Суперстан: Пайдалуу кеңештер. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Пайдалуу кеңештер. Майда,бирок маанилуу.

#61 Пользователь офлайн   momuntay   18 Апрель 2014 - 13:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 755
  • Катталган: 06 Апрель 14
  • Соңку аракети: 09 Авг 2018 15:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Орто Азиядагы Байыркы шаар

Эшиктеги очоктогу казан бат карарып какачтанып кетет эмеспи. Ошол казанды агартуу учун казанды какшытып аттон азыраак жагып казан какшып ыссык болуп чыгат эки колго калын кол кап кийип алып жаман кепкур менен же жаман бычак менен кырса озу эле омкорулуп омкорулуп тушуп калат какачтар. Андан сон кул менен ышкалат жууп койсо. Казаныныз жалтырай тушот. Бул ыкманы мен апамдын тажрыйбасынан билем. Аял заты болгондон кийин урунган буюмдарды таза кармасак озубузголе жакшы. дагы кенештер болсо жазып коем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   naiman90   24 Апрель 2014 - 03:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 750
  • Катталган: 07 Март 14
  • Соңку аракети: 08 Янв 2015 13:52
  • Жынысы:Эркек

жаны тема ачпай эле ушул жерге илип койдум, пайдасы тийеттир гимдир бироолорго :макоо:

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 10153004_280141715487217_8331124024299445835_n.jpg

Сабырдуулугумду - коркту деп, Жардамымды - алданды деп, Унутчаагымды - билбеди деп тушунуп алба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Feijipiao   10 Июль 2014 - 17:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

1.Капуста аралашкан тамак бышырып жатсаңыз анын жыты чыкпасы үчүн казандын капкагына бир кесим нан коюп коюңуз.
2.Сырты катуу жаңгактарды оңой чагуу үчүн, аны бир түн туздуу сууда түнөтүү керек.
3.Картошканын жумшак болуп, соолуп калбаш үчүн арасына алма кошуп койсо жакшы.
4.Сырды 15 мүнөт муздаткычта кармап туруп, анан кескен ыңгайлуу.
5.Тамактын майы көп болуп калса, казанга муз салып коюңуз. Майлар муздун жанына топтолуп калганда аны чыгарып таштаңыз.
6.Помидордон жасалган томат кычкыл болсо анын ичине бир сабизди майдалагычтан өткөрүп кошуп койсо даамы өзгөрө түшөт.
7.Абадагы тамекинин түтүнүн тазалоо үчүн оливка майы эң жакшы жардамчы. Май сиңирилген пахтаны күйгүзсө аба тазаланып калат.
8.Жумшак материалга оливка майын азыраак куйган соң зергер буюмдарды тазаласаңыз жакшы натыйжа берет.
9.Үйүңүздөгү чоң жалбырактуу өсүмдүктөргө же гүлдөргө айына бир жолу оливка майынан бир чай кашык куюп турсаңыз, жакшы азыктанып, жанданып калат.
10.Чымын-чиркейлер оливка майы сүртүлгөн терини чакпайт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Feijipiao   10 Июль 2014 - 17:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

1.Ичи чирип калган жаңгактан тазасын бөлүү үчүн аларды сууга саласыз. Чирип калганы суунун бетине калкып чыгып калат. Ошондой эле, аны түнү бою шекер аралаштырылган сууда кармасаңыз, оңой чагылат.
2.Пардаларды жууган соң, чайкай турган сууга бир аз кумшекер кошуп чайкасаңыз кардай аппак болот.
3.Шамдын бат эле күйүп бүтүп калбашы үчүн аларды алгач самындуу сууга салыңыз.
4.Терезени тазалоодо туздуу суу менен жуусаңыз жакшы чыгат. Ошондой эле, жарым литр уксуска бир ууч ашкана тузун кошуп аарчысаңыз чайкоого да зарылчылык калбайт.
5.Самын алкындыларын топтоп ысык сууда эриткен соң шишеге куят, ал кургаганда кайра иштетүүгө жарактуу болуп калат.
6.Эт катуу болсо алгач уксус, андан кийин оливка майына салып коёсуз, мына ошондо эт сиз каалагандай жумшап калат.
7.Майонез кошулган салаттын калориясын азайтуу үчүн майонезге айран аралаштырып коюңуз. Ушундайча даамдуу жана калориясы аз салат жасаган болосуз.
8.Сарымсактын жагымсыз жытынан арылуу үчүн муздак сүт же лимондун суусун ичсеңиз болот.
9.Лимонду жылытылган духовкага салсаңыз суусу дагы да көбүрөөк чыгат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Feijipiao   10 Июль 2014 - 18:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Макарон менен күрүч кайнаган сууга жуулган кол жумшарып жана агарып калат.
* Чайга боёк кошулбагандыгын билгиңиз келсе аны муздак сууга салып бир аз күтө турасыз, эгер эч кандай түс бербесе таза болот.
* Муздаткычтын ичин тазалоо үчүн ысык сууга көбүрөөк туз кошуп жууйт да муздак сууга салынган кездеме менен аарчып, андан соң кургак кездеме менен сүртүп койсо көңүлдөгүдөй таптаза болуп калат.
* Үтүктүн асты кир болуп, кийимдерге да жабышып калган учурларда кебезди уксус менен нымдап аарчысаңыз оңой чыгат.
* Мештеги от күйбөй кыйнап жатса, отундун үстүнө бир аз туз сээп койсоңуз жакшы күйөт.
* Самын алкындыларын ысык сууда эритип шишелерге куюп коюп, кир жууганда колдонсоңуз болот.
* Бөлмөдөгү тамеки түтүнүн жок кылуу үчүн 2-3 шамды күйгүзүп койсоңуз бир аздан соң түтүн жоголот.
* Терезеге тамып калган боёкту ысык уксуска малынган кебез менен аарчыса оңой чыгат

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Feijipiao   12 Июль 2014 - 17:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Эгер сүлгүлөр дайыма жаңы, көпкө чейин түгү кетпей турушун кааласаңыз, аны жуугандан кийин мала туздуу сууга 20-25 мүнөт чылап коюп, муздак сууга чайкап, көлөкө жерге кургатыңыз.


Эгер баалуу шымыңызга сагыз жабышып калса, кадимки тырмактын лагын өчүрчү суюктукка малынган кебез менен кетире сүрүп туруп, кургагандан кийин айна эмес, кир жууган самын менен жууп салсаңыз, эч нерсе болбогондой тазаланат.


Эгер жаңы килем же паласыңыз болсо, биринчи 4-5 айдын ичинде аны чаң соргуч эмес, шыпыргы менен тазалаганыңыз оң. Чаң соргуч менен тазалай турган болсоңуз, дайыма түгү жаткан жагына карай тазалаңыз. Антпесе сапаты тез начарлайт.


Эгер кыштын суук күндөрүндө бир жумадан ашык убакытка үйдөн кетип атсаңыз (бөлмө ошол убакта муздак боло турган болсо), терезедеги гүлдөрдү суугарып туруп, гүлгө толугу менен целлофан кийгизип кетсеңиз, нымдуулук да сакталат, гүлүңүз үшүп да калбайт.


Эгер ашканада колуңузду кесип алып, кан токтобой жаткан болсо, кийиздин же кадимки майлыктын четин күйгүзүп туруп бассаңыз, 5-10 секкунддун ичинде кан токтойт.


Эгер кийиз же паласка май төлүлүп кетсе, бензинге малынган чүпүрөк менен сүрүп, анан кадимки борду майдалап сээп, гезит менен жаап койсоңуз, 2-3 сатта майдын жыты да калбайт.


Эгер үйүңүздө караңгы, кичинекей бөлмө болсо, аны тез эле жарык, кең бөлмөгө айлантса болот. Бир гана маселе, чоңураак күзгү табыш керек. Эшиктин карама-каршы тарабындагы дубалга анын көп бөлүгүн ээлеген күзгү илип койсоңуз, бөлмөнү чоң көрсөтөт. Анан негизгиси, күзгүнүн бетине эмес, күзгү эмнени көрсөтүп турса, ошол буюмга жарык тийип турушу керек. Ошондо бөлмө жап-жарык болуп калат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Feijipiao   27 Июль 2014 - 19:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Пайдалуу кеңештер
Кирди туура кургатканды билесизби?
"Жаңы жуулган кирди эшикке канчалык көпкө жайсаң ошончолук жакшы кургайт" деген ойдо жүргөн кожойкелер жаңылышат. Анткени, узакка эшикте калган кирдин өңү өчүп, сапаты начарлайт. Андан көрө чала кургаган кирди бөлмөдөгү температурага кургатканыңыз оң. Жыгачтан жасалган кир кыпчыткычтарды жаңы колдоноордо сууга кайнатып албасаңыз кийимди кыпчытканда кеткис так калат. Кыштын күнү кийим жипке тоңуп, жабышып калбас үчүн кирди чайкап жатканда бир аз өлчөмдө туз кошуп же болбосо кир жая турган жипти туз менен сүртүп койсоңуз болот.

Идиштеги тактарды кантип кетирүү керек
Кашыктардагы сары тактарды, идиштеги жумуртканын тагын кетирүүгө нымдалган туз жардам берет. Уксус колдонулган идиштердеги такты кетиргенге спирт же кир жууган айна ылайык. Алюминий мискейлердин ичин жалтыратыш үчүн картошка, алманын кабыгын салып бир аз убакыт кайнатсаңыз сиз күткөндөй жыйынтык келип чыгат. Салат салган металл идишти колдонгондон кийин дароо жууп салбасаңыз уксус же лимон кычкылтеги бат сиңип көпкө чейин кетпейт. Мискейдин түбүн күйгүзүп алсаңыз, түбүнө сууга тузду чылап туруп бир азга коюп коюңуз. Андан кийин күйүктү жууганга кыйла жеңил болот. Тамак бышырган плитанын жээгин уксуска чүпөрөктү малып алып сүртсөңүз бир эле учурда тактан да, жагымсыз жыттан да арыласыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Feijipiao   28 Июль 2014 - 23:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

- Кыска, үзүк-үзүк кесилген пияз муздаткычтын ичиндеги жаман жыттарды жоготот.
- Эгерде сиз сасык тумоо болуп калсаңыз, пиязды майдалагычтан өткөрүп, ширесин алып, кичинекей ватага тамчылатып, мурундун тешиктерине 2 мүнөт салып коюу керек. Мындай процедураны бир күндө эки-үч жолу жасаш керек.
- Эгерде жаңы сатып алган шыпыргыңыз көпкө чыдасын десеңиз, колдонор алдында кайнак сууга туз кошуп, 2 саат коюп коюңуз.
- Күндө колдонулуучу идиш-аяктарды туз менен сүртүп, анан таза суу менен чайкап койсо, агарып калат.
- Казан көмөчкө куймак жасаар алдында алгач отко коюп, анан ичине туз себелеп, анан майлык менен сүртүп салгандан кийин куймакты куюу керек.
- Туздун жардамы менен казандын түбүндөгү кырмычыкты оңой кетирүүгө болот. Ал үчүн алгач 5-6 мүнөт мурун туз себелеп коюу кере
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Feijipiao   28 Июль 2014 - 23:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

1. Эгерде бычагыңыз мокоп калса, аны туздуу сууга жарым саат салып койсоңуз, курч болуп калат.


2. Идиш-аяктарыңыз балык, же сарымсак жыттанып кетире албай жатсаңыз, уксус менен жууганыңыз оң.

3. Тиш жууган щёткаңыз көпкө чейин чыдасын десеңиз, жаңы алганда кайнак сууга салып, муздаганча салып коюңуз. Анан жакшылап кургатып туруп колдонуңуз.


4. Күчтүү отто тура берип кастрюлдарыңыздын ичи капкара болуп күйүп калган болсо, анда анын эки жолу бар.Биринчиси: ичине туздуу суудан куюп туруп, түнү менен коюп коюңуз. Эртеси күнү дагы ичине кичине суу менен туз салып кайнатып койсоңуз, өзүнөн-өзү жок болот. Экинчиси болсо кастрюлдун ичине 2-3 кашык соода кошуп кайнатасыз, анан кадимки эле идиш жууган жумшак сүргүч менен жууп салыңыз.


5. Эгерде үйүңүздө хрусталь идиштер басымдуулук кылса, анда аны муздак суу менен жууганга болбойт. Өңү бузулуп, жалтырабай калат. Ошондуктан жылуу сууга кичине нашатыр спиртин кошуп койсоңуз, өңүнө келет. 1 литр сууга 1-2 аш кашык спирт кошосуз. Жууп бүткөндөн кийин, муздак сууга чайкасаңыз болот.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Feijipiao   21 Август 2014 - 17:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

• Кургатылган чайдын чамасын үйдүн ичине түтөтүп койсо үйгө чымын чиркей жолобойт жана үйдөгү майда микробдор жок болот.
• Таң эрте бир стакан таза сууну аз- аздан ичсе мээнин каны коюуланбай жалпы эле кан басымы бирдей абалда болуп жана башка зыяндуу оорулардын да алдын алууга болот.
• Күн суук болгондо койдун майын ысытып бутка сүйкөп алып андан соң байпак кийсеңиз бутуңуз кечке чейин үшүбөй жылуу жүрөсүз.
• Суук тийип сыркоолоп калсаңыз бир кашык балды 100 гр малина ширесине кошуп ичип алсаңыз тердетип суукту айдап чыгат.
• Беттеги сепкилди кетирүүгө лимондун ширеси пайдалуу.
• Саргарып кеткен тишти сууланган тиш щеткага 2-3 тамчы лимон маңызын тамызып жууса тиш агарат .Бирок бул ыкманы көп кайталоого болбойт, себеби тиштин эмалына терс таасир этиши мүмкүн.
• Жаңгак акыл-эстин, аң сезимдин жакшырышына чоң жардам берет. Жаңгактын жука кабыкчасын майдалап чайнап жеген адамдын уйкусу таттуу, сабырдуу жана болбогон майда нерселерге кыжалат боло берүүдөн арылат.Ошондой эле зат алмашууну калыбына келтирет жана ашыкча салмактуулуктан арылууга жардам берет.
• Картошканы куургандан мурда унга булап алса картошка даамдуу жана жегиликтүү болот, кууруп жатканда май аз чачырайт.
• Ачыган камыр колго жабышпас үчүн колду суу май менен майлоо керек.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Feijipiao   21 Август 2014 - 17:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

• Сууга бышкан картошканы майдалап жиберип камырга кошо жууруса нан көөп жумшак бышат.
• Камырга майды көп кошсо оңой мене ачыбайт боорсойбой жайылып бышат.
• Унду элегенден кийин дароо жууруган жакшы, анткени элегенде ун кычкылтекке байып камыры жумшак болот, бышырганда да көөп жумшак бышат.
• Камырдын тузу кем болсо аз эле сууга же сүткө туз татытып камырга куюп кайрадан жууруп ийлөө керек.
• Пирожки, беляш, самсаларды суу майга теңме тең мал майын кошуп бышырган жакшы. Май көбүрүп кетпес үчүн ага бир чымчым туз салуу керек.
• Күрүчтү жууганда сууга 1-2 кашык туз кошсо күрүчтүн уну жакшы кетип майдаланбайт.
• Калган палоо, жаркоп жана башка тамакка бир баш пиязды майда туурап кошуп, жылытса алгачкы даамына келе түшөт.
• Палоого кабыгы аарчылган бир нече картошканы күрүчтөн мурун салып койсо палоо анча майлуу болбойт.
• Нанды капкагы жабык айнек, фарфор же эмал идишке сактаса көпкө катпайт. Идиштин түбүнө чийки картошка же бир аз туз коюп койсо нан көгөрбөйт.
• Жаңы бышырган нанды 1-2 мин ысык сууга салынган бычак менен кессе жука бөлүктөргө оңой кесилет.
• Жайкы ысыкта жалбырактуу жашылчаларды ачык сууга чыланган чүпүрөк менен ороп койсо жакшы сакталат.
• Пиязды унга оонатып туруп кууруса жылтырап, кыртылдак болуп күйбөй куурулат.
• Пиязды кууруганда майга бир аз шекер кошсо пияз кызгылтым тартып турат.
• Майды даки менен жаап дакинин бир учун муздак сууга салып койсо ысыкта да май эрибей турат.
• Тегерек жука кесилген пияздын үстүнө коюлган эт көпкө сакталат.
• Күрүчтү муздак сууга же муздак сүткө салса жакшы эзилип бышат. Күрүч туздуу кайнак сууда эзилбей бүтүн бышат. Күрүч бышып жаткан сууга бир нече тамчы лимон ширесин кошсо ак бойдон калат.
• Тоңуп калган пиязды үч саатча муздак сууга салып кое турса алгачкы калыбына келет да колдонууга жарайт.
• Сөөктүү мөмөдөн жасалган кыямды же компотту эки жылдан ашык сактаса сөөктөн ден соолукка зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат.
• Картошка бышкан сууга айнек, карапа идиштерди жууса жылтырап ого бетер көрктүү болуп калат.
• Эт майдалагычтан (мясорубка) эт өткөрүлүп бүткөндөн кийин аарчылган картошканы же каткан нанды өткөрсө эт майдалагыч жеңил жуулат.
• Эт майдалагычты отто же ысык плитада кургатсо бычагы жараксыз болуп калат.
• Тамакты бууга бышырганда сууга туз салса кайноо температурасы жогорулап тамак тез бышат.
• Камыр ысык сууга жуурулса камыры катуу болуп калат.
• Куймак менен боорсокту жаңы бышкан кезинде жеген жакшы.
• Тандырга жабылган жаңы ысык нандын бетине айран, каймак же чалынган жумуртка сүйкөп койсо нандын бети кызгылтым тартып, жалтырап көрктүү көрүнөт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   jass00   21 Август 2014 - 18:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 939
  • Катталган: 06 Июль 13
  • Соңку аракети: 08 Апр 2016 14:27
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Keremettuu ow jergesinde

Guldordu kan4a ubakyt aralykta suugaryp turuw kerek jazyp koiunuz4u
Адилет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Saulen   22 Август 2014 - 20:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 192
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Фев 2017 21:02

кийимдеги красканы кантип кетирсе болот,коп болду,катып кетпей жатат. емвейдин логу да жардам бербеди,уайт спирт менен да жуудум кетпеди
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   -detka-   25 Август 2014 - 11:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 565
  • Катталган: 02 Март 14
  • Соңку аракети: 21 Окт 2017 11:36
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Kyrgyzstan

Просмотр сообщения jass00 (21 Август 2014 - 18:10) жазган:

Guldordu kan4a ubakyt aralykta suugaryp turuw kerek jazyp koiunuz4u

Мен уйдогу гулдорго ар 2-3 кундо суу куям. Аз-аздан эле.
Ж- И- В- И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца жизни...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   ANGEL_   27 Август 2014 - 01:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 587
  • Катталган: 13 Январь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2023 05:28
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Saulen (22 Август 2014 - 20:01) жазган:

кийимдеги красканы кантип кетирсе болот,коп болду,катып кетпей жатат. емвейдин логу да жардам бербеди,уайт спирт менен да жуудум кетпеди


Алгач уайт спирт менен суртосуз, андан сон так кетируучу каражат менен жылуу сууга жууйсуз.

Красканы жакшы кетируучу каражат бул бензин. Бирок кийиминиздин материалын бузуп албоо учун,
растворитель менен красканы суртуп алганыныз дурус.

Андан сон глицеринди так тушкон жерге тамчылатып, 30-40 муноттон сон жууп саласыз.
Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Saulen   27 Август 2014 - 09:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 192
  • Катталган: 08 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Фев 2017 21:02

рахмат,жазгандарынызды аткарып коройунчу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   belka   30 Август 2014 - 01:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Ракмат,соонун кеңештерди жазыпсыңар бирок ушунун баарын кантип эстеп жүрөсүңөр?
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Feijipiao   06 Сентябрь 2014 - 13:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Жарылып калган жумуртканы туздуу сууда кайнатса белогу чыгып кетпестен жакшы бышат.

Таттууңуз духовкада күйүп кетпеси үчүн калыпка азыраак туз сээп койсоңуз болот.

Пиязды аарчуудан мурда бычакты туз менен сүртүп алса, жагымсыз жыт чыкпайт

Балык тазалоодо колдон жылмышып түшө бербеси үчүн колду утуру тузга салып туруу керек.

Эгер күн ысык убактарда этти сактоо кыйын болсо туздуу сууга нымдалган дакиге ороп койсо жакшы сакталат.

Эгер күрүчтүн аппак болуусун кааласаңыз суусуна жарым лимондун ширесин (күрүчтү муздак сууга жуу керек), ал эми эзилип кетпөөсү үчүн кайнап жаткан сууга бир аз сүт кошуп кайнатса жакшы бышат.

Жумуртканын жаңы экендигин текшерүү үчүн жарым литрлик банкага суу толтурасыз. Андан соң ага бир аш кашык туз аралаштырасыз да жумуртканы саласыз. Эгер жумуртка суунун түбүнө түшүп кетсе ал жаңы, ортосунда туруп калса орто жаңылыкта, ал эми калкып калса жегенге болбойт.

Жакшы, таза балык сууга салганда чөгүп кетет.

Боорду жумшак бышсын десеңиз, тузун бышайын деп калганда салыңыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Feijipiao   06 Сентябрь 2014 - 14:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

Капуста аралашкан тамактарда жыты чыкпасы үчүн казаныңыздын капкагына бир кесим нан коюп коюңуз.

Сырты катуу жаңгактарды оңой чагуу үчүн бир түн туздуу сууда түнөтүңүз.

Картошканын жумшак болуп соолуп калуусун алдын алуу үчүн арасына алма кошуп коюңуз.

Ваннаңыздын жана раковиналардын таптаза болуусу үчүн кадимки эле тазалоочу каражатка уксус кошуп тазаласа жакшы натыйжа берет.

Кафелди тазалоо үчүн, сода кошулган суу менен жууп, кургаткан соң спиртке малынган кебез менен аарчып койсо жалтырап калат.

Полдогу кичинекей тактарды кетирүү үчүн сууга уксус кошуп тазаласа жакшы чыгат.

Дубалга кагылган жөнөкөй же бурама мыктын дат басып кетпөөсү үчүн түссүз лак менен лактап койсоңуз болот.

Тамактын майы көп болуп калса казанга муз салып коюңуз. Майлар муздун жанына топтолуп калганда аны чыгарып таштаңыз.

Абадагы тамекинин түтүнүн тазалоо үчүн оливка майы эң жакшы жардамчы. Ал майга сиңирилген пахтаны күйгүзсө аба тазаланып калат.

Жаңы алган килемиңизди 6 жума өтпөстөн мурда чаң соргуч менен тазалабаңыз. Атайын щётка менен гана тазалап турган оң.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Feijipiao   06 Сентябрь 2014 - 14:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара

* Макарон менен күрүч кайнаган сууга жуулган кол жумшарып жана агарып калат.
* Чайга боёк кошулбагандыгын билгиңиз келсе аны муздак сууга салып бир аз күтө турасыз, эгер эч кандай түс бербесе таза болот.
* Муздаткычтын ичин тазалоо үчүн ысык сууга көбүрөөк туз кошуп жууйт да муздак сууга салынган кездеме менен аарчып, андан соң кургак кездеме менен сүртүп койсо көңүлдөгүдөй таптаза болуп калат.
* Үтүктүн асты кир болуп, кийимдерге да жабышып калган учурларда кебезди уксус менен нымдап аарчысаңыз оңой чыгат.
* Мештеги от күйбөй кыйнап жатса, отундун үстүнө бир аз туз сээп койсоңуз жакшы күйөт.
* Самын алкындыларын ысык сууда эритип шишелерге куюп коюп, кир жууганда колдонсоңуз болот.
* Бөлмөдөгү тамеки түтүнүн жок кылуу үчүн 2-3 шамды күйгүзүп койсоңуз бир аздан соң түтүн жоголот.
* Терезеге тамып калган боёкту ысык уксуска малынган кебез менен аарчыса оңой чыгат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 18:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: