Израилде араб улутундагы мусулман Махмуд Мансурдун
жана ислам динине өткөн еврей кыз Морель Малканын баш кошуу салтанаты учурунда алардын баш кошуусуна каршы нааразычылык акциясы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аталган акция Израилдин борбору Тел-Авивдин жанында жайгашкан Ришон-ле-Цион шаарында орун алган. "Израилге күйөө бала болгон М.Мансур нааразычылык акцияны токтотуу талабы менен сотко арыз тапшырган, бирок сот бул ишти териштирүүдөн баш тарткан. Араб мусулмандарынын жана еврейлердин үйлөнүүлөрүнө каршы чыгып келген “Лехава” уюмунун мүчөлөрүнө акцияны той өтүп жаткан жерден 200 метрден алыс өткөрүүгө уруксат берилген. Ошол эле учурда аларга каршы чыгып, түгөйлөрдүн баш кошуусун колдогондор да акция уюштуруп жатышкан. Полициянын жүздөгөн кызматкерлери баш аламандыкка жол бербөө үчүн көзөмөлдөп турушту.
М.Мансурдун жана М.Малканын тоюна 500гө жакын адам келди. Ал эми Израилдин президенти Реувен Ривлин аларга бакыт каалап, үйлөнүүгө каршы чыккандарды айыптады"
деп жазышты басылмалар.
http://www.super.kg/
kabar/news/78103/
Жашасын СҮЙҮҮ!
Каапыр менен үй-бүлө курууга эмнеге болбойт?
Араб жигити+еврей кызы=аларга каршы акция!
#2 18 August 2014 - 12:55
#3 18 August 2014 - 16:20
Кайсы тарап каршы чыгып жатат экен?
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#4 18 August 2014 - 16:47
Өткөндө, "мусулман аялы христиан динине өткөнү үчүн камакка алынып, өлүм жазасына тартылат"
-деген жанылыктарды окудум эле. Анан, көп адамдардын аралашуусу менен түрмөдөн чыгарылды окшойт. Бул мусулман мамлекетинин ичинде болгон эле. Ошонун сыңарындай,
аларда өз динин коргоп жатышса керек. Мыйзам түрүндө эч кандай чара клодоно албаса керек.
Азыр мусулман болуп жаткан еврейлер аябай көп, неге бул кызга асылганы кызык. М: Францияда, мусулман динин кабыл кылып жаткандар, европа мамлекеттерине салыштырмалуу басымдуулук кылат экен. Мындай темпте өсө берсе, келечекте Францияда ислам дининдегилер басымдуулук кылып калат экен, статистик маалыматтарга таянганда.
Азыр мусулман болуп жаткан еврейлер аябай көп, неге бул кызга асылганы кызык. М: Францияда, мусулман динин кабыл кылып жаткандар, европа мамлекеттерине салыштырмалуу басымдуулук кылат экен. Мындай темпте өсө берсе, келечекте Францияда ислам дининдегилер басымдуулук кылып калат экен, статистик маалыматтарга таянганда.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#5 19 August 2014 - 10:09
Германияда да мусулмандар күндөн күнгө көбөйүп жатат. 5млнго жакындап калыптыр.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#6 20 August 2014 - 02:19
Оозунарга май кобойо берели.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!

Супер-Инфо
super.kg
видео













