Тамак-
аштын даамы жана пайдалуулугу анын туура сакталышынан көз каранды.
Андыктан ар бир кожойке кайсы азык кандай сакталаарын жаңылбай билүүгө тийиш.
Бүгүнкү күндө ар бир үйдө муздаткыч бар. Биз муздаткычка салган азыктар таза болууга тийиш жана азыктар салынган идиштин үстү сөзсүз түрдө жабык болуш керек.
Бышкан даяр тамактар чийки тамактардан
алысыраак, өзүнчө турууга тийиш. Бул гигиенанын негизги талабы.
Чийки этти муздаткычтын эң жогорку текчесине же болбосо пакетке салып, тоңдургучка коюу керек. Мүмкүн болсо этти бөлүктөргө бөлүп, ар бир пакетке бир порциядан салыңыз. Анткени эгер бөлбөй эле салып койсоңуз тамак жасаарда баарын эритип, керектүүсүн алган соң калганын кайрадан тоңдургучка саласыз. А эки жолу эритилген азык пайдалуулугун жоготот.
Сүт азыктарын
муздаткычтын тоңдургучуна сактоого болбойт, анткени алар тоңгондо сапаты начарлайт.
Муздаткычта турган шорпонун 3-4 күнгө чейин сапаты бузулбайт.
Ачык консерваларды
ошол калай идиши менен сактап коюуга болбойт. Аны дароо айнек банкага же эмаль идишке оодарып алыңыз да, үстүн жабыңыз жана 24 сааттан ашык сактабаңыз.
Сырды, каймак майды, маргаринди муздаткычта бир жума сактоого болот.
Сметананы
- 3 сутка, фаршты - 6 сааттан ашык эмес, кайнатылган этти - 36 саат, балыкты - 24 саат, куурулган балыкты - 48 сааттан ашык эмес, салаттарды - 12 саат, кайнатылган колбасаны - 48 сааттан ашык эмес, а ышталган колбасаны 12 гана саатка чейин сактаса болот.
Нанды полиэтилен пакетине сактоого болот, бирок, 2 күндөн көп эмес.
Туз нымдалышып калбаш үчүн туз салынган банкага чүпүрөккө оролгон крахмал салып коюңуз. Крахмал нымды өзүнө сиңирип алат.
Бадыраң менен редисканын
8-10 күн жаңы боюнча тура берүүсүн кааласаңыз,
эмаль идишке муздак суу куюп, ошого салып коюңуз. Суусун 2-3 күндө бир алмаштырыңыз.
Помидор муздаткычтын төмөнкү чөнтөгүндө 7 күн, бадыраң 4-5 күн сакталат.
Укроп, петрушка үстү жабык кургак мискейде же банкада сакталса, бир нече күнгө чейин жаңы бойдон тура берет. Ал эми соолуп бараткан көк чөптөрдү уксус кошулган муздак сууга 1-2 саат салып койсоңуз калыбына келет.
Азыктарды туура сактай билиңиз.
#2 23 August 2014 - 18:36
Жакшы кеңештер экен рахмат.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#3 12 September 2014 - 13:49
МУЗДАТКЫЧТА ТАМАК-АШТЫ САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ
Муздаткычта кичинекей идиштин ичине карбонат салып койсоңуз, ичиндеги жаман жыттарды жок кылат.
Томатты ачылгандан кийин айнек идиште сактап жана үстүн суу май менен сүртүп, аба кирбегендей кылып жаап коюңуз.
Муздаткыч тамак-ашка өтө толтурулбаганы оң. Себеби, тамак-ашты туура сактап жаткан учурда да муздаткыч баарын муздак кармап турууга күчү жете бербейт.
Жумуртканы бышыруудан мурун таза сууга жууп алуу керек. Бирок аны муздаткычка жууп, суу бойдон салууга болбойт.
Бананды муздаткычта сактоого болбойт. Банан салкын бөлмөдө жана терезеге жакын жерде көпкө сакталат.
Балыкты түз бир табактын ичине абайлап жайгаштыруу менен үстү жабылуу болушу кажет.
Сыр кургак абада тез эле кургап кеткендиги үчүн аны ар дайым жабышкан пакеттерге ороп коюу жетиштүү.
Муздаткычта тамак-аштарды бири-бирине жакын койбоо керек. Айрыкча эт менен жемиштерге көңүл буруңуз.
Муздаткычтын жылуу бөлүгү 5+7 жана суук бөлүгү -4 даража болушу керектелет.
Сактоо идиши катары айнек, болот ж.б. идиштер колдонулушу керек.
Йогурт же болбосо айрандын ичине кашык салбаңыз. Айранды жегенден калганын сактоо үчүн үстүн кашык менен тегиздеп койсо тез бузулуудан сактайт.
Колдонулган же жарым кесилген лимондорду сактоо үчүн кесилген жерин табактын ичине ачык болбогондой кылып коюу керек.
Капкагы ачылган сүттөрдү сөзсүз түрдө капкагы жабык айнек шишеде сактаңыз. Албетте, сүттүн колдонуу убактысына да көңүл буруңуз.
Пайдалуу тамак-аш жана жашылча-жемиштерди ылайыктуу жерде сактоо керек. Айрыкча муздаткычта туура эмес сакталган тамак-аш алардын эрте бузулушуна жана бактериялардын көбөйүшүнө алып келет. Базардан же маркеттен алынган жашылча-жемиштерди желим баштыктарга салынган боюнча муздаткычка коюу туура эмес. Мындайда алдын алуу үчүн базардан келгенде жемиштердин пакеттерин алмаштыруу зарыл. Албетте тамак-аш салынган пакеттерге да көңүл бурулушу керек. Себеби, жашылча жемиштер кара пакетке салынбаса туура болот. Анткени, кара пакеттер пластикалык калдыктардан кайра иштелип чыккандыктан жана акырындык менен пакеттердин боёгу чыгып, биздин ден-соолугубузга канчалык деңгээлде пайдалуу экендигинен кабардар бололу. Ошондуктан тамак-ашты сактоодо ак түстөгү пакеттерди же болбосо пластикалык идиштерди колдонуңуз. Ошондой эле жашылча-жемиштер муздаткычта көпкө сакталышы үчүн пакеттин бир канча жерин тешип коюу керек. Мындайда алар үч күндөн жети күнгө чейин жапжаңы бойдон жана бузулбастан сакталат. Эгерде жашылча-жемиштер муздаткычка жуулгандан кийин коюлса, алар тез эле чирип кетет. Аны алгач жакшылап кургатып, анан сактаса болот. Ошондой эле тамак-аш жана жашылча-жемиштерди муздаткычка туш келди коюуга да мүмкүн эмес. Себеби, муздаткычтын ар бир текчелеринин арасында жылуулук айырмасы бар. Муздаткычтын жогорку катмары муздак, ал эми ылдыйкы катмары салыштырмалуу анчалык суук болбойт. Үстүнкү текчеге балык, эт, тоок ж.б., экинчи текчеге сыр, сүт, йогурт, айран жана ылдыйкы текчеге тамак-аш, ал эми эң ылдыйкы бөлүгүнө жашылча-жемиштер сакталышы керек. Бирок кээ бир муздаткычтарда, жумуртканы сактоочу бөлүгү жабык эмес. Жумуртканы муздаткычтын өзүнчө бир бөлүгүнө сактоо керек жана сөзсүз түрдө алардын үстү жабык турушу кажет. Негизинен муздаткычка үстү ачык тамак-аштар коюлбашы шарт.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

Супер-Инфо
super.kg
видео