди жакшы көрөсүңөр, - деди Алмаз. Алтынай анын мактаганына бир чети уялып, кызарып да кетти.

#25 06 August 2014 - 22:19
Замира төшөгүндө биртопко ойлуу жатты. Алмаздан кетип калса, жаш жигити Рашид аны азыркы жашоосундай гүлдөтүп бага албасын билет. Бирок, Рашидге жолуккандан бери Замиранын жашоосу башкача өзгөрдү. Аны сүйүп калды. Алмазды азыркы Рашидди сүйгөндөй сүйбөгөнүн эми түшүнгөндөй болду. Эмне кылсам, баарына кайыл болуп эримен кетип калсамбы деген ой келди. Антпесе, Рашид башка кызга үйлөнүп алышы ыктымал. Рашиддин башка кыз менен жүргөнүн элестете албайт. Азыр эмне кылып атты болду экен деген кыязда кол телефону менен Рашидге чалды. Жуурканга чүмкөнүп алып, аны менен шыбыраша сүйлөшүп жатканда уктоочу бөлмөгө Алмаз кирип келди. Коркконунан Рашид менен коштошпой эле телефонун өчүрө салды. Анын телефон менен сүйлөшкөнүн Алмаз байкап:
- Ким менен сүйлөшүп аттың?!- деди кекете. Замира унчукпай ордунан туруп, оозгу бөлмөдөгү диванга барып мисирейе отуруп алды. Ашкананы жыйнап жүргөн Алтынай жанындагы баланын кантип тамтуң басып, конок тосчу бөлмөгө кирип кеткенин байкабай калды. Кичинекей бала Замиранын жанына келип, бирдемелерди айтып, булдуруктай баштады. Рашид менен телефондон жакшылап коштошпой калганына жинденип отурган Замира жанына келген кичинекей балага кыжыры келе түштү. Эч капарсыз турган баланы акшырая жаман көзү менен карады да, аны жаактан нары чаап, түртүп жиберди. Жерге жыгылып, чырылдап ыйлап жиберген баланын үнүн уккан Алтынай ашканадан чуркап келе калды. Чаңырып ыйлап аткан баланы мисирейе караган Замира былк этпей отура берди. Алтынай баланы көтөрө калып, сооротуп, Замираны карап:
- Буга эмне болду? - деп сурады.
- Билбейм…- деп мисирейе ийнин куушуруп койду Замира. Баланын жөндөн-жөн ыйлабаганын сезген Алтынай аны көтөрүп ашканага кирди. Бети-башынан өпкүлөп, эркелетип алаксыта баштады. Аңгыча кичинекей баланын жаагындагы беш колдун кызарып калган тагын көрдү да, кыжыры келе Замирага баратып тык токтоду. Азыр ага бирнерсе сүйлөсө катуу айтып коерун билди. Ичинен Замираны жек көрүп атты. Уктоочу бөлмөгө кирип, Алмазга баланын жаагындагы кызарган беш манжанын тагын көргөзүп, даттангысы келди. Бирок, Алмаз аны көрсө, үйдө ызы-чуу башталаарын билет. "Сени кайсы шордуу төрөдү экен? Ушинтип ыйлап, кичинеңде эле таяк жеп атканыңды акылсыз энең билет болду бекен?.. Менин байкуш балам да ушинтип бирөөнө кор болуп жүрөт го…" деп ичинен сыздап алды Алтынай. Анан өзүнө башын жөлөп, оор улутуна уйкуга көөшүлүп бараткан баланын алкымынан жыттады.
***
Баланын ыйлаган үнүн уккан Алмаз ордунан туруп сыртка чыгайын деген эле. Бирок, ашканадан чуркап келип, баланы соорото баштаган Алтынайдын үнүн угуп жатып калды. Азыр Замира төшөгүнө келип жатат го деп ойлоду. А Замира конок тосчу бөлмөдөгү диванга өзүнчө жатып алды. Арадан анча-мынча убакыт өткөндө кол телефону менен Рашидге телефон чалып, аны менен кумарлана сүйлөшө, эри экөөнүн таарынышканын айтып, даттанды. Башка кыздар менен көңүл ачып, түнкү клубда жүргөн Рашид Замиранын айткан сөздөрүнө анча деле маани берген жок. Өзүнүн сымбаттуу жигит экенин, ага көп кыздар ашык болуп, артынан ээрчирин жакшы билген Рашид Замираны ошол кыздардын катарында жүргөндөрдүн бири дегендей мамиле жасачу. Замираны сүйбөсө да ал анын кылыктуу мүнөзү, тыңдыгы, башка кыздардай тартынбастыгы ага жакчу. Убактылуу көңүл ачып, кумарга батып жүргөнүнө ыраазы болчу.
Замира ойлонуп төшөгүндө көпкө жатты. Ары жакта баланы уктатып коюп, ашкананы жыйнап калдырата идиштерди жууп жүргөн Алтынайдын үнүн угуп, ордунан туруп анын жанына барды.
- Алмаз мени эч нерсе деген жокпу? - деп сурады.
- Жок…- деди таарынгандай үнүн суз чыгара.
- Экөөбүздүн күндүзгү сөзүбүздү Алмазга айткан жоксуңбу? - деп сынай карады.
- Айткан жокмун…
- Экөөңөр эмнени эле сүйлөшүп аттыңар?..
- Кичинекей баланы эле… Ал азыр тамтуң басып калбадыбы…
- Мм… Ошондой де… Мен Алмаз менен жакшылап сүйлөшүп, ушул баланы кайра балдар үйүнө өткөрүп салсамбы… Үйгө ушул бала келгени балээ келгендей эле болду. Мындан эми кантип кутулам? Чынын айтсам, ушу баланы ушунчалык жек көрөм! Кайсы шайтан азгырып, аны багып алдык экен? Акыркы күндөрү сени баланы жакшы багат деп Алмаз сага көбүрөөк ишенчү болду. Экөөбүз бир шылтоо таап, баланы кайра балдар үйүнө өткөрүп салбайлыбы…- деген Замиранын сөзүн уккан Алтынай чок баскандай секирди:
- Эже, бала чоңоюп калды го… Баягыдай кичинекей болсо бир жөн. Ушунча багып, азап-тозогун тартып, анан чоңоюп калганда аны кайра кантип балдар үйүнө өткөрөсүңөр? Алмаз байке да бул баланы аябай жакшы көрөт. Ал макул болбойт болуш керек…
- Мен да ошону айтып атпаймынбы, экөөлөп бул баланы кетиргенге аракет кылалы. Алмаз менин сөзүмдү укпайт. Баладан Алмаз баш тарта тургандай жакшы шылтоо табыш керек. Эртеңкиге чейин ойлончу, мен да ойлоноюн, - деген Замира мисирейе чыгып кетти. Баланы кетиргиси келген Замира кандай жол менен болсо да аны жок кылаарын билген Алтынай чийки май жегенсип, жүрөгү дүпөйүл тартып калды.
***
Эртең менен турган Замира баланы бейтапканага алып барабыз деп даярданып калыптыр. Эмне себептен ал жакка алып бараарына Алтынай адегенде түшүнгөн жок. Качан гана баланы бейтапканадагы доктурга көргөзүп, оорулуу экен деген справка жазып бер дегенде түшүндү. Куландан соо балага оорулуу деген диагноз коюп, справка бералбайм деди доктур. Бирок…

#26 06 August 2014 - 22:21
Кандай жол менен болсо да бейтапканадагы доктурлардан баланын жаман оорусу бар деген справканы алууну көздөгөн Замира эмне кыларын билбей калды. Анан Алтынайды коридорго чыгарып, өзү врач менен сүйлөшөм деп кабинетинде калды. Коридорго чыккан Алтынайдын жүрөгү элеп-желеп боло, бир орунда туралбай, чыйпылыктап атты. Алмазга телефон чалып, иштин чоо-жайын айтсамбы деген ойго да келди. Бирок, Замира аны билчү болсо, Алтынайды үйүнөн кууп чыгары айдан ачык. Эмне кылар айласы кетип атканда Замира врачтын кабинетинен чыкты.
- Акмак десе. Акча берсем да болбойт, акылы жок. Бир справка берип койсо эмне болмок эле... Бул бербесе, башка тааныш врач издейм да, баланын жугуштуу оорусу бар деген справка алам. Анан мобу желмогузду үйдөн жоготом, кайдан келсе, ошол жагына жөнөтөм!.. - деп Актанды сөөмөйү менен нукуду. Замиранын справка алалбай калганына Алтынайдын жүрөгү ылдыйлай түштү. Бирок, Замира баарыбир ушул боюнча токтоп калбасын билди. Алтынайды бала менен таксиге салып, үйүнө жиберип ийди да, өзү Рашид менен жолугууга жөнөп кетти.
***
Алтынай үйгө келсе, Алмаз жаңы эле жумушунан түштөнүүгө келген экен. Алардын кайда жүргөнүн сурады эле, Алтынай баланы ооруканага эмдөө үчүн алып бардык деп жашырып койду. Ал эми Замираны бейтапканада доктурга көрүнөм деп калды деди. Алмаз Алтынайдын айтканына ишенди. Түшкү тамакты берип отуруп, дасторкон үстүндө Алтынай:
- Алмаз байке, эгерде Актан ооруп калса, аны кайра балдар үйүнө өткөрөсүздөрбү? - деп сурады.
- Эмне, ооруп атабы?
- Жок, денсоолугу жакшы. Бирок, Замира эже Актан оорулуу болсо, балдар үйүнө өткөрөбүз дегендей, аны бүгүн доктурга көргөздү.
- Замирага жин тийдиби. Анын ушинтерин билгем. Эптеп эле ушул баладан кутулалбай жүрөт. Ырас айтып койбодуңбу, кечинде келсин... Силерди үйгө жиберип коюп, өзү ошол жакта доктурга көрүнүп жүргөнүн Кудай билет, - деп Алмаз жиндене ызырынып, сөгүнүп кирди. Азыр Замира келсе Алмаз экөөнүн ортосунда чыр чыгарын сезген Алтынай:
- Алмаз байке, Замира эже келгенде урушпаңызчы, суранам. Эгерде сиз мен айткан сөздөрдү айтсаңыз, ал туура эмес түшүнүп калат. Мен сиздерди уруштурайын деген ой менен деле айткан жокмун. Бирок, Актанды кайра балдар үйүнө кетирем деген Замира эженин аракетин көрүп унчукпай кое албадым. Сизге айтууну туура көрдүм. Замира эже сизге айтканымды билсе, ал мени бул жерден кетирип жиберет. Анда мен кантем? Мага сиздер төлөгөн акча, жашаган үй деле эң негизгиси эмес. Чынында мен Актанга аябай көнүп алдым. Ансыз кантип жашайм, билбейм… - деди.
- Сен чочулабай эле кой. Бала оорубасын дечи, ошондой болуп калган күндө да мен аны эч качан балдар үйүнө кайра кетирбейм. Сен да бул үйдөн эч жакка кетпейсиң. Ошондуктан эч нерседен камсанабай жашай бер. Андан көрө Замиранын туура эмес кылык-жоруктарын, баскан тургандарын менден жакшы билет болушуң керек. Мага айтып берсең боло. Анын соо жүрбөгөнүн сезип эле атам. Бирок, өз көзүң менен көрүп, үстүнөн чыгып кармап албагандан кийин эч нерсени далилдей албайт экенсиң. Баланы эптеп жоготуп, колу-жолу бош, көчөдө жүргүсү келип атат.
- Мен сиздердин ортоңуздарга киришпей эле коеюнчу. Бул жердеги менин милдетим баланы багышып, жардам берүү. Чынын айтсам, Замира эжеден корком, ал мени да баланы да кетирип жибериши мүмкүн. Ошондуктан, ушул сөз ушул жерде эле калсын, - деди. Алмаз унчукпай ойлонуп калды. Алтынайдын Замира жөнүндө көптү билерин сезди. Түштөнүп бүткөндөн кийин жумушуна кетип баратып, баланын бетинен, аны көтөрүп турган Алтынайдын чекесинен сүйдү. Күндөн-күнгө Алмаздын өзүнө карата өзгөчө, назик, жумшак мамилесине Алтынай ичинен ыраазы боло, аны тымызын жактырып калды.
***
Алмаз машинеси менен жумушуна баратып, көчөдөн Замираны көрүп калды. Адегенде көргөн көзүнө ишене албай, кайра-кайра карады. Паркты көздөй бою узун, сулуучумак келген жаш жигит менен жайдарылана сүйлөшүп бараткан Замирага кыжыры келе, жанына барып, абийирин аштай төгүп, үйгө алып келейин деген да ой кетти. Бирок, ачууга алдырбайын деген кыязда кайда барышар экен деп, машинесин токтотуп, аңдып калды. Замиранын жанындагы жаш жигит Рашид болчу. Жүрөгү бир нерсени сездиби, айтор, Замира артын жалт карап, эринин машинеси жолдун жээгинде токтоп турганын көрдү. Коркконунан жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй согуп алды. Анан жанындагы Рашидге шыбырай:
- Алмаз биздин артыбыздан аңдып жүргөн турбайбы! Мени азыр өлтүрөт…- деди.
- Коркпо, эриңе мени таанышым, классташым же алысырак туугандарыбыздын баласы деп тааныштырып, сыр бербе, - деген Рашид билмексен боло, Замира менен кошо Алмазды көздөй басты.

#27 06 August 2014 - 22:22
Алмаз өзүн көздөй келаткан Замира менен жанындагы жигитке кыжыры келе, алар жакындап калган кезде машинесин от алдырып, катуу айдап кетип калды. Алмазга Рашидди "тууганыбыздын баласы" деп тааныштырайын деп келаткан Замира эмне кыларын билбей, томсоруп калды. "Болду, эми Алмаз мени кечирбейт… Азыр үйгө барганда экөөбүз урушабыз" деп корккон Замиранын денесин майда калтырак басты.
- Эмнеге коркосуң, коркпой эле кой, карыган эриңди алдап койгонго алың жетпейби, жакшылап эркелетип койсоң, эрип кетет… - деди Рашид ырсалактап.
- Сен Алмаздын мүнөзүн билбейсиң, ал бир көгөрчү болсо жазылмагы азап. Мүнөзү аябай оор, араң эле чыдап жашап жүрөм.
- Анда карыган киши менен эмнеге жашап жүрөсүң, ажырашып кетпейсиңби…
- Ажырашып каякка барам… Сен мени аласыңбы, аны менен ажырашайын?
- Койчу, каяктагыны айтпай… Азыр мен үйлөнө албайм, окуумду аяктап, иштеп, карьера жасашым керек. Андан кийин гана үйлөнөм, - деди Рашид.
- Мен сени менен эмнеге жүрөм, өзүм да түшүнбөйм…
- Сенин күйөөң картайып баратат. Ал жаштардай энергия бералбайт, аны менен жашоо сага кызыксыз. Анүстүнө эриңдин көзкарашы да башка, оюңар дал келбейт. Ошонүчүн андан тажап атасың, - деди акылдуусунган Рашид.
- Кой, тезирээк үйгө барайын да, Алмазга жолугайын. Антпесе, ал мени үйдөн кууп чыгат, - деп Замира шашыла жөнөмөкчү болгондо Рашид:
- Эми экөөбүз качан жолугабыз? - деди.
- Билбейм, сага өзүм телефон чалам… - деп Замира шашкалактай такси тосуп, үйүнө жөнөдү.
***
Алмаз жумушуна барбай, түз эле үйүн көздөй бет алды. Короодо бейкапар Актанды көтөрүп жүргөн Алтынайды көрүп:
- Замира каякта? - деди.
- Билбейм, бейтапканада калган…
- Чыныңды айтчы, Замиранын бирдеңкесин байкаган жок белең?
- Жок… Эмне болду?
- Мен аны көчөдөн көрдүм… Акмак десе!.. Азыр келсин, ага көрсөтпөсөм элеби!
Алмаздын минтип катуу ачууланганын Алтынай биринчи жолу көрүшү. Эмне кыларын билбей, кофе кайнатып, Алмаздын жанына келип:
- Кофе ичиңиз, Замира эже азыр келип калат болуш керек… - деп көңүлүн анча-мынча болсо да алаксытайын деди.
- Ыракмат, - деди кофе ичип отурган Алмаз. - Замиранын жаш жигит менен көчөдө колтукташып баратканын көрдүм. Ал мага бейтапканада дарыланып, доктурга көрүнүп атам деп калп айтып, өзү көңүл ачып жүргөн турбайбы. Эми мен анын ким менен эмне иш кылып жүргөнүн түшүндүм, - деди оор улутуна. Алмаздын сөзүн уккан Алтынай Замиранын "жаш жигитти сүйүп калдым" деп айтканын эстеди. Аңгыча сырттан өң-алеттен кете шашып Замира кирип келди.
- Жаным, мени эмне күтпөй кетип калдың? - деди шыпылдай.
- Ойношуң экөөңөрдү качан келет деп күтөйүнбү?! - деп бурк этти Алмаз.
- Каяктагыны айтпачы, ал менин бөлөм болот. Көчөдөн капысынан жолугуп калып сүйлөшүп баратсак…
- Жетишет! Мени антип жаш балача алдап коем деп ойлобо! Баягы миң калпыңдын бириби?!
- Жаным, экөөбүз өзүбүзчө сүйлөшөлү… Алтынай сыртка чыгып турчу, Алмаз экөөбүз сүйлөшүп алалы, - деди Замира. Анын сөзүн уккан Алтынай кичинекей Актанды көтөрүп сыртка чыгып баратканда Алмаз:
- Отура бер, Алтынай. Андан көрө мага чай куюп берчи, - деди. Алтынай Алмаздын айтканын аткарарын же Замиранын сөзүн угарын билбей, ортодо ыңгайсыз абалда туруп калды.
- Алтынай, мен сени сыртка чыгып тур деп жатам! Алмазга чайды өзүм куюп берем! - деп буюра сүйлөдү Замира.
- Сенин Алтынайга антип сүйлөгөнгө кандай акың бар? Алтынай келгенден бери колуң узарып, каалаганыңды жасап, атүгүл ойношуңа жолукканга да үлгүрүп атпайсыңбы! Же аялдай болуп үйдө бала багып, тамак жасап, маңдайымда отуруп атасыңбы, качан келсем күзгүнүн жанындасың!
- Мен сенден ушундай мамилени күткөн эмесмин… Сага менден да Алтынай, мобу арамсийдик бала жакын болуп калдыбы? - деп Замира адатынча бышактап, каракүчкө ыйлап, уктоочу бөлмөгө кирип , жатып алды.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#28 06 August 2014 - 22:24
Замиранын айткан сөзү Алтынайга катуу тийди. Алмазды менден кызганып атат деп ойлогон Алтынай Замиранын артынан барып:
- Эже, Алмаз байке менен өзүңүзчө сүйлөшүңүз, мен сыртка чыгып баратам, - деди.
- Барчы нары! Сени менен да, Алмаз менен да сүйлөшөйүн деген ниетим жок!- деп орой жооп берди. Эмне кыларын билбеген Алтынай шаабайы сууп ашканага Алмаздын жанына келди.
- Замира менен кечинде сүйлөшөм, баланы карай бер, - деп Алмаз ордунан туруп, жумушка жөнөмөкчү болгондо Алтынай:
- Мени кетирип жибербейсиздерби? - деди.
- Камсанаба, эч жакка кетпейсиң, мурдагыдай эле баланы бага бер.
Алтынай Алмаздын айткан сөзүнө канчалык ишенип турса да, Замира экөөнүн ортосундагы келишпестиктен мени кетирип жибербесе экен деген коркуу сезими оюнан кетпей койду.
***
Алмаздын кеткенин билген Замира ордунан туруп келип Алтынайга:
- Сен мен жөнүндө Алмазга эчнерсе деген жок белең?! - деп кекете сурады.
Алтынай актанып, Алмазга ашыкча сөз айтпагандыгын айтты. Анын сөзүн уккан Замира мисирейе ары басып кетти да, ойсоктоп кийинип келип:
- Мен Алмазга көргөзөм! Ушинтип мени кемсинтип, урушуп, үйдөн чыгарбай камайм деп ойлоп атса керек… Сволочь! - деп көчөгө чыгып кетти. Анын кайда кеткенин Алтынай сураган жок.
Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин Алмаз жумушунан үйүнө телефон чалып, Замираны чакырды. Оюнда аны менен телефондон сүйлөшүп, "мен барганча кийимдериңди чогултуп даярданып тур" деп айтайын деген эле. Эгерде кетем десе кете берсин деген тыянакка келген. Телефонду алган Алтынай анын көчөгө чыгып кеткенин айтты. Кабинетинде ары-бери басып, ачууланып, Замирага жини келгени менен үйдө бала багып, жумуш жасап жүргөн Алтынайды эстегенде жанагы кыжырдануусу кайда кеткени белгисиз болду. Замиранын жок экенин билип, Алтынай менен өзүнчө сүйлөшөйүнчү деген кыязда ишинен эрте чыгып үйүн көздөй жөнөдү. Алтынайдын жөнөкөйлүгү, кичипейилдиги, ийкемдүүлүгү, табигый сулуулугу Алмазга башынан эле жакчу. Азыр аны мурдагыдан да жакшы көрүп, ичинен ага деген сүйүү сезими ойгоно баштаганын билди. Аны акыркы күндөрү демейдегиден көп ойлочу болду. Мүмкүн Замирадан өзүмө керектүү мээримди, сүйүүнү алалбай, ошонун ордун Алтынайдын жылуу мамилеси толуктап атабы деп да ойлоду. Эстесе, ушул үйгө кичинекей бала Актан келгенден баштап, Замира экөөнүн ортосу алыстай түшкөн экен. Замираны балага жакындап, мээримин төгүп, үйбүлөнү бекемдейт деген ою тескери чыкты. Адегенде Актанды жакшы көрүп аткандай эле туюлган. Бирок, анын баланын түйшүгүнөн бир айга жетпей эле тажай баштаганы белгилүү болду. Алтынай келгенден баштап Замиранын колу узарып, бошой түшкөнгөбү, шайкелең мүнөзүн ачык көргөнсүдү. Акыркы кездеги анын кылык-жоруктары, кыялы өзгөргөнү Алмаздын кыжырын ого бетер келтире баштады.
***
Алтынай Замира кетери менен Актанды уктатып коюп, душка кирген эле. Жаңыдан сууга чайкана баштаганда эшиктин коңгуроосу кагылып калды. Замира келип калды го деген кыязда шейшепти көкүрөгүнөн өйдө ороно сыртка чыгып, дарбазаны ачты. Маңдайында турган Алмазды көргөн Алтынай эмне кыларын билбей уялып кетти:
- Ой, сиз белеңиз?.. Мен Замира эже келип калган экен десе… - деп кызарган бетин алаканы менен басып, шейшебин кымтылана үйгө киргенге ашыкты. Шашкалактай кирип бараткан Алтынай эшиктин каалгасын ачайын дегенде оронуп алган шейшеби жерге шыпырылып түштү. Алтынай эшикти ачканда эле анын жылаңач сулуу денесине чаптала оролгон аппак шейшеби, саамайына түшкөн сууланган тармал чачын көргөн Алмаздын жүрөгү бир башкача согуп алды. Маңдайында бала багып, үй оокаттары менен алпурушуп жүргөн жөнөкөй кыз эмес эле периште тургандай сезилди. Андан көзүн албай ушунчалык суктануу менен карап турду. Аңгыча Алтынайдын үстүнөн капысынан шыпырыла түшүп кеткен шейшеби, анын энеден туума жылаңач аппак денеси Алмаздын ого бетер көзүнүн жоосун алды. Алтынай шашкалактап жерге түшкөн шейшепти ала коюп, үстүнө жамына чуркаган боюнча кирип кетти. Шашмалыгынан шейшепти түшүрүп алган өзүнө жини келип, уялып атты. Душка чайканып бүтүп, Алмазды карагандан уялып, биртопко чейин турду. Ал эми Алмаз Алтынайдын сулуу денесин көргөндөн кийин анын элеси көз алдына тартылып, эсинен кетпей атты. Өзүн-өзү алаксыта тамеки тартып, ашканага кирип, кофе кайнатып ичти. Бир аз убакыттан кийин Алтынай душтан чыкты.

#29 06 August 2014 - 22:25
Ашканада кофе ичип отурган Алмаз душтан чыккан Алтынайды дабышынан сезди. Алтынай ашканага киралбай бети чымырап, уялганынан эмне кыларын билбей бери жакта биртопко чейин турду. Уктоочу бөлмөдө бейкапар уктап жаткан Актандын саамайынан сылады эле, ал чукуранып көзүн ачты. Ушуну эле күтүп тургансып, Алтынай аны колуна алды. Актанды көтөрүп алып, уялганын билгизбегенге аракеттене ашканага кирди.
- Актанчик ойгонуп калыптыр… - деди Алтынай. Алмаз унчуккан жок. Анын унчукпаганына ого бетер уялып кетти. Анан бир колуна Актанды көтөрүп, экинчи колу менен ага сүт жылыта баштаганда Алмаз жанына келип:
- Баланы мага берип, сүт жылыт, - деп Алтынайдын колундагы Актанды алды. Аны тике карай албаган Алтынай көзүн алакачып, Актанды бергенче шашты. Алмаз тескерисинче, Алтынайдан көзүн албай, сүйлөгөн сөзүн, анын ар бир кыймылын карап, ичиндеги сүйүү сезимин сыртка чыгаралбай турду. Алтынайдан баланы алганда эмнегедир денеси ток ургандай дирт эте башкача болуп кетти. Демейде Алтынайдын жанына келгенде азыркыдай абал болчу эмес. Андан жүзүн буруп, тик карай албай аткан Алтынай:
- Сиз мени кечирип коюңузчу… - деди акырында.
- Эмнеге?
- Мен сизди келип калат деп ойлогон эмес элем. Душка жаңы эле киргенде келип калдыңыз… Шашкалактап атып… сизден уялып атам… Аябай ыңгайсыз абалда калдым.
- Эмнеге кечирим сурап атасың. Тескерисинче, мен сенден кечирим сурашым керек.
- Эмне үчүн?
- Себеби, мен сен душка түшүп атканда келдим. Анан сенин сымбаттуу денеңди көрүп койдум, - деди Алмаз жылмая. Алтынай күлүп жиберди. Демейдегиден көңүлдөрү көтөрүлө дасторкон үстүндө тамактанып, Актандын кылык-жоруктарын сүйлөшүп отурушуп, Замира жөнүндө унутуп да коюшту. Алмаз Алтынай менен сүйлөшүү канчалык жеңил, жөнөкөй экенин түшүндү. Ал эми Замира менен минтип эч качан сүйлөшчү эмес. Себеби, Замира Алмаздын ар бир сөзүнө карама-каршы ой айтып, акылдуусунган сөздөрдү көп айтчу. Экөөнүн ортосундагы келишпестик ушундай майда-чүйдө сөздөрдөн көп чыкчу.
***
Замира Рашидге телефон чалып, аны жолугушууга чакырды. Сабактан бошобой атам деген Рашидди Замира кыйнап атып макулдатты. Рашид Замирадан буга чейин студентмин, кыздарды сыйлаганга азырынча мүмкүнчүлүгүм жок деп бир нече жолу акча алган. Экөө жолуккан мейманкананын акчасы, ичкен-жеген тамактарынын чыгымдары Замиранын мойнунда болчу. Азыр да Рашидди Замира жакшы ресторанга киргизем деп макулдатты. Аталган ресторандан жолугушуп, биртопко чейин жай, ыргактуу музыканын астында кучакташа бийлеп да алышты. Замира үйүндөгү Алмаз экөөнүн ортосундагы таарынычтарды бир сыйра айтып, күйөөсүн жамандаганга үлгүрдү. Ресторандан чыгып, үйүнө түз баргысы келбей, мейманканага да кирип чыгышты. Көз байланып калган кезде Рашиддин жанынан кеталбай, эртең эле жолугабыз деген Замира үйүн көздөй бет алды. Азыр үйгө киргенде Алмаз мени урушуп тосуп алат деп ойлоп, ага кандай жооп берем деген кыязда алдынала жоопторун даярдап келатты. Үйгө келгенде көз байланып, караңгы кирип калган. Дарбазаны такылдатпай, өзүнүн ачкычы менен ачып үйгө кирип баратып, эшиктин астында токтоп турган Алмаздын машинесин көрдү. Урушканга, ыйлаганга даярдана кирди эле, ашканадагы Алмаз менен Алтынай Актанга тамак берип, Замирага көңүл бөлгөн киши болбоду. Алтынай ордунан тура калып, Замирага:
- Тамак ичесизби, чай коеюнбу? - деди.
- Жок, эч нерсе ичпейм, - деп аркы бөлмөгө кирди. Ал эми жанатан бери Алтынай менен сүйлөшүп отурган Алмаз Замиранын кеч келгенине кайдыгер гана карап койду. Атүгүл ал үйгө келбей калса да урушмак эмес, ага баарыбир болуп калган. Алмаздын кайдыгер мамилесин көргөн Замира да унчукпай, конок тосчу бөлмөгө өзүнчө жатып алды. Ушул күндөн баштап Алмаз менен Замира эрди-катынча бир керебетке жатууну токтотушту.
Алмаздын ою, эси-дарты үйүндө оокат кылып жүргөн Алтынайда болуп, күндөн-күнгө сүйүп, аялынын эмне иш менен алектенип жүргөнү менен иши болбой калды. Ал эми Замира Рашидден кеталбай, күнүгө аны менен жолугушпаса бир нерсеси кемигендей туюлчу болду

#30 06 August 2014 - 22:27
Алмаздын аялы менен иши жок болуп, ага көңүл бөлбөй калганы Замирага Рашид менен жолугушууга ыңгайлуу шарт түзүп берди. Замира да каалаганын жасап калды. Үйдөгү оокат менен иши жок. Күнүгө Рашидге жолугуу үчүн бир маал кетип, кечке жуук келет. Ал эми Алмаздын эси-дарты Алтынайда болгондуктан,
ага кантип жакындаштын амалын издеп, иштен эрте келип, сырдашып, өзүнүн жеке көйгөйлөрүн айтып, кээде кеңеш сурап, ишеничтүү адамдай түр көрсөтөт. Алтынай да Алмаздын өзгөчө мамилесинен улам, ага деген сезими күндөн-күнгө күч ала баштады.
Ошентип, убакыт билинбей өтө берди. Бир күнү эртең менен Замиранын жүрөгү айланып, өзүн жаман сезип калыптыр. Эмнегедир шалдырап, уйкусу канбайт. Эчнерсеге көңүлү чаппай, сыртка чыкпай үйүндө жатты. Суукка урунуп алгам го деген ойго кетти. Ашканага кирсе тамактын жытына окшуп, жүрөгү айланып кетти. Казан-аякты калдыратып, тамак жасап жүргөн Алтынайга:
- Тамактын жытынан жүрөгүм айланып, кускум келип атат. Мындай болчу эмес эле, - деди Замира. Мындайды башынан өткөрүп калган Алтынай Замираны шектүү карап алды. Боюнда бар го дейин десе, Алмаз менен Замиранын эрди-катынча көптөн бери чогуу жателектигин байкап жүргөн.
- Доктурга көрүнбөйсүзбү, - деди Алтынай.
- Бир-эки күн күтөм. Мүмкүн жакшы болуп калармын, - деп уктоочу бөлмөгө кирип, керебетине сунала жатып калды. Рашидге телефон чалып бүгүн жолугуша албастыгын айтты.
Арадан эки-үч күн өткөндө Замиранын кусканы басылмак түгүл, тескерисинче, күчөп кетти. Ашказаным ооруп атат деген кыязда бейтапканага текшерилгени барды. Замираны текшерип көргөн доктур:
- Боюңузда жокпу? - деп сурады.
- Жок! Мен төрөй албайм да… - деп чочуду Замира.
- Эмнеге төрөй албайсыз?
- Доктурлар ошентип айтышкан. Анткени биринчи баламды боюман алдырып салгам. Буга чейин көп жолу доктурга көрүнүп, барбаган жерим калган эмес.
- Эмнеси болсо да УЗИге текшерилип көрүңүзчү, - деп доктур Замиранын колуна жолдомо берди.
Кантип эле боюмда болуп калсын деп доктурдун сөзүнө ишенбеген Замира УЗИге текшерилди. Доктур айткандай эле анын эки жарым айлык боюнда бар болуп чыкты. Боюнда бар экенин укканда Замира сүйүнөрүн же кайгырарын билбей, бир башкача абалда болду. Акыркы эки-үч айдан ашык убакыттан бери Алмаз менен эрди-катынча бир төшөктө жатмак түгүл, бири-бирине жылуу сөз да сүйлөбөй калышкан. Курсактагы баласы ойношу Рашидден экенин билди. Мүмкүн УЗИ туура эмес көргөзүп койдубу деп, доктурга:
- Силер жаңылып аткан жоксуңарбы? - деди.
- Аппарат кантип калп айтсын, мына, ишенбесеңиз караңыз. Бул кичинекей тоголок баланын түйүлдүгү, - деп Замираны текшерип аткан врач ага монитордон курсагындагы түйүлдүктү көрсөттү.
- Жолдошуңузга айтып, кош бойлуу экениңизди сүйүнчүлөңүз, - деп куттуктап да жиберди. Боюнда бар экенине Замира эми гана ишенди.
Алмазга боюмда бар десем, ал баарыбир мага ишенбейт деп ойлоду. Кантсе да курсактагы баланын атасы эмеспи, Рашидге айтып көрөйүн деп ага телефон чалып, жолугушууга чакырды. Замирадан бөлөк кыздар да артынан көп чуркагандыктан, Рашид өз баасын жакшы билчү. Далай кыздарды колкап алмаштыргандай алмаштырып жүрдү. Ал эми Замиранын акчасы гана Рашидди кармачу. Каалаган учурда Замира менен көңүл ачып, кымбат ресторанга, мейманканаларга барат, акча да алып турат. Ошондуктан, аны таштап кеталчу эмес. Антпесе, Замирадан да жаш, андан да сулуу, акылдуу кыздарды бир-эки жолу пайдаланып кете берет.
Замира менен Рашид болжошкон убакта жолугушушту. Экөө ал-жайды сурашкандан кийин эле:
- Мен сага сюрприз айтайын деп келдим, - деди Замира.
- Эмне болгон сюрприз?
- Кичинекей баланы жакшы көрөсүңбү?
- Ооба, жакшы көрөм. А эмне болду?
- Анда мен сага бала төрөп берем, - деди Замира жылмая Рашидди карап
.

#31 06 August 2014 - 22:28
- Каяктагыны айтпачы…- деди Рашид Замираны тамашалап атат деген кыязда.
- Мен сага чын айтып атам, жаным. Доктурга барып текшерилип келдим. Мына, ишенбесең, - деп сумкасынан УЗИден алган кагазды көрсөттү.
- Чын эле боюңда барбы? - деди ишенбей.
- Ооба, экөөбүздүн балабыз…
- Кызык го… Сенин күйөөң бар да!
- Эмнеси бар экен. Бирок, күйөөм менен акыркы эки-үч айдан бери чогуу жаталекмин деп дайыма эле айтып атам го…
- Мындай тамашаңды кой, күлкүм келибатат... - деп каткырып күлдү.
- Эмнеге күлүбатасың? - деди ызаланган Замира.
- Анан күлбөй турган жорукпу? Эгерде башың бош, менден бөлөк эч ким менен жатпасаң, анда ойлонуп көрмөкмүн. Сенин курсагыңдагы баланы меники десем ким ишенет? Эри бар аялдын да ойношунан боюнда болмок беле, ажырашып кетсең бир жөн.
- Ажырашайын десем, сен болбой койбодуңбу…
- Качан?
- Экөөбүз үйлөнө албайбыз, окуумду бүтүп, иштеп, карьера кылышым керек деп.
- Ооба айткам. Бирок, сен күйөөсү бар аялсың, сага кантип үйлөнөм? Үйбүлөңдү бузуп экөөбүз баш кошсок, баарыбир бактылуу болалбайт болчубуз.
- Анын эмнеси бар экен? Убагында мен деле Алмаздын үйбүлөсүн бузуп тийип алгам.
- Көрдүңбү, Кудай Алмаз экөөңөрдү ошон үчүн бактылуу кылган жок.
- Жетишет! Мен Алмаз менен бактылуу эле жашагам. Болгону ортобузда бала жок, негизги урушубуз, түшүнбөстүгүбүз ошондон чыккан.
- Алмаз менен бактылуу болсоң, анда неге мени менен жүрүп кеттиң? - деген Рашиддин сөзүн уккан Замиранын өңү бозоро түштү.
- Сен акмак турбайсыңбы! Сага ишенген мен да келесоо, мага чала. Курсактагы балам сенден, каалайсыңбы- каалабайсыңбы, сеники экенин далилдеп берем. Мени жаш кыздардай боозутуп коюп таштап кетем деп ойлобо! Карап тур, шашпа! - деп жинденип басып кетти.
Рашид анын сөзүнө маани да берген жок. Эч нерсе болбогондой университетке кетти. Болгону, күнүгө кымбат ресторанга барып көңүл ачып, акча алып турчу Замирадан кол жууруна гана ичи тызылдабаса, курсактагы бала тууралуу ойлоп да койбоду.
***
Замира эмне кыларын билбей башы катты. Үйүнө көңүлү чөгө, капаланып келсе, Алмаз менен Алтынай кичинекей Актанды ортолоруна алып тамак берип атышкан экен. Буга чейин алардын ушундай жакын болуп кеткенин көрсө да анча маани берген эмес эле. Алмаздан бөлөк ага Рашид сыяктуу жаш жигиттер оорун колдон, жеңилин жерден албасын билип, ичинен өкүнүп алды. Адаттагыдай эле унчукпай уктоочу бөлмөсүнө кирип жатып алды. Курсагындагы баланы Алмаздыкы деп айтайын десе, ал баарыбир ишенбейт. Ишенмек түгүл, менин "көзүмө чөп салдың" деп үйдөн кууп чыгат. Боюнан алдырып салайын десе, мындан кийин төрөбөй калсамчы деп санаага батты. Канткенде кош бойлуу болом деп далай доктурдун эшигин тытпады беле. Болду, төрөбөй калдым деген жыйынтыкка келгенде, минтип ойношунан боюнда болуп отурбайбы. Эмнеси болсо да курсактагы баланы Алмаздыкы деп ишендирейин деген ойго кетти. Болду, бүгүндөн баштап Алмаз менен чогуу жатып, мурдагыдай жашай берем деп ичинен план түзө баштады. Кечти күтүп отурбай, азыртадан эле баштайын деген ойдо ордунан туруп, ашканага кирди. Демейдегидей болбой, ага жылмая карап:
- Жаным, бүгүн бир жакка барып эс алып келбейлиби? - деди эркелей.
- Эмне болду анчалык? Эс алалбай, чарчап жүрөсүңбү? Күнүгө үйгө жолобой көчөлөп, оюн-шоокто эс алып атасың го. Же баягы жаш ойношуңан тажадыңбы? - деди какшыктай Алмаз.
- Болдучу, менин кызганчаагым… - деп Замира Алмаздын мойнуна колун артып, кылыктана баштаганда, Алтынай кызганып кетти. Актанды көтөрүп, унчукпай сыртка чыгып баратканда Алмаз:
- Алтынай, токточу, - деп ордунан турду.

#32 06 August 2014 - 22:29
- Алтынай, кете бер! Ага эмне мынчалык ордуңан тура калдың? Биздин сүйлөшкөн сөзүбүзгө жолтоо болбоюн деп атат да, жөн кой, - деди Замира эрин карап.
Алтынай унчукпай Актанды көтөрүп сыртка чыгып кетти.
- Эмне сөзүң бар, айт! - деп орой сүйлөдү Алмаз.
- Акыркы күндөрү экөөбүздүн ортобуз аябай алыстап кетти, жаным. Сени жакындайбы десем, мени карагың да келбейт. Кел, мындан кийин мурдагыдай эле урушпай, ынтымактуу жашайлычы…
- Сени менен ушул тууралуу сүйлөшөйүн деп жүргөм. Экөөбүздүн жашообуз мындан ары болбой калды окшойт. Үйдөн каалаганыңды ал. Кааласаң сага квартира сатып берем. Мени менен жашоо сага кызыксыз экенин көрүп турам. Ошондуктан урушпай-талашпай, бири-бирибизди түшүнүү менен ажырашалы. Сени күнөөлөбөйм. Албетте, сен жашсың, сулуусуң, ойногуң келет. А менин жашым өтүп баратат. Азыртан эле менден тажай баштадың, кийинки жашообуз кандай болот. Бири-бирибиздин көңүлүбүздү калтырбайлы, - деди Алмаз.
Эринен мындай сөз күтөм деп ойлобогон Замира башка чапкандай селейип калды:
- Сен эмне дебатасың? Эч качан сени менен ажырашпайм! Менде андай ой жок, эмне, башка бирөөнү таап алдыңбы?
- Акыркы убакта мага жасаган мамилеңен көрүнүп атат. Сенин мени менен ишиң жок, өзүңдү гана ойлойсуң. Актанды да албайсың, анда неге экөөбүз жашап атабыз?
- Чыныңды айтчы, кайсы шуркуяны таап алдың? Ал менден да жаш, менден да сулуубу? Экөөбүздүн ажырашуубузга эч себеп жок. Ортобузда Актан турат. Мүмкүн Кудайдын боору ооруса, мага да бала берер. Доктурга көрүнүп, дарыландым, эми төрөйсүң дешти. Бүгүндөн баштап мурдагыдай эле бири-бирибизди эркелетип, чогуу жатабыз, жаным. Ажырашабыз деген жаман сөздү экинчи мага угузба, баарыбир менден жакшы аял табалбайсың, - деп жойпулана эринин мойнуна колун арта салып, баягысындай эркелейин деди. Алмаз ага кыжыры келе колун силкип жиберди.
- Эмне болуп калгансың? Болду, жетишет! Мен сага жаш бала эмесмин! Экөөбүздү доктурлар балалуу болалбайсыңар деп айтышкан.
- Мен сага жакшылап дарыландым дебедимби, жаным. Эмне үчүн мага ишенбейсиң. Жок дегенде жарым жыл жашап көрөлүчү, мүмкүн балалуу болуп каларбыз, - деп жанталаша Замира эринин кагып-силкип сүйлөгөнүнө кайыл болуп, ага жармашып атты. Анын эмнеге минтип демейдегиден өзгөчөлөнүп, жалдырап атканына Алмаз шектүү карап алды. Антпесе, Замирага катуурак сөз сүйлөсө эле таарынып, ыйлап калчу эмес беле.
- Мен баарыбир сага ишенбейм, Замира. Сенин ушул күндөрү соо жүрбөгөнүңдү сокур киши да билет. Ар бир сөзүң калп. Кайсы сөзүңө ишенеримди да билбей калдым. Бир жагынан калпың чыгып атса, экинчи жагынан жаап-жашырып, жаңы калпты айтасың. Андан көрө чыныңды айтчы, мени менен жашоого анчалык эмнеге кызыкдар болуп атасың? - деди Алмаз Замираны шектүү карап.
- Мен сенден балалуу болгум келип атат, ушунча убакыт бекер дарыланыптырмынбы, сен аны түшүнгүң келбейт… - деп ыйлап жиберди. Кандай жол менен болсо да эринин жанынан чыкпай, курсактагы баласын сеники деп айтканга шылтоо издей баштады. Бирок, Замирадан көңүлү кала түшкөн Алмаз анын жалдыраганына, ыйлаганына көңүл бөлбөй:
- Жакшылап ойлон, экөөбүздө баарыбир жашоо болбойт. Ушунчабызда эле ажырашып кетели, - деп Алмаз сыртка чыгып баратканда Замира:
- Эмне, ушуну менен баары бүттүбү? Мага жок дегенде дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берчи, эгерде жарым жылдын ичинде боюмда болбосо ажырашууга даярмын. Анда мен төрөй албайт экенмин деп өзүм эле ушул үйдөн чыгып кетем. Акыркы жолу суранып атам, - деди көзүнүн жашын көлдөтө.
- Макул, анда эртең сени дарылаган доктурга экөөбүз чогуу баралы. Эгерде ал сен айткандай балалуу болосуңар, жакшы дарыладым десе, ошондо ойлонуп көрөйүн. Антпесе, сенин дарыланганыңа ишенбейм. Сен дарыланып атам деп баягы жаш ойношуң менен көңүл ачып жүрдүң. Экөөңөрдү өз көзүм менен көрбөсөм, элдин айтканына ишенбейт болчумун. Ошондуктан сен дарыланып жүрөм деп күнүгө кетип аткан доктуруңду мага көргөз. Аны менен өзүнчө сүйлөшүп, сенин медициналык карточкаңды карап, кандай дары ичтиң, кантип дарыландың ошолорду карайын. Чын эле үч-төрт ай дарыланып жүргөн болсоң, анда сага ишенейин, - деди Алмаз.
- Макул, эртең эле ошол доктурга сени ээрчитип барам, - деп Замира эрин карап, жылмайып койду. Бирок, жүрөгүнүн түпкүрүндө тынчсыздануу пайда болду. Эрин доктурга алпарса, калпы чыгарын түшүндү.

#33 06 August 2014 - 22:31
Актанды сыртка көтөрүп чыккан Алтынай өзүнөн-өзү буулугуп, ыйлагысы келди. Замиранын Алмазга эркелегенин көрүп, кызганып кирди. Буга чейин экөөнүн жакшылыктуу сүйлөшпөгөнүнө,
Алмаздын ага өзгөчө көңүл бөлүп, экөөнүн ортосу жакындай түшкөнүн эми сезди. Өзүн-өзү алаксытып, "мен Алмаз байкени кызганбашым керек, анын өзүнүн аялы, үйбүлөсү бар, а мен ага киммин" деп ойлоду. Аңгыча Алмаз сыртка чыгып, Алтынайга:
- Актанчикти алып, паркка эс алдырып келбейлиби, - деди жылмая кечирим сураган адамдай түр көрсөтө.
- Кеч болуп кетпейби?
- Эмнеге кеч болмок эле, машине менен барып келебиз да.
- Мен үйдө калып тамак жасайын, Замира эже менен барып келиңиз…
- Жок, Замира үйдө калсын, экөөбүз барып Актанчикти ойнотуп келебиз, - деди Алмаз. Алтынай эмне дээрин билбей, туттуга түштү.
- Замира эже макул болбойт да…
- Эмнеге макул болбойт экен. Үйгө кирип даярдана бергиле, - деп Алмаз машинесин от алдырмакчы болуп ары басып кетти. Алтынай Замирага паркка барарын айткандан чочулап, эмне кылар айласын таппай үйгө кирди. Замира терезеден Алмаз менен Алтынайдын сүйлөшкөнүн мисирейе карап турган. Үйгө кирген Алтынайга атырылып бир тийди:
- Алмаз экөөңөр өзүңөрчө эмнени сүйлөштүңөр?
- Актанды паркка ойнотуп келели дейт.
- Паркка ким менен барат экен, сени мененби?!
- Билбейм, айткан жок, - деди Алтынай Замиранын заарынан коркуп. Замира Алтынайды жеп жиберчүдөй тикирейе карап алды да, аркы бөлмөгө кирип, сумкасын алып чыкты.
- Келе баланы мага! - деп Актанды алып сыртка чыкты. Машинесинде отурган Алмаздын жанына келип:
- Жаным, биз даяр болдук, кеттикпи? - деди.
- Мен сени менен барбайм, - деп бурк этти Алмаз кыжыры келе.
- Жаным, сага эмне болду?
- Эч нерсе болгон жок. Паркка сени менен барам деп качан айттым?
- Түшүнүктүү… Кайсы шуркуяны таап алды десе, Алтынай деген келесоону таап алдыңбы. Карап тур, бүгүндөн калбай аны бул үйдөн жоготом. Шашпасын, азыр… Алтынайдыбы! .. - деп Замира үйгө кекене кирип кетти. Анын артынан кыйкырган Алмаздын сөзүн Замира уккан жок.
- Бүгүндөн калбай, тряпкаларыңды чогултуп алып, үйдөн чыгып кет! Мен сага боорум ооруп, бечера деп үйгө киргизип алса, Алмаз экөөбүздүн ортобузду бузуп, тийип алайын деп атасыңбы?! Жогол, көзүмө көрүнбөй! .. - деп Алтынайга бир тийди Замира. Эч нерсени түшүнө бербеген Алтынай бозоро түштү.
- Эже, мен эмне кылыптырмын? .. - деди коркконунан денесин майда калтырак басып.
- Билмексен болбой эле кой. Анча-мынча убакыт эримди карабай, доктурда дарыланып жүрсөм, сен эр кылып алайын деген оюң бар турбайбы. Алмаз сени карайт деп ойлоп атасыңбы? Адегенде өзүңдү күзгүдөн карабайсыңбы. Сен мени менен атаандашкың барбы, - деп ажылдап кыйкырып, урушуп кирди. Сырттан кирип келген Алмаз Замираны жулкулдата:
- Эмне деп былжырап атасың, жаагыңды бас! Болбосо, азыр үйдөн кууп чыгам, айбан десе! Адегенде өзүңдү карачы, буга чейин эмне кылып жүрдүң? Алтынайда эмне күнөө, ал сага эмне кылды?! Мени ошончолук кызганат экенсиң, анда эмнеге мага көңүл бурчу эмес элең! Азыр Алтынайдан кечирим сура, болбосо… - деди Алмаз.
- Сен мени ушул үйдөгү малайдан кечирим суратып, мени анын алдында басынтып, кемсинтип атасыңбы… Мындан көрө өлүп калганым жакшы, биротоло менден кутулуп, экөөңөр ээн-эркин жашайсыңар… - деп Замира долулана ыйлаган боюнча үстөл үстүндөгү аш бычакты алып, билегин түрүнө кантамырымды кесем деп жулуна баштады. Алмаз Замиранын колун кайрып, бычакты алды.
- Мен минтип жашай албайм… Сенин шуркуяңды сырттан издеп атса, көрсө, ал үйдөгү биздин малайыбыз турбайбы! Ушул кыздын эмнесин жакшы көрдүң. Бул менден да сулуу, менден да акылдуу, билимдүү бекен... - деп Замира буркан-шаркан түшө ыйлап кирди.

#34 06 August 2014 - 22:32
- Замира эже, сиз менден бекер эле кызганып атасыз. Мен сиздерге эмне кылдым? Суранам, антип ыйлабаңызчы,
менде күнөө жок… Андан көрө азыр Актанчикти ээрчитип паркка барып келиңиздер.
Сиздер келгенче жакшы тамак жасап, үйлөрдү жыйнап күтүп турам, - деп кошоматтанган Алтынай мени үйдөн кетирип жибербесе экен деген кыязда Замирага жалдырай карады.
- Мен Замира менен паркка барбайм! Эч жакка барбайбыз, - деди Алмаз.
- Көрдүңбү, Алтынай, менин эримдин сага көзү түшүп калса керек. Паркка сени менен баргысы келип атат. "Кунаажын көзүн сүзбөсө…" дегендей, сен өзүң Алмазга кыйшаңдап койгонсуң го, - деди Замира Алтынайга.
- Замира, сенин ар бир сөзүң кыжырымды келтирип атат. Эмне, мени менен биротоло ажырашайын деген оюң барбы? Эгерде жакшынакай ажырашалы деп ойлосоң, менин жиниме көп тийбе. Же ушинте берем десең, колуңа бир тыйын карматпай туруп, көчөгө чыгарып салам. Керек болсо үйдөгү уруштун,чыр- чатактын баарына сен күнөөлүүсүң, ушундайыңда тыйылып кал, - деди.
- Сен мени сүйбөйсүң, аны башында эле билчүмүн… - деп ыйлаган боюнча Замира долулана уктоочу бөлмөсүнө кирип, керебетине жатып алды. Көңүлү чөгө түшкөн Алтынай кичинекей Актанды көтөрүп сыртка чыкмакчы болгондо Алмаз анын жанына келип, саамайынан сылап:
- Замиранын кылыгына көңүл бурбай эле кой, анын атынан сенден өзүм кечирим сурайынчы, - деп чекесинен сүйдү. Алмаздын эрди чекесине тийгенде Алтынайдын денеси дүрт этип алды. Уялып кетти.
- Кечирим сурабай эле коюңуз, көңүлүм чөккөн деле жок… - деди.
***
Замира көпкө ойлонуп жатты. Эринин кебетесинен аны менен жашай турган түрү жок экенин сезди. Алмазды Алтынайдан кызганган деле жок, атүгүл андан шектенбеди. Болгону "кыз боозуп энесин коркутат" болуп, Алмазды күнөөлөп коеюн деген ойдо болчу. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, эрин кантип кармап калыштын амалын издеп атты. Акыры, Алмаз менен кантип ажырашпастын амалын тапкандай сүйүнүп кетти да ордунан туруп, оозгу бөлмөгө чыкты. Алмаз менен Алтынай ашканада отурган эле.
- Мен силер менен сүйлөшөйүн деп келдим, - деди оор улутуна Замира.
- Эмне жөнүндө? - деп сурады Алмаз.
- Эртеңден баштап мен эч жакка чыкпайм, үйдө баланы багам. Анүстүнө Актанчик деле чоңоюп калды, эми Алтынайдын бизге кереги деле жок. Үйгө жолобойсуң деп жаман көрүп атасың, баланы багам, доктурга анда-санда өзүң ээрчитип барып турасың. Ошондуктан Алтынай, бүгүн кийимдериңди даярдап, эртең кеткенге камдана бер. Баланы жакшы бактың, бизге жакшы жардам бердиң, аныңа ыракмат. Эртең акчаңды эсептеп беребиз, - деди Замира. Мүмкүн үйдө Актанды багып эч жакка чыкпай отурсам, Алмаз мени менен ажырашалбай калат деген үмүткө жетеленди.
- Актанчикти сен Алтынайдай карай албайсың, өзүң айтпадың беле, мен шаарда өскөн кызмын, колуман мындай жумуш келбейт деп. Алтынай Актанды карагандан баштап бир да жолу ооруткан жок. Сен Актанды багып атканда эки күндүн биринде эле башы жарылып, жөтөлүп эле атчу. Ал азыр кичинекей, ага Алтынайдын багуусу зарыл, - деди Алмаз.
- Жок, бул үйдө мен кожойкемин, Актандын энеси да менмин! Баламды качан багам десем өзүм билем, Алтынайдын бизге кереги жок. Алтынай, эгерде Алмазда оюң бузук эмес болсо, эртеңден баштап бул үйдөн кет. А Алмазды бузуп, эр кылып тийип алайын десең жүрө бер, анда мен сага тозокту көрсөтөм, - деди Замира мисирейе.
- Замира эже, мени бул үйдө кичинекей Актанчиктен башка сиздердин төлөп аткан акчаңыздар да кызыктырбайт. Мен ага аябай көнүп алдым, андан алыстагым келбейт, мейли, мага акча төлөбөй деле койгула, бекер деле иштеп берем, - деп жалдырап жиберди Алтынай.
- Кызыксың го сен. Актан сенин балаң эмес. Эртеби-кечпи баарыбир бул үйдөн кетесиң, баланы жакшы көрөсүңбү, жаман көрөсүңбү, акыры анын энеси менмин го... - деди Замира.
- Ооба, эже, мен аны түшүнүп турам. Бирок, Актанчикти мен жанымдан да жакшы көрөм, билбейм эмнеге...
- Алтынай эч жакка кетпейт, Актанды мурдагыдай эле бага берет. А Замира, сен болсо кааласаң иште, кааласаң жанагы жаш ойношуңа турмушка чык, айтор, бала менен ишиң болбосун, - деди Алмаз.
- Сен Актанды калп эле бетиңе кармап, Алмаздан алыстай албай атасың. Кантип эле башка бирөөнүн баласын өз балаңдай жакшы көрөт элең. Бул жакта сени Актан эмес, Алмаз кармап атат. Эптеп Алмаздын этегин кармап, эр кылып алайын деген арам оюң бар. Биздин үйгө келгенде сен ким элең, бир тыйын акчасы жок бечера эмес белең. Эми кардың тоюп, кийимге жете баштаганда бул жактан кетпейм дей баштадыңбы? Болду, жетишет, бул үйдөн кетесиң! Бала чоңоюп калды, эми өзүм багам, - деди Замира.
Алмаз менен Замира дагы кыжылдаша түшүштү. Замиранын үйдө отуруп, Актанды багып, өзүм балалуу болом деп айтканын уккан Алмаз:
- Эртеңден калбай сен дарыланган доктурга барабыз, эгерде калп айтсаң мага таарынба, - деп эскертти. Замира ага макул болду.
Эртеси таң атпай Алмаз конок тосчу бөлмөдө уктап аткан Замираны ойготуп:
- Тур, доктурга барып келели. Андан ары мен жумушума кетем, - деди. Эч сыр бербей, керилип-чоюла Замира туруп, жууна баштады.

#35 06 August 2014 - 22:34
- Жаным, бүгүн доктурга барбай эле койбойлубу,
- деди Замира Алмазды жылмая карап.
- Эмне, калпым чыгып калат деп коркуп атасыңбы? Көрдүңбү, доктурга дарыланган жоксуң деп айтпадым беле…
- Мага ишенбей атасыңбы?.. Мени дарылаган доктур эже азыр отпускада болчу, бейтапканага барсак деле аны таппайбыз.
- Ал доктур эжең отпускада болсо эмне экен, сенин карточкаңды ала кетиптирби, ал бейтапканада калды да. Чыныңды айтчы, доктурга дарыланган жок белең? - деп кекете сурады Алмаз.
- Мейли, мага ишенбесең бейтапканага барып, карточкамды көр, ошондо ишенесиң, - деди да Замира эри менен машинеге түшүп, жөнөп калышты. Бирок, бейтапканага барып эмне шылтоо айтам деп сарысанаа боло, ар кайсыларды ойлоп келатты.
***
Алмаз Замиранын айткан сөзүнө ишенген жок. Ошондуктан аны сөзүнөн кармайын деп бейтапканага чейин барып, текшерейин деп ойлоду. Бейтапканага ээрчише кирип баратышкан Алмаз менен Замираны көргөн УЗИде отурган доктур аял:
- Мага кечээ ишенбей аттың эле, чын экенине көзүң жеттиби? - деп Замираны жылмая карады. Аны көргөн Замиранын коркконунан жүрөгү оозуна тыгыла түштү. Мурунку күнү эле УЗИге түшүп, боюнда бар экенин далилдеп берген доктур Замираны жазбай тааныган эле.
- Ооба эже, - дегенден башка сөз айтпаган Замира Алмазды колтуктай андан алыстап кеткенге ашыкты.
- Бул эмнени айтып атат? - деп шектүү карады Алмаз эч нерсени түшүнө бербей.
- Жөнеле, мени бирөө менен чаташтырып алды окшойт.
- Сени тааныгандай сүйлөдү го? Анда айтпайсыңбы, мени менен башка бирөөнү чаташтырып атасыз деп.
- Ошого да башымды оорутайынбы, эмне десе ошо десин, - деп Замира гинекологдун кабинетинин жанына келди да, эрин карап: - Сен ушундай туруп тур. Доктур боюнда бар аялдарды текшерип атканда сенин кирип калганың уят. Мен кирип чыгайын, анан сага жолуктурам, - деди. Алмаз эшик алдындагы орундукка отурду.
***
Кабинетке кирген Замира доктур аял менен сылык учураша, күйөөсү экөөнүн көйгөйүн ачык айтып, андан жардам суроону ойлоду. Антпесе, азыр күйөөсүнүн астында абийири айрандай төгүлүп, боюндагы баласын жалгыз багып, талаада калышы ыктымал экенин билди. Доктурдун маңдайында мукактана биртопко чейин эч нерсе сүйлөй албай отуруп, ыйлап жиберди да, болгон окуяны төкпөй-чачпай ачык айтып берди. Анын сөзүн аягына чейин уккан доктур:
- Бекер кылыптырсың… Эми менден сага эмне жардам керек? - деди.
- Эже, күйөөмө азыр менин боюмда бар экенин айтпаңыз, суранам. Менин, баламдын тагдыры сиздин колуңузда. Болгону, "жакшылап дарыладым, жакында балалуу болосуңар" деп эле коюңузчу. Анан курсактагы баламды эриме сеники деп айтат элем, - деп жалдырап, үстөл үстүнө миң сомдуктан бешти койду. Акчаны көргөн доктур чочуп кетти:
- Жок, мен анте албайм! Сенин айтымыңда, жолдошуң жакшы кызматта иштейт экен. Эгерде сага ишенбей, башка жактан текшерсе, менин калпым чыгат, үстүмөн арыз жазса, үйбүлөмдү багып, нан таап жеп аткан жумушуман ажырайм. Кечирип кой, сага жардам берүү колуман келбейт, - деди.
- Эми эмне кылам? - деп айласы куруган Замира оор улутунуп алды.
- Билбейм… Ойлонуп иш кылсаң болмок.
- Мага жардам бералбайсызбы? - деп шагы сына түшкөн Замира үшкүрүнө ордунан турду да, сыртка чыкты.
Коридордо аялын чыдамсыздык менен күтүп отурган Алмаз:
- Аябай көпкө сүйлөштүңөр го, мен ишимен кечигип атам. Эмне дейт, кирип сүйлөшөйүнбү? - деди.
- Мага ишенбесең кирип сүйлөшүп чык. Доктурдун эмне деп айтарын өз кулагың менен угасың, - деп кайдыгер жооп берди Замира.

#36 06 August 2014 - 22:35
Алмаз гинекологдун кабинетине кирмекчи болгондо, врач өзү чыга калды. Аны менен сылык учурашып:
- Сиз менен сүйлөшсөм болобу? - деп сурады.
- Эмне жөнүндө? Мен аялыңызга түшүндүрүп айттым. Өзүңөрчө сүйлөшүңүздөр, азыр убактым тар. Бүгүн бизде конференция болот, ошол жакка шашып баратам, - деп башка кабинетке кирип кетти.
- Көрдүңбү, мага ишенбей аттың эле? Бар, артынан ээрчип барып сурабайсыңбы, аялыма ишенбей атам деп. Сени эмне деп ойлоп калар экен, - деди табасы кана Замира эрине какшыктап сүйлөп. Алмаз унчукпай туруп калды. Анан:
- Баарыбир мен сага ишенбейм. Жүрү кеттик. Үйгө барганда сүйлөшөбүз, - деди.
***
- Аялымдын дарыланганына ишенбейм, ал башка ойношу менен ойноп жүргөн деп доктурга кантип айтасың? Ал эмне деп ойлоп калат? Өзүң деле ойлонбойсуңбу? Мындай маселени башкаларды аралаштырбай, өзүбүзчө чечишибиз керек, - деп Замира машинеге отурганда эрине акыл үйрөтө баштады.
- Врачтан сенин ойношуң тууралуу сурайт дебатасыңбы? Мен врачтан сенин дарыланганыңды, эми төрөй аласыңбы же жокпу, ошону билейин деп баргам. Сен безеленип "төрөйм, жакшы дарыландым" деп калыптырсың. Мейли, шаар боюнча ушул эле бейтапкана бар дейсиңби. Башка доктурга деле көрсөтүп, сени текшертсем болот да, - деди Алмаз. Анын сөзүн уккан Замира жанагы врачтын айткан сөзүн эстеди.
- Аныңа деле макулмун, деги сени кантип ишендирем, мен төрөй алам. Көрөсүң го, эркек бала төрөп берсем, ошондо оозуң ачылат, жаным. Менин үнүм Кудайга жетти окшойт, Актанчикке биртууган төрөп берем. Мындан кийин өзүмдүн денсоолугума жакшы карайм. Болду, уруштун баары ушуну менен бүтсүнчү, жаным. Урушпай-талашпай, мурдагыдай эле ынтымакташып жашайлычы, экөөбүздүн эки башка жашоо менен жашаганыбыздан тажап кеттим. Бир үйдө эле жашап бирок, экөөбүз эки башка жашоону көргөн адамдайбыз. Болду, жетишет, мен эми сенден эч жакка кетпейм жаным, мен сени сүйөм, эч кимге эч качан бербейм! Сени бирөөгө тарттырып жиберейин деп сага тийген эмесмин, - деп жойпулана Замира эрине жалынып-жалбарып, аны сүйөөрүн улам-улам кайталап келатты. Үйүнө жеткенде Алмаз:
- Бар үйгө кир, мен жумушума кеттим, кечинде сүйлөшөбүз, - деди да ишине жөнөп кетти.
***
Үйгө кирген Замира Актанды көтөрүп жүргөн Алтынайды көрүп кыжыры келип кетти:
- Мен сени үйдөн кет десем болбой, догурунуп эле кетпей жүрөсүң, ээ? Ташта алдагы баланы, сенсиз деле өзүм багалам. Жакында өзүм да балалуу болом, ошондо мага эч кимдин кереги жок болот! - деди.
- Эже, мен азыр каякка барам? - деди мусапырдай боло Алтынай.
- Кызыксың го, каяктан келсең ошол жагыңа бар. Айтор, Алмаз келгенче үйдөн кетип кал. Антпесе, сенин арам оюң бар экенин сезип турам. Алмаз келсе эле ыйлап-сыктап, бетиңе Актанды кармап, аны жанымдай жакшы көрөм деп кирет экенсиң. Бол, тезирек кийимдериңди жыйна, акчаны өзүм берем, жолуңа түш, - деди. Алтынай Актандын жанынан карыш жылалбасын билгендиктен, Замиранын бутуна чөгөлөп жыгылып:
- Эже, мага акча деле төлөбөй койгула, болгону Актанчикти бекер багып берет элем… Ансыз кантип жашайм, - деп ыйлады.
- Бул жерде акча жөнүндө кеп болгон жок. Актансыз жашап жүрбөдүң беле, эми деле жашай бересиң, бул ким сага, эч ким эмес. Керек болсо бул бала мага да эч ким эмес. Балдар үйүнө таштап кеткен бир шуркуянын эрсиз тууган, арам сийдик баласы. Бирок, айла жок, биз багып алдык. Дагы бактысы бар экен, ушундай бай, бардар жерге туш келгенине. Болбосо, көчөдө калмак. Актанды шылтоологонуңду токтот, чачыңан сүйрөп чыгалекте кийимдериңди алып кетип кал! Болбосо, абийириңди аштай төгүп, милиция чакырып, үйдөн буюмдарыбызды уурдап атат деп түрмөгө отургузуп коем. Сени ушундай жол менен гана кетирбесем кете турган оюң жок экен, - деп кыйкырды Замира. Көзүнүн жашын төккөн Алтынай азыр кетүүдөн башка жол жок экенин түшүнүп, колуна көтөрүп жүргөн Актанды жанына отургузуп, кийимдерин даярдай баштады. Бир убакта анын бөлмөсүнө Замира кирип келип:
- Мындан кийин Алтынай эжеңди көрбөйсүң, менин колумда өзүм тарбиялайм, - деп жерде отурган Актанды көтөрүп сыртка чыгып кетти. Актан Замираны анча жакшы көрчү эмес. Ал көтөрүп сыртка чыгып баратканда ыйлап, бакырып-өкүрүп, Алтынайга барам деп колун созуп, чыр чыгара баштады. Актандын чырылдап ыйлаганына Замиранын жини келип, аны башка-көзгө койгулап, уруп, сабай баштады.
- Сени каяктагы билимсиз кыз тарбиялап, келесоо кылып салыптыр. Мындан кийин өзүм тарбиялайм, - деди Актанга сөөмөйүн кезеп.

#37 06 August 2014 - 22:37
Оозгу бөлмөдө Актанды чырылдата сабап, ыйлатып аткан Замиранын кылыгына Алтынай чыдай албай сыртка чыкты.
- Эже, балада эмне күнөө? Аны эмнеге сабап атасыз?.. - деди мукактана.
- Эмне, тилиң чыгып калдыбы? Бул баланы сабаймбы, жакшы көрөмбү же өлтүрүп саламбы, ал менин ишим! Сен өз ордуңду бил! Баланы жакшы багат деп бактырып койсо, ага ээлик кылып алган тура. Эми мага акыл үйрөтө баштадыңбы? Мага акыл үйрөткөндү коюп, тезирээк кийин да жолуңа түш! Мен сени бул жерден көргүм келген жок! Бол, тез! - деп мисирейе Замира Алтынайды кагып салды. Шагы сына түшкөн Алтынай Замирага каршы сөз сүйлөй албай, бөлмөсүнө кирип, кийимдерин салыштырып, сумканы көтөрүп сыртка чыкты. Эшиктин астында Актанды көтөрүп жүргөн Замира Алтынайдын колуна 3000 сом карматты да:
- Жакшы бар. Экинчи биздин үйгө келбе. Эми Актанды балабакчага берип, өзүм иштейм. Таарынба, ушуга ыраазы бол, - деди.
- Эже, сиз мага ишенбейсиз. Мен Актанды жанымдан жакшы көрөм. Бериңизчи, жок дегенде акыркы жолу аны колума көтөрүп, өөп алайын, - деп Замиранын колундагы Актанды алып, өпкүлөп, аны жанынан чыгаргысы келбей турду.
- Кантсе да Актанды багып калбадымбы. Эгерде сиздер конокко барып, же ишиңер чыгып, баланы караганга адам табалбай калсаңыздар мени чакырыңыз. Бекер эле карап турам. Анан Актанды сурап телефон чалып турсам болобу? - деп сурады Алтынай.
- Сен керек болуп калсаң, өзүм чалам. Ага чейин мага да, Алмазга да телефон чалып, биздин тынчыбызды алба, макулбу?
Алтынай Замира менен коштошуп, сумкасын көтөрүп жолго чыкты. Көзү жашылданып, буулугуп, өзүнөн-өзү ыйлагысы келип атты. Кайда барсам экен деп ойлонуп аялдамадагы отургучка көчүк басты. Актанды бага баштагандан бери өзүнүн төрөтканага таштап кеткен кичинекей ымыркайы тууралуу унуткарып койгонун эми билди. "Ал байкушум кайда жүрөт болду экен, азыр төрөтканага барып, баламды сурап көрсөмбү? Эмне кылсам? Ушунчалык да бактысыз, тагдырым тайкы болуп калабы? Каяктан шаарга келип, шайтанга азгырылдым экен? Андан көрө ата-энемдин таап берген күйөөсүнө тийип, аялдык бакытты сезип, төрөгөн баламды талаага таштабай өзүм баксам болбойт беле. Шаардан мен эмнени көрдүм? Чала мага, баарына өзүм күнөөлүүмүн! " - деп өзүн-өзү жектеп, көзүнө толо түшкөн жашты улам аарчып коюп отурду. Алтынай көпкө ойлонуп кеткен экен, аңгыча ары жактан бейтааныш жигиттин үнүн угуп, чочуп кетти.
- Алтынайсыңбы? Кандайсың, сенби, сен эмеспи деп тааныбай атып араң тааныбадымбы? - деп маңдайына келген Даниярды көргөндө Алтынайдын жүрөгү болк эте согуп алды. Аны көрөм деп ойлогон эмес. Анда-санда гана ойлоп койгону болбосо, анын акыркы жасаган мамилесинен көңүлү катуу калыптыр. Даниярды эстесе да, ортосундагы жакшы нерселерди эмес, акыркы убактагы боюнда болуп калганда аны таштап, басып кеткен учурун эстеп, ошондогу азап жеген күндөрүнө ичи туз куйгандай ачышчу. Азыр маңдайында эч нерсе болбогонсуп, жылмайып турган Данияр Алтынайга душманындай эле көрүндү.
- Ооба, мен Алтынаймын. Мени өлүп калды же тентип кетти деп ойлодуң беле? - деди бир топтон кийин.
- Жок, кантип эле ошентип ойлоюн. Турмушка чыктыңбы? Сенин курбуларыңан сурасам, окууну таштап, сырткы бөлүмгө которулуп кеткен дешти. Каяктасың, иштеп атасыңбы же?..- деп Данияр ар кайсыларды шыпылдап сурап атты. Алтынай андан боюңдагы бала эмне болду, төрөдүңбү, анын тагдыры кандай деп сурайбы деген сөздү күттү. Бирок, Данияр ал тууралуу ооз ачпады. Өзүнүн жашоосун, жакында четмамлекетке барып келгенин айтып, бир сыйра мактанып өттү. Анын сөзүн аягына чейин уккан Алтынай:
- Үйлөндүңбү? - деп сурады.
- Жок, мага азыр эрте. Эмне кылам эрте үйлөнүп, андан көрө азырынча ойноп-күлүп алышым керек, - деди Данияр.
- Дагы эле ойноп-күлүп бүтөлексиңби?
- Жок, ойноп бүтөлекмин. А сен кайда бараттың эле, жеткирип коеюнбу, экөөбүз баягы кезди эскерип… ошол жерибизге барбайлыбы, машинанын ичинен…
- Кулагыма угузбачы! Жетишет! Мени жакшы эле пайдаландың. Эми мени менен жолугушам деп ойлобо. Жолуккан жерден да экөөбүз бири-бирибизди тааныбаган адамбыз, - деди мисирейе. Алтынайды Данияр эркелетип, аны мурдагысындай кучактамакчы болду эле, аны катуу кагып жиберди. Экөө аялдамада кайым айтышып, кыжылдаша түшүштү. Аңгыча алардын маңдайына келип токтогон Алмаздын машинасын көргөндө Алтынай ордунан тура калды. Алмаз машинасынан түшүп, Алтынайдын жанына келип:
- Сен бул жерде эмне отурасың? - деди жанында отурган Даниярды карап.

#38 06 August 2014 - 22:39
- Айылга ата-энеме барсамбы дегем…- деди мукактанган Алтынай жанында жабыша отурган Даниярды көргөн Алмаздан уялып.
- Алмаз байке, саламатсызбы, мени таанып атасызбы? - деген Данияр ордунан тура калып, Алмаз менен кол алыша учурашты.
- Ой, Данияр, каяктан?.. Атаң кандай жүрөт, бул жерде эмне кылып атасың? - деди Алмаз.
- Жолдон өтүп баратып, аялдамада отурган Алтынайды көрүп токтоп калгам.
- Алтынайды кайдан тааныйсың?
- Эски таанышым болот. Аялдамада жалгыз отуруптур, эмне болду деп токтогом. А сиз Алтынайды кайдан тааныйсыз? - деп кайра суроо узатты Данияр.
- Алтынай биздин үйдө жашайт… - деди Алмаз.
- Кандайча? Алтынай сизге тууган болобу?
- Жок, тууган эмесмин, мен Алмаз байкенин баласын багып иштечүмүн. Болдубу, ушуну эле уккуң келип атты беле? - деп Алтынайдын Даниярга кыжыры келе түштү. Бирок, Алмаз менен Даниярдын тааныш болуп чыкканына кыжаалат болуп чыкты. Данияр экөөнүн ортосундагы бир кездеги мамилени Алмаз билип калбаса экен деп Кудайдан тиленип атты, Алтынай. Анан:
- Мен азыр университеттеги жатаканада жашаган курбуларымдын бөлмөсүнө барам да, эртең менен эрте айылга кетем. Жакшы калыңыздар, троллейбус келип калды, - деп ордунан туруп, ары жактагы чоң сумкасын көтөрмөкчү болгондо Алмаз Алтынайды токтотуп:
- Жүрү үйгө, айылга кеткиң келибатса, эртең менен өзүм салып жиберем, - деди.
- Жок, мен үйгө барбайм деп Замира эже менен сүйлөштүм. Актанчик чоңоюп калды, менин сиздерге анчалык жардамым деле керек эмес окшойт. Убара болбой эле коюңуз, - деп Алтынай үйгө баргандан заарканып турду. Бирок, Алмаз анын айтканына көнгөн жок. Алтынайдын барбайм деген ой-боюна койбой, анын колундагы чоң сумкасын машинасына салды да, Даниярды карап:
- Жакшы кал, ата-энеңе салам айтып кой. Мен Алтынайды үйгө алып барып, өзүбүзчө сүйлөшөбүз, - деген Алмаздын сөзүнө Данияр:
- Мен сиздер менен барып, жеңем менен учурашып, кичинекей уулуңузду көрүп кетейин. Уулуңузду бир да жолу көрелекмин. Аты ким эле? - деди Данияр.
- Аты Актан. Мейли, үйгө келсең кел, - деди Алмаз Даниярдын келишин анча каалабаса да шагы сынып калбасын деген кыязда. Анүстүнө Даниярдын ата-энеси менен көптөн бери жакын санаалаш жолдоштордон эле. Жамандык-жакшылыктарга катышып, кээде жөндөн-жөн эле бири-бирине конокко барышып же кафе-ресторандарга чогуу эс алып келишчү. Алтынай Алмаз менен Даниярдын ата-энеси мындай жакшы тааныштардан экенин билчү эмес. Азыр биринчи жолу укту. Буга чейин Алмазды ичинен тымызын сүйүп, аны жакшы көрүп аткан Алтынай эртеби-кечпи Данияр экөөбүздүн ортобуздагы былык билинип, шермендем чыкпаса болду деп өзүнчө санаага бата баштады.
Алтынай айла жок Алмаздын машинасына отуруп, кайра үйгө келип калды. Машинага түшкөндө Алмаз Алтынайдан:
- Эмнеге кетип бараттың эле, Замира сага бирдеме дедиби? - деп сурады.
- Өзүм эле кетип бараткам, ата-энемди сагындым…- деди Алтынай Замиранын урушуп кетирип жибергенин жашырып. Алтынайдын жылаан чакпай, жылкы теппей кетип баратканына Алмаз да ишенбей, бир нерсени шектенгенсип койду.
Алмаздын артынан машинасын айдаган Данияр, алардын үйүнө барды. Эшигинин алдына токтогон эринин машинасын көргөн Замира Актанды көтөрүп сыртка чыкты. Машинадан түшүп аткан Алтынайды көрүп, ага атырылып бир тийди. Эринин машинасынын артынан удаа токтогон Даниярды көрүп, Алтынайды анын астында кемсинткен сөздөрдү айта баштады

#39 06 August 2014 - 22:40
Замира Данияр менен сылык учурашты да, эч кеп-сөзгө келбестен Алтынайга атырылып бир тийди:
- Сен эмне келдиң? Дагы эле кеталбай жүрөсүңбү! Экинчи келбе деп айтпадым беле, же Алмазга даттанып бардыңбы? Деги түшүнбөгөн кандай немесиң? Сени сөзсүз эле эшикке түртүп чыгарыш керекпи? Алчу акчаңды алдың, эми бизге сендей малайдын кереги жок! Тур, азыр чыгып кет үйдөн! - деди.
- Эмне деп атасың? Болду, жетишет. Анан өзүбүзчө сүйлөшөбүз. Данияр сени менен учурашып, Актанчикти көрөйүн деп келсе, конокту да урушуп тосуп аласыңбы? - деп сыр бербеген Алмаз Замираны акырын тыйды. Азыр ага катуураак сөз айтса огобетер ажылдап, Алтынайды урушуп, Даниярдын көзүнчө күчөп кетерин сезди.
- Кечирип кой, Данияр. Жеңең ушинтип жини келгенде кыйкырып, урушуп алат. Мобу Алтынай деген неме балам кичинекей кезинде багышам деп биздин үйгө келгенден бери тынчтык жок. Алтынай менен анан өзүбүзчө сүйлөшөбүз. Ата-энең кандай жүрөт? - деп Замира Даниярдан ар кайсыларды сурап үйгө киргизди. Алардын артында үйгө кирерин же кетип каларын билбей Алтынай ыңгайсыз абалда туруп калды. Алмаз үйгө кирип баратып сыртта калган Алтынайга карап, жанына барды да:
- Жүрү, үйгө кир. Азыр Данияр бир чыны чай ичип алып кетет. Ал кеткенден кийин өзүбүзчө сүйлөшөбүз, - деди.
- Мен… ушундай эле сыртта баланы көтөрүп турайынчы. Андан көрө Актанчикти сыртка алып чыгып бересизби? - деди. Бирок, Алмаз Алтынайдын айтканына көнгөн жок, үйгө кир деп болбой туруп алды.
Замира Даниярга баланы көтөртүп коюп, өзү ашканада чай коюп жүрүптүр. Демейде башка чоочун адамга барбаган Актан азыр Даниярдын алдында момурайып отурду. Сырттан кирип келген Алтынай Даниярдын жанына келип, астында отурган Актанга колун сунуп:
- Келчи, мага келесиңби? - деди. Актан бирде Даниярды, бирде Алтынайды алмак-салмак карап чоң кишидей оор улутунуп алды. Астына алып отурган Данияр менен жанында кел-келдеп чакырып турган Алтынай Актандын өз ата-энеси экенин жаш наристе жүрөгү менен сездиби, айтор, чукуранып алды. Үчөөнүн бир бүтүн адам экенин бири да сезген жок. Актан Алтынайды жакшы көргөндүктөн, анын карааны көрүнсө эле ээрчип жанында жүрчү. Азыр Даниярдын алдында былк этип койбой, Алтынайга да барган жок. Анын мындай мамилесине Алтынай бир чети таңгалды. Буга мени жамандап, ага барба деп Замира үйрөтүп койду дейин десе, ага акылы жетелек кичинекей бала. Буга чейин бир да жолу Актандын Алтынайдан качканы болгон эмес.
- Ой, Актанчик, сага эмне болду? Мага келгиң келбей калдыбы, унуттуңбу? Келчи, келегой, - деп Алтынай Даниярдын астындагы Актанды колуна алмакчы болгондо, ары жактан Замира чыга калып:
- Шумдугуң кур! Биздин бала сага окшош го, ыя, Данияр, - деп аларды таңгала карады. Эмнегедир Алтынайдын жүрөгү шуу деп согуп алды. Чын эле Даниярдын да, Актандын да ээгинде окшош билинер-билинбес кара меңи бар экен. Буга чейин Алтынай Актандын ээгиндеги кара меңди байкаганы менен Даниярда да ушундай мең бар экени эсинен чыгып кетиптир. Замира айткандан кийин баарынын көзү Актан менен Даниярдын ээгиндеги меңине түштү.
- Чын эле, - деди Алмаз, - адамдарда да ушундай окшоштуктар болот экен. Менин уулумдун меңи эле эмес, өзү да окшошуп кетет экен сага. Чоңойгондо сендей келбеттүү жигит болот го, Кудай буюрса, - деп кошумчалап, Даниярды карап жылмайды.
- Жүргүлө, чай даяр болду. Алтынай баланы эшикке көтөрүп тура тур, Даниярга чай берели, - деди Замира.
Даниярдын колунан Актанды алган Алтынай сыртка чыгып кетти. Короодо Актанды көтөрүп жүрүп, анын чын эле Даниярга окшош экенин эми байкады. Данияр менен Актанды көргөндөр экөөнү ата-бала десе болчудай окшоштуктары бар экенин сезди . Эмнегедир жүрөгү бир нерсени сезгендей, төрөтканага таштап кеткен уулум ушул болуп жүрбөсүн деген шектенүү да пайда болду. Эч нерседен капары жок эки жакты карап булдуруктап бир нерселерди сүйлөп аткан Актандын алкымынан жыттап өөп алды. Анан менин төрөгөн балам сен болуп калсаң кандай жакшы болот эле. Анда жашоомду таптакыр башка нукка өзгөртпөйт белем деп, бирок, эч качан андай болбойт го деген ойго жетелене оор үшкүрүнүп алды.
***
- Алтынай көптөн бери сиздердин үйдө жашайбы? - деп сурады Данияр чай ичип отуруп.
- Ооба, көп болду. Аны университетте окуган кайынсиңдим таап берген. А сен Алтынайды кайдан билесиң, экөөңөр таанышсыңарбы? - деди Замира эч нерсени түшүнө бербей.
- Алтынай менин эски таанышым. Анын силердикинде бала багып иштерин билчү эмесмин.
- Эми билип ал, Алтынай бала багып эле эмес, служанка да болуп иштечү. Алтынай экөөңөрдүн ортоңордо эч нерсе болгон жок беле, аны аябай сурап калыптырсың? - деп калп каткырып күлүп калды, Замира Даниярды эмне дээр экен деген кыязда.
- Жо-ок! - деп чочумуш этти Данияр. - Алтынай менин жакын досумдун сүйлөшкөн кызы болчу...

#40 06 August 2014 - 22:42
- Алтынай сенин жакын досуңдун сүйлөшкөн кызы беле? -деп сурады Алмаз Даниярдан таңгала.
- Ооба.
- Ал досуң шаардык беле же айылдыкпы? - деди Замира.
- Шаардык болчу.
- Эки сөздү тыңырак кошуп сүйлөй албаган Алтынай шаардык жигит менен кантип жүрдү? Ушул айылдык кызды да шаардык жигиттер карайт бекен? Ал жигит деле Алтынай менен үйлөнөйүн деп жүрбөсө керек, шылдыңдап, дөдөй немени пайдаланайын деди да. Болбосо, ушундай жүдөгөн кызды кайсы шаардык жигит карамак эле, - деп Замира Алтынай жөнүндө кемсинткен сөздөрдү айтып, жамандай баштады. Алмаз аялынын айткан ар бир сөзүнө кыжыры келип, бирок, Даниярдын көзүнчө урушпайлы деген кыязда өзүн араң кармап отурду. Замиранын айткан сөздөрүнө Данияр мыйыгынан кытмыр жылмая күлүп койду.
- Алтынайды кетирели деп атасыңарбы? - деп сурады бир топтон кийин Данияр.
- Ооба, анын азыр мага кереги деле жок. Мурда үйгө жардам берчү эле акыркы күндөрү тескерисинче, мен аны көргөндө кадимкидей жүдөй баштадым. Айылда өскөн кыздардын маданияты да жок болот экен. Жетишет, жакшы эле бактык, эми аны кетирем. Үйдөн жана эле кууп чыккам, кантип келип калганын билбейм, же Алмазга даттанып бардыбы, - деди Замира.
- Алтынайдын аялдамада турганын көрүп сүйлөшүп турсам, Алмаз байке келип калды. Мен Алтынай силердин үйдө жашарын билчү эмесмин. Уулуңарды бир кыз багып атыптыр деп уккам, бирок, Алтынай экенин билбептирмин, - деди Данияр.
- Сен айтып аткан Алтынайдын жигитинин аты ким эле, эмнеге экөө сүйлөшпөй калды? - деп сурады Алмаз кызыга.
- Анын аты… Бакыт болчу. Эмнеге сүйлөшпөй калганын деле билбейм, кээде чогуу компанияларда отуруп калчубуз. Алтынайды ошондон улам билем.
- Эмне эле анын жигитин сурап калдың? Же сен дагы жанагы айылдык дөдөй кызды жакшы көрүп калдыңбы? - деди Замира эрин кызганымыш этип. Алмаз менен Замира Даниярдын көзүнчө кыжылдаша түшүштү. Алардын ортосунда кимисине болушарын билбеген Данияр ыңгайсыз абалда калды, анан:
- Кой, мен кетейин. Кичинекей уулуңарды көрүп, жеңе менен учурашайын деп эле келгем, - деп ордунан турду.
***
Данияр сыртка чыгып, короодо баланы көтөрүп жүргөн Алтынайдын жанына келди да, ага акырын шыбырай:
- Эми мен сени кайдан издешти билем, каалаган убагымда келип, сени алып кетсем болот экен да. Эгерде макул болбосоң, экөөбүздүн ортобуздагы мамилени, сенин боюңда болуп калып, мени ал деп догурунганыңды айтып, шермендеңди чыгарам, - деди да кичинекей Актандын чекесинен сүйүп, сыр бербей ары жакта турушкан Замира, Алмаз менен коштошуп, машинесин айдап кетип калды.
Алтынай Даниярды ушунчалык жек көрүп турду. Боюңдагы баланы эмне кылдың, төрөдүңбү же алдырып салдыңбы деп бир ооз сурап койгондун ордуна анын абийирин төгөм дегенине ызаланды. Эмне кыларын билбей, бул жерден эртеби-кечпи уяты чыгалекте кетип калууну ойлоду. Бирок, жанынан артык көрүп калган Актанды кыялбасын билди. Данияр кетери менен Замира Алтынайды урушуп баштады эле ары жактан Алмаз чыгып:
- Сен эмнеге Алтынайды кууп атасың?! Акчаны сен төлөп, же бул үйгө сен ээлик кылып калдыңбы! Экөөбүз бир үйдө чогуу жашаганыбыз менен эки бөлөк жашоону көрүп атканыбызга канча болду. Мен сени менен баарыбир ажырашам. Сага таптакыр ишенбейм. Ар кайсы эркектер менен көңүл ачып, мени алдап ушинтип жашай берейин деп ойлоп атасыңбы! Сенин доктурга көрүнгөнүңө да, төрөрүңө да ишенбейм, түшүндүңбү! Эгерде Алтынайды үйдөн кет деп дагы айтчу болсоң, таарынба! Сенин бул үйгө да, балага да акың жок! - деп катуу айтты.
- Эмне эле ушул шуркуяга асылдың да калдың! Чындап эле сүйүп калдыңбы? Ачыгын айтчы! -деп кыйкырды Замира.
Экөөнүн урушуна себепкер болгонуна Алтынай ыңгайсыздана ортого түштү:
- Кечирип койгулачы, сиздерди уруштурайын деген оюм жок. Мейли, мен бул үйдөн кетейин. Бирок, Актанчикти анда-санда көрүп турсам болобу?
- Алтынай үйдөн эч жакка кетпейсиң! Сен да бирөөнүн баласысың, ушуга чейин баланы бактырып алып, ит куугандай үйдөн кууп чыкмак белек. Эгерде сенин шойкомдуу мүнөзүңдү билсем, эчак эле кетирип жибермекмин. Бул үйдө мен кожоюнмун, сени кетириш-кетирбешти мен өзүм билем, - деди Алмаз. Эринин Алтынайга ачыктан-ачык эле болуша баштаганына ызаланган Замиранын башы айланып, көзү караңгылай түштү. Кош бойлуу неменин кан басымы көтөрүлүп кеттиби, айтор, эсин жоготуп жатып калды.

Супер-Инфо
super.kg
видео