Кечээ кайрадан журок тупкурунон эстеп, бул жакка жазганымдын айынанбы же болбосо ал адам мени эстеп жатабы, айтор, тушумдо аны коруп чыктым. Элес булас калыптыр тушум эсимде. "Мени унут, мындан кийин да тынчымды алба",-деп ыйлап жаттым. Ал ансайын жакындай берди. Бир ээн токой, тан атып келе жаткан учур экен. Жакындаган сайын канчалык кучактап, жытын искегим келсе да озумо жолотпой качып жаттым. Жашоодо каалап турган нерсени кыла албоо ушул болсо керек. Сагынып, саргайып, "уйлонсо уйлоно берсин",-деп анын жанына барып, тоюнан мурда кучактап кучактап алгым келсе да, намыс, элдин созу, менталитетибиз жол бербейт тура. Ойгонуп алып шолоктоп ыйладым. Мен анын озуно гана тиешелуу жытын, мени суйуу менен караган коздорун, бармактарын бармактарымдын арасына киргизип аркамдан кучактаганын,
кулагыма "жалгызым"
деп шыбырашын, чачымдан жыттаганын,
жайбы-кышпы,
ысыкпы-суукпу "суук тийип калат, калыныраак кийинсенчи"
,-деп айта берген создорун, тамагым ооруп калбасын деп ото муздак суу сатып алганда, талашып жатып озу ичип койгонун, чон адамдардай корунгусу келгени менен экообуз гана калганда корсоткон жаш баладай кыялдарын , айтор аны сагындым, анын кылыктарын,
кыял-жоруктарын.
Ушуларды жазып жатып да, козумдон аккан жашка ээ боло албай турам. Качандыр бир кезде берген футболкасын жыты кетип калса деле жыттай бермей адатым бар. Анан бул жактан кетээрде унутуп калган сааты. Мага андан калган эстелик.
Күтүүсүз бурулуш... виртуалдуу дуйнонун жашоомо болгон таасири..
#382 15 Август 2014 - 12:38
Эх, журогум ооруп кетти.
Автор сабырдуу бол!
Бул кундор да отоооор.....
Автор сабырдуу бол!
Бул кундор да отоооор.....
#383 15 Август 2014 - 13:50
Журогум ооруп кеттиго(((((,сабырдуу болунуз,сизге бакыт каалайм.
#384 15 Август 2014 - 15:44
Кудай бактындан айрыбасын,коптун батасы тийип балким бактын кайрылат убакыт бар.Бактылуу бол!
#385 15 Август 2014 - 15:55
Myncha juroktu ezbeseniz(((((
Suiuu emne ekenin bilbei turup, jazganynyzga uwuncha jurogum.ezilip atat, owol otto kuiup jatkan sizdin abalynyz kandai boldu eken((
Suiuu emne ekenin bilbei turup, jazganynyzga uwuncha jurogum.ezilip atat, owol otto kuiup jatkan sizdin abalynyz kandai boldu eken((
#387 15 Август 2014 - 17:38
Аиии аябай кызыктуу экен и кызыгып да окудум! Сизге бакыт каалайм!
#388 15 Август 2014 - 17:58
Бир жагынан алып караганда, ушундай таза, тунук, чоооон суйууго кезиккен, сиз, бактылууу адам экенсиз!!
! Жогоруда айтылган жакшы тилектердин баарына кошулуп, дагы бир жолу ден соолук каалайм. Ден соолукта болунуз!!
!
#389 16 Август 2014 - 21:53
Анда шанс беринизчи дагы бир жолу,балким баары жакшы болоттур
#390 16 Август 2014 - 22:52
#391 16 Август 2014 - 22:53
#392 17 Август 2014 - 20:10
Дагы да болсо ыйлагым келип турат, абалынызды тушунуп орттонуп кетип жатам... Ушунчалык таза, тунук суйууго кезигип, анан баардык сезимдердинизди токпой-чачпай жеткире баяндап бергенинизге таазим. Дагы да болсо умутумду узбойм, балким тойу болбой калаар. Канткен кундо да баары суйуктуунуздун колунда...
Жашоо уйкуну сүйгөндөр үчүн эмес!
#393 17 Август 2014 - 21:17
Журогум ооруп атат.
Я буду терпеливым,
Я стану повторять:
Чтобы быть счастливым,
Нужно уметь ждать
#394 18 Август 2014 - 09:07
Дагы бир жолу "СУЙУУ"
аттуу кереметтуу сезим бар экенине ынандым. Сиздин келечегиниз алдында, баарын убакыт корсотуп озу таразалайтго деген ойдомун. Ийгилик!!
!
#395 19 Август 2014 - 18:53
Кечээ абдан кыйын болду. Жумуштан чыгып, бир коллегабыздын туулган кунун белгилеп коюу учун 6-7 адам болуп кафеге жонодук. Маанайым жакшы, шандуу отурдум. Жада калса коптон бери анчалык кулгон эмес элем. Кеч ойдогудай аяктап, саат 9дар чамасында уй-уйлорубузго тарадык. Мени уйго жеткирип коем деген коллеганын машинасында бара жатканбыз. Дем алуум кыйнап, журогум бат-баттан согуп, коздорум карангылай баштады. Ал рульда, анчалык этибар бере бербеди окшойт, суйлоп баратты. Мен терезени ачып коп коп дем алууга ашыгып, бул кыйноо отуп кетишин тилеп турдум. Бирок, кайсы убакта озумду жоготконумду билбейм, ооруканада козумду ачтым. Тыкан байланган чачым жайылып, оозума мурдума дем алуучу аппарат тагылып, колумда капельница укол тамчылап жатат. Карангы дуйнодон чыккандай болуп, козум жарыктан уялып кетти. Козумду кайра катуу жумуп, болгондорду эстегенге аракет кылдым. Уйго жеткирем деген коллегамды кыйын акыбалга тушургондугум учун уялып жаттым. Бир убакта чачымдан бироо аяр сылады. Бул мээримин токкон адам ким экендигин билбесем да , узакка чачымдан сылашын каалап эрээркеп турдум. Атургай жумулуу козумдон жаш аздан тамчылай баштады. Козумду ачканда жанымда Алмаз туруптур. Коздорунон мээрим тогулуп тургандай болду, "мен жанындамын,
коркпо",-деп козумдогу жашты аарчып койду. Ал ансайын коодонумдо кол болуп турган жаш сыртка чыккысы келип, ошол жерден жаш балача арызданууну каалап жаттым. Бир аздан кийин сезбей калган колу-бутум жазылып, бир аз озумду жакшы сезе баштаганда врач кирип келди.
-Эмне кылгын келип жатат?
-Уйго кетким келип жатат,-дедим тамагымды ондоп.
-Акыркы кундору журогунду эмнеге сыктын эле? Чон койгойлорун барбы?
-Жок, баары жайында.
-Жайында эмес экендигин мен билип турам. Эн аз убакыт ичинде психологго кайрылуунду сунуштайм.
Мен мелтиреп эле жарым созун угуп, жарым созун кулак сыртынан кетирип, потолокту тиктеп жата бердим да, бир аз убкыттан кийин:
-Бул жердин абасы жакпай жатат, мен уйумо кетейинчи.
Врач башын ийкеп, чыгып кетти. Алмаз кирип унсуз-созсуз турушума жардам берип, колумдан суйоп ордумдан тургузду.
-Эмне кылгын келип жатат?
-Уйго кетким келип жатат,-дедим тамагымды ондоп.
-Акыркы кундору журогунду эмнеге сыктын эле? Чон койгойлорун барбы?
-Жок, баары жайында.
-Жайында эмес экендигин мен билип турам. Эн аз убакыт ичинде психологго кайрылуунду сунуштайм.
Мен мелтиреп эле жарым созун угуп, жарым созун кулак сыртынан кетирип, потолокту тиктеп жата бердим да, бир аз убкыттан кийин:
-Бул жердин абасы жакпай жатат, мен уйумо кетейинчи.
Врач башын ийкеп, чыгып кетти. Алмаз кирип унсуз-созсуз турушума жардам берип, колумдан суйоп ордумдан тургузду.
#396 19 Август 2014 - 19:08
Эми эле коридорго чыга бергенде алсыздыгымдан болсо керек, буттарым баспай чалына тушкондо Алмаз кучактап калды. 4-5 секунддай созго келбей туруп калдым да, коздорумду дароо башка жакка буруп, белимден кармаган колдорун кое бердим.
-Мен озум эле,...
Созумду бутуро электе:
-Азыр машинага жетели.
-Сен кантип келдин?,-дедим оюма эми эле келген суроону берип.
-Анан айтып берем деди, мени эки колу менен катуу кармаганга аракет кылып.
Машинада ун-созсуз терезеге тигилип, жарыктарды карап келе жаттым. Эмнени ойлоорумду билбейм,эмнени суйлоорумду билбейм. Тек гана козумдон жаш тамчылап жатты.
-Сулуу кыз уктадыбы?,-деди Алмаз унун октом чыгарып.
Унчукпадым.
-Бир убакта муздап турган колумдан кармады. Жылуу экен. Колумду тартып албадым. Бул жылуулуктун отушун каалап, калыбымды бузбай келе бердим.
Уйго да келдик.
-Мен озум эле,...
Созумду бутуро электе:
-Азыр машинага жетели.
-Сен кантип келдин?,-дедим оюма эми эле келген суроону берип.
-Анан айтып берем деди, мени эки колу менен катуу кармаганга аракет кылып.
Машинада ун-созсуз терезеге тигилип, жарыктарды карап келе жаттым. Эмнени ойлоорумду билбейм,эмнени суйлоорумду билбейм. Тек гана козумдон жаш тамчылап жатты.
-Сулуу кыз уктадыбы?,-деди Алмаз унун октом чыгарып.
Унчукпадым.
-Бир убакта муздап турган колумдан кармады. Жылуу экен. Колумду тартып албадым. Бул жылуулуктун отушун каалап, калыбымды бузбай келе бердим.
Уйго да келдик.
Билдирүүнү түзөткөн: LaraKroff: 19 Август 2014 - 19:09
#398 19 Август 2014 - 19:46
сизди мурунку суйуунуздон да кучтуу, чон бакыт кутуп тургандай!
#399 19 Август 2014 - 23:46
Баары сизге чын журоктон бакыт каалап,куйуп-
бышып жатышат,сиздей керемет адам бар экендигине суктанып жатышат. Менда алардын катарындамын.