Кытай өкмөтү жашыл кур баканы өлкөнүн легендарлуу лидери Цзян Цзэминге окшош дешип, ЖМКна кабар жазууга тыюу салды. Маалыматка караганда, Кытайдын эң ири Синьхуа кабар агентчилиги жана көпчүлүк басмалар өкмөттүн көрсөтмөсү менен жашыл кур баканы интернет-ресурстарынан алып салышты. Кытай өкмөтү Пекин шаарынын четиндеги бакчадагы 22 метр үйлөнгөн кур баканы 1989-2002 -жылдары Кытай Коммунистик партиясынын лидери болгон Цзян Цзэминге окшото баштагандан кийин бака тууралуу кабар жазууга тыюу салган. Синьхуа кабар агентчилигинен тышкары, баканын сүрөтүн алуу боюнча эскертүү кытайдын эң популярдуу Sina интернет парталына дагы жиберилген. BBCнин маалыматына караганда мындай тыюу салынгандан кийин куру бака тууралуу кабарлар бүт дүйнөгө эки эселенип жайылып кеткен.

