- Бир жагынан туура кылышты дейин десем, Кыргызстанда мыйзам карапайым эл үчүн гана иштейт.
Жөнөкөй мисал, туура эмес токтотууга (парковка) 1000 сом айып экен. Унаа токтотууга аз эле орун каралган. Батпай каласың, анан кайда токтотобуз? Биринчи ошол орундарды даярдап туруп, анан айып коюшпайбы?!
Айып пулдардын жогорулатылышы карапайым калкты эле кыйнамайга салган кезектеги мыйзам экендиги белгилүү болуп калгандай. Себеби мыйзам сакчылары: ошол эле милиция, УКМК, прокуратура кызматкерлери, чиновниктер, депутаттар өздөрү баш болуп мыйзамды аттап өтүп, кызматына салып мыйзамдуу жоопкерчиликтен кутула беришчүдөй.
Жөнөкөй мисал: Чодронова 1000 сом менен кутулуп кеткен. Баягы эле чиновниктердин туугандары жол эрежени бузушса, алардын жазасы жеңил болуп кала берет.
Ушул мыйзам кабыл алынгандан бери эмнени байкадыңар? МАИчилерге кармалдыңарбы? Канча штраф салынды же акча берип кыргызча кутулуп кеттиңерби?

Супер-Инфо
super.kg
видео















