Суперстан: "Кандуу өрөөн" Артур Конан Дойл - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Кандуу өрөөн" Артур Конан Дойл Детектив

#21 Пользователь офлайн   belka   14 Август 2014 - 19:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Миссис Дуглас аны бек кучактап,Бэркер колун кысты.
-Жакшы кылдың,Жон.- деди миссис Дуглас.-Жакшы кылдың.
-Эң сонун болду,мистер Дуглас,-деп Холмс сүрөп кетти.
Ал киши көзүн жарыктан ала качып,бизди тигиле карады:көзү көк,коюу мурутун ак баскан,богоктуу, жалжагай ооз,жар кабак киши экен.Дуглас бизди бир сыйра карап чыкты да бир таңгак кагазды эмнегедир мага сунду.
-Сиз жөнүндө кабарым бар,-деди ал,англистерге да,америкалыктарга да анча окшобогон ыргактуу үн менен,-деп кебин улады.-Ишенип коюңуз,доктор Уотсон,мындай окуяны эгерим окуй элексиз.Каалаганыңыздай пайдаланыңыз. Мен сизге жалаң фактыларды гана бердим.Эки күндөн бери караңгы бөлмөдө камалып жатып,Кандуу өрөөн жөнүндө эсиме түшкөндөрдү жазымыш болдум.
-Кандуу өрөөн байыркы тарых,мистер Дуглас,-деди Шерлок каамарабай. -биз бүгүнкү тарыхты билгибиз келет.
-Аны айтп берем,сэр,-деп жооп кайтарды Дуглас.-Тамеки чексем болобу?
Холмс тамеки сунду.
-Ыракмат мистер Холмс.Мен билгенден сиз тамекисиз тура албайсыз,мен болсо тамекинин жытынан шек алып калышпасын деп,эки күн бою тамеки тартпай жашынып жаттым.-Ал асты ачык мешке жөлөнүп,сигараныкана сорду.-Сиз жөнүндө көп уккам,мистер Холмс,бирок качандыр бир кезде жолугуп калам деп ойлоп да койчу эмесмин.Сиз мына мындагыларды окугуча,-ал кагаздарга ээк нускады,-сизге өз оозуман бир топ жаңылыктан кабар салып берейин.
Макдональд аны үтүрөйө карады.
-Эгерде сиз Бирлстоундук Дуглас болсоңуз,анда эки күндөн бери кимдин өлүмүн иликтеп жүрдүк?Шайтандын шапалагындай болуп кайдан чыга келдиңиз?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   belka   14 Август 2014 - 22:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Ах мистер Мак,-деди Холмс жактырбаган кыязда.-Сиз король Карл баш калкалаган жай жөнүнд окугуңуз келбей койгону бекер болду!Ал жылдары кишилер жашыруун жайларга жашынышчу,ошол жайлар күнү бүгүнкү күнгө дейре сакталып калган болчу.Мистер Дугласты дал ошондой жашырын жайдан табабыз деген ишеничим чоң болчу.
-Аныңыз ырас болсо,бизди бөөдө кыйнабасаңыз деле болмок экен,мистер Холмс.-деди инспектор ачууланып.-Тирүү жүргөн кишини изилдетип,тапкан пайдаңыз кайсы?
-Силердин бир саат да убактыңар текке кеткен жок,кымбаттуу мистер Мак.Кечээги түнү гана башыма жаңы ой келип,аны бүгүн гана жүзөгө ашырыш мүмкүн болгондуктан сизге жана жолдоштоуңузга күндүз дем ала бергиле дегем. Айтыңызчы,башка эмне кылсам болмок? Аңгектен чыккан кийим-кечекти көргөндө велосипедчен кишимистер Дуглас колдуу болгонун дароо түшүндүм.Башкача болушу мүмкүн эме эле.Ошондуктан ал аялынын жана досунун жардамы менен үйдүн бир жерине жашынып,кийинчерээк качып кетмек болгон экен деген бүтүмгө келдим.
-Божомолуңуз туура чыкты,-деп кубаттады Дуглас.-Британдык сотуңар кандай жаза берээрин билбей,качып кетүүнү эп көрдүм.Ошентсем, менин сары изиме чөп алган өчмөнтөй душмандарым мени жайыма коюшат го деген ойго келдим.Мен кимдир бирөөлөргө жамандык кылган эмесмин. Аңгемемдин аягына чейин уксаңар ага өзүңөр күбө болосуңар.
-Мен башынан түшпөй эле коёюн.Анын баары буга жазылган.-Дуглас дептерди көргөздү,-таң калаарлык окуя.Кыскасы, иштин жөнү мындай.Мени өлгүдөй жек көрүп,колго түшүрсөк дегенде эки көзү төрт болгон кишилер бар.Алар тирүү турганда мен жашынчу жер жок.Алар мени Чикагодон Калифорнияга сүрүп чыгышты.Андан соң Америкадан жер котортушту. Үйлөнгөндөн кийин Англиянын бейпил графствосунда жашап калгандан кийин гана өмүрүмдүн акырын бейгам өткөрөм го деген ойго келдим.Ал жайды аялыма да айткан жокмун.Ага айтканда не пайда? Күн сайын чочулай бермек! Ошентсе да, алданемеден шек санагандай болду.Бирок кечеги күнго чейин абалдын жагдайын так билчуү эмес.Силер андан сурамжылагандан кийин гана билип калды.Ал дагы,Бэркер дагы билгендерин силерге төкпөй-чачпай айтып беришти." Мен өлгөн түнү кең кесири сүйлөшө албай калдык.Эми аялым башыман өткөндөрдү билет,ага мурдараак эле айтсам болмок экен.өткөн өмүрдүн сырын ичиме сактасам дурус болбу дегем,жаным" ,-деп Дуглас аялынын колун кысты.

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   belka   14 Август 2014 - 23:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

- Мырзалар,алаамат окуялар болоордон мурун Тенбриджге барып,көчөдөн бир кишини көрүп калдым.Койду көргөн карышкырдан бетер мени сапыра кууп жүргөн кас душманды көрө сала тааныдым.Көрөөр күнүм,ичээр суум түгөнүп калганын сездим.Үйгө келип,аны күтүп алууга даярдана баштадым,мурда менин атак даңкым кошмо штаттарда белгилүү болчу,бул жолку кыйынчылыктан да аман чыгаарыма ишендим.
керээли-кечке эшикке чыккан жокмун,антсем эле ал мени жашынып туруп өлтүрө атмак.Көпүрө көтөрүлгөндөн кийин ал бүгун келбей калды го деген ойго алдырдым.Кечинде конгөн адатыма салып халатчан үйдү айланып чыгып,бөлмөгө киргенде жүрөгүм шуу дей түштү. Көп коркунучту башынан кечирген киши аябай сак болуп калаи окшобойбу.Өлүм жакадан алып калганын эмнеден улам сезгенимди так айта лабайм.Терезе парданын артында батинкечен бирөө жашынып турганын байкап калдым.Мурда адярдап койгон балкага умтулдум.Душман мени баса жыгылды.Колундагы бычагын балка менен кагып жибердим.Бычагы колунан түшүп кетти,койнундагы мылтыгына асылды.Ал машааны баскыча,кундактан алып,мылтыктын оозун өйдө каратууга үлгүрдүм.Аябай кармаштык.Бир оокумда машааны басып калдым окшойт.Тед Болдуиндин башына ок кадалды.мен аны шаардан көрөөр менен тааныгам,мага асылганда да даана көргөм,бирок балжа-булжа болуп жерде жаткан денени мен эмес,тууган энеси да тааный алмак эмес.Не бир коркунучтуу иштерге күбө болсом да,башынан чоло жери жок кишин тик карай албай койдум.
Дал ошондо башыма оңбогондой сонун ой келе калды.Теддин жеңи түрүлүп билегиндеги ложанын белгиси даана көрүндү.Мынакей!
Дуглас жеңин түрүп,өлгөн кишиникине опокшош күрөң үч бурчтукту көрсөттү.
-Ошол тамганы көргөндөн кийин өзүмдү өлгөн киши менен алмаштырып койгум келди. Экөобүздүн боюбуз,дене түзүлүшүбүз бирдей,чачыбыз да окшош,бети башынын тамтыгы кеткендиктен, таанып бобойт.Бэркер экөөбүз анын костюмун чечип алып,менин халатымды кийгиздик да жаткызып койдук.Болдуиндин кийим-кечесин гимнастикалык ташка ородук да,терезеден сууга ыргытып жибердик.Ал алып келген карточканы анын жанына койдум.Шакегимди анын чыпалагына кийгиздим,нике шакекке келгенде...
Ал булчуңдуу колун сунуп көргөздү.
-Эч нерсе кыла албаганымды көрүп турасыңар.Үйлөнгөндөн бери шакекти колумдан чыгарган эмесмин.Бу жолу да чыгаргым келген жок,эмне болсо ошо болсун деп тобокелге салдым.
Өлгөн кишинин денесине малаам тарттым.Ушул жерден гана жаңылыштык кетирдиңиз мистер Холмс,малаамды сыйрып алсаңыз,жарааттын тагын көрмөк эмессиңер.
Иш ушундай болгон,бир аз күн жашырынып,бир жакка кетмекмин,кийинчерээк аялымды алдырып,калган өмүрүбүз бейкапар өтмөк.Болдуин мени өлтүргөнүн гезиттерден окуп,менин душмандарым тынчып калмак.Мен жашырындым да,калган ишти Бэркер бүтүрдү.
Ал эмне иш кылганын өзүңөр деле билгендей болдуңар.Биринчи кезекте өлтүрүүчү кантип качып кеткенин билгизиш үчүнтерезенин кашегине кандуу так калтырды.Мунусу табылгыс акыл болчу.Ошондон кийин гана,коңгуроо чалып башкаларга кабарлады. Андан аркысын билесиңер.Эми, жентельмендер, бирок мен ыймандай сырымы ортого салганыма ишенип койгула.Бир суроомо гана жооп күтөм:англиялык сот мени кандай жазага кириптер кылаар экен?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   belka   16 Август 2014 - 19:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Жымжырт боло түштү.Бир оокумда Шерлок Холмс сөз алды.
-Негизинен Англиялык закондор акыйкат келет,ошондуктан анча каттуу жазаланбайсыз. Айтыңызчы,сиздин ушул үйдө жашаарыңызды Болдуин кантип билди да,бул жерге кантип жашынып калды?
-Аны мен да билбейм.
-Менимче,бул иш ушуну менен эле бүтө калчудай эмес,-деди Холмс олуттуу.-Англиялык закондор,кала берсе Америкалык душмандарыңыз жасай албаган коркунуч сизди тооруп калганбы деп чочулайм.Көргөнүңүздөн көрө элегиңиз көп,ошондуктан сактыкка кордук жок деген накыл кепти эсиңизден чыгарбаңыз, мистер Дуглас. ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
ТАЗАЛООЧУЛАР

Сассексти бир аз мезгил жайына коюп,мындан жыйырма жыл илгери бир нече миң миль батыш жакта жайгашкан жерде болгон окуяга кулак төшөсөңүз ,кантет,окурманым? Ал окуяны угуп болуп,кантип эле ушундай болсун деп ишенкиребесеңиз эле болду.Дагы бир окуянын башынан түшкөн экен деп ойлобоңуз.Илгерки бир окуянын жандырмагын табар менен Бейкер-Стриттеги квартирадан кезигебиз да,башталган иштин соңуна чыгабыз.
БАШКЫ КАТЫШУУЧУ АДАМ

Бул иш 1875-жылы 4-февральда болгон.Кыш суук болуп,Жилмертон тоосунун капчыгайына кар терең жаады.Шахтерлордун жана заводдук кыштактарды бириктирүучү темир жол менен кечки поезд ойдунда жайгашкан Стегвиллден өрөөндүн жогор жагынан орун алган Вермисса шаарына жай гана жүрүп баратты.Туш тараптагы платформаларда көмүр жана темир кени жүктөлгөн.Кошмо Штаттардын бопбоз
болгон бул чөлкөмүндөгүтүгөнгүс байлыкка кызыгып,ар кайсы улуттун өкүлдөрү келе баштаган кез. Не бир кооз атайын жайлар да,көз мелжиген кара зоокалар жана чытырман токой каптаган түнөргөн жерге караандай албасы бул жерге биринчи келген адамдын түшүнө да кирбесе керек. Тоонун боорундагы чычкан мурду жөргөлөгүс калың токой ак кар,көк муз кетпеген чокуга дейре созулат. Кичинекей поезд арсак-терсек аскалардын арасындагы өрөөн менен баратты.Жыйырма- отуз киши түшкөн вагондордо жаңы эле жагылган шам күңүрт күйүп,иштен кийин үйлөрүнө бараткан шахтерлор тамеки тартып,кобурашып баратты.
Вагондордун биринде отурган эки полиция кызматкерин шахтерлор,жумушчу аялдар жана жергиликтүү дүкөндө иштеген эки-үч абышка утур-утур карап коюшат. Вагондун четинде орун алган жаш жигит,башкалардан обочолонуп баратты.Отуздарга келип калган орто бойлуу,ыймандуу немедей.Көк көз,кара чач,көз айнекчен вагондогуларга күлмүңдөй көз жүгүртөт.Бир көргөн кишиге куулук-шумдугу жок немедей көрүнгөнү менен,өңү-башына караганда эрки бекем,аябагандай алдуу-күчтүү экени көрүнүп турат.Бир-эки курдай коңшу шахтер менен сүйлөшүүгө аракет кылып көрдү эле,анын кыртышы сүйбөй чолок жооп кайтарганын баамдап,жаагы жап болду да,кабагын карыш салып,терезеден сыртка карап баратты.Темир жолдун эки тарабы калдыктарга толуп,андан ары кен бургулоочу мунаралар созулуп кетет.Эскилиги жеткен жыгач үйлөрдөн күңүрт жарык чыгып,бири-бирине кулап түшчүдөй элес калтырат. Поезд токтогон жер карала-торала болгон жумушчуларга толтура,Вермисса өрөөнүнө эл дем алыш үчүн эмес,тытынып иштеш үчүн келет. Терезеден көз албаган жаш жигит сырт жактан көргөндөрүнө бирде жийиркенип, бирде кызыгып карап баратты.Колундагы катты улам-улам окуп,каптал жагына бирдемелерди жазган болот.Бир маалда сумкадан шапа-шупа тапанчаны алып чыгып, жан чөнтөгүнө сала койду,бирок аны коңшу орундуктагы адам байкап калды.
-Ашына,сиз тобокелге салган жигиттенсиз го дейм?
Жаш жигит күлүмсүрөп койду.
-Мен келаткан жактагылар куралсыз жүрө алышпайт.
-Кайдан келатасыз?
-Чикагодон.
-Бул жерге биринчи жолу келишиңизби?
-Ооба.
-Курал-жарактын бул жерде да кереги тийет.
-Эмне үчүн?-жаш жигит кызыга сурап.
-Бизде эмне болуп жатканын уга элексизби?
-Жок.
-Мындагы окуя көп жерге белгилүү болду го деп жүргөм.Жакында аны өз кулагыңыз менен угасыз.Эмне жумуштап келдиңиз беле?
-Иштегени келатам.
-Жумушчу союзунун мүчөсүсүзбү?
-Албетте.
-Анда,балким, иш табылат.Жоро- жолдоштоуңуз барбы?
-Жок,бирок жоро-жолдош күтөмүн деген ойдомун.
-Кантип?
-Мен масондор орденинин мүчөсүмүн.Ар бир шаарда ложа бар,ложа болгон соң менин досторум да болот.
Жолоочунун айтканы жумушчуга катуу таасир этти белем,ал жанында отурган жүргүнчүлөргө чоочулай карады.Ордунан туруп келип,чоочун жигиттин жанынан орун алып,кол берип учурашты.
-Ишеннем дечи,ошондо да текшерип көрүш керек.
Оң колу менен өзүнүн оң кашын кармагылады. Бейтааныш ошол замат сол колу менен сол кашын кашыды.
-Кара көз айнек анча жакшы эмес,-деди жумушчу.
-Өзгөчө тентип жүргөн чет өлкөлүктөр үчүн.-деди жаш жигит.
-Жетиштүү болду.Мен Сканлейн деген тууганыңмын. Үч жүз кырк биринчи ложа,Вермисса өрөонүнө келишиңиз менен куттуктайм.
-Ракмат,менин атым Жон Макмердо,жыйырма тогузунчу.
-Кайда баратасың?
-Вермиссага.
-Үчүнчү аялдамада түшөсүң,кимдикине токтойсуң?
-Шеридан Стринттеги Якоб Шафтер дегендикине. Анын үйүн жолдошторумдун бири сунуш кылган болчу.
-Буюрса ложанын чогулуштарынын биринде кезигишээрбиз. Ишиң чыгып калса,геррмейстер Макджинтиге кайрыл.
Сканлейн түшүп калды.
-Бул жакка жаңыдан келатасыз го дейм,жигит?- кимдир бирөө ойго батып турган Макмердрого кайрылып.
Макмердо жалт бурулуп полиция кызматкерин көрдү.
-Эмне экен?-деди кыртышы сүйбөй.
-Эмне болмок эле,жергиликтүү адамдар менен абайлап таанышпасаңыз болбойт демекмин.Сиздин ордуңузда болсом Сканлейн сыяктуу банданын мүчөлөрүнөн оолак болмокмун.
-Ким менен таанышканымда эмне ишиңиз бар?-деп Макмердо кыйкырып жиберди эле,вагондогулар аны карап калышты.-Же мен сизден акыл сурашым керекпи?Эч качан андай болбойт,оң кулагыңыз менен да сол кулагыңыз менен да угуп коюңуз.
-Андай болсо экөөбүз жакын арада жолугат экенбиз.
-Сизден кымындай да коркпойм,-Макмердо ызырынды.-Менин атым Жон Макмердо,Вермиссадагы Якоб Шафтердин үйүндө жашайм,из жазгырат деп ойлобоңуз,түшүнүктүүбү?
Полиция кызматкерлери ийиндерин куушуруп,өз алдынча сүйлөшүп калышты.
Бир аздан кийин поезд тийиштүү станцияга токтоп,жарым сааттан кийин Макмердо эшик ачкан татынакай кыз менен сүйлөшүп жатты.
-Атам келип калган го легем,-деди ал немец акценти менен.-Атамда жумушуңуз бар беле? Ал шаарда,бир аздан кийин келип калыш керек.
-Жок,мисс,-деди жигит бир аз унчукпай калып,-шашылыш деле ишим жок.Ушул үйдө турсаң болот деп досторум сунуш кылган болчу.Жакшы үй экенине көзүм жетип калды.
-Сиз тез эле бүтүм чыгара коёт экенсиз да-кыз жылмайып койду.
-Сокур киши гана кеч жыйынтыкка келет.
Макмердо Шафтерлердикинде жашап калды,анысы аз келгенсип үйдүн кожоюнунун сулуу кызын бир көргөндө эле жактырып калды да,шамдагайлыгына салып экинчи күнү эле ашыктыгын айтты. Кыздын тескери жообуна чычалап кетти:
-Башка жигитиңиз барбы?-деп опурулду Макмэрдо.-Анда эле ал менден бирди көрөт!Бул үйгө келип эле көрсүнчү! Кайдагы бир неменин айынан өз бактыман кол жуумак белем!Азырынча жок деп туруңуз Этти,макул деп айтчу күн келет,мен али жашмын,ал күндүсаргая күтүп жүрө берем!
Ирландиялык жигит тилинен чаң чыккан,жакшы көрүп калган кыздын башын оңой айланта салган адам боло турган.
Бир күнү кечке жуук кыздын атсы мындай деп калды:
-Менин байкашымча, сиз менин кызыма сөзт айтып жүрөт окшойсуз?
-Ооба,-деди Макмердо.
-Убара болбоңуз,анын башка жигити бар.
-Аны билем.
-Билгениңиз жакшы экен.Жигиттин атын айткан жокпу?
-Айта элек.
-Сизди коркутпайын деген го.
-Кимден коркмок элем?-деди Макмэрдо кызыраңдап.
-Тед Болдуинден коркпойм деш болбойт.
-Аныңар ким деген эме?
-Ал башкы масондордун бири.
Макмэрдо Шафтерди тигиле карады.
-Мен дагы масонмун.
-Ошондойбу! Аны билсем жумасына жүз доллар берсеңиз да,үйүмдүн босогосун аттатмак эмес экенмин.
-Масондун эмнеси жаман?
-Ал деген киши өлтүрүүчүлөрдүн коому,билгиңиз келсе!
Макмэрдо кулүп калды.
-Сиз аны далилдей аласызбы?
-Далил керекпи?Элүү кишинин өлүмү далил эмеспи? Бүгүндөн калбай үйдөн чыгып кетиңиз!
Жигит дароо Эттини издеп тапты.Алар мейман күтчү бөлмөдө отурушканда эшик шарт ачылып,бир киши жайма-жай кирип келди.Этти ордунан атып турду.
-Менин жакшы таанышым мистер Болдуин.Мистер Макмэрдо,мистер Болдуин менен таанышып алыңыз.
-Бул ким?-деп суроо салды Болдуин кыжыры келип.-Биздин мамилебизди Этти айтты беле?
-Силер кандайдыр бир мамиледе болот деп ойлогон да эмесмин.
-Ойлобосоңуз мындан нары ойлоно турган болосуз.Кыз меники,сиз сыртка чыгып,сейилдеп келсеңиз да болот.
-Ыракмат,сейилдегим келбей турат.
-Ошондойбу?Анда мушташып көрсөк кантет,патирчи?
-Жакшы болот!-деп Макмэрдо ыргып турду.-Өмүр бою оозуңуздан азыркыдай акылдуу кеп чыкпаса керек.
-Сизге короткон кайран кол,-деди атаандашы.-Менин ачуума тийсеңиз акеңизди таанытып коём.
-Азыр эле мушташабыз. -деп чаңырды Макмэрдо.
-Качан мушташаарыбызды билдирем,кадырыңыз жан болсун.Көрүп алыңыз!
Ал жеңин түрүп,колундагы таң каларлык белгини:айлампанын ичине басылган үч бурчтукту көрсөттү.-Бул эмне экенин билесизби?
-Билбейм,билгим да келбейт!
-Эр жеткенде билесиз.
Болдуин каалганы тарс жаап чыгып кетти.
Кыз ирланддык жигиттин мойнуна асылды:
-Ох,Жон,эр жүрөк турбайсыңбы. Бирок эрдигиңен пайда жок,бүгүнтөн калбай качышың керек,Жон! Качпасаң болбойт!Аны Макгинти баш болгон ложа бүт колдойт.
Макмэрдо кыздын кучагынан бошонуп чыкты да,бетинен өөп орундукка отургузду.
-Мен жөнүндө кабатыр болбо.Мен дагы масонмун,ал жөнүндө азыр эле атаңа айттым.А балким,мен башкалардан айырмам жок немедирмин, ошондуктан мени анчалык ыйык тутпасаң деле болот.А балким масон экенимди билип,мени жек көрүп калаарсың?
-Сени жек көрбөй калайын!Масон экениң ырас болсо,Макгинтиге айтып жардам сура.Батыраак Жон!Сен ага Болдуинден мурун жеткидей бол!
-Мен дагы ошондой ойдомун,-деди Макмэрдо.-Кеттим ,анда.
Бир сааттан кийин Макмэрдо Макгинти менен сүйлөшүп жатты.



Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   belka   16 Август 2014 - 20:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Кайдан болосуз?
-29-ложа.Чикаго.
-Качан кабыл алынгансыз?
-1872-жылы 22-июнда.
-Геррмейстериңер ким?
-Жеймс Г.Скотт.
-Эмне үчүн Чикагону таштап келдиңиз?
-Аны сизге айта албайм!
Макгинтинин ачуусу кайнап чыкты.
-Эмне үчун айтпайсыз?
-Анткени тууган тууганга калп айта албайт.
-Эмесе мындай,мистер, мен геррмейстер катары тууганымдын өткөн турмушун билбей туруп,ложага кабыл албайм.
Макмэрдо ойлоно калды да,төш чөнтөгүнөн гезиттин кесиндисин алып чыгып,геррмейстерге сунду.
Макгинти 1874-жыл жаңыраарына бир жума калганда Чикагодогу "Лейк-Салунда" Хуан Пинто атылган деген кабарга көз жүгүрттү.
-Сиз колдуу болду беле?-деди,макаланы кайра берип жатып.
Макмэрдо баш ийкеди.
-Эмне үчун өлтүрдүңүз?
-Мен Сем абама жасалма акча жасоо үчүн кол кабыш кылчумун.Пинто аны соодалашканда мага жардам берчү?Бир күну бул ишке мойнум жар бербейт деп алды.Жиним келип атып салдым да,качып баса бердим.
-Эмне үчүн бул жакка качтыңыз?
-Бул өрөөндүн полициясы анча жакшы иштебейт деген кабарды угуп калдым.
-Сиз дагы эле доллар жасаганды билесизби?
Макмэрдо чөнтөгүнөн бир нече доллар алып чыкты.
-Мына булар Филадельфияда жасалганын ким тана алат.
Бери бериңизчи?-Макгинти долларды маймылдыкына окшоп жүн баскан шадылуу колу менен алды да,жарыкка салып карады.-Буюрса, ложанын эрке баласы болуп калат окшойсуз.

2. ТАЗАЛООЧУЛАР
Ложанын жетекчисинин кыжыры кайнап турса да,каткырып күлдү.
-Мындай азаматты көптөп бери көрө элекмин! Ложа кубанаарына ишенем.Кара баскырдыкы десе!-деп эшик кагылганда кыйкырып жиберди.
-Сизге эмне керек? Жентльмен менен көзмө-көз сүйлөшүп отурганда да жолтоо болбой тура албайсыңар го дейм?
Бөлмөгө кирген кызматчы күнөөлүү кишиче жер карады:
-Кечиресиз,кеңешчи, бирок мистер Тед Болдуин сизде шашылыш ишим бар дейт.
Ал оозун жыйып алгыча,Болдуиндин башы көрүндү.Ал кызматчыны сыртка түртүп ийип,эшикти жаап койду.
-Демек,-деди Болдуин Макмэрдону жутуп ийчүдөй болуп сурдана карап,-менден мурун жетип келген экенсиз да.Кеңешчи,мен бул киши жөнүндө бир-эки ооз сөз айтышым керек.
-Менден жашырбай эле айта берсеңиз болот,-деди Макмэрдо.
-Аны мага коюңуз!-деди Болдуин жини келип.
-Акырын,-деди макгинти бочкадан өйдө болуп.-Биздин тууганды минтип тосуп алышыбыз болбойт.Болдуин, кол алышып элдешип алгыла.
-Эч качан!-деди Болдуин үнун бийик чыгарып.
-Калыс болуп бериңиз,кеңшечи. -деди Макмэрдо.
-Чатагыңардын себеби эмне?-деди Макгинти нааразы болгон кыязда.
-Кыз.
-Талашыңарды кыз өзү чечет.
-Эмне үчүн?-деди Болдуин.
-Ложанын эки бир туууганы чатакташып калса,маселе ошентип чечилет.
-Бул сиздин акыркы сөзүңүзбү?
-Ооба,Тед Болдуин,-деди Макгинти аны сумсая карап.-Эмне, сиз менин чечимиме нааразысызбы?
-Албетте,сизге беш жыл бою кызмат өтөп жүрсөм,жаңы келген жолбунга жан тартканыңызга жол болсун.Мунуңуз болбойт.Сиз иштен түшпөс мистер эмессиз,Жек Макгинти,кийинки шайлоодо....
Кеңешчи жолборстой болуп Болдуинге атырылды да,аны алка-жакадан алып,бочкалардын бирине жыкты.Макмэрдо арага түшпөсө Болдуин оңбой калмак.
-Катуу кетпеңиз кеңешчи,анча катуу кетпеңиз,-деп кожоюнду өйдө тургузду.Мистер ачуусун жыйнап,өң алеттен кеткен Болдуин араң дем алып,бочкага көчүк басты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   belka   16 Август 2014 - 20:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Кайдан болосуз?
-29-ложа.Чикаго.
-Качан кабыл алынгансыз?
-1872-жылы 22-июнда.
-Геррмейстериңер ким?
-Жеймс Г.Скотт.
-Эмне үчүн Чикагону таштап келдиңиз?
-Аны сизге айта албайм!
Макгинтинин ачуусу кайнап чыкты.
-Эмне үчун айтпайсыз?
-Анткени тууган тууганга калп айта албайт.
-Эмесе мындай,мистер, мен геррмейстер катары тууганымдын өткөн турмушун билбей туруп,ложага кабыл албайм.
Макмэрдо ойлоно калды да,төш чөнтөгүнөн гезиттин кесиндисин алып чыгып,геррмейстерге сунду.
Макгинти 1874-жыл жаңыраарына бир жума калганда Чикагодогу "Лейк-Салунда" Хуан Пинто атылган деген кабарга көз жүгүрттү.
-Сиз колдуу болду беле?-деди,макаланы кайра берип жатып.
Макмэрдо баш ийкеди.
-Эмне үчун өлтүрдүңүз?
-Мен Сем абама жасалма акча жасоо үчүн кол кабыш кылчумун.Пинто аны соодалашканда мага жардам берчү?Бир күну бул ишке мойнум жар бербейт деп алды.Жиним келип атып салдым да,качып баса бердим.
-Эмне үчүн бул жакка качтыңыз?
-Бул өрөөндүн полициясы анча жакшы иштебейт деген кабарды угуп калдым.
-Сиз дагы эле доллар жасаганды билесизби?
Макмэрдо чөнтөгүнөн бир нече доллар алып чыкты.
-Мына булар Филадельфияда жасалганын ким тана алат.
Бери бериңизчи?-Макгинти долларды маймылдыкына окшоп жүн баскан шадылуу колу менен алды да,жарыкка салып карады.-Буюрса, ложанын эрке баласы болуп калат окшойсуз.

2. ТАЗАЛООЧУЛАР

Ложанын жетекчисинин кыжыры кайнап турса да,каткырып күлдү.
-Мындай азаматты көптөн бери көрө элекмин! Ложа кубанаарына ишенем.Кара баскырдыкы десе!-деп эшик кагылганда кыйкырып жиберди.
-Сизге эмне керек? Жентельмен менен көзмө-көз сүйлөшүп отурганда да жолтоо болбой тура албайсыңар го дейм?
Бөлмөгө кирген кызматчы күнөөлүү кишиче жер карады:
-Кечиресиз,кеңешчи, бирок мистер Тед Болдуин сизде шашылыш ишим бар дейт.
Ал оозун жыйып алгыча,Болдуиндин башы көрүндү.Ал кызматчыны сыртка түртүп ийип,эшикти жаап койду.
-Демек,-деди Болдуин Макмэрдону жутуп ийчүдөй болуп сурдана карап,-менден мурун жетип келген экенсиз да.Кеңешчи,мен бул киши жөнүндө бир-эки ооз сөз айтышым керек.
-Менден жашырбай эле айта берсеңиз болот,-деди Макмэрдо.
-Аны мага коюңуз!-деди Болдуин жини келип.
-Акырын,-деди Макгинти бочкадан өйдө болуп.-Биздин тууганды минтип тосуп алышыбыз болбойт.Болдуин, кол алышып элдешип алгыла.
-Эч качан!-деди Болдуин үнун бийик чыгарып.
-Калыс болуп бериңиз,кеңшечи. -деди Макмэрдо.
-Чатагыңардын себеби эмне?-деди Макгинти нааразы болгон кыязда.
-Кыз.
-Талашыңарды кыз өзү чечет.
-Эмне үчүн?-деди Болдуин.
-Ложанын эки бир туууганы чатакташып калса,маселе ошентип чечилет.
-Бул сиздин акыркы сөзүңүзбү?
-Ооба,Тед Болдуин,-деди Макгинти аны сумсая карап.-Эмне, сиз менин чечимиме нааразысызбы?
-Албетте,сизге беш жыл бою кызмат өтөп жүрсөм,жаңы келген жолбунга жан тартканыңызга жол болсун.Мунуңуз болбойт.Сиз иштен түшпөс мистер эмессиз,Жек Макгинти,кийинки шайлоодо....
Кеңешчи жолборстой болуп Болдуинге атырылды да,аны алка-жакадан алып,бочкалардын бирине жыкты.Макмэрдо арага түшпөсө Болдуин оңбой калмак.
-Катуу кетпеңиз кеңешчи,анча катуу кетпеңиз,-деп кожоюнду өйдө тургузду.Мистер ачуусун жыйнап,өң алеттен кеткен Болдуин араң дем алып,бочкага көчүк басты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   belka   16 Август 2014 - 23:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Ушуну көрмөксүң Тед Болдуин.Менин ордумду ээлейин дегенде эки көзүңүз төрт экенин билем.Азырынча ложаны мен башкарам,түшүнүктүүбү? Мага акыл айтып же каяша кылгандардын көрбөгөнүн көр кылам!
-Сизге каршы жаман оюм жок,-деди Болдуин мойну-башын кармалап.
-Андай болсо,үчөөбүз тең достоштук,-деди Макмэрдо жайдарыланып.
Текчеден бир бөтөлкө шампан алып,оозун ачты.
-Ложанын ынтымагы үчүн ичебиз.Мындан кийин бир-бириңерге кек сактабайсыңар. Кана,сол колуңуз менен оң колумду кармаңыз.Суроомо жооп бериңиз.Тед Болдуин:кандай таарынычыңыз бар?
-Калдайган кара булут басып калды.
-Кара булут биротоло тарайт.
-Ант берем!
Алар шампан ичишкен соң,Жон да ырым-жырымды кайталады.
-Эмесе талашыңар ушуну менен бүтсүн,-деди Макгинти колун укалап.-Эгер жоолаша берсеңер,ложа экөөңөрдөн тең кол үзөт.Мен айтканымдан кайтпай турганымды Болдуин тууган жакшы билет,сиз да билип коюңуз Макмэрдо.Ошондуктан бул жерде тек жүрүңүз.
-Чатакташпайм деп ант берем,-деди МакмэрдоБолдуинге кол берип.Ложанын башчысы андан көз албай турганын байкап,Болдуин сунулган колду кысууга аргасыз болду.Бирок Жондун сөзүнө кымындай да көңүл бурбаганы анын сумсайган жүзүнөн көрүнүп турду.
Макгинти экөөн тең далыга чапкылады.
-Ай ушу кыздардыкы өтүп кетти!Бир кыз эки азаматтын ортосуна от жагып жибергенин карап кой.Шайтан басты деген ушу болот.Эмесе сулуу кыз маселени өзү чечсин.Мындай ишке мастер киришпейт.Аялдарсыз деле ишибиз чачтан көп.макмэрдо тууган сиз ложага мүчө болосуз.Биздин жол-жобобуз Чикаголуктардан башкачараак. Ложанын мүчөлөрүнүн чогулушу ишемби күнү кечинде болот.341- ЛОЖА
Эртеси МакмэрдоЖейкоб Шафтер абышканын үйүнөн шаардын четинде жашаган Макнамаранын жесиринин жасалгалуу үйүнө көчүп барды.Сканлейн деген таанышы да көп өтпөй Вермиссадагы ошол үйгө жайгашты. Кемпирдин көп бөлмөлүу үйүндө алардан башка кишилер жашачу эмес.Эки дос ал үйдө кене-чонон жашап калышты.Шафтер адамгерчилик кылып,Жон анын үйүнөн түштөнүүгө уруксат эткендигинен улам,ал Этти менен күнүгө көрүшүп турчу болду.Бара-бара алардын мамилеси жакшырды.
Жаңы квартирада Макмэрдо өзүн бейгам алып жүрдү.Жасалма акча жасачу аспаптарын алып чыгып,ложанын мүчөлөрүнө да жашырып көргөздү. Акырында ар-бир тазалоочу ал жасаган бир нече тыйындуу болушту.Макмэрдонун тыйындарын коротпой эле соода-сатыкка колдонсо болчудай эле. Тыйын жасап эле күн көрсөң болмок экен дегендерге Макмэрдо мындай дечү:иштебей койсом полиция шекшип калат.
Көп өтпөй ал полициянын бир кызматкери менен келише албай калды,бирок анын зыянынан пайдасы көп болду.Ложанын башчысы менен алгачкы жолу таанышкандан кийин Макмэрдо ар күнү бирлик үйүнө барчу болду.Тайманбай сүйлөп,кадыр- баркка да жетишти.Дагы бир окуядан кийин анын аброю кадимкидей көтөрүлдү.
Кечкурун,барга адамдар толуп калган кездеполициянын көк кийимин кийген киши кирип келди.Бир саамга тынчтык өкүм сүрүп,баары аны карап калышты.Макгинти гана ага кайдыгер мамиле жасап,инспекторду байкамаксан болду.
-Виски бериңизчи,түн чыкыроон суук болуп турат.-деди полициянын кызматкери.
-Сиз экөөбүз тааныша элекпиз го дейм,кеңешчи?
-Сиз жаңы инспекторсузбу? -деди Макгинти суроого жооп бербей.
-Ооба.Сиз жана сизге окшогон кадыр-барктуу атуулдар шаарда закон жана тартип сакталышына жардам берээрине ишенебиз.Капитан Мервин деген мен болом.
-Сизсиз деле бизде жаман эмес болчу капитан,-деди Макгинти кыртышы сүйбөй.-Полициянын кызматкерлеринен көп нерсе жок.
-Таарынычты коё туралычы,-деди инспектор.-Милдетибизди аткарсак болгону да...Бирок аны ар ким ар башкача түшүнүп жүрөт.-Ал вискини түгөтө ичип болуа сыртка чыгып баратып кабагы салыңкы Макмэрдону көрүп калды.-Ого! -деди Мервин ага кунт коюп карап.
-Кайдан жүрөсүз ,жоголгон малдын көзүндөй болуп?
-Сиздей фараон досум жок!-деди Макмэрдо жактыра бербей.
-Тааныштын баары эле дос боло бербейт.-деди полициянын кызматкери күлүмсүрөп. -Сиз Чикаголук Жон Макмэрдосуз го дейм.Аны танбассыз?
Жон ийнин куушурду.
-Эмне үчүн танмак элем.Же мен өз ысымымды айткандан уялмак белем?
-Уялсаңыз деле болмок.
-Ал эмне дегениңиз?-деди Макмэрдо муштумун түйүп.
-Мен буга чейин Чикагодо иштегем,ал жердеги шумпайларды беш колумдай билем.
-Чикагонун борбордук башкармасында иштеген Мервин сиз болосузбу?
-Үстүнөн түштүңүз,Жонс Пинто аттуу атылып өлгөн кишини унута элекпиз.
-Мен аны өлтүргөн эмесмин!
-Ошондойбу! Эмнеси болсо да анын өлүмүнө сизди күнөөлөй албайбыз.Ошондуктан Чикагого кайра барсаңыз болот.
-Бул жердеги турмушум да жаман эмес.
-Жаш жигит,мен айткан кабарга сүйүнсөңүз да болмок.
-Ыракмат,-деди Макмэрдо күңкүлдөп.
-Эскертип коёюн,үйрөнгөн адатыңызга салып,жаман жорук баштабаңыз. Жакшы жатып,жай тургула.
-Ошентип коюп бардан чыгып кетти.Макмэрдонун Чикагодогу эрдиги жөнүндө күбүр-шыбыр сөз боло калганда ал күлүмүш болуп кутулуп кетчү.Азыр имиш чынга айланды.Бардагылар Жонду тегеректеп, колун кысып,виски ичирип жатышты.Жон чакалап ичсе да мас болчу эмес,бирок бүгүн Сканлейн жок болгондо үйүнө жетпей калмак.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   belka   17 Август 2014 - 11:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ишемби күнү кечинде Жон ложага катталды.Мурда эле туугандардын мүчөсү болгондуктан Вермиссанын ложасына оңой-олтоң эле өтөм го деген ойдо болчу,бирок өрөөндүн өзүнүн каада-салты бар болчу.
Вермиссада туугандардын алтымыштай мүчөсү бар экен,бирок ал уюмдун бир гана бөлүгү болуп саналчу,анткени өрөөндүн башка шаарларында бир топ ложалар бар болчу.Керек болгондо алар бири-бирине кол кабыш кылчу.Ложа Макгинтинин ушундай жыйындарына арналган чоң бөлмөсүнө чогулду.Бөлмөдө эки узун үстөл бар болчу.Тазалоочулар алардын бирине топтолуп,бөтөлкөлөр жана стакандар тизилген экенчи үстөлдү улам карап коюп турушту.Кара баркыт шапке кийип,көкүрөгүнө курак тагынган Макгинти төрагалык кылды.Анын эки жагында моюн орогучтары опокшош жогорку деңгээлдеги туугандар отурушту.Алардын арасында сурданган Тед Болдуин да бар болчу.Калгандары жашы улгайып калгандар эле.Ложанын катардагы мүчөлөрү көбүнесе он сегиз-жыйырмадагы уландар болчу.Алар киши өлтүрүүчүлөрдүн тобуна мүчө болгонуна корстон болгонуна ишениш кыйын эле.
Тазалоочулар ложага жакпай калгандардын же ага коркунуч туугузгандардын көзүн тазалап турушчу.Ложанын кассасына "өз ыктыяры" менен мүчөлүк акы төлөбөгөндөр же анын бетин ашкерелөөгө аракет кылгандар да өлүм жазасына тартылчу.Тазалоочулар алгач коркутуп-үркүтүп кирчү,андан натыйжа чыкпаса үйлөрүн өрттөп же өлтүрүп тынышчу.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   belka   17 Август 2014 - 13:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Адегенде алар сыр билгизбей жашыруун аракеттенип жүрүштү,бирок полициянын алсыздыгына көздөрү жеткенден кийин өз билгенин жасай башташты.Көп өтпөй бүт өрөөн алардан коркуп калды. Аларга каршы жан адам күбөгө өтчү эмес,кээде иш сотко ашкан күндө да аларды актап алчулар четтен табылчу.Андай учурда акчанын көзүнө карабай чыгым тартышч.Ложа он жылдын чинде бир да мүчөсүн жоопко тарткызган жок.Тазалоочулар өз курмандыктарынан гана жапа чекпесе,башкалардан коркчу эмес.Анткени ложанын мүчөлөрү кылмыштуу ишке канчалык кылдаттык менен даярданса да,жан далбас кылган шордуу аларга каршылык көрсөтүп,кээде майып кылып да койчу.
Макмэрдо ложага мүчө болуш үчүн кандайдыр бир сынактан өтөөрүн билчү,бирок ал кандай сыноо экенин эч ким эскерткен эмес.Эки тууган Жонду коңшу бөлмөгө алпарышты.Ал жактан кобур-собур үн чыгып,анын аты айтылгандай болду.Бир убакта эшик ачылып,жылтылдаган жашыл моюн орогучу бар жигит Макмэрдого басып келди.
-Мастер сиздин жеңиңизди өйдө түрүп,көзүңүздү таңып чогулуш өтчү жайга алпарууга буйрук берди,-деди да эки тууган үчөө Макмэрдонун күрмөсүн чечип,көйнөгүнүн оң жеңин чыканагына чейин түрүп,жип менен колун катуу байлады да,кара баш кийим кийгизди.Андан соң жетелеп жөнөштү.
Жон көзгө сайса көрүнгүс караңгыда бараткандай болуп,деми кыстыкты.Макгинтинин добушун араң укту.
-Жон Макмэрдо,-деди ал,-Сиз масондордун байыркы орденинин мүчөсүсүзбү?
Макмэрдо ооба дегенсип башын ийкеди.
-Чикагодогу ложаңыз жыйырма тогузунчубу?
Жон баш ийкеди.
-Калдайган кара туман.
-Ооба тентиген чет өлкөлүктөр үчүн.
-Калдайган кара булут.
-Ооба,бороон- чапкын согот.
-Ыраазысыңарбы туугандар?-деп мастер суроо катты.
Көпчүлүк коштоп кетти.
-Сиздин жообуңуздан туугандарга мүчө экениңизди билдик.Бирок, биздин ложанын өзүнчө каада-салты бар.Ошондой сыноого чыдамыңыз жетеби?
-Жетет.
-Жүрөгүңүз чыдайбы?
-Чыдайт.
-Бир кадам алга басыңыз.
Ошо замат Макмэрдо көзүнө бирдеме сайылганын сезди.Бир кадам алга басса эле көзүнөн ажырап калаарын туйду.Тобокел деп алга кадам шилтеди,бирок ошол замат көзү оорубай калды.Кубаттаган үндөр угулду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   belka   17 Август 2014 - 14:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Мунун жүрөгү чыдамкай экен,-деди кимдир бирөө.-Ооруга чыдай аласызбы?
-Чыдай алам.
-Текшергиле.
Макмэрдо чаңырып ийе жаздады:анын колу оңбогондой ооруп чыкты.Аң-сезиминен ажырап баратса да,онтолоп жибербеш үчүн муштумун түйүп,эрдин кырча тиштеди да:
-Ушу да кеп бекен.-деп койду.
Мактаган үндөр угулуп,кимдир бирөө далыга таптады.
Андан кийин баш кийимин чечип алышты.Жон бир саамча жарыктан көзүн жүлжүйтүп,күлүмүш болуп кыймылсыз турду.
-Дагы бир нерсени эсиңизге салайын,Макмэрдо, -деди Макгинти.-Сиз сырды жашыра билемин жана сөзүмө бекем турамын деп ант бердиңиз.Антты бузсаңыз дароо өлүм жазасына тартылаарыңызды билесизби?
-Ооба.
-Мастердин бийлигине дайыма баш ийүүгө даярсызбы?
-Ооба.
-Эмесе Вермиссанын үч жүз кырк биринчи ложасынын атынан сизге туугандыктын бардык укугун жана жеңилдиктерин тартуулаймын. Сканлейн тууган,винону үстөлдүн үстүнө алпарыңыз,биздин татыктуу тууганыбыздын ден-соолугу үчүн ичебиз.
Макмэрдо күрмөсүн кийерден мурун өзүнүн оң колун карады. Чыканагына жакын жерге алкак жана үч бурчтук белги басылыптыр. Эки-үч адам өз колундагы ошондой белгини көрсөтүштү.
-Баарыбызга ошондой белгини басышкан,бирок баарыбыз эле сиздей чыдамкайлыкты көрсөткөн эмеспиз,-деди алардын бири.
Макмэрдо колу чыдатпай турса да:
-Ушу да кеп бекен!-деп күлүмсүрөп койду.
Ложанын жаңы мүчөсү үчүн вино ичилгенден кийин кезектеги иштерди талкуулоого өтүштү.Макмэрдо кунт коюп укту.
-Менин чөнтөк дептериме биринчи болуп Жилмертон ложасынын эки жүз кырк тогузунчу номурундагы мастер Виндлдин катын окуп берүү жазылыптыр. Ал мындай дейт:
"Кымбаттуу сэр,бизге жакын жердеги көмүр кендеринин ээси болгон"Рэ жана Стермиш"фирмасындагы Эндрю Рэге байланышкан ишти бир жаңсыл кылуу зарыл.Сиздин ложа бизге жардам бериш керек,анткени өткөн күздө полиция менен болгон иште биздин эки тууганыбыз сиздерге көмөктөшкөн болчу.Сиздер жөндөмдүү эки адамды жиберсеңер, алар силерге тааныш эсепчи Хиргинстин карамагына өтүшөт да,анын айтканы менен болушат.Сизди урматтап В.О.Виндл" Виндл керек учурда бир-эки жигитин бизге жардамга жиберип турчу,-деп кошумчалады Макгинти,-ага жардам бербесек болбойт,-деп ал чогулгандарга газар салды.-Өз ыктыяры менен барчулар барбы?
Бир топ жигит кол көтөрдү.Мастер аларды жактырганын билдирип,күлүмсүрөп койду.
-Сиз жарайсыз,жолборс Кормак.Өткөн жолкудай жакшы иштесеңиз,жарадыңыз. Сиз да жарайсыз,Уилсон.
-Менин тапанчам жок.-деди Уилсон аттуу жигит.
-Бул сиздин биринчи ишиңиз болсо керек ээ?Качандыр бир кезде сынактан өтүшүңүз керек болчу.Убагында жакшы иш баштамак болдуңуз.Тапанчаны дүйшөмбү күнү аласыз.
-Биз сыйлык алабызбы?-деп сурады арыкчырай,ыраңы суук жаш жигит. Кан эңсеген киши болгондуктан, аны бекеринен жолборс деп аташпаса керек.
-Ал жөнүндө кабатыр болбогула,силер үчүн бир нече доллар табылаар.
-Бул киши эмне кылды эле?-деп сурады Уилсон.
-Экинчи мындай суроо бербеңиз,ал киши кылмыш кылган жеринен жазаланган. Эмне үчүн жазаланганын иликтеш биздин иш эмесалар бизге кандай жардам берсе,биз да ошого тете жардам көрсөтүшүбүз керек.Баса,келерки жумада бизде иштеш үчүн Жилмертон ложасынан эки тууган келет.
-Ким экен?
-Андай суроонун кажаты жок.Билбейм деген үйдөй балээден кутуларын унутпагыла, антпесеңер полицияга сурак берип жүрүп суй жыгыласыңар. Өзүңөрдүн да,башкалардын да башын оорутпагыла. Ал экөө тапшырмаларды көп аткараарын гана билем.
-Ишке киришпесек болбойт,-деди Тед Болдуин.-Антпесек биердегилер көз-көрүнөө кутуруп кетишти.Өткөн жумада Блейкер деген эме биздин үч жигитибизди үйүнөн кууп чыгыптыр.Анын акесин таанытып коюш керек,экинчи өйдө карабагыдай кылып.
-Анын жинин эмне менен кагасыңар?-деп Макмэрдо коңшусунан сурап калды.
-Биздеги тартип жөнүндө кандай ойдосуз тууган?
-Тартибиңер мага жагып калды,-деп жооп кайтарды Макмэрдо.-Тайманбаган жигиттерге иш табылат экен.
Ага жанаша отурган бир топ тазалоочулар анын сөзүн угуп калып,кол чаап жиберишти.
-Эмне болуп кетти?-деп суроо салды төрдө отурган мастер.
-Жаңы тууганыбыз биздин каада-салтты мактап жатат сэр.
Макмэрдо ордунан турду.
-Урматтуу мастер,сизге киши керек болсо,мени унутпаңыз ложага жардам берүүнү ыйык милдет деп түшунөм.
Анын сөзүнө жана кол чабышты.Улам эле сороктоп чыгы калган немени жактырбагандар да болду.
-Менимче,-деди төраганын жанында отурган куш тумшук,чачын бубак баскан катчы Гервей,-мастер иш таап бермейин Макмэрдо күтө турганы эле оң.
-Кабатыр болбоңуз тууган,жакын арада сизге да иш таап беребиз,-деди төрага.-Сиз ишке жулунуп турганыңызды көрдүк.Кааласаңыз бүгүн түнү майда-барат бир ишке катышсаңыз да болот.
-Сөссүз катышамын.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   belka   17 Август 2014 - 16:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Анда бүгүн ишке чыгыңыз.
Макгинти кайрадан тизмеге үңүлдү.
-Кезектеги маселеге өтөбүз.Хиггинс эсеп берсин.Кассада канча акчабыз бар?Жим Карнавдын жесирине жардам беришибиз керек.Ложанын иши үчүн курман болгондордун үй-бүлөсүнө жардам бербесек болбойт.
-Тууганыбыз Честер Уилкоксту атып өлтүрүшмөк болгондо Жимге ок жаңылып өлгөн.-деди жанында отурган киши Макмэрдого кайрылып.
-Кассабыздагы абал жаман эмес,-деди Хиггинс эсеп-кысап китебин колуна алып.-Кийинки кезде бардык фирмалар марттык кылды. "Макминдер жана анын шериктери" беш жүз сом которду. Бир тууган Уокерлер жүз сом жиберишкен экен,беш жүзгө жеткиргиле деп кайра салып жибердим.Шаршембише чейин акча жиберишпесеалардын тегирмени керектен чыгат.Айтканыбызга көнбөй койгондуктан өткөн жылы алардын плотинасын өрттөп жибергенбиз. Батышта көмүр компаниясы да бир жылдык мүчөлүк акысын салып ийиптир.Кассада акча көп,бардык милдетибизден кутулсак болот.
-Арчи Свиндондон эмне кабар бар?-деп суроо салды кимдир бирөө.Ал колундагысын бүт сатып көчүп кетти,жөн кетпей бузукулардын оту менен кирип күлү менен чыгып көмүр кенине ээ болгуча Нью-Йорктун көчөсүн шыпырганым жакшы деп кат жазып кетиптир.Кат бизге жеткиче изин суутуп,ырас эле кылыптыр.менимче ал экинчи жолу өрөөнгө келе албайт.
Сакал-муруту тегизделген маңдайы жазы карыя ордунан турду:
-Айтыңызчы эсепчи,биз облустан айдап чыккан адамдын мал-мүлкүн ким сатып алды?
-Аны Жилмертон темир жол компаниясы сатып алды,Моррис тууган.
-"Тодмен менен Линин" көмүр кенин ким сатып алды?
-Ошол эле компания.
-Манс менен Шумандын прокат заводу жана Ван Дегер менен Этвуддун компаниясы кимге сатылды?
-Аларды да Жилмертон компаниясы сатып алды.
-Моррис тууган,жаңы кожоюндар ал участокторду жана заводдорду округдан көчүрүп кетпегенден кийин алардын кимге сатылганын териштирп кереги жок дейм.-деди Макгинти.
-Менимче,кереги бар,кадырман мастер.он жылдан бери майда кожоюндарды бул жерден сүрүп чыгарып келатабыз,алардын ордун ири компаниялар лып басып калууда.Алардын мүдурлөрү Нью-Йоркто же Филадельфияда жашайт,ошондуктан бизден кымындай да коркуп коюшпайт.Биз, арийне,алардын бул жердегеи өкүлдөрүнөн акча өндүрүп алсак болот,кеп жебегендерин сүрүп чыгарабыз.Бирок алардын ордуна башкалары келишет.Анын үстүнө чоң компаниялардын кожоюндары нараазы болушу ыктымал.Кирешелерин бөлүшпөс үчүн бара-бара бизге каршы уюшуп алышабы деп чочулайм.Жаны кашайганда биздин туугандарды дарга аскандан да кайра тартышпайт, ал айбандар.
Моррис сүйлөп бүттү.Чогулгандарда үн жок.Макгинти өйдө болду.
-Моррис тууган,сиз дамамат эле былжырай берчү болдуңуз.Ложанын катышуучулары бир жакадан баш,бир жеңден кол чыгарып ынтымакта турганда Штаттардын биринен да коркпойбуз. Иш сотко жеткенде да кутулуп кетчү элек го?Менимче,чоң компаниялар бизге ыраазы гана болушу керек.Биз менен кармашкыча, бизге салык төлөп турганы оң. Ушуну менен туугандар,-Макгинти баркыт шапкесин чечти,-ложа бардык маселелерди карп чыкты.Чогуу тамактанып, оюн-зоокко өтөлү.
Адамды билип болбойт.Залда киши өлтургүчтөр, жетим-жесирге карлашпаган таш боор кишилер отурса да,жакшы көргөн ырларынын обону угулаар менен айрымдарынын көзү жашылданып кетти. Макмэрдо чакан концертте," Сени күтүп отурам,Мэри" жана "Алланд суулары тайыздады" деген ырларды коңур үнгө салып келиштире аткарып берди.Жаңы тууган биринчи эле күнү тазалоочулардын кадыр-барктууларынан болуп калды.
Виски ичип кызарып-татарып чыгышты.Ложанын жетекчиси жана сөз алды.
-Жигиттер,шаардагы бир кишинин акесин таанытып койбосок болбой калды. Мен "Гералд" дын редактору Жеймс Стейнджер жөнүндө айтып жатам. Биз жөнүндө экинчи жолу эмне деп жазганын окудуңарбы? -Макгинти чөнтөгүнөн гезит алып чыкты.-Макала "Закон жана тартип" деп аталат.Кулак салгыла!" Орөөндө кандуу террор өкүм сүрүүдө.Он эки жыл мурун башталган киши өлтурүу күнү бүгүнгө дейре уланууда.Биз дүйнөнүн башка элдерине кеп сөз болдук.Биздин мекенибиз иммигранттарды ошол максатта кабыл алабы?Эркиндик деген сөзгө жамынып алып,террор жана законсуздукту күчөткөндөр көбөйүп баратат.Кылмышкерлердин аты-жөнү маалим,алардын уюмдары да белгилүү.Качанга чейин чыдай беребиз?Качанга чейин ушундай абалга чыдап...Ушул мааниде жазылган макала сөрөй экен,"-деп Макгинти гезитти ыргытып жиберди.
-Кана ал доңузду кантип жазаласак болот?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   belka   17 Август 2014 - 17:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Сөөгүн сөпөт кылыш керек!-деген үндөр жарыша чыкты.
-Мен каршымын! -Моррис ордунан турду.-Дагы бир жолу кайталап коёюн туугандар.Биз өрөөндө эмнелерди гана кылбадык,күндөрдүн бир күнүндө эл бизге каршы баш кошот.Жеймс Стенджер өрөөнгө жана округга аты чыккан карыя.Аны өлтүрсөк,өрөондөгүлөр бизди өлтурөт.
-Айтыңызчы бай болгур,эл бизди кантип жазалайт?-деди Макгинти.-Полициянын колу мененби?Полициянын теңи бизден пара алат,калгандары бизден коркот.Же сотту пайдаланабы? Ыя?
-Линчтин закону деген да бар...-деди Морри.
Залдагылар чуулдап жиберишти.
-Кааласам эки жүз киши алам да,шаарды тазалап чыгам.
Унүн бийик чыгарып,коюу кара кашын жыйырып төрага зоңк этти:
-Моррис тууган,мен сизди көптөн бери билем.Өзүңүз суу жүрөксүз,эр жүрөктөрдү көрө албайсыз.менин тизмеме илинип калсаңыз,ишпалдаңыз чыкканы?
Моррис купкуу болуп ордуна отруп калды.Колу калтыра,стакандагы вискиден ооз тийди да,кебин улады:
-Оюма келгенди дөөдүрөп койгонум үчүн көптөн-көп кечирим сурайм,кадырман мастер жана туугандар.Ложа жаманатты болбосо эле деген тилектемин. Ложанын келечегинен чочулап,ойлонбой сүйлөп салдым.Сиздин оюңуздан чыкпайм деп сөз берем,кадырман мастер!Убада берем...мындан ары...-оозунан кеби түштү.
Морристин жалбарынган кебин угуп,Макгинтинин ачуусу тарагандай болду.
-Эң сонун,Моррис тууган.Сизди жазалагандан тапкан пайдам кайсы.Бирок мен бул кызматта турганда сөзүбүз менен шибиз шайкеш болушун каалаймын.Эмесе мындай жигиттер:Стейнджерди катуу жазаласак,балким, өзүбүз да оң таппай калышыбыз мүмкүн.Гезитчилер бири-бирин колдоп чыгып,штаттагы бардык гезиттер чуу салып,полициядан жана аскерлерден жардам сурашы ыктымал. Бирок аны какыс-кукус кылып коёлу.Бул ишке кандайсыз Болдуин тууган?
-Куп болт!
-Жардамга канча киши керек?
-Алты.Экөө эшикти кайтарышат. Мени менен Гойер,Менсель, Сканлейн жана бир тууган Вильбейлер барышат...
-Жаңы тууганга сөз берип койдум эле,ал да барсын,-деди төрага.
Тед Болдуин Макмэрдону жактырбаган кыязда карап койду. Өткөндөгү чатакты унутпаса керек.
-Барса барсын,-деди кыртышы сүйбөй.-Ишке эртерээк камыналы.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   belka   17 Август 2014 - 18:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ложанын мүчөлөрү кыйкырык чуу менен тарай баштады.Айрымдар барга келген башка кишилерге кошулушту.Тапшырма алган чакан топ элге көрүнбөй караңгы көчөдө кетип баратышты.Чыкыроон суук болуп,ай чыгып турган болчу. Тазалоочулар "Вермиссанын Геральды" деген жарнама жарк-журк эткен имараттын алдына келип токтошту.Имараттын ичинен машиналардын гүүлдөгү угулуп турду.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   belka   17 Август 2014 - 21:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Макмэрдо эшиктин жанында калып,кайра келатканда бизге эч ким жолтоо болбошуна кам көрүңүз.Артур Вильбай сиз менен калат.Калгандары мени менен болот.Эчтемеден кабатыр болбогула:ушу тапта биз Союздар үйүндө болгонубузду толгон-токой күбөлөр далилдеп берет.
Түн ортосу ченде ары-бери өткөндөрдүн аягы тыйылды.Редакциянын каалгасын ачып,Болдуин жана анын шериктери тепкич менен өйдө карай жүгүрүштү.Макмэрдо менен Вильбай эшиктин жанында калышты.Арадан жарым мүнөт өтпөй жардам сураган үндөр угулду.Кимдир бирөөлөр жүгүрүп,эмеректер кулагандай болду. Чачын бубак баскан адам сытрка чыга калды эле аны кууп жетишти,шордуунун көз айнеги Жондун бутунун жанына келип түштү.Абышка жыгылып,аны сабап киришти.Таяк тийген сайын ал онтолоп,тартайган буту-колу жыйрылып жатты.Бир оокумда онтолобой да калды.Башкалар мындай боло берип,Болдуин гана абышканы тепкилеп жатты.Макмэрдо жүгүрүп жетип,Болдуинди колдон алды:
-Өлтүрүп салбаңыз.Жетишет!
Болдуин көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй болуп карап,колун тартып алды.
-Менин ишиме кийлигишпеңиз, ары болуңуз!-Ал кайрадан таягын көтөрдү эле,Макмэрдо тапанчасын сууруп чыкты:
-Абайлаңыз мага кол көтөрсөңүз аягы жаман бүтөт.Мастер бул кишини өлтүрбөгүлө дегенин унутуп калдыңызбы?
-Туура айтат.-деди кимдир бирөө.
-Качкыла!- деп Вильбай төмөн жактан айгайлады.
Биринчи кабатта жайгашкан бир нече арип терүүчүлөр жанаметранпаждар опур-топурду угуп,сыртка атып чыгышты.Тазалоочулар төмөн карай жүгүрүп түшүштү.Айрымдары кайрадан барга барышып,Макмэрдо баш болгон тобу караңгы көчөгө салып,үйлөрүнө жөнөштү.
КАНДУУ ӨРӨӨН
Эртеси Макмэрдо ложага кантип өткөнүн эстеди.Колу шишип,башы катуу ооруп калыптыр.Нануштадан кийин досторунун бирине кат жазып кирди.Аңгыча "Геральд" дын жаңы санын алып келип калышты. Төмөнүрөөк жакта "Геральд редакциясындагы кылмыш" деген кабар жарыяланыптыр. " Иш полицияга өткөзүлдү,бирок андан жыйынтык чыгаары күмөн.Стейнджердин толгон-токой жоро-жолдошторуна айтаарыбыз бул:ал катуу таяк жеп,башы жарылса да аман калды". макмэрдо гезитти ары алып коюп,тамеки тартып кирди,кечээ көп ичип койгондонбу, колу бир аз калтырап калыптыр.Аңгыча бөлмөнүн эшиги кагылып,үй ээси азыр эле бир бала таштап кеткен катты берди.Катта эч кимдин колу коюлбаптыр. Мындай деген сөздөр бар экен:"Сиз менен Тегирмен дөңдөгү желектин жанына жолугушум керек.Азыр эле келе калыңыз,экөөбүзгө тең мааниси чоң кабар айтып берем". Макмэрдо катты эки курдай окуду бирок аны ким жазганын боолголой албады.Каттын ээси менен жолугууну чечти. Шаардын борборундагы каралбай калган парк "Тегирмен дөбө"деп аталчу.Жайкысын ал жерге сейилдегендер көп барчу,кышында ага эч ким барчу эмес.Дөңсөөдөгү парктан шаар,көмүрдүн чаңынан каралжын тарткан карга көмүлгөн өрөөн,токойлуу тоо алаканга салгандай көрүнүп турчу.Макмэрдо эки жагына балаты тигилген жол менен өйдө чыгып,парктын орто чениндеги жабык ресторанга жетти.Ресторандын жанындагы желек илчү жерде жакасы көтөрүлгөн пальто,калпагын баса кийген кишини көрдү.Ал бери бурулганда Моррис экенин тааныды.Ложадагыларча белги берип саламдашышты. -Сиз менен маектешейин дегем ,мистер Макмэрдо,-деди Моррис.-Макул болгонуңузга ыракмат. -Эмне үчүн катка кол койбодуңуз? -Сактыкка кордук жок,кимге ишенип,кимге ишенбесиңди да билбей калган заман келди. -Ложадагы туугандарга ишениш керек. -Дайыма эле андай боло бербейт,-деди Моррис.-Ооздон чыккан сөзүбүз түгүл,башыбыздагы оюбузду да мистер Макгинтиге дароо жеткиришет. -Мен кечээ эле мастерге берилгендигимди билгизип,ант бергенимди билесиз.Сиз эмне,мени антынан баш тартат деп турасызбы?-деди Макмэрдо кыжалат болуп. -Өхзүн эркин сезген кишилер да көзмө-көз отуруп баарлаша албаса,ишибиз куржун болгон экен. Макмэрдо кепке жыгылгандай болду. -Мен жакында эле келип,сиздердин үрп-адаттарыңыздарды биле элекмин,мистер Моррис.Айтчу кебиңизди баштай бериңиз. -Мистер Макгинтиге жеткизбейсизби? -Кам санабаңыз.Ложага берилген күндө да,мага сыр кылып айткандарды башкаларга жеткизбейм. Бирок ложага каршы болсоңуз,менден жардам күтпөй эле коюңуз. -Чынын айтсам,менин өмүрүм сиздин колуңузда.Бирок сиз жаңы адамсыз,уят- сыйыт дегенди жогору тутаарыңызга ишенем.Ошондон улам сиз менен ой бөлүшкүм келди. -Мага эмне айтмаксыз? -Эгерде мени сатып кетсеңиз,убалым сизге жетсин. -Саткындык кылбайм дедим го! -Анда мындай суроого жооп бериңиз.Чикагодогу ложага мүчөлүккө өтүп,анын айтканын эки кылбайм деп убада берип жатканда бир күнү кылмыш ишке катышарыңызды ойлодуңуз беле? -Алгач кылмыш деген эмне экенин тактап албайлыбы? -Биз кылмыш иштерге катышып жатканыбызды биле элексизби?-деди Моррис ачуулуу.-Түндө атаңыздан улуу кишини чала жан кылып сабап келдиңер,ал эмне,кылмыш эмеспи? -Аны согуш десе да болот,-деди Макмэрдо жайма-жай.-согуш деген согуш,бири-биринен өч алышы керек да. -Ошондо да суроомо так жооп бериңизчи:Чикагодогу ложага өтүп жатып ушундай иштер болот деп ойлодуңуз беле? -Чынымды айтсам ойлогон эмесмин. -Филадельфиянын орденине мүчө болгондо мен да сиздей болчумун.тилекке каршы ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип,каргашалуу бир күнү Вермисса жөнүндө угуп калдым.Турмуш- тиричилигимди оңоп алайын деп,аялымды, үч баламды алып мында келдим.Базардын жанына дүкөн ачып,ишим илгерилей баштады. Бир күнү сизге окшоп жергиликтүү ложага мүчө болдум.Ошо күндөн тартып мыкаачынын торуна илиндим да,кылмыш иштерге белчемен баттым.Аргам түгөндү.Кетип калайын дейм,колдо барымды дүкөнгө сарп кылып койгом.Туугандыктан кетсем,ошол эле күнү күм-жам кылып салышат,бала- чакамдын күнү эмне болот? О,бу бир тирукмуш! -Моррис башын мыкчыды. Макмэрдо ийнин куушурду. -Сиз жеткен боорукер адам окшойсуз. -Мен уят-сыйытты кадыр туткан кишимин,бирок алар мени кылмышкерге айлантып салышты. Бир окуя такыр эсимен кетпейт.Бир жорлу тапшырма беришти,аткарбай койсом өлтүрүп коюшмак...Шаардан жыйырма миль ыраак жерде,тетиги тоонун түбүндө бир үй боло турган...Чоңураак иш тапшыргандан чочулашып,ошол үйдүн эшигин кайтартып коюшту.Калгандары үйгө киришти да,бир аздан кийин колдору кызыл-ала кан болуп чыга келишти...Кетип баратып,үйдүн ичинен бир баланын үнун угуп калдым.Эсим ооп,жыгылып барып оңолсом да,сыр алдырбай күлүмүш болдум,антпесем кийинки жолу Фред деген баламды каратып туруп,мени союп салышмак...Буйрукка көнүп,желдет болуп чыга келдим...Мен динге ишенген католик болсом да,Тазалоочу экенимди уккан динчил адам мени менен сүйлөшпөй койду...Мени чиркөөдөн кууп чыгышты...Сиз дагы мендей болооруңузга көзүм жетет,бир суроо бермекмин:киши өлтүрүүчү болгуңуз келеби? Же экөөбүз мындай иштерди болтурбай коё алабызбы? -Эмне кылайын дейсиз?-деди Макмэрдо корс сүйлөп.-Айтып салат деп менден чочулабасаңыз болду го дейм? -Кудай сактасын,-деди Моррис.-Ушундай оюм бар экенин билишсе эле аягым сай таппай калды. -Негизи чабал киши окшойсуз,чымынды төөдөй көргөн. -Бара-бара менин айтканыма көзүңүз жетет.Самсаалаган туман өрөөнгө кандай көлөкө түшүрөөрүн карап көрүңүзчү.Кылмыштын көлөкөсү андан да жаман экенине ишенип коюңуз.Биз Кандуу өрөөндө жашайбыз.Кеч киргенден таң аткыча бейпил тургундар эмне болобуз деп коркуп чыгышат.Жакын арада ага өзүңүздүн да көзүңүз жетет,жигит. -Көрө жатаарбыз,-деди Макмэрдо каамарабай. -Убагы келгенде өз оюмду айтаармын.Азырынча сизге берээр кеңешим бул:сиз өрөндө жашай албайсыз,дүкөнүңүздү тезирээк сатып,көчүп кеткениңиз жакшы.Сиздин айтканыңызды эсимен чыгарбайм.Жакшы тилек менен айтканыңызга ишенм.Кош болуңуз! -Коё туруңуз,-деди Моррис.-Экөөбүздү таанып калгандар эмне жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү сөзсүз билгилери келет. -Буга жооп камдап койгондурсуз дейм. -Менин дүкөнүмө ишке орнош деп сизге сунуш кылдым деп коём. -Мен макулдугумду берген жокмун.Анда макулдаштык. Жакшы калыңыз,Моррис тууган,ишиңиз ийгиликтүү болсун. Макмэрдо кечинде тамеки тартып,өз бөлмөсүндөгү мештин түбүндө ойлонуп отурду.Эшик шарт ачылып ложанын башчысы кирип келди.Жаш жигиттин жанына отуруп,бир саамга теше тиктеди.Макмэрдо сыр алдырган жок. -Колуң кандай?-деп Макгинти суроо салды. макмэрдо өңүн жыйырып: -Ооруп турат,бирок акыбети кайтса болду да. -Аныңыз ырас,-деди Макгинти.-Ложа үчүн башын сайгандар жалпы иш үчүн кыйналып койсо жаман болбойт.Моррис тууган менен Тегирмен дөбөдө эмне жөнүндө сүйлөштүңөр? Суроокапысынан берилсе да,Макмэрдонун жообу белен болчу. -Моррис боорукер жигит экен.Мени кыйналып жүрөбү деп,өзүнүн дүкөнүнө иштөөнү сунуш кылды. -Макул болбой койдуңузбу? -Ооба.Мен деген бөлмөдө отуруп эле төрт сааттын ичинде анын бир айлык маянасынан көп акча иштеп тапсам болот да. -Туура.Сиздин ордуңузда болсом Моррис менен жолугушкандан качмакмын. -Эмне үчүн? -Себебин билиштин кажаты жок.Мен айткандан кийин ким да болсо макул болот. -Башкаларды билбейм,бирок мен макул эмесмин,-деди Макмэрдо каяша кылып.Макгинтинин жаалы келип турса да,көз ачып жумгуча ыраңы өзгөрүп калп эле кыйкырып калды. -Сизди түшүнүп болбойт деп көп айтчу элем.Эмесе,түшүндүрүп берейин.Моррис ложаны жамандагандыр? -Жок. -Меничи? -Сиз жөнүндө да ооз ачкан жок.Мен аны менен достошо албайм,себеби ал мага жакпайт,-деп жооп кайтарды Макмэрдо.-Эгерде сизден башка бирөө мени ишенимден чыктың десе,терисин тескери сыйрымакмын.

Билдирүүнү түзөткөн: belka: 17 Август 2014 - 21:14

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   belka   17 Август 2014 - 22:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Жарайт,оюбузду такташып алдык окшойт,-деди Макгинти.-Жаман айтпай жакшы жок дегендей, сизди эскертип коёюн деп келдим.
-Моррис менен жолукканымды кайдан билдиңиз?
Макгинти күлүп калды.
-Мен шаарда болгон окуяларды ийне-жибине дейре билип турушум керек.Эсиңизде болсун,мен билбеген балээ жок.Анда мен кеттим,дагы бир нерсе жөнундө эскертип коёюн...
Ал сөзүнүн акырына чыккыча каалга ачылып,полициянын үч кызматкери баш бакты. Макмэрдо ыргып туруп тапанчасын алды да,өзүнө кезелген мылтыктарды көрүп,кайрадан чөнтөгүнө салды.Мундирчен тртүнчү киши бөлмөгө киргенде Макмердо Чикаголук капитан Мервин экенин жазбай тааныды.Капитан анын жанына келип,баш чайкады.
-Буюрса дагы бир жолу кезигишебиз го деп жүрчүмүн.Кийиниңиз да биз менен жүрүңүз.
-Бул кылыгыңар үчүн жооп бересиңер,-деди Макгинти.-Бирөөнүн үйүнө жулунуп кирип,мазактаганыңарга жол болсун?
-Анда сиздин ишиңиз жок,кеңешчи, -деди Мервин.-Биз мынабу шумпайды кармаганы келдик.Сиз полицияга жардам беришиңиз керек.
- Бул менин досум,ошондуктан ал үчүн жооп берем.
-Досуңузга жан тартып,өзүңүз жооп берип калбаңыз,мистер Макгинти.Макмэрдо Вермиссага келгиче эле шойкомдуу жигит болчу,ошонусунан жазбаптыр... Кана,тапачаңды мага бер,шумпай.
-Кармаңыз,-деди Макмэрдо токтоо.-Экөөбүз бетме-бет жолукканда көрбөгөндү көрсөтөт элем,капитан Мервин.
-Камакка алуу жөнүндө буйрук кана?-деди Макгинти.-Полицияда сизге окшогон мырзалар иштеп турганда Вермиссанын иши оңолбойт.Бизди мазактаганыңыз үчүн керт башыңыз менен жооп бересиз.
-Сиз өз милдетиңизди аткарыңыз,биз өз милдетибизди аткаралы кеңешчи,-деди Мэрвин.
-Менин күнөөм кайсы?-деп суроо салды Макмэрдо.
-Геральддын имаратында редактор Стейнджерге кол салганыңыз үчүн жоопко тартыласыз. Киши өлтүргөнгө катышты деп айыпталбаганыңызга тобо кылсаңыз болот.
Макгинти мыскылдай күлдү.
-Анда эле уттурдуңар, Макмэрдо Союздар үйүндө түн ортосуна чейин карта ойногон.Менин кебиме он эки киши күбө болуп берет.
-Аны сот чечет,кеттик Макмэрдо.Мистер Макгинти мындай болңуз,кызматта жүргөндөргө муштум көтөртпөйм.
Капитандын сурданып турганын көрүп,Макмэрдо менен Макгинти кың дей алышкан жок.Мастер Макмэрдо менен коштошуп жатып,бирдемелерди шыбырап калууга үлгүрдү.
-Тигини канттик?-деп бармагын чочйтту эле,Макмэрдо тигинин жалган доллар жөнүндө айтып жатканын түшүндү.
-Баары жайында,-деп Макмэрдо шыбырай сүйлөп.Уктоочу бөлмөсүндө акча катчу жашыруун жайы бар болчу.
-Кош.-деди Макгинти анын колун кыса кармап.-Мен адвокат Релай менен сүйлөшүп,бүт чыгымын көтөрөм.Бөркүңүздөй көрүңүз,сиз жакында бошонуп чыгасыз.
Капитан аларды жактырбаган кыязда карады.
-Экөөңөр,-деди полиция кызматкерлерине кайрылып.-камакка алынганды кайтаргыла, качууга аракеттенсе атып салгыла.Мен үйд тинтип чыгайын.
Үйдөн эч нерсе табылбаган соң,Макмэрдону полицияга айдап жөнөштү.Караңгы түшүп,сары шамал согуп тургандыктан, көчөдө адамдар аз болчу.Полиция айдап бараткан кишини көрүп,ары-бери жүргөндөр Макмэрдону каптап киришти:
-Тозоку.
-Тазалоочуну соттогула! -деп кыйкырды жолоочулардын бири.-Катуу жазалагыла!
Макмэрдону сурап болуп,жалпы камерага жаткырышты. Редакторду сабаган Болдуин жана башка туугандар да ошерде экен.
Бирок ложадагылар туугандары жөнүндө кам көрүшүптүр. Түн ичинде полициянын кайсы бир кызматкери бир кучак саман апкелип,анын ичинен эки шише виски,тамак- аш жана карта алып чыгышты.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   belka   17 Август 2014 - 23:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Эртең менен алар күнөөлүү эмес болуп табылышты.Кол салды деп күбө блолгон метранпаж менен арип терүүчүлөр басмакана анча жарык болбогондуктан кимдер кол салганын так айта албайбыз деп чыгышты.Колдон суурулган адвокат жана күбө катары чакыртылган Макгинти алардын башын айлантып салышты.Жабыр тартып ооруканада жаткан Стейнджер биринчи урган киши мурутчан болчу деп тим болду.Болду- болбоду мени Тазалоочулар эле сабады,анткени ошолор гана жек көрчү,далай жолу коркутуп кат жазышкан болчу деп кошумчалады. Бирок муниципиалдык кеңешчи Макгинти баш болгон алты киши күнөолүү деп эсептелгендер кол салуу учурунда Союздар үйүндө карта ойноп,үйлөрүнө кеч келишкен болучу деп чыгышты.Акырында кармалгандардан кечирим сурап коё беришти да,Мервин баш болгон полициянын кызматкерлерин бейкүнөө кишилерден шек санадыңар деп катуу эскертишти.
Чечим окулганда кубаттаган үндөр жаңырды,көрсө алар Макгинтинин тааныштары экен. Ложанын туугандары калпактарын булгалап,күлүп- жайнады.Калгандары болсо кабактарын түйүп,акталгандарды үндөбөй карап турушту.Кара сакалчан жумушчу гана алардын артынан кыйкырды:
-Каргыш урган киши өлтүрүүчүлөр! Баары бир силерди каматабыз!
ЖЕТИ ТҮНДӨ

Камалып чыккандан кийин Макмэрдонун зоболосу ого бетер көтөрүлдү. Тазалоочу туугандар аны шапар тээп күн өткөргөн текебер,кала берсе ложанын мастеринин шылдыңын да көтөрө албаган ачуусу чукул жигит экен деп ызааттап калышты.Болдуин сыяктуу айрым жашы улуу туугандар гана,анын келе элек жатып оозго алынганына ич күйдүүлук кылышты.Анткени менен алар ачык каршылык кыла алышкан жок, себеби маселен ал күлүп туруп эле мушташып кирчү.
Бирок Шафтер абышка ага жини келип үйүнө жолотпой койду.Бирок аны сүйүп калган Этти Жондун кандай адам экенин көрүп-билип турса да,андан кол үзгүсү келген жок.Күндөрдүн биринде түнү бою кирпик көзүн какпай чыккан кыз Жонду жаман иштен оолак бол деп айтууну чечти.Жан кишиге көрүнбөй Макмэрдонун бөлмөсүнө кирип арды.Ал бирдемелерди жазып отурган экен,Эттинин келгенин байкабай калды.Этти кантээр экен деп,бутунун учу менен мышык басышка салып,Жондун ийинине колун коё салды.
Жон чочуп кетти да,ордунан ыргып туруп,шарт бурулду.Сол колу менен үстөлдөгү кагазды ушалап,оң колу менен кызды муунтуп жибере жаздады.Бир секундча Эттини жутуп жиберчүдөй жиндене карады да,андан соң жеңилдене түшкөндөй болуп,жадырап- жайнап чыга келди.
-Оо Этти сиз белеңиз?-деди, нымшып чыккан маңдайын аарчып.-Мен куруюн сүйгөн кызын да ушинтип тосчу бекен!Ох,Этти көптөн-көп күнөөмдү кечирип коюңуз!-деп кол берди.
Бирок Этти Макмэрдонун жаны чыккыдай болуп коркуп кеткенине таң кала сурады:
-Мынча эле эмне коркуп кеттиңиз?О,Жон, эгерде ар-намысыңыз таза болсо,менден минтип жүрөгүңүз түшмөк эмес!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   belka   18 Август 2014 - 14:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Мен ойго батып отургам,сиз шыбыш билгизбей келгенде...
-Андай эмес Жон.Азыр эле жазып отурган катыңызды мага бериңизчи! -дедиалда немеден шекшигендей.
-Этти өтүнүчүңүздү аткара албайм.
-Сиз катты,башка аялга багыштаган экенсиз!Антпегенде менден жашырбайт болчусуз.А балким,аялыңызга жазгандырсыз? Сиздин бойдок экениңизге да ишенбей калдым.Сизди эч кимибиз билбейбиз да!
-Мен үйлөнө элекмин,Этти! Сиз мен үчүн дүйнөдөгү жападан жалгыз аруу жансыз,ишенип коюңуз!
-Андай болсо эмне үчүн катты көрсөтпөйсүз?
Макмэрдо ага жалдырай карады:
-Жаным,сиздин сөзүңүздү эки кылгым келбейт,ошондой эле башкаларга берген убадамды да бузгум келбейт.Кат ложанын ишине байланыштуу болгондуктан, аны сизге да айта албайм.Эмне үчүн коркуп кетти деп турасыз го?Сиз эмес,душман кирип келсе канттим?
Макмэрдо аны кучагына кысып,өпкүлөп киргенде гана кыз чочулабай калды.
-Эми коркпой калдыңызбы, өзүнүзгө келдңизби?
-Сизди киши өлтүргөндүгү үчүн соттойт экен деген сөздү уга берип,кантип өзүмө келем,Жон?Макмэрдо- Тазалоочу! -деген кеп жүрөгүмө ок болуп кадалат.
-Биз колубуздан келишинче өз укугубузду сактап калгыбыз келет.
-Андай иштен алыс болуңузчу,Жон! Мен үчүн!О,Жон, мен тизелей отуруп суранам!-деди Этти,Макмэрдонун тизесин кучактап.
Ал кызды өйдө кылып,тынчытууга аракет кылды.
-Андай сөздү кулагыма угузбаңыз,Этти. Баш-отум менен киришкен ишти кантип токтото алам?Ал-антты бузгандык,саткынчылык болмок.Менин абалымды билсеңиз,минтип суранмак эмессиз.Бардык сырын билип алган кишини ложа оңой эле кетире коймок беле?
-Мен бир акыл таптым,Жон.Атамдан анча-мынча акчасы бар,өзү да каргыш урган шаардан кеткиси келип араң жүрөт.Филадельфияга же Нью-Йоркко качып барып,адамча жашайлы.
Жон каткырып ийди:
-Ложанын укругу узун! Ал Филадельфиядан да,Нью-Йорктон да оңой эле таап алат.
-Анда Англияга же атамдын мекени болгон Швецияга кетели.Каалаган жагыңызга баралы,Кандуу өрөөндөн алыс болсок эле бүткөнү!
Макмэрдо Морристи эстеди.
-Кандуу өрөөн дегенди экинчи жолу угушум.Чын эле өрөөн ушунчалык коркунучтуубу?
-О,Жон,биздин ар бир мүнөтүбүз коркунучтуу. Эмне,Болдуин сизди кечирди деп ойлойсузбу? Ал сизден коркот,болбосо бизди эки чайнап,бир жутуп коймок! Ал мени көзүндө огу болсо атып ийчүдөй болуп жек көрө карачу болду...
-Түшүнчү жаным,мен азыр бул жерден кете албайм,бирок бул абалдан оңой-олтоң кутулуп чугуунун амал-айkfсын ойлоп табам.
-Бул абалдан оңой эле кутула албайсыз.
-Сиздин оюңуз түшүнүктүү болду.Алты ай мөөнөт бериңиз,ошондон кийин мен эч кимге уят болбой өрөөндөн чыгып кетем.
Кыз шектене карады:
-Алты ай дейсизби? Убада бересизби?
-Жети же сегиз айга узарышы мүмкүн... Бирок бир жылга жетпей бул жерден көчүп кетебиз.
Этти аз да болсо максатына жеткендей болуп,көкүрөгүндө үмүт оту жанды.Үйүнө келгенде кадимкидей жайлана түштү.
Макмэрдо ложанын толук укуктуу мүчөсү болгондуктан толугураак маалымат алып,Тазалоочулардын ишмердиги бир өрөөн менен эле чектелбегенин билди.Аны Макгинти деле жеткире билбесе керек.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   belka   19 Август 2014 - 21:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Хобсондо жашаса да облустук делегат атыккан жогорку деңгээлдеги тууган толуп жаткан ложаларга башчылык кылат экен. Чачы агала болуп,арс чычкан тариздүү,оңдү- сол жалт-жалт карап кодоңдой баскан Иванс Потт деген кишини Макмэрдо бир гана жолу көрдү.Кала берсе үч жүз кырк биринчи ложанын мастери да ал адамдан чочулагандай түрү бар.
Бир күнү Макмэрдо менен жашаган Сканлейн Макгинтиден кат алды.Иванс Поттун чакан катын да салып жибериптир. Иванс Потт Вермиссанын ложасынын башчысына Лоулер жана Эндрюс деген колдон суурулган эки жигитин жардамга жибере турганын кабарлаптыр. Макгинти иш табылгыча эки жигитти үйүңөргө жаткыра тургула деп Сканлейн менен Макмэрдодон сураныптыр.
Баштык көтөрүнгөн Лоулер менен Эндрюс ошол эле күнү кечинде келип калышты. Кара чапан жана калпак кийген,бапыйган сакалын ак баскан,улгайып калган Лоулер дин кызматкерине окшошуп,Эндрюс болсо каникулда жургөн тентек окуучудай болгон жаш бала экен. Экөө тең арак ичпей,өздөрүн адептүү алып жүрүштү. Мурда кандай кызмат аткарганын да саймедирешти. Лоулер он төрт,Эндрюс үч иш аткарышыптыр. Кандай тапшырма аткарганы келишкени жөнүндө ооз ачышкан жок.
-Экөөбүз тең арак ичпейбиз,демек ашыкча сүйлөбөйбүз, бизди ошон үчүн жиберишти.-деди Лоулер
-Иш дегенде ичкен ашыбызды жерге коёбуз.-деп жооп кайтарды Сканлейн.
Төртөө кечинде чогуу тамактанышты.
-Туура айтасыңар кааласаңар Чарли Уильямс, Симон Берд же башка бирөөлөр кантип өлтүрүлгөндүгү жөнүндө кеп салып берели.
-Бул жерде мен жек көргөн беш-алты киши бар,-деп Макмэрдо кепке аралышты.-Силер Ирландиялык Жек Ноксту издеп келген жоксуңарбы? Ал өлтүрүлгөнүн уксам төбөм көккө жеткендей болот эле.
-Жок аны менен ишибиз жок.
-Герман Штраус болуп жүрбөсүн?
-Жок,ал эмес.
-Айтпасаңар койгула,сыр деген сыр.Силерге жардам берсекпи деген ой менен гана сурамжыладым.
Лоулер жылмая баш чайкады.Ал сырын жөн адамга айтпаган неме окшойт.
Ошентсе да Сканлейн менен Макмэрдо тигилердин тамашасына катышмак болушту.Тепкичтен кимдир бирөөлөрдүн кадамы угулганда Макмэрдо Сканлейнди ойготуп,алеки заматта кийиништи.Кире бериштеги эшик ачык экен.Шашыла басып бараткан эки кишинин караанын көрүп,артынан жөнөштү.
Алар шаардын чет жагында жашашчу.Көп өтпөй Макмэрдо менен Сканлейн талаадагы эки жолдун айрылышына жете келишти.Ал жерден Лоулер менен Эндрюска жаңы келген үч тууган кошулду.Кыязы, чоң ишти аткарганы келишсе керек.Туугандар ири компаниянын шахталары жайгашкан "Чымчык тоого" бет алышты.Шахталарды Жаңы Англияда туулган,террор күчөп турган жылдары да карамагындагыларды кың дедирбей кармаган жигердүү жана тайманбас директор башкарчу. Таң агарып,ишке бараткан жалгыз-жарым же топ-топ болгон шахтерлор жолдон кезиге баштады.Макмэрдо менен Сканлейн аларга аралашып жаңы келген туугандарды акмалап баратышты.Айлананы туман басып келди. Аңгыча беш-он мүнөттөн кийин шахтага түшүу башталаарын кабарлаган ачуу ышкырык угулду.
Сканлейн менен Макмэрдо шахтанын жанындагы ачык аянтка келгенде жүзгө жакын шахтёрлор чогулуп калышыптыр. Шахтага түшөор алдында жылынып алыш үчүн жер тепкилеп,колдорун ушалап жатышыптыр. Жаңы туугандар четирээк жакта.Сканлейн менен Макмэрдо аларга көрүнбөй,обочорооктон байкап турушту.Сакалчан башкаруучу бөлмөдөн чыгып келип,ышкырыгын чалаар менен жумушчулар шахтага түшө башташты. Ошол замат кайдан-жайдан пайда боло калган директор четте турган чоочун адамдарга назар салды.Алар жумушчу кийимчен,калпактарын баса кийип алышыптыр.
-Ким болосуңар?Мында эмне кылып журөсүңөр?-деди директор аларга кайрылып.
Эндрюс жооп берүүнүн ордуна алга кадам шилтеди да ичке атты.Жүзгө жакын шахтерлор нес болуп,катып калышты.Директор жараатын басып,өйдө болду да,темтеңдей басып жөнөдү.Аңгыча экинчи тууган ок узатты.Директор кулап түштү.Баятан бери дендароо болуп турган Мензис бир айкырып алды да,чоң бурама алып,киши олтүрүүчулөргө атырылды.Бир нече ок жегенден кийин ал дагы жер кучактап жыгылды.Кыжырланган бир нече шахтёр алга умтулду.Эки тууган алардын башынан алыс аткылап киргенде,алар дароо артка чегиништи.өлтүрүучүлөр таңкы туманга житип кетишти...
Сканлейн менен Макмэрдо үйүнө жөнөштү." Чыныгы ишти" биринчи жолу көргөн Сканлейн оозунан кеби түшүп,тунжурап келатты.макмэрдо да ойго батып,жер тиктеп баратты.
Ошол түнү Союздар үйүндө ложанын жаңы туугандары ийгиликти тойлошту. Өрөөндү коркунуч басып,тургундардын эси кетти.
Жеңилген душмандарынын шаштысын кетирип,жеңишти ого бетер бекемдегиси келген акылдуу колбашчы кейиптенген Макгинти ошол эле түнү жаңы операцияны ойлоп тапты. Мас болгон тазалоочулар тарап кеткенден кийин,ал Макмэрдону экөө биринчи жолу маектешкен бөлмөгө ээрчитип барды.
-Каркыбарым! -деди ал,-сизге жооптуу иш тапшырамын.
-Куп болот.
-Мандерс менен Релайды жардамчы кылып алсаңыз болот.Аларга эскертип койдум.Честер Уилкоксту жайламайын жаныбыз жай албайт, эгер сиз аны күм-жам кылсаңыз,өрөөндүн бардык ложаларынын алкышын аласыз.
-Жан дилим менен кызмат кыламын.Аныңар ким деген неме,кайдан табам?
Макгинти чала чегилген сигарасын ыргытты да,жан дептерине бирдемелерди чиймелеп кирди.
-Ал сууга салса чөкпөгөн,отко салса күйбөгөн полициянын негр сержанты.Көптү көргөн,денесинин чоло жери жок неме.Биз аны эки жолу өлтүрүүгө ааркет кылдык,бирок максатыбыз зая кетти. Кийинки жолу ага кол салам деп Жим Карнавэ өщү өлүп тынды.Бу жолу сиз өзүңүз аракет кылбысаңыз болбойт.Дайкка бараткан жалгыз үйдө жашайт.Ары-бери өткөн жолоочулар эле болбосо, уу-чуу эч кимге угулбайт. Күндүз барбаңыз.Уилкокс дайыма куралчан жүргөн көзгө атар мерген. колдон келсе,түнкүсүн капысынан басып калуу керек. Үйүндө үч баласы,аялы жана кызматчы аял жашайт.Өтө эле сактана берсеңиз ишти ойрондотуп аласыз.Менимче, эшигинин алдына жардыргыч дары коюп жаргызып ийгенден өтөөрү жок.
-Ал киши кандай жамандык кылды эле?
-Жим Канавэни атып салды дебедимби.
-Эмне себептен атты эле?
-Анын сизге эмне кереги бар?Карнавэ анын үйүнүн жанында жүрсө атып салыптыр.Демек колу менен жасаган кылмышы үчүн мойну менен жооп бериши керек.
-Үйдө эки аял,үч бала бар дедиңиз аларды да жок кылуу керекпи?
-Ананчы,антпесеңиз аны өлтүрө албайсыз.
-Бирок Карнавэни аткан алар эмес да.
-Эмне деп жатасыз?Эмне тапшырманы аткаргыңыз келбей жатабы?
-Жок кеңешчи бай ийбейм деген сөз оозуман чыга элек го?Тапшырмаңыз оорундуубу, оорунсузбу,аны өзүңүз чечиңиз.
-Демек,менин айтканымды аткарууга даярсызбы?
-Албетте!
-Качан?
-Эки түнү ал жерди,үйдү акмалап көрөйүн да план түзөйүн,үчүнчү түнү...
-Эң жакшы,-деди Макгинти Жондун колун кысып.-Бул тапшырманы аткарган күнүңүз биз үчүн майрамга тете болот.Ошондон кийин алар бизге өйдө карай албай калышат.
Честер Уилкокстун үйү Вермиссадан беш милче алысыраак жайгашкан экен.Кийинки түнү Макмэрдо чалгынга чыкты да,таңга маал келди.Күндүз жардамчылары Мандерс жана Релай менен план түзүштү.Ал экөө эне сүтү оозунан кете элек боз балдар болгондуктан киши өлтүрүүгө кийикке ууга чыккандай эле мамиле кылышты.Макмэрдо дагы бир жолу чалгынга чыкты.Үчүнчү түнү үчөө шаардын сыртынан жолугушту.Курал- жарактан тышкары аларда жардыргыч да бар болчу.Түнкү саат экилерде Тазалоочулар Уилкокстун үйүнө жетишти.Ызгаар шамал согуп,үзүктөй булуттар асманда көчүп жүрдү.Макмэрдо жана анын шериктери үйгө шыбыш билгизбей жетип барышты.Дарактар шуулдап,шамалдын ышкырганы эле болбосо,үй ичи жымжырт.Макмэрдо жарылгыч салынган мүшөктү үйдүн босогосуна койду да милтеге от койду.Тазалоочулар коркунучсуз жерге жүгүрүп жетип,аңгекке баш катышты.Жарылгыч тарс жарылып,үйдүн чаңы асманга чыкты.Тапшырма аткарылды.
Макмэрдо аябай жанталашып жүрүп жасаган иши ойрон болгону эртең менен билинди. Уилкокс эмнегедир кооптонуп,үйү жарылардан мурун бала-чакасы менен башка үйгө кетип калыптыр.Жан адам жок үйү гана жарылыптыр.
-Бир жыл соңунан түшсөм да, аны өлтүрмөйүн жаным жай албайт.-деди Макмэрдо.
Ложанын чогулушу Макмэрдого ишеним көрсөттү.Уилкоксту кимдир-бирөө аңдып туруп,атып өлтүрүптүр деген кабар гезиттерге жарыяланды.
Вермисса өрөөнүн кандуу өрөөнгө айланткан Тазалоочулардын эрдиги ушундай болчу.Бир эле кышта Иванс жана Хент деген полициянын эки кызматкери эки Тазалоочуну камай турган болгодо атылып өлтүрүлгөнүн; Макгинтинин буйругу менен өлгүдөй таяк жеген күйөөсүнүн кашында отурган мисси Лебини атып салганын,бир тууган Женкинстердин өлтүрүлгөнүн, Жеймс Мердокту өлөөрчө тепкилешкенин, Стенхауздун үйү жардырылып, бала-чакасы тыптыйпыл болгонун,Стендалсты кыйнап өлтүрүшкөнүн эски гезиттерден окуса болот.
Каргашалуу кыш кетип,жадырап жайнап жаз келди,бирок Кандуу өрөондүн тургундары мурункудай эле коркунучта жашап кала беришти. КОРКУНУЧ

Жазында Макмэрдо тууганчылыктын дьякону деген наамга татыктуу болуп,ложанын кеңешиндеги абыройлуу адамдардын бири болуп калды.Жаңы иш чыга калса эле анын кеп-кеңешин, жардамын суранчу болушту.Тазалоочулардын ичинде кадыр-баркка ээ болгону менен,Вермиссанын тургундары аны аябай жек көрүп калышты.Алардын чыдамы кетп,тобокелге салгылары келип калды окшойт. "Геральд" редакциясындагылар жашыруун чогулуп,өзүн- өзү коргоо топторун түзүп,курал- жарак топтоп жатканы ложага угулду.Бирок Макгинти жана анын башкесерлери аны чымын чакканча да көрүшкөн жок.Шаардын суу жүрөк тургундарынан чочулоонун кажаты канча.Барып- келип курулай коркутуу менен чектелишет, ашып эле кетсе айрым адамдарды камамыш болушат.
Бирок Макмэрдо май айынын бир күнүндө ложанын чогулушуна камынып жатканда,коён жүрөк Моррис кезикти.
-Сиз менен көзмө-көщ сүйлөшсөм болобу,мистер Макмэрдо?
-Албетте.
-Бир курдай сиз менен шектүү ой бөлүшсөм,чагымчылык кылбаганыңызды унуткан жокмун.
-Ошо да кеп бекен!Чагымчыл эмесмин деп ошондо эле айтпадым беле.Бирок сиз менен тилектеш эмесмин.
-Аны билем.Ошентсе да ыймандай сырымды сизге айтууну эп көрдүм.Мына мында жанымды жай алдырбаган сыр бар,-деди Моррис саамдан кийин колун көкүрөгүнө коюп.-Аны сизге айтпасам,баарыбыз курман болгудайбыз.
Макмэрдо жалооруй сүйлөгөн Морристи тигиле карады да,виски куюп берди.
-Ичиңиз жардам берет.-деди.
Моррис тартып ийип,жайлана түштү.
-Бир сөз менен айтканда,бизди бир тыңчы аңдып калды.
-Кеп эмес бекен,полиция менен тыңчылар округда жайнап жүрөт.Анын эмнесинен чочугандай?
-Жок,ал жергиликтүү тыңчылардан эмес.Бийердегилерди тааныйбыз,алардан чочулаштын кереги жок.Биерде кеп башка.Нат Пинкертондун агенствосу жөнүндө кабарыңыз барбы?
-Кандайдыр бир жерден окугандай бодум эле.
-Пинкертондун кишилери кимдир бирөөнү аңдып калса,ичр суусунун бүткөнү.Алардан кутулуш кыйын.Жергиликтүү, кала берсе федералдык полициянын да аларга алы келбейт.Алар жасаган ишине көп акча алышат,каалаган кищисин сөзсүз өлтүрүп тынышат.Алар ач кенедей жабышкан немелер,эгерде алар биздин сары изибизге чөп салып,аңдып калды дегиче,өлдүк дей бер.
-Курулай эле чочулай бербеңиз! Анын өзүн жок кылабыз.
-Ложадагылар да ушинтет.Демек, дагы бир өлүм болот экен да!
-Өлсө эмне экен?Киши өлтүрүү-көнүмүш иш да.
-Албетте. Бирок өлтүрүүчү ким экенин айтып койбосом,бир мүнөт да тынч жашай албайм!Айтайын десем,баарыбыз оңбой калабыз.Кудай акы кеңеш салыңыз,эмне кылсам!-деди ал башын мыкчып.
Макмэрдо аны жулкулдатты.
-Эринен жесир калган катындай болуп курулай какшана бергенден эмне пайда.Толугураак айтып бериңиз.Ким деген неме?Кайда жашайт.Аны кайдан билесиз?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   belka   19 Август 2014 - 23:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Моорис башын көтөрдү.
-Бул жакка келээрден мурун чыгышта дүкөнүм бар болчу деп айтканым эсиңиздеби? Ал жердеги досторумдун бири телеграфта иштейт.Кечээ андан кат келди.Мынабу жерин окуңуз.
Макмэрдо окуп кирди:"Силердин Тазалоочулардын абалы кандай?Алар тууралуу гезиттерден көп окуйбуз.Ичиңде болсун,жакын арада алар тууралуу көбүрөөк билем го деп турам.Темир жолчулар баш болгон бир топ ири компаниялар аларга өчүгүп калышты.Иш Пинкертонго жүктөлдү,демек алар көрбөгөндү көрүшөт,агенствонун мыкты тыңчысы Барди Эдвардс ал жигиттердин акесин таанытат" .
-Эми каттын экинчи бетине көз жүгүртүңүз.
"Бул кабарды телеграфта жүрүп уктум,ошондуктан менден укканыңызды оозуңуздан чыгарбаңыз. Колго түшкөн коёнду коё берген оңобу дегендей,мага келген жашыруун кабарды чечмелеп албасам эмнем киши.Ал мен үчүн эриккенимди жазуу жана жашыруун сыр болуп калды".
Макмэрдо бир топко унчукпай калып,суроо катты.
-Бул кат жөнүндө дагы кимдер билет?
-Эч ким.
-Сиздин досуңуз башка жоро-жолдошторуна кабарлашы мүмкүнбү?
-Анын эки-үч жандай достору боло турган эле.
-Досуңуз Барди Эдварстын кебете-кешпирин сүрөттөп берсе аны оңой тапмак экенбиз.
-Тыңчы тууралуу жашыруун кабардан билген турбайбы.
Макмэрдо кубанып кетти:
-Анын айласын таптым ал бизге кол салгыча өзү колго түшөт.Сиз бул ишти мага тапшыра аласызбы,Моррис?
-Кудай акы,мени бул иштен бошотсоңуз эле болгону.
-Макулдаштык сиздин ысымыңыз да айтылбайт.Бүт жоопкерчиликти өз мойнума аламын.
-Эмне кылсам дейсиз?
-Канчалык аз билсеңиз өмүрүңүзгө пайдалуу болот,Моррис тууган.Менден эчнерсе сурабаңыз да,Кудай деп жата бериңиз.
Моррис кейиштүү баш чайкады.
-Ал кишинин каны мойнумда кетээрин сезип турам.-деди шылкыны куруп.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   belka   20 Август 2014 - 16:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

-Өз жанын коргоо-киши өлтүрүүгө жатпайт,-деди Макмэрдо кыжалат болуп.-Согуш деген согуш да! Же ал өлөт, же биз өлөбүз.Ал өрөөндө көпкө болсо,биздин түбүбүзго жетерин эстен чыгарбашыбыз керек! О, Моррис тууган,сизди жакын арада ложанын мастери кылып шайлап албасак болбой калды,анткени ложанын өмүрүн сактап калдыңыз.
Макмэрдо катырып жиберли.
Моррис кеткенден кийин Макмэрдо кайсы бир кагаздарын карап чыкты да,айрымдарын өрттөп салды.Ложанын жыйынына баратып,Шефтердин үйүнө баш багып,Эттини чакырды.
-Эмне болду,Жон?-деди Этти Макмэрдонун өң алеттен кетип турганын көрүп.-Бөөдө кырсыктан тышкарысызбы?
-Азырынча аманчылык,жаным. Бирок,иш чатагына айлангыча бул жерден кетип калсак кантет?
-Кетип калсак?
-Күндөрдүн бир күнүндө бул жерден кетип калам деп сөз бергеним эсиңиздеби? Кыязы,ошол күн келип калды окшойт.Бүгүн суук кабар алдым.Бир балээге кабылчудаймын.
-Полиция?
-Андан да жаман.Мени менен кошо кетем дегениңиз эсиңиздеби?
-Албетте.
-Анда мага кулак салыңыз да,мен айткандай кылыңыз,ошондо гана аман калабыз.Бул өрөөндө толгон-токой жаман иштер болот.Ар ким өз керт башынын камын көрбөсө болойт.Эгер мен бул жерден күндүз же түн ичинде кача турган болсом,сиз мени ээрчишиңиз керек.
-Сиздин артыңыздан издеп барам,Жон.
-Жо-жок! Менин артыман эмес мени менен чогуу жөнөйсүз.Мен Вермиссага экинчи келбес болом.Сизди бир күнгө да калтыра албайм.Мени менен кетесизби?
-Ооба,Жон.
-Ишенимиңиз үчүн чоң ыракмат.Менден кабар алаар менен баарын жыйыштырып коюп,вокзалга жөнөңүз.Артыңыздан жетип барам.
-Сизден кабар келээр менен жетип барам.Жон.
Макгинтиникинде отурган ложанын мүчөлөрү Макмэрдону жылуу кабыл алышты.Тамекинин түтүнүнө толгон бөлмөдөн Макмэрдого мастердин капкара чачы.Болдуиндин ырайымсыз өңү-түсү,кузгун кейиптенген катчы,ложанын башка мүчөлөрү көзгө урунду.
-Келгениңиз ырас болду,тууган, -деди төрага.-Чатак маселени чечип албасак болбойт.
-Лендель менен Гендин чатагын айтып жатат,-деп шыбырады Макмэрдонун коңшусу.-Стайлстоунда жашаган Креббе деген чалды өлтүргөндүгү үчүн башкы сыйлыкты талашып жатышат,кимисинин огу ага биринчи тийгенин кантип билдик.
Макмэрдо ордунан туруп,кол көтөрдү.Жымжырт боло калды.
-Урматтуу мастер,-деди салтанаттуу, -өтө маанилүү кабар айтууга ыракым этиңиз.
-Ложанын күн тартиби боюнча мындай учурда башка маселелер кийинкиге калтырылат, -деди төрага.-Кулак сизде,Макмэрдо тууган.
-Урматтуу мастер жана достор,-деди Макмэрдо чөнтөгүнөн кат алып чыгып,-бүгүн мен жаман кабар апкелдим.Азыр эле талкуулап тийиштүү чара көрбөсөк,баарыбыздын ишибиз куржун болот.Бир нече ири компаниялар бизди жок кылмак болуп макулдашып жатканын мага кабарлашты. Пинкертондун Барди Эдварс деген тыңчысы өрөөнгө келип,ар бирибизди даргага астырчу кабар топтоп жүрүптүр.
-Далилиңиз барбы,Макмэрдо тууган?-деди Макгинти кабагын түйүп.
-Мага келген катта ошентип айтылыптыр. Катты ким жазганын такташтын деле кереги жок,бирок ага толук ишенсеңер болот деп сөз берем.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 15:16

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: