Ааламдын атактуу поп-королу Майкл Жексондун өлгөндүгүнө беш жыл болгондугуна карабай, анын байлыктарын бөлүшүү дагы деле тыйылбай келет. Жакында эле Майкл Жексондун Санта-Барбарадагы атактуу үйү 60 миллион долларга сатыкка коюлду.
Майкл Жексон бул хан сарайында 1988-жылдан 2005-жылга чейин жашаган. Чыгармачылык чеберканасындай болгон үйүн, балалыгында эң көп жолу окуган китеби - Питер Пэндин атынан атап алган. Атактуу поп-жылдызы өлгөндөн кийин хан сарай Colony Capital LLC кыймылсыз мүлк агентчилигине берилип, кайрадан оңдоп-түзөлгөн. Сатыкка коюлган легендарлуу музыкант жана бийчинин үйүн сатып алууну каалагандардын аты азырынча айтыла элек. Бирок алдын-ала маалыматтарга караганда дүйнөгө атактуу инсандын сатып алаары айтылууда.
