Замира эс-учун жоготуп жерге жатып калганына адегенде Алмаз ишенген жок. Мурда-кийин анын минтип эстен танып калмай оорусун көрбөгөндүктөн Замираны анткорлонуп аткандай сезди. Бирок, алардын жанында баланы көтөрүп турган Алтынай коркуп кетти:
- Сизге эмне болду?- деди Замираны жулкулдата.
Замирадан үн-сөз жок жүзү бозоруп,ооздору көгөрө баштаганда гана Алмаз анын чындап эле эси ооп калганын билди. Замираны көтөрүп барып, уктоочу бөлмөдөгү керебетке жаткырып, бетине муздак суу чачты. Бирок, анча-мынча эсине келген Замиранын абалы баарыбир оор эле. Алмаз анын азыркы абалынан чочулап дароо "тез жардамды"
чакырды. Замиранын эстен танганына Алтынай шектенип, боюнда барбы дегендей ой кетти. Бирок, бул оюн ичине катты. А Алмаз аялын кош бойлуу экенинен шектенген да жок. "Тез жардам" тез эле келди. Уктоочу бөлмөдө шайы ооп жаткан Замиранын кан басымын, денсоолугун текшерип:
- Кош бойлуу эмессиңби? - деп сурады. Доктурлардын жанында турган Алмаз чочуп кетти. Бирок, Замира эмне дээр экен деген кыязда аны суроолуу карады.
- Жок… - деди үнүн акырын чыгарган Замира.
- Кош бойлуу эмес экениңе толук ишенесиңби?
Доктурга тез аранын ичинде көрүнүшүң керек. Азыркы сенин абалың, ооруңдун симптомдору кош бойлуу аялдардыкына окшоп турат. Кааласаң азыр биз менен ооруканага бар, УЗИден текшерип көрөбүз. Сага ашыкча дары-дармек берип, ийне сайгандан да чочулап атам. Эгер кош бойлуу болуп калсаң, дары курсактагы балага терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал. Ошондуктан,
биз менен азыр ооруканага бар, же эртеңден калбай, бейтапканага барып, гинекологуңа текшерил, - деди врач. Замиранын мүнөзүнүн тез эле өзгөрүп, ага кайрадан жабыша баштаганын билген Алмаз эмнегедир аялына шектенүү пайда болду. Акыркы кездерде мен төрөй алам, доктурга көрүнүп дарыландым деп улам-улам кайталап айтып атканы эсине түштү. Бирок, анын боюнда бар деп айтайын десе, экөө эрди-катынча чогуу бир жуурканга жуурулушуп жатпаганына абдан көп убакыт болбоду беле. Эгерде Замира доктур айткандай чындап эле кош бойлуу болсо, курсактагы баласы менден эмес деп ойлогон Алмаз:
- Боюнда бар-жогун УЗИден бөлөк дагы кантип текшерсе болот? - деп сурады доктурдан.
- Азыр аптекаларда кош бойлуу экенин далилдей турган тесттер сатылат. Он мүнөттүн ичинде аялдын боюнда бар жогун далилдеп берет, - деди доктур аял. Ушуну эле күтүп турган Алмаз дароо эле:
- Сиздер кетпей туруңуздар,
мен азыр барып ошол тестти алып келе калайын. Эртеңкиге чейин УЗИге түшөт деп күтүп жүрөлүбү, Замиранын силер менен ооруканага баргысы келген жок. Мен тез эле келип калам,- деген Алмаздын сөзүн уккан Замира:
- Андай тесттин кереги жок! Эртең эле бейтапканага барып УЗИге түшөм, - деди шашкалактай.
Бирок, эри анын сөзүн уккан жок. Сыртка чыгып, жакын жайгашкан аптекалардан алиги тестти тез эле сатып келе калды.
- Мага кереги жок деп айтпадым беле, аны эмнеге сатып келе калдың! Мен өзүмдү жакшы эле сезип калдым, доктурлар кете беришсе болот. Антип, боюмда бар жогун текшербей эле койгула! Боюмда жок, мен өзүм билем го! - деп Замира текшерилгиси келбей чалкасынан кетти. Бирок, доктурлар бир жагынан, экинчи жагынан Алмаз чыгып атып акыры тест менен текшерүүгө макул болду. Анүстүнө доктур да бул тест 99 пайыз туура айтат дегенин угуп, туура эмес чыгып калды деп шылтоолоп коеюн деген ойго жетеленди. Антпесе, азыр Алмаз менен доктурдан кутула турган түрү жок экенин сезди.
Тестте жазылган инструкция боюнча Замирадан анализ алып, он мүнөт күтүштү. Доктурлар айткандай эле Замиранын кош бойлуу экени тестте далилденип чыкты.
- Мына, айтпадым беле. Кош бойлуу турбайсыңбы,
бул канчанчы балаң? Эми өзүңдү жакшылап кара. Алдагынтип болбогон нерсеге капаланып, кейибе. Эртеңден калбай, бейтапканага барып, учетко тур, анализдериңди тапшырып доктурлардын көзөмөлүндө болосуң,- деп "тез жардамдан"
келген доктур аял Замираны эс алдырып, ага кеңеш айтып кетип калды. Доктурларды короого узатып чыккан Алмаз:
- Жанагы тесттин жаңылып калышы мүмкүнбү? - деп сурады.
"Бейтаалай" Чыгарма.....
#41 06 August 2014 - 22:43
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#42 06 August 2014 - 22:45
- Тест инструкцияны туура эмес колдонгондо гана жаңылып калышы мүмкүн. Антпесе жаңылбайт. Азыр туура чыкканына ишенип турам. Анткени, инструкцияны туура колдондук, келинчегиңиздин боюнда бар, кебетесинен,
денесинин жайыла баштаганынан,
эмчегинин үрпүнөн эле билинип турбайбы. Анча ишенкиребей турсаңар эртең бейтапканага ээрчитип барып, текшерилтсең болот, - деди. Анын сөзүн уккан Алмаз доктурга ыраазычылыгын билдирип, узатып коюп үйгө кирди. Замира керебетинде кайдыгер ойлуу эле. Ал эми Алтынай доктурлар келгенде эле баланы көтөрүп ашканага кирип кеткендиктен,
алардын ортосунда эмне сөз болгону тууралуу билген жок. Сырттан келген Алмаз Замиранын жанына келип отурду. Экөөнүн ортосунда бир топко чейин жымжырттык өкүм сүрдү.
- Мени алдайын дедиң беле? - деп сурады Алмаз бир топтон кийин гана.
- Сен эмнени айтып атасың? - деди билмексен болгон Замира анткорлоно.
- Баланын атасы ким?
- Ким болмок эле, сен…
- Экөөбүз акыркы жолу эрди-катынча качан чогуу жаттык эле, эсиңдеби?
- Ооба, эсимде. Мындан бир ай мурун…
- Калп. Экөөбүз акыркы жолу үч ай мурун жатканбыз. Ишенбесең, мен календарга белгилеп койгом. Аны атайылап, сага карасанатайлык кылып, шектенип белгилеген эмесмин. Жөн гана экөөбүз дагы канчага чейин чыдап, чогуу жатпайт болду экенбиз деген ой менен белгилегем. Курсактагы балаңа канча ай болуп калыптыр?
- Билбейм. Үч айдан ашса керек…
- Сен доктурга текшерилип, көрүндүм деп атпадың беле? Ал доктур сенин кош бойлуу экениңди билген жокпу?
- …
- Эмне унчукпайсың? Эгерде сенин курсактагы балаң менден болсо, эчак эле мага сүйүнчүлөп айтмаксың. Боюңда бар экенин буга чейин эле билгенсиң, бирок, мага айткандан коркконсуң. Эртең экөөбүз мен айткан бейтапканага барып, өзүм сени текшерилтип боюңдагы баланын канча ай болгонун билебиз. Азыр тынч уктай бер, калган сөздү эртең сүйлөшөлү. Жатып эс ал, - деп Алмаз кайдыгер сыртка чыгып кетти. Замира эмне кылаарын билбей, айласы куруй төшөгүндө өзүн-өзү күнөөлөп, жаш жигиттин азгырыгына киргенине өкүнүп жатты.
Ашканада жүргөн Алтынай оозгу бөлмөгө чыккан Алмаздын жанына барып:
- Замира эженин денсоолугу жакшы болуп калдыбы, доктурлар эмне дешти? - деп сурады.
- Аны сурап эмне кыласың, Замира эжең жатат, төшөгүндө. Эмнеге эстен танып жатып калганын укпай эле кой, - деди оор үшкүрүнө. Алтынай Алмаздын сөзүнө түшүнгөн жок. Ашканага кирип, анын көңүлү чөгүп турганын билип, кофе кайнатып келе калды.
- Замиранын ашыкча кылык-жоруктарын байкаган жок белең? Алтынай, бул үйдө сенден башка ишенээр адамым калбай калды. Суранам, мага баарын ачык айтып берчи. Замиранын көңүлдөштөрүн билчү белең? Азыр мага ушунчалык оор болуп атат. Аялыман баарын күтсөм дагы, аягы ушундай болоорун күткөн эмесмин, - деди Алмаз көңүлү чөгө.
- Эмне болду, Алмаз байке?
- Азыр ичимдеги бугумду кимге айтаарымды, эмне кылышты билбей турам. Болду, болбоду сага айтайын. Ошентип жеңилденип албасам болбойт. Замира кош бойлуу экен… Бирок, курсактагы баласы меники эмес, - деп ызаланган Алмаздын колдору калтырай түштү. Алтынай Замиранын кош бойлуу экенин мурда эле шектенгендиктен Алмазга сыр бербей:
- Мүмкүн доктурлар туура эмес диагноз чыгарып койгондур, - деди көңүлүн жубатмакка

#43 06 August 2014 - 22:46
- Тест менен текшерди. Туура эле чыкты окшойт. Бирок, эртең эмнеси болсо да бейтапканага алып барып, өзүм текшертип көрөм. Эгерде анын курсагындагы баласы меники болсо сүйүнүчүм коюнума батпай турбайт беле, ал менин балам эмес экенин көрүп туруп кантип жашайм. Башка күйөөгө тийип, ээрчитип келген баласы болсо да бир жөн. Күйөө менен жашап атып, башкадан боюнда болуп келет деген эмне шумдук. Тааныштарыма,
тууган-туушкандарыма,
кас-душмандарыма мени жакшы эле сөзгө калтырды. Эми Замиранын ойношунан боозуп тууп алган баласын бакмак белем… Болду, Замира экөөбүздүн жашообузга ушуну менен чекит коюлат. Эмне эле акыркы күндөрү мен сага төрөп берем деп какшанып калды десе, көрсө боюндагы баласын кантип меники кылаардын айласын издеп аткан тура…- деп Алмаз аялынын кылыгына жини келип отурду.
Замира бир топко чейин төшөгүндө санаага батып ойлуу жатты. Алмаздан биротоло кол жуурун сезди. Эмне кылып, курсактагы баламды жок кылам деп ар кайсыларды да ойлоду. Бирок, эч айла табалбады. Акыры кол телефону менен көңүлдөшү Рашидге телефон чалды. Телефонду бир топко чейин албай аткан Рашид акыры алып, Замира менен учурашты.
- Сен менин жашоомду бузуп, тагдырымды талкаладың. Менин эле эмес, курсактагы баланын да бактысына балта чаптың. Эми мен балам менен талаада калдым. Бул сенин каныңан, экөөбүздүн сүйүүбүздөн жаралган бала. Сени сүйөм, сенсиз жашай албайм деп айтчу эмес белең. Кана ошол сөзүң…- деп телефондон ыйлап кирди Замира. Анын сөзүн аягына чейин уккусу келбеген Рашид телефонду өчүрүп салды.
- Эри туруп, башка бирөөнөн боюнда болгонун кантип кечирсе болот. Дегеле аялдардын ушундай жеңил ойлуулукка берилип, эрсиз тууп алгандарына таптакыр түшүнбөйм. Анан бирдеке десе эле эркектер алдап кетти деп күнөөлөп жатып калышат. "Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт" дейт. Аялдар өзүлөрү кыйшаңдап тийишпесе эркектер аларды баса калып зордуктап, боюна кылып коймок беле. Мен андай аялдарды эч качан кечирбейм. Алар бузулган аялдар. Замира башка эркектен боозуп келгенине мен анын өзүн гана күнөөлөйм. Аны менен ойногон эркекте күнөө жок. Ал эркекке кыйшаңдап, көз сүзүп, жанына жолотконго мүмкүндүк берген өзү да. Мобу байкуш Актанды карачы. Кандай татынакай бала, аны кайсы эне сөрөй таштап кетти болду экен. Дагы жакшы биз багып алдык. Буга окшогон никесиз балдар дагы канча дейсиң, - деген Алмаз жеңил ойлуу аялдарды сындап, урушуп атканын уккан Алтынайдын бети кызарып кетти. Эгерде Алтынайдын да эрсиз, никесиз тууп, баласын балдар үйүнө таштап кеткенин Алмаз укса аны эч качан кечирбесин, өмүр бою жек көрүп калаарын билди. Алмаздын сөзүн унчукпай угуп отурган Алтынай сөзгө аралашты:
- Эми эмне кылайын деп атасыз?
- Эмне кылмак элем, эртең бейтапканага көрсөткөндөн кийин баары чечилет. Эгерде Замира чындап эле кош бойлуу болсо, анда экөөбүз биротоло ажырашабыз. Замиранын кылыгын сурасам, жашырып айтпай атасың го…
- Замира эженин көңүлдөштөрүн, анын ашыкча кылык-жоруктарын деле байкаган эмесмин. Билбейм… - деп Алтынай баарын көрүп-билип турса да билмексенге салды. Алмаз Алтынайдан бир топко чейин көзүн албай, анча ишенбей ойлуу карап турду да, жатууга кам урду.
Уктоочу бөлмөдө жаткан Замира сарысанаа боло бир топко чейин уктай албай ойгоо жатты. Жок дегенде Алмаз менен жакын аралыкта бир жолу эрди-катынча жуурулушуп бир жуурканга жатып калбаганына өкүнүп турду. Бир күнү түн ичинде Алмазга өзү барып, анын ой-боюна койбой, эркектик милдетин аткартууга аракет жасайын деген максаты бар эле. Бирок, минтип ал оюна жетпей, кош бойлуу экени ачыкка чыгып калып отурбайбы. Ушунча жыл балалуу болбой, наристе жытына зар болуп, үй-бүлөсүн сактап калайын деп жандалбастап далай доктурларга көрүнүп, эч жыйынтык чыкпай койгонунан баардык күнөө өзүмдө экен деген кыязда экинчи төрөй албайм деп тагдырдын жазмышына моюн сунуп калган Замира, кантип кош бойлуу болуп калганын өзү да билбей калды. Эгерде боюнда болуп калаарын билгенде бойго бүтүрбөөчү толгон-токой каражаттарды колдонбойт беле. Курсактагы баласын боюнан алдырып салайын деп, дагы бала жытына зар боломбу деп Кудайдан коркот. Төрөп алайын десе, Алмаз экөөнүн ортосу кадимкидей сууп калгандыктан, баарыбир ажырашаарын сезип турат. Бирок, эмнеси болсо да жакшы көрүп, сүйүп жүргөн, сулуу жаш жигиттен боюмда болду, балам да атасындай сулуу болот деген ишенимде курсактагы баласын алдыргысы келбей турду. Мүмкүн Рашид төрөлгөн баласын көрсө, жакшы көрүп мага үйлөнүп калаар деген илгери үмүткө да жетеленбей койгон жок. Эртең Алмаз менен бейтапканага барып, курсактагы баласын УЗИден текшерип, биротоло ачыкка чыгайын деген жыйынтыкка келди. Болоор иш болду, боесу канды, эми артка жол жок экенин сезди.

#44 06 August 2014 - 22:48
Таң атканча ар кайсыны ойлоп, санаага батып, уктабай чыккан Замиранын таңга жуук көзү илинип кеткен экен. Капталга нукуп ойготкот Алмаздын:
- Тур, доктурга баралы, - деген үнүнөн ойгонду. Көзүн ачса таң атып калыптыр.
Замира менен Алмаз тамактанышкан да жок. Жуунуп, кийинип алып бейтапканага барышты. Жолду карата экөө өз ойлору менен алек болуп атышты. Бейтапканага барышса кудай жалгап УЗИде кезекте эч ким жок экен. Замира менен кошо Алмаз өзү кирди. Врач аял Замираны текшерип туруп:
- Эки жарым айлык боюңузда бар экен, - деди. УЗИден такталгандан кийин Замира менен Алмаз сыр бербей, сыртка чыгышты.
- Эми эмне кыласың? - деп сурады, бейтапкананын сыртына чыккан Алмаз Замираны карап.
- Эмне кыл дегени турасың? Төрөйм да…
- Курсактагы бала меники эмес, ошондуктан экөөбүз документалдуу түрдө ажырашуубуз керек.
- Мен сени менен ажырашпайм…
- Бул эмне дегениң? Ойношуңан боозуган балаңды мени бак дегени турасыңбы?
- Каяктагыны айтпачы, бул сенин балаң…
- Кантип уялбай айтып атасың?.. Сенде бет барбы?! - деп Алмаздын жаны кашая түштү.
- Сенин балаң эмес экенин далилде, анда кыйын болсоң. Эгерде мени менен ажыраша турган болсоң, анда тууган-туушкандарга, тааныштарыңа, иштеген жериңе барып, боюмда жаңы болгондо Алмаз мени кызганып, аборт жасат болбосо ажырашам деп атат деп чыр салам. А сен кантип оозуң барып, ойношунан боозуду деп айтасың. Экөөбүздүн балалуу боло албай, менин доктурдан доктурга көрүнүп жүргөнүмдү бизди тааныгандардын баары билишет. Сага эч ким ишенбейт! Каалаган ыкмаңды колдонуп, кыйын болсоң мени менен ажырашып ал, мен сенден кетпейм, бул баланы да атасыз өстүрбөйм, - деп мисирейген Замира Алмаздын айткан сөздөрүн укпай, жөө басып кетти. Аялынан мындай сөздү күтпөгөн Алмаздын эмне дээрин билбей, Замираны карагысы да келбей жумушуна кетти.
Бейтапканадан үйүнө чейин шашпай жөө басып барды. Үйгө келсе, Алтынай менен Актан эшиктин алдындагы отургучта отурушкан экен. Алтынайды көрүп, өзүнөн-өзү кыжыры келген Замира:
- Сен менин бактымды талкаладың го, деги сенден кантип кутулам. Үйдөн кууп чыксам да болбой келип алдың, деги сен кимсиң?!- деп кыйкырды.
Алтынай эмне дээрин билбей, кайсалактай түштү.
- Ташта, алдагы колуңдагы баланы! Тууп алган балаңан бетер, аны бетиңе кармап, Актан үчүн эле келип атам деп кайдагы калпты айтпай! Алмаз экөөңөрдүн ортоңордо бирдеме бар го, антпесе, ал сени эч жака кетпейт деп жанталашпайт эле. Эгерде, жаман арыңда Алмаз экөөбүздү ажыраштырып тийип алайын деген арам оюң болсо, шашпагын! Мен сага Алмазды жөн эле кармата койбойм, ошону эсиңен чыгарба! Эми оозуңду ачып, көзүңдү жалдыратпай, тур, ашкананы жыйнап, тамак жаса! - деп буюра сүйлөдү Замира. Жанатан Алмаздан уккан сөзгө ызаланып келаткан Замира, жинин Алтынайды урушуп чыгарып алды. Анын кош бойлуу экенин билген Алтынай Замира менен айтышып, урушкусу келбеди. Бир чети аны аяды.
Түштөн кийин Алмаз жумушунан келди. Уктоочу бөлмөдө кериле жаткан Замиранын жанына келип:
- Кеч боло электе экөөбүз жакшылап чечишип, сүйлөшүп алалы, - деди.
- Боюман алдырбайм… - деди Замира дароо эле.
- Өзүң бил, баарыбир ал менин балам эмес. Сен боюңан алдырсаң да, төрөсөң да баарыбир мен сени менен жашабайм. Экөөбүз маданияттуу адамдардай, бири-бирибизди түшүнүү менен тынч эле ажырашып кетели. Боюңдагы балаң меники эмес болсо да сени көчөгө таштабайм. Сага квартира сатып берип, материалдык жардамымды берип турам. Бирок, балаңа фамилиямды бербейм. Эгерде антпейм, ажырашпайм десең, анда мени менен чогуу жашоо өзүңө эле оор болуп калат. Себеби, мен жакында үйлөнөм, башка аял алам. Баарыбир жашообуз болбойт, анын үстүнө мен сенден көңүлүм катуу калды, сени сүйбөйм дагы, ошондуктан кечке чейин ойлонуп жообун бер, - деген Алмаздын сөзүн уккан Замира:
- Кайсы шуркуяга үйлөнөйүн деп турасың? - деп ыйлап жиберди кызганычтан.
- Кимге үйлөнөөрүмдү жакында билесиң.
- Сенин кимге үйлөнөөрүңдү сезип турам, бирок, ал шуркуя менен баарыбир бактылуу боло албай сың! Бул үйгө башка аялдыкиргизбейм! ..

#45 06 August 2014 - 22:49
.Замира долулана адатынча ыйлап, Алмазды күнөөлөп кирди.
- Сен башка аял алган күндө да менчелик ал катын сени бактылуу кыла албайт. Убагында көзүңдүн кареги менен айланып, жаштыгымды арнабадым беле. Эми эмне болду? Сен менин сүйүүмдү барктай алдыңбы! Ушул үйгө тээтигил арам сийдик Актан келгени мени кагып-силкип, сөгүп-сагып, мурдагыдай көңүл бөлбөй калдың. Ошол арам сийдикти багып алып бактылуу, бир бүтүн үйбүлөнү курабыз го деген үмүтүм акталган жок. Тескерисинче, ал бала экөөбүздүн ортобузду алыстатты. Менин боюмдагы баланы башка бала деп атасың, а көчөдөн энеси боозуп таштап кеткен шуркуянын баласын өз балаңан, атүгүл коюнуңда жаткан аялыңан да өйдө көрүп атпайсыңбы. Ошол каргыш тийген арам сийдикти багып алганыма азыр өкүнүп отурам. Түн уйкуман кетип, кандай азап-тозок менен бактым эле. Ал арам сийдиктин кара жолтой болуп, менин бактыма балта чаап, экөөбүздү ажыраштыраарын кайдан билиптирмин. Эгерде ошентээрин билгенде аны үйгө жолотмок эмесмин, балдар үйүндө көпчүлүк балдардын катарында өсө бермек. Эмне кылсаң өзүң бил, бирок, менден, курсактагы баламан кете албайсың, - деди.
- Анда өзүң бил. Мен сенин талагыңды бердим. Үйдөн куубайм, бирок, үстүңө башка аял алып жашайм. Мейли, бала төрөлгөндөн кийин деле анын канын, ДНКсын текшертип, менин балам эмес экенин далилдеп берем. Бирок, эсиңде болсун, азыр ажырашпайм деп кепке келбей атасыңбы, сот баланын меники эмес экенин далилдегенде сени үйдөн эч нерсеси жок чыгарып салам. Ата-энеңдин төрүнө барып, ойношуңдан тууп келген балаң менен жашайсың, кийин эскерткен жок деп айпа, - деди да Алмаз ордунан туруп оозгу бөлмөгө чыкты.
Замира Алмаздан уккан сөзгө эмне дээрин билбей, ойлонуп калды. Чын эле баланын канын, ДНКсын текшере келсе, ал Алмаздын баласы эмес болуп чыгаары айдан ачык. Өмүрүндө ушундай ыңгайсыз абалга калып көргөн эмес эле. Эмне кылаар айласын таппай, сүйгөнү Рашидге телефон чалууну чечти.
Ал ашканада тамак жасап жүргөн Алтынайдын жанына келди.
- Сени менен сүйлөшөйүн дедим эле, - деди оор үшкүрүнө. Алтынай угуп атам дегендей Алмазды суроолуу карады.
- Бул жерден эмес, башка жакка чыгып сүйлөшөлүчү, жүр, Актанды ал. Үчөөбүз машина менен бир жакка баралы, - деди.
- Замира эже эмне дейт…- деп тарткынчыктады Алтынай Алмаз менен баргысы келип турса да.
- Эмне демек эле, мындан кийин бул үйгө анын тиешеси жок.
- Ал ансыз деле мени жаман көрүп, сиз менен соо эмес деп күнөөлөп, урушту. Азыр кетип калсак, келгенде мени үйдөн кууп чыгышы мүмкүн. Ушул эле жерден сүйлөшөлүчү.
- Коркпо, Замира эч нерсе дебейт, андан көрө тезирээк сыртка чыккыла. Мен күтүп турам, - деди Алмаз Алтынайдын андан аркы сөзүн укпай эле. Алтынай Замирадан канчалык коркуп турса да Алмаздын артынан Актанды көтөрүп чыкты.
Замира Алмаздын машинасын айдап кеткен үнүн укту. Бирок, Алтынай менен Актанды кошо ала кеткенин билген жок. Төшөгүндө бир топко чейин жатып, ордунан туруп, ашканага барып тамактанайын деп ойлоду. Оозгу бөлмөгө чыкса Алтынай менен Актандын карааны көрүнбөгөнүнөн короодо жүрсө керек деген ойго кетти. Ашканада тамак даяр эмес эле. Замиранын кыжыры келе, короого чыгып, көчөдөн карап, үйдөгү бөлмөлөрдүн баарын кыдырып чыкты. Бирок, жер жутуп кеткенсип Алтынай менен Актандан дайын болбоду. Ошондо гана Замира алардын Алмаз менен кеткенин билип, эмнегедир бир нерседен шектенгенсип алды. Бирок, кантип эле Алмаз Алтынайды карасын, аны эмне кылсын деген ойго жетеленди.
Алмаз Алтынайды шаардагы эң кымбат, элиталык делген ресторанга алып барды. Үйдөгү жупуну кийими менен жүргөн Алтынай уялып, ресторанга кирбейм деп адегенде тарткынчыктай түштү. Бирок Алмаз Алтынайдын кирбейм дегенине карабай, ресторанга ээрчитип кирди. Өмүрүндө мындай ресторанды ичинен көргөн эмес. Кичинекей Актанды алдына алып отуруп, Алтынайга Алмаз мындай деди:
- Алтынай, көптөн бери сени менен сүйлөшсөмбү деп жүргөм. Биздин үйгө келип жашаганыңа көп болду. Бири-бирибизди жакшы эле билип калдык. Ата-энеңди, бир туугандарыңды көрбөсөм да сенден укканым боюнча таанып калдым. Сенин жүрүм-турумуң, мүнөзүң мага жагат. Тарбия көргөн жердин кызысың. Менин үйбүлөлүк көйгөйлөрүмдү толугу менен билесиң. Эми менин Замира менен кийинки жашоом кандай болот, бир Кудайдын колунда. Сага бир суроо берейин, мени түз карап жооп берчи

#46 06 August 2014 - 22:50
Алмаздын берген суроосуна Алтынай башын ийкеп, маанилүү сөз укчудай тыңшап отуруп калды. Ой деген күлүк эмеспи, көптөн бери ичинен тымызын жакшы көрүп, сүйүп жүргөн арзыган адамы Алмаз азыр менин колумду сурайбы деген ой бир заматта келип кетти. Анын үстүнө Алмаздын акыркы күндөрү жасаган өзгөчө мамилесинен анын да өзүнө кайдыгер эместигин жүрөгү менен сезип жүргөн.
- Мен үйлөнөйүн деп атам. Кандай дейсиң? - деп сынай тиктеди Алмаз Алтынайды.
- Өзүңүз билиңиз, бирок, Замира эже менен биротоло ажырашып, анан башка маселеңизди чечсеңиз болмок. Анүстүнө, Замира эже кош бойлуу, аны ушундай абалда таштап, ажырашып кеткениңиз кандай болот... Билбейм, мен сизге эч кандай кеңеш айталбайт окшойм…
- Мага турмушка чыга турган кыз айылдык, жөнөкөй, түшүнүктүү көрүнөт. Ал мени сүйөөрүн, кичинекей Актанчикти жакшы караарын, ага өз энесиндей кам көрөөрүн айтып атат, - деген Алмаздын сөзүн уккан Алтынайдын ою тескери чыкканына өңү бузула түштү.
- Ал кыз сиз менен чогуу иштейби? - деп сурады бир топтон кийин Алтынай сыр бербей.
- Жок, мен аны жакшы тааныйм. Эгерде ошол кыздын ордуна сен болсоң эмне кылмак элең, Алтынай?
- …Билбейм, ал жөнүндө ойлоп көрбөптүрмүн…
- Анда ойлонуп көрчү…
- Бул эмне дегениңиз?
- Алтынай, кечирип кой, мен сени менен көптөн бери ушул темада сүйлөшөйүн деп, ыгын таппай жүргөм. Эми убакыт-сааты жетти окшойт… Албетте, сен жашсың, мурда турмуш куруп, жашоонун ачуу-таттуусун көргөн эмессиң. Бирок, экөөбүз бири-бирибизди жакшы эле жакындан билип калдык окшойт… Мага турмушка чыкпайсыңбы?
- …Сиз Замира эже менен урушуп, ортодогу көйгөйүңүздү мен аркылуу чечейин деп атасызбы?..
- Жок, андай ойдон алысмын. Кантип эле ошентип ойлоюн. Замира экөөбүздүн көйгөйүбүздү чечүү үчүн сүйбөгөн, жактырбаган адам менен баш кошмок белем. Сен биздин андай үйбүлөлүк маселелерди чечиш үчүн буюм, же дагы бир башка нерсе эмессиң да. Мен сени биринчи жолу көргөндө эле жактыргам. Бирок, сага деген сезимимди сыртка чыгарып, сага сүйүүмдү арнайм го деп эч ойлогон эмес элем. Чынын айтсам, сени жанымдан карыш чыгаргым келбейт… Мен сени чындап сүйөм. Эгерде Замиранын момундай акмакчылыгын билбесем, канчалык сен мага жаккан күндө да ал сезимимди ичиме катып, сыртка чыгарбай жүрө бермекмин. Бирок, сага деген сезимим таза боюнча сакталып кала бермек. Замирадан буга чейин эле көңүлүм калып келген, эми биротоло калды. Аны көргүм келбейт. Албетте, аны аял катары аяйм, бирок, баарыбир ал экөөбүздүн жашообуз болбойт. Сынган идишти кайра жабыштырса деле жаракасы калат эмеспи, ал канчалык чогуу жашайбыз деп аракет кылбасын, баарыбир ажырашабыз. Курсактагы баласы да меники эмес. Эгерде күйөөсү жок болуп туруп, башкадан боозуп келсе, анда ал Кудай алдында да кечиримдүү болмок. Тирүү турган күйөөсүнө жолобой башка адамдан боозуп келсе, мен анын баласын багышым керек экен да. Мурда башка күйөөсүнөн ээрчитип келген баласы болсо да бир жөн. Анын мындай кылыгын эч качан кечирбейм. Төрөгөн күндө да, боюнан алдырган күндө да баарыбир жашабайм. Азыр Замира менен ошол тууралуу сүйлөшүп келдим. Сени көптөн бери билем, Актанды өз балаңдай жакшы көрөсүң, сенден үйбүлөгө карамдуу, мээримдүү аял чыгат деп ишенем…
- Мен сизге эмне деп жооп беришти да билбей турам…
- Сен мени жаман көрөсүңбү?
- …Ооба… Ой, жок…- деп мукактанып, эмне дээрин билбей калды Алтынай.
- Анда эмне болду, сен мени сүйөсүңбү? Кана мени тике карап айтчы?
- Мен сизге азырынча эч нерсе деп жооп бере албайм. Качан Замира эже менен биротоло чечишесиз, ошондо гана жооп берем…
- Макул, андан эч кам санаба. Эгерде Замира экөөбүз ажырашсак, сен мага турмушка чыгасыңбы?
- Аны ойлонуп көрөйүн… Сиз мени жарга такап атасыз го… Эмне деп жооп беришти да билбей калдым. Жашоо деген оюнчук эмес. Эртеңки күнү мен да ыйлап көчөдө калгым келбейт.
- Аның туура дечи. Макул, мен сага убакыт берейин, азыр үйгө барып, Замира менен дагы сүйлөшөйүн.
- Бирок, Замира эжеге менин колумду сураганыңыз тууралуу эч нерсе айтпаңыз, антпесе…
- Камсанаба, ага эч нерсе айтпайм. Мен да түшүнөм, - деп Алмаз төш чөнтөгүнөн кооздолгон кутучадан алтын шакекти алып чыкты да, Алтынайдын колун коомай кармап, манжасына салды. Алтынай шакекти алып сала албай ыңгайсыз абалда калды.

#47 06 August 2014 - 22:52
Замиранын кыжыры келип, Алмаз менен Алтынайдын кол телефонуна улам-улам чалып атты. Бирок, телефонду эч ким албады. Арадан бир топ убакыт өткөндө гана Алмаздын машинасы менен Алтынай Актанды көтөрүп келип калышты. Аларды чыдамсыздык менен күтүп, жаны кашая эшикке кирип-чыгып аткан Замира Алтынайды көрөөр замат беттен алып урушуп кирди. Өзүн күнөөлүү сезген Алтынай Замиранын кем
синткен сөздөрүн угуп, унчукпай үйгө кирди. Замиранын аңкылдаганына эч ким унчукпады. Ага эч кимдин теңелгиси келбей, унчукпай атканы Замиранын кыжырын ого бетер келтирди. Ашканага кирип тамак даярдап аткан Алтынайдын жанына келген Замира анын колундагы жаңы алтын шакекти көрүп, өңү бузула түштү.
- Алдагы шакекти кайдан алдың?!- деп кекете сурады.
- Мен…бул шакекти сатып алдым…- дегенге араң жарады Алтынай мукактанып. Колундагы шакекти Замирага көргөзбөй алып коеюн деп ойлоп атып унутуп койгонун эстеди.
- Каяктан сатып алдың?!
- Дүкөндөн эле…
- Качан?! Эмне, акчаң бар беле?..
- Бүгүн сатып алдым… - деп калтырап кетти Алтынай. Алардын сөзүн ары жактан уккан Алмаз басып келди.
- Алтынайга шакекти мен сатып бердим, эмне болду? - деди.
- Аа, түшүнүктүү… Кайсы катынды үйгө киргизип, үйлөнөт болду экен деп атса, мобу чор таман малайды катын кылып алайын деп аткан экенсиң да… Ха-ха-ха! - деп мыскылдуу күлдү Замира шылдыңдай Алмазды карап. Эринин чындап эле Алтынайга көңүлү түшүп, ага үйлөнөйүн деген ою бар экенине ишенген жок. Азыр Алмаз чычалап, актанып чыгат деп ойлоду.
- Ооба, анын эмнеси бар экен. Мен сени менен ушул туурасында сүйлөшөйүн деп аткам. Экөөбүздүн жашообуз баарыбир болбосун жакшы билесиң. Ошондуктан Алтынайга үйлөнөйүн деген оюм бар. Ал сендей болуп ойсоктоп, жаш жигиттерге көзүн артпайт, экинчиден Актанды жакшы карайт. Мага мээримдүү гана аял керек… - деп андан ары дагы сүйлөйүн деп аткан Алмаздын сөзүн Замира бузду:
- Мен эми баарын билдим. Эмне эле менден алыстап кетти десе, көрсө, бул жаш айылдык кызга көзүң түшүп, аны кантип аял кылып алаарыңды билбей, ажырашам деп шылтоолоп аткан экенсиң да. Ушул үйгө жанагы арам сийдик менен мобул шуркуя да кошо кирди. Үйбүлөмдү, жашоомду, бактымды бузду! Жетишет! Мен эми минтип кемсинип жашай албайм… - деп буркурап ызалана ыйлап кирди.
- Мен сага эчак эле айткам, экөөбүздүн жашообуз болбойт деп. Ага мен күнөөлүү эмесмин, ойноп кеткен өзүңсүң…
- Сен баарыбир Алтынайды мени сүйгөндөй сүйбөйсүң! Азыр мага жиниң келип, кантип өч алышты, өзүңдү кантип алдап, сооротушту билбей атасың. Ошондуктан, алыстан катын издебей, үйдө отурган малайыбызды катын кылып алып менин жүрөгүмдү оорутайын деген оюң бар. Бирок, мен сени мобу айылдык кыздан кызганып, чуу чыгарып, ызы-чуу салат деп ойлобо. Алтынай менин теңим эмес. Ал менин чыпалагыма да теңелбейт. Бул убактылуу гана көрүнүш. Сага эмне, катын жокпу, көчөгө чыксаң жаш, сүлкүлдөгөн сулуу кыздарды чекесинен чертип аласың. Сенде байлык, бийлик да бар. Азыр сулуу кыздарга байлыгыңды көрсөтүп койчу, артыңан ээрчип келип, өзү катын болуп берет. Ошондуктан, бул кыздын да мендей болуп убалына калба, - деп акылдуусуна сүйлөдү Замира көзүнүн жашын аарчып, бир чети Алтынайга жаны ачыган адамдай.
- Мен көчөдөгү байлык үчүн чуркап, сага окшоп катын болгон сулуу кыздардан ушунчалык чарчадым. Мага андай кыздардын кереги жок. Ошондуктан, Алтынайга үйлөнөм. Аны мен жакшы көрөм, сүйөм. Мындан кийин биздин жашообузга кийлигишпе. Кааласаң төрөгөнчө чогуу жаша, каалабасаң төркүнүңө кет. Сага ушуну айтайын деп аткам. Андан сырткары эми бул үйгө Алтынай кожойке. Аны тууган-уруктарым менен тааныштырам. Ортобузду бузам деп аракет кылба, баарыбир андан пайда таппайсың. Тескерисинче, сен канчалык бизге жамандык жасасаң, ошончолук менден ала турган нерселериңен кол жууйсуң. Мен сага материалдык жактан камсыз кылам деп айткам. Бала төрөлгөндөн кийин баарыбир анын канын текшертип, элдин көзүнчө шермендеңди чыгарып, үйдөн ит куугандай кууп чыгам. Менин мүнөзүм кандай экенин жакшы билесиң, айтканыман кайтпайм. Ошондуктан, өз абийириңди кетирбей, мени менен ажыраш.
- Мен баарыбир сени менен ажырашпайм. Мейли, балаңдын канын текшерт, ал баарыбир сеники. Өзүң эле эл алдында уят болосуң. Сени дагы жаш катын алыптыр деп эл сөз кылат. Ал катының сулуу, акылдуу, билимдүү болсо бир жөн, айылдык маданияты жок кара катынды алыптыр деп айтышат. Демек, силер буга чейин эле соо эмес болчусуңар. Менде сеникиндей арам ой жок, болбосо бул малайды эчак эле үйдөн кууп чыкмакмын. Бирок, акыркы кездерде жүрөгүм жанагы арам сийдик Актанды багып алганда кара жолтой болоорун сезгендей, мобу кара кыз да бизге жамандык алып келчүдөй сезе баштагам. Эмне, Алтынай сенин сураган сунушуңа дароо эле макул болдубу?

#48 06 August 2014 - 22:55
- Алтынайдын мага эмне деп жооп бергенине кызыкпай эле кой. Ал сенин көйгөйүң эмес. Бизди аял-күйөөсү деп ойлой бер. Андан көрө өзүңдүн келечегиңди ойло, - деп Алмаз сыртка чыгып кетти. Короодо Актанды көтөрүп жүргөн Алтынайдын жанына келип, анын саамайынан сылап чекесинен аяр сүйдү. Аларды терезеден мисирейе карап турган Замира мыйыгынан шылдыңдуу жылмайып койду. Анан кол телефонун алып, жаш сүйгөнү Рашидге чалды. Ал бир топко чейин телефонду албай атып, акыры алды. Замира аны менен сылык эле учурашты да, жолугушуу тууралуу сүйлөштү. Бирок, башка жаш кызды кучагына алып сейилдеп жүргөн Рашид Замиранын сунушунан баш тартты. Анүстүнө ал Замиранын боюнда бар экенин уккандан бери андан качып, башка кыздарды карап кеткен.
Уктоочу бөлмөгө кирген Замира эмне кылсам, Алмаз менен биротоло эле ажырашып кетсемби же аны кармаганга дагы аракеттенип көрсөмбү деп башы катып атты. Баласы төрөлгөндө Алмаз анын канын текшертип, баласы эмес экенине көзү жеткенде өзү айткандай ит куугандай үйдөн кууп чыгаары айдан ачык. Же Алмаздын сунушуна макул болуп, ага үй, эмерек саттырып алып, биротоло ажырашып кетсемби. Эгерде материалдык жактан камсыз болуп, үстүмдө үйүм, астымда казаным болсо, бир балам бар экенине карабай үстүмө каалаган жаш жигитти күйөө кылып киргизип алам деген ойго да жетеленди. Анткени, Алмазды аракет кылып кармап калганы менен баарыбир мындан аркы жашоосу мурдагыдай болбосун билди. Эмнеси болсо да мага жакшы кеңешчи керек деген ойдо анда-санда телефон менен гана сүйлөшүп, конокко барып турчу энесине акылдашууну эп көрдү.
???
- Замира эже мени жаман көрүп атабы? - деди Алтынай күнөөлүү адамдай.
- Сени эмнеге жаман көрмөк эле, өзүнүн күнөөсүн билсин да, - деди Алмаз.
- Эми эмне кылалы деген турасыз?
- Бүгүндөн баштап экөөбүздү аялы күйөөсү деп эсептей бер деп Замирага айттым.
- Мен сизге жообун айткан жокмун го…
- Сен менин сунушума макул эмессиңби?
- Кеп менин макул эместигимде эмес. Экөөбүздүн никебиз да жок, эл алдына да ачыкка чыккан жокпуз. Бүгүн Замира эже экөөңүздөр урушуп кетсеңиздер анан мен бир күндө эле макул болуп, сизге аял болуп алмак белем. Андай болбойт, эгерде сиз мени чындап жакшы көрүп, мага баш кошкуңуз келсе, анда ата-энемдин алдынан өтүп, тууган-туушкандарыңыз менен тааныштырыңыз…
- Анын оорчулугу деле жок. Замира менен дагы сүйлөшөм, анан сен айткан сөздү аткарам, - деди Алмаз Алтынайдын белинен имере кучактап.
Кыз кезинде Алтынай этегин Даниярга ачып, андан көңүлү калып, төрөгөндөн кийин эркек аттууну жек көрүп, көргүсү келбей эч качан турмушка чыкпайм деп өзүнө-өзү сөз бергенин эстеди. Алмаздын аны жигит өбө элек таза кыз деп ойлоорун да сезди. Эгерде Алмазга турмушка чыгып калсам, менин кыздык белгим жок экенин, эртедир-кечтир эрсиз тууп кеткенимди укса Замираны көчөдөгү сойкулардан айырмасы жок деп жини келгендей мени да ошолорго теңесе эмне кылам деп башы катып атты. Алмазга аял болуу үчүн таза болуш керектигин сезди. Бирок, кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей, Алмаз анын кылыгын билээрин ойлоп отурду. Эмнеси болсо да Алмаз менен ачык айтып сүйлөшүүнү туура көрдү.
???
Кечки тамак ичилип, жатууга кам урушту. Замира конок бөлмөдө креслого чалкалай отуруп телевизор көрүп отурду. Бөлмөдө ары-бери басып жүргөн Алмазды мыскылдуу карап:
- Жаш катының менен бүгүндөн баштап чогуу жата баштайсыңарбы? - деп сурады. Алмаздын Замиранын суроосуна кыжыры келе:
- Ооба, ошону эле күтүп атасыңбы? - деп бурк эте жооп берди.
- Күтүп атам, Алтынайдын таза экенине көзүң жетеби, мен сага боорум ооруп атат. Элдер сенин малайың менен жүргөнүңдү, ага үйлөнүп алганыңды угушса эмне дешет? Сенин кадыр-баркың түшөөрүн эске алдың беле?
- Замира, мен сага эскерткем. Эгерде ушинтип жөнү жок сөздөрдү сүйлөй берсең анда үйдөн азыр эле эч нерсеси жок кууп чыгам. Боюмда бар деп аяйт деп ойлобо. Алдагы курсактагы ойношуңдун баласын, сени да аябайм!
- Макул, жарайт. Экинчи антип айтпайм. Силерге төшөк салып, шейшебиңерди текшерейинби? - деп какшыктай сүйлөдү Замира. Алмаз аны акшырая жаман көзү менен карады да ашканада идиштерди кылдыратып жыйнап жүргөн Алтынайдын жанына келип:
- Экөөбүз бүгүндөн баштап, аялы-күйөөсү болобуз. Антпесе, Замира биздин үйлөнөөрүбүзгө шектенип, ишенбей, мыскылдап атат. Ага биз бир бүтүн экенибизди далилдейли, - деди.

#49 06 August 2014 - 22:57
Алмаздын сунушуна Алтынай эмне дээрин билбей аптыга түштү. Анан:
- Жок, болбойт… Замира эже айтып атат деп сиз менен бир күндө эле аялы-күйөөсү болуп, жеңил ойлуулукка алдырмак белем. Жашоо оюнчук эмес, анын үстүнө мен сизге турмушка чыгаардан мурда сүйлөшө турган сөзүм бар, - деди Алтынай.
- Эмне сөз?
- Аны шашпай отуруп сүйлөшүүбүз керек. Азыр эле айта турган сөз эмес.
- Айта бер, кулагым сенде, - деп Алмаз Алтынайдын маңдайына келип отурду.
- Биздин сөзүбүздү Замира эже укпашы керек…
- Болуптур, Замиранын укташын күтөлү, - деп Алмаз Алтынай менен башка сөздөрдү сүйлөшүп отурду. Ал эми Алтынай Алмазга өзүнүн бир кездерде эрсиз тууп кеткен күнөөсү тууралуу айтууну чечти. Эгерде мени чындап сүйсө, кетирген күнөөмдү кечирип үйлөнөт, же жөн эле убактылуу көңүл ачууну ойлосо, үйлөнбөйт. Эмнеси болсо да өткөнүмдү өз оозуман уксун деп ойлоду.
???
Алмаз менен Алтынайды качан уктайт деп аңдып бир топко чейин конок тосчу бөлмөдө отурган Замиранын уйкусу келип, эмне болсо ошол болсун деген кыязда кол шилтеп уктоочу бөлмөсүнө кирип кетти. Арадан анча-мынча убакыт өткөндө Алмаз Замиранын уктаганын көрүп Алтынайга:
- Эми сүйлөшө турган сөзүңдү айта берсең болот, угуп атам, - деди жылмая.
- Сөздү эмнеден баштаарымды билбей атам… Сизге буларды айтуудан мурда көпкө ойлондум. Айтсамбы-айтпасамбы, сиз туура түшүнөсүзбү- түшүнбөйсүзбү деп кабыргам менен да кеңештим. Бирок, акыры ойлонуп, сизге ачык айтууну туура көрдүм. Эгерде мени күнөөлөп жек көрсөңүз, анда кырдаал тереңдеп кетелекте бул үйдөн кетишим керек. Мени кечирип коюңуз, ага бир чети өзүмдү күнөөлөсөм, экинчиден Даниярды да күнөөлөйм, ушул туура эмес кылыгымды эч качан кечирбейм… - деп Алтынай көзүнүн жашын көлдөтө төгүп ыйлап, Данияр экөөнүн ортосундагы мамилени, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшүп, кош бойлуу болуп калганда ал таштап кеткенин, эркек төрөп аны төрөтканага калтырып качканынан бери ачык айтып берди. Алмаз Алтынайдан мындай сөз угам деп ойлогон эмес эле. Аны бирөө союл менен башка чапкандай эле боло түштү. Алтынайды таза кыз деп жүргөн ою тетири чыкканга өңү бузулуп, бир топко чейин унчукпай отурду. Өзүнөн-өзү кыжыры келип, көздөрү канталай да түштү.
- Эми өзүңүз чечиңиз. Ошол кезде мен эч качан турмушка чыкпайм деп өзүмө-өзүм сөз бергем. Бирок… - деп сүйлөп аткан Алтынайдын сөзүн Алмаз:
- Туура кыласың, кантип турмушка чыгасың? Өзүңдүн каныңан жаралган баланы талаага таштап кеткен сен бактылуу болууга акың жок! Мен сени жигит өбө элек таза кыз деп жүрсө… Айылдын катуу тартибин көрүп келген сен ушундай болсоң, өздөрүн ээн-эркин алып жүргөн шаардыктарды кеп кылып эмне кылабыз. Эмне үчүн Кудай мага таза аялды тартуулабады! .. Биринчи аялым да жубан болуп келген, экинчи алган жаш аялым да жубан болчу, эми сени таза деп жүрсөм, сенин алардан эч айырмаң жок экен. Кыргыздарда абийирин таза сактап жүргөн кыз калбай калганбы! .. Мен сени кечире албайм, өзүң айткандай кырдаал тереңдеп кете электе үйүмөн чыгып кет. Эртең менен акчаңды эсептеп берем, каалаган жагыңа бар, макулбу… - деген Алмаздын үнү ызасынан киркиреп чыкты. Алтынайды көргүсү келбей, ордунан туруп, бөлмөсүнө кирип төшөккө жатты.
???
Алмаздын тескери, катуу кабыл алаарын Алтынай күткөн эмес эле. Менин ыйлап-сыктап айтканымды көрүп, туура түшүнөт го деп ойлогон. Бир чети Алмазга айтып, үстүндөгү оор жүктү алып салгандай жеңилденип алганы менен, андан биротоло кол жуурун билип санаага батты. Ушунча убакыттын ичинде Алмазды катуу сүйүп калганын эми сезди. Төшөктө бир топко чейин уктай албай, солуктап ыйлап жатты. Жанында көөшүлүп уктап жаткан Актанды улам-улам карап, өзүнүн бир кезде таштап кеткен баласын эстеди. Эртең Алмаз аны үйүнөн кууса, экинчи Актанды көрбөй каламбы деген ой анын башында турду. Актанды жанынан артык көрөрүн билет, ошондуктан кандай амал тапсам да кичинекей баладан алыстабаганга аракеттенем деп айла издеп атты.
???
Замира эртең менен эрте туруп, апасынын үйүнө барууга камдана баштады. Аны менен Алмаз экөөнүн ортосундагы мамиле тууралуу сүйлөшүп, кеңеш алайын деп ойлоду. Ашканада казан-аякты калдыратып жүргөн Алтынайдын шишимик тартып калган көздөрүн көрүп:
- Жаңы күйөөң сени таң атканча уктаткан эмес го, ээ?..- деди какшыктай мыскылдуу жылмайып

#50 06 August 2014 - 23:00
Замиранын мыскылдай, какшыктап сүйлөгөнүнө Алтынай ызалана түштү:
- Сиз эмнени айтып атасыз?! - деди.
- Эмнени айтмак элем, Алмаз экөөңөрдүн алгачкы нике түнүңөрдү айтып атам. Анткорлонуп билмексен болосуң да, эмне, Алмаз сени канааттандырган жокпу?
- Сөз деп эле сүйлөй бересизби, Алмаз байке экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болгон эмес, болбойт дагы! Анын сизге кыжыры келип айткан сөзүнө ишенип аласызбы! Ага менден бөлөк кыз жок бекен? Жетишет! Мени күйөөңүзгө жабыштырып кемсинтпеңиз, бул үйдөн эчак эле кетип калмакмын, болгону мобу кичинекей Актан үчүн гана кармалып атам, болбосо…
- Капырай, ушинтип айтып, мени алдап коем деп ойлоп атасың го, ээ? Эмне Алмаз сени менен бир жолу жатып, анан сага үйлөнбөйм деп калдыбы? Ага эмне болду мынчалык, кечинде эле сени жанынан артык сүйөөрүн, үйлөнөөрүн айтып отурбады беле? Сен аны таарынтып койгонсуң го, хи-хи-хи, бир заматтын ортосунда экөөңөрдүн үйлөнбөйбүз деп так секиргениңерге таңгалып турам… - деп табасы кана Замира каткырып күлүп, Алтынайды шылдыңдай кемсинтип турду. Ызаланган Алтынай ага кыжыры келип:
- Сиз мени өзүңүздөй ойлоп атасызбы? "Бир жаш жигитти сүйүп калдым, эми эмне кылам" деп менден кеңеш сурап атпадыңыз беле? Ал жигит сизди кош бойлуу кылып, карабай таштап кеттиби, мени эч нерсе билбейт деп атасыз го, ээ? Алмаз байкеге сиздин ким менен жүргөнүңүздү айткан эмесмин, эми ушинтип оозуңузга алыңыз келбей сүйлөй берсеңиз баарын айтып салам.
- Айта бер, мен андан коркпойм. Сен эмне ал жигит менен жатканымды көрдүң беле? Ансыз деле Алмаз экөөбүз ажырашканы турабыз, баарына сен күнөөлүүсүң! - деп Замира адатынча Алтынайды күнөөлөп кирди. Аңгыча уктоочу бөлмөдөн чыккан Алмаз:
- Замира, кечээки менин айткандарымды ойлондуңбу? Жакында Алтынай экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуз болот. Ошондуктан айткан сунуштарымдын жообун эртерээк бер, - деди. Алтынай Алмаздын азыркы айткан сөздөрүнө ишене албай, сүйүнөөрүн же күйүнөөрүн билбей, унчукпай туруп калды.
- Бул шуркуя сага "турмушка чыкпайм, аны сүйбөйм, Алмаз байке жалган айтып атат, экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок, биз сүттөн акпыз" деп актанып атат го, - деди Замира мыскылдай.
- Ооба, Алтынай экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болгон жок. Экөөбүздө таза сүйүү бар. Мен Алтынайдын сенин жигитиң жөнүндө билээрин билген эмесмин, канча жолу сурадым эле, көрсө ал билип туруп, айткан эмес экен да.
- Мен аны жек көрөм! Үйүмө оту менен кирип, күлү менен чыгып, оокатыбызды жасап, малай болуп келип, эми менин эримди тартып алып, үйгө кожойке болгону атса… Ал мага ошончолук эле жакшылык каалайт экен, анда эмне үчүн биздин үйбүлөнү бузду? Үйдөн кет деп кууган күндөрүм да болгон. Бетине Актанды кармап, ушул бала үчүн гана чыгалбайм, кеталбайм дейт. Эмне, Актан анын тууп алган баласы беле, же тууганыбы? Бул жерде кичинекей Актан эмес, сенин акчаңа, бийлигиңе, байлыгыңа кызыкканы айдан ачык көрүнүп турат. Сенин көзүң кандай сокур болуп калган? Ушул Алтынайда башкалардай өң, билим, же маданият болсочу, мунун эмнесине кызыктың? Каалайсыңбы, сага жапжаш, супсулуу, билимдүү, илимдүү, маданияттуу, тил билген сүлкүлдөгөн кызды койнуңа салып, экинчи катын кылып берейин. Алтынайды көрүп сен эмес, бери жакта мен уялып атам. Кантип ушундай кызга үйлөнөм дегенге дитиң барды?! - деп Замира күйгөн адамча Алмазга Алтынайдын көзүнчө эле жамандап кирди.
- Мага сенин таап берген сулуу, жаш кыздарыңдын кереги жок! Мен Алтынайды сүйөм, ага үйлөнөм, болду, башка сөз болбосун! - деп Алмаздын Замирага кыжыры келе, Алтынайды белинен кучактап, сыртка чыгып кетти.
Замира эмне кыларын билбей, энесине барып, мындан аркы жашоосу тууралуу кеңеш алууну чечти.
???
- Көптөн бери келбей кеттиң кызым, түшүмө киресиң, телефонуңа чалсам жарытылуу сүйлөшпөйсүң, - деп жалынып-жалбарып тосуп алды Замираны энеси. Экөө ал-жайды сурашкандан кийин Замира кош бойлуу экенин, курсагындагы бала эринен эмес, башкадан экенин, аны билип калган Алмаз ажырашам деп атканынан бери жаап-жашырбай айтып берди. Кызынын кош бойлуу экенине бир чети сүйүнсө, экинчиден анын күйөөсү менен ажырашып атканына кейий түштү.
- Кош бойлуу экениң жакшы, бирок, турмуштан ажырап, жалгыз бой баланы тарбиялап, чоңойтуу кандай оор экенин билесиңби? Макул, мен жардам берейин, Алмаз сага үй, эмерек сатып берсин. Бирок, Алмаз экөөңөр ажырашкандан кийин сага тынымсыз жардам бербейт. Карабайт дагы. Дагы ыракмат айт, эгерде ал сага үй, эмерек сатып берип, төрөгөнчө материалдык жактан жардам берем дегенине. Болбосо, башка эркек эч нерсеге карабай үйүнөн кууп чыкмак.
- Эми эмне кыл дегени турасыз? Менин да айлам кетти, Алмаз экөөбүздүн жашообуз баарыбир болбой калды. Аны этек-жеңден кармап кетирбей, зордоп жашаган күндө да бактылуу турмуш болбосун билем. Алмазга өчөшүп курсактагы баланы алдырайын деп Кудайдан корком. Акыры сизден кеңеш алайын дедим. Алмаз мага үй сатып берем деп атат, аны алдап-соолап саттырып алайын. Өзүм жашмын, билимим, акылым, өңүм бар дегендей. Бала төрөлгөндөн кийин ошончолук эле эр керек болуп атса, үстүмө көчөдөгү эркектердин чекесинен чертип туруп бирөөнү киргизип алам. Же өмүр бою турмушка чыкпай деле жашай берем. Күйөөдөн ушунчалык көңүлүм калды, мен ушундай ойго келип токтодум.
- Антип ашыкпай тур. Үйбүлө бузулуш оңойбу. Алмаз менен өзүмчө сүйлөшүп, экөөңөр ажырашпай тургандай кылам. Ажырашпайсыңар, ага бөркүңдөй ишене бер. Алаканыңды жайып, жанагы сен айткан айылдык кызга үйүңдү бошотуп, койнуңдагы күйөөңдү салып берип коесуңбу? Же эч кимиң жок, жетим кызсыңбы? Сенин ата-энең бар. Мен силердин үйбүлөңөрдү сактап калам, сарсанаа болбой, андан көрө уктап эс ал, - деп энеси бир нерсени тапкандай кызын тынчтандырып койду.

#51 06 August 2014 - 23:02
- Мен сизге түшүнбөй турам. Кечээ эле экөөбүз сүйлөшкөндө ортобузда эч нерсе болбосун айткандай болдуңуз эле… - деди Алтынай короодо Алмаздын кучагында туруп.
- Мен да ошентип ойлогом… Сени жек көрүп, керек болсо маскаралап туруп үйдөн кууп чыккым да келген. Бирок, таң атканча кирпик какпай көпкө ойлондум. Баарын таразаладым. Бул жалган жашоодо жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт дегендей, жаңылбаган адам да болбойт тура. Сени кечирбейт болчумун, болгону төрөлгөн балаңды ойлоп, бул жашоодо тынчсызданып, кыйналып, кетирген жаңылыштыгыңа өкүнгөнүң үчүн кечирдим. Мага жаап-жашырбай өз оозуң менен ачык айтканыңа баа бердим. Акыры ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп сени менен баш кошууну чечтим. Менин сунушума кандай дейсиң? - деп сурады Алтынайды карап.
- Мен сизге ал жоопту бергем…
Замира менен энеси эртеси кечинде Алмаз менен сүйлөшүү үчүн келишти. Бул учурда Алмаз жумуштан жаңы эле келип, кечки тамакка отурган. Кантсе да көптү көрүп калган кексе кемпир Алмазга жылуу жумшак, эч нерсе болбогонсуп, демейдегидей учурашты. Үйдө оокат жасап жүргөн Алтынайга да сыр бербеди. Тескерисинче, анын тыңдыгын бир сыйра мактап өттү. Дасторкон үстүндө Замиранын энеси Алмазга экөөнүн эмне себептен ажырашам деп атканын сурады. Баарын майдалап кайненесине айтып бергиси келбеген Алмаз үстүртөн ажырашуусунун себептерин кобурады. Таң атканча Алмаз менен кантип сүйлөшүштү пландап, ойлонуштуруп чыккан кемпир, күйөө баласына акыл-кеңешин айтып, ушуга окшогон чырлар ар бир үйдө эле болорун, атүгүл ушинтип кызганычтан ажырашып, кайра бирин-бири кечиришип жакшынакай жашап аткан үйбүлөлөрдү мисалга айтып кирди. Күйөө баласын же кызын күнөөлөп урушкан да жок. Ортодо аларга тамак берип жүргөн Алтынайга да анын жаш, сулуу экенин айтып, бирөөнүн үйбүлөсү бузулса ал күнөөлүү болуп каларын, башканын көз жашы менен курулган бакыт узакка созулбасын, андан көрө өз турмушун көрүп, башка башы бош жигитке турмушка чыкканың оң деген сыяктуу кеңешин айтты. Анын сөзүн баардыгы кунт коюп унчукпай угуп отурушту. Акыры Алмаз Замира экөөнүн ортосундагы сүйүү эчак эле өчкөнүн, азыр кайненесинин көңүлү үчүн ажырашпай, үйбүлөсүн сактап жашаган күндө да мурдагыдай жашоо баарыбир болбосун айтты. Кайненеси ары да бери да айтып, күйөө баласын көндүргөнгө аракеттенди. Бирок, көгөрүп алган Алмаз айтканынан кайтпай койду. Энесинин жанталаша аларды жараштырганга аракеттене сүйлөп атканына Замира:
- Ой апа, көргөн жоксузбу, Алмаздын менде ою жок. Анын эси-дарты, оюнун баары Алтынайда. Ал мени менен жашаган күндө да Алтынайды ойлоп жашайт. Мен антип кемсинип жашагым келбейт. Антип аракеттенбей эле кой. Андан көрө Алмаз мага төрөгөнчө жардам берип, материалдык жактан камсыз кылам деген, ошол сөзүнө турсун. Мага шаардын борборунан үч бөлмөлүү квартира эмереги менен сатып берем деп сиздин көзүңүзчө сөз берсин. Антпесе, менин жаштыгымды пайдаланып, тажаганда кайра менден да жаш кызды үйүнө киргизип алып, көчөгө эч нерсеси жок чыгарып койбосун. Алмаздын ажырашам дегенине мен макулмун. Эгерде айткан сөзүнө турса, Алмаздын мындан аркы жашоосуна кийлигишпейм, ал өз жашоосун, мен өз жашоомду көрөм. Сен ушуга макулсуңбу? - деп сурады Замира эри экөөнүн ортосунда баарыбир жашоо болбосуна көзү жетип. Алмаз Замиранын айтканына дароо макул болду. Анын айтканына ишенбеген Замира Алмаздан тил кат да жаздырып алды.
Энеси кетеринде Алмаз менен Замирага:
- Дагы жакшылап ойлонгула, ажырашуу оңой эле, бирок, аны кайра бүтөө кыйын. Кийин өкүнүп калбагандай болгула, - деп кеңешин айтып кетти.
Кызынын үйбүлөсүн сактап калуу максатында Замиранын энеси молдо-бакшы, төлгөчү, парапсихолог дегендерге кайрылууну ойлоду. Бул оюн кызына да бир сыйра айткан эле, бирок, Замира андайларга ишенбегендиктен бул ойдон баш тарткан. Азыр кызынын үйүнөн чыгып, гезит аркылуу "ажыраша турган үйбүлөлөргө тынчтык, бейкутчулук алып берем" деген жарыя издеп, жазылган дарек боюнча жөнөп калды.
- Сен менден канчалык эрте кутулгуң келсе, ошончолук тезирээк үй, эмерек сатып бер. Антпесе, бул үйдөн эч жакка кетпейм. Балам төрөлгөнчө ушул үйдө апамды жаныма алып жашап турам, - деди Замира дароо эле.
- Аны өзүм деле билип турам. Бир жуманын ичинде айтканыңды сатып берем, - деп ишине жөнөп кетти Алмаз

#52 06 August 2014 - 23:03
Ашканада Актанга тамак берип отурган Алтынайдын жанына келген Замира:
- Картаң болсо да бай күйөөгө тиймек болдум деп сүйүнүп атасыңбы? Бирок, мени сыздатып бул үйдөн кетирип, бактылуу болом деп ойлобо! Мен канчалык кыйналсам, Алмаз экөөңөрдү ошончолук каргайм! Эсиңде болсун, эртеби-кечпи сен да менин кейпимди кийесиң! Мейли, азыр экөөңөрдүн ысыгыңар тарай элек. Бирок, ушундай таттуу мезгил да кетет. Ал сени баарыбир менчелик сүйбөйт. Ага оокатка, кара жумушка тың айылдык аял гана керек. Алмаз мени төбөсүнө көтөрүп, үйлөнүү тоюбузда чет мамлекетке чейин сейилдеп барып, күнүгө гүл берип, ресторандарда гана тамактанчубуз. Көрөм, ал сени канчалык деңгээлде барктай аларын. Сени төрөтүп, оокат жасатып үйгө отургузуп коет да, өзү жаш кыздар менен каалагандай көңүл ачып жүрө берет. Ошондо эрдиңди тиштеп теңимди эле тапсам болмок экенмин деп өкүнөсүң. Баары кеч бололекте ойлон, мен сага аялдык гана кеңешимди айтып атам. Алмаз экөөбүз баарыбир ажырашабыз, бирок, сен алдагы жүдөгөн кебетең менен тез эле ажырашарыңды билем, - деп мисирейе чыгып кетти. Замира кеткенден кийин Алтынай ойлонуп калды.
Кечинде жумуштан келген Алмаз Замирага:
- Гезиттерден жарыя боюнча өзүңө үй издей бер. Мен сага акча даярдап атам, - деди. Үчөө ашканада эч нерсе болбогонсуп унчукпай тамактанышты. Аңгыча эшиктин коңгуроосу кагылды. Алтынай эшикти ачса маңдайында мылжыйып Данияр турат. Аны көргөн Алтынайдын жүрөгү башкача согуп, өңү бузула түштү. Эмне дээрин билбей унчукпай туруп калганда Данияр:
- Кандайсың Алтынай, үйдө Алмаз байке менен Замира жеңе барбы? - деди да, Алтынайдын андан аркы сөзүн укпай жөөлөп үйгө кирди. Даниярды көргөн Алмаздын да көңүлү бузулуп, аны суз кабыл алды. Алтынайдан уккан чындыктан улам Алмаз азыр Даниярдан кызгана түштү. Адаттагысындай эле Данияр шыпылдай учурашып, ал-жайды, жаңылыктарды сурап кирди. Замира Данияр менен учурашкандан кийин эле:
- Бизде жаңылык көп. Алмаз байкең экөөбүз ажырашып атабыз, - деди жылмая.
- Коюңузчу кантип эле… - деди Данияр Замиранын сөзүнө анча ишенбей.
- Чын эле, ишенбесең Алтынайдан сура. Ал сага Алмаз экөөнүн кантип баш кошуп алганын айтып берет.
- Эмнени эле былжырап атасың. Жаагыңды жап, болбосо азыр менден бирди көрөсүң! - деп ызырынган Алмаз Замираны акшырая жеп жиберчүдөй карады.
- Эмнеге анчалык кыжырың келип атат? Эртеби-кечпи Алтынай экөөңөрдүн баш кошоруңарды элдин баары билет. Же аны менен ачыкка чыкпай, ойнош болуп жашайын деген оюң барбы?
- Мен эч нерсени түшүнгөн жокмун…- деди Данияр аларды таңгала карап.
- Түшүнбөсөң анда айтып берейин, Алмаз байкең менен Алтынай экөө баш кошуп алышты. Жакында мен бул үйдөн кетем. Үйдөгү ата-энеңе, тааныштарыңа айтып бар. Алмаз үйүндөгү малайына үйлөнүп алыптыр деп. Менин боюмда бар, а Алмаз байкеңе курсактагы баланын кереги жок экен, - деп Замира мыскылдай сүйлөп отурду.
Алтынай менен сүйлөшүп, аны менен кайрадан көңүл ачууну көздөп келген Данияр башка чапкандай эле боло түштү. Бир чети ишенбей, Алтынай менен Алмазды улам-улам карайт.
- Ишендиңби, Данияр… Алтынай экөөбүз баш кошолу деп атабыз. Замира туура айтат. Эртедир-кечтир баарыбир ачыкка чыгабыз, - деди Алмаз биртоптон кийин, эмне дээр экен деген кыязда аны сынай карап.
- А-а… жакшы болгон турбайбы… Алтынай менен жакшылап сүйлөштүңүзбү, анын башка жактырган жигити бар болчу да. Ага эмне деп айтат болду экен… - деди Данияр.
- Эмне болгон жигит? Алтынайдын жигити бар беле? - деп Замиранын чырагына май тамгандай жанталаша сурап кирди.
- Данияр, жетишет! Кайдагыны айтып, менин бактыма дагы балта чабайын деп атасыңбы! Алмаз байке баарын билет, сен антип мени шылдың кылба! Эгерде ушинте берсең, мен сенин ким экениңди элге айтып, абийириңди кетирем! Жанатан бери унчукпай койсо, мени жаманатты кылып, маскаралайын деген оюң барбы! - деп жашка муунган каргылданган үнү менен Алтынай кыйкырып жиберди

#53 06 August 2014 - 23:05
Алтынайдын айткан сөзүнө Замира таңгала:
- Данияр экөөңөрдүн ортоңордо бирдеме болду беле, эмне коркуп кеттиң? - деп сурады.
- Эч нерсе болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес. Бир кездерде Данияр менин бактыма балта чапкысы келген. Бирок, анын арам ою ишке ашкан жок. Мен азыр баягы Алтынай эмесмин. Унчукпай отуруп калбайм. Кана, Данияр эмне максат менен келдиң, Алмаз байкенин көзүнчө айтчы? Алмаз байке экөөбүз баш кошконбуз, ортобузда бири-бирибизден жашыра турган эч нерсе жок, - деп кекете сүйлөдү Алтынай. Андан мындай сөз күтпөгөн Данияр Алтынайдын өзгөргөнүн сезе, эмне дээрин билбей Алмаздын алдында тайсалдай түштү.
- Менде эч кандай арам ой жок. Силер менен урушайын деп келген эмесмин. Болгону Алмаз байке менен Замира жеңеге учурашып коеюн деген максатта келгем. Силердин үйбүлөлүк урушуңарды деле уккан эмесмин. Эгерде катуу кетсем кечирип койгула. Алтынай, сени менен өзүнчө беш мүнөткө сүйлөшсөм болобу? - деп ордунан турду Данияр.
- Айта бер, мен Алмаз байкеден эч нерсе жашырбайм, - деди Алтынай.
- Алтынай, барып сүйлөшүп койчу, эмне сөзү бар экен, - деди Алмаз Замиранын көзүнчө баягы кыз кезинде боозутуп таштап кеткенин айтып салбасын деген кыязда.
- Макул, Даниярдын сөзүн угайын. Бирок, эми бул үйгө мен кожойкемин. Адегенде келериңди айтып коюп жүр. Болбосо биздин үйгө келип ынтымагыбызды бузба, - деп Алтынай сыртка чыгып бараткан Даниярдын артынан ээрчиди.
- Ай-ий, мунуң айылдык ушакчы катындан эч айырмасы жок го. Сага тийе албай эле араң турганбы... Сага тийе элек жатып, үйүңө келген конокторду ушундай кабыл алса, катынга жыргаптырсың, куттуктайм! Эми өмүр бою ушул катыныңдын келесоолугунан уялып жүрүп өтөсүң, - деп табалаган Замира ордунан туруп кетти.
???
- Эмнени айтайын дедиң эле? - деди Алтынай Даниярды демитип.
- Менин балам эмне болду?
- Кайсы балаңды айтып атасың?!
- Кайсы болмок эле, акыркы жолу экөөбүз жолугушканда "боюмда бар, мага үйлөн" деп ыйлабадың беле, же калп беле?
- Ооба, калп айтып койгом. Болдубу?!
- Сенин боюңда бар болчу, мен ишенбейм. Кана менин балам, же мобул үйдөгү кичинекей бала экөөбүздүн балабызбы? - деп шектүү карады Данияр.
- Каяктагыны айтпачы… Кет үйүңө, экинчи келбе, эгерде дагы ушинтип келе турган болсоң, Алмаз байкеге айтып, сенин ата-энең менен башкача сүйлөшөт, - деди да Алтынай үйгө кирип кетти. Даниярдын үйдөгү кичинекей бала меники эмеспи деген сөзүн угуп, эмнегедир Алтынайда да шектенүү пайда болду. Ашканада ойлуу отурган Алмаздын жанына келип:
- Ата-энемдин астынан качан өтөсүз? - деп сурады.
- Замирага үй алып берип, өзүнчө бөлгөндөн кийин экөөбүз ачыкка чыгабыз.
- Менин сизде бир өтүнүчүм бар…
- Эмне өтүнүч?
- Мен акмактын жаштык кылып таштап кеткен баламды издесемби деген оюм бар. Сиз жардам бересизби? - деп көзүнүн кычыгына жаш толо түштү.
- Аны мен да ойлогом. Сөзсүз издейбиз. Кудай буюруп табылып калса, Актанга биртууган кылып алабыз. Сен мага дагы бала төрөп бересиң. Андан көрө качан, кайсы төрөтканада төрөдүң эле, балаңдын өзгөчө белгилери бар беле, баарын эстеп мага жазып бер. Мен эртеңден баштап сураштыра баштайын, - деди Алмаз Алтынайды эркелете саамайынан сылап.
- Чын элеби? Анда мен азыр эле жазып берем, - деп Алтынай ары жактан кагаз, ручка алып баарын жаза баштады. Акырында кичинекей баласына Алтынбек деген атты кагазга жазып, жалаяктарынын арасына салып койгонунан бери жазды. - Сиз кандай дейсиз, баламды кимдир бирөөлөр багып алышы мүмкүнбү? Эгер алар багып алышып, мага бербей коюшса, же из жашырып кетишсе кантем? - деди ыйламсырап.
- Коркпо, колубуздан келишинче издегенге аракеттенебиз, - деп жооткотту Алмаз.

#54 06 August 2014 - 23:07
Алтынай менен Даниярдын сөзүнөн бир нерсени шектенген Замира өзүнчө ойлонуп калды. Эмнеси болсо да Даниярга жолугуп, андан Алтынай жөнүндө суроону чечти. Бөлмөсүнө барып, Даниярдын кол телефонуна чалды да жолугушуп, сүйлөшүү тууралуу сунушун айтты. Алтынайдын Алмазга турмушка чыгып, керсейе сүйлөгөнүнө ызаланып калган Данияр дароо эле Замира менен жолугушууга макулдугун берди. Алмаз менин бир кездеги сүйгөнүмө үйлөнүп алса, эмне үчүн мен анын ажырашкан аялына ашык болбошум керек, сулуу десе сулуу, акылдуу, маданияттуу,
бул жагынан Алтынайдан алда канча өйдө деп өзүнчө ойлонуп баратты Данияр.
???
Алмаз эртеси жумушка барып, бир кезде Алтынай баласын таштап кеткен төрөтканага телефон чалды. Төрөтканада баласын таштай качкан күкүк энелер көп болбосо да, анда-санда кайталанып тургандыктан, ошол күнкү төрөлгөн балдардын ичинен бирөө таштанды болгонун айтышты. Бирок, ал баланы ымыркайлар үйүнө өткөрүп жибергендерин да кошумчалашты. Ымыркайлар үйүнө телефон чалып, Алтынайдын таштанды баласы тууралуу сурады эле, жетекчиси "андай маалыматтарды бербейбиз" деген жоопту айтты. Бул иш телефон менен чечилбесин билип, ымыркайлар үйүнө эртеси Алтынайды ээрчитип барууну ойлоду. Анан Замира экөө бала багып алабыз деп ошол ымыркайлар үйүнө барганын эстеди. Ал баланы биз сыяктуу балага зар болгон үйбүлө багып алган болсо, анда аны табуу кыйын экенин да сезди. Бирок, эмнеси болсо да издеп көрүүнү чечти.
Кечинде жумуштан келгенден кийин Алтынайга иштин чоо-жайын түшүндүрүп, экөө эртеси ымыркайлар үйүнө бармай болушту. Алтынайдын жүрөгү элеп-желеп болуп, баламды таап каламбы деген үмүткө жетелене, "эгерде таап калсам, Актан менен биртууган кылып, экөөнү ажыратпай багат элем" деп кыялданып турду. Баласынын туулганын эсептесе, Актан менен тең чамалаш болуп калат экен. Эси-дарты, оюнун баардыгы таштанды баласында болуп, анын эртерээк аман-эсен табылышын Кудайдан тилеп атты.
???
Замира эртең менен туруп, кулактандыруу боюнча үй издегени кеттим деген шылтоону айтып, Данияр менен жолугушууга жөнөдү. Экөө болжошкон жерден жолугушту. Данияр Замирага өзгөчө көңүл бөлүп, колуна чоң букет гүл кармап тосуп алды.
- Ай-ий, бул магабы? - деди жагымдуу белекти алган Замира.
- Ооба, сиздей сулуу айымга сулуу гүлдү тандап алдым, - деди Данияр бир кезде Алтынайга айткан сөзүн кайталап.
- Ыракмат, бирок, Алмаз байкең гүлдү кайдан алдың, ким берди десе эмне дейм?
- Андан эмнеге чочулап атасыз? Ал деле сиздин көзүңүзчө үйүңүздөгү малайыңызга үйлөнүп алыптыр го. Ага дагы эле кайда басып-турганыңыздан бери отчет берип турасызбы? Сиздин башыңыз бош да, эмне үчүн сизге гүл же башка белек бере турган мырза болбошу керек? Же эмне, сиз мырзаларга жакпай турган аялсызбы? - деди Данияр шыпылдай. Анын сөзүн уккан Замира чын эле дегендей башын ийкеди.
- Мен сени менен сүйлөшөйүн деп атайы чакыргам. Мага Алтынай жөнүндө билгениңдин баарын ачык айтып берчи. Аны кайдан тааныйсың, кандай жигиттер менен жүрчү, буга чейин эмне иш менен алектенчү, айтор, эмнени билсең баарын айт, - деди Замира. Алмаз менен Алтынайга ызаланып калган Данияр жан-дили менен Замирага оюнан чыгарган калптарды кошуп айтып берди:
- Алтынай менен университетте окуп жүргөндө капысынан таанышып калганбыз. Жеңил ойлуу, далай эркектердин оюнчугу болгонун көрүп эле жүрчүмүн. Ага кызыгып, бир жолу колдонуп алайын деген эркектердин арасында чынын айтсам, мен да бар элем. Башка эркектер сыяктуу эле аны далай жолу пайдаландым. Бир караган кишиге айылдык, эч нерсени түшүнбөгөн баео, таза кыз көрүнгөнү менен, анын кылыктары көчөдөгү сойку кыздардан ашып түшөт. Далай эркектерди жыргаткан Алтынай бир күнү мага ыйлап келиптир "боюмда бар, мага үйлөн" деп. Ар кимдин оюнчугу, эрмеги болуп жүргөн кыздын боюндагы баласы меники экенине кантип ишенмек элем. Ага үйлөнбөсүмдү айтып, бала меники эмес десем, догурунуп, сенин балаң деп, айтор, мага турмушка чыкканга аябай аракет жасады. Элестетсеңиз, биринчиден, ата-энем ага уруксат бербейт болчу. Экинчиден, мен ар кайсы эркектин алдында тарп болуп жаткан кызга билип туруп кантип үйлөнмөк элем. Айтор, ал өлөм деп коркутуп жүрүп, акыры мен андан кол үздүм. Баягы аны курчап, тегеректеп жүргөн эркектер боюнда бар экенин уккандан кийин качып жоголушту. Курсактагы баласын төрөдүбү же алдырып салдыбы, билбейм. Айтор, ошол боюнча байланышыбыз үзүлүп калган. Андан кийин силердикинен көрдүм, - деди Данияр. Бул сөздөрдү уккан Замиранын жүзүндө жылмаюу пайда болду.
- А менин тиги келесоо эрим Алтынайды сүттөн ак деп айга-күнгө теңеп, көзүнө эч нерсе көрүнбөй, үйлөнөм деп атпайбы, анын көзүн ачыш керек! - деди Замира

#55 06 August 2014 - 23:09
- Сен мага жакшы маалымат бербедиңби,
- деди Замира ыраазы боло.
- Мен болгонун айттым. Алтынай жөнүндө Алмаз байкеге айтасызбы, жокпу, өзүңүз билиңиз. Бирок, ал эртеби-кечпи баарыбир өкүнөт. Алмаз байке Алтынайдын кандай экенин мурда билсе ага эч качан үйлөнөм демек эмес, - деп кошумчалады Данияр.
- Мейли, Алмаз ошондой жеңил ойлуу, айылдык кыз менен да жашап көрсүн.
- Эгерде Алмаз байке менен Алтынай экөө ажыраша турган болсо сиз ага кайра баш кошосузбу?
- Кимге? Алмазгабы? Күлкүмдү келтирбечи, мен эми эч качан Алмаз менен жашабайм. Бирок, ордумду таап, жашоом бир нукка түшмөйүнчө ага тынч жашоо бербейм. Курсактагы балама Алмаздын фамилиясын берем да, анын байлыгын тең бөлүшөм.
- Алмаз байке сиздин кош бойлуу экениңизди билип туруп эмнеге ажырашам деп атат? - деп сурады эч нерсени түшүнө бербеген Данияр.
- Ал мени өзүнүн көлөкөсүнөн дагы кызганат. Экөөбүздүн урушубуз жалаң кызганычтан чыкты. Акырында мен анын кызганычына чыдай албай ажырашууну сунуштагам. Чынында аны менен дароо эле ажырашам деп ойлогон эмесмин. Менден ажырашуу тууралуу сөз чыккандан кийин эле Алтынайга баш кошом деп чыкты. Экөө мурдатан эле жакындап жүрүшсө керек. Адегенде таңгалып, аябай жаман болдум. Бирок, алардын мамилесин көргөндөн кийин экөөбүздүн жашообуз болбосун билдим да, биротоло ажырашалы деп чечтим, - деп Даниярдын алдында Замира таза болуп көрүнгүсү келип, калп айтты. Экөө бири-бирине айткан калптарына ишенип көпкө отурушту да, дагы жолугушуп турабыз деп жолдоруна түшүштү.
???
Данияр берген гүлдү кучактап үйгө кирген Замираны Алтынай таңгала карады.
- Эмне карайсың, мага эч ким гүл бербейт деп турасыңбы? Мен кош бойлуу болсом да эркектерге жагам. А сен өзүңдү күзгүдөн карандыңбы? Алмаздын катыны болдум, болду эми бул үйгө өзүм кожойкемин деп атасың го? Алмаз сенин эмнеңе кызыкты, түшүнбөйм. Же мурдагы жигиттериңе, Даниярга көргөзгөн тажрыйбаңды Алмазга да көргөзүп, анын оозун ачырып, эстен тандырып койдуңбу? - деди Замира Алтынайды кемсинте карап. Ага теңелгиси келбеген Алтынай унчукпастан Актанды көтөрүп, жинин ичине катып сыртка чыкты. Үйгө киргенден заарканып сыртта жүрсө Алмаз келип калды.
Алтынай анын астын утурлай тосуп чыкты. Аларды терезеден Замира мыйыгынан жылмая карап турду да, үйгө кирип келаткан Алмаздын астынан чыгып:
- Сени менен өзүнчө сүйлөшө турган сөз бар, - деди.
- Эмне сөз? Алтынай экөөбүзгө байланышкан сөз болсо убара болбо…
- Ашыкпа, жамандыр-жакшыдыр экөөбүз ушунча жыл жашадык. Эми Алтынай менден да жакын болуп калдыбы сага! Жок дегенде мени менен өзүнчө сүйлөшө аласыңбы, - деп Замиранын жаны кашая кыйкырып жиберди.
- Болуптур, айта бер.
- Экөөбүз үйдөн сүйлөшкөнгө болбойт, бир жакка барып отуруп, шашпай сүйлөшөлү, - деди Замира. Алмаз анын айтканы менен болуп экөө сыртка чыгышты. Короодо Актанды көтөрүп жүргөн Алтынайдын жанына келген Алмаз:
- Биз азыр келип калабыз, -деп чекесинен сүйүп машинасына отурду. Машинанын арткы салонуна отурган Замира Алтынайды карап, мыйыгынан жылмая карап койду. Машина короодон чыгып кеткенде эмнегедир Алтынайдын жүрөгү башкача согуп, кызгануу сезими күч алды. Атүгүл ушинтип Замирага кемсинбей ушул үйдөн биротоло кетип калсамбы деген ой кетти. Өзүнөн-өзү буулугуп ыйлагысы келди. Эгерде жоголгон баламды таап алсам, Алмаз менен деле колумду үзөм деген чечимге келди. Ага чейин унчукпай кое турайын деп ойлоду. Антпесе, Замира аны өмүр бою кор кылып өтчүдөй туюлду.
???
- Экөөбүз жакшы көргөн баягы ресторанга баралычы, - деди Замира машинада кетип баратып.
- Эмнеге?
- Жөнеле. Жаманбы-жакшыбы экөөбүз ушунча жыл чогуу жашадык. Сенин ысыгыңа күйүп, суугуңа тоңдум. Эмне, ошол ресторанга барууга менин эч нерсем өткөн жокпу сага?
Замиранын айтканына макул болуп, Алмаз айткан ресторанына алып барды. Экөө столдун үстүндө адегенде эч нерсе болбогондой сүйлөшүп отурушту. Анан Замира Даниярдан уккан сөздүн башынан аягына чейин, өзү да ого бетер кошумчалап, айтып берди. Сөзүнүн аягына чыккандан кийин:
- Алтынай экөөңөр ажырашкан күндө да мен баарыбир сени менен жашабайм. Сенден көңүлүм калды. Экөөбүздүн жашообуз болбойт. Бирок, жашоодо мага үйлөнүп, өкүнүп, ажырашкандай, Алтынайдан да адашпа деген сөзүм. Менин артыман ээрчип, жакшы көрүп, сүйүп алгансың. Данияр анын кимдер менен жүргөнүн бүт айтып берди. Ишенбесең, Алтынайдын жакын курбуларынан, университетине барып сура. Мүмкүн алар сага жашырып айтпашы ыктымал. Айтор өзүң бил. Мен сага айттым. Алтынай сенин байлыгыңа, акчаңа кызыгып жашап атат. Заңгыраган үйүңө, кызматыңа кызыгат. Ал сенин башыңды кантип айлантты билбейм. Алтынай экөөңөр чогуу бир төшөккө жатып атасыңар, аның "кыз" бекен, текшердиңби? - деп сурады Замира.

#56 06 August 2014 - 23:10
- Анын "кыз" экенинин сага эмне кереги бар? Алтынай мага баарын айтып берген. Экөөбүз ачык сүйлөшкөнбүз,
- деди Алмаз.
- Алтынайдын башка эркектер менен жүргөнүн угуп-билип туруп макул болдуңбу? Же ал сага ыйламсырап, сүттөн ак болуп чыккан го, ээ? Кантип ага үйлөнөм деп атасың? Көзүңдү ач, Алмаз! Алтынай сенин теңиң эмес! Мени атайы бузуп атат деп ойлобо, сени менен баарыбир жашабайм. Бирок, Алтынайга үйлөнүп, ачыкка чыгардан мурда жакшылап ойлон! Кийин эрдиңди тиштеп калба. Мен сага ичим күйүп, же кызганганыман айтып аткан жокмун. Сени менен ушунча жыл чогуу жашадым, өзүмдү дайыма бактылуу сездим, сага жакшылык гана каалайм, - деген Замиранын сөзүнө ойлонуп калды. Экөө биртопко чейин сүйлөшүп отуруп, көз байланып калган кезде гана үйүнө келишти. Бул учурда Алтынайдын кыжыры кайнап, кызганычтан эмне кылар айласын таппай, короодо ары-бери басып жүргөн. Аңгыча Алмаздын машинеси келип, ичинен шаңкылдап, өзгөчө жайдарыланган Замира түштү. Үйгө кирип баратып Алмазды карап:
- Жаным, жанагы сөздөрдү жакшылап ойлонсоң, ээ, кийинчерек дагы сүйлөшөбүз, - деп жылмая карады. Бул сөздү Замира атайы Алтынайга угуза айтты.
- Бизди көпкө күтүп калдыңарбы, - деп Алмаз Алтынай менен Актандын жанына барды. Замиранын сөзүнө кыжырданган Алтынай Алмазга таарына унчукпай, Актанды көтөрүп ары басып кетти. Аларды терезеден карап турган Замиранын жүзүндө жылмаюу пайда болуп, атүгүл "бул үйдөн эмнеге кетем, андан көрө ушинтип экөөнүн ортосуна от жагып жашай берейин" деген ойго да келди.
Алтынайдын таарына түшкөнүн сезген Алмаз анын жанына келип:
- Сага эмне болду?.. - деди.
- Эч нерсе болгон жок… Тиги… жаныңыз менен ресторанга жакшылап отуруп келдиңизби?
- Койсоңчу, кайдагыны айтпай… Эмне, мени кызганып атасыңбы?..
- Кызганган жокмун. Замира эже сизге эмнелерди айтканын сезип эле турам… Баардыгы тереңдеп, элге ачыкка чыгалекте бир чечимге келип алалычы. Экөөбүздүн жашообузду элестеттим, ойлондум, бирок, баарыбир биз ойлогондой болбойт. Замира эже туура айтат, бул үйгө мен кожойке болалбайм. Мен өзүмдүн теңимди, сиз өз теңиңизди табыңыз. Мүмкүн, Замира эже менен элдешип жашап кетесиз… Сизден чоң өтүнүч, менин баламды таап бергенге жардамдашыңыз. Эгерде балам табылып калса, бул үйдөн кетейин. Актан деле чоңоюп калды, балабакчага барса болот, - деди жашка муунган үнү менен.
- Бул жактан кетип кайда барайын деп атасың?
- Уулумду тапсам, айылга барам. Чынын айтсам, баарынан тажадым, чарчадым. Андан көрө, айылга барып иштейм.
- Никесиз төрөлгөн балаңа ата-энеңдин көзкарашы кандай болот болду экен?
- Аларга түшүндүрүүгө аракеттенем…
- Жок, болбойт. Замиранын айтканына муюп, ишенип калды деп атасыңбы. Ал сени жаман көрөт. Эптеп эле экөөбүздүн ортобузду суутуп, ажыратайын деген эле аракети. Эми ал кош бойлуу, ызаланып, кызганып атса керек… Аны да түшүнүп, анча-мынча чыдап коелу. Мен сени эч кимге бербейм, сен мага Актанчиктей уул төрөп бересиң… - деп Алмаз Алтынайдын саамайынан сылап, жаш баладай эркелетип алдап койду. Алтынай андан ары таарынычын айтайын десе, Алмаз аны сүйлөтпөй ар кайсыны айтып, тамашалап, көңүлүн көтөрүүгө аракеттенди

#57 06 August 2014 - 23:12
Алмаз Алтынайдын бир кездерде жаштык кылып таштап кеткен баласын издөөгө чындап бел байлады. Эртеси күнү Алтынайды ээрчитип, Актанды көтөрүп алып, ымыркайлар үйүнө барды. Мындан эки жыл мурун төрөтканага таштап кеткен Алтынайдын баласы тууралуу сурамжылады эле, жетекчиси ал туурасында эч кандай маалымат берилбестигин айтып туруп алды. Бир кездерде Алмаз менен Замира бала багып алабыз деп келгенде жетекчилик башка эле. Азыр баардыгы алмашып кетиптир.
- Эгерде ал бала жакшы үй-бүлөнүн колуна туш келип, бактылуу болсо аны талашпайбыз. Мейли, дарегин айтпай эле коюңуз, ал баланы Бишкектен эле багып алыштыбы, же айылга алып кетишти беле? - деп сурады Алмаз акыры айласы кете, столдун үстүнө миң долларды жылдырып. Башчысы мындай болбойт демиш болуп, миң долларды көргөндө көздөрү жайнап айласы жок сейфте турган документтерин алып чыгып карай баштады:
- Ал баланын өз аты Алтынбек экен, - деди көз айнегинен төбөсү менен караган калыбында.
- Ооба, ошондой болчу. Өзүмдүн атыма окшоштуруп Алтынбек деп жалаягына жазып, ороп, таштап кеткем, - деп жашка муунган үнү менен сүйлөдү Алтынай.
- Аны Бишкектен эле багып алышыптыр… Бакма ата-энеси жакшы кызматта иштеп, жетиштүү үйбүлөдө жашашат экен. Бирок, тилекке каршы алардын дарегин, аты-жөнүн айтууга укугубуз жок. Баланы бактылуу кылып багабыз дешип, аны уруп-сабагандар да кездешет. Ошондуктан бакма ата-энеси менен баарлашып, кабарлашып, баланын ал-абалын сурап, маалымат алып турабыз.
- Мен да колумдагы уулумду силерден багып алгам, анда бул жерде таптакыр башкалар иштечү. Мага деле телефон чалып, уулумдун ал-акыбалын сурап турушат, - деп колуна алып отурган Актанды көрсөттү Алмаз.
- Качан багып алдыңыз эле?
- Мындан бир жарым жыл мурун багып алганбыз. Уулумдун мурдагы атын айтышкан, бирок биз анын атына деле көңүл бөлбөй Актан деп ат коюп, документтерин тууралап алганбыз. - деди Алмаз.
- Сиздин аты-жөнүңүз ким?.. Бул жерде документтери болуш керек, карап көрөйүнчү, - деди балдар үйүнүн башчысы Алмазды карап.
- Алмазбек Мамыралиев…
Ары жактан документтерди бир сыйра карап, кайра баштапкы Алтынбекти багып алган кагаздарды карады. Бир убакта таңгалыштуу Алмаз менен Алтынайды алмак-салмак карап:
- Замира Айдаралиева сиздин келинчегиңизби? - деп суроо узатты балдар үйүнүн башчысы Алмазды карап.
- Ооба, бирок, азыр ал жубайым менен ажырашканы атабыз…
- А бул ким? - деп Алтынайды карады.
- Бул жанагы… жаштыгы менен билбестик кылып, таштап кеткен баланын энеси… - деди Алмаз ыңгайсыздана.
- Мына кызык!.. Силер чындап эле жоголгон баланы издеп келдиңерби?
- Ооба… - дешти Алмаз менен Алтынай жарыша.
- Мен ишенбей турам…
- Эмнеге ишенбей турасыз, сизге ачыгын айтпадыкпы…
- Алдагы колуңардагы бала силер издеп жүргөн Алтынбек! ..- деп үнүн чоң чыгарды балдар үйүнүн башчысы кубанычтуу.
- Түшүнгөн жокмун, эмне дейсиз? - деди Алмаздын башы чаташып.
- Актан биз издеп жүргөн бала дейби?- деди ишенкиребей Алтынай.
- Так өзү! Мына ишенбесеңер, Алтынбекти багып алган адамдардын ким экенин көргөзөйүн. Документинде бакма атасы Алмазбек Мамыралиев, бакма энеси Замира Айдаралиева деп жазылып турат. Атүгүл кайда жашаары, кайда иштээри, үйүнүн дарегинен бери жазылган. Өз көзүңөр менен көргүлө. Мына кызык тамаша! Өздөрү багып жүргөн баланы издеп келишкенин карасаңар! - деп каткырып күлдү балдар үйүнүн башчысы. Анын айткан сөзүнө ишенер-ишенбесин билбей, Алмаз менен Алтынай документке үңүлүштү.
.

#58 06 August 2014 - 23:14
- О, Кудай ушунун баары менин өңүмдө болуп жатабы! Бул түш эмеспи!..- деп сүйүнүчүн жашыра албай Алтынай кыйкырып, кубанычтан ыйлап жиберди.
- Мындай болушу мүмкүн эмес го… - деди Алмаз.
- Мына, ишенбесеңер, өз көзүңөр менен көрүп турасыңар… Жашоо-дон баарын күтсө болот. Бирөө издеп жүргөн жакынын ушинтип жанынан эле таап алат, - деп балдар үйүнүн башчысы Алмаз менен Алтынайды куттуктады.
- Жаным, алтыным, менин кичинекейим. Сен менин каныман жаралган балам экениңди кайдан билиптирмин… Болду, апакең эми сени эч кимге бербейт. Эми сени эч ким чекеңе да черте албайт! Сен менин балам экениңди жүрөгүм сезчү… - деп Алтынай Актанды жаңы көргөнсүп өпкүлөп жалынды.
Алмаз менен Алтынай балдар үйүндө биртопко отуруп, үйлөрүнө кайтышты. Орто жолдон Актандын табылганынын урматына эң көрүнүктүү ресторанга кирип, майрамдап чыгышты. Алтынайдын көңүлү демейдегиден өзгөчө көтөрүңкү. Өмүрүндө ушунчалык кубанып көргөн эмес эле. Ичинен Кудайга миң мертебе ыраазы болуп, кубанычын ким менен тең бөлүшөрүн билбей турду.
???
Алмаз менен Алтынайдын каякка кеткенин билбей үйдө отурган Замиранын башы катты. Улам-улам Алмаздын кол телефонуна чалып, кайда экенин кызыгып сурайын дейт, бирок, телефон өчүрүлгөндүктөн аракети текке кетти. Алардын келишин чыдамсыздык менен күтүп, жалгызсырап, өзүн бул ааламда эч кимге кереги жоктой элестетип жиберди. Чоңоюп келаткан курсагын сылап, жадагалса Рашиддин бир да жолу телефон чалып ал-абалын сурап койбогонуна ызаланды. Жаш жигит менен көңүл ачып, күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, ошол кезде эч кимди көзүнө илбей, Алмазды көргүсү келбей чанып калганына эми гана өкүндү. Эринин, үйбүлөсүнүн баркын эми гана түшүнгөндөй болду. Төшөгүнө жатып алып бир сыйра солуктап ыйлап, өзүн-өзү жек көрүп турду. Рашидден да, Алмаздан да, үйбүлөдөн да жок орто жолдо калганына ичи ачышты. Мындан көрө өлүп калганым жакшы деп да ойлоду. Бирок, курсактагы баласын аяды. Аңгыча Алмаздын машинесинин үнүн угуп, сыртка чыкты. Көпкө ыйлагандыктан көздөрү шишимик тартып, чачтары уйпаланып, көңүлү чөгүңкү эле. Алмаз менен Алтынай Актанды ортого жетелеп, каткырып күлүп, кубанычтары койнуна батпай үйгө шатыра-шатман кирип келишти. Астынан чыккан Замираны көргөн Алмаз:
- Сага эмне болду, кебетең кантет? - деди демейде чыкыйып кийинип, келбетине өзгөчө көңүл бөлгөн Замиранын өтө эле жүдөңкү абалын көрүп.
- Мени биротоло өз колуң менен өлтүрүп, анан мобу шуркуяга үйлөн! Мындан ары минтип кемсинип жашай албайм! Эгерде өлтүрө албасаң, анда өз жанымды өзүм кыям! Мени каратып коюп малайыңа үйлөнүп алганың аз келгенсип, эми кош бойлуу экениме карабай таштап кеткениңе чыдабайм! Жок дегенде мен ушул үйдөн кеткенче моралдык жактан көтөрмөлөп койбойсуңбу! Мени аябасаң да курсактагы болочок балаңды аясаң боло! Мындан көрө өлүп калганым жакшы! Ушунчалык жек көргөндөй мен сага эмне жамандык жасадым! Ушул шуркуя келгени үйдө ызы-чуу көбөйдү! Кет деп үйдөн кууп кетире да албай койдум! Колуман эч нерсе келбей калды! Тууган эне эмес, баккан эне дейт, Актанды мен туубасам да документтеринде энеси деп менин аты-жөнүм турат. Аны түн уйкумду бөлүп, жакшынакай иштеп аткан ишимен бошонуп мен баккам. Актан менин балам, аны эч кимге бербейм, бул үйдөн да кетпейм. Сенин үч бөлмөлүү квартираңа алданып, үйбүлөмдү бузмак белем. Курсактагы бала меники эмес деп ишенбесең, канын текшерт. Аман-эсен төрөсөм, Актан экөөнү биртууган кылып коем. Мени эки балам менен бул үйдөн эч жакка чыгара албайсың! Алтынайга ошончолук эле эр болгуң келсе, мага сатып бере турган үч бөлмөлүү квартирага көчүп барып жашагыла. Колуңан келсе, эми мени кетиртип көр! Бери кел, Актанчик, апаңа! Кайдагы көчөдөн келген шуркуяны ээрчип, ошону жакын тутпа! - деп Замира долулана, Алтынай жетелеп турган Актандын колунан тартты

#59 06 August 2014 - 23:16
- Бул балага сиздин тиешеңиз жок! Актан меники!.. - деди Алтынай.
- Эмне?! Алмазга убактылуу катын болсоң эле, Актанды кошо энчилеп алдым деп ойлоп атасыңбы? Актан эч качан сеники болбойт, ошону түшүнүп кой! Эми мен силерге Актандын чыпалагын да карматпайм! Ал менин балам, менден эч ким талаша албайт! Кыйын болсоң сотко берип, тартып ал! Аны сен да, мен да тууган эмесмин. Бирок, ымыркай кезинен мен баккам! Сен Актанга кимсиң? Жөнеле көчөдөн келген бирөөсүң. А мен анын мыйзамдуу энесимин. Балага сенин эч кандай тиешең да, акың да жок! Актандын азап-тозогун тартып, баккан энеси менмин! - деп Замира Алтынайга жаман сөздөрдү айтып урушуп кирди. Буга чейин унчукпай, жинин ичине катып кутулчу Алтынай бул жолу чыдай албай Замира менен кошо айтышып атты. Бирок, Актан жатынын жарып чыккан өз канынан жаралган уулу экенин канчалык айткысы келсе да тили кыска болуп, Алтынай ал тууралуу айталбай турду. Анткени менен эми Актанга мен ээлик кылам, чыныгы энеси менмин дегендей тилин тартпай Замира менен айтышып жатты.
Алмаз эмне дээрин билбей, ажылдап урушкан эки аялдын ортосуна түшө, тынчтандырмакка аракет кылды эле, анын сөзүн эч ким укпай ажылдай беришти.
- Мен Актанды сага бербейм! Сен Актанды жек көрөсүң! Баланын баркын билбейсиң! Кудай сага кантип боюңа кылып, бала берип койду билбейм! - деп безилдеп айтышып аткан Алтынайды Замира жаакка чапты.
- Тилиңди тартып, өз ордуңду билип жүр! Биздин үйгө келгенде сен ким элең! Акмак десе! Эрим менен жүрүп, ага тийем деп атканың аз келгенсип, эми мага кыйкыра баштаган экенсиң да ээ! Жогол! Көзүмө көрүнбөй! Эгерде Актанга дагы жакындай турган болсоң, сени сотко берем! Уктуңбу! Актан азыр чоңоюп калды, эми сага окшогон малайдын бизге кереги жок! Эгерде Алмазга тийем деп ниеттенип алсаң, башка жакка барып жашагыла! Дагы эскертем, бул үйдөн мен да, Актан да чыкпайт! - деп Замира мисирейе Актанды жетелеп төркү бөлмөгө кирип баратып, Алмазга карап:
- Бүгүндөн баштап мобу шуркуяны үйдөн жогот, эгерде Алтынайга эр болгуң келсе, мага сатып бере турган үч бөлмөлүү квартираңа алып кет! Болбосо, мен тааныш-туугандардын баарын чакырып, экөөңөрдүн абийириңерди аштай төгөм. Алтынайдын ата-энесин айылдан чакыртып, биздин үйбүлөнү бузуп атат деп айтам. Бузулган кызын эртерээк тыйып, алып кетишсин, болбосо сойку болуп көчөдө калат, - деди. Алмаз Замирага кыжырлана аны урушайын деп ойлоду, бирок, тууган-туушкандарды чакырып, чындап эле чыр салаарын билип унчукпай калды.
Замирадан жаакка жеген Алтынай бозала болуп, жаагын басып, Алмазды карап:
- Эми эмне болот?..- деп ыйлап жиберди.
- Эч нерсе болбойт. Азыр ачууга алдырып атат, жини тараганда, Актанды баккандан тажаганда колубузга берет. Мейли, азырынча ага теңелбей, унчукпай кое туралы. Антпесе, ал айтканын аткарат. Айылдагы ата-энеңди чакырып,тууган- туушкандарга уят кылат.
- Сиз деле анын жаш жигит менен ойноп кеткенин, курсактагы баласы башкадан экенин айтпайсызбы…
- Туугандар баарыбир менин айтканыма ишенишпейт. Боюнда бар аялын сыздатып, таштап кетти деп мени күнөөлөшөт. Анүстүнө Замираны да түшүнсө болот, кош бойлуу, өзү айткандай ал төрөгүчө моралдык жардам көрсөтүп, акырындык менен ажырашайын. Урушуп, талашып ажырашкандан пайда жок. Аны алдап - соолап, айтканын аткарып, өз алдынча жашап кеткенден кийин гана ажырашуу керек го дейм. Антпесе, Актанды бербейт. Аны соттошуп да алалбайсың.

#60 06 August 2014 - 23:17
- Сиз эмне, Замира эже менен кайра жарашайын деген оюңуз барбы? Ачыгын айтыңыз, эгерде ошондой болсо, мен Актанды уурдасам да алып кетем. Актан сиздин да, Замира эженин да баласы эмес, ал менин балам, мен төрөгөм!..
- деди ызаланган Алтынай.
- Актан сенин балаң болсо, анда эмне үчүн төрөп, таштап, артыңды карабай качып кеттиң эле? Сен буга чейин Актан өз балаң экенин билчү да эмессиң… Эгерде бул жерге келип, Актанды багып калбасаң, экөөбүздүн ортобузда мамиле болбосо, таштаган балаңды таба алаарыңды бир Кудай билет. Эми антип айтпай жүр. Эгерде, баары жакшы болсун десең, Замира менен Актан тууралуу урушпа. Актан сенин балаң экенин эч ким билбеши керек, - деп эскертти Алмаз.
- Менин бүгүнкү кубанычым ушинтип жалп өчөбү! Мен Актанды баарыбир эч кимге бербейм!.. - деп көзүнүн жашын агызган Алтынай ары басты.
l
Жаңы эле кубанычы койнуна батпай, өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу адам катары сезип аткан Алтынайдын шаабайы сууп отуруп калды. Демейде ашканада тамак жасап, оокат кылып кылдырап жаны тынбай жүрчү Алтынайдын дымы чыкпай өз бөлмөсүндө жатты. Даяр тамак-ашка көнүп калган Замиранын карды ачып, жанында ойноп отурган Актанды жетелеп ашканага келди. Муздаткычты ачып, Актан экөө жумуртка кууруп жеп, ширеден ичип бөлмөлөрүнө кирип кетишти. Алмаз да эмне кылаарын билбей конок тосчу бөлмөдөгү диванга чалкалай отуруп телевизор көрүмүш болгону менен санаасы санга бөлүнүп, оюн бир жерге топтой албай атты. Аңгыча аркы бөлмөдөн чыккан Алтынай:
- Мен эмне кылайын, тамак жасап, мурдагыдай эле жүрө берейинби же бул үйдөн кетишим керекпи? - деди көзүнүн жашын аарчып.
- Сени бул үйдөн ким кет дебатат?
- Замира эже…
- Ал айта берет. Айтпай жүрдү беле, буга чейин деле канча ирет сени кетирем деп аракет жасады. Бул үй меники, канча эмгек, аракет жумшап ушул үйдү салдым эле, эми Замирага бошотуп чыгып кетмек белем, эч жакка чыкпайм.
- Замира эже да чыкпайм деп атпайбы?
- Мейли чыкпаса, чыдап жашай берсин! Азыр кош бойлуу болуп турат, болбосо үйдөн эчак эле кууп чыкмакмын. Аны урушуп, кууп чыккандан элден уялат экенсиң. Эмне кылышты да билбей калдым.
- Анда мен бул үйдөн кетем… Мындан ары минтип жашай албайм, - деди Алтынай.
- А баланы кантесиң? Эгерде кетем десең, Актанды эч качан көрбөйсүң, - деп Алмаз Алтынайды ушундай жол менен кармап турууну чечти. Болбосо, Алтынайды кетпе деп жалдырап, аны алдап-соолап тоодой бакытты, сүйүүнү берем деп сөз бермек. Азыр Алтынайдын талуу жерин тапты. Мен үчүн болбосо да Актан үчүн калат деген ойго жетеленди.
Айласы кеткен Алтынай эмне кылаарын билбей ыйлап жиберди. Минтип буларга өчөшкөндөн эч пайда таппасын билди. Акыры өзүн-өзү колго алып, Актан үчүн баарына чыдайм деп ойлоду да, эч нерсе болбогондой ашканага барып, тамак жасап, күнүмдүк ишин аткара баштады. Тамак даяр болгондо Замира менен Алмазды ашканага чакырды. Замира Актан менен тамактанып алгандыктан Алтынайдын чакырган тамагына келген жок. Ашканада Алтынай менен Алмаз маңдай-тескей отуруп унчугушпай тамактанышты. Эмнегедир Алмаздын мүнөзү да өзгөрүлүп калганын Алтынай эми сезди. Ага ашыкча сөз айткандан айбыгып унчукпай отурду. Ал эми Алмаз Алтынай менен Даниярдын сүйүүсүнөн жаралган Актанды багып жүргөнүнө арданып, мындан көрө эч нерсени билбей, укпай эле жашай берсем болмок экен деп өзүнөн-өзү намыстанып атты. Эмнегедир Алмаздын көзүнө Алтынай жеңил ойлуу кыздардай көрүнүп, аны жек көрө баштаганына өзү да таң калды. Мүмкүн Алтынайды Даниярдан кызгангандан улам ушундай болуп атпасын деп да ойлоду. Бирок…

Супер-Инфо
super.kg
видео