Мен бул хадисти сахих эмес деген жокмун. Болгону хадисти чечмелөөдөн мурда ал хадис жөнүндө аалымдар эмне деп айтышканын тактап жаткан кербезим. Менде да бул хадис боюнча ой толгоолор бар. Бирок аны ортого алып чыгаардан мурда аалымдардын бул маселеде эмнелерди айтышканын тактап көрмөкчүмүн.
Ага чейин башка бирөө жооп айтпаган болсо, балким мен өз оюмду айтаармын.
Бул хадис Ибн Касир, Табарий, Багаваий жана башкалардыг тафсирлеринде да кездешет экен. Бирок булар алсыз санад менен келиптир. Ошондой эле Хайсаминин Мажмауз-Заваид китебинде да келиптир. Бул да алсыз санад менен экен. Андан сырткары бул хадисти Яхудийлердин сөздөрү деген аалымдар да жок эмес экен. Айтоор талаш маселе.
Менин жеке пикиримде бул хадис сахих. Эч болбоду дегенде хасан хадис. Эми мунун маанисине келсек, менимче бул жерде жердин жылдыздар системасында жайгашуусу жөнүндө айтылып жатат. Хааким риваят кылган хадисте эки жердин арасы 500 000 жылдык аралык. Ал экөөнун (жердин) жогоркусу балыктын (же киттин) үстүндө турат. (Хадистин кийинки жагы бир аз түшүнүксүз болуп жатат. Түшүнүп калсам жазаармын). Ал эми Мажмаауз-Заваидте келген хадисте Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) жер суунун үстүндө, суу асканын үстүндө, аска киттин устүндө анын эки тарабы Аршка келип кошулат, кит буттары абада турган периштенин үстүндө деп айтыптыр.
Бул жердеги суудан максат Худ сүрөсунүнун 7-аятында айтылган Анын Аршы суу үстүндө эле деген аяттагы суу болушу керек. Ал эми балыктан максат созвездие рыбы болушу керек. Өгүз деле ушундай маанини билдирсе керек. Астрономияны жакшы билбегеним үчун алардын жайгашуусун так түшүндүруп айта албаймын.
Аллах Таала билүүчүрөөк.

Супер-Инфо
super.kg
видео

















