Менин гүлдөрүм
#101 13 Август 2014 - 17:04
#102 13 Август 2014 - 17:09
#103 13 Август 2014 - 17:14
Билдирүүнү түзөткөн: Gulnazz93: 13 Август 2014 - 17:15
#104 13 Август 2014 - 17:14
#105 13 Август 2014 - 17:16
#106 13 Август 2014 - 17:18
Билдирүүнү түзөткөн: bermet104: 13 Август 2014 - 17:53
#107 13 Август 2014 - 17:20
#108 13 Август 2014 - 17:26
Билдирүүнү түзөткөн: bermet104: 13 Август 2014 - 17:27
#109 13 Август 2014 - 17:42
#110 13 Август 2014 - 17:44
#111 13 Август 2014 - 17:48
#112 13 Август 2014 - 17:46
#113 13 Август 2014 - 17:51
#114 13 Август 2014 - 19:52
#115 13 Август 2014 - 21:09

#116 14 Август 2014 - 15:28
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#117 06 Сентябрь 2014 - 13:28
Гүлдөрдүн жалбырагынын азыктандырылып жана чаң болбоосун алдын алуу үчүн майонезге сиңирилген кебез менен аарчып туруу керек.
Жалбырагы чоң болгон гүлдөрдү болсо кебезге азыраак глицерин тамчылатып аарчыса, жалтырап, жандуу болуп калат.
Гүлдөрдү сууга салаарда сабынын төрттөн үч бөлүгү сууда кала тургандай кылып жайгаштыруу керек.
Эки күндө бир гүлдүн сабын 2 см. кыскартып, ашыкча жалбырактарын тазалап туруу зарыл.
Розалар башын ийип шылкыйып калса, алгач ысык, андан соң муздак сууга салыңыз.
Гүлдөргө сууну күн ысык учурда эмес, кечинде куюу керек.
Гүлдестелер көпкө сакталсын десеңиз, суусун алмаштырганда азыраак аспирин же кумшекер салып коюңуз.
Ичке түзүлүштөгү вазаларды жумуртканын кабыгы жана самындуу ысык суу менен аралаштырып жууса оңой тазаланат.
Бөлмө гүлдөрүнүн жакшы өсүүсү үчүн жумуртка же жашылчалар кайнатылган тузсуз сууну колдонсо жакшы натыйжа берет.
Гүлдү эртең менен үзсө көпкө сакталат.
Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 06 Сентябрь 2014 - 13:29
#118 08 Сентябрь 2014 - 09:01
#119 19 Сентябрь 2014 - 10:57
Гүлдөр бөлмөгө бир гана кооздук тартуулабастан, алар ден соолуктун чың болушуна да өздөрүнүн салымдарын кошушат. Башкача айтканда, бөлмө гүлдөрүн "унчукпас доктурлар" деп коюуга болот. Мына ушундай ден соолукка эң көп пайда алып келүүчү гүлдөр кайсылар?
Хлорофитум
Бөлмө гүлдөрүнүн ичинен ден соолукка эң пайдалуусу - хлорофитум гүлү. Бул гүл үйдөгү синтетикалык материалдардан чыккан уулуу заттарды жутуп алат. Мындан тышкары, хлорофитум гүлү бөлмөнү бактериялардан тазалоочу эң жакшы каражат. Бир идиштеги мындай гүл бир сутканын ичинде орточо көлөмдөгү бөлмөнү бактериялардан толук бойдон тазалап коюуга жөндөмдүү. Эгерде гүл идишке 1-2 таблетка активдештирилген көмүр салып койсоңуз, гүлдүн абаны тазалоо касиети бир нече эсеге жогорулайт. Хлорофитум гүлү үчүн эң жакшы жай - ашкана. Анткени, ал газ күйгөндө бөлүнүп чыккан уулуу заттарды да өзүнө сиңирип алат.
Кактус
Кактустун узун ийнелүүлөрү өзгөчө пайдалуу. Бул өсүмдүк абадагы микробдорду өлтүрөт, бизди электромагниттик нурлануудан коргойт. Андыктан, кактусту компьютер, телевизор турган бөлмөгө коюу сунушталат.
Сансевьера
Эгер квартираңызда аба жетишпесе, кышында аба кургак болсо сансевьера гүлүн өстүрүңүз. Бул гүл кычкылтекти бөлүп чыгаруу боюнча фабрика. Мындан тышкары, ал линолеумдан, үй эмеректеринен чыккан зыяндуу заттардан сизди коргойт.
Алоэ
Алоэ - күчтүү "үй-бүлөлүк доктур". Анын жалбырактарында көптөгөн пайдалуу заттар камтылган. Ал эми анын ширеси ферменттерге, витаминдерге бай. Бактерияларга каршы туруучу касиетке ээ болгондуктан, көптөгөн ооруларды айыктырууда жардам берет. Мисалы, алоэнин жалбырагынын бир кесимин ооруган тишиңиз менен тиштеп турсаңыз, бир нече мүнөттөн кийин айыгат. Же болбосо жарым стакан сууга алоэнин 30 тамчы ширесин кошуп ичүү баш оорудан арылтат. Ал эми ашказан ооруларын айыктырууда эт майдалагычтан өткөрүлгөн алоэге теңме-тең кылып бал кошуп жеш керек. Мурун бүтүүдө болсо анын ширесин ар 2-3 саат сайын тамчылатып туруу зарыл.
Герань
Экинчи орунда - герань гүлү турат. Ал баш ооруда, уйку качууда, стрессте, болор-болбос нерсеге кыжырдана берүүдө жардамга келет. Мындай учурда гүлдөп турган герандын жанында 10 мүнөт турсаңыз, нерв системаңыз жайына келип, маанайыңыз ачылат. Мындан тышкары, герандын сасык тумоодо пайдасы чоң. Сасык тумоо жаңыдан башталып келаткан учурда өсүп турган герандын жалбырагын жулуп алып, колуңуз менен эзиңиз. Андан чыккан жытты жыттасаңыз, сасык тумоо жоголот. Ал эми кан басымыңыз жогору болсо, бул гүлдүн жалбырагын билегиңиздин ички бетине жармаштырып алыңыз, кан басымыңыз ордуна келет. Кулак ооруда, радикулитте жалбырактарын эзип ботко жасап, аны ооруган жерге коюу сунушталат. Бирок, герань өскөн бөлмөдө уктоо башты оорутуп коёт.
Фикус
Фикустун кургатылган жалбырагы - геморройдо, сабагы - ревматизмде жардамга келсе, сабагынын ширесин тери ооруларында, тамак сиңирүүнүн бузулуусунда, кургак учукта колдонушат. Фикус фенол, бензол сыяктуу зыяндуу заттарды өзүнө сиңирүү менен абаны тазалайт. Ошондой эле бул гүлгө тиешелүү мындай ишеним бар: эгерде балага зар үй-бүлөлөр фикус гүлүн өстүрүшсө, балалуу болушат. Бул гүлдү уктоочу бөлмөгө коюу сунушталбайт, анткени, фикус түн ичинде кычкылтекти жутат.
Бөлмө гүлдөрүнүн мындан башка пайдалары
Абаны тазалоо. Гүлдөрдүн көмүр кычкыл газын өзүнө сиңирип алып, кычкылтекти бөлүп чыгарарын ар бир эле мектеп окуучусу билет. Бөлмөнү кычкылтек менен камсыз кылууну, абаны нымдоону дал ушул бөлмө гүлдөрү өз "моюндарына" алышат. Атүгүл бөлмө гүлдөрүнүн арасында адам өмүрүнө зыяндуу ар түрдүү бактериялар, микробдор менен активдүү күрөшкөн гүлдөр да бар.
Нерв системасын калыбына келтирүү. Жашыл түс нерв системасына оң таасир тийгизээрин психологдор алда качан далилдешкен. Ал чарчоону, чыңалууну жазып, адамды тынчтандырат. Ошондой эле жашыл түс компьютерде иштөөдөн чарчаган көздү эс алдырат. Ал эми бөлмө өсүмдүктөрүнүн кызыл түстөгү ачылган гүлдөрү активдүүлүктү жогорулатат.
Лимон
Лимондун мөмөсү гана эмес, жалбырактары да пайдалуу касиеттерге ээ. Анда 50дөн ашык баалуу заттар бар. Лимон өскөн бөлмөнүн абасы дайыма 100 пайыз таза турат. Мындай абада оору козгогуч микробдор көбөйө алышпайт.
#120 21 Сентябрь 2014 - 18:46
-Апа гулдорунуз бизден да азизби? Биз бечарага ысыткыч жок, ханум гулдорунузго кундо ысыктык бар.деп тамаша чын аралаш суйлонгон эле.
-Силер жигитсинер, жигит киши ушубойт.Гул менен кыз назик,аярлап, абайлап багыш керек дегем.
Чынында коп гулдорум кышта олуп калат эле...Отопления иштегенден бери жакшы.
Гулдорум гулдосо ушунчалык суйуном.Китайиский розанын эки туру бар.Бири бир кун гулдоп гулун тогуп салат,экинчиси узагыраак турат.Дагы бир гулум бар атын билбейм,чон жалбырак ошого карап эле баккам.5 жыл кобойушпой кыналдык.Уч жалбырак болду бири саргарып олуп калат,эки жалбырак менен же бир жалбырак менен эле калат.Бир куну жиним келип ыргытам дедим,ыргытам сен озу гулдобосон, жалбырагы кооз чон деп баксам,жалбырагынды да аясан,элди карачы гулдоп кооз болуп турат,сен жалбырагынды да аяйайсын деп уруштум чын жургоумон.Негедир жалбырактары кобойгонсуп калды,жай келди анан эле бир кун бир таяк болуп ортосунан чыкты да 3-4 кундон кийин 4 гулдун борткогу билинди анан эле 6 кырлуу аппак гул чыкты.Жыты бир сонун,эшик,терезени жаап койсон бир комнатаны жыты анкытат.Азыр гулдоп турган кези.Корсо гулдой турган гул экен.Ар жылда бирден гул кошулат.Азыр ачылганда жети болуп ачылды.Быйыл китайский гулдорум гулдобой атат.откондо Колдон келип балконго чыксам бир гул болуп гулдоп тозуп алды,конулум жайрады...
Геран гулум бар,гулдогондо озунчо эле вазадагы букет болуп гулдойт.Карап козум кубанат.Кече Ыссык-Колдон бир гул алып келдим.Гулдой албай борткокторун тогуп атты элк кыязы жер которгонго кыйналды окшойт,эми гулдойун деп атат.