З
ЗАДНЕПРОВСКИЙ Юрий Александрович (1924, Ленинград облусу, Гатчина ш. – 1999) – тарых ил-нин доктору (1979). 1950-ж. Ленинград ун-тинин тарых факультетин бүтүргөн. СССР ИАнын Археол. ин-тунун Ленинград бөлүмүнүн улук ил. кызматкери,
Фергана экспедициясынын начальниги.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
170ке жакын эмгеги жарык көргөн, эмгектеринин көпчүлүгү Кыргызстандын ба- йыркы тарыхына ж-а археол-на арналган. Кыргызстан м-н Өзбекстандын аймагына 30 археол. экспедиция жасаган. Соңку коло доорунун Чуст маданиятына таандык байыркы эстеликтерди изилдеген. Ош тургун жайы ж. б. калк журт кылган жерлерди казып, изилдеген. Б. з. ч. 4–1-к-га таандык Шоробашат маданиятын,
Өзгөн, Мады ж-а Ош ш-н изилдеген. Байыркы мезгилдеги көчмөн-дөрдүн тарыхын ж-а маданиятын изилдөөгө чоң салым кошкон.
ЗАНБИАРТ – Кыргыз Алатоосундагы орто кылымдарда жибек жолунун бир айрыгы өткөн ж-а Чүй өрөөнү м- н Борб. Теңиртоону байланыштырып турган ашуу. З. ж-дөгү алгачкы маалымат 11-к-дагы түрк аалымы Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» («Диван лугат ат-түрк») аттуу эмгегинде эскерилип, анда З. Кочкор-Башы м-н Баласагундун ортосундагы ашуунун аталышы деп берилген. В. В. Бартольд З-ты азыркы Шамшынын бели м-н окшоштурган.
Ашууга жакын аймактарда 11–12-к-га таандык 3 шаар чалдыбары табылып, изилденген.
Бурана мунарасы З. ашуусунун чыга беришинин оозунда жайгашкан. Ашуунун күнгөй бетинен агып чыккан, Шамшы суусунун нугун бойлой кеткен жалгыз аяк жол чоң жолго кошулуп, Кочңар- Башыга (азыркы Кочкор өрөөнүндөгү орто кылымдагы шаар) жеткен. Тыным алган кербендер Кочңар- Башыдан чыгып, Атбашы (Кошойкоргон шаар чалдыбары) ш-на ж-а Кашкарга кетишкен. Ушул эле ашуу аркылуу Барсканга чыгуунун кыска жолу ж-а андан ары чыгыш Түркстандын шаарларына жетүүгө мүмкүн болгон.
ЗАТАЕВИЧ Александр Викторович (1869–1936) – орус композитору,
этнограф ж-а музыка изилдөөчү. 1925-ж. Оренбург ш-нда басылып чыккан «Кыргыз элинин 1000 ыры» жыйнагына кыргыздын сегиз ырын киргизген. 1928-ж. Кыргызстанга атайын чакыртылып келген. Муратаалы, Токтогул, Карамолдо ж. б-лардын обон- күүлөрүн нотага түшүрүп, аларды 1934-ж. Москвада чыккан «Кыргыздын аспаптык 250 күүсү жана обону» деген жыйнакка киргизген. Кыргызстанга дагы бир ирет келип, Атай, Калык, Молдобасан,
Муса, Шаршен, Ыбырай ж. б-дан 170 ыр-күү жазып алган. А. Малдыбаевдин «Кызыл жоолукчан»,
«Күн бүгүн» ж. б. ырларын фортепьяно үчүн иштеп чыккан. З. казак, кыргыз, татар, дуңган, уйгур элдеринин музыкалык мурасын жоготпой сактап калууга, алардын профессионалдык музыкалык өнөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. ЗАЯ-ПАНДИТА (1599–1662) – ойроттордун диний ишмери, ойчул. Ойроттордун арасында буддизимди жайылткан ж-а агартуучулук иштерди жүргүзүп, моңгол (калмак) жазмасын жакшыртуу максатында реформалаган.
З.-П-нын «Раб-Жам Зая-Пандиттин ай жарык тарыхы» деген тарыхый баяны шакирти Сакбон Раднобатор тарабынан жазылган. Анын орусча котормосу Санкт-Петербургдагы Чыгыш таануу архивинде сакталып турат. Чыгармада калмактардын кыргыздар, казактар ж-а Чыгыш Түркстан элдери м-н болгон мамилелери,
алардын 12-к-дын 2-жарымында Жуңгариядагы бийликке каршы чыгуулары, о.эле кыргыз-ойрот мамилеси, б. а. 1652-ж. (ажыдаар жылы) кышында калмактардын Цецен ханы буруттарды (кыргыздарды) баш ийдирип келгендиги ж-а ушул согушта анын 17 жаштагы уулу Галдама казактарга сокку уруп, алардын башчысы Жаңгир султанды өлтүргөндүгү ж.б. кабарлар айтылган. Анын чыгармасында ойроттордун Борб. Азиядагы башка калк-тар м-н болгон саясий алакалары да баяндалган.
ЗЕКЕТ (ар., закат) – ислам идеясы б-ча жамааттын муктаждыгына жумшала турган – колунда жок кембагал адамдар, бей-бечаралар арасына бөлүштүрүүчү,
шариат тарабынан белгиленген,
киреше м-н мүлктөн белгилүү бир өлчөмдө алынуучу салык. Бир катар өлкөлөрдө З. мамл. салык катары таанылган. Жылына бир жолу белгилүү мөөнөттө (ай календары б-ча) мүлктүн ар бир түрү үчүн алынат. З-ти үй ээси төлөйт. Андан башка З- тин аль-фитр (кайыр-садага) түрү бар; орозо айы рамазан бүткөн күнү үй-бүлөнүн ар бир жашы жеткен мүчөсүнөн алынып, ид аль-фитр күндөрүндө таратылып берилет. Эки салык тең оокаттуу мусулмандардан алынат. З-тин адаттагы өлчөмү жылдык кирешенин 2,5%ин түзөт. Бирок мусулмандардын ичинде З. өлчөмү ж- а бул салык алына турган мүлктүн түрү б-ча бир пикир жок. Мусулман апологеттери З-ти коомдо «исламдык социалдык адилеттүүлүктүн» принцибинин негизинде «кирешелерди кайра бөлүштүрүүнүн жолу» катары карайт. Кыргыз мусулмандарында З. көбүнчө жаз айында, мал төлдөп, жайлоого көчө баштаганда алынган. З- тин эки түрү болгон: 1. түндүк З. – түтүн башына алынуучу З.; ар бир түтүндөн 1ден кой алынган; 2. алал З. – мал башына алынуучу З. ж-а анын өлчөмү мусулман мыйзамдары б-ча 40/1 башка 1 кой алынган. Кокон хандыгынын тушунда көчмөн кыргыздар үчүн салыктын эң оор түрү З. болгон. Салык жыйноочулар көп учурда өз пайдасы үчүн көбүрөөк жыйноого аракеттенишкен.
ЗЕМАРХ КИЛИКИЯЛЫК – византиялык элчи. 568-ж. Улуу Түрк каганы Истемиге (Дизабулга) келип, Византия м-н Түрк кагандыгынын Сасанийлик Иранга каршы согуштук союзду түзүү келишимине катышкан. Ал Талас, Чүй өрөөндөрүндө,
Теңиртоонун Актаг (Актоо) деген жеринде болгон. Анын түрк элдеринин чарбасы, турмушу, мадания-ты, дини тууралуу байкоолорун ж-а ага Истеминин кыргыздын бир күң кызын белекке тартуулагандыгын византиялык тарыхчы Менандр Протектор жазып калтырган.
ЗЕР – алтын, күмүш ж. б. кымбат баалуу кооздук заттардан зым тарткычта созулуп жасалган жипчелер; өз ара өрүлгөн, эшилген, токулган зым талчалар. З. жипчелери м-н белгилүү бир үлгү б-ча сызып алган нерселердин бетин кештелейт. З. кештеси саймада, тигүү өнөрүндө көп колдонулат.
ЗЕРГЕР – кол өнөрчүлүктүн асыл темир м-н иштеген устасы. З-лер баалуу темирлерден (күмүш, алтын, жез ж.б.) билерик, иймек, желбирөөч, шакек, тумар, искек, оймок ж.б. жасашкан. О. эле ат жабдыктарды,
жоо- жарактарды,
боз үйдүн жыгачтарын,
музыкалык аспаптарды ж.б. кооздошкон.
ЗЕРГЕРЧИЛИК – салттуу кол өнөр-чүлүктө асыл темирлерден кооз буюм жасоо кесипчилик багыты. З-тин иштөө ыкмасы (технологиясы) толугу м-н элдин жашоо шартына ылайыкталган да, өзүнө гана таан-дык өзгөчөлүктөргө ээ болгон. Зергерлер өз алдынча устаканада узануудан башка дагы, аспап-куралдарын көтөрүп алышып оокаттуу адамдардын үйлөрүндө дагы буюмдарды шөкөттөшкөн.
З-тин негизги материалдары асыл темирлер: алтын, күмүш, жез ж. б. болгон, бирок, негизинен күмүш ж-а жез болуп эсептелген.
З-тин ыкмалары (күмүшкө карата) – жашытуу, эритүү, сыя төгүү, сиркелетүү (таруулатуу),
чапкылоо, көркөм куюу, тердөө, тогуз төбөлөө, кертүү, согуу, эшүү ж. б. Баалуу таштарды, бермет-шуруларды темирдин бетине оюп түшүрүү, үстүнө чөгөрүү. Алтын-күмүштүн буусуна кармоо, оюп-чиймелөө ж. б. жолдору кенен тараган. Адатта асыл темирлердин бетине мүйүз, карга тырмак, кыял, бычак учу, бармак боочу ж. б. оюмдар түшүрүлгөн.
Кыз келиндердин желбирөөч, сөйкө желби-рөөч, сөйкө, билерик, төөнөгүч, бой тумар ж. б. у. с. кооз буюмдарын күмүш ж-а жезден чоюлган ичке зымдар м-н эшип, өрүп, бурап кооздошчу.
ЗИББЕРШТЕЙН Фаддей Карлович (1789–өлгөн жылы белгисиз) – орус армиясынын аскердик дарыгери; улуту поляк. 1821-ж. Виленск ун-тинин «дарыгерлик илим» курсун бүтүрүп, Омск гарнизонунда дарыгер катары аскердик кызмат өтөгөн. 1825-ж. 25-майда жергесине кайтып бараткан бугу уруу-сунун элчилерин (Акымбек Олжобай уулу, Алгазы Шераалы уулу, Алымбек Жапалак уулу) коштоп чыккан казак-орус кошууну м-н кошо Ысыккөлгө келип, көргөн-билгендерин жазган. «Омскидеги горнизондук полктун дарыгери Зибберштейндин сапарда жүргөндөгү байкоолору» деген кол жазмасын 1825-ж. октябрда Батыш Сибирь генерал-губернаторуна тапшырган. Анда кыргыздардын 19-к-дын 1-чейрегиндеги саясий абалы, чарбалык, коомдук турмуш-тиричилиги,
жер-суу аттары чагылдырылган.
ЗИМА Анна Гавриловна (1909, Одесса ш., – 1985, Бишкек) – тарых ил-нин доктору (1967), проф. (1971), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1969). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1972). 1935-ж. Москва тарых-философиялык ин-тун бүт-көн. 1935–56-ж. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында пед. кызматта, 1957–73-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунун ил. кызматкери,
1974-жылдан сектор башчысы, КМУда окутуучу болуп иштеген. 3. Орто Азиядагы, асыресе Кыргызстандагы Улуу Октябрь соц. революциясынын тарыхы б-ча адис. «Кыргыз ССР тарыхын» жазышкандыгы үчүн Кыргыз ССР илим ж-а техника б-ча мамл. сыйлыгынын лауреаты деген наам алган (1970).
ЗОРОАСТРИЗМ – байыркы ж-а орто кылым мезгилинде Иран, Орто Азия ж-а Азер-байжанда тараган отко табынуу дини. Б. з. ч. 7-к-да Заратуштра тарабынан негизделген.
З-дин негизи «Авеста» ыйык китебинде баян- далган. З-дин негизги принциби – диний дуализм (биринчиси, мээримдүү Ахурмазда, экинчиси, Апхра-Манью) же жакшылык м-н жамандыкты карама-каршы коюу, алардын ортосундагы күрөш дүйнөлүк процесс-тин негизин түзөт, акырында жакшылыктын жеңип чыгарына ишенүү. Түрдүү кудайлардын (Ормузда, Михре, Анахез, Зрвана) осуяттарына,
жаратылыштын кырсыктарына ж-а кубулуштарына сыйынуу көп сандаган жрецтер (хербад ж-а мебаддар) тарабынан тейленген. Азыркы учурда З-ди Индиядагы перстер, Ирандагы гебрлер, айсорлор тутушат.
ЗЫЙНАТДАТКА,
Ак Зыйнат Асперди кызы(1800–өлгөнжылыбелгисиз)–акын,
мамл.ишмер, датка. Асперди Чот уулунун кызы. Кыргыз аялдарынан чыккан биринчи датка айым. Атасынын азан чакырып койгон ысымы – Ак Зыйнат. Ата-бабасы саруу уруусунун атактуу бийлери болгон. Бала чагы Талас өрөөнүндө өткөн. Анын ордого келип, кийин ордодогу таасирдүү адамдардан болуп калышына 1842-ж. Шераа-лынын (к. Шераалы хан) Кокон хандыгына хан болушу себеп болгон. З. д. Кудаяр хандын энеси Жаркынайымдын бир тууган эжеси. З. д. ордодо кызмат өтөгөн. В. П. Наливкин м-н М. С. Наливкинанын «Ферганада жашаган жергиликтүү аялдардын турмушунан очерктер» аттуу китебинде «Кокондо эки акын аял жашаган, биринчисинин аты Зыйнат, экинчиси Махнуза. Алардын бири эркекче кийинип, ачык жүз м-н хан сарайга келчү экен, анын датка деген наамы болгон. Экөөнүн тең казалдары (ырлары) Омор хан сыяктуу эле «Мажму ат уш шуара» аттуу акындар жыйнагына киргизилген» деп жазылган. Зыйнаттын ырлары Ташкен ш-нын архивдеринде азыр да сакталуу. Өзбек окумуштуусу Х. Бабабековдун жеке китепканасында сакталып турган кол жазмалардын ичинде 1775–1864-ж-да жашаган жүзгө жакын акындардын өзбек, фарсы тилдериндеги ырларынан түзүлгөн жыйнакта Зыйнаттын «Бахру одабий» сөздөрү м-н башталган ыры бар. Бул ырында ал инсанды баарынан жогору коёт, адеп-ахлак, турмуштагы карама-каршылыктар тууралуу философия-лык ой жүгүртүп, алардын бир күнү жок болуп кетишине ишенет, калкты күнгө окшотот. З.д. 1842–68-ж-га чейин хандыктын саясий иштеринде, кыйынчылык күндөрдө сиңдиси Жаркынайымга кеңешчиси катары жардам берип, эже-сиңди бири-бирин колдоп турушкан. З. д-нын сөөгү Кокон ш-на коюлган.
- (2 )
-
- 1
- 2
Кыргыз тарыхы( кыскача энциклопедия) Кыргыз элинин тарыхындагы окуялар, жашоо турмушу, маданияты... ж.б
#21 30 July 2014 - 21:52
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...

#22 31 July 2014 - 20:34
И
ИБН АЛ-АСИР (1160–1233) – араб тарыхчысы. Бир канча китептен турган «Ал Камил фи-т-тарых» («Тарыхтын толук чагылдырылышы») деген китебин жазып, Орто Азиядагы элдер ж-дө да баалуу маалыматтарды калтырган. Мис., караханийлер мамл. ж-дө тарыхый фактыларды жазууда ал-Утби, Мискавейха сыяктуу окумуштуулардын эмгектерин пайдаланган. Баласагын ш-нда 960-ж. көчмөндөр (кыргыздар) тарабынан кабыл алынган ислам дини, Караханийлердин мамл-ти кеңейтүү б-ча жүргүзгөн күрөштөрү ж.б. чагылдырылган. Ал негизинен Орто Азия элдеринин моңголдор басып келген мезгилге чейинки доордун тарыхын изилдеген.
ИБН-АЛ-ФАКИХ АЛ-ХАМАДАНИ – араб тилинде жазган Ортоңку Чыгыш географы. Хамадан ш-нда туулган. Анын «Китаб ал-будан» («Өлкөлөрдүн китеби») геогр. эмгеги 290-жылдары (902-903) жазылган. Бул эмгектин эки кыскартылган көчүрмөсү белгилүү. Бирин чыгышты изилдөөчү де Гуе өткөн кылымда жарыялаган, экинчиси Мешхед ш-ндагы мечиттин китепканасынан 20-к-дын башында табылган. Кыргызстан аймактары ж-дө маалыматтар да берилген. Борб. Азиядагы калктар, алардын ээлеген аймактары, саясий түзүлүшүн, шаарларын, чарбасын толук чагылдырган. О. эле түрк урууларынын аттары, а.и. кыргыздар тууралуу кабар кездешет.
ИБНСИНААбу Хусейин ибн Абдаллах,Авиценна(980, Бухараш-нажакынжердегиАфшин кыштагы–1037) – Чыгыштын даанышман илимпозу; дарыгер, философ, акын, астроном. Анын «Шыпаа китеби» 11-к-да эле латын тилине которулуп, европалык окуу жайларында мед. б-ча колдонулуучу жападан жалгыз китеп болгон. И.С. байыркы улуу дарыгер, медицинанын атасы деп саналган Гиппократты өз устатым деп атаган. Бирок анын окуусуна көп өз-гөртүүлөрдү киргизген. Мис., Гиппократ айрым ооруларды: суу чечек, кызылча же балдардын кызамыгы, котонжара, өпкөнүн сезгениши, боор оорусу ж.б. айыктыруунун так жолдорун айта алган эмес, ал эми И.С. Гиппократтын жогоруда аталган оорулар б-ча окуусун толуктаган. Анын «Дарыгерлик илимдин канону» деген эмгеги латынча 30дай ирет, ал эми орус тилинде 5 том, 6 китеп болуп алгачкы жолу 1956–60-ж. басылып чыккан. 1-китебинде мед. ил-нин теориялык маселелери каралып, ал китеп төрт бөлүктөн – киришүү, анатомия, физиология, ооруунун белгилери же симптоматология, диета, оорунун алдын алуу же профилактика ж-а жалпы терапия бөлүмдөрүнөн турат. 2-китеп адам баласы ооруган мезгилде колдонуучу дары-дармектер, аларды даярдоонун жолдору, кайсы учурда кандайча жол м-н ал дарыларды пайдалануу керек экендигин көрсөтүүчү суроолорго арналган. 3-китеби мед. патология ж-а терапия маселелерине арналып, плеврит, пневмония, дизентерия, о.эле көздүн сезгениши, кулак-мурундун, тамактын, ооз көңдөй оорулары ж.б. изилденген. Ал эми 4-китебинде хирургия ж-а косметиканын орчундуу маселелери изилденип, семирип кетүүдөн сактоонун ж-а өтө арыктап кетүүдөн дарылоонун жолдору айтылган. 5- китебинде дары-дармекти жасап чыгаруу, аларды колдонуу жолдору жазылган. Анын «Уржуза» дастанында дарыгер ж-а анын ооруларды кандайча сакайткандыгы тууралуу айтылган. Чыгыш поэзиясында И.С. жаңы жанр, жаңы форманы жаратып, ырларын төрт сап, б.а. рубаи түрүндө жазган.
ИБН ХАУКАЛ (931–991) – араб саякатчысы, тарыхчы. Ал Орто Азия элдеринин тарыхын жазууда замандаш окумуштуулардын эмгектерин пайдаланган. Анын негизги китеби «Китаб сурат ал ард» («Жер шарынын түзүлүшү ж-дөгү китеп») деп аталат. Орто Азия геогр., жаратылыш байлыктары, түркий тилде сүйлөгөн элдердин ээлеген орду, кесипчилиги ж. б. ж-дө жалпы түшүнүк берген. Китебинин «Мавераннахр» деген бөлүгүндө Бухара, Самаркан, Исфиджаб (Чымкент), Шаш (Ташкен), Фергана ж-а Хорезм ш-лары, аларда жашаган элдер, уруулар ж-дө баяндама жазган. Ал эми эң акыркы бөлүгүндө кыргыздар мекендеген аймак, шаарлары, соода жолдору ж-дө өтө баалуу маалыматтар жолугат. Ош, Чаткал, Кожент, Тараз, Шельжи ж. б. шаарлар ж-а алардын тегерегинде жашаган кыргыздар, алардын чарбасы, аскердик иштери ж-дө айтылат. Гуздар ж-дө сөз козгоп, «бул түшүнүк уруу, аймакта жашаган эл деген маанини берет» – деп жазган Хаукал. Анын эмгеги эки жолу немис тилинде басылып чыккан.
ИБН ХОРДАДБЕК Абу-л-Касым Убайдаллах ибн Абдаллах(820–912)–Иранданчыккан араб географы. Анын «Китаб ал масалик ва-л-мамалик» («Саякат жана мамлекеттер жөнүндөгү китеп») аттуу эмгегинде Иран, Хорасан, Орто Азия аймактарына геогр. мүнөздөмө берилет, соода жолдору, маршруттардын багыты, киреше түшүүчү булактар, айыл-кыштактар сүрөттөлгөн. Кыргыз жергеси ж-дө сөз козгоп, шаарлардын соода байланыштары, калк жашаган жерлердин аралыгы, аймактардын бөтөнчөлүктөрү ж-дө сөз болот. Анын ою б-ча, түштүк соода жолу Бухара, Замин, Аксыкет, Куба, Ош, Өзгөн, Атбашы, Жогорку Барскан (Ысыккөлдүн түштүк тарабы), Чыгыш Түркстан аркылуу түндүк соода жолу Замин, Шаш (Ташкен), Исфижаб (Чымкен), Тараз (Жамбул), Мерке, Невакет, Суяб (Акбешим) ж-а Жогорку Барскан аркылуу өткөн. Орто ж-а Борб. Азиядагы түркий тилде сүйлөгөн элдер, а. и. кыргыздар (хиргиз) тууралуу да маалыматтар кездешет. Анын бул эмгеги француз тилинде да басылып чыккан.
ИБРАИМОВ Жумабек (1944, Чүй облусу, Кемин р-ну, Жаңыалыш айылы–1999, Бишкек) – коомдук- мамл.ишмер. Кыргыз Респ-нын Премьер-министри (1998). 1972-ж. ФПИни бүтүргөн. Ошол эле ин-тта аспирант, окутуучу (1971–75). Миңкуш «Оргтехника» заводунун инженер-конструктору, башкы конструктор, башкы инженер, директору (1977–85). Балыкчы ш-дык элдик көзө-мөлдөө комитетинин төрагасы, Кыргызстан КП Балыкчы шаардык комитетинин 1-катчысы (1985–88). Кыргызстан КП БКнын партиялык уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1991–92-ж. уюштуруу комитети-нин төрагасы, коопсуздук ж-а коргонуу комитетинин төрагасынын орун басары, 1992–93-ж. «Жанар» акционердик коомунун башкы директору, 1993– 95-ж. Бишкек ш-дык мамл. админ. башчысы, 1995–96-ж. Кыргыз Респ-нын Президентинин мамл. катчысы, Кыргыз Респ-нын Жогорку Кеңешинин депутаты. 1996-жылдан Кыргыз Респ-нын Президентинин кеңешчиси. Кыргыз Респ-нын эмгек сиңирген рационализатору.
ИБРАИМОВ Искендер (1932-ж. т., Талас облусу, Талас р-ну, Карой айылы) – тарых ил-нин доктору (1970), проф. (1971). 1952-ж. КМУнун тарых факультетин бүткөн. 1957–61-ж. Караколдогу пед. ин-ттун марксизм- ленинизм кафедрасынын башчысы. 1961–65-ж. Кыргызстан КП БКга караштуу Пар-тия тарыхы ин-тунун улук ил. кызматкери. 1965–79-ж. В. В. Маяковский атн. Кыргыз кыз-келиндер пед. ин-тунда тарых кафедрасынын башчысы. 1979-жылдан Мамл. тил ж-а гуманитариялык ил-дин ин-тунда кафедра башчысы, декан, проректор, 1993-жылдан Кыргыз мамл. тоо-кен ж-а металлургия ин-тунда кафедра башчысы. Анын эмгектери Кыргызстандын партиялык уюмунун тарыхына арналган. 100дөн ашык ил. эмгектин (а. и. 6 монография) автору. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
ИБРАИМОВ Султан (1927, Чүй р-ну, Алчалы айылы – 1980, Бишкек) – мамл. ж-а пар-тиялык ишмер. 1978-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун төрагасы. 1943-жылдан колхозчу. Чүй р-ндук сугат сис- темасы башкармасында гидротехник. Ташкен а. ч. ирригация ж-а механизация инженерлер ин-тун бүткөн соң (1954), Кыргыз ССР ИАнын суу чарба ин-тунда кенже ил. кызматкер. 1957-жылдан партиялык иштерде, 1961– 66-ж. Кыргыз ССР суу чарба ж-а мелиорация министри. 1966-жылдан Кыргызстан КП БКнын катчысы. 1968– 78-ж. пар-тиянын КП Ош обкомунун 1-катчысы. 1978–80-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы. Эки Ленин, Октябрь Революциясы ордендери, медалдар м-н сыйланган.
ИВАНИЦЫН Алексей Илларионович (1870, Одесса – 1925, Ташкен) – Кыргызстанда, асыресе Бишкекте тунгуч большевиктер уюмун түзүү ж-а Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкөндөрдөн. РКП(б)нын Бишкек уезддик-шаардык комитетинин биринчи катчысы. 1916-ж. Бишкекке келип, Чүй сугат системасынын курулушунда иштеген. Ошол убакта Бишкектеги большевиктер м-н байланыш түзүп, 1917-ж. октябрда өзү эмгектенген курулушта большевиктердин жашырын тобун уюштурган. Ал топ 1917-жылдын аягында Бишкек большевиктерине кошулуп, иш жүргүзгөн. 1918-ж. февралда Бишкекте Совет бийлиги орнотулуп, апрелде РКП(б)нын уезддик-шаардык комитети түзүлгөндө анын катчысы болуп шайланган.
ИДИНОВ Айып (1927, Нарын облусу, Жумгал р-ну, Жаңыарык айылы – 1997, Бишкек) – тарых ил-нин доктору (1978), проф. (1981), Кыргыз Респ-нын элге билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1993). Кыргызстан КП БКга караштуу партиялык мектепти, (1950), КМУнун тарых факультетин (1958) бүткөн. 1943- жылдан Жаңыарык айыл кеңешинин катчысы, комсомолдун Жумгал райкомунун 2-, 1-катчысы, Тянь-Шань обкомунун катчысы, 1962-жылдан КМУда улук окутуучу, доцент, проф., кафедра башчысы, парткомдун катчысы болуп иштеген. Анын эмгектери Кыргызстандын партиялык уюмдарынын коммунисттердин авангарддык ролун жогорулатууга ж. б. арналган. 130 ил. эмгектин (а. и. 6 монография) автору. СССР жогорку билим берүүсүнүн, Кыргыз Респ-нын эл агартуу отличниги (1965). Медалдар м-н сыйланган.
«ИДУК ЙЕР-СУБ», «Ы й ы к ж е р - с у у» – байыркы мезгилдерде түрк элдеринин, а.и. кыргыздардын табиятка ж-а жаратылышка карата ишеними. Жазма булактарда хунн-дардын жерди ыйык тутушкандыгы ж-дө маалыматтар бар. 8-к-да кидандар жерге курмандык чалышкан. Байыркы түрктөр Енисейдеги Өтүкөн тоо кыркаларын ыйык деп санашып, ал акырындык м-н тоо кыркасы эмес, түрктөргө тийиштүү абстрактуу жер кудайы катары кабыл алынып кеткен. Жер кудайын ыйык тутуу кеңири тараган ж-а ал байыркы түрк руна сымал жазууларында чагылдырылган. Байыркы ишенимдин калдыктары кыргыздарда Жер-суу кудайы түрүндө сакталып, кудайдан ырайым сурап же алкыш иретинде курмандык чалышкан. Курмандык чалып сыйынуу жер-суу таюу деп аталып, кургакчыл мезгилдерде, ооруп калганда же башка кырсык болгондо, чөп чабыктын учурунда, эгин бышаар алдында, эгин дан байлаганда, эгер анда зыяндуу курт-кумурскалар, кара көсө пайда болсо ж. б. учурларда өткөрүлгөн. Бул ырым-жырым малчылар үчүн да олуттуу мааниге ээ болуп, курмандык чалуу жылына эки жолу (жазында ж-а кеч күздө) өткөрүлгөн.
ИЙДИ – 1. жыгач уста аспабы. Анын уч жагы ичке, түп жагы жоон болуп, эки жагын тең миздей ийип, кадимки бычак сымалдатып, курч болоттон жасалат. Аны жумуру мүйүзгө же жыгачкасаптап, иштегенге эптүү болсун үчүн уч жагын 70–80°ка бир жагына ийип коёт. Ушундан улам бул аспап И. деп аталат. Ал ээр, табак, аяк, соку, челек, сузгу, кашык, жан аяк, чөйчөк сыяктуу жыгач буюмдарынын ичин оюу, кыруу, жылмалоо үчүн колдонулат; 2. ат такалаганда туякты тазалап, анын чойроюп өсүп кеткен жерлерин тегиздөө, жука четтерин кесүү үчүн колдонулуучу чарбачылык куралы. Ал жогорку И-ге окшобой, түзүлүшү жагынан айрымаланат. Сабы узунураак (20–25 см) болуп, бычагы чалгы сымал туурасынан ашталып, мизи бир гана жагында болот.
ИЙИК – жип ийрүүчү аспаптын эң жөнөкөй түрү. Ал эки бөлүктөн турат: И-тин сабы ж-а И-тин башы. Сабы кургатылган табылгыты же талдан бир жагы ичкерээк жасалат. И-тин башы таштан, коргошундан жалпак же тегерек түрүндө жасалат да, ортосу көзө-лүп И. саптын жоонурак учуна бекем кийгизилет. Саптын И. баштан жогору учу (буйласы) көзөлүп ага ичке чий өткөрүлөт. Жипти буюмга ылайыктап ичке, жоон кылып ийришкен. Ийрилген жип И. баштын астына түйүлө берип, муштумдай көлөмгө ээ болгондо саптын ичке жагынан чыгарылган. Ал бир баш алмай жип деп аталган.
ИЙЛӨӨ – кыргыздын кол өнөрчүлүгүндө терини кайышка айлантуунун маанилүү ыкмасы. И. эки түрү жолугат: колдо ийлөө ж-а талкууга салып ийүү. Биринчи түрү м-н кой, эчки; жапайы жандыктардан: аркар, теке, кулжанын; ал эми экинчи түрү м-н топоз, уй, төө, жапайы жандыктардан: бугунун терилери ийленген. ИЛЕ – Борбордук Азиядагы ири дарыянын аталышы. Дарыянын алабында Иле өрөөнү созулуп жатат. Дарыяга байланыштуу алгачкы маалымат Кытайдын Тан сулалесинин тарыхында (7–10-к.) эскерилет. И. өрөөнү аркылуу ошол кезде чыгыш Түркстанды карай маанилүү жолдордун бири өткөн. Дарыя тууралуу «Худуд ал- Ааламда» кездешкен маалыматтарда Ила деп берилген. 7–13-к-да И. өрөөнү мусулман дүйнөсүнүн чеги катары саналган, анын чыгышындагы аймактар исламга моңголдордун тушунда гана өткөн. Өрөөнгө байланыштуу тарыхый маалыматтар сейрек. Ал Темирдин жортуулунун учурунда Текес, Теке деген ат м-н эскерилген. Эки дарыянын тең өрөөндөрүн көчмөндөр жайыт катары пайдаланышкан. И-деги шаар маданияты ж-дө Рубруктун келтирген маалыматында И-нин түндүгүндө фарсы тилинде сүйлөгөн сарациндер жашаган Эквиус деген шаар болгон. Аны армян падышасы Хетумдагы Иланбалык (дарыянын өзү Илан-су аталат), ал эми кытайлар Илибали же Илибани, б. а. Илибалык – «Илидеги шаар», – деп аташкан шаардын өзү болгон. Археологдор И. өрөөнүнөн 9–13-к-га таандык 66 шаар калдыктарын изилдешкен. Соңку орто кылымдарда И. аймагында Моголстан мамл-нин борбору Алмалык жайгашкан. Ушул эле аймакка жакын жердеги Хоргостун боюна Моголстандын биринчи ханы Тоглук Темирдин сөөгү коюлган мазар ж-а анын үй-бүлөсүнө тиешелүү көрүстөн жайгашкан. 15–18-к-да И-де кыргыздардын тарыхы м-н байланышкан маанилүү окуялар, а. и. кыргыздар м-н калмактардын ортосунда чоң согуштар болуп өткөн. И-де кыргыздардын өз алдынча саясий бирикмеси калыптанган. 17–18-к-да кыргыздардын түндүк-чыгыш чегарасы И. суусунун бою м-н аныкталган. И. дарыясы кыргыздарды, казактардан ж-а кытайлардан бөлүп турган чегара экендиги 18-к-дагы орус документтеринде ырасталат. Дарыянын сол өйүзүндөгү Үч Алматы, Сартогум, Чилик, Каркыра, Кеген, Текес кыргыздын сарыбагыш ж-а бугу уруулары жайлап келген туруктуу жайлоолору болгон. 1881-ж. Россия м-н Кытайдын ортосунда чегара маселелери чечилип келишим түзүлгөн. Натыйжада, Кытайдын карамагына калуудан баш тарткан казактын албан урууларынын 5 миң түтүнүн бугу уруусунун конуштары Кеген ж-а Текес сууларынын жогорку агымына көчүрүп түшүшкөн. Ал эми бугу уруусу Ысыккөлдүн түштүк тарабына көчүрүлүп, кыргыз м-н казактын ортосундагы чегараны Санташ ашуусу аркылуу ажыратышкан.
ИЛЬЯСОВ Сатар (1908, Ысыккөл облусу, Ысыккөл р-ну, Торуайгыр айылы – 1987, Бишкек) – тарых ил-нин доктору (1967), проф. (1968), Кыргызстан ИА-нын акад. (1969; корр. мүчө, 1960). 1938-ж. Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүткөн. И. жылкычы, райондук элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору, Кыргыз мамл. пед. ин-тунда мугалим, кафедра башчысы, декан; 1944–65-ж. Кыргызстан ИАнын Тарых ин-тунда кенже ил. кызматкер, сектор башчысы, директор. Кийин Кыргызстан ИАнын Тарых ин-тунда ил. кеңешчи, 1966–77-ж. Кыргызстан КП БКнын партиянын тарыхы ин-тунда директор. Респ-нын кооперация- колхоздук курулушуна ж. б. проблемаларга арналган 100дөн ашык ил. эмгеги бар. Эмгектеринин көбү Кыргызстандагы агрардык маселеге, айрым эмгектери Ысыккөл кыргыздарынын этногр-н изилдөөгө арналган. Эл достугу, 3 «Ардак белгиси» ордендери м-н сыйланган. Кыргыз ССРинин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйлыгынын лауреаты (1970, «Кыргыз ССР тарыхынын» авторлорунун бири катары), Кыргыз Респ-нын илимге эмгек сиңирген ишмери (1975).
ИМПЕРИАЛИЗМ – (лат. imperium – бийлик) – 1. кеңири маанисинде – бир мамл-тин күч колдонуусунун жардамы м-н башка мамл-тин аймагын кошуп алууга багытталган саясаты. Каратылып алынган өлкөлөрдү (колония) башкарууда үстөмдүк жүргүзгөн мамлекет (метрополия) мажбурлоо, диктаторлук режимге негизделген башкаруу системасын орноткон; 2. тар маанисинде – 19-к-дын аягы –20-к. башындагы «бөлүнгөн дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүгө» багытталган европалык державалардын арасындагы жаңы колониялар үчүн башталган күрөш мезгилине таандык дүйнөлүк тарыхтын бөлүгү м-н байланыштырылат. Дал ушул мезгилде англиялык экономист Джон А. Гобсон алгач И. терминин колдонууга киргизген; 3. В. И. Ленин И-ди – капитализмдин жогорку, акыркы баскычы катары мүнөз-дөйт. И-дин мүнөздүү белгилери катары – ири монополиялардын түзүлүшү, банк капиталы м-н өнөр жай капиталынын биригип, финансы капиталын ж-а финансы олигар-хиясын түзүшү. О. эле И. капиталисттик мамл-деги төмөнкү таптарды эксплуатациялоонун ж- а эл аралык аренада дүйнөнү бөлүштүрүү үчүн күрөштүн күчөшүн мүнөз-дөгөн, капитализмдин өнүгүүсүндөгү жогорку баскыч катары каралган; 4. 19-к. 30-ж. Европада «Империалисттер» термини алгач Францияда пайда болгон. Наполеон импе-риясынын жактоочуларына карата айтылган. Кийинки мезгилде Британия ж. б. өлкөлөрдүн колониалдык экспансиясынын натыйжасында, «И.» «колониализм» термининин синоними катары колдонулууга өткөн.
ИНАЛ, э н а л – ават уруусундагы геноним. Айрым маалыматтар б-ча уруктун аталышы. Тувада 9–10-к-га тиешелүү кыргыздар калтырган руна эстеликтеринде «ынал» деген сөз кездешет. Белгилүү тарыхчы Рашид ад- Дин кыргыздар ж-дө маалымат бергенде, алардын падышасы «инал» деп аталарын белгилейт. Ушундай эле маалымат Абу-л-Гази Бахадур хандын эмгегинде да маалымдалат. Махмуд Кашгари И-га төмөнкүдөй аныктама берет: 1. энеси хан тегинен, атасы карапайым жерден чыккан, тектүү, жогорку даражалуу; 2. энчилүү ат, титул.
ИНГУМАЦИЯ (лат. in-humo – жерге; in-humare – топурак м-н жабуу, жерге берүү) – сөөктү көмүү каадасынын бир түрү. Маркумдун денесин жерге берүү каадасы алгачкы адамдар тарабынан мындан 90–80 миң жыл мурда аң-сезимдүү түрдө аткарыла баштаган. Евразияда мустье ж-а ортоңку палеолит доо-рунда көмүлгөн 60тан ашуун сөөк калдыктары бүгүнкү күндө белгилүү болду. Учурда жер шарынын элдеринде маркумдун денесин жерге берүүнүн көптөгөн түрлөрү м-н салттары кездешет. Кыргызстанда атайын көмүл-гөн сөөк калдыктарынын эң байыркысы азырынча коло доорунан тартып белгилүү.
ИНТЕРГЕЛЬПО (лат. inter – өз ара, чех. гельпо – жардам) – 1925–41-ж. Кыргызстанда иштеген өндүрүш кооперативи. Чехословакияда (Жилин ш.) коммунист жумушчулардын демилгеси б-ча 1923-ж. түзүлгөн. 1924- ж. 10-ноябрдагы уюмдаштыруу чогулушунда уставы кабыл алынып, башкармасы шайланган. 1925–32-ж. Кыргызстанга Чехословакиядан бардыгы 1317 адам келип, алардын 390 кишиси И-нун мүчөсү болгон. Кооперативдин жамааты Бишкек ш-нын эмгекчилеринин, партиялык ж-а сов. уюмдардын жардамы м-н өлкөнү индустриялаштыруу ишине катышып, алгачкы беш жылдыктарда электр станциясын, а.-ч. шаймандарын, кыш, черепица, булгаары заводдорун, мебель фабрикасын, металл иштетүүчү ж.б. маанилүү өнөр жай объектилерин курушкан. О. эле алар Түрксиб, Чүй курулушу, Канттагы кант заводу сыяктуу ири курулуштарды курууга катышкан. И-чулардын респ-нын экон-н ж-а маданиятын өнүктүрүүдөгү каарман эмгеги ж-а интернационалдык жардамы жогору бааланган. И-нун иш-аракети Кыргызстан м-н Чехословакия эмгекчилеринин ортосундагы достук байланыштардын күбөсү болгон.ИНТЕРНИРЛӨӨ (фр. interner – өз өлкө-сүндө жашоону талап кылуу) – 1. нейтралдык (калыс) мамл-тин аймагына кирип келген экинчи бир согушуп жаткан мамл-тин куралдуу күчтөрүн куралсыздандыруу ж-а кармап калуу; 2. согушуп жаткан мамл-тердин согуш бүткөнгө чейин жат мамл-тин граждандарынын укугунан ажыратуу аркылуу, аларды кармап турушу.
ИРЕНАК к. Еренак бек
ИРТЫШ, Э р т и ш – Кытайдагы Моңгол Алтай тоолорунан башталып, Батыш Сибирь түздүгү аркылуу Обь дарыясына сол тарабынан куйган дарыя. Уз. 4248 км, алабынын аянты 1643 миң км2. Дарыянын аты 11-к-дагы тарыхый даректерде (Махмуд Кашгари) эскерилген. И-тын жогорку агымын ээлеген карлуктар 8-к-дын ортосунда Теңиртоо тарапка ооп келишкен. И. боюнда кимактар бийлик кылып калган. Борб. Азия-да кыргыздардын саясий таасиринен улам (9-к-дын 2-жарымы – 10-к-дын башы) И-тагы кимак-кыпчактар Батышка оогон. 10–12-к-да И-ты кыргыздардын айрым бөлүк-төрү ж-а түрк уруулары мекендеп турган. 13-к-да Жучу хандын байтактысы И-та жайгашкан ж-а бул аймак моңголдордун карамагында турган. 14-к-дын 2- жарымынан И. Моголстан мамл-нин карамагына кирген ж-а анын түндүк чегарасы катары эсептелген. 14-к- дын 2-жарымынан И. Ойрот конфедерациясынын карамагына өткөн. 17-к-дын 1-жарымында Иртыштын ортоңку агымында калмактардын биригүү процесси башталып, Жуңгар хандыгы негизделген. Жуңгар хандыгы кулагандан кийин И-ты казак уруулары жайлаган. Орустардын Сибирди өздөш-түрүшү м-н И. аймагы Россия империясынын карамагына өткөн. Жогорку Иртыш өрөөнү Енисей ж-а Теңиртоо кыргыздарынын эт-ностук байланышын изилдөөдөгү маанилүү тарыхый аймактардан болуп эсептелет.
ИСАКЕЕВ Баялы Дыйканбаевич (1897, Нарын облусу, Кочкор р-ну, Үкөк айылы – 1937, Бишкек) – партиялык ж-а мамл. ишмер. Нарын ш-ндагы орус-жергиликтүү мектеп-интернатын (1916), Ташкендеги Орто Азия коммунисттик ун-тин (1923), Москвадагы ВКП(б) БКнын партиялык мектебин (1926) бүткөн. 1917–20-ж. Кумбеларал ж-а Ортотокой менчик почта станцияларында күзөтчү, киречи, станция башчысы. 1920–21-ж. Үчүке (Кочкор) болуштугунун аткомунун, 1921–23-ж. Нарын уезддик партия комитетинин, 1924–25-ж. Түркстан АССР КП(б) Лепси ж-а Каракол уезддик шааркомдорунун, 1926–27-ж. Кыргыз АССР КП(б) Каракол округдук комитетинин бөлүм башчысы. 1927–28-ж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинин жооптуу редактору. 1928– 29-ж. ВКП(б) Кыргыз обкомунун бөлүм башчысы, 1929–30-ж. Кыргыз АССР жер иштер комиссары, 1930–33- ж. ВКП(б) Кыргыз обкомунун катчысы, 1933–37-ж. Кыргыз ССР (адегенде АССР) Эл Комиссарлар Советинин төрагасы. Кыргыз АССР БАКнын (1928–37), СССР улуттар советинин (1931–35), СССР БАКнын ж-а ББАКтын Президиум (1935–37) мүчөсү. И. 1937-ж. улуттук контрреволюциячыл топтун катышуучусу деген жалаа м-н репрессияланган. 1957-ж. акталган. Ысымы Кочкор р-нундагы айылга ыйгарылган. Бишкекке айкели орнотулган.
ИСАНОВ Насирдин (1943-ж. т., Ош облусу, Ноокен р-ну, Көкбел айылы – 1992, Бишкек) – коомдук-мамл. ишмер. Кыргыз Респ-нын Премьер-министри (1991–1992). Экон. ил-нин кандидаты, СССР инженердик академиясынын академиги (1991). Москва курулуш трестинде жумушчу (1960–61). 1965-ж. Москва инженердик- курулуш ин-тун бүтүргөн. 1965–70-ж. «Ошшааркурулуш» трестинин 3-курулуш монтаж башкармалыгынын прорабы, участоктун начальниги, башкы инженери. 1970–74-ж. Кыргызстан КП Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору, «Нарынсууэнергиякурулуш» башкармасынын парткомунун катчысы. 1974–83-ж. Кыргызстан ЛКЖСМ Ош обкомунун 1-катчысы, курулуш ж-а шаардык чарба бөлүмүнүн башчысы. 1983–86-ж. Кыргыз ССРинин Мамл. курулуш комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз ССРинин министри (1986–88). 1988–90-ж. Ысыккөл облустук Советинин аткомунун төрагасы (1988–90). Кыргыз Респ-нын вице-президенти (1991). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган. ИСАР, Е з е р – 17–18-к-дагы енисей кыргыздарынын админ.-башкаруу бирдигинин аталышы. И. улусуна Кыргыз жеринин (Хонгорайдын) ортолугундагы Енисей, Абакан дарыясынын чаты, андан Огур дарыясына чейинки жерлер кирген. И. ичкерки, ичкилик, чыгыш тараптагылар дегенди да туюнт-кан. И. улусунун бектери Ерба ж-а Абакан дарыялары кошулган жерлердеги өрөөндө жайгашкан. Бул улустагы кыргыздардын кыштым капчыгайлары Енисей дарыясынан төмөн карай Усей, Мана, Качы ж. б. дарыялардын өрөөндөрүн камтыган. ИСКАКТЫН 1873–74-ЖЫЛДАРДАГЫ АКСЫ КӨТӨРҮЛҮШҮ –1873–76-жылдардагы Кокон көтөрүлүштөрүнүн бир бөлүгү. Ал элдик кыймылды, а. и. Аксы көтөрүлү-шүн окумуштуулар Искак Асан уулунун ысмына байланыштырышат. 1870-жылдардын башында Кудаяр хандын адилетсиз саясаты элдин нааразылыгын туудуруп, кыргыз бийлери аны башка хан м-н алмаштырууга аракеттенишкен. Салтка ылайык хан мураскору хан тукумунан гана болушу зарыл эле. Ошондуктан 1872-ж. аксылык кутлук-сейит уруусунун бийи Шер датка баштаган кыргыз төбөлдөрү кеңешип, мураскорлукка Самарканда, Хорезмде жашаган хан тукумдарына барышат. Бирок алар макул болушкан эмес. Хорезмден кайтып келе жаткан Шер датка, кыргыз- кыпчак Мусулманкул бий ж-а найман Мусабек бий бир кездеги Алымкул аталыктын үзөңгүлөшү, Ташкенде жашап жаткан курамалык Абдымомундун (к. Момун Шамурзак уулу) үйүндө конуп калышат. Коноктор хан тукумунан болгон самаркандык Полот бекке куюп койгондой окшош Искакка өтө көңүл буруп калышат. Охналык ичкиликтердин бостон уруусунан чыккан Искак Асан уулу Абдымомундун кызматчысы болуп жүргөн. Кыргыз бийлери аны Полот хандын ордуна мураскор болууга үндөшкөндө Искак өмүрүн тобокелге салып, макул болот. 1873-ж. жазда 200дөй кыргыз жигиттеринин, Шер датка, Мусулманкул, Мусабек, Сулайман удайчы ж-а Абдымомундун коштоосунда Искак – Полот бек Аксыга келген. Чаткалдын, Алабуканын, Актамдын, Нанайдын, Көкжардын, Мамайдын, Кербендин, Пачатанын, Сафедбулондун ж. б. айыл-кыштактардын билермандары Полот ханга кол беришип, анын туусу астында Кудаярга каршы күрөшкө чыгууга макул болушат. 1873-ж. жайында 29 жаштагы Искак «Полот хан» деген ат м-н Сафедбулондо, 1842-ж. Шералы хан көтөрүлгөн жерде, миңдеген саруу, багыш, кутлук-сейит, найман, кытай урууларынын өкүлдө- рүнүн катышуусунда ак кийизге салынып хан көтөрүлгөн. Искактын колу тез эле көбөйө баштап, көтөрүлүшчүлөр Чартактын беги Кедейбай датка м-н Жаңыкоргондун беги Алимдин жазалоочу кошуунун Сафедбулон м-н Алабуканын ортосунда талкалап, Көкүмбай, Тоголокшайык, Актам, Найман, Көкжар кыштактарын ээлешкен. Бирок, Кокондон чоң аскер м-н чыккан Аб-драхман аптабачы аларды чегиндирип, Чаткалга сүрүп жиберген. Шер датка баштаган 40 бийдин Кокондо өлтүрүлгөндүгүн уккан көтөрүлүшчүлөр Чаткалда кол топтоп, кайрадан Алабукага басып киришкен. Бирок Намангандан, Төрөкоргондон, Жаңыкоргондон алынып келинген сыпайлар м-н күчтөндүрүлгөн жазалоочу кошуун Молдо Жолдош паңсаттын башчылыгында Искакты 2-жолу чегиндирген, көтөрүлүшчүлөр тоо аралап кирип кетишкен. 1874-ж. июлда Чаткал тоо этектеринде көтөрүлүш кайрадан башталган. 10 миңден ашуун көтөрүлүшчү- лөр Чаткалдан чыгып, Алабука өзөнү м-н төмөн карай Касан шаары багытына жүр-гөн. Кутлук-сейит, багыш, саруу, кытай уруу-ларынан жыйналган Искактын көтөрүлүш-чүлөрүнө жолдон өзбек, тажик тургундары кошулуп, 1874- жылдын 1-августуна чейин Сафедбулон, Чартак, Жаңыкоргон чептери алынган, Касан ш. согушсуз ээленген. Полот хандын кошууну Намангандан алыс эмес Төрөкоргон чебин талкалап, Наманганды камаган. Төрөкоргондун беги Саранчы 500 сарбазы м-н көтөрүлүшкө кошулуп кеткен да, кийин анын активдүү жетекчисине айланган. Аксы көтөрүлүшүнөн катуу чочулаган Кудаяр хан, аларга каршы Абдрахман аптабачы, Иса Олуя, Науман паңсат баштаган жакшы куралданган 7000 сыпай ж-а 1000 сарбаз жиберген. Көтөрүлүшчүлөр бетте-шүүдө жеңилип, көп адам колго түшкөн. Көтөрүлүштүн бир жетекчиси Мусулманкул көз жумган. Абдымомун Чаткалга, ал эми Искак бир аз жигиттери м-н Алабуканын Чанач капчыгайына чегинген. Аптабачынын жазалоочу аскери караламан эл, коргоо-суз калган айылдарды катуу бүлүндүрдү. Айыл-кыштактар аёосуз өрттөлүп, Алабука өрөөнүндө эле даргага асылгандардын саны 1000ден ашты. Бул жазалоолор элди ого бетер кыжырланткан. Искак 1874-жылдан 1875-жылга караган кыш мезгилинде Чаткал тоо этектерин, Чанач, Алабука, Пачата өрөөн-дөрүн кыдырып, элди көтөрүлүшкө үндө-гөн. Чаткалга качкан Абдымомун 1874-ж. 24-августта Идрис Пайгамбар деген жерде орус өкүлдөрү м-н жолугушууга келгенде кармалып, Олуяатада түрмөгө отургузулган. Бирок аз убакыттан кийин түрмөдөн качып кеткен. 1875-ж. июнда Фергана өрөө-нүнүн чыгыш тарабындагы калк көтөрүл-гөндө Искак жашыруун түрдө Өзгөн тарапка өтүп кеткен. Бул жерде аны бир нече миң кошуун күтүп турган. Чогулгандардын арасында кадыр-барктуу бийлер да бар эле. Июнь, июль айларында Искак Ош, Жалалабат, Карасуу, Сузак сыяктуу ири шаар-кыштактарды ээлеп алган. Кыймыл бүтүндөй Фергана өрөөнүнө жайылган.
ИСКЕК – кыз-келин каш терчү кичинекей кыпчуур. Ал жалпак темирден, жезден, күмүштөн ийилип жасалган.
ИСКЕНДЕР ЗУЛКАРНАЙН (б. з. ч. 356, Белле – 323,Вавилон) Македондук Александрдын мусулман өлкөлөрүндө тараган ысымы. Искендер ысымы Александр деген сөздү арабчага «ал-Искандар» деп ыңгайлаштыруудан келип чыккан. Зу-л-Карнайн – кош мүйүздүү дегенди билдирет. Мындай ат ага Египетти баш ийдирип, «Аммондун уулу» деп жарыялангандан кийин фараондордун кош мүйүздүү туулгасын кийип жүргөн-дүгүнөн улам берилген. И.З. Македон падышасы Филипп IIнин уулу. Тубаса шыктуу Александр жаштайынан эле атак-даңкты жакшы көргөн. Аны энесинин туугандары Леонид, Лизимах, ал эми 343-ж-дан атактуу философ Аристотель тарбиялаган. Аристотелдин жетекчилигинде өз заманына ыла-йык өтө кеңири билим алган. Б. з. ч. 338-ж. фифалыктардын ыйык аскерин талкалап, мыкты жоокер ж-а таланттуу аскер башчы болорун көрсөткөн. Б. з. ч. 336-ж. атасы Филипп II өлтүрүлгөндөн кийин 20 жашка толо элек И. З. тактыга отурган. Гректерди, Дунай өрөөнүндөгү ж-а Иллириядагы урууларды баш ийдирип, Персияга каршы согушка камылга көргөн. Б. з. ч. 334-ж. 30 миң жөө, 5 миң атчан аскерлери м-н Геллеспонт аркылуу өтүп, Персия сатраптарынын 20 миң жөө, 20 миң атчан аскерлерин талкалайт. Кичи Азиядагы көптөгөн шаарлар жеңүү-чүгө согушсуз кошулушкан. Б. з. ч. 333-ж. Киликияны ээлегенден кийин чыгышты көздөй сапарын улантат. Ушул эле жылы Иссанын жанында И.З-дын ж-а Дарий Кодомандын аскерлери беттешет. И. З. Дарийдин эки жолку элдешүү үчүн сунуш кылган шарттарын кабыл албай, урушту жеңишке жеткирет. Иссадагы жеңиш түштүктү көздөй жол ачат. Жер Ортолук деңизиндеги персиялыктардын флоту И. З-дын колуна өтөт. Палестинаны баш ийдирип Египетке кирет. И.З. жергиликтүү элдин үрп-адаттарына, динине урматтоо м-н мамиле кылган. Ошондуктан жергиликтүү эл ага ишеним көрсөткөн. Египетте И.З. Александр ш-н негиздеген. Б. з. ч. 331-ж. Ливия чөлү аркылуу Зевстин (Юпитердин) Аммон храмына барат. Храмдын дин кызматчылары фараондордун салты б-ча аны «Аммондун уулу» («Күндүн уулу») деп жарыялашат. Андан кийин Дарийге каршы аттанат. Дарий бул мезгилде Ассириядан жаңы аскер топтоого үлгүргөн. Каршылаштардын аскерлери Гангамеллдин жанында кезигишет, персиялыктар жеңилет. И.З. түштүктү көздөй жортуулду улантат. Вавилон, Суза жеңүүчүгө дарбазаларын ачып берет. Басып алган аймактарды башкарууга жергиликтүү элден тарткан. Гректерге, македониялыктарга аскердик ж-а финансылык иштер тапшырылган. Б. з. ч. 333-ж. «Персия дарбазасынын» 40 миң жоокерден турган коргоочуларын талкалап Персеполь ш-на кирген. Персия падышаларынын атактуу сарайын өрттөйт. Б. з. ч. 333-ж. Дарийге каршы согушун улантат. Дарийди ачууланган сатраптар кармап, падышалыктан түшүргөндүгү ж-дөгү кабар аны ого бетер шаштырат. Анын ордуна Бактрия сатрабы Бесс өзүн Персия падышасы деп жарыялайт. И.З. Бессти кармоого, Персия монархиясынын чыгыш жерлерин басып алууга шашылат. Б. з. ч. 329–328-ж. Согдиана м-н Бак-трияны ээлейт. И. З. Бактрия башкаруучусунун кызы Роксанага үйлөнөт. Яксарт (Сыр-дарыя) дарыясынан өтүп азыркы Кожент ш-нын жанына Александрия Эсхата (Четки Александрия) ш-рын курган. Орто Азиянын көчмөн элдерин баш ийдирүү И. З-га кыйла түйшүктүү болгон. Б. з. ч. 327-ж. 12 миң аскери м-н Индияга жөнөйт. Инд дарыясынын батыш тарабында жашаган урууларды баш ийдирет. Б. з. ч. 326-ж. Таксиль падышалыгын, Пенжабды ээлеп, Ганг өзөнүнө тереңдеп кирет. Бирок, аскерлердин нааразычылыгынан артка кайтууга аргасыз болот. Б. з. ч. 323-ж. И.З. Вавилонго келип, мамл-тин түзүлүшү ж-а жаңы басып алуу согуштары тууралуу пландарын түзөт. Катуу оорудан кийин 33 жашында И.З. каза болот. Досу Птолемей анын сөөгүн алтын табытка салдырып, б. з. ч. 322-ж. Александрия ш-на койдурат.
ИСКЕНДЕР ЗУЛКАРНАЙНДЫН ТОСМОСУ – уламышта Искендер Зулкарнайн м-н байланыштырылган дубал. Калайыкка тынчтык бербеген жапайы чалыш йажуж ж-а мажуж элдерин Искендер жеңип, адам өтпөс тоолордун ары жагына кубалап, капчыгайын темир тосмо м-н бүтөп салган. Акыр заман болгондо аталган элдер бул тосмону бузуп өтүп келишет имиш.
ИСЛАМ – дүйнөгө кеңири тараган диндердин бири. И. дин катарында 7-к-да Батыш Аравияда пайда болгон. Аны Мухаммед негиздеген. И. баш ийүү, моюн сунуу, тынчтыкта болуу, тынч турмушту сүйүү ж.б. билдирет. И-дын чыгышы Араб мамл-нин өнүгүшүнө тыгыз байланыштуу. Мусулмандар жамааты же «умма» диний гана эмес, саясий уюм да болгон. Жамааттын ыйык башчысы Мухаммед бийлик жүргүзүүдө мурдагыдай уруулук үрп-адатка эмес, өзүн элге өкүл (расул) катарында жиберген кудайга (аллага) таянган. Мусулманчылыктын башкы принциптери Куранда айтылган. Куран – мусулмандардын диний окуусунун негизги булагы. О.эле Мухаммед пайгамбардын осуят сөздөрү ж-а анын жасаган иштери ж-дөгү баяндоолордон турган сунна же хадис да чоң роль ойнойт. И-дын негизи – алладан башка кудай жок, Мухаммед анын пайгамбары, элчиси, Курандын ыйыктыгы, кыямат кайым болоруна ишенүү болуп саналат. Ислам дининде шахадатты: Алладан башка кудай жок, Мухаммед анын пайгамбары деген келмесин толук түшүнүп, жарыя айтуу, күндө беш ирет намаз окуу, рамазан айында орозо кармоо, зекет төлөө, өз ыктыя-ры м-н кайыр-садага берүү, Мекеге ажыга баруу ж.б. диний милдеттер белгиленген. И. 7-к-да суннизм ж-а шиизм болуп эки агымга бөлүнсө, 8-к-да мистикалык агым суфизм пайда болгон. Европа маданиятынын таасиринен улам И-ды жаңы шарттарга ылайыкташтыруу башталган. Айрыкча И-дын ка-таал үрп-адаттары м-н ырым-жырымынан баш тартуу же аларды жөнөкөйлөштүрүү, жа-ңы шартка ылайыкташтыруу, өздөштүрүү зарылдыгы келип чыккан. Кыргыз эли да И. динин туткан. Айрым маалыматтар б-ча, Караханийлер кагандыгында 960-ж. И. дини мамл. дин катары кабыл алынган. Чүй өрөөнүндөгү Баласагун ш-нда 200 миңден ашуун көчмөн кыргыздар И. динин кабыл алышкан. Бирок, көчмөндөрдүн турмушунда И. дининин кеңири тарашына бытырандылык, көчмөндөрдүн өз ара согуштары тоскоол болгон. И-га өтүү процесси Кокон хандыгынын учурунда кайра күчөгөн. И-ды кыргыздардын арасына Кокондун мусулман өкүлдөрү шайык, эшен, кожо, дубана-дербиш ж. б. таратышып, ага биринчи иретте колунда бар адамдарды, бай-манаптарды тартышкан. Советтик доордо атеизм күчөп, элдик диний ишеним сыйланбай, ага өткөндүн саркындысы катарында мамиле кылышкан. Учурда динге сыйынуу же сы-йынбоо ар кимдин өз иши. Кыргызстан б-ча мечиттердин саны улам өсүүдө. Диний окуу жайлары иштөөдө. И. дини мамл-тен ажыратылган. Динди мамл-ке каршы үгүт-төөгө тыюу салынат.

#23 31 July 2014 - 20:38
ИСПИДБУЛАН ШААР ЧАЛДЫБАРЫ, С а ф е д б у л о н – орто кылымга таандык шаар калдыгы. Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө, Алабука р-нундагы Сафедбулон (Гүлстан) кыштагынын жанында жайгашкан. «Испид-Булан» деген аталыш м-н арабдардын Фергананы басып алгандыгы ж-дө Жемал Каршинин (13-к), о. эле Фергана калкын мусулмандаштыруу ж-дө жергиликтүү көрүстөндөрдөн табылган таштардын (кайрак) бетиндеги 12–15-кылымга таандык жазууларда эскерилет. 16-к-дан Сафедбулон аталат. Сафедбулон булактарда,
эл оозунда ж-а санжыралардагы маалыматтар б-ча арабдар келген кезде, алар м-н согушкан жергиликтүү бийлик ээлерине каршы арабдарга жардам берип жүргөн касандык кыз катары эскерилет да, анын бейитинин үстүнө курулган күмбөз курулгандан кийин ошол жер, кийинчерээк анын жанындагы кыштак да Сафедбулон аталып калган. Болжол 10–12-к-да Сафедбулондун күмбөзү-нүн жанына ушул чөлкөмдө курман болгон араб полководецтеринин бири Шах Фазилдин күмбөзү тургузулган.
Бул мавзолей Гүлстан кыштагынын чыгыш тарабындагы дөңсөөдө жайгашкан. Сафедбулондун бе-йити ушул мавзолейдин короосунун түндүк-батыш тарабынан орун алган. Жергиликтүү элге Испидбулан сопу шайыктардын табынуучу жайы катары гана эмес, Аксы чөл-көмүндөгү чоң мазар катары белгилүү. Кезегинде бул мазарда олуттуу саясий окуялар болуп өткөн. Мис., 1842-ж. ушул жерде Кокон ханы Шералы миң башы Нүзүп Эсенбай уулунун жардамы м-н ак кийизге салынып хан көтөрүлсө, 1873-ж. жаз айларында Кокон хандыгынын акыркы ханы Искак Асан уулу Полот хан деген ат м-н хан көтөрүлгөн.
ИСТАМБЕКОВ Аден Бекембаевич (1903, Каракол уезди, Ичкежергез айылы – 1939) – сов. аскердик ж-а саясий ишмер. 1927-ж. Москвадагы Аскердик-пед. жогорку мектепти бүтүргөн. Ташкендеги Ленин атн. Жогорку аскер мектебинде окутуучу, Орто Азия аскер округунун атчандар мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысына жардамчы (1931–32), жооптуу катчы (1932–33), казак атчандар полкунун командиринин жардамчысы (1933–36), 53-кыргыз атчандар полкунун комиссары (1937) болуп иштеген. Кыргызстан КП(б) БКга мүчө (1937) болуп шайланган.
ИСТАХРИ АБУ ИСХАК (туулган, өлгөн жылы белгисиз) – араб географы. 950-ж. «Мамлекеттин байлыгы жөнүндөгү китеп» аттуу эмгегин жазган. Аталган эмгекти жазууда ал окумуштуу Абу Зейд Балхинин эмгегин пайдаланган. Анда Арабстан, Иран, Сирия, Египет ж-дө маалыматтар жолугат, о. эле Мавераннахр ж-дө мурда белгисиз маалыматтарды берет. Шаар, айыл-кыштактар, алардын жашоочулары, кесиби тууралуу кеңири баяндалган. Бул маалыматтарды Истахри өзү саякат жасап жүргөн учурда жыйнап, ирээтке келтирген. Орто Азиядагы Фергана, Шаш, Уструшан, Илак, Шельжи, Лабан ж.б. жерлерден казып алынуучу алтын, күмүш, жез, коргошун, мунай, бирюза, асбест, калай, ал эми кыргыздардын аймагынан нашатырь, таш көмүр ж.б. казылып алынгандыгы, о.эле жалпы түркий калкы а. и. кыргыздардын жашаган жери, алардын чоң шаарлары, аймактары: Некад, Миян-Рудан, Жидгил (Чаткал), Ош, Өзгөн, Медва (Мады), Хайлам, Селат, Хафтех ж.б. ж-дө кенен жазган. И-ни бөтөнчө кыргыздар жашаган аймактар, алардын соода-сатык байланыштары кызыктырган. Кыргыздардын чегарасы ж-дө сөз козгоп, И. кыргыздар тогуз-огуздар, кимактар ж-а Тибет м-н Син (Кытай) мамл-нин ортосунда жайланышкан деп жазат. И-нин чыгармалары иран, араб, орус тилдеринде басылып чыккан.
ИСТЕМИ КАГАН (510–575) – Улуу Түрк кагандыгынын башкаруучусу, каганы. Аны Византия булактарында Силзибул, Дизабул, Стембис деген ысым м-н, арабдарда Синжибу деп берилет. И. к-ды Батыш түрк кагандыгынын династиясынын эң жогорку титулу м-н Ябгу каган деп да аташкан. Б. з. 555-ж. түркий уруулары Жетисууну гана эмес, о. эле Борб. Азиянын Сырдарыя боюн, Арал деңизине чейин ээлеп алышкан. Бул баскынчылык гана эмес, Борб. Азиядагы түркий уруулардын миграциясы да болчу. Анын жүрү-шүндө Орто Азиянын бардык аймактарын түркий тилдүү уруулар ээлешип, жергилик-түү көчмөн элдер алардын согуштук- админ. системасына кошулуп, айрымдары авар уруу-лары м-н биригип, Европанын Түштүк-Чыгыш бөлүгүнө сүрүлүп кетишкен. Көчмөн уруулар «он жебелүү уруу союзуна» («он ок будун») биригишкен. Ошондуктан, И- ни кытай булактарында «он уруунун каганы» деп аташкан. Бирок жаа же жебе деген сөз уруулук уюм эмес, аскердик-админ. түзү-лүштүн формасын түшүндүргөн. И-нин буйругу м-н ар бир жаа, жебе (ок) бир түмөн (он миң) аскерди камтыган, анын башында аскер башчысы (шады) турган, өзүлөрүнүн аскердик туусу болгон. Жыйналган он жаа, жебе чыгыш ж-а батыш союзуна бөлүнүп, ар бири беш жаа же жебеден турган. Чыгыш бөлүгү беш уруу дулу деп аталып, анын башында чоро турган. Батыш бөлүгүн беш уруу нушиби түзгөн, алардын башында Иркин турган. Беш уруу дулу чыгыштан Су-йаб ш-на чейин, беш уруу нушиби Суйаб ш-нан батышка чейинки мейкиндикти ээлешкен. Борбору Токмоктун жанындагы Суйаб ш. болгон. И. 558-ж. Волга (Итиль) ж-а Урал (Жайык) боюн басып алган. 6-к-дын 2-жарымында И. эфталиттерге каршы күрөшүү үчүн Иран шахы Хосров м-н аскердик союз түзүп, бул союзду бекемдөө максатында өз кызын Иран шахы Хосровко турмушка чыгарган. 563-ж. И-нин аскерлери ирандыктардын колдоосу м-н эфталиттерге согуш ачып, алардын кыйла жерин басып алды. Натыйжада, Кытайдан Жер Ортолук деңиз тараптагы мамлекеттерге кетүүчү, соода- сатык иштерин жүргүзүүчү Жибек жолуна кожоюн болуп, бул жолдун Кытайдан тартып Пайкендке чейин бөлүгүн кыргыздар, Сирияга чейинки бөлүгүн ирандыктар көзөмөлдөп калды. Өз мамл-н кеңейтип отуруп, И. Евразияда биринчи империяны түзгөн. ИСТОРИОГРАФИЯ (гр. historia – баян, аңгеме, gravia – жазуу) – 1. тарых илиминин тарыхы, о. эле белгилүү бир темага, тарыхый доорго арналган изилдөөлөрдүн жы-йындысы (мис.; Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын И.сы же социалдык-таптык, улуттук жактан ички мазмуну б-ча байланышкан тарыхый эмгектердин жыйындысы. Мис.; марксисттик И. Кыргыз тарыхынын И-сы). 2. тарых ил-нин тарыхын изилдөөчү илим.
ИСФАРА, И с п а р а – Фергананын түштүк-батыш бөлүгүндөгү тоолуу аймак. Араб географтары Истахри м-н Ибн Хаукалдын (9–10-к.) эмгектеринде таш көмүр ж. б. кендерге бай аймак катары эскерилет. И. 15–16-к-гы шаар катары Бабурдун эмгегинде да баяндалат.
ИСХАКИЙА ТАРИКАТЫ, Ы с х а к и й й а т а р и к а т ы – Ортоазиялык суфийлердин накшбандия- хожаган жамаатынын бир бутагы; 17–18-к-да Чыгыш Түркстанда диний-теократиялык бийликти орнотууга катышкан саясий топ. Накшбандия- хожаган ордени 15-к-да эле пайда болуп, 17-к-дан өзүнүн ишмердигин Чыгыш Түркстанга жайылта баштаган. 17-к-дын башында ойроттор м-н катар накшбандия жамааты Яркендеги хандык бийлик үчүн болгон жергиликтүү башкаруучулардын ички иштерине кийлигише баштаган. Жамааттын ири өкүлдөрүнүн бири Исхак Вали уулу Кожо Шади (Мухаммед Яхья) өлкөнүн башкаруучусу Махмуд ханды бийликтен кулатууга да кириптер болгон ж-а аймактагы өз таасирин бекемдеген. 17-к-дын 2-жарымында алар могол хандарынан бийликти тартып алган. Бирок бийликти ээлеп алган накшбандия жамаатынын өкүлдөрүнүн ортосунда кайрадан ич ара бийлик талашкан өтө курч мүнөздөгү карама-каршылыктар келип чыккан. Натыйжада, Махдум-и Азамдын балдарынын улуусу Мухаммед Амин, кожо Ишан-и Калам деген ысым м-н «актоолук» деп аталган кожолордун кыймылын, анын бир тууганы Махмуд-и Азамдын төртүнчү уулу Мухаммед Исхак Вали (1613-ж. өлгөн) «каратоолук» деп аталган кожолордун кыймылын уюштурушкан. И.т- нын өкүлү Аппак кожо Чыгыш Түркстандагы бийликти алууга жетишкен. Каратоолуктарды жактаган Кашкарды башкаруучу Исмаил хан, Аппак кожону бийликтен кетүүгө мажбур кылган. Бирок Тибеттин Далай Ламасынын кийлигишүүсү м-н Жуңгар ханы Галдан Бошокту Аппакты 1678-ж. Чыгыш Түркстандагы өзүнүн наместнигине дайындаган. Аппак өлгөндөн кийин кайрадан бийлик талашуу башталып, 1720-ж. гана Цеван Рабдан каратоолуктардын өкүлү Даниель кожону 6 шаар чөлкөмүн калмактардын атынан башкарууга берген. Чыгыш Түркстандан Цин империясы басып алганга чейин, бийликте каратоолуктар турган. 1755-ж. Бурхан ад- Дин башында турган актоолук кожолор Циндердин көмөгү м-н бийликке келген. Бурхан ад-Дин кыргыздардын башчысы Кубат бийдин колдоосу аркылуу каратоолуктарды бийликтен биротоло чектеткен. Көп узабай 1759- ж. Цин империясы Чыгыш Түркстанды басып алган ж-а аларга каршы актоолук кожолордун көтөрүлүшү башталган.
ИТЕЛГИУЯ – Соңкөлдүн түштүк-чыгыш тарабында Ителгиуя суусунун оң тарабында жайгашкан эрте темир дооруна таандык тектүү адамдардын көрүстөнү. Мүрзөлөр-дүн диаметри 25–30 м, бийиктиги 1–4 м. Чыгыш тарабында 4 км алыстыкта жайгашкан Таштулга м-н байланышта болушу мүмкүн. Казып изилденген эмес.
ИТ КӨЙНӨК – жаңы төрөлгөн наристеге биринчи ирет кийилүүчү кийим. И. к. улгайган адамдардын кийими тигилген кездемеден же жыртыла элек эски көйнөктөн тигилген. Көбүнчө ак түстө болгон. И.к. деп аталган себеби, аны адегенде ырымдап итке тийгизип, анан балага кийгизген. Мындай аракет баланын ден соолугун бекем кылат деген ишенимге байланыштуу.
«ИТТИФАК» – Түндүк Кыргызстанда шаардык татарлардын, буржуазия, майда буржуазия катмарларын бириктирген алгачкы уюм. Убактылуу өкмөттүн тушунда тү-зүлгөн. Октябрь революциясынын жеңиши м-н бул уюмда бир топ өзгөрүүлөр болуп, советтерге өтө баштаган. 1918-ж. 5-мартта «И-тын» жалпы чогулушунда Совет бийлигин таануу ж-дө токтом кабыл алынып, большевиктер Х. Хасанов, А.Шарафутдинов бул уюмга Пишпек уезддик советинин өкүлү катары шайланышкан. Уюм буржуазиялык элементтерден тазаланып, 1918- ж. апрелден «И» татар революциячыл совети аталган, анын төрагалыгына большевик В. Муратов шайланган. 1918-ж. сентябрда уюм таркатылып, анын өкүлдөрү Улут иштери б-ча комиссариатка кирген.
ИУДАИЗМ – еврей калкынын арасында таралган дин. Б. з. ч. 1-к-да Палестина аймагын мекендеген байыркы еврейлердин уруулук диндеринин негизинде пайда болгон. «Кудай тарабынан тандалып алынган» еврей элине өзгөчө камкордук көргөн Яхве кудайына сыйынуу, о.эле Израиль падышачылыгынын мессия тарабынын кайра калыбына келтирилиши ж-дөгү окуу И-дин догмаларын түзөт. Б.з 70-ж. римдиктер Яхве кудайына сыйынуунун борбору Иерусалим ш-н талкалаган соң, еврейлер дүйнө жүзүнө тараган ж-а сыйынуу синагогдордо (еврейлик мечиттерде) жүргүзүлө баштайт. Из-раиль мамл. түзүлгөн соң (1948, май), И. мамл- тин расмий динине айланган. И-дин библиялык, талмуддук, раввиндик, модер-нисттик агымдары бар. Дүйнө жүзүндө И. динин кармангандардын саны 15–20 млн кишиге чамалуу.
ИЧИК – кездеме тышталып, саңсаң (саксак) ж-а кунудан жасалган кыш мезгилинде кийүүчү сырт кийим. И-ке козу, түлкү, бөрү, сүлөөсүн, илбирс, киш, кундуз ж. б-дын терилери пайдаланылат. Байлар И-ти кунудан, карапайым эл саңсаңдан жасатышкан. Оокаттуулар И-тин сыртына нооту, лампук капташып, чоң жака салышкан. И. жасалган терисине жараша саңсаң И., киш И., илбирс И., карышкыр И. ж. б. деп бөлүнгөн. И. эркекке да, аялга да узун жеңдүү, этектүү, кенен тигилген. Келин-кыздардын И-тери кымбат баалуу терилер м- н көбөөлөнгөн.
ИЧКЕЖЫЛГА КӨРҮСТӨНҮ – Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы айылынын түштүк-батыш тарабында б. з. ч. 1- миң жылдыктан 14-к-дарга таандык көчмөн уруулардын көрүстөндөрү. Дөбө коргондун бийиктиги 0,3–3 м. Дөбө ж-а таш мүрзөлөрдөн турат. Бир мүрзөнү казып изилдегенде колго жасалган чопо идиштер табылган. 1954-ж. А.К. Кибиров изилдеген. 11–14-к-дарга тиешелүү чопо идиштери, ээр, үзөңгү, жаанын жебелери, жебе сала турган баштык, жарым-жартылай күйгүзүлгөн буюмдар (чий, чү-пүрөк калдыктары, канжар, колодон жасалган кемер курдун тоголору) табылган. Күй-гүзүлгөн буюмдардын өзүнчө чуңкурчада жайгашканы энесай кыргыздарынын сөөктү көмүү салтына окшошот.
ИНГА-ТӨРӨ БАЙМУРАД ЧЕРИК к. Эңге төрө макаласын.

#24 13 August 2014 - 16:32
Й
ЙАБАКУ – орто кылымдардагы Борб. Азия-дагы түркий эл. Гардизинин фарсыча «Зайн ал-ахбар» «Шөкөттөлгөн кабарлар» деген эмгегинде Й-лар ж-а халлухтардын байланышы ж-дө санжыралык маалыматтарды берет: түрк аскер башчысынын нөөкөрү кылмыш иш жасап, жазадан коркуп, тогуз огуздар өлкөсүнө качып келет. Бул жерде ага «Ябагу» деген ат ыйгарышып, тогуз огуздар ээлигинде жашаган халлухтарга аскер башчы кылып шайлашат. Ушундан соң, бул уруу-лук бирикме «ябаку-халлух» аталып калат. «...Түркстан аймагында ябаку-халлухтардан тараган уруулар көп санда кездешери маалым...». Махмуд Кашгари кыргыздардан батышыраак аймактарды мекендеген Й-лар түрк тилинде сүйлөшөрүн ж-а Йабаку- Сувы Кашкар тоолорунан башталып, Өздженд (Өзгөн) ж-а Фергананын ортолугунан агып өткөн дарыя. О. эле кыргыз, йабаку ж-а кыпчактар темирди өзгөчө аздектеп, баркташарын, темирди ортого коюп, шерт (ант) беришерин маалымдаган. Й-лар караханийлерге каршы согушуп турган. Й-дын айрым топтору Борб. Теңиртоодо да жашашкан, бүгүнкү кыргыздардын ичиндеги жабагы (жабагылар) уруктарынын теги 11–12-к- дагы Й-лардан келип чыккан. Этнонимдин маанисине Махмуд Кашгари «кийиздин бир түрү» деген түшүндүрмө берет. Энчилүү ат кыргыз тилинде эки маанини туюнтат: 1. беш-алты айлык кулун; 2. түлөп түшүүгө айланган жазгы даакы жүн.
ЙАДА, ж а й т а ш – түрк элдеринин, а.и. кыргыздардын мифологиялык түшүнүгүндө аба-ырайын өзгөртүүчү магиялык таш. Таштын сыйкырдуу күчүнө ишенүү байыркы түрктөрдө кеңири таралып, Й. таштын жардамы м-н сыйкырчылар суукту, бороон-чапкынды, чагылгандуу жаанды ж. б. чакыра ала тургандыгы айтылган. Ал- Бируни мындай манипуляциянын эки ыкмасын көргөзгөн: «киши ташты (Й. ташты) тиштеп, сууга кирген ж-а кол булгалаган, ошондон кийин жамгыр жааган». Башка учурда ар кандай дубаларды айтып, үн чыгарып кыйкырышкан: «...таштын өзүн сууга чөктү-рүшүп ж-а анын үстүнө сууну чачышкан». С. Абрамзон келтирген этногр. маалыматтарда кыргыздардын арасында жай таштын жардамы м-н жамгыр жаадыра ала турган жайчы деп аталган өзгөчө адамдар болгон. Жайчылар дубаларын араб-фарсы тилинде айтышкан. Дубачылар адатта бакшылар болушкан, алар бир эле убакта эмчилик ж-а шамандык милдеттерди да аткарышкан. Бул ырым- жырымдар кургакчылык учурда жаан жаадыруу максатында өткөрүлгөн. Орус чыгыш таануучусу М. С. Андреев Памирдеги кыргыздардын жайчылык өнөрү тууралуу кызыктуу маалыматты жазып алган. Анда: кара койду союп канын идишке толтурушкан. Идиштеги канга 7 күн ташты салып коюшкан. Бул убакта кан кургап бүткөн ж-а таштын өзүн алып чыгып тийиштүү дубаны окушкан. Дубаны окуганда асманда булут топтолуп, жамгыр жааган. Эгерде ташты жууп, абага таза б-ча коюп койсо, күн чайыттай ачылган. Ташты жипке байлап термелтсе шамал жүргөн. Жай таш ж-а жайчылыктын келип чыгышы шаманчылык м-н байланышкан. Кыргыздар исламдын таасирине өтө баштагандан тартып, жайчылык ырым-жырымынын аткарылышына мусулманча дуба окуу сыяктуу эле-менттер кирген.
ЙАЖУЖ ЖАНА МАЖУЖ (гог ж-а магог) – Библияда ж-а Куранда айтылган эл. Мусулмандардын түшүнүгү б-ча алар жапайы чалыш, наадан, канкор эл катары сүрөттөлүшөт. Й. ж-а М-дар «Манас» эпосунда күн чыгыштагы анжы ж-а манжы деген жапайы чалыш каардуу эл катары сүрөттөлгөн. Хакастардын оозеки чыгармачылыгында Енисей аймагын кыргыздар өздөштүрө баштаганда уй туяктуу адам жегич (каннибал) мусмалдар ж-а ит баштуу моксагалдар алардын эң башкы душмандарына айлана баштаган. Бул образдар Сибирь аймагындагы өнүгүүнүн эң төмөнкү баскычында турган элдерге байланыштуу келип чыгуусу ыктымал.
ЙАКУББЕК,Мухаммед Йакуб бек, Жакыпбек(1820, Коконхандыгы, Пекентш.–1877)– Чыгыш Түркстандагы Жетишаар мамл-нин башкаруучусу. Ташкен бегинин жардамы м-н Чыназ дубанынын акимдигине дайындалган. 1851-ж. Акмечит калаасынын беги болгон. Кудаяр ханга каршы козголоңу ишке ашпай, 1853-ж. Бухарага качкан. 1858-ж. Кудаяр хан биринчи ирет тактан түшкөндө Й. б. Коконго кайтып келген. 1862-ж. кайрадан бийликке келген Кудаяр хан аны өлүм жазасына буйруган ж-а Алымкул аталык куткарып калгандан кийин кайрадан Бухарага качкан. 1863-ж Букар эмиринин кыргыз-кыпчактар м-н согушуп жаткан Кудаяр ханга жардамга жиберген 2000 аскерин жетектеп келип, Й. б. Маргалаң ш-нын жанында жеңилүүгө учураган. Бухаранын колдоосунан ажыраган Кудаяр кайрадан бийликтен кеткенде, Й. б. Алымкул аталык баштаган Кокон хандыгынын башкаруучуларына кошулган. Ошол эле жылы Чыгыш Түркстан калктарынын Цин баскынчылыгына каршы көтөрүлүшү башталган. Кыпчак (айрым маалыматтарда кыргыз) Сыдык бек башында турган көтөрүлүшчүлөр Кашкарды ээлешкен. Сыдык бек Кокондун башкаруучусу Алымкул аталыкка кайрылып, Жааңгер кожонун уулу Бузрук кожону хан көтөрүү үчүн Кашкарга жөнөтүүсүн сурайт. 1864-ж. Бузрук кожо Й.б-тин ж-а Алымкулдун тууганы Алдаштын коштоосунда 60 киши м-н Кашкарга кирген. Сыдык бек бийликти Бузрук кожого өткөрүп берген. Бузрук кожо Й. б-ти баатырбашы кызматына дайындап, армиянын командачылыгын берген. Й. б. Кашкардын айланасындагы бир канга ийгиликтүү жортуул жасагандан кийин бийликти тартып алып, Бузрук кожону Мекеге зыяратка жөнөткөн. Үч жылдын аралыгында Кашкар, Янги-Гиссар, Жаркен ж-а Хотан округдарын бириктирип, 1866-ж. өзүн мамл-тин башчысы – «Йакуббек бадавлат» («дөөлөт ээси») деп жарыялаган. 1864-ж. жайында Аксу ж-а Турпан ш-ларын ээлегенден кийин, Музарт аркылуу өткөн кыска жол м-н Кулжага чабуул коюуга ниеттенген. Колпаковский жөнөткөн Полторацкийдин кошууну Музарт ашуусун ээлеп, ага жакын дарыядагы көпүрөнү кыйратышкан. 1867-ж. Й.б. Чыгыш Түркстандагы Кашкар, Жаркент, Хотан, Аксу ж. б. ш-ды биротоло баш ийдирген ж-а тышкы саясатында Англия м-н Россиянын ортосундагы карама-каршылыкты пайдаланган. Нарын суусунун жогорку агымында топографиялык сүрөткө түшүрүү иштерин жүргүзгөн орус кошуунунун башчысы Полторацкий м-н сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Россия м-н соода мамилелерин түзүүгө жетишкен. Орус соодагерлери Кашкарга кирип, Й. б-тин баасы б-ча соода жүргүзүшкөн. Орус соодагерлери м-н Й. б. өзүнүн жээни Шады Мырзаны Түркстан генерал-губернатору Кауфманга туруктуу соо-да байланыштарын орнотуу ж-а Россия м-н чегараларды тактоо үчүн жөнөткөн. Кауфман Шады Мырзаны Петербургга узаткан, бирок Россия Кытай м-н достук мамиледе тургандыктан, Й. б. м-н эч кандай сүй-лөшүүлөргө барбай тургандыгын билдирген. Россия м- н байланыш түзүү аракеттери ийгиликсиз аяктагандан кийин Й. б. Англия м-н мамилесин чыңдай баштаган. 1868-ж. Англия өкмөтү Й. б-ке тез атуучу замбиректин ж-а жаңы үлгүдөгү 10 миң мылтыктын түрлөрүн белек катары берген. Ошол эле учурда Й. б. теңиртоолук ж-а ысыккөлдүк кыргыздарды өзүнө тартуу максатында бугу уруусунун манаптары Тилекматка ж-а Муратаалыга, саяк уруусунун манабы Осмонго, сарыбагыш уруусунун манабы Үмөтаалыга киши жиберип, жашыруун сүйлө-шүүлөрдү жүргүзгөн. Й. б. Кашкарга чектеш Атбашы, Нарын, Аксай, Арпа, Каракужур ж-а Соңкөл аймактарын өзүнүн карамагына кошуп алууну көз- дөгөн. Россияга каршы чыгуу үчүн ал Бухара эмиринин ж-а Кокон хандыгынын агенттери м-н тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, орустардын оторчул бийлигинин Түндүк Кыргызстанда бекемделишине тоскоолдук кылган. Осмон Тайлак уулу Тогузтородо майор За-гряжский баштаган орустардын кошуунуна кол салгандан кийин Кашкарга – Й.б-ке качып барган. Й. б. Осмонду салкын кабыл алган ж-а абакка олтургузган. Ал орустар м-н мамилесин бузбаш үчүн Осмон туткундап келген солдаттарды Нарынга өткөрүп берген. 1868-ж. октябрда штабс-капитан Рейнталдын Й. б-ке барган элчилиги ийгиликсиз аяктаган. Й.б. 1870-ж. Англиянын Форсайт баштаган элчилигин ардактап кабыл алган ж-а ачык эле Британияга ыктай баштаган. Ушул эле жылы өзүнүн ээлигин кеңейтүү максатында Й. б. Кулжага кол сала баштаган. 1871-ж. июль айында генерал Колпаковский Кулжаны басып алып, Иле аймагын караткан ж-а Таранчы султандыгы жоюлган. Натыйжада, Россия Кулжага Й.б-тен мурдараак үстөмдүгүн орнотууга жетишкен. 1872-ж. Й.б. Россия үчүн пайдалуу соода келишимин түзүүгө аргасыз болгон ж-а Англия м-н Россиянын ортосунда ыңгайлуу жол издегенди уланта берген. 1874-ж. түзүлгөн келишим б-ча Англия Кашкардын көзкарандысыздыгын ж-а Й. б-тин бадавлат амир даражасындагы мамлекеттин башкаруучу бийлигин тааныган. Кашкар мамл-н Түрк султаны дагы таанып, Й. б-ке эмир даражасын ыйгарган. Бул келишим Кашкардын Англиянын таасир этүү чөйрөсүнө айлангандыгын тастыктаган. 1876-ж. Цин империясы дуңгандардын көтөрүлүшүн баскандан кийин Чыгыш Түркстанга жүрүш жасай баштаган. 1876-ж. кышында Даванчи кырка тоосунун эки тарабында Й. б. м-н Цин империясынын күчтөрү бири-бирине каршы согушууга даяр турган. Бирок чечүүчү салгылашуу болгон эмес. 1877-ж. июнь айында Й.б. каза болгон ж-а көп узабай Цин империясы Чыгыш Түркстанды кайрадан басып алган. Й.б. өзүнүн заманына жараша авантюралуу саясат жүргүзгөн айлакер башкаруучу болгон.
ЙАФЕС, Й а ф е т – Библиядан ислам чөйрөсүнө өтүп, кайра иштелген санжыра б-ча адамзаттын ата- бабаларынын бири. Й-тин Хам ж-а Сам (иудейлерде – Сим, хрис-тиандарда – Сэм) деген бир туугандары болгон, алардын атасы Нух (Библияда – Ной) пайгамбар имиш. Адамзаттын таралышы ж-дөгү бул санжыра кыргыздарга ислам динин кабыл алгандан соң таралган. Санжырачылардын баяндарында Й-тин улуу баласы Түрк, андан калган башка түрк тилдүү элдер тарайт имиш. Бирок бул санжыра-уламыштардын башка варианттары да кездешет. Кыргыз санжырачылары библиялык уламышты кыргыз элинин оозеки тарыхын чагылдырууда пайдаланып жүрүшөт.
]

#25 13 August 2014 - 16:39
К
КААБА (ар. кааба – «куб») – азыркы Сауд Аравиясынын Меке ш-ндагы мусулмандар (сунниттер) зыярат кылуучу Ыйык мечиттин короосунда жайгашкан имарат. Анын уз. 13м, туурасы 12 м, бийиктиги 15 м; пайдубалы мармардан, дубалы боз таштан тургузулган. Чыгыш тарабына Алла асмандан жиберген деп эсептелинген «кара таш» кошо коюлган. К-нын үстүнө Курандын аяттары алтын жип м-н жазылган кара жабуу жабылган. Мухаммед пайгамбар исламды жаңы дин катары жарыялаганга чейин эле К-га арабдардын курейш ж. б. уруулары сыйынып турушкан. Мусулмандар намаз окуп жатканда К-ны карап («Кыбылага карап») турууга тийиш. Ажылыкка баргандар К-ны жети айланып, анын «кара ташын» өбүшү ылаазым. Кыргыздын бай-манаптары 19–20-к-дын башында өзүнүн таасирин чыңдоо үчүн К-га барып, ажы болуп келүүгө аракеттенишкен. Эгемендүүлүктүн шартында Мекеге сыйынып келген кыргыздардын саны арбууда.
КАБА Атабек уулу (1924-ж. т., Ысыккөл облусу, Тоң р-ну, Төрткүл айылы) – манасчы, Кыргыз Респ-нын эл артисти (1995). Он жашында «Манас» айткан. Манасчылыгына Саякбайдын таасири тийген. К-нын айтуусундагы «Манастын» үзүндүлөрү да, чоң-чоң окуялардын чиелениши ж-а көркөм образдарынын чечилиши да Саякбайдын вариантына үндөшөт, айтуу манерасында да ага окшоштуктар бар. Белгилүү манасчы Мамбет Чокмор уулунан таалим алган. Эпостун андан жазылып алынган үзүн-дүлөрү Кыргызстан УИАнын кол жазмалар фондусунда сакталып турат.
КАГАН – байыркы кыргыз, түрк, уйгур кагандыктарындагы жогорку башкаруучунун ж-а башкы аскер жетекчисинин наамы (титулу). К. жуан-жуандардын (жужандар, аварлар) аскер башчысынын наамы катары кытай жыл баяндарында 312-ж. эскерилет. К. наамы хунндар, хазар, булгар, аварларда да белгилүү болгон. Бул наамды 6-к-да уйгур, кыргыз, карлук башкаруучулары кабыл алышкан, император, шахиншахка маанилеш сөз болгон. 8-к-дын акыры– 9-к-дын башынан 13-к-га чейин киевдик княздар да Каган титулун пайдаланышып, саясий жактан өздөрүн Хазар кагандарына тең экендигин көрсөтүүгө аракеттенишкен. Моңгол мамл. негиздеген Темучин (Чыңгыз хан) да ушул наамды кабыл алган. К. термини мусулман булактарында «хан», «хакан» түрүндө кездешет. Изилдөөчүлөр бул термин кытай тилинен кирип, «улуу башкаруучу» дегенди аныктарын белгилешет. Титул жазуу эстеликтеринде антропонимдердин компоненттери катары кездешет: Бумын каган, Ай каган, Боз каган, Билге каган, Барсбек каган ж. б.
КАДЫРБЕК Камчыбек уулу (1882, Ош уезди, Алай-Гүлчө болушу, Дүйшаалы айылы – 1937) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу ж-а чыңдоо үчүн күрөштүн катышуучусу. Курманжан датканын орус падышалыгы өлүм жазасына тарткан уулу Камчыбектин баласы. 1918–20-ж. Кашкаркыштак айыл советинин төрагасы болгон, 1921–23-ж. басмачыларга каршы күрөшкөн. Гүлчө ыктыярдуу милиция кошуунунун командири болгон. Ал Абдухалык паңсат, Юлдаш палван сыяктуу корбашылардын аскерлерине чечкиндүү сокку урган. Басыз уруусунун мурдагы төбөлү Жаныбек казы м-н тынчтык келишимин түзүүгө, 1922-ж. июлда Мойдун корбашыны колго түшүрүү-гө катышкан. 1923-ж. июлда Нурмат миңбашы, Токто паңсат сыяктуу басмачылардын тобун талкалаган соң, К. жетектеген кошуун таркатылган. 1927-ж. апрелде Алайда кайрадан баш көтөргөн Жаныбек казынын басмачыларын талкалоого катышкан.
КАДЫРОВ Зайдулла (1886–?) – Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу ж-а чыңдоо үчүн күрөштүн катышуучусу. Екатеринославск (азыркы Днепропетровск) губерниясындагы Юзовка деген жердеги жергиликтүү социал-демократиялык уюмду, 1905–1907-ж. Бакудагы революциячыл кыймылды, 1912–1917-ж. Сүлүктүдөгү иш таштоолорду уюштурууга катышкан. 1917-ж. Сүлүктүдөгү кенчилердин арасында Со-циал- демократиялык топту түзүүнүн демилгечилеринен ж-а Сүлүктүдөгү жумушчулар советинин төрагасы болгон. 1918–1920-ж. мамлекеттештирилген Сүлүктү кен башкармасында ж. б. партиялык советтик жетекчи кызматтарда иштеген.
КАЗАКТАР – түрк тилдеринин батыш хунн бутагындагы кыпчак тобуна кирүүчү калк. К. Дешт-и-Кыпчакты байырлап келген кыпчак ж. б. уруулардын түз урпактары болушат. Бул аймак Алтын Ордого, Моголстанга, Ногой Ордосуна, Сибирь ж-а Өзбек хандыктарына кирген. Өзбек хандыгындагы ички карама-каршылык араздашуулардан улам, К. бул хандыктан бөлүнүп, Жетисуу тарапка ооп келишет, бул аймак баш коштуруп, бириктирүүчү аймакка айланган. 15-к-дын экинчи жарымы–16-к- дын баш чендеринде Казак хандыгы түзүлүп, бир нече кылымга созулган калыптануу (этногенез) процесси аяктаган. Казак хандыгы Улуу жүз (Жетисуу), Орто жүз (Борб. Казакстан), Кичүү жүз (Батыш Казакстан) деген уруулук бирикмелерден турган. 16–18-к- дарда К. Жуңгар хандыгына каршы күрөшүшкөн. 1731-ж. Россияга Кичүү жүз, 1740-ж. Орто жүз, 1840-ж. Улуу жүз казактары кошулган Казак-кыргыз байланыштары кыпчак, ногой маданий чөйрөлөрү аркылуу жүргөн; бул процесс Казак хандыгы түзүлгөндө чыңалган. Эки элдин этностук маданий карым-катнашын материалдык ж-а руханий маданиятынын үлгүлөрүнөн, каада-салтынан, философиялык- диний түшүнүктөрүнөн байкоого болот. КАЗАРМАН ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 10–12-к-га таандык шаардын калдыгы. Нарын дарыясынын сол жээгиндеги Казарман кыштагынын жанынан орун алган. Сакталып калган дубалынын бийиктиги 3 м, бурчтарында ж-а борборунда мунаралары болгон. Түндүк, батыш ж-а чыгыш дубалдарынын уз. 100 мге чейин жеткен. Андан табылган буюмдардын алгачкылары 15-к-га, кийинкилери 19-к-га туура келет. Эстеликке көңүл бөлүнбөгөндүктөн, анын билинээр–билинбес гана пайдубалы калган.
КАЗЫ – мусулман өлкөлөрүндө мусулман укугунун ж-а үрп-адаттарынын негизинде иш алып барган адам (укук таануучу). Орто кылымдарда К-лар документти күбөлөндү-рүүчүнүн (нотариустун) да милдетин аткарышкан, жетимдерди кароого алышкан же аларды көз салуучу адамдарга дайындашкан; граждандык, кылмыш иштери б-ча өкүмдөрдүн аткарылышын көзөмөлдөп, соттук иштерди жүргүзүшкөн ж. б. Мусулман укугунун негизинде каралган иштерге – соттун курамына К-дан башка муфтийлер ж-а аглямдар киришкен. К- лыкка – жогорку катмардан чыккан ж-а медресени бүтүргөн, мусулман укугун өздөштүргөн, муфтийлер тарабынан кабыл алынуучу экзаменден өткөн адамдар гана хан тарабынан дайындалган. К-лар соттук функциядан башка диний кызматтарга орношууга, мамл-тен айлык алууга акылуу болушкан. Орто Азия хандыктарында 19-к-да К-лар сот системасынын түзүлүшүнө байланыштуу: 1. К.-калян – жогорку сот; 2. К.- кузат–каляндан кийинки экинчи орунду ээлеген ага сот; 3. К.-аскер-соту; 4. К.-раис болуп бөлүнүшкөн. Айрым учурда К-лар үй-бүлө, дин ж-а мурастоо иштерин кароо м-н чектелген. Египет, Тунис, Түрк ж. б. мусулман өлкөлөрүндө шарият сотторунун жоюлушу м-н К. ин-ттары жабылган. Кыргызстанда ж-а Орто Азияда К. соттору 1927–28-ж. биротоло жоюлган.
КАЗЫБЕК Мамбетемин уулу, К а з ы б е к к а з а л ч ы (1902, Нарын облусу, Атбашы р-ну, Четкелтебек жайлоосу – өлгөн жылы белгисиз) – атактуу казалчы. Жаш кезинде молдодон окуп, жаза билген, сабаты диний багытта ачылган. Ыр тизмектерин куюлткан, оозунан ыры нөшөрлөгөн, таланттуу казалчы болгон. 1929-ж. бай-манаптын өкүлү катары кулакка тартылып (атасы м-н бирге), Оренбург ш-на айдалган. 1931-ж бошотулган. Ошол эле жылы басмачыларга кошулуп, Кытай тарапка кеткен. 1934-ж. Кытайдан кайра Кыргызстанга өтүп келе жатканда кармалып, атууга өкүм кылынган. Бирок, өкүм 10 жылдык түрмө м-н алмаштырылган. 1936-ж-га чейин түрмөдө болгон. Анын казалдарынын көркөмдүгү ж-а тарбиялык мааниси жогору болуп, табиятты тамшана сүрөттөгөн, терең ойлуу санаттарды жараткан, ошол учурдагы элдин турмушун таасын чагылдырган. Айрыкча анын сүргүндө жүргөндөгү «Орунбордон каты» элге кеңири тараган. Казалдары 1990-ж-дан кийин гана жарык көрө баштаган. Кол жазмалары сакталбай калган. Казалдарын Кыргыз-стандын бүткүл аймагында, Кытайдын Кызылсуусунда бүгүнкү күнгө чейин жатка билгендер арбын. Б. Исабеков К-тин чыгармаларын эл ичинен жыйнап, Кыргыз УИАга өткөргөн (5 том көлөмүндө). 1992-ж. «Ала-Тоо» журналынын редакциясынан «Калыгул, Казыбек» (түзгөндөр Ш. Үмөталиев, К. Эдилбаев, Т. Абдилов) аттуу китеп чыккан. О. эле А. Шермамбетов, Н. Айсаракун уулу эл оозунан чогулткан ырларын жыйнак кылып чыгарышкан. Жазуучу Б. Максүтов ал ж-дө повесть жазган. Башка изилдөөчүлөр да анын чыгармаларын жыйноодо ж-а изилде-шүүдө (Ө. Дөлөев, Ы. Кадыров ж. б.). Ысымы өзү туулган айылга ж-а Атбашы айылындагы орто мектепке берилген.
«КАЗЫК» – Тогузторо р-нундагы Казык суусунун сол өйүзүндөгү чоң таштагы жазуу. Таштын бийиктиги 1,4 м, туурасы 1,2 м келет. Аралыгы 20 смден эки катар араб тамгалары м-н жазылган. Тамгалардын бийиктиги да 20 см келет. Болжол м-н 10–12-к-га таандык бул жазууда «Кулу (Молу) уулу Хажжаж. Табару (малы) сегиз» деп жазылган.
КАЗЫНА – 1. хан, падыша, эмир, бектердин акча ж-а кымбат баалуу буюмдары сакталган жай; 2. борборлошкон мамл-тин убагында К. мамл-тин финансы ресурстарынын жалпы өлчөмүн түзөт; 3. археол-да жерге көмүлгөн же кандайдыр бир жашырын орунга катылып коюлган алтын акча же кымбат баалуу буюмдар кенчи К. деп аталат. Эң байыркы К-ларга соңку таш доору ж-а жез доорунан калган таш эмгек куралдары ж-а курал-жарактар, коло доорундагы К-га согушта колдонулуучу ж-а салтанат, шаан-шөкөт үчүн алып жүрүүчү курал-жарактар, кооз буюмдар, эмгек куралдары ж. б. кирген.
КАЙНАЗАРОВА Зууракан (1902, Сокулук р-ну, Жыламыш айылы – 1982, Сокулук р-ну, Белек айылы) – а. ч. өндүрүш новатору; эки жолку Соц. Эмгектин Баатыры (1948, 1957). Эмгек жолун 1929-ж. Сокулук р-нундагы Калинин атн. колхоздо кызылчачы болуп иштөөдөн баштаган. Көп өтпөй звено башчылыгына көтөрүлүп, беш жүзчү-лөрдүн бүткүл союздук соц. мелдешине катышып, кант кызылчасынан жогорку түшүм жыйнап алууга жетишкен. 1949-ж. Калинин атн. колхоздун башкармасынын төрайымы болуп шайланган. Анын жетекчилигинде колхоздун экон. кыйла чыңдалган. Колхоздор ирилештириле баштаганда К. Сокулук р- нундагы «Дружба» колхозунун звено башчылыгына (1952) өткөн. 1937–54-ж. СССР Жогорку Советинин, бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болгон. Үч Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.
КАЙРАК ТАШТАР – 12–14-к-да мусулмандардын ж-а түрк-несториандардын көрүс-төнүнө коюлган таш эстеликтер. Мусулмандарга таандык эстеликтер араб тилинде, ал эми несториандардыкы (христиандардыкы) сирия-түрк тилдеринде жазылган. Эстеликтерди алгачкылардан болуп орус чыгыш таануучулары изилдеген. 1897-ж. Археол. сүйүүчүлөрдүн Түркстан ийриминин мүчөлөрү Караханийлер кагандыгынын борбору Өзгөн ш-нан К. т-дагы жазууларды (12–13-к.) табышкан. Шаар учурунда админ., соода-сатык, кол өнөрчүлүк ж-а маданий борбор болгондуктан, Шаш, Самаркан, Нишапур ж-а Бейхактан көп адамдар келишкен, о.эле көчүп келген арабдардын укум-тукумдары дагы жашаган. Өзгөндө табылган эстеликтердин эң баалуулары болуп ан- Нисабури шейхтеринин көрүстөндөрүнө коюлган эстеликтер саналат. Шейхтер Нишапур ш-нан келишкен ж-а Өзгөндө диний артыкчылыкка ээ болушкан. Моңгол доорунан кийинки Тимурийлердин башкаруу мезгилине таандык кайрактар да табылган. К. т. мазмуну б-ча суфизмдин диний-филосо- фиялык багытта өнүгүшүн ж-а Фергана өрөөнүндөгү моңгол доорунан кийинки коомдук өнүгүүнүн социалдык ж-а идеологиялык структурасын чагылдырган. Баласагун ш-нын ордунан табылган К. т. моңгол дооруна чейинки мезгилдерге таандык. Кайрактар диний катмардын өкүлдөрү – факихтерге, муфтийлерге, имамдарга, дин таа-нуучуларга ж- а таратуучуларга тургузулган. Азыркы күндө Кыргызстандын аймагында исламдын диний чөйрөсү м-н байланышкан 200дөн ашык К. т. белгилүү. Моңгол дооруна чейинки кайрактагы несториан жазуулары 1907-ж. Пишпек, Бурана көрүс-төндөрүнөн ж-а 1967-ж. Ысыккөлдүн түштү-гүндөгү Жууку суусунун боюнан табылган. Жазуулардагы айрым түрк сөздөрү м-н катар адамдардын ысымын эске албаганда, алар сирия-түрк тилинде жазылгандыгын көрөбүз. Жазуулар орто кылымдарда жергиликтүү түрк урууларына сириялыктардын таасири күчтүү болгондугун ырастайт. Алар өзүлөрүнүн маданиятын, тилин ж-а жазуусун, о. э. христиан динин таратууга аракет кылышкан. Табылган эстеликтер Санкт-Петербургдагы Эрмитажда,
Ташкен, Алматы ж-а Бишкек ш-нын музейлеринде сакталып турат.
КАЙ УРУУСУ 9-к-да Борб. Азиянын түндүк-чыгыш аймагын мекендешкен. Этноним кытай булактарында Си (hai) формасында берилген. Кайлардын теги байыркы моңголдордун уруулук бирикмесине барып кошулат. Кай аталышы 9-к-дан белгилүү, жылан дегенди түшүндүргөн. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө йабаку, басмыл, татарлар м-н катар, кайлар да түрк тилинде сүй-лөшөрү, кайлардын өзүнчө бир тили (диалекти) бардыгы айтылат. 9-к-да моңгол тилдүү кайлардын бир бөлүгү түрктөшүү процессин башынан өткөрүшү мүмкүн. Ант-кени, ошол мезгилде түркмөн-огуздардын курамындагы уруу катары айтылат. Ушул учурдан тартып, кайлар кимак-кыпчак, огуз-түркмөн урууларын батышты көздөй сүрө башташат. Мусулман даректеринин айрымдарында кайлар Енисей кыргыздарынан чыгышта делсе, кээ биринде алардын батышында деп көрсөтүлүп жүрөт.
КАЙЫРМА ТУРГУН ЖАЙЫ – 8–12-к-га таандык археол. эстелик. Жумгал суусунун оң өйүзүндө, Чаек кыштагынан 10 км чыгыш тарапта. Чарчы формада (175х175 м), бийиктиги 4 мге жетет. Бурчтары ж-а дубалдары мунаралар м-н бекемделген.
КАЙЫШ – уйдун, топоздун, төөнүн терилеринен даярдалган зат. К. төмөндөгүдөй ыкмалар аркылуу даярдалат: терини жыдытуу, ашатуу, ийлөө. К. кол өнөрчүлүктө кеңири пайдаланылат.
КАЛКАН – жоокердин куралы. Урма, сайма ж. б. денеге жаракат алып келчү куралдардан коргонууга колдонулган. К. жыгачтан, темирден, мүйүздөн куралып, тегерек, урунууга эптүү жасалган. К-дын ички бетинде кармоого ылайык тагылган боо бүлдүргүсү болгон. К-дын сыртына оймо-чиймелерди түшүрүшкөн. КАЛКОЖО, Х а л к о ж о (туулган жылы белгисиз –1920) – Фергана өрөөнүндө ж-а Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигине каршы күрөшкөн корбашы. 1918-ж-дын жайынан Ош ж-а Кокон уезддеринде аракет кылган. Ушул жылы сентябрдан Жалалабат атырабында Мадамин бек, кийинчерээк (1919-ж. күзүндө) кулак Монстров, мурдагы генерал Муханов сыяктуу контрреволюциячылар «Дыйкандар армиясы» м-н бирдикте Советтерге каршы күрөшкөн. Түштүк Кыргызстандын бир кыйла бөлүгү алардын колуна өткөн. 1920-ж. январь – февралда К-нун негизги күчүн Түркстан фронтунун бөлүк-төрү талкалаган. К. дагы кол курап, кайра күрөшүүгө аракеттенген. К. корбашы 1920-ж. күзүндө кызыл аскерлердин колунан өлгөн.
КАЛМАКАШУУ ЭСТЕЛИКТЕРИ – Соңкөл–Калмакашуу жолунун боюнда аска ташка чегилген эрте темир дооруна мүнөздүү байыркы сүрөттөр. Тоо текелер ж-а аларга жаа м-н мергенчилик кылуу, коло дооруна мүнөздүү колдорун көтөрүп турган адамдардын сүрөттөрү тартылган. Кыргыз тарыхчылар жамааты, Түрк тарых куруму тарабынан 1996-ж. табылган.
КАЛМАКДӨБӨ КӨРҮСТӨНҮ, К а л м а к т а ш – б. з. ч. 1-миң ж-дыктын аягына тиешелүү археол. эстеликтер. Жергиликтүү элде Калмакдөбө деген ат м-н белгилүү. Аталышы калмактарга байланыштуу болгону м-н эстелик байыркы коомго таандык болуп, калмактарга эч тиешеси жок экендиги маалым. Эл ичинде Калмакдөбөдөн башка «калмак арык» деп аталган бийик тектирге суу чыгарчу арыктар да белгилүү. Жогорудагыдай эле алар да мезгили жагынан кыйла улуу келип, калмактарга эч байланышы жок. Калмакдөбө деп аталган жерлер сак дооруна таандык көлөмдүү көрүстөн жайгашкан жерлер м-н байланыштуу. Кээде байыркы түрк доорунун учурундагы балбал таштарды да Калмакдөбө деген учурлар кездешет. КАЛМАК-КЫРГЫЗДАР – Кытай Эл Респ-нын Шинжаң Автономиялуу облусунда Эмель-Гол Моңгол Автономиялуу округунда жашаган этностук топ. К.-к-дын курамын сарыбагыш, мундуз, баарын, ханзу (кытай), тува, казактар түзөрү аныкталган. Турмуш-тиричилиги, каада-салты моңголдордукуна окшош. Буддизмдин бир тарамы болгон лама динин тутунушат. Изилдөөчүлөрдүн пикири б-ча К.-к-дын тили негизинен казак, кыргыз тилинин элементтеринен куралган. Өздөрү ата-бабаларынын бул аймакка мындан 300 жыл мурда келгендигин белгилешет. Алар 17–18-к-да калмактар (ойроттор) тарабынан сүрүлгөн түрдүү этностук топтордун аралашуусунан келип чыккан.
КАЛМАКТАР – Россия Федерациясынын Калмак Респ-нын негизги калкы. Тарыхый булактарда ж-а адабияттарда ойрот, жуңгарлар деген ат м-н да белгилүү. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта Түндүк Кытайды, азыркы Моңголиянын түндүк-чыгыш аймагын моңголдор, а.и. К-дын ата-бабалары мекендеген. Дзиху, сянби, жужандар, кидандар, чжур-чжендердин саясий бирикмелеринин курамдарында болушкан. 13–14-к-да Чыңгыз хандын Моңгол империясынын курамына киришкен. 15-к-да ойроттордун (К-дын) өз алдынча Жуңгар хандыгы түзүлгөн. 15-к-дын 2-жарымында бул хандык ичара согуштардан улам бир нече хандыкка бөлүнүп кеткен. 16-к-да бөлүнгөн уруулар биригип, «Дөрбөн ойрот» («Төрт ойрот») союзун тү-зүшкөн. 1635-ж. Борб. Азияда кубаттуу Жуңгар хандыгын түзүшкөн. К. кыргыз, казак, уйгур ж. б. элдер жашаган аймактарга жортуул жасап турушкан. Кыргыздардын бир бөлүгү К-дын кысымы астында Кулябга ж-а Гиссарга (Каратегин, Коргонтөбө аймактары) журт которууга аргасыз болушкан. Бул чабуулдан казактын Улуу ж-а Орто жүз уруу- лары өзгөчө жапа тартышкан. 1758-ж. 1 млндон ашуун К-ды цин-манжурлар кырышкан. Кыргындан аман калгандары Волга боюна кетип, орус букаралыгын кабыл алышкан. Алардын айрым бөлүгү 1771-ж. Жуңгарияга кайра көчүп келишкен. Кыргызстанда Ысыккөл аймагынын түштүк-чыгышында орто кылымдагы ойроттордун бир бөлүгү – сарт калмактар сакталып калышкан.
КАЛМЫРЗА Сарпек уулу (1866, азыркы Чүй р-ну, Онбиржылга айылы–1910, Жумгал өрөөнү, Түгөлсай айылы) – төкмө акын. Сарыбагыш уруусунун чертики уругунан. Ал салттуу мактоо, кордоо ырларын көп жараткан, жамгырдай төгүп ырдаган. Аш, тойлордо жарчы болгон. Ал чын ниети м-н ырдаганда, ырдын объектиси болгон адамды чегине жеткире мактап же кордогон. Анын акындык өнөрүнүн мындай өзгө-чөлүгүн Шабдан Жантай уулун бир нече жолу мактап ырдаганында көрүнгөн. К-нын 1904-ж. Шабдан Мекеге ажыга жөнөгөндө узатып ж-а кайтып келгенде куттуктап ырдаган ырлары элге кеңири таралган. Анын 19-к-дын 2- жарымындагы кыргыз элинин социалдык турмушун даана сүрөттөгөн ырлары 20-к-дын 90-жылдарына чейин изилденбей келди. К. ырларында турмуштагы чындык фактыны көркөмдөштүрүүдө фольк-лорго мүнөздүү апыртуу ыкмасын көп колдонгон. Ошентсе да, ырларында Шабдан ж. б. кыргыз инсандарынын эл кишиси экендигин ачып бере алган. К. кыргыз оозеки поэзиясында айтыш өнөрүнүн чоң устаты, көрүнүктүү өкүлү болгон. Чыгармачылык өмү-рүндө көп акындар м-н айтышкан. Чүй, Талас өрөөндөрүн, Казакстандын Олуяата, Мерке тарабын, Кыргызстандын түштүгүн кыдырып, калкка кеңири таанылган. Ал Чоңду, Көчүбай, Найманбай, Барпы, Сарбас, Эшмамбет сыяктуу акындар м-н айтышкан. Айрыкча анын Найманбай ж-а Куйручук м-н айтышканы калкка кеңири маалым. Ал 1910-ж. Жумгалга барып, болуштук тала-шууда Көкүмбайдан жеңилип калган саяк уруусунун манабы Курманды кордоп ырдаган. Жумгалда Курмандын буйругу м-н киши колдуу болуп каза тапкан. К-нын кыргыз манаптары Көкүмбай м-н Курмандын, Турумбек м- н Мамбетаалынын болуштук талашуудагы туура эмес иштерин мыскылдап ырдаган ырларынын айрым үзүндүлөрү Кыргыз Респ-нын УИАнын кол жазмалар фондусунда сакталып турат.
КАЛПА (ар. «халифа» – «орун басар») – 19-к-да Орто Азияга, а. и. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына таралган сопулардын реакциячыл агымынын өкүлү. Алар Совет бийлигинин алгачкы жылдарында басмачылардын кыймылына активдүү катышкан. К-лар жер-жерлерде эшендин окуусуна элди үгүттөгөн. КАЛПАК – эркектердин баш кийими. Кыргыз ж-а кыпчак уруулары К-ты жасоонун ыкмасын жогорку деңгээлге жеткиришкен. К. бийиктиги, тигилиши, кооздолушу м-н айырмаланган. К-ка агыш (боз), кызгылт түстөгү кылчык жүн керектелген. Кийизи абдан бышык басылган. Жөнөкөй К. кийизден төбөсү бийик (чокчогой), этеги тегерек бычылып, оймо-чийме түшүрүлбөй, төбөсүнө чок (чачы) чыгарылбай, ичтелбей (астарланбай), бир гана тигиш м-н бириктирилип жасалган. Тигиш жагы К-тын маңдайы болгон. 18-к-дын 2- жарымына чейин К-тын төбөсү жапызыраак эки талаа болуп бычылган. Талаалардын кошулган жери тыбыттан ийрилген жип же өрүлгөн кыл м-н милтеленип, чети кыл, шоона м-н кооздолуп саймаланган, төбөсүнө чок тагылган. Этегин кайрып коюу үчүн К-тын эки жеринен тилик калтырылган. 19-к-дын 2-жарымынан К. мурдагыдан да жапыз бычылып, жээги 7–12 смдей кездеме м-н көбөөлөнүп, төбөсүнө чок чыгарылып, жээктерине ж-а талааларына сайма түшүрүлүп, ичтелген (астарланган). Калпак жаш өзгөчөлүктөргө жараша тигилген.
КАЛЧАКЕ уулу Алай (1875, Нарын өрөө-нү, Миңбулак айылы – 1969, ошол эле жер) – болуш, коомдук ишмер. Совет бийлигине чейин болуш болгон жылдарында орустардан үлгү алып, Жеркөчкүгө там, тегирмен, Экичатка мечит, медресе салдырган. Мечитке молдо алдырып, балдарга дин окуусун окуткан. Жер сугарыш үчүн, аймактагы Четбулактын, Белбулактын сууларына арык салдырган. Нарын өрөөнүндө алгачкылардан болуп арпа айдатып, түшүм алган. 1916-жылкы элдик көтөрүлүштө өз элин ачарчылыктан сактап калган. Ал элге алымдуу, кедей-кембагалга кайрымдуу, алдыңкы көз караштагы адамы болгон.
КАЛЫГУЛ Бай уулу (1785, азыркы Ысык-көл р-ну, Карой айлы – 1855) – ири ойчул, нускоочу акын; «Замана» агымынын өкүлү. Сарыбагыш уруусунун манап тукумунан. К. башка акындардан айрымаланып, чоң жы-йындарда ырдабай, айтышка түшпөй, комуз чертпей, ырларын маселдетип, жорго, накыл сөз түрүндө куюлуштуруп, обонсуз айткан; чечендик сөзгө жакын болгон. К. кыргыз ырчылар поэзиясынын башатында турат. Акындардын айрымдары анын ой, идеяларын улантышса, бир даары анын «Акыр заманынын» нугунда чыгармаларды түзүш-көн. К-дун ырлары, санаттары бир бүтүн чыгарма эмес, үзүндү-үзүндү келип, ар бир ыр түрмөгү жыйынтыктуу, корутунду түрүндө кыска айтылып, ар башка мазмундагы, багыттагы бир канча ойду өзүнө камтыйт. Турмуштун ар кандай жактарына ой чаптырылып, коом м-н адамдардын жашоо-сундагы социалдык мааниси терең маселе-лер козголот. Ал жаман-жакшы, марттык-сараңдык, өмүр-өлүм, айкөлдүк- пастык, жүрүм-турум адеби, үй-бүлөлүк, тууганчылык мамиле, турмуш мыйзамы, сулуулук-кооздук ж. б. темадагы, ар башка багыттагы терең ойлорду айткан. К-дун чыгармачылыгын мүнөздөй турган өзүнө гана таандык турмуштук, коомдук-социалдык көз караш, философиялык ой толгоолор, жыйынтык-корутундулар бар. К. арымы кенен нускоочу акын болгон; анын ойлору турмуш-тиричилик жагдайдын тегерегинде гана болбостон, коом, замана, анын келечеги, өлкөнү башкаруу иштери, рухий дүйнөгө кире турган өзгөрүүлөр сыяктуу социалдык курч маселелерге багытталган. Анын «Акыр заманында» («Масел сөздөрүндө») коомдун келечек тагдыры тууралуу конкреттүү ой жүгүртүлөт. Чыгарманын ушул жагы өз мезгилинде, кийин дагы коомчулуктун кызыгуусун туудуруп, жандуу талкуунун, талаш-тартыштын объектиси болуп келди. «Акыр заман» – масел, накыл сөздөрдүн жыйындысын түзүп, бир мазмун, бир бүтүн композициялык түзүлүшкө ээ эмес. Ырга караганда накыл сөзгө көбүрөөк жакын. Байкагыч, сезимтал акын кыргыз коомчулугунун келечек тагдыры, адеп-ахлагы, со-циалдык өзгөрүүлөрү ж-дө алдын ала ой жүгүртүү деңгээлине көтөрүлгөн. К. өз учурундагы көчмөн кыргыз коомунда үстөмдүк кылган патриархалдык- феодалдык нарк-нуска, адат-салттын ыдыроо алдында тургандыгын көрүп, келечекте анын социалдык маңызында, адамдардын кулк-мүнөзүндө, жүрүм-турумунда өзгөрүүлөрдүн болорун негизинен туура баамдаган. К-дун маселдери эл арасына тарап, калк мурасына айланган. Бирок, кийинки учурга чейин ал эскичил акындардын ири өкүлү катары каралып, чыгармачылыгына бир жактуу баа берилип катуу сындалып келди. К-дун колдо бар азыноолак чыгармалары эл оозунан кийинчерээк эле жыйналып, аларды жарыялоо, изилдөө 90-жылдары гана колго алынды.
КАЛЫК Акыев (1883, Нарын облусу, Жумгал р-ну, Кулжыгач айылы –1953, Бишкек) – эл ырчысы, төкмө акын. Кыргыз Респ-нын эл артисти (1939). 1926-жылдан Кыргыз улуттук театрынын, 1936-жылдан Кыргыз филармониясынын артисти. К. 14 жашынан элдин оор турмушу ж-дө ыр чыгара баштаган. 1897-ж. Токтогулга жолуккан, анын өрнөгүн алган, ал К-тын өнөрүн жогору баа-лаган. К-тын чыгармачылыгына Токтогулдун чоң таасири тийген. 1919-ж. Жетисуу облусунун съездине делегат болгон. Айыл кеңешинин төрагасы болуп иштеген. К. Совет бийлигинин жылдарында кыргыз элинин эмгеги, турмушу ж-дө ырдаган. Анын «Калыктын ырлары» (1936), «Өлбөс баатыр» (1940), «Ырлар жана поэмалар» (1940), «Ырлар жыйнагы» (1943), «Тандалган ырлар» (1958) аттуу жыйнактары, «Баскан жол» (1964) баяны ж. б. жарыкка чыккан. Анын айтуусунда «Жаныш Байыш» (1939), «Курманбек» (1938), «Шырдакбек», «Ак мөөр», «Кедейкан» (Т. Сатылганов м-н авторлош; 1938) ж. б. эпикалык чыгармалар, «Бир асыл», «Кара дөө», «Өлбөс баатыр», «Ач карышкыр» аттуу поэмалар жазылып алынган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Анын ысымы м-н Бишкек ш-нын ж-а Чаек айылынын көчөлөрү, мектептер аталган.
КАЛЫҢ – үйлөнүү үлпөтүндө колдонулуучу ырым. К. никелешүүнүн негизги шарты болуп, негизинен малдан турган. Бай үй-бүлөлөр көпчүлүк убакта К. катары жамбы төлөшкөн. Мал м-н төлөгөндө тогуздап эсептелген. К. төлөөдө коомдогу мүлктүк мамилелер даана байкалган. Себеби, К-ды толук бойдон өз убагында оокаттуу, мал-жандуу, урук-туугандуу үй-бүлөлөр гана төлөй алышкан. Кедей үй-бүлөлөр К-ды көп жылга чейин төлөй алышпагандыктан, баласы кеч турмуш курган. Шарт б-ча кудалашууда бычылган К. толугу м-н же бөлүк- бөлүк болуп төлөнгөн. К. төлөнүп бүткөн-дөн кийин гана үйлөнүү тоюна кам көрүлө башталган. К. төлөө кыргыздын салттуу турмушунда үй-бүлөнүн эмес, уруктун жалпы иши болгон. Аны урукташтар чогуу көтөргөн. К. кыздын атасына гана эмес, уругуна төлөнгөн. Кийинчээрек мындай көрүнүш өзгөрүүлөргө дуушар болуп, үй-бүлөнүн өз иши болуп калган.
КАМ – орто кылымдарда түрк элдеринде кеңири таралган шаманизм дининин диний ырасмыларын аткарган ж-а негизги диниятчы милдетин өтөгөн адам. Кийинчерээк бир катар элдерде К. термининин ордуна бакшы, бүбү деген сөздөрдү колдонуп калышкан. Кытай жылнаамаларында да Енисей кыргыздарынын бакшылары «кам» деп айтылат.
КАМАР АД-ДИН – 1368–90-ж. Моголстандын эмири. Дуулат уруусунан. Мангалай Субеден («Башкы аймак») түндүктөгү Сыр-дарыядан Илеге чейинки аймакты бийле-ген. 1365–66-ж. тактыны ээлеп алуу үчүн бир тууганы Шамс ад-Дин м-н бирге төң-көрүш уюштуруп, Тоглук Тимурдун уулу Илйас кожону өлтүрүшкөн. 1368-жылдан өз улусун биротоло өз алдынча бийлеген. 1371-, 1375-, 1383-ж. эмир Темирдин К.а. Д-дин улусун басып алуу аракети натыйжасыз аяктаган. К.а.-Д. Алтын Ордонун ханы Токтомуш м-н согуштук союз түзүп, Мавераннахрга кол салышкан. Ал ийгиликсиз аяктап, К.а.-Д. Иртышка, Алтайдагы Түлөс аймагына качып барып өлгөн.
КАМЧЫ – унааны, малды айдоо үчүн колдонулуучу буюм. К. зарыл учурларда куралдын да милдетин аткарган. Саптан, К-нын өрүмүнөн, бүл-дүргөдөн турат. Сап табылгы, ыргай, четин, кайыңдан ж-а эликтин шыйрагынан (туягы м-н ко-шо) жасалат. К-лар эркектики ж-а аялдыкы болуп шарт-туу түрдө экиге бө-лүнөт. К-нын кармай турган жерине булгаары каптап, кооздук үчүн төкмө чачы тагылат. Анын төмөн жагына К. колдон түшпөс үчүн кайыштан илгич – бүлдүргө бекитилет. К-нын өрүмүнүн башына калай кадалат. Өрүмү жанбас үчүн өрүмдүн башынан, ортосунан, учунан түшкөн түйүмү түйүлөт. Өрүмдүн терме, суйсалма, жылан боор, котур, мокор, музоо тиш, бугу ж.б. түрлөрү бар.
КАН – Кокон хандыгынын чеби. Баткен р-ндагы Дара капчыгайында, Кан айылынын этек жагында, Сох суусунун оң жээгиндеги бийик тектирди бойлой курулган. Жергиликтүү калкка Кудаяр хандын чеби катары белгилүү. 19-к-дын орто ченинде курулган.
КАНААТ ШАА (туулган жылы белгисиз – 1863) – Кокон хандыгына кызмат кылган атактуу аскер башчы. 1846–47-ж. Түркстан ш-нын акими болуп турган. Ташкендеги кокондук бийликтерге моюн сунуудан баш тартып, Бухара хандыгына кетип калган. Кайра Коконго келип 50-жылдардын акыры – 60-жылдардын башында бул хандыктын сая-сий турмушунда көрүнүктүү орун ээлеген (Ташкендин акими болгон). Чүй кыргыздары орус аскерлерине таянып, 1860-ж. август-та Кокон хандыгынан Токмок, Пишпек чептерин бошотуп алганда К. Ш. Ташкенден аскер алып келип, бул чептерди кайра караткан. К. Ш. Пишпекти алгандан кийин Үч-Алматыдан (азыркы Алматы аймагы) орус аскерлерин кууп чыгуу үчүн Узун-Агачтын жанында салгылашта (1860-ж., 18-октябрь) жеңилип, Пишпекке чегинген. Бул чепте ал 1860-ж-дын акырына чейин болгон. Молдо Нияз Мухаммед Хокандинин «Тарих-и Шахрухи» эмгегинде К. Ш-нын аталык деген чини болгондугу айтылат. Мусулман жыл санаты (хижра) б-ча 1279-ж. (1862–63-ж.) К. Ш. Кудаяр хандын тапшырмасы м-н Бухара хандыгына барып, ошол жерден өлтүрүлгөн.
КАНДАГАЙ – жоокерчиликте, балбан күрөштө, эр сайышта, оодарышта кийи-лүүчү кайыш шым. К. тоо текенин, серкенин же жаш бодонун терисинен малмага салынып, ийленип, ышкын түпкө, чүкүрүгө, эңгилчекке же кабыкка боёлуп жасалган. К. абдан кенен, согончокко жете узун, кашатынын карышча жери эки кат шырылып, тигиштерине башка түстөгү жаргактан милте коюлуп, кош тарамышталып тигилген. Кашатындагы көңдөйгө жоон кайыш ычкыр өткөрүлгөн.
КАНАТХАН,Канат Ыбыке уулу(туулганжылыбелгисиз, Кочкорөрөөнү–1916, Алматыш.)–1916- ж-дагы улуттук боштондук күрөшүн жетектегендердин бири. Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болуштугунун эли өздөрүнүн болушу К-ты хан көтөргөн ж-а ага баш ийүүгө ант беришкен. Ал 30–40тай барданке, кош ооз түтөтмө мылтык, бинтон, негизинен шыргый найза, айбалталар м-н куралданган 2–3 миңдей аскери м-н август айынын башында, Кочкордон Шамшынын бели аркылуу Чүйгө аттанган. Анын аскерлери Чүйдөгү орус кыштактарын талкалап, 13–22-августта Токмок ш-н камалаган. К. х. жетектеген көтөрүлүшчүлөр Алматы, Ташкенден келген 1,6 миң падыша аскерлери м-н беттешип, замбирек, мылтык м-н куралданган регулярдуу аскер бөлүктөрү м-н жан аябай салгылашкан. Бирок көтө-рүлүшчүлөр жеңилүүгө учураган. К.х. колго түшүп, падыша өкмөтү тарабынан атылган.
КАНДӨБӨ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 6–12-к-га таандык шаардын калдыгы. Ысыккөл аймагында жайгашкан. Шаар үч бөлүктөн: айланасы жал м-н курчалган борб. бөлүгү (цитадель) ж-а анын айланасындагы шаардыктардын турак жайлары, курулуш имараттары (шахристан) жайгашкан. Шахристан дубал м-н курчалган. Шаар жалпысынан сыртынан кош жал м-н курчалып, Тоң суусуна кошулган. Жалдардын аралыктарындагы аянттарда карапайым калктын, кол өнөрчүлөрдүн ж-а дыйкандардын турак жайлары, ал эми шаардын борб. бөлүгүндө ж-а шахристанда шаар башкаруучулардын, дөөлөттүү адамдардын турак жайлары, чарбактары жайгашкан. Археол. изилдөөлөрдө чарбалык мүнөздөгү курулуш имараттары, темирден жасалган буюмдар, тыйын, карапа, жаргылчактар, бышкан кыштардын калдыктары табылган. Шаар ж-дө маалыматтар орто кылымдардагы жазма булактарда кездешип, Улуу жибек жолундагы 8–12-к-дагы Тоң ш. м-н салыштырылат. Бул шаар тууралуу 19-к-дын 70-ж-нда В. В. Герн, Н. В. Сорокин, В. П. Поярков, С. М. Дудиндин маалыматтарында, о. эле В. В. Бар-тольддун эмгегинде эскертилет. Археологдор А. Н. Бернштам ж-а Д. Ф. Винник тарабынан изилденген.
КАНЖАР, ш а м ш а р – бетме-бет кармашууда саюу үчүн колдонулуучу кош миздүү курал. Мыкты болоттон толтолонуп, катуу жыгачтан, сөөктөн, мүйүздөн кооздолуп сап жасалат. Анын тагынууга ыңгайлуу асемделген кыны болот. Кынындагы бүлдүргөсү м-н курга бекитилет.
КАНИМЕТОВ Абдылда (1928, Ысыккөл облусу, Жетиөгүз р-ну, Шалбаа айылы – 2002, Бишкек) – тарых ил- нин доктору, проф. (1968). 1950-ж. Москва мамл. ун-тин бүткөн. 1950–55-ж. Кыргызстан ИАнда ил. кызматкер. 1955–59-ж. Кыргызстан КП БКга караштуу партиялык мектепте окутуучу, кафедра башчысы, директордун орун басары. 1958–61-ж. Кыргызстан КП БКнын илим, мектеп ж-а жогорку окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы. 1961–62-ж. Кыргыз ССР Ми-нистрлер Советине караштуу жогорку ж-а атайын орто билим берүү б-ча комитеттин төрагасы. 1962–77-ж. Кыргыз ССР элге билим берүү министри. 1977–88-ж. Кыргызстан ИАнын Тарых ин-тунун директору, 1989-жылдан ошол эле ин-тта жетектөөчү ил. кызматкер. Анын ил. эмгектери Кыргызстандагы маданий курулушка, элге билим берүүнүн ж-а Интергельпонун тарыхына арналган. 200дөй ил. макаланын, а. и. 40тай монография, окуу китептеринин автору. Кыргыз Респ-нын Жогорку Советинин (1962–79) депутаты. 3 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар м-н сыйланган.
КАН ТАЛАМАЙ, у п а й – чүкө оюну. Оюнга катышуучулардын макулдашуусу б-ча бир нече басым же үчүм (үч чүкө) чүкө ортого салынып, арасында кан аталган өзгөчө түстөгү бир чүкө же сака кошулат. Оюн ат калчашуудагы ирет б-ча башталат. Оюнга салынган чүкөлөрдүн бир адам кош чеңгелдеп, кийиздин үстүнө жая чачат. Кан таа түшсө оюнчулар чачылган чүкөлөрдү талап киришет. Шамдагай оюнчу канга, чүкөлөрдүн көбүнө ээ болот. Ушундан улам бул оюн К.т. деп аталат. Чүкөлөр талангандан кийин ким канча чүкө алганы эсептелип, албай калгандары башка чүкөсү болбосо, оюндан чыгып калат. Канды алган киши оюнду кайра баштайт. Улам кийинки оюнга чогултулган чүкө ар бир оюнчудан бирдей санда чыгарылат. Андан артып калган чүкөлөр утуш катары ар бир оюнчуда кала берет. Калчаганда кан таа түшпөй калса, канды, чүкөлөрдү талоого болбойт. Оюнчулардын макулдашуусу б-ча кан таланбай да ойнолот. Калчаган киши сөөмөйүнүн учу м-н чачылган чүкөлөрдү чигени чиге м-н, бөгөнү бөгө, тааны таа, алчаны алча м-н башка чүкөлөргө тийгизбей таамай атса, атылган чүкөнү алат. Макулдашуу б-ча оюнчу беш үчүм, же үч үчүм, же бир үчүм атып алгандан кийин канды атат да, аны атып алса, кийинки оюнду баштоого укук берилет. Жыдыганга чейин атып алган чү-көлөр ж-а кан анда калат. Ок чүкө аткан чү-көгө тийбей калса же башка чүкөгө тийип кетсе, жыдып, чүкөлөрдү калчоо укугу кийинки оюнчуга тиет.
КАҢГҮЙ, К а н г х а, К а н г д и з – Орто Азиядагы байыркы мамл. бирикме. Арал деңизинин боюн, Амударыя м-н Сырдарыянын аралыгындагы бир катар жерлерди, Хорезм, Ташкен, Талас суусуна чейинки түндүк Теңиртоо аймактарын камтыган. К. мамл-не беш дубан (Сусе, Фуме, Юени, Ги, Юегянь) караган. 120миңдей аскери, алты жүз миңдей калкы болгон. К. мамл. б. з. ч. 2-к-да усун уруулар союзу ж-а Дабан мамл. м-н элчилик, соода ж-а маданий байланышта болгон. К. б. з. ч. 1-к-дын ортосунда хунн-дардын кытайларга каршы канатын колдогон. Б.з. 1-к-нда кушандыктар м-н алака түзүп, К. падышасынын кызына Кушан өкүмдары үйлөнгөн. Б. з. 1–3-к-нда Хорезм ж-а Ташкен аймагын Кушан мамл-не тарттырып жиберген. Байыркы жазма булактарында б. з. 287-ж. К. элчилери Кытайдын Батыш Цзин, 379-ж. Эртецин, 437-ж. Вэй падышалыктарына келгендиги баяндалат. К-лөр этностук компоненттер катары соңку түрк элдеринин курамдарына (кыргыз, казак, түркмөн, азербайжан, башкыр, ногой, крым татарлары, каракалпак ж.б.) жуурулушуп кеткен.
КАҢЛЫ, к а н д ы – б. з. ч 3–1-к-дагы түрк уруулар бирикмеси. Сырдарыянын орто агымындагы өрөөндө жайгашкан. Борб. – Отрар ш. болгон. Түрк тилдүү каңгүйлөр зороастризм динин тутуп күнгө, айга ж-а айрым жапайы аң жаныбарларга сыйынышкан. Усундардын көрсөткөн кысымынан каңгүй уруулары түндүк хунндар байырлаган аймактарга көчүп өтүшкөн. Алар алан-сармат, хазар, согду, эфталиттерге, Батыш Түрк кагандыгына, арабдарга, Караханийлер дөөлөтүнө каршы күрөшүшкөн, айрым учурларда көз каранды абалда да болуп турушкан. Кыпчак үстөмдүгүнөн мезгилинде К-лар кыпчак уруулук союзуна компонент катары кирип, 13-к-да К-лар кыпчактардын орчундуу бөлүгүн түзүп калышкан. Рашид ад-Дин К-лар Элуй Сирас ж-а Көк Ирдыш (Иртыш) дарыяларынын ортосунда наймандар м-н бирге кыргыздарга жамаатташ жайгашкандыгын жазат. Болжолу 11–13-к-да К-лардын бир бөлүгү Жетисуудан түндүк-чыгыш тарапта көчүп- конуп жүрүшкөн. Ушул мезгилде Хорезм шахтарынын мамл-нин сая-сий турмушунда К-лардын таасири күчтүү болгон. Абу-л Гази К-ларды огуз уруулары м-н Ыссыккөл, Жулы, Телашта (Талас) жамаатташ жашагандыктарын баяндайт. Плано Карпини ж-а Рубрук 13-к-да К-ларды Сырдарыянын төмөнкү агымына, Каракумга чектеш аймактарга жайгаштырышат. 13-к-да К-лар Орто Азиядагы эбегейсиз зор аймакка (огуз- кыпчак этностук чөйрөсүнө) чачырап кетишкен, К-лар бүгүнкү ногой, каракалпак, казак, крым татарлары ж.б. элдердин этностук пайдубалын түптөөгө катышкан негизги этнокомпонент. К уруусун кыргыздардын курамындагы Булг(а)чынын тукумдары катары 16-к-да Сайф ад-Дин Аксыкенди тарабынан жазылган «Мажму ат-Таварихте» эскерилет.
КАП – таардан жасалган идиш. К. чарчылана бычылып, жээги кыюуланып, ар кандай өлчөмдө тигилет. К. кара ж-а ак жиптерден жөнөкөй согулган таардан жасалат. К-тын ооз жагынын эки жанына өрмөк жибинин калдыгынан эшилип же өрүлүп жасалган эки кулак тагылат. Бирөөнө буугуч жип байланат. Кичине К. дорбо, чоң К. зумбал деп аталат.
КАПИТАЛИЗМ – 1. капитал сөзү 12–13-к-да Италияда пайда болгон; «баалуулук, товарлардын запасы, процент алып келүүчү акча» маанисин түшүндүргөн ж-а ушул маанисинде Европага таркаган. 17-к-да Голландияда капитал ээси – капиталист деген сөз келип чыккан. Ал эми К. термини 19-к-дын 50-ж-нда пайда болгон, бирок кеңири колдонулган эмес; 2. марксисттер бул сөзгө идеологиялык маани чөгөрүшкөн. Марк- систтердин аныктамасында К. – бул Батыш Европа өлкөлөрүндөгү өнөр жай төңкөрүшү аяктаган соң, жалданма эмгекти эксплуатациялоого ж-а өндүрүш каражаттарын жеке менчикке негиздөөгө багытталган коомдук түзүлүш. Мындай коомдук түзүлүшкө (капиталисттер м-н пролетариаттын ортосундагы) ички карама-каршылык мүнөздүү деп белгилешкен.
КАПКА – жыгачтан ж-а темирден жасалган дарбаза. К. бийик сепил м-н курчалган шаар, кербен сарай, мечит ж-а турак жайга кире бериш жерде орнотулган.
КАПКАН – аңчылык куралы. Жапайы жаныбарларды кармоо үчүн колдонулат. К. м-н аң уулоону кесип кылган адам капканчы деп аталган. К-дын жалпы түзүлүшү бирдей. К-дын чарыш жиби м-н кийизин аң уулоочу жаныбар басканда тээк тайып, жаактын серпилгич күчү м-н кош серпөөрү кыймылга келип, жаныбардын бутунан чаап калат. К-дын өтө жөнөкөй түрү ор К. Ал жаныбар өтүүчү жолдогу аңгекке коюлуп үстү билинбегендей кылып чырпык, чөп-чар м-н жабылган; 2-түрү таш К. – жалпак таштын үстүнө экинчи жалпак ташты сөөмдөй жыгачка жөлөп (тээктеп), ага байланган үстүңкү жалпак таш тээктен тайып, жемди жегени жаткан жаныбарды тутуп калган; 3-түрү жуткуур К. – суу ичинен кундуз кармоо үчүн колдонулган. Темир К. жаагына карата сыңар же жалгыз жаак К. ж-а кош жаак К.; жаныбарга карата аюу К., карышкыр К., суур К. деп бөлүнөт. К-дын бүткүл тетиктерин бириктирген эң астыңкы тегерек жалпак темири – чара, кош серпөөрдү кыймылга келтирүүчү серпилгич кош кат темири – жаак, жаак жогору серпкенде чабылып, аңды кармап калуучу жаа түрүндөгү тиштүү ж-а тишсиз бөлүгү серпөөр деп аталат. К-дын жаагындагы серпөөрүн ачып, аны ошол абалында кармап туруучу кошоктолгон кош жыгач тээк деп аталат. О. эле К-дын тээк жип же чарыш, кийиз, айлампа, чынжыр, казык, токмок сыяктуу бөлүктөрү болот. К. азыр да мергенчиликте кеңири колдонулат.

#26 13 August 2014 - 16:49
КАПЧЫГАЙ ПАЛЕОЛИТ «ӨНӨРКАНАСЫ» – төмөнкү палеолит дооруна таандык таш куралдар эстелиги (устаканасы).
Кадамжай р-нундагы, Марказ айылынан 20 км түштүк тарапта жайгашкан. Арпалык тоосунун капчыгайында таш курал жасоочу оттук таш тегинин катмары табылып, мустье доорунда ушул жерден таш куралдарын жасашкан. Археолог П. Т. Конопля тарабынан ачылган. Кийин А. П. Окладников тарабынан изилденген.
2001-жылдан А.П.Деревянко ж-а А.Н.Зенин жетектеген россия-кыргызстандык палеолиттик топ тарабынан изилденип жатат.
КАРА БОДУН, КАРА БУДУН – 6–12-к-да түрк элдеринде калктын жалпы аталышы. «Кара» сөзү «калың», «көп», «улуу» маанисин да туюнткан. Бул термин руна сымал жазуу эстеликтеринде көп кездешет. КАРАБУЛАК
КӨРҮСТӨНҮ б. з. 2–4-к-на таандык дөбө мүрзөлөр Баткен облусунун Баткен р-нундагы Карабулак айылынан 2 км түштүктө Түркстан тоо кыркаларынын этегинде жайгашкан. 900дөн ашык мүрзөлөр ж-а таш корумчалардан турган байыркы көчмөн уруулардын казанактуу, төрт бурчтуу жөнөкөй көрлөрү. Жергиликтүү калк Мыктын көрлөрү деп аташат. Көрүстөндүн жалпы аянты 1500 м х 150–250 м. Мүрзө- лөрдүн диаметри 6–25 м, бийиктиги 0,30–1,7 м. Сөөк казанактуу ж-а жарма көрлөргө коюлган. Өлүктөрдүн баштарына саман же арча бүчүрлөрүн төшөп, табытка салып көмүшкөн. Көпчүлүк көрлөрдө өлгөндөр чалкасынан жаткырылган, аз болсо да буттары ийдирилип, оң жак капталына коюлгандары да кездешет. Өлүктөрдүн баштары түштүккө багытталган. Мүрзөлөрдөн чопо ж-а жыгач идиштер, темир бычак, жаңгак, койдун сөөктөрү салынган себеттер, отургучтар ж.б. буюмдар көп табылган. Эркектер көмүлгөн мүрзөлөрдөн канжар, жебенин учтары, ал эми аялдар коюлган көрлөрдө мончок, сөйкө, коло күзгү, ийиктин башы, себеттер көбүрөөк кездешкен.
КАРАДАРЫЯ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – б. з. ч. 4–1-к-га таандык шаардын калдыгы. Өзгөн ш-нан 15 км түштүк-чыгышта Карадарыя суусунун оң тарабында, бийик секиде жайгашкан. Тегерете аң м-н курчалып, чарчы сымал дубал м-н бекемделген. Дубалдын уз. 320–330 м; кароол мунаралары бар. Батыш тарабында дубалга жакын сепил жайгашкан, анын дубалынын бийиктиги 10 м. Археол. изилдөөлөрдө Шоробашат маданиятына мүнөздүү (б. з. ч. 4–1-к.) оймо-чиймелер м-н кооздолгон, ар түскө боёлгон карапа идиштери, чоподон жасалган ийиктин баштары, темир тегерек шакекчелер табылган. Бул эстеликти Ю. А. Заднепровский ж-а Д. Ф. Винник изилдешкен.
КАРАЕВ Өмүркул (1930, Чүй облусу, Чүй р-ну, Сайлык айылы – Бишкек) – тарых ил-нин доктору (1984), проф. (1994). 1953-ж. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1952–58-ж. Ош облусунун мектептеринде мугалим. 1963-жылдан Кыргызстан ИАнын Тарых ин-тунда ил. кызматкер, сектор башчысы, 1987-жылдан кол жазма ж-а жарыялоо бөлүмүнүн башчысы. Анын ил. эмгектери байыркы ж-а орто к-дагы кыргыз тарыхынын проблемаларына, моголстандын тарыхын изилдөөгө арналган, о. эле кыргыз элинин өз алдынча этнос болуп түзү-лүшүн, анын тарыхый убактысын баамдоодо жаңы көз-карашты киргизип, бир топ талаш маселелерди баяндаган ил. иштерди жараткан. К. кыргыз илимпоздорунан чыккан 1-арабист. 50дөн ашык ил. эмгектин автору.
КАРАКАШ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 6–5-к-дагы көчмөн сак урууларынан калган мүрзөлөр. Токтогул р-нунун борбору Токтогул шаар тибиндеги кыштактын түндүк-батыш тарабында. Ондон ашуун дөбө мүр-зөдөн турат. Мүрзөлөрдү казганда чопо идиштер, кийимге кадалуучу алтын каңылтырлар ж. б. табылган. Мүрзөлөрдүн би- йиктиги 4–6 м, диаметри 35–45 мге жет-кен. Айрымдарынын үстүндөгү дөбө үчүн 2000 м3 топурак, 1000 м3 таш, 6–7 м3 арча жумшалган.
КАРАКЕЕВ Курман-Гали (1913-ж. т., Ысыккөл облусу, Түп р-ну, Күрмөнтү айылы) – мамл. ишмер, тарых ил-нин доктору, проф. (1971), Кыргызстан ИАнын акад. (1960), Кыргыз Респ-нын мамл. сыйл. лауреа-ты (1970), Кыргыз Респ-нын илимге эмгек сиңирген ишмери (1972). Ысыккөл а. ч. техникумун (1933), КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепти (1946), Кыргыз мамл. пед. ин-тун (1956), КПСС БКга караштуу Коомдук ИАсын (1959) бүтүргөн. 1933–34-ж. «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, редактордун орун басары, 1934– 36-ж. ВЛКСМ Кыргыз аткомунда бөлүм башчы, 1938–39-ж. «Коммунист» журналынын башкы редакторунун орун басары, 1939–44-ж. Кыргызстан КП Фрунзе обкомунун пропаганда ж-а агитация бөлүм башчысына орун басар, Тяньшань, Ысыккөл обкомдорунун катчысы, 1946–49-ж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, 1949–52-ж. Кыргызстан КП БКнын үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысы, 1952–57-ж. Кыргызстан КП БКнын катчысы, 1960–78-ж. Кыргызстан ИАнын президенти. Андан кийин тарых ин-тунда бөлүм башчы. К. респ-да ил. мекемелерди уюштуруу ж-а өнүктү-рүүдө зор салым кошуу м-н илимдин өнү-гүшү, ил. изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун көтөрүү, илим м-н өндүрүштүн байланышын чыңдоо ж-а жогорку квалифика-циялуу адистерди даярдоо б-ча көп иш жүргүзгөн. Анын Кыргызстандын, а. и. Ысыккөл кылаасынын тарыхына арналган 250дөй ил. эмгектери бар. «Кыргыз ССР тарыхынын» авторлорунан ж-а редакторлорунун бири. Эмгектери негизинен маданий курулуштун айрым маселелерине, улуттук байланыштын теориясы м-н тарыхына ж-а респ-кадагы илимдин өнүгүш тарыхына арналган. 1952–56-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, 1947– 63-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1962–79-ж. СССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы, 4 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
КАРАКМАТ КӨРҮСТӨНҮ – Кетментөбө өрөөнүнүн Каракмат жергесинде жайгашкан коло дооруна таандык мүрзөлөр. Алар таш, топурак м-н үйүлгөн жүзгө жакын дөбөчөлөрдөн, төрт чарчы көлөмдүү коргончолордон турат. Чопо идиштердин сыныктары, өрттөлгөн адамдын сөөгүнүн калдыктары табылган.
КАРАКОЛ КЕНЧИ I 1884-ж. Караколдон табылган. Кенч коло дооруна тиешелүү төрт буюмдан турган: бычак, көзөөч, шынаа сымал көлөмдөгү уңгусу жок керки ж-а көзөөч сымал керки. Көзөөч сымал керкинин жасалыш ыкмасы жогорудагы куралдардан кескин айырмаланып, Болгария м-н Румыниянын чегарасында жайгашкан Гумельница энеолит маданиятынын буюмдарына жакын. Болжолу бул буюм К. к-не соода байланышы аркылуу кошулуп калган болуу керек. К.к. Москва ун-тинин антропология музейинде сакталууда. КАРАКОЛ КЕНЧИ II Ысыккөлдүн түш-түк-чыгыш тарабындагы Каракол айылынын жанынан 1976-ж. табылган. Кенч кеч коло доору ж-а эрте темир дооруна тиешелүү беш канжардан турат. Канжарлардын уз. 29,5 см, туурасы 5,2 см. Кээсинин сабынын башында жылкынын, койдун сөлөкөттөрү түшүрүлгөн. Ар түрдүү калыпта куюлуп, көлөмдөрү бири-биринен айырмаланганы м-н негизги жасоо ыкмалары, саптарынын башында жаныбарлардын келбеттеринин түшүрүлүшү б-ча булардын бир устанын колунан чыккандыгын далилдеп турат. Д. Ф. Винник, Е. Е. Кузьмина жылкынын ж-а койдун келбеттеринин түшүрүлүшүн коло доорундагы элдердин мифологиясында, фольклорунда бул жаныбарлардын кеңири тарашы м-н байланыштырышат.
КАРАКОРУМ (моңголчо Хара-Хорин) – Моңгол мамлекетинин 13–14-к-га таандык борбор шаары. Азыркы Моңголиянын түштүгүндөгү Орхон дарыясынын жогорку агымында жайгашкан. 1220-ж. Чыңгыз хан тарабынан негизделген. Бул аймакта Үгөдөй (Угедей) хандын ак сарайы, кол өнөрчү-лөрдүн айылдары, зыяратканалар сакталып калган. 1293-ж. моңгол нойону кыпчак Тутуха Хайду тарапта согушкан енисей кыргыздарынын бир бөлүгүн К. тарапка көчүр-гөн. К-дун айланасынан сөөктү өрттөп көм-гөн кыргыз көрүстөндөрү табылган.
КАРАКӨЛ КЕНЧИ – 11-к-га таандык казына. Колодон жасалган эки кесе, кумган ж-а эки тулгадан турат. Токтогул р-нунун Каракөл ш-ндагы Комсомол көлүнүн ордун тегиздөө учурунда байыркы шаардын урандыларынан табылган.
Кеселерге кооз оймо-чиймелер түшүрүлүп, кумганга араб тамгасы м-н «Ахмад жасады» деп жазылган.
КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯ ОБЛУСУ 1924-ж. 14-октябрда РСФСРдын курамында түзүлгөн. 1925-ж. 25- майына чейин ушул аталыш м-н аталган. 1924-ж. Орто Азиядагы жооптуу кызматкерлердин улут маселесине арналган жыйынында И. Арабаев сүй-лөп, негизги баяндамада кыргыздар туу-ралуу таптакыр сөз болбогондугун сынга алган ж-а кыргыздар (кара кыргыздар) өз автономиясын түзүп, анан кайсы федерация-га же респ-га кирүү тууралуу өз алдынча чечип алуусу керек деп, баса белгилеген. Бул жыйында И.Арабаев азчылыкты түзүп калып, кыргыздардын жери Кыргыз (б. а. Казак) Респ-нын алкагына киргизилери тууралуу сунуш жактырылган. 1924-ж. 14-октябр-да Москвада Бүткүл союздук аткомунун 2-сессиясы Орто Азия элдеринин улуттук-мамл. бөлүнүшү ж-дө чечим кабыл алган. Бул чечимге ылайык, К. К. а. о. түзүлүп, ал РСФСРдын курамына киргизилген. Жаңы түзүлгөн К. К. а. о-нун большевиктик- пар-тиялык жетекчиси болуп И. Каменский, облустун Революциячыл (б.а. Аткаруу) комитетинин төрагалыгына И. Айдарбеков бекитилген. К. К. а. о-на Түркстан АССРинин Жетисуу облусунун Каракол, Нарын, Бишкек, Ош уезддери, Анжиян уездинин 10 болуштугу, Наманган уездинен 10 болуштук, Фергана облусунун Кокон уездинен 2 болуштук, Сырдарыя облусунун Олуяата уездинен (Талас участогу) 14 болуштук кирген. Облус-тук статистика бюросунун маалыматы б-ча калкы 828,3 миң адамды түзгөн. Анын 63,5%и кыргыздар, 15,4%и өзбектер, 16,8% орустар болгон. Бөлөк улуттар 4,3%ти түз-гөн. Автономиялуу облустун аймагы 200 миң км2ге жетип, облуста 6 шаар, 321 айыл-кыштак ж-а 5 хутор болгон. 1925-ж. 27–30-мартта Пишпек ш-да К.К.а.о-нун Кеңешинин алгачкы уюштуруу курултайы өткөрү-лүп, ага 135 делегат катышкан. Каралган маселелердин бири – конституциялык мазмундагы «Кара Кыргыз автономиялуу облусу тууралуу Жобо» деген документ эле. Курултай 30-мартта облустун Аткомун (51 мү-чө ж-а 12 талапкер) шайлап, ага мамл. бийлик өткөрүлүп берилген ж-а Революциячыл комитет өз күчүн жоготкон. Курамына Айдарбеков, Абдыракманов, Каменский, Султанаев ж-а Кизин кирген атайын комиссия түзүлүп, ага облустун (конституциялык) Жобосунун долбоорун түзүү иши тапшырылган. Ушул эле курултайда «кара» сөзүн расмий аталыштан алып салуу ж-а өлкөгө облустук эмес, автономиялуу респ. деп берүү тууралуу сунуштар көтөрүлүп чыккан. 1925-жылдын 25-майынан өлкөнү расмий аталышынан «кара» сөзү алынып салынып, Кыргыз автономия облусу аталып калган.
КАРА КЫТАЙ МАМЛЕКЕТИ – 1130–1213-ж. Кашкар, Жетисуу, Казакстандын түштүк ж-а Мавераннахрдын чыгыш аймагындагы мамлекет. Түндүк Кытайдагы Ляо мамл. (907–1125) чжурчжендер тарабынан талкалангандан кийин бул мамл-тин негизин түзгөн кара кытайлардын (кидан) бир бөлүгү Елүй Дашинин башкаруусу м-н Моңголияга кеткен. Ал жерде Елүй Даши Бей Ляо (Түндүк Ляо) мамл-н негиздеп, өзүн император жарыялаган. 1128-ж. анын аскерлеринин алгачкы тобу Кашкарга кол салып кайткан. 1130-ж. Караханийлер мамл-н басып алган. Елүй Даши (аны «Манас» дастанындагы Жолойдун прототиби деген божомол бар) өзүн «Гурхан» (көл хан, улуу каган) жарыялаган. Борбору Баласагун ш. (Кузбалык, Түштүк ордо деп да аталган) болгон. К. к. мамл-не Түндүк Кыргызстан гана баш ийген. Башка аймактарды жергиликтүү Караханийлер династиясынын өкүлдөрү башкарган. Калкы ар кыл динди (ислам, несториан, буддизм, еңирчилик ж. б.) туткан. 1210-ж. Чыңгыз хандан жеңилген найман ханынын уулу Күчлүк (Батыш Моңголия) Жетисууга келип, аны гурхан кабыл алган. 1212-ж. Күчлүк козголоң чыгарып, бийликти тартып алып, 1218- жылга чейин мамлекеттин кыйла бөлүгүн башкарган. К. к. м-нин калкынын негизин түрк элдери түзгөндүктөн, кидандар аларга жуурулуп кеткен.
КАРАЛАЕВ Саякбай к. Саякбай
КАРАМОЛДО Орозов, өз аты Токтомамбет (1882, азыркы Ысыккөл р-ну, Корумду айылы – 1960, ошол эле жер) – залкар комузчу ж-а күүчү. Кыргыз Респ-нын эл артисти (1935). Муратаалы Күрөңкеевден таалим алган. 1928-ж. анын 30дай күүсүн А. В. Затаевич нотага түшүргөн. 1931–36-ж. Кыргыз музыкалуу драма театрынын, 1936–54-ж. Кыргыз филармониясынын артисти. 1958–60-ж. М. Күрөңкеев атн. муз. окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө сабак берген. Кыргыз искусствосунун (1939) ж-а адабияты м-н искусствосунун (1958) Москвада өткөн эки он күндүгүнө, 1942–44-ж. Орто Азия ж-а Казакстан Респ-нын Бишкекте, Ташкенде өткөн музыкалык он күндүгүнө катышкан. Элдин өткөн турмушун баяндаган «Сынган бугу», «Көкөй кести», «Такмаза», «Жөө калды», «Кара өзгөй», «Чоң кербез», о. эле акыл-насыят ж-а философиялык маанидеги «Насыйкат», «Ибарат», «Дүнүйө» «Шайыр камбаркан», «Колхоз камбарканы», «Атчандар шыңгырамасы» ж. б. күүлөрү бар. К-нун көп күүлөрү (мис., «Ибарат», «Сынган бугу», «Көкөй кести») бир нече симфониялык ж-а опералык чыгармаларга, о. эле Кыргыз мамл. филармониясынын эл аспаптар оркестринин репертуарына негиз болуп кирди. Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Т. Сатылганов атн. Эмгек Кызыл Туу ордендүү Кыргыз мамл. филармониясынын эл аспаптар оркестрине ж-а Нарын ш-ндагы музыкалык мектепке ысмы берилген.
КАРАПЧЫ – жоокерлердин коргонуучу куралы. Ал билекке, колдун кырк муунунан чыканакка чейин кийгизилген. К. катуу жыгачтан, булгаары же кайыш капталган ширеден, кийин металлдан жасалган. Чокмор, шылк этме, ай балта, кылыч, канжарга окшогон куралдардан коргонуу үчүн К. колдонулган. К-ны атчан жоокерлер пайдаланган.
КАРАСААДАК – 11–12-к-дагы феодалдык чарбак-сепилинин калдыгы табылган жер. Куршаб суусунун Карадарыяга куйган жерине жакын. Чарбактын аянты 30х30 м; дарбазасы түндүк тарабындагы дубалдын ортосунда болгон. Турак жай ж-а чарбалык курулуштар дубалдарды бойлото салынган. Алардын айрымдарынын тамандарына бышкан кыш төшөлгөн. Казуу учурунда очок, меш, тыйын, жаргылчак ж. б. табылган.КАРАСААДАК КӨРҮСТӨНҮ – 1–5-к-га таандык дөбө мүрзөлөр. Куршаб суусунун Карадарыяга куйган жерине жакын жайгашкан. Диаметри 5–20 м, бийиктиги 0,5–1,5 м келген 60тай мүрзөдөн турат. Адамдын сөөгү казанактуу көргө коюлган. Булардын ичинен 12 мүрзө изилденип, ар кандай формадагы ж-а чоңдуктагы карапа идиштер, темир бычактар, асем буюмдар ж. б. табылган.
КАРАТЕГИН КЫРКА ТООСУ – Тажикстандагы Гиссар кырка тоосунун түштүк тармагы. Уз. 80 кмдей, бийиктиги 3950 мге жетет. Бул тоолуу аймак аркылуу Памир-Алай, Фергана, Түндүк Ооганстандын элдери эзелтеден эле бири-бири м-н байланышта болушкан. Кыргыздар бул аймакты 10-к-га чейин эле байырлап келишкен. Аймакты иран тилдүү калктар кийинчерээк өздөш-түрө баштаган. Кыргыз санжыраларында Каратегин сел жүрүп, көчкүдө курман болушкан Кара ж-а Тегинайдын атынан келип чыккан деген маалыматтар айтылат. Бул аймакты кыргыздын ичкиликтер ж-а оң канаттын (мунгуш уруусунун бир бөлүгү) өкүлдөрү байырлашкан.
КАРАТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ – б. з. 1–6-к. хунн урууларынан же усундардан калган дөбө-мүрзөлөр. Кетментөбөдөгү Көөдүл кыштагынын жанында. 350дөн ашык мүрзөдөн турат. Казанактуу 80 мүрзө изилденген. Алардан карапа, жыгач идиштер, койдун жамбаш ж-а куймулчак сөөктөрү, бычак, жаа, темир учтуу жебелер, темир тогоо, акак таш чөгөрүлгөн алтын сөйкө табылган.
КАРАХАНИЙЛЕР МАМЛЕКЕТИ – 940–1212-ж. Орто Азиянын, а.и. Кыргызстандын аймагындагы мамлекет. Анын калыптануусуна ошол учурда Борб. Теңиртоодо жашаган чигил (жикил), ягма, карлук, аз, тухси уруулары чоң роль ойногон. Башкаруучу династия чигил уруусунан чыккан. Алар К.м. же дөөлөтү анын биринчи башкаруучусу Сатук Абд ал-Керим Карахандын ысмынан аталган. Ал дайыма Суусамыр жайлоосунда жайлап тургандыгы, күндөрдүн биринде ага кымызга кошуп уу берүү аракети жасалгандыгы ж-дө маалымат да сакталып калган. Сатук Абд ал-Керим 955-ж. каза болуп, анын сөөгү Кыргызстандын аймагындагы ошол учурдагы ири шаарлардын бири – Артушка коюлган. Анын эки уулу (Байраш Муса ж-а Сулайман Илек) болгон. Мамлекетти башкаруу иши тун уулу Мусага тийди. Арслан-хан деген наам м-н падыша болуп жарыяланган. Ислам динин чыңдоо максатында 960-ж. Баласагун ш-нда ислам мамл. дин деп жарыяланып, атайын мыйзам м-н бекитилген. Өз мамл-нин чегарасын кеңейтүү ж-а бекемдөө үчүн күрөштөрдүн биринде 918-ж. Муса Арслан-хан каза болуп, анын сөөгү Кашкар ш-на коюлган. Караханийлер дөөлөтүнүн башкаруучулары күрөштү эки багытта: Исфижаб (Чымкен) ш-нда ж-а Фергана өрөөнүндө жүргүзүшүп, ийгиликтерге жетишкен. 1032-жылдан кыргыздар жашаган бардык аймак Арслан хандын уулу Тамга Карахан Аалы Асанга өткөн. 1069-ж. Жусуп Баласагундын «Куттуу билим» дастаны ушул ханзадага арналган. К. м-нин учурунда маданият өнүгүп, зор имараттар курулган. М. Кашгари, Ж. Баласагун өзүлөрүнүн белгилүү эмгектерин жаратышкан. К. м-нин тушунда эң үлгүлүү мамл-ти башкаруу аппараты түзүлгөн. Өзгөн ш-нда атайын имараттар курулган. А. Бернштамдын маалыматы б-ча Өзгөндө-гү комплекстин 1112-ж. курулган 1- имараты Карахан мураскери Аалы Кылычка арналса, ал эми экинчиси 1187-ж. курулуп, Кылыч Тамгага арналган. Кыргыздар ж-а түркий тилде сүйлөгөн башка элдер тарабынан түзүлгөн К.м. батыш тарапка кеңейип, Шаш (Ташкен), Самаркан, Бухарага чейинки аймактарды жеңип алышкан. Самаркандыктардын династиясынын жашоосун токтоткон, саясий күрөштөргө активдүү катышып, 1212-ж-га чейин бирдиктүү мамлекет катары өкүм сүргөн.
КАРАШИБЕ НЕОЛИТ «ӨНӨРКАНАСЫ» – неолит дооруна (б. з. ч. 6–5 миң ж-дык) таандык археол. эстелик. Ош облусунун Чоңалай р-нунун Доороткоргон айылынын батышында Карашибе деген жерде жайгашкан. Таштын чамындылары, жалпак таштар, таштын чордону, бычак сымал жалпак таштар табылган. 1956-ж. Кыргыз археол. экспедициясы тарабынан ачылган.
КАРГА БИЙ Мендегул уулу (1718–1828) – кыргыздардын бугу уруусунан чыккан коомдук ишмер. Кара кылды как жарган калыстыгы, алысты көрө билген көсөмдүгү, так, таамай сүйлөгөн чечендиги м-н эл оозунда айтылып калган инсан. 1824-ж. бугу уруусунун бийлерин чогултуп, Россия бийлиги м-н байланыш түзүүнүн зарылдыгы ж-дө оюн ортого салган. Бул чогулушта бийлердин айрымдары Кытайга кошулсак кандай болор экен деген пикирлерин да айтышкан. Бийлердин көбү Россияга кат жөнөтүү ж-дө-гү К. б-дин сунушун колдошкон. К. б. башында турган бугу уруусунун бийлери 1824-ж. 6-декабрда Омск ш-на кат жөнө-түшүп, падышалык бийлик м-н байланыш түзгөн. К.б-дин терең философиялык ой-толгоолору эл ичинде макал- ылакап катары айтылып калган.
КАР ЖИЛИК – койдун алдыңкы бутунун тизеден далыга чейинки бөлүгү. К. ж. эт тартууда сыйлуу жиликтердин катарына кирет. Койдун башка жиликтеринен айырмаланып К. ж-ке байланыштуу көптөгөн ырымдар өкүм сүргөн. Аны жигиттин жилиги деп айтышат. Жиликти таза мүлжүп, чакпастан сактап коюшкан. Элдик ишеним б-ча К. ж. үйдү, малды душмандардан, ууру-бөрүлөр- дөн коргогон. Жатаарда К. ж-ти боз үйдүн керегесине кыстарып «бүгүн сен баланча атты минип жылкы кайтар, короо кайтар» деп айтышкан. Эгерде алыс жолго чыкса куржунга К. ж-ти салып, кырк жигит коштойт деп эсептешкен. К. ж-ти коркунуч келе турган жакта пайдаланышкан. Душманды алсыратып анын тукумунан даражалуу адам чыкпасын дешип эки жиликти бир жерге кагышкан. К. ж-ке байланыштуу мындай ырымдар коргоочу тумар катары колдонулган.
КАРЛ МАРКС АТЫНДАГЫ КОММУНА – Пишпек уездиндеги алгачкы коллективдүү чарбалардын бири. 1919-ж. мартта Төмөнсуу кыштагында түзүлгөн. К. М. а. к. колхоз кыймылын өнүктүрүүнүн таяныч пункттарынын бири болгон. Кийинчерээк ири чарбага айланган.
КАРЛУК МАМЛЕКЕТИ – 8-к-дын ортосунда Түргөш кагандыгынын кыйрашынан улам пайда болгон. Карлуктар оболу Тарбагатай тоо этектери, Кара Иртыш дарыясынан Балхаш көлүнө чейинки аймактарды мекендешип, «Карлук будун» (карлук эли) же «үч карлук» уруу бирикмесин түзүшкөн. «Жабгу» деген наам алган карлуктардын башчысы ж-а анын аскерлери Тохарстанга чейинки аймактарга кирип барышкандыгын мусулман тарыхчылары (Табари) кабарлайт.
КАРЛУК ТЫЙЫНДАРЫ, а р с л а н и д д е р түргөш тыйындарынын үлгүсү м-н жасалып, титулатурасынын ж-а уруу тамгасынын башкача мүнөздө болушу м-н айырмаланат. К.т. 8-к-да Карлук мамл-нде чыгарылган. Эки тиби белгилүү: 1. аверсинде «Мырза Арслан Бильге каган. Фан» деген согду жазуусу, реверсинде үч сызыкча белги болуп, салмагы 2,35–2,5 гр, диаметри 20–22 ммди түзгөн; 2. аверсинде «Арслан Күл иркин» деген согду жазуусу, реверсинде эки тамга жайланышкан. Тыйындар Невакет ж-а Акбешим шаар чалдыбарынан табылган.
КАРПИНИ Жованни де Плано (1182–1252) – италиялык элчи, саякатчы; кечил. Перуджи ш-нын атактуу үй- бүлөсүнөн. Фран-цизкан- минарит монах орденинин негиз-дөөчүлөрүнүн бири. Рим папасы Инно-кентий IVнүн тапшырмасы б-ча Моңгол хандыгынын ордосу – Каракорумга так маа-лымат алуу максатында элчи катары барган. 1246-ж. Каракорум башкы хан ордосуна келип, Үгөдөйдүн тун уулу Гүйүктү хан көтө-рүү салтанатына катышкан. К. эки жолу – 1246-ж. жайында ж-а 1247-жылы кышында азыркы Кыргызстандын аймагын басып өткөн. Анын чыгармасында Чыгыш Теңиртоодогу көчмөн моңгол урууларынын жайланышуусу, турак жайлары, үрп-адаты, ди-ни, моңголдордун ж-а аларга баш ийген элдердин админ.-мамл. түзүлүшү, о. эле жа-йыт – феодалдык менчик экендиги, көчмөн калктын феодалдарга көзкарандылыгы ж-дө маанилүү тарыхый маалыматтар берилген.
КАРТЫК – кыргыз табыптарынын аспабы. Уйдун же топоздун мүйүзүнүн учунан жасалган. Таарылып алынган мүйүздүн көң-дөйү тазаланып, ичке учу дагы таарылып, тегизделип ж-а жылмаланып, көзөнөгү тазаланган. К. суук тийген (жел турган) жерге оңко (мед. айнек банка) сыяктуу коюлган; ооруган жерден устара м-н чегип кан алуу үчүн да колдонулган.
КАСЫМБЕКОВ Мырза Фазылбек (1863, Бадахшан, Шунган кыштагы–1919) – тарыхчы, чыгыш изилдөөчү, географ ж-а саякатчы. Маргалаңдагы жогорку диний мектепти – Султан Мурадбектин медресесин бүтүргөн. 18-к-дын 80-жылдарынын аягы–90 жылдарынын башында Ошто жашаган. Тилмеч, жол көрсөтүүчү, чарбалык иштерди башкаруучу катары Кашкар, Тибет, Гиндикуш, Памир (1888–89, 1903–04), Ооганстан, Түркияга (1896) барган ил. экспеди-цияларга катышкан. Экспедицияга кылган кызматы үчүн 2 алтын, күмүш, коло медалдар м-н сыйланган. 1907-ж. Бадахшандын 1809–1907-ж-дагы соңку тарыхын жазган. Анын эмгеги 19-к- дын башында жазылып Мырза Сан-Мухаммед Бадахшанинин эмгегинин уландысы болуп эсептелет. Оштогу орус-тузем мектебинде көп жыл мугалим болуп иштеген. 1914–1917-ж. Ошто демократиялык маанайдагы жаштардын тобун жетектеген. 1917-ж. ушул эле жерде уулу Санжар м-н бирге «Окуучулар союзун» түзгөн. Басмачылар колдуу болуп өлгөн.
КАСЫМБЕКОВ Санжар (1902–1924) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу үчүн жигердүү күрөшүүчүлөрдүн бири. М. Ф. Касымбековдун уулу. 1917-ж. май айынан революциячыл ишке катышкан. Ан- жиян мусулман жумушчулар м-н чайрыкерлер советинин аткомунда (1918, июнь), РКП(б)нын Ош шааркомунда (1918, август), Түркстан крайкомунда (1918, декабрь) иштеген. 1919-ж. октябрдан РКП(б)нын Ош шаардык мусулман уюмунун төрагасына орун басар, 1920-ж. февралдан Ош уезддик шааркомдун төрагасы. Анжиянда Совет бийлигин орнотууга, Ташкендеги контрреволюциячыл козголоңду басууга, Закаспий фронтундагы согушка катышкан. 1920-жылдан Түркстан фронтунун бүткүл россиялык дыйкандар ж- а токойчулар союзунун Самаркан обкомунун төрагасы болуп иштеген. Басмачылар өлтүргөн.
КАТАГАНДАР– Кытай Эл Респ-нда жашаган этностук топ. Чыгыш Түркстандын (Кытай Эл Респ.) Хотан ж-а Яркенд округдарынын ортолугунда жашашат. Алар өздөрүн кыргыздар деп аташат. 1000дей түтүн. К-дын теңиртоолук кыргыздардан бир өзгөчөлүгү, алар көзү өткөн кишини жоктоп аза тартып, кайгысын билдирүүнү, келгендерге тамак-аш тартылган соң башташат. Учурда Өзбекстан ж-а Тажикстандын түштүк аймактарында (Кашкадарыя, Сурхандарыя, Коргонтөбө), Ооганстандын түндүгүндө К. деген түрк тилинде сүйлөгөн этногр. ири топ жашайт. Ил. адабияттарда бул топ өзбек-К. деген ат м-н да белгилүү. Изилдөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгү бул аймакта 17-к. эскериле баштаган К-дын насили кыргыз деген тыянакты айтышат. Лорддун берген маалыматтарында К-дын он алты уруусунун бири басыз деп аталганы айтылат. Басыз – кыргыздын сол канатындагы уруунун аталышы. Мындан бөлөк К. жашаган аймакта Солто, Басыз топонимдери катталган. Кыргыз эпосторунун көбүндө орто кылымдардагы К. кыргыздын бир уруусу катары баяндалат. К. – сарттар, чекир саяк, катаган тобу – сарттар урууларынын курамдарындагы уруктар катары таанылган. К. ж-дө маалыматтар алгач Рашид ад-Диндин «Жами ат-Таварихинде» («Тарыхтар жыйнагы». 14-к.) айтылат. Автор катакин, хатакин уруусун моңгол-жерундардын курамына кошот. Н. А. Аристов К-ды Орто Азия-га Чыңгыз хандын жеңип алууларынын учурунда көчүп келишкендигин жазат. Кыргыз дастандарында, санжыра- уламыштарында да К. байыркы кыргыз урууларынын бири экендиги айтылат.
КАТАЛАН КАРТАСЫ 1375-ж. Авраам Крескес тарабынан түзүлгөн. Испан диалектисинде. Картада дарыялар, көлдөр, тоолор тартылган эмес. Сүрөттөр ж-а жазуулар гана бар. Ысыккөл деген жазуусу бар, анын түндүгүндө крест тартылып «ушул жерде, апостол жана евангелист ыйык Матфей коюлган армян туугандарынын монастыры жайгашкан», – деп жазылган. Бардык эле окумуштуулар муну Ысыккөл м-н байланыштуу деп эсептебейт.
КАТАНОВ Николай Федорович (1862–1922) – белгилүү чыгыш таануучу, хакас элинин окумуштуусу. Казан ун-тинин ж-а Россия коомдук ИАнын профессору, 36 жылдык чыгармачыл өмүрүндө археол., тарых, этногр., тил таануу, адабият, чыгыш элдеринин статистикасы б-ча 382 ил. иш жазган. Көп тил билген. Бардык европа тилдеринде эркин сүйлөгөн, чыгыш тилдерин, байыркы ж-а өлгөн тилдерди да билген, байыркы түрк руна жазууларын, шумер шынаа жа-зууларын, египет, кытай иероглифтерин, санскрит, араб жазууларын, байыркы уйгур, арамей графикаларын окуй билген. Сүрөттү мыкты тарткан, карта түзгөн. Өз учурундагы чет элдик окумуштуулар м-н тыгыз байланышта болуп, кат алышып турган, бир канча чет элдик ил. коомдордун мүчөсү болгон. Дүйнөгө таанымал түрколог С. Е. Маловдун окутуучусу.
КАЧИНДЕР – азыркы хакастардын курамындагы этностук топ. Өздөрүн «хаас» же «хааш» деп аташат. Енисей кыргыздары 1703-ж. Жуңгарияга көчүрүлгөндө Крас-ноярга жакын Хум-Тигей деген жерде жашаган К-дер «Кыргыз өлкөсүнө» келишип, сүргүндөн аман калган калк м-н жуурулушуп кетишкен. Айрым санжыралык маалыматтарда моңгол ханы өз кызын кыргыз беги Өжен бекке (Еренак-бек) күйөөгө бергенде К-ди энчи катары бергендиги айтылат. К-дин уруулук курамында кездешкен «хасха», «бурут», «хыргыс», «ызыр» уруулары байыркы кыргыз уруулары катары белгилүү. Уруулук эн тамгалары да теңиртоолук кыргыз урууларынын тамгалары м-н дал келет.
КАЧМА ТОП – балдар оюну. Балдар эки топко бөлүнүшүп таяк кармашып, кайсы топтун өкүлү анын эң учун кармаса, оюнду баштап, топту чабуу укугун алат. Топ тоскон тараптагылардын бирөө оюнчуларга топ салып берип турат. Калгандары чабылган топту тосуп, белгиленген чекке (30–50 м) чуркап бара жаткан балдарды топ м-н урушат. Чабылган топту жерге түшүрбөй тосуп же качып бара жаткан балдарды урганда тийгизсе, алар тарап оюнду жеңген болот. Эгер өнөктөштөрдүн баары топту бирден чаап бүтүп, эң акырында калган бала топту үч жолу удаа чапканга чейин аркы чекке барып кайткан бала жок болсо, ал тарап утулган болот. Оюнчулардын кезеги алмашылып, 2-тарап топ чабууга келет.
КАШКАР – Керметоо аймагындагы эң ба-йыркы калаалардын бири. Кытайдагы Синьцзян-Уйгур автономия р- нунда, Керметоонун түштүк ыктоосунда жайгашкан. Караханийлер кагандыгынын байтактысы болгон. К. Моголстан мамл-нин карамагына номиналдуу кирген дуулат төбөлдөрүнүн өз алдынча ээлиги болгон. 16-к- дын башында Моголстан мамл. экиге бөлүнгөндө, К. анын батыш бөлүгүнүн борборлорунун бири катарыэсептелген. 16-к-дын аягында Моголстан мамл. начарлай баштаганда, Чыгыш Түркстандагы шаарлар, а.и. К.өз алдынча ээликке айланган. 17–18-к-да К. аймагында кыргыздар олуттуу саясий күчтөрдүн бири ж-а жергиликтүү саясий топтордун таянычы катары чыгышкан. Көпчүлүк учурларда К-ды башкарууга кыргыз төбөлдөрү (Койсары бий, Кубат бий ж.б.) дайындалып турган. К. байыртадан саясий-админ. ж-а соода борбору, карым-катнаштын, маданияттын очогу катары белгилүү. Шаар – кыргыздардын орто ж-а соңку орто кылымдагы маанилүү окуялардын күбөсү болгон аймактардын бири.
КАШКАСУУ КӨРҮСТӨНҮ Ысыккөл өрөөнүндөгү Арабел суусунун сол тарабында жайгашкан. Мезолит (б. з. ч. 12–7 миң жылдык ж-а неолит (б. з. ч. 7–4 миң жылдык) доорлоруна мүнөздүү таш куралдар, бычак, кыргыч, курал жасоодогу таш чабындылары, жука кичине нуклеус табылган. Мүрзөдөн боюнун уз. 1,92 м келген жоокердин сөөгү, чопо идиштер, сөөктөн жасалган камчы сап, ээрдин калдыгы, малдын омурткасынан жасалган басмайылдын тогосу табылган. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын орто ченине таандык мүрзөдөн сабы сөөк мед. аспап сымал буюм табылган. КУУнун археол. ж-а этнология кафедрасынын археологдору 1997-ж. изилдеген.
КЕГЕТИ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 8–12-к-дагы көчмөн элдерден калган чептин калдыгы. Чүй р-нундагы Кегети капчыгайынын оозундагы бийик тектирде жайгашкан. Негизги бөлүгүнүн аянты 120 –130 м. Негизги чептин түштүк ж-а батыш тараптарына улай курулуштар салынган.
КЕДЕЙБАЙ ДАТКА – Кудаяр хандын бир тууган таякеси, саруу бийи; кыргыздын сол канатынын ири урууларынын бири болгон саруулардын баргы тобунун бийи Токтоназардын уулу, Кокон ханы Шераалынын аялы Жаркынайымдын бир тууган агасы. К. д. Наманганда, Чартакта бектик кылган. Атасы Токтоназар бийдин көзү өткөндөн кийин урук туугандарын ж-а уулу Дөөлөталыны азыркы Аксы р-ндагы Карасуу суусунун жээгинде жайгашкан Топжаңгак айылына көчүрүп келген. Анын урпактары ошол айылда жашашат. «КЕДЕЙКАН» – кыргыз элинин кенже эпос-торунун бири. Эпостогу окуялар калмактар кыргыздарга кысым жасаган мезгилден башталат; социалдык мамилелер курч коюлуп, таптык жиктелүү өтө ачык байкалат. Эпостун 2 варианты бар. Биринчиси – К. Акыев (Токтогулдан үйрөнүп) айткан вариант, 1938-ж. жарык көргөн. 1954-ж. Т. Сатылгановдун ыр жыйнагына басылган. Экинчиси – 1923-ж. К. Мифтаков А. Үсөнбаевден жазып алган вариант. «К.» эпосунун баш ке-йипкерлери – Керээз (Кедейкан), Гүлсаана кемпир, Азимкан ж. б. Сюжеттин жү-рүшүндө Керээз жетим өсүп, эр жеткенде кандык даражага чейин жетет. Ал жашта-йынан эмгекчил, жөндөм-шыктуу, акылдуу, айлакер болуп өсөт. Ошондой сапаттары м-н Эшенди, каардуу, зулум кан Азимканды жеңип, бийликке жетет. Такка отурган күндөн баштап Кедейкан карапайым элге жакын болот. Эпосто Гүлсаананын жетим-жесирлерге болгон кайрымдуулугу, энелик мээрими ж-а меймандостугу чеберчилик м-н сүрөттөлгөн. Кедейканды да Гүлсаана асырап чоңойткон. Эпосто элдин өзгөчө бир социалдык теңчиликте жашагысы келген өзүнчө бир идеалдуу утопиялуу кыялдары турмуштук катаал реалдуу көрүнүштөр м-н удаалаш сүрөттөлгөн. «К.» – көркөмдүгү жетик ж-а идеясы терең, кыргыз элинин дүйнөгө көз карашын, түшүнүгүн,
ой-са-наасын, турмушун чагылдырган эпос.
КЕДЕЙЛЕР КОМИТЕТИ – кедей дыйкандардын уюмдары, пролетариат диктатурасынын элеттеги таянычы. Эл
Комиссарлар Советинин 1918-ж. 11-июндагы Декрети б-ча түзүлгөн. Совет бийлигинин айланасына эмгекчил дыйкандарды топтоп, кулактардын экон. таасирин жоюу б-ча иш жүр-гүзгөн. Помещиктердин жерлерин ж-а а. ч. шаймандарын бөлүштүргөн. Кызыл Ар-мияга ыктыярдууларды топтогон, 1918-ж-дын аягы–1919-ж-дын башында К.к. жоюлган. К.к-нин ордуна «Жарды-жалчы уюмдары» түзүлгөн.
КЕЗДИК – кынга салынып, курга байла-нуучу бычак. Шамшардан чаканыраак, жалкыны калыңча, темири курч металлдан, сабы мүйүздөн же жыгачтан, толтосу темирден жасалган. Тиричиликте, мергенчиликте ж-а жоокерчиликте керектелген.
КЕЛГИНДЕР БАШКАРМАСЫ – Совет бийлиги орногонго чейин Россиянын отор ээликтеринде падыша өкмөтүнүн жер саясатын жүргүзгөн ж-а иш жүзүнө ашырган облустук мекеме. Алгачкы мезгилде келгиндерди жайгаштырууну админ. бийлик органдары жүргүзүп, жергиликтүү калктын пайдаланып жаткан жер аянттарын иш жүзүндө эске алышкан эмес. Каерде ж-а канча жер бар экендигин көз болжол м-н аныкташкан. Ошондуктан падышалык бийликтин кыргыздарда жер аянттары көп деп эсептеп, «ашык жерлерди» тартып ала башташкан. Түркстанда, айрыкча Жетисууда келгиндердин көбөйүшүнө байланыштуу атайын К. б-н түзүү зарыл болгон. Жетисуу облусу туу-ралуу Николай IIге губернатор төмөндөгү-дөй отчёт берген: «Бул крайды колониялаштырууну туруктуулук м-н жүргүзүү керек». Көчүп келгендерди жайгаштыруу б-ча Жетисууда К. б- н түзүү б-ча Николай IIнин 1905-ж. марттагы указына ылайык, 1905-ж. 21-июлда Жетисуу облусунда К. б. түзүлгөн. К. б. кыргыз көчмөндөрүн зордоп көчүрүп, алардын жерлерине келгиндерди отурукташтырган. 1916- ж. Пржевальск уездинде калктын 24%ин түзгөн орустар, украиндер уезддин бардык айдоо аянтынын 67,3%тен көбүрөөгүн ээлешкен. Пишпек уездинде да абал ушундай болгон. К.б. кулактарга ж-а казак-орустарга акчалай жардам ж.б. жеңилдиктер берген, кыргыздардан тартып алы-нуучу жерлердин долбоорун түзүп, уезддик жер- суу комиссиясына бекитүүгө сунуштаган. Түркстандагы элдердин арасынан жерди пайдаланууда кыргыздар эң укуксуз болгондугун Түркстан генерал-губернатору Куропаткин мойнуна алган. Келгиндердин кыргыздардын жерлерин зордук м-н тартып алышы кыргыз элинин 1916-жылдагы көтө-рүлүшүнүн башкы себептеринин бири болгон. Көтөрүлүш басылгандан кийин кыргыздардын жерлерин кулактар массалык түрдө ээлеп алышкан. Падышалык өкмөт кыргыздарды Чүй, Ыссыккөл, Кочкор, Жумгал өрөөндөрүнөн тоолорго, сугатсыз таштак жерлерге көчүрүүгө ниеттенген. Мындай чечимди 1916-ж. сентябрда Ташкенде генерал-губернатор Куропаткиндин жетекчилиги астында өткөн өкмөттүк кеңеште кабыл алынган. К. б. Жетисууда, а. и. Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин жоюлган.
КЕЛДЕ, с е л д е – майда туураган эттин үстүнө чоң-чоң кесилип коюлган казы. Этти бир алганда К-ден бир кесимден кошо алып сугунат.
КЕЛДИБЕК Карбоз уулу –18-к-да жашаган көрүнүктүү манасчы. Анын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар өтө аз болгону м-н анын таланттуу жомокчу экендигин айгинелеген аңыз-уламыштар бар. К. «Манас» айтканда дастан укмуштуудай эпостук бийиктикке көтөрү-лүп, угуучуларга өтө күчтүү таасир тийгизгени ж-дө айтылат.
КЕМ – Түштүк Сибирдеги Енисей дарыясынын байыркы ж-а орто кылымдардагы аты. Улуг-Кем ж-а Кичиг- Кем сууларынын кошулушунан Енисей дарыясы куралат.
КЕМЕНТАЙ, к и б е н е к, к е б е н е к – кийизден жасалган сырт кийим. К. кийиздин ар түрдүү түсүнөн орто калыңдыкта бышырылып, этеги, жеңи ж-а жакасы м-н жасашкан. К-ды жылкычылар, малчылар кийишкен. Анткени ал адамды сууктан, шамалдан, жаандан жакшы коргогон.
КЕМЕР – сырткы кийимди белге кыса байлоочу кур. Ал жогорку сапатта иштетилген кайыштан жазылыгы алакандай жасалат. К. кыргыздардын салттуу турмушунда адамдын бир курактан экинчи куракка өткөнүнүн билгизет. Аны жигит курагына киргенден баштап тагынышкан. К. жигиттик намыстын, жоопкерчиликтин, тайманбастыктын белгиси. Жасалышына карай жөнөкөй К., күмүш К. деп бөлүнгөн. Тогоосу темирден жазы жасалып, ичинен илгич м-н курчалат. Кайыштын сырткы бетине ар кандай түрдө оюлган кооздуктар басылып, алар күмүш м-н жалатылат.
КЕМИН ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 10–12-к-га таандык шаар калдыгы. Чоңкемин капчыгайынын ичинде Шабдан кыштагынын батыш тарабында. Сырты эки катар таш м-н курулган коргончо м-н тосулган. 1,20 м тереңдикте узатасынан жаткырылган адамдын сөөгү, уз. 13,5 см коло бычак табылган.
КЕМИЧКЕТ – орто кылымдардагы Кыргыз кагандыгынын борбор шаары. Бул шаар «кыргыз хакан» жашаган калаа катары фарсы тилиндеги «Худуд ал-Аалам» («Ааламдын чектери») аттуу геогр. эмгекте эскерилет. В. В. Бартольд К-ти кытайдын «Таншу» жыл баянындагы кыргыздын Мидичжы ш-на окшоштуруп «Микижкет» деп эсептеген. К. ш. Хакас–Минуса ойдуңунда орун алган. Ал-Идрисинин картасында (13-к.) кыргыздардын шаарлары бир аймакта жайгашып, ортолук аралыктары үч күндүк жол экендиги ж-а дубал м-н курчалган шаарларды өжөр, эр-жүрөк
жоокерлер коргошору, алар кимактар м-н дайыма согуш абалында турушары айтылган.
КЕМСЕЛ – аялдардын ж-а эркектердин жука сырт кийими. Ал таардан, кездемеден, баркыттан жасалат. Тизеге жетип тургандай бычылып, жеңи узун же чолок келет. Ичи жука кездеме м-н ичтелет. К-дин жалаң кат же жүн ичтелип жасалган түрлөрү кенен тараган. Жаштардын К-деринин өңүрү, этек-жеңдери саймаланган.
КЕНЕНСАРИЕВ Ташманбет (1949-ж. т., Жалалабат облусу, Аксы р-ну, Карасуу айы-лы) – тарых ил-нин доктору (1998), проф. 1978-ж. КМУнун тарых факультетинде окутуучу, 1985–2003-ж. Ош мамл. ун-тинин тарых бөлүмүнүн башчысы, тарых-укук таануу факультетинин деканы, окуу иштери б-ча проректору. К. – Кокон хандыгы кыргыз тарыхынын айрылгыс бир бөлүгү экендигин, түрк элдери дүйнөлүк цивилизацияга чоң салым кошкондугун далилдеген авторлордун бири. «Кыргызстандын Россияга каратылышы», «Кокон хандыгы жана кыргыздар», «Полотхан», «Алымкул аталык» ж. б. китептери жарык көргөн. Борб. Азия элдеринин академиясынын академиги (2000). 120дан ашуун ил. эмгектин, а. и. 7 монографиянын, 6 окуу-усулдук китепченин, 3 окуу китебинин автору.
КЕНЕСАРЫ Касымов (1802–47) – казактын Орто жүзүнөн чыккан султан. Чоң атасы Аблай 18-к-дын 40- жылдарында Орто жүз хандыгын түзгөн. Алгач Кенесары Орто жүздө чоң атасы Аблай хан түзгөн хандыкты калыбына келтирүүнү ж-а өзүнүн чексиз жеке бийлигин орнотууну эңсеген. О. эле ал Казакстанда Россия империясынын таасиринин таралышына, үстөмдүгүнүн орношуна тоскоол болууну көздөп, чечкиндүү түрдө падыша аскерлеринин жолун торогон. Хан Кененин дээрлик 10 жылга созулган кыймылы (1837–47) кийинчерээк зордук-зомбулук, талап-тоноо, кан төгүү м-н коштолгон. 40-жылдардын орто ченинде абалы начарлап, аскери азайган хан Кене Борб. Казакстанды калтырып, Сары Аркадан Улуу Жүз казагынын мекендеген Жетисууга конуш которот. Ал Улуу жүз казагы м-н алатоолук кыргыздарды багындырууну ж-а аларга таянып, падыша аскерлерине, Кокон хандыгына каршы күрөштү улантууну көздөгөн. Бирок ою ордунан чыкпай, анын акыркы жылдарда күч алган талоончул согуштары калктын кыйла бөлүгүн, султан, бийлердин бир тобун кыймылдан алыстоого түрткөн. 1846-ж. К. кыргыздарга бүлгүн салганда, Орто жүздүн Аягуз, Каркаралы, Көкбекди округдарынын айрым султандары хандан четтеп кетишкен. 1846-ж. Улуу жүз казак султандары м-н бийлеринин көбү Россия тарапка оогон. Бирок абалынын начарлагандыгына карабастан, К. 1847-ж. кыргыз жерине кол салып чапкын баштоого камынат. Орус аскерине каршы кармашта алдан тайып, түштүктү көздөй сүрүлгөн хан Кене кыргыздарды каратып, алардан салык, аскер алууга үмүттөнгөн. Кыргызстан жоого каршы күрөштү улантуу үчүн эң оңтойлуу оорукка айланмак. Бул айыгышкан салгылашууда хан К-нын ко-шууну жеңилүүгө учурап, Кенесарынын өзүн кыргыздар туткунга түшүргөн. к. Кенесарынын чапкыны макаласын.
КЕНЕСАРЫНЫН ЧАПКЫНЫ – 19-к-дын 40-жылдарында казактын ханы Кенесары Касымов баш болгон казак феодалдарынын Кыргызстандын түндүгүнө жасаган талоончул жортуулдары. 1845-ж. күзүндө Кенесары кыргыздарга (Ормон, Жантай, Жаңгарачка) элчи жиберип, алардан баш ийип берүүнү, зекет төлөөнү талап кылган. Анын мындай талаптарына кыргыз манаптары өз ара кеңешип, «хан бийлигин сакалдуу эмеспи, манап Ормонго ыйгарган оң, ал эми калган иштерди Кенесары билсин» деп орто заар жооп айттырышкан. Кенесары м-н сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Калыгул бий баштаган элчилерин жөнөткөн соң, сарыбагыштын чоң манаптары Ормон, Жантай, солтонун чоң манабы Жаңгарач, бугу, сары-багыш, солто, саяк, черик, саруу, кушчу ж. б. уруулардын билермандары хан Кененин талабын талкуулоо үчүн атайын жыйын чакырышат. Ошол жыйында кыргыздар Кенесарынын талаптарын аткаруудан баш тартып, согушка камданууну чечишет. Аркалык кыргыздар Кенесарыга каршы күрөшкө жапатырмак көтөрүлүшүп, Чүй, Талас, Ысык-көл, Борб. Теңиртоону мекендеген кыргыз урууларынын саясий ынтымагы кыйла чыңдалган. Ормон хан, Жантай, Жаңгарач сыяк-туу чоң манаптар хан Кененин жортуул-дары күчөгөн кезде кыргыздардын душманга каршы күрөшүн жетектеп, эл башында турушкан. Чүй өрөөнүндөгү кыргыз айылдарына Кенесары 1845-ж-дын аягында кол сала баштаган. Жортуулдар учурунда ал Иткечүү ж-а Мерке чептериндеги кокондук сарбаздар м- н кагылышып, Иткечүү чебин талап алат. Мерке беги тартуу берип, кыйроодон кутулган. Чүй боорундагы кокондук бөлөк чептердин сарбаздары да Кенесарынын чабуулдарына тоскоол боло алган эмес. 1846-ж. жоо солтонун жайыл, талкан, бөлөк-бай, сарыбагыштын тынай уруктарынын айылдарын чаап ала баштайт. Улуу жүз казагынын баатыры Шоорук Кененин кеңе-ши б-ча солтонун атактуу баатыры Жаманкара баш болгон кыргыздын белгилүү 13 баатырын элдешели деп алдап чакыртып, жүзүкаралык м-н өлтүрүшкөн. 13 баатырдын кунун кууган кыргыздардын чакан кошууну Челектеги Шооруктун айылына кол салып, аны жигиттери м-н кошо жайлап, жылкысын айдап кетет. Бул окуя кыргыздарга жаңы жортуул уюштуруу үчүн Кенесарыга шылтоо болгон. Казак м-н канатташ жашаган солто уруусунун абалы өтө оор экенин баамдаган солтонун чоң манабы Жангарач Эшкожо уулу Кенесары м-н сүйлөшүп, тынчтык келишим түзүү үчүн ага Тынай бий баштаган элчилерин жиберген. Бирок хан Кене тынчтык сүйлөшүүлөрдөн баш тартып, сарыбагыш айылдарына чабуул коёт. Ошол айкашта оорчулук айрыкча тынайларга түшүп, алардын Калпак, Ормонбек, Субанбек өңдүү баатырлары курман болушкан. 1847-ж. жазында Кенесары кыргыз айылдарына чечкиндүү чабуул баштайт. Бирок бул кезде кыргыздар батыш Сибирдеги орус төрөлөрү м-н ымала түзүүгө үлгүрүп, өздө-рүнүн абалын бир топ оңоп алышкан. Орус бийлиги кыргыздарды Кенесарыга катуу каршылык көрсөтүүгө үндөп, зарыл учурда аскер, курал-жарактан каралашууга убада берген. Кыргызстанга кайрадан кол салганда хан Кененин карамагында 15 миңден ашуун аскер, 1500 мылтык ж-а 2 замбирек болгон. Жоо жакындап калганда чүйлүк кыргыздар тоо этектеп чегинип кетишкен. Ал эми Бишкек ж-а Токмок чептериндеги кокондук сарбаздар кыргыздарга жардам берүүнүн ордуна чеп-коргондоруна корголошкон. Болгону Бишкек беги Алишер кыргыздарга 2 замбирек берген. Кенесарынын колу адегенде ийгиликтерге ээ болуп, кыргыз айылдарын талап- тоноп, жүздөгөн бейкүнөө адамдарды кырган. Көп өтпөй Чүй өрөөнүнүн чыгыш тарабына жыйналган кыргыз кошуундарына Ормон ханга башчылык кылуу милдети жүктөлгөн. Айкаш башталар алдында Ормон хан түнкүсүн кыр-кырларга алоолонтуп от жактырып, жер жайнаган аскер келип калгандай сүр көр-сөтөт. Күндүзү атайын таңгакталган тал, чычырканактарды атка сүйрөтүп, адыр аралай, кыр ылдый өйдө-төмөн чапкылаган жигиттер уюлгуган коюу чаң чыгарып, тү-мөндөгөн кол топтолгондой түр көрсөтүп, жоонун жүрөгүнүн үшүн алган. Ормон хандын мындай аскердик айла-амалы эл ичинде «Ормон опуза» деп айтылып калды. 50 миңдей, айрым маалыматтар б-ча 100 миң аскер жыйналган. Кенесарынын аскери м-н Ормондун колунун ортосундагы чечүүчү салгылашуу 1847-ж. апрелдин аягында башталып, бир нече күнгө созулган. Уруш Майтөбө- Текеликтин (Кекиликтин) сеңиринде жүрдү. Көп өтпөй кыргыз колу коргонуудан чабуул коюуга өтүп, жоого оң, сол канаттан сокку ура баштаган. Согуштук аракеттер өтө курчуган мезгилде Батыш Сибирь генерал- губернатору жиберген орус аскерлери Кенесарыга жардамга келе турган кошуундун жолун торогон. Салгылашуулардын биринде кыргыз колу, хандын аталаш иниси Кудаймендени 5 миң аскери м-н талкалап, Кудаймендени туткунга түшүрүшкөн ж-а аны өлүм жазасына тартышат. Кенесарынын абалы оорлой баштаганын көргөн Улуу жүздүн ага кошулган султандары ханды калтырып кете башташат. Жакын жан- жөкөрлөрү таштап кеткен хан Кене урушту улантуудан айбыгып, түн жамынып чегинүүгө мажбур болду. Баш аламан качкан жоонун артынан кубалаган кыргыз колу душманды Мыкандын кара сазына камайт. Айыгышкан айкашта Кенесарынын колу биротоло талкаланып, өзү нөкөрлөрү м-н туткунга түшкөн. КЕНЖЕКАРА Калча уулу (1859, Чүй өрөөнү, азыркы Бишкек ш-на жакын жер – 1929, ошол эле жер) – семетейчи, кыл кыякчы ж-а ырчы. Солто уруусунун күнтуу уругунан. Ал башка семетейчилерден айырмаланып, эпосту кыл кыяктын коштоосунда айткан. 1903-ж. орус сүрөтчүсү Б. В. Смирнов м-н этнограф окумуштуу А. Т. Белинский Чүй өрөөнүнө келип, Пишпек ш-нда К. ырчыга атайын жолугуп, «Семетейден» үзүндү угушкан ж-а Б. В. Смирнов андан «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнгөнүнөн» үзүндүнү ж-а «Ак бала баатыр жөнүндөгү ыр» деген чыгарманы үн жазгычка жазып алган. Бул фоножазуу – кыргыз элинин тарыхындагы эң алгачкы үн жазуусу, биринчи үн жазууга түшкөн кыргыз сөзү. Кийин Б. В. Смирнов К-нын айтуусундагы «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнгөнүн» баяндаган үзүндүсүн Атайбек деген тилмечтин жардамы м-н кара сөз түрүндө орусча котормосун жазып алган. 1914-ж. бул текстти Б. В. Смирнов «Түркстандын талааларында» («В степях Туркестана») деген ат м-н Москвада басып чыгарган. 1912-ж. октябрда өткөн Шабдан баатырдын ашында кыл кыяк тартуу жагынан К. алдына киши салбаган.
КЕНИГУТ ҮҢКҮРҮ – байыртадан кен казып алынуучу үңкүр. Баткен р-нундагы Самаркандек кыштагынан 18 км батыш тарапта, Мадыген тоосунун чыгышындагы Шадымыр капчыгайында. Аны Зооккур деп да коюшат. Кыргызстандагы эң чоң үңкүр. Уз. 1 кмден ашат. Эки оозу бар. Үңкүр жергиликтүү калкка байыртадан эле белгилүү. Анын айланасындагы аймактарды адамдар кул ээлөөчүлүк доордо эле мекендегендиги анык. 6–7-к-да үңкүрдөн коргошун, темир казып алынган. Кокон хандыгынын мезгилинде жергиликтүү кыргыздар үңкүрдөн коргошун казып алып тургандыгы ж-дө маа-лымат бар. 1850-ж. кокондук корбашы бир нече жигити м-н үңкүрдүн оозунан белгисиз тилде жазылган жазууну көргөн. Кийинчерээк үңкүрдүн оозу урап түшүп, жазуу жоголгон. «Кенигут» («Ажал кени») аталышы Кокон ханы Кудаяр м-н байланыштуу, ал өлүм жазасына тартылгандарды күмүш казып алуу үчүн үңкүргө түшүргөн. Үңкүрдүн жанында таштан салынган турак жайдын урандылары жатат.
КЕҢАРАЛ ШААР ЧАЛДЫБАРЫ – 10–12-к-га таандык шаар калдыгы. Талас облусунун Бакайата р-нуна караштуу Кеңарал айылынын түштүгүнөн орун алган. Ал бир нече комплекстен турат. Шаардын дубал м-н курчалган борбордук бөлүгү туура эмес тик бурчтук формасында. Бузулган дубалдарынын бийиктиги 1,5 м, түп жагынын калыңдыгы 12–15 м. Кире турган үч эшиги болгон. Андан станокто жасалган ар түрдүү формадагы карапа идиштер: мойну ичке, казанга окшош идиштер, табактардын сыныктары табылган. О.эле бул комплекске 0,4 км түштүк-батышта жайгашкан төрткүл кирет. Төрткүл жактары 44 м болгон 4 чарчы формасында. Шаар чалдыбарына жакын жердеги көрүстөндөн 10–12-к. таандык карапанын сыныктары, моңгол дооруна мүнөздүү чырактар табылган.
КЕҢКОЛ КӨРҮСТӨНҮ – 1–5-к-га таандык мүрзө эстелик. Талас суусунун оң тарабы, Кеңколдун сол жээгиндеги Манас күмбөзүнүн түштүк-чыгышындагы тоо этегинде орун алган. 100гө жакын мүрзө жайгашкан. Мүрзө дөбөлөрү топурактан, айрымдары таш тизмектери м-н курчалган. Алардын диаметрлери 10–20 м, бийиктиги 0,30–1,90 м. Маркумдун сөөгүн атайын жасалган казанактуу жайга коюшкан. Астыларына кийиз, тактай төшөлүп, кээде арча табыттарга салышкан. Айрым мүрзөлөрдө эки адам көмүлгөн учурлар да кездешет. Күңдөрүн ж-а кулдарын көрдүн оозуна коюшкан. Маркумдардын расалык келбети бир аз моңгол аралашмасы бар европалык тип болгон. Бала чагынан баш сөөктөрүн жасалма жол м-н төбөсүн карай узартуу салты болгондуктан, көмүлгөн адамдардын баш сөөктөрү сөлпү формада болгон. Көрлөрдөн карапа идиштер, жыгач чөйчөк, табактар, темирден, сөөктөн жасалган жебе учтары, жаа бастырмалары, асыл таш чө-гөрүлгөн алтын, күмүштөн жасалган кооздук буюмдар, ийик ж-а бешик табылган. А. Н. Бернштам К. к-нүн материалдык маданиятын ж-а ырым-жырымдарын Борб. Азиядан келген хунндар м-н байланыш-тырат. Археологдор А. Н. Бернштам ж-а А. К. Абетеков тарабынан изилденген.
КЕҢКОЛ МАДАНИЯТЫНЫН ЭСТЕЛИКТЕРИ – б. з. ч. 1-миң жылдыгынын 1-жарымындагы көчмөн ж-а жарым көчмөн калктарга таандык эстеликтер. 1898-жылдан белгилүү. Талас, Кетментөбө, Алай, Чүй, Ысыккөл, Нарын жергелеринде ачылган. Аларга маркумдун сөөгүнүн катакомба ж-а жарма көрлөргө көмүлүшү, ар кайсы түстүү асыл таштардан жасалган кооздук мүнөздүү. Негизги өзгөчөлүгү айрым маркумдардын баш сөөктөрүндөгү шакекче түрүндөгү деформациянын болушу. Бул белги аркылуу алар өз чөйрөсүн башкалардан айырмалаган. К. м. э. Улуу көч доорунун эстеликтери деп да аталат. Этностук жагынан хунн, юэчжи, кангүй уруулары м-н байланыштуу деген пикирлер бар.
КЕҢСАЙ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 3-к.–б.з. 2-к-на таандык дөбөлөр. Кочкор р-нунун Жонарык суусунун жээгиндеги тоо этегинде. Көрүстөндөр үч түрлүү: четтери таш м-н курчалып, ортолоруна майда таштар үйүлгөн жалпак дөбөлөр; четтери чоң таштар м-н курчалган топурактуу дөбө-лөр; сүйрү таштар м-н курчалган дөбө-лөр. Алардын бийик-тиги 3 мге чейин. Маркумдардын ба-шы батыш тарапка каратылып коюлган, жандарынан алмурут сымал түбү тегерек ж-а туткалуу кеселер, колодон жасалган буюм сыныктары, мал сөөктөрү табылган. К. к-н А. М. Фетисов м-н А. К. Кибиров изилдеген.
КЕП ЖЫГАЧ – буттун түспөлүндө жасалган жыгач калып. Бут кийим ултарууда кеп катары колдонулат. К. ж. арча, кайың ж.б. катуу жыгачтардан буттун көлөмүндөй даярдалган.
КЕПИЧ – ийленген булгаарыдан колго ултарылган бүчүсүз, боосуз бут кийим. Маасынын сыртынан кийилген. Башы ичтелет, четтери тарамыш м-н ич таманга бекитилет. К. жеңил болсун үчүн такасынын ичин көңдөй кылып ултарышкан. Жигиттер-дин ж-а кыз-келиндердин К-тери оймо-чиймелер м-н кооздолгон.
КЕПТАШ ЭСТЕЛИКТЕРИ – Соңкөлдүн чыгыш тарабында Көкжерти суусунун тектиринде жайгашкан эрте темир дооруна ж-а орто кылымдарга таандык сегиз мүрзөдөн турган көрүстөн, төрт чарчы, тегерек коргончолор. Изилденген эмес.
КЕРБЕН – алыска жүк ташып соода кылуу максатында жүк жүктөлгөн унаалардын (төө, ат, эшек) тизмеги. К- де жүргөн адамдар кербенчи, аларда башкарган адам К. башы аталган. Баруучу жолду мыкты билгендиктен жол баштоо, зарыл нерселер м-н камсыз кылуу К. б. башынын милдетине кирген. К-ди түзгөн жүктүү төөлөрдү 5–9дан чиркештирип, алдыңкысы м-н эң арткысына чоң коңгуроо тагып, астында бир адам жол баштаса, артында бир адам жүктөргө көз салып, оогон-кыйшайгандарын оңдоп, төөлөрдү айдаган. К-чилер жол боюндагы К. сарайларга түнөшкөн. Сооданын өнүгү-шүндө, маданияттын таралышына, элдердин өз ара байланышына, жакындашуусуна К-лер зор өбөлгө түзгөн.
КЕРГИЧ – көркөм кол өнөрчүлүктө колдонуучу аспап. Ал саймачылыкта пайдаланылат. К. жумуру жыгачтан төрт чарчы же тегерек кылып жасалган алкак. Анын бетине сайма сайылчу кездеме керилет. Чоң К. бир гана жыгачтан туруп, кездеменин четтери ага чырашталып бекитилет. Сайма сайы-луучу кездеменин керилген бөлүгүнө көчөт түшүргөндөн кийин четиндеги чырашты сөгүп, улам жылыштырып, кайра жөрмөп бекитип турат.
КЕРИМБАЕВ Сүйүн (1915-ж. т., Чүй облусу, Сокулук р-ну, Кызылтуу айылы) – тарых ил-нин доктору (1984). Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1935-ж. Бишкектеги пед. техникумду бүтүрүп, ошол эле жерде мугалим болуп иштеген. 1941-ж. Ленинград мамл. ун-тинин тарых факультетин бүткөн. 1946–56-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалынын улуттук маданий, кийин тарых музейинин директору болуп иштеген. 1957–70-ж. Кыргызстан ИАнын Тарых ин-тунда совет доору секторун жетектеген. 1970-жылдан ил. кызматкер. Эмгектери Кыргызстандын тарыхынын Улуу Ата Мекендик согуш мезгилине арналган, о. эле Кыргыз тарыхынын бардык томдоруна автор ж-а 2–3-басылыштын редакциялык коллегиясынын мүчөсү. 90дон ашуун (а. и. 3 монография) ил. эмгектин автору. Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Кыргыз Респ-нын илим ж-а техника б-ча мамл. сыйлыгынын лауреаты (1970).
КЕРМЕ, ж а а – 1. көркөм кол өнөрчүлүк-түн өрмөкчүлүк багытында колдонулуучу аспап. Ал – жаа түрүндөгү жыгач. Жыгачтын эки учу жоон кайыштар м-н тартылып, ага жыгачтан жасалган сыдыргы кийгизилет. Керилген кайышка ичке тал-тал болуп тилинген көктү өрүшкөн; 2. буюм, кийим илчү аркан. Ал боз үйдүн ичине же сыртка орнотулган шыргыйлардын ортосуна керилет.
КЕЧҮҮ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 6–5-к-га таандык мүрзөлөр. Кетментөбө өрөөнүн-дөгү Чычкан суусунун оң өйүзүндө. 10 дөбө мүрзөдөн турат. Өлүк чарчы формада казылган көргө коюлган. Мүрзөлөрдөн карапа идиштер, алтын сөйкөлөр, кийимге тагы-луучу алтын каңылтырлар ж.б. табылган.
КИЙИЗБАЕВА Сайра (1917, Чүй облусу, Төкөлдөш айылы –1988) – ырчы, СССРдин эл артисти (1958), проф.(1967). 1938-ж. Кыргыз музыкалуу драма театрына солист болуп кирген. 1947–49-ж. Москва консерваториясында окуган. 1953-ж. Чоң театрда Пуччининин «Чио-Чио-Сан» операсында Баттерфляйдын партиясын (орус тилинде), Кыргыз операларындагы башкы партияларды («Манаста» – Каныкей, «Айчүрөктө» – Айчүрөк, «Токтогулда» – Тотуя) аткарган. М. Күрөңкеев атн. мамл. музыкалык окуу жайында (1956), Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамл. искусство ин-тунда 30 жылдан ашуун сабак берген.
КИЙИМ – адамдын денесин тышкы чөйрөнүн ар кандай жагымсыз таасирлеринен коргоочу буюмдардын жалпы аты. К. элдин чарбалык-маданий жашоосуна ж-а жашаган чөйрөгө ылайыкталган. К-ге жүн, тери ж-а кездеме пайдаланылган. Тарыхый-этногр. маалыматтар б-ча байыркы. К. узун үлгүдө бычылып, атка минүүгө ж-а жерге отурууга ылайыктуу болуп, кенен тигилген. Кийинчерээк, болжолу, 16–17-к. денеге кыналып тигилген бешмант, чыптама өңдөн-гөн кийимдерди көбүрөөк колдоно баштаган. К-дин жаңы түрлөрү байыркы К-дерди биротоло сүрүп чыгарбастан, аларды толуктаган. Кыргыздарда К-дер эркектики, аялдыкы, балдардыкы болуп жыныс, жаш курактарына карата бөлүнгөн. Кыз-келиндер өңү ачык, түстүү кездемелерден кийин-ген. Аялдардын К-дери жаш өзгөчөлүктө- рүнө карата ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер м-н көркөмдөлгөн. Жортуулга кийилүүчү К-дер айрыкча орунду ээлеген. Тарыхый маалыматтар б-ча кыргыздын төбөлдөрүнүн К-дери жалпы элдикинен сапаты, кооздуктары б-ча гана айырмаланып, жалпы белгилери окшош болгон.
КИЛЕМ – кыргыздын көп түстүү саймалуу ж-а сүрөттүү көркөм кол өнөрчүлүгүнүн бир түрү. К. түштүк ж-а түштүк-батыш райондордо жашаган кыргыз урууларына мүнөз-дүү. Кыргыз элинде жүл (түк) ж-а арабы К. (түксүз) жасалат. К-дин аркагы кадимки жүндөн ж-а мурунку эриштердин калдыктарынан ийрилет. К-ге койдун кылчык жүнү, эчкинин кылы, төөнүн жүнү пайдаланылат. К. токууда күзүк, адыргы, күзүк көтөргүч, токмок, бычак, кайчы, күйөө, салык жазгыч ж. б. аспаптар колдонулат. К-ди 4–5 аял токуйт. К. согууда «үч тиш», «ашкана көчөт», «өрөжө», «мүшкүл», «нампар», «теке мүйүз», «ит таман», «ара тиш», «жолборс таман», «ийрек», «жарты шак» сымал татаал көркөм көчөттөрү ирети м-н берилет. Лейлек, Баткен, Ноокат тарапта жүл килемди токууда төрт тарабына кыркалекей саамал оюмун түшүрүшөт. Саамал көчөтү көбүнчө кызыл-кара түстө болот. К-дин негизги көчөтү «кочкорек». Ал экиге бөлүнөт: «бүтө кочкорек» ж-а «сыңар кочкорек». Чыйратылган жиптин өңүнө жараша «күлкөптө», «эчки туяк», «бет мубурчук», «туура мүйүз», «карагай бутак», «нампар көчөтү» ж.б. көчөттөрдү келтиришет. Токуучулар көчөт түйүндөрүн чечүүдө эки жагына оң чыгарылганы «эки жүздүү кайкалак», бир аз из болуп сайылса «сыңар кайкалак», түгөй-лөштүрулүп сайылса «кош кайкалак» деп айырмалашат. Уздар к-ди ар кандай чоңдукта (аянтта) токушат. Токулган К-дин эң чоңун ордо К. аталып, аянты 5x3,5 м.ге жетет. Калы К. 3,5х2,5 м келип, көбүнчө кереге-ге, үйдүн дубалына тартууга ылайыкташтырылган. Төр К. аянттуу келип, жерге гана төшөлүп, өтө бышык болот. Уздар төөнүн жүгүн жабууга ылайыктуу атайын К. токушкан. Мындай чакан К. төө К. деп аталган. Көчүп-конууда урунууга жайлоо К-и токулган.

#27 13 August 2014 - 16:51

Супер-Инфо
super.kg
видео