Суперстан: Канткенде баламды туура тарбиялайм? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (12 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Канткенде баламды туура тарбиялайм? Кыргызда бала тарбиясы же бала тарбиялоодо сунуштар

#121 Пользователь офлайн   Umka220190   10 Июнь 2014 - 16:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения sestra (10 Июнь 2014 - 16:33) жазган:


кыз бир гана эркеке тазалык жагынан арналат, суйуусун арнайт, эгер кыз турмушка таза чыкса анын ата - энесине АЛЛАХ бейишти дярдап коёт. Ата - эне кызын таза кармап, татыктуу тарбияласа, аларга АЛЛАХ таза, татыктуу куйоо баланы берип коёт. " Жигитимдин уйундо китеп барбы жокпу?" - деген кызга, "кызымдын уйундо китеп барбы жокпу?" - деген эркекти берип коёт.
Исламда кыз каражат жактан эч кимге милдети жок. Ата - энеси учун, бир туугандары учун иштеп, акча табууга милдети жок. Кыздын бир эле милдети - ата - энесинин тарбиясын кулагына кумуш сырга кылып илип, озун таза кармап, татыктуу жубай, келин, жакшы эне, байбиче болуп калуу.
Ата - энени сыйлоону, бир тууганга куйумдуу болууну эч ким жойгон жок, бирок булар каражат менен чектелбейт да?!
Канчалаган кыздар бар "ата - энемди багам" - деп куйоого тийбей, бала торобой жалгыз калган. Канчалагандар бар " ата - энемди багам" - деп чет жакта журуп бузулуп кеткен. Ата- энени багуу - бул эркектин милдети, аны биз, аялзаты, алардан талашпайлы. Ооба, айтасынар:" эркектер антпей жатышпайбы" - деп. Демек "кыз ата - энесин багыш керек" - деген энеден милдетин аткарууну билбеген кыздар, балдар тарбияланып жатышат.


Түшүнүшпөй кеттик окшойт...
Китеп окуган бала жакшыбы же окубаганы жакшыбы? Мисалы, сиз кызыңызды китеп окуган балага берет белеңиз же окубагангабы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Umka220190   10 Июнь 2014 - 17:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Цитата

Ата - эне кызын таза кармап, татыктуу тарбияласа, аларга АЛЛАХ таза, татыктуу куйоо баланы берип коёт.


Буга кепилдик жок да туурабы? Бул нерсе "Алма быш, оозума түш" болуп калат го.

Цитата

Исламда кыз каражат жактан эч кимге милдети жок. Ата - энеси учун, бир туугандары учун иштеп, акча табууга милдети жок.


Азыркы заманга ушул туура келеби? Жок, биздин коом мынчалык бай эмес (духовный жактан дагы, материалдык жактан дагы). Ислам боюнча милдеттүү эмесмин деп, басып кетсек, орусча айтканда, безнравственно болуп калбайбы?


Цитата

Канчалаган кыздар бар "ата - энемди багам" - деп куйоого тийбей, бала торобой жалгыз калган. Канчалагандар бар " ата - энемди багам" - деп чет жакта журуп бузулуп кеткен. Ата- энени багуу - бул эркектин милдети, аны биз, аялзаты, алардан талашпайлы. Ооба, айтасынар:" эркектер антпей жатышпайбы " - деп. Демек "кыз ата - энесин багыш керек" - деген энеден милдетин аткарууну билбеген кыздар, балдар тарбияланып жатышат.


Билет экенсиз да эң негизги себебин. Кыздар бойдок кезинде колунан келишинче жардамын ата-энесине бериши керек деп ойлойм. Күйөөгө тийгенден кийин өзүнүн үй-бүлөсү менен болот.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   sestra   10 Июнь 2014 - 17:00

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Просмотр сообщения Umka220190 (10 Июнь 2014 - 16:52) жазган:

Түшүнүшпөй кеттик окшойт...
Китеп окуган бала жакшыбы же окубаганы жакшыбы? Мисалы, сиз кызыңызды китеп окуган балага берет белеңиз же окубагангабы?


албетте, билимдуу балага. Бирок баланын билимдуусун созсуз кыздын аброюна шек келтирип, анын тазалыгын булгабай, аны кыз - жигит кылбай, уйуно китеби барбы - жокпу билиш учун жибербей эле, башка жол менен сураштырып билсе болот да. Билимдуу адам созунон эле, журуш - турушунан эле билинип калат. Уйундо китеби бар, бирок ал китеп "дао любви", "камасутра" болсочу? Аларды тешип окуган балдар бар, анан кызыныз "жигитим "камасутра" окуйт" экен" десечи? Булар деле китеп да?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   Umka220190   10 Июнь 2014 - 17:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения sestra (10 Июнь 2014 - 17:00) жазган:


албетте, билимдуу балага. Бирок баланын билимдуусун созсуз кыздын аброюна шек келтирип, анын тазалыгын булгабай, аны кыз - жигит кылбай, уйуно китеби барбы - жокпу билиш учун жибербей эле, башка жол менен сураштырып билсе болот да. Билимдуу адам созунон эле, журуш - турушунан эле билинип калат. Уйундо китеби бар, бирок ал китеп "дао любви", "камасутра" болсочу? Аларды тешип окуган балдар бар, анан кызыныз "жигитим "камасутра" окуйт" экен" десечи? Булар деле китеп да?


Сүрөтэми бул жерде мен мисалдарды илбегенимен оюңуз жаман жака кетиптир да...
"Тарбия" деген сөздөн эле улам билсе болот го кандай китеп тууралуу жазылганын Сүрөт
Кыздар жигитинин үйүнө барып эле жүрүшпөйбү. Албетте, бул жерден дагы оюңуз жаман жака кетпеши үчүн мисалы, ата-энеси менен таанышканы барганда же чогу жүргөндө "бир нерсе ала кетели" деп, үйүнө баш багып калганда карай кетсе болот. Адамдын өзүнө караганда жашаган бөлмөсү көп нерсени айтат.

Мындай кылайын, ошол пунктка кошумча киргизейин. ..Анан окуп келесиз да.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   sestra   10 Июнь 2014 - 17:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Просмотр сообщения Umka220190 (10 Июнь 2014 - 17:00) жазган:

Буга кепилдик жок да туурабы? Бул нерсе "Алма быш, оозума түш" болуп калат го.



Азыркы заманга ушул туура келеби? Жок, биздин коом мынчалык бай эмес (духовный жактан дагы, материалдык жактан дагы). Ислам боюнча милдеттүү эмесмин деп, басып кетсек, орусча айтканда, безнравственно болуп калбайбы?




Билет экенсиз да эң негизги себебин. Кыздар бойдок кезинде колунан келишинче жардамын ата-энесине бериши керек деп ойлойм. Күйөөгө тийгенден кийин өзүнүн үй-бүлөсү менен болот.



биринчисине - кепилдик бар. Пайгамбарыбыз С.А.В. кепилдик берген.

экинчисине - жашоону заманга шылтоологон учун адамзат руханий жагынат деградация, рергесс болууда. Адам эки жактуу онугот: руханий жана материалдык тараптан. Азыркы замандын трагедиясы, руханий онугуудо адам озунон ылдыйды карап: " буга караганда мен жакшы экемин" , материалдык жактан озунон ойдону карап : " мен буга караганда кедей экемин" - дегени. Адам онугуу учун булардын орду алмашуусу абзел: руухун тарбиялоо учун озундон ойдону кара, каражат чогултканда озундой ылдыйды, кедейди кара.


учунчусуно - ар кимдин оз жетишкендиги бар.


Билдирүүнү түзөткөн: sestra: 10 Июнь 2014 - 17:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Umka220190   10 Июнь 2014 - 17:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения sestra (10 Июнь 2014 - 17:12) жазган:


биринчисине - кепилдик бар. Пайгамбарыбыз С.А.В. кепилдик берген.
экинчисине - жашоону заманга шылтоологон учун адамзат руханий жагынат деградация, рергесс болууда. Адам эки жактуу онугот: руханий жана материалдык тараптан. Азыркы замандын трагедиясы, руханий онугуудо адам озунон ылдыйды карап: " буга караганда мен жакшы экемин" , материалдык жактан озунон ойдону карап : " мен буга караганда кедей экемин" - дегени. Адам онугуу учун булардын орду алмашуусу абзел: руухун тарбиялоо учун озундон ойдону кара, каражат чогултканда озундой ылдыйды, кедейди кара.
учунчусуно - ар кимдин оз жетишкендиги бар.


Билбейм, эми кепилдик деп эле жүрө берсең кандай болот Сүрөт

Материалдык тараптан өнүгүү болбосо, руханий жактан өнүгүү болоруна шегим бар. Кантип үйүңдө ачка отурган туугандарыңды эстеп, руханий өнүгүү болот? Кантип кышкыга жакканга отунуң жок көңүлүң ток бойдон кала берет?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   sestra   10 Июнь 2014 - 17:22

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Просмотр сообщения Umka220190 (10 Июнь 2014 - 17:11) жазган:

Сүрөтэми бул жерде мен мисалдарды илбегенимен оюңуз жаман жака кетиптир да...
"Тарбия" деген сөздөн эле улам билсе болот го кандай китеп тууралуу жазылганын Сүрөт
Кыздар жигитинин үйүнө барып эле жүрүшпөйбү. Албетте, бул жерден дагы оюңуз жаман жака кетпеши үчүн мисалы, ата-энеси менен таанышканы барганда же чогу жүргөндө "бир нерсе ала кетели" деп, үйүнө баш багып калганда карай кетсе болот. Адамдын өзүнө караганда жашаган бөлмөсү көп нерсени айтат.

Мындай кылайын, ошол пунктка кошумча киргизейин. ..Анан окуп келесиз да.


мен мусулманмын, ойлойм сиз дагы мусулмансыз. Ислам - бул жашоо, беш мунот жай намаздын устундо эмес, демек кызыныз бироо менен кыз - жигит болууну такыр жокко чыгарыш керек, бироону суйуп калууну такыр жокко чыгарыш керек. Буларды чийип салып калган тарбияны бериниз. Эгер кызыныздын бактылуу болуусун кааласаныз, кызынызды болочок куйосунон болок эркектерге тартуулабайсыз. Кыз - жигит болууга уруксат бергениниз, кызынызды тартуулаганыныз, анын бактысына балта чапканыныз. Таза жургон кыз, аны таза тарбиялаган эне эки дуйнодо тен жамандыка учурабайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   sestra   10 Июнь 2014 - 17:29

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 24 Август 11
  • Соңку аракети: 06 Июл 2014 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Просмотр сообщения Umka220190 (10 Июнь 2014 - 17:19) жазган:

Билбейм, эми кепилдик деп эле жүрө берсең кандай болот Сүрөт

Материалдык тараптан өнүгүү болбосо, руханий жактан өнүгүү болоруна шегим бар. Кантип үйүңдө ачка отурган туугандарыңды эстеп, руханий өнүгүү болот? Кантип кышкыга жакканга отунуң жок көңүлүң ток бойдон кала берет?


айтып кеткендей адам эки тараптуу онугот, бирин калтырып, бирин алууга болбойт. Кантип тозокто отун болорунду билип туруп, конулун ток бойдон кала берет?

Билдирүүнү түзөткөн: sestra: 10 Июнь 2014 - 17:29

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Umka220190   10 Июнь 2014 - 17:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения sestra (10 Июнь 2014 - 17:22) жазган:


мен мусулманмын, ойлойм сиз дагы мусулмансыз. Ислам - бул жашоо, беш мунот жай намаздын устундо эмес, демек кызыныз бироо менен кыз - жигит болууну такыр жокко чыгарыш керек, бироону суйуп калууну такыр жокко чыгарыш керек. Буларды чийип салып калган тарбияны бериниз. Эгер кызыныздын бактылуу болуусун кааласаныз, кызынызды болочок куйосунон болок эркектерге тартуулабайсыз. Кыз - жигит болууга уруксат бергениниз, кызынызды тартуулаганыныз, анын бактысына балта чапканыныз. Таза жургон кыз, аны таза тарбиялаган эне эки дуйнодо тен жамандыка учурабайт.


Рахмат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Umka220190   10 Июнь 2014 - 17:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения sestra (10 Июнь 2014 - 17:29) жазган:


айтып кеткендей адам эки тараптуу онугот, бирин калтырып, бирин алууга болбойт. Кантип тозокто отун болорунду билип туруп, конулун ток бойдон кала берет?


Ошо көңүл тойбойт экен да. Качан бир тууган, ата-энең камсыз болгондо гана "Үхиий! " дейт экенсиң да. Тапсын, баксын, бирок адал эмгек менен...Убагы келгенде турмуш жолуна аттанат. Төрөлгөн, нике, өлүм күнү көрсөтүлгөн эмеспи кантсе дагы...

Билдирүүнү түзөткөн: Umka220190: 10 Июнь 2014 - 17:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Umka220190   10 Июнь 2014 - 17:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 351
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 12:31
  • Жынысы:Аялзаты

Бир жерден көчүрүп келдим... Ушуга кошумча экен:
1. Не уверена, не обгоняй
2. Дочь помни, тебя ждут дома
3. Семь раз отмерь и выспись
4. )))) а так учи китайский, пригодиться
5. Мал золотник, да и выброси его. Не разменивайся.
6. Делу время - потехе деньги
7. За двумя зайцами погонишься попадешь в зоопарк
8. Кто рано встает, тот петух
9. Береги платье снову, а пароль от wifi смолоду
10. Не было бы счастья, да 100 000$ помоглоСүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Umka220190: 10 Июнь 2014 - 17:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Feijipiao   28 Июль 2014 - 14:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Ата-энеге он насаат:
1. Өз балаңды өзүңдөй же сен каалагандай болот деп күтпө, ага өзү болуусуна жардам бер.
2. Ызаңды балаңдан чыгарба, эмнени эксең, ошол өнүп чыгат.
3. Бала үчүн жасаган нерсеңди кадыр-колко кылба, сен аны жарык дүйнөгө келишине себепчи болдуң, эми мунун акыбетин ал кантип кайтарат?
4. Сен балаңды меники деп ойлобо, ал-Жараткандыкы.
5. Анын көйгөйлөрүнө үстүртөн караба.
6. Басынтпа.
7. Эгерде балаңа эч нерсе кылып бере албай жатсаң, анда өзүңдү жемелебе, эгерде колуңдан келип туруп, бирок, жасабай жатсаң, анда жемелей бер.
8. Эгерде бала үчүн жасалчу нерселердин баары жасалбаган болсо, анда ал жетишсиз экени эсиңде болсун.
9. Бөлөк бирөөнүн баласын сүйө бил. Эгерде башкалардын сенин балаңа жакшы мамиле жасашын кааласаң, сен да бөлөк бирөөнүн баласына жылуу мамиле жаса.
10. Өз балаңа, мейли ал жөндөмсүз, жолсуз, чоң болсо да, мээримиңди төк. Аны менен баарлашып атканда кубангын, анткени, бала деген- азырынча сени менен кошо жүргөн майрам.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   admin_superstan   07 Август 2014 - 14:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Кыздарды эмнеге үйрөтүп, кантип тарбиялоо керек?" жана "Балага катуу мамиле" темалары менен бириктирилди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   jikitai   07 Август 2014 - 15:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 06 Май 10
  • Соңку аракети: 16 Сен 2021 22:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Биринчи баламда курч ,жаш экенбиз,эми экинчиси ай десе ай болуп ой десе ой болуп отурабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   Bakyt-nuru   07 Август 2014 - 15:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 459
  • Катталган: 20 Июль 14
  • Соңку аракети: 13 Авг 2020 12:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал- Абад (Ала- Бука)

Мен балалуу болоюн буюрса көөп билдирүүлөрдөн үлгү алам...
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Solnishko   08 Август 2014 - 08:49

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 07 Август 14
  • Соңку аракети: 10 Авг 2014 15:05

Саламатсыздарбы! Кыз баланын кок беттигин кантип женуу керек?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   admin_superstan   08 Август 2014 - 10:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Наристенин кок беттиги" темасы менен бириктирилди.
Solnishko , бул темада кеңештер жазылган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   09 Август 2014 - 23:17

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

Мени кооп жылдан бойу ойлонткон проблематика. ...
Баары аялга байланыщтуу дешет,эркектики да ото маанилуу!
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Feijipiao   21 Август 2014 - 13:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Кичинекей балакайыңыздын туура эмес жүрүм-турумун кантип оңдойсуз? Туура эмес экенин канча айтсаңыз деле уккусу келбейт. Анан кыйкырасыз, коркутасыз, боло бербесе анча-мынча чаап жибересиз. Бирок мындайда бала ого бетер көшөрүп, ыйлап, өз айтканын бербейт. Андыктан баланы ийге келтирүүнүн жолдорун билип алсаңыз жакшы болот.

Табигый жазалоо
Табигый жазалоо өзүнөн өзү пайда болот: эгер байпакты кийбесең, бутуң үшүп калат. Жаш балага мунун себебин-натыйжасын түшүндүрүп жеткирүү кыйын. Мындай учурда анын көңүлүн болгон окуяга буруш керек. Кошумча жазалап, кечке насаат айтып олтуруунун кажети жок.
Бала чыныдагы сууну төгүп алды, ары-бери жылдырып ойноп атып. Ушундай болоорун апасы эскерткен, бирок апасынын сөзүн этибар албады. “Төгүп алдыңбы? Чүпүрөктү алып аарчы. Кийинчерээк кийимиңди алмаштырам. Азыр идиш жууп жатам”. Албетте, бала каршылык көрсөтөт, ыйлайт, суу болгон кийими менен олтургусу келбейт, төгүлгөн сууну тазалагысы келбейт. Сабырдуу болуп акырына чейин туруңуз. Ушул сыяктуу кырдаалдарда өзүңүздү токтоо кармап, дайыма ушундай мамиле кылсаңыз, бала өз ишине жоопкерчиликтүү болгонго үйрөнөт. Жаш балдар адилеттүүлүктү жакшы сезе алышат.
Балаңыз толтура оюнчуктарынын арасынан өзүнө жаккан машинасын таба албай кыйналып жатат. Ар бир оюнчукту өз ордуна коюу керектигин эскерткенсиз. “Карачы, машинаң табылбай жатат. Эгер кечээ бардык машиналарыңды өзүнүн “гаражына” киргизгениңде азыр оңой эле таап алмаксың”.
Балаңыз үчүн өзүңүз жасабаңыз. Анан да “мен сага айттым го!” деп кайра-кайра кыйкыра бербеңиз, антип бир жолу айтсаңыз болот, урушуу иретинде эмес, сиздики туура экенин тастыкташ үчүн эмес, жөн гана эскертүү, берилген маалыматты бекемдөө үчүн. Кийинкисинде жагымсыз абалдын натыйжасын эскертип коюу жетиштүү. Максатыбыз аны жемелеп, өзүн күнөөлүү сездирүү эмес, жагымсыз натыйжа болоорун эскертүү эле.
Балага проблеманы чечүү жолдорун сунуштаңыз. “Эми эмне кылабыз? Ойлонуп көрөлүчү”. Бирок анын ордуна сиз чечип бербеңиз, өзүнө ыктыяр бериңиз. Мындай ыкманы кооптуу жерлерде колдонбоңуз, мисалы, күйүп кала турган, чөгүп кете турган, жаракат ала турган жерлерде.
Мындай ыкманы колдонууда баланын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу керек. Туура эмес иштин натыйжасы мүмкүн болушунча тезирээк болушу керек. Бул көрсөткүч баланын канча жашта экенинен көз каранды: наристе кылган “ишинин” натыйжасын дароо көрүп, баалашы керек, болбосо болгон окуянын мааниси жоголуп, өзүнө пайдалуу чечим чыгара албай калат. Эгер ал ысык үтүктү кармап колун күйгүзүп алса, натыйжасы дайын, бирок балага бардык ысык үтүктөр тууралуу түшүндүргөндү унутпаңыз.
Жазалоонун мындай түрүн колдонуу менен бала акырындап себеп менен натыйжанын байланышын түшүнүп, сизди уга баштайт.

Этибарга албооМаанисиз нерсени этибарга албай, маанилүү нерсеге көңүл коюуну үйрөнүңүз. Майда-барат нерселерди чоң проблема кылып, өзүңүздүн да, балаңыздын да маанайын түшүрбөңүз. Балага бардык нерсе кызык, дүйнө таанымын кеңейтип жатат. Чоңойгон сайын көп шоктонбой калат.

Тайм-аут
Түзөтүү чарасы дээрлик дайыма жардам берет. Муну жазалоо эмес, жагымсыз жүрүм-турумду жөнгө салуу десек болот. Бул эмнени туура эмес кылдым, кантип оңдойм деп ойлонуу. Мисалы, балаңыз туура эмес нерсе кылса, “тайм-аут” дейсиз, ал кылып жаткан “ишин” токтотуп, мурда сүйлөшүлгөн жерге барып олтуруп эмне кылганын ойлонуусу керек. Бул көпчүлүккө белгилүү болгондой бурчка тургузуп коюп же олтургучту көтөртүп коюп жазалоо эмес. Тайм-аут чоң кишилерге да, жаш балдарга да пайдалуу, бул ойлонуу үчүн убакыт. Эгер урушуп же унчукпай коюп жазалаганга көнүп калган болсоңуз, анда сизге убакыт керек экенин билдириңиз: “Тайм-аут. Ойлонуп, өзүмө келип алуум үчүн убакыт керек”. Бул убакта даарат алып келип, ыйык Куран китебин окусаңыз болот. Хадисте айтылат: “Чындыгында, ачуулануу шайтандан жана шайтан оттон жаралган. Отту суу өчүрөт. Эгер бирөөңөр ачууланып жаткан болсоңор даарат алгыла же ачууланган учурда турган болсоңор олтургула, олтурган болсоңор жаткыла, ачууңар таркайт” (Абу Давуд).
Тайм-аут ыкмасын эрте жаштан эле баштаса болот. Мисалы, наристе улам эле электр туташтыргычына жөрмөлөп барат. Аны кармаганга болбойт экенин айтып, улам бөлмөнүн аркы бурчуна алып барып коёсуз. Ушундайча бурчка алып барган сайын “тайм-аут” деп олтургузуп, бул эрежеге көндүрөсүз. Тайм-аут учурунда эки тарап тең унчукпайт. Эгер наристе белгиленген жерде олтургусу келбесе, жанына олтуруңуз, боло бербесе “Азыр бизде тайм-аут” деп кармап олтуруңуз. Олтуруу убактысы кыска эле болот – бир жашка бир мүнөттөн, мисалы, эки жаштагы балага эки мүнөт. Убакытты түшүнгөн чоңураак балдарга таасир эте тургандай убакыт бөлөсүз.

“Үчкө чейин санайм!..”
Мындай ыкмадагы жазалоо көп колдонулат. Бирок буйрук берүү, коркутуу иретинде айтылгандыктан баланы ого бетер каршылык көрсөтүүгө түртөт. “Үчкө чейин санайм, айтканды кылбасаң таяк жеп каласың менден!”. Минтип баланын психикасын бузуунун кереги жок. Ушул эле “үчкө чейин санайм” дегенди шаңдуу үн менен, коркутуп-үркүтпөй айтсаңыз пайдасын көрөсүз. Мисалы, оюнга айлантып жибериңиз. “Азыр мен үчкө чейин санайм, анан сен тура калышың керек. Бир, эки, үч. Турдук!” Бала өз ыктыяры менен турат, маанайы да көтөрүлөт.
Мындан ары буйрук берүү үчүн үчкө чейин санабайбыз, “үчкө чейин санаганча кийинип бүткөнгө жетишебизби же жокпу” деп балага стимул беребиз.

Сыйлык берүү
Бул ыкма жардам бериши үчүн алдын ала сүйлөшүп алуу керек. Ата-энелер балдарынын кандай болушу керектигин алдын ала айтып келишим түзүшөт. Эгер келишимди бузса, келишимдеги сыйлыктан куржалак калат. Мисалы, “эгер сабакты бешке окусаң, велосипед алып берем”.
Көз караш менен тарбиялоо
Бул искусствонун эң жогорку түрү! Мухамед пайгамбарыбыз колдончу бул ыкманы. Бир күнү пайгамбарыбыздын неберелери Хасан менен Хусейн садакага берүү үчүн жыйналган хурмалардын жанында ойноп жатышып, алардын бирөөсү бир хурманы алып оозуна салганы калат. Бирок анын көздөрү пайгамбарыбыздын көздөрү менен чагылыша түшкөндө, ал дароо хурманы ордуна коёт. Бул көз караш кадимки көз караш эмес. Бала анын көз карашынын маанисин түшүнүп, бирөөнүн акысын ордуна койду. Бул оңой ыкма эмес. Эгер баланы дайыма эле жекире карап, урушуп, кыйкыра берсеңиз бул эч кандай жардам бере албайт! Пайгамбарыбыз дайыма неберелерин сүйүү толгон көздөрү менен карап, сыйлагандыктан бир эле башкача көз караш жетиштүү болгон.





Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Giza   21 Август 2014 - 13:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 700
  • Катталган: 20 Июнь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2025 22:38
  • Жынысы:Аялзаты

Балага тарбия кош бойлуу кезинде башталат. Анан балага отуруп алып сабак өтпөйбүз. Ошондуктан ата-эне өзүнүн сүйлөгөн сөзүнө, жүрүш-турумуна этият болуш керек, себеби бала көргөнүн жасайт. Мисалы атасы алкаш болсо, баласы да алкаш болуп чыкса, баарыбыз айтабыз генинде бар деп, каяктагы ген? Жөн гана бала көргөнүн кылды. Атасы дайыма ичип жүрөт демек ичимдик ичүү табийгый көрүнүш.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (12 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 04:20

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: