Суперстан: Жүзүңүзгө кам көрөсүзбү? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүзүңүзгө кам көрөсүзбү? Кантип, кандай ыкмалар менен?

Сурамжылоо: Жуузунузго кам коросузбу? (117 пользователей проголосовало)

Кантип, кандай ыкмалар менен?

  1. Ооба, кымбат балуу косметкалар менен кам коромун. (32 голосов [29.36%])

    Процент голосов: 29.36%

  2. Ооба, уй шарты менен кам коромун. (46 голосов [42.20%])

    Процент голосов: 42.20%

  3. Жок кам корбоймун. (31 голосов [28.44%])

    Процент голосов: 28.44%

Голосовать Гости не могут голосовать

#81 Пользователь офлайн   orhideya   16 Август 2014 - 11:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 263
  • Катталган: 18 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 19 Авг 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Уроссия гой ))

Бетим бир сонун эле. :crazy-girl:
Молочко колдонуп коёбуз, кыз болумуш болуп. :blush:
Анан жата калып эле, кечкэ жузум менен алек болгон эмесмин эч качан.
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны. Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете, любит Вас…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Feijipiao   21 Август 2014 - 14:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Аялзатынын бети өтө назик жана сезимталдуу болгондуктан айлана-чөйрөдөгү жаман таасирлерге туруштук бере албайт жана кам көрүлбөй калган учурда бат эле бузулуп кетет. Мисалы, күндүн ысыгына, муздак абага, шамалга, деги эле жалпы мезгил ыргактарындагы аба ырайынын чайкалышына. Ошентип бет бузула баштаганда анда пигменттик тактар, сепкилдер жана башка жагымсыз көрүнүштөр байкала баштайт. Өзгөчө жаздын келиши менен аба ырайынын дароо өзгөрүп кыздардын беттеринде тактар пайда боло баштайт. Ошондуктан кыздар аларды кантип алдын алыш керек жана кантип кутулуш керек? - деп бул маселенин көйгөйүнө түшүп алышат.

Бардыгыбыз бетибиздин тунук жана жагымдуу, назик, чоюлчаак болушун каалайбыз. Ал эми бетибизге чыгып, пайда болгон тактар, сепкилдер безеткилер көркүбүздү бузуп, кыжырга тиет. Негизинен алардын бетте пайда болушуна жол бербешибиз керек жана эгер баары бир деле алар бар болсо алар менен күрөшүү үчүн жооп издеп калабыз.
Тактарды жок кылуу үчүн бир нече маскалардын түрү бар. Бирок алар кандай таасир берет, эч жерде жазылган эмес жана кепилдик берилбейт.
Ошондуктан биринчи кезекте сиз кандай тактар менен күрөшүп, бетиңизди кантип тазалагыңыз келип жатат, ошол жагын аныктап алышыңыз керек. Мисалы, безеткилер үчүн бөлөк маска, жөнөкөй тактар үчүн башка маска ар түрдүү беттин түрүнө жараша болот.

Ички орган таза болуш керек
Көпчүлүк учурда беттеги тактар, беттин жалпы бузулуусу ички организмдин бузулушунан же кандайдыр бир органдын жабыркап ооруп жатышынан белги берет. Ошондуктан биринчи кезекте ден соолугуңузду чыңдап алышыңыз керек. Эгер чындап эле ички органыңыз ооруп жатса, сиздин бетиңиздеги тактарды эч кандай косметикалык каражаттар да, таасири күчтүү маскалар да кетире албайт. Качан гана ооруп жаткан жериңиз айыгып, ички организмиңиз тазланып өз калыбы менен иштеп баштаганда гана тактар өзү кетип, бетиңиз тазаланып, жүзүңүз жагымдуу болуп калат. Туура тамактануу маанилүү.

Тазалоочу каражаттар
Тазалоочу каражаттар тактарды азайтуучу касиетке ээ. Алар ар кандай пилингдердин жардамы менен чыгарылат жана эпидермистен меланинди тазалайт. Ошентип пигменттик тактар тазарып, агара түшөт.
Үй шартында пилингдин ордуна курамында лимон кычкылтеги, сүт азыктары жана 20 % салицил спирти бар кремдерди колдонсо болот.
Бетти агартуучу жана тазалоочу маскаларды пилингден кийин колдонсо болот.
Курамында терини тазалай турган флавоноиддер жана феноль кычкылтеги бар жаңы чөптөрдүн ширесинен маска даярдаса болот. Мисалы, тысячелистник менен солодкодан жасалган маскалар эффективдүү.

Лимон менен бадыраңдын касиети
Лимондон жана бадыраңдан жасалган маскалардын тазалоочу касиетке ээ экенин бардыгыбыз билебиз. Анын курамында аскорбина кычкылтеги жана органикалык кычкылтектер бар болгондуктан, бетти тазалаганга чындап эле жөндөмү бар. Анын үстүнө бул жер жемиштерди издеп кыйналбайсың . Аларды дүкөндөрдөн да, базарлардан кыйналбай эле тапсаң болот. Ошондой эле эл арасында көк чөп (петрушка) дагы тазалоочу касиети менен белгилүү. Анын курамында эфир май бар болгондуктан, эффективдүү болбосо да, туура колдонууда сөзсүз жыйынтык болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   Feijipiao   21 Август 2014 - 14:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Кулпунайдын ширесинен жасалган сергитүүчү маска
Кулпунайдын сыгылып алынган ширесине (1/4-1/4 стакан) марлини малып, ширени болушунча өзүнө сиңдирип алыш керек. Аны бетке акпай тургандай сыгып аласыз да, бетке 15 – 20 мүнөткө коёсуз. Масканы коюп бүткөндөн кийин муздагыраак суу менен чайкап, азыктандыруучу кремди сүйкөп коёсуз. Бул маска бетти тазалайт, витаминдер менен азыктандырат жана сергитет. Бетти тазалоодо сергитүү - маанилүү жана эффективдүү. Кургак жана нормалдуу териге бул масканы жасаардын алдында бетке майлуу бет май сүйкөп алуу зарыл.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Feijipiao   21 Август 2014 - 14:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Күнгө күйүп калган бетти тазалоо

Күндө көпкө кармалып сепкилдер чыгып кеткенде, тактар пайда болгондо майлуулугу аз каймак жана калинадан жасалган маска жардамын берет.
Мындай учурга бардыгыбыз эле кездешебиз. Ошондуктан биринчи кезекте андан сактанышыбыз керек. Азыр жай эмес. Эч кандай деле күндүн нуруна күйүү да мүмкүн эмес. Ошентсе да кийинкиңизге керек болуп, пайдасын тийгизет деген ой менен бул бири нече кеңештерди берип өтөлү. Эгер көпкө жүргөнгө мажбур болгон болсоңуз, сизге жардам берчү маскалар.
Күнгө өтө күйүп калганда калинанын ширеси менен майлуулугу аз каймакты бир өлчөмдө аралаштырып, анан териге коюңуз. Бир нече убакыттан кийин жылуу суу менен жууйсуз.
Бетти тоңуп калган ширенин музу тазалайт жана сергитет. Ал менен бетти сүрткөндөн кийин 15- 20 мүнөткө коюп коюш керек. Анан жууп, азыктандыруучу бет майдан сүйкөп коюңуз.

Петрушка маскасы

Петрушканын ширесин сүт менен бирдей өлчөмдө (майлуу бетке туруп калган сүттү, кургак бетке каймакты) аралаштырып маска даярдайсыз. Аны бетке 15 мүнөткө коюп кармайсыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп коёсуз.

Лимон маскасы
Бети тазалап жууп, анан майлуу бет майдан сүйкөп, ага лимонду майда кылып кесилип алынган кесиндилерин коюп чыгасыз да 10 мүнөт коюп коёсуз. Бул масканы 10 мүнөттөн ашык койбоңуз жана бетиңиз кызарып кетпеши керек. Лимонду беттен алгандан кийин муздак суу менен чайкап койсоңуз болот же сүткө кебезди салып сүртүп койсоңуз болот.

Кургак бетти тазалоо
Жаңы бадыраңды кыргычтын бетинен майдалап өткөрүп алабыз жана бир ашкана кашыгы менен азыктандыруучу бет майдан кошосуз. Бетиңиз майлуу болгон учурда бадыраңга бир аш кашыгы менен арак кошуп бир суткага коюп коёсуз. Даяр болгон ширеге марлини салып, аны сиңдирип аласыз анан бетке коёсуз. Көз жана мурун, ооз ачык калыш керек. Бир курс 30 маскадан турат.
Кыргычтан майдаланып өткөрүлгөн бир бадыраңга бир чай кашык каалаган өсүмдүк майын кошобуз. Бул маска менен кургак бетке колдонсо жакшы.
Ошондой эле кургак бетке туруп калган азыктар пайдалуу. Кычкыл капустанын ширеси пигменттик тактар менен сепкилдерди кетирет. Ал ширени марлиге сиңдирип алып тактар бар жерге 10 мүнөткө коюп коюш керек. Бул масканын курсу 30 жолу жасалат. Бирок бат-бат эле колдоно бербеш керек. Күн алыс жумасына бир жолу жасаса болот.
Картошканын крахмалы менен лимондун ширесин бир өлчөмдө аралаштырып алып бетти тазаласа да болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   MARGO55   21 Август 2014 - 14:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 876
  • Катталган: 25 Июль 14
  • Соңку аракети: 12 Май 2015 15:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтуу Кыргыз жери.

Жакшы кенештер экен ,жонокой уй шартына ылайыктуу,а мен болсо жон эле кокосовый крем коюп коём анда Санда эстеп кеткен мезгилимде а так колдонбойм деле.
Мен бактылуумуун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Feijipiao   21 Август 2014 - 15:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара


Беттин терисине кам көрүү
Майлуу бет. Майлуу бетке туура кам көрүүде негизги максат -бул беттин майлуу катмарын азайтып, чоң-чоң тешиктерин кичирейтип, безеткилердин чыгышына жолтоо болуу.
Майлуу бет дайыма жалтырап, тешиктер чоңоюп, лимондун кабыгын элестетип турат. Албетте ага туура кам көрбөгөндө. Бирок ошол эле учурда анын пайдалуу жактары да көп. Ал сезимтал эмес, аллергия болбойт жана эң негизгиси көпкө чейин чоюлчаактыгын жоготпой жаш боюнча калат, кеч картаят. Көп бөлүнүп чыккан май коргоочу заттарды иштеп чыгат. Коргоочу заттар беттин нымдуулугун сактап турат жана аны тыштагы терс таасирлерден сактап турат.

Эрежелери
Майлуу бетке кам көрүүдө анын эрежелерин так билип алыш керек. Мындай беттер отузга чыкканда аралаш (комбинированный) бетке айланып кетет. Ошондуктан ага туура кам көрүп, косметикалык каражаттардын жардамы менен анын түсүн мурдагыдан да жакшыртып койсо болот.
Мындай түрдөгү беттерге кам көрүүдө майлуу эмес сүйкүмдүү кылуучу кремдерди, тазалоочу каражаттарды дайыма колдонуш керек.

Майлуу бетти жакшыртуу.
Бет майланышып сизге ыңгайсыздык жаратканда улам нымдуу кагаз менен тазалап, андан кийин гана упаны улам сүйкөп туруш керек. Өзү үбөлөнмө упа майлуу жерлерди жакшы жабат. Ал эми эгер сиз тон берүүчү негизди колдоном десеңиз, анда анын курамында май болбошуна көңүл бурушуңуз керек.
Тазалоо. Эң негизги милдет: бетти кургатпаган тазалоочу каражаттар менен күнүнө эки жолу тазалаш керек. Суунун негизинде же баткактын негизинде жасалган суюк тазалагыч каражаттарды колдонуш керек. Ошондой эле эчкинин сүтүнөн жасалган тазалоочу каржаттарды колдонсо да болот. Бетти тазалоодо сиздин максатыңыз- жөн гана беттеги ашыкча майларды жоготуу экенин унутпаңыз.

Сергитүү. Шалфей жана жалбыз чөптөрүнөн жасалган тундурма тазалоочу каражаттардан калган калдыктарды тазалаганга жардам берет. Спирт курамында бар лосьондор майлуу беттерге жарабайт, анткени ал бетти кургатат. Ошондуктан мүмкүн болушунча мындай тундурмалар менен бетти көбүрөөк тазалап турган жакшы.
Майлуу бетке атайын ыкмалар. Майлуу бетке кам көрүүдө атайын ыкмаларды колдонушат. Алардын эң жакшы таасир берүүчүлөрү болуп баткактан жасалган каражат кирет. Бул беттин майлуулугун көзөмөлгө алып, безетки жана ар кандай тактардын пайда болуусунун алдын алат. Тешиктерди жок кылат. Аны жумасына эки жолу жасаса болот. Ошондой эле кайнак сууга дарылык касиети бар ( миң жылдык, шалфей, розмарин) чөптөрдү салып, буусуна бетти кактаса да жакшы жардамын берет. Мындай ыкма майлуу бетти эң сонун тазалайт.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Feijipiao   21 Август 2014 - 15:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Бетти туура жуу
Туз жана самын менен жууса болот. Аны үчүн атайын назик кездемени сууга сыгып алып, андан кийин ага аз өлчөмдө туз сээп акырындан бетти (туура бет сызыктары менен) сүртүп чыгыш керек. Бет кургагандан кийин калдыктарды жууп коюш керек. Бул ыкма беттин тешиктерин жок кылганга жана сергиткенге жардам берет. Бирок, бетиңиз сезимтал болсо эч убакта бул ыкманы колдонбоңуз.
Кечинде болсо бетти лосьон менен тазалап, сүртүп чыккан жакшы. Атайын үй шартында да сапаттуу лосьон жасап алса болот же кыйналбай атайын сатып алса болот. Көпчүлүк үй шартында туура эмес жасап же туура эмес колдонуп алгандары да бар. Ошондуктан өзүңүзгө ишенбесеңиз жана маалымат сизди шектендирсе, сатып алган эле ыңгайлуу жана оңой.
Эгер эртең мененкисин бет чарчап, кургап кеткен болсо, дароо нымдуу сууланган бетке жумшартуучу кремди сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин кургак кагаз менен калдыктарын сордуруп алыш керек.

Бетти азыктандыруу
Көпчүлүк адамдар бети майлуу болуп, жадап кетишет да, аны азыктандыруу туурасында ойлонгулары да келбей калат. Чындыгында ансыз да майлуу болуп турган бетти азыктандырып кереги жок чыгаар. Анткени анда коргоочу заттар бар. Бирок, бардыгыбыздын ушинтип ойлонгонубуз туура деп эсептегенибиз чоң жаңылыштыкка алып келет экен. Көрсө, майлуу бетти дайыма өз убагында азыктандырып туруш зарыл экен, эгер жаш боюнча калгыңыз келсе. Бирок чектен чыкпаш керек. Себеби, калемпир, горчица, уксус жана башкалар майлуу бетке маселе гана жаратат. Ал эми бул ыкмаларды беттин майлуулугунан бат ажырагысы келгендер жасашат. Туура азыктандыруу үчүн мөмө-жемиштер, кара нан, сүт жана кычкыл сүт азыктарын колдонсо болот.

Беттин терисин тазалоо
Тактарды жок кылуу үчүн бир нече маскалардын түрү бар. Бирок алар кандай таасир берет, эч жерде жазылган эмес жана кепилдик берилбейт.
Ошондуктан биринчи кезекте сиз кандай тактар менен күрөшүп, бетиңизди кантип тазалагыңыз келип жатат, ошол жагын аныктап алышыңыз керек. Мисалы, безеткилер үчүн бөлөк маска, жөнөкөй тактар үчүн башка маска ар түрдүү беттин түрүнө жараша болот.

Ички орган таза болуш керек
Көпчүлүк учурда беттеги тактар, беттин жалпы бузулуусу ички организмдин бузулушунан же кандайдыр бир органдын жабыркап ооруп жатышынан белги берет. Ошондуктан биринчи кезекте ден соолугуңузду чыңдап алышыңыз керек. Эгер чындап эле ички органыңыз ооруп жатса, сиздин бетиңиздеги тактарды эч кандай косметикалык каражаттар да, таасири күчтүү маскалар да кетире албайт. Качан гана ооруп жаткан жериңиз айыгып, ички организмиңиз тазаланып өз калыбы менен иштеп баштаганда гана тактар өзү кетип, бетиңиз тазаланып, жүзүңүз жагымдуу болуп калат. Туура тамактануу маанилүү.

Тазалоочу каражаттар
Тазалоочу каражаттар тактарды азайтуучу касиетке ээ. Алар ар кандай пилингдердин жардамы менен чыгарылат жана эпидермистен меланинди тазалайт. Ошентип тактар тазарып, агара түшөт.
Үй шартында пилингдин ордуна курамында лимон кычкылтеги, сүт азыктары жана 20 % салицил спирти бар кремдерди колдонсо болот.
Бетти агартуучу жана тазалоочу маскаларды пилингден кийин колдонсо болот.
Курамында терини тазалай турган флавоноиддер жана феноль кычкылтеги бар жаңы чөптөрдүн ширесинен маска даярдаса болот.

Тактарды жана сепкилдерди тазалоочу лосьон
Мындай тактарды кетирүү үчүн лосьонду даярдап алып колдонсоңуз жакшы. Жумуртканын агын көбүк болгончо эзип алып, ага бир лимондун ширесин кошуп аралаштырып, анан бир чай кашык глицерин жана 1/2 стакан одеколонду кошосуз. Даяр болгон бул лосьон менен жатаардын алдында бетти сүртүп, тазалап чыгыш керек.

Бетке ак өң берүүчү жана тактарды билдирбөөчү лосьон
Жүзүңүздүн ак болуп, сепкилдердин, тактардын байкалбашын кааласаңыз, бетти бир күндө бир нече жолу бул лосьон менен сүртүп турганыңыз жакшы. Аны даярдоодо: 50 грамм жаңы бадыраңдын кабыгына бир стакан сууну куюп 6 саат кармап коюш керек. Туруп калган лосьон менен бетиңизди сүртүп туруңуз.

Лимон менен тазалоо
Бетти тазалап жууп, анан майлуу бет майдан сүйкөп, ага лимонду майда кылып кесилип алынган кесиндилерин коюп чыгасыз да 10 мүнөт коюп коёсуз. Бул масканы 10 мүнөттөн ашык койбоңуз жана бетиңиз кызарып кетпеши керек. Лимонду беттен алгандан кийин муздак суу менен чайкап койсоңуз болот же сүткө кебезди салып сүртүп койсоңуз болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Feijipiao   21 Август 2014 - 15:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Кургак бетти тазалоо
Жаңы бадыраңды кыргычтын бетинен майдалап өткөрүп алабыз жана бир ашкана кашыгы менен азыктандыруучу бет майдан кошосуз. Бетиңиз майлуу болгон учурда бадыраңга бир аш кашыгы менен арак кошуп бир суткага коюп коёсуз. Даяр болгон ширеге кебезди салып, аны сиңдирип аласыз анан бетке коёсуз. Көз жана мурун, ооз ачык калыш керек. Муну 30 жолу колдонуу керек.
Кыргычтан майдаланып өткөрүлгөн бир бадыраңга бир чай кашык каалаган өсүмдүк майын кошобуз. Бул маска менен кургак бетке колдонсо жакшы.
Ошондой эле кургак бетке туруп калган азыктар пайдалуу. Кычкыл капустанын ширеси тактар менен сепкилдерди кетирет. Ал ширени кебезге сиңдирип алып тактар бар жерге 10 мүнөткө коюп коюш керек. Бул ыкма 30 жолу жасалат. Бирок бат-бат эле колдоно бербеш керек. Күн алыс жумасына бир жолу жасаса болот.
Картошканын крахмалы менен лимондун ширесин бир өлчөмдө аралаштырып алып бетти тазаласа да болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Feijipiao   21 Август 2014 - 15:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара


Бетти агартуучу маскалар
Петрушка маскасы
Петрушканын ширесин сүт менен бирдей өлчөмдө (майлуу бетке туруп калган сүттү, кургак бетке каймакты) аралаштырып маска даярдайсыз. Аны бетке 15 мүнөткө коюп кармайсыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп коёсуз.



Кургак бетке маскалар
Кургак бетти талоочу маска: Жаңы бадыраңды кыргычтын бетинен майдалап өткөрүп алабыз жана бир ашкана кашыгы менен азыктандыруучу бет майдан кошосуз. Бетиңиз майлуу болгон учурда бадыраңга бир аш кашыгы менен арак кошуп бир суткага коюп коёсуз. Даяр болгон ширеге марлини салып, аны сиңдирип аласыз анан бетке коёсуз. Көз жана мурун, ооз ачык калыш керек. Бир курс 30 маскадан турат.
Кыргычтан майдаланып өткөрүлгөн бир бадыраңга бир чай кашык каалаган өсүмдүк майын кошобуз. Бул маска менен кургак бетке колдонсо жакшы.
Ошондой эле кургак бетке туруп калган азыктар пайдалуу. Кычкыл капустанын ширеси пигменттик тактар менен сепкилдерди кетирет. Ал ширени марлиге сиңдирип алып тактар бар жерге 10 мүнөткө коюп коюш керек. Бул масканын курсу 30 жолу жасалат. Бирок бат-бат эле колдоно бербеш керек. Күн алыс жумасына бир жолу жасаса болот.
Картошканын крахмалы менен лимондун ширесин бир өлчөмдө аралаштырып алып бетти тазаласа да болот.

Майлуу бетке маскалар

Жумуртканын агынан маска
Тешиктерди ичкертет, бырыштарды жазат, бетти тазалайт. Даярдоо: 1 жумуртканын агын көбүк болгончо эзет, анан ага бир чай кашык лимон ширесин кошуп, аралаштырат. Даяр болгон көбүктү бетке сүйкөш керек жана ал кургап баратканда кайра сүйкөш керек, ошентип 5-6 жолу кайталап койсоңуз болот. Андан кийин биринчи жылуу суу менен масканы жууп, артынан муздак суу менен чайкап койсоңуз болот.







Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 21 Август 2014 - 15:56

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   Feijipiao   21 Август 2014 - 15:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Сергитүүчү маска
Бир жумуртканын агы, бир чай кашык бал жана сүт, лимон ширеси керектелет. Жумуртканын агына бал, сүт, лимон ширесин кошуп, жакшылап аралаштырасыз. Андан кийин бетке 20-25 мүнөт коёсуз. Масканы жылуу суу менен жууп саласыз. Жуула турган сууга ромашканун тундурмасынан кошуп койсоңуз, жакшы жыйынтык берет.

Бал маскасы
Бул маска бетти азыктандырат, сергитет, сүйкүмдүү кылат жана тазалайт. Аны эки жумуртканын агынан, 30 грамм балдан, 1/2 чай кашыгы менен бадам же шабдаалынын данегинин майынан, эки ашкана кашык талкаланган сулу унунан жасайсыз. Бардык керектелүүчү азыктарды жакшылап аралаштыргандан кийин гана артында ага сулу унун кошуп коюш керек. Масканы биринчи жылуу суу менен жууп, андан кийин муздак суу менен чайкап койсо болот.

Быштак маскасы
Бул маска алмашкыс маска. Ал бетти сүйкүмдүү кылат, азыктандырат, тешиктерди жоготот, сергитет. Аны даярдоо үчүн атайын 2 ашкана кашыгы менен быштак аласыз, 1/2 чай кашыгы менен суюк бал жана жумуртканы аласыз. Биринчи бал менен быштакты эзип алыңыз, анан жумуртканы кошуңуз. Бардыгын бир идиште бир убакта аралаштырып, даяр болгон масканы бетиңизге сүйкөп рахат алыңыз. Масканы жылуу суу менен жууп, муздак суу менен бир аз чайкап койгонду унутпаңыз.

Косметикалык маскалар
Алардын жардамы ар кандай: бири терини жумшартат, азыктандырат, тазартат, сүйкүмдүү кылат дегендей. Ал эми көпчүлүгү териге дарылык касиетте да колдонулат: аллергия, суук тийүү, жара, безетки жана башкаларды кетирет.
Масканы жумасына бир жолу коюш керек. Аны туура коюу үчүн бетти жакшылап тазалап, жакшы жыйынтык бериш үчүн кичине азыктандыруучу кремден сүйкөп, анан масканы көздүн айланасына тийгизбей коюш керек. 20-30 мүнөт кармап, бул убакытта эс алып, денени бош коюп жатыш керек. Андан кийин жылуу суу менен жууп, бетти лосьон менен тазалап ылайыктуу крем сүйкөп коюш керек.

Кургак бетке маскалар
Өтө кургап жана бырыш басып бараткан бетке
1 жумуртканын сарысына Ѕ чай кашык күңүрт түстөгү бал, өсүмдүк майынын 3-4 тамчысын, лимондон 10 тамчы ширесин жана 1 чай кашык сулу унун кошуп аралаштырып маска даярдайсыз. Бул маска терини тазалап жана азыктандырырып гана тим болбостон теридеги суунун дайыма бир калыпта болушун жөндөйт.

Азыктандыруучу жана сүйкүмдүү кылуучу маска
1 жумуртканын сарысына 100 грамм каймакты кошуп жакшылап аралаштырып, ага лимондун кабыгынын майдаланган күкүмүнөн кошуп жаап коюш керек. 15 мүнөттөн кийин ага 1 чай кашык өсүмдүк майын кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Андан кийин бетке калың катмарда сүйкөңүз. Масканы петрушканын тундурмасы менен жууш керек. Анан муздак суу менен жууш керек. Мындай масканы конокко же театрга бараарда бир күн мурун жатаарга үч саат калганда жасасаңыз жакшы.


Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 21 Август 2014 - 15:59

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Feijipiao   21 Август 2014 - 16:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Тери кургак болгондо биз эмнени туура эмес кылып жатабыз?
Биринчи ката: майы жок кремдерди колдонуу
Кеңеш. Кургак бетке курамында майы көп косметика керек. Аны сатып алганда майын текшериңиз: кичинекей стакандагы жылуу сууга аз өлчөмдөгү кремди аралаштырыңыз. Эгер суу бат эле бозоруп кетсе, анда майы аз. Эгер суу жакшылап аралаштыргандан кийин бозорсо, майы орточо өлчөмдө. Эгер крем сууда такыр эле эрип кетпесе анда ал майга бай жана кургак бетке ылайыктуу крем.
Экинчи ката: хлорго бай сууда же бассейнде сүзүү.
Бул көрүнүш териге терс таасирин тийгизет. Теринин сырткы катмарын жакшылап сактап жана коргоп турган баалуу заттарды хлор суу жууп тазалап салат.
Кеңеш. Бассейнде жумасына бир жолу гана сүзүш керек.
Үчүнчү ката: бат-бат жуунуу.
Кеңеш. Душка жумасына ашып кетсе эки жолу түшкөнгө аракет кылыңыз. Эгер самын менен гелден баш тарта албасаңыз, синдеттин бирин сатып алыңыз. Синдет - бул рН заты бар синтетикалык самын. Анда терини жумшартуучу майлуу заттар бар. Ал эми бетке болсо тазалоочу майларды сүйкөш керек.
Төртүнчү ката: бат-бат коюлган тазалагыч (пилинг).
Кеңеш. Кургак бетке адатта пилингдин кереги жок.
Бешинчи ката: күндө ашыкча көп жүрүү
Кеңеш. Күнгө чыгаарда же күндө иштээрде сөзсүз курамында күндөн сактоочу UV заты бар кремдерди сүйкөп чыгыңыз.

Кургак териге кам көрүүнүн эрежеси
Эртең менен тазалоочу каражатты колдонбош керек. Жөн гана жылуу суу менен жууп койгон жакшы.
Кечинде майдын жардамы менен бетти тазалаш керек. Актерлор гримди өсүмдүк майы менен тазалашат. Ал эми атайын косметикалык тазалоочу майларда 50% нымдуулук бар.
Азыктандыруучу күндүзгү кремдерди колдонуңуз. Мындай кремдерди бетти тазалагандан кийин сүйкөп 5 мүнөт коёсуз. Андан кийин ашыкча майларын кагаз жүзарчы менен сиңирип аласыз. Андан кийин боёно берсеңиз болот. Кургак беттерге колдонулуучу кремдерге биологиялык кошулмаларды кошууда гаммалинол кычкылтегин (ал беттеги майды жана нымдуулукту сактайт) жана карбамид (негизги курамын азот түзөт) кошсо идеалдуу болот.
Түнкү кремдерден баш тартпаңыз. Бети кургак болгон учурда бир эле кремди кечке колдоно берсе болбойт. Ошондуктан түнкү кремдерди сөзсүз колдонуш керек. Мындай кремдерде май көп жана ал терини азыктандырат. Жаңы клеткалардын пайда болушуна жардам берет.
Маскаларды сөзсүз жасап туруш керек. Анткени, ал бетти эс алдырып, дем алдырып, азыктандырып, сүйкүмдүү кылып жыйынтыгында бырыштарды кетирип, бетти сулуу жана сүйкүмдүү кыла алат. Аларды даяр сатып алса да же үйдөн даярдаса да болот.
Денеге жана бутка кам көрүү зарыл. Биринчи кезекте беттен мурун денеге кам көрүш керек. Же болбосо жыйынтык болбойт. Дене кургап кеткен учурда ички организмдин кыйналып жатканынан да кабардар болосуз. Ошондуктан суудан көбүрөөк ичип, туура тамактаныш керек. Атайын өсүмдүк майы, бал менен мончодо денеге маска койгон жакшы. Сууга түшкөндөн кийин сөзсүз азыктандыруучу атайын денеге гана арналган кремдерди сүйкөш керек. Жок дегенде жумасына 2 жолу азыктандыруучу кремдерди сүйкөш керек.

Косметикалык маскалар
Алардын жардамы ар кандай: бири терини жумшартат, азыктандырат, тазартат, сүйкүмдүү кылат дегендей. Ал эми көпчүлүгү териге дарылык касиетте да колдонулат: аллергия, суук тийүү, жара, безетки жана башкаларды кетирет.
Масканы жумасына бир жолу коюш керек. Аны туура коюу үчүн бетти жакшылап тазалап, жакшы жыйынтык бериш үчүн кичине азыктандыруучу кремден сүйкөп, анан масканы көздүн айланасына тийгизбей коюш керек. 20-30 мүнөт кармап, бул убакытта эс алып, денени бош коюп жатыш керек. Андан кийин жылуу суу менен жууп, бетти лосьон менен тазалап ылайыктуу крем сүйкөп коюш керек.

Кургак бетке маскалар
Өтө кургап жана бырыш басып бараткан бетке
1 жумуртканын сарысына Ѕ чай кашык күңүрт түстөгү бал, өсүмдүк майынын 3-4 тамчысын, лимондон 10 тамчы ширесин жана 1 чай кашык сулу унун кошуп аралаштырып маска даярдайсыз. Бул маска терини тазалап жана азыктандырырып гана тим болбостон теридеги суунун дайыма бир калыпта болушун жөндөйт.
Азыктандыруучу жана сүйкүмдүү кылуучу маска
1 жумуртканын сарысына 100 грамм каймакты кошуп жакшылап аралаштырып, ага лимондун кабыгынын майдаланган күкүмүнөн кошуп жаап коюш керек. 15 мүнөттөн кийин ага 1 чай кашык өсүмдүк майын кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Андан кийин бетке калың катмарда сүйкөңүз. Масканы петрушканын тундурмасы менен жууш керек. Анан муздак суу менен жууш керек. Мындай масканы конокко же театрга бараарда жасасаңыз жакшы.

Бал маскасы
100 грамм балга 2 жумуртканын сарысын, 100 грамм өсүмдүк майын кошуп жакшылап аралаштырып, бир аз жылытып алыңыз. 5-7 мүнөттөн кийин улам коюп, андан кийин пахтаны липанын тундурмасына малып, бетти жууш керек.
Быштак маскасы
Бул маска бетти азыктандырат, сүйкүмдүү кылат, эс алдырат жана тазартат. Аны атайын быштак, оливка майы, сүт жана сабиз ширесинен жасашат. Бул заттардын бардыгын бирдей өлчөмдө ( ашкана кашыгы) алып аралаштырып, анан бетке калың катмарда сүйкөш керек. Масканы жылуу суу менен жууп, муз менен бетти сүртүп чыгыш керек.

Азыктандыруучу бадыраң маскасы
Бет чарчап калган учурда маска эң сонун жардамга келет. 1 ашкана кашыгы менен бадыраң ширесин, кою сүт, 20 тамчы роза суусун кошуп, көбүк болгончо аралаштырып, андан кицн гана бетке сүйкөш керек
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Feijipiao   21 Август 2014 - 16:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

1.Кызарууга жана безеткиге жакын тери

Негизи беттеги безетки жылуу мезгилдерде өтө көп пайда болбойт. Бирок, кыш мезгилинде безеткилердин «сезону» башталат десек жаңылышпайбыз.

Себеби: таң калыштуу, бирок, башкы себеп болуп, кургактык эсептелинет. Ошол кургактыктын айынан териден бөлүнүп чыгуучу майдын нормалдуулугу бузулат. Эске сала кетсек, канчалык терини кургатуучу каражаттарды колдонгон сайын, тери ошончолук майлуу болуп, безеткилердин чыгышы көбөйөт.

Тең салмактуулукту сактайбыз.
Кечинде уктаар алдында бетти сөзсүз тазалаш керек. Мындай жол менен назик териге зыян келтирүүчү өлүп калган клеткаларды жок кылууга мүмкүн. Эртең менен дагы бетти гель, лосьон менен сүртүп, жумшартып коюу ашыктык кылбайт.

2.Өтө сезимтал тери

Жада калса, идеалдуу деп эсептелинген тери дагы кышында жапа чегет. Кыш мезгилинде көбүнчө беттин териси кызарып кетет.

Себеби: терини коргоочу барьер төмөн болгон учурда ал өтө сезимтал болуп калат. Аба-ырайынын өзгөрүшү менен теринин коргоочу катмары да бузулуп, нымдуулугун жогото баштайт.

Нымдуулукту жогорулатабыз.
Сиз эшикте суук болсо, жылуу кийинесиз, чынбы? Сууктун түшүшү менен беттин териси дагы жылуулукка муктаж боло баштайт. Ошондуктан, эс алдырчу жана жумшартуучу каражаттар менен териге «жылуулук» берип туруу зарыл. Эсиңизде болсун, ысык суу терини кургатат. Бирок, кышында жашоону ысык суусуз элестете албайбыз. Ошого байланыштуу жуунуп бүткөндөн кийин муздак суу менен бетти чайкоону унутпаңыз.

3.Жансыз тери

Жай мезгилинде бетиңиз жакшынакай болуп туруусу үчүн лосьонду колдонуу гана жетиштүү болсо, сууктун түшүшү менен күзгүнү карап, «кайдасың менин жайындагы бетим?» дей баштайсыз.

Себеби: жылытылган жана кургак имараттын ичинде жүрүү терини алсыз кылып, кубатын алат.

Жарык беребиз.
Териге кубат берүү үчүн жумасына үч жолу уктаар алдында пилинг жасаңыз. Кышында сулуулук салондорунан пилинг жасатууга да ыңгайлуу.
Эгер мурда эртең менен бет май колдонуп жүргөн болсоңуз, эми лосьон колдонуңуз. Эсиңизде болсун, көздүн тегерегиндеги тери өтө назик болгондуктан ага кылдаттык менен мамиле жасоо керек, тактап айтканда, атайын көздүн айланасындагы тери үчүн кремди колдонуу зарыл.


4.Эки түрдүү тери

Сиздин бетиңиздин терисинин бир жери майлуу болсо, бир жери кургакпы? Бул маселени чечүүгө эч бир косметикалык каражат жардам бере албай келеби?

Себеби: температура менен нымдуулуктун өзгөрүшү беттеги терини эки түрдүү кылып коёт. Теринин эки түрдүү болушуна стресс, уйкунун жетишсиздиги да себеп.

Чегин билебиз.
Эң башкы ката - териге кам көрүүчү каражаттарды туура эмес колдонууда. Эртең менен бет майды колдонуп, кечинде унутуп коюу терини бузат. Эмне кылыш керек? Кечинде беттеги боёкторду крем сымал лосьон менен тазалап, теринин майлуу жерлерине кургатуучу тоник сүртүңүз. Ал эми кургак жерлерине болсо жумшартуучу лосьон сыйпаңыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   Feijipiao   21 Август 2014 - 17:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

"Түбөлүктүү сулуу болуу үчүн алгач акылдуу бол!” Бул сөздү илгери бир акылман кызына айткан экен. Сулуулук үчүн каражаттар бизди түбөлүккө жаш бойдон калтыра албаса да, жаштыктын өмүрүн узартаары бышык.

1. Бетке кам көрүүнүн эң оңой жолу мындай: муздаткычтан же кыш болсо эшиктеги музду алып, бетиңизге кылдаттык менен бир калыптагы тегерек кыймылда сүйкөңүз. Муну эрте менен жана кечинде кайталап туруңуз. Музга айланган суу чарчаңкы келбеттен арылууга, беттин таза көрүнүүсүнө жардам берет.

2. Бетти муздак суу менен жууңуз. Таза сүт менен жуусаңыз андан да жакшы. Беттин терисин катуу сүртпөңүз, бул теринин кургоосуна алып келет. Беттеги нымдын сакталышына жол бериңиз. Теринин эпидермасын сактаңыз!

3. 30 жаштан өткөндөн кийин тери ийилчектигин, жаркыраган касиетин жогото баштайт. Ошондуктан ромашканын, тимьяндын кайнатмасы менен же башка жолдор менен терини нымдаштырып туруңуз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   angelo4ka_96   05 Сентябрь 2014 - 23:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 222
  • Катталган: 05 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 13 Июн 2016 17:56
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:.

Кам көрбөйм! Жашым өтүп калганда гана кам көрө баштайм, азыр Кудайга шүгүр эле жүзүм.
Я не нравлюсь многим, лишь по одной причине, у меня есть собственное мнение.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   MACKA   05 Сентябрь 2014 - 23:55

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Баляяныбы! Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   vankuver.   06 Сентябрь 2014 - 00:23

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 4 925
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 31 Мар 2018 16:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ванкувер

Маска эже озу маска болуп турса, анан неге кам корсун э? ) (тамаша анан)

Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.


Али.Р.А

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   MACKA   06 Сентябрь 2014 - 13:06

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

vankuver. (06 Сентябрь 2014 - 00:23) жазган:

Маска эже озу маска болуп турса, анан неге кам корсун э? ) (тамаша анан)

Жадакалса, эртең менен турганда бетимди жуубайм! Масканы айтасың да! Сүрөт



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   hihikayu   06 Сентябрь 2014 - 13:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 807
  • Катталган: 19 Май 14
  • Соңку аракети: 20 Янв 2022 16:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!

Неме бадыранды аарчып жатып сыртын суртумуш кылып коём, шоолле
Сен бар учун...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   Feijipiao   06 Сентябрь 2014 - 13:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Бардык типтеги терилер үчүн
Быштак менен балдан жасалган маска
2 чай кашык быштакты алып, ага ошончо өлчөмдө балды жакшылап аралаштырат да, андан соң өсүмдүк майын кошот. Даяр болгон кошулманы бетке жана моюнга жаап, 10 мүнөт кармайт. Алгач жылуу суу менен жууп, артынан муздак сууга чайкайт. Натыйжада терини тазалап, азыктандырат жана сезгенип кызарган бетке жакшы жардам берет.

Быштактан, ашкабактан жана бадыраңдан тазалоочу маска
2 аш кашык жаңы быштак, ошончо көлөмдөгү кыргычтан чыгарылган ашкабак, 1 чай кашык бадыраң суусун аралаштырып бетке 15-20 мүнөт коёт.

Кургак сүттөн жасалган азыктандыруучу маска
2 чай кашык сүт жана ошончо өлчөмдө эт туурагычтан өткөрүлгөн геркулес (сулудан жасалган акшактын бир түрү), 2 чай кашык кайнатылган суу жана бир нече тамчы суюк А витаминин коюу болгонго чейин аралаштырат. Даяр болгон аралашманы бетке сүртөт. 10 мүнөт кармаган соң жылуу суу менен чайкап коёт.

Беттин терисин жакшылоочу жана сергитүүчү маска
Апельсин менен йогурттан жасалган маска
1 а.к.(аш кашык) йогурт, апельсиндин төрттөн бир бөлүгүнүн маңызын эзип кошот да бетке сүйкөйт. 5 мүнөт турган соң кайнатылган сууга малынган кебез менен тазалайт. Апельсиндин ордуна кивинин кичине бөлүгүн, жүзүмдүн же кайналынын ширесин кошсо да болот.

Каймак жана быштактан азыктандыруучу маска
1 а.к. быштакка 2 а.к. сметана жана бир чымчым туз аралаштырат. Даяр болгон масканы бетке 15-20 мүнөт койгон соң муздак сүткө сиңирилген таза кебез менен тазалайт. Бул маска өзгөчө териге бырыш түшүүнүн алдын алат.

Каймактан жасалган азыктандыруучу маска
Жумуртканын сарысына 2 а.к ашык каймак, 1 ч.к сабиздин маңызын жана май ээритүүчү А витаминин кошуп аралаштырат. Масканы бетке, моюнга 20 мүнөт коёт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   honey.ka   10 Сентябрь 2014 - 02:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 096
  • Катталган: 06 Июль 13
  • Соңку аракети: 18 Янв 2021 20:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Екатеринбург

Ар дайым пенка, молочко, скраб. Жаш откон сайын беттин, колдун терисин караш керек болуп атат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (25 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 05 Июл 2025 03:21

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: