Суперстан: "Кандуу өрөөн" Артур Конан Дойл - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Кандуу өрөөн" Артур Конан Дойл Детектив

#1 Пользователь офлайн   belka   10 Август 2014 - 00:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

БИРЛСТОУНДАГЫ КАЙГЫЛУУ ОКУЯ
ЭСКЕРТҮҮ

-Мен бир акыл ойлоп турам...
-Ойлонуңуз,ойлонуңуз, -деди Холмс күлө багып.
Канчалык оор басырыктуу болсом дагы,анын кытыгылап сүйлөгөнү жаныма батып кетти.
-Кыжырыма тийбеңиз,Холмс, -дедим күнкүлдөп.
Почто менен келген бир барак кагазды кунт коюп окуп жаткандыктан, менин сөзүмдү укпай деле калды окшойт.Конвертти да көпкө карап калды.
-Порлоктун колу экен,-деди ойлуу.-Мен буга чейин анын жазганын эки курдай көргөм.Игрек арибин бир кызыктай кылып жазат.Порлок өтө маанилүү нерселерди гана жазчу эле,ошондуктан азыр эле окуп чыкпасам болбойт.
Ал мага көңүл бурбай эле өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандыктан ,ачуум тарай түштү.
-Порлок деген ким?
-Порлок-лакап аты,колдон суурулган амал-айлалуу, эпчил адам,Уотсон. Мурдагы катында эле жалган ат менен жаздым,ошондуктан мени издеп убараланбаңыз деп эскерткен болчу. Баса,Порлок бир абдан абыройлуу инсан менен тааныш болгондугу үчүн гана мени кызыктырат. Акуланы сапарга баштаган анбалык же арстанды ээрчитип алган жойпу тулкүнү,дегеле басалбай жүрсө да чоңдор менен табакташ кишини элестетип көрүңүзчү.Андай кишилер,Уотсон, тымызын жолдор менен өз максатына жетет.Ошондон улам Порлок мени аябай кызыктырат. Сизге профессор Мариорти жөнүндө айттым беле?
-Илимпоз жана кылмышкер,шылуундугу башынан ашкан шумпай...
-Мени далай жолу сызга отургузуп кеткен...
-Коомчулук ал жөнүндө толук маалымат ала элек экендигин айтайын дегем.
-Сойдуңуз! -деди Холмс.-Уотсон сиз дамамат кебез менен мууздайсыз, тамашаламыш болуп туруп кепке кемтик,сөзгө сөлтүк кылбаса экен деп чочулап турам!Анткен менен Мориартини кылмышкер деп оозуңуздан жаңылдыңыз. Мыйзамдык көз караш менен алганда кызылдай ушак. Ал-карапайым кылмышкер эмес,баш териси бузук,чоң кылмыштардын түздөн түз уюштуруучусу. Бирок ал отко салса күйбөгөн,суууга салса чөкпөгөн шылуун болгондуктан сиздин айыптооңузду жокко чыгарып,сот жообуна тарттырмак. Нукура математика маселелери боюнча"Астероиддердин кыймылы" деген китеби жарык көргөндө,учкай сын айткан киши табылбаптыр деп эмдигиче аңыз кылып жүрүшөт.Ошондой кишини кылмышкер дегенге кандай дитиңиз барды?Ал даанышман,Уотсон! Бирок биздин көчөгө да майрам келет!
-Ошол күн тезирээк келсе экен!деп жибердим,-Порлок жөнүндө кеп баштагандай болдуңуз беле?

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   belka   10 Август 2014 - 03:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Ооба, ооба... Порлок аттуу киши бар болгону Мориартинин көзүнүн агы менен тең айланып,айтканы менен болгон неме. Бирок оңтою келсе кимди болсо да сатып кете берет. Бизге ошонусу керек. Ар-намысы ойгонуп, андан да мен жиберген он фунттун акысына эки жолу баалуу маалымат берди. Ал маалыматтын негизинде оор кылмышты болтурбай кылдык. Бул жолку каттын купуя сырын түшүнсөк, дагы бир кылмыштын алдын алган болобуз.
Холмс катты үстөлгө жайып койду. Кагазга жазылган табышмактуу сандарга көз чаптырдым; 534 Г 2 13 127 36 31 4 17 21 45 Дуглас 109 293 5 37 Бирлстоун 26 Бирлстоун 9 18 171
-Бул жөнүндө оюңуз кандай. Холмс?
-Жашыруун маалыматтарды кабарлаганы го.
-Чечмелей албагандан кийин мындай сырдуу каттан не пайда?
-"Дал ушу мүнөттө" дегениңизди кандай түшүнсө болот?
-Ар бир саптын биринчи тамгаларын койгулаштырып, не бир жашыруун каттарды окуй алам. Андан оңой нерсе жок. Бирок,бул каттын жандырмагын табыш кыйыныраак. Мындагы сөздөрдү кайсы бир китептен гана тапса болот. Ошол китептин наамын тактамайын бул катты окуй албайм.
-"Дуглас" жана "Бирлстоун" дегенди билдирет?
-Китепте андай сөздөр болушу мүмкүн.
-Китептин атын жазбаганы эмнеси?
-Кымбаттуу Уотсон,акылга дыйкан,зирек адам боло туруп, табышматуу катты жана анын жандырмагын бир барак кагазга жазып жиберсе болмок экен деп ой жүгүрткөнуңүзгө жол болсун. Ушул азыр жообу жазылган кат же китептин өзү келип калышы ажеп эмес.
Айткандай эле, бир нече мүнөттөн кийин кат-кагаз ташуучу Билли биз күткөн катты алып келди.
-Өзү жазып, кол коюптур, - деди Холмс ыраазы. Бирок катты карап көрүп, кабагы түйулдү. -Биз күткөндөй болуп чыкты. Порлок менен маселе чече албайт шекилдүү. Угуп туруңуз! "Кымбаттуу мистер Холмс, бул иш боюнча сизге мындан башка жардам бере албайм. Өтө эле алааматтуу экен. Менден шек санап калды окшойт. Конвертке дайыныңызды жазып жатсам шып кирип келсе болобу. Конвертти ката салдым, бирок ал мени шектүү карап калды. Менен алган жашыруун катты өрттөп салыңыз-сизге анын пайдасы жок. Фред Порлок".
Холмс катты кармаган бойдон дуулдап күйүп жаткан мештен көзүн албай отуруп калды.
-Ал эмнеден коркуп кетти экен?-деди бир саамдан кийин.
-Шектүү шекирет дегендей, чыккынчылыгымды билип коёбу деп жүрөкзаада болгонубу?
-Мориартиден коркот экен да?
-Арийне. Алар Мориартини тергеп, "ал" дешет. Колдогон кожосу ошол.
-Ал дагы бир жосунсуз жорукту баштамак болгон го?
-Кесе айтыш кыйын. Европанын акылы жетик адамы арам ойлуулардын жер майышкан колун баштап казатка чыкса, андан бардык балээни күтсө болот. Эмнеси болсо да, Порлок эсеңгиреп калгандай. Мориарти капысынан кирип келгенге чейинки жазганы менен андан кийинкисин салыштырып көр. Конвертке жазганы даана, ал эми каттагысын оңой менен окуп болбойт.
-Сизге жооп жазып убараланбасаделе болот эле да?
-Каттын жандырмагын таап бер деп талап кылаарымды билип, эртерээк кутулайын дегени да.
-Туура айтасыз,-дедим да,сырдуу катты кунт коюп окуй баштадым. Тырмактай кагаздагы сырдуу сөздөрдү түшүнө албаганыңа ичиң күйөт экен.
Шерлок Холмс канжасын түтөтүп илинчеги болуп жүрбөсүн. Акылга салып көрөлүчү. Эмне үчүн Порлок кайсы бир китепте шилтеме жасайт?
-Анын оюндагысын билиш кыйын.
-Ал табышмактын жандырмагын тапса болот го дейм. Китеп жөнүндө эч маалымат жокпу?
-Жок.
-Андай болсо, башкача ой жүгүртүп көрөлү. Чу деген эле жерде беш жүз отуз төрт деген шарттуу сандар жазылыптыр. Биз аны китептин бети деп боолголойлу. Демен ал көлөмдүү китеп экен. Андан кийинки белгиси-Г эки. Ал жөнүндө оюңуз кандай?

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   belka   10 Август 2014 - 18:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Экинчи глава
-Андай болушу мүмкүн эмес,Уотсон. Китептин бети көрсөтүлг он соң,главаны тактоонун кажети жок. Экинчи главасы беш жүз отуз төртүнчү беттен башталса,биринчи главасы кандай болот?
-Графа болуп жүрбөсүн!
-Азамат,Уотсон. Бүгүн акылыңыз ашып-ташып турган кези экен!Графа же тилке болушу ыктымал.Демек чоң китептин бир бетиндеги сөз эки жүз токсон үч деп белгилениптир. Дагы бир нерсени белгилей кетели,эгерде чанда кезикчү китеп болсо,сөзсүз мага салып жибермек.Ал адегенде шарттуу белгилердин жандырмагын билдирейин деген экен.Демек ал китепти мен оңой эле таап алсам болгудай.Анда эле сөз элге кеңири белгилүү китеп жөнүндө болуп жатыптыр.
-Болсо-болоор.
-Демек,Порлок кош тилке кылып басылган чоң китеп жөнүндө сөз кылып жатат.
-Библия,-деп сүйүнүп кеттим?
-Жакшы!...Бирок бул ой-жоорууңуз туура эмес.Мориартинин жан-жөкөрлөрү бибилияны окубай калсын.Анын үстүнө библия сансыз басылгандыктан, менде кайсы нускасы бар экенин ал кайдан билсин.Жок,Порлок мендеги китептин беш жүз отуз төртүнчү бетине бап келген чыгарма жөнүндө кеп салып жатат.
-Андай шартка жооп берген китептер саналуу эле да?
-Туура анда эле ишибиз кыйла жеңилдей түшөт.Демек биз ар бир бетине номур коюлган,элге кеңири белгилүү болгон китепти издешибиз керек.
-Айына бир жолу чыкчу жыйнак болуп жүрбөсүн.
-Азаматсыз Уотсон!Жылына бир жолу чыкчу жыйнак!" Уэйтекердин бир жылдыгын" алып көрөлү.Кеңири таралган кош тилке болуп басылган,ар бир бетине номур коюлган көлөмдүү жыйнак.-Холмс китеп текчеден бир томдук алып чыкты.-Беш жүз отуз төртүнчү бет...Экинчи тилке.-Британ Индиясынын бюджети жана соода-сатыгы жөнүндөтэкен.
Жаза баштаңыз Уотсон. Он үчүнчү номур-"Махратта" .Табышмактын жандырмагына окшобогон сөз экен,балээ басып жүз жыйырма жетинчи сөз-"Өкмөт. "Бизге жана профессор Мориартиге тиешеси аз болсо да,кандайдыр бир маани бар.Иликтөөбүздү уланталы "Махраттанын өкмөтү" эмне жасайт болду экен?Каап! Кийинки сөз-"мамык" . Окшошпой калды Уотсон.Иликтөөбүздү токтотолу.
Холмс тамашалай сүйлөмүш болгону менен,көңүлү кайт боло түшкөнүн байкадым.
Асты ачык мештен көзүмдү албай,мен да тунжурадым.
Аңгыча текчеден эскилиги жеткен бир китепти алып,Холмс бакылдап кирди:
-Шашкан-ашка бышкан болуптурбуз; Уотсон.Күнгө жетинчи январь,биз жаңы эле басылып чыккан жыйнакты караптырбыз. Порлок өикөн жылкы жыйнакка шилтеме жасашы мүмкүн эле да.Эгерде экинчи кат жазса,ал жөнүндө сөзсүз билдирмек.Беш жүз отуз төртүнчү бетти карап көрөлү.Он үчүнчү сөз-"Кабарым бар",жүз жыйырма жетинчи-" маалымат" .Башталышы түзүк.-Холмстун көзү жайнап чыкты.-"Коркунуч" эң сонун! Жазыңыз Уотсон,"коркунуч жөнүндө кабарым бар-кимдир бирөө жакынкы күндөрү"андан ары:"Дуглас" деген кишинин аты."Бай-помещик- азыр-Бирлстоун- сепил-Бирлстоун- ишендирип-ал- зарыл." Бүттү,Уотсон! Акылга салып иш кылгандын жыйынтыгы жөнүндө оюңуз кандай?
Холмстун айткандары жазылган кагазга үңүлдүм.
-Өз оюн минтип табышмактатпай эле билдирсе болмок экен!
-Тетирисинче, Порлок өз оюн айдан ачык билгизиптир, -деди Холмс.-Баш катырчу жери деле жок экен.Порлоктун айтымында өз имаратында жашаган Дуглас аттуу бай кишиге коркунуч туулуптур.Коркунуч жакындап калганын билгизиш үчүн "ишенем" деген түшүнүктүн ордуна "ишендирип" деген сөздү пайдаланыптыр. Иликтөөбүздүн жыйынтыгы ушундай болду...
Шерлок Холмс өзүнүн тапкырлыгына курсант болуп,көңүлү көтөрүлүп турганда Билли,Скотланд- Ярддын инспектору Макдональд келди деди.
Ал жылдары Алек Макдональд азыркыдай абыройлуу боло элек кези. Сөзгө сараң,мүнөзү катаал,узун бойлуу,акылдуу, ден-соолугу мыкты,полициядагы иш билги жигиттердин бири боло турган. Холмс ага эки курдай жардам бергени эсимде.Шотландиялык жигит Холмсту аябай ызааттачу жана кыйын учурларда аны менен кеңешип турчу. Ким көрүнгөн менен достошо бербеген Холмс шотландиялыкты ичинен жакшы көрчү.
-Таң атпай кайдан жүрөсүз,мистер Мак? Жаңы бир окуя болгон го?
-Кылмыштын изи сууй электе сиз менен акылдашууну чечтим...
Жаш инспектор үстөлдөгү бир барак кагазды көрүп,таң калганына мукактана түштү.
"Дуглас" -деп кобуранды ал-"Бирлстоун! "Бул эмне шумдук,мырзалар! Кудай акы тезирээк айткылачы,бул ысымдарды кайдан таап алдыңар?
-Доктор Уотсон азыр эле шарттуу белгилердин жандырмагын чечкен болчу.Эмне экен?
Айраң-таң калган инспектор экөөбүздү алмак-салмак тиктеди:
-Бүгүн түнү мистер Дуглас Бирлстоундагы имаратында мыкаачылык менен өлтүрулдү.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   belka   10 Август 2014 - 19:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

2.ШЕРЛОК ХОЛМС ЖАНА МАКДОНАЛЬД
Менин досум кыйынчылыкка моюн бербеген бышык киши болсо да,бул кабарды укканда оор мүшкүлгө кабылгандай боло түштү.Мага окшоп күйүп-бышкканын билгизген жок,сыр алдырбады,бирок кийик өңгөн мергенчидей демин ичине катып,бул ишке аябай кызыга түшкөндөй болду.
-Эң сонун!-деди бир саамдан кийин.-Эң сонун!
-Менин кебиме таң калган жоксуз го дейм?
-Кызыгып калдым,Мистер Мак.Эмне үчүн таң калышым керек? Бир кишинин башына коркунуч тушуптүр дегенкабар алгам.Бир сааттан кийин ал кишини өлтүрүп кетишкенин уктум.Ошондон улам кызыгып калганым ырас,бирок таң калган жокмун.
-Мен сизди жолдош кылып азыр эле Бирлстоунга жөнөсөмбү деп келгем.Сиздин айтканыңызга караганда Лондондо деле калсак болчудай.
-Анте албайбыз го,мистер Мак,-деди Холмс.
-Ойлоп көрүңүзчү,мистер Холмс,-деп каяша кылды инспектор.-Гезиттер бир эки күн Бирлстоундагы окуяны чуулдата жазышат.Кылмыш болоорун алдын ала билген киши Лондондун тургуну болгон соң баш катырып кереги эмне? Ошол кишини кармасак эле баары ордуна келет да.
-Аныңызда талаш жок,мистер Мак.Бирок сиз Порлок аттуу кшини кантип колго түшурмөксүз?
Макдональд Холмска келген катты дагы бир жолу кунт коюп карап чыкты.
-Штемпель Кембервилде басылганы чын болсо,ишибиз жеңилдей түшкөнү.Көз жазгырыш үчүн басылышы да ыктымал.Сиз ага акча жибердим дедиңизби?
-Эки жолу.
-Каякка?
-Кембервилдеги почта бөлүмүнө.
-Акча кимге тийгенини биле алган жоксузбу?
-Жок.
Инспектор таң калгандай болду.
-Эмне үчүн?
-Анткени биринчи катты алганда эле,аны издебейм деп сөз берип койгом.
-Сиз аны кимдир бирөөнүн малайы деп ойлойсузбу?
-Ойлобой-этпей эле так билем.
-Өзүңүз айткан профессор го?
-Дал өзү.
-котланд-Ярддагылардын пикири боюнча сиз аны бекер эле жаманатты кылып жүрөсүз.Мен билгенден ал кадырлуу илимпоз,таланттуу адам.
-Аны таланттуу дегениңизге курсантмын.
-Сиз аны жаман көрөөрүңүздү угаарым менен,ага көзмө-көз жолуккум келди. Өзүн министрден кем кармабаган ажардуу,чачын бубак баскан салабаттуу адам экен. Мени менен коштошуп жатып далыма аста таптап койду эле уулун узак сапарга аттанткан атага окшоп кетти.
Холмс жылмайып койду.
-Эң сонун!-деди ал.-Ойдогудай болуптур! Айтыңызчы урматтуу Макдональд, профессордун кабинетинде маектештиңерби?
-Ооба.
-Жасалгалуу бөлмө бекен?
-Айтпаңыз.
-Сиз анын жазуу үстөлүндө отурдуңуз беле?
-Ооба.
-Сиз жарык түшкөн жакка отуруп,анын өңү көлөкөдө калды беле?
-Иңир кирип калган болчу...Шамдын жарыгы мага тийип турган.
-Айтам да.Профессордун аркасындагы дубалда илинип турган портретти көрө алдыңызбы?
-Албетте,бир жагына бурула караган кыздын башы тартылыптыр.
-Аны он сегизинчи кылымдын экинчи жарымында жашаган айтылуу француз сүрөтчүсү Жан Батист Грез тарткан.
Инспектор кайдыгер угуп турду.
-Биз аны коё туруп...деп келатканда Холмс улап кетти:
-Биздал ошол "Юирлстоундун сыры" жөнүндө кеп кылып жатабыз. Ошол иштин түйүн сыры десек да болот.
Макдональд күлүмсүрөмүш болду.
-Сизидн оюңуздун төркүнүнө түшүнө албай жатам,мистер Холмс. Теңирден тескери нерселерди чатыштырып жиберет экенсиз.Илгери каза болгон сүрөтчү менен Бирлстоундагы окуянын кандай тиешеси бар?
-Грездин белгилүү картиналарыны бири жакында Порталисте бир миллион эки жүз миң франкка бааланды.
Инспектор аябай кызыгып калды.
-Профессор Мориарти жылына болгону жети жүз фунт айлык алат.
-Андай болсо кантип сатып алат?
-Мени ада ошол суроо кызыктырат.
-Уланта бериңиз Мистер Холмс,кызык иш экен! Аягына чейин угайын.
-Бирлстоунду канттик?-деди Холмс жылмайып.
-Али убакыт бар,-деди инспектор саатын карап болуп.-Сыртта мени кэб күтуп турат,жыйырма мүнөттө бизди Виктория вокзалына жеткирип коёт.Баса ажанагы картина жөнүндө ... Профессор Мориартиникинде бир жолу да боло элекмин дегендей болдуңуз беле?
-Ооба болгон эмесмин.
-Андай болсо анын квартирасы кандай жасалгадланганын кайдан билдиңиз?
-Анын жөну мындай. Мен анын квартирасынга эч кандай чакыртуусуз үч жолу бардым,эки курдай бобогон шылтоо менен барып,аны күтпөй кетип калдым.Учүнчү жолу...Аны полиция кызматкерине айтпасам деле болчудай. Ошо жолу анын кагаздарын карап чыгууга үлгүрдүм.Жыйынтыгы күтүүсүз болду!
-Беделин түшүрчү материал табылдыбы?
-Эчтеме табылган жок.Таң калыштуусу ошол болду.Бирок азыр эле сөз болгон картина жөнундө кеп башка.Ал чичриге бай экендигинде талаш жок.Бирок,кантип байыды?Эмгиче үйлөнө элек.Иниси Англиянын батыш жагындагы темир жол станциясынын начальниги болуп иштейт. Кафедра ага жылына жети жүз фунт төлөйт.Ошондой болсо да үйүндө Грездин колунан жаралган картина илинип турат.
-Ал мыйзамга сыйбаган жол менен байып алды дегени турасызбы?
-Албетте.Мындай бүтүм чыгарууга башка негиз да бар:ипичке тор,ийри-муйру жолдор менен өлүмүш болуп жаткан уулуу макулук илинген жөргөмүштүн желесине алып келет.Грездин картинасын өзүңүз көргөндөн улам гана айта салдым.
-Айтканыңыздын баары кызыктуу экен.Бирок анын күнөөсун тактап берсеңиз дурус болоор эле;арамдык ишжасаганбы, жасалма акча чыгарганбы же киши өлтүргөнбү? Анча акчаны кайдан табат?
-Жонатан Уайльд жөнундө окуган жок белеңиз?
-Аты тааныш угулат,кайсы бир романдын кейипкери го?Чынымды айтсам,романдагы тыңчыларды анча жактыра бербейм;каармандар кадам сайын эрдик жасашат;бирок кантип жасагандарын эгерим айтышпайт.Турмушта болбогон нерселерди ойдон чыгарып жаза беришет.
-Жонатан Уайльд-тыңчы да эмес,романдын каарманы да эмес.Ал өткөн кылымда жашага ашынган кылмышкер.
-Анда эле менин ишим жок,мен бүгункү турмуш менен гана жашаган кунттуу адаммын.
-Мистер Мак,турмушта баары тең кала берсе профессор Мориарти да кайталанат. Жонатан Уайльд Лондондун кылмышкерлеринин жашыруун башчысы болгон жана өзүнүн акыл-эсин,уюштуруучулук талантын кылмышкерлер тапкан пайданын он беш пайызына сатып жиберген.Эски дөңгөлөк айлана берет,бирок анын чабагы өз ордунда кала берет.Биз көргөндөр илгери да болгон,келечекте да болот.Мынча болду Мориарти жөнундо кененираак кеп салып берейин.


Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   belka   10 Август 2014 - 20:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Кулак сизде.
-Ал түзгөн саптын бир четинде акыл-эси жаманчылыкка багыттылган адам турат,экинчи жагында жүздөй ууру-кескилер, шылуундар бар.Саптын ортосун ар түркүн кылмышкерелер ээлеп алышкан.Анын штабынын начальниги Себастян Моран деген полковник.Ал койдон момун болуп тымпыйып,сыр алдырбай,жоопко тартылбай жүрөт. Мориарти ага канча төлөйт дебейсизби?
-Билбейм.
-Жылына алты миң фунт.Демек,айлыгы премьер-министрден да көп Мориартинин кирешесин өзүңөр санап алгыла. Андан да кызыгы,Мориарти эсеп-кысабын ар-кайсы жердеги алты банкта жүргүзүптүр. Бул жөнүндө эмне демексиңер?
-Ким билсин?Сиздин оюңуз кандай?
-Өзүнүн байлыгын жан кишиге билгизбейин деген амалы да. менимче,өз акчасын бир топ банктарда сактаса керек,жыйырмага жакын эсеп ачыптыр.Толгон- токой акчасын чет өлкөдө,Герман же Лион банктарында сакташы ыктымал.
Макдональд үн катпай угуп турса да чыдамы кетип,досумдун сөзүн бөлдү.
-Мистер Холмс,башка маселеге түшүп кеттиңиз го дейм.Азырынча профессор менен Бирлстоундагы кылмыштын ортосунда кандайдыр бир байланыш бар экенин гана билебиз.Ал жөнүндө Порлок деген кишиден келген каттан билет экенсиз.Дагы кандай жыйынтык чыгара алабыз?
-Кылмыштын себеби жөнүндө ой жорусак болот. Мориарти карамагындагыларды катуу кысымга аларын эсинерден чыгарбагыла. Темирдей тартип орнотуптур, кылт этсе эле өлүм жазасына тартат. Дуглас ага саткындык кылгандыгы үчүн өлтүрүлдү деп айтышка толук негиз бар.Анын өлтүрүлгөндүгу башкаларга маалым болгондо тартип ого бетер бекемделет. Дуглас кандай жазага кириптер болгонун угуп калган кылмышкерлердин бири мага жазып жиберсе керек.
-Бул биринчи ой жоруу...
-Экинчи-Мориарти көнгөн адатына салып,Дугласты тоноп алагн болуш керек.
-Ал жөнүндө уккан эмес экенмин.
-Андай болсо экинчи жоромол туура болгону.Мориарти ал ишке түздөн-түз катышкандыгы же жетекчилик кылгандыгы үчүн акча алмак болгон деп эсептесек болот.Эмнеси болсо да,Бирлстоунга барып,жеринен изилдешибиз керек.
-Бирлстоунга камыналы,-деп Макдональд ордунан турду.-Кара баскырдыкы десе!Кеч болуп калыптыр шашылбасак болбойт.
Холмс экөөбүз кийине баштадык.
-Мистер Мак,калган-катканын жолдон айтып берээрсиз...
макдональд жарытып деле айтып берген жок,ошондой болсо да ал иш аябай кызыктуу экени белгилүү боду.Холмс улам бир жаңылык уккан сайын ичинен кымылдап,колун укалап коюп келатты.Бир айдан бери ишсиз калгандыгынын эсесин алып,кумардан чыгаарына кубанды белем көзү жалжылдап,жүзү нурданып чыкты.Бизди эмне күтүп тургандыгы жөнүндө Макдональддын айткандарын кунт коюп укту.Элет жеринде иштеген полиция офицери Уайт Мейсон Дугластын өлүмү жөнүндө Скотланд-Ярддагы досу Макдональдка таң эртең менен жүрчү поезддегилерден кабар айттырыптыр:
"Кымбаттуу инспектор Макдональд, -деп жазыптыр Мейсон,-расмий чакырууну өзүнчө аласыз. Бул катты менден деп билесиз. Бирлстоунга кайсы поезд менен келээриңизди кабарлап коюңуз, өзүм тосуп алгыдай болоюн, бошобой калсам башка бирөөгө тапшырам. Таң каларлык иш болду,тезиреек келиңиз. Колдон келсе мистер Холмсту ала келиңиз, ага да кызыктуу болот.Эгер адам өлтүрүлбөгөндө, театр койгон оюндан кем болмок эмес.Ишенип коюңуз,чанда бир жолукчу кызыктуу окуя".
-Досуңуз акылдуу киши көрүнөт,-деди Холмс.
-Үстүнөн түштүңүз,Уайт Мейсон иштин көзүн тааныган адам.
-Дагы эмне айта аласыз?
-Эчтеме,калганын өзү айтып берет.
-Дуглас мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн кантип билдиңиз?
-Ал жөнүндө расмий билдирүүлөрдө айтылыптыр. Анда "мыкаачылык" деген сөз жок,анткени полициядагылар антип айтышпайт.Жон Дуглас деген адамды мергенчилердин кош ооз чолок мынтыгы менен башка атып өлтүрүшүптүр деп айтылган. Кылмыш түн ортосу ченде болгондугун, эч ким камала электиги жөнүндө билдирилген. Аягында мындай окуя сейрек учурай тургандыгы жана ар кандай ой жорууларды пайда кылышы жөнүндо кеп болуптур.Мындан башка маалыматыбыз жок,мистер Холмс.
-Анда ушуну менен сөзүбүздү аяктай туралы,мистер Мак,мүмкүн болсо бир аз ойлонуп алайын.

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 10 Август 2014 - 20:48

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   belka   10 Август 2014 - 23:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

3.БИРЛСТОУНДАГЫ АЛААМАТ. Эмесе,Лондондун түндүгүнөн орун алган Бирлстоундагы болгон окуялар жөнүндө кеп салып берейин. Кылымдар бою ал шаар кароосуз калып калган эле,бирок кийинки жылдары шаардын мал-мүлктүү тургундары калаанын чет жакасындагы ажайып токойлордун арасына ажайып үйлөрдү тургуза башташты.Бирлстоундун борборунда дүкөндөр көбөйдү. Бирлстоундун ордосунан жарым миль ыраактагы кара кайыңдуу эски паркта келишимдүү имарат бар эле. Ал тээ илгерки биринчи крест жүрүштөрүнүн убагында эле курула баштаган болчу.Имарат 1543-жылдагы өрттөн жапа тартып,бир азы гана аман калат да,феодалдык сепилдин урандыларынын ордуна бышкан кирпичтен жаңы имарат курула баштайт.Чатыры черепица менен жабылган,терезелери кичинекей имарат күнү бүгун он жетинчи кылымдын башында курулган имаратты элестетет.Жоокер феодалдардын имаратын айланта курчаган эки аңгектин бири суу менен толтурулган. Ошондуктан ал үйгө түнкүсүн көтөрүлүп,эртең менен төмөн түшүрүлүүчү көпүрө менен барууга болот.Кыскасы имарат ар түнү өзүнчө бир аралга айланып турат. Бул акыбал көп өтпөй бүт Англиянын көңүлүн бурган жашыруун сырды чечмелөөгө түздөн-түз тиешеси бар нерсеге айланды. Ал үйдө Жон Дуглас жана анын аялы жашачу.Элдин айтымында Дуглас элүүгө келип калгансымбаттуу, олбурлуу,көзү көк,мурутун ак баскан,кабагы жарык адам боло турган бирок анын жүрүм-туруму карапайым адамдар менен көбүрөөк ымала кыла турганын айгинелечү. Анын алтыны да көп экен,көрсө убагында Калифорниянын кендеринен чогултуп алыптыр.Бир жолу өрт өчүргүчтөр да даап кире албай койгон үйгө кирип барып,кымбат баалуу дүнүйөнү аман алып калгандан кийин,ал эр жүрөк киши катары элдин оозунда калат. Англистер,өзгөчө элетте жашагандары башка жактан келгендер менен камыр-жумур болуп кете алышпаса да,Бирлстоундуктар анын аялын ызаатташчу. Миссис Дуглас өзүн түнт кармачу.Аялы өлүп калган Дуглас менен Лондондо таанышат.Ал өңдүү-түстүү, кара-тору аял боло турган,күйөөсүнөн жыйырма сегиз жаш кичүү болсо да,бактылуу өмүр сүрүштү.Аларды жакшы билгендер күйөөсүнүн өткөн турмушунан кабардар болгондон кийин гана аялы ага анчейин ишене бербей калган деп кобурап калышчу экен.Күйөөсү үйгө кечигип келсе да мисси Дуглас аябай капаланчу экен. Бирлоустондагы алааматка дагы бир кишинин тиешеси бар.Ал-Гемстадтык Сесил Бэркер.Москоолунан келген ал киши Бирлстоунга көп келе турган.Мистер Дугластыкында үзбөй мейманда болчу экенмистер Дугластын өткөн турмушун ошол гана билет дешчү. Бэркердин айтымында ал Дуглас менен алгачкы ирет Америкада таанышып,далай кыйын күндөрдү чогуу өткөзүшкөн экен.Ал Дугластан кичүү,колунда бар,кырк бештердеги, кең көкүрөк,коюу кара кашы бар,сулуу адам боло турган.Дуглас же анын аялы менен шаардын чет-жакасына көбүрөк сейилге чыкчу."Ак көңүл,март,мырза киши,-деп калчуал жөнүндө үй кызматчысы Эмс,-бирок ага каяша айтып бекер".Бэркер Дуглас менен өзгөчө анын аялы менен аябай жакын болчу,ошондон улам Дуглас аялын көз көрүнөо кызганчу.Ошол алаамат күнү Дугластын үйүндө жүргөн Бэркер жөнүндөгү болгон-бүткөн кабар мына ушундай.Үй кызматчыларынан Эмс менен миссис Дугласка үзүлүп түщүп кызмат кылган,кабагым- кашым дебеген меймандос миссис Эллен алар менен чогуу болушкан. Алтынчы январга караган түнү,саат он экилерде алгачкы кабар сержант Уилсон башчылык кылган полициялык күзөткө жетет. Аябай толкунданган Бэркер Дугластын өлүмү жөнүндө үзүл-кесил айтат да,кайра имаратка жүгүрөт.Саат он экилерден өтүп калганда жергиликтүү бийликтегилерге болгон ишти айтып берип,полициянын сержанты да кылмыш болгон жерге жетип келет.Көтөүлмө көпүрө төмөн түшүп,терезелер жарык болуп турган экен.Эси чыккан үй кызматчысы эшиктин алдында туруптур.Сесил Бэркер сержантты ээрчитип кирет. Аңгыча Бирлстоундун тургуну доктор Вуд келип калат да,үч эркек каргашалуу бөлмөгө киришет.Дуглас чалкасынан жаткан экен.Доктор чөгөлөй калып,Дуглас эбак өлүп калганын көз карашы менен баяндайт.Дугласты карап болбойт.Көкүрөгүндө стволу кесилген мылтык жатыптыр.Ок жакын жерден атылгандыктан башынын чоло жери жок,бырын-чырын болуп кетиптир.Эки стволдон бирдей ок чыгарыш үчүн машаа зым менен байланыптыр.
-Начальниктер келгиче эч нерсеге кол тийгизбейли. -деди жоопкерчиликтен чочулаган полициянын кызматкери шыбырай сүйлөп.
-Эчтемесине тийген жокпуз,-деди Сесил Бэркер.Инспектор жан дептерин алып чыгып:-Сиз муну саат канчада көрдүңүз?- деп сурады.
-Он бир жарымда саааттын коңгуроосу кагылды.Мен өз бөлмөмдөгү асты ачык мештин жанында кийимчен отургам,уктай элек болчумун.Аңгыча мылтык атылгандай болду.Биринчи болуп Дугластын бөлмөсүнө жарым мүнөттө учуп жеттим.
-Эшик ачык бекен?
-Ачык экен,шоруң каткан Дуглас дал азыркыдай болуп чалкасынан жатыптыр.Үстөлдө шам күйүп туруптур.
-Бөлөк-бөтөн киши көрүнбөдүбү?
-Жок.Миссис Дуглас тепкичтен түшүп келатканын байкап калып,жолун тородум.Уй кызматчысы Эллен да келип калган экен,миссис Дугласты алып кетти,биз Эмс экөобүз мында келдик.
-Көтөрүлмө көпүрө түнү менен иштечү эле го?
-Ооба,көпүрө ошол түнү да көтөрүлүп турган,мен аны төмөн түшургөм.
-Андай болсо киши өлтүргүч кантип жашырынып калат?Кыязы мистер Дуглас өзүн-өзү өлтүргөн го.
-Адегенде мен да ошентип ойлогом,бирок карасаңар,-деп Бэркер терезе парданы өйдө көтөрдү,терзе ачык экен.-Мындайы да бар!-Ал терезедеги кандуу такты көрсөттү.-өтүкчөн кимдир бирөө терезеден түшө качкандай.
-Демек ал киши аңгек аркылуу качып кеткен демексизби?
-Дал ошондой.
-Демек сиз жарым мүнөт өтүп-өтпөй бөлмөгө жетип келсеңиз,өлтүрүүчү ал кезде аңгектеги сууну кечип бараткан экен да.
-Ошондой болгонуна көзүм жетип турат.Мен дароо терезеге келсем болмок экен.Терезе парда тартылып тургандыктан, андай ой башыма да келбептир.Миссис Дугластын кадамын уктум да,кара жолтой бөлмөнү көрбөсө экен дедим.
-Айтканыңызда калет жок,-деди сержант,-ал шумпай аңгектеги суудан кечип өттү деп коёлу,бирок көпүрө көтөрүлүп турса,бул үйгө кантип келип калды?
-Бул сурооңузга жооп бере албайм,-деди Беркер.

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 10 Август 2014 - 23:55

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   belka   11 Август 2014 - 02:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Көпүрө качан көтөрүлдү эле?
-Саат алтыларда,-деди Эмс.
-Мен билгенден көпүрөнү күн батаар менен көтөрүшчү,жылдын бул мезгилинде күн алтыларды эмес,беш жарымда батат.
-Мистер Дугластыкында меймандар бар болчу,-деп түшундүрдү Эмс,-Меймандар тарамайынча көпүрөнү көтөрбөйүн дегем.
-Демек,сырттан келген өлтүрүүчү саат алтыга чейин көпүрөдөн өтүп келип,мистер Дуглас саат он бирден өтүп бөлмөсүнө келгиче сыртта жшынып турат да,мылтыгын таштап терезеден качып чыгат.Менин оюмча...Албетте тергөө учурунда баары аныкталат.-Сержант капысынан өлгөн кишинин жанында жаткан карточканы өйдө көтөрдү.Анда "В.Ө." деген ариптер чийилип,анын алдында 341 деген сан жазылыптыр. -Бул эмнеси?
Бэркер карточканы кызыга карады:
-Мен муну байкабапмын.
Кыязы киши өлтүргүч түшүрүп койсо керек.
-"В.Ө." Үч жүз кырк бир.Түшүнсө Кудай урсун,-деди сержант карточканы кармалап көрүп.
-"В.Ө." дегени эмне болду экен?Кимдир бирөөнүн ысымыбы? Дагы эмне таптыңыз доктор?
-Мистер Дуглас кечээ картиналарды дубалга илип жаткан болчу,-деди Бэркер асты ачык мештин жанындагы килемде жаткан чоң балканы жана мыктарды көргөзүп.-Мына бул стулга чыгып алып,чоң картиналарды илип жатканын көргөм.
-Сиз аны өз ордуна коюңуз,-деди сержант башын кашып.
-Ого!-деди ал,терезе пардага назар салып.-Терезе парда качан түшурүлду эле?
-Саат төрттөн кийин.-деди баш кызматчы.
-Тээтигинде кимдир бирөо күтуп турган окшойт,-деди сержант үйдүн бурч жагындагы өтүктүн изин көргөзүп.-Сиздин кебиңизге ишенсек,мистер Бэркер,терезе парда түшүрүлгөндөн көпүрө көтөрүлгөнгө чейин,башкача айтканда саат төрттөн алтыга чейин бул үйгө кирип,терезе парданын артына жашынып турган болот.
-Минтип убакытты бөөдө коротпой,өлтүрүүчү качып кете электе сыртка чыкпайлыбы? -деди Бэркер.
Сержант бир саамга ойлоно калды.
- Сэр.Таңкы саат алтыга дейре бул жактан поезд жүрбөйт,демек кылмышкер да поезд менен кете албайт.Эгерде ал чоң жол менен кетсе,ары-бери жүргөндөр анын ылай өтүгүнө көңүл бурьай коюшпайт.Эмнеси болсо да менин ордума киши келмейинче, бул жержен кете албайм.
Доктор сулк жаткан денени кунт коюп карады.
- Бул эмне болгон белги?-деп сурады ал.-Кылмыш ишке кандайдыр тиешеси жок болду бекен?-Өлгөн кишинин оң колу чыканагына чейин халаттан чыгып туруптур. Билегине үч бурчтукту элестеткен күрөң белги тартылыптыр.
- Бул ийне менен чегилген сүрөт эмес,малга басылчу тамгага окшогон белги экен,-деди доктор.-Сиздин оюңуз кандай?
- Дугластын колундагы бул белгини кийинки он жылдан бери көрүп жүрөм,-деди Сесил Бэркер.
- Мен дагы,-деп кепке аралашты баш кызматчы.-Кожоюн жеңин түрүнгөн сайын таң каларлык белгини көрчүмүн. Бул эмне болгон белги деп баш катырчумун.
- Демек, бул белгинин киши өлтүрүүгө кымындай да тиешеси жок экен,-деди сержант Уилсон.
- Ошондой болсо да таң каларлык... Дагы эмне байкадыңар?
Баш кызматчы өлгөн кишинин колуна элейе карады.
-Эгерде мистер Дуглас нике шкегин таза алтындан жасалган шакегинин өйдө жагына тагынып жүрсө, өлтүрүүчү адегенде алтын шакекти, андан соң нике шакекти чыгарып алып, алтын шакегин кайра кийгизген экен да?
-Үстүнөн түштүңүз.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   belka   11 Август 2014 - 22:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Бул ишти тезинен Лондонго өткөзүп бериш керек.Уайт Мейсондун кыйын тыңчы экендигинде шек жок,бирок ишти Лондонго бергенибиз эле түзүк.Бул татаал ишти аягына жеткизе албайбыз.
ДАЙЫНСЫЗДЫК Уилсондун шашылыш чакыруусу менен графствонун тыңчы полициясынын начальниги түнкү саат үчтө бир аттык арабага түшүп келди. Эрте мененки поезд менен Скотланд-Ярдга кабар жиберди да,саат он экиде Бирлстоун бекетине келип,бизге жолукту. Оор басырыктуу, бети күнгө күйгөн,этеги узун кемсел кийип,тайтактай баскан акыл-эстүү көрүнгөн мистер Уайт Мейсон криминалистке эмес,карапайым фермерге же чабандеске түстөшүп кетет. -Бул өзү чаташкан иш экен,-деди ал,-Гезитчилер бул окуяны угаары менен жабалактап жетип келишет.Менимче алар келгиче ишти бүтүрүп салабыз.Мистер Холмс,сиз үчун да кызыктуу болот.Медик катары сизге да иш табылат,доктор Уотсон.Уествилдин мейманканасына жайгашасыңар. Он мүнөттөн кийин мейманканадан орун алдык да,болгон иш жөнүндө толугураак маалымат алыш үчүн бир бөлмөгө чогулдук.Макдональд жан дептерине бирдемелерди жазып жатты,Холмс болсо кызыгып тыңшап отурду. -Эң сонун,-деди ал,баарын угуп болуп.-Эң сонун!Өмүр бою мындай чуулгандуу ишти кезиктире элек болчумун. -Айтканыңызда калет жок мистер Холмс,-деди Мейсон.-Уилсон чогулткан фактыларды текшерип чыгып,айрым бир жыйынтыкка келдим. -Тагыраак айтып бериңизчи,-деди Холмс. -Биринчиден, балкада эч бир из калбаптыр.Мистер Дуглас балка менен коргонсо,киши өлтүргүчтү баштан ары бир салмак да,балкада кандын тагы калмак. -Дайыма эле андай боло бербейт,-деди Макдональд каяша айтып.-Балка менен уруп өлтүргөндо да,кандын тагы калбаган учурларды билем. -Болуптур.Мен мылтыкты да изилдеп чыктым.Ал бытыра менен октолуптур да,сержант Уилсон айткандай машаалары чогуу таңылыптыр, тепкини басканда,стволдон бир убакта ок чыкма.Жаза тийиа калбасын үчүн ошенткен болуу керек.Чолок мылтыктын узундугу эки футтан ашпайт,ошондуктан аны койнуна катып келсе да болмок.Анда фабриканттын аты жазылбаганы менен "ПКЖК" деген жазуу бар экен. -"П" чоң тамга кжк лар кичине тамга менен жазылыптырбы? -деп калды Холмс. -Ооба. -"Пенсильвания- курал-жарак компаниясы" ,Америкадагы белгилүү фирмалардын бири.-деди Холмс. Мейсон менин досумду карап эле калды. -Туура айтасыз мистер Холмс.Ошондо да курал-жарак чыгаруучу заводдордун аттарын кантип эсиңизге сактап калдыңыз? Холмс үндөгөн жок. -Америкалык мергенчи мылтык экенинде талаш жок,-деп кебин улады Мейсон.-Американын кайсы бир штаттарында чолок мылтык менен ууга чыгышат деп уккансыдым эле.Мылтыкка жазылган тамгаларды көрө электе эле андай ой башыма келген болчу.Демек бул үйдүн кожоюнун Америкалык киши өлтүргөн десек болот. Макдональд баш чайкады. -Буга ишениш кыйын бул үйдө кимдир бир чоочун киши болгонуна көзүм жетпей турат. -Андай болсо терезедеги канды,бурчтагы өтүктүн изин,таң калаарлык карточканы, мылтыкты канттик? -Анын баарын атайын жасап койсо да болот.Дуглас америкалык болгон же көп жылдары Америкада жашаган.Бэркер жөнүндө да ошондой ойдомун.Ушунун баарын жасаган кайдагы бир америкалык киши деп ойлошко болбойт. -Эмс баш кызматкер... -Ага ишенсе болобу? -Ал сэр Чарльз Чендоско он жыл бою кызмат кылган ишенимдүү киши.Дуглас бул үйгө көчүп келе электе эле ага кызмат өтөчү.Эмс андай мылтыкты бул үйдөн түк көрбөптүр. -Куралды жашырып стволун араалап салышкан окшойт.Аны чамаданга катып койсо да болмок.Андай курал үйдө болбогонун Эмс кантип далилдейт экен? -Мылтык үйдө сакталгандыгы ырас болсо,жок эле дегенде бир жолу көрөт эле го. Макдональд баш чайкады: -Бул үйдө эч кандай курал болгон эмес дегендерге ишене албай турам. -Андай болсо өз жоромолуңузду айтып бериңиз,мистер Мак,-деди Холмс. -Ал киши-ууру эмес.Нике шакек менен карточка атайлап өлтүрүлгөндүгүнө далил.Үйдүн айланасындагы суу толтурулган аңгектен качып кетиш үчүн үн чыкпаган мылтык керек болгон.Үнү катуу чыккан мылтык менен атып өлтүрсө,үйдөгүлөр дароо сыртка чыгып,аны кармап калышмак. -Айтканыңыз жүйөөлүү,-деди Холмс ойлуу.-Айтыңызчы Мейсон ал киши ангектен чыккандан кийин эч из калтырбаптырбы? -Из калтырбаптыр, мистер Холмс.Бирок аңгектин жээгине тизилген таштарды дагы бир жолужакшылап карап чыкпасак болбойт. -Мистер Мейсон тезирээк ошол жерге барсак кантет? -Мен да ошондой деп тургам,мистер Холмс. Эки жагына кыркылган кара жыгач,эмен тигилген Англиянын кооз жолдору менен бараттык. Көп өтпөй айланасы бак-дарак менен курчалган,бышкан кирпичтен салынган чоң үйгө жетип келдик. Жакындай келип карагайдан салынган көтөрүлмө копүрөнү,чоң аңгектеги көз жашындай мөлтүрөгөн суу кышкы күнгө чагылышып жатканын көрдүк.Бул жерде үч жүз жылдан бери далай адам жарык дүйнөгө келип,далайы набыт болдутой тойллонду,ит агытып,куш салынган мергенчилик болду. Холмс аңгектин четине келип сууга назар салды,тизилген таштарды жана чөптү изилдеп көрдү. -Менин көзүм бүркүттүкүнөн кем эмес,-деди Мейсон.-Бизди кызыктырчу изди көрө албай турам.Бирок, кылмышкер изин жашырып кетиши да ажеп эмес. -Туура айтасыз,суу дайыма ылайланып турабы? -Көбүнесе ылайланып турат,анткени суу менен кошо кир-кок да агып келип турат. -Тереңби? -Чеке жагы эки фут,орто чени үч фут. -Киши өлтүргүч сууга чөкмөк эмес турбайбы? -Чоң киши эмес,бала да чөкпөйт. Көтөрүлмө көпүрөдөн өтүп узун бойлуу катыңкы,сыны кетсе да сыры кетпеген баш кызматчы Эмске жолуктук.Шордуу абышка купкуу болуа,күтүлбөгөн кайгыдан колу-башы калтырап турган чагы экен.Бирлстоундук полициянын узун бойлуу кызматкери ары-бери басып туруптур.Доктор кетип калыптыр. -Жаңылык барбы Уилсон?-деди Мейсон. -Жок сэр. -Анда бара бериңиз.Керек болгондо чакыртып алабыз.Баш кызматчы мистер Бэркер,миссис Дуглас жана үй кызматындагы аялга кабарлап койсун,алар менен сүйлөшүшүбүз керек.Мүмкүн болсо айрым ойлорумду ортого салайын мырзалар,-деди Мейсон бизге кайрылып. Элеттик тыңчы мага жагып калды.Ой чабыты кенен адам экен,буюрса кызмат жагынан жогорулай берчүдөй.Кала берсе Холмс да сөзүн бөлбөй,кунт коюп угуп жатты. -Мистер Дуглас өзүн-өзү өлтүрдүбү же киши колдуу болдубу-алгач ушул суроого жооп издейли,мырзалар. Эгерде өзүн-өзү өлтүргөн болсо,ал өзү нике шакегин чыгарып алып катып коёт да,бул жерге халатчан келип,суу болгон өтүгү менен терезенин жанында ары-бери басат,анан соң терезени ачып,каны менен... -Бул ой жорууңузга ишенип болбойт.-деди Макдональд кепке аралжы болуп. -Мен да ошндой ойдомун.Алкиши өз жанын өзү кыйган эмес,демек киши колдуу болгон.Андай болсо аны чоочун бирөө өлтүрдүбү же үйдөгүлөрдүн бири өлтүрдүбү-ушуну тактап алышыбыз керек. -Оюңузду айтыңыз. -Кандай болгон күндө да кылмыштын бетин ачуу кыйынга турат.Бул иш үйдөгүлөрдүн биринин колунан келди деп коёлу.Ал Дугласты тарс эттирип атып өлтүрсө,үйдөгүлөр сөссүз жүгүрүп чыгышмак. -Ок чыккандан кийин бир мүнөткө жетпей мистер Бэркер,ошондой эле Эмс Дугластын бөлмөсүнө жетип келгенин билебиз.Кылмышкер каш кагымда терезеден кирип келип,анын кашегине кан сүртүп,өлгөн кишинин колунан нике шакегин жулуп алышка кантип үлгүрөт?Мүмкүн эмес. -Жакшы айттыңыз,-деди Холмс.-Бул маселе боюнча сизди толук колдойм. -Дугласты чоочун бирөө өлтүрдү дейли.Андай болсо өлтүрүүчү бул үйгө күүгүм талаш,беш жарымга чейин,бирок көпүрө көтөрүлө электе келген болот.Үй толо меймандар,эшик ачык,жолтоо болгон киши жок.Ал мистер Дугласка чарбалык иши менен келген болушу да ажеп эмес,Дуглас өмүрүнүн көбүн Америкада өткөргөндүктөн жана мылтык да америкалык болгондуктан өч алуу максатында өлтүрүлүшү ыктымал. Кылмышкер бул бөлмөгө кирип,түнкү саат он бирге чейин парданын артында жашынып турган болот.Мистер Дуглас бөлмөгө киргенде экөө кер-мур айтышат.А балким сүйлөшкөн да эместир,анткени миссис Дуглас күйөөм чыгып кеткенден кийин беш мүнөткө жетпей мылтыктын үнүн уктум дейт... -Түнкү шам-чырак айтканыңызга далил боло алабы?-деди Холмс.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   belka   12 Август 2014 - 19:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Ооба жаңы шам экен,жарым дюймдан ашык күйбөптүр.Кол салаардан мурун аны үстөлдүн үстүнө алпарып койгон экен,антпесе ал жерге түшүп кетмек.Мистер Бэркер бөлмөнү жарык кылып,шамды өчүрүптүр.Ошондон улам менде бир ой жоруу бар.Мистер Дуглас бөлмөгө кирип шамды күйгүзөт.Мылтыкчан киши терезе парданын артынан чыга келет да,нике шакекти бер дейт.Мистер Дуглас шакегин чыгарып берет да,оңутун таап балка менен урмак болот.Чоочун киши аны тарс ата да,мылтыгын, карточкасын таштап качып жөнөйт.Бэркер кирип келгенде ал аңгекке кирип калган болот.Сиз кандай дейсиз,мистер Холмс?
-Кызык оюңуз бар экен,бирок туура эместей.
-Кызыгы жолдо калсын,-деп Макдональд кепке аралашты.-Терезе пардага жашынып турган киши Дугласты башкача жол менен деле өлтүрөорү айдан-ачык болуп турбайбы. Эмне үчүн өз жолуна өзү бөгөт болду экен деген ой башыңызга келбедиби? Аман калыш үчүн айлананы жаңыртып ок чыгарыштын кандай кажаты бар эле?Мистер Мейсондун пикирин туура көрсөңүз далилдеп берсеңиз кантет,мистер Холмс.
Холмс кээ-кээде гана туш-тарабын карап койгону болбосо,лам дебестен,кунт коюп угуп отурган болчу.
-Бир бүтүмгө келиш үчүн көбүрөөк факты чогултуш керек,мистер Мак,-деди ал өлүктүн жанына чөгөлөй олтуруп.-Баш кызматчыны бир мүнөткө чакыртсак болобу?...Эмс мистер Дугластын колундагы таң калаарлык үч бурчтукту далай ирет көрсөңүз керек?
-Албетте сэр.
-Мистер Дуглас каарылган үч бурчтук жөнүндө айтчу эмес беле?
-Түк айткан эмес.
-Бул шарттуу тамга экенинде шек жок.Эмс,мистер Дугластын оозунун учундагы кичинекей жараатты көрдүңүз беле?
-Ооба сэр,кечээ эртең менен сакал-мурутун кырып жатып кесип алган.
-Мурун да кесип алчу беле?
-Жакында эле,сэр...
-Ошондой деңиз.Кээде кокусунан кесип алышы мүмкүн,көбүнесе бирдемеден чочулаганда ошондой болот.Кечээ анын жүрүм-турумунан чектен тыш бирдемелерди байкаган жок белеңиз,Эмс?
-Бир нерсеге алагды болуп,санааркап жүргөндөй болгон.
-Демек кол салуу капысынан болгон эмес экен.Аз да болсо ишибиз илгери жыла баштады.Мистер Мак,бул ишти өзүңүз эле тергесеңиз кандай болоор эле?
-Жок,мистер Холмс,аны мен деген мыкты адистер жүргүзөт.
-Андай болсо "В.Ө.341" деген карточкага кайрылалы... Карточкага түспөлдөш кагаз жокпу?
-Жок,сэр.
Холмс жазуу үстөлүнө келип,ар кайсы сыя челектен сыя соргучка сыя тамчылатты.
-Карточкадагы тамгалар жана сандар кызыл сыя менен жазылыптыр, үйдөгү сыялар кара экен.Анын үстүнө жоон калем уч менен жазылыптыр, бул жердеги калем учтар ичке экен.Демек карточка башка жерден толтурулуптур. Бул жөнүндө алымча-кошумчаңыз жокпу,Эмс?
-Жок,сэр.
-Сизчи,мистер Мак?
-Колдогу белгиден улам кандайдыр бир жашыруун уюм жөнүндө сөз болуп жүрбөсүн деген ойдо калдым.
-Менин оюм да ошондой,-деди Мейсон.
-Анда ал жоромолду негиз кылып алалы да,оюбузду уланталы.Жашыруун уюмдун мүчөсү үйгө келип,мистер Дугласты атып өлтүрөт да,аңгектеги сууну кече качат. Эмнегедир карточкасын калтырып кетет.Эмне үчүн? Дуглас өлтүрүлгөндүгүн уюмдун башка мүчөлөрү газеталардан окуп алсын дегениби?Андан да толгон-токой куралдан мылтыкты тандап алганы эмнеси?
-Түшүнүксүз.
-Нике шакек кайда?
-Аны да билип болбойт.
-Эмне үчүн эмдигиче бир да киши камала элек?Саат экиден ооду.Тийиштүү буйрук эрте менен эле берилип,ар бир констебль кырк миль жерде кийим-кечеги суу болгон шектүү кишилерди издеп жүргөндүр?
-Албетте,мистер Холмс.
-Киши өлтүрүүчү коңулга жашынып же кийим-кечегин алмаштырып албаса колго түшмөк.
Холмс лупа менен терезенин кашегине түшкөн кандын тагын иликтей баштады.
-Килейген өтүктүн изи экендигинде талаш жок.Бурчтагы изге караганда кылмышкердин буту тепкедей эле болсо керек...Үстөлдүн алдында жаткан буюм кимдики?
-Мистер Дугластын гимнастикалык чоюн ташы,-деди Эмс.
-Мында бир эле таш жатат,экинчиси кайда?
-Билбедим,мистер Холмс.А балким бир эле таштыр.Анысын байкабапмын.
-Гимнастикалык бир чоюн таш..-деп кайталады ойго чөмүлгөн Холмс.Аңгыча эшик түрсүлдөп калды.Бөлмөгө узун бойлуу,күнгө тотуккан жентельмен кирди.Ал киши Сесил Бэркер экенин дароо билдик.Баарыбызга бирден көз жүгүртүп чыкты.
-Жолтоо болгонум үчүн кечирим сурайм,-деди ал.-Сиздерге айтчу шашылыш жаңылыгым бар.Мындан жүз кадамдай жерге кимдир бирөо велосипедин таштап кетиптир.
Бэркерди ээрчип бадалда катылып жаткан велосипеддин жанында турган бир нече кишини көрдүк.Аябай чаң баскан велосипед экен.Темир ачкычы жана май куйгучтан башка эч нерсе жок.
-Полицияга кереги тийип калышы мүмкүн,-деди инспектор,-бул буюмдар тизмеге кошулат.Кылмышкер каякка житип кеткенин биле албасак да,каяктан келгенин аныктай алабыз.Бирок, ал эмне үчүн велосипедин дал ушул жерге таштап кеткен?Келген жагына кантип жетет?Мистер Холмс,дайынсыз нерселер жөнүндө баш катырып жүрө берет окшойбуз.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   belka   12 Август 2014 - 23:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Трагедиянын күбөлөру
-Бөлмөнү бүт карап чыктыңарбы? -деп сурады Уайт Мейсон,биз кайра келгенден кийин.
-Карап чыктык.-деди инспектор.Холмс баш ийкеп гана тим болду.
-Андай болсо,үйдө жашагандардын айткандарын угуп көрсөк кантет? Ашканага баралы Эмс,анда сиз биринчи болуп көргөн билгениңизди ийне-жибине дейре айтып бериңиз?
Баш кызматчы болгонун болгондой кылып баяндап берди.Беш жылдан бери мистер Дугластын кызматында. Анын буйругу менен Эмс ар күнү кечинде көпүрөнү көтөрүп турчу,анткени кожоюн эски салтты жакшы көрчү. Ал Лондонго чанда барчу,үйүнөн да аз чыкчу,,бирок өлөөрүнө бир күн калганда Тенбриджге барып,базарлап келген.Эмстин айтымында ошол капсалаңдуу күнү мистер Дуглас алда немеден чочулагансып, болбогон нерсеге эле кыжырданып калган имиш. Коогалуу түнү баш кызматкер кампада болуптур да,меймандар тарагандан кийин ашкананы иретке келтириптир. Бир оокумда коңгуроонун ачуу дабышы чыгат.Кампа менен ашкана көп бөлмөлүү үйдүн эң четинде болгондуктан мылтыктын үнүн укпайт.Коңгуроонун дабышынан чочулаган кызматчы аял да бөлмөдөн чуркап чыгат.Экөо шашыла басып келатып,тепкичтен жайбаракат басып түшүп келе жаткан мисси Дугласты көрүшөт.Аңгыча мистер Бэркер аша жете келет да:"Кудай акы бөлмөңүзгө барыңыз!Шордуу Жон каза болду!Ага жардам бере албайсыз.Бөлмөңүзгө барыңыз"- деп жалбарынат. Миссис Дуглас үндөбөстөн артка жөнөйт.Эллен аттуу кызматчы аял аны уктоочу бөлмөсүнө узатып барат.Эмс менен мистер Бэркер Дугластын бөлмөсүнө барып,анын өлүп жатканын көрүшөт.Караңгы болуп калгандыктан терезеден сыртка караса эч нерсе көрүнбөйт.Мистер Бэркер тезирээк поицияга барсын деп,Эмс көпүрөнү түшүргөнү кетет.
Эллен да Эмстин сөзүн кайталап тим болду.
Андан соң күбө катары мистер Бэркер сурак берди.Кылмышкер терезеден түшө качканы бештен белгилүү,анткени кандуу из күбөлөп турбайбы деди ал.Анын айтымында Дуглас түнт киши болгон,өткөн өмүрү жөнүндө чечилип айтып берген жан эмес.Бэркер биринчи ирет аны менен Калифорниядагы Бенито-Каньон деген жерде кен байлыктарын изилдеп жүргөн жерде таанышат. Экөө чогуу иштеп калышат,бирок Дуглас күтүлбөгөн жерден ишти таштап,Англияга кетип калат.Көп өтпөй Беркер да Лондонго көчүп барат.Экөо катташып турат.Дуглас такай эле алда немеден чочулап,жүрөк заада болуп жүрчү экен.Анткени Калифорниядан шашылып көчүп кетип,Англиянын тынч көчөлөрүнөн үй сатып алышы да бекеринен эмес.Бэркердин ою боюнча кайсыл бир жашыруун уюм Дугластын соңунан түшүп калса керек.Жашыруун карточка да анын жоромолуна кепил болот.
-Дуглас экөөң Калифорнияда көп болдуңарбы? -деп суроо катты Макдональд.
-Беш жыл.
-Ал бойдок беле?
-Тул болчу.
-Анын биринчи аялы кайдан экенин билбейсизби?
-Аялынын улуту швед экен,биз таанышардан бир жыл мурун келтеден өлүптүр.
-Ал Американын кайсыл жерлеринде жашаганын айткан жок беле?
-Кээде өзү беш колундай билген Чикаго жөнүндө айтып калчу.Жаш кезинде саякатта көп болчу экен.
-Саякатка кызыкчу беле?
-Жон саякатка ныпым кызыкчу эмес.
-Аны кылмышкер деп эсептебейсизби?
-Андан ак көңүл кишини көрө элекмин.
-Калифорнияда экениңерде анын адаттан тыш кылык-жоругун байкаган жок белеңиз?
-Адам коп болгон жерге жолочу эмес,ошондон улам ким бирөөдөн коркот окшойтдечүмүн. Европага шашылыш кетип калганда өз оюмдун тууралыгына бекем ишенип калдым.Ал кеткенден бир жума өткөндөн кийин алты жигит ал жөнүндө сурамжылап келишти.
-Кандай немелер эле?
-Орой кишилер көрүнгөн.
-Алар Калифорниялыктар беле?
-Калифорниялыктар экенин так айта албайм,бирок америкалык экенине кепил өтө алам.Шаъхтёрлорго да окшош эмес.Кыскасы ким экенин так айта албайм.
-Бул окуя алты жыл илгери болду беле?
-ооба.
-Ага чейин Дуглас экөөңөр Калифорнияда беш жыл иштеп жатасыңар.Демек сиз айткан окуя мындан он бир жыл илгери болгон го.
-Ооба.
-Демек,катуу жоолашып алып,Дугласты мында кан тартып келген экен да.
-Менимче,ал ккайгылуу окуяны башынан кечирип,аны өмүр бою унута албай жүргөн окшойт.
-Өлүм оозунда турганын билген соң жардам сурап полицияга кайрылса болмок экен?
-Кыязы андай коркунучтан эч ким куткарып албасына көзү жетсе керек.Кайда барса да курал алып жүргөну да ошондон болсо керек.Бирок өлгөн түнү халатчан болчу,көпүрө көтөрүлгөндөн соң өзүн коопсуз сезсе керек.
-Мөөнөт жөнүндө тактап алайынчы,-деди Макдональд. -Дуглас алты жыл мурун Калифорниядан көчүп кеткен экен.Бир жылдан соң сиз Лондонго көчүп келипсиз туурабы?
-Ооба.
-Анын үйлөнгөнүнө беш жыл болсо,сиз нике тойдун үстүнөн чыгыпсыз да?
-Үйлөнөөрүнөн бир жума мурун келип,күйөө жолдош болгом.
-Миссис Дугласты мурда таанычу белеңиз?
-Англияда болбосом,кайдан таанымак элем.
-Алар үйлөнгөн соң Дугластын аялын көп көрчү белеңиз?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   belka   13 Август 2014 - 14:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Алар баш кошкондон кийин мен Дугластын өзүн көп көрчүмүн,-деди Бэркер тыңчыга сурдана карап.-Ага жолугууга келген соң үйүндө аялын көрсө көргөндүрмүн. Сиздин оюңузча...
-Менин эч кандай оюм жок,мистер Бэркер.Ишке тийиши бар суроолорду гана берип жатам.Мистер Дуглас сизден аялын кызганчу беле?
Бэркер кумсара түштү.
-Мындай суроо беришке акыңыз жок!-деп кыйкырып жиберди ал.-Сиз иликтеген ишке анын кандай тиешеси бар?
-Кандай болгон күндө да жооп бериңиз.
-Жооп бербейм.
-Жооп бербесениз да болот,бирок ошонун өзү эле жооп болуп саналат.Бэркер бир аз ойлоно калды да,жылмайып койду:
-Барып-келип өз милдетиңерди аткарып жатасыңар,ошондуктан жолтоо болбоюн.Миссис Дугласка мындай суроолорду бербесеңер экен,ансыз деле кайгысы тоодой болуп жүрөт.Дугластын бирден-бир кемчилиги-кызганчаак болчу.Ал мени ызаттчу да,аялын аябай жакшы көрчү.Көп учурда мени өзү чакыртып алчу.Бирок аялы экөөбүз суйлөшуп отурганыбызды көрүп калса,жанын коерго жер таппай,кыжалат болуп кетчү.Бирок аялы аны жанындай сүйчү,мен көздөй досу болчумун.
-Дугластын нике шакеги жок болуп чыкканын билерсиз?
-Билсе билермин.
-"Билсе билермин" дебей,так жооп берсеңиз кантет?Беркер шашыла түшкөндөй болду.
-Мен ага анча ишене албагандыктан "билсе билермин" дедим.Шакекти Дуглас өзү чыгарып алышы мүмкүн эле да.
-Кантсе да жоголгон шакек менен Дугластын никелешкенинде кандайдыр бир байланыш бар.
Беркер ийинин куушурду.
-Эч кандай байланышты көрө албай турам.Бирок бул ишке миссис Дугластын катышы бар деп ойлосоңуз,каттуу жаңылышасыз, -деди ал ачууланып.
-Башка суроом жок,-деди Макдональд кыртышы суйбөй.
-Менде бир суроо бар,-деди Шерлок Холмс.-Сиз бөлмөгө киргенде үстөлдө шам күйүп туду беле?
-Ооба.
-Бөлмөдө эмне болгонун шамдын жарыгы менен көрдүңүзбү?
-Ооба.
-Ошо замат коңгуроо кактыңызбы?
-Ооба.
-Эмс тез эле келдиби?
-Ооба.
-Ал келгенде шам өчүп,жарык жанып калган экен.Таң каларлык окуя.Бэркер оңтойсуздана түшкөндөй болду.
-Ага анча деле таң калыштын кереги жок,мистер Холмс,-деди ал бир саамга унчукпай калып.
-Шам жарытылуу жарык бербейт да.
Холмс суроосун жаңырткан жок.Бэркер баарыбызга бир сыйра көз жүгүрттү да,чыгып кетти.
Инспектор Макдональд миссис Дугласка сиз менен бөлмөңүздөн маектешсем кантет деп кат жазып,Эмстен берип жиберди.Азыр өзүм барам деп жооп бериптир.Көп өтпөй тулку бою келишкен,оор басырыктуу, отуздардагы сымбаттуу аял ашканага кирип келди.
-Жаңы бирдеме таба алдыңарбы?-деди бизге суроолуу кайрылып.Үмүтүн үзүп чочулаган кишидей болуп,үнү дирилдеп чыкты
-Колдон келгенин жазап жатабыз,-деди инспектор.
-Чыгым жагынат кам санабагыла, -деди ал көңүлү салкын тартып.
-Сиз кылмыш болгон бөлмөгө барганыңызды Сесил Бэркерден уктук,чынбы?
-Жок,ал мени токтотуп алып,ал жакка барбай эле кой деди.
-Мылтыктын үнүн угаар заман төмөн түштүнүзбү?
-Желбегей жамынып алып төмөн түштүм.
-Мылтыктын үнүн чыккандан кийин мистер Бэркерди көптөп кийин көрдүңүзбү?
-Бат эле.Андай учурда убакыт да эсиңен чыгып кетет экен.Дугласка жардам бере албайсың,ал бөлмөгө барбай эле кой деп жан-алы калбай жалынып туруп алды.Миссис Эллен, кызматчы аял,мени өйдөй алып чыкты.
-Күйөөңүз чыгып кеткенден кийин мылтыктын үнү чыкканга дейре канча убакыт өткөнүн айта албайсызбы?
-Айта албайм.Мен анын баскан кадамын уккан жокмун.Жатаар алдында үйдү сыртынан бир карап чыкмай адаты бар болчу.
-Ошондой адатынан улам сиздин тынчыңызды алып жатам,миссис Дуглас.Күйөөңүз менен Англиядан тааныштыңыз беле?
-Ооба.
-Америкада жүргөндө анын өмүрүнө коркунуч туулганын мистер Дуглас сизге айткан жок беле?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   belka   13 Август 2014 - 14:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Миссис Дуглас жооп берээрден мурун бир саамга ойлоно калды.
-Жок айткан эмес,-деди ал оюн жыйып болуп.-Эмнегедир эле чочулап жүргөнүн сезчүмүн.Мени капаланткысы келбей,эмнеден коркуп жүргөнүн айтчу эмес.
-Ал жүрөкзаада болуп жүргөнүн кайдан билдиңиз?
Миссис Дуглас жылмайып койду.
-Сүйгөн аялынан өмүр бою сыр жашырган күйөө да болчу беле?Анын кылык-жоругунан, биринчи орунда чоочун кишилерге кылган мамилесинен улам анын өчтөшкөн адамдары сары изине чөп салып калганын сезчүмүн.Ал дайыма эле алданемеден чочулап жүрчү,бир аз эле кечигип калса сарсанаа болчумун.
-Күйөөңүз сиздин эсиңизде калчу табышмактуу сөз айтчу беле?
-Бир жолу Кандуу өрөөндөн кутула албай жүрөм деген болчу.
-Эмне болгон кандуу өрөөн деп сурадыңыз беле?
-Сурасам,башын чайкап тим болгон:"Экинчи аны желкемдин чуңкуру көрбөсүн,анын кесепети сага тийбесе эле болду" деп.Менимче ал ошол өрөөндө жашап,көрбөгөнү көр болсо керек. Башка эч нерсе дей албайм.
-Кимдир бирөөлөрдүн ысымын атаган жок беле?
-Жок.Бирок мындан үч жыл мурун аң уулап жүрүп кырсыкка учураган болчу.Жөөлүп жатып кайдагы бир мистер Макгинтини каргап шилеп "жаны-дендин өкүмдары" депулам-улам кайталаган болчу.Ал эсине келгенде "кимдин жаны-денинин өкүмдары" деп сурасам: "Кудай акы менин өкүмдарым эмес" деп күлүп койгон.Менимче Макгинти менен Кандуу өрөөндүн ортосунда кандайдыр бир байланыш бар.
-Дагы бир суроо,-деди инспектор Макдональд. -Мистер Дуглас Лондондо жүрүп сизге сөз айткан экен.Сиздер баш кошконго чейин табышмактуу окуя болгон жок беле?
-Биз карым-катнашта болуп жүрдүк,бирок табышмактуу окуя болгон эмес.
-Анын атаандашы жок беле?
-Жок менин башым бош болчу.
-Анын нике шакегин бирөө чыгарып кетиптир.Аны кандай деп ойлойсуз?А балким анын өчмөнтөй жоосу күйөөңүздүн баскан изин бычактап жүргөндүр,бирок эмне үчүн нике шакекти чыгарып алды экен?
Миссис Дугластын өңүнө күлүмсүрөо пайда болгонсуду.
-Билбейм.
-Жарайт.Башка сурообуз жок.Тынчыңызды алганыбыз үчүн кечирип коюңуз,-деди инспектор таазимкылып. -Айрым түшүнүксүз нерселер калды,кийинчерээк такташып алаарбыз.
Мисси Дуглас:"Менин айткандарым силерге кандай таасир калдырды экен?" дегендей кыязда бизди бир сыйра карап алды да,чыгып кетти.
-Сулуу аял экен,-деди Макдональд, ал чыгып кеткенден кийин.-Менимче бул ишке Бэркердин түздөн-түз катышы бар.Маркум кызганчаак экенин мойнуна алды,кызганчаактыктын себебин да башкалардан көрө жакшыраак билиши керек.Нике шакектин жоголуш тарыхын да эстен чыгарбайлы. өлгөн кишинин колунан шакегин жулуп алган адам...Сиздин оюңуз кандай,мистер Холмс?
Менин досум ойго батып,тунжурап отурган эле.Ордунан туруп коңгуроо какты.
-Эмс,-деди ал,баш кызматчы бөлмөгө баш бакканда.-мистер Бэркер кайда болду экен?
-Таап келейин сэр.
Ал бир аздан кийин кайра келди да,мистер Бэркер бакчада жүрөт деди.
-Ошол түнү мистер эркер кандай бут кийим кийип жүргөнү эсиңизде жокпу?
-Түнкү туфлийчен болчу.Полицияга бараарында ган өтүк алып келип бергем.
-Жарайт анда,Эмс.Кайсы из Бэркердики экенин,кайсы из кылмышкердики экенин билип коюшубуз керек.
-Анын туфлиси кан болуп жүрөт,баса менин туфлийим да аныкынан кем эмес.
-Бөлмөдөгү канды басып алган да.Эмс,ошондой болсо да анын туфлисин алып келип бериңизчи.
Эмс көпөтпөй таманы канболгон туфлини алып келди.
-Кызык!-деди Холмс,терезенин жанына барып туфлини карап жатып.-Таң калаарлык!
Туфлийлердин бирин терезедеги изге коё койду эле,чак келип жатып калды.Ал бизге карап күлүмсүрөп койду.
Инспектордун өңү бузула түштү.
-Мырзалар,-деп чаңырып ийди.-шек саноого болбой калды!Бэркер терезени өзү көрсөткөн болчу.Кандын тагы өтүктүн изинен чоң экен.Бул эмнеси,мистер Холмс бул эмнеси?
-Кызык экен...деп күбүрөндү досум.Уайт Мейсон жылмайып койду:
-Таң калаарлык окуя деп айтпадым беле!Эң кызык окуя.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   belka   13 Август 2014 - 15:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

ЖАРЫКТЫН ШООЛАСЫ.
Үч детектив тергөөнүн жыйынтыгы кене-чонон жыйынтыктоо үчүн имаратта калышты,мен мейманканага жөнөдүм.Алгач имаратты курчаган бак-даракты, күн сааты коюлган шалбааны аралап, канжалаган өлүк дене жаткан каргашалуу бөлмөнү аз да болсо эсимден чыгаргым келди.Бактын ичинде сейилдеп жүрүп бир окуяга туш келдим да,кайрадан кылмыш ишине оюм бөлүндү.
Үйдү тегерете тигилген бак-шактын чет жагындагы орундукту көздөй баратып,эркек кишинин кобур-собурун, аялдын күлкүсүн угуп калдым.Жакыныраак барып карасам мистер Бэркер менен миссис Дуглас экен.Жанараак эле кайгыга алдырып,мүңкүрөп турган миссис Дугласжадырап- жайнап калганына таң калдым.Мени көрөөр замат экөо тең кабагы салынып,кайгырган киши боло калышты.Бирдемелерди быдылдай сүйлөп,Бэркер мени утурлай басты.
-Кечиресиз сэр,доктор Уотсонсузбу?
Салкын гана баш ийкедим.
-Сиз экениңизде шегибиз жок болчу.Мистер Шерлок Холмс менен дос экениңизди да билебиз.Миссис Дуглас менен сүйлөшүп көрөсүзбү?
Түнөргөн калыбымда ээрчий бастым.Маркумдун балжа-булжа болгон башы көз алдымдан кетпей туруп алдыАл тыякта өлүп жатса,анын аялы менен көздөй көргөн досу күлүп-жайнап бак аралап жүргөнүнө жол болсун.Мисси Дугласка баш ийкедим.Тергөө убагында ага боорум ооруп турган,азыр анын суроолуу көз карашына анча көңүл бурган жокмун.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   belka   13 Август 2014 - 15:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Мени жеткен таш боор деп ойлоп калбасаңыз экен,-деди ал мага кайрылып.
-Ал менин ишим эмес.-деп ийнимди куушурдум.
-Кийинчерээк, балким,мага болгон мамилеңиз өзгөрөөр.Эгер сиз менин өтүнүчүмдү аткарсаңыз. ..
-Доктор Уотсон аткарбай эле койгону абзел,-деп Бэркер анын сөзүн бөлдү.-Өзү айткандай ал ишке эч тиешеси жок.
-Туура айтасыз,мүмкүн болсо кете берейин.
-Бир саамга токтой туруңуз,доктор Уотсон,-деп жалбарына кайрылды миссис Дуглас.-Сизде бир суроом бар,ага сиз гана так жооп бере аласыз.Ал мага өтө маанилүү.Мистер Холмсту жана анын полиция менен болгон мамилесин башкалардан көрө жакшыраак билесиз.Ал иштин жыйынтыгын билгенден кийин расмий бийликке сөссүз билдириши керекпи?
-Туура суроо,-деди Бэркер.-Ал өз билгенин кылабы же полициянын айтканы менен болобу?
-Мындай кычыктуу маселе жөнүндө кандай десем...
-Көптөн-көп өтүнөм доктор Уотсон.Бул суроого жооп берсеңиз,бизге чоң жардам берген болоор элеңиз.
Миссис Дугластын жалбарынган кебин угуп,чыдап тура албадым.
-Мистер Холмс эч кимге көз каранды эмес.Ал киши ар-намысын сатып көргөн жан эмес,өз билгенин жасайт.Арийне, ал расмий жардамчыларына калыс мамиле жасайт.Ошондуктан маанилүү маалыматтарды алардан жашырып коё албашы мүмкүн.Тагыраак маалымат алгыңар келсе,мистер Холмска кайрылганыңар оң,-дедим да сыпаа коштошуп,сапарымды уланттым.Нараак барып артымды карасам,ал экөо баягы эле жерде брдемелерди кызуу талашып жатышкан экен.
-Алардын ачык-айрымдыгы мени кызыктырбайт. ю-деди Холмс,-мен ага Бэркер менен миссис Дуглас жөнүндө айтып бергенден кийин.Холмс мейманканага саат бештерде келди да, тамактана баштады.
-Киши өлтүрүүгө кол кабыш кылгандыктары үчүн алар камалып калышы да ажеп эмес,Уотсон.
-Ошондой болот дейсизби?
-Кымбаттуу Уотсон,тамак ичкенден кийин сизге болгон ишти баяндап берем.Баары белгилүү болуп калды деп айта албайм,бирок жоголуп кеткен гимнастикалык таштын изин билсек эле...
-Гимнастикалык таш?
-Уотсон,бардык иш жоголгон ташка барып такалаарын эмдигиче түшүнө элексизби?Менимче, бир эле сиз эмес,инспектор Мак жана жергиликтүү тыңчы да ага анча маани берише электей. Бир эле таш,Уотсон! Бир таш көтөргөн гимнастты элестетип көрүңүзчү! Анда эле омуртка сөөгү кыйшайып калат да.
Холмс кытмыр жылмайып тамактанып жатты.Татаал кылмыштардын жандырмагын чечкенде нечен күн,нечен түн наар албай калган Холмс азыр тамакты апылдатып ашап жатканын көрүп,иш оңунда экен деп калдым.Акыры канжасын соруп,өз оюн баяндап кирди:
-Менимче,бул окуя кызылдай калп,Уотсон. Бэркер калпты чубуртту.Бэркердин кебин улап,миссис Дуглас да калпты ышкыртты.Макулдашып алып,экөө тең калпты чындай,аксакты тыңдай кылышты.Демек, эмне үчүн алар калп айтып жатканын билиш керек болду.Калптын арышы кыска,чындыктын түбүнө жетели Уотсон.Алардын айтымында кылмышкер мистер Дугласты өлтүргөндөн кийин бир мүнөткө жетпей анын колунан нике шакекти чыгарып алып,андан төмөн салынган шакекти кайра кийгизип,өлүктүн жанына таң калаарлык карточканы коё салып,качып жөнөптүр.Буга ишениш кыйын.Дуглас тирүү кезинде эле шакекти чыгарып кетишкен деген божомолго даишенбеш керек.Түнку шам биртке эле күйгөнүнө караганда,жолугушуу көпкө созулбаптыр. Кантип эле Дуглас тайманбас адам боло туруп нике шакегин өз эрки менен "ме" деп бере салсын?Бобогон кеп Менимче,өлтүрүүчү киши Дуглас менен бир аз убакыт чогуу болгон да,атып өлтүргөн.Демек, кайгылуу окуя биз уккандан мурдараак болгон.Кыскасы, мылтыктын үнүн уккан эки адам-Бэркер жана миссис Дуглас кызылдай калпты шыпыртып жатышат.Бэркер полицияны жалган жолго салыш үчүн терезенин кашегине атайлап кандуу так калтырганына көзүм жеткенден кийин,андан шек санап калдым.
Холмс бир саамга унчукпай калды.
-Дуглас саат канчада өлтүрүлгөнүн тактап көрөлү.Үй кызматындагылар саат он жарымга чейин үйдө болушкан,демек Дуглас андан кийин өлтүрүлгөн. саат он бирге он беш мүнөт калганда үйдөгүлөр өз бөлмөлөрүнө кетет,Эмс болсо алгач кампага барат.Сиз кеткенден кийин тажрыйба жасап көрдүм,эшиктер жабылуу турганда Макдональд бөлмөдө жасаган чуру-чуу кампага угулбайт экен.Ал эми кызматчы Эллендин уктоочу бөлмөсү боюнча кеп башка.Мылтыктын үнү Эллендин бөлмөсүнө угулмак,анткени анын бөлмөсү Дугластын бөлмөсүнө жакын жайгашкан.Эллендин кулагы каңырыш укса да,он бирге он беш мүнөт калганда ал каалганын каттуу жабылганындай дабыш угуптур.Менимче, ал мылтыктын үнү болуш керек,дал ошол мезгилде Дугласка ок жаңылган.мистер Бэркер менен миссис Дуглас мылтыктын үнү чыгаар замат он бирге он беш мүнөт калганда төмөн түшүп,он экиге он беш мүнөт калганга чейин, ал кезде кызматчылар чогулуп калган кез,эмне кылып жүргөнүн такташыбыз керек.Алар Дугласты өлтүрбөгөн күндө да,эмне үчүн элди шашылыш чогултушкан жок? Ал суроого жооп табылмайынча, табышмактуу окуянын жандырмагын чечиш кыйын.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   belka   13 Август 2014 - 19:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Ал экөө алдын-ала макулдашып алганына мен да ишенем,-дедим. -Кандай аял эри өлгөндөн кийин анча көп өтпөй эле ыржактап күлүп жүрсүн?
-Акыйкат кеп.Күйөөсүнүн өлүмү жөнүндөгу саймедирегени жаман таасир калтырды.Мен аял аттуунун этегине жүгүнгондөрдөн эмесмин,ошентсе да чоочун бирөөнүн кеби менен өлүп жаткан күйөосүн көргүсү келбеген аялды кезиктире элекмин.Андай мерес аялга ким эле болсо таң калмак.Башка дадилдер болгон күндөр да,ошол окуянын өзү эле миссис Дуглас кылмышкерге шериктеш экенине күбө болот.
-Ошентип,Бэркер менен миссис Дуглас киши өлтүрүүгө катышкан демексизби?
-Шарт эле чечим чыгара саласыз да,Уотсон! Миссис Дуглас менен Бэркер өлүм жөнүндө чындыкты билсе да билмексен болуп жүрүшөт деген ойдо болсоңуз,сурооңузга оң жооп берем.Бирок сиздин кесе айткан тыянагыңыз анча негиздүү эмес.Биздин жолубуздагы кыйынчылыктарды чечмелеп көрөлүчү.Ал экөө сүйүшүп калган деп божомолдоп көрөлү.Антели десек,үй кызматындагылар жана башка адамдар аны төгүндөп жатышат.Тетирисинче, бир тобу Дугластар бири-бирин жакшы көрүшчү дешет.
-Аны текшерип көрүш керек,-дедим жаш аялдын бак аралап жүргөндөгу жылмаюсун эстеп.
-Бир көргөн киши ошентип ойлоп калышы ыктымал.Барып- келип миссис Дуглас менен Бэркер чычканга кебек алдырбаган куулар.Алар баарыбызда алдап,башына күн түшүп турган Дугласты өлтүрмөк болушкан.
-Алардын сөзүнөн улам ушундай ойдо калдым.
Холмс мага ойлуу карады.
-Сиздин оюңузча алардын айткандарына түк ишенбеш керек экен да.Андай болгондо-коркутуп- үркүтүү да, жашыруун уюм да,кандуу өрөөн да,мистер Мак...(атын толук айта албайм) да жок болуп чыгат.андай тыянак эмне менен бүтөөрүн көрө жатарбыз.Алгач алар Кандуу өрөөндү да ойлоп табышат. Кимдир бирөонүн велосипедин паркка катып коюшат.Терезенин кашегиндеги кандуу так жана өлүктүн жанынан табылган сырдуу карточка да сиздин ой-жорууңузду ырастайт,Уотсон. Бирок сиздин жоромолуңузду жокко чыгара турган таң калаарлык фактыларга кайрылалы.Эмне үчүн толгон-токой курал-жарактан кош ооз чолок мылтыкты,болгондо да америкалык мылтыкты тандап алышкан? Мылтыктын үнү башкаларга угулуп калат деп чочулашпаганын кантип түшунсө болот?Миссис Эллен каалганын тарс деп жабылганына кокусунан гана маани бербей калган да.Эки кылмышкер ушуларды кантип эске алышпай калганын кантип түшүнсөк болот,Уотсон?
-Билбейм.
-Кебибизди уланталы.Киши өлтүрүүнү ойлогон эки ойнош Дугластын чыпалагынан нике шакекти чыгарып алганы эмнеси? Бул суроолорго жооп таба аласызбы,Уотсон?
-Табыш кыйын.
-Качып кутуулуга жанталашкан адам велосипедин таштап кеткени эмнеси?
-Билбейм.
-Адамдан акыл качып кутулбайт,Уотсон. Аныгына жетпесек да,акылга салып көрөлү.Дуглас качандыр бир кезде маскара иш жасашы керек деп коёлу.Кимдир бирөө кайдан-жайдан андан өч алганы келет.Өчүккөн киши кайсы бир себептен өлгөн кишинин колунан нике шакегин чыгарып алат. Кимдир бирөо Дуглас биринчи жолу үйлөнгөндө кек сактап калып,ошондон улам шакекти чыгарып алышы да ыктымал. Өлтүрүүчү качып кете электе,Бэркер менен миссис Дуглас бөлмөгө жүгүрүп киришет. Мени кармасаңар абийириңер айрандай төгүлөт деп өлтүрүүчү аларды коркутат.Эмнегедир велосипедди көрүнбөс жерге катып,жөө качат. Ушундай болушу мүмкүнбү,Уотсон?
-Мунуңузга макулмун,- деп токтоо жооп бердим.
-Божомолубузду уланталы.өлтүрүүчү кеткенден кийин Бэркер менен миссис Дуглас шеги бар шекийт болуп,ойго келбес амал ойлошот.Кылмышкер терезеден түшө качканына далил болсун деп,Бэркер кан баскан туфлийи менен терезенин кашегине из калтырат.Ошентип, мылтык атылгандан жарым саат өткөндөн кийин ганаүйдөгүлөргө кабар салышат.
-Анын баарын кантип далилдей аласыз?

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 13 Август 2014 - 19:22

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   belka   13 Август 2014 - 22:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Сырттан келген чоочун кишини аңдып туруп кармап алса болмок.Андан артык далилдин кереги жок болмок.Андай болбогон соң...Оюма дагы бир нерсе түштү...Түндөсү ошол бөлмөдө отуруп чыксам,көп нерсеге көзүбүз жетмек.
-Түн ичинде...Ошол каргашалуу бөлмөдө жападан жалгыз болом дейсизби?
-Бүгүн түнү ошол жерде болом.Эмс менен макулдашып койдум,менимче ал Бэркерди анча жактырбайт окшойт.Эмнеси болсо да бөлмөдө түнөп көрөйүн,балким жолум болуп калаар.Күлбөй эле коюңуз Уотсон,көрө жатаарбыз.Баса, чоң кол чатырыңызды ала келдиңизби?
-Ооба.
-Мумкүн болсо,мага бере туруңузчу?
-Макул...Бирок бөлмөгө жалгыз түнөмөк болгонуңуз кандай?Коркунучка дуушар болуп калсаңызчы?
-Анча эле чочулай бербеңиз кымбаттуу Уотсон,коркунучтуу болсо сизди ээрчитип алмакмын.Кол чатырыңыз менде болот.Велосипеддин ээсин издеп жүргөн жолдошторум Тенбриджден келгиче күтө турайын.
Инспектор Макдональд менен Уайт Мейсон Тенбриджден келгенде түн кирип калган эле.Көңүлдүү келишти.
-Мырзалар,бул үйгө чоочун бирөо келгенине шектенген элем,-деди Макдональд. -Келгени чын чыкты.Велосипеддин ээсин тактадык.Кебете- кешпирин да сүрөттөп беришти.
-Экөөңдү тең чын жүрөктөн куттуктайм, -деди Холмс.
-Мистер Дуглас Тенбриджге барып келгенден кийин тынчсызданып жүрдү деген кептерден кийин велосипеддин ээсин Тенбриджден издеш керек деген бүтүмгө келдим.Биз велосипедди мейманканаларда иштегендерге көрсөттүк." Соода-сатык мейманканасы" нын мүдүрү велосипеддин ээси Харгрейв деген киши эки күн мурун биздин мейманканада жашап кеткен болчу деди.Велосипединен башка бир чамаданы бар экен.Лондондон келгенин айтыптыр да дарегин калтырбаптыр. Чамадан Лондондо жасалганы менен Харгрейв америкалык киши экенинде шек жок деди.
-Эң жакшы,-деди Холмс көңүлдүү.-Досум экөөбүз теория жөнүндө кеп салып жатканыбызда силер жыйынтыктуу иштеп келипсиңер. Барып-келип практикага жетеби,Мак.
-Туура айтасыз,мистер Холмс,-деди инспектор көтөрүлө сүйлөп.
-Бул фактылар биздин теорияга да төп келет,-дедим кепке аралашып.
-Аны көрө жатарбыз.Уланта бериңиз,мистер Мак.Ал киши жөнүндө бирдеме биле алдыңарбы?
-Ал киши элдин көзүнө түшпөшкө аракеттениптир. Кат-кагазы жок экен,кала берсе кийим-кечегинде да фирманын белгиси коюлбаптыр. Жаткан бөлмөсүндөгү үстөлдө гана графствонун таш жолдорунун картасы калыптыр.Кечээ эртең менен нанушта кылып,мейманканадан велосипедчен чыгып кетиптир.
-Бир нерсеге көзүм жетпей турат,мистер Холмс,-деди Уайт Мейсон.-Эгер ал шек алдыргысы келбесе, карапайым турист катары кайра келип жашай бермек.Мейманкананын мүдүрү керек учурда ал жөнүндө полицияга айтып коёрун,эгер ал биротоло кетип калса,өлтүрүүчү катары кепке каларын билиши керек эле да.
-Туура айтасыз.Бирок ал кармалмайынча анын зээндүүлүгү жөнүндө кеп кылбай коё туралы.Өңү-түсү кандай неме экен?
Макдональд жан дептерине көз чаптырды:
-Анын кебете-кешпирин ийне-жибине дейре жазып алдык.Мейманканада иштегендердин айтымында,анын бою беш фут,тогуз дюймча бар,элүүлөргө чамалаш,чачын, мурутун ак баскан,куш мурун,ыраңы суук адам экен.
-Ыраңынын сууктугу эле болбосо,Дугласка куюп койгондой окшош экен,-деди Холмс.-Ал дагы элүүлөрдөн ашып калган,чачын, мурутун ак баскан,бою да сиз айткандай болчу.Дагы эмне билдиңер?
-Көк күрмө,чакмактуу желетке,сары пальто жана шапке кийип жүрчү экен.
-Кош ооз мылтык жөнүндө биле алдыңарбы?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   belka   13 Август 2014 - 23:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Мылтыкты чамаданга салып койсо да,пальтосуна катып алса да болмок.
-Ал кишинин биздин ишке түздөн-түз тиешеси бар деп ойлойсузбу?
-Ал кармалганда кең-кесири кеп козгосок болот.Азырынча иш чачтан көп.Харгрейв аттуу америкалык адам мындан эки күн мурун велосипед жана чемоданы менен Тенбриджге келгени бизге маалим.Чамаданында кош ооз мылтык болгон,демек ал Дугласты өлтүрмөк болуп келген.Кечээ эртең менен мылтыгын койнуна катып алып,велосипед минип мында келет. Биз билгенден анын келгенин эч ким көргөн эмес,парктын дарбазасынан кириш үчүн Бирлстоунду айланып өтсө да болмок,анын үстүнө таш жолдо велосипед мингендер жайнап жүрөт.Кыязы ал велосипедди бадалдын түбүнө катып коюп,Дугластын сыртка чыгышын күтүп жашынып турса керек.Кош ооз мылтык менен үйдүн ичинде ок чыгарыш кыйын,ошондуктанДуглас сыртта жүргөндө өлтүрө атмак болгон,анын артыкчылыгы мында;жаза атып алууга болбойт,мылтыктын үнү коңшулаш спортсмендер машыгуу учурунда күнүгө атып жүргөндөй угулмак да,эч ким ага көңүл бурмак эмес.
-Далилдериңиз ишенимдүү экен!-деди Холмс.
-Бирок мистер Дуглас эшикке чыкпайт.Эмне кылыш керек? Ал велосипедин катып коёт да иңир талаш үйгө жакындайт.Көпүрө түшүрүлгөн экен,тегеректе жан киши көрүнбөйт.Дугластан башка киши жолукса,шылтоо таап кутулмак.Бирок, эч ким жолукпайт.Бөлмөгө шып кирип,терезе парданын артына жашынат.Көпүрө өйдө көтөрүлгөнүн көрөт да,аңгектен башка жол жок экенин түшүнөт.Мистер Дуглас он бирден он беш мүнөтөткөндө бөлмөгө киргенде атып өлтүрөт да,качып жөнөйт.Велосипедди мейманкананын кызматкерлери таанып коёт деп чочулап,Лондонго жөө жөнөйт.Буга кандай дейсиз,мистер Холмс?
-Жакшы,мистер Мак,өтө жакшы жана далилдүү.Бирок, менин божомолум башкачараак. Кылмыш биз уккандан жарым саат мурун болгонунда, миссис Дуглас менен мистер Бэркер бизден бирдемелерди жашыргандыгында, кылмышкердин качып кетишине жардам бергендигинде, терезеден түшө качкандай кылып көрсөтүүго далалат кылып,көпүрөнү түшүрүп,анын из жазгырганына көмөктөш болгондуктарында талаш жок.Кайгылуу окуя ушундайча башталган деген ойдомун.
-Мистер Холмс,андай болсо бир сырды ача албай жатып,экинчисине туш келет экенбиз да,-деди инспектор.
-Ачыла элек сандыкта,бычыла элек кундуз бар дегендей эле кеп экен,-деп кошумчалады Уайт Мейсон,-миссис Дуглас өмүрү Америкада болгон эмес.Америкалык өлтүрүүчүгө кандай тиешеси болмок?
-Шек санап калганыңарды түшүнүп турам,-деди Холмс.-Бүгүн түнү бир ащ талдоо жүргүзөйүн деп турам,ошондон кийин айрым нерселер түшүнүктүү болуп калышы ыктымал.
-Сизге жардам керекпи,мистер Холмс?
-Жок!Көзгө сайса көрүнгүс караңгы түн жана доктор Уотсондун кол чаиыры гана жардам бере алат. Баса,сөссүз Эмстин жардамы керек.Тулку бою келишкен алдуу-күчтүү адам бир эле таштын жардамы менен булчуңдарын кантип чыңаганын билсем эле болгону.
Холмс келгенде түн бир оокум болуп калган эле.Биз чакан мейманканадагы эки керебети бар бөлмөдө уктап жатканбыз.Уйку- соонун арасынан Холмс келгенин туюп калдым.
-Ии,бирдеме таба алдыңызбы?
-Уотсон,-деп шыбырады пл.-сиз акыл-эсинен ажыраган элирме адам менен бир бөлмөдө жаткандан коркпойсузбу?
-Жок.-дедим таң калып.
-Анда жакшы экен.- деди да түнү бою ооз ачкан жок.


Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   belka   14 Август 2014 - 12:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

ЖАНДЫРМАК
Эртеси нануштадан кийин инспектор Макдональд менен мистер Уайт Мейсонду жергиликтүү полиция күзөтүнүн чакан кабылдамасынан таптык.Алар толгон-токой каттарды жана телеграммаларды карап чыгып,үчөөнү бөлүп коюшуптур.
-Дагы деле велосипеддин ээсин таба албай жатасыңарбы? -деди Холмс тамашага чаптырып.-Ал шумпай жөнүндө жаңылык жокпу?
Макдональд үйүлүп жаткан кагаздарга кол жаңсады:
-Анын кебете-кешпирин полициянын бир топ кызматкерлерине телеграмма менен кабарладык. Көп жерден жооп келгенин көрүп турасыз.Кылмышкер жөнүндө Лейчестерден, Ноттингэмден, Соутгэмптондон, Дербиден,Ист- Геймден,Ричмонддон андан башка он төрт жерден кабар келди.Ал аз келгенсип,Ист- Геймдин,Лейчестердин жана Ливерпулдун полициясы өлтүрүүчүнү кармап,камап салганга үлгүрүшүптүр. Сары пальточон качкындар өлкөгө батпай кетти окшойт.
-Кызыгың түшкүр,-деди Холмс.-Анда эмесе,мистер Мак жана мистер Мейсон,менин кеңешиме кулак салгыла.Силерди ээрчип бул жерге келгенде иштин соңуна чыкмайын өз оюмду айтпайм дегеним эсиңиздедир. Ошондуктан күнү бүгүнгө дейре өзүмдүн ой жорууларымды жана жыйынтыгымды силерге айткан эмесмин.Бирок мен силердин кымбат убактыңар жана жигериңер талаага кетишин каалабайм.Ошондуктан: бул ишке убара болбогула деген төрт сөздөн турган кеңеш айтканы келдим.
Макдональд менен Уайт Мейсон Холмска тандана карап калышты.
-Ишибизден жыйынтык чыкпайт деп ойлойсузбу? -деди инспектор.
-Туура эмес издеп жатканыңарды айтып жатам.
-Бирок...велосипедистти оюбуздан чыгарып жаткан жокпуз да!Анын кебете-кешпири, чемоданы жана велосипеди жөнүндө кабарыбыз бар.Демек,аны сөзсүз кармайбыз.
-Аныңызга шек жок дечи,бирок анын жандырмагы Ист-Геймден же Ливерпулдан чечилбейт.Ал ишти ушул жерден бүтүрсө болот.
-Сиз бизден алданемени жашырып жатсаңыз керек.Ушу кантип болсун,мистер Холмс.-Инспектор ызалана түшкөндөй болду.
-Мистер Мак,сиз менин усулумду билесиз.Азырынча оюмдагыны ортого сала албаймын.Майда- барат бир ишти гана силер менен чогуу текшерип көрүшүм керек.Андан соң колумдагы фактыларды бирин калтырбай силерге калтырамын да,кайыр-кош айтышып Лондонго кетем.Өмүр бою жолуктура элек табышмактуу жана кызык ишке аралаштырганыңар үчүн силерге көптөп-көп ыраазымын.
-Сиздин айткандарыңызга анча түшүнө албай турам,мистер Холмс.Кечээ эле Тенбриджен келгенден кийин биздин оюбузду жактыртыңыз эле.Андан бери эмне болуп кетти?
-Анча эле чыдамыңар жетишпей турса...Түндө мен бир нече саатты пайдалуу өткөздүм.
-Тактап айтканда?
-Азырынча жалпы жооп бере турайын.Мен ушул короо-жайдын эски имаратын баяндаган маалыматты тамеки дүкөнүнөн бир пенске сатып алып,кунт коюп окуп чыктым.-Холмс желеткесинин чөнтөгүнөн имараттын сүрөтү тартылган китепчени алып чыкты.-Кымбаттуу мистер Мак,тарыхый чөйрөнү майда-чүйдөсүнө дейре изилдеп чыксаң тергөө ишине башкача карап каласың.Чыдай тургула.Имарат жөнүндөгү кыскача баянды силерге да окуп берейин:" Король Яков I такка келип,бешинчи жылы бийлик жүргүзүп турганда эски сепилдин пайдубалына тургузулуп, аңгектер менен курчалган Бирлстоун короо жайы..."
-Бизди мазактайын деп турсузбу,мистер Холмс!-деп инспектор сөздү бөлдү.
-Чыдай туруңуз,мистер Мак! Шотландык кызуу кандуулукка алдырбаңыз. Уккуңуз келбесе окубай эле коеюн.Эскерте кетейин,мында парламенттин аскерлери 1644-жылы чепти кантип алгандыгы,граждандык согуш убагында короо жайда Карл убактылуу жашап турганы,кала берсе ал жерге Георг IIкелгени да кең- кесири сүроттөлгөн.
-Айтканыңызда калет жок,мистер Холмс,бирок анын бизге тиешеси жок да.
-Сиз ошондой деп ойлойсузбу? Биздин кесиптегилердин ой өрүшү кең болуп,алган билимин иштин пайдасына жумшаганга же жетсин.
-Улуулугуман пайдаланып акыл айтымыш болгонума капа болбоссуз дейм,урматтуу мbстер Мак.
-Ага эле эмнесине теригесиз?-деди инспектор туталанып.-Арийне, сиз да өз максатыңызга жетсем деген ойдосуз,бирок башка жолду кандап алыпсыз...
-Болуптур,тарыхты кое туралы да,бүгүнкү күндөн баштайлы.Тагыраак айтсак,короо- жайда өткөзгөн түндү баяндап берейин.Мистер Бэркерди да миссис Дугласты да кезиктирген жокмун.Алардын тынчын алгым келген жок,ошентсе да Дугластын жесири кейип-кепчибей эле кечки сый тамакта болуптур.Эмс менен баарлашып,эч кимге айтпастан маркумдун бөлмөcүндө он беш мүнөтчө жападан жалгыз отурдум.
-Эмне кылдыңыз?
-Жоголгон ташты издедим.Жалгай берди болуп,таап алдым.
-Каерден?
-Ооздон сөз чыга электе эле лыкылдатып киргениңерге жол болсун.Баштаган ишим аягына жакындаганда көргөн-билгенимди силерге айтып берем деп убада кылам.
-Айтканыңыздай эле болсун,-деди инспектор.-Бирок сиз бул ишти токтоткула деп жатасыз...Эмне үчүн,токтотушубуз керек?
-Кымбаттуу Мак,анын бир гана себеби бар: эмнени иликтеп жатканыңарды өзүңөр да билбейсиңер.
-Койсоңузчу! Мистер Жон Дугласты Бирлстоунда ким өлтүргөнүн иликтеп жүрөбүз.
-Аныңызда талаш жок.Бирок,сырдуу велосипедченди издеп убара болбогула.Андан пайда жок.
-Кандай кеңеш айта аласыз?
-Жарайт,бирок менин акылымды угасыңарбы?
-Сиз дайыма бирдин үстүнөн чыгаарыңызды билчү элем.Айтканыңыз менен болом.
-Сизчи,мистер Мейсон?
Элеттик тыңчы улам бирине жалдырай карады.Анткени Холмстун иш усулу менен тааныш эмес болчу.
-Инспектордун оюна мен да кошулам,-деди акыры.
-Андай болсо Бирлстоун дөңсөөсүнө чыгып,биртке саякат жасап келели.Мейманканадан нанушта жасап алгыла.Кечке жуук чарчап-чаалыксак да,көңүлүбүз кушубак болуп...
-Тамашанын да чеги болот,кайдагы саякатты айтасыз!-деди Макдональд.
-Болуптур,күндү кандай кечкиртебиз десеңер өзүңөр билгиле,-деди Холмс аны далыга таптап.-Барчу жагыңарга бара бергиле,бирок кечинде мени ушул жерден күткүлө,мистер Мак.
-Жарайт.
-Акылыма кулак салбадыңар, мейлиңер.Бирок, бул жерге сөзсүз келгендей болгула,балким керегиңер тийип калаар.Азыр мистер Бэркерге кат жазып бергиле.
-Эмне деп?
-Мындай деп жазгыла:" Кымбаттуу сэр,короо-жайдагы аңгектин суусун соолтууну туура деп эсептейм,биз суунун түбүнөн..."
-Бөөдө убараланбайлы, -деди инспектор,-мен текшерип чыккам.
-Аны билем,ошентсе да мен айтканды жазыңыз.
-Жарайт.
-"...бизге керектүү нерсе табылып калышы мүмкүн.Эртең таңгамаал жумушчуларды ишке салам..."
-Койсоңузчу!
-"...Өз чечимимди сизге алдын ала кабарлап койгум келди".Эми кол коюңуз да,саат төрттөргө жакын катты анын колуна бергиздириңиз. Саат төрттө баарыбыз чогулабыз,ага чейин өз ишиңер менен болгула.
Кечке жуук чогулдук.Холмс ойлуу,эми эмне дээр экен деп көзүм анда.
-Жылуураак кийингиле,деди бизге кайрылып.

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 14 Август 2014 - 13:12

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   belka   14 Август 2014 - 15:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Суук түшуп калды,саякатыбыз канчага созулаарын айта албайм.Көз байлангыча жетип баргыдай бололу.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   belka   14 Август 2014 - 17:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Жылуурак кийиндик да,эски үйдү курчаган эски бак-даракты аралап,Холмстун артынан баратабыз.Көтөрүлмө көпүрөнүн жанындагы жыш өскөн бадалга жеттик,көпүрө түшүрүлгөн экен.Холмс бадалдын түбүнөн орун алды,биз да ошенттик.
-Эми эмне болот?-деп сурады Макдональд.
-Бир аз чыдай тургула,катуу сүйлөшпөгүлө. -деди Холмс.
-Бул жерге эмне максат менен келдик?Бизден жаап-жашырбай ачыгын эле айтсаңыз кантет?
Шерлок Холмс күлүмсүрөп койду.
-Уотсон мени сүрөтчүсүң деп коёт.Мени болсо режиссердук өнөр кызыктырат. Баштаган ишибизди канчалык кыйынчылык менен бүткөн жерине жеткизе көрсөтө албасак,биздин кесибибиз мазесиз болмок.Ушул азыр баарыбыз тең өңүп турган мергенчидей болуп чыдамыбыз кетип,толкундап отурабыз.Иштин аягы эмне менен бүтөөрүн так айта алсам,мындай болмок эмес.ошондуктан, мистер Мак,бир аз чыдай турсаңыз иш жайында болот.
Эмнеси болсо да көпкө күттүк.Айланага караңгы түшүп,аңгек тараптан туман көтөрүлдү.Эски үйдүн каргашалуу бөлмөсү жарык болуп,калгандары караңгынын кучагында.
-Дагы канча күтөбүз?-деп суроо салды инспектор.-Деги күткөнүбүз эмне?
-Дагы канча күтөөрүбүздү өзүм да билбейм.-деди Холмс.-Кылмышкерлер биз ойлогондой иш жасаса гана,атаганат. Азыр болсо...Карагылачы! Баятан бери ушуну күткөнбүз.
Биз жашынган бадал терезесинен жарык чыккан бөлмөдөн жүз футтай алыс болчу.Терезе ачылып,караңгыга тигиле караган адамдын башы көрүнгөндөй болду.Ал эңкейе калып аңгекке бирдеме ыргытып,суудан кайсы бир буюмду тартып алгандай болду.
-Бүттү!-деди Холмс.-Ищке киришкиле достор!
Калчылдап турсак да үй тарапка дуу жүгүрдүк.Холмс аттап-буттап көпүрөдөн чуркап өттү да,эски үйдүн коңгуроосун басты.Эшик ачылып,таң калган Эмс чыга келди.Холмс ага ныпым көңүл бурбай,кишинин карааны көрүнгөн бөлмөгө жөнөдү.Биз анын артынан жүгүрдүк.
Аң-таң болгон Сесил Бэркерди көрдүк.
-Бул эмне кылганыңар, шайтан баскырлар! -деди ал ачуулуу.-Силерге эмне керек?
Холмс үстөлдүн астындагы суу болгон таңгакты колуна алды.
-Биз ушул буюмду алганы келдик,мистер Бэркер,сиз азыр эле аңгектен чыгарып алган гимнастикалык таш байланган чүпүрөтү алганы келдик.
Бэркер Шерлокко тигиле карады.
-Сиз аны кайдан билесиз?
-Аны сууга мен чөктүргөм.
-Сизби?!
-Тагыраак айтсам,"Экинчи жолу" чөктүргөм.-деди Холмс.-Бир таштын жок болуп калганына айраң-таң калганым эсиңиздедир, Макдональд.Мен жакшы эле эскертсем да,майда-барат иш деп анча мани бербедиңиз окшойт.Убагында кызыксаңыз, баалуу бүтүмгө келмексиз.Суунун жанында турган үйдөгү эки таштын бири жок болсо,аны кайдан издеш керек экендиги айтпаса да белгилүүдүр. Эмстин уруксаты менен бул бөлөгө кирип,доктор Уотсондун кол чатырыныны сабы менен түндө бул ташты суудан алып чыгып,карап көргөм.Аны сууга салган кишини такташым керек болчу.Аңгектин суусун соолтобуз демиш болуп,аныгына жеттик.Караңгыдан ким пайдаланганын төртөөбүз тең көрдүк,ошондуктан сөз кезеги сизде,мистер Бэркер.
Холмс суу таңгакты үстөлдүн үстүнө коюп,жибин чечти да,ичинен гимнастикалык ташты,эки батинке алып чыкты."Америкалык батинке тура" деп күбүрөнүп аларды жерге койду.Андан соң кандуу бычакты,ич кийимдерди, эки байпакты,күрөң костюмду жана чолок сары пальтону үстөлдүн үстүнө койду.
-Пальтого өзгөчө көңүл бургула,-деди Холмс.-Анын чөнтөүнө чолок мылтык кене бата.Жакасында кийим тиккичтин жарнамасы жүрөт:"Полл, тыш кийим тигүү.Вермисса АКШ" Жергиликтүү китепканадан Вермисса-Кошмо штаттардагы өнүккөн шаар экенин,көмүр жана башка кен-байлыктары бар өрөөндө жайгашканын билдим. Дугластын биринчи аялы көмүр чыккан облустардын биринде төрөлүптүр дегендей болдуңуз эле,мистер Бэркер.Демек өлүктүн жанынан табылган "В.Ө." тамгалары бар карточка Вернисса өрөөнү дегенди билгизээрин, өлтүрүүчүлөрдү жиберген өрөөн "Кандуу өрөөн" экени бештен белгилүү. Биз үчүн баары анык болду,калганын мистер Бэркердин өз оозунан угалы.
Бэркердин ачуусу кеогени,корккону, айраң-таң калганы,чечкинсиздиги байкалып турду. Акыры тамашага чаптырды.
-Мистер Холмс,-деди ал мыскылдай сүйлөп,-билбеген балээңиз жок экен,ошондуктан калган-катканын өзүңүз эле айта салыңыз.
-Мен айтсам деле болот,бирок сизди уксак дейбиз.
-Ошондойбу? Анда эсиңерде болсун:бул иште кандайдыр бир сыр бар болсо,ал меники эмес,бирөөлөрдүн сырын жарыя кылганды жинимдей көрөм.
Баятан бери чала жабылган эшиктин жанында турган миссис Дуглас бөлмөгө кирип келди.
-Жетишет Сесил,-деди ал.-сиз бизге жетишээрлик иш таап бердиңиз.
-Туура айтасыз,-деди Холмс,жайкай сүйлөп.-Сизге боорум ооруп турат,жети өлчөп бир кесиңиз да,биздин адамгерчилигибизге ишениңиз.Уотсондон айттырган сиздин каалооңузду эске албай,жаңылыштык кетирдим окшойт. Бирок ал кезде сиз да кылмыштык ишке катышы бар деген ойдо болчубуз.Дагы да болсо,бир топ нерсеге көзүбүз жете элек,ошондуктан болгонун болгондой айтып берүүнү мистер Бэркерден сурансаңыз жакшы болот эле.
Миссис Дуглас кыйкырып ийди,биз болсо жердин астынан чыгып келаткандай болгон кишини чочулай карадык.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 18 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 18, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 13 Авг 2025 21:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: