Суперстан: Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (35 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)

#521 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   10 Август 2014 - 16:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения Marsen (10 Август 2014 - 14:47) жазган:




Сулууга суктанып,

Жүрөсүң кубанып.

Абайла бир күнү,

Калбагын алданып.






Сулуунун сулуудай сыры болот...
Жүрөккө уудай ачуу ыры болот...
Акылы чырайына жарашса эгер,
Элине сыймык болот! Улук болот...


Сулуунун текеберлик тили болот...
Теңине тең ашыктык сүрү болот...
Жүрөктө бар ыйманы бекем болсо,
Жарынын ыйманынын жүзү болот..!

Просмотр сообщенияMarsen (10 Август 2014 - 15:11) жазган:

Асман эгер бүркөлсө,

кайра сөзсүз ачылат,

адам эгер көп күлсө,

анда сөзсүз кайгырат.


Күүгүмдө калгым келбейт
Кор кылып асыл жанды.
Адаттап алгым келбейт
Көп күлүп, кайгырганды. ..

Күлкүмдү аябаймын
Сыр кылып жашырбайм да.
Кайгымды ичте катып
Ооруга ашырбайм да...


***
Рахмат, раазычылыгым Марсен! Сүрөт
***

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 10 Август 2014 - 16:01

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#522 Пользователь офлайн   Marsen   10 Август 2014 - 16:24

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 02 Окт 2014 11:48
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Sweet-Lika (10 Август 2014 - 16:00) жазган:

Сулуунун сулуудай сыры болот...
Жүрөккө уудай ачуу ыры болот...
Акылы чырайына жарашса эгер,
Элине сыймык болот! Улук болот...


Сулуунун текеберлик тили болот...
Теңине тең ашыктык сүрү болот...
Жүрөктө бар ыйманы бекем болсо,
Жарынын ыйманынын жүзү болот..!



Күүгүмдө калгым келбейт
Кор кылып асыл жанды.
Адаттап алгым келбейт
Көп күлүп, кайгырганды. ..

Күлкүмдү аябаймын
Сыр кылып жашырбайм да.
Кайгымды ичте катып
Ооруга ашырбайм да...


***
Рахмат, раазычылыгым Марсен! Сүрөт
***


Жазылыптыр ырыңдагы сөздөр таамай,

Окуубалып эмнегедир чөктү маанай.

Эх чиркин, болсом эгер мен Жоомарттай,

Сага арнап ыр жазмакмын, бир жыл тынбай.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: Ж.Б..jpg

Когда я слышу звук комуза -

ко мне всегда приходит Муза. ©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#523 Пользователь офлайн   Marsen   10 Август 2014 - 18:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 02 Окт 2014 11:48
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Sweet-Lika (23 Май 2014 - 01:17) жазган:

Алдан тайып, алсыз болуп дуйнөдө,
Жалгыздыкка баш ийбеңиз бурадар!
Жаратылыш катып койсо жөн деле,
Ташты жарып агып чыгаар булактар…

Ээнсиреп, дүйнө кезип жалгыз гана,
Жалына Жараткандан үмүт таба.
Кеңири жан дүйнөгө бүлүк салган,
Кээде ушул жалгыздык жанга дабаа…

Бул саптар Сиздин урматыңызга…:give_rose:
Бар болуңуз эжоу, муңайбаңыз! :kiss2:


Мен дагы жалгыздыктын туткунумун,

Кез-кезде куш болуп кетет учкум. ..

Бул дүйнө бир кем дүйнө, түшүнөмүн.

Анда неге жаш баладай сүйүнөмүн?
Когда я слышу звук комуза -

ко мне всегда приходит Муза. ©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#524 Пользователь офлайн   rumaika5544   11 Август 2014 - 00:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Оой боой Ликуш теманды озгортуп ийдин беле,таппай журсо!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#525 Пользователь офлайн   Marsen   11 Август 2014 - 15:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 02 Окт 2014 11:48
  • Жынысы:Эркек

Каалайм сизге токтогулдук акын кыз.
Дагы-дагы көп ырларды жазыныз.
Чыкпасын Муза сиздин жаныңыздан.
Чыгарыңыз эң бир мыкты жаңы дастан.
Күн сайын калемиңиз курчуй берсин.
Илхом сизге "тажатып" күндө келсин.
Мен ишенем баары жакшы болоруна,
Алла Таала дайым сизди колдооруна.

Когда я слышу звук комуза -

ко мне всегда приходит Муза. ©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#526 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   11 Август 2014 - 16:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения Marsen (10 Август 2014 - 16:24) жазган:

Жазылыптыр ырыңдагы сөздөр таамай,

Окуубалып эмнегедир чөктү маанай.

Эх чиркин, болсом эгер мен Жоомарттай,

Сага арнап ыр жазмакмын, бир жыл тынбай.



Маанайыңыз чөкпөсүн эч,
Тыпылдатып жамгырын төкпөсүн кеч...




Просмотр сообщенияMarsen (10 Август 2014 - 18:07) жазган:

Мен дагы жалгыздыктын туткунумун,

Кез-кезде куш болуп кетет учкум. ..

Бул дүйнө бир кем дүйнө, түшүнөмүн.

Анда неге жаш баладай сүйүнөмүн?



Жалгыздыктын пайдасы зор...
Билинбейт да болгону...

Жалгыздыктан качпагыла.


Просмотр сообщенияrumaika5544 (11 Август 2014 - 00:48) жазган:

Оой боой Ликуш теманды озгортуп ийдин беле,таппай журсо!



Билип алдыңыз эми келип туруңуз ээСүрөт.




Просмотр сообщенияMarsen (11 Август 2014 - 15:54) жазган:

Каалайм сизге токтогулдук акын кыз.
Дагы-дагы көп ырларды жазыныз.
Чыкпасын Муза сиздин жаныңыздан.
Чыгарыңыз эң бир мыкты жаңы дастан.
Күн сайын калемиңиз курчуй берсин.
Илхом сизге "тажатып" күндө келсин.
Мен ишенем баары жакшы болоруна,
Алла Таала дайым сизди колдооруна.





Сүрөт
Албетте ин ша Аллах баары баарыбызда жакшы болот.
Рахмат раазычылыгым болсун !

Дагы да келип туруңуз. Сүрөт
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#527 Пользователь офлайн   Marsen   11 Август 2014 - 17:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 50
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 02 Окт 2014 11:48
  • Жынысы:Эркек

Тоюп алып бозого,

Биздин Таня корого,

Келди ыйлап үшкүрүп,

Тобун тойдон түшүрүп.

Жиним келип Таняга,

Бар деп сөктүм баняга.

Кетти мага таарынып,

Тамтуң басып чалынып.

Тобун таппай банядан,

Таня келди кайрадан.

Жүр тобуңду көрсөтөм,

Үйдөгү төркү бөлмөдөн–

Деп Таняны алдадым,

Бөлмөгө аны камадым…

Ушинтип ыйлак Танябыз,

Өзгөрдү эми, жакшы кыз.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: таня.jpg

Когда я слышу звук комуза -

ко мне всегда приходит Муза. ©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#528 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   11 Август 2014 - 17:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Жетеленди, ойлоду "бул ийгилик!" ...
Желип жортуп илкий басып күнү-түн.
Жетээр чегин эстеди экен ким билип?…
"Байлык, бийлик сактайт" деди "мал-мүлкүм" …


Жетеленди нафсына бек, кол сунуп,
"Утулдум! " деп сыздайт көңүл кирдесе,
Утулаары убакыт, тек амалы…
Ким эскертет жалган-чынын билбесе?…


Сыймыктана айтат жасап арамды,
Сыймыгы не? Арак? Арам? Сойкулук?!
"Билбейт, көрбөйт" деген менен, абийир
бир күн коет жерге жексен жок кылып…!


Сайынат аз келгенсип
Аракты күндө ичет...
Эскертсе жаман көрөт,
Кылыгы күндө күчөп.
Көздү ач, кайт жолуңдан
Кеч эмес азыр! Болбо
"Сүткө оозу күйгөн
Айранды үйлөп ичет"…








В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#529 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   11 Август 2014 - 17:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Marsen ,
Рахматтарым болсун!


(Бул тема (каалоо-тилек, сын-пикирден сырткары) жалаң гана автордун өздүк чыгармалары үчүн эле).:dh:
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#530 Пользователь офлайн   Aselina_kg   21 Август 2014 - 12:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 194
  • Катталган: 16 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 25 Май 2023 09:58

Айжамал азаматсын! Кандай гана керемет саптар!Калемин курчуй берсин!

♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#531 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   23 Август 2014 - 02:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения Aselina_kg (21 Август 2014 - 12:57) жазган:

Айжамал азаматсын! Кандай гана керемет саптар!Калемин курчуй берсин!


Сүрөт Рахмат чоң!СүрөтСүрөт
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#532 Пользователь офлайн   Angel92   23 Август 2014 - 02:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 107
  • Катталган: 02 Апрель 13
  • Соңку аракети: 13 Дек 2024 13:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орустун батири

Керемет!Эн сонун саптар!Дагы да курчуй берсин калеминиз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#533 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   30 Август 2014 - 08:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Жүрөк себепсиз оорубайт…


Себепсиз жамгыр нөшөрлөп,
Чагылган чарт-чурт дебестир.
Бекитип жүргөн жүрөктө
Аруу сыр жалган эместир.

Сыр сандык сыры оорлошо
Сезими ага байланат.
Айттырбай сезсе жүрөгү
Махабат жазга айланат.

Теребел кооз, жымжырттык,
Айлана жашыл… Жашыл бак.
Сейилдеп сезим багында,
Кечкисин ойноп жашынмак…

***
Нурлары өчө көздөрдүн
Себепсиз карек соолубайт.
Көп эстеп күндө жамалын
Себепсиз жүрөк оорубайт.

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#534 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   30 Август 2014 - 08:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения Angel92 (23 Август 2014 - 02:41) жазган:

Керемет!Эн сонун саптар!Дагы да курчуй берсин калеминиз!

Рахмат, раазычылыгым! :give_rose:

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#535 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   23 Сентябрь 2014 - 01:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.


Аярым аялуу жүзүңдү карадым,
Кызганып ууртуңдан күлкүңдү санадым.
Күздө же жаздагы сайраган булбулдай
Самадым Булбулум сайрашың кааладым.

Баштадым толкундуу оюнду баштадым,
Качпадым куюндан, бирок да шашпадым.
Четинен кетилбей, чийилген чегинен
Ашпадым, бир кадам олуттуу таштадым.

Максатым бакытка умтулуу максатым,
Там берип ийиле тагдырга баш каттым.
Тамаша-чындыгы аралаш өмүрдө
Ачууга алдырсам мейли деп жаш каттым.

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#536 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   25 Сентябрь 2014 - 12:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Көөдөндөгү ыза муңду жаш менен сыгып сыртка,
Саамайым желге тоссом сагыныч бул ыргакта,
Шашылыш келген элем, шашылыш кетип барам,
Шамалдан ашчу болуп сапарым карып артта…

Сагынып келген элем, сагыныч ичте калды,
Асманды беттейт элем, асманым жерде калды…
Эңсөөлөр жетпей сага жарым жол менде эле,
Мүрзөңө барам деген максатым ашпай калды…

Таарындың бул ирет да, таарынба… Тургун күтө…
Таарыныч ачуу уусун татпачы улам иче…
Сен эмес өзүмө-өзүм таарынып жектеп турам,
Түшүмө кирдиң апа, жылмайып мага күлө…

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#537 Пользователь офлайн   rumaika5544   26 Сентябрь 2014 - 01:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Калоолорум Ликуш сага арналат.
ырларың жакшы экен куюлушат ...
Ыйманга көбүрөөк басым жаса,
ошондо, Аллахтын алдында
Буйруса (ин шаа Аллах)мартабаң даагы да ашат.



Окшоштуруп эзип койдум, туура кабыл аласың деген ойдомун.Аллах озу жолдош болсун!
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#538 Пользователь офлайн   suksuraliev1990   29 Сентябрь 2014 - 17:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 11
  • Катталган: 17 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 21 Дек 2020 14:47

Жазгым келди Sweet-Lika создун терип жакшысын.
Журок эргип ырларындын окууганда таттуусун.
Курчуй берсин жаза бергин илхомынды очурбо.
Берсин сага Алыкулдун жазбай кеткен кайрыгын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#539 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   29 Сентябрь 2014 - 22:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения rumaika5544 (26 Сентябрь 2014 - 01:59) жазган:

Калоолорум Ликуш сага арналат.
ырларың жакшы экен куюлушат ...
Ыйманга көбүрөөк басым жаса,
ошондо, Аллахтын алдында
Буйруса (ин шаа Аллах)мартабаң даагы да ашат.

Окшоштуруп эзип койдум, туура кабыл аласың деген ойдомун.Аллах озу жолдош болсун!



Буйруса эже.
Баарын туура кабыл алам.
Ошого көп жазбай да калдым…
Рахмат чоң! Сүрөт

Просмотр сообщенияsuksuraliev1990 (29 Сентябрь 2014 - 17:57) жазган:

Жазгым келди Sweet-Lika создун терип жакшысын.
Журок эргип ырларындын окууганда таттуусун.
Курчуй берсин жаза бергин илхомынды очурбо.
Берсин сага Алыкулдун жазбай кеткен кайрыгын.


Рахмат чоң!
Бар болуңуз! :dh:



В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#540 Пользователь офлайн   rnurzida   05 Октябрь 2014 - 01:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Керемет ырлар. Калемиң курчуй берсин.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (35 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 03:43

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: