Суперстан: Чынгыз Айтматов.(Кассандра тамгасы) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Чынгыз Айтматов.(Кассандра тамгасы)

#1 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 16:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Саламатсыздарбы! Мен Чынгыз Айтматовдун "Кассандра тамгасын" бул жакка илейин деп чечтим.Эгер мындай тема болсо урушпай эле,жаап салгыла.Анан да,мен бул чыгарманы интернеттен таап,бул жакка судурой качтым.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 16:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

КАССАНДРА ТАМГАСЫ
Кассандра* Аполлондун
махабатын четке кагат, ошондо
Аполлон Кассандраны каарына
алып, анын көз ачыктык менен
айткандарын эч ким ишенгис
кылып салат...
(Байыркы грек
мифологиясынан)
Жарыкчылыкка али келбеген,
Асман алдында жасалып жаткан
арам иштерди көрбөгөн жан гана
тигил экөөнөн бактылуу.
(Екклесиаст)
Бул сапар да баягыдай иш айтылган Сөздөн, Сөздүн
өзүнөн башталды. Ооба, баягы качандыр бир болуп кеткен
дүйнөгө маалым түбөлүктүү сюжеттегидей болду.
Анан кийинки окуялардын бардыгы ошол айтылган
Сөздөн келип чыкпадыбы...
Антсе да бул күтүүсүз жагдайга биринчи кабылган
адамдардын көпчүлүгү кийин жүрүп дал ошол окуяны
өмүрүндөгү эң укмуштуу окуя катары мемуарларында
жазышарын эч качан ойлошкон эмес. Анан калса бир
кызык—ошол окуяга күбө болгондордун баары сүйлөшүп
алышкансып, эскерүүлөрүн: «Ошол күнкү болуп
көрбөгөндөй окуялар детектив романдагыдай өнүктү» деп
баштоого мажбур эле.
Чынында эле ошондой болду. «Трибюн» газетасынын
students.com. kg 2кызматкерлери капысынан жетекчилик жайгашкан кабатка
шашылыш чогулушкан редколлегиянын чукул
чакырылган кеңешмесинин маалында тыяк-быякка
чалууга, телефондун шыңгырагына, факска жооп берүүгө,
ал эле эмес кимдир бирөөнүн редакциянын эшигин аттап
киришине тыюу салынсын деген баш редактордун
буйругун алышты.
Ошентип баары ушул чукул чакырылган кеңешмеден
башталды да калды. Буга окшогон билдирүүнү газета
бетине жарыялоо уч уктаса түшкө кирчү ишпи! Бирок
баары бир бир бүтүмгө келүү керек эле, аракеттенүү керек
эле. Же бар, же жок — маселе мына ушундай кырынан
турду. Ошентип, «бардык континенттерде ойду
ойготуучу» деген атак алган «Трибюн» азгырылбай коё
албады (албетте, азезилдин азгырыгы деп кийин
опоненттери айткандай), дүйнөнү дүңгүрөткөн кабар
деген оңойбу. Редакция бул материалга эксклюзивдүү
укук алды да, адамзат тарыхында мурда болуп көрбөгөн
документти шыр жарыялап жиберүүгө тобокел кылды.
Мына ошондо, окуялар башталар алдында,
редакциянын баяндоочуларынын ичинен кимдир бирөө
көбүнүн эсинде калган сөздү айтып салды: «Мына,
жигиттер, болору болду, — деди ал колундагы сыры
кургай элек баракты көрсөтүп, — тарыхта ойго келбес
окуяны мына биз, «Трибюн» жарыялап олтурат! Бүттү,
эми бизге эч ким жетпейт, калганын көрө жатабыз —
турмуш көргөзөт. Мунун аягы эмне болмокчу
демекчисинер го? Көрө жатабыз да! —Ал башын чайкап
койду да, сырдуу кошумчалады: — Анткени коллегалар,
кечирип коюңуздар, эскертип коёюн, мындан ары ар ким
өзү жөнүндө ойлонушу тийиш — бир сааттан кийин эмне
болоору белгисиз».
Чынын айтканда, кооптонбой коюуга болбойт эле.
Аны баары түшүнүп турушту. Редакцияда ошол күнү
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 16:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

баарынын — баш редактордон тартып, келечекте
репортаждарды жазууга калем төшөлтүү үчүн бул жерге
журналистика факультетинен келишкен стажерлорго
чейин — паанайлары саат сайын өзгөрүп турду: бирде
баары абдырап, олтурган орундарында селейишип, бири-
бирине сөз катуудан качышса, бирде, тескерисинче,
коридорлор менен кабинеттерде ары-бери чебеленишип,
дүүлүккөндөн көздөрү ойноктоп, уу-дуу кепке түшүп
кетип жатышты. Бирок азыр башка нерсе жөнүндө
ойлонуунун да оролу келип турган — мүмкүн каарданган
караламан калктан коргонуу үчүн эшик, терезелерди
бекитүү керек болуп жүрбөсүн. Бул да болушу мүмкүн,
анткени көчөдөгү жаалданган калың эл редакцияга кирип
келип, (аларды эч бир полиция токтото алмак эмес),
айнектерди талкалап, телефондорду жерге уруп, эмеректер
менен оргтехниканын тымтыракайын чыгарып, чатак
чыккан жерге чаап жеткен телевизионщиктердин
объективдеринин алдында, каш-кабактын ортосунда бүт
дүйнөнү буй түшүргөн, адамды Теңирдин өзү менен
теңештирген газетчилерди алка жакадан алып, айласын
кетиргидей себеп алаканга салгандай айкын эле... Бирок
азырынча эч нерседен кабары жок кумурскадай жайнаган
эл американын улуу шаарынын көчөлөрүндө көк тиреген
айнек үйлөрдү бойлой кылкылдайт, ага катар түркун
түстөгү машиналар тынымсыз өйдө-төмөн дарыядай
агылат, төбөдө көз уялта жаркыраган вертолеттор учуп
жүрүшөт.
Али эч ким акылынан адаша элек, буга чейин эч качан
өзүнүн түбөлүктүүлүгүнө шек туудурбаган жашоо
агымынын сырына абийирсиздик менен кол салган
карасанатай газетаны булгалап, аянтка эч ким айкырык
салып чыга элек, али эч ким баарын дүрбөлөң түшүрүп,
тозоктун жолун торойлу деп чуу сала элек.
«Трибюн» башка бирөө озунуп кетпесин деп
students.com. kg 4шашылды. Кайра терилип жаткан номер жарым эле саатка
кармалды дегиче бүттү, космостон келген бул материалды
дүйнөнүн башка жериндеги кайсы газета болбосун өз
тагдырын тобокелге салып, дароо жарыялап жибермек. Ал
түгүл мунун кесепетинен мейли жер жүзүн топон суу
каптап, жандуунун баарын жайпап кетсе да, андан кийин
бир да газетанын эч кимге эч жерде кереги жок болуп
калса да — баары бир бул бир келген кезегин «Трибюн»
өткөрүп жибере алмак эмес...
Ал эми келечектеги жана сыягы, акыры болбой
койбоочу топон суунун башаты болгон океан, ошол күнү
материктер арасында өркөчтөнө тармалданып, кубаттуу
кыймылдагы массасы менен жер шарын алдыртан чайкап,
өзүнөн өзү козголуп, көз ачып жумганча пайда болгон
сүрдүү албуут толкундары албан агымдары менен ойноп,
учу-кыйырына көз жетпеген өз мейкиндигинде бүлбүлдөй
жалтылдап, бууракандап чалкып жатты.
Футуролог бийиктиктен океандын кайнаган
магмасына көз чаптыра, Атлантиканын үстүнөн учуп
бараткан авиалайнердин иллюминаторунан аны суктана
карап баратты. Бүгүнку ачык күндө анын көз кыры
түшкөн көрүнүштөрдө адаттан тышкары бөтөнчө эч нерсе
болбосо да — төмөн жакта баягы эле чалкыган океан, суу,
шарпа салган толкундар, бир түрдүү көрүнүш, көз
талыткан ээн горизонт, болгондо да жүздөгөн
авиажүргүнчүлөр үчүн карабай коюуга мүмкүн болбогон
көрүнүш — футурологдун делебесин козгоду. Адамдын
оймоктой көзү дүйнөнүн чексиз мейкиндигин камтый
кароого жөндөмдүү экендиги кандай укмуш деп ойлонуп
баратты ал. Бул да бекеринен эмес. Эч бир жандыкка, ал
турсун ак булуттун алдында айланган бүркүткө да,
мындай кеңири мейкиндикти камтып көрүү касиети
берилген эмес. Ооба, техникалык жетишкендиктерден
улам, акылдан бүткөн экинчи чындык болуп калган адам
students.com. kg 5ааламга ыктоочулуктун улам жаңы ресурстарын тапты да,
теңирге тете кудуретке жетти. Анан калса ааламдын көзгө
көрүнбөс бийиктигинде көзгө илешпеген куюн болуп
закымдап жүрүп, бүт жер жүзүн көрүү Жаратканга гана
буюрган эмеспи. Самолеттун бир калыптагы күүлдөгү
коштогон бекерчиликте футуролог ушулар жөнүндө
ойлонуп кеткен эле. Өзүң жалгыз калган учур да бир
сонун эмеспи. Чоң бокалдын түбүндө музга аралаш
куюлуша жылтылдаган шараптан татканга саал бою
жылый түшкөн неме канынын жагымдуу дүргүгөнүнө
каршылык кылбады, тескерисинче, өзү менен өзү калган
мындай сейрек кездешчү учур узагыраак болсо экен деп
тиледи. Жанындагы креслолордун боштугу, сөзгө
аралашууга аргасыз кылуучу катарында коңшу
сапарлаштардын жоктугу — бу дагы оңдой берди болду.
Футуролог Европадагы кезектеги сапарынан кайтып
келаткан эле. Дагы баягы эл аралык конференция,
интеллектуалдардын жыйыны, ушундай космополит
чөйрөнүн жашоо ыңгайына айланган дагы баягы бүтпөс
дискуссиялар, ой-пикирлер менен божомолдоолордун
айланасында биринен бирине агылган дискуссиялар. Сөз
дагы эле баягы дүйнөлүк цивилизациянын келечеги
жөнүндө, монополярдуу өнүгүүнүн коркунучу жана башка
ушуга окшогондор жөнүндө жүрдү. Булар дайыма
актуалдуу бойдон калып келаткан, аларды аңдап билүүгө
Гарвард университетинин окумуштуусунун, мындайча
айтканда, бүткүл өмүрүн жумшап келаткан проблемалар
болчу жана ал жыл өткөн сайын, бул бал китепчиликтин
илимин канчалык терең өздөштүргөн сайын, ошол
көшөрүп изилдеген изилдөөсүнүн — эзелтен жашап келе
жаткан адам тукумунун келечегинин — изилденип бүтүшү
мүмкүн эместигин сезүүсү ошончолук күчтүү боло
баштады. Анан, түбөлүк тагдырдын алдын алууга
умтулуу, бүгүн да, эртең да, миң жылдан кийин да эч
students.com. kg 6качан эч кимге ачылбоочу жашоонун маңызы эмнеде
экенин издеп түбөлүк кыйналуу эмне деген убара, эмне
деген бейопа иш? — деп ойлоп кете турган кээде. Бирок
ээ-жаа бербей келечекке умтулган учу-кыйырсыз күлүк
ойдон баш тартып көр эр болсоң, тигил горизонттон жаңы
гана кылтыйган нерсени көрсөм деп алдас урбай коюуга,
жан алакетке түшпөй коюуга кыйналбай коюуга болор
бекен деги?! Келечекти көз алдыга келтире албаган тагдыр
— опосуз тагдыр. Бирок илимий сабырдуулукту сактап,
«кармашка» катышпай туруп, алиги тарыхтын дөңгөлөгү
деген неме кайда, кандай туңгуюкка алып барганы
жатканын акыйкат болжолдоого, алдын ала айтууга бел
байлоо айрым учурда канчалык кыйын; баса, ал деги эле
дөңгөлөк болду бекен, а мүмкүн, таптакыр эле тегеренүүгө
жөндөмсүз, катуу урунуудан кийин чабактары чачылып
кетип, жалпайып калган велосипеддин дөңгөлөгүндөй бир
нерседир — анан калса кыймылдын бул формасына
илимде толук камтырлык бир аныктама табылбай
койбодубу. Божомолдоочулук, эскиздүүлүк,
декларативдүүлүк — бир эле учурда эмпирикалуу дагы,
драмалуу дагы, ошого карабай, баарын чечмелөөгө,
баарын алдын ала айтууга белсенген саймедиреген
футурологиянын эзелки белгилери. Тээ бийиктиктен туруп
жасаган айрым бир жоромолдор адамды безге сайгандай
чочутуп, жүрөктүн үшүн алат, өз жоромолундан,
тарыхтын аласалма жазмышын сезүүдөн жана баарыдан
мурда, кайда барба, кайда болбо бардык жерде ачыктан
ачык эле бийликке, жалгыз гана бийликке умтулган баш
бербес күчтөрдүн демиткенинен төбө чачың тик турат.
Кандай бийлик болбосун, ал канчалык максатын бийик
санабасын, анын жалгыз көздөгөнү бийлик жүргүзүү,
демек ал эски каргашанын ордуна башкасын, жаңысын
жаратары бышык. Баарына кайыл болуп, чындык менен
кыялдагы идеалды чаңкап издеген жайга футурология
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 16:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

анык баш катырган азап эмеспи. Анан, ошондой болсо да,
тээ байыркы доордогу али тил бүтө элек алтачкы адамдан
башталган келечекти алдын ала көрүү аракетинен баш
тартуу, бешенесине түйшүк жазылган адам баласына
келечектеги өнүгүүнүн жолун, кылдай пайда көрүү оюнда
жок, мүмкүн, мессиандык тилек менен, айтып берүү
аракетинен баш тартуу Футуролог үчүн кыйын иш болчу,
өз жанын өзү кыйганга барабар иш эле. Бул ишке канча
өмүрү кетпеди! Азыркы кездеги пайдакеч коомдо «көзү
ачыктардын» бийик абалын сактап калышы оңой иш эмес.
Дельфий пифийлери Кудайлардын атынан ажалды да,
азапты да, даңктын салтанатын да көзү ачыктык менен
айта берүүчү кайран мезгилдер өткөн. XX кылымда
оракулдарга текеберчилик менен шылдыңдай карап
калышпадыбы аттиң!
Анткен менен бул да анча коркунучтуу эмес.
Футуролог жана анын коллегалары өз чөйрөсүндө,
өздөрүнүн профессионал таламдары менен жашап
жатышты. Мисалы анын ушул жолку Европага алган
сапары да жалгыз эле симпозиум эмес, анын Франкфурт-
на-Майиеде басылып чыккан жаңы китебинин
презентациясы менен да байланыштуу болучу. «На-
Майне» демекчи, ушуга байланыштуу, салтанат учурунда
кимдир бирөө, «майн» деген немис сөзүн буруп,
Майндагы улуу шаар «Майне Хераусфордерунг»
(«Өзүмдү өзүм кармашка чакырам») деген улуу китепти
басып чыгарды, деди оюн-чындан. Албетте муну автордун
өзүнөн башка эч ким четке кага алмак эмес. Футуролог ал
китебинде боюнан уйгакты силкип салгандай,
солчулдукту силкип салган. Бул чынында эле өзүн өзү
менен кармашка чакыруу, тагыраак айтканда, өткөн жаш
кездеги мүдөөлөрүн тануу болчу. Кылымдын
экстремисттик эпкининен кол үзүүнү өзүнөн баштоого
туура келди.
students.com. kg 8Презентациядан кийин ал пресс-конференция өткөрдү,
автограф таратты, андан соң Рейнде анча созулбаган
сейилдөө сапары жүрүп, чакан кемеде баратып
«Шпигелге» интервью берди. Футурологиянын жашы
эңкейип калган апостолун жандап, каалгый жылган
Рейндин боюндагы аскалардын фонунда сүрөткө
түшүрүштү. Дагы — абалкы аскалар анын бой-келбетине
абдан төп келип турат, өзү да абалкы аскаларга окшоп
олуттуу да, калыбет, — дегендей сыпайы тамаша
айтылды. Буга ал өзү мыйыгынан жылмайып, андай болсо
интервьюңарды: «Абалкы асканын ой чабыты» деп атап
койгула деди. Ошентип абалкы аска ойлорун ортого
салды. Ар кыл суроолор берилди. Илимде, демек,
жашоодо дагы, өзү менен өзү күрөшкө чыгуу деген эмне?
Өз тажрыйбасын жана ишенимин кайрадан кароо деген
ушул эмеспи? Апостолдун ою кандай: пессимизм —
дайыма эле жашоонун болбой койбос жыйынтыгыбы?
Футурологиядагы авантюризм жөнүндө анын ою кандай?
Анан, акырында, апостолдун өзүнүн ал-абалы кандай?
Мынабу рейн шарабы жөнүндө эмне демекчи?! Андай
болсо мыкты экен! Америкалыктарга айла барбы.
Айрыкча теги немис болсо!
Мына эми, Роберт Борк абдан оор матчтан кийин
тезирээк чечинип-кийинүүчү жайга жетип, боюмду
таштайын деп шашылган спортсменче, самолетто келатып
дайыма оюнан кетпеген нерселерден алаксыганга
аракеттенди. Бирок болбоду. Жаңы, а мүмкүн, акыркы,
монографиясы жөнүндө ойлоду. Анын алдында бүтпөс
нерсени бүтүрүү турган — бул анын акыркы ыры болмок.
Албетте мүмкүнчүлүгү жетсе. Эгер көп жылдан берки
изилдөөлөрүнүн негизинде оюн жаңы илимий жактан
келечекти көрө билүүнүн босогосуна жеткирүүгө
мүмкүнчүлүгү жетсе. Роберт Борктун ою боюнча, азыркы
кездеги адам баласынын алдында таптакыр жаңы
students.com. kg 9проблемалар менен кагылышуу турган, ал буга чейин
белгисиз, бардыгына жалпы бирдей кыйып сыноого
кабылмак. Бул капысынан күн табын жоготуп, сууй
баштаганда, же тескерисинче, өтө ысып кеткенде мүлдө
адамзат сезгенге салыштырарлык нерсе болмок. Бул жаңы
проблемаларды ойлонуп көрүү менен адамзат өз
жашоосунун бүтүшүнүн трагедиялуу мүмкүнчүлүгүн
сезүү жөндөмдүүлүгү өзүндө бар экенин таап эле жөн
болбостон, ошол сезгендиги аман калуунун жана
өнүгүүнүн андан аркы жолдорун жана формаларын издеп
табуунун жаңы ыкмаларын табууга түрткү болушу тийиш.
Бул, өз кезегинде, жашоонун жаңы ыңгайына, ой
жүгүртүүнүн жаңы жолуна алып келмек. Мына ушул
жөнүндө жазуу, келечектеги өнүгүүнүн жолун
жоромолдоп айтып берүү — Роберт Борктун жанагы
акыркы ыры ушул болмок... Бирок үлгүрөр бекен? Иш өтө
көп... А убакыт деген учкан куш...
Океан канат алдында баягыдай эле жыбырай
тармалданып, толкундардын чачырандысы нурга чагыла
жаркылдап, учу-кыйырсыз мелмилдейт. Күн, булутсуз
чаңкайган асман, келберсиген мейкиндик, закымдаган
учуу — океан үстүндө түбөлүк токтоп калгансыйт. Бир
жарым саат чамасынан кийин материк көрүнөт, мына анан
самолет коно баштайт, анан мына бул асмандагы тыным
бүтөт, анан кайрадан, уу-дуу түшкөн аэропорттогу
алгачкы кадамынан баштап, адамдардын иримине бой
урат.
Азырынча учуу улана берди, Футурологду сапарында
кандайдыр бир күтүүсүз жана бөтөнчө бир нерсе күтүп
турду.
Ал жарамсыз үйрөнчүк-фотограф болчу, анысына
карабай фотоаппаратын дайыма жанына ала жүрчү да, эч
нерсени ылгабай, көзүнө көрүнгөндүн баарын чырк-чырк
эттирип, тарта берчү. Бөтөнчө ал асмандагы ар кандай
students.com. kg 10көрүнүштөргө тап эле. Үй толо эч нерсеге жараксыз
фотографияларды эмне кыларын билбей, аялы Жессинин
айласы кетчү. Сиркеси суу көтөрбөй турган чактарда
Жесси аны таштанды тарткыч деп шылдыңдап, анан
баарын өрттөп жиберем деп опузалачу, бирок бул анын
берилген ишинен бет бургуза алчу эмес. Өзүн өзү
шылдындап: «Мен илимде да стратосферачымын —
абстракциядан айланып чыга албайм, фотографияда да
ошолмун — объективге алганым жалан булуттар! » дечү.
Мына ушул жолу да, асманда эркин каалгыган кандайдыр
бир алда немеге окшогон булутту тартып алып,
коллекциямды толуктасам болот эле деп ойлоп, ал
фотоаппаратын белендеп, терезеге үңүлдү. Тилекке
каршы, көнүл токтотуучу эч нерсе көрүнбөдү, айланада
асман көпкөк, тээ төмөн жакта гана бир нече үзүндү-
үзүндү булут каалгыйт.
Мына ушул маалда, самолет алган багытын көздөй
бурула бергенде, саал кыңкая берген борттон ал капыстан
океанда сүзүп бараткан киттердин чоң үйүрүн көрө койду.
Ал киттерди ушунчалык даана, ушунчалык мейкиндик
менен кыймылдын айкалышында айкын көргөндүктөн,
бул бир укмуштуудай, айран каларлык көрүнүш болду.
Анан калса, алар, киттер, анын түшүнө көп кирчү эмес
беле. Ооба, түшүнө бүдөмүк, океанда сүзүп бараткандары
кирчү. Анан, биз менен жүрү деп чакырып жаткандай
сезилчү. Эми мына, киттерди өңүндө көрүп олтурат. Бул
бир укмуш көрүнүш! Киттер, асмандагы турналардай
болуп, катарын жазбай сүзүп баратышты. Жыйырма
чамалуу. Самолет бурулуп барып түзөлдү, бирок төмөн
жакта киттер али көрүнүп турду. Толкунду кубаттуу
жиреп, суу фонтанын башынан алыс чачырата бүркүп,
бирде океан иримине сүңгүп кирип кетип, бирде дөбөдөй
болуп кайра калкып чыгып, алган багытынан кенедей да
жазбай, ыраатын да бузбай, бир кылка сүзүп кетип
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 16:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

баратышты.
Баарын унутуп салып, киттердин үйүрүнүн
кыймылынын күчүнө жана эркине арбалган Роберт Борк
капысынан өзүн ушул киттердин арасындагы кит-адамдай,
алар менен бул албан сапарда бирге сүзүп бара жаткандай,
анын жонунан, кара нөшөрдөн кийин адырдан аккан
суудай, океандын суусу жылтылдап агып жаткан сымал
сезип кетти. Ошентип ал, ушундан баштап мындан
кийинки өмүрү акырына чейин киттер менен
байланыштуу болорун капысынан тээ көңүлүнүн
түпкүрүндө ойгонгон туюму менен түшүнүп,
бууракандаган океанда сүзүп баратты; анын
жандүйнөсүндө ушул жолугушуунун сырдуу түйүнү
чечилди: мындан ары киттер эмнеге дуушар болсо, бул да
ошого дуушар болот, киттер эмнеге кабылса, бул да ошого
кабылат. ..
Демек киттер анын түшүнө бекеринен кирбептир да?
Жок, бекеринен эмес. Бирок алар ушул маалда кайда сүзүп
баратышты экен мынча шашылып? Эмне үчүн алар аны
кошо жүрү деп чакырышты экен, эмне маани менен?
Ушунча алыстыктан бир нерсе чыгарына анча ишене
бербесе да, баары бир ал фотоаппаратын «чырк» эттирип
койду.
Ошондон кийин Роберт Борк дароо үйүнө чалыш үчүн
креслонун коңулунан авиателефондун трубкасын алды.
Телефондун таблосунан банктын эсебин, шаардын кодун,
үйдөгү телефондун номерин терип жатып, кайсы бир
сандан жаңылып калды да, кайрадан тере баштады.
Азыркы көрүп баратканын аялына айтышы өтө зарыл эле.
Ал азыр, адам унчукпай коё албоочу, кимдер бирөө менен
ой бөлүшпөй коё албоочу абалда эле. «Эмне үчүн Жесси
трубканы албай жатат?! Кайда кетти экен?.. Мүмкүн
үйдөн чыгып кетти бекен? Тосуп алганы чыктыбы? — али
эрте да? Машинага чалуу керек? « Киттерди көргөндүгү
students.com. kg 12жөнүндө ага, аялына, дал азыр айтып бергиси келди.
Келгенде эле айтып берсе кеч болуп калчудай сезилди ага.
Аялын түшүндө да алдай албайт, деп жакын жолдоштору
Футурологду бекеринен тамашалашчу эмес.
Киттер болсо океанда улам карааны алыстап, көзгө
көрүнбөй баратты...
—Жесси! — деп кыйкырды ал, аялы трубкадан жооп
кылар замат.
—Эсиңдеби, менин түшүмө киттер кирди деп
айтканым? !
—Ооба, эмне болду? Саа эмне болду? Кайдасың?
— Мен аларды азыр эле көрдүм! Мен киттерди
океандан көрдүм! Ии дебейсинби, мен мындайды
өмүрүмдө көргөн эмесмин, бул бир укмуш көрүнүш, бул
бир укмуш... Бул...
— Коё турчу, коё турчу, сен эмне мынча делөөрүп
алгансың? Деминди басчы, кудай жалгагыр... Анан үйгө
келгенде айтаарсың. Киттер дейт тура!.. Бул жерде эмне
болуп жатат дебейсиңби андан көрө, эмне дээримди да
билбейм сага! Баары дендароо. Баарынын окугандары
«Трибюн! » Салонуңарда бүгүнкү газеталар барбы? Баса,
кайдан болсун... Силер асманда келе жатканда, бул жерде
укмуштар болуп жатат! Бул «Трибюндун» шашылыш
басылмасы, ал жөнүндө азыр эле радиодон жана
телевидениеден айтты... Элдин баары жабалактап окуп
жаткан кези...
—Ал эмне экен? Саясий сенсациябы?
— Жок, андай болсо кана! Кандай деп
түшүндүрөрүмдү да билбей турам. Мен жаңыдан эле окуй
баштадым. Бул — таптакыр башка.
—Ошондой болсо да сөз эмне жөнүндө экен? Деги
эмне өзү?
—Космостогу монахтын Рим папасына жазган каты!
Дегинкисинде бардыгына, элдин бардыгына кайрылуу...
students.com. kg 13— Эмне дейсиң, эмне дейсиң? Ал эмне болгон
космостогу монах экен? Күлкүнү келтирбечи, бай болгур.
Космостун монахтары деген да болот бекен?
— Мен түшүндүрүп бере албайм. Ал өтө эле чоң
материал. Баары ошону окуп жатышат азыр.
—Ал кат эмне жөнүндө экен? Анын маңызы эмнеде?
Эки сөз менен айтып койчу!
—Ал космостун монахы улуу илимий ачылыш
жасаган имиш. Кишилер эми жарык дүйнөгө келүүнү, же
келбей коюуну өздөрү билишет экен, айтканына
караганда.
—Кайдагы шумдукту айтасың, Жесси?! — Футуролог
дабдырай түштү. — Деле түшүнсөм буюрбасын. Ушул да
сөзбү. Буга ким ишенет? Андай болсо Кудай кайда?
—Биле албайм. Мүмкүн буга Кудай да макул болсо
керек.
—Кеп эмес бекен! Сен эмне деп жатасың?! Эмне деп
жатканыңды түшүнөсүнбү? ! Деги эмне болуп жатат
силерде?
—Келсең окуйсун, Бири-бирине телефон чалып
жаткан эле кишилер. Баары эмне кыларын билишпей,
дабдырап калышты, дагы бир даары жиндери келип,
«Трибюнду» жер менен жексен кылганы жүрүшөт.
Досторуң сенин оюңду билебиз дешип, күтүп жатышат.
Бул эмне деген шумдук жана мунун арты эмне болот —
баарын акыл тегеретип көрүп, айтсын деп жатышат...
—Ал өзү ким экен, жанагы космостогу монах
дегенин? Орбитада жүрүп акылынан ажыраган
астронавттардын бири го?
—Ал баягы кайра келбес неме, эсиңдеби, космостогу
илимий станциянын экипажынын бирөө Жерге келүүдөн
баш тарткандыгы жөнүндө качандыр бир басма сөз
бетинде «жылт» дей калды эле го?
—Эсимде, албетте. Ошондо жазганга караганда өзү
students.com. kg 14орус болчу, америкалык жана жапон менен бирге учкан.
Бирок ысмы эсимден чыгып калыптыр.
— Катында ал өзүн монах Филофей деп атаптыр.
—Филофей? Бул анын чыныгы аты бекен?
—Бул орустун аты. Азыр орустардан баарын күтүүгө
болот. Алардын көрбөгөнү калдыбы... Космостогу коңулга
бекинип алып акырын идея таштап жаткан безгин
дебейсинби? ! Шумдук жаңылык экен!..
-2-
Рим папасына!
Азырети улугум, Ааламдагы өтө узак жерден — өзүм
үч жылдан бери космостук илим-изилдөөчү станцияда
экспедицияда жүргөн жерге танапташ орбитадан —
Сиздин тынчыңызды алгандыгым үчүн кечирим суроодон
мурда, ичимен Сиздин алдыңызда, касиеттүү ата, тизе
бүгөмүн да, чын ыкласым менен колуңуздан сүйөм.
Менин күнөөгө баткан курган жаныма кечирим бериңиз
жана эгер мүмкүн деп санасаңыз, бир караганда караманча
сандырак нерседей, ал эле эмес, ыймандык тарыхый
тажрыйбанын көз карашынан алганда, зыяндуудай
көрүнүшү мүмкүн болгон практикалык байкоолордун
жыйынтыктарын жана күн тыным, түн уйкудан ажырап
жүрүп, мүмкүн, Жараткандын өзүнүн эрки жана буйругу
менен жаралган идеяларды назарыңызды бөлүп, угуп
коюңуз. Болбосо менин Сизге кайрылышымдын өзү
канчалык адисинен ашкан кашкөйлук экенин түшүнүп
туруп, Сиздин тынчыңызды албас элем, касиеттүү ата.
Ошондой болсо да, менин кайрылуумдун себеби каттын
мазмунунан айкын болор деген үмүттөмүн.
Ошентип дароо эле ток этер жеринен баштайын.
Тагдыр экен, мага окшогон бир жупуну пендени жаралып
келаткан жандын—адам эмбрионунун рефлексиясынын —
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 16:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

мурда белгисиз сапатын таанып-билсин деп буюруп
коюптур. Анын ачылышы жана бар экендигин туюнуу,
бизди, Кудайдын кудуретинин жабык сырларына, мүмкүн
катары жакындатат. Менин жолум болуп, буга чейин
билинбей келген бул рефлексияны эксперимент жолу
менен таап чыктым жана муну мен адам баласынын
эволюциясын өркүндөтүүдөгү жаңы мүмкүнчүлүк катары
карайм.
Мына ошондуктан мени кулак салып угуп коюунузду
Сизден башымды ийип суранам, касиеттүү ата!
Дагы кайталайм, мен улуу ачылыш жасадым. Анын
акыркы натыйжасы адамзаттын мындан аркы жашоосуна
таасир этери шексиз. Мен өзүм жөнүндө ушинтип көтөрө
чалып айтууга мажбур болуп жатам, анткени мен
жетишкен ачылышты баалоого азырынча эч кимдин
кудурети жетпейт. Анткени эч кандай аналогсуз бул
ачылыштын эмне экендиги жөнүндө эч кимдин түшүнүгү
жок.
Адам түйүлдүгү курсакта өнүгө баштаган алгачкы
жумаларда келечектеги жашоодо аны эмне күтүп
турганын сокур сезим менен билүүгө жана келечекки
тагдырына өзүнүн мамилесин билдирүүгө жөндөмдүү деп
мен ишенимдүү айта алам. Эгерде бул мамиле жаман
болсо, анда келечекте жарык дүйнөгө келүүгө
эмбриондордун каршылыгы пайда болот.
Мен туулууга карата өзүнүн бул жаман мамилесин
билдирүүчү түйүлдүктүн белги-бетесин таптым. Бул
белги-бете боюна бүткөн аялдын маңдайында кичинекей
сепкил так түрүндө пайда болот. Мен бул такты
Кассандранын тагы, ал эми негативдүү белги берген
түйүлдүктү —кассандро- эмбрион деп атап койдум.
Келечекке өз мамилесин билдирүүчү жана кырсык
белгисин берүүчү укмуштуудай жөндөмдүүлүк адамдын
эмбрионунда бойго бүткөндүн алгачкы жумаларында гана
students.com. kg 16болот. Андан соң мындай жөндөмдүүлүк өчүп жок болот,
бул уруктун акырындап аны күтүп турган жазмышка
моюн сунгандыгы менен байланыштуу.
Алдыда болуучу жашоону кассандро-эмбриондун
кабылдабагандыгы, сөзсүз, адам баласы пайда болгондон
бери келе жатат. Бирок айрым кош бойлуу аялдардын
мандайындагы сепкилдүү такка эч ким эч качан маани
берген эмес жана азыр да маани бербейт. Мен мындай
тактын маанисин чечмелеп гана тим болбостон, аны
даанараак, байкапарлык кылып көрсөтүү жолун да
таптым. Ал үчүн мен нурландыруунун сеансын жүргүзөм,
космостон Жерди көздөй тапкыч-нур жиберем. Орбиталык
модулдан жиберилген тапкыч-нур эненин курсагындагы
кассандро- эмбриондун жандануусун күчөтөт. Ошондо
кишилер мурда ысык деп жүргөн кичинекей сепкил-так
тапкыч- нурдун таасири астында өчүп жана баштайт.
Тапкыч- нур атмосферада көзгө көрүнбөйт, организмге
таптакыр зыяны жок. Аларды мен космостон дээрлик
бардык континенттерге, бүткүл планетага жиберип турам.
Мындай нурландыруунун максаты — кассандро-
эмбриондорду текши таап чыгуу. Эмбриондордон
«космостук жооп алуу» жүргүзүлөт. Кассандро-эмбрион
жиберген жооптун маңызы болжол менен төмөндөгүдөй:
«Эгер эрк өзүмдө болсо, мен туулбай коюуну артык көрөр
элем. Силердин суроонорго жооп кылып, мен белги берем,
силер андан мени, менин жакындарымды да, келечекте
тагдырдын оор жазмышы, бөөдө кырсык күтүп турарын
чечмелеп биле аласыңар. Эгер силер ал белгилерди
чечмелей ала турган болсоңор, анда билип алгыла, мен,
кассандро- эмбрион, эч кимге артык жүк болбой, туулбай
туруп, туна чөгүүнү артык көрөм. Силер сурадыңар — мен
жооп бердим. Менин жашагым келбейт. Бирок менин
эркиме койбой, жарык дүйнөгө келүүгө мажбур болсом,
анда мен, бардык эле адамдардай, маңдайыма кандай
students.com. kg 17тагдыр жазылса, аны дал ошондой кабыл алам. Эмне
кылуу керек — аны өзүңөр чечкиле, барыдан мурда мени
боюна бүтүрткөн менин энем чечсин. Ага чейин менин
айтканымды угууга жана түшүнүүгө аракет кылгыла. Мен
—кассандро- эмбрионмун! Менден кутулуу али кеч эмес,
мен ага даярмын. Мен, кассандро-эмбрион, дагы бир топ
күн силерге белги берип турам. Мен, кассандро-эмбрион,
туулгум келбейт, келбейт, келбейт... Мен — кассандро-
эмбрионмун! »
Кассандро- эмбрнондун берген белгисин мындай
чечмелөө, албетте, ар бир айрым учурдун өзүндө эч кимди
эч нерсеге милдеттендирбейт. Боюна бүткөн аялдын
маңдайындагы өчүп-жанган Кассандранын тамгасы көп
узабай оңо баштайт, анан изсиз жоголот. Эгер унутуп
таштагысы келсе, эч нерсе жөнүндө ойлобой, ийинин
куушуруп тим болсо баары унутулат да калат...
Бирок илим ийинин куушуруп гана тим боло албайт.
Космостогу компьютерге келип түшкөн статистикалык
эсеп кассандро-эмбриондордун саны жыл өткөн сайын
арбып баратканын маалымдап турат.
Көзгө көрүнбөгөн кырсыктын минтип өөрчүп
баратышынын — эмбриондордун жашоонун агымынан
баш тартууга, түп оту менен жок болууга, жашоо үчүн
күрөшкө кирбөөгө даяр тургандыгынын, — себеби эмнеде
жана мунун арты кандай болмокчу? Биздин күнүмдүк
пендечилик тажрыйбабыздын чегинен сыртта жаткан
мистиканын стихиясынан сабак алуунун кереги барбы
деги? Бар болсо жаңыдан пайда боло баштаган
организмдин коркунучун сырттагы реалдуу турмушка
сыйлыгыштыруу туура болобу? Эненин жатынындагы
уруктун өз келечегин көз ачыктык менен сезишинин
башкы себеби дал ошол реалдуу турмуштун өзү эмеспи?
Эне — бул өзүнчө бир дүйнө. Демек урукка сыртта курчап
турган чындыктын кейиштүү таасирлеринин аргасыз
students.com. kg 18өткөрүүчүсу дал ошол эненин өзү болуп жүрбөсүн?
Мына ушул суроолордун баардыгы жоопту талап
кылат.
Сөзүмдү улантардан мурда, мен мындай кырдаалда
эмне үчүн Сизге, римдик-католиктик чиркөөнүн
башчысына, кайрылып жаткандыгымды түшүндүрүүгө
аракет кылайын, азырети улугум.
Сизге, пайгамбарга тете жанга кайрылып
олтурганымдын себеби, Сиз Иисус Христостун жердеги
өкүлү, ыйык Петрдун ордун басуучусуз, Сиз ушундан
улам, дүйнөлүк кадыр-баркка ээсиз, бул турган иш, бул
эле эмес, Сиздин инсандык касиетиңиз Жер жүзүндө
жашаган көп сандаган адамдардын нравалык
ишенимдерин жана руханий асыл дөөлөттөрүн өзүнө
камтып турат. Ошентип, Сизге кайрылуу менен мен
өзумдүн бардык замандаштарыма, ким билет, мүмкүн,
биздин келечектеги муундарга да кайрылып жатам.
Албетте, Сиз менин бул кайрылуумду орунсуз деп,
өктөмдүк жана башка, жана башка деп саноого акылуусуз,
бирок кандай болгон учурда да жогоруда козголгон
«эмбриондук пессимизм» проблемасын кароо
Жараткандын эркинин — төрөлүүнүн купуя сырларынын
— кереметин католиктик түшүнүү деген талуу теманы
аргасыздан камтып өтөт...
Мен католик эмесмин, бирок бул жагдай менин
католик динин жан дилимден сыйлаганыма шек келтире
албайт. Менин түшүнүгүмдө баарынан өйдөсүнүп
текеберленген кандай дин болбосун, асман ар түркүн
парандалар оболоп учуу үчүн мейкиндик болуп кызмат
кылган сыяктуу, ар түркүн үндөрдүн үн алышып
жаңырышы үчүн кызмат кылат... Ушул мааниден алганда
мен католик асманынын үстүнөн учуп өтүп бараткан куш
болуп калсам өзүмдү бактылуу сезер элем...
Ооба, мен дайыма ичимде католиктик ыймандык-
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 16:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

этикалык догмаларды жактырып келгем, алардан
турмуштун логикасына төп келген, ошондуктан универсал
мааниге ээ, бардыгы үчүн жалпы кабылдануучу
нормаларды тапчумун. Бөтөнчө биздин жан дүйнөбүздү
күмөн санатып, санааркатып, такай кыйнап келаткан нерсе
жөнүндө — аборт маселеси жөнүндө — сөз болгондо.
Консерва банкасын ачкан сыяктуу эле көнүмүш иш болуп
калган ушул чечкиндүү акция биз үчүн ар качан
тагдырдын азаптуу көрсөтмөсү болуп жаткан жокпу —
демек адамдын бар, же жок болушу ушунчалык жөнөкөй,
ушунчалык оңой-олтоң чечишет экен да! Анын туулушу,
же туулбашы, жашашы, же жашабашы ушинтип чечилет
экен да! Баары ар кандай себептерге, караманча
турмуштун оомалуу-төкмөлүү жагдайларына
байланыштуу. Көп эле кишилерден мында кудайдын эмне
тиешеси бар? — деп айткандарын угам. Мында Кудайдын
тиешеси жок. Кудай жарык дүйнөгө жашоо берди. Андан
аркысынын баарын биз, адамдар, өзүбүз билебиз —
урукту сактайбызбы, же жок кылабызбы — эрк өзүбүздө.
Мына ушул көпчүлүктүн басылбаган талаш-тартышында
абортко таптакыр тыюу салууну жактаган католик
чиркөөсүнүн позициясын мен туура көрөм, мен аны
жашоонун эң баштапкы жаралгандагы ыңгайына ылайык
келет деп айтар элем, анткени ар бир кымындай
түйүлдүктө, ар бир кайра жакыланып туруучу вариантта
түбөлүктүүлүктүн кыймылынын кайталангыс шифры бар,
ар бир туулган макулук өзүнө окшогон макулукту жаратуу
менен мезгилдин агымында кодго салынган, жана ушунун
баарын Жараткан башынан аалам түзүлүшүнүн
конструкциясына киргизген...
Ооба, мына ушундан улам католиктерди коштоп,
аборт Кудайдын ой-тилегин түз эле бузгандык болуп
саналат деп эскерткиң келет. Аборт—бул атайлап киши
өлтүргөнгө тете зомбулук акт, аборт «Өлтүрбө! » деген эң
students.com. kg 20биринчи осуятка, Тоораттагы «Тукумдагыла жана
көбөйгүлө! » деген батага түптүз карама-каршы экендиги
жөнүндө көп ирет айтылган.
Албетте баары ушундай. Бирок башка позиция да бар
да. Боюнда бар аял эмне кылса өз эрки, же түз эле
үгүттөөчү — адамдын жана коомдун кызыкчылыгы үчүн
имиш эч бир олку-солку болбой туруп аборт жасатуу
керек, деген сыяктуу сөздөр бардык жерде айтылбай коюп
жүрөбү. .. Анан калса жаңы гана бойго бүткөн макулуктун
болочок тагдыры күн мурунтан аны күтүп турган
дүйнөдөгү кайгы-касиреттер менен жакырчылык жана
оору-сыркоо, зордук-зомбулук, ыпыластык жана кордолуу
менен шартталса ага каршы бир нерсе деш да кыйын...
Ошондуктан аялдар жүрүшүнүн катышуучуларынын
көкөлөтө көтөрүп алышкан «Менин курсагым — меники!»
деген сыяктуу транспаранттары түз эле: «Баарыңар менин
балакетимди алгыла!» дегенди билдирип турса да, эч
кимдин дене боюн дүркүрөтпөйт, ошол эле сыяктуу, ичип
кеткен кош бойлуу аялдардын уят-сыйытка карабай, дагы
ичем, иче берем, эртеңки күнү мынабу ыплас, арам тамак
шүмшүктү боюман алдырып салам да, көңүл ачам, ойноп-
күлөм — жыргайм, башканын мага кылча кереги жок...
Силердин кудайыңар мага эмне болуп калыптыр,
силердин күнөкөрчүлүгүңөр менен менин эмне ишим
бар?! Баары мага түкүрүштүбү, мен да баарына
түкүрдүм! .. деп жалжалактаганы да эч кимди
жийиркентпейт. Ошентип келечектеги адамды акыр-
чикирден бетер бир заматта ыргытып жиберип кете
беришет. .. Ошентип катаал логикага баш ийдирилген аны
актоочу көптөгөн шылтоолор бар.
Баланын төрөлүшүнө массалык түрдө каршы чыгуулар
жер-жерлерде улам арбып баратат, алар парламенттерде
декларациялар менен демитип, феминисттик
кыймылдарда, аянттарда, көчөлөрдө, эл топтолгон
students.com. kg 21жерлерде ызы-чуу түшүшүп, көкүрөктөрүн катуу
койгулашып, кызыл чеке болушууда... Көп өлкөлөрдө
тукум улоо, же улабоо эркиндиги талап эле кылынбастан,
жулуп алынган. Бул жашоонун жарга камалганы эмей
эмне?
Ошол эле учурда бардык жерде таш боор тагдырдын
ташкынына ташталган кош бойлуу аялдардын көргөн күнү
белгилүү. Алардын боюндагы балдарынын кимге кереги
бар? Африканын ээн чөлдөрүндө да, жаркыраган
шаарлардын көчөлөрүндө да көпчүлүгү, өтө көпчүлүгү
ушинтип ойлошот. Зарылчылык менен мүмкүнчүлүктүн
ортосундагы туңгуюк улам тереңдөөдө. Анан ошол эле
учурда. .. Анан ошол эле учурда биз туура жашап
жатабызбы, адам баласы тукум курут болбос үчүн колдон
келгендин баардыгын жазап жатабызбы — жокпу? деген
суроолор жана сары санаа биздин жаныбызды жай
алдырбай келатат.
Бирок Жер жүзүндө бактылуу боло албаган соң тукум
улоону токтотсокпу, же буга тиешелүү бир санкция
чыгарылган болсо, башка планеталарга кетип калсакпы —
ушинтип санаага батып кыйналып, көңүл зилдеп ыйлактап
качанга чейин жүрүүгө болот? Арга түгөнгөнү ушул да!
Булар жөнүндө көп айтылган, талаш-тартыштын
тарпы чыгып бүткөн, баарынын мазохизмдин мазасын
көрөйүн деген көзү жок болуп калган; мен болсом
Асмандан түшө калгансып, ушунун баарын кайрадан
айтып олтурам. Мен Сиз аркылуу адамзатка кайрылууга
аргасыз болдум, анткени баарыбыздын башыбызга буга
чейин белгисиз жаңы балаа түшүп олтурат: эмбриондор
бизди жалынып жардамга чакырып жатканын уктук, эми
бул жөнүндө ойлонбой коюуга болбойт!
Бул, мүмкүн, балаа эле эмес, адам баласынын мындан
аркы жолун көрө билүүчү бизге жогору жактан
жиберилген рухтун жаңы сыноосу дагы. Бирок бул
students.com. kg 22белгисиз жол бизди каякка алып барат? Бизди алдыда
эмнелер күтөт. Биздин ичибизде туруп алып, биз жөнүндө
кыйкырып жаткан кассандро-эмбриондордон кайда качып
кутулабыз?
Биз ойго кирбеген тунгуюкка туш болдук. Дүйнөнүн
ала салчу маалы келди... Чындыктан четте жашай алар
бекенбиз?
Адамзат үчүн, ал көрүп-билип жүргөн Күндүн
жанында капысынан дагы бир экинчи Күндүн пайда
болушу кандай укмуш күтүүсүз кубулуш болсо, дал
ошондой күтүүсүз кубулуш болуп көрүнүүчү мен ачкан
кубулушту, эгер керек деп эсептесеңиз, Сиз айкын-ачык
баалашыңыз үчүн ушул кат менен өзүңүзгө кайрылып
олтурам, Касиеттүү ыйык ата...
Менин санаам ордунда эмес. Станциянын оптикалык
жабдуусу мени Жерге ушунчалык жакындатат дейсиз,
жердеги турмушту кабыл алууда ортодогу аралык эч
кандай роль ойнобойт десе да болорлук, бирок ошентсе да
жан катары — мен космостомун. Анан адамзат иштин
чыныгы абалын капысынан түшүнгөн ушул учурда мен
биздин күнөөгө баткан Жерибизде, эл арасында болууну
каалар элем. Бирок менин милдетим—постто туруу. Мен
орбитада, илимий станцияда болууга милдеттүүмүн,
анткени мен, космостун монахы Филофей, өзүмдүн жасап
жаткан иштеримдин толук жоопкерчилиги, тактап
айтканда, кассандро-эмбриондордун флюиддерин таап
чыгууга багытталган тапкыч-нурлар менен нурландыруу
сеанстарын кылчактабай жана системалуу түрдө өткөрүп
жаткандыгымдын толук жоопкерчилиги, менин мойнумда.
Кассандранын тамгасын көрүнөө болууга азгырган
нурландыруунун мен иштеп чыккан усулу — менин
абийримдин иши.
Жердегилердин буга болуучу жообу мени катуу
түйшөлтөт. Адам мындай кубулушка эч качан кабылып
students.com. kg 23көргөн эмес. Адам эми өзү менен ичинен кагылышат.
Мен кишилердин психикалык абалынан корком.
Келечектеги энелердин маңдайындагы бүлбүлдөгөн
кенедей нокот эмне экендиги билингенде, баарынын
оозунан сөзү түшүп, дал болушат.
Пендечилигим мойнума минген кезде, эсхато-
эмбриондордун сырын түшүнүү, Кассандранын белгисин,
генетиканын түпкүрундө жашынып жатып, эми гана
табылган, ушул каргашалуу кырсык белгисин таанып-
билүү биринчи болуп дал ушул мага туш келгенине кейип,
ичимден Жараткандан жардам сурап жалынам,
жазмышыма таарынып ыйлайм. Ашынган азезилдин өзүн
көргөн Фауст да мени аяп кетмек. Мен Кудайдан мени ал
деп жалбарып, мага окшогон чабал пендесин бул азаптан
куткаруусун суранам.. Мындай кыйноо эч качан, эч
кимдин башына түшкөн эмес. Бирок эмне үчүн менин
башыма түшүшү керек?
Азырети улугум, мен Сизге кайрылуу менен жасаган
азыркы ишке мени эч ким мажбурлаган жок! Мага
ачылган бул сырды мүмкүн, унчукпай жашырып, көргө
кошо ала кетсем болот беле? Ошенткен болсом аны ким
билет эле, ким мени жемелеп, ким күнөөлөмөк?
Андай болсо кулак уга элек мындай сандыракты эмне
үчүн элге жаям? Элди акылдан адаштыруу, жан-
дүйнөсүнө бүлүк салып, дүрбөлөңгө түшүрүү үчүн, үй-
бүлөлөрдү бузуп-жарып, урпактардын, ал демек, жердин
үстүндө жашоо улантуунун мааниси барбы? деп ойлоно
калган жана акылынан шашкан ар бир адамдын көнүлүнө
күдүк түшүрүү үчүн эмес да? Мындан ары эмне кылуу
керек? Тээ Адам-ата, Обо-энеден бери мурастап келаткан
жашоо калыбынын колдон чыгып кеткен туруктуулугунун
орду эмне менен толтурулат?
Мен көп ирет өзүмө өзүм суроо берип көрдүм жана
көп ирет өзумө өзүм жооп бердим... Кандай жагдай
students.com. kg 24болбосун, кандай ой-максат башка келбесин, эмбриондун
жашырын стихиясындагы мага ачылган сырларды айтпай
коюуга менин акым жок, — анткени, дагы кайталайм,
кассандро- эмбриондордун саны көбөйгөндөн көбөйүп
баратат. Анын себеби—качан болсо адисинен ашып
турган адам жашоосунун ыпластыгын жана кайткыс
өлүмгө бараткандыгын дүйнөлүк аң-сезимдин улам күчөп
сезе баштагандыгында. Кассандранын тамгасы —
энесинин курсагында жатып алып, кыямат кайым болорун
калтырап- титиреп күткөн эмбриондук эсхаттын аянычтуу
үнү. Ушунун өзү анын жашоого умтулуусун өчүрөт.
Анан ущул азыр, биздин мезгилде, постиндустриялык
коомдо, ушуңдай абалды кантип жашырып коюуга болот?
Жок, болбойт, мындай жашырып коюу адамзатка каршы,
өзүбүзгө каршы жасалган кылмыш болмокчу.
Биз азыр өз аң-сезимибиздин жаңы дүр өөрчүшүнүн
босогосунда турабыз, анткени, мындан ары биз, канчалык
каалабаган күндө да, эмбрион келечектеги инсан катары,
башкача айтканда, биздей болуш үчүн, биз — жашоо
жаратар башталыш, биз — доор, биз — инсан, — дегидей
болуу үчүн кандай генетикалык жайда катышсыз калбай
турганына биз көз жумуп кое албайбыз. Ал келечек
жашоосунун деңизинде жылжып кетип бараткан суу
астындагы кайыктын — өз тагдырынын — перискобунан
шүйшүнө карайт. Кассандро-эмбриондун бул
перискобунан биз өзүбүз карап көрсөк болор беле? Биздин
таш-талканыбызды чыгарып жаткан толкундун себеби
өзүбүз болбодук бекен?
Ойлогондон корком: жаралгандагы өз милдетибизден
өзүбүз баш тартканыбыздын кесепети ушул кассандро-
эмбрион болуп жүрбөсүн? Жараткавдын жакшы көргөн
макулугу деп аталган биз ушул абалга жеттикпи?
Эволюцияны али түйүлдүк кезинде ушундай
апокалипсистик жылышка жеткирүү үчүн адамдар эмне
students.com. kg 25иштеп, эмне ойлошу тийиш эле?
Ушунун баары нечен жылдар, нечен кылымдар бою,
компьютердин эстегичине жыйылгандай, канга жыйылып
олтуруп, ушул абалга алып келгендер жөнүндө билдирет.
Бүгүн биздин эмбриондун ушул рефлексиясынын —
Кассандранын тамгасынын — экрандан чагылышын
табууга кудуретибиз жетип олтурат. Ошентип тагдырдын
буйругу менен ошол тамганы табуучу тапкыч-нурларды
космостон дал мен өзүм жиберүүдөмүн. Ошондуктан
бүгүн сөз менде. Ошентип мен, космос монахы Филофей,
айтчуумду аягына чейин айтып калайын. Бул менин
милдетим.
Азырети улугум, Сиздин убактыңызды алып
жатканым үчүн көптөн-көп кечирим суроо менен,
өзүмдүн, мүмкүн көп сөздүү, катымды улантууга рахым
этиңиз.
Кассандранын тамгасы эмне экенин билип туруп, биз
эми мындан ары эмне кылабыз? Муну түшүнүү үчүн,
чынында, ачыктан-ачык эле мойнубузга алышыбыз керек:
пенденин жасаган жамандыгы анын өмүрүнүн аякташы
менен бүтпөй, анын башы менен кошо жатпайт,
генетиканын чытырман токоюнда ууланган урук болуп,
акырындап аракетке кирүүчү минадай, жарылуу үчүн
болжолдуу икс-саатты күтүп жатат.
Баса, акырындап аракетке кирүүчү мина жөнүндө,
өтмө маанидеги эмес, чыныгы мина жөнүндө. Бул
Ооганстанда, советтик аскерлердин чектелүү контингенти
деп аталган аскерлер ошол жакка жиберилгенде болгон
иш. Андагы окуялардын саясий максаттары бизге жакшы
белгилүү, мен болсо согушуп жатышкан келгиндердин
«өлүк» деп аталган азгырыктарды кантип уюштургандары
жөнүндө конкреттүү сөз жүргүзүп жатам. Душмандын
өлүгүн, алдына атайын дүрмөттүү минаны жашырып,
анын кыштагынын чеке-белине көрунүктүү жерге
students.com. kg 26таштайт. «Контингенттиктер» болсо болуучу окуянын
баарын тартып алуу үчүн кинокамералары менен
буктурмада жатышат. Көмүү үчүн өлүктү алып кетүүгө
келген кишилер өлүккө тиер замат мина жарылып,
келгендерди турган ордунда жок кылат. Эң жогорку
сезгичтеги пленкада бардык майда-баратына чейин
акыркы көз ирмем түшүрүлгөн. .. Мына өлгөн ооганга аялы
чуркап келди. Жанындагылар аны кармап калмакчы
болушту эле, бирок көз жашын көлдөткөн бойдон ал
эринин өлүгүнө бой таштады. Ошондо үрөйдү учурган
укмуштуу жарылуу аялды да, анын жанындагыларды да
жер менен жексен кылды. Ошентип кишилер жок болду да
калды. Ушунун баары тартылып алынган. Башка бир
кадрда — үрөйлөрү учкан балдар. Алар жерде сулап
жаткан атасын көздөй ботодой боздоп чуркап келишти
эле, дагы баягыдай жарылуу кызыл-жаян болгон
денелерди туштушка чачыратты... Жол боюнда жайрап
жаткан өлүктөн жандап өтүүгө дити барбаган жолоочунун
бири. Аттан түштү, бул ким болду экен деп эңкейип
ийинден кармап, оодармакчы болду, дагы көз уялта жалын
чачкан жарылуу. Дагы баягыдай өлүм. Башы жара
бөлүнгөн ат үркүп, капталы менен сорок-сорок чуркап
жөнөйт, анан кулап түшүп, буттарын дирт-дирт серпет да,
кыркырайт. Ушунун баары тартып алынган... Ошентип
«өлүк» азгырыгын уюштуруу боюнча опреациянын эң
кызыктуу жерлери тартылып алынган. Анан ушундай жол
менен тартылган нерселер күжүрмөн тапшырманын
аткарылышы катары эсептелип, кайсы бир штабдарда
татыктуу түрдө баалануучу. Пленканы карап көрүшкөн
кайсы бир кишилер тартылып алынган эпизоддордон
өздөрүнүн көрсөтмөлөрү менен максаттарынын ишке
ашырылгандыгын көрүштү. Бирок экрандагы окуяларды
кесипкөйчүлүк канааттануу менен карагандар, булар
кимдер? Анан да жасаган иштеринин натыйжаларын
students.com. kg 27кинопленкага тыкандык менен жазып алып, өлүмгө
ушундай азгырууну кылмышкерлик менен уюштургандар,
булар кимдер, кайдан келген кишилер? Алардын жетеси
дайынсыз, ата-бабасынын ким экени белгисиз. Өткөн
мезгилдин кумуна сиңген издер боюнча жоромолдоо гана
калат.
Анан суроо туулат: качан болсо пайда гана көздөгөн
жана түгөнгүс боорукерлигин нысапсыз пайдалануу
менен, дилибизде үмүт дубасын кайталап, эң жогорку
гарант катары ишенген, Жараткандын өзүнө дайыма
каршы жашашкан булар кайдан чыккан — бизде даяр
турган жаман жосундардын соолгус генетикалык башаты
кузгундагандар кайдан чыгышты? Кайдан чыгышты?
Алардын тукуму кайдан?! Албетте куру суроо... Бирок ал
жыргагандан берилип жаткан жок. Ушунун баары кайдан
уланып келатат? Же тирүүлөй көмүлгөндөрдүн сөөгүн
үңкүрдө өрттөгөн алгачкы доордун адамдарынанбы, же
адамды кыйнап өлтүрүүдөн өзүнүн садисттик оорусунун
күчүн чыгарган, заары башына тепкен маньяктанбы, же
дагы бир башкасынанбы, анан калса миңдеген жылдардан
бери жыйылып келген караңгылык менен мыкаачылыктын
ошол каргашалуу туңгуюгунда кимден деп болобу; анан
ушул аягына чыккыс тизменин ичинде хан тактысында
ынгыранып олтурган баш кесердин бут алдында ошондой
эле баш кесер жөнүндө, же бизге өз тажрыйбабыздан
тааныш, бийликти канчалык кумарланып, берилүү менен
эңсеген сайын, ошончолук жаалдана революция менен
согуштун отун жагып, балкондордон жана трибуналардан
шаңшыган партиянын жанын сабаган жарчылары жөнүндө
кантип эстебей коесуң.
Кан менен бийлик — эзелтеден жамандыктын үрөнү
өнүп чыгып келаткан гумус ушул... Жамандык жамандык
менен алмашып, үрөнүн кийинки жамандык үчүн таштап
келатат.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 16:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

Бул жагынан бизге көп нерселерди айтып бере турган
доор — сталинчилердин, же тескерисинче,
Гитлерсталиндин доору — көпчүлүгүбүздүн али эсибизде
турганда, шам көтөрүп алып, өткөндөгү өлүктөрдүн
ичинен күнөөлүүлөрдү издөөнүн зарылчылыгы барбы?
Алардын экиден бирге жуурулушкан маңызы адам канын
ушунча агызган экен, дүйнөлүк статистика бир нече
ондогон жылдардан кийин да желмогуздун бир
денесиндеги эки баштын өлбөгөн жерде калуу үчүн бири
биринин алкымына асылган кандуу, дүйнөлүк өз ара
согушка тартылган курман болгондордун санын тактап
биле албай жатышат. Большевизмсиз фашизм болот беле?
Сталинсиз Гитлер, же Гитлерсиз Сталин болот беле?
Айрым-айрым туулушкан, бирок тозоктун босогосунда
киндиктери бир кесилген Сталин-гитлер жана Гитлер-
сталин жөнүндө ойлогондо XX кылымда жашагандардын
төбө чачы тик турат.
Ким билет, жарыкчылыкка же Гитлер, же Сталин
болуп келүү коркунучун сезген кассандро-эмбрион,
келечектеги некрофилдин шордуу түйүлдүгү, Кассандра
тамгасы аркылуу өзүнүн келечекти сезип жаткандыгын
тышкы дүйнөгө жана баарыдан мурда аны курсагында
көтөрүп жүргөн энесине кабарлоого өз учурунда
аракеттенди бекен, келечекте туш боло турган каргашалуу
ролун сезгенде инстинкт менен селт этип, андан баш
тарткысы келди бекен?!
Алар жарык дүйнөгө келбегенде эмне болот эле—
айтуу кыйын... Мындай учурда тарыхты кайра жасай
албайсың деп коет эмеспи. Ошентсе да ал, сөзсүз эле буга
чейинки өткөн мезгилдин эч биринде да болуп көрбөгөн
мыкаачылык менен айбанчылыктын кандуу туу чокусуна
чыгуу үчүн Гитлер менен Сталин чийген кандуу ийри
сызык боюнча өнүгүшү тийиш беле? Кан тырмактуу бул
киндиктеш эки залим миллиондогон адамдарды бири-бири
students.com.kg 29менен кагыштырышты, анан, акыры келип, адамзатты өзү
менен өзүн кагыштырып салышты, ошол мезгилдеги
планетанын калкы алдына өзүн өзү жок кылууну, акыркы
ирет адамды жек көрүүчүлүк иштердин ана башын
көрсөтүп туруп, таптакыр житип кетүүнү максат
кылгандай иш болду. Эгерде тарыхты ушундай каргашага
капталткан бардык себептерди терип айтып олтургубуз
келбесе, анда өз башына сталинизм менен гитлеризмди
кастарлап багып, бөпөлөп өстүргөн ошондогу адамдар,
ошондогу дүйнөлүк аң-сезим, сөзсүз, сөз болуп жаткан
субъекттердин тукум куучулугунда калтырылган,
тирандык зулум комплексти ишке ийгиликтүү ашыруу
үчүн канчалык ылайыктуу болгондугу жөнүндө ойлосо
боло турган иш.
Өттү-кетти бир мезгил. Тарых прогресстин жана
бейпилдиктин орду толгус канча мүмкүнчүлүктөрүн
колдон чыгарганын, адамдар көз ачыктыктын илимий
усулуна ээ болгон болсо, мисалы, Кассандранын тамгасы
аркылуу белги беришкен кассандро-эмбриондор жөнүндө
билишкен болсо, адамдын канча кайгы-касыретин, канча
кырсыктарды болтурбай коюшарын эч ким айта албайт.
Аттигинин, өзүнүн генетикалык структурасында эмне
бугуп жаткандыгын адамзат өтө кечигип билип олтурат.
Мына эми эмбриондордун трансценденталдык
жөндөмдөрүн таанып-билүү жолунда жаңы сөз айтылды.
Бул ачылыштар артынан бизди укмуштар күтөбү? Жок.
Адамзатка күн мурдатан арналган Жакшылыктын
энергиясын жана аны менен катар жана ага каршы
Жамандыктын энергиясын эч ким өзгөртө албайт. Бирок
адамда түбөлүктүүлүктүн түгөнгүс кыймылын камтыган
акыл артыкчылыгы берилген, эгер ал жашоосун улантам
десе, эгер цивилизациянын туу чокусуна жетем десе, анда
ал өзүндөгү Жамандыкты жеңиши зарыл. Анткени адам
өмүрү бүтүндөй ошону жеңем аракети менен өтүп
students.com.kg 30келатпайбы, биздин жаралгандагы милдетибиз да ошол
эмеспи.
Мына биздин өзүбүздө мурда бар экени белгисиз
болуп келген купуя сырдын чети кылтайды. Бул жан-
дүйнөнүн мурда талап кылынбаган мерчемдерине
укмуштуудай сүңгүп кирүү эмеспи?
Ушундайбы, же жокпу — айтуу кыйын, бирок
кассандро- эмбриондордун ачылгандыгы биздин
жашообузга биз мурда кабылбаган бир кыйла
жаңылыктарды алып келет, мен ушуга коомдун көңүлүн
дагы бир ирет бөлгүм келди эле.
Кассандро- эмбриондун берген белгисине кандай жооп
берүү керектигин ким айта алат? Ата-эне эмне кылышы
керек? Кассандранын тамгасын тагдырдын жазмышы деш
керекпи? Же тескерисинче, кол шилтеп басып кетүү
керекпи? Ошентсе болот, анткени боюна бүткөн аял түн
ичинде бейкут уктап жатканда бөтөнчө даана байкалган,
тымызын өчүп-жанган таң калыштуу нокот эки жумадан
кийин өзүнөн өзү өчүп, жок болот. Бүттү, Кудай буюрса,
ошону менен унутулат да калат.
Ооба, мүмкүн, ушинтсе да болот. Бирок баары бир
мезгили жетип, ымыркай жарык дүйнөгө келгенде, ата-
эненин эсине түпшөй койбойт, эстейт. Андан кийин да
эске түшүшү мүмкүн, бала кезинде, эненин тагдырында,
үй-бүлө турмушунда ар кандай катаал кырдаалдар болор,
мына ошондой ар бир учурда чакыртпай келгендердин
эскерүүлөрүнөн жүрөк сыздап, баягы жылт деп жок
болгон так жөнүндө ар кандай ойлор башка келип,
аргасыздан суроолорду туудурар. Кызык, эмне үчүн
жанагы белги алардын баласына, анын баласына келди,
деп ойлоор. Ошондой белги башка энелерде да болду
бекен, а эгер болгон болсо алар да аны өздөрүнөн жана
өзгөлөрдөн жашырышат болду бекен, ал кандайдыр бир
сырдуу нерсе катары аны эстебөөгө, унутууга
students.com.kg 31аракеттенишет болду бекен? Мүмкүн эмнегедир баланын
да андан шек-шыбаты болуп жүрбөсүн, мейли бул бир
көргөн түштөй бүдөмүк, анын сокур сезиминде болсун,
анан дегеле ал баланын кулк-мүнөзүнө кандайдыр бир
таасир этет болду бекен?
Бирок бул суроолор менен шектенүүлөрдүн алгачкы,
бери гана жактагысы. Тээ алыскы горизонтто алар арбын
жана алда канча татаал. Мындай учурда ата-энелер өздөрү
жөнүндө, өздөрүнүн түздөн-түз, же кыйыр күнөөлөру
жөнүндө ойлошпойт дейсиңби? Мүмкүн баарына алар,
аялы, эри күнөөлүүдүр? Мына эң кыйыны ушул, анткени
өзүн өзү күнөөлөөдөн өткөн азап жок. Мына ушул жерде
санааны санга бөлгөн суроо туулат: эмне таасир этиши
мүмкүн, ошончодон алардын түйүлдүгү кырсык белгисин
бергенин кандай түшүнүүгө болот, — ата-энелер мына
ушуларды ойлошот. Анан кандайдыр бир себептер менен
эмбрионго таасир эткен ар кандай факторлордун катарына
биологиялык башталыш катары өздөрүн эле эмес,
өздөрүнүн тиричилигине, коомдогу турмушуна
тийиштүүнүн баарын: өздөрүнүн социалдык абалын,
дооматын, амбициясын, ишенимин—иши кылып
адилеттиги кайсы, адилетсиздиги кайсы, жакшысы кайсы,
жаманы кайсы жана башка, жана башка жашоо
түшүнүктөрү келип чыккан адамдын турмушун шарттаган,
калыптаган жана капсалаңга кабылткан нерсенин баарын
— кошо берерин элестетүү кыйын эмес.
Жашоо-тиричиликтеги ар кандай көрүнүштөрдүн буга
окшогон өз ара байланышы уруктун түйүлүшү Мейкиндик
менен Мезгилдеги башкы окуя экендигинен, бул
жаратылыштын архетибиндеги байлаган тарыхтын мөмөсү
экендигинен келип чыкты.
Кассандро- эмбриондун ички туюму өтө курч, доорду
алдын ала сезүүсү бөтөнчө. Ошондуктан анын
импульстарын баамдап түшүнүү — бул баарыдан мурда
students.com.kg 32биз тышта жана ичибизде баш-аламан куруп алган
дүйнөнү биз өзүбүз баамдап-түшүнүү үчүн себеп. Бул
жагынан алганда Кассандра тамгасы, мүмкүн, чындыктын
маңызына жаңыдан сүңгүүгө, мурда биз жетүүгө мүмкүн
болбогон нерсени талдоого түрткү катары Жараткандын
эрки менен болгон ачылыштыр. Ошентип ар бир адам
өзүнүн түшүнүгүнө жана ыкласына жараша жыйынтык
чыгарууга акылуу.
Ушул азыр ошол укуктан пайдаланып, мен дагы,
космостук монах Филофей, орбиталык станцияда олтуруп
алып жана ал жактан байкоо жүргүзүү менен, айтып
жатам. Жердегилерге кайрыламын. Бизге Жараткан
тартуулаган жашоонун изделип келаткан маңызынын
урматына, биз жашап турган дүйнөгө кассандро-
эмбриондун алгачкы жакындоосунда эсхатологиялык
комплекс эмне пайда кылары жөнүндө ойлонолу.
Бул жагынан түрлүү жоромолдор болушу мүмкүн. Ал
менде да бар. Космостук станциянын өтө жогорку
деңгээлдеги мүмкүнчүлүгү мага ар кандай мезгилде ар
кайсы континенттерден жиберилип турган телевизиондук
берүүлөрдү кабылдоого мүмкүндүк берет. Оптикалык
приборлор Жер жүзүндөгү болгондордун бардыгын ар
кандай нокоттордон жана ар кандай ракурстардан көрүүгө
мүмкүндүк берет. Менин көз алдымда жердегилердин
күнүмдүк турмушунун панорамасы — ал мен аны жерде
туруп карагандагыдан алда канча кенен. Мен жөн гана
сонундук үчүн байкоо жүргүзгөн жан эмесмин; менин
программам космостук-жердик программа, мен бул сөздү
айтуудан чочубайм, азыркы жана келечектеги адамзат
алдында улуу милдетти мойнуна алган экспериментчимин.
Бул жөн эле сөз эмес, бул чындыгында эле ошондой.
Ошондуктан болгон чындыкка жооп бербечү бир да сөз
айтууга мен өзүмө жол бере албайм. Менин
изилдөөлөрүм, жан-дүйнөбүздө биз өзүбүз жасап жаткан

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 16 Август 2014 - 16:45

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 16:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

акыр заманды алдын ала эскертүүгө багытталгандыгына
ишенемин. Мен, түбөлүк бизди бийлеп алган өзүмчүлдүк
менен сопусунуучулуктун айынан өзүбүз өзүбүзгө айта
албай келгендерди жарыя кылгым келет.
Мен Кассандра тамгасын системалуу таап чыгуу
боюнча эксперимент жүргүзөм, аны эч нерседен капары
жок аялдар билишпейт. Бул бардыгы жаандын алдында
жалпы калгандагыдай нерсе. Жанагы тапкыч-нурлар
саламаттыкка кылдай зыян келтирбесе да, кишилерди
санаага салып жаткандыгымды ойлогон сайын жаным жай
таба албай кетет.
Космостук «талапка» жооп катары кассандро-
эмбриондун берген белгиси даана көрүнгөн учурда мен
аларды санаадан алакчылай албайм. Бул тагдыр, андан
кутулуу мүмкүн эмес. Бул тагдыр ар адамдын керт
башына таандык болуп туруп, ошол эле учурда бардыгын,
бүтүндөй коомду кучагына алат, анткени бул балаанын
себеби — дүйнөлүк, ушуну түшүнүп алуу маанилүү.
Кааласак да, каалабасак да кассандро-эмбриондор
менен Кассандра тамгасы — чынында эле бар.
Ошондуктан мен, Жердегилерден буга туш боло
тургандарга, же эбак туш болгондорго жаным кейүү менен
бул жөнүндө ачык жарыялап, космостук изилдөөлөрүмдү
жолдон чыкпай уланта берем. Адамдар өздөрү жөнүндөгү
чындыкты билүүлөрү тийиш. Кудай алдында менин
милдетим ушул. Бирок ушул жерде менин азаптуу сары
санаам башталат, ыйык ата, алар жөнүндө мен айтпай кое
албайм, ошондуктан да аларды ортого салын жатам.
Кайталаймын, сырын ачкан жана жарыя кылган
(жарыя кылууну өзү суранып жатпайбы! ) кассандро-
эмбриондордун алдында да, аны боюна бүтүрткөн эне
алдында да жоопкерчилик мойнумда экенин түшүнөм,
анткени ал Кассандра тамгасынын маани-маңызын
билбеген болсо, бейкапар жашай бермек.
students.com. kg 34Ал турмак азыр да, мына бул компьютерде саптарды
жүгүртүп терип жатканымда да жаным кыйналууда,
ушундай иш жасоого акым барбы деген ой менн сары
санаа кылат.
Орбиталык кораблдын ичинде туш тарабымды
каранам, абасыз салмаксыздыкта компьютерден окчун
түртүлөм, өзүмдун ачылышым жөнүндө бүт дүйнөгө жар
салгандыгымдын тууралыгына ички ишенимимди сактай
турган, мени алаксыта турган бир нерсе издеп, көздөрүм
алаңдайт, аңгыча көзүм станциянын корпусунун эки
тарабындагы телеэкрандарга урунат. Экрандардын баары
жаркырайт, ар кайсы өлкөлөрдөн, ар кайсы тилдерде
телеберүүлөр жүрүүдө. Мына жердеги жашоо, бүтүндөй
маани-маңызы жана кайталангыс сан түркүндүгү менен
кайнап жатат: рекламадан тартып, спортко чейин, сот
репортажынан тартып, официалдуу адамдын аэропортто
жолугушуусуна чейин жана башка ушул сыяктуу.
Мына ушул глобалдуу пейзаждын ичинен менин
көңүлүмдү кандайдыр бир ызы-чуу түшкөн, делебеси
козголгон көчөдөгү демонстрация бурду. Анан эмнегедир
полицейскийлер, алар арбын, ошол нааразылык билдирген
демонстранттар менен бирге келатышат. Көчөлөрдүн
баары тосулган, бардык жактан, ошону менен бирге
төбөдөн да тартылып алынууда, ачууланган үндөр угулат.
Окуя болуп жаткан жерден сүйлөп жаткан репортердун,
студиянын дикторунун үнү көчөнүн ызы-чуусунан жана
кыйкырыктарынан үзүл-кесил угулат. Бул кайда болуп
жаткан окуя? Сыягы, Италия. Ушунча алыс болуп туруп,
ушунчалык жакын — баары жаныңдагыдай: оту ойногон
көздөр, катуу-катуу жаңсалган колдор, ачуулана сүйлөгөн
адамдар. Ооба, Сицилия экен. Шашылыш жаза салынган
транспаранттар.
Ошол экен! Баягы мафия! Баягы террористтер! Бул жолу
башкы сот өлтүрүлүптүр, прокурордон кийин! Баарын
students.com. kg 35каратып туруп, жүзү каралык менен аеосуз өлтүрүлүптүр.
Көчөнүн эл жүрүүчү кыймыл кайнаган бөлүгүндөгүнүн
баары — сот өзүнүн сакчылары менен автомобилде өтүп
бараткан ошол каргашалуу маалда ошол жерде
болгондордун баары — алыстан башкарылган жардыруу
менен быт-чыты чыгарылган жана өрттөлгөн.. Баары
«кынтыксыэ» жана бүт элдин көзүнчө иштелген.
Аргасы түгөнгөн демонстранттар. .. Дарыядай агылат.
Бирок алардын каршы чыгышканы ким? Элдин бул
массасы эмне кыла алат? Мафиозинин дал өзүлөрү ичинен
буларга күлүп коюшуп, ошол демонстранттардын
арасында жүрүшкөн жокпу? Демонстрация бир, эки
сааттан кийин тарайт, а мафия деген мафия, картель,
синдикат жана ал турсун империя деп сүрдүү аталышып,
өз кызыкчылыктары менен кала беришет. Алардын көзгө
көрүнбөгөн бийлигинин алдында бүтүндөй өлкөлөр,
мафиянын колониялары бар!..
Демонстранттар баратышат... Аңгыча алардын
төбөсүндө капысынан зуулдап вертолет пайда боло калды
да, баракчаларды топ-тобу менен таштап, дароо
имараттардын далдасында жок болду. Бул менин көз
алдымда болуп өттү. Кишилер баштарына жааган
баракчаларды кармап алышууда. Баракчаларда ажал
белгиси — баш сөөк менен кайчылашкан жиликтер...
Мафия жамынып-жазганбастан өлүм жөнүндө кабарлап
жатат. Баарына өлүм, мафияга каршынын баарына өлүм!
Эл дуу жарылып нааразычылык билдирди. Көбүнүн
көздөрүндө жаш. Полиция формачан, башындагы
береткасы бир жагына ооп, галстугу чечилип кеткен жаш
келинге көз кырым түштү. Видеокамера көтөргөн полицай
аял, түрүнө караганда, оперативдүү максатта тартып алып
жатса керек. Ал вертолетту тартып алууга үлгүрдү. Бирок
андан эмне пайда? Мафиози акмак эмес — вертолет
заматта кайра сырдалат, талкаланат, кандай кааласа
students.com. kg 36ошондой болот. Ана анын жардамчылары микрофондору
менен. Алар бир нерсе жөнүндө кызуу сүйлөшүүдө. Мен
аларды түшүнөм. Мафиянын колунан жыл сайын дүйнө
жүзүндө канча полицейский ажал табат! Булардын
башында да ошол коркунуч бар. Жаш келиндин башында
да ошол. Бирок мен эмнени көрүп турам: анын ачык
маңдайында баягы так — Кассандра тамгасы! Ооба,
ушундай болмок! Мен бул кадрды жакындатып чонойттум
да, жаңылбаганыма ишендим. О Жараткан, азыр анын,
полиция кызматчысынын, башка нерсе менен иши жок
болсо да, азыр өзү демонстранттар менен бирге каршы
туруп жаткан анын дүйнөнү тереңден кабыл албоосу анын
болочок баласына өткөнүн ал билер бекен. Тигине,
кырсык белгиси анын маңдайында. Ооба, тапкыч-нурларга
кассандро- эмбриондордун жооп реакциясын аныктоо
боюнча менин орбиталык сеанстарымдын биринин
практикалык натыйжасы ушул.
Мен эгер ушул, же башка бир кассандро-эмбрион
буйрук менен жарык дүйнөгө келсе, анда дал ошол эң бир
укмуш кылмышкерлердин бири болушу мүмкүн деп
ойлонуп олтурам. Көп адамга, бүткүл коомго ал
жаманчылык жана бактысыздык алып келет, кылмыш
ишине, бардыгынан тышкары, туулгандан кекчилдиктин
бугуп жаткан комплекси ойгонгон себептен барат — аны
жарык дүйнөгө келүүгө мажбурлашпадыбы, аны ушул
дуйнөнү кабылдоого мажбурлашпадыбы! Кийин ал өзүнун
карында жаткандагы турмушунун катаал башталышы
жөнүңдө эч нерсе эстебейт, бирок кекчилдиктин
комплекси коркунучтуу өнүм берет. Жакшы, эгер жолу
болсо, эгер ал, жаңы туулган кассандра, кийин анын терс
генетикалык кемтигин калыбына келтирүүчү, аны жоюучу
чөйрөгө туш болсо, жамандыктын өнүгүшү үчүн эч кандай
күч жумшоо талап кылынбайт, — таш улам күүлөнүп
олтуруп, тоодон ойго өзү тоголонуп түшкөн сыяктуу,
students.com. kg 37тагдырдын бул аякталышы да өзүнөн өзү тоголонуп кете
берет.
Кассандро- эмбриондордун берген белгилерине кулак
түрө олтуруп, мен алардын келечеги жөнүндө ойлоном
жана аларга боорум ооруйт. Алардан чыгып жаткан
нерселер, — бул бумеранг, бул биздин үзгүлтүксүз баткан
күнөөбүздүн улам күчөгөн коркунучтун импульсуна
айланган биз өзүбүзбүз. Ошондуктан бул белгилерге —
кассандро- эмбриондордун үнүнө — Жерде кулак
төшөлүшү, ал эми алардын чакырыктарынын мааниси
түшүнүү менен кабылданышы тийиш.
Жок, бул өттү-кетти нерсе эмес, сөз түбөлүктүүлүк
жөнүндө баратат. Түбөлүктүүлүк өзүнөн өзү түбөлүктүү,
ал эми адам түбөлүктүүлүккө өзү жетиши,
түбөлүктүүлуктүн кредитин укумдан тукумга узартып
олтурушу тийиш, анын жападан жалгыз жолу — адеп-
ахлак жактан өзүн өзү өркүндөтүү. Прогресс — бар
болгону идеянын техникалык тиркемеси. Керек болсо
бүткүл дүйнөнү жок кылууга даяр турган фанатик
диктатордун колундагы ядролук курал — ошонун ачык
мисалы.
Кассандро- эмбрнондордун берген белгилери
жердегилерди тынчсыздандырар бекен, аларды
генетикалык жактан тамам болуунун, демек, адамзат
цивилизациясынын тамам болушунун кабарчысы катары
кабылдашар бекен?
Айта албайм. Күмөн саноо менен санааркоо ар бир
айрым окуянын чегинде калат жана Кассандранын ар бир
белгиси чечилишин, өз финалын пайда кылат деп
корком. ..
Аялдардын көпчүлүгү — күйөөлөрү каршы боло
алышпас — болуп көрбөгөндөй мындай уруктан тезинен
кутулууга аракеттенишет деп чочуйм. А дегенде эле
алардын акылына келери — эң бир чечкиндүү арга катары
students.com. kg 38— аборт. Бактысыз болору күн мурунтан эле белгилүү
адамды тууп эмне кереги бар?—моралдык актануусу ушул
болору анык. Андайлар жарык дүйнөдө ансыз эле
жетишерлик. Анан аларды, аборт жасаткандарды, ким
күнөөлөй алат?! Ким? Коомбу? Тарыхбы? Моралбы?
Генетикалык коркунуч болуп чөгүп калган каргашанын
башаты —коомдун тарыхында, мораль болсо турмуш
чындыгынын көшөкөр кысымы алдында көп учурда
тайсалдап калат.
Азырети улугум, өз позициямды тактап коюуну
милдетим деп эсептейм. Абортко тыюу салуунун
католиктик тарабынын ишенимдүү жактоочусу болуу
менен, мен, ошого карабай, Кассандра тамгасы табылса
аборт жасатууну ылайык көргөндөрдү так кесер күнөөлөй
албас элем, анын үстүнө иштин мындай бүтүшү
кассандро- эмбриондордун өздөрүнүн умтулууларына да
жооп бермек.
Натыйжада биз өтө татаал карама-каршылыкка
дуушар болобуз. Чечкиндүү аракеттер (аборттор)
маселени чечпейт, тескерисинче, дүйнөлүк аң-сезимдин
өзөктүү проблемаларын тереңдетип жиберет —
түйүлдүктүн эсхатологиялык комплексин пайда кылуучу
себептери козголбостон кала берет.
Болочок эне ойлобой кое албас кыйынчылыктар мына
булар:
—ачарчылык,
—трущобдор,
—оору- сыркоолор, алардын ичинде СПИД бар,
—согуштар,
—экономикалык кризистер,
— социалдык толкундар,
— кылмыштуулук,
— сойкулук,
—баңгилик жана баңги,
students.com. kg 39—этника аралык сабаш, расизм,
— экологиялык, энергетикалык катастрофалар,
— ядролук сыноолор,
— кара тешиктер, ж.б. ж.б.
Ушунун баары колдун иши, ушунун баарын адам өзу
жараткан. Адам башына түшкөн кырсыктардын
масштабдары муундан муунга көбөйүүдө. Мына ошонун
баарына өзүбүз катышып келебиз. Көз ачыктык бизди жар
башына токтотту, Кассандра тамгасы аркылуу өзү
жөнүндө билдирүүдө. ..
Мен дагы бир ирет билдирем, кассандро-
эмбриондордун берген белгилерин аныктоо боюнча менин
космостук изилдөөлөрүм—мындан ары мындай жашоого
болбойт, мындан ары тукумкурут болобуз! — дегенди
тушүнүүгө элге жардам берүүдөн башка эч бир максат
көздөбөйт.
Ар бир адам өзүнөн баштап, башкалар менен
бирдикте, бүткүл адам аттуулар менен бирге кырсыктарды
жана ыпласчылыкты жок кылганда гана турмуштун
перспективасын жаңылай алат. Куру кыялбы? Дале куру
кыялбы? !. Жок, бул кезектеги куру кыял эмес. Бул жандуу
рухтун тирүү калышынын жолу, башка жолу жок...
Кассандро- эмбриондордон дароо кутулууга
аракеттенбей турган, андан баш тартпай турган эр жүрөк
адамдар табыларына ишенем; бул адамдарга алиги
фаталдык белгилер көп нерселерди билдирет: жашоо
ыңгайы үчүн, урпактардын тагдыры үчүн бардыгынын
жана ар бир адамдын жоопкерчилигин, алдыда мурда эч
качан болуп көрбөгөндөй, адамдын өзү менен өзү
күрөшүүсү күтөрүн айтып берет... Андай адамдар жакшы
турмушка жетишет.
Мен буга ишенем.
Эми кыскача өзүм жөнүндө айта кетейин.
Албетте эч ким менин чачымды кыркып, монах
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 16:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

акыр заманды алдын ала эскертүүгө багытталгандыгына
ишенемин. Мен, түбөлүк бизди бийлеп алган өзүмчүлдүк
менен сопусунуучулуктун айынан өзүбүз өзүбүзгө айта
албай келгендерди жарыя кылгым келет.
Мен Кассандра тамгасын системалуу таап чыгуу
боюнча эксперимент жүргүзөм, аны эч нерседен капары
жок аялдар билишпейт. Бул бардыгы жаандын алдында
жалпы калгандагыдай нерсе. Жанагы тапкыч-нурлар
саламаттыкка кылдай зыян келтирбесе да, кишилерди
санаага салып жаткандыгымды ойлогон сайын жаным жай
таба албай кетет.
Космостук «талапка» жооп катары кассандро-
эмбриондун берген белгиси даана көрүнгөн учурда мен
аларды санаадан алакчылай албайм. Бул тагдыр, андан
кутулуу мүмкүн эмес. Бул тагдыр ар адамдын керт
башына таандык болуп туруп, ошол эле учурда бардыгын,
бүтүндөй коомду кучагына алат, анткени бул балаанын
себеби — дүйнөлүк, ушуну түшүнүп алуу маанилүү.
Кааласак да, каалабасак да кассандро-эмбриондор
менен Кассандра тамгасы — чынында эле бар.
Ошондуктан мен, Жердегилерден буга туш боло
тургандарга, же эбак туш болгондорго жаным кейүү менен
бул жөнүндө ачык жарыялап, космостук изилдөөлөрүмдү
жолдон чыкпай уланта берем. Адамдар өздөрү жөнүндөгү
чындыкты билүүлөрү тийиш. Кудай алдында менин
милдетим ушул. Бирок ушул жерде менин азаптуу сары
санаам башталат, ыйык ата, алар жөнүндө мен айтпай кое
албайм, ошондуктан да аларды ортого салын жатам.
Кайталаймын, сырын ачкан жана жарыя кылган
(жарыя кылууну өзү суранып жатпайбы! ) кассандро-
эмбриондордун алдында да, аны боюна бүтүрткөн эне
алдында да жоопкерчилик мойнумда экенин түшүнөм,
анткени ал Кассандра тамгасынын маани-маңызын
билбеген болсо, бейкапар жашай бермек.
students.com. kg 34Ал турмак азыр да, мына бул компьютерде саптарды
жүгүртүп терип жатканымда да жаным кыйналууда,
ушундай иш жасоого акым барбы деген ой менн сары
санаа кылат.
Орбиталык кораблдын ичинде туш тарабымды
каранам, абасыз салмаксыздыкта компьютерден окчун
түртүлөм, өзүмдун ачылышым жөнүндө бүт дүйнөгө жар
салгандыгымдын тууралыгына ички ишенимимди сактай
турган, мени алаксыта турган бир нерсе издеп, көздөрүм
алаңдайт, аңгыча көзүм станциянын корпусунун эки
тарабындагы телеэкрандарга урунат. Экрандардын баары
жаркырайт, ар кайсы өлкөлөрдөн, ар кайсы тилдерде
телеберүүлөр жүрүүдө. Мына жердеги жашоо, бүтүндөй
маани-маңызы жана кайталангыс сан түркүндүгү менен
кайнап жатат: рекламадан тартып, спортко чейин, сот
репортажынан тартып, официалдуу адамдын аэропортто
жолугушуусуна чейин жана башка ушул сыяктуу.
Мына ушул глобалдуу пейзаждын ичинен менин
көңүлүмдү кандайдыр бир ызы-чуу түшкөн, делебеси
козголгон көчөдөгү демонстрация бурду. Анан эмнегедир
полицейскийлер, алар арбын, ошол нааразылык билдирген
демонстранттар менен бирге келатышат. Көчөлөрдүн
баары тосулган, бардык жактан, ошону менен бирге
төбөдөн да тартылып алынууда, ачууланган үндөр угулат.
Окуя болуп жаткан жерден сүйлөп жаткан репортердун,
студиянын дикторунун үнү көчөнүн ызы-чуусунан жана
кыйкырыктарынан үзүл-кесил угулат. Бул кайда болуп
жаткан окуя? Сыягы, Италия. Ушунча алыс болуп туруп,
ушунчалык жакын — баары жаныңдагыдай: оту ойногон
көздөр, катуу-катуу жаңсалган колдор, ачуулана сүйлөгөн
адамдар. Ооба, Сицилия экен. Шашылыш жаза салынган
транспаранттар.
Ошол экен! Баягы мафия! Баягы террористтер! Бул жолу
башкы сот өлтүрүлүптүр, прокурордон кийин! Баарын
students.com. kg 35каратып туруп, жүзү каралык менен аеосуз өлтүрүлүптүр.
Көчөнүн эл жүрүүчү кыймыл кайнаган бөлүгүндөгүнүн
баары — сот өзүнүн сакчылары менен автомобилде өтүп
бараткан ошол каргашалуу маалда ошол жерде
болгондордун баары — алыстан башкарылган жардыруу
менен быт-чыты чыгарылган жана өрттөлгөн.. Баары
«кынтыксыэ» жана бүт элдин көзүнчө иштелген.
Аргасы түгөнгөн демонстранттар. .. Дарыядай агылат.
Бирок алардын каршы чыгышканы ким? Элдин бул
массасы эмне кыла алат? Мафиозинин дал өзүлөрү ичинен
буларга күлүп коюшуп, ошол демонстранттардын
арасында жүрүшкөн жокпу? Демонстрация бир, эки
сааттан кийин тарайт, а мафия деген мафия, картель,
синдикат жана ал турсун империя деп сүрдүү аталышып,
өз кызыкчылыктары менен кала беришет. Алардын көзгө
көрүнбөгөн бийлигинин алдында бүтүндөй өлкөлөр,
мафиянын колониялары бар!..
Демонстранттар баратышат... Аңгыча алардын
төбөсүндө капысынан зуулдап вертолет пайда боло калды
да, баракчаларды топ-тобу менен таштап, дароо
имараттардын далдасында жок болду. Бул менин көз
алдымда болуп өттү. Кишилер баштарына жааган
баракчаларды кармап алышууда. Баракчаларда ажал
белгиси — баш сөөк менен кайчылашкан жиликтер...
Мафия жамынып-жазганбастан өлүм жөнүндө кабарлап
жатат. Баарына өлүм, мафияга каршынын баарына өлүм!
Эл дуу жарылып нааразычылык билдирди. Көбүнүн
көздөрүндө жаш. Полиция формачан, башындагы
береткасы бир жагына ооп, галстугу чечилип кеткен жаш
келинге көз кырым түштү. Видеокамера көтөргөн полицай
аял, түрүнө караганда, оперативдүү максатта тартып алып
жатса керек. Ал вертолетту тартып алууга үлгүрдү. Бирок
андан эмне пайда? Мафиози акмак эмес — вертолет
заматта кайра сырдалат, талкаланат, кандай кааласа
students.com. kg 36ошондой болот. Ана анын жардамчылары микрофондору
менен. Алар бир нерсе жөнүндө кызуу сүйлөшүүдө. Мен
аларды түшүнөм. Мафиянын колунан жыл сайын дүйнө
жүзүндө канча полицейский ажал табат! Булардын
башында да ошол коркунуч бар. Жаш келиндин башында
да ошол. Бирок мен эмнени көрүп турам: анын ачык
маңдайында баягы так — Кассандра тамгасы! Ооба,
ушундай болмок! Мен бул кадрды жакындатып чонойттум
да, жаңылбаганыма ишендим. О Жараткан, азыр анын,
полиция кызматчысынын, башка нерсе менен иши жок
болсо да, азыр өзү демонстранттар менен бирге каршы
туруп жаткан анын дүйнөнү тереңден кабыл албоосу анын
болочок баласына өткөнүн ал билер бекен. Тигине,
кырсык белгиси анын маңдайында. Ооба, тапкыч-нурларга
кассандро- эмбриондордун жооп реакциясын аныктоо
боюнча менин орбиталык сеанстарымдын биринин
практикалык натыйжасы ушул.
Мен эгер ушул, же башка бир кассандро-эмбрион
буйрук менен жарык дүйнөгө келсе, анда дал ошол эң бир
укмуш кылмышкерлердин бири болушу мүмкүн деп
ойлонуп олтурам. Көп адамга, бүткүл коомго ал
жаманчылык жана бактысыздык алып келет, кылмыш
ишине, бардыгынан тышкары, туулгандан кекчилдиктин
бугуп жаткан комплекси ойгонгон себептен барат — аны
жарык дүйнөгө келүүгө мажбурлашпадыбы, аны ушул
дуйнөнү кабылдоого мажбурлашпадыбы! Кийин ал өзүнун
карында жаткандагы турмушунун катаал башталышы
жөнүңдө эч нерсе эстебейт, бирок кекчилдиктин
комплекси коркунучтуу өнүм берет. Жакшы, эгер жолу
болсо, эгер ал, жаңы туулган кассандра, кийин анын терс
генетикалык кемтигин калыбына келтирүүчү, аны жоюучу
чөйрөгө туш болсо, жамандыктын өнүгүшү үчүн эч кандай
күч жумшоо талап кылынбайт, — таш улам күүлөнүп
олтуруп, тоодон ойго өзү тоголонуп түшкөн сыяктуу,
students.com. kg 37тагдырдын бул аякталышы да өзүнөн өзү тоголонуп кете
берет.
Кассандро- эмбриондордун берген белгилерине кулак
түрө олтуруп, мен алардын келечеги жөнүндө ойлоном
жана аларга боорум ооруйт. Алардан чыгып жаткан
нерселер, — бул бумеранг, бул биздин үзгүлтүксүз баткан
күнөөбүздүн улам күчөгөн коркунучтун импульсуна
айланган биз өзүбүзбүз. Ошондуктан бул белгилерге —
кассандро- эмбриондордун үнүнө — Жерде кулак
төшөлүшү, ал эми алардын чакырыктарынын мааниси
түшүнүү менен кабылданышы тийиш.
Жок, бул өттү-кетти нерсе эмес, сөз түбөлүктүүлүк
жөнүндө баратат. Түбөлүктүүлүк өзүнөн өзү түбөлүктүү,
ал эми адам түбөлүктүүлүккө өзү жетиши,
түбөлүктүүлуктүн кредитин укумдан тукумга узартып
олтурушу тийиш, анын жападан жалгыз жолу — адеп-
ахлак жактан өзүн өзү өркүндөтүү. Прогресс — бар
болгону идеянын техникалык тиркемеси. Керек болсо
бүткүл дүйнөнү жок кылууга даяр турган фанатик
диктатордун колундагы ядролук курал — ошонун ачык
мисалы.
Кассандро- эмбрнондордун берген белгилери
жердегилерди тынчсыздандырар бекен, аларды
генетикалык жактан тамам болуунун, демек, адамзат
цивилизациясынын тамам болушунун кабарчысы катары
кабылдашар бекен?
Айта албайм. Күмөн саноо менен санааркоо ар бир
айрым окуянын чегинде калат жана Кассандранын ар бир
белгиси чечилишин, өз финалын пайда кылат деп
корком. ..
Аялдардын көпчүлүгү — күйөөлөрү каршы боло
алышпас — болуп көрбөгөндөй мындай уруктан тезинен
кутулууга аракеттенишет деп чочуйм. А дегенде эле
алардын акылына келери — эң бир чечкиндүү арга катары
students.com. kg 38— аборт. Бактысыз болору күн мурунтан эле белгилүү
адамды тууп эмне кереги бар?—моралдык актануусу ушул
болору анык. Андайлар жарык дүйнөдө ансыз эле
жетишерлик. Анан аларды, аборт жасаткандарды, ким
күнөөлөй алат?! Ким? Коомбу? Тарыхбы? Моралбы?
Генетикалык коркунуч болуп чөгүп калган каргашанын
башаты —коомдун тарыхында, мораль болсо турмуш
чындыгынын көшөкөр кысымы алдында көп учурда
тайсалдап калат.
Азырети улугум, өз позициямды тактап коюуну
милдетим деп эсептейм. Абортко тыюу салуунун
католиктик тарабынын ишенимдүү жактоочусу болуу
менен, мен, ошого карабай, Кассандра тамгасы табылса
аборт жасатууну ылайык көргөндөрдү так кесер күнөөлөй
албас элем, анын үстүнө иштин мындай бүтүшү
кассандро- эмбриондордун өздөрүнүн умтулууларына да
жооп бермек.
Натыйжада биз өтө татаал карама-каршылыкка
дуушар болобуз. Чечкиндүү аракеттер (аборттор)
маселени чечпейт, тескерисинче, дүйнөлүк аң-сезимдин
өзөктүү проблемаларын тереңдетип жиберет —
түйүлдүктүн эсхатологиялык комплексин пайда кылуучу
себептери козголбостон кала берет.
Болочок эне ойлобой кое албас кыйынчылыктар мына
булар:
—ачарчылык,
—трущобдор,
—оору- сыркоолор, алардын ичинде СПИД бар,
—согуштар,
—экономикалык кризистер,
— социалдык толкундар,
— кылмыштуулук,
— сойкулук,
—баңгилик жана баңги,
students.com. kg 39—этника аралык сабаш, расизм,
— экологиялык, энергетикалык катастрофалар,
— ядролук сыноолор,
— кара тешиктер, ж.б. ж.б.
Ушунун баары колдун иши, ушунун баарын адам өзу
жараткан. Адам башына түшкөн кырсыктардын
масштабдары муундан муунга көбөйүүдө. Мына ошонун
баарына өзүбүз катышып келебиз. Көз ачыктык бизди жар
башына токтотту, Кассандра тамгасы аркылуу өзү
жөнүндө билдирүүдө. ..
Мен дагы бир ирет билдирем, кассандро-
эмбриондордун берген белгилерин аныктоо боюнча менин
космостук изилдөөлөрүм—мындан ары мындай жашоого
болбойт, мындан ары тукумкурут болобуз! — дегенди
тушүнүүгө элге жардам берүүдөн башка эч бир максат
көздөбөйт.
Ар бир адам өзүнөн баштап, башкалар менен
бирдикте, бүткүл адам аттуулар менен бирге кырсыктарды
жана ыпласчылыкты жок кылганда гана турмуштун
перспективасын жаңылай алат. Куру кыялбы? Дале куру
кыялбы? !. Жок, бул кезектеги куру кыял эмес. Бул жандуу
рухтун тирүү калышынын жолу, башка жолу жок...
Кассандро- эмбриондордон дароо кутулууга
аракеттенбей турган, андан баш тартпай турган эр жүрөк
адамдар табыларына ишенем; бул адамдарга алиги
фаталдык белгилер көп нерселерди билдирет: жашоо
ыңгайы үчүн, урпактардын тагдыры үчүн бардыгынын
жана ар бир адамдын жоопкерчилигин, алдыда мурда эч
качан болуп көрбөгөндөй, адамдын өзү менен өзү
күрөшүүсү күтөрүн айтып берет... Андай адамдар жакшы
турмушка жетишет.
Мен буга ишенем.
Эми кыскача өзүм жөнүндө айта кетейин.
Албетте эч ким менин чачымды кыркып, монах
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 16:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

кылган жок. Мен күкүкчө өз атын өзү чакырган пендемин,
башкача айтканда, шарттуу түрдөгү космостун
монахымын. Өзүмө ысымды өзүм тандап алдым, Филофей
деп койдум, орус жеринде ушундай ысымдагы монахтар
өткөн. Мен космостук коңулга, бекинип, безермандык
жашоону өзүм тандап алдым. Биздин эл аралык экипаж —
америкалык, жапон жана мен (жакынкы убакка чейин
советтик окумуштуу жана космостук лабораториянын
илимий жетекчиси), программасын аткарып бүтүп, жерге
кайтышы тийиш эле, мен орбиталык станциядан чыгып,
бизге жиберилген көп ирет колдонулуучу космостук
«киреге» өтүүдөн баш тарттым. Бул жагдай боюнча мен
билдирүү жасадым да, жеке мамилеге эркиндик берүүнү
талап кылдым. Устараны кекиртегиме такап туруп,
коллегаларымды мени жайыма коюуга мажбурладым.
Ошентип каалаганыма жетиштим...
Орбитада жападан жалгыз калып, изилдөөлөрүмдү
жүргүзүп жатканыма мына 5 айдын жүзү, 137 күн болду.
Станциядагы жашоого зарыл азыктын запасы мага бул
жерде дагы көпкө чейин болууга мүмкүндүк берет. Бирөө
өлбөй бирөө күн көрбөйт, деген сөз чын болсо, анда ал
мага туура келет. Бүткүл дүйнө «солк» дей түшкөн
советтик империянын ыдырашы мага шыпаа болду.
Өлкөдө баш аламандык өкүм сүрүп жаткан чакта мурдагы
советтик жер үстүндөгү кызматтар мен жөнүндө жана
мурда «Восход-27» деп аталчу орбиталык станция
жөнүндө караманча унутуп салышты. Эми көпкө чейин
эстешпейт деп корком, мен эмес, өз айлаларын таппай
калдыбы деп корком; алар, мүмкүн, жаңы мамлекеттердин
ортосунда космостук мүлктү акылга сыйбас бөлүштүрүү
менен дагы көпкө чейин алек болушабы деп корком, а
мүмкүн, мына бул мен жайгашкан орбиталык станцияны
да, ал турсун космостун өзүн да бөлүштүрүшөөр. .. Эми ал
өздөрүнүн иши. Мен өз ишимди таптым жана адамдык
students.com. kg 41парзымды өтөп жатам. Мен өмүрүмдүн акырына чейин
адамзат маселелерине жооп издейм — кассандро-
эмбриондордун берген белгилерин аныктай берем...
Жерде мени күтчү эч ким жок. Жарык дүйнөдө менин
жакын эч кимим жок. Өзүм болсо таштандымын, балдар
үйүндө тарбиялангам. Балдар үйүнүн крыльцосуна
ымыркай баланы таштап коюуга менин энемди өтө
аргасыз шарт мажбурлаган болуу керек. Өзүмдүн
турмушум жөнүндө, космоско чыгууга мага эмне түрткү
болгону жөнүндө азыр айтып олтурбайын — а бөтөнчө
тема, бөтөнчө ангеме.
Азырети улугум, Сиздин жарык Жүзүңүз алдында
башымды ийип, таазим этем. Айып этпеңиз. Сиз аркылуу
элге кайрылгандагы жалгыз каалаганым — эл чындыкты
билсе экен дегеним.
Филофей, космостун монахы.
Турмушта — Андрей Крыльцов
Орбиталык компьютерден берилген Рим папасына
кайрылуусунун текстине кошуп «Трибюн» газетасынын
редакциясына багышталган кат тиркелген:
«Урматтуу редактор!
Биздин сүйлөшкөнүбүзгө ылайык, «Трибюндун»
редакциясына кайрылууну эксклюзивдүү жарыялоо
students.com. kg 42укугун тапшырам.
Мындай кадам жасоого баруу менен «Трибюн» кандай
оор жүктү моюнга алып жатканын жакшы түшунүп турам.
Эрдигиңиздерге баа берем.
Эгер редакция менин кайрылуума карата
кызыктуураак пикирлерди мага жиберип жиберсе, абдан
ыраазы болор элем. Жердиктердин реакциясын билуу мага
өтө зарыл.
Ыраазычылык менек
Филофей, космос монахы,
РХ орбиталык станциясы.»
- 3 -
Киттер анын түшүнө дагы кирди. Ал океанда киттер
менен аралаш көпкө сүздү. Ал киттердин толкундар жаба
берип жаткан көздөрүнө тике карады да, эмне деп
жатканын түшүндү. Ал өзү да кит эле. Анан алар, ал
баягыда самолеттон көргөндөгүдөй, кырка сап тартып
сүзүп баратышты. Аларды алдыга, горизонттун көрүнгөн
чегине карай, ал жакта аларды алда неме күтүп тургансып,
кандайдыр түшүнүксүз күч айдап баратты. Горизонт улам
алыстай берди, алар болсо алп денелери менен толкунду
жара бөлүп, сүзүп кете беришти. Океандып суусу улам
ысый берди. Өркөчтөнгөн толкундар дене кайырды.
Канчалык арылаган сайын ысык толкунду жиреп сүзүү
ошончолук оор да, коркунучтуу да боло берди. Ал көрдү
да, океан эмне үчүн мынча кайнап чыкканын дароо
түшүнө койду. Океан үстүндө бир заматта эки бирдей күн
пайда болду. Жанаша коюлган прожекторлордой болуп,
эки өрттөй кызыл тептегерек шар асманда алоолоп турду.
Кайсынысы чыныгы, түбөлүк күн экенин, а кайсынысы —
students.com. kg 43кайдан-жайдан адашып келген, а мүмкүн, чыныгы күн
менен атаандашканы келген күн экенин түшүнүү кыйын
болчу, Ал катуу коркуп кетти. Анан ал катарында сүзүп
бараткан киттерге кыйкыра баштады: «Карагылачы,
карагылачы, киттер, кагылайын боордошторум! Асманда
эки күн турат! Эки бирдей күн! Угуп жатасыңарбы? ! Бул
жаман жөрөлгө! Океан кайнап чыгат да, баарыбыз өлөбүз!
Эки күн — кырсык!»
Роберт Борк бууракандаган албуут океанда жан
талашкан киттер арасында дагы көпкө кыйкырды, ойгонсо
кара терге түшкөн, дүк-дүк соккон жүрөгүнүн дабышы
кулагына жаңырыктай угулат. Уйкусу ачылганга чейин
бул түшү экенине дароо ишене бербеди. Океан үстүндө
көз уялта жаркыраган кош Күн түшү эмес, өңүндө
көргөндөй, көз алдында турду. Киттер буга чейин да анын
түшүнө кирген учурлар көп эле болгон, бирок буга окшоп
төбөдөн кош Күн куйкалап турушу болуп көрбөгөн нерсе!
Алаамат, алаамат!..
Аңгыча ал экинчи күндүн кайдан пайда болгонун
түшүндү. Кооптуу жана айкын түшүндү. Анан дароо
байкабаганына таң калды. «Карабайсынбы! « — деди
ичинен Футуролог, анан күзгүнүн алдындагы саатын
карады. Убакыт таңкы жетиге ооп калыптыр. Аялы коңшу
бөлмөдө али уйкуда экен.
Борк ачык верандага чыкты, адатта ал ушул жерде
денесин жаза турган. Бирок бул жолу анын ою башкада
эле. Шаардын сыртындагы аны курчап тургандардын
баары демейдегидей анын көңүлүн бөлө албады. Ал
турсун бассейндин жанындагы жапондорчо ынтызарлык
менен жасалган таштуу бак да (жылдыздарын
жайгашуусуна жараша деп ишенгиң келет) бүгүн таптакыр
унутта калды. Бул бакта Футуролог эртең менен — Жесси
тараткан айың боюнча киши күлө тургандай шыбыр-күбүр
менен, ал эми өзүнүн сөзү боюнча кумга кереметтүү
students.com. kg 44чиймелерди чийген, — сыйкырлаганды жакшы көрө
турган. Бүгүн андай эрмек эсине келчү күн эмес болчу.
Бүткүл прессаны карап чыгышы керек, ал болсо тоо болуп
жыйылып жатат, ар кандай маселелер боюнча ар кайсы
кишилерге чалышы—кырдаалды кылт эттирбей кармашы
керек эле.
Кассандро- эмбриондордун айланасында дуу-дуу күч
алды. Ушундай болорун Роберт Борк билген. Өзү болсо
баягы жаш кезиндегидей жанын жай алдырбаган каруу
күчтүн агылып келип жатканын сезди; ошол окуп жүргөн
жаш чакта азыркы замандын цивилизациясынын
маселелери боюнча университеттин чөйрөсүндө кызуу
талаш-тартыштар жүрөр эле да, адамзаттын келечегин
ошол кезде өтө кадырлуу интеллектуалдуу «Рим
клубунун» моделдериндегидей конструкциялап алса боло
тургандай, ал үчүн консервативдүү оппоненттерди
ишендирсе эле жетиштүүдөй көрүнүүчү. Кассандра
тамгасынын айланасындагы окуялар Борктун боюндагы
кумарды, идея үчүн тобокелге барууга, ачык кагылышууга
даяр тургандыкты ойготту.
Ал эми окуялар болсо Борктун көңүлүн тиги
аэропорттон эле ээлеп алды. Жесси аны чыга бериштеги
котологон көлчүлүктүн арасынан бир тутам газетаны бир
десте гүлдү булгалагандай булгалап, кандайдыр бир
кызыктай жылмаюу менен, кандайдыр бир күнөөлүүдөй
да, шайкелең да, кабатырланган да түр менен тосуп алды.
Бирок ал жашара түшкөндөй, капыстан кабылган кара
нөшөр жууп кеткендей көрүндү. Жесси Борктон тогуз жаш
кичүү эле, бирок мезгил-мезгили менен кан басымы
көтөрүлүн, ооруй калуучу, ошондон улам жаны кыйналып,
өңү өчө түшүүчү. Ал эми ошондо аэропортто тээ алыс
калган жаш чагындагыдай, эрине чыйрак, сергилең,
демдүү көрүндү. О, анын улуу музыкант болушуна ал,
Роберт, кандай кедерги болду дейсиң! Жесси чынында эле
students.com. kg 45жаман виолончелисттерден эмес болучу. Эгерде ошондо
ага чапкенедей жабышкан, апенди чалыш Борк
болбогондо, мүмкүн, Жессинин мансабы оркестрдин
аңынан алыс кетет эле. Бирок ар бир адамдын өз тагдыры
бар эмеспи.
Аэропортто, турникет алдындагы жөөлөшмөдө
капарсыз, кайраттуу, ошол эле учурда жолугушуу
кубанычын билдирген сөздөрүнүн бири ушул болду:
— Роберт, кетээриңде жанагы баш адаштырган
таштарыңдын арасына эмнени сыйкырлап чийип кеттиң
эле — билбейм, бирок мына бул болуп жаткан окуяларды
кандай деп түшүнөбүз? Түшүнүүгө мүмкүн эмес, Роберт,
эч мүмкүн эмес, эмне десең ошо де, мүмкүн эмес! Муну
түшүнүп болбойт. Бул бир укмуш! Ишенип кой, муну
уккандардын төбө чачы тик турат!
—Демек менин иероглифтерим да бир нерсеге жарайт
экен го! — деди Футуролог тигинин сөзүнө жараша.
— Эмнеси болсо да тилегиңе жеттиң, урматтуу
Футурологум, сыйкырың ушуну кылмак... Эми сырын
өзүн чечип ал.
Машинанын ичинен эле,—Жесси рулду кармап келе
жаткан—Борк газеттерди жайды, бирок көз жүгүртуп өттү
да, мындай таштап салды:
— Жок, муну үйгө барганда, шашпай олтуруп алып
окуу керек экен, — деди да, көз айнегин бүктөп койду.
— Анан кандай деп ойлодуң эле! — деди Жесси
жылмайып. —Эгер космостон болбой, булуң-бурчтан
айтылган сөздүн бири болгондо, анда анын мурду кан
жалап калмак! Өзүң ойлоп көрчү: эмбрион, түйүлдук, анан
дагы саймедиреп турганын айт! Бир нерсени
жоромолдогону бар! Анысы аз келгенсип, жарык дүйнөгө
келбейм деп турса! Анан ушунун баары олуттуу түрдө,
кадимки чындай айтылып жатса! Ушул да болобу!?.
— Эми андай деле эместир, — деди Борк далысын
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 16:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

ойлуу күйшөп. — Ага аялы үстүртөн кетип жаткандай
көрүндү, бирок Жессинин андайы жок болсо да, ушул
азыр аныкы жалган болсо экен деп тиледи... — Мүмкүн,
сөз түйүлдүк рефлексиясынын чынында бар экендиги
жөнүндөдүр. .. Эмнеси болсо да ойлоно турган иш дечи.
Эгер, алалы, биздин бейопа дүйнөнү эсеп жүргүзүүнүн
контролдук нокоту катары кабылдоонун жазыксыз
формасы табылган болсо... И дебейсиңби, менин оюма
азыр капысынан келип олтурат. Бул чындыгында эле
эмбрионалдык деңгээлде болушу мүмкүн. Ошондо да
фантастикалык ой жүгүртүүлөрдө. Бирок ким билет.
Эмнеси болсо да муну азырынча кое туралычы. Үйгө
келели, мен окуп чыгайын, анан сүйлөшөбүз, эгер чындап
эле... Баса, мен сага бир нерсени айтсам күлөсүң.
Анан футуролог аялына немистердин бышыктыгы
менен тактыгы, ошондой эле европалыктардын, аларды
америкалыктарга жакындаткан ички элкиндиги жөнүндө
айтып бере баштады. Күндөрдүн биринде так эрте
Дюссельдорфтогу Рейндин ээн жаткан жээгин бойлой
велосипед тээп бараткан жана үнүнүн жетишинче
белгилүү бир арияны заңкылдап ырдап бараткан кишини
көрдү. Болгондо да велосипедчен, аппак жакалуу
көйнөкчөн, галстукчан, жалтырата лакталган туфличен
жана, азыр эле операнын сценасынан түшүп келаткансып,
цилиндрчен эле. Ошол маалда анын ырын баалагандай
Рейндин боюнда жан адам жок болучу. Бирок
велосипедчен ырчыга эч кимдин кереги да жок эле. Ал
өзүнө өзү жана эртелей жолго чыккан жүк ташуучу
баржалар менен кемелер сүзүп баратышкан суусу
чалкыган Рейн дарыясы бар болчу... Тыяктан жайкы күн
чыгып келе жаткан. Борк кубанганынан апенди чалыш
вокалисттин артынан чуркап жөнөгүсү келди, ушунчалык
жыргал, күлкү келерлик жана бакубат эле, Рейнге бой
таштагысы, учу-кыйыры жок жээкте зыпылдап бараткан
students.com. kg 47ырчы велосипедчини утурлай сүзгүсү, ага кол булгалап,
суудан көңүлдүү бир нерсе кыйкыргысы, аны менен
жарыша чуркап, дүйнөдө бардык түйшүктү унутуп
таштагысы келип кетти.
Экөө автобан менен зуулдал бара жатышып, апенди
чалыш кишиге күлүштү.
«Эми үйгө, үйгө. Эми иштөө керек, иштөө керек, каран
калгырдыкы! » — деди Борк ичинде, жакында кайрадан өз
үйүндө, өз кабинетинде, жазуу столунда отураарын
ыракаттана ойлоп. Ушуну ойлоп келатып эки ача сезимде
болду: дайыма боло жүргөндөй, кайтып келе жатканына,
Жесси менен аэропортто жолукканына бир жагынан
жеңилдегендей болсо, ошол эле учурда бир жума жок
болгону, өткөрүп жиберген күндөрү үчүн өзүн өзү
жемелегенсиди. Мындай колдон чыккан, адам баркын өтө
кечигип барып сезген күндөр канча болду дейсин.
Бул жолу анткен менен, көнүмүш паанайына, али
самолеттун бортунда билген нерседен улам пайда болгон,
башка бир нерсе кошулду. Бул таң калыштуу кабарды
демейде укмуштуудай жаңылыктар туш болуучу тагдыр
жалбырт дей түшүп, анан кайра өчүп калуу тагдыры күтүп
тургандай сезилген эле. Бирок укканы жөнүндө Борк
канчалык көп ойлонгон сайын болуп өткөнгө өзүнүн
кандайдыр бир тиешеси бардай белгисиз сезимге
кабылып, таң калганы ого бетер күчөдү. Анан калса ага
таптакыр тиешеси жок бул окуядан эми ал кутула
албасын, унутуп кое албасын сезди. Бул кокусунан ал
соттолуп жаткан адам эле эмес, ошону менен бирге
айыпкердин иши угулуп жаткан учурда ошол залда
болгондордун баары, сот процессине катышкандыктары
үчүн гана күнөөлүү деп табылган күтүүсүз жана кулак
угуп көрбөгөн өкүм чыгарылган сот залына туш
болгондой, анан бул өкүмдү жарыяланып калгандыгы
үчүн гана кайра алууга мүмкүн болбогондой кеп эле...
students.com. kg 48Космостон келген жаңылык чынында эле кызыктай,
таң каларлык, күтүүсүз жана түшүндүрө алгыс жагдайга
кабылтты. Мына рулдагы Жесси да, түрүнө караганда,
космостун жаңылыгынын таасиринде келатат. Бул анын
өңүнөн, көздөрүнөн көрүнүп турат. Жессинин жаратылыш
берген нур чачыраган көздөрүнүн ар бир билинер-
билинбес ирмеми, өзгөрүүсү Роберт Боркко көп нерсени
айтып коюучу. Кайсы бир соопчулук концертте, ал
Жессини жаш музыканттардын арасынан, Жесси болсо
аны көрүүчүлөрдүн арасынан сценага жакын олтурган
жерден көргөндө таанышкан алгачкы күндөн тартып, алар
жолуга башташты, ошол алгачкы күндөн баштап ал
Жессинин көзүнөн «жашоонун жайы менен кышын»
окуганды үйрөндү жана анын санаасындагынын баарын
жаземдебей билчү, Жесси да аныкын бүт биле турган.
Алардын мына ушул бири-бирин ооз ача электе көз
караштарынан түшүнгөндөрү алардын ынтымагын, үй-
бүлөдөгү бактыларын аныктады.
Мурда болуп көрбөгөндөй, үн-сөзсүз уюп, ойлуу
бараткан аялын ал сөз менен алагды кылгысы келбеди.
Жессини кабатыр кыла турган бөтөнчө себеп жок болчу.
Мындай куракта көп эле боло жүргөндөй, алардын жашоо
тиричилиги демейдегидей бекем эле; алар бир гана
Кудайдын буйругу менен болуп кетүүчү иштерди алдын
ала божомолдой жана эсептей алышчу эмес — ар бир
адамга берилген өз мөөнөтү, өз мезгили болот эмеспи.
Азырынча алар мезгилдин жана ден соолуктун «квотасы»
бүткүчө чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ишке
ашырууга колунан келгенче аракеттенип жатышты.
Жессинин минтип тунжурап баратышы космостогу монах
Филофейдин кайрылуусуна кабатырланганынан болуп
жатканын Борк түшүнүп турду.
«Үйдөн сүйлөшөбүз, — деп ойлоду Роберт Борк. —
Мүмкүн университеттеш досторумдун бирине чалсамбы,
students.com. kg 49үйгө жеткиче маектешсемби. — Ушинтип ойлоп,
трубканы көтөрмөкчү болуп баратып, айнып калды. —
Жок, бул космостун даанышманынын кайрылуусун
шашпай окуп чыгайын да, анан андан кийин...»
—Радиону коёюнбу? — деди Жесси, эринин
оюндагысын таап.
—Кереги жок. Мага бакылдаган радионун кереги
эмне? Мага сенден артыгы жок.
—Ишенем, абдан ишенем, — деди Жесси көңүлсүз
жылмайып, дагы бир машинаны «шуу» кубалап өтүп
баратып.
—Жанагы тыяктан келген кабар чын эле анык болсо,
— деди Борк, башын жогору шилтеп, — анда, албетте, эч
ким ага кайдыгер калбайт.
—А сен чынында эле ушундай болушу мүмкүн деп
ойлойсунбу?
—Билбейм. Бирок чын эле ошондой болсо анда
жапырт жооп болот.
—Тилиңе тибиртке чыксын, Футуролог! — Жесси
чындап чочуп кетти. — Масса жапырт жооп берет деген
балаа да!
—Эгер адамдар өздөрун айласыз абалдабыз деп сезсе,
анда генетика биологиядагы купуя сырдуулугун жоготуп,
саясатка айланат.
— Өтө эле аша чаап кетесиң да, Роберт, — деди
Жесси, улам кучөп бараткан тынчсыздануусун басууга
аракеттенип. — Бирок ким билсин, — Жесси ой жорута
баштады, —мен аэропортко чыгар алдында Шнаерлер,
Артур менен Элизабет телефон чалышкан, алардын да
абдан тынчы кетип алыптыр. А биздин Жон, Кошут,
Атлантадан телефон чалды, спектакль коюп жүрүптүр
аякта, тарыхтын аякташынын фукуямалык теориясы
боюнча дискуссияда сени адамзаттын алдында жаңы
трагедия, жаңы сыноо турарын айткан эле деп, ал
students.com. kg 50капысынан ошону эстеди. Мына, дейт ал, сенин
футурологуң оюна келгенди оттоп салды эле, дүйнөлүк
согуштун ордуна, өзү менен өзүндөгү, адамдагы болчу
согушту, туулса болобу — болбойбу деген проблеманы
дуйнөлүк жамандыктын ресурстарынан сууруп чыгып
олтурат. Сенин футурологуң унчукпай жөн жүрсө,
мүмкүн, мындай иш да болбойт эле, дейт. Эми минтип
дарбазаны ачып салды эле, алигиси келди. Алигиң эмне?
— дейм мен. Алиги деген алиги. Алиги дегендин аты да
болбойт дейт.
—Кошут ошентип айтмак. Кошут айтмак, — Борк эки
ийинин мыскылдуу куушурду. — Баягы тамашасы да, өзү
театрда трагедияларды коюп, Шекспир, Эсхил жана
башкалар менен дүйнөнү астын үстү кылып жүрөт да, а
мен болсом оюна келгенди оттогон айбан имишмин.
Рахмат. Менин кашка баш досум ушундай...
—Ой, айта көрбө, кызык неме деги. Эсиңдеби, бир
жолу минтет: сенин аялың да сонун, чачын да барпайып
баягыдай. А менде эмне бар? Анда сен айтпадыңбы:
аялымды тартып алышың мүмкүн, а бирок чачымды,
көгала болуп барпайып турса да, эч качан! Аның болсо эки
көзү толо жаш, каткырыгы да, ыйы да аралаш, артист!
Борк башын ойлуу ийкегиледи. Ал биринчи жолу
үйүнө ушинтип жүрөгүндө мурда болуп көрбөгөн,
тагыраак айтканда, деле кулак укпаган жүк менен, сырттан
келген, көзгө көрүнбөгөн, белги-бетесиз, ошого карабай
дайыма көңүлдө турган жүк менен келе жатты.
students.com. kg 51— Боб, сен океандан киттерди чын эле көрдүнбү? —
Жесси анын оюн бөлүп кетти.
— Анан калп айтмак белем! Ошо көргөн үчүн сага
чалдым да, — ал кайрадан кызып сөзгө кирди.—Ии
дебейсинби, аны айтууга сөз жетпейт. Океанда, көз
алдына келтирип көр, кемедей болуп, эбегейсиз зор
жаныбарлар асмандагы турналардай үч бурч тартып,
кетип баратышат. Бул бир керемет көрүнүш! Жанымда сен
жоксун. Дагы чалып ала алганым жакшы болду. — Борк
унчукпай калып, анан сөзүн кайрадан кызый улады: —
Сага кандайча түшүндүрсөм экен, ии дебейсиңби, оюма
эми келип жатат, бул кокусунан болгон иш эмес. Ии де.
Ушул жолу Франкфуртта мен тааныгандардан башка
Австралиядан келген жаңы катышуучу болду. Мельбурн
университетинен. Канткен менен да австралиялыктар
биздин бардыгыбыздан бир бөтөнчөлүктөрү менен
айырмаланып турушат, эмне үчүн экеннн билбейм,
мүмкүн, алар дүйнөнүн бир четинде болгондуктанбы? Же
ал адам өзү ошондойбу? Мен ал кишини өзүмчө
дельфинолог деп атап койдум. Анткени ал дельфиндерге
кызыгат экен. Бул анын кесибинен тышкаркы эрмеги экен.
Ал тирикарак, куйма кулак, өтө сөзмөр адам экен. Анан
сөз киттер жөнүндө жүрүп калды, дельфиндерден
баштадык. Ошол киттер жөнүндөгү маек, мүмкүн сенин
күлкүң келээр, бизди аябай жакындатты. Мен кызыгып
уктум! Анан калса киттер эмне үчүн топ-тобу менен
өздөрүнүн жанын өздөрү кыят деген суроого илим
бүгүнкү күнгө чейин жооп таба элек.
—Алардын жанагы жээкке чыгып калганын айтып
жатасыңбы? Сен ошону айтасыңбы?
— Ооба, ошонун өзү. Мына ошол каруу-күчү толтура,
акылы да ордунда деп ишенели, капысынан, эч кандай
себепсиз, чогулуп сүйлөшүп алышкансып, түн жамына
жээкке келишип, суусу кызыл ашыкка жетпеген жерге бой
students.com. kg 52таштап, чаңкап өлүүгө киттерди ким мажбурлап жатат?
Ошол жээкте артындагы океанга кайра кирип кетүүгө
кенедей да аракет жасашпай, киттер өлүшөт. Алар эмне
үчүн минтишет, эмнеликтен, себеби эмне?
— Кое турчу, — Жесси анын сөзүн бөлдү,
кызыккандан көздөрү ойноктоп кетти. — Бул жөнүндө
газеталарда канча жазышпады. Анан эмне, сенин
австралиялыгың билет бекен эмнеден болорун?
—Кеп ошондо да. Ал экөөбүз кандай деп ойлодук?
Бул көрүнүш — киттердин өз жанын өздөрү кыйышы—
биологиялык түрдүн өзүн өзү сактоо законуна карама-
каршы келет. Башкача айтканда — табиятка туура
келбейт. Жаныбарлар дүйнөсүндө мындай болбойт.
—Анткен менен адамдардын арасында боло берет.
— Бул таптакыр башка нерсе. Сөз ал жөнүндө эмес.
Бул жерде таптакыр башка маселе, Жесси.
Роберт Борк токойдон дөңгө чыгып бараткан, жол
боюнда жаркыраган белгилер менен таблолор жайнаган
кашкайган кан жолго көз чаптырып, эбактан бери тааныш,
көп ирет көрүп жүргөн пейзажга эрксизден жылмая, үнсүз
олтурду. Бир азга ал өзун өтө бактылуу сезип кетти —
үйүнө кетип баратса, Жессиси рулда олтурса, өзү ичинен
ойлоп койгондой, киттердин сырын ага ачып берсе, Жесси
ага аябай таң каларын билет, анан кийин ачылыштын
кызыгына баткан немелер, бул темага улам-улам
кайрылышып, аны ар тараптан талкуулашат. Мына
ушунун өзү бакыт. Анткени бакыт деген көңүлдөрдүн
бириккени эмеспи. Анан ал үйгө келгенден кийин
верандага экөө чогуу олтуруп алып, Жесси койгон
музыканы угуп (ал классикалык музыка дегенде жанын
берет), өзү жакшы көргөн ак шараптан ирмегиси келип
кетти.. . Бирок космостогу монах жөнүндө ой кылт эте
калды, ошондо бүгүн андай жыргал болбой калышы да
мүмкүн деп ойлоду.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   ayka96   16 Август 2014 - 16:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 755
  • Катталган: 13 Июнь 14
  • Соңку аракети: 11 Ноя 2023 05:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бир чыгарманы бутурбойсузбу емне екинчи чыгарманызды баштап алдын.баштаган чыгарманы аягына чыгарбайсынбы анан бул чыгарманы баштабайсынбы? Кичине жоопкерчилууктуу болсонуз жакшы болмок

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 16:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

—Эмне унчукпай калдың, Боб, кулак сенде. Менин
бүйүрүмдү кызытайын деп жатасың го?
— Жок. Ойлонуп келатам. Сен сурап жатпайсыңбы,
жанагы австралиялык Киффер деген киши киттердин өзүн
өзү өлтүргөн себебин билет бекен деп. Кандай десем. Ал
башкалардын оюна да келбеген нерсени айтып отурбайбы.
Бул кандайдыр бир логикалык ой жүгүртүүнүн тыянагы
эмес. Мен муну бөтөнчө нравалык-философиялык көрө
билүү дээр элем. Ооба, ооба. Жылмайба да, таң калба. Дал
ушундай. Австралиялык дүйнөлүк пландагы версияны
козгоп жатат. Билесиңби, бардык сүт эмүүчүлөрдүн
ичинен киттер дельфиндер сыяктуу, эң акылдуу
жаныбарлар. Бир кемчилиги — сүйлөөгө тили жок, мына
ушул жагдай адам менен алардын ортосунда өтө алгыс
тоскоол болуп жатат.
— Кудайым ай, сен доклад окуп жүрүп көнүп
алыпсын, Роберт. Мен таптакыр түшүнбөй жатам, сен
кайсы нравалык-философиялык көрө билүү жөнүндө
айтып жатасың?
— Бул таң каларлык кубулуштун сырын бир дагы
окумуштуу түшүндүрүп бере албай койду. А Киффер
болсо капысынан эле мага ааламды камтыган түшүнүктү
ачып салса болобу.
—Анын гипотезасынын маңызы эмнеде экен?
—Ал укмуштуудай жыйынтык чыгарды. Киттердин
топ-тобу менен жан кыюусунан ал жерде болуп жаткан
окуяларга дүйнөлүк акыл-ойдун реакциясын көрүп жатат.
—Бул турушу менен эле фантастика, Роберт!
— Айта көрбө, айта көрбө, жаным. Бул гипотеза менин
жанымды жай алдырбай жатат. Адамга акылдын,
ааламдык миссиянын ээси болууга кандайдыр бир
абсолюттук артыкчылык берилген, ал эми өркүндөө
колубуздан келбесе, универсумду активдүү өздөштүрүү
колубуздан келбесе, анда бизден эмне талап кылынат жана
students.com. kg 54бул жарык дүйнөдө эмнеге жашап жүрөбүз? Демек, анда
биз өз милдетин актай албаган мите, санда жок
макулукпуз. Кечирип кой, аша чаап кеттим. Менин
айтайын дегеним эле, бизге, адам баласына, канча
берилген болсо, ошончолук милдет да тагылган. Баарыдан
мурда жашоону гармониялаштыруу, өркүндөтүү милдети
тагылган, а буларга болсо бизден чыккандын баары кирет.
Жашоо гармониясы! Анткен менен бул жагынан канча
улуу жана канча жармач ойлор туулат, канча көрө
албастык менен пастык бизден бултайып чыгып турат ар
бир кадамыбыз сайын, ал эми гармония — бул өзүн өзү
кармоо, жан-дүйнөнүн жакырданышы менен күрөш
эмеспи. Мына ушул жерден бир табигый суроо туулат—ар
бир адам алмустактан бери өз алдынча амалдана, каалаган
убагында, каалаган жагдайда өзү каалагандай түшүнгөн
абийир деген эмне да, жаратылыштагы, тарых алдындагы,
дүйнөнүн келечеги алдындагы жана, акырында, бизди
жараткан жана биз өзүбүз жаратып жаткан Кудай
алдындагы абийир деген эмне?..
— Роберт, — аялы чыдабай кетти. — Ырас эле сенден
мыкты диний үгүтчү чыкмак экен, сен тигил орто
кылымда жашаганыңда эмне. Бирок инквизиторлор,
мүмкүн, дин бузарлыгың үчүн сени отко ыракаттана
өрттөшмөк. Кудайды жаратканы эмнеси?
—А, ошондой дебейсиңби! Мына, сен дагы, Жесси,
жеткен догматик болуп баратасың. Кантип болсун?!
Кантип болсун?! Мени өрттөп жибере алышмак эмес. Сөз
менен жаратып алууга болот. Ооба, ооба. Ошол үчүн бизге
Сөз берилип олтурат жогортон. Биздеги жана бизде болуп
жаткандын бардыгы сөз аркылуу ишке ашат. Анан калса
адамдын колунан чыккандын баары, акыры келип, сөздүн
жүзөгө ашырылышы. Дарыяга салынган көпүрө — ал
элден мурда сөз болгон. Мен андан ары кетейин, сөз —
биздин маңызыбызда жаткан түбөлүктүүлүктүн
students.com. kg 55потенциалы. Биз өлөбүз — сөз калат. Мына ошондуктан
ал — Кудай. Мына ошентип биз сөздө, сөздөрдө далбас
урабыз — бир туруп канат байлап, чексиздикке оболойбуз,
бир туруп, качырдан бетер жазмыштын жүгөнү катылып,
сөздүн жетегиндебиз. .. Бирок менин айтайын дегеним
башка жөнүндө. Башка жөнүндө, тириликтин таптакыр
диаметралдык карама-каршы маңызы — эң алгач сөздүн
жок болгондугу жөнүндө. А бул болсо бүткүл жаратылыш.
Алсак, ошол эле киттер. Бул жагынан алганда трагедиялуу
жандыктар. Сүйлөөгө тили жок, бирок бөтөнчө сезимге, —
өзгөчөлөнгөн, бир гана өздөрүнө мүнөздүү ой-туюмга
жана рухка, бөтөнчө энергоинформациялык биоталаага —
ээ болуу буюрган аларга. Бул жөнүндө алардын кенже
тукумдаштарын — дельфиндерди — көрүп айтса болот.
—Бирок ошентсе да, Роберт, айталы, сага эмне
белгилүү болду?
Роберт Борк өзү өтө маанилүү нерсе деп жүргөнүн
айтуунун алдында оюн жыйнап, унчукпай калды. Анан ар
качан аэропортко бара жатканда, же аэропорттон келе
жатканда эмнегедир кадыресе эмес, үйдө жайма жай
олтуруп сүйлөшпөй турган нерселер жөнүндө айткысы
келе берери оюна кылт эте түштү.
— Ии дебейсиңби, — сөзүн улады ал, — Киффер
мындай дейт, менимче негизсиз эмес, киттер — булар
ачык океандагы тирүү радарлар, булар космостун
жашыруун белгилерин кармап алуучулар; мүмкүн дал
ошолор, киттер, вулкандардын атылар учуру келгендигин
алгачкылардан болуп билишет жана жердин түпкүрүндөгү
кубаттын кысымынан улам үн-сөзсүз боздошот, бирок,
мүмкүн, бардык эле кораблдер туруштук бере албаган
албуут толкундар менен бороон-чапкындарга солк этпеген
алар үчүн эң коркунучтуусу дүйнөлүк рухтун абалында
биз үчүн акыл жеткис дисбаланс пайда кылган адам
стихиясынын, адам карасанатайлыгынын чакырык
students.com. kg 56белгилери жаап түшкөндүгүндө. Алар үчүн тоодон соккон
альпы фени сыяктуу, барып турган кыйналыштуусу мына
ушул болушу мүмкүн—мен эмне жөнүндө айтып
жатканымды сен билесиңби, бул жөнүндө атайын
адабияттар бар, — ал тоонун калкынын психологиясын
алсыраткан шамал. Анткени вулкан канчалык коркунучтуу
болсо да лаваны бүркүп таштайт да, анан тынчып калат,
өчөт. Ал эми адам карасанатайлыгынын шамалы
басылбайт — өчпөйт. Маңызы мына ушунда. Жашоо
ушундай түзүлүптүр: жакшылык дайыма тартыш,
жамандык дайыма ашып-ташып, дайыма төгүлүп турат.
Анан эми жер жүзүндө биз токтото алгыс бир алаамат
болуп жатканда жана биз аны өлтүрүү, жанчуу, талкалоо,
өзүбүздү өзүбүз жийиркеничтүү алдоо менен
көңүлүбүздүн тереңинде жана аң-сезимибиздин түйүнүндө
актанып жатканда, бизди карай аргасы түгөнгөн жана
алдастаган киттердин сүзүп келе жатканын көз алдына
келтирип көрчү. Анткени дүйнөлүк акыл-эс тыйпыл
болгону, өзүн өзү жок кылганы, а демек жылан
сыйпагандай житип кеткени калды. Бул анан ар кандай
тилсиз макулуктун баарын кыямат-кайымдын келиши
катары коркутат. Мындан тирүү жандар ички туюму
менен коркушат. Чөгүп бара жаткан кемеден келемиштер
эмне үчүн качышат деп ойлойсун? Дал ошол үчүн.
Сүйлөөгө тили жок киттер биз үчүн канчалык азап чегип
жаткандыктарын айтып бере алышпайт, анан ушунун өзү
аларды ичтен жеп бүлдүрүп, сыртка чыгарууну,
жеңилдетүүнү талап кылат. Сен түшүнсөң мындан өткөн
азап барбы! Эсиңдеби, кимдир бирөө качандыр бир дудук
кызды көргөнүн бизге айтып бербеди беле. Кыздын энесин
жексур атасы өлтүрүп салат, ал болсо, бечара, өйдө-төмөн
чуркап, эмне алаамат болгонун элге түшүндүрө албайт.
Анан боюн трамвайдын алдына таштамакчы болот.
Ушунун эле өзү, бирок башка, ааламдык масштабда,
students.com. kg 57киттердин башынан өтүп жаткан сыяктуу. Алар, балким,
океанда жүрүп чатырап күйүп жаткан токойдогу өрт
кырсыгына туруктуулук көрсөтөр, тоодогу жер көчкүдөн
мөңгүлөр селге айланып, жолундагынын баарын
шыпырып келе жатканда өнө бою солк этип кетсе кетер,
бирок адамдын жүрүм-турумундагы бузуктуктарды,
карасанатайлыкты, ыпыластыкты жана жанкечтиликти, —
дүйнөлүк акыл-эстин ээсинин, адамдын, каргашалуу
жосундарынын өөрчүшүн — мына ушуларды көтөрүүгө
алар дармансыз. Бизге дүйнөлүк акыл-эс, субстрат,
тагыраак айтканда түбөлүктүүлүктүн маңызы ишенип
берилгендиги жөнүндө биз ойлойбузбу? Шегим бар.
Биздин кайсы бир жерибизде, биздин стихиябызда бүлгүн,
кыйрап- уроо, адеп-ахлактын бузулушу жүрүп жатат, ошол
урандынын алдынан жамандык менен коркунучтун көзгө
көрүнбөс радиациясы дүйнөгө таралууда, космос
адилеттиги бузулууда, андай адилеттик бар деп ойлойм,
тириликтин гармониясы ыдыроодо, мына ошондо киттер
да такат бере алышпай, жээкти карай сүзүшүп, баары
бирдей өлүмгө бой ташташат, өз жандарын өздөрү
кыйышат. Анан Атлантиканын үстүнөн учуп баратып
төмөн жагымды карай калсам, капыстан самолет бурула
берген жерде, канаттын алдында — океанда — киттердии
жоон тобу сүзүп бара жатат. Оозум ачылды да калды.
Алардын тоодой толкундарды шынаадай жиреп,
каркырадай сап тартып сүзүп бара жатканын көргөндө дем
тарта албай калдым, анан ошол эле учурда эмнегедир:
булар кайда баратышат, кандай күч айдап бара жатат
аларды, кайда, эмне үчүн? деген суроо келди оюма.
— Самолеттун бортунан мага шашып-бушуп чалып
жибергениң эми түшүнүктүү болду. А мен ошондо,
түшүнбөй отурбаймынбы: кайдагы киттер, эмнени айтып
жатат деп. Албетте оюңа жанагындай капкайдагынын
баары келгенден кийин кантип чалбай кое алмак элең?!
students.com. kg 58— Менин оюмча, алар ойго жөн эле келе калган жок.
—Ооба, ооба, — аялы кечиримдүү жылмайды. —
Урматтуу футурологум! — Ал эрине мыйыгынан жылмая
карады. — Сенин кээде ушундайың бар. Бирок кызык, өтө
кызык, башка сөз жок. А мүмкүн бул чынында эле
каршылык көрсөтүүнүн бир формасыдыр? Ким билет. Ой,
Роберт, май куюп алалы—бензин түгөнүп баратыптыр.
Экөөбүз киттер жөнүндө узун сөзгө кирип, зуулдап келе
жатканда. ..
Алар бензоколонканы карай бурулушту эле, дароо
баары күнүмдүк турмуштун нугуна түштү, космостогу
монах дагы, киттер дагы, жана башка ар кандай
абстракциялардын баары четте калды. Анан алар шаардын
сыртындагы көчөлөргө түшүп жөнөштү, үйгө жетүүгө аз
эле калган.
Капысынан Борк дене-бою шалдайып, чарчаганын
сезди да, мындай деди:
— Жесси, бүгүн телефондун шыңгыраганына жооп
бербейбиз. Автоматка коюп кой, жазыла берсин.
Чарчадым. Эс алайын...
— Бир телефонго мен күн мурунтан уруксат берип
койдум эле. Кечирип кой, бүгүн кечинде сага Оливер
Ордок чалат. Сенин бүгүн келериңди айткам ага. Болбосо
ал сага Европага чалганы жатыптыр.
—Оливер Ордок?
— Ошол өзү. Ал президенттикке кандидатурасын
койбодубу. Сен аны билесинби?
—Билерин билем дечи. Азыр алардын баары биринчи
айланпага чыгышпадыбы. Бирок андан кутулуу кыйын.
Өтө өжөр адам. Колу ооругуча чалат.
— Мени кечирип кой, Боб. Чалба деп кантип айтам.
— Чалса чалаар эми. Мейли. Оливер Ордок. Биз
көптөн бери телефон чалыша элекпиз. Эсиңдеби, ал вице-
губернатор болгон, штаттагы илим, билим берүү, калкты
students.com. kg 59иш менен камсыз кылуу жагын тейлөөчү. Бизде эл аралык
илимий конференцияларды уюштурууга жардам берчү,
эгер эсиңде калган болсо, Москвага Горбачевдун кайра
куруусунун алгачкы жылдарында бирге барганбыз.
Ошондо бүткүл дүйнөдөн саясатчылар, футурологдор
чогулган. Ордок саясатчы жана штаттын
администрациясынын өкүлү катары катышкан. Кайра
куруу, кайра куруу! Биз баарыбыз, Чыгышта да, Батышта
да сестейип кулак түрүп калганбыз, калп айткан менен
болобу! Кызык мезгил эле. Ал менден бир аз жашыраак,
антсе да кыйлага келип калды.
— Элүү алтыда, — деп тактап койду Жесси. —
Газеталарда дал ошентип жазып жатышат: элүү алтыдагы
Оливер Ордок.
— Ии, ошондой. Болжол менен ошондой деп ойлогом.
Биздин Оливер Ордок тобокел деп киришкен экен,
таалайын сынайын деген экен. Бийликтин кумары ай,
чиркин! А мүмкүн болуп калар?.. Шайлоо кампаниясы
ачык деңиз сыяктуу, толкун сымал жүрөт, карасаң жээкке
чыгып калган болосуң. Эгер коомдун толкунун өзүнө бура
алса. Сезе билсе. Бул жагынан Ордок камчы салдырбайт.
Ал шылуун, терең эмес, бирок келесоо да эмес.
— Ооба, эсимде ал мезгил. Күнү бүгүнкүдөй эсимде.
Ошондо Москвада, биз качан бардык эле, а, ооба, сексен
алтынчы жыл болчу. Сен Кремлде, эски чок залда,
форумда чыгын сүйлөгөнсүң, жыйынды Горбачев өзү
башкарган. Ордок да биз менен бирге болчу. Эсиңдеби?
Дурус сүйлөгөн, менимче.
— Дурус. Кыйла дурус. Анда оратордун энергиясы,
демилгеси бар. Ал дайыма учурдун адамы болуп келген.
Бирок терең билими, дагы кайталайм, жок. Анын үстүнө
мындайда терең билимдин деле зарылдыгы жок сыяктуу.
Массанын аң-сезими үчүн баарыдан мурда кандидаттын
программасынын актуалдуулугу маанилүү. Инсандын керт
students.com. kg 60башынын санаты дагы.
— Ой, Роберт, жетишет, бизге эмне болду — баятан
бери киттер, эми минтип Оливер Ордок. Биздин башка
түйшүгүбүз жоктон бетер. Бир аздан кийин үйдө болобуз.
Ордок, Ордок деп тим эле жаагыбыз жабылбай калды го.
—Азыркы мезгилдеги популизмдин маңызы да
ушунда, Жесси. Баары бир инсан деп акылынан адашат, а
ал болсо баары деп акылынан адашкансыйт. Америкадагы
сен экөөбүз да ошолордун бирибиз.
—Ал туура дечи. Бирок ал эмне үчүн сага
шашылышынан Европага чалгысы келип калды? Бул
эмнеси?
— Анын ашкан сыры деле жок. Менин оюмча, жанагы
космостогу монах көп кишинин башын оорутту, мындайча
айтканда, бир заматта жолдон чыгарды. Менин оюмча,
себеби дал ушунда. А бирок ким билет.
— А сенин кандай тиешең бар бул жерде? Ушул эле
сыяктуу космостун феномени тууралуу Ордокко сен деле
чалышың мүмкүн эле да, Боб. Аманбы, карыя, космостон
Рим папасына жиберген кайрылууга эмне демексиң? деген
сыяктуу. Эсиңдеби, Москвада мындай учурда: бул
маселени эмнеге кошуп майкамдайт, сиз билесизби? деп
коюшат эмеспи орустар. Сен деле ошентмексин — бул
окуяны эмнеге кошуп жейбиз, кымбаттуу Ордок?
Ушинтсе болот го дейм?
—Албетте. Ошентсе да сен өзүң айтып жатпайсыңбы
сага көп киши телефон чалды деп. Эмне үчүн бул кишилер
жанагы космостогу кеңкелес тууралуу дал мен
түшүндүрмө беришим керек деп ойлошот? Эмнеси болсо
да мунун эмне экенин мен тезирээк билишим керек. А
мүмкүн бул атың чыкпаса жер өрттө дегендей бир кептир?
—Андай болсо аркы-беркини айтып, тамашага
батабыз.
—Андай эмес, Жесси. Тегин жерден өрт чыкпайт.
students.com. kg 61Мындайдын арты жакшылыкка алып барбайт.
— Мына эми, сага шылтоо табылды. Шайыр
француздар сени бекеринен пессимист дебептир. Ушунун
баарын кур дегенде үйдүн босогосуна чейин унута
туралычы. Бир жолкуга өтө эле көптүк кылат —
орбитадагы монах дагы, океандагы киттерин дагы,—
менин болсо эртен оркестр менен өтө олуттуу репетициям
бар... О Жараткан...
—Менин деле бүгүн сени менен ээн-эркин болгум
келип турат, Жесси... Мына келип да калдык.
Буларга ээн-эркин эс алуу буюрбаптыр. Кечки саат
сегизге караганда эле телефон шыңгырады. Чаңкылдаган
аялдын үнү, өтө кеч — беймаал убакта тынчын алып
жатканы үчүн кечирим сурап, анан мистер Борк
президенттикке кандидат Оливер Ордок менен сүйлөшө
алар бекен деди. Аңгыча Ордок сөзгө өзү аралашты.
Башынан эле сөзмөр жана ачык-айрым неме, бул жолу
анын үстүнө элөөрүп да турган экен. Жолдошторчо ээн-
эркин маектешүү 40 минуттан ашыкка созулду. Роберт
Борк сөз арасында кереги бар дагы, кереги жок дагы көп
сөз укту жана өзү да айтууга туура келди.
Баары кадимкидей жайдары башталды:
— Хелоу, Роберт, келишиң менен, сага айтып коюшум
керек: бул жолу сенин келишиңди америка континентинде
эч ким менчелик күткөн эместир, албетте, сенин
жаныңдын жартысын кошпогоңдо. Сени Рейн жээгинин
бир жеринде татынакай франкфурттук айымдардын
арасынан табууга үмүттөнүп, Европаны көздөй аз жерден
өзүм сыза жаздадым!
—Ыракмат, Оливер. Франкфурттук айымдар
айтканындай эле бар. Бирок сен мени ошол үчүн эле
издеген эместирсиң. Бир нерсе болдубу? Көптөн бери
көрүшө да элекпиз.
—Айта көрбө. Болуп жаткандар өтө эле көп, биз
students.com. kg 62каалагандан да көп болуп жатат. Өзүң билесин, мени
шайтан сайып, баса, шайтан жөнүндө жакында менин
башымдан өткөн шумдуктуу бир окуяны сага анан айтып
берем, ошентип шайтан сайып, сен Европаны кыдырып
жүргөндө, мен шайлоо алдындагы кампаниянын азабын
мойнума илип алдым.
—Билем, билем. Менимче чындап киришип
жаткандырсың.
—Чандабай анан. Өтө олуттуу, анан эң башкысы,
чындап кызыккан финансылык колдоочулардын
сүрөөнүндөмүн. Бирок сөз ал жөнүндө эмес, канткен
менен да алар — оркестр, ал эми арияны аткаруучу —
сенин дымагы күчтүү досуң, башкача айтканда, мен! Бул
эмне экендигин мен сага айтып олтурбайын. Бирок майнап
чыгабы? Өтө олуттуу суроо. Бирок мен баштаганымдан
кайра тартпайм. Иши кылып баарын айтып олтурбайын.
Сен өзүң жакшы түшүнөсүң. Калктын калың катмары
менен жолугушууда (караламан топ дегим келбейт, жо-
жок, антпей калайын, ооба, албетте, коллективдүү
интеллект, мен муну бардык жолугушууларда баса
белгилеп жатам, мен бардык деңгээлдерде коллективдүү
интеллекттин өнүгүшүн жактайм) рейтинг жыйнап жатам.
Ошентсе да мен сага өз киши катары айтып коеюн, баса,
мен качандыр бир сенин макалаларыңдан бифуркациялык
стихиялар жөнүндө окуп калган элем, анан ошо, популизм
дегениң өмүргө коркунучтуу зонага кирген менен барабар:
туура эмес басып алмай, туура эмес сүйлөп коймой, туура
эмес карап коймой, бирөө — ыраазы, бирөө — нааразы,
анан баары сенден бир нерсе күтүшөт, сен баарына даяр
турушун керек. Бирок эң башкысы — проблеманы өзүң
кандай түшүнөрүңдү элге жеткиликтүү айтып берүүң
керек. Проблеманын чечилиши — шайлоочулардын
күткөнү мына ушул. Ооба, ооба, проблеманын чечилиши.
Алоо, алоо, угуп жатасыңбы мени? Мына ушундай,
students.com. kg 63Роберт, сен мени кечирип кой, сага, илимпоз адамга,
ушунун баарын айтып жатам, өзүмө да ыңгайсыз болуп
жатат. Менин азыркы тагдырым ушундай. Мени көчөдөн
өтүп бараткан ар бир адам түшүнгөндөй болушу керек.
— Баары жайында, Оливер. Угуп жатам, угуп жатам
сени.
— Ыракмат. Эң башкысы, мен шайлоочуларга
өзүмдүн, мындайча айтканда, Американын келечегинин
стратегиялык программасын, дүйнөдөгү азыркы кризис
абалдын фонунда ал мага кандайча көрүнөт — ошону
жеткирүүгө аракеттенип келем. Кризис деп баса айтып
жатам! А чынында турмуш качан эле кризистен арылды
эле, деп коем өзүмө өзүм. Ар качандан бир качан, дайыма
кризис болуп келген. Жана бардык учурда кимдер бирөө
башкаларды артынан ээрчитүүгө тобокел кылып келген.
Бул жагынан алганда кризис — сенин артыңан ээрчүү
үчүн, сага ишенүү үчүн зарыл шарт. Конституциянын
жана азыркы закондордун бешик боосун Кудай бек
кылсын, бирок жер жүзүндө дайыма эле бейкутчулук
болуп, май көл, сүт көл орноп турса, кимди ким угат эле?
Кризис болбосо кимди ким ээрчийт эле? Менин
түшүнүгүм ушундай. Анан жанагы, менин башкы,
концептуалдуу идеям түбөлүктүү проблемадан — ар бир
адамдын жана жалпы бардык адамдардын эртеңки
жашоосун кандай кылуу керек дегенден келип чыгат.
Албетте ар бир адам өз турмушунун жакшы жакка
өзгөрүшүн тилейт, жана аны кандай кылуу керектигин
ойлобойт, а жыргалдын баары дароо асмандан түшүшүн
күтүп турушат. Сенин күлкүң келбесин, бирок адамдар
түшүнүп турушуп, түшүнүшпөйт, аларды тынымсыз
ишендирип туруу керек. Алар ошону чаңкап турушат.
Ушул жагдайда Ордок өзүнүн ойлору менен көңүлдөгү
санаасын айтып жаткан учурда, Борк анын сөзүнүн
кыязынан президенттик орунга талаптанып жаткан
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 16:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

адамдын шайлоо алдындагы түйшүгүнүн тааныш
мотивдерин эле эмес, азырынча сөз арасында буккан бир
нерсени, кандайдыр бир максатты туюп турду, ошол
максатына, жээкке жакындап келаткан сал сыяктуу, аяр,
шашпай жакындап келатты.
Сөзүнүн маанисине караганда, Ордок маектешине
жагымдуу таасир калтырууга да, анан граждандардын
таламы жана демократиянын принциптери үчүн эрдик
менен жасаган тобокелчилигин да баса көрсөтүүгө, жана
суудай чуурган сөздөрдүн далдасында анын тынчын алган
бир нерсени ачып алууга аракеттенип жатты. Анын
телефон чалган себеби да ошол, муну ушундай түшүнсө
болот.
Телефондун аркы башындагы Ордокту Борк көз
алдына келтирди: партияга тиешелүү жайда анын
жергиликтүү бөлүмүнүн лидери катары акыркы кезде
ээлеп турган, терезелери сүйрүсүнөн келген кенен,
телефондор менен дагы башка кооз оргтехникалардын
ортосунда, ордунда айланма кара булгаары менен
капталган күрсүдө саал чалкалай берип, алуучу куштай
болуп, 15-кабаттын терезесинен каршысындагы ошондой
бийик имараттардын айнектелген кабаттарына кайдыгер
көз жиберип коюп олтургандыр. Оливер Ордоктун кишиге
жугумдуу жана ачык-айрым экендигине карабай, ал
жөнүндө ар кандай пикирлер — жактаган да, жамандаган
да — бар эле, анын адисинен ашкан зыкымдыгы жана
башка, жана башкалары жөнүндө ушак сөздөр айтыла
калчу. Анан анын саясатчы-популист катары жеткен
кекселиги да айтылчу. Мындай айын сөздөр кимдин
артында болбойт дейсиң? Анан калса кечээ эле
адвокаттын папкасын көтөрүп жүргөн киши, капысынан
бир заматта эле коомчулуктун көңүлүн буруп,
башкалардын ичин күйгүзүп, жок жерден ийгилик үстүнө
ийгиликке жетишип, анын сырын жакшы билгендердин ал
students.com. kg 65жөнүндөгү пикирлерине карабай, иши илгерилеп баратса.
Ордок элден мурда профсоюз майданында, андан соң
экология кыймылында иштеди, телеэкрандарда жана
басма сөз беттеринде көрүнүп, бул жагынан мезгилдин
талабына, же өзү баса белгилөөнү жакшы көргөн,
көчөдөгү кара тамандардын талабына толук жооп бере
турган кыйла жөндөмдүүлүктү көрсөттү. Ал чынында эле,
из кууп бараткан иттен беш бетер, кара тамандардын
коомдук маанайын кадиксиз баамдады жана бул стихияга
таасир этип, элитардык сынды эрдик менен кулагынын
сыртынан кетирди. Ал мына ошондон утту. Албетте
ийгилик үмүт пайда кылдырды, ишеним берди, адамды
өзгөрттү. Ал турсун капыстан Ордоктун кебете-кешпири
да таанылгыстай өзгөрүп кетти. Анын чымчыктыкындай
бети менен тарамыштары көрүнгөн мойнун каптап
туруучу түшүнүксүз бозомук ак тактар кайдадыр жок
болду. Анан калса кечээ жакында эле эки көзүнүн алдында
мүнөздүү кара тактары бар, чакчаңдаган Геббелстин
бетине окшогон бети капысынан сорпо төгүлүп кеткенсип
турчу эмес беле. Ордоктун бул кебетеси жөнүндө анын
душмандарынын бири, кесиби врач киши өз убагында:
Ордоктун бетиндеги тактар анын атак-даңкты ашкере
жакшы көргөндүгүнүн, бийлик дегенде жанын берүүгө
даяр тургандыгынын психикалык белгиси деп айтканы
бар. Тагдыр акыры келип Ордокко боору оорубай койсо,
анын илмейген денесин башынан согончогуна чейин
жанагы каргашалуу тактар каптаган бойдон башы көр
алдына кирсе эмне болмок. Көрө албастар ушинтип сөз
кылышчу. Бирок түшүнгөн адамдар Ордокту аяп кетишчү,
анткени ал тактар нерв оорусунун негизинде пайда болгон
өтө сейрек кезигүүчү «ала» деген илдет эле. Ал эми
Ордоктун бетиндеги «сорпо тактарынын» капысынан таң
каларлыктай жок болуп кетиши анын терең
канааттануусунан, көптөн күткөн максатына
students.com. kg 66жеткендигинен улам көңүлү кескин көтөрүлүп, жан-
дүйнөсү жаңыланып кеткендиктен деп түшүндүрүштү.
Албетте күлкү келерлик нерсе, бирок косметикалык
кемчиликтин жок болушу чынында эле Ордоктун саясий
кармаштардагы ийгиликтери менен байланыштуу болуп
чыкты. Ошентип бул көр-тирликтин болор-болбос өйдө-
ылдыйы унутулуп калды. Эми Оливер Ордок экрандан
кадимкидей көрүнөт, баягы качандыр бир кездеги
бетиндеги тактардан кенедей шек жок. Ал дегеле
күжүрмөн, ойноктогон кара көздөрү, дайыма бирдемке
издеп жаткансып, өткүр карайт. Ордок, өзүнүн айтуусу
боюнча, ага каршы чыккан кишини дайыма көргүсү келет.
Мына ошондо ал түптүз качырып кирип, тигини дароо
алкымдан алат. Анын үстүнө Ордок чечен болчу: коңур
үнү, сөздү кыраатын келтире так айтканы, кыймыл-
аракеттеринин орундуулугу, кыскасы, көпчүлүктүн
көңүлүн бурууну көксөгөн кара жаак чеченге
тиешелүүнүн баары бар.
Бирок Ордоктун таптакыр акылга сыйбас, балким өтө
сейрек кездешүүчү, кызыктай жөндөмдүүлүгү Боркту
бөтөнчө таң калтырар эле. Ал ушунчалык таң каларлык
болгондуктан ага ишенүү да кыйын эле. Чынында эле
бирөөгө айтсаң, андай болушу мүмкүн эмес деп, эч качан
ишенмек эмес. Борк болсо бул жөнүндө бирөөдөн уккан
эмес, өзү күбө болгон, анткени Оливер Ордок экөө бир
университеттин бүтүрүүчүлөрүнөн болчу, ырас, алар ар
башка жылдарда окушкан, — Борк мурдараак, тигил
болсо кийинчерээек, Борк — тарых, а Ордок —
юридикалык факультетинде. Андан бери кыйла мезгил,
бир нече ондогон жылдар өттү, бирок бир университеттен
окуганбыз деген романтикалык боордоштук боло
жүргөндөй, аларды жакындаштырып турчу. Ал эми
Ордоктун сейрек кездешчү жөндөмү бул эле: өмүрүндө
телефондон канча жолу сүйлөшсө ошонун баарын
students.com. kg 67бүтүндөй эстеп калчу! Башканы эмес, телефондон
сүйлөшкөн сөздөрдү гана! Ал мындан 10—15 жыл илгери
телефондон ким менен жана качан сүйлөшкөндүгүн, ал
турсун болор-болбос сөздөрдү да, күнүнө жана саатына
чейин так айта турган; мисалы, аэропорттун маалымат
бюросуна чалды дейли, же ага капысынан
бензоколонкадан 1971-жылдын 12-августунда шаршемби
күнү, күндүзгү саат Зтө чалсын. Эске тутуунун мындай
бөтөнчөлүгүн, мынчалык акыр-чикирди башка
жыйноонун себебин эч ким түшүндүрө албады. Ордоктун
бул кызыктай жөндөмүнө бир туруп суктанса, бир туруп
төбө чачы тик турарын Роберт Борк жашырчу эмес. Бул
жөнүндө ал бир туруп кадимкидей эле олуттуу түрдө
ойлонсо, бир туруп күлүп, анан кайра чочулай ойлончу:
анан калса адамга мындай жосунсуз жөндөм эмне
үчүндүр берилди да. Эмне үчүн берилди экен? Бул жогору
жактан ага сыйлык катары берилди, же тескерисинче,
тозоктун жазасы катары жиберилди? Ким билет?
Кесиптешинин телефондон бабыраганын угуп жатып,
Роберт Борктун эсине капысынан мына ошол түштү.
Анан: «А мүмкүн, эгер он жылдан кийин аман болсок,
тигил биздин азыркы сүйлөшкөнүбүздү эскерет, а мен
болсом, албетте, мунун баарын унутуп коем, бирок ким
билет, балким мен да эстээрмин... Бирок анын кереги
эмне?..» деп ойлоду.
Аңгыча Ордок телефон чалгандагы максатына өттү:
—Эми Роберт, сөзүмдүн төркүнү мындай, сен кечирип
кой, сөздү алыстан баштоого туура келди; мен маңызын
дароо түшүнүшүм өтө зарыл болгон бир окуя болуп өттү.
Албетте сен аны билесиң, ал окуя бүткүл Американы
дүрбөттү. Жанагы космостогу монах, аты эмне эле,
Филовей беле? Филовейби?
— Филофей, — деп оңдоду Борк. — Анын ысмы
Филофей. Анын кайрылуусун мен бир саат мурда окуп
students.com. kg 68бүттүм.
— Мен да ошондой ойлогом, Роберт. Мен үчүн жанагы
кассандро- эмбриондор деген балааң башка чапкандай эле
болду. Мындан көрө жер титиресе жакшы болмок.
Мындан көрө...билбейм эмне дешти да. Эсим эки болуп
калды, кечирип кой. Мен эч качан мындай абалда калып
көргөн эмесмин. Мен буга чейин туңгуюк деген эмне
экенин билчү эмесмин, эми болсо анын дал кырында
турам. Мен оппонентти издеп таап, аны менен элдин
көзүнчө кармашканга көнгөм, бул жерде болсо белгисиз
— эмне кылуу керек, ким менен кармашам, эгер зарыл
болсо күч сынашчу жоом ким? Таптакыр дайыны жок,
абстракттуу нерсе болуп жатат. Ошол эле маалда ал, чын-
чынына келгенде, ар бирибизге жана баардыгына
тиешелүү, сен жана сага окшогон суперинтеллектуалдар
гана карачабуулга түшпөй, бейкапар калышы мүмкүн,
калгандарыбыздын баары капилетте калдык.
—Кечирип кой, Оливер, — деп тигинин сөзүн бөлдү
Борк, — мен деле сен сыяктуу, калган бардыгы сыяктуу
абалдамын. Сен андан көрө ачык айтчы, эмне үчүн бул
тууралуу мага кайрылдың? Биз экөөбүз бир
университеттин инкубаторунанбыз, мен сени каалашыңча
угууга даярмын, бирок ошентсе да?
— Ачыгын айтайын, сага кайрылуу жөнүндөгү ой
меники эмес. Сага кайрылып, кеңеш суроо жагын менин
жардамчым Энтони Юнгер эсиме салды. Ал ишке
тыңдыгы мындай турсун, өтө билимдүү, философия
дегенде жантыгынан жата калган, жаш жигит. Мен аны
баалайм. Анан ошентип, менин кеңешчилерим менен
жардамчыларым ар бири бирден «Трибюн» көтөрүп
алышып, көздөрү чанагынан чыгып, мындайча айтканда,
акылынан шашып кирип келишкенде, менин эсим ооп
калды. Эртең округумдагы шайлоочуларым менен, эл
менен жолугушуум болот. Өзүң түшүнөсүң: демократия
students.com. kg 69жана эл — мааниси бир. Мен баарына даярмын, кандай
суроолору болбосун даярмын, бирок жанагы кассандро-
эмбриондор жөнүндө мага суроо беришерин ойлогондо,
билесиңби, алдымда арстан тургандай сезип кеттим
өзүмдү. Капысынан эле космостон чагылган чарт дээри
кимдин оюна келиптир?! Алдыда болсо шайлоочулар
менен пландаштырылган бир катар жолугушуулар турат.
Эми минтип ойлонуп жатам — эмне кылуу керек? Биздин
американын шайлоочулары, өзүң билесин, өтө эле
такымчыл, ал турсун чаарбаш эмеспи. Аны баары
билишет, бүткүл дүйнө бизге көз салып турат жана биздин
америкалык сабырсыздыбызга боору каткыча күлгөндөр
да бар. Демократияны максат кылып алганбыз! Дал
ушундай! Бирок Кудай жалгагыр, кечирип кой, дагы
алаксып кеттим. Эмне жөнүндө айтып жаттым эле? Ии,
эртең менин шайлоочуларым менин азууларымдын баары
ордунда экендигин жана менин дантистимдин ал
жөнүндөгү далилин билгиси келип эле тим болушпайт,
алар жанагы космостогу монахтын кайрылуусу тууралуу
менин оюмду билгилери келишет эмеспи. Ошондо мен
эмне демекчимин? Же жок, же бар дегенге жарабай,
алаканымды жайып тим боломбу?! Саясатчы үчүн бул
таптакыр жарабаган иш!
— Сөзсүз ошол жөнүндө сурарына сенин көзүң толук
жетеби?
Кенедей күмөнүм жок!
—Анда Филофейдин ачылышын биздин аң-
сезимибиздин өзүнчө бир пароксизми катары, космос
аркылуу аныкталган өзүбүзгө өзүбүздүн киргизген
оңдообуз катары кабыл алышыбыз гана калат. Космостон
иликтөө аркылуу жеткен өзүбүздү ичтен таануунун жаңы
абалы катары кароо керек. Ушундай эмеспи?
—Балким ушундайдыр, бирок билбейм, минтип
айтууга мен али даяр эмесмин. Сени менен сопсонун
students.com. kg 70түшүнүп сүйлөшсөк болот, бирок элге ушундай оңдоо,
кошумча күтүлүүдө, пароксизм, ракурс деп кантип
түшүндүрөсүн. Айырмасы кайсы? Бул монах асмандан
кайдагы бир кассандро-эмбриондор жөнүндө, алардын
туулуудан баш тарткандыгы жөнүндө, иши кылып биз
үчүн тажрыйбанын чегинен тышкары турган кайдагы бир
кулак уга элек нерселер жөнүндө айтууда. Бирок бул илим
жагына гана тиешелүү болсо анда мейли эле. Балаа басып
Филофей Рим папасына, а демек, чынында, мүлдө
адамзатка кайрылып жатпайбы. Анан папа буга эмне дээр
экен? Дегеле бир нерсе дээр бекен? Папа түшкөн
түйшүктү пендеге бербесин, өзгөчө мендейге бербесин.
Папа Ватиканда, монах космосто, а мен болсом кыжы-
кыйма элдин алдындамын!
— Кое турчу, кое турчу, Оливер, биринчиден, жалгыз
эле сен эмессиң, — деп Борк иштин абалын тактагысы
келди. — Мында бардыгы...
— Түшүнүп жатам, түшүнүп жатам, бирок кечирип
кой, сөзүмдүн аягына чыгайын. Эмне айтканы
жатканынды билем. Бул өтө жеке мүнөздөгү проблема,
мындай пароксизмди кабыл алабы-жокпу ар бир адам өзү,
жалгыз гана өзү чечиши керек дегени турасың. Туура,
бирок бул бир караганда ошондой, Роберт. Биздин мезгил
— көпчүлүктүн көчөгө чыгып кайрылуулары менен талап
кылууларынын, керт башындагы түйшүктү
административдик системага жүктөй салуунун мезгили
экендигин унутпообуз керек. Жада калса СПИД да
административдик системанын күнөөсү делип жаткан кез.
Азыркы адам — кичине эле туура эмес бир нерсе болсо —
болду, өзүн эмес, системаны күнөөлөп жатып калган
пенде болбодубу. Ал эми бул укмуш кабар космостогу
монахтан келип олтурса аны кимге оодаруу, кимдин
мойнуна салуу керек? Жана да эмне кылуу керек? Иши
кылып баш ооруй турган себеп бар. Анан калса көпчүлүгү
students.com. kg 71бул жолу да эпчилдик кылып кетишет эмеспи — мен
өзүмдүн шериктештеримди, саясатчыларды айтып жатам
— эпчилдик кылганда да бул ишти шайлоо алдында өзүнө
кызмат өтөгүдөй кылып коюшат. Кан төгүлгөн согушту да
өз пайдасына буруп койсо болот эмеспи. Мен ошону
айтып жатам.
— Ии, сен бүгүн табыңда экенсин, досум. Мен сенин
абалыңды түшүнүп турам, Оливер. Бирок Филофейдин
сырдуу кайрылуусунун жандырмагы менде экен деп
ойлобо. Мен да сенчилеп дал болуп олтурам. Ошентсе да
айткым келет, эгер Филофейдин айткандарын
оппоненттери четке кага алыпшаса, жокко чыгара
алышпаса, эгер чынында эле баары ошондой болсо жана
жандын жаралышынын биопсихологиялык факторго,
эмбриондун интуициясына тиешелүү, атап айтканда,
эсхатологиялык комплекске тиешелүү чынында эле
укмуштуу ачылыш жасалган болсо, аны мен «Филофейдин
комплекси» деп атаар элем, анда мындан ары бул адам
баласынын турмушунда коркунуч жана эрк, өмүр жана
өлүм сыяктуу эле орун ээлейт.
—Койчу, ушундайбы?! Капырай, бул бир укмуш го!
Кесе айттың! — Ордоктун үнүнөн чындап таң калгандык
жана капалангандык байкалды. — Мындай болгон соң
эмне кылуу керек?
—Эмнени айтасың?
— Мен эмнени айтмак элем? Эртеден бери экөөбүз
айтып жаткан бийик материялар, бул өзүнчө, бирок мен
шайлоочуларымдын суроолоруна так жооп беришим,
«Филофейдин комплексине» өз көз карашымды айтышым
керек да. Бул жагынын эки анжы болбосом болор эле.
—Ооба, мен сени түшүнүп турам, — деп башын
ийкеди Борк. — Ойлонуу керек...
—Мен сага бир сааттан кийин кайра чалсам кандай
болот? Чынында эле, Роберт, жаным жай таппай турат,
students.com. kg 72мен сенин тынчыңды албас элем, бирок мында жалгыз
менин кербездигим — менин аным бар, танбайм, мен
кербез адаммын — жана аудитория алдында өзүмдүн
кербездигимди көрсөткөндүгүм таптакыр жетишсиз болот.
Анткени бул, сенин айтканыңдан улам ойлоп көрсөм, адам
маңызынын таптакыр жаңы постулаты. А биз,
америкалыктар, өзүң билесиң, бардык жактан биринчи
болушубуз керек жана биздин бардык нерсе жөнүндө
өзүбүздүн бөтөнчө жана башкалардын бардыгын
багыттоочу ой-пикирибиз болушу керек. Кокус бүгүн
галактикадан бөтөн планеталыктар жабылып кирип
келишсе, Кудай анын бетин ары кылсын, эртең биз алар
менен кучакташып бирге түшкөн сүрөттөрүбүздү
жарыялап жиберишибиз керек. Ансыз биз америкалык
эмеспиз!
—Ооба, аның ырас, — деп Борк күлдү, анан минтип
кошумчалады: — Албетте бул жерде телефондогу сөздөн
көбүрөөк нерсе, кандайдыр бир форум, кур дегенде
атайын конференция, бир эле эмес, жана бир эле биздин
Америкада эмес, башка өлкөлөрдө да, бир нече
конференция өткөрүү талап кылынат, буга бөтөнчө калк
жыш жашаган региондор, биринчи кезекте Россия, Кытай,
Индия, Жапония бөтөнчө катуу үн кошушат. Ал
өлкөлөрдө «Филофейдин комплекси» кандай чуу
түшүрөрүн көз алдыма келтирип турам. Эми өзүбүздүн
сөзгө кайрылалы. Эртең эмне кылуу керек дейсиңби? Сен,
Оливер, шайлоо алдындагы программаң менен чыгып
сүйлөгөн жатат белең? Ушундайбы? Буга чейин
шайлоочуларың менен жолугушуулар болгон, бардык эле
талапкерлердикиңдей, сенин өз приоритеттериң, өз
далилдерин, өзүңдүн таасир этүүчү ыкмаларың бар. Басма
сөздө кандидаттардын рейтинги жөнүндө маалыматтар
көрүнө калды. Жоромолдор, прогноздор.
Сеники жаман эмес сыяктанган. Сенин атаандашарыңды
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

да билем.
— Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Өтө күчтүү,
кыйын адамдар. Аларды эстен чыгарууга таптакыр
болбойт, айрыкча оюнга жанагындай күтүүсүз фактор
аралашып жатканда! Филофейдин комплекси!
Борк тигинин көңүлүн жайлоого аракет кылды:
— Бирок менин оюмча, азыр кырдаал али айкын боло
электе бул жөнүндө мындай экен деп айта салуу эртелик
кылат. Анын үстүнө президентке кандидат катары бул
теманын сага түздөн-түз тиешеси жок.
Оливер Ордок оор күрсүнүп алды.
— Сенин айтканың анча туура эмес, Роберт, — деп
каршы болду ал. — Албетте бул окуя үчүн менин эч
кандай жоопкерчилигим жок. Бирок бул кырдаал менин
шайлоо алдындагы иштериме кандай таасир этери
тынчымды алууда. Эми мага кулак сал, Роберт. Менин
сага кайрылып жаткандыгым, жана айтын өтпөдүмбү, мен
муну менин жаш кеңешчим Энтони Юнгердин жаңсоосу
менен жасадым деп. Бул, демек, азыркы жаштар сени
жашкы билишерин жана руханий жактан сага таянаарын
билдирет. Мен сенин көп убактыңды алып койдум, бирок
мен сага телефон чалып жатканым да кокусунан эмес,
анткени сен белгилүү футуролог жана дагы башкасың,
анан бизге, саясаттагы практиктерге сага окшогон
интеллектуалдар консультация бербегенде, ким берет.
Шайлоодогу менин атаандаштарым кыйды саясатчылар,
алардын арасында мен үйрөнчүкмүн. Азыр, өзүң билесин,
биринчи тур, эгер эмитен туура саясий кадам жасабасам,
анда оюндан чыгып калам. Мындай кырдаалда
шайлоочулар кимди жактырат? Кандай позицияны ээлөө
керек? Ачыгын айтканда, мен консерватор болуп
көрүнгүм келбей турат, анын таптакыр кереги жок, бирок
революциячыл болуу — бул да дайыма коркунучтуу
нерсе. Кандайдыр бир болбогон нерсе үчүн, айталы,
students.com. kg 74жанагы космос окуясына байланыштуу, баштай элек
жатып, жарыштан чыгып калуу — өтө өкүнүчтүү. Мен
баарына даярмын, шайлоо алдындагы күрөштүн
варианттарынын баары, Олимпке бараткан жолдо болуучу
ар кандай кыйынчылыктардын баары эске алынып, ой-
кырынан калчанды дегидей эле болгон. Аңгыча мына бул
каргаша чыгып: космостогу монахтан салам! деп олтурат.
Эмне кылайын — мен сени менен биргемин дешим
керекпи, же космос-сосмосуң менен баарыңды урдум
дейминби? Чынын айтайын, түшкө кирбес нерсе! Бирок
арга канча. Бул жөнүндө мен сенин оюңду
кызыкканымдан эмес, зарылчылыктан улам билейин деп
турам, аны өзүң түшүнөсүн. Капилеттен добуштан ажырап
калбасам дейм. Маселе ушунда турат.
— Жарайт, Оливер, мен баарын түшүндүм көрүнөт, —
деди Роберт Борк, Ордоктун өжөрлүгү менен
көшөкөрлүгүнө таң калып. (Саясий жеңиш үчүн күрөштүн
куну оңой дейсинби?! )
Монах Филофейдин куйруктуу жылдыз сыяктуу
күтүүсүздөн космостон чыга келиши дүйнөгө кандай
дүрбөлөң салгандыгын, ушундан баштап адамдардын аң-
сезимин канчалык аласалдырганын Борк көз ирмемге
элестеткенде кулактары чуулдап, башына кан тээп чыкты.
Мунун арты эмне болмокчу — жакшылыкпы, же
жамандыкпы? Түз коюлган суроого түз жооп берүү керек
эле.
—Эгер сен, Оливер, шайлоо алдындагы жарышка
катышпаган күндө да, — деди Борк, маектеши телефон
байланышынын аркы учунан аны көрүп тургансып, башын
көнүмүш ийкегилеп, — баары бир мындай кырдаалда
маселе талкууланбай калмак эмес. Кеп менин Филофейдин
кайрылуусунун таасири алдында тургандыгымда да эмес.
Кеп, мен канчалык күмөн саноого аракеттенгениме
карабай, азырынча анын тыянактарын четке кагууга негиз
students.com. kg 75таба албаганымда болуп жатат. Тескерисинче, ишене
баштадым.
—Ишене баштадым?.. Бирок мунун акыры кайда
алпарат, Роберт?..
— Мезгил кайда келсе, ошого. Маселе азыр мында —
же Филофейдин ачылышын эске алабыз, же фактыларды
бетке кармап, четке кагабыз, же эч нерсе болбогондой түр
көрсөтүп, Филофейге кол шилтеп салабыз. Тигиниси да,
анысы да, мунусу да азырынча биздин эркибизде. Ооба,
Филофей көтөрүп чыккан проблемалардан качсак
жашообуз буга чейин өтүп келген сыяктуу эле өтө
бермекчи, бирок биз Кассандра тамгасы жөнүндө эч нерсе
билбегендигибиз, биз кассандро-эмбриондордун
генетикалык трагедиясы жөнүндө түшүнүгүбүздүн
жоктугу бир жөн да, биз ал жөнүндө билгенибиз жана ага
көзүбүз жеткендиги бир жөн. Эмне кылуу керек?
Капарыбызга албай, өзүбүз өзүбүзгө коркунуч
туудурбачудай түр көрсөтөбүзбү, же чындыкка тике
карап, кыямат кайымдын болорун алдын ала сезип,
кассандро- эмбриондордун добушуна кулак кагабызбы?
Эмне кылуу керек? Кечээ эле мындан адамзат капарсыз
эле, бүгүн болсо билип олтурат. Мындайча айтканда,
диагноз коюлду. Ушундан улам адам өзүндөгү өзүн
кайрадан ачып жаткан сыяктуу—өзүнүн өнүп жаткан
уругунда, жан жаралышында ал өзү ким, мурдагы
муундардын тукумдан тукумга өткөн бузуктугу аны кайда,
кайсы генетикалык куйга алып барат? Биз өзүбүздү ошол
адам карангыс күзгүдөн көрө алабызбы? Же көзүбүздү
жумуп алып, өзүбүздү өзүбүз улам арылатып, туюкка
камай беребизби? Филофейдин трактатын мен ушундай
түшүндүм.
— Ии-де. — Оливер Ордок телефондун трубкасына
оор күрсүндү да унчукпай калды.
— Мен сени түшүнүп жатам, унчукпаганыңды да
students.com. kg 76түшүнөм. Бирок менин пикирим сени эч нерсеге
милдеттендирбейт. Сен угуп жатасыңбы?
— Ооба, ошентсе да сенин оюңду угуу мага маанилүү
эле, Роберт. Менин башка аргам жок — мен же утам, же
уттурам, бул мен туура позиция ээлей аламбы, ошого
жараша болмокчу. Түшүндүңбү? Уттуруу таптакыр
ылайыксыз. Эмненин урматына дебейсинби? Мен
түшүнөм, мисалы, мен иш таштоочулар тарапка өттүм, же
тескерисинче, апартеидге каршы демонстранттардын
алдыңкы катарында жүрдүм, же антким келген жок, дагы
ушул сыяктуу дейли. Иши кылып, эмне үчүн күйүп
жатканын ал жерде түшүнүктүү, балаа баскырдыкы! Иш
үчүн! Ал эми бул жерде эмне үчүн? Космостогу
станциянын кайдагы бир акылынан адашкан оопайынын
тантыраган гипотезасы үчүн мансабыңды, балким өлкөнүн
болочок президенттигин, тобокелге саласыңбы? Ойго
келбеген иш! Анан ушул окуянын же эрте эмес, же кеч
эмес, дал азыр болуп жатканын карабайсынбы! Кейип-
кепчип жатканымды кечирип кой.
— Кулагым сенде, Оливер. Бирок Филофейдин
ачылышын сен бекеринен тантыраган гипотеза деп жатат
көрүнөсүң. Албетте ал өз ишиң дечи. Бирок бул гипотеза
эмес, чыпдыкпы деп чочуйм. Андай болсо бул — жер
жүзүндөгү адам аттуунун баарына тиешелүү окуя.
Филофейдин ачылышына байланыштуу болочокко
салыштырганда тигил же бул тармактагы иш таштоолор,
шаарлардын көчөлөрүндөгү демонстрациялар жана башка
саясий окуялар эмне болуп калыптыр. Ошондуктан биз
бул жерде эмне болуп жаткандыгына маани берүүгө
милдетүүбүз.
Экөө тең бирдей ойго батышып, унчукпай калышты.
Анан кайрадан Оливер сөз баштады:
— Демек, сен, Роберт, Филофейдин кайрылуусун колдоону сунуш кыласынбы?
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

—Ии, дечи, Оливер, сен таза саясат жагынан мамиле
жасап көнгөнсүң. Ал түшүнүктүү. Бирок мен азыр
субъективдүү ойдон улам айтып жаткан жокмун.
Филофейдин фактыларын жана логикасын ойго албай
коюуга болбойт. Космостогу монахтын ачылышы адамзат
алдында жаңы сыноолор тургандыгын айтып жатат.
Ошондуктан мени туура түшүн. Сен саясат адамысың,
сенин максатың — проблеманын актуалдуулугун кармап
калуу. Маанайдын агымын кармап калуу. А мен болсо
окумуштуу, футурологмун. Сен менин оюмду билгиң
келиптир. Эгер керегим тийген болсо кубанычтуумун.
—Чоң ыракмат сага, Роберт. Басма сөздү карамалап
турам. Анткени сен, сөзсүз, бул маселе боюнча басма сөз
бетине да, телевидениеге да чыгат эмессиңби.
— Кудайга шүгүр, менин келгендигим жөнүндө Жесси
азырынча журналисттерге билдирбептир.
—Ал эми менден, тажатма Ордоктон, Жесси сени
сактап кала алган эмес экен. Бирок таарынба. Мен
жолдоштук укугумдан пайдаланып кеттим. Адепсизирээк
жагым бар чынында, анан оозум жабылбай бабырай
берген немемин. Баса, сага шайтан тууралуу айтып бермек
эмес белем.
—Шайтан тууралуу дейсинби? Ии, ооба, эстедим.
Айтсаң айтчы — ал эмне болгон шайтан экен?
— Бул бир кызык окуя. Ии дебейсиңби, жакында мен
шайлоо алдындагы биринчи жолугушуумду өткөрдум.
Килейген зал жык-жыйма эл. Беш миңдей бар!
Өрөпкүгөнүмдү айтпа. Программамды ортого салдым.
Анан суроолор бериле баштады. Тим эле жамгырдай
жаады. Эмнелерди гана сурашпады — ийнесинен жибине
чейин! Кызтекелерден тартып, эл аралык мамилелерге
чейин. Спортко барсызбы, үй-бүлөңүз кандай, жакшы
көргөн эрмегиниз — хоббиңиз эмне, жана башка жана
башкалар. Аңгыча микрофонго бирөө келе калып, мындай
students.com. kg 78суроо берип турса болобу:«Мистер Ордок, сизден көптөн
көп өтүнүч, айтып койсоңуз, сиздин шайтанга кандай
тиешеңиз бар?» Менин оозум ачылды да калды. Зал
тымтырс! — «Шайтанга дейсизби? Кайдагы шайтанды
айтасыз? « — «Сизди айтам, мистер Ордок. Сиз —
шайтансыз! » — «Түшүнбөдүм, кандайча?» —«Сиз, мистер
Ордок, тегиңиз жактан венгрсиз. Венгер тилинде «ордог»
«шайтан» дегенди билдирет! Муну эсиңизден
чыгарганыңыз жарабас, мистер Ордок!» Зал күлкүдөн
жарылып кете жаздады. Менден болсо алка-шалка тер
кетти. Анан жанагы неме: «Кечирип коюңуз, мистер
Ордок. Мен бекеринен айтып жаткан жокмун. Мен сиздин
Америкадагы барып турган белгилүү шайтан болушуңузду
тилейм! » деп кошумчалап олтурбайбы. Зал дагы күлкүдөн
жарыла жаздап токтоду. Муну кандай дейсиң, Роберт?
— Мунуң ойго келбес нерсе экен! Жессиге айтып
берейин.
—Айтып бер, айтып бер, күлүп боору катсын.
—О, кей! Бирдеме болсо чалып кой.
—Сөзсүз, — деди Ордок шайдоот, ал коштошчудай
көрүндү, бирок сөз капысынан башка нукка бурулду. —
Ии десең, Роберт, менин аңкоо башыма бир дейди ой
келди, — деди Ордок, тыңшоочтон үнүн жасап чыгарып.
Эгерде, элестетип көрчү, мындай да, ооба-ооба, эсеби
маселен: биздин жолубузга жанагы космостун монахы
капысынан пайда болгонуна байланыштуу жана аны эмне
кылууну эч ким билбегендиктен дейли, мына ушул
себептүү, ушул жагынан сен биздин команданын башкы
консультанты болуп берсең кандай болор эле? Албетте
кампания учурунда. Сөзсүз тиешелүү акы төлөнөт дечи.
Бирок кеп анда эмес, мен аны кыстара койбосом деле
болот эле, кечирип кой, кудай жалгагыр.
— Ыракмат, Оливер, сунушуңа ыракмат,—деди Борк
шашкалактай, керексиз темага тереңдебес үчүн.—Мен
students.com. kg 79сага дароо айтып коеюн: өзүмдүн ишим ушунчалык көп—
үлгүрбөй жатам. Сенин жаңыңда эртеден керээли кечке
чуркап жүрө турган жаш, шамдагай, акылдуу жигиттер
болушу тийиш. Бул деген кампания, добуш үчүн
чуркамай. Мен мындай иш үчүн карып калдым —
жарабайм.
—Антпе, Роберт, антпе. Сен өзүң ойлогончолук карый
элексиң. Сен антип өзүңдү өзүң карытпа. Мага ишенип
кой. Мен чын ыкласымдан айтып жатам. Ыңгайы келсе
ойлонуп көр—а мумкүн! Космостун Филофейине ошого
окшогон жердин Филофейи керек! Кандай дейсиң?
—Эми аны биргелешип, биргелешип ойлонолу,—деди
Борк ыңгайсыздана. —Зарылчылыгы болсо бири бирибизге
чалышып турууга эч нерсе жолто болбойт.
— О'кей! Туура айтасың. Ыйманда жат! Жессиге
менден салам айтып кой.
—Ал азыр телевизор карап олтурат.
— Түшүнүктүү, азыр элдин баарынын тиктегени
телевизор. Бардыгы комментаторлордун ой-пикирлерин
угушууда. Бирок эртең эмне болот? Шамал кайдан согот?
Көрүшкөнчө, Роберт!
—Көрүшкөнчө.
- 5 -
Акыры телефондун трубкасын ордуна коюп, Роберт
Борк башын чайкады, Филофейдин кайрылуусу чынында
эле баарынын талуу жерине тийип жаткан экен.
Кылымдардан бери ишке ашпай келе жаткан проблемалар
жер жүзүндө аз беле. Эми мына — кассандро-
эмбриондордун табышмагы башка түшкөн балаа болду!
Анан дүйнөлүк ызы-чуу чыкмакчы! Канча адамдын башы
айланат! Сааты келди! Буйтап да, качып да кутула
албайсың. Бир нерсе болот! Босогодо турат! Бышып
students.com. kg 80жетилип келаткан окуялардын соргок оозунан
башбактайт! Эгерде эл быкпырдай кайнаган кан базарда
кимдир бирөөнүн карманган динине кыянат айтып,
абийирин төксө, кордосо ошол замат болуп көрбөгөндөй
ызы-чуу чыгары мүмкүн болсо, Филофейдин космостон
жиберген кайрылуусуна элдин жообу дал ошондой
токтоосуз жана ырайымсыз болмокчу. Филофейдин
идеясы баарыдан мурда өтө аёосуз каралоого, шылдынга
туш болот, жаманатты кылынып, каргышка кабылат;
жаңы кудайларды, жанды сактап калуучу жаңы
чындыкты, жашоонун идеалдуу ыңгайынын кол жеткис
алыстыктарын издеп улуу жана майда жүрүштөргө
чыккан катаал доорлордо мындайлар дайыма болуп
келген. Дайыма ушундай болгон. Бирок чынында эле бул
жолу да тарых кайрадан кайталанабы. Анан боло
жүргөндөй, же утурумдук, же узак мөөнөттүк эч нерсе ача
албай жана эч нерсеге жете албай, какап-чакап жөн
болобу? Анан калса жашоодон баш тартышкан кассандро-
эмбриондор муундан муунга сакталып калган
жамандыктын улам өсүп келе жаткан
концентрациясынын, кылымдан кылымга топтолгон
жамандыктын кесепети катары, жок болуп кетпейт.
Филофейдин ачылышы менен алар жөнүндөгү маалымат
адамзаттын азаптуу тагдырын —кыямат-кайымдын
болушун ырастайт. Алдыда андан башка болочок
көрүнбөйт. Ушунун баарын ойлоо менен, Роберт Борк
өзүнө өзу суроо салды: эмне үчүн ал буга мынчалык өлүп-
талат, эмне үчүн ал өзүнөн өтө алыс мейкиндиктеги
космостук монах Филофейдин жасаган ишин жүрөгүнө
мынчалык жакын алат, эмне үчүн ага тынчы кетет, эмне
үчүн кассандро-эмбрионалдык илимдин авторунун
жактоочусу, пикирдеши болуп калды? Ушунун баарын
кандайча түшүндүрсө болот? Боркту баарынан да көп таң
калтырганы, анын буга чейинки жашоосу, ал эмнеге
students.com. kg 81жетишсе, ошонун баары, анын бардык тажрыйбасы менен
билими мына эми гана, Филофейдин ачылышына
байланыштуу гана, өзүнүн чыныгы максатына жеткендей
көрүндү. Бул аны бир жагынан тан калтырса, экинчи
жагынан бүткүл жан-дүйнөсү менен болуп көрбөгөндөй
канааттангандыкты, капысынан издегенин тапкандай—
өмүр бою эңсеп жүргөн мүдөөсүнө жеткендей сезимди
пайда кылды, жана ушундан улам космос монахынын
ачылышын өзүнүн ишинен бетер коргоого даяр болгусу
келди. Ал өзүнүн сүйлөөчү сөзүн да ойлонуштура
баштады. «Кассандро- эмбриондордуи коркунучу эмнени
билдирет? » деген аты да келип чыкты.
Турмушта тиричиликтин эң жогорку минуталары
болот: жылдан жылга жыйыла берген, күндөн күнгө байый
берген нерсе — капысынан жарк эткен чагылгандай
көзүңдү умачтай ачат. Буга, сөзсүз, сырттан кошулган
жагдайлар — үй-бүлөдөгү ынтымак, илимий чөйрөдөгү
аброй, башкача айтканда, күнүгө адамдын абалына,
жөндөмүнө таасир этүүчү нерселердин баары, эгер эки
жүздүүлөнбөй жана жөпжөнөкөй айтканда, бакыт деп
аталган нерсе түрткү болот. Пендечиликтин бактысы,
андан анын баркы төмөндөбөйт, деп ойлоду ал ошол
маалда.
Түн бир оокум болуп калган; чарчап турганына
карабай, Роберт Борк кабинетине жайланышып олтурду
да, компьютерди иштетти. Ошол маалда жан-дүйнөнү
ээлеп турган нерсени колдон чыгарбоо керек эле. Анын
баары кагазга түшүрүлүп, сөз менен берилиши тийиш
болчу.
Кабинеттин кынкайыңкы ачылган каалгасынын
жылчыгынан конок үйдөгү каминдин күйүп жатканы
көрүнүп турду. Жыл бою, кайсы мезгил болбосун Жесси
каминден от өксүтчү эмес. Ал оттун музыкасын жакшы
көрүүчү.
students.com. kg 82Алгачкы учкаяк сүйлөмдөр женил чыкты. Жаркыраган
таза экранда сүйлөмдүн саптары соко каңтарган
кыртыштай, биринин артынан бири жалпылдап тизиле
берди. Капталдан келген күңүрт жарык шоолалаган
кабинеттин терезелеринен күздүн коюу түнү көгүш тартат.
Бак ичиндеги тааныш караандар билинер билинбес
дүпүйөт. Тармалданган булуттардын арасынан бирде
көрүнсө, бирде көрүнбөй, ай асмандын бир чети менен
каалгыйт.
Кубанып иштей турган ошол саатта Роберт Борктун
көз алдына асман тиреген тоонун үстүнөн көрүнчү,
компьютердин экранынын ары жагындагы мунарыкка
жашырынып калган бир бүтүн дүйнө тартылды. Ошол
саатта Борк адам баласын туулгандан өлгөнгө чейин
мүлдө ээлеп алган, адамдын өзүнө окшогон адамдар
арасындагы жашоосунун бүтпөгөн проблемалуулугу
жөнүндө жана жашоонун башкы маңызын ачууга болгон
аракети жөнүндө жазып жатты — жаратылышынан адам
алпейим болуп туулбайт, жок, ал үчүн талыкпастан жан-
дүйнөндүн күч-кубатын үрөө, жана кол жетпес идеалга
жетиш үчүн ар бир жолу, ар бир жаңыдан туулган сайын
ага кайрадан киришүү талап кылынат. Адамдын бардык
адамдык кудурети ушуга жумшалышы тийиш. Мына
ошондо гана — ал адам.
Адамдын жашоосу жөнүндө ойлонуп жатып, Роберт
Борк, анткени менен, ал Филофейдин катынын таасири
астында талдап түшүнүүгө аракет кылган турмуш
канчалык түшүндүрүлгүс, болжолдогус экенин, канчалык
карама- каршылыктуу, коркунучтуу, мант берме экендигин
ойлогон эмес. Президенттин тактысы үчүн күрөшүп
жаткан Оливер Ордок менен баягы сүйлөшкөндө монах
Филофейдин ачылышына өзүнүн пикирин айткан сааттан
баштап, анын тагдыры чечилгендигин ал билген жок.
Ошол сааттан баштап анын тагдыры Ордоктун тагдырына
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

көз каранды болуп калды. Экинчи бир жактан, эч бир ойго
келбес жерден, ошол кезде орбитада, космосто ээндеп
жүргөн, өз кезегинде Борк жөнүндө түшүндө да,
түкшүмөлүндө да эч нерсе билбеген Филофейдин тагдыры
менен да байланышып калып олтурат.
Эмнеси болсо да болор иш болду. Тагдырлардын
түйүнү эми чечилгис жагына айланды. Бул жөнүндө ошол
айлуу түнү али эч ким биле элек эле. Ошол тагдырлары
байланышкандардын бири дагы — мунусу да, тигиниси
да, үчүнчүсү да... Бирок тагдырлардын түйүнү бекем
чиеленишип калган болучу...
Жер үстүндөгү өзүнүн түбөлүктүү сапарын
белгиленген сааты жана минутасынан тайбай улап,
асманда Ай түн койнунда жылып барат. Ошол түнү бойго
бүткөн сандаган түйүлдүктөр айдын тартуу күчү менен
түбөлүктүүлүктүн айланпасын улоо үчүн — туулуу жана
өлүү үчүн — дароо ааламдын субстанциясына тартылды.
Жашоонун түбөлүктүүлүгү курсакта, жаңы пайда болгон
түйүлдүктөрдө кайрадан жаңыланды. Ошол түндөгү бойго
бүткөн ар бир урукта келечектин адамдары белгиленип
коюлган болчу. Мына ошол түйүлгөндөрдүн баарына
эркиндиктин эшиктери, төрөлүүнүн эшиктери ачылган
болчу. Ошол түнү түйүлгөндүн кайсынысы болбосун
кийин жарыкчылыкка башкесер дагы, башы кесилчү
күнөкөр дагы, такыба, аялсыз өткөн дин кызматкери дагы,
дагы башка, дагы башка болушу мүмкүн эле. Бирок ошол
түнү бойго бүткөндөрдүн ичинде түбөлүктүүлүктүн
мыйзамына каршы, жашоонун чакырыгынан качкан
генетикалык нигилисттер дагы — кассандро-эмбриондор
да — пайда болушту. Боюна бүткөн аялдардын Кассандра
тамгасы болуп өчүп-жанып, өздөрү жөнүндө кабар берүү
үчүн пайда болушту, даярдалып койгон тагдырына-өгөй
энесине чакырык ташташ үчүн пайда болушту,
Филофейдин тапкыч-нурунун жардамы менен тышкы
students.com. kg 84дүйнөгө ичте жатып алып өзүнүн үнсүз өтүнүчүн —
жашоодон четтөө үчүн аларга уруксат берүүнү билдирүү
үчүн — пайда болушту.
Алыскы жарлуу жээкте караңгыда жымындаган
маякты жандай салып, ошол түнү океанда киттер сүзүп
баратышты. Ай жарыгы алдында жондору берметтей
жылтылдаган киттердин жоон тобу өжөрлөнө өктөм сүзүп
баратты. Булар кайда баратышат? Аларды эмне
кызыктырды экен? Аларды ашыктырып бараткан кандай
күч? Океандын суусунда жана киттердин көзүндө жарыгы
чагылышкан жар башындагы маяк аларга эмне айтмакчы
эле?
Футуролог Роберт Борк ошол түнү көңүлүн бирде
санаа басып, бирде үмүт бийлеп, компьютер алдында
олтурду. Ал санаасында океанда киттер менен бирге сүзүп
баратты, киттер да анын кошо сүзүп келатканын билишти.
Ошентип алар бирге сүзүп баратышты, анткени анын
тагдыры менен киттердин тагдыры улам чырмалыша
берди.. . Киттер албуут толкундарды жиреп кандай сүзүп
баратса, ал да океанда дал ошондой сүзүп баратты, алыскы
маяктын жарыгы киттердин карегинде кандай чагылышса,
анын көзүндө да дал ошондой чагылышып турду...
Москва убактысы боюнча туура саат үчтө, дүйнөнүн
төрт бурчуна державанын улуулугун ар качан даңгырап
эске салып туруучу айтылуу Кремль куранттарынын
кагышы менен бирге Спасская мунарасындагы уясынан
тик сайылып, ошол жердин жапалак үкүсү учуп чыкты.
Далдайган канаттарын дабышсыз шилтеп, калдайган
башын оңго-солго көзгө илинтпей айлантып, алагар
көздөрүн арбап алчудай ирмебей тиктеп, көлөкөдөй болуп
Кремль чебин бойлой учун жөнөдү. Ал ар түнү, айланада
кыбыр эткен жан жокто, Спасский дарбазасынан чыгып,
ар бир кадамын таптай таштап, туура эки жүз он
салтанаттуу- ритуал кадам жасаган сакчылардын кезектеги
students.com. kg 85наряды Ленин мавзолейине келген маалдын дал өзүндө
ушинтип учуп чыгуучу. Мавзолей анын, үкү үкү болуп
ушул жерде жаралган мезгилинде пайда болду, ошентип
ал мавзолейдин эшигин секунд сайын, күнү-түнү, жыл
бою, дайыма былк этпей кайтарып, өз мөөнөттөрүн өтөгөн
көптөгөн жоокерлерди көргөн.
Аянттын башынан аягына чейин учуп өтүп, айдын
жарыгына гранит таштары жылт-жулт эткен мавзолейдин
үстүнөн бир нече ирет айланып, анан мавзолейдин арт
жагында, карагайлардын түбүндө, дал Кремль сепилинин
түбүндө жайгашкан мамлекеттик касиеттүү бейиттердин
үстүнөн да айланып, анан ал күткөн сырткы түрү бирдей,
бирдей жапалдаш, бирдей чоң баш, сыягы, адатта түн
ортосунан ооган кезде пайда болуучу, ушул жердик эки
элес бул жолу да көрүнбөсүнө көзү жетип (кайда кетишти
болду экен, дагы айтыша кетиштиби?! ), үкү күзөттө
таштай катып турушкан сакчылардын бет алдынан зуу
асманга обологон бойдон жок болду. Үкү арманда учуп
кетти, бирдей жапалдаш, бирдей чоң баш арбактардын
ушакчы- маектештердин ажырагыс жубу эмнегедир көптөн
бери Кызыл аянтты кыдырып, жашоо жөнүндө сүйлөшүп,
кобурашканга келбей калышты. Бул тигил дүйнөнүн
субъекттеринин андан башка кылар иштери калды беле?
Ырас эле, экөө кобурашканды, аркы-берки жөнүндө,
айрыкча саясат жөнүндө сөз кылганды жакшы көрүшө
турган. Анан ал арбактар байкабай кызып кетип, кызыл
чеке болгонго чейин барышчу, алар талашып-
тартышышчу, аябай сөгүнүшчү. Бири чындап мындан ары
аны менен эч качан жолукпай тургандыгын, ал аны жек
көрөрүн, аны менен бирге болууну каалабасын айтса,
экинчиси: эч жакка кете албайсың, эми тарых деген
биздин эркибизде эмес, баягы мезгил өткөн, ошондуктан
бекер эле кызууланып жатасың, өлгөн соң — күбүлгөн
жалбыраксын, шамал каалаган жакка учуруп кете берет
students.com. kg 86деп жооп берчү. Кудайдын кудурети менен бул чалпоо,
чорт кыял тигил дүйнөдөгү арбактардын өздөрүн көрүү
жана сөздөрүн угуу жапалак үкүгө гана буюрган... Үкү
кыйла жылдардан бери бул экөөнө үйүр алып бүткөн,
буларсыз бир нерсеси жетпегенсип, эригип кетүүчү. Бирок
тигилердин эч жакка кете албасын, эртедир-кечтир
келишерин үкү билчү. Мына жакында аянтта чоң парад
өтөт, ал аяктаары менен түн кирер замат арбактар сөзсүз
мында келишет, болуп өткөндөрдү көргөнгө дүүлүгүшүп,
көздөрү ойноктойт. Добулбастардын кагылышы, шаңдуу
музыка, жоокерлердин аянтта тарсылдата шилтеген
кадамдары буларды катуу бушайман кылат. Аскер
техникасынын күр-шарын айт! Делебе козгогон
жүрүштөр, жүрүштөр — кыйкырык-сүрөөн, шаан-шөкөт,
кылкылдата көтөрүлгөн мавзолейдин үстүндө
тургандардын портреттери менен чакырыктар. «Ура-аа!»
деген кыйкырык-чуу, быкпырдай кайнаган эл, урук
таштачу балыктардай, бир тарапка былк-былк агылат.
Бирок ал арбактарга күндүз, жарыкта көрүнүү буюрган
эмес, болбосо балким алар мезгил агымын кайра артына
буруп, жоктуктан утурумдук чындыкка кайтып келип, элге
аралашкылары, төмөн жакта дайрадай агылган уу-дуу
түшкөн элдин үстүнөн карап, мавзолейдин жогорку
трибунасында тургулары келип кетишмек... Ошондо
ушунун баары, стоп-кадрдагыдай, капысынан токтоп,
катып калса, тунжураган сценадагыдай түбөлүккө,
кылымдарга тарыхтын түшүнүп болгус шаңында сенейсе...
Ошондо Кремлдин үстүнөн учуп баратып самолеттор
сенейсе, чочуп уча качышкан кептерлердин тобу ободо
ошол бойдон сенейсе, ойноктогон көздөр, ачылган ооздор,
ал турсун сатылган жана жеткен тунук ойлор да мээнин
бырыштарында ошо бойдон сенейсе... Ошондо Күн да
турган жеринде түбөлүк турган бойдон калып калса...
Ал эми күнүмдүк тиричиликте, бөтөнчө жаан-
students.com. kg 87чачында, кара нөшөрдө, бороон улуп, кар боройлоп турган
чакта, аянтта шамалдан баш калкалар жай жокто,
мавзолейди күзөтүп турган кепич-чокойчон, тумакчан,
мээлейчен сакчылардын чыгарган деми дароо ак бубакка
айланып, жакаларга, параддык куралдардын оозуна
жабышып жатканда, чоң баш жапалдаш фантом-арбактар
балким жаан-чачындан улам жемекор, ырксыз болушуп,
айга астыртан көз кыйыгын салышып, улам бир бурчка
ыктап, бири-биринин сөзүн жактырбай калышкандыр,
мына ошондо үкүнүн кулагына ачууланган сөздөр тез-тез
угулуп турчу: «Аныктоого болбой турганга мени
ынандырам деп убара болбой эле кой! Өлүмгө каршы
аргумент болбойт, болушу да мүмкүн эмес, өлүм —
табигый иш, Мен түбөлүк тирүү болгум келбейт, өлгөн
соң жалган жашоонун кереги жок! Деги бул качанга чейин
созулат? ! Мага өлүм жок, мага тынчтык жок, мага
кечирим жок! Мурда ойлогон эмесмин, эми башыман
кетпейт — мен эмнеге туулдум экен, энем мени эмне үчүн
тууду экен?! Мен туулгум келген жок эле го, жок! Эми
минтип табыттын туткунунда жатам! Мына ушунун баары
сенин кылганың! Бул сенин ашкан азезилдик, ашкан кара
ниет идеяң! Мен эч качан буга моюн сунбайм, эч качан, эч
качан, билип кой!» Буга жанындагысы кардыккан үн
менен, түбөлүккө өчкөн канжасын жайбаракат соргулап,
жооп берет: «Көңүл бурчу, мен сага нечен ирет
түшүндүрдүм эле го. Бул партиянын эрки. Мен сага
айтпадым беле: сен партияга турган турпатың менен
керексин, барлыгың менен, түшүндүңбү? Дүйнөлүк
революция үчүн, таптык ант берүү үчүн, сен партияга
өлгөнүңө карабай, өлгөндөн кийин да керексиң. Сен
революдиянын фараонусуң, ошондуктан сени сакташат,
кайтарат, саркофагда жаткан сага таазим кылышат!» —
«Мен таптакыр каалабайм! Мен ага каршымын! Эч бир
адам, эч бир жан өлүмдөн кутулбайт. Бул сандырактык! »
students.com. kg 88Анан үкү экөөнүн үстүнөн айланып учуп, дүйнөнүн
башка эч бир жеринде укпай турган нерселер жөнүндө
экөөнүн кызыл кекиртек болуп талашкандарына таң
калат.. .
Бирок бүгүн алар, жарым түндүн кайым айтышкан
арбактары жок... Аянт ээн...
Үкү Кремлдин тиштүү сепилинин үстүнөн оболоп
учуп, ирмелбеген көздөрүн бүткүл теребелге жиберип,
баш-аягы билинбей созулуп жаткан үйлөрдүн ээн
чатырчаларынын үстү менен ак сарайдын парктарына
кетти. Бул жакта ал күзгү жыш бутактардын арасында
олтуруп алып, акырын добуш салды, төмөн жактагы
дарыянын айрылышына, уйкудагы үйлөрдүн каралжын
тарткан чатырларына дөбөнүн үстүнөн көз жиберди.
Көпүрө алдынан жолбун иттин улуганы угулду. Үшүсө
керек.. .
Кулак угуп, көз көргүс алыс жактан, кайдандыр
дүйнөнүн аркы четинен, түнкү океанда киттердин сүзүп
келатканын, кубалашкан толкундарды тоодой денелери
менен жиреп, тобу менен келатканын угуп жаткандай
сезилди үкүгө. Киттер жиреген суу аласалып шаркырайт.
Суунун каршылыгына болбой, киттер белгисиз тарапка
сапарын улантышууда. Алардын ысык вулкандай деминен
коогалуу бир нерсе сезилет.
Кремлдин дөңсөөсүндө конуп олтуруп алып үкү жер
үстүндө бир нерсе болорун сезип жатты. Дайыма ушундай
боло келген — дүйнө жүзүндө бир коога болор алдында
киттер жанын коерго жай таппай калчу.
Кремлдин паркынан үкү үшкүргөндөй үн салды, таң
сөгүлүп келаткан эле...
* * *
students.com. kg 89Эртеси күнкү болуп өткөн окуя Роберт Борк үчүн
күтүүсүз нерсе эмес эле, окуянын мындай өнүгүшүн күтсө
болмок. Ошондой болсо да мынчалык чукул кетерин
күткөн эмес...
Эртең менен, университетке лекция окуу үчүн
жөнөгөндө, ал өзүнө өзү ээ болчу. Андан кийин...
Түштөн кийин Борк машинада үйүнө кайтып келатып,
оюн бир жерге токтото албады. Үйгө тезирээк жетип,
Жессинин кан басым ченөөчү аппаратын, эмне деп аталчу
эле түгөнгүр, тапкысы келди... Жесси кээде өзүнүн кан
басымын ченеп жатып, аныкын да кошо ченей коюучу.
Адатта аныкы жайында болор эле, ден соолугуна
таарынаар жөнү жок болчу, кан басымын ченеп берейин
дегенде, жанындай көргөн аялынын көңүлү үчүн,
мыйыгынан жылмая макул болчу. Эми болсо — баары
жайында болду бекен?—өзү ынангысы келип турду.
Анткени эмнегедир өзүн бир башкача сезди. Аны
кандайдыр бир кызыктай, мурда болуп көрбөгөндөй,
курчап турган дүйнөнүн туруксуздугун сездирген абал
ээлеп алды. Жашоо бир нерсесинен жылышып кеткенсиди,
шамал ыргап жаткансып, туруктуулугун жоготту, ал
турсун өзү көптөгөн жылдардан бери баарлашып жүргөн
кишилердин көз карашында, үнүндө өзгөрүү турду, а
балким бул өзгөрүү өзүндө болуп жаткан чыгар?
Ал турсун өтө катуу жүрүү үчүн атайы
ылайкташтырылбаган эң майда деталдарына чейин жат
билген автобан дагы ага чоочун сыяктанып көрүндү.
Машинаны эмнегедир коомай айдап келатты. Капысынан
баары башкача, демейдегидей болбой калгансыды. .. Баары
өз орундарында тургансыганы менен айлана-
тегеректегинин баары мурдагы маанисин жоготуп
койгонсуду. .. Бул эмнеси экендигин түшүнө албады...
Жессинин машинасы үйдүн жанында туруптур.
Жүрөгү ылдыйлай түштү. Демек аялы али репетицияга
students.com. kg 90кете элек.
— Ии, иштериң кандай? — Жесси аны утурлай басты.
Ал кадимкисиндей жадырап-жайнап турду. — Эмне, дагы
бир нерсе болдубу? Сен эмнегедир башкача болуп
турасын. — Жесси эринин жүзүнө үңүлдү, анан, башында
жылмаңдаган шайкелең көз карашы дароо өзгөрө түштү.
— Бир жериң ооруп турабы?
—Анчейин деле эмес. Жесси, сен ишенесинби, элдин
баары жинди болуп баратат көрүнөт! — деди Борк,
портфелин диванга таштап, пиджагын чечип жатып.
—Кофе ичесинби?
—Ичсе ичейин. Телефон чалгандар болдубу?
—Болду. Болуптур, аны анан. Андан көрө шаарда эмне
болуп жатат, айтчы.
—Эмне болуп жатат дейсинби? Эмне болууга тийиш
болсо ошол болуп жатат. Дүрбөлөң. Баарынын оозунда
Филофей. Мына ушундай. Мен газета, радио жана
телевидение жөнүндө айткан жокмун. Аякта ажиотаж,
эмне болуп жатканын билүүгө жасаган натыйжасыз
аракеттер.
—Алар чалышты, Си-эн-эн, «Америка үнү»,
«Эркиндик» радиосу. Үйгө кечинде келет дедим сени. Ии,
сөзүңдү уланта бер.
—Университетте бура баса албайсын, баары
делбеленип алышкан. Беттери чоктой кызарат. Баарынын
оозунда бир гана нерсе. Көрсө, бир эле нерсе бир убакта
көпчүлүктүн тынчын алса, баары ошого эле кадалып
калышса, бу да жаман турбайбы. Акылга сыйгыс нерселер
айтылып, колдоого алынууда. Гитлер кантип аянттарда
элди колго алгандыгын, кандай уу-дуу пайда кылганын
мен эми түшүндүм.
—Балким сеники туурадыр. Бирок алар студенттер да,
Роберт. Алар жаш, өктөм, кандары кызуу. Анан быяктан
Филофей чыга калды!
students.com. kg 91— Аның чын. Кеннедини өлтүрүп кеткен күнү, эсимде,
дал ушундай болгон. Бүгүн кыйкырык-чуу, чакчалекей,
баш-аламандык. Бир даары, мисалы, Филофей
жаратылыштын касиеттүү сырына кол салды дешет да,
кайра ошол эле замат өздөрүнө өздөрү каршы чыгышып:
жаратылыштын ачууга тыюу салынган да сыры болчу беле
дешет. Дагы бирөөлөрү: ага эмне баш оорутабыз,
космостун монахы акылдуусуна берсин орбитада, биздин
эмнебиз кетип жатат. Бирөөнүн чекесине ысык чыкса эмне
экен дешет. Ага жооп кылып: камырабай жатканың —
эркексиң да, ал эми боюндагы түйүлдүк туулгусу келбей
жатканын билген аял эмне кылмак? Анан дегеле мындан
ары эмне кылуу керек? Кассандра тамгасын кантебиз?
Болгон нерсени унутуп коюуга, байкабай коюуга өзүбүздү
кантип мажбурлайбыз? — дегендер бар. Дагы бир даары
дегеле коошпогон нерсени айта салып жатышат. Ошентип
аны-муну айткандардын аягы жок. Анан акырында келип
баарысы: генетикалык кодго кол салып кереги жок болчу
—бул кийлигишүүгө болбогон программаланган тагдыр.
Миңдеген жылдар бою адам баласы тагдырдын коду
менен жашап келишкен, эми биздин эркибизге баш
ийбеген нерсени ревизиялоого акыбыз жок дешип чуру-
чуу түшүштү. Баарын айтып бере албайсын. Кимдир
бирөө үчүн ал бир чекедеги ысык, арзыбаган нерсе, а
башка бирөө үчүн —катастрофа. Ооба, баарын айтып
берүү кыйын. Бирок баарынан жаманы — Кассандра ишке
киришти. Юридикалык факультеттин бир студенткасы
лекцияда олтуруп күзгүгө карана коюп, бакырган бойдон
аудиториядан качып чыгыптыр. Анын маңдайында
жанагы так, кассандро-эмбриондордун белгиси пайда
болуптур. Мындан да жаман дагы бир кокустук. Жолдо
авария, рулда бараткан аял күзгүгө карана коюптур, караса
— маңдайында баягы шектүү так тургандай көрүнүптүр.
Дагы жакшы — киши зыян болбоптур.
students.com. kg 92— О Жараткан! — Жесси орундукка олтура кетти. —
Мына башка түшкөн балаа! Эми эмне кылуу керек? Бир
айла табыш керек да?!
— Билбейм, Жесси, билбейм. Эмне кыл дейсин мени?
Сен репетицияга барышың керек эмеспи. Келгенден кийин
сүйлөшөбүз. Менин да жаным жай таппай турат.
— Кайдагы репетиция! Тигинтип жатса, кайдагы
репетиция!
— Мына эми, башталды. Сен да кошулдуңбу! Сени
бүткүл оркестр күтүп олтурса, а сен бул жерде
Филофейдин табышмагына башынды катырасың.
— Мен ооруп калыпмын деп телефон чалып коем.
Анан калса мен баарынан улуумун. Анын устүнө жакында
чоң эне боломун. Сен аны жакшы билесиң.
— Мени да ошол күтүп турат, бирок эркек аты
дебесең, мен да чоң энемин, — деп эри тамашалоого
аракеттенди. — Чоң эне, чоң ата болуп Чикагого
Эриканыкына учуп жөнөр күнүбүз кайда. Азыр болсо,
мага ишенип кой, Жесси, антпе, репетицияны үзгүлтүккө
учуратпай жөнө. Андан пайда жок.
Жесси олку-солку боло түштү.
— Болуптур. Дагы толук жарым саат бар, ал турсун
андан да көп. Эми эл эмне болот? Эриканын боюна
бүткөнүнө мына жети айга кетти. А балким анын
маңдайында да Кассандранын белгиси болгондур?
Анткени ал кезде эч кимдин эч нерседен капары жок эмес
беле. Эгер Эриканын боюна жакында бүтсө эмне болмок,
элестетип көрчү?! Мен анда түн уйкудан ажырамакмын.
— Жесси унчукпай калды, бир аз жайлана түшүп,
кошумчалады: — Азыр сага кофе даярдай коеюн, Роберт,
анан жөнөйм.
— Мен өзүм деле даярдайм, убара болбочу.
— Жок, мен азыр. Баса, башкалар менен бирге
Ордоктон Энтони Юнгер деген бирөө чалды.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

я

Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 16 Август 2014 - 17:17

Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Topcubai   16 Август 2014 - 17:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 238
  • Катталган: 19 Март 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:04
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Лейлек

—Юнгер? А, түшүндүм. Ии, анан эмне деди?
— Азыр, келип айтып берем.
Аялы эски, буу менен иштеген жана ошондон улам
буу машине деп аталган, кофе кайнаткычка кофе
даярдагыча, Роберт Борк эки колун эки жакка таштап
коюп, креслодо бул үйдө жат адамдай сезилген
кызыктуудай абалда олтурду. Ал туш тарабын каранып
койду. Чоң мебель коюлган конок үйүн, биринчи ирет
көрүп жаткансып, айланта карады, качандыр бир кезде
Жесси Венециядан сатып алган люстра жана каминдин
үстүнө жайгаштырылган чоң күзгү да ошол эле стилде
болчу. Рояль, виолончель. Айнек шкафтарда кыры
алтындын буусуна кармалган китептер (китептердин
көпчүлүгү экинчи этажда, кабинеттин катарындагы
китепканада эле). Бүтүндөй ушул үй дагы, эски
венециялык күзгүдө чагылышып турган, сары таман атка
окшоп, сөөк-саактуу жана ак чач, кезегинде бой-келбети
келишкен өзү дагы ошол саатта эмнегедир ага жат
нерседей көрүндү; ал өзүнүн өткөн өмүрүн, ошол өмүрү
менен байланышкан буюмдарды, чала тааныштай, түнт,
адаттан сырт ойго чөмүлгөндөй болгон өзүн четтен карап
тургандай сыяктанды. Ал: «Жалгыз эле мага керекпи,
чындап эле акыр заман келгенсип, эмне мынча сары
санаага батам?! Балким менин буга чейинки өмүрүм бар
болгону башталышыдыр, ошол үчүн эми белгисиз нерсеге
туш келип жаткандырмын? Сокур киши көмүскө эшикти
сыйпалап издеп жаткансыган чагымдыр? Футурология
мепен алпурушуп жүрүп, атак-даңкка жеткен илимпоз
катары негизинеи бейкут, бир ыңгайга түшкөн жашоо
өткөрүп жүрүп, мен эмнеге жеттим? Эми мына космостук
Филофей сунуш эткен тагдырдын акыркы акты. Бул эмне?
Чындыктын ачылган учурубу? Алмактын бермегиби?
Ырас эле ушуидайбы? Филофей мага ким деги? Эч ким
эмес. Анда эмне үчүн жаным жай албайт? Демек мени аны
students.com. kg 94менен байланыштырган бир нерсе барбы? Киттер түшүмө
кирди эле, эми болсо...» деп да ойлоду. Ушундай ойлордон
ажырай албады, күмөндөнүүдөн кутулбады. Эми эмне
жөнүндө ойлосо да, космостогу монахтын ачылышынан
баштоого туура келди. Баарын салыштырууга туура келди
— буга чейинкилерди да, мындан кийинкилерди да...
Жесси кофе алып келди, сөз кайрадан мурдагы нукка
түштү. Көрсө, Роберт Борктун эмгектерин
сыйлоочулардын биримин деп өзүн тааныштырып,
президенттикке кандидаттын командасынан Энтони
Юнгер деген телефон чалыптыр. Боркко университетке
чалууга аракеттенген экен, бирок таппай калыптыр жана
түштөн кийин дагы чаларын айтып коюуну сураныптыр.
Жесси, балким Борк өзү чалар десе, Юнгер: «Мени табуу
кыйын болот, таманым жерге тийбей чуркаар чакчалекей
түшкөн күн, Ордок шайлоочулар менен жолугушат, андан
кийин чоң прессконференция, иши кылып түйшүк көп,
бирок мистер Борк менен сөзсүз сүйлөшүшүм керек.
Сүйлөшүүнү көптөн бери көксөп жүрөм, азыр себеп
табылып турат. Суранам, айтып койсонуз, менде
маалымат жана суроолор бар. Телефон чалышым өтө
зарыл» дептир.
Жесси репетицияга жөнөп кеткенден кийин көп өтпөй
телефон шынгырады. Бул Энтони Юнгер болчу.
— Мистер Борк, сиз экөөбүздүн Филофей деген орток
досубуз бар жана сиз экөөбүздүн тааныштыгыбыз, тилекке
каршы азырынча телефондон гана, ошонун шарапаты
менен болуп жатат десем, кандай дейсиз?
—Аныңыз ырас. Бул космостун монахы эми биздин
турмушубуздун көп жагын аныктайт.
— Сөз дал ошол жөнүндө, мистер Борк. Анан ал жагы
башка бирөөгө караганда, Сизге көрүнүктүүрөөк. Эми
проблема, окуя кандай багыт алат, орустар айткандай,
тарыхтын ок жыгачы кайда бурулат, мына ошондо. Сизди
students.com. kg 95билип алсын үчүн мактанып айтып коеюн — мен орусча
дурус суйлөйм. Шакиртчиликти Москва университетинде
өткөм. Бул жагынан Сизге пайдам тийсе кубанычта болом.
—О, мунуңуз мыкты экен. — деди Роберт Борк таң
калуу менен, ичинен Энтони Юнгердин үнү ишенимдүү
жана жагымдуу экенин байкап. «Абдан күжүрмөн адам
экен! — деп ойлоп койду ал. — Жашы канчада болду
экен?» — Горбачевдун тушунда мен дагы Россияда
болгом, —деп орус темасын улап кетти ал. — Москва,
Ленинград, Киев. Айтыңызчы, Энтони, жашыңыз канчада?
Анчейин гана билейин деп сурап жатам.
— О, жан-дилим менен! Олуттуу көрүнүш үчүн
отуздамын дейин деген элем, бирок тактык керек —
жыйырма сегиз жарым жаштамын,—деп жооп катты
тигил. — Акыл токтотууга убакыт жетти. Дагы эмне
айтсам? Москва мага көптү берди — жашоонун жана
билимдин башка уюлу, бирок КГБ га кызмат кылган
эмесмин. Эмитен айтып коеюн!
Америкада ооздон түшпөй калган бул тамашага экөө
тең күлүп калышты.
— Кечирип коюңуз, Энтони, жашыңыз жагынан
уулумдай экенсиз. Ал эми кызыгып сурап калганым,
олуттуу пикир алмашууда маектешиңдин курагын билүү
маанилүү.
—Менин оюм да ошол. Мен болсом сиз жөнүндө
баарын билем. Сиздин китептериңизди окугам. Акыркы
кезде сиздин «Эбегейсиз зор үйдүн тогуз эшиги» деген
макаланызды өтө кунт коюп окуп чыктым.
— Ооба, ал футурология жагындагы дүйнөлүк
идеяларды синтездөө аракети болчу. Ыракмат, мен аябай
ыраазымын, —деп кобурады Борк.
—А мен өзүм да академиялык маңыздан алганда өз
ордун таппаган пендемин, — деди Энтони жылдыздуу
жылмайып, — билимим уйдун бөйрөгүндөй көп курак,
students.com. kg 96кол сермебеген нерсем калган эмес — философиялык
астрологияга чейин сермегем, качандыр бир кезде космос
жөнүндө да кыялдангам. Профсоюз иштери менен да,
журналистика менен да илээшкен кезим болгон, Оливер
Ордок менен ошондо таанышкамын. Ал популизмге
таянат, анын күчү да ошондо. Азыр шайлоо алдындагы
жарышта ага жардам берүү керек. Жанагы биздин жан-
алыбыз калбай жатканы да ошондон. Мен анын
командасында массалык маалымат байланыштарын
тейлейм. Мына бүгүн, мисалы, үч сааттан кийин «Альфа-
Бейсбол» деген спорт залда шайлоочулар менен
жолугушуу болмокчу. Эл көп, түз трансляция. Андал соң
кечирээк — пресс-конференция, бир нече канал боюнча
түз алып берүү. Мен ушунун баарын сизге жөн эле айтып
жаткан жокмун, мистер Борк. Балким биздин, башкача
айтканда, Ордоктун, эмнеси дурус, эмнеси буруш — карап
көрүү сизге кызык болуп жүрбөсүн. Кечирип коюңуз,
сиздин убактыңыз барбы, мен бабырай берип,
убактынызды алган жокмунбу?
— Жок, жок. Кулак сенде, Энтони.
—Ушуга байланыштуу сизди билип алсын деп менин
айтайын дегеним бул. Эртең менен жыйырма чакты адам
— жардамчылар, эксперттер жана башкалар — Ордоктун
кабинетине чогулдук. Ошондо ал чу дегенде эле
космостук монахтын кайрылуусу жөнүндө сиз менен
телефондо узакка сүйлөшкөнүн айтты.
—Ооба, суйлөштүк, — деди Роберт Борк.
—Азыр буту менен басып, мурду менен тынгандын
баары сөз кылып жаткан окуя жөнүндө Ордоктун сиз
менен кеңешкени жакшы болуптур. Ал ысмы барган
сайын белгилүү болуп бараткан саясатчы, бирок
пайгамбарлыктан алыс, анан...
— Энтони, садагасы, — деп Борк анын сөзүн бөлдү. —
Мага кайрылууга Ордокко сен кеңеш бергениңди мен
students.com. kg 97билем. Бирок мен да пайгамбарлыктан алысмын. Сен мени
бир заматта көзу ачыла түшчү адам деп ойлойсуң го?
Ушул болуп жаткандардын чоо-жайын түшүнүү үчүн
кимге болсо да кайрылууга мен өзүм даяр элем. Сен болсо
мен бир ушунун баарынын билерманынан бетер телефон
чалын жатасың. Мен өзүмдүн оюмдун талашсыз
экендигине кепил боло албайм. Мына ушуну эске алуу
керек.
—Ошондой болгонуна мен кубанычтамын! — деген
жообу менен таң калтырды Энтони Юнгер. Анын үнүнөн
берилгендик сезилип турду.
— Сен эмнеге кубанычтасың?
— Менин ички туюмум алдабаганына. Өз мекенинде
пайгамбар болбойт деп коюшат эмеспи, ошондой болсо да,
мен дагы бир жолу ынанып жатам, президенттик тактыга
умтулган саясатчы кеңешчи, ойчул дал Сиз элеңиз. Ордок
бүтүн сөз сүйлөйт, бүтүндөй бир стадион толтура
шайлоочулардын суроолоруна жооп бермекчи. Кеп ал
коомдук ой-пикирдин куржунун колуна тийгизе алабы,
эгер тийгизсе аны жонуна салып көтөрүп кете алабы, анда
да эмес. Кеп силердин көз карашыңар массага
тарагандыгында болуп жатпайбы. Мен муну Оливер
Ордок эртең менен бизге айткандан улам сөз кылып
жатам.
—Ал эмне деди эле?
—Иши кылып, мен түшунгөндөн, сиздин берген
бааңызга таянып, ал Филофейдин ачылышып коомдун
бардык катмарындагы, дүйнөнүн бүткүл өлкөлөрүндөгү
бир дагы адам эсептешпей койбоочу реалдуулук катары
комментария берчү түрү бар. Ушундай эмеспи? Менин
оюмча, ушундай? Ордок болжолу ушундай деди.
— Болгон нерсени болгондой эске алып коюу — бул
бир жөн, бул баштапкы таяныч. Андан ары эмне кылуу
керек? Кассандро-эмбриондордун пайда болушуна себеп
students.com. kg 98болгон жана себеп болуусун улантып жаткан кубулушту
эмне кылабыз? Социалдык, тарыхый, психологиялык
жактан алганда? Бул жерде суроо толтура.
—Айтканынызда калет жок, мистер Борк, — деп
Энтони жана дагы бир нерсе айтайын, өз түшүнүгүн
билдирейин деди эле, бирок Борк сөзүн дагы улантты:
— Мен баш-отум менен ушул окуянын таасириндемин,
ал турсун мен өзүм кечээгиден башкача сыяктанып,
жашоонун маңызын кайрадан ойлонуп чыгуу керектей
сезилип жатат минтип аны аяктаар чагымда. Филофейдин
ачылышы адам тагдырына болгон биздин мурунку көз
карашыбызды жокко чыгарууда. Биз мурда мойнубузга
алууну каалабаган чындык бүгүн минтип чыга келип
олтурат. Прогресс, цивилизация менен кошо жүрүүчү терс
көрүнүштөрдү алар өздөрү жокко чыгарат деп ойлочу
элек. Чамынды учпай жыгач кыйылбайт. Орустарда
ушундай макал бар.
—Ооба, кеңири тараган макал. Сталин, мисалы үчүн,
массалык репрессиялардын чамындыларын ошентип
актаган. Уланта бериңиз, кулагым сизде.
— Анан ошол. Эмне дейин дедим эле? Тарыхтын
бүткүл өнүгүшүндө, муундан-муунга адамдар бири бирин
жана өздөрү жашаган дүйнөнү системалуу түрдө тытып
келгендигин, ошонун айынан өнүгүү жолунда көп
нерседен ажырагандыгын, өзүнүн тарыхый өркүндөө
жолунда жетчү көп нерселерин кайрылгыс кылып
жоготкондугун Филофейдин ачылышы көрсөттү,
көрсөткөндө да ыраймсыздык менен көрсөттү. Мына
мындай эле алалычы. Алмустактан берки бүтпөгөн
согуштар, алардын ичинен даңкка татыктуу дегендери да,
алиги революциялар, козголоңдор, көтөрүлүштөр,
бийликтегилердин кылмыштары, мыкаачылыгы, илимий
багыттар менен идеологиялардын деспотизми — мына
ушулардын бардыгы биригип келип адам жашоосун,
students.com. kg 99тагдырларын дайыма талкалап, бүлдүрүп, элдерди дайыма
бири бирине кайраштырып, адамдарды ач көз кылып
келгендин баары Филофей ачкан кассандро-
эмбриондордун үнсүз протестинен көрүнбөй турабы?
Алардын саны күндөн күнгө өсүп баратпайбы! Алардын
жашоодон баш тартканы — акыр замандын болору эмей
эмине? Эми анан карап көрөлү: көр тирликтин күүсү
менен аягына чейин маани берип ишенбеген кыямат
кайым жөнүндө миф алдыда келүүчү чындык болуп
жатпайбы. Мына ушулар жөнүндө түндө баштап койгон
макаламда жазайын деп жатам. Оливер Ордок, албетте,
Филофейдин ачылышына жана анын өзүнө жеке көз
карашы болор, бирок кандай болгон күндө да, ал дагы,
анын командасы дагы — силер баарыңар биз кандай
татаал материалга туш келгенибизди түшүнүшүңөр керек.
Кечээ мен Ордокко болжол менен мына ушуну айткам.
— Мен сизди бүгүн да телефондон узак сөзгө тартып
кеткениме өкүнөм. Бирок ичимде сүйүнүп жатам — мен
билеримди билип алдым. Албетте, мен сиздин оюңузга
кошулам, Филофейдин теориясында дагы көп нерселер
бар, ал жөнүндө ойлонуучу кез дагы алдыда. Бирок эмнеси
болсо да ал биздин башыбызды катырарын катырды. Жан
адамды калтырбай, жер жүзүндөгү пендемин дегендин
баарынын! Инсан деп мына ушуну айт! Ал ааламдын
ачкычын бир бурап койду! Эгер биз, кечириңиз, өткөн
замандын бардыгы үчүн кыйноо тарта турган болсок — ал
эми иштин жөнү ошого баратат—сиз өзүңүз айткандай, ач
көз адамдардын, башкача айтканда, биздин, биздин
баарыбыздын, бизге чейинкилердин баарынын колу менен
жасалган жаман иштердин баары үчүн күнөөгө бата
турган болсок, аны өзүбүздөн башка кимден көрөбүз,
кимге барып даттанабыз? ! Жамандык изсиз жок
болбостугу, аны ким жаратса ошолор менен бирге жок
болбостугу, а мезгил-сааты келгенге чейин генетиканын
students.com. kg 100бункеринин бир жеринде тунуп жата берери белгилүү
болду. Анан кимдир бирөө бул үчүн эртедир-кечтир
жашоодон баш тартуу менен эсесин төлөшү керек экен
да?!
—Ооба, ушундай болуп жатат, Энтони. Кеп
жакшылык менен жамандыктын байланышы жөнүндө
биздин көп ойлобогонубузда, аларды сөзсүз бир тутумда
кармоо менен, жамандык басымдуу күч экендигин,
жамандык өлтүрөрүн, биздеги биздин түпкүлүктүү
милдетибизди дайыма өлтүрүп турарын, биздин ааламды
камтыган ресурстарыбызды өлтүрүп, тиричиликтин башка
жолдорун тааныш үчүн акылга мүмкүндүк бербегендигин,
ошондо адам сапат жактан азыркыдан башка болмоктугун
ойлобогонубузда.
— Мистер Борк, дене түзүлүшүбүз жактан азыр кандай
болсок ушул бойдон калуу менен бирге, адамдар башка
сапаттагы интеллектке ээ боло алар беле, жүрүш-
туруштун башка сапатын күткөн жандардан боло алат
беле, муну кандай ойлойсуз?
— Толук мүмкүн. Анткени биз өз киндигибизди өзүбүз
кесип калбадыкпы, ааламдагы жападан жалгыз акыл
берилген жандык биз болдук. Эч бир макулук бизге
чендеген жок. Бизде руханий эволюциянын башка тиби,
принципиалдык жактан башка өнүгүү болушу мүмкүн
беле? Бул жөнүндө ойлонуу, талашуу керек. Адамдардын
бир нерсесин танууга болбойт, ал, биз илим жана
техникадан эмнеге жетишпейли, биз дайыма, тилекке
каршы, бири бирибизди жеген жырткыч бойдон калып
келатабыз.
—Өкүнүчтүү, мунубуз өтө өкүнүчтүү. Демек,
космостук монах бизди генетикалык кылмыштын үстүнөн
кармаган тура?! Бирок бул канчалык сандырак нерсе болсо
да, биз азыркыбыздан башкача болушубуз мүмкүн эле
деген ой мени бир жагынан ызалантат. Мистер Борк,
students.com. kg 101мындай ырастоодо бизди мазохисттик сары санаага салып
кетүүчү адаттагы идеалисттик обон жокпу?
—Албетте бар, анткени мазохизм — бул токой жок
деп ээн чөлдө ыйлактоо.
— Андай токой жок жана болушу да мүмкүн эмес
болсо эмне сунуш кыласыз?
— Бир гана нерсени — өзүбүздө жаңы акыл-эстин
токоюн өстүрүүнү.
—Муну кандай түшүнсөк болот?
— Муну кандай түшүнсөк болот? Өтө такмаза
журналист экенсин! Филофейдин ачылыштарынан келсек,
бул: кассандро-эмбриоңдордун берген белгилерине кулак
кагуу, Кассандранын ар бир белги-бетесин эскертүү
катары кабыл алуу керек дегенди билдирет.
Жарыкчылыкка төрөлүүнүн коркунучунун биздин
ичибизде жетиле баштаган тарыхынын аягын ушинтип
гана токтотууга болот. Генетикалык катастрофа жакындап
келатат деген аң-сезим ар бир адамда жана бүткүл
адамзатта болушу зарыл. Мен дал ушул жөнүндө
«Трибюнга» арналган макаламда жазып жатам.
— Кечирип кой, Энтони, телефондон баарын айтуу
мүмкүн эмес. Кыскартып айтканда, адамзаттын урпактар
алдындагы жоопкерчилиги азыркы кезде жаңы мүнөзгө ээ
болуп баратат, балким бул эволюциянын жаңы
түрмөгүдүр. Кечээ Ордокко мен болжол менен мына
ушуну айттым. Ал да ойго батып калды.
—Ооба, мистер Борк, бул жолу биздин Ордокко эки
эсе кыйын, анткени мындай кырдаал анын саясий
репертуарына кирбейт. Ордокко окшогон саясатчыларды
мен эрөөлчүл саясатчы деп коем. Ордок душманы алдында
турганда ишенимдүү аракеттенет, мына ошондо ал
чабуулга өтөт, бул элдин көзүнчө, көпчүлүк алдында
болушу керек. Тар чөйрөдө ал «зарыл душман» деген
терминди да колдоно коймою бар. Мына ошондо ал
students.com. kg 102алдына киши салбайт. А бул жерде болсо, карабайсызбы,
кайдагы бир абстракция! ..
—Андай деле эмес, Энтони. Мындай абстракция көз
ирмегенче конкреттүүлүккө айланат да калат. Болгондо да
өтө катаал мүнөздөгү конкретикага. Анткени бул
адамдардын өмүрүнө байланыштуу болуп жатат.
—Ооба, албетте. Мен тек гана Ордоктун
психологиясынын өзгөчөлүгүн белгилегим келет. Бирок
бул анын саясий жашоосунун формасы дагы. Бирок мунун
баары сөз арасындагы нерсе. Мен аяктадым, мистер Борк,
кечиресиз, сиз менен сөз бүтө турган эмес. Мага телефон
чалууга уруксат бербеңиз, жаныңызга жай бербейм.
—Жарайт, жарайт, Энтони. Зарыл болуп калса
сүйлөшүүгө эмнеге болбосун.
—Жакшы калыңыз, мистер Борк. Кокус берүүнү
көргүңүз келип калса — митинг «Альфа-Бейсболдо»
алтыдан сегизге чейин, а пресс-конференция «Шератон»
мейманканасында — тогуздан онго чейин.
—Ыракмат, эске алайын...
- 6 -
Күмүштөй шыңгыраган таза аба, түркүн түстөгү
бариктердин көз алдында дабышсыз кулап жатканы, шаар
четиндеги үйлөрдүн чатырларынын үстүнөн
коштошконсуп айланган канаттуулардын кайтып бараткан
тобу күздүн ошол күнүн сүрөтчүнүн полотносунда
түбөлүк калууга сурантып турду... Кайсы бир жакын
арадан ойноп жүрүшкөн балдардын ызы-чуусу угулат.
Ошол ачык күн жан бүткөндүн баарына бейкуттукту, жан
тынчтыгын тартуулады — өз тиричилигине серп
салдырды. ..
Ошол Кудай берген кереметтүү күн өз кезеги менен
өтүп кетмек, жана анын бул агымына эч нерсе жолтоо
болбочудай туюлган эле, бирок али көзгө көрүнбөгөн, али
Уулум, мен сени менен сыймыктанам! Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 02:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: