Маршруткадагы окуя боюнча ой-пикирлерге ыраазычылык.
Албетте, жигиттин кылганы баарыбызга жаккан жок. Ылайым эле андайлар арабызда жок болсун, ал эми кыргыз апалары, энелери сүйкүмдүү, мээримдүү, боорукер, күйүмдүү бойдон кала беришсин. Эми, сериалыбыздын 2-сериясына көңүл буралы:
Кесиптешимин баласы быйыл 9-классты аяктап атат. Ысымы – Адилет. Атасынын айтымында, биринчи класстан бери бир да төрт албаптыр. Учурда экзамен тапшырууда.
Мен да ал баланы жакшы билем – ыймандуу, тарбия көргөн, дүйнө таанымы кенен, акылдуу бала. Эң негизгиси – баа үчүн эмес, өзү үчүн окуйт. Маектеше келсең, чоң киши менен сүйлөшкөндөй ырахат аласын. Экзамендеринин баарын бешке тапшырып келатат. Кечээ тарыхтан тапшырыптыр.
Кирип келип эле, билет алып, даярданбай жооп бериптир. Суроодогу Исхак Раззаковдун Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча ишмердүүлүгүн эле айтып бербей, анын кыйынчылык менен өткөн жаш кези, Өзбекстанда иштеген мезгили ж.б. тууралуу өз алдынча окуган маалыматтарды да кошумчалаптыр.
Комиссия мүчөлөрү анын жоопторуна өтө ыраазы болушуп, чын дилинен макташыптыр.
Кошумча суроо катары комиссияда отурган бир эже “Хакасия жөнүндө айтып берчи” десе, Адилет “Хакасия – Россиянын курамындагы республика,
борбору – Абакан шаары. Сибирь жакта жайгашкан” деп жооп бериптир. Эже “Туура эмес” дептир. Бала ыза боло түшүп, “Эмнеси туура эмес” десе, суроо берген эже “Хакасия – биздин доордун 6-9 кылымдарында кыргыздар жашаган аймак” дептир. Адилет болсо “Кечиресиз эжеке, анда "6-9 кылымдарда кыргыздар кайда жашаган деп сурбайт белеңиз. Мен деле сиз айткандай жооп бермекмин” дептир. Суроо берген эже жылмайып, “Сен мыкты окуучу эле эмес, аябай так, өжөр да экенсин. Азамат. Айтканың туура. Менде башка суроо жок” дептир. Адилеттин тарыхтан берген мугалими тим эле жыргап калыптыр “Көрдүңөрбү,
мен окуткан бала кандай жооп берди” деп, эки жакты карап.
Бирок, бул күнү Адилеттин дарегине айтылган мактоолорду уккусу келбеген, экзамен учурунда эшикти жаап чыгып кеткен бир эле адам болду. Ал – анын класс жетекчиси эле. Эмнеге? Көрсө, Адилет класс жетекчиси “чайга” деп чогулткан 1000 сомду бербептир, “Экзамен алуу - мугалимдердин жумушу. Ал үчүн алар айлык алышат” деп. Ал ошондой эле ай сайын төлөнүүчү 200 сомду да төлөбөйт экен “Квитанция берилбей алынган акчанын баары – коррупция” деп.
Бул боюнча силердин оюңар кандай? Адилет чын эле сый-урматка татыктуубу?
Класс жетекчи эмоциясын билдирбей, элдин көзүнчө окуучуну мактап, ал эми чарба иштерин (акча чогултуу) башка жерде чечип алса болмок беле?
- (2 )
-
- 1
- 2
Көңүл кейиткен окуялар Адеп, тарибия жана башкалар тууралуу...
#22 15 August 2014 - 13:04
Кечээ маршруткада баратып бир окуяга туш болдум. Ошондон улам атайын бул теманы ачып, силердин оюңарды билүү менен, башка дагы ушуга окшогон окуяларды жазып, талкууласак деген ой пайда болду. Анда сөз башынан болсун:
Аялдамадан жашы элүүдөн өтүп калган эки аял кирди да, менин алдымдагы орунга отурушту. Биринин колунда кичинекей бала, экинчисинде - пакеттер. Бир маалда 20-25тердеги эки бала кирип, бири колу менен салондогу штанганы кармабай, ачылып турган люктун кырын кармап туруп калды. Пакет кармаган аял "Балам, колуңу алчы ал жерден, люк түшүп кетсе, колуң кыпчылып калат" деп, кадимки эле энелик мээримин төгүп, боор ооруу менен айтты. Бала аялды ушундай жини келип карады да, заар үнү менен "Кол меники. Кыпчылса менин колум кыпчылат. Сиз кыжаалат болбой отура бериңиз" деди. Аял үн-сөз таппай отуруп калды. Бала кармаган экинчиси "Ай Ырыскүл, эмне убара болосун азыркы жаштарга бирдеке деп. Унчукпай отура бер, билгенин кылышсын" деп жооткотуп койду. Мен чыдай албай, "Ай балам, ушу кылганың жигиттик болбой калды. Эжекеден кечирим сурап кой" десем, "Сурайымбы, сурабайымбы - аны өзүм билем" деп, мени да жеп койчудай болуп бир карап койду. Эмне дейсин? Башка жер, башка шарт болсо - башкача түшүндүрмөкмүн. Элдин көзүнчө чоң эле жигиттин шагын сындырбайын деп, мен да унчукпай отуруп калдым. Бирок, үйгө жеткиче зееним кейип бардым.
Бул боюнча силердин пикириңер кандай?

Тарбиясыз акмак, наадан экенго ал бала,боор оорусан боорго тебет болуп... Чын-чына келгенде азыркы жаштарда опшум тарбия таалим деген жок, ой-жугуртуу деген нульс совсем.Мин жолу настроениеси жок болуп жер астын-устун болуп кетсе да апасындай аялга кыйкырып жооп бербеш керек эле.Уйундо алган тарбиясы ошол экен да.. эмне демекпиз мындай эргулдарга тарбия берген ата-энене рахмат..дегенден башка.
Бакыт каалап акыл тынчтык бербеген:
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
Убакытты баала кайтып келбеген!
Чаап салса, кайра өсүп, жайкалган
Жер килеми — чөп эмессиң сен деген.
#23 15 August 2014 - 13:14
Узакка барбай эле ушул форумда ач карышкырдай кажышып эки экиден айтышкан ажаан кыз келиндер,Жана ажыкыз эркектер толуп ташат.Ар бирибизге ыйман берсин .
Мен бактылуумуун.
#24 27 November 2015 - 08:07
Азыркылар эч кимди укпай калды дегенге мен кошулбайм,кее бирлерин айтса болот. А жалпы турдо жаштар деп айтканга болбой калат. Азыркы жаштар Кудайга шукур ыймандуу,тарбиялуу десем да болот,бар эми арасында бир эки кок мээлер аларга эми соз жок. Менин да башымдан ушул маршуруткада бир окуя болуп отту.
Маршуруткада бара жатсам,адам коп болчу кее бир адамдар туруп кетип аткан. Анан эле арасында боюнда бар аял бар экен,ал да туруп баратыптыр. Олтургучтарды карасам бир эки жаш менден улуудай бир жигиттин гулу олтуруп кетип атыптыр. Баягы жерде боюнда бар аялга орун бошотуп бербегенге ачуум келди да,э брат турбайсынбы карасан многу эжени кыйналып кетип атат десем,баягы жигит макул макул деп эле сразым ордун бошотуп берди. Эми биягы кызык болду )))
Баягы жигиттин бою аябай узун экен,турду эле башы кайрылып калды маршуруткага батпай )))
Аябай кызык болдум жетер жеткиче, бир чети уялдым ))
Баягы бала жеткиче моюну кайрылып унчукпай кетти сыр бербей ))
Эми менин айтарым адамдар ар кыл болот,бир эле адам менен жалпылап жыйнтык чыгарган болбой калат. Мисалы шаарга барсам мечиттин ичин 85 пайыз жаштар тузот,бул ыймандуулуктун бир далили жаштардын. Мечиттин алдынкы саптарында да жаштарды коросун.
Ошондуктан жаштар жонундо жакшы пикирлерди калтырып койсок ашыкча болбосо керек дегим келди

#25 27 November 2015 - 10:11
Мен азыркыларга такыр эле ичим чыкпай баратат, кундон кунго маршруткада коп жолуктуруп атам андай жаштарды. Бир маршруткада кетип атам арткы орундукта, алдыда эки оронгон кыз кетип атат, кулуп, телефондорун утуру чукуп суйлошуп коюп. Бир эже чыгып калды чонураак, тиги экоо дале ошол акыбал, уялгандан мен туруп бердим. Олло создор келдиго кой дедимда настроениямды бузбайын кадагы бир мээси жокторду деп унчукпай тиштенип койдум. Анан дагы жайда бир окуя болду.Ошол куну ГОС экзаменге бараткам чыгып, маршрутка тостум жанымда дагы бир келин боюнда баркен кара кофта кийип алганкен кошо чыкты. Эми шаардын берки башынан наркы башына барыш керек, артка оттук. Артта жаш, ашып кетсе экинчи курстун студент кыздары отурат молтуроп тизилип. Бири да турайын дебейт. Биринчи тиги боюнда барды байкабай калыпмын. Бир карасам кыйналгансып калыптыр, чыдабадым, тиги кыздарды карасам калптан терезени карап кетиштат. Жиним келип турсанар боюнда баркен деп катуу суйлоп салсам экоо унчукпай отура берди бироосу жаман козу менен карап арга жок туруп берди. Окуу жайга жетип тушуп кеттим. ГОСко кирип чыгып анан группалаштар менен суйлошо баштап карасам жанагы боюнда бар келин журот арасында, чынында мен сабака коп барбагам ошого тааныбайм. Обходной толтурганы жоноп калдык тиги келинда бар анан жанагы сенсин э десем ооба оло уялдым тигилер жаман корду деп коет. Эми ошону айттырбай деле оздору туруп берсе болотго эхх жаштар
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео